Welcome to the

Kyrgyzstan
Space shortcuts
Kyrgyzstan KYR
Skip to end of metadata
Go to start of metadata

10917 View 45 Comment In discussion Comments enabled In the category: Undefined

Райондордо, айылдарда элдер менен жолугушуулар тууралуу маалымат, алардын ой-пикир, сунуштары, талкуулары, койгойлору. Кайсы маселени/койгойду алып чыгууга сунуштоосу, муктаждыктары.

Contributors (9)

45 Comments

  1. Саламатсыздарбы урматтуу замандаштар ,

    Сиздерге  ПГАЭ долбоору боюнча Ала-Бука районунда откорулгон маалымат жыйыны боюнча айтып кетууну туура кордум.

    10-декабрь,2015-жыл.

                  Ала-Бука районундо ПГАЭ долбоору боюнча чон жыйын откорулду,Жыйынга 25 мектептин директорлору,САНЭПИДСТАНЦИЯнын ( РЦПЗИ ГСЭН ) Ала-Бука райондук жетекчиси,Аймак гезитинин райондук кабарчысы,Жаштар борборунун координатору жана АКК ЖА нын районудук консультанттары катышышты.Жыйында ТАЭСА ( Тоолуу Агро Эко Системасында Азыктануу) долбоору боюнча маалымат берилди.Жыйындын журушундо айылчасындагы азык-тулуктун сапаты,пайдасы,нормалары жана ошондой эле бизге тийгизип жаткан терс койгойлору жонундо кенири маалымат берилип,кызуу талкууну жаратты.Элет жеринде бул койгойлор кабыргасынан коюлуп ачык талкууланды.

    САНЭПИДСТАНЦИЯнын ( РЦПЗИ ГСЭН ) Ала-Бука райондук жетекчиси -  Жумабаев Самарбек агай азыркы учурда кафе,ресторандар санитардык нормаларга жооп бербегенди байкалат бирок,азыркы мыйзам ар куну текшерууго мумкун эмес экен о.э. мыйзамдан чыкпоосун бардык кафе,ресторан жетекчилери бул тууралуу билишээрин айтып отту.Самарбек агай элдин ден-соолуна жооптуубуз бирок мыйзам ишкерлерге карата тузулгондугун баса белгилеп жана мыйзам астында иш жургузуп жаткандыктарын белгилеп айтып отту.

    Азыркы кундогу тамак-ашка болгон коопсуздук маселеси бар экенин айтып,балдар бакчасында жана мектеп окуучуларына тамак беруу системасы тендер жолу менен отоорун айтып бир аз эсти оодарды. Анткени тендерге катышкандагы ишкерлердин продуктулары башка ал эми азыркы кундогу берип жаткан продуктулары бир аз талапка жооп бербестигин мектеп директорлору айтып отушту.

    Ошондой эле жыйындын журушундо Зооноздук оорулар боюнча да кенири талкуулап ар тараптан сунуштар,койгойлор,ой-пикирлерин берип жатышты.

    Жыйынды жыйынтыктап жатып Асранкулов Акмат аке долбоор боюнча мындан ары иштер жургузуу керек экендигин айтып,Ар тараптан катышуучуларды долбоор жонундо маалыматтарды таратышыбыз керек экендигин баса белгилеп отту.Чет жактан алынып келинген эт,эттен жасалаган тамактар боюнча ар турдуу ойлоп айтылды.

    Бул долбоордун алкагында биз ойлоп турабыз айыл жеринде жашаган калк кунумдук турмуш тиричилигинде оздук тамак-аштарын туркундотуу менен ден-соолуктарына кайдигер карабайткоо деген ишеничтер бар . 

    Бардык мекендештеримдин ден-соолугу оздорунун колунда экендигин айтуу менен жыйын жыйынтыкталды.Рахмат !

     

  2. Мирлан, коллегалар! Маалымат учун чон рахмат.Жыйындын журушундо маалым болгондой, жана бул абал буткул олкого тиешелуу, тамактануу маселесинде чон койгой бар экени ачык болду. Бул - мамлекеттик текшеруу уюмдарынан башка эч ким тамак-аш боюнча кызматтарга кирише албайт дегенди билдиреби? Алар болсо бир жылда бир жолу гана текшере алат. Элдик козомол деген болгон, азыр жок. Бирок, керектоочулордун укугу белгиленген мыйзам бар - бирок иштебейт. Анын устуно, тендер аркылуу камсыз кылынуучу тамак-аш азыктарын ким, кантип козомол кыла алат? Мектеп жетекчилери оздору мектептерге жеткирилип жаткан тамак-аш азыктары талапка жооп бербестигин белгилеп жатышпайбы. Бирок, эч нерсе кыла алышпайт. Себеби, тендер аркылуу женуучу ишкананын келишими бар. А мектепте азыктын сапатын текшеруучу адис да, курал да жок. Бул маселени талкуулоо зарыл деп эсептейм. Бирок, бул учун бизге кеминде 5-10 ушундай суроттомо керек. Же болбосо, ар бир мектепти озунчо суроттошубуз керек. Махабат, ушул абал боюнча иш алып баруубуз кандай болот, оюн кандай?

