Welcome to the

Kyrgyzstan
Space shortcuts
Kyrgyzstan KYR
Skip to end of metadata
Go to start of metadata
Команда 25 СПУну окутуп, аларга консультация беруу менен тамактанууну жакшыртууга багытталган чакан долборлорун ишке ашуусунда козомол жургузот.
Аткарылуучу чакан долбоорлор 4 класстерге болунду:

  1. Органикалык чарба жургузуу
  2. Мал чарбачылык
  3. Чакан куносканаларда жашылчаларды, аш кокторду остуруу, тамак-ашты витаминдер менен байытуу.
  4. Балдардын тамактануусун жакшыртууда момо-жемиштердин ширесин даярдоо, момо-жемиштерди кургатуу, компот даярдоо

Урматтуу СПУ лар маалыматты жогорудагы класстерге карап тиешелуу тематикага киргизгиле.
Алгач команда № 1 ди басасынар, класстерлер корунот, тиешелуусун бассанар ачылат, ошого киргизгиле сураныч.​ ​ ​
​ ​ ​ ​ ​ ​
  • No labels

394 Comments

  1. Урматтуу платформанын катышуучулары!

    7-8-9.08.2019-жылы Жалал-Абад шаарындагы "Бишкек" мейманканасынын тренинг залында айылдык кызмат корсотуучулордун тренерлерине потенциалын остуруу учун тренинг (ТоТ) болот. Бул тренинге Токтогул, Аксы, Базар-Коргон, Ноокен, Сузак районундагы алдынкы ой жугурткон калктын тамактануусун жакшыртууга комоктошууго бел байлаган тренерлер оздору чакан долбоорлорго сунуш жазышып, конкурска катышып бул окууга чакырылды. Негизинен 25 АКК тандалган эле, анын 23 катышты, 2 адам негиздуу себептер менен катыша албады. Окууга катышкандардын саны -23 АКК, анын ичинен 13 аялдар, 12 эркектер болду, гендердик тендик сакталды.

    Бул тренинг "Био Сервис" коомдук фондунун тренерлер командасы тарабынан отулот:

    Раимкулова Буажар;, Жолдошов Болот; Бекжанов Алтынбек, Кенжекулова Асылгул

    7-августтары окуунун программасы:

    1. Катышуучуларды каттоо
    2. Катышуучулар менен таанышуу
    3. "Умут дарагы" катышуучулар бул тренингден эмнени кутот?
    4. Тамактанууга байланыштуу койгойлор, келип чыгышы, себептери, туура тамактануу  - презентация РБ
    5. ТАЭСА долбоорунун максаты, милдеттери, аткарылган иштер - презентация КА
    6. Азык-тулук коопсуздугу жана тамактануу Программасы 2017-2020-жылдар, максаты, милдеттери, тамактанууну жакшыртуу - презентация РБ
    7. "Презентация жасоону биргеликте уйронобуз". Топтордо презентация жасоо, презентацияларды топтор арасында болушуу "дуйнолук кафе" интерактивдуу ыкмасын колдонуу. Катышуучуларды 4 топко болуу:
      1-топ: Органикалык чарба жургузуунун принциптери
      2-топ: Товардык чынжырчаны онуктуруу
      3-топ: Айыл чарбасы жана тамактануу
      4-топ: Уй було жана тамактануу

    . Тренингдин ачылышы. ТАЭСА долбоорунун улуттук координатору Кудайбердиева Гулзада  бул окутуунун баалуулугу, ар бир тренердин жамааттардагы ордунун маанилуулугун белгилеп,  катышуучуларга ийгилик каалады.

    Тренингдин башталышында катышуучулар бири-бири менен таанышып, тамактанууну жакшыртууда кандай катыштыгын белгилеп отушту.

     ТАЭСА долбоорунун алкагындагы аткарылган иштер, келечекте аткарыла турган милдеттер айтылды. 

     Катышуучулар бул тренингден эмнени кутуп жаткандыгы боюнча карточкаларга жазып, умут дарагына  белгилешти.

    1. Слаламатсыздарбы! Аябай маанилуу сабактарды отупсузсудор. Ишинерге ийгилик, оркундой бергиле. Мен да пайдалуу маалыматтарды аламын деген үмүттөмүн!

  2. Урматтуу айылдык кызмат корсотуучулор жогорудагы жазылган маалыматка (ТоТ) ойунарды сын-пкиринерди жазсанар

    1. Саламатсыздарбы! 7-8-9-август күндөрү өткөрүлгөн тренингдер мен учүн аябай жемиштүү болду, көптөгөн пайдалуу маалыматтарды алдым алдым. Негизи эле баары жакты бирок белгилей кетчү жери мен үчүн талаага чыгып органикалык чарба менен алектенген жана жашылча жемиштерди сактаган адамдар менен жолугушуу көп дем берди. Себеби ошолорду көрүп, "эмне үчүн мен кылсам болбойт" деген суроо пайда болду да мен кылсам болот деген жыйынтыкка келдим. Экинчи айта кетчүүсү биздин тренингдерде кошо жүргөн Ханнес аттуу волонтер мен үчүн көптөгөн маалымат булагы болду, себеби ал менен маектешүүдөн улам Германиядагы айыл чарбасы анын ичинен органикалык айыл чарба тууралууу ошондой эле башка маалыматтар мен үчүн пайдалуу болду.

      Ушундай пайдалуу тренинг уюштурганыздар үчүн уюштуруучуларга, тренерлерге, катышуучуларга жана Ханнеске ыраазычылык билдирем! 

      Эми иштеш керек!(wink)

  3. Буажар эже, Асылгул, Болот, Алтын, меимче кызыктуу топ тузулуптур, ар кайсыл тармакта алектенген катышуучулар келиптир, мисалы, АО, а/ч кенешчилери, биофермерлер, айылдык инспекторлор/уюштуруучулар, мугалимдер, агрохимия туйуну ж.б. Катышып жаткан СПУлардын вебинар аркылуу иштоого мумкунчулукторун арттыруу керек. Ийгилик кесиптештер.

  4. Буажар эже 

    kalgan treningterdy da jazyp koyboysuzbu. sebeby trening 3kun otuldu go

    1. Ooba,  jazyp koigongo araket kylamyn.

  5. 8-август кунку окуунун программасы:

      1. Откон кунду кайталоо (волентерлор Залкар, Салтанат) 9:00-9:30
      2. Маан платформасына каттоо /маан ап тиркемеси тренер-БА   9:30-10:00
      3. Вебинарга катталуу, суроо беруу  тренер - БА  1 саат 10:00-11:00
      4. Презентация жасоонун жакшы эрежелери тренер- РБ  11:15-11:45
      5. Интерактивдуу ыкмалар  КА 11:45-12:15
      6. Койгойлорду талдоо (топтук иштин презентациясы) 12:15-12:45
      7. Катышуучулардын потенциалын остуруу РБ 12-45-13:00
      8. ФГТ опрос жургузуу  (тушундуруу, ролдук оюн) 14:00-15:00
      9. Аялдардын тамактануусу боюнча сурамжылоо жургузуу 15:00-15:20
      10. Сурамжылоонун формага тушуруу 15:20-15:45
      11.  Чарбаларга экскурцияга чыгуу   16:00
      12.  Экскурциянын жыйынтыгын чыгаруу


        Волентерлор Залкар жана Салтанат откон кунду катышуучулар арасында кайталоо жасашты.

        Тренер Бекжанов Алтынбек тарабынан Маан платформасына каттоо /маан ап тиркемеси менен кантип иштоонун жолдорун айтып берип, практика турундо кантип иштоо керектигин, посттрду кантип жазуу керектигин тушундурду. Тренинг учурунда катышуучулар ошол жерде Маан платформасына катталышты.


        Алтынбек тарабынан катышуучулар арасында оюн откорулду.
        Катышуучулар эки сапка тизилишип, колдорунда барак, ручка кармап, бет мандай турган адамдын портретин кагазды карабай туруп тушуруу тапшырмасы берилди.

        Тартылган портреттер доскага чапталып, жакшы тартылган суротторго катышуучулар белги коюп чыгышты, натыйжада 2 сурот женуучу болду. Апсамат жана Венеранын тарткан суроттору

        Вебинарга катталуу, суроо беруу  боюнча да тренер Бекжанов Алтынбек тарабынан отулду.
        Вебинарга  катышуу аркылуу тренер оз потенциалын кантип остурсо болот, озу тушунбогон суроолорду кантип жазып билдирууну практика жузундо уйротту.

        Презентация жасоонун жакшы эрежелери  боюнча тренер Раимкулова Б тарабынан презентация жасалды.

        Окуу, тренинг  откоруунун интерактивдуу ыкмалары боюнча тренер Кенжекулова А тарабынан презентация жасалды.

        Тамактанууга байланышкан койгойлорду талдоо боюнча топторго уй тапшырмасы берилген болчу.

        Бул боюнча  3-топ Машрабхан эжекенин  ой пикири талкууланды

         



        2-топтон  Романдын презентациясы талкууланды.

        Катышуучулардын потенциалын остуруу боюнча тренер Раимкулованын презентациясы болду.



        Фокус Группада Талкуу  жургузуу  (тушундуруу, ролдук оюндар) тренер Жолдошов Б тарабынан
        кантип жургузуу керектиги боюнча тушундурулду. катышуучулар ФГТ боюнча бериле турган суроолор менен толук таанышып чыгышты, алынган жыйынтыкты кайсы формага толтуруу керектиги тушундурулду.
        Тренер Раимкулова тарабынан ролдук оюн аткаруучу катышуучуларга  ФГТны откоруу боюнча тушундурулуп берилди. Алар: Айыл окмоту, аялдар кенеши, жаштар комитети, айылдык ден соолук комитети, талкуу жургузуучу адам.
        1-жолу корсоткондо жергиликтуу уюмдар менен контакт тузуп, суроолорго жооп алуу ишенимсиз чыкты.



           2-жолку ролдук оюн корсоткондо  бир аз жылыштар болду.

           24 саат аралыгындагы аялдар арасында тамактанууну сурамжылоо боюнча алгач сурамжылоонун формасы бардык катышуучуларга таанышуу учун таркатылып берилди. кийинки кадам, жанында отурган аялдардан сурамжылоо менен форманы толтурууну конугуу катары аткарышты.

    Тренингдин катышуучусу Уулкандын 24 саат ичинде тамактануусун Нурболот катышуучулардын коз алдында сурамжылады. Алгач контакт тузуу кыйын болду, фермер озунун койгойун айтып, сурамжылоого макулдук берген жок, кийин тил табышып суроолоруна жооп алуусун ролдук оюн катары корсотушту.

    Сурамжылоонун формага тушуруу учун 2 адам биргеликте иштоо керектигин, бири суроо берсе экинчиси жообун кагазга тушуруп туруу керектигин, зарыл болгон учурда кээ бир жоопторду эстен чыгарбоо учун телефондун диктафонун пайдалануу сунуштары берилди.

    Катышуучуларды чарбаларга экскурцияга алып чыгуу  

    Катышуучулар атайын буйрутма менен мироавтобуска тушуп, чарбаларга экскурцияга чыгышты.

    *Био Фермер Инамов Мамыржандын чарбасынан компост даярдоону коруу, тажрыйба алмашуу            дареги: Сузак району, Ырыс айыл окмоту, Кумуш-Азиз айылы

    Фермер 2003-жылдан бери органикалык чарба жургузот. Бакчасында 25 тен ашык ар турдуу момо-жемиштерди остурот, момолуу дарактарды кыйыштырат, пахтанын арасына кызылча эгуу менен эки тушум алууну практикалаган. Жыл сайын короосунан чыккан органикалык калдыктардан 2-3 тон уймок компост даярдап колдонот. Катышуучулар фермердин аткарган иштери менен таанышып, 72 жашка келген фермердин жасаган компост уймогун коруп суктанышты.

     


    Био Фермер Тешебаев Икрамдын чарбасынан жашылча-жемиштерди муздаткычта сактоону коруу, кызыккан суроолорго жооп алуу   дареги: Сузак району, Ырыс айыл окмоту, Жар-Кыштак айылы

    Бул жашылча-жемиш сактоочу жайды Хелветас эл аралык кызматташтыкты колдоо уюмунун жардамы менен курулгандыгын, ошондон бери иштетип жаткандыгын, фермерлердин продукцияларын сактоодо да кызмат корсотуп жаткандыгын кенен айтып берди. Мындай муздаткычтар ар бир айылда курулса фермерлер остургон тушумду сактоо менен базарда баа которулгондо сатуу аркылуу кирешесин жогорулатуу жолдору жонундо болушту. Азыркы кундо капустанын басай деген турун арзан мезгилде муздаткычта сактоо менен, тышкы базардагы бааларды карап, баа которулгондо РФ, Казакстанга сатууну жолго койгондугун билдирди.

    Жашылча жемиштерди муздаткычта сактоонун жол жоболорун, температураны козомолдоо, продукцияны транспорттон жуктоо-тушуруу жагы боюнча да болушту.

    *Био Фермер Юлдашев Жолдошбайдын био талаасын коруу, тажрыйба алмашуу. дареги: Сузак району, Ырыс айыл окмоту, Тотуя айылы

    Биофермер 2008-жылдан бери органикалык чарба жургузот. Органикалык пахтадан башка да киреше алып келуучу жашылча-жемиштерди остурот. Ачуу калемпирди атайын келишимдин негизинде остуруп сатат. Тамактанууну жакшыртуу учун чанактуу осумдуктордон жандуу деген турун остуруп тамак-ашка пайдаланат, озунон ашканын кардарлар коп болгондуктан жергиликтуу базарга сатат. Базарда жашылча-жемиш саткандар биздин остургон продукцияга кызыгуусу жогору, алдын ала ким канча кг ала турганын телеофондон билдирип турушат, биз даярдап бараарыбыз менен алуучулар даяр болот -дейт уулу Абрасул.


    Экскурция буткондон кийин жыйынтыгын чыгарууга тренинг откон жерге келип талкуу жургуздук.

