Welcome to the

Kyrgyzstan
Space shortcuts
Kyrgyzstan KYR
Skip to end of metadata
Go to start of metadata

Акыркы 10 жылдыкта климаттын өзгөрушунө өзгөчө көнүл бурулуп келет. Климаттын озгорушуно ынгайланышуу (адаптация), көнүгүү үчүн - жерди айдабай же туз cебүү технологиясын колдонууну сунуштап келишет.

Бир канча өлкөлөрдө бул ыкма жакшы жолго коюлган. Ошону менен катар Жалал-Абад регионалдык Айылдык консультациялык кызматы да 2019-жылдан бери кайракы аянттарда ушул ыкманы колдонуп 640 га аянтка буудай эгип, жакшы натыйжаларга жетишкен. Долбоор аяктаганча жалпы 900 га аянтка буудай себүү пландары коюлган. Элден жакшы отзывдар тушуудө.






  • No labels

34 Comments

  1. Алгач бул технология кайсыл олкодо жакшы онукконун билсе, анан кыргыз тилинде да маалыматтар кетет.

    ЖА АККнын тажрыйбалары жуктолот.


  2. Айдабай туз эгуу технологиясы боюнча Талаа кун.


  3. Саламатсыздарбы , 

    Айдабай туз эгуу ыкмасы боюнча материалдар кыргызча да МААНга жуктолсо, дыйкандар дагы кобуроок маалымат алат беле деген сунушум.

    рахмат

    Каныкей

  4. Кыргызчасын Атабай акелер жуктой турган болду.

    Ойдо жакта кыргызчасы да жуктолот деген маалымат кеткен.

  5. Түз эгүү деген эмне?

    Түз эгүү – бул алдын ала даярдалбаган, айдалбаган топуракка (дың жерге) дан эгиндеринин үрөнүн себүүнүн агротехникалык ыкмасы.  Түз эгүүнү атайын даярдалган түз себүүчү сеялка менен эгишет. Ал сеялка сощниктеринин жардамы менен топурактын катмарын жана поляда калып калган өсүмдүктөрдүн калдыктарын кесип, топурактын 1-10 см ге чейин ачып ал жерге өсүмдүктүн үрөнүн жана жер семирткичти салып, темир дөңгөлөктөрү менен кесилген жерди кайра бекитип, жаап кетет. Топурактын катмарын сеялканын сощниги  өткөн жер гана бузат, сощниктердин арасындагы жер (14 см) бузулбастан өз катмарын сактап калат. Ошондуктан бул ыкма топуракты минималдуу иштетүү ( минимальная обработка почвы) ыкмасы деп да аталат

  6. Бул жаны жана практикалык эксперименттен откон ыкма

  7. Жакшы результат корсотту

  8. Туз эгуу кайракы аянттарда сыналды

  9. Абдан жакшы, жайылтуу керек,бирок долбоорлор болуп эле  эл кабыл албаса,мобилазацияны кучтуу жургузуп кабыл алуулары кыйынга турат.

    1. Сонунгул эже, туура айтып жатасыз. Мобилизацияны кучтуу жургузушубуз керек.  Долбоор буткондон кийин, ушул жумуштардын баарын кооператив "Золотой Колос" алып бармакчы, буйруса. 

  10. Жерди айдабай туз себуу жемишин бере бештады.

    Бул иш-аракеттер климаттын озгорушунун алдын алууга жана ага карата адаптацияланууга оболго болот.

    Роликти корунуздор... 

    https://fb.watch/2f6TaqrDTM/



  11. Айдабай туз себуунун жыйынтыктары чагылдырылды



  12. Өзүбүздүн өндүрүштү колдойлу  

    Кымбатчылык күчөп турган убакта, мүмкүн болушунча азык-түлүктөрдү өзүбүз өндүрүү аракеттерин жасашыбыз мезгилдин талабы болууда. Бүт дүйнө жүзүнө бүлүк салган «СOVID-19» пандемиясы ар бир үйдө 1 тонна буудайдын запасы туруш керек экендигин эскертти. 2019-жылы мурда пайдаланылбай жаткан кайракы аянттарга күздүк буудай эгип, мол түшүм алууну көздөгөн долбоор башталган. Биринчи жылы Сузак районундагы Курманбек жана Көк-Арт Айыл өкмөттөрүндө кайракы аянттарга «Айдабай түз себүү» ыкмасын колдонуп, 150 га аянтка ббудай айдалган. Натыйжада дыйкандар алды 30-35 ц, орточо 19-20 центнерден түшүм алып, кымбат баада сатууга жетишти.