    1. Саламатсызбы агай ,

                 Маалымат жыйынында  азык-тулук коопсуздугу биз учун карангы бойдон калды.Биз бул маселени улуттук денгээлге алып чыгуубуз керек деп ойлойм агай.Тендер жолу ынгайлуу бирок,убакыттын отушу менен алардын продукциялары сапаты,саны озгоруп калаарын ата-энелер оздору да тан калып жатышкандыгы белгилуу болду.Биз мамлеткеттик саясатка сын таккыбыз келген жок бирок, тек кана балдарыбыздын,окуучуларыбыздын ден-соолугуна азыртан кам коруубуз керек экендигин,бул долбоор аркылуу бир алгылыктуу иш жасаарыбызга ата-энелер умут байлап калышты.Менин оюм боюнча тамак-ашты жакшыртууда балдар бакчасынан тартып жеке уй-булоолорго маалымат жеткируубуз керек деп ойлойм

      Бул - мамлекеттик текшеруу уюмдарынан башка эч ким тамак-аш боюнча кызматтарга кирише албайт дегенди билдиреби?

      Бул суроонузга агай туура мамлекеттек кана иш-кана САНЭПИДСТАНЦИЯ жана базардагы ВЕТ ЛБ текшергенге укугу бар экен.Аларда 10 алдын ала мен сиздин кафе же ресторанынызга барабыз деп уводемление берип анан барышат экен .Эн кызыгы ушул жерде жатат.Эмне учун алар текшергени баратканда 10 кун айтып анан барышат .тан калдым агай.

  3. Саламатсыздарбы урматтуу замандаштар ,

    Сиздерге  ПГАЭ долбоору боюнча Аксы районунда откорулгон маалымат жыйыны боюнча кыскача маалымат.

    11-декабрь,2015-жыл.

              Тоолуу Агро Эко Системаларында Азыктануу ( ТАЭСА ) долбоору боюнча Аксы районунда  чон жыйын откорулду.

                  Жыйынга атайын чакырылган Айылдык Денсоолук Комитеттеринин торагасы жана кызматкерлери ,Токой чарбанын кызматкерлери,ФАПтын кызматкерлери,Мектеп ашпозчулары,№ 15 "Гулкайыр"Балдар бакчанын мед.айымы,соц.кызматкерлери,жергиликтуу фермерлер жана лидер айыл башчылар келип катышышты.

    Маалымат жыйында эн негизги максатыбыз калктын тамак-ашка болгон керектоолорун туркундотуу болуп. Долбоордун максаты,уюштуруу иштери жонундо кенири айтып оттулду.Аксы элида жыйындын журушундо оз ден-соолуктарына кайдыгер эмес экениндиктерин билдиришти.Анткени койгойлуу маселелер талкууланып ар турдуу сунуштар берилди.

    АДК нын торагасы азыркы учурдагы айыл жериндеги абал ото оор экендигин айтып,ар турдуу оорулардын кобойгонун жана элет жеринде тушундуруу иштери мамлекет тараптан колго алынбай жатканын баса белгилеп отту.

    Эгерде 10 жыл аралыгында элдин ан-сезимин жогорулатпасак кийинки муундарга кыйын болооорун айтып отту.

    Жаштар иштери боюнча айыл окмоттун адис азыкы кундогу тамактануу жон гана кара курсакты тойгозуу эле болуп жатат ал эми,пайдалуулук,синимдуулук жана зыяны,таасири,кийинкилиги жонундо эч кандай окуулар,тушундуруу иштери жургузулбой жатканын айтты.Ошондой эле сырттан келип жаткан эт,сут порошоктору,концервасияланган продукциялар,тустуу,арзан Кытайдын сормо канттары кенири жайылды деп атапта отту.Алардын  зыян экенин маалымат жыйындын журушундо угушту,билишти.

    Долбоордун канчалык денгээлде пайдалуулугу жонундо элет жери тушунуу менен кабыл алып ар турдуу сунуштарды беришти.

    Мисал катары айтсам: кайналыны кайра иштетуу кирешелуу экенди айтып,азыркы кундо кайналы Тажикистанга сатылып,ошол олконун аты менен чыгып жатканын тушундуруп берди.

    Кайналыны сактоо,кароо  технологиясын иштеп чыгуу керек экендигин катышуучулар баса белгилеп отушту.

    Ошондой Улуттук каналдан (КТР) роликтерди ар куну чыгарып турууну сунуш беришти. 

     

    Жалал-Абад областы ,

    Аксы району.

     

     

     

     


  4. Бардык мушкулдор эмнеден келип чыгып жатат? Мамлекеттик козомол туура жана акыйкат болушу учун башка механизмдер керек. Тамак менен камсыз кылып жаткандар кимдер? Озубуздун эле жарандар. Оздорунун бир туугандарына, балдарына сапатсыз тамак берип жатышат. Тендерден утуп алып эптеп акча табуу. Элестетип коргуло: кайсы ишкана узгултуксуз продукция жеткирип бере алат? Алардын сактоочу жайы болбосо, тендерден уткан коломдо продукцияны бир жерге жыйып койбосо. Демек, арзан жана сапатсыз продукция менен эптеп убакыт откорот. Ал эми керектоочулордун укугун жетекчиликке алып, мектеп жетекчилери бул ишке активдууроок козомол кылышка аракет кылыш керек да. Ал эми жалпы элге тамактануу мааниси, оорулардын тамак-ашка байланыштуу пайда болушу, ж.б. темаларды талкууга алып чыгуу туура болот. Ал эми ТВга кайсы адис чыгып туура кенеш берет? Алардын созун реклама жаап кетет го? Дагы бир жолу кенеш берем: ФОДго силерден конкретттуу сунуш керек, даярдап жонотсонор - ийине жеткирип (бышырып) жогорку башкаруу органдарына жеткирууго аракет кылабыз.