    • Чарбадан чыккан калдыктардан компост жасоо, минералдык жер семирткичти алмаштырат.
    • Компост колдонулган жашылча жемиштер даамдуу, жыттуу, сапаттык корсоткучу жакшы болот
    • жемиштерди сактоочу муздаткыч азыркы кундо фермерлер учун актуалдуу
    • Катышуучулар арасында Айгеримдин, Абсаматтын, Романдын муздаткыч боюнча кызыгуусу бардыгы, куруу учун канча каражат кете тургандыгына кызыгышты.
    • Органикалык талаада остурулгон жашылчалардын абалы кызыгуу жаратты. Биофермер зыянкечтерге жана илдеттерге кандай жолдор менен курошо тургандыгына кызыгып суроолорду беришти.
    • Ресурстук адамдар аткарып жаткан иштерин ачык, айкын айтып бергени 
    • атаандаштык болот дебестен, фермерлердин бири-бирин колдоосу, кардар талап кылган осумдукторду сапаттуу остурууго болгон багыты кызыктырды.
    • Экскурциядан коргондорубуз тренингде отулгон темаларды толуктады.
    • Фермерлерге болгон ишенимди арттырды
    • Органикалык чарбаларга болгон кызууну жараткандыгын белгилешти
  6. Алгачкы био чарбаны баштаган пионер биофермерлердин алгылыктуу иштерин коруп кубанат экенсин! Теориянын практика менен айкалышы жакшы натыйжа берери шексиз, коргондорубузду жасасак болот экен, анча деле кыйын эмес экен деген СПУларга дем куч берсин, кимдер чындыгында практика жузундо коргондорун ишке ашырууну козомолго алууну унутпаныздар урматтуу тренерлер. Ийгилик баарыныздарга!

  7. 9-август кунку окуунун Программасы

    1. Отулгон кунду кайталоо Роман, Асель 9:00-9:30

    2.  КД иш планын тузуу менен таанышуу 9:30-10:00 тренер Раимкулова Б

    3. Долбоор жазууда камтыла турган озгочо аспекттер 10:00-12:00 тренер Жолдошов Болот

     - максаты, милдеттер, долбоордун  муноздомосу,  койгойду аныктоо

    -  долбоордун иш планы, долбоордун бюджети

    -  мониторинг жана баалоо,  индикаторлор (сандык жана сапаттык корсоткучтор)

    - долбоордун туруктуулугун камсыздоо

    4. Тренерлердин алдында аткарыла турган иштерди бышыктоо 12:00-12:40 тренер Раимкулова Б

    5. «Умут дарагы» кимдин умуту канчалык акталды 12:40-13:00

    6. Тренинг откорууго керектуу материалдарды алуу 14:00-15:00 тренер Асылгул

     - таркатма материалдар, окууга катышкандарды каттоо формасы

    - тренинг откорууго керектуу:  таркатма материал, тетрадь, ручка, ф/чарт, маркерлер

    - сурамжылоо откорууго керектуу материалдар: 24 саат ичинде аялдардын тамактануусун сурамжылоо, фокус группада талкуу откоруунун бланкасы, суроо жоопторду тушуруу учун бланкаларды алуу

    Кундун журушу боюнча маалымат:

    Алгач отулгон кунду кайталоодо (волонтерлор Роман менен Асель) катышуучулар арасында алынган маалыматтарды сурамжылоо менен бекемдешти.

    Кичи долбоордун иш планын тузуу менен таанышуу тренер Раимкулова тарабынан жургузулду. Ар бир катышуучуга иш планын тузуудо аткарыла турган иштерди камтуу, кайсы жумуштан кийин кайсы жумушту аткаруу керектиги, аны тастыктай турганган кандай документтер болушу керектиги тушундурулду

    Долбоор жазууда камтыла турган озгочо аспекттер боюнча тренер Жолдошов Болот тарабынан презентация жасалды, тушундурулду, берилген суроолорго жооптор берилди.

     

     Тренерлердин алдында аткарыла турган иштерди бышыктоо боюнча Б. Раимкулова тарабынан тушундурулду.

    Тренерлер оз потенциалын остуруу боюнча тренингге катышып, билимин байыткандан кийин Тоолуу аймактарда тамактанууну жакшыртууга салым кошуу учун алдыда кандай иштерди аткаруу керек?

    1. Туура тамактануу боюнча  багыттуу топто тренинг отуу.
    2. Кичи долбоорго   байланыштуу спецификалык темада тренинг отуу.
      Тастыктоочу документтер (Окууга катышкандардын тизмеси, суроттор)
    3.  Фокус группада талкуу жургузуу  айылдын койгойун чечуучу адамдар менен: айыл окмоту, соц адис, аялдар комитети, жаштар комитети, ФАП, ден соолук комитети (атайын берилген бланкадагы суроолор боюнча)
    • айылдын масштабында тамактануу боюнча аткарылган иштер,  ийгиликтуу аяктагандары, максатка жетпегендери, себеби, эмне учун?
    • Айылдын жашоочулары менен фокус группада талкуу жургузуу (аялдар, эркектер арасында)
    • Алынган маалыматтарды анализдоо.
    • Алынган маалыматтарды "Био Сервис" коомдук фондуна жонотуу (сурамжылоонун жыйынтыгы, толтурулган формалар)
      4. Айылда жашаган аялдардан 24 саат ичиндеги тамактануусу боюнча, эмнени остурот,эмнелерди сатып алат? сурамжылоо жургузуу (атайын бланканын негизинде)
    • Алынган маалыматтарды анализдоо. 
    • Алынган маалыматтарды "Био Сервис" коомдук фондуна жонотуу (сурамжылоонун жыйынтыгы, толтурулган формалар)  (ишти аткаруу мезгилин суроттор менен тастыктоо)
      4. Маан платформасына катталуу (иш планга киргизуу)
    • топтун мучолорун каттоо
    • постторду жазуу
      5. Вебинарларга катышуу менен оз билимин байытуу. (вебинардын ссылкасы жонотулот, вебинарга катталып, тема боюнча озуно кызыктырган суроолорго жооп алуу)

    5. «Умут дарагы» кимдин умуту канчалык акталды. 

     Катышуучулар бул тренингден эмнени кутту эле, эмнени алды. Салтанат мен эки суроо жаздым эле, экооно тен тиешелуу канаттандырарлык жоопту алдым, Мавлюда, Насиба, Венера, Асел да суроолоруна жоопту алгандыгын билдиришти. 

    6. Тренинг откорууго керектуу материалдарды алуу

     Тренер Кенжекулова Асылгул тарабынан окууда отулгон темалар боюнча таркатма материалдар берилди.

     отуло турган тамактанууну жакшыртуу боюнча тренинге даяр таркатма материалдар, окууга катышкандарды каттоо формасы берилди.

    - тренинг откорууго керектуу: тетрадь, ручка, ф/чарт, маркерлер берилди

    - сурамжылоо откорууго керектуу материалдар: 24 саат ичинде аялдардын тамактануусун сурамжылоо, фокус группада талкуу откоруунун бланкасы, суроо жоопторду тушуруу учун бланкаларды алуу

    Ушуну менен тренерлер учун тренинг аяктады.

    Жер-жерлерден келген тренерлер алдына бир топ максаттарды коюу менен  калктын арасында маалыматтарды жайылтуу, туура жана пайдалуу тамактанууда чойробуздогулорго таасир корсотуу менен алардын тамактануудагы кондум адаттарынан арылтуу, витаминдуу, микроэлементтерге бай табыгый таза азык оокаттарды тамактанууга пайдалануу менен аялдар жана балдар арасында тамактанууга байланышкан койгойлорду азайтууга салым кошууга жоопкерчиликтуулук менен киришишет.

    Биз чогуу бир багытта иш жургузсок, максатыбызга жетебиз!

    Урматтуу тренерлер, алдыда аткарыла турган иштеринерге ийгиликтерди каалайбыз!

      Тренерлер тобу:  Буажар, Асылгул, Болот, Алтынбек.



  8. Буажар эже,

    Тренингди сонун отупсунор менимче, экскурсияны жакшы уюштурупсуздар.

    Извлеченные уроки жазып турсаныздар, биз дагы сиздердин жолду басып отобуз да

    1.  Насиба, тренинг отуу боюнча силер аябай дасыккан адистерсинер да. Ошентсе да кээ бир маани бере турган учурларды эске алсанар болот.

      1. Тренинг убагында  топтук иштерди уй тапшырмасына берилип, даяр материалды  талкууга алса, убакыт уномдоого жакшы болот.
      2. Отулгон окуу боюнча аткарылган иштерди 1-кунго бир тренер жоопкерчиликтуу болуп маан платформасына оз убагында киргизип турса да жакшы натыйжа берет.
      3. Окуу процессинде эффектный суроттор алынса, башкалар короору менен озуно тарткандай болуш керек экен.
      4. Катышуучуларды окуу мезгилинде активдештирсе да жыйынтык берет эле.
  9. Насиба куттуктоолорго рахмат!

    Биринчи тоскоолдуктан откондой эле болдук. АККлардын кызыгуусу жакшы, калктын тамактануу боюнча койгойлорун азайтууга таасир бере алабыз- деген маанайда кетишти. Негизинен 25 АКК тандалган эле, анын 23 катышты, 2 адам негиздуу себептер менен катыша албады. 23 АКК нын ичинен 12 аялдар, 11 эркектер болду, гендердик тендик сакталды.

  10. Урматтуу Маан платформасынын катышуучулары!

    Бугун 15-август куну Сейдикум айыл окмотуно караштуу Чын Курулуш айылында ВАПРО долбоорунун алкагында сугат сууну ондурумдуу пайдаланууда 100го жакын биофермерлердин катышуусунда "Талаа куну" болуп отту. Бул талаа кунундо Сейдикум айыл окмоту, райондук айыл чарба департаментинен, Жалал-Абад облусунун органикалык айыл чарбаны онуктуруу департаментинен, айылдык био инспекторлор, Вапро долбоорунун жетекчилиги, "Био Фермер" коперативинин жамааты, "Био Сервис" КФ жамааты, суу пайдалануучулар катышышты. Талаа куну абдан кызыктуу отту.

       Сугат суу да дыйкандар учун чон ресурс. Аны уномдуу пайдалануу менен эгилген айыл чарба осумдукторунун тушумун жогорулатып, дыйкандардын уй булосунун экономикалык мумкунчулугу жогоруласа, тамактануусу да жакшырат.

    Суротто: "Био Фермер" кооперативинин жетекчиси Канназаров Нурбек суйлоп жатат

    Суротто: Талаа кунундо катышып жаткан фермерлер

     

    Суротто: урончулук боюнча адис Гафуров Абдулхафис жана фермер Осоров Расул пикир алмашууда

  11. Мавлюда, азаматсын!

    Жиберген маалыматтарын кыска, нуска, керектуу экен.

    Осоров Расул да биздин команданын активдуу мучосу, демофермер.

    Буйруса айылда тамактанууну жакшыртууга чон салым кошосунар деген умуттобуз.

  12. Бугун 15-август, 2019 ж., ВАПРО Хельветас долбоорунун алкагында Био Сервис жана БиоФермер уюмдарынын ононктоштугундо Чын-Курулуш айылында окуу талаа куну откорулду. Бул иш чарада, органикалык осумдукторду ондуруучулор учун, органикалык чарба жургузуу, органикалык жер семирткичтер, осумдук илдеттери жан зыянкечтерине каршы био ыкмаларды колдонуу, сугат сууну ондурумдуу пайдалануу, пахтанын жаны сортторун сыноо боюнча, чон тажрыйба алмашуу аянчасы болду. Фермерлер, био каражаттарды ондуруучу лабораториянын окулу, урончулук б-ча адис, агроном консультанттар, демофермерлер менен кенири ой болушушту.

  13.  Германиядан келген волонтер Ханнес Конингер  АККлардын  окуусуна катышып (ТоТ) биздин тренерлер менен таанышкан эле, бул боюнча Залкар да ой болушкон.

    Бугун Залкардын чарбасында остурулгон органикалык кулпунай менен малинаны жеп  буркураган жытын  сезип, даамын коруп  кубанычы койнуна батпай турган убагы.

    1. органикалык дыйканчылык даамын...эң жакшы!

      1. ООба, мында Кыргызстан органикалык олко экендигинен кабар берет.

         

         

  14. Буажар эже,Алтын,Болот,Асылгул азаматсыздар тренинг абдан жакшы болгону фото отчетторунуздардан корунуп турат.

    Бизге да жакшы из салып койдунуздар мына платформанын пайдасы кандай жакшы.

    Ишиниздерге ийгилик.

    Бизге даа ийгилик анткени жакында бизда Колдо отобуз буйурса,

    1. Сонунгул эже! тажрыйба алмашуу кылсак жакшы болмок! Чакырбайсыздарбы???

      1. Болот кечиресин кеч жооп бергениме кенешели финансыны озунуздор которосуздорбу?

  15. Рахмат Сонунгул!

    Силерге да ийгилик каалайбыз! 

  16. Саламатсыздарбы, маан платформасынын катышуучулары!

    Сиздерге ТоТ боюнча окууга катышкан, Сузай районундагы Кара-Дарыя айылынын тургуну, жашоодо оз принциптери бар Айгерим Сулайманованын аткарган иштери менен тааныштырам:

    Озунун жеринде органикалык чарба жургузот, Чакан куносканасы бар.

    Ассаляму алейкум! "Бул менин талаам,химия колдонбогон учун балдарымдын осуп турган ордунан жеп жатканына кабатыр албайм.Ар бир Адам озунон башташ керек балдарына кандай жакшылыкты кааласан озгогода андан артыгын каала,баарыбыздын колубуздан келет химиясыз жашаганга.- ошондуктан аракет жасайлы"- деген чакырыктарды алдыбызка коюп жатат.

    Ар бир уйдо соол жылан багылып, биогумус ондуруп алган болсок  биз базардан азоттук жер семирткич  сатып албайбыз.

    Соол жылан бир сомдук тамак жейт да бизге мин сомдук пайда алып келет,Соол жылан баксаныз бай болосуз,Ден соолукта болосуз. Соол жылан багуу учун каткан кыктарды майдалоочу чакан аппаратты озбекстандан сатып келип колдоно баштады, бул ишти бир кыйла женилдетет жана майдаланган, нымдалган азыктарды соол жылан жакшы жейт, кийин аны элеп убара болбойсуз. Азыркы кундо Кара-Дарыя айылында 20 жакын фермер оз чарбасында соол жылан бага баштады. Кийинки маалыматтарда Сиздерди алардын жасаган иштери менен тааныштырам-дейт.

