Welcome to the

Kyrgyzstan
Space shortcuts
Kyrgyzstan KYR
Skip to end of metadata
Go to start of metadata
  • No labels

86 Comments

  1. Урматтуу платформанын мучолору!

    Саламатсыздарбы? Мен дагы башка ат менен катталууга туура келди. Озум жонундо: Базар-Коргон районунун Кызыл-Ункур айылынан болом. Биздин чакан долбоорубуз боюнча айтсам сут азыктарын кайра иштетуу учун чакан цех ачып аялдарга убактылуу болсо да жумуш орундарын тузуп, киреше табууга жол ачуу эле. Биздин бул багыттагы топто 20 аял бар.

  2. Сут азыктарын кайра иштетуучу чакан цехти ачууда биздей айылдык аялдарга иш баштоо ото татаал болду. Орун даярдоо да озунчо тозок экен. Орун табылса, жердин ээси ачкан цех учун аренда толоо, жакшыбы-жаманбы бир канча каражат жумшадык аны эч кимге тийгизбей кароо жагы да бар экен. Биз аялдар:

    • Архитектуралык документ даярдадык
    • Техникалык шарты боюнча 3 фазалуу эл.энергиясын киргизуу
    • Цехтин зданиесин курдурдук. 
  3. АРИС программасына долбоор жазып баасы 450 мин сомдук сутту кайра иштетууго керектуу  оборудование сатып алдык. Мунун 30% ти оздук салымыбыз болду.

    Курулган здание толук талапка жооп бергенде гана иш баштайбыз. Суу киргизуу, чыккан калдыктардан арылуу ж.б. майда барат кемчилдиктери бар, ошону бутуруунун устундо иштеп жатабыз.

    Максатыбыз сут азыктарын кайра иштетуу, себеби Кызыл-Ункур айылы Базар-Коргон районунун эн тоолуу аймагында жайгашкан. Кара-Ункур дарыясынын чет жакасындагы айылдардын малдары Кызыл-Ункур айылына жайлоого чыгышкандыктан апрель, май, июнь айларында  иштетууго сут азыктары коп болот.

    1. Ушул СПУнун номерин берип коёсуздарбы?


  4. Кызыл-Ункур айылында жашаган жашоочулар "Кыргыз Токой Байлыгы" кооперативине бириккенбиз. Жангак токоюн токой чарбасынан арендага алганбыз. Алынган жангакты Фейр Трейд сертификатынын талаптарына ылайык теруу, сактоо, тапшыруу иштери козомолдонот. Сапаттуу жангак Голландияга сатылат.

    Азыр жангак сезону журуп жаткан убак.

    1. Мыктыбек саламатсынбы,

      Бул кооперативге ким бириккен? Дилбар эжелерби?

  5. Саламатсынарбы платформада маалымат алмашкан азаматтар!

    Коронавирус пандемиясы дуйно элдеринин тынчтыгын бузуп, эртен кандай кунго кабылабыз деген чочулоону, эч кимге болушпой турган коркууну жаратты.

    Биздин топ бул шартта чогулуп иштебей ар кимибиз уйдо сут азыктарын кайра иштетуу менен алектенип жатабыз.

    Аба шартына карап курутту кургатабыз. Топто туруктуу иштеген 10 аял бар. Кунуно ар бирибиз орточо 10 кг курут тоголоктойбуз, андан 3 кг кургатылган курут чыгат. Ошондо кунуно 25-30 кг курут кургатып жатабыз. Негизинен Базар-Коргон районунун борборунан ортомчуларга, кг 130 сомдон откоруп кундолук тамак ашка керектуу азыктарды алып жатабыз.

    Уй шартында курут жасоо боюнча маалыматты томонку шилтеме боюнча кирип видеодон коруп таанышсанар болот.






  6. Уй шартында курут жасоо боюнча маалыматты томонку шилтеме боюнча кирип видеодон коруп таанышсанар болот.

  7. Сут азыктарын кайра иштетуудо курут жасоо боюнча аткарылган иштерди бул видеодон коро аласыздар.

    VID-20200822-WA0009.mp4

  8. Сузмодон курут тоголоктоп айылда ишсиз олтурган аялдарды уй булого киреше алуу менен курутту сатып керектуу азыктарды сатып алууга мумкунчулук тузуу менен туркундоштуруп тамактанууга шарт жаратуу ар кимибиздин озубузго байцланыштуу.