    Долбоор алкагында ушул жылдын январь айында  «Золотой Колос» деген аталышта кооператив түзүлдү. Кооператив мындан ары кайракы аянттарды натыйжалуу иштетүүнү туруктуу улантып кетүү максатында, өзүбүздүн өндүрүштүү колдоп, эл өзү өндүргөн буудайдан ун тарттырып пайдаланыш керек деген принципте жумуш баштады.

    Мында биринчи жылдагы буудайдын түшүмүнөн 2 т буудайды тегирменге тарттырганда, ундун чыгышы  1520 кг  же  76 пайызды түздү. Анын ичинен - 477 кг кебек чыкты. Ун өтө ак эмес, улпактуу, клейковинасы 27%ды түзүп, даамдуу делген баага татыды. Аппак ундарда пайдалуу витаминдер улпак менен чыгып кетип, организмге пайдасы жок экендигин элге жайылтууну эп көрдүк. Бул буудай Казакстандан Элита категориясындагы «Стекловидный-24» деген аталыштагы сорттон алып келип эгилди.

    Долбоор алкагында 1 трактор, бир учурда үч жумушту аткарган 2 даана үрөн сепкич машина (сеялка)  дыйкандарга алынып берилди. Бул техникалар келечекте элдин кызматын аткарат.

    Долбоорду аткарууда «Сары-Челек» Микрокредиттик Агенттиги(МКА) үрөндү, жер семирткичтерди жана буудайдын зыянкеч-илдеттери менен күрөшүүдөгү препараттарын төмөнкү пайызда элге жеңилдетилип алынып берилды. «Мол-Түшүм» кооперативи «Айдабай түз себүү» ыкмасы менен күздүк сээп, тажрыйбасы менен бөлүштү.

    Мындан ары «Золотой Колос» аталган ишканалар менен биргеликте жумуш алып барууну, кайракы аянттардын санын көбөйтүүнү көздөөдө.

    Биринчи жылдагы түшүмдү байкап көргөн дыйкандардын кызыгуусу артып, «Айдабай түз себүү» ыкмасы менен буудай өстүрө турган дыйкандардын саны арбып барат. Буйруса күздө буудай эгем деген дыйкандар кезекте турушат.

    Учурда долбоор алкагында 390 га аянтка күздүк буудай, 60 га жаздык арпа себилди. Аларды кароо, асыроо, мал-жандыктардан кайтаруу жумуштары жүрүп жатат. Дыйкандар түрдүү тоскоолдуктарды басып өтүшүүдө.

    Эмне үчүн өзүбүз өндүрүп, өзүбүз пайдаланганга болбосун. Албетте болот. Бул кадамдар буюрса, элдин камын ойлогонго, өзүбүздүн жергиликтүү ресустарды пайдаланганга шарттарды жаратат.

    +зүбүздүн өндүрүштү колдойлу, биригели!