    1. Айгерим азаматсыз, кылган иштеринизге журок кубанат, балдарга таза коопсуз азык ондуруп, тамактануусун жакшыртуу олкобуздо эн башкы маселе, био каражаттарды ондуруу менен дыйкандардарга пайдалуу жол тандоого мумкунчулук тузушубуз керек. Келечекте жакшы материалдарды кутобуз

       

    2. Айгерим азаматсын,

      Айгерим сага ийгилик, озун катталып, мындан кийин ийгиликтерин менен болушуп турушуна тилектешмин...

      1. Айгерим маан платформасына техникалык себептерге байланыштуу кире албай койгондугуна байланыштуу берген маалыматтарын мен аркылуу киргиздик. Буйруса озу кирип маалыматтары менен болушуп турат.

    3. Саламатсынбы Айгерим абдан жакшы,соол жылаан багуу бул ден соолук,байлык.

      Озбекстандан алып келинген аппаратын жонунудо толук маалымат сурот видио болсо контакттарын 

      маанга жуктоп койсон абдан жакшы болот эле.Анткени бизге да керек эле.

      Астын ала рахмат ишине ийгилик

    4. эн сонун табийгый корунуш! Азаматсын Айгерим! 

  17. Айгерим, жашоонун манызы ар Бир адамдын аракетине байланыштуу. Азаматсын, Алга!              Сенин жасаган иштерин башкаларга орнок болуп улансын. Ийгилик!

  18. Айпери азаматсыз,

    Мен сизге айтып жаткан МААН Платформа ушул болчу,эми мн ойлойм кирип активдуу болосуз деп,

    Болот аке тартып кетиптирда ээ ошол куну,)))))))

    Эмнеси болсода биздин максат сиздей эжекелердин билим денгээин которуп туура тамактанууга байланышкан иштерди чогуу жасоого шарт тузуу,

    Ден-соолукта болунуздар,

  19. Урматуу МААНдын окурмандары сиздерди Базаркорго районундагы Жашленин айылы "биопахта" кооператив менен 2010-жылдан  бери иштешип Органикалык пахта эгип .келуудобуз. 50 га  быйыл пахта эгилди. Тилекке каршы чийки .сатабыз. башка эгиндерди да органикалык жол менен эксек кандай сонун болот эле. 6-7-сентябрдан баштап орг пахталарды терип баштайбыз 

  20. Руслан аке,

    Кош келиниз!

    Пахтаныз берекелуу болсун,

    бакша кайсыл эгиндери органикалык жол менен остурсок деп ойлойсуз?

  21. Платформанын катышуучулары!

    Бугун мен Буажар эже аркылуу маан платформасына катталдым.

    Озум жонундо: Мен Базар-Коргон районундагы Кызыл-Ункур айылынын тургуну болом. Менин максатым да Кыргызстанда жашаган калк арасында тамактанууга байланышкан койгойлорду азайтып, аялдар жана балдардын ден соолугунун бекем болушу, татыктуу жашоосуна оз салымымды кошуу.

    7-9-август кундору Жалал-Абад шаарында откорулгон ТоТ ге катышып билим алдым. Бирок айылда интернетке кируу кыйынчылыгына байланыштуу бугун катталып отурам.

    Ушул кундордо айылда жашаган аялдардын 24 саат ичинде тамактануусу боюнча сурамжылоо жургузуп жатамын. 2-3 кундо бутуруп жибергени турам. Чынында сурамжылоо жургузуудо бир топ кыйынчылыктар болду. Аялдарды сурап жатсан ортодон жумушу чыга калат, же баласына байланыштуу токтоп токтоп сурамжылоо жургузгонго туура келип жатат.

    Бул суротто сурамжылоо жургузуп жаткан учур



    Тренерлер, силерде абал кандай болуп жатат, болушуп тургула.





    1. Куш келиптирсин Уулкан!

      Маан платформасында озун кызыккан маселелерди таап таанышансын деп ойлойм.

      Тоок багып, бал челек кармап, токой момо-жемиштерин, козу карын кургатуу боюнча тажрыйбаларындан болушуп тур. Сага ийгилик каалайм.

    2. Кызыл-Ункур айылында "Туура жана туркундоштуруп тамактануу" боюнча айыл жашоочулардын катышуусунда 8-сентябрь куну тренинг откордум. 

      Катышуучулар, туура тамактануу балдардын саламаттыгын, келечегине камкор коруудо эн зарыл маселе экендигин, мындан ары тамактанууда сапаттуу азык-тулукторду колдонуу керек экендигин белгилешти.

    3. кошумчалап кетсем... сурамжылоо убагында бир эки айым туура эмес маалымат берип аткандарын байкап аттым. Уулкан эже сизде да ушул сыяктуу учур кездештиби? 

  22.  

    Бул Кызыл-Ункур айылынын четине уй булобуз менен картошка остуруп, жыл бою тамактануудагы негизги азыгыбыз. Эч кандай химиялык уу зат колдонбостон табигый остурулду. Кышкыга жакшы сакталат, уй булобуздон ашканын тааныштар оздору келип сатып алышат. Мен ойлойм, табигый таза остурулгон азыктар ден соолукка жагымдуу болуп, куч-кубат берет.

    1. Уулкан эже Колорадо конузуна карша кандай жол тутасынар? кантип курошуп атасынар? тажрыйба болсо болушолу

      1. Болот, биздин айыл тоолуу аймакта жайгашкандыктан аба ырайына байланыштуу болсо керек колорадо конузунан картошкабыз жабыр тарткан жок, ошондуктан эч кандай курошуу чараларын жургузбодук.

  23. Саламатсыздарбы?- коллегалар,

    мен да тренерлердин №1 командасында окуп билим алдым.

    Маан платформасына бугун катталдым. Мен да Базар-Коргон районундагы Кызыл-Ункур айылынын тургунумун.

    Ден соолуктун негизги корсоткучу бул туркундоштуруп тамактануу. Мен дагы тамактанууга байланыштуу койгойлорду азайтууда оз айлана чойромдогу адамдарга таасир беруу менен салым кошомун деген умуттомун.

    1. Дилбар Сыдыкова 

      Базар-Коргон районундагы Кызыл-Ункур айылында  балдар бакчасынын имааратында 4 сентябрь куну  "Туура жана туркундоштуруп тамактануу" темасында айыл тургундарына тренинг отту.

      Катышуучулар арасында туура тамактанууга маани беришпегендиктен ар кандай оору-сыркоонун негизги себептерин белгилешти.

      Тренинг кызыктуу отту, таркатма материалдар берилди деп билдирди.

      Аялдар арасында 24 саат ичинде тамактануусу боюунча сурамжылоо жургузулду

      1. Кызы-Ункур айылында айыл жашоочуларында тамактанууга байланыштуу койгойлорду аныктоодо фокус группанын талкуусу откорулду.




        Кээ бир суроолорду бергенде, айрыкча келиндердин тамактануусу боюнча суроолорду бергенде алгач тушунбостуктор болду. Тамак-ашты келин даярдайт, каалашынча жейт-дегендер болду, ал эми кээ бири коп уй булолуулор келининин тамактануусуна анчалык конул болбогондорун да айтышты. Аз кандуу келиндин торогон баласы да аз кандуу болуп торолуп, кийин иммунитети начар болуп оору-сыркоого туруксуз болоорун айтканыбызда аргасыз туура тамактануу темасы зарыл экендигине ынанышты.

        Аялдардын 24 саат ичинде тамактануусу жана тамак-аш кошулмаларын пайдалануу боюнча сурамжылоо жургузулду. Биздин айыл тоолуу болгондуктан формадагы айыл чарба продукциясынын копчулук турлору ондурулбойт, базардан сатылып алынат.




  24. Уважаемые участники платформы МААН!

    Я бы хотела поделиться своим опытом по выращиванию огурцов и сладкого перца органическим методом на своем огороде. В этом году для плодородия почвы обогатили ее черноземом и навозом, и получили хороший урожай. Ежегодно мы для своей семьи используем чистые органические продукты выращенные своими руками (так же выращивали помидор но из-за влажности погоды заболели фитофторозом). Это чисто, экологично и безопасно. Так же прилагаю фотографии с огорода.

     

     

     

     


    1. Балдар органикалык бадран жеп, накта азыктын даамын татканы сонун болуптур, вкус детство деп калабыз накта азыктардан даам татканда ))) органикалык чарба жургузуу менен, кыртышты жакшыртып туруктуу чарба жургузгонго шарт тузуп атасынар, курдуу топурак кийинки жылдары да силерге кызмат кылат. Азаматсынар

  25. Салам Асел! Огород жакшы каралган окшойт,  топурагынан корунуп турат органикалык жер семинткичтерди коп салганы. Ушундай тажрыйбаларды жайылта бергиле

  26. Актектир айылынын Ултанкамыш аймагында 3сентябрь 2019жылы тренер Чалов Акмат тарабынан "Таза азык тулук ондуруу жанан кундолук тамак ашка пайдалануу"темасында 20 адамдын катышуусунда тренинг откорулду.Тренингге айыл жашоочулары,фаптын,ао кызматкерлери жана соц адис катышты.Катышуучуларга керектуу таркатмалар таркатылып берилди.

  27. Саламатсынарбы тренерлер ак тоонун курсагы жарылган кезде баарынар био тушумдорду жыйнап чарчабай турасынарбы,кыргыз жергесинде био органикалык чарбалардын кобоюшу адамды кубантат.Бул да болсо элибиздин туура тамактануусуна шарт тузот,келечек муундун осушуно туура багыт болот.Аксы жергесинде дагы органикалык кара орук бышты.Бирок тушум жыйноо баштала электронной.
  28. Тренерлердин туура тамактануу боюнча окуутууда колдонууга керектуу маалымат.

    Дененин салмак индексин эсептоо

    Ден соолукту сактоодо тамактануу чон таасирин берет. Эгер адам медициналык коз караштан алганда туура эмес тамактанса  коптогон оорулардын келип чыгуусу мумкун. Булар оттун кабылдап кетиши, журок оорулары, инсульт, кант диабети , склет-булчун системасынын бузулушу, шишик ооруларынын пайда болушу.

    Туура тамактанып дени сак жашоо организмдин энергияга талабына жооп берет, азыктуу заттар адамдын салмагынын нормалдуу болушун , физикалык формасын, жашоодогу активдуулугун жонго салып турат.

    Дененин салмагынын индекси төмөндөгүдөй эсептелет: салмакты бойдун

    квадратына бөлүү керек. Мисалы, адамдын салмагы = 85 кг, бою 164 кг

    болсо, демек, дененин салмагынын индекси төмөнкүгө барабар болот:

    ДСИ=85: (1,64x1,64) =31,6.

     

                                     СЕМИЗДИКТИ АНЫКТОО

    КОРСОТКУЧ

    ДЕНЕНИН САЛМАК ИНДЕКСИ   кг2

    Норма

     25 томон

    Ашыкча салмак

    25-29,9

    I даражадагы семиздик

    30-34,9

    II даражадагы семиздик

    35-39,9

    III даражадагы семиздик

    более 40

    ДЕНЕНИН САЛМАК ИНДЕКСИ  МЕНЕН ООРУЛАРДЫН ОНУГУУСУНУН БАЙЛАНЫШЫ

    ДСИ

    ДЕН СООЛУК УЧУН КООПТУУ

    18,5 кг/ м2 томон

    Салмак аз. Сапатуу, турлоп тамактануу керек

    18,5-24,9 кг/ м2

    Дене салмагы нормалдуу. Кооптонууга негиз жок

    25,0-29,9 кг/ м2

    Ашыкча салмак. Атероскрелоз, кант диабети жана башка оорулардын болушу кооптуулугу бар.

    30,0-39,9 кг/ м2

    Семиздик, ден соолук учун кооптууу

     40 кг/ м2 жогору

    Семиздиктин калыптанган туру. Ден соолуктун кооптуулугу ото жогору.

    Алгач озунордун дене салмак индексин эсептеп коргуло.

    Сабак мезгилинде ДСИ плакатка жазып эсептеп бергиле, оорулар менен байланышына басым жасагыла.

  29. БЕЛДИ ЛЕНТА МЕНЕН ОЛЧОГУЛО. 

    Эгер эркектердин бели 102 см, аялдардын бели - 88 см болсо ден соолук учун олуттуу конул бурууну талап кылат. 

    КИМДЕ КИМ АШЫКЧА САЛМАКТАН АРЫЛГЫНЫЗ КЕЛСЕ  АТАЙЫН АДИСТИН КЕНЕШИН АЛУУ КЕРЕК. ОЗ АЛДЫНЧА ДИЕТА КАРМОО, АЧКА ЖУРУУ ЖАНА БАШКА ЫКМАЛАРДЫ КОЛДОНУУ ДЕН СООЛУККА ОЛУТТУУ ТЕСКЕРИ ТААСИРИН БЕРУУСУ МУМКУН.:  ОРГАНИЗМДИН АЛСЫЗДАНЫШЫ, МИНЕРАЛДЫК ЗАТТАРДЫН, ВИТАМИНДЕРДИН, БЕЛОКТОРДУН АЗАЙЫШЫ.

    АРТЕРИАЛДЫК БАСЫМДЫН ТОМОНДОШУ, АРИТМИЯ, ПСИХИКАНЫН БУЗУЛУШУ, ГИПОВИТАМИНОЗ, БООР, БОЙРОКТУН ОЗГОРУШУ, ТЫРМАК, ЧАЧТЫН СТРУКТУРАСЫНЫН БУЗУЛУШУ.  

    ЭСКЕ АЛЫНЫЗ!

    ТУУРА ТАМАКТАНУУ МЕНЕН АР КАНДАЙ ООРУЛАРДЫН АЛДЫН АЛУУГА БОЛОТ. 

    ЭРТЕН МЕНЕН ФИЗИКАЛЫК КОНУГУУЛОРДУ ЖАСООНУ, ТАЗА АБАДА ЖОО БАСУУНУ АДАТКА АЙЛАНДЫРУУ КЕРЕК.

  30. Саламатсызбы Буажар эже,


    Мен 2-даражадагы семиз экенмин..

    Рахмат сизге...

    1. Салам Насиба, сенин кыймылдарын женил, шайдоот журосун бул да жакшы корсоткуч. Кыймылга карап да баа беруу керек, арык болгону менен аз кыймылда болгон, кан тамырларын май каптап калгандар да бар.

