Welcome to the

Kyrgyzstan
Space shortcuts
Kyrgyzstan KYR
Skip to end of metadata
Go to start of metadata

  • No labels

32 Comments

  1. Урматтуу коллегалар

    Ушул жерге биз бир убакытты белгилеп белгилуу бир теманын устундо жазышсак жакшы болот эле деп ойлойм.

    АНТКЕНИ МААН платформасында ишибиз начарлап бараткандай 

    КИМДЕ КАНДАЙ СУРОО,СУНУШТАР БАР?

     

    1. Кутман кун, баарыныздарга!

      Мирлан акенин оюна кошуламын. Бир убакытты белгилеп, бир теманы алып талкууласак жакшы болот эле. 

  2. Ооба туугандар...

    Начарлап баратпай эле начар. Жакындан бери Buajar Raimkulova эже? Bolot Joldoshov пайдалуу материалдарды жуктоп, болушуп жатышат. Ошол жуктогондорго конул болуп, ой-пикирибизди жазып турушубуз керек.

     Mirlan Murzakulov айткандай озубуз кызыга турган талкуу аянтын тузуубуз керек.

  3. Мисалы календарь деген жерде Шахноза 1-2 миcал киргизиптир, мен да 1-2 адамдын туулган кунун кийирип койдум. Ошол календарга боло турган жана болуп откон маанилуу иш-чараларды койсонуздар, кандай дейсиздер. Mahabat Karaeva Каныкей Mirlan Murzakulov Buajar Raimkulova BS Gulzada Kudaiberdieva BS Алмазбек Эшенкулов Alisher Yuldashev Altynbek Bekjanov Meerim Azimjanova

     

    1. Насипа эже туура биз маалымат берген адамдар кирдик окудук болду ал эми видеолор кеч ачып убакыт КЕРЕК БОЛОТ ЭКЕН ДЕГЕН ОЙЛОРДУ АЙТЫП ЖАТАТ

  4. Саламатсыздарбы?- платформанын катышуучулары.

    Биз Кыргызстанда табияты сулуу жерде жашайбыз, коптогон дары чопторубуз бар, бирок дары чопторду пайдаланууну билбейбиз. Ушул боюнча маалыматтарыныздар болсо болушуп койсонуздар сураныч....

  5. Айдана, сен туура байкаптырсын. Дары чопторду чынында кобубуз тааныбайбыз, анын пайдалуу касиеттерин да билбейбиз. 

  6. ЧАЛКАН 

    Чалкан ондогон ооруга даба болуп эсептелет. Ал эми жазында даяр витаминдин ордун алмаштыра алат.

    Чалкандын дарылык касиети. Курамы пайдалуу заттарга бай. Тактап айтсак, К, С витаминдери, каротин (табигый пигмент), темир тузу, калий, кальций, күкүрт, кант, белок бар.

    • Колдонулушу. Чалкан кандын уюу деңгээлин жогорулатып, гемоглобиндин санын көбөйтөт жана кандагы кантты азайтат. Мындан тышкары заара кубалоочу, жараны бат айыктыруучу, организмди чыңдоочу касиетке ээ. Кан агууну токтотууда, анемияда, атеросклероздо, бөйрөк, табарсык, боор, өт ооруларында, геморройдо, кургак учукта колдонулат.
    • Жүрөктүн жакшы иштеши үчүн чалкандын кайнатмасын бал же кант менен ичүү керек. Кайнатма төмөнкүдөй даярдалат: чалкан гүлдөөр алдында сабактын эң башын жана жалбырактарын кесип алып кургатуу зарыл. Кургатылганынан 5 аш кашык алынып, үстүнө 500 грамм суу куюлуп, жай отко кайнатылат. Анан 100 граммдан 4 маал ичилет.
    • Ашказан оорусунда, кусуу өнө­көткө айланган учурда төмөнкүдөй рецепт сунушталат. 1 чай кашык чалкандын кургатылган тамырын 200 грамм сүткө кайнатуу зарыл. 25 граммы ысык бойдон, калганы ар бир саатта 2 аш кашыктан ичилет. Дарылануу курсу оору белгилери кетмейинче узарат.
    • Бөйрөктүн жакшы иштеши үчүн чалкандын 1 чай кашык кургатылган жалбырагы 200 грамм сууга кайнатылып, ичилет.
    • Организмди чыңдоого, жүрөктүн иштешин жакшыртууга, канды тазалоого карата тундурма. 200 грамм чалкандын жалбырагынын үстүнө 0,5 литр арак же 70 пайыздуу спирт куюлат. Банканын бети даки менен жабылып, байланат. Биринчи суткада күн тийген терезеге коюлса, калган 8 суткада караңгы шкафта сакталат. Сүзүп, банкага куюп, бетин капкак менен жабуу зарыл. Тамактан 30 мүнөт мурда 1 аш кашыктан 4 маал ичилет.
    • Чачты өстүрүү же чачтын тү­бүн бекемдөө үчүн чалкандын тундурмасын чачтын түбүнө сүртүүгө же тундурма менен чачты жууганга болот. Тундурма үчүн кургатылган жалбырагынан 2-3 аш кашык алып, үстүнө 400-600 грамм кайнак суу куюп, 6-8 саат демдөө керек. Сүзүп алып колдоно берүүгө болот.
    • Баалуу азык. Жаш жалбырагы жана жаш бутактарынан щи даярдалса, жалбырагынан салат жасалат. Кавказ эли жаш бутактарын туздап, кышта эттен даярдалчу тамактарга татымал катары кошушат.