  13. Казакстанды карап отура бербей наныбызды өзүбүз өстүрсөк

  14. ТЕХНОЛОГИЯНЫ ДЕМОНСТРАЦИЯЛОО КУНУ


    Сузак районун Көк-Арт Айыл аймагындагы Жалгыз-Жангак айылында кайракы аянттарда «Түз себүү» ыкмасы менен өстүрүлүп жаткан күздүк буудай жана жаздык арпанын агротехникасы жана «Золотой Колос» кооперативинин ишмердүүлугү демонстрацияланды.
    Бул иш-чарада дыйкандардын буудай талаалары көрүлдү. Анда катышуучулар 4 станцияга бөлүнүп, «Золотой Колос» кооперативинин иш максаты, «Түз себүү» технологиясы, «Түз себүү жана салттык ыкма менен өстүрүлгөн буудайдын салыштырмалуу экономикалык анализи», «өсүмдүктөрдү коргоо» боюнча презентациялар жасалды.
    Дыйкандар өз талааларына бул ыкманы сынап көргөндөн кийин, мол түшүм алуу үчүн комплекстүү иш тутуу керектигине ынынгандарын айтышты:
    - Сапаттуу үрөн болуш керек;
    - Жерди конторбой түз себүү керек. Себеби конторуп айдаганда жердин азыктуу катмары айдоонун алдында калып калып, түшүмгө таасирин берет; Жер тапталбай, дан өсүмдүктөрүнүн тамыры кенен жайылып, жакшы чайлат;
    - Буудай жана арпаны отоо чөптөрдөн коргоо керек. 2-3 жыл гербицид колдонуп койсо кийинки жылдары буудай талаа тазаланып калат;
    -Буудайды зыянкеч-илдеттердон коргоо жана мал-жандыктардан коруу керек;
    - Буудайга жер семирткичтерди өз нормасында беруу зарыл;
    - Келечекте коргоо иш-чараларына биологиялык ыкмаларды колдонуу шарт экендигине көздөру жетип, элди ошого үндөгөндөрдүн саны арбып барат.
    1-жылы 150 га, экинчи жылы – 390 га аянтка күздүк буудай,10 га аянтка жаздык буудай жана 60 га аянтка жаздык арпа эгилген. Быйылкы күздө 900 га аянтка себүү иштери пландалды. Долбоорго катталып, күздүк буудай эгем дегендер үчүн биз ар дайым кызматтабыз.
    «Золотой Колос» кооперативи долбоор баштап берген ыкмаларды колдонуп, аны туруктуу улантып кетүү максатын койгон. Дыйкандарды үрөн, өндүрүштүк каражаттар, консультациялык кызматтар менен камсыздап, өндүргөн буудайларын базар баасынан кымбатыраак сатып алып, жеринде тегирменге тарттырып, кебектүү ун менен жергиликтүү калкты камсыздоо максатын түшүндүрдү.
    Кооперативге мучо болуп катталагандар учун бир топ женилдиктер бар.
    Кооперативге мүчө болуучулар үчүн кооперативдин эшиги ачык.
    Бул иш-чарага «Түз себүү ыкмасы» менен буудай эккен дыйкандар, башка айыл өкмөттүн технологияга кызыккан дыйкандары, Кок-Арт Айыл өкмөтүнүн башчысы, райадминистрациянын жана обл администрациянын өкүлдөрү, өнөктөш уюмдар катышып, технологияны баалашты.
    Иш чарага 80ге чукул адам катышты.
    Бул иш-чара «Аймактарды комплекстүү өнүктүрүү» программасынын алкагында, Европа Биримдиги жана Германиянын Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү федералдык министрлигинин (BMZ) колдоосунда, Жалал-Абад АКК менен биргеликте “Сузак районунун кайракы жерлеринде буудай жана арпа өстүрүү үчүн туруктуу система түзүү” долбоорунун алкагында жүзого ашырылды.

  15. Технологияларды демонстрациялоо кунунон видео, ЖА МЕДИА

  16. Туз себуу технологиясында 2 койгой бар:

    1. Эгиндеги отоо чоптор (анын чечуучу жолдору - которуштуруп айдоо (севооборот) жана гербицидтерди колдонуу. 

    2. Эгиндерге жайылуучу уй мал жандыктары (жылкы, уй, койлор). 

    Экинчи койгойду масштабдуу чечуу жолун - сандан сапатка отуп, малдын санын азайтып, пайдасын которуу, порода малдарды кобойтуу жолун област аймагында, анын ичинде Сузак районунда, команда менен жаш адис Мирлан Мурзакулов баштады. Мирландын ишине ийгилик, баштаган иши жигердуу болсун!!! 

  17. Табигый күрөш жүрүп жатыптыр
    Түз себүү менен эгилген буудайларга мониторинг жүргүзүлдү. Трипс, чоп бити дегендер жокко эсе. Себеби эл кайда көчөт (БОЖЬЯ КОРОВКА)личинкалары менен көп экен.
    Демек табигый күрөш жүрүп жатат.
    Кыргыз-Түрк Манас университетинен 2 студент практикага келип, мониторингге катышты.


    1. Эже жүктөгөн сүрөттөрү практикант кыз мен, атым Малика. Ооба түз эгүү боюнча ушул жерге келип уктук биринчи жолу. Жакшы техннология экен. Буюрса ушул технология жөнүндө көбүрөөк үйрөнүп, башкаларга да сунуштаганы аракет кылам. ЖА АКК дан көп нерсе үйрөнөм деген үмүттөмүн.

  18. Кыргыз-турк Манас университетинен 1 айлык ондуруш практикага келген студенттер Тургунбаева Малика, Мадамов Тилек ЖА АКК адистери менен талаада мониторинг учурунда. Студенттердин оз кесибине кызыгуулары бар! 