    1. Тендердик комиссиянын курамына мектептин директору, бала бакчанын башчысы, сан врач, айыл окмоттун адиси катышат. Болок жактан эч ким жок. Кеп принципиалдуу болуп, балдардын укугун коргоодо турат. Бул жерде  элибиздин ден соолугу, келечеги жонундо соз болуп жатат, олконун коопсуздугу жонундо. Кайдыгер киши болбосу керек. 

  5. Кээ бир мамлекеттерде диний мекемелерди ушундай иш-аракеттерге тартып-кошуп, элге таасирдууроок маалымат жеткирууго аракеттер бар. Мисалы, сапатсыз тамак-аш менен камсыз кылып жаткан тендердин женуучусу менен бир аз "суйлошуу", жума намаздарында тамак-ашка байланышкан маселелерди туура жеткируу (мисалы, аз кандуу жаш эне ымыркайдын омуру учун жооптуу болуп калат, ал учун кандай тамак жеш керек, же болбосо, балдарды 2 жашка чейин эмизуу исламдагы талап, ж.у.с.), имам жана айыл аксакалдары, аксакалдар соту менен бирге айыл окмотундо тегерек стол откоруп, ушул маселелерди талкуулоо. Албетте, бул айтышка оной, бирок, демилгелуу жактоочулар табылса, бул маселени жер-жерлерде туура чечууго  мумкунчулук издеп коруш керек. Кабинетте отуруп алып кенеш беруу оной деп ойлошунар мумкун, бирок, мындай маселелерди эл менен чогуу чечуу керек. Чындыгында, айылдын проблемалары коп, кайсы жетекчи аларды чечип бере алат? Биз, жаштар, эл-жер деп журогоу соккон силердей патриоттор.

  6. Соссуз турдо сунуштарды беребиз.Калк арасында койгойлуу проблемалар коп бирок,бир гана жолу мыйзамга озгортуу киргизуу керек. СанЭпиСтанциянын текшерууго окутууга биринчиден мыйзам жол бербейт экен.Вет ЛБ базардын ичин гана текшерууго гана укугу бар экен. Ал эми эл арасында АДК лар иштейт.АДК лар булар айыл жеринен чыккан (лидер) гана адамдар.Алардын да билимин жогорулатуу максатында окуутуларды уюштуруп озу тейлеген участокту АДК мучосу тушундуруу иштерди жассоосу керек.

    Чындыгында айтууга оной бирок,койгой ошол бойдон калууда.Ушул долбоордун негизде жакшы иштерди,сунуштарды эске алуу менен бир алгылыктуу иштерди сиздерди кутобуз.

  7. Урматтуу коллегалар,

    ТАЭСА долбоорунун алкагында  Ноокен районунун  райадминистрациясында  

                   Тоолуу аймактардагы тамактанууну жакшыртууга туура багыт беруу максатында семинар болуп отту. Семинарга  био фермерлер, АДК (айылдык ден соолук комитеттери) А/О тун соц. адистери А/К тин депутаттары жана врачтар катышышты. Талкууда тое жебестик салмагына жетпегендер жана аз кандуулук кызуу  талкууга алынды. Катышуучуларга К.Р. калкы учун негизги тамак аш азыктарын керектоонун орточо физиологиялык ченемдерин таркатма материал катары таркатылганда Шайдан А/О тунун соц. адиси Маманов Мирлан ушул нормаларды озубуздун бала бакчалардан баштабайлыбы деген сунушун айты. АДКнын консультанттары болсо сиздер менен чогуу иш алпарганга даярбыз деп ойлорун айтышты. Менин ойумча интернет колдонулбаган айылдарда ушундай семинарларды уйуштурсак кандай дейсиздер? Жогоруда айтылган Мирлан мырзанын да сунушун талкууга алсак.

      

    Жалал-Абад областы.

    Ноокен району. 

    1. Мирлан, рахмат маалыматтарга! Айыл жерлеринде, интернетке мумкунчулуктору жоктор учун албетте мындай бетме бет жолугушуулар аркылуу маалымат болушуп талкууларды жургузсок болот, келерки жылга мындай иш-чараларды пландайлы.

      1. Айыл жеринде интернетке мумкунчулуктору жок туура айтасыз .Мындай маалымат жыйындарды откоруубуз керек.

        Бул долбоордун жыйынтыгы калкыбыз учун оз уй-булоосундо жакшы бурулуш жасайт деген ойдомун.

        Баарыныздарга ден-соолук каалоо менен уй-булоонуздорго тынчтык амандык каалаймын !