    Чалкандан салат. Жалбырагын жууп, ачуу даамы кетсин үчүн 30 мүнөт муздак, туздуу сууга чылап коюу зарыл. Анан жалбырактарды туурап, салат катары колдонсо да болот.
    Жаңгак кошулган салат. Ке­ректүүлөр: чалкандын жаш жалбырактары, 25 грамм жаңгак, 20 грамм петрушка, көк пияз, 1 чай кашык уксус.
    Даярдоо: жалбырактарды 5 мүнөт кайнак сууга салуу кажет. Анан чыгарып алып майдалап тууроо керек. Үстүнө уксусту, майдаланган жаңгак менен тууралган пиязды, петрушканы кошуп аралаштырабыз. Салат даяр.
    Алма, жаңгак кошулган салат. Керектүүлөр: 125 грамм жаш чалкан, 1 даана алма, 1 аш кашык майдаланган жаңгак, 1 чай кашык өсүмдүк майы, 1 аш кашык лимон ширеси, 1 аш кашык бал, бир чымчым туз.
    Даярдоо: майды, лимон ширесин, балды, тузду аралаштырсак, соус даяр. Жаңы үзүлгөн жалбырактарды муздак сууга жууп, майда туурап, үстүнө соус куябыз. Тууралган алманы, жаңгакты кошсок, салат даяр.

    1. Абдан керектүү маалымат экен. Рахмат

    2. Буажар эже, ото сонун маалымат экен. Чон рахмат.

  7. КААКЫМ 

    Каакым дарылыктан тышкары салатка да колдонулат. Ал эми куурулган тамыры кофени алмаштыра алат.

    Каакымдын дарылыгы. Каакымдан жасалган дарылар боордун өнөкөт оорусунда жана бөйрөктүн сезгенүүсүндө колдонулат. Ошондой эле холециститте, боордун циррозунда, шишиктерде, муундар оорусунда жана башкаларда пайдаланылат. Каакымдын жалбырагынын курамында каротин, С витамини, никотин кислотасы, кальций, калий, марганец, темир, фосфор бар.
    Каакымдын кургатылган жалбырагы табитти ачуучу, өт кубалоочу, ич катканда колдонулуучу каражат катары пайдаланылат. Бул үчүн кургатылган каакымдан 2 аш кашык алып, термоско салабыз. Үстүнө 400 грамм кайнак суу куюп, таң атканча демдеп коёбуз. Анан күнүгө 3 маал тамактан 30 мүнөт мурда иче берсе болот.
    Каакымдын ширеси – серги­түү­чү, иммунитетти чыңдоочу ка­ра­жат. Жалбырагы менен тамырынан алынган ширесинин үстүнө сабиз менен түрптүн ширесин кошуп пайдаланса, омуртка, бут, кол, башкача айтканда, сөөк ооруларын айыктырууга жардам берет. 
    Шире май июнь айларында каакымды эт тарткычтан өткөрүү аркылуу алынат. Каакымдын ачуу даамын кетирүү үчүн, алгач аны муздак, туздуу сууга чылап коюу керек (30 мүнөт). Ширени дарылык үчүн күнүгө 25 граммдан узак убакыт ичүү кажет. 
    Каакымдын тамырын апрель, май айларында чогултууга болот. Казып алган соң жууп, чоң тамырларды майдалоо, анан матага салып илип коюу кажет. Аба ырайы жакшы болсо, тамыр 10-15 күндө кургайт. Эгер тамырды эрте чогултуп алса, анда кургаган тамыр жеңил тартып, сырткы кабыгы ажырап калат. Мындай тамыр дарылыкка жарабайт. 
    Тамырдын кайнатмасы. 2 аш кашык майдаланган тамырга 200 грамм кайнак суу куюлат. Жай отко 15 мүнөт кайнатылып, 4 саат демделет. Күнүгө 70 граммдан 3 маал ичүү кажет. Кайнатманы жогоруда айтылган оорулардын бардыгында колдонууга болот. 
    Кайсы ооруларда колдонууга болбойт? Каакымды ашказан жарасында, гастритте, өт жолдорунун катуу сезгенүүсүндө колдонууга болбойт.
    Салаттар