  31. Ден-соолукка камкордук же пайдалуу тамактанууга 12 кадам

    1. Осүмдүктөрдөн алынган азыктарды көбүрөөк колдонуп, түрдүүлөп тамактануу
    2. Ар бир тамактанган сайын, нан, дан азыктарын, макарон, күрүч же картөшкө  жеш
    3. Жергиликтүү  остурулгон  жашылча-жемиш пайдалануу (күнүгө кеминде 400 гр);
    4. Күнүгө көбүрөөк кыймылдап салмакты сунушталган чектерде (дененин

    салмагынын индексинин орточо көрсөткүчтөрү (ДСИ) - 18,5-25) сактоо.

          5. Тамак-аштагы тоң майлардын көлөмүн көзөмөлдөп (бир күндүк кубаттын 30%

    ашпагандай), каныккан тоң майларды каныкпаган өсүмдүк майлары менен  алмаштыруу.

           6. Майлуу эт жана эт азыктарынын ордуна фасоль, буурчак, жасмык, балык, куштун

    этин же майы жок этти керектоо.

            7 . Курамында тоң май жана туз аз болгон сүт жана сүт азыктарын (айран,

    йогурт жана сыр) колдонуу

            8. Курамында кант аз азыктарды тандап, рафинаддалган кантты

    азыраак колдонуп, таттуу суусундуктар менен момпосуйларды чектоо.

             9. Туз аз кошулган тамак. Жалпы  эсептегенде, бир күндө керектелген

    туздун көлөмү, нандагы, даяр жана консервацияланган азыктардагы тузду

    кошкондо, 1 чай кашыктан ашырбоо (ар дайым йоддолгон тузду колдонуу.

            10. Спирт ичимдиктерден баш тартуу.

            11. Тоң майларды пайдалануу көлөмүн азайтуу, тамакты таза жана коопсуз

    шартта бууга бышырып, кайнатып  жасоо.

            12. 6 айга чейинки балдарды жалаң гана эмчек менен багуу, 6 айдан баштап

    кошумча тамак берип баштоо керек.



  32. Буажар эже,


    Сиздердин АККлар кантип атышат?  Биздикилер пока тынч го. Вотсап группабыз да тынчып калды, куйуп барып очкон чычаладай болуп?

    Вотсап группаныздарда жумуш кандай кетип жаткандыгы жонундо кызыктуу маалымат болсо окуп туралы..

  33. БАРДЫК ЖЕРДЕ КОРОЗ БИРДЕЙ КЫЙКЫРАТ-ДЕГЕНДИ УКТУН БЕЛЕ.СИЛЕРДИН ГРУППАНЫН АКТИВДУУЛУГУН КОРУП БИЗ СУКТАНЫП ЖАТАБЫЗ.

    ВАТСАП ГРУППАДА АТКАРГАН ИШТЕРИН СУРОТТОРУ МЕНЕН, ТАСТЫКТООЧУ ДОКУМЕНТТЕРИ МЕНЕН ЖИБЕРИП ЖАТЫШАТ. БИРОК МААНГА КИРИП ПОСТ ЖАЗУУДА ИНТЕРНЕТ МАСЕЛЕСИНЕН КЫЙНАЛЫП ЖАТЫШАТ.

  34. Эже сонун соз болду. Кыргыздын макалы менен коп маанини тушунсо болот....

  35. Урматтуу платформанын катышуучулары!

    Куркурогон куз келип момо-жемиш бышып тогулуп турган убакта анардын дарылык касиети жонундо сиздер менен болушкум келди.

    Анар - бейиштин момосу деп чон атам жыл сайын кузундо анарды бир бутун анардын  дандарынын бирин да тушурбой чон табакка салып макинин учу менен акырындык  кесип жейт эле, балдарга да ошентип же дечу. Сасык тумоолоп калган балдарга да ичтейин ачат деп анар жегизчу. Корсо анардын дарылык касиетин улуу муундар жакшы билет тура. 

    Интернет маалыматтарын карап корсом анардын курамында организмге жакшы жардам бере турган витаминдер, минералдык заттар, туздар жана микроэлементтер көп экен. Анда азык буласы, глюкоза, фруктоза, лимон, алма кычкылы, азоттун кычкылы, кальций, магний, калий, марганец жана натрий бар экен. Анарды шире, кыям, сироп, шарап жана балмуздак түрүндө жесе болот. Калориялуулугу: 100 г анар маңызында 62-79 килокалорий бар · 100 г анар ширеси 42-65 килокалорийге барабар болот. Анар ширеси табитти жакшыртат тура.

    Анардын дарылык касиети:

    Ич өткөндө: ичеги-карын ооруларына жана өнөкөт ич өткөк оорусун басаңдатууга жардам берет. Элдик медицинада ичтеги курттар менен күрөшүүдө анардын кабыгынан жасалган кайнатма жардам берери аныкталган. Бирок ченеми менен абайлап колдонбосо, ашыкча колдонуудан ууланып калуу коркунучу бар.

    Сасык тумоодо: сасык тумоо ооруларын алдын алууда жана дарыланууда анардын жардамы чоң. Мисалы, ангина оорусунда анардын табигый ширеси менен ооз көңдөйүн, тамакты чайкаса болот. Температуранын көтөрүлүшүнө каршы турган касиетке ээ.

    Күйүп калганда: эгерде дене жеңил күйүккө дуушар болсо, анардын мөмөсү жаракаттын тез бү түшүнө жардам берет. Көз оорусунда: анарды үзгүлтүксүз пайдалануу адамдын көрүүсүнө оң тасирин тийгизет. Катаракта же миопия дарттары менен жабыркагандар күнүнө тамактан кийин бирден анар жеп койсо пайдалуу.

    Кант диабетинде: кант диабети менен жабыркагандарга кандагы глюкозаны толуктоо үчүн анардын кычкыл сортунан шире жасап ичүү сунушталат. Бирок алдын ала доктур менен кеңешип алуу шарт.

    Нерв системи бузулганда : Анардын кургатылган мөмөсүн чайдын ордуна колдонсо, стресстен арылтып, уйкуну жакшыртып, нервди тынчтандырат.

    Аз кандуулукта : кандагы гемоглобинди көтөрөт.

    Ооруну басаңдатууда: баш ооруну ооруну басаңдатууга жардам берет. Ал эми тиш ооруда анардын сөөгүн бал менен аралаштырып колдонсо, жан чыдаткыс ооруну басаңдатат.

    1. Азаматсын Уулкан, сен жазган маалымат абдан кызыктуу экен, чынында улуу муун кан кечкен согушту, ачарчылыкты, жокчулукту, далай кыйынчылыкты баштарынан откорсо да чыдамдуу, сабырдуу болгон экен. Момо-жемишке да абдан маани беришкен. 

    2. Саламатсыздарбы, уйдо кочотторго кам коруш керек, кыш келип калды,

      анардын, жузумдун кочотун кышкыга созсуз орош керекби, кээ бирлер оробойт экен, пайдасы зыяны болсо айтып коесуздарбы. рахмат. 

  36. Мен да азык катары колдонулуп жургон жакгактын дарылыгы менен болушойун.

    Картинки по запросу жангактын дарылыкКартинки по запросу жангактын дарылык«Азык болгондон тышкары миң түркүн ооруларга даба болуп келе жаткан жаңгактын касиети эмнеде?” деген суроо жаралбай койбойт. Жаңгактын данында:

    • май,
    • белок,
    • йод,
    • калий,
    • магний,
    • темир,
    • күкүрт,
    • жез,
    • кобальт,
    • цинк
    • витаминдерден: В, В6, В2, А, С, К 
    • Булардан тышкары амин кислоталарынын топтомдору да бар.   
    • Организмге таасири курамындагы заттар адамдын иммунитетинин көтөрүлүшүнө, денеден оор металлдардын чыгышына, организмдин радиацияга каршылыгынын жогорулашына спайдасы бар. Жаңгак мээни азыктандырып, анын иштешин жакшыртат. Жүрөктүн булчуңун жана ашказанды бекемдеп, атеросклероз оорусунун алдын алат. Кант диабетинен арылууда салым кошот.
    • Жаңгактын жалбырагы микробдорду өлтүрүүчү касиетке ээ .
    • Жаңгак кыямын жасоо
      Көк жаңгактын кыямы (варенье) бөйрөктүн сезгенүү ооруларында (нефрит,пиелонефрит) колдонулат.
    • Жаңгак майы. Жаңгак майы элдик медицинада коньюнктивит (көз оору), тери жаракатында сыйпоо үчүн колдонулат. Отитте (кулак оору) кулакка тамызылат. 
    • Ээ тутумду калыпка келтирүү үчүн
      Бул үчүн жаңгак бальзамын даярдоо керек. 1 килограмм жаңгакка 300 грамм бал кошулат. Ал эми 100 грамм алоэге 300 грамм суу кошулуп, өзүнчө кайнатылып, анан муздатылып алынат. Эми жаңгак, бал, алоэни кошуп аралаштыруу зарыл. Дары бальзам даяр. Күнүгө 3 маал 1 аш кашыктан колдонулат.
    • Имунитетти көтөрүү үчүн
      500 грамм майдаланган жаңгакка 300 грамм бал, 100 грамм алоэнин жана 4 лимондун ширеси, 1 стакан арак кошулат. Аралашма 1 сутка тыныктырылат. Тамак ичерден 30 мүнөт мурун 1 аш кашыктан ичүү сунушталат. Жаңгактын кургатылып, майдаланган 2 аш кашык жалбырагын термоско салып, үстүнө 0,5 литр суу куюу керектелет. Дары чайды түнү менен термосто калтырып, эртеси 50 граммдан 4 маал ичүү талапка ылайык.
    • Тишти тазалоо
      Көк жаңгактын сыртындагы калың кабык менен тишти сүртсө, тиш аппак болуп чыга келет. Ооз ичиндеги жагымсыз жыттар да кетет.
    • Сөөлдөн кетируу
      Жаңгактын жалбырагын бир идишке салып, үстүнө суу куюп кайнатып алат. Анан кайнатма сууп калганда сөөлдүн үстүнө жалбыракты суусу менен басып, үстүнө целлофан коюп таңуу кажет. Муну күндүз деле бир нече ирет жасай берүүгө болот. Сөөл алгач карарып, анан өлчөмү кичирейип баштап, акырында жоголот.
    1. Буажар эже жакшы маалыматтар экен. 

      Менде суроо: Биздин жангактарда йод барбы?

      1. Салам Насиба, жангактын курамындагы йод боюнча ар кандай пикирлер айтылып журот. Жангактын быша элек кок, даны калыптана баштаган мезгилинде  кыям жасалып ден соолукту чындоого, йод жетишсиздигин калыптандырууга колдонулуп журот.  Жангактын ортосун болуп турган жука тосмолорунда йод болгондуктан элдик медицинада калкан безинин койгойлору бар адамдарга дары катары колдонулуп журот.

    2. Жангак кыямы, "Дары леса" момо-жемиштерди кайра иштетуучу Жалал-Абад мекемеси даярдап сатат. 

  37. Рахмаат абдан керектуу кенкштер.

  38. Бүгүн Аксы районунун Жерге-Тал айылында туркундоштуруп тамактануу боюнча тренинг отулду.Тренинге катышкандар керектуу маалыматтарды алышты.Мындан кийин тренингде айтылган туура туркундоштуруп тамактануу боюнча эрежелерди сактасак ден соолугубузга пайдасы чон деп белгилешти.Тренингде каралган маселелер катышуучулардын баарына жакты.
    1. Саламатсынбы Салтанатхан,

      Тренингдер отулуп жакшы иш болуп жатыптыр.


      Туура тамактануу боюнча сабак откон сон, озунуздо эмне озгоруу болду? 

      Кандай тамактарды жасай баштадын, азык-тулук сатып алууда тизменизге эмне пайдалуу нерселер кошулду?

  39. Салтанат, катышуучулардан кандай суроолор болду?

    Туура тамактануунун зарылдыгын тушунуштубу?

  40. Саламатсыздарбы! 10 октябрь куну туура тамактануу жана органикалык айыл чарбасын жургузуу боюнча тернинг отту.  Ошондой эле 24 саатын ичинде кандай тамактангандыгы жонундо сурамжылоо тестин жургуздум.

    Катшуучуларга кыш мезгилине карата уйдогу текчеде кок чопторду остурууну сунуштап, озум эккен райхан жана укропту мисал катарында корсотуп бердим. Ошондой эле СПУ лар учун откорулгон ТоТто Расул аттуу био фермер менен таанышып, ал озунун талаасында остургон органикалык дарбызын берип жиберген эле.  Катышуучулар менен биргеликте даам таттык. Окуунун ортосунда Ханойская башня аттуу оюунду ойногонду да жетиштик. Жалпысынан айтканда катышуучулар учун кызыктуу жана пайдалуу болду. Катышуучулар тамактанууда көптөгөн нерселерди туура эмес жасагандарын, сырттан пайдасыз нерселерди көп пайдалангандыгын, жашылча жемишке көп конул бурбагандыгын айтышты. Рационду озгортобуз туура тамактанууга жана аны менен жакындыр менен болушоорун айтышты. 

     


    1. Асел азаматсынар, органикалык ондуруш, органикалык продукция жонундо калк арасында тушунуктор жетишсиз, Сузакта ЖарКыштак айылында био фермер Инамов Мамыржан био куруч бар 100 сом/кг, чайканалар алып коет деп калды, шаардагы тааныштарга сунуштасак, органикалык куруч, ал кандай болот деп сурап атышат. 

  41. Насиба кандай ден соолуктар жакшыбы,мен Жалалабадда окуп келгенден кийин эле 5маал тамактанууга конул бургам,сууну аз ишчумун азыр кобурок иче баштадым,уй буломо кечкисин женил аш болчу тамактарды жасай баштадым.Азыр той аш коп,ошондуктан кечинде созсуз 1стакан айран ичкенди адат кылдым.Эрте менен чеснок салынган суу ичкенди адат кылдым,булардын баары тренингдин пайдасы деп ойлойм.
  42. Буажар эже кандайсыз иштер менен чарчабай турасынарбы,катышуучулар ар кандай суроолорду беришти,копчулугу биз беш маал тамактанууга конул бурбайт экенбиз, тушко чейин 10дон 11ге чейин жок дегенде алма же нак жеп алыш керек экен дешти,бирок биз кечкисин коюу тамак жеп ашказанды кыйнайт экенбиз,эми тушкусун кучтуу кечкисин женил аш болчу тамактарды жасайлы,дешти.
  43. Туура тамактануу биздин озубуз учун эн маанилуу багыт,дени сак уй булоо,дени сак улут.