      2. Махабат, айыл жерленинде, Жалалабад шаарында, балдар , энелер менен иштеген окмоттук эмес уюмдар   жардам бере алат, алар менен байланышса. 

  8. Урматтуу коллегалар! Маалыматынар учун жана жасап жаткан иштеринер учун рахмат айтуудан башка соз жок. Ийгилик каалайм!

  9. Саламатсыздарбы урматтуу замандаштар!

    Бардыгыныздарды келе жаткан жаны жылыныздар менен куттуктаймын, ден-соолук жана бакубат турмуш каалайм!

    Берген маалыматтарыныздар менен толук таанышып чыктым, чон рахмат. Тоолуу аймактарда тамактанууну жакшыртуу(ТАЭСА) долбоору айыл тургундарына керектуу жана келечеке кам коргон долбоор экендигин, озубуздун айткан сунуштарыбыз, создорубуз менен далилдеп олтурабыз. Биз бардыгыбыз эле айылда торолуп, айылда чонюп, ар кандай шарт менен шаардык болуп, айылдын турмушнан алыстап бара жатабыз. Бирок тоолуу айылдарда азыктанууну жакшыртуу учун коп эле мумкунчулукторубуз бар. Биринчиден ар бир адам озунун жашоо турмушуна болгон коз карашын жана ан сезимин ондош керек.(жалкоолук,сасык саясат. аракечтик,боодо чыгымдар,ыйман,каранееттик, улуттук баалуктар,ж.б.). Мына ушул маселелерди дагы айыл жергсинде болуп жаткан талкууларга кошо киргизишибиз керек. Бул талкууларга айылдын коомчулугу, аксакалдар,жаштар,энелер,айыл кенешинин депутаттары, айыл окмотунун аппараты. райондун тийиштуу жетекчилери катышыш керек. Жогоруда котоулгон маселердин кобун ушул талкууда чечип койсо болот; Мисалы. райондон келген дарыгерлер тамактын баалулугу жана синимдуулугу жонундо жакшы кенешме куруп берууго кудрети жетет, санврачтар оздорунун ыйгарым укуктуу талаптары жонундо жакшы лекцияларды окуп берсе болот, жергиликтуу кенеш  мыйзамдын негизинде коп маселерди чеченге мумкунчулугу бар. Бардык айыл ичиндеги койгойлуу маселерди жалпы элдин чогулушуна алып чыгып айылда жашаган тургундардын жоопкерчилигин которуш керек. Мамлекеттин денгээлинде чечиле турган койгйлорду тактап, Кыргыз мамлекетинин окмотуно жана Жогорку кенешке чыгарышыбыз керек. Бардыгыбыз жапа тырмак ишке киришип улутубуздун келечеги учун аракет кылалык.


  10. Урматтуу платформанын катышуучулары.

    24.12.2015 Био Сервис КФ, Базар-Коргон районунда элдер менен жолугушуп, маалымат жыйынын отуп келди. жыйындын протоколун тиркемеден окуп таанышып алсаныздар болот. Жыйындын жыйынтыктары тууралуу айта кетсек коптогон катышуучулар интернет менен колдонбосо дагы платформанын темаларын, талкууларды  кызыктуу деп таап, бул жактан коптогон керектуу маалыматтар бар экенин баса белгилоо менен регистрация болуп платформага  такай кирип турууну туура корушту. Жыйында жергиликтуу Айыл Кенештин депутаттары ден соолук комитетинин окулдору поликлиника санаторийдин кызматерлери агроном жана фермерлер оздорунун ой пикирлери менен болушуп жыйындан коп маалымат алгандыгын белгилешти. Жалпысынан айтканда долбоорго кызыгуу пайда болду жана кызматташууга даяр экендиктерин айтышты.  Жыйындын аягында Катышуучубуз Нурдинова Дилбар эже бир кагазга бизге  арнап 4 сап ыр жазып окуп берди:

    Тынчтык болсун дуйнодо тынчтык болсун

    Айыл ичи ыр менен кууго толсун

    Узун Омур ден соолук баарынарга

    Элге таза продукту жеткирген

    "Био Сервис" ар дайым аман болсун

    АДК торайымы Нурдинова Дилбар. Сейит Казы айылы. Базар-Коргон району.

    Мындай жагымдуу саптар менен бирге баарынарды келе жаткан Жаны Жылынар менен куттуктап кетемин. Жерибизде тынчтык, ынтымак, онугуу болсун. Ар биринердин уй булонордо бакубат жашоо эсенчилик болсун! Жаны кирип келе жаткан жыл баарыбызга жагымдуу жанылыктарды алып келсин!

  11. Аида чон рахмат! Дилбар Нурдиновага ботончо ыраазычылык билдирем, ыр саптары менен жазган каалоо тилектериниз кабыл болсун.

  12. Урматтуу коллегалар,

    Жаны жыл тынчтыктын, молчулуктун, ийгиликтердин жылы болсун, маанайыбыз жарык болсун, элдин арасында ден соолукка, туура, толук тамактанууга мамиле толуктансын!

    Аман -эсен болунуздар!