    Биздин топтун аткарган иштери боюнча бул видеодон тааныша аласыздар

    https://cloud.mail.ru/public/3QBX/2WzidxDEA

  9. Сут азыктарын иштетуу, курут тоголоктоо иштери сентябрь айынын орто ченинде бутту. Кийинки жылдын апрель-май айында башталат.

  10. Тоолуу аймакта жашаган адамдар жаратылыш берген момолорду оз убагында терип алып кургатып тамактанууга пайдаланабыз. Кызыл-Ункурдо кайналы бышып терип жатабыз. Теруу мезгилинде момолор жерге тийгенде булганып калбашы учун атайын тошолмолорду салабыз.  Терип чогулткандан кийин жалбырактарынан тазалап сорттойбуз.

    1. Тушумунузго береке

  11. Бышкан кайналыдан уй булобуз учун кышкыга  компот даярдап алдык. Бул компоттор  кышкы мезгилде балдарга пайдалуу, аз кандуулуктун алдын алат.

  12. Токой алмаларынан, уйдун алдындагы бактагы алмаларды терип тазалап, урук камерасын алып салып майда болукторго болуп зымга жайып кургатабыз, себеби жакшы таза тез кургайт. Биздин мындай кургатуу башка жердегилерге кулкулуу болушу мумкун, биздин шарт башка кун бурколуп тез-тез жаап турат, алып жыйнаганга женил болсун учун ушинтип кургатып алабыз.

  13. Дилбар эженин ийгиликтери Белес гезитинде

  14. Саламатсынарбы  платформанын катышуучулары!

    Коптон бери маанда маалымат жаза албай бугун убактым болду.

    Октябрь айында менде коп жаылыктар болду. Мугалимдер кунуно карата "Ардак Грамоталар менен" менен сыйландым.

    1. Эл агартуу боюнча республикалык профсоюз комитетинин "Ардак Грамотасы менен мугалимдер арасында мугалимдердин укугун коргоо, кызыкчылыктарын сактоодо, социалдык абалын жакшыртууда кошкон салымым учун берилди.
    2. Базар-Коргон райондук мамлекеттик админмистрациясы тарабынан  жаш муундарды окутуп тарбиялоодо коп жылдык узурлуу эмгегим учун, билим беруу тармагында жетишкен ийгиликтерим учун сыйландым.

  15. Берекелуу куз айы жагымдуу жана токчулукту камсыздаган мезгил. Уй булобуз учун табигат берген таза азыктарды даярдоо, ашыгын кышкыга сактоо ар бир кожейкенин милдети деп тушуном. Озубуз даярдаган, остургон  азыктар 

  16. Курут жасоо сезону буткондон бери топтогу аялдар менен биргеликте чогуу иш аткарып жатабыз. Копчулук менен которгон жук женил болот, жаш келин кыздарга турмуштук тажрыйбаларыбыздан болушуп билбегендерге уйротуп, ишти бутургондон кийин чогуу дасторкон устундо туура тамактануу боюнча  ойлорду талкуулайбыз

  17. Улуттук тамактарды да коз жаздымда калтырбай  пайдаланууну туура кордук. Мурунку замандарда жупка негизги азык болгон экен. Азыр жаштар жасашты билмек турсун кээ бири атын да укпаган чыгаар. Жупканы кул азыкка кошкон, катырып жасалгандыктан когоруп кетпеген, узакка сакталган, жоокерчилик заманда узак убакыттар уйдон алыс журсо жан баштыгында ушундай азыктары кошо жургон.


  18. Калменде


    Бул дарылык касиети бар тамакты илгертеден өлкөбүздүн түштүк жагында, жаңгак өскөн жерде жашагандар жасашчу. Калменденин жасалышы азыркы тортторго окшош. Бул тамак жаңгактын майынын негизинде жасалат. Калмендени узакка созулган оорудан кийин ден соолугун чындоо үчүн, ошондой эле каны аздарга, катуу суука учураган адамдарга ылайыктуу

    Керектелген азыктар

    Ун -200-300 гр
    Сүт -0,5 л
    Жангак- 400-500 гр
    Кумшекер – 100 гр
    Туз – бир чай кашык

