Welcome to the

Kyrgyzstan
Space shortcuts
Kyrgyzstan KYR
Skip to end of metadata
Go to start of metadata

Дареги:    Токтогул району, Жалал-Абад облусу


Долбоордун аталышы:  Бал чарбасын өнүктүрүү.


Чакан долбоордун максаты: Балды үй-бүлөлүк денгээлде өндүрүү менен тамактанууну жакшыртууга салым кошуу.

Чакан долбоордон маалымат: Топ  түзүлдү.

Аларга - "Туура тамактануу деген эмне", "Айыл чарбасы жана туура тамактануу, "Түркүндөштүрүп тамактануу" деген темаларда окуулар өткөрүлдү.                     

  • No labels

16 Comments

  1. Урматтуу Майрамбек аке,

    Вотсап группабызда маалымдагандай, ушул жакка сизге атайын баракча ачылды. маалыматтарынызды ушул баракчага алып отуп, кийинки маалыматтарды жаллан ушул жакка жуктойсуз.

    Ийгилик!!

  2. Майрамбек акенин ийгиликтери Дилбар гезитинде жарык корду.


  3. Тема: Тамактанууну жакшыртуу жана жер иштетуунун системалары.

    Жергилуктуу жер иштетуудо ар кандай жолдор менен жерден жакшы тушум алуу учун дыйкандар аракет кылышат.Дыйкандардын органикалык чарба жургузууго отуу,жерлерди которуштуруп айдоо,гумустун пайда болуусу топурактын асылдуулугун камсыз кылуу жонундо жакшы пикир алышуулар болду.Гумус,ГМО жонундо кенири тушунук берилди.Кийинки жолугуушуда КОМПОСТ жасоонун шарттары уйротулмокчу.


    IMG_20190920_223639.jpgIMG_20190918_104537.jpg


  4. Саламатсыздарбы 11-12-апрель кундорундо Беш-Таш айылына барып Алма кочот тигип келдик.Бак тигип, бал челектерди жайгаштыруу

  5. Таза азык алуубуз учун, топуракты да таза азыктар менен азыктандырышыбыз зарыл. Бул боюнча жургузулуп жаткан иш-аракеттериниз мактооого  ылайык. Сизден дагы да жакшы иш-аракеттер жана пайдалуу кенештер кутуп калам...

  6. Майрамбек оздук баракчада бир жолу да пост жазып болушкон жок? Жогоруда Сабирбекова Гулмайрам жазган ийгилик баянды ар бирин башка башка кылып пост жазып киргизип койгондо аткарылган иштери баракчада корунуп турат эле....

  7. Гулмайрамсаламатсынбы, Майрамбек акенин макаласын болуп-болуп киргизип кое аласынбы ушул баракчага.

    Рахмат!

  8. «БАЛДЫН БАРКЫ ПАНДЕМИЯДА ДАГЫ ДА БИЛИНДИ»

    Бал ичсеӊ, жесеӊ дары, сатсаӊ акча болуп берүүчү азык. Андан сырткары бал аарыга чактыруу ыкмасы менен (апитерапия) ден соолукту чыӊдоого болот. Эне аарыны азыктандыруу үчүн аарылар тарабынан иштелип чыгарылган зат, мом же прополис табылгыс даба. Төмөндө балчылык, анын туура тамактанууда орду тууралуу Жалал-Абад Айылдык консультациялык кызматынын «Тоолуу агро экосистемаларда азыктандырууну жакшыртуу» (ТАЭСА)  долбоорунун Айылдык кызмат көрсөтүүчүсү Шаршенкулов Майрамбек айтып берет.

  9.  «3 ЖЫЛДАН БЕРИ БАЛЧЫЛЫК МЕНЕН АЛЕКТЕНЕМ»

    -Мен Токтогул районуна караштуу Тектир айылынын Беш-Таш айылында бул кесипти атайын аркалагым келип баштаганмын, өзүмдүн кызыгуум түрткү болгон десем туура болот. Болбосо кесибим боюнча экономистмин, балчылыкка тиешем деле жок. Балчылык кесипти туугандар, айылдаштар менен улантып келе жатам. Быйыл  3 жылдын жүзү болот экен.