    • Каакымдын жалбырагын туздалган, муздак сууга салып, анан майда туурап, салат кылып жесе болот.

    Талаа чөптөрүнөн салат. Жуулуп, майдаланган беде, чалкан, каакым, ат кулактын (щавель) ар биринен 100 граммдан алып, үстүнө 2 аш кашык зайтун майын, 1 аш кашык шарап уксусун кошуу керек. Үстүнө 50 грамм пияз, 1 аш кашык горчица кошсо, салат даяр

  8. БЕДЕ

    Курамында витаминдер, микроэлементтер көп. Андыктан дарылык, энергетикалык пайдасы чоң.

    Ракты дарылоодо колдонулат. Беденин 200дөй түрү бар. Анын ичинде кызыл беденин дарылык касиети зор. Алып айтсак, эмчектин залалсыз рак оорусун, эн жана урук бездери менен ички бездердин оорусун айыктырууда башкы дары. Дүйнөнүн 33 өлкөсүндө ракты дарылоодо колдонулат.
    Химиялык курамын алып карасак, 77,1 пайызы суу, 3,8 пайызы протеин, 0,8и майдан жана башкалардан турат. 
    Дарылыгы эмнеде? Гүлүндө жана жалбырагында салицил кислотасы, эфир майы, чайыр жана С, Е витамини, магний, жез, кальций, хром, темир, фосфор сыяктуу керектүү заттар бар. Беденин гүлү менен жалбырагын жаздан баштап кеч күзгө чейин чогулта берсе болот. 
    Колдонулушу. Бедеден жасалган дарылар гепатит, монокулез (боорду жана көк боорду жабыр тарттыруучу оору) сыяктуу жугуштуу ооруларды айыктырууда колдонулат. Кызыл беденин гүлү какырык чыгаруучу, заара кубалоочу, тердетүүчү, сезгенүүгө каршы касиетке да ээ. Аз кандуулукта, суук тийгенде, калтыратмада, кызыл жүгүрүктө да пайдаланылат. Теринин псориаз, экзема ооруларын, ревматоиддүү артритти жана бронхитти айыктырууда да жардамы чоң. Эрте климакстын алдын алып, канды тазалайт. Өттүн жана ичегинин иштешин жакшыртат.
    Оорулар үчүн кайнатма (элдик медицинадан). Идишке беденин кургатылган жалбырагы менен гүлүнөн 20 грамм салынып, үстүнө 200 грамм кайнаган суу куюлат. Анан бул идишти ичинде ысык суусу бар башка идишке салып, 15 мүнөт кайнатуу зарыл. Сүзүп алып, бир күндө 70 граммдан 2-3 маал, тамактан мурун ичүү керек. 
    Суук тийгенге каршы тундурма. Кызыл беденин 400 грамм кургатылган гүлү менен жалбырагынын үстүнө 1 литр кайнак суу куюлуп, демделет. Сүзүп алып бир күндө 2-3 маал, бир ууртамдан иче берүүгө болот.
    Беде азык катары. Беденин жаш жалбырактарын шпинат ордуна салатка колдонууга болот.

    • Кургатылган жалбырагы нан бышырууда, соус даярдоодо пайдаланылып, сыр менен быштакка кошулат.
    • Жаш бедени кыркып алып жууп, кадимки манты менен оромонун фаршына кошууга да болот.
    • Бедеден жана сабизден жасалган салат. Беденин жалбырагы жуулуп, тууралат. Үстүнө сүргүчтөн өткөрүлгөн 100 грамм сабиз, сууга бышкан 100 грамм картошка менен 1 жумуртка кошулат. Майонез же каймак кошуп аралаштырсаңыз, салат даяр.