    Жасоо жолу:

    Калменденин жасалышы 3 бөлүктөн турат:

    1. Эң алгач майда жука жупкага окшогон токочтор жасалат. Аны жасаш үчүн катуу камыр жуурулат, аны майда бөлүкчөлөргө бөлүп, 15-20 диаметринде жайылат, анан ысытылган казанга эки жагын тен кактап бышырат.
    2. Жаңгак майы жасалат. Бул үчүн жаңгакты чагып, данегин өзүнчө бөлүп, аны сокуга жанчып (эт туурагычтан да өткөрсө болот), андан кийин кызып турган казанга салып, туз кошуп кууруган кезде жаңгактын майы бөлүнүп чыга баштайт. Күйгүзбөстөн ысык кезинде тоголоктоп алып, кол күйбөгөндөй температурада мыжып сыкканда май бөлүнүп чыга баштайт.
    3. Кайнап турган сүткө унду, кумшекерди кошуп тынымсыз коюу болгуча аралаштырып, коюу болгон өзүнчө бир паста түрүндөгү даам жасалат. Азыркы мезгилде калменде жегиликтүү блуш үчүн кумшекерди кошо баштаган.

    Бышырылган жупкалардын бетине эң алгач жаңгактын майын, андан кийин ун, сүттөн даярдалган пастаны сыйпайбыз. Аларды биринин үстүнө экинчисин коюп кабаттайбыз. 5-6 саатка чейин толук сиңиш үчүн коюп коюш керек. Даяр болгон дарылык касиети бар калмендени оорулуу адамдарга берсе болот

  19. Жупкадан жасалган кулазык

    Курамдык бөлүктөрү:
    Ун 1кг.
    Туз ченеми менен 
    Сары май 50г.

    Тапталган жука калама жупка жолдо ыңгайлуу. Кургак жана калдырак келип, алар көпкө чейин бузулбайт, өзүнүн азыктуулук сапаттарын жоготпой сакталат, андыктан көчмөндөр менен жоокерлер жолго чыкканында азык катары дайым жупканы алышкан. Жупка оңой даярдалат. Жолоочу жупканы майдалап бөлүп, айранга, сүткө, чайга эзип, курсагын тойгузган. Эгер кырдаал-шарт эч кандай мүмкүнчүлүк бербесе, аларды кадимки сууга эзип жешкен. Азыр да апалар жупканы өздөрүнүн балдарына жасап беришет:аларга жупканы ысык сүткө чылап,бир аз сары май кошуп беришет. Балдар бул даамдуу тамакты канааттануу менен жешет.


    Даярдалышы:
    Камырды катуу жуурушат да, бир азга тыныктырып коюшат.Андан соң анча чоң эмес бөлүктөргө бөлүп, тоголоктошот да үбөлүк менен жупжука калама кылып жайышат. Катуу кызытылган казанга оодарыштыруу менен эки тарабынан тең бышырышат.

    Биздин ата-бабалар убакытты үнөмдөө максатында жупканы төмөндөгүдөй кылып бышырышкан. Каламалар бири бирине жабышпасын үчүн араларына бир аз ун сээп дөмпөгөй идиштин үстүнө коюштурушкан. Андан соң казанды кызытып, түбүнө биринчи каламаны коюшкан, даяр болгонунда үстүнө экинчисин коюп, биринчи калама үстүнө келгендей кылып оодарышкан. Анын үстүнө-үчүнчүсүн , даяр болгонунда экинчи калама үстүнө келгендей кылып оодарышкан ж.д.у.с. Калама катмары жети-сегиз даанага дейре жеткирилген.

  20. ЭЗМЕ КУРУТ

    КЕРЕКТЕЛҮҮЧҮ АЗЫКТАР:
    Курут – 300-400 грамм
    Кайнак суу – 1-2 литр

    ДАЯРДОО ЫКМАСЫ:
    Алгач курутка кайнак суу куюп 2 мүнөттөй дымдап, тузун кетирип төгүп салат. Андан соң улам аздан кайнак суу куюп, курутту эзип алуу керек.

    Жакшылап эзип алгандан кийин суудан куюп, жай отко кайнатабыз.

    Аны кайнап чыкканча аралаштырып туруу керек.



    Эзме куруттун жасалышы да озгочо болот, кадимки курут  эзме курут жасоого  жарабайт.