  19. БУУДАЙ ТАЛААЛАРЫ ЖАКШЫ ДЕП БААЛАНДЫ


    Европа Биримдиги жана Германиянын Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү федералдык министрлигинин (BMZ) өкүлдөрү келип, кайракы аянттарда күздүк буудай жана жаздык арпа талааларына мониторинг жүргүзүштү.
    Алар менен биргеликте КРнын айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү жана экономика жана финансы министрликтеринен окүлдор келип, кайракы аянттардын потенциалын натыйжалуу пайдалануу жүрүп жаткандыгына күбө болушту.
    Мониторингде буудай жана арпа талаалары көрүлдү, ЖА АККнын адистери, Сары-Челек Микрекредиттик Агенттигинин директору жана буудай эккен дыйкандар менен баарлашуу болду.
    Жалпысынан мониторинг жакшы деп бааланды.

  20. 2021-жылга 900 га буудай себуу пландалган, 830 га себилди.  Жазды жаздык буудай менен арпа себуу пландалды. 

  21. Ийгиликке кубанган, мол тушум алган дыйкандар


  22. Технология боюнча толук маалымат томондо

  23. Европа Биримдигинин делегациясы Жалал-Абад облусунда


    2022-жылдын 8-апрель күндөрү Европа Биримдигинин (ЕБ) делегациясы «Аймактарды комплекстүү өнүктүрүү» (IRDP) программасынын алкагында аткарылып жаткан долбоорлордогу иштин жүрүшү менен таанышуу үчүн Жалал-Абад облусуна визит жасады.


    Визиттин алкагында Европа Биримдигинин Брюсселдеги штабынан – Сара Ринальди, Европалык Комиссиянын эл аралык кызматташуу суроолору боюнча Борбордук Азия жана Жакынкы Чыгыштын Генералдык директоратынан бөлүмдүн жетекчиси – Титен Амати, Кыргызстан боюнча Генералдык директораттын координатору жана ЕБтин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери IRDP кызматкерлери менен биргеликте Базар-Коргон жана Сузак райондорундагы аткарылып жаткан долбоорлордогу обүектилерге барышты.


    «Бул «Түз себүү» инновациялык технологиясы дыйкандардын айыл чарба техникаларына,өндүрүш каражаттарына болгон жеткиликтүүлүгүн камсыздайт, дыйкандын убактысы, акча каражаты үнөмдөлөт жана айлана чөйрөнүн күйүүчү майлар менен булгануусу азайып, келечек муунга күрдүү топурак калтырууга шарттарды жаратат. Андан сырткары биз эккен буудайдын клейковинасы 30%ды түзүп, нандын сапаты жакшырды, эл тарабынан жактырылды» - деди долбоордун координатору Атабай Тойчу уулу. Дыйкандар 3-жылы ушул технологияны колдонуп эгин эгип, традициялык ыкмага караганда мол түшүм алып жатышканын белгилешти.
    «Азык-түлүк коопсуздугун эске алып, эл өндүргөн буудайын кайра иштетип, элди ун менен камсыз кылуу максатында кооператив Жалгыз-Жа\гак айылына тегирмен курган. «Көк-Арт айыл өкмөтү тегирмен куруу үчүн 20 жылга 50 сотка жер бөлүп берсе, Жалал-Абад АКК тегирмендин имаратынын курулушуна 2 300 000 акча каражатын бөлгөн. Тегирмендин кубаттуулугу саатына 700 кг буудай данын жогорку, 1чи, 2чи сортто кайра иштетип бере алат. Жалал-Абад облусун сапаттуу ун менен камсыз кылууга дарамети жетет»-дейт кооперативдин жетекчиси Алмазбек Эшенкулов.


    «Аймактарды комплекстүү өнүктүрүү» программасы 2018-жылдан бери аткарылып келе жатат.
    Бул долбоорлор Deutsche Gesellschaft für Internationale Zusammenarbeit (GIZ) GmbH (Германия эл аралык кызматташтык коомунун) «Аймактарды комплекстүү өнүктүрүү» программасынын алкагында, Европа Биримдиги жана Германиянын Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү федералдык министрлигинин (BMZ) каржылоосу менен ишке ашырылып жатат.
    Программанын бюджети 11.3 млн.еврону түзөт, анын ичинен ЕБ тарабынан 9,8 млн евро бөлүнгөн. Программа региондордогу айыл чарба жана туризм секторлорунун потенциалын жогорулатуу аркылуу жергиликтүү социалдык-экономикалык өнүгүүнү чындоого багытталган. Улуттук стратегияны өнүктүрүүнү колго алуу менен, программа Жалал-Абад облусундагы экономикалык кластерди түзүүгө көмөктөшүүгө багытталган.

Kyrgyzstan KYR