    Эскертүү! Дары чөптөрдү өз алдынча колдонуудан мурда дарыгерден кеңеш алуу кажет.

     


  9. Кайын. Колдонулуучу бөлүктөрү: жалбырагы, кабыгы, ширеси.

    Чогултуу 
    Жаш жалбырактары май, июнда жыйналып, кургатылат. Ширеси жазда алынат. Дарактын сөңгөгүн 5-6 сантиметр тереңдикте тешип, ага түтүкчө орнотушат. Аккан шире атайын идишке чогултулат. Шире жыйноонун дагы бир ыкмасы, кайыңдын кабыгын сыйрып, ал жерге идиш орнотуп коюшат. Жай аккан шире идишке жыйнала берет. Кайыңдын кабыгынан кара май (берёзовый дёготь) алынат.

    Курамындагы керектүү заттар Кайыңдын жалбырагында эфир майы, С витамини, сапонин (органикалык кошулма) жана башкалар бар.
    Ширесинин курамы кант, органикалык кислоталар, белок жана башкалардан турат. Кабыгында кайың камфорасы, фитостерин, эфир майы, чайыр жана башкалар бар.

    Дарылык касиети жана колдонулушу

    • Жалбырагынан даярдалган чай организмден сууну чыгаруучу мыкты каражат. Андыктан бөйрөк ооруларында, анын ичинде бөйрөктүн таш оорусунда колдонулат. Чайдын даярдалуу рецеби: кургатылган жалбырактан 1 чай кашык алып, үстүнө 120 грамм кайнак суу куюу керек. 10 мүнөт демдеген соң жылуу кезинде ичилет. Мындай чайды бир күндө 3 маал ичүү сунушталат. Мындан ташкары кайыңдын жалбырагы организмде зат алмашуу бузулганда, кызыл жүгүрүктө пайдаланылат.
    • Кара май тери ооруларында, анын ичинде чакалайда сүйкөлөт.
    • Кайыңдын ширеси ашказанды тазалайт. Бул үчүн күнүгө 4-5 стакандан ичүү кажет.
    • Ширени чач үчүн лосьон катары колдонсо да болот. Ал чачтын түшүшүн токтотуп, какачтын алдын алат.
    • Кабыгын кайнатып алып кызамык чыккан баланы киринтсе, оорусу тез кайтат.
    • Куяң, кызыл жүгүрүктө кайыңдын жалбырагын кайнатып, күн сайын жатарда буулануу кажет. 10 күн кайталап, 6 күн эс алып, анан дарыланууну улантуу зарыл. Дарылануу курсу 30 күн.

  10. СИРЕНЬ . Сирень – көп жылдык дарак. 
    Дарылыкка гүлү, жалбырагы колдонулат. Май жана июнь айларында гүлдөйт. Гүлүнүн жана жалбырагынын курамында эфир майы, сирингин гликозиди, фарнезол сыяктуу керектүү заттар бар.

    Дарылык касиети

    • Жалбырагынын кайнатмасы суук тийгенде, сасык тумоодо колдонулат. Анткени адам кайнатманы ичкенде абдан тердеп, дене табы төмөндөйт. Дарынын рецеби: 2 чай кашык кургатылып майдаланган жалбырагынын үстүнө 200 грамм кайнак суу куюлат. 1 саат жылуу жерге коюп демдеген соң пайдаланууга болот. Күнүгө 3-4 маал 50 граммдан жылытып ичүү кажет. Ушул эле кайнатма тери ооруларында да колдонулат (ичилет). Андыктан жалбырагын сактап койгон жакшы.
    • Гүлүнүн тундурмасы. Кызыл жүгүрүктө, бөйрөк ооруларында, желди айдап чыгарууда колдонулат.

    1 стакан кайнак сууга 1 аш кашык жалбырагын же гүлүн салып демдөө кажет. Анан бир күндө 3-4 жолу бир аш кашыктан кабыл ала берүүгө болот.
    Сирендин тобурчагынын кайнатмасы какачты кетиргендиктен, баш жууганда колдонсо болот.


  11. Долоно.
    Курамындагы керектүү заттар
    Мөмөсүнүн курамында аскорбин кислотасы, каротин, пектин, фруктоза, крахмал, май бар.