  21. ТОЙ ЧАКЧАКЕЙ

    Мындай чакчакейди атайын кафеде откорулгон тойлорго, куда тосууга, кыз узатууда жасалат. Даяр чакчакейди оюм чийим менен кооздоо  жагымдуу.

    Даярдоо ыкмасы:
    Алгач ашкабакты сууга бышырып, эзип алабыз. Анан жумуртка менен кумшекерди көбүргөнчө чалып, эзилген ашкабакты, сүт жана ачыткыны кошуп, катуураак кылып камыр жууруйбуз. Ачыгандан кийин аны чакан бөлүктөргө бөлүп, жука кылып жаябыз. Жайылган камырды ичке-ичке кесип, чакчакейдин формасындай кылып оройбуз. Камырдын учу жанып кетпөө үчүн ширеңкенин чийи же тиш чукуур менен бекитип, кызыган майга бышырабыз.

    ПАЙДАЛУУ КЕҢЕШТЕР

    • Камырды жакшы эленген ундан жууруса, арасына аба кирет да, жакшы жуурулуп, ийи бат каныгат жана тез ачыйт.
    • Камырды жылуу сууга жууруу шарт. Ысык сууга жуурулган камыр катуу болуп калат.
    • 1 килограмм унга орточо көлөмдөгү сууга бышырылган 2-3 картошканы эзип кошуп жиберсе, камыр жумшак болот.
    • Камырга сууга бышкан бир кесим ашкабакты эзип кошуп жиберсе, камыр жумуртка кошкондой сапсары жана даамдуу болуп калат.
    1. Азаматсынар, ийгиликтер болсун!

  22. Табигый таза азыктар ден соолукка пайдалуу болуп керектүү витаминдер менен камсыздайт.

    1. Абдан жакшы корунот экен, Кызыл-Ункур тоолуу аймак дегенинер менен дасторкондо турлуу тамактар толтура го!

  23. Базар-Коргон районундагы Могол-Коргон айылынын тургуну био фермер Калыкова Зыйнат

     "Туура жана туркундоштуруп тамактануу" боюнча уй булосундо жана айылдаштары арасында туруктуу иштерди жургузуп келуудо. 

    1. Кандай сонун корунуш. Дасторкон устундо бардык уй було мучолору бирге болгону.

  24. Саламатсынарбы платформанын катышуучулары!

    1. Эн туура чакырык!

      Тамактанууга энелер олуттуу конул бурганда гана ошол уй булолордо тамактануу адаттары калыптанат.

    2. Мага абдан жакты, биздин айылга чакырсак, келип туура тамактануу боюнча окуу откоруп бере аласызбы?

  25. Тоолуу аймактарда тамактанууну жакшыртуу долбоорунун алкагында аткарылып жаткан "Сут азыктарын кайра иштетуу" чакан долбоорун аткарып жатам. 2021-жылдын март айында айылдагы аялдардын тамактануу боюнча озгоруулорун билуу учун 5 аялды сурамжылоодон откордум. Буга томонку суроттон коруп таанышсанар болот.

    1. Сурамжылоону жакшы откоруп жатканынар кубантат, азаматсынар!

  26. Ош шаарында 2021-жылдын 6-мартында  АРИС уюму тарабынан уюштурулган коргозмо жарманкеге озубуз чыгарган сүт азыктары менен катыштык.

    1. Дилбар иштеринде ийгиликтер коштосун!

  27. Азаматсын Дилбар, сут азыктарын жарманкеге коюп сатуу жагын жылдыруу жакшы нерсе

  28. 18-19-март куну Жалал-Абадда Бишкек гостиницанын залында айылдык кызмат корсотуучулордун окуусуна чакырылдык.

    Биздин алдыбызга чакан долбоордун аткарылыш боюнча аткарган ишибизди презентация жасоо таршырылган эле.

    Чакан долбоордун алкагында биздин топтун жасаган азыктарынын сапатын тааныштыруу максатында даярдыгымдын абалы менен да тааныштырайын деген даярдыгым

    1. Даярдыктын абалы жакшы экен. Ийгиликтер болсун!