     

  13. Урматтуу коллегалар, 

    Аида ишиниздерге ийгиликтер болсун.Дилбар Эжекенин ырында сиздерди белгилеп отуптур.Ар дайым Био Сервис аман болсун!

    Ал эми мен эмне демекмин баарыныздардын уйунуздорго жанырган Жаны жыл ийгиликтерди алып келсин.Ал эми иш-кананарга биримдик,ийгилик коштоп жалан гана жакшылыктардын устундо жургуло.

  14. Урматтуу катышуучуларыбыз, Токтогул районунда иш чараларды жургузуудо эл менен, акими менен, айыл чарба адистери менен суйлошуп жатып негизги бул жердеги койгойлорго токтолуп болушойун дедим (13.01.2016).

    Жергиликтуу калк кобунчо мал жандык кармап мал чарбасы менен кобуроок алектенет. Бул негизги киреше булактардын бири. Ошол эле учурда сут продукциясын кайра иштетуу жолго коюлган эмес, жергиликтуу сыр, сметана, сгущенка чыгарууга мумкунчулук чон, бирок андай кайра иштетуу цехтерибиз жок деп окунушту. Ошол эле учурда жашылча остургон дыйкандар бар, бирок аз, негизинен базарга башка райондордон, сырттан алынып келинет. Суугат суунун тартыштыгы Уч-Терек айылында орчундуу байкалса, башка айылдарда салыштырмалуу жетиштуу. Бак менен алектенгендер да коп эмес, бирок ага мумкунчулуктор, шарттар бар. Дыйканчылык менен алектенгендер, уронду базардан сатып алышат, анан турдуу илдеттер зыянкечтердин таасири менен тушуму томон, аз алышат. Мээнет жасап, киреше ото аз алышат. Сапаттуу урондор тууралуу маалыматы - кандай урондор, каерден алат, агротехникасы боюнча билими маалыматтары ото аз. Айыл чарбасы боюнча керектуу консультацияларды каяктан аласыздар деген суроого - кобунчо ветаптекадан деп жооп беришет. Айрым  "бактылуу" айылдарда ветеринар адистер болсо, мындай адиси жок коншу айылдардан чакырткандары да бар.

    Эл керектуу билим-шыктар, заманбап айыл чарба ыкмаларын уйронуу, корууго муктаждыгы, аларга  багыт беруу керектиги байкалды. Ошол эле учурда жумушсуздук маселелси курч.

    Биздин Тоолуу Агроэкосистемаларындагы  тамактанууну жакшыртуу долборуна кызыгуу, потенциал чон. Бул долбоор тууралуу акимге, райондук инвестиция болумунун башчысына маалымат берилип кызматташуу, маалымат беруу макулдашылды.    

     

  15. Маалымат учун чон рахмат Махабат эже, бул биз учун келечекте чон мумкунчулук экен. 

     

  16. Албетте биз ондуро ала турган коп бизнес-идеялар  мумкунчулуктор бар.Биз мал чарбасынан сиз айткан сут продукциясынан эле коп нерселерди химикатсыз эле ондурсок болот жана бир топ жумушсуздуктунда алдын алган болот элек.Айыл чарбасы кирешелуу тармак ошондуктан бардык ушул Долбоорго катышкан коллегаларымды активдуу катышып,ар турдуу сунуштарын беришсе деп ойлойм.алдын ала рахмат!

  17. Саламатсыздарбы, Урматтуу коллегалар!

    Ойунуздарды ортого салып, элдин ден-соолугуна кам коруп жаткандарыныздар учун чон рахмат. Биздин мамлекетте айыл чарбасын онуктуруу мумкунчулуктору ото жакшы, копчулук калк айыл жергесинде жашап, оздорун тамак-аш менен камсыз кылып, кун коруп жатышат. Тилеке каршы  ондургон айыл чарба азыктары оздорунон артпай жатат, мунун бирден бир себеби тушумдуулуктун начарлыгы жана малдын асылдуулугунун сапатынын талапка жооп бербегендиги. Экинчиден, фермерлер эмне ондуруш керек, ондуругон продукцияларын кайсы жака жана кандай баада сатышын билбейт. Негизинен ушул койгойлуу маселер мамлекеттин жардамы менен чечилиш керек. Окмот тараптан аткаруучу жана жооп беруучу орган болуп Айыл жана суу чарба министрлиги эсептелинет. Бул министрлик жергиликтуу бийлик менен бирге фермерлерге камкордук коруп, жардам бериш керек. Азыр айылда жашаган адамдардын бардыгы эле фермер, алардын ичинде мугалимдер, врачтар, механизаторлор,аялдар, жаш оспурум балдар, кыскача айтканда айыл чарбасын тушунгондор жана тушунбогондор. Ар ким озунун тушунугуно ылайык чарбаларын жургузуп жатат. Айыл жергесинде айыл чарба тармагынын онугушуно, фермерлерге кенеш берип баш коз боло турган адистер жок. Мына ушул койгойлуу маселерди чечиш учун, биз бардык орчундуу маселелерди топтоп улуттук денгээлге чыгарышыбыз керек.Ошондуктан жергиликтуу калк менен жолугушууларды откоруп,окмотко тиешелуу маселерди чогултуп,азык-тулук жана тамак-аш улуттук аянтчаларында чогуу талкуулап анан окмоттун кароосуна сунушташыбыз керек.