  10.  «БИР «ҮЙ-БҮЛӨДӨ» 10 МИҢ ДААНА ААРЫ БОЛОТ»

    - Балчылык абдан түйшүктүү да, кызыктуу да болот экен. Бал аарылар жакшы иштеп, көп бал берсе ушундай кубанып, жакшы иштейт экенсиӊ. Бир үй-бүлө аары орточо эсеп менен 1 кг.дай чыгат, 10 миң даана чамалуу аары болот. Ошондо бир бал челекке 80 миңдей аары батат. Негизи балды көп алыш үчүн маткаларды жаӊылап туруу керек экен. Азырынча бизде ага мүмкүнчүлүк болбой жатат.

  11.  «ДҮЙНӨДӨ БАЛ БЕРҮҮЧҮ ААРЫНЫН БЕШ ТҮРҮ БАР»

    -Мен кармаган аары Карпат породасына таандык аарылар. Негизи эле бал берүүчү аарынын дүйнөдө беш түрү бар: эң күчтүү аарылардын бири Италиян породасы, экинчи, орустардын орто аарысы деп аталат (средне-русский), үчүнчү, тоолуу кавказ боз аарысы, төртүнчү, Краинка бул - Германиянын аарысы, бешинчи Карпат аарысы деп аталат. Бул аарынын Ата мекени Украина эсептелет. Аарычылардын тили менен түшүндүрө турган болсом Краинка аарысынын кызы Карпат болот. Анткени, бул аргындаштырылган порода. Украинанын Мукачева районунда атайын ушундай аарыларды аргындаштырган совхоз бар. Бул порода аарылар арасында жоошу десем да болот. Биздин Кыргызстанда бир гана ушул Карпат породасындагы аарыларды жолуктурууга болот. Германиянын Краинка аарысын эми алып келип жатышат. Мындан сырткары бизде порода эмес типтеги жергиликтүү аарыларды да кармашат.

  12.  «ТОО ГҮЛҮНҮН БАЛЫ БАШКАЧА БОЛОТ»

    - Бал негизинен монофлердук жана полифлердук болуп эки түргө бөлүнөт. Монофлердук балга семичке, пахта сыяктуу бир гана өсүмдүктөн азык алган аарынын балы кирет. Полифлердук балга тоо гүлүнөн азык алган аарынын балы кирет. Мен иштетип чыгарган бал полифлердук балга кирет. Бул эки бал бири-бирине таптакыр окшошпойт. Семичке же пахтанын балы бир даамда болот. Тоо гүлүнүн балы түрдүү гүлдөрдөн чогултулгандыктан анын даамы такыр башкача.

  13. «ҮЙ-БҮЛӨМ ШЕКЕРДИН ОРДУН БАЛГА АЛМАШТЫРДЫ»

    - Нукура таза бал пандемия учурунда, айрыкча иммунитетти көтөрүүдө абдан маанилүү экендигин медицина кызматкерлери айтып жатышпадыбы. Балдын баркы дагы өстү. Балдын курамында не бир түркүн пайдалуу азыктар бар. Анын туура тамактануудагы орду, мааниси абдан чоӊ. Менин үй-бүлөм да шекердин ордун балга алмаштырдык. Балчылыкта анын азыгына тартып, момуна чейин пайда экен да.

  14. «МААН ПЛАТФОРМАСЫНА КИРИӉИЗДЕР»

    - Жалал-Абад Айылдык консультациялык кызматында Айылдык кызмат көрсөтүүчү катары иштеп жатам. Мен балчылык өнүктүрүү үчүн колдоо алгам. Долбоор алкагында туура тамактануу боюнча 100дөн ашуун адамга маалымат жайылттым. Биздин maan.ifoam.bio деген сайтыбыз бар. Ал жакта туура тамактануу боюнча маалыматтар бар. Анын ичинен Кыргызстан деген бөлүмдү тандап кирсеӊиз кыргыз тилинде пайдалуу маалыматтарды аласыздар. Мен Токтогулда 21 адамга МААН платформасына кирүүгө үгүттөдүм, кирип жатышат.

Kyrgyzstan KYR