  44. Асел азаматсын! ишей турган адамдар ушинтип эле иштейт, мойнунан байлаган ит ууга жарабайт дегендей. Башкаларды коруп атабыз мааниси жок создорду жазып эле эптеп созду кобойтуп атышат. Айрыкча башка командалардын жазгандарын коруп окуп байкап жатабыз. Биздин командада такыр эле кирбеген адамдар бар. Аларды кандай кылганда кызыктырабыз билбейм.

    Асел сенде корунуп турат чын конулдон аракет жасап жатасын, сендей СПУлар кобуроок болсо жакшы болот эле.

    Рахмат!

  45. Рахмат! Ушул тренинг менен токтоп калбай дагы да туура тмактануу боюнча тааныштарыма, туугандарыма, досторума маалымат берегни аракет жасайм. Тренинг маалында катышуучуларга чиринди жасап огородко колдонсонор болот деп айттым эле ошол боюнча кантип жайсат деп айттын эле, эмне кошуш керек эле дегендей коптогон суроолор менен кайрылышып жатышат. Андан сыркары бири-бирине топ келген жана топ келбеген тамак аштар боюнча кайра-кайра сурашууда.  

  46. Саламатсыздарбы маан платформасынын катышуучулары!

    Мен бугун Буажар эже аркылуу бул платформага катталдым. Озум жонундо айтсам: мен Био Сервис уюмунда практика отуп жатам. Атам био чарба жургузот. Коптогон кызыктуу маалыматтардан озумо керектуусун пайдаланамын.

  47. Саламатсыздарбы?- мен да бугун Буажар эже аркылуу ушул платформага катталдым. Тамактануу боюнча жакшы маалыматтарды алам деп ойлоймун.

    Озум жонундо: Ноокен району, Шайдан айылынанмын. Мен кесибим мугалим, бирок турмуш шартка байланыштуу кесибим боюнча иштебей, баламды карап уйдо олтурамын. 

  48. Йоддун мааниси жана йодду кайдан алабыз


    Йоддун адамдын  ден соолугу үчүн өтө маанилүү экенине айрымдарыбыз көп деле маани бербейбиз. Йодсуз организмдин өсүүсүнө доо кетет, организмде заттардын алмашуусунда көйгөй жаралат. Бул боюнча изилдоолорду жургузгон врач Иса Коноевич Ахунбаев озунун эмгектеринде жазып калтырган.

    Керектүү деңгээлде йодду албай калган организмдин өсүүсүндө  кемчиликтер болот, бирок йод кайдан келерин билбейбиз.

    Йод эмнеге керек?

    Йод  организмде заттардын алмашуусун жөнгө салып турган калкан безинин гормондорунун негизги компоненти. Өзгөчө энедеги түйүлдүктүн өөрчүшү үчүн өтө маанилүү. Баланын өсүүсүнө, мээнин өнүгүшүнө, зат алмашууда негизги ролду ойнойт.

    "Эгерде кош бойлуу аялдын организминде йод жетишсиз болсо, алардын балдары кабыл алууга жөндөмсүз болуп калышат жана тубаса гипотиреоз илдетинин белгилери менен төрөлөт экен.

    Болжолу, азык-түлүктөрдүн ичинен йоддун мыкты булагы - ак эттүү балыкта жана жумурткада бар. Бул койгойду чечуу учун Кыргызстанда аш тузуна йод кошуп байытат. Йод жетишсиз болсо  баланын ар тараптуу өсүшүнө чоң кесепетин тийгизет.

    Йодду кайдан алабыз?

    Йоддун негизги булагы - деңиз азыктары

    Йоддун деңизден кургакка өтүп келген жолу жөнөкөй эмес. Иондор атмосферага көтөрүлүп, кийин жамгыр менен жерге түшөт. Аны өсүмдүктөр сиңирип, чөп менен азыктанган жаныбарлар аркылуу биздин азык-түлүктөрдө пайда болот.

    Канча йод керектоо керек?

    Аялдар күнүгө 150дөн 300 микрограммга чейин йод колдонушу керек. Ал эми эркектер 150 микрограмм. Бирок биз колдонгон азык-түлүктөрдө йоддун канча болорун так эсептеп чыгууга мүмкүн эмес. Диетологдордун айтканына караганда майлуу балыкта ак этүү балыкка караганда йод азыраак болот.

    Ошондуктан туркундоштуруп тамактанууда организмди керектуу заттар менен камсыздоодо чон мааниси бар.  Эт, сүт азыктарын, балык жегенди адатка айландырышыбыз керек.


    1. Буажар эже,

      Сонун материал, айрыкча кош бойлуу аялдар учун ото маанилуу, башкабыз учун деле..

      Гезитке сиздин атыныздан чыгат кудаа кааласа

  49. СӨӨКТҮН МОРТ БОЛУШУ– КАЛЬЦИЙДИН ЖЕТИШСИЗДИГИ

    Жашообузда коп эле кезиктирип журобуз, эшик алдынан буту тайып кетип бул тууганыбыз жамбаш соогун сындырып тошокто дегендерди. Же жашы 60 тан ашкан адамдардын энкейип, букуройуп басып калышы да организмде кальцийдин жетишсиздигинен болот экен.  Бул боюнча медицина илимдеринин доктору, ортопед-вертебролог Жаныш Сулаймановдун билдиргенине караганда Кыргызстанда 50 жаштан ашкан ар бир үчүнчү аял, ар бир бешинчи эркек остеопороздон жабыркайт.

    • Күндөлүк тамак-аштын курамында кальций жана D витаминдери бар азыктардын жетишсиздиги оорунун негизги себептеринин бири
    Организмде D витамини жетишсиз болсо, тамак-аш аркылуу кирген кальций толук сиңбейт. 5-8 пайызы гана сиңет. Аталган витаминдин жетишсиздиги көбүнчө балдарда итийди, чоңдордо остеопорозду жаратат.

    • Ички бездердин оорусу (эндокриндик оорулар).
    Гормоналдык системдин иштөөсүнүн бузулушу сөөктөрдөгү кальцийдин жуулуп кетишин шарттайт.

    • Климакс.
    Калкан сымал жана бөйрөк үстүндөгү бездердин гормондорду иштеп чыгаруусу төмөндөйт. Бул сөөктөр түзүлчү коллагендик булалардын тыгыздыгына жана түзүлүшүнө терс таасир этет.

    • Кээ бир оорулар (гастрит, энтероколит, ашказан жарасы).
    Аталган дарттар тамак-аш менен кирген пайдалуу элементтердин, анын ичинде кальцийдин сиңирилүүсүн бузат.

    • Сезгенүү менен коштолгон дарттар (ревматоиддүү артрит, остеоартроз жана башка).
    Оорулардын кесепети сөөктү борпоң кылып салат.

    • Газдалган суусундуктарды көп ичүү.
    Жыйынтыгы кальцийдин көбүрөөк жуулуп кетишине жеткирет. Муну өзгөчө кош бойлуу аялдар эске алуулары зарыл.

    • Жаш курак.
    Жаш өткөн сайын кальцийдин сиңүүсү начарлайт.

    • Күн нурунун алдында, таза абада аз сейилдөө.
    Күн нуру организмде D витамининин иштелип чыгуусун шарттайт. Витамин болсо кальцийдин жакшы сиңишине өбөлгө түзөт.

    Остеопороздун белгилери

     50 жаштан кийин алган жаракаты оор болбосо деле сөөк сынып кала берет.
     Арка-бел уюп, сыздап ооруйт.
     Адамдын бою кичирейет, чөгөт.(50 жаштан кийин 3-4 сантиметр, бул борпоң болуп калган омуртка сөөктөрүнүн сынышынан да болот).
     Келбет бузулат, омуртка кыйшаят.
     Адам салмагын жоготот (кальций жуулуп кеткенде сөөк жеңил болуп калат).

    АЛДЫН АЛУУ

     Жаш балдарды күнгө көтөрүү, күндө ойнотуу;
     40-45 жаштан баштап кальций каражаттарын врачтын кеңеши менен ичип баштоо;
     Климакс башталгандан тартып өмүр бою кальций ичүү;
    • Курамында D витамини жана кальций бар азыктарды колдонуу
    • Оорулардын белгилери пайда болгондо врачка корунуп оз убагында  дарылануу
     Көбүрөөк кыймылдоо (кыймыл көп болсо, сөөк бекем болот);
     Тамеки чекпөө, ичкилик ичпөө (кальцийдин сиңишине терс таасир этет);
     40-45 жаштан кийин жылына 1-2 ирет сөөктүн минералдык тыгыздыгын билүү үчүн денситометрия аппаратына түшүп, текшерилүү керек.

    D ВИТАМИНИНЕ БАЙ АЗЫКТАР

    КАЛЬЦИЙГЕ БАЙ АЗЫКТАР

  50. ЖАШ БАЛДАРГА КАЛЬЦИЙДИН ЖЕТИШСИЗДИГИ ЭМНЕСИ МЕНЕН КОРКУНУЧТУУ? Ар бир ата- эне баласынын ден- соолугу чын болуп, туура өсүп- өнүгүп жана калыптанышын каалайт. Ал үчүн тиешелүү эрежелерди карманып туура кам көрүүгө аракет жасайбыз. Тамактануусу, физикалык активдүүлүгү, таза абада сейилдөөсү жана башка ушул сыяктуу туура кам көрүүлөр кирет. Тилекке каршы кийинки мезгилде жаш балдарына мобилдик телефондон ар кандай мультфильмдерди коруу менен жаш балдарыбыз таза абада ойноосу азайып баратат.  Боюунун жана акыл- эсинин өнүгүп- өсүшү менен анын кыймылынын активдүүлүгүнө күч жумшалат. Сөөктүн, тиштин, булчундардын туура калыптанышы үчүн организмине болгону жетиштүү өлчөмдө кальций керек болот жана ага болгон муктаждык жыл сайын өсүп турат. Андыктан балакай үчүн керекүү өлчөмдө кальцийди камсыз кылып берүү милдетиңиз экенин унутпаңыз. Анткени кальцийдин жетишсиздиги ден- соолукка олуттуу залакасын тийгизет. Баланын организимине кальцийдин жетишсиздиги эмнеси менен коркунучтуу? 3 жаштан өткөн балдардын көпчүлүгүндө бат чарчоо, чырлануу, бала- бакчага же мектепке баруудан баш тартуу жана бут ооруусу пайда болот. Демек, ага кальций жетишпей жатат. Тамак- аш менен чогуу кальций жана Д3 витаминин жетиштүү алууга болобу? Тилекке каршы, мындай шартта бир аз тоскоолдуктар бар. Бир жаштан 3 жашка чейинки балдардын бир күндүк талап кылынуучу кальцийдин өлчөмү 800мг- га барабар болот. ал эми 3 жаштан өткөндөргө 900мг- дан жогору керектелет. Эгер организм керектүү өлчөмдө кальций албаса, анда, сөөктөргө терс таасирин тийгизет, омуртканы кыйшайтат. Тырмактар бат сынат. Тиши кеч чыгат жана эрте эле кариеске кабылат. Боюу өспөй токтоп калат. Дене-мүчөсү бузула баштайт. Мындай көйгөйлөрдү болтурбай алдын алуу үчүн балдардын кабыл алган тамак- ашына пайдалуу азыктарды колдонушубуз керек.                Мен жашоодо 32 тиши бутун сакталып кулгондо азуу тиштерине чейин кашкайып корунгон инсанды аз жоолуктурдум. Бул биздин баланы жашынан баштап тишине кам корууну уйрото албаганыбызбы же курамында кальцийи бар тамак-аштарга маани бербегенибизби же генетикалык тузулушубузго байланыштуубу? 


  51. Организмге кайсы витамин жетишсиз экенин кантип билсе болот?

    Чың-ден соолук бул – адамдын жаркылдаган жүзү. Эгерде келбетиңиз келишимдүү болуп турса, мунун өзү чоң жетишкендик. Бул жетишкендиктерге жетүү үчүн организмди керектүү витаминдуу тамак-аштар менен толуктап туруу керек.

    1. Теринин кургашы

    Эгерде териңиз кургап, түлөп жатса, анда сиздин организмиңизде E витамини жетишсиз. Мындайда кадимки жаңгак, майлуу балык жана өсүмдүк майы кошулган тамактар жардам берет

    1. Чач жана тырмактын морт болушу (сынып калуусу)

    Организмдеги В витамини жана кальцийдин жетишсиздиги чач менен тырмакты морт кылат. Тырмак ийилчек болуп сынат, ал эми чачтын сымбаттуулугу жоголуп, түшө баштайт.

    1. Тиштин канап кетүүсү

    С витаминин жетишсиздигинен улам тиштин буйлолору канайт. Аны алдын алуу үчүн пиязды, сарымсакты жана мөмө-жемиштерди көбүрөөк жеш керек.

    1. Уйкунун качуусу жана кыжырлануу

    Организмде калий жана магнийдин азайып кетүүсүнөн улам, адамдан уйку качып, ачуулуу болуп калат. Андыктан организмди аталган заттар менен толуктаңыз. Алар өрүк какта жана кызылчада бар.

    1. Чыканактын бүдүр болуп кетиши

    Организмдеги С жана А витаминдеринин жетишсиздиги чыканактын терисинин бүдүр болуп кетишине алып келет. Бул витаминдер кызыл-саргылт түстөгү бардык мөмө-жемиштерде бар. Мисалы: сабиз, ашкабак, помидор, өрүк жана данексиз өрүк кактарда бар.

    1. Эгерде ар дайым туздуу нерселерди жегиңиз келсе...

    Туздуу тамак-аштарды талап кылган организмде кандайдыр бир инфекция болот. Же болбосо табарсыктын сезгенишинен улам адам туздуу тамак-ашка басым жасап калат.

    1. Таттууларды жегиңиз келсе...

    Эгерде канчалык көп жесеңиз дагы таттууларды кайра самай бере турган болсоңуз анда сөзсүз врачтан корунуз, кандын курамындагы глюкозаны текшеруу керек. Таттууну көп жегенден ичеги-карын жабыркашы мүмкүн, андыктан маал маалы менен азыраак бал менен ачуу кара шоколад жеп койсоңуз баары жакшы болот.

    1. Кычкыл жегиңиз келсе...