  29. 18-март куну откорулгон окууда айылдык кызмат корсотуучу катары сут азыктарынан курут жасоо боюнчча чакан долбоордун аткарылыш абалы боюнча презентация жасадым. Кошумча иретинде биздин топ даярдаган азыктарды, кол онорчулорубуз жасаган буюмадарды көргөзмө кылып көрсөттүм.

    Кыргыздын кол онорчулугунду унутулуп бара жаткан сокмо таардан жасалган куржун, кичинекей баштыкчалар экологиялык таза ийрилген жиптен жасалып, табигый зыянсыз  боектор ышкындын түбү, осумдуктор кошулуп боелгон согулган. Биздин жасаган азыктарды айылда бешик тойдо жакшылыктарда балдарга ушундай баштыкчаларга салып белек кылабыз.

    Кытайдын чупа-чуп ар кандай боектор менен жасалганды жебесин деп куруттан чупа-чуп даярдай баштадык.

  30. 19-март куну Ош шаарында АРИС Программасы откоргон коргозмо жарманкеге озубуз жасаган азыктар менен катыштым.

    Томонку суротто коргозмого коюлган азыктар жана мен.


  31. АРИС Программасы тарабынан мал чарба азыктары, рынокту онуктурууго кошкон салымым учун ыраазычылык кат беришти.

    1. Сыйлыктар кут болсун! Сенин эмгегинди баалап ыраазычылык билдиргени абдан жакшы.

      1. Рахмат! Ийгилигибиз силер менен болсун!


  32. Кызыл Ункур айылында жаз жарыш болуп уй булого керектуу жашылчанын кочоторун тигип жатабыз.


  33. Помидор, капуста, болгар калемпиринин кочотторун тиктим. Кудай буйруса уй булого керектуу жашылчалар оз бакчабыздан чыкса деген умуттобуз.

  34. бакчабызга эккен жашылчалар бышып, витаминдуу азыктарды пайдаланып жатабыз.

     

  35. 2021-жылы да КОВИД-19 пандемияга байланыштуу группа бир жерде отуруп курут жасоо иштерине руксат берилбей ар ким оз уйундо сут азыктарын иштетип жатышат.

  36. Курут жасоого жакшы уюган нак сепаратордон чыкпаган суттон уютулган айрандын сузмосун жакшы даяярдап алып курут тоголоктосо даамы жакшы болот. Бир кундо 10 кг чейинки сузмону тоголоктоп курут кылабыз.

  37. Курут сапаты жакшы болушу учун себеттерде же тамдын чатырынын астында кургатабыз. 


  38. Дары чопторду кургатуу сезону башталды. 

    Ар ким оз жондомдуулугуно жараша дары чопторду терип кургатып алабыз, кардар болсо кобуроок кургатсак сатып киреше да алабыз.


  39. Дилбар айым рахмат. Сизге ийгилик жана ден соолук.

  40. 10 - август куну Тон районунда Боконбаев айылында тажрыйба алмашуу болду.

     Био сервис, АКК Жалал -Абад уюштурулган IFOAM ПГАЭ, SUNSAI Шоола Кол аткарып жаткан СПУ лар болду.
     Ушул долбоорлордун алкагында чакан долбоорлорду ишке ашыруучулар менен бирдикте 10-август куну Кереметту Ыссык -Кол областында Бооконбаев айылында Тамактанууну жакшыртууга багытталган айыл чарбасын онуктуруу боюнча мыкты тажрыйбаларды алмашуу темасында тегерек стол болуп отту.

    Тегерек столдо КФ Биосервис Кудайбердиева, Шоола Кол уюмунун  жетекчиси Антонина Ли Таэса sunsal долбоору боюнча кенен маалымат беришти
     Кургаткычтардын органикалык айыл чарба сында колдонуу жыйынтыктары. Ыссык кол областындагы даары чопторду кургатуу тажрыйбалары жонундо да Боронбаев Майрамбек презентация жасады.

    Айылдык кызмат корсотуучулордон мен, Ирисалиева Уулкан, № 3 командадан Кабирова Айша жана Юсупова Кайринса, Акмат Чалов айгайлар катыштык. Тажырыйба алмашуу кызыктуу отуп жатат.