    Колдонулушу 
    Долонодон жүрөктүн иштешин жакшыртуучу дары алынат. Атеросклероздо, кан басым оорусунда, жүрөктүн аритмиясында да долоно пайдалуу. 
    Мөмөсү жана жалбырагы чай катары демделип ичилет. Долонодон жасалган дарылар кан тамырдын жана мээнин иштөөсүн жакшыртып, акыл-эс жактан чарчоону жок кылат. Долоно жазында гүлдөп, мөмөсү августта бышат.

    Элдик медицинадан Жүрөктүн бардык оорусунда колдонулуучу дарылардын рецепттери:

    • Гүлүн терип алып салкын жерде кургатып, талкалап алуу кажет. Анан 150 граммын 300 грамм балга аралаштырып, күнүнө 1 чай кашыктан 3 маал ичүү кажет. Дарылануу курсу 3 ай. Бул дарыны ашказан ооруп, тамакка табит жоголгондо да колдонсо жакшы.
    • Мөмөсүн кургатып, талкалап алуу зарыл. Анан 1 чай кашыгын 1 литр сууга кошуп, 1 саат кайнатып, муздаганда сүзүү керек. Үстүнө 20 грамм алма сиркеси кошулат да, күнүгө 30 граммдан 3 маал ичилет. Дарылануу курсу 2 ай.
    • Бөйрөктүн жана табарсыктын оорусунда, өт жана жатын сезгенгенде колдонулуучу дары. Кызыл долононун тамырынын кабыгын аарчып, көлөкөдө кургатуу зарыл. Анан күлдөй майдалап, 100 граммын 0,5 килограмм балга аралаштырып, күнүгө 1 чай кашыктан 3 маал ичүү сунушталат. Дарылануу курсу 2 ай.

  12. КОЙЧУ  БАШТЫК
    Дарылыкка сабагы, жалбырагы, гүлү колдонулат. Гүлдөп жаткан учурда орулуп алынат. Уругу бышып, ачыла баштаганда чогултса, дарылык касиети өтө төмөн болуп калат.

    Колдонулушу

    • Медицинада койчу баштыктын тундурмасы бир топ ооруларда кеңири колдонулат. Элдик медицинада кайнатмасы ич өткөктө, гастритте, кан агууда, кургак учукта, калтыратмада, суук тийгенде, зат алмашуу бузулганда пайдаланылат. Жараны жууп-тазалоодо, кан басымды төмөндөтүүдө, ичеги оорусунда, мурун канаганда, өт оорусунда, зарна болгондо колдонсо жардамы чоң.

    Кайнатма үчүн рецепт: 10 грамм кургатылган чөптү 300 грамм сууга салып 30 мүнөт жай отто кайнатуу керек. Анан сүзүп алып, 3 маал 30 граммдан ичилет. Дарылануу курсу 10 күн.

    • Ширесинин залалдуу шишикте, ич өткөктө, кызыл жүгүрүктө, жүрөк, боор жана муун оорусунда пайдасы чоң. Өт жана бөйрөктү тазалоочу, организмден шлактарды чыгаруучу да касиетке ээ.

    Дарынын рецеби: койчу баштыкты оруп келер менен эт тарткычтан өткөрүп, ширесин алуу кажет. Шире канча болсо, ошончо бал кошуу керек. Дары бир күндө 5-6 маал 1-2 чай кашыктан ичилет.

  13. БАКА ЖАЛБЫРАК
    Бул дары чөп май айынан сентябрга чейин гүлдөйт. Жалбырагын жай бою даярдоого мүмкүн болсо да, гүлдөгөнгө чейин чогултуп алуу жакшы. Анткени таасири күчтүүрөөк болот. Бака жалбырактын курамында кремний кислотасы, адамды сергитүүчү заттар жана башкалар бар. Бака жалбырак бактерияларды өлтүрүүчү касиетке ээ.

    Колдонулушу

    • Жалбырагын чай сыяктуу демдеп ичсе, жөтөлдө, дем алуу жолдоруна суук тийгенде, ич өткөктө пайдалуу.

    Дарыны жасоо ыкмасы: кургатылып майдаланган жалбырагынан 10-15 грамм алынып, үстүнө 200 грамм кайнак суу куюлуп, демделет. Муздаганда сүзүп алып, 1 аш кашыктан 5-6 маал ичүү керек. 
    Жара чыкканда, бир жерин кесип алганда, чыйкан чыкканда, уйку качканда, ичеги ооруларында бака жалбырактын ширеси ичилет. Ал үчүн 1 чай кашык жалбыракты 1 стакан сууга кайнатып, 2 саат демдеген соң улам бир ууртамдан иче берсе болот.