    Организмде өт жана боордун ылдам иштөөсү дайыма кычкыл тамак-аштарды кабыл алууну талап кылат. Андыктан күнүмдүк рационуңузга лимон менен клюкваны (түндүк тарапта жазда өсө турган кызыл жемиштүү өсүмдүк) кошуп койсоңуз пайдасы зор болот.

    1. Ачуу жегиңиз келсе...

    Ичеги-карындын иштешинин бузулушу, адамдын ачуу тамак-аштарды жешине түрткү болот. Мындайда күнүнө 1литрден ашык суу ичип, организмди тазалап алуу кажет.

    1. Деңиз тамак-аштарын жегиңиз келсе...

    Дайыма деңиз тамак-аштарына тамшансаңыз, анда сиздин организмиңизге йод жетишпейт!

    Буларды билуу абдан маанилуу.


    1. Буажар эже сиздин маалыматтарныз абдан жакшы жана пайдалуу.

    2. Буажар эже, жонокой жана аябай пайдалуу кенештер экен рахмат)

  52. Конкурс горных рецептов к Международному Дню Гор


    Примите участие в глобальном конкурсе рецептов кухни горных стран, объявленный Секретариатом Горного Партнерства к Международному Дню Гор.

    Крайний срок заявок – 14 ноября.


    Лучшие рецепты войдут в публикацию горных рецептов, а занявший первое место будет отмечен ценным призом для подавшего заявку.

    Заявки принимаются он-лайн, необходимо заполнить форму по ссылке:http://www.fao.org/international-mountain-day/recipe-and-photo-contest/en/ , указав следующее:


    - Информация о заявителе (имя, дата рождения, страна, электронный адрес);

    - Название горного рецепта;

    - Краткое описание культурного аспекта данного блюда для страны;

    - Полное описание рецепта (название горных ингредиентов, пропорция и инструкция для приготовления;

    - Фото готового блюда (загрузить фото он-лайн в заявке)

    - Страна, где было сделано фото.


    Можно заполнить на русском языке, если затрудняетесь сделать это на английском.


    Давайте сделаем так, чтобы рецепты Центральной Азии вошли в публикацию!

    Удачи!


    С уважением,

    Алма Карсымбек

  53. АЗ КАНДУУЛУК

    Организмди керектүү витаминдер менен толуктап, иммунитетти көтөрүп алууга мүмкүнчүлүк бар. Жашылча-жемиштер анемия оорусунан кутулууга да даба. Келгиле, көпчүлүктү азапка салган аз кандуулук оорусу тууралуу толугураак маалымат алалы.

    ГЕМОГЛОБИН КАНЧА БОЛУШУ КЕРЕК?
    (Гемоглобиндин граммы 1 литр канга карата)
    Эркектерде – 130-160 г/л
    Аялдарда – 120-150 г/л

    Анемия деген кандай оору? Эмнеден пайда болот?

    – Анемия же аз кандуулук – учурда эң көп таралган оору. Аны көпчүлүк этибарга алышпайт. «Жүзү кубарып, бат чарчаса эмне болуптур? Жакшылап эс алып, уктаса, анан алма менен гречканы көбүрөөк жесе эле болду» деп ойлошот.                                  Эритроцит өзүндөгү гемоглобин белогу болуп кычкылтекти адамдын бүт организмине ташыйт. Кандайдыр бир себептер менен канда гемоглобин азайса, анемия келип чыгат.

    «БАШКЫ БЕЛГИСИ – ТЕРИ КУБАРАТ»
    – Гемоглобин азайганда организмге кычкылтек жетишпей баштайт. Андыктан бул ооруда адамдын териси (анын ичинде жүзү) кубарат, кургайт, түлөйт. Башы ооруп, аба жетишпей демигет, алсырайт, бат чарчайт, башы айланат. Буту-колу чымырайт жана муздайт. Тырмактары бат сынат, чачы түшөт. Ойлоо, бир нерсени эске тутуу кыйындайт. Кээде эстен тануу да күтүлүшү мүмкүн. Адам кээ бир нерселерди, мисалы, топуракты, борду жегиси келет. Ал тургай мурун өзүнө жакпаган жыттарды (ацетон, бензин, лактын жыттарын) самай баштайт.

    «ЭҢ КӨП КЕЗДЕШКЕНИ – ТЕМИР ЖЕТИШСИЗДИГИ АНЕМИЯСЫ»
    – Анемия негизинен 4 түргө бөлүнөт: Темирдин, B12 витамининин, фолий кычкылынын жетишсиздигинен келип чыккан анемиялар жана тубаса түрү. Булардын ичинен эң көп тараганы – темир жетишсиздигинен пайда болгон анемия.
    Адамдын организминде 3-4 грамм темир болот. Булардын 70 пайызга жакыны гемоглобинде, калгандары көк боор, боор жана сөөк чучугунда кармалат.
    1 суткада адам темирдин 1-2 граммын жоготуп турат (тер, заара менен чыгат, чачтын жана тырмактын өсүшүнө кетет). Туура тамактанганда биз тамак-аш аркылуу 1 суткада 1-2 грамм темир алып, жоголгон темирдин ордун толуктай алабыз. Бирок бул баланс дайыма сакталбайт, анын үстүнө кырсык же оорулардын айынан да темирди көбүрөөк жоготушубуз мүмкүн.
    Тагыраак айтканда, темир жетишсиздиги анемиясын төмөнкүлөр шарттайт:

    • Туура эмес тамактануу
      Фастфуддарды жеп, газдалган таттуу суусундуктарды ичүү адаты. Ошондой эле жашоо-тиричилиги начар болуп, нан, чай менен гана тамактануу. Курамында темири эң көп азыктардын бири бул – эт. Бирок муну көп жеген адамдар деле анемияга чалдыгат. Изилдей келсең, тамактын артынан дароо чай ичет. Чай – жакшы суусундук. Бирок тамактын артынан чайды көп ичкенде анын курамындагы кофеин ашказан менен ичегинин бетин плёнка сымал каптап, керектүү заттарды, анын ичинде темирди организмге жакшы сиңирбей коёт. Андыктан чайды тамактангандан кийин 30-60 мүнөт өткөн соң ичүү зарыл.
    • Кан жоготуу
      Муну төмөнкүлөр шарттайт: Ашказандагы жана ичегилердеги жаранын канашы, органдардын биринде рактын болушу, геморройдо жана миомада кан кетүү, көп ирет төрөө жана аборт, этек кирдин көп келиши, сөөк чучугунун оорусу (жаңы кан сөөк чучугунда жаралат)
    • Темирди керектөөнүн өсүшү
      Буга боюнда болуу, бала эмизүү, бойдун өсүшү кирет.

    «ЭМНЕ ЖЕТИШПЕСЕ, ОШОНУ ТОЛУКТАП ООРУДАН КУТУЛУУГА БОЛОТ»
    – Врач анемиянын кайсы түрү экенине карап дары-дармек жазып берет. Мисалы, темир жетишсиздигинде тардиферон, тотема, феррум Лек сыяктууларды жазып, күчтүү тамактанууну сунуштайт. Алып айтсак, бозо, кымыз ичип, этти (өзгөчө уйдун тилин) көп жеш керек. Ал эми фолий кычкылынын жетишсиздигинде негизинен фолий кычкылын, B12 витамининин жетишсиздигинде ошол витаминди жазып берет.

    «АЗ КАНДУУЛУКТУН КЕСЕПЕТИ ЭМНЕДЕ?
    – Анемиянын белгилери билинер замат гематологго (же терапевтке) көрүнүп, диагнозду тактатуу кажет. Учурунда дарыланбаса иммунитет төмөндөйт, буту-колдун булчуңдары ооруп, акырындап кичирейе баштайт. Жыт жана даам билүү менен кошо эске тутуу, ойлоо жөндөмдүүлүгү төмөндөйт. Кычкылтектин жетишсиздигинен, зат алмашуунун бузулушунан жана башкалардан улам ички органдарда өзгөрүүлөр жүрөт, ошондой эле түрдүү оорулар жарала баштайт. Акырындап кайда жүргөнүн билбей башы айлануу (ориентацияны жоготуу) жаралат. Аз кандуулук суукка бат-бат урунуу жана гастрит оорусу менен да коштолорун айта кетели. Эң акырында адам өлүмгө учурайт.
    Анемияга учураган балдардын сабакты өздөштүрүүсү начарлайт, башкалардан артта калат. Аз кандуулук өзгөчө кош бойлуулукта коркунучтуу. Анткени ичтеги баланын өспөй же өлүп калышы, бойдон түшүү, ара төрөлүүсү толук мүмкүн. Төрөттө кан токтобой аялдын өмүрү коркунучка кабылат. Андыктан балалуу болууну пландагандарга алгач текшерилип, каны аз болсо толуктап, анан балалуу болууну пландоо сунушталат.

    Дени сак энеден дени сак бала төрөлөрүн ар бир эне унутпашы зарыл.


    1. Кыргызстан куностуу олко, туркун момо-жемиштерди остуруп, кургатып, бышкан момо-жемиш, жашылчадарды тондуруп кыш маалында да колдонууга болот. Дасторкондо кургатылган витаминдуу азыктар: орук, кайналы, алма, ит мурут ж.б. дайыма болушу керек. Кампот, ботко, шорпо, дымдама сыяктуу тамак-аштарды даярдоодо кошуп даярдап,же озунчо жегенди адатка айландырсак замандаштар.

  54. Ит мурун

    Аз кандуулук оорусу айрыкча энелерде жана балдарда кобуроок кездешет.

    Бизде тоолуу аймак болгондуктан аз кандуулуктун белгилери байкала баштаганда ит мурундан чай жасап ичууну адатка айландырып алганбыз. Кузундо ит мурун жакшы бышкан мезгилде кургатып, аба откоргон баштыктарга салып салкын жерде сактап, жыл бою колдонобуз.

    2 аш кашык кургатылган ит мурундун мөмөсүн майдалап, ага 2 стакан кайнак сууну куюп 6-8 саат тыныктырып коёсуз. Тыныккан соң сузуп алып балдарга 1 стаканды төрткө бөлүп берүү керек. Ал эми чоңдор 1 стакандан ичсе болот. Бул маңызды бир күндө 3 маал ичүү дене табын түшүрүүдө, бөйрөктө ташы барларга жана боор ооруларында сунушталат. 

    1 аш кашык ит мурундун тамырына 2 стакан кайнак суу куюп, жай отко 15 мүнөт кайнатасыз. Ал кайнап чыккан соң бир аз тыныктырып, андан соң марлиден өткөрүп, жылуу кезинде бир күндө 1 стакандан бир жума ичесиз.

    Ит мурундун коюу манызы

    Азыркы учурда дарыканаларда сатылат. Анын негизги касиети бекемдоо. Анда С витамини коп. Мындай маныз кышкы жана жазгы мезгилде адамды вирустук оорулардан сактап, иммунитетти которо алат. 

    Ит мурундун тундурмасынын пайдасы

    Турдурма абдан оной жасалат. 1 кашык кургатылган ит мурун жемиштерине, 2 стакан кайнатылган суу кошуу керек. Андан сон ал 10-15 саат тыныктырабыз. Мындай турдурманы тамак алдында жарым стакандан ичуу керек.

    Эскертуу: Ит мурун манызы кычкыл болгондуктан тишке зыянын тийгизбеш учун тутук аркылуу ичуу керек.



    1. Ит мурун гепатит оорусуна аябай пайдалуу, термоско дамдап  шекер кошуп ичуу керек.  

    2. Уулкан эже, токой момо-жемиштерин коромжуга учуратпай терип, кургатып саткандан сырткары, уй шартында ден соолукка жагумдуу суусундуктарду даярдап колдонуп, азыктанууну жакшыртууду маанилуу сунуштарды берип атасыз, рахмат!

  55. Ит мурун -витаминдерге жана минералдарга бай. Анын курамында С витамини коп, карагатка караганда 7-10 эсе, лимонго караганда 40-50 эсе коп.

    Кальций, калий, марганец, магний, фосфор, темир, цинк, жез заттары коп

    100 гр ит мурундун курамы: 60 гр суудан, 1,6 г белоктон, 14,0 г углеводдон турат, майы жок.

    Олчому 1 чон аш кашык та 30 гр, бир стаканда 190 гр болот

    1. Ото пайдалуу маалыматтар экен рахмат !

  56. Бору карагат

    Ар ким оз жериндеги баалуу нерселер менен сыймыктанат эмеспи, мен да биздин чолкомдо оскон дары чоптор жонундо болушкум келди.

    Тоолуу, токойлуу  жерде өскөн бадал осумдугу - бору карагат же жергиликтуу элдер "изирик"- дешет. Бору карагатты терип келип, кыям жасап, кадимки тумоо болгон, көк жөтөл болгон адамга берген. "Миңдин бири" деп дайым колдонушкан. Бөрү карагаттын тамырын казып алып, кургатып, аны кайнак сууга салып, ысык бойдон ичишкен. Ал кан басымга, бөйрөккө, боор ооруга пайдасы чоң.

    1. Колдо бар нерсенин баркы жок дегендей, колдо бар баалуу витаминдуу, ден соолукка жагымдуу азыктар бар экенине карабай аптекаларга суркайбыз. Сузак районундагы Орток айылынын тургундары, дегинкиси токойдун ичинде жашашат, ошол айылда 1 орус улутундагы байбиче булдуркон, долоно, бору карагат ж.б. токой осумдукторунун момосу, жалбырагын кошуп чай, компот, тамак-аштарга кошуп пайдаланарын, ошол эле учурда жергиликтуу уй булолордун рационцнда чай, нан кобуроок болорун айтышты. Тамак-ашты пайдалануудагы адаттарды озгортууго мезгил келди, баштаныздар ар бириниздер озунуздордон

  57. Мен биздин платформанын катышуучуларынан сурайын дедим эле. 

    Ормо кара деген кандай чоп, кандай ооруларга колдонулат?

    1. Салам Уулкан,бул суроону жакшы бериптирсин.

      Мен да бул дары чоп боюнча уктум эле, сооктун сыныгына колдонулат деп. Мага да бул дары чоп боюнча билуу кызык.

  58. Кадимки бака жалбырак (тырмак оорусу, грибок) оорусунда аны ороп, ириңди сыртка чыгарган. Ал эми ушул эле чөптү чыйкан чыккан жерге коюп, жарасынын оозун ачтырган.