  41. Айылдык кызмат корсотуучу Мырзабек Шаршеевдин уй булоосунун озгочолугу сапаттуу кактарды даярдоо ыкмасын корсоткондугун жана чарбасынын кооздугуна тан калдык озгочо мейман достугу адамгерчилигин уюштургучтугу мага ото таасир калтырды

    Как кургатуу боюнча мастер класс откорду,  бышкан орук алмаларды ооз тийип озгочо тан калыштуу сезимдер менен аябай ыраазы болуп кайттык

  42. Бак боюнча фермер Касеев Азаматтын чарбасы бизди ото таасирлентти.

    Жаш болгоу менен ото мээнеткеч ар тараптуулугу чарбасынан коруп турду.

    Азаматтын багы суу жетпеген ээн талаа эрме чол кенен экен.

    Бирок тамчылатма сугаруу ыкмасы менен ошончолук иш арекеттери менен корктондуруп тушумдорунун молдугу.

    Орук карагат алманын турун остуруу, кинооа, амарант деген жаны осумдукторду остургон озгочолуктору тан калтырды .

  43. Шоола Кол уюму фермерлер менен коп тараптуу иштерди алып баргандыгы жакты. Социалдык долбоорлор м енен иштеп балдар арасында оорулардын санын азайтууга кошкон салымдары мактоого татыктуу, ар бири менен даректуу иштерди алып баргандыгы мага озгочо таасир калтырды.

    Фермер Жумалиеванын как кургатуу боюнча аткарып жаткан иштери менен тааныштык. Багында момолору жайнап турса аны коруу озунчо ырахат тартуулайт экен.

     Бейишке киргендей турлуу момолор жайнайт
     Мээнет кылса ар бир иштин майын чыгара жасаса созсуз ийгилик момосу аркеттин аркасы берекет эенине ишенип кайттык

  44. Тажрыйба алмашууда мен озум учун коп пайдалуу маалыматтарды алдым. Шоола Көл уюмундагы позитивдуу адамдар: Антонина, Женишбек менен тааныштым. Озгочо фермер Жумалиеванын чарбасы жакты. Мал чарбасы, багы, тоогу, коену кыскасы баары бар. Уй булосунун да колдоосу корунуп турат. Биз барганда эшигинин алдына жасалгаланган боз уй тигип той откоргону даярданып жатыптыр.

    Томонку видеодон Жумалиеванын бакчасы менен тааныша аласынар:

    WhatsApp Video 2021-08-11 at 07.50.31.mp4

    1. Эже саламатсызбы,

      Сиздерде да ошолдой чарбалар бар эле ?

      Моделдуу чарба дегенди кандай тушуносуз?,

      Туура тамактанууга байланышкан чакан бизнесиниз айтып беринизчи

  45. Туштукто быйылкы жылы алма орук гулдогон мезгилде кар жаагандыктан быйыл тушум болбой калгандыктан Ыссык Колдогу алма оруктун тушуму озгочо таасир берди.

    Бул видеодон дыйкандык бакчасындагы берекелуу тушумду коро аласынар.

    WhatsApp Video 2021-08-10 at 22.18.23.mp4

  46. Кызыл-Ункурдо жер-жемиш бышып, колубуз жеткен, пайдалуу жер-жемиштерден кыям, ширелерди даярдап алууга аракет кылып жатабыз.

    Токойдон карагат теруу башталды. Карагаттын дарылык касиети абдан жогору.

    Карагаттын пайдалуу жактары.

    Карагаттын курамы С витаминине абдан бай. Жыйырма тоголок карагат организмди бир күндүк С витамини менен толук камсыз кылат. Андан тышкары карагаттын курамында антоциан, Е, К витаминдери, В, РР топтору, темир, бета-каротин, кальций, цинк, калий, натрий, фосфор, магний, эфир майы, флавоноид, фитонцид, пектин, органикалык кислота жана башкалар бар. Андан жасалган азыктар эч качан витаминдүүлүгүн жоготпойт. Андыктан карагаттан жасалган татуулардын организмге тийгизген пайдасы дагы жогору. Медицинада карагаттын бутактары, жалбырагы, мөмөсү, атүгүл тамыры дагы кеңири колдонулат. Маселен, карагаттын жалбырагында С витамини мөмөсүнө караганда көбүрөөк. Ал иммунитетти көтөрүүдө, кан тамыр, жүрөк ооруларына миңдин бири.Карагаттын жалбырагынан жасалган чай же кайнатмалар, сасык тумоону, ангина, бронхит сыяктуу ооруларды дарылоодо кеңири колдонулат. Андан тышкары ашказан оорусу, жүрөк оорусу жана подаграга дагы пайдалуу.