    Эскертүү! Элдик медицинадан колдонуудан мурда сөзсүз врачтан кеңеш алуу кажет.

  14. Сколько семян в одной клубнике?

    Одна клубника содержит в среднем около 200 семян. Плоды малины и клубники – не ягоды, так как это единственные в своем роде фрукты, которые «носят» на своей внешней стороне семена. Они состоят из множества маленьких костянок, которые срастаются в один сложный плод - многокостянку.

  15. Алишер бул сорт силерде осуп жатабы кантип алсак кобойтконго.

    1. Сонунгул эже саламатсызбы!

      Эже бул сурот интернеттен алынган. Бизде азыр бир эле сорт - Черный принц! Азыр элдин баарында мен билген ушул сорт жана жергиликтуу сорт го деб ойлойм. Сузакта бироодо башка популярный сорт эккен болчу, суйлошкондо берем деди бирок узак убакттан бери ал киши менен байланышпадым. Ал да ото тажрыйбалуу жана ото изделуучу фермер! Болуп калса байланышам эже, Иншаллах!



  16. Дорогие друзья,

    в данный момент некоторые саженцы малины расцвели и обильно плодоносят! Прошу поделиться опытом - какое удобрение можно сейчас применить для сохранения плодов и дальнейшего обильного плодоношения???

    Вот такая картина сложилась в данное время!

    Заранее благодарю за ответ! 

    1. Алишер аке.

      Используйте Найкл очень хороший удобрение для малина и клубника

  17. Урматтуу коллегалар,

    Кечээги вебинер боюнча ойлорунарды берсениздер ,

    Биз Жалал-Абад областы боюнча иш жургузупт келе жатабыз,маалымат берип жатабыз,

    Кандай ойлойсуздар калкка маалымат беруулдо эмнелеге басып жасообуз керек.

    Бизде акыркы анализдер,санитариялык,гигиена боюнча сурамжылоолор,тамактанууга байланышкан маалыматтардын акыркы корсоткучторун кайсыл жерден корсок болот.

    Анткени оорулар кобойуп бир топ эле жугуштуу жана жугушсуз оорулар кобойуудо.

    Сунуш-пикирлерди ортого салып талкуулап кийинки долбоорлордо ошол тараптарга басым жасоого туура келет деп ойлойбуз

  18. Токтогул районундагы Чолпоната айыл аймагынын Чолпоната Кушчусуу айылдарында 14 апрель куну 50 адамдын катышуусу менен Хансс Зайдель Фондусунун колдоосу менен Келечек жамаатынын торагасы Чалов Акматтын демилгеси менен " Органикалык чарба жургузуу" темасында тренинг откорулду.


     Документ

  19. Хансс Зайдель Фондунун колдоосу менен 19 апрель  2021жылы Чолпоната айылынын Мазарсуу , Ултанкамыш айылдарында дагы "Органикалык чарба "жургузуу темасында 50 адамдын катышуусунда "Келечек" жамаатынын торагасы Чалов А. демилгеси менен тренингдер открулду



    1. Азаматсыздар.

  20. Чолпоната айыл окмотунун Актектир айылындагы С.Нурманбетов орто мектебинин окуучулары менен органикалык

    чарба жургузуу жана туура тамактануу боюнча диалог откорулду

     .

  21. Актектир айылында жамаат мучолору балык остуруу менен гана алектенбестен куносканада жашылча остурууну дагы колго алышкан. Бугунку кундо куносканадагы жашылчадан жамаат мучолору ооз тие башташты.

  22. Ошондой эле жамаат мучолору КР Кызыл китебиндеги Узунакмат жузумунун кочотторун питомниктен сыртка отургузуп кобойтуу жагын дагы колго алышкан.

  23. Кутман кун! 

    Мен жакында бир суроо угуп калдым: "Осумдуктордун калдыгын орттоп салса болобу?". 

    Ооба, болот, бирок осумдуктордун калдыгын куйгузуп жиберуу менен биз зыянга  учурайбыз. Анткени, биринчиден осумдуктордун калдыгын (жалбырак, саман ж.б.) жерге калтыруу керек, жердин курдуулугун жогорулатуу учун. Экинчиден, осумдук калдыктары куйгондо, жердеги микроорганизмдер кошо куйуп кетет. Дал ошол микроорганизмдер калдыктарды  чириндиге айландырышат, ошону  менен бирге топурактын курдуулугу жогорулайт. 

Kyrgyzstan KYR