    Бул дары чөп май айынан сентябрга чейин гүлдөйт. Жалбырагын жай бою даярдоого мүмкүн болсо да, гүлдөгөнгө чейин чогултуп алуу жакшы. Анткени таасири күчтүүрөөк болот. Бака жалбырактын курамында кремний кислотасы, адамды сергитүүчү заттар жана башкалар бар. Бака жалбырак бактерияларды өлтүрүүчү касиетке ээ.

    Колдонулушу

    • Жалбырагын чай сыяктуу демдеп ичсе, жөтөлдө, дем алуу жолдоруна суук тийгенде, ич өткөктө пайдалуу.

    Дарыны жасоо ыкмасы: кургатылып майдаланган жалбырагынан 10-15 грамм алып, үстүнө 200 грамм кайнак суу куюлуп, демделет. Муздаганда сүзүп алып, 1 аш кашыктан 5-6 маал ичүү керек.

    Жара чыкканда, бир жерин кесип алганда, чыйкан чыкканда, уйку качканда, ичеги ооруларында бака жалбырактын ширеси ичилет. Ал үчүн 1 чай кашык жалбыракты            1 стакан сууга кайнатып, 2 саат демдеген соң улам бир ууртамдан иче берсе болот.

  59. Каакым.

    Бийиктиги 10-40 см. чейин жеткен көп жылдык чөп өсүмдүгү. Жер тандабай өсөт. Апрель, май айларында гүлдөйт. Тамырынан жана жалбырагынан кайнатылган тундурмасын кант диабетине чалдыккандарга, бөйрөк, жүрөк ооруларында, уйку качканда, табитти ачууда жана тамакты жакшы сиңирүү үчүн, ошондой эле, денедеги жараларды, кычыткыны (экземаны) айыктырууда пайдаланышкан. Тамырынан ачытылып даярдалган дарыны күйүккө жана какымдын сүтүн сөөлдү, беттеги сепкилди кетирүүгө колдонушкан. Жалбырактарын, сабактарын, тамырларын чай катары демдеп ичишкен.

  60. Ураа  акыры катталдым.

    Саламатсыздарбы, платформанын мучолору!

    Мен бугун ушул платформага Буажар эже аркылуу катталдым. Айыл жеринде интернет жай иштегендигине байланыштуу 2-3 айдан бери каттала албай журдум. Акыры шаарга келип компьютерден катталууга туура келди.

    Озум жонундо: Мен Ноокен районунун Шайдан айыл окмотунон болом. 2010-жылдан бери органикалык чарба жургузуп, пахта остуром.

    1. Сапаргул кош келиниз маан платформасына!


  61. РЕАЛЬНОЕ РЕШЕНИЕ ПРОБЛЕМЫ ЗАГРЯЗНЕНИЯ ОКРУЖАЮЩЕЙ СРЕДЫ


    Биопакеты – это пакеты на основе биотически разлагаемого сырья растительного происхождения. В зависимости от выбранного состава могут иметь различный срок службы (в среднем, от 3-х месяцев до 1 года) и различный период разложения (от 3-х месяцев до 3-х лет).


    5 ПРИЧИН В ПОЛЬЗУ ВЫБОРА ЭКО-ПАКЕТА

    • Продукты разложения не являются токсичными, а являются пищей для микроорганизмов почвы и встречаются в природе и в живых организмах
    • Эко-пакет полностью разлагается под действием микроорганизмов в анаэробных и аэробных условиях на СО2, метан, Н2О, биомассу и неорганические соединения и утилизируется путем компостирования
    • Не требуется раздельного сбора, сортировки, переработки для повторного использования или других решений для утилизации (мусородробилки на свалках, сжигание и т.д.), как в случае с традиционными пластиками
    • Бережное отношение к окружающей среде через минимизацию использования вредных пластиковых пакетов с их заменой на экологические
    • Соответствует экологическим стандартам Евросоюза, Северной и Южной Америки, Австралии и Японии.

    Пакеты можно приобрести по адресу:

    Экомаркет Ecoland
    ПН-ВС 9:00-20.00
    0 (559) 506 999
    г. Бишкек, ул. Байтик Баатыра, 76 (пер. Дружба)








    1. Абдан сонун, базар, магазиндерде да ушундай пакеттерге салып беришсе, абдан жакшы болмок. Мен колдойм. Андыктан мен базардан бир нерсе сатып алганда ашыкча пакет албаганга аракет жасайм, ошентип ар бирибиз озубуздон баштасак коп нерсеге жетишебиз. Куч бирдикте!!!

    2. Спасибо! Очень полезная информация.

    3. Жашоодогу кыйынчылыкты оз эмгеги менен багындыргандар данк!

    4. Асылгул туура сунуш, Био пакеттердин ондурулушу учурдун талабы, пластик баштыктар, баклашка, пластик идиштер (таралар) ж.б.у.с. таштандылар кун сайын тонналап чогулуп атат, муну менен биз коп жылга созулган айлана чойронун булгануу койгойун жаратып атабыз. Келиниздер, кебез баштыктарды, био пакеттерди колдонолу.

  62. Эко баштык боюнча оз оюмду айтайын.

    Чынында дукондон самын алсан да, кукурт алсан да пакетке салып берет. Натыйжада ушундай пакеттер кобойгондон кобойуп уйдун айланасын гана эмес арык чонокту, дарактардын тупторун, жада калса эгин эгилген талааны да булгап бутту. 

    80-жылдардагыдай женил жуулчу материалдан базарга ылайыктап 5-6 кг азык тулук баткыдай эки сабы менен баштык тигип колдонсо болот,  албетте бул айылдыктар учун. Кирдегенде жууп койсон тазарат, аялдардын кол сумкасына буктоп салып койсон оордук жаратпайт, керек мезгилде дароо жанында болот. Колдонуу мооноту узак, ишенимдуу,  айрылып кетпейт.

    1. Оба, жакшы идея озубуз башкаларга пример болушубуз керек.  

  63. Очистка сосудов от вредного холестирина народными методами 

    https://www.youtube.com/watch?v=RglL7QhkTDY&feature=share


  64. Как выглядят 100 калорий в овощах и фруктах!

  65. Профилактика инфаркта, чистка сосудов! https://www.youtube.com/watch?v=9Ogg5c7IxOc&feature=share

  66. КАРТОФЕЛЬ И ЛУК СНИЖАЮТ РИСК РАЗВИТИЯ РАКА ЖЕЛУДКА
    Регулярное употребление картофеля и лука снижает для организма риск развития рака желудка. Вывод об этом был сделан китайскими учеными.

    Специалистами Чжедзянского университета были проанализированы результаты 76 исследований, в которых изучалась связь ежедневного рациона питания и рака желудка. Такая связь была рассмотрена с учетом данных о питании более 6 миллионов человек.

    В результате специалисты установили, что люди, в рационе которых было много лука и картофеля, на треть реже страдали от рака желудка, чем те, кто употреблял очень мало этих овощей.

    Защиту организма от рака желудка в связи с употреблением лука и картофеля исследователи склонны объяснять действием антиоксидантного компонента этих продуктов – витамина С.

    «Ежедневное употребление 50 мг витамина С, которые содержатся в двух средних картофелинах, уменьшают вероятность возникновения рака желудка на 8%», - заявили авторы работы.

    В свою очередь, присутствие в ежедневном рационе солений и алкоголя, согласно их данным, увеличивает риск развития онкозаболевания желудка.

    Источник: https://www.medikforum.ru
    http://www.medlinks.ru/article.php?sid=86772

    1. Картошканы колдонуп атканда, карарган, чиригендерин кесип салып таза жагын тамак-ашка иштетбестен толугу менен ыргытуу керек, компостоочу чункурга/уймокко да кошбоо керек, анткени картошка ар турдуу бактерия, виру, козу карын илдеттери менен жабырланат да таза болукторундо да жогоруда аталган оору козгогучтардын споралары калып калат. 

  67. Туура тамактануу – бардык оорулардын алдын алып, ден соолугуңузду чыңдайт. Туура тамактануу – канчалаган диеталарды кармап, бирок арыктай албай жүргөн болсоңуз, арыктоого шарт түзөт. Кыскасы, туура тамактануу – сиздин узак жашооңуздун кепилдиги.


    Женил, синимдуу азыктарды даярдоонун рецеби:

    Тоок пирогу

    Кандай азыктар керек?

    Тооктун төш эти:  500 г

    Айран: 1 стакан (200 мл)

    Жумуртка: 1 даана

    Катуу сыр: 100 г

    Туз, мурч

    Кантип жасалат?

    Бул пирогду жасоо абдан жөнөкөй. Тооктун этин алгач кесимдерге бөлүп аласыз. Аларды блендерге салып, үстүнө айран куюп майдалайсыз. Жумуртканы чагып, татымына жараша туз, мурч кошуп дагы аралаштырасыз. Орточо суюктуктагы аралашма пайда болууга тийиш. Аралашманы калыпка куюп, 150 градус температурадагы духовкага коёсуз. 30 мүнөттө пирог даяр болот. Бышарына 5 мүнөт калганда алып чыгып кыргычтан өткөрүлгөн сырды себелеп, кайра салып коёсуз.


    1. "Туура тамактануу - ата-эненин балага ,берген эң мыкты белеги"- дейт БУУнун Баш катчысынын жардамчысы, Тамактануу сапатын арттыруу кыймылынын координатору Герда Вербург

      1. таамай айтылган создор экен. 

  68. Кабак пюреси

    Кандай азыктар керек?

    Кабак: 4 даана

    Пияз: 2 даана

    Сарымсак: 1 тишче

    Майлуулугу аз сливки: 150 мл

    Лимон ширеси: 1 чай кашык

    Зайтун майы

    Туз, мурч Көк чөп

    Кантип жасалат?

    Пияз, сарымсак, кабакты өзүңүз каалаган өлчөмдө туурап, кызып турган майга салып кууруйсуз. Андан кийин көмгүдөй кылып ысык суу куюп 10 мүнөт кайнатасыз. Эми блендерге салып пюре кылып эзесиз. Сливкини куюп, татымына жараша туз, мурч саласыз. Пюрени кайра отко коюп кайнаганга чейин жеткиресиз, бирок кайнатпайсыз. Лимон ширесин кошуп жакшылап аралаштырып коёсуз. Даяр болгон пюрени майда тууралган көк чөптөр менен кооздойсуз.


    1. Рецепт учун рахмат!


  69. Куз келгенде октябрь айынан баштап бий алма быша баштайт. Бий алманын кандай пайдасы бар? Бул боюнча ой болушолу.

    Бий алманын мөмөсүндө 12% фруктоза, глюкоза, алма, лимон кычкылдары, пектиндер, аскорбин кислотасы, микроэлементтер (темир, жез ж.б.) бар. Бий алма протеин, шекер, органикалык кычкыл заттар, А, В2, С витаминдери жана темир, жез, калий сыяктуу минералдарга бай. Ал нерв системин бекемдеп, тамак сиӊирүүнү жакшыртат. Тери менен тырмакты жылмакай жана жалтырак кылат. Сасык тумоого да жакшы жардам берүү менен тезирээк айыгууга шарт түзөт. Жүрөк, боор, тамак, ашказан, көз, ичеги ооруларына жакшы жардам берет. Кандагы холестериндин өлчөмүн азайтат. Курамында шекердин өлчөмү аз болгондуктан, кант диабети менен жабыркагандарга да пайдалуу. Жалбырагы ооздогу жараларга, тамак оорусуна пайда жана чачтын эрте агарышынын алдын алат. Бул үчүн бий алманын өзүн же жалбырагын кайнатып, суусу менен оозду чайкоо керек. Ошондой эле жалбырагынан демделген чай өзгөчө тынчтандыруучу касиетке ээ жана уйкусуздукка даба.

    Бий алма бышырылган, консервацияланган түрдө колдонулат. Бий алманын мөмөсүнүн кыртышындагы эфир майлары тамакка абдан жагымдуу жыт жана кычкылыраак даам берет. Жаңы үзүлгөн бий алмадан шире чыгарып аны аз кандуулукта колдонсо жакшы жардам берет.

    Бий алманын уруктарын жанчып, үстүнө кайнак cуу куюп чайга окшош демдеп ичсе жөтөлдү жумшартат. Ошондой эле, ошол чай менен бетти жууса, тери жумшарат, тазаланат. Мөмөсүнөн жасалган варенье боор ооруларында жакшы жардам берет.

    Бий алма кыямы (вареньеси)

    Таза бышкан момолордун сыртын жууп алабыз. Кийин момону уругунан ажыратып кубик кылып туурайбыз. Сыр идишке калын туп салып устуно кум шекер себелейсиз, муну катмар катмар кылып кайталайсыз ( 5 кг момо болсо 5 кг кумшкекер керектелет) бетин жаап эртен мененкиге чейин калтырасыз.

    Эртеси идишти ачып корсонуз, ширеси чыгып калат. Печкага коюп устуно суюлтуу учун 1 литр суу кошосуз эгер момо 5 кг болсо. Кайнап чыкканда оттон тушуруп коесуз. Кечинде дагы бир жолу отко коюп 15-20 мунот кайнатып, буу менен зыянсыздандырылган айнек банкаларга ысык мезгилинде куюп темир капкактар менен жаап оозун бекитесиз.


    1. Бизде бий алма жоок,абдан жагат кез кезде сатылып калчу эле.азыр сатпай калышты.

      Рахмаат рецепт абдан кере пайдалуу кенкштер.

  70. Бий алма кошулган палоо

    кууруп суу куйгандан кийин бий алманы жууп-тазалап, ортосунан 4 ко болуп урук камерасынын катуу жерлерин тазалайсыз. Кайнап жаткан казанга салып 15 кунот кошо кайнатасыз. Куручту казанга салаар алдында бий алманы озунчо табакка болуп алып, куручтун суусу тартылып демдер алдында бий алманы куручтун бетине тизип саласыз. 15-20 мунот дем жегенден кийин бий алма кошулган палоо даяр болот.

    Кее бир инсандар палоо жесем, ашказаныма куч келет деп калышат. Бий алма кошулган палоо синимдуу, ден соолукка пайдалуу

    1. Мен да ар дайым ашка кошом. Даамдуу болот. 

    2. Буажар эже, сиз фольгага да салып бышырса болот дединиз эле, канча убакытта кандай температурада даярдаш кк.