    Ушул маселерди чечиш учун, биз айыл жана суу чарба министрлиги менен эки тараптуу Меморандумга кол коюшканга суйлошуп жатабыз.

     

  18. Саламатсыздарбы, Урматтуу замандаштар !

     Урматтуу Искендербек Рысбекович Сиздердин эл учун жасап жаткан иштеринизди,дегеле айыл чарбасын жакшыртууда аткарып жаткан ишиниздерге ийгиликтерди каалайбыз.

     

    1. Global Hunger Index: 2,4% кыргызстанцев умирают от недоедания

      Vb.kg. По итогам продовольственной политики 2015 года Кыргызстан оказался в списке стран с низким количеством голодающего населения. Об этом говорится в ежегодном отчете на сайте Global Hunger Index.

      Так, согласно оценке GHI, 6% населения республики находится в состоянии постоянного недоедания или плохого питания. При этом впоследствии от голода, ослабления организма и сопутствующих болезней умирают 2,4% кыргызстанцев. Эти цифры, по методике оценки GHI, являются вполне умеренными показателями.

      Однако в разрезе результатов стран СНГ Кыргызстан оказался одной из самых "голодающих" стран. Доля плохо питающихся людей в России составляет 0,7%, в Беларуси - 0,8%, Казахстане - 2,5%, Азербайджане - 1,7%. Уступает Кыргызстан лишь Таджикистану, где недоедает почти треть населения - 33,2

      1. Окунучтуу,

        кыргыздар  уй-було мучолору биригип, ботон эл, ботон жерде жыл бою кашыктап жыйнаган окаатын, бир кундо той -аш маарекелерде чачканын токтотсо  начар тамактануу жана тое жебестик койгойунон арылат элек. Региондордо эл менен жолугушууда - туура, жетиштуу тамактануу маселеси боюнча талкууларда, салттарыбызды ирээтке келтируу маселеси Айыл округдарына мамлекет тарабынан дайындалгандыгы, бирок ишке ашыруу механизмдери каралбагандыгы учун бул багытта иш чара жургузуу начар абалда экендигин маалымдалууда.

        1. ТУУРА АЙТАСЫЗ !

           Биздин эл ушунчалык той-маарэкелерге коп чыгаша кетирет экенбиз. Менин оюм буюнча КР мамлекет тараптан бир багытта иш откорууну муфтийлер менен биргеликте,элге ынгайлуу кылып иштеп чыгышса эн жакшы болмок.

          Айтып кетуучу нерсе той- аштарда эт-жумуртка,химикат,порошок,суулар менен отуудо.Ал эми алардын таасири элге канчалык денгээлде экенин биз билбейбиз. Окунучтууу ((((((

  19. В Кыргызстане зафиксирована вспышка ботулизма; 2 человека умерли и 8 находится в реанимации

    Kabarlar.org. В Кыргызстане зафиксирована вспышка ботулизма. Об этом «Кабарлар»сообщил заместитель министра здравоохранения КР Олег Горин в пятницу.

    По его словам, вспышка зафиксирована в Нарынской и Джалал-Абадской областях.

    «Вчера было госпитализировано 24 человека. Из них по дороге в больницу скончались 2 человека. В настоящее время из 22 госпитализированных, 8 в тяжелом состоянии находятся в реанимации города Нарын и республиканской больнице. Умершие проживали в селе Казарман Джалал-Абадской области», - сообщил Горин.

    Замминистра отметил, что с целью установления причин двух массовых случаев заболевания ботулизмом принимаются все необходимые противоэпидемиологические мероприятия. В очагах заболевания отобраны остатки пищевых продуктов и доставлены на исследования в Центры профилактики заболеваний и госсанэпиднадзора, проводится подворный обход – выявлены лица, употреблявшие продукты совместно с потерпевшими. Изъяты консервы из грибов и огурцов.

    В нашей республике, как и в других странах мира, ежегодно регистрируются случаи заболевания ботулизмом, связанные с употреблением в пищу продукции домашнего консервирования и домашнего приготовления. В основном это консервированные овощи и грибы, салаты, рыба.

    Ботулизм – острое тяжелое заболевание, возникающее в результате употребления продуктов, содержащих ботулотоксин. Возбудителем является микроб, образующий споры. Споры устойчивые к воздействию высоких температур и способны накапливать ботулотоксин в отсутствии кислорода, тем самым представляют опасность. Инкубационный период ботулизма составляет от 2-3 часов до 6-10 суток. В это время происходит всасывание токсина из кишечника в лимфатическую и кровеносную систему, а затем миграция в центральную нервную систему. В большинстве случаев болезнь начинается остро с появлением неспецифической симптоматики: недомогание, головная боль, общая слабость. Через несколько часов после начала заболевания появляется расстройство зрения, речи, нарушается акт глотания и жевания, могут присоединятся мышечные судорги. Тяжело протекающие случаи заболевания ботулизмом обычно сопровождаются выраженным расстройством дыхания, приводящая к дыхательной недостаточности и смерти. Без применения современных методов лечения частота летальных исходов от ботулизма составляет 30 – 60%.