    Карагат төмөндөгүдөй касиетке ээ

    Заара кубалоочу, температураны түшүрүүчү;

    тынчтантуучу;

    чыңдоочу;

    сергитүүчү;

    ревматизмге каршы;

    сезгенүүгө каршы;

    онкологиялык илдеттерге каршы;

    антисептик;

    тазалуучу.


  47. Карагаттын адамдын организмине, ички жана тышкы ооруларды дарылоодо тийгизген таасири абдан чоң. Атеросклероз, подагра, экзема, аз кандуулук, зат алмашуу бузулганда, артрит, ревматизм, ашказан ооруларын жок кылуу үчүн, кычкылдуулук азайганда, ашказан жарасына кабылганда, дерматитте колдонулат. Карагат боордун, көк боордун, бөйрөктүн, өттүн иштешин жакшыртып, жел туруп калууда жардам берет. Андан тышкары канды шлактан, холестеринден жана токсинден тазалайт. Карагат зарынага дагы миңдин бири. Жаңы терилген же тоңдурулган карагатты көп колдонуу менен зарынадан толук арылса болот. Карагат кан тамырларды жакшыртып, мээнин иштөөсүн жөнгө салат. Карагат кандагы канттын көлөмүн нормалдаштырып тургандыктан кант диабетин алдын алуу үчүн колдонсо болот. Андан тышкары оор операциядан кийин организмди калыбына келтирип, кан басымды нормалдаштырып, жүрөктүн согуу ритмин жакшыртат.

    Карагатты косметикалык багытта дагы колдонсо болот. Маселен, бетке пайда болгон кара тактарды кетирүүгө чоң жардам берет. Жалбырактары болсо чачты бекемдөөчү мүнөзгө ээ. Карагаттын зыяндуу жактары Тромбофлебит менен жабыркаган адамдар карагаттан алыс болуусу керек. Буга анын курамында К витамининин көп болгондугу себеп. Анткени ал кандын коюлушун активдештирет. Инфаркт же инсульт алган адамдар үчүн дагы карагаттан жасалган азыктарды колдонуу сунуш кылынбайт. Андан тышкары карагат ашказандын кычкылдуулугун көбөйтүүчү мүнөзгө ээ. Карагат кычкылдуулугу жогору ашказан оорусуна зыянын тийгизип коюуусу мүмкүн. Андан тышкары гепатит оорусуна чалдыккандарга дагы сунуш кылынбайт. Элдик рецепттер Карагаттын витаминдүүлүгүн көбүрөөк сактап калуу үчүн аны жаңы терилгенде же кайнатпай жеген пайдалуу. Маселен, кургатып же тоңдуруп коюп колдонсоңуз витаминдүүлүгү жакшы сакталат.

    Токойдон терген мезгилде чоп чар аралашат, теруу озунчо машакат, бирок карагаттын кыямын жегенден кийин бардык кыйынчылык унутулат.





  48. Бул видеодон карагат бышкан мезгилди коро аласынар:

    WhatsApp Video 2021-08-11 at 20.33.50 (1).mp4


  49. Чычырканак да бышты. бул жемиштин да дарылык касиети абдан жакшы.

    Чычырканак витаминдерге жана микроэлементтерге бай күзгү мөмө.

    Анда 3,5% кант, ошондой эле С, В1, В2, фолий кычкылы, РР, К, Р жана Е, каротин, темир, бор, марганец сыяктуу пайдалуу элементтер бар.

    Чычырканак жүрөк-кан тамыр ооруларын дарылоодо кеңири колдонулат.  Ар дайым жеп жүрсө - инфаркт жана инсульт ооруларынын алдын алууну шарттайт. Анткени, чычырканактагы С витамини жүрөк булчуңдарын бекемдөөдө кызмат кылат. Эгерде күнүнө 50-100 граммдан чычырканак жесе, организмдин С витаминине болгон бир суткалык муктаждыгын канааттандыра алат.


  50. Эгилген картошкабыз бышып кундолук тамактанууга падаланууга жарап калды.

    Жасаган мээнеттин акыбети кайтып, эгилген эгиндин тушумун жыйнаган кандай сонун.