    Госпитализация таких больных необходима. При первых признаках заболевания ботулизмом («сетка», «туман» перед глазами, двоение) необходимо вызвать «скорую помощь» или срочно обратиться в ближайшее медицинское учреждение!

    Профилактика ботулизма основывается на строгом выполнении санитарных и технологических правил консервирования пищевых продуктов. Губительное действие на споры ботулинического микроба оказывает только стерилизация при температуре не ниже 120 градусов. Не допустимо консервировать лежалые, подвергшиеся порче овощи, фрукты.

  20. Саламатсыздарбы, 

                 Озгочо быйылкы жылы батулизм оорусу менен каза болгондорду коп уктум. Менин сунушум боюнча бул ооруну алдын алуу боюнча, жер-жерлерде консервациялоону туура жургузуу учун окуулар, практикалык иштер жургузулсо, аз да болсо жергиликтуу эл уйронуп, жана консервациянланган момо-жемиштерди сактоону билишмек. Демек биз бул маселеге ото маани берип иш жургузуубуз керек. 

    1. Менин жеке оюм, япондуктардан уйронуп, консерваланган жашылча-жемиштерди дасторконго жолотпой, колдо бар (свежий) тамак-ашка отсок гана бул баш оорулардан кутулабыз. Жана ал тамак-аштар таза, адал, органик болуш керек. Сурсутулгон эт, ороодо сакталган  жашылча-жемиш, кактан жасалган суусундуктар, сузмо, ун, ж.б. кышка сакташка мумкун болгон азык-тулуктор дасторконго жетиштуу.

      1. Ооба Сапарбек аке сиздин оюнуз дагы туура, бирок мен ойлойм биз ал нерседен коркуп эле такыр жасабай, дасторконго жолотпой койсок болбойт деп, себеби алар деле витамин кышында ото керектуу болот. Эгер базарда алсак кыш мезгилинде кымбат болот. Мирлан аке атйкандай туура технологияны колдонуп, санитардык-гигиенаны так сактап, туура сактоону уйронсок да болот. Бирок ошол эле учурда ар бир тамак-ашка ото маани берип жешибиз керек. 

  21. Ботулизимди- алдын алуу тамак-аш азыктарын даярдоодо,ташууда,сактоодо жана бышырууда,уй шартында консервалоодо санитардык-гигиеналык  эрежелердин так сакталышына туздон-туз байланыштуу.

    Баарынарды бул оорудан сактанууну сунуш берем.

  22. Кулактандыруу !

             Урматтуу коллегалар DCA по жилых долбоору аркылуу Аксы,Ала-Бука,Чаткал,Сузак райондорунда тандалып алынган айылдарда  жакынкы кундордо,ушул жылы бир топ жакшы иштерди жасаганы жатабыз.

    Алар :  - Уй шартында силос даярдоо:   - Бул химикатсыз малдарды бордоп багуу;

                - Уй шартында сенаж даярдоо:   - Жакшы сапаттуу эт ондуруу жана халал этти даярдоо; 

               - Сутту кайра иштетуу :  - Бул суттон бир нерсе ондуруу М:сыр,йогурт жана башка. (химикатсыз)

    бул долбоодо аз камсыз уй-булоолорго жардам коргозуу о.э. аялдарды,жаштарды иш менен камсыз кылуу болуп эсептелет .

    "Коп тукурсон кол болот" дегендей СКС ЖА оз ишин жакшы баштады .

    Бардык замандаштарыма  ушундай окууларга катышып,оз чарбасында таза,пайдалуу,кирешелуу бизнес-идеяларын баштаса бир топ жакшы болот эле .

    Командага Ийгилик ! 

                

  23. ФСДС уюму да жакынкы кундордо ушундай эле багытта Ысык-Колдо жаны проект баштап жатат. Бир аз озгочолуктор бар. Биз комплекстуу турдо иш алып барсак деген планыбыз бар. Малды бир жерде кармап, ветеринардык кызмат корсотуу (вакцинация менен бирге), жем-чоп (тоют) менен камсыз кылуу, жасалма уруктандыруу, сутту бир жерден чогултуп сатуу, ж.б. кызматтарын уюштуруу,   Эгер силерде белгиленген иш-чаралар боюнча окутуп-уйрото ала турган жогорку денгээлдеги адистер болсо ой болушсок дедим эле, мисалы, сутту кайра иштетууну кандайча уюштурса болот? Сапаттуу эт ондуруу дегенди кандай тушунсо болот?. Аранарда адистер болсо болушуп койсонор!

  24. Саламатсызбы,

                      Агай сиздердин жасап жаткан иштериниздерге ийгиликтерди  каалоо менен биз да ар турдуу жолдорду издеп жатабыз.

    Элеттик фермерлерден ,Райондук Консультанттардан идеяларды алып жатабыз.Буюрса бирдей технологиянын негизинде уй шартында даярдоонун жакшы ыкмаларын колдонобуз.

    Жогорку денгээлдеги адистер да оз ойлорун билдирсе жакшы болот эле. 

     

  25. Урматтуу катышуучулар ушул ПГАЭ  долбоорду жайылтууда кандай жол менен жана кимдер менен ишгоо болот?

    сунуштарды кутобуз! 

  26. Урматтуу коллегалар!

    Маалымат катары Арго Горизонт долбоорунун негизинде АГРО САНИТАРИЯ боюнча чоон тренинг отту.

    Тренингде эн маанилуу жана кызыктуу темалар жонундо  айтылып кенири талкуу журду.

    Агро Горизонт долбоору да Туура Тамактануу  элге сунуштап,элдин ден-соолугуна кайдыгер эмес экендиктери кубандырды.  

    Туура тамактанууда оздук гигиенаны сактоо до маани бербейт экенбиз

    .Долбоорго Жалал-Абад областынан Айылдык Кенеш Кызматынын бардык Райондук Консультанттар катышышты .

    Бугунку алган бардык маалыматтарды оз райондорунда жайылтуусун суранабыз. Бардык эл чогулган жерлерде,тренингдердин акырында 15-20 мунот Туура тамактануу боюнча бир аз маалымат берип коюнуздарчы. 

    Алдын ала Рахмат !

     

  27. Мирлан, маалымат учун рахмат! Менин тан калганым - АГ долбоору элдин ден соолугуна кайдыгер эмес экен депсин. Мумкун. Бирок, Баткендеги орукторду химиялык жол менен дарылоого химикаттарга тендер жарыялап бир жагынан аябай "кам коруп" жатышат го?

  28. Сапарбек агай туура айтасыз менда уканмын ошондой иштерди жасап жатат деп.

    Бирок АГ долбоору азыркы абалды эске алуу менен ар турдуу долбоорду иштеп жатышат .

    Мен кечээ кунку окуусуна катышканым айтып жаткам агай.суйунуп калдым " Туура Тамактануу" ар бир тренингде бир сааттык лекция болот экен ошол жагы куубандырды 

    1. Проект USAID Агро Горизонт 25-27 февраля проводит  Международную Выставку Ярмарку «Агро-Экспо Шелковый путь 2016». Мероприятие проводится Ассоциацией Агробизнесменов Кыргызстана «Жер Азыгы».

      Ожидается участие более 30 компаний из России, Казахстана, Пакистана, Кыргызстана, также на выставке будут проводиться  обучающие семинары по темам: « Использование мини техники при выращивании репчатого лука», «Особенности выращивания гибридной кукурузы», «Выращивание саженцев плодовых культур», « Абрикос. Проблемы и возможности развития сектора», «Выращивание ягод органическим путём (малина/клубника)», «Агротехника выращивания семенной картошки».

       

      Место проведения: Ошский Драматический Театр

  29. Всем доброго дня, 24 и 26 февраля команда БС провела 2 инфо встреч, в Сузаке с. Кумуш-Азиз, и вторая в Ноокене с. Шайдан.

    Подробнее можете ознакомиться из приложенного  протокола. 

    спасибо! всем удачного понедельника!

  30. Урматту платформанын катышуучулары. Жогорудагы комментрарийге улай, БС командасы Базар Коргон районундагы Шыдыр айылында 02.03.2016ж. Элдер менен жолугуп, маалыматтык жыйын отуп келдик. Ал жыйын тууралуу толугураак суроттору менен тиркелген протоколдон таанышсаныздар болот. 

     

  31. Урматту платформанын катышуучулары. Жогорудагы комментрарийге улай, БС командасы Базар Коргон районундагы Шыдыр айылында 02.03.2016ж. Элдер менен жолугуп, маалыматтык жыйын отуп келдик. Ал жыйын тууралуу толугураак суроттору менен тиркелген протоколдон таанышсаныздар болот. 

     Кечирим сурайм биз жолугушууда регистрация кылган адамдын логини кала берген экен.(Шергазы Турдумаматов) 

  32. Жакшы экен ийгиликтерди каалайбыз Айда .

    Кийинки маалымат жыйындарынарга бизди да айтып коюууну унутпагыл. Анткени биз башкача подход жасайбыз деп жататбыз.

    Биз сиздер менен биргеликте Ноокен районунда маалымат жыйын откоруп келдик билесиздер бирок,канчалык денгээлде элет жерине таасир эткендигибизди анализдеп корсок долбоордун максатына жетпегендей калгандай.Биз канткенде жергиликтуу калкты канткенде туура тамактанууга уйротуубуз керек.

    Баардык коллегаларыма суранат элем элдерге маалымат жеткируудо кандай ыкманы сунуштайбыз ? 

  33. Рахмат Мирлан! кийинки жолугушууларды биригип откоролу, анткени сиздердин башкача подходко чыдамсыздык менен кубо болгум келет! 

    Бардык коюлган максаттар тез эле ишке ашып кетпеши анык, эн негизгиси биз аракет кылып жатабыз. 

    Бул да болсо ийгиликтин башаты деп ишенем.

    "Баардык коллегаларыма суранат элем элдерге маалымат жеткируудо кандай ыкманы сунуштайбыз ?" -   мен да бул ойго кошулам.

     

     

    1. )))))))))) да Айда башкача подходту сен чыдамсыздык менен кутсон жакшы буюрса биргеликте иш алып барабыз.

Kyrgyzstan KYR