  51. Биз жыл сайын картошканын жергиликтуу сортун гана эгебиз.

    Корунушу  агыш болгону менен ичи сары даамдуу картошка.

  52. Жапайы булдуркон да биздин суйгон жемишибиз.

    Булдуркон бышканда убакыт таап терип, иргеп, кант кошуп кайнатып алабыз.


  53. Бул видео булдурконду даярдоо боюнча

    WhatsApp Video 2021-08-15 at 15.58.06.mp4

  54. Токойдогу жайы оскон алчаны да терип кайнатып, варенье, компот даярдайбыз.

    Алча – эң пайдалуу диеталык мөмө-жемиш.

    Анын курамында организмге пайдалуу темир, цинк, йод, жез, ошондой эле лимон, алма кычкылдары жана калий, кальций, магний сыяктуу көптөгөн заттар бар. Андан тышкары А, С, Е, В1, В2, РР витаминдерин өзүнө камтыйт.

    Калориясы төмөн, бирок витаминдерге бай бул мөмөнү арыктайм дегендер каалашынча жей беришсе болот.

    Аз кандуулукта алча эффективдүү жардамчы. Ошондой эле жүрөк-кан тамыр ооруларын, артритти дарылоодо да колдонулат. Ал эми ич катууда жаңы бышкан мөмөсүн жесеңиз, жакшы натыйжа берет. Элдик медицинада алчанын мөмөсү эле эмес, дарагынан чыккан чайыр жана жалбырагы да дары деп эсептелет. Мисалы, ашказандын былжырлуу чели жабыркаганда атайын даярдалган алча чайыры, сарык оорусунда жана кан токтотууда жалбырагы колдонулат. Алчанын таза жуулган 10 даана жалбырагын майдалап, 200 грамм сүткө кошуп жай отто 30 мүнөт кайнатыңыз. Муздатып, анан суюктукту 3кө бөлүп 3 маал ичиңиз. Бул сарык оорусуна даба. Мурун канаганда же болбосо бир жериңиз сыйрылып кан токтобой жатса, алчанын жалбырагын майдалап туурап, жаракатыңызга жапсаңыз, кандын эрте токтошуна жардам берет.

    WhatsApp Video 2021-08-15 at 19.46.57.mp4

  55. Жашылча жемиштер бышкандан бери уй булобуз учун кышкы салаттардын турлорун даярдап жатабыз.



    Кышкы салат даярдоо учуру.


  56. Азаматсыз эже,

    Чарбаныз органикалык чарбабы?

    Кандай урондорду колдоносуздар?

    Диля эже кайсыл командадасыз? 

    1. Мирлан сурооно кеч жооп бергеним учун кечирим сурайм. Мен Кызыл Ункурдо токой пайдалануучулар кооперативинин мучосумун.  Жергиликтуу эле сортторду колдонобуз. Мен № 1 командаданмын. Сүт азыктары же сузмодон курут жасайбыз. Туура тамактануу боюнча жергииликтуу аялдар арасында иш алып барамын.

  57. Кызыл Ункурдо жангак бышып терууго киришип жаткан учурубуз.

  58. Биздин облус башка аймактарга караганда жаңгакка бай элбиз. Озубуздо осот, бирок дастарконубузда табигый азык катары орун алган эмес. Балдар жеп жатышпайбы?-деген эле кайдыгер мамиле жасап коебуз, шаардыктарга белек катары бергенибиз болбосо озубуз жебейбиз. Бул биздин кенбестигибиз деп ойлойм. Адам озунун эс тутумун, гармоналдык фонн жакшыртуу учун жок дегенде кун сайын 5 даана жангак, 1 алма, 1 чийки сабиз жеп туруш керек.Ошондуктан жангактын дарылык каиеттерин томонку суроттон  корсонор болот.


    1. Мен да кун сайын жок дегенде 1 алма, 5 даана жангак жегенди адатка айлантсам жакшы болот эле.

      Себеби эске тутумду жакшыртуу учун.

    1. Сабизде калий, витаминдерден В4, С витаминдери коп камтылган.

    1. Дилбар жакшы маалыматтар менен болушконун мактоого татыктуу

  59. user-e558b

    текст удален из-за сомнительности возможно вирус

Kyrgyzstan KYR