  71. БИЙ АЛМА КОШУЛГАН ШОРПО

    Керектелүүчү азыктар:

    • Койдун кабыргасы – 500 грамм

    • Пияз – 1 баш •

    Сабиз – 1 даана

    • Картошка – 2 даана

    • Бий алма – 2 даана

    • Помидор – 2 даана

    • Сарымсак – 2 тишче

    • Өсүмдүк майы – 100 грамм

    • Укроп – 1 боо

    • Лавр жалбырагы – 1 даана

    • Татымына жараша туз

    Даярдоо жолу:

    1. Кабыргаларды 3кө бөлүп, казанда кызып турган майга 5 мүнөттөй кууруйбуз.

    2. Эттин үстүнө тууралган пиязды, сабизди жана помидорду салабыз да, дагы 5 мүнөттөй кууруп, 1,5 литр сууну куябыз.

    3. Шорпо кайнап чыккандан кийин чоӊ-чоӊ тууралган картошканы жана бий алманы салып бышканча жай отто 25 мүнөт кайнатабыз.

    Тамак бышарга 5 мүнөт калганда лавр жалбырагын, тууралган укропту жана сарымсакты салабыз.

    Шорпо даяр болду!

    Шорпону өзүн же болбосо каймак кошуп берсеӊиз болот.

    1. Мага абдан жакты, ден соолукка жагымдуу, синимдуу тамактар экен.

      Ийгиликтер болсун!

    2. Аябай даамдуу болсо керек) соссуз жасап коромун.

  72. ЙОДДЕФИЦИТНЫЕ ЗАБОЛЕВАНИЯ:
    СОВРЕМЕННОЕ СОСТОЯНИЕ ПРОБЛЕМЫ В КЫРГЫЗСТАНЕ

    Р.Б. Султаналиева - канд. мед. наук, доцент

    Epidemiological screening has been carried out in Kyrgystan in order to assess the prevalence of iodine deficiencies. The incidence of goiter was assessed, iodine excretion with the urine level and levels of neonatal thyrotropic hormone (TTH) were measured. Iodine Deficiency of different was detected in all regions of Kyrgyzstan. Today the problem of IDD Liquidation in Kyrgyzstan has acquired a state significance.

    Последние годы отмечены усиленным вниманием медицинской общественности всего мира к проблеме хронического йодного дефицита. Одной из причин этого является широкая распространенность и тяжесть проявлений йоддефицитных заболеваний (ЙДЗ). По современным сведениям, около 1,6 мдрд людей в 110 странах мира имеют риск развития йодного дефицита, который является наиболее частой, и, вместе с тем, единственно предотвращаемой причиной умственной отсталости. Проявления йоддефицитных заболеваний уже существуют у 740 млн. человек (в основном эндемический зоб), а 50 млн. людей имеют выраженную умственную отсталость в результате низкого содержания йода в пище [1].

    По своему географическому расположению Кыргызстан относится к внутренним, далеко удаленным от морей регионам, поэтому дефицит йода наблюдается практически на всей его территории.

    С 1980 г. в республике был утрачен глобальный контроль за динамикой эндемии зоба (одного из проявлений ЙДЗ). Отсутствие собственной промышленности по производству соли, полная зависимость от ввозимого продукта, где содержание йода не соответствует стандартам, привели к резкому снижению потребления йода населением республики. В развитии йодных заболеваний неблагоприятную роль сыграли сложившиеся за последние годы изменения в характере питания населения республики - резко сократилось потребление богатых йодом морепродуктов. У жителей Кыргызстана в питании велика доля продуктов, в которых содержится мало природного йода. Кроме того, у населения очень низкий уровень осведомленности по вопросам йодной недостаточности.

    Для оценки сложившейся в государстве ситуации, начиная с 1994-1995 гг., стали проводится эпидемиологические исследования заболевания. Этому способствовало появление новых методов исследования содержания йода в организме, а также изменение подходов к методам эпидемиологического обследования населения с йоддефицитным заболеванием [2]. Учитывая это, были использованы современные критерии - ультразвуковая волюмометрия щитовидной железы (ЩЖ), определение обеспеченности популяции йодом по экскреции его с мочой, определение частоты гипертиреотропинемии у новорожденных, на основе которых судили о наличии степени выраженности йодного дефицита .

    Всего было обследовано 3884 школьников в возрасте от 7 до 16 лет, проживающих в южных и северных областях республики (табл. 1).

    Таблица 1. Показатели тяжести йодной эндемии
    в различных климатогеографических регионах Кыргызстана (1995-1996 гг.)

    ПоказательБишкекИссык-Кульская
    область
    Ошская
    область
    Джалал-Абадская
    область
    Нарынская
    область
    Частота зоба пальпаторно, %45,346,351,585,635,7
    Частота зоба по УЗИ,%23,827,928,170,120,1
    Общая йодная недостаточность, %91,793,0100,097,894,0
    Медиана йодурии, мкг/л30,035,045,025,047,0


    Таблица 2. Распространенность хронических форм заболеваний
    у школьников с зобом (частота на 1000)

    Группа болезнейШкольники с зобом (332 чел.)Школьники без зоба
    (347 чел.)
    Болезни органов дыхания (в том числе болезни миндалин, аденоидные вегетации)223,195,9
    Болезни зубов (кариес)420,0238,0
    Вегетососудистая дистония190,068,6
    Болезни органов пищеварения40,216,0
    Болезни костно-мышечной системы54,022,9
    Аллергические заболевания34,83,6
    Воспалительные заболевания мочеполовой системы21,43,2
    Логоневроз, заикание8,13,0


    Результаты исследования свидетельствуют о наличии йодного дефицита практически на всей территории Кыргызстана. Наиболее выражен он в южных областях республики - эндемический зоб (ЭЗ) выявлен у школьников с частотой от 20,1 до 70,1%.

    При осмотре пациентов с эндемическим зобом основным проявлением служат увеличенные размеры щитовидной железы. При углубленном обследовании школьников обращало на себя внимание то, что они имели худшие показатели в физическом и половом развитии, у них была снижена успеваемость в школе, они часто болели, а заболевания протекали в хронической форме [3].

    Сведения о распространенности хронических неинфекционных заболеваний у детей с эндемических зобом (332 ребенка) представлены в табл. 2.

    Таким образом, общий уровень хронической патологии у школьников с зобом в 2 раза выше, чем у детей без зоба.

    Общеизвестно, что дефицит йода является одной из существенных причин гипотиреоза и кретинизма.

    До настоящего времени в Кыргызской Республике популяционные исследования для выявления гипотиреоза не проводились. В тоже время считается, что йоддефицитный зоб - это скрытый гипотиреоз, при котором гиперплазированная ЩЖ лишь временно может поддерживать эутиреоидное состояние. Следовательно, повышенные потребности организма в гормонах щитовидной железы могут привести к срыву компенсаторных механизмов регуляции (что наблюдается при дефиците потребления йода) и будут манифестировать в виде гипотиреоза.

    В этой связи анализ состояний, сопровождающихся гипотиреозом у населения Кыргызской Республики, и динамики заболеваемости ЩЖ в течение последних лет позволили охарактеризовать проблему дефицита йода. С этой целью использованы уточненные отчетные данные Нацкомстата республики за 1993-2001 гг. Установлено, что за этот период количество больных гипотиреозом увеличилось на всей территории республики - темп заболеваемости гипотиреозом по республике составил 118,91%, по областям - от 47,02% до 319,58%. Наибольший прирост частоты гипотиреоза отмечен в Иссык-Кульской, Джалал-Абадской, Ошской, Нарынской областях - очагах среднего и тяжелого йодного дефицита.

    Структура заболеваемости гипотиреозом представлена в табл. 3.

    В структуре заболеваемости гипотиреоз взрослых, обусловленный йоддефицитом, занимает первое место и составляет 45,40%. Среди детского населения преобладает врожденный гипотиреоз, а на 2-ом месте - гипотиреоз вследствие йодной недостаточности.

    Следует отметить, что в регионах с выраженным йодным дефицитом частота врожденного гипотиреоза, по данным скрининга, достигает 9-11%. Причем в йоддефицитных регионах очень высок процент транзиторного гипотиреоза новорожденных, с продолжительностью от нескольких недель до нескольких месяцев. Эта форма гипотиреоза зачастую не распознается, но является одной из причин повреждения коры головного мозга ребенка. Впоследствии у таких детей нормальная функция ЩЖ восстанавливается, однако нарушения интеллектуального развития сохраняются на протяжении всей жизни.

    Для выявления неонатального гипотиреоза было проведено определение в плазме крови содержания тиреотропного гормона (ТТГ) у 155 новорожденных из различных регионов республики. Концентрация ТТГ в капиллярной крови более 5 мЕ/л выявлена у 76,8% (119) новорожденных. Если это состояние сохраняется более длительное время, при ТТГ> 20 мЕ/л оно может приводить к развитию развернутой клинической картины врожденного гипотиреоза (кретинизма) [4]. Эти данные свидетельствуют, что тяжелый и среднетяжелый йодный дефицит, имеющий место на территории Кыргызстана, увеличивает распространенность гипотиреоза.

    В целях проведения неотложных мероприятий Правительство Кыргызской Республики приняло в сентябре 1994 г. постановление № 726 <О ликвидации йоддефицитных расстройств среди населения Кыргызской Республики>.

    В 1994-1999 гг. в республике были организованы цеха по йодизации пищевой соли, проводился жесткий контроль за выполнением действующих нормативно-технических требований государственного стандарта КР на пищевую и кормовую йодированную соль на производствах по йодированию соли, приняты меры по совершенствованию технологического процесса. Проводилась информационно-пропагандистская деятельность и мероприятия в области просвещения и коммуникативного воздействия.

    Повторные эпидемиологические исследования, проведенные нами, показали некоторую положительную динамику (табл. 4).

    Таблица 3. Число зарегистрированных случаев манифестного гипотиреоза
    в республике и структура заболеваемости (2001 г.)

    ГипотиреозКоличество больных, абс.Количество больных, %
    ВзрослыеДетиВсегоВзрослыеДетиВсего
    Гипотиреоз вследствие йодной недостаточности4934053345,4026,1443,02
    Врожденный гипотиреоз401061463,6869,2811,78
    Послеоперационный гипотиреоз283128426,050,6522,92
    Гипотиреоз после тиреоидитов188319117,311,9615,41
    Гипотиреоз вызванный медтами и др. внешними веществами823857,551,966,86
    ИТОГО:10861531239100100100

    Таблица 4. Показатели экскреции йода с мочой
    (по результатам ремониторинга 2000-2001 гг.)

    ПоказателиБишкекЧуйская обл.Нарын.
    обл.
    Талас.
    обл.
    Иссык-Кульская обл.Ошская
    обл.
    Джалал-Абад. обл.
    К-во обследов.302587208196286348212
    Медиана
    йодурии (мкг/л)
    118,670,549,549,649,360,547,8


    Проведенные исследования показывают, что проблема йодной недостаточности в Кыргызстане до конца не решена. Йодный дефицит легкой и средней тяжести сохраняется практически на всей территории республики.

    ВОЗ и ЮНИСЕФ рекомендуют в качестве универсального и высоко экономичного метода ликвидации йододефицитного заболевания в глобальном масштабе - всеобщее йодирование соли [5]. Учитывая это, Правительством Кыргызской Республики утверждена постановлением от 9 декабря 2002 г. № 836 Национальная программа снижения уровня ЙДЗ. Ключевые компоненты программы: развитие инфраструктуры по производству, хранению и реализации пищевой йодированной соли, мероприятия по недопущению использования населением нейодированной пищевой соли.

    ссылка на источник: https://www.krsu.edu.kg/vestnik/2003/v7/a09.html

    1. Жаздык жана куздук аллергияны кантип дарыласа болот. Же болбосо кандай тамактар козгойт?

  73. ЧОРГОНУН( КРАН) СУУСУ ЭМНЕСИ МЕНЕН КОРКУНУЧТУУ?

    Суу- бул суусундук гана эмес, организм үчүн өтө зарыл болгон минералдык туздардын да булагы. Андыктан, адам суусуз жашай албайт, ал биздин үйүбүздөн үзүлбөшү керек. Бирок, шаарларда чоргодон чыккан суу - тиричилик керектөөлөрү үчүн гана: ага идиш жуусак болот, кир жуусак болот, жуунсак болот...

    А ичүү үчүн аны колдонбой эле койгонуңуз оң. Эмне үчүн?

    Анткени, мындай сууга андагы микробдорду жана вирустарды өлтүрүү үчүн хлор кошулат. Тилекке каршы, хлор да организмге бир топ олуттуу зыян келтирет. Мисалы, ал табарсыктын рагын, ашказандын рагын, боордун рагын, ичегинин рагын чакырышы мүмкүн. Булар менен эле чектелбей, хлор жүрөк оорусунун, аз кандуулуктун, кан басымдын жогорулашынын да себепчиси болот. Айта берсе хлордун зыяндары түгөнбөйт: ал терини кургатат, чачты кургатып, түшүрөт, көздүн былжыр челин бузат. Чоргонун суусуна жасалган тамак менен тазартылган сууга жасалган тамактын өтө чоң айырмалары бар. Чайдын канчалык мыкты сорту болбосун, эгер ал хлорлонгон сууга жасалса, даамынын бузулганы дароо эле байкалат. Айтмакчы, сууда хлор да өлтүрө албаган айрым бактериялар бар. Чийки сууну ичүү менен биз аларды илээштирип алышыбыз мүмкүн. Андыктан, тазаланган суу ичсениз ден соолугуңузду сактаган болосуз.

    1. Уулкан саламатсынарбы,


      Туура соз козгогонсун. Тамактануу менен биргеликте Суу, санитария жана гигиена кошо журушу шарт.

      Суу ичкенге чай кайнатканга,тамак-ашка уйго фильтр чайнек сатып алып пайдалансаныздар болот. 

      Мен ошол чайнекти пайдаланып жатам.


      Суунун даамы да озгорот ал фильтрден откон сон.

  74. Уулкан, крандын суусунун зыяндуулугу мени уйкудан ойготкондой эле болду.

    Жашообузда эн коп колдонулган азыгыбыз суу. Копчулук айылдарда таза суу менен камсыз кылуу маселеси чечилбегендиктен, кудук жасап машина менен суу куйдуруп алышып, коп балалуу уй булолор ай сайын жаныласа, чак баштуу уй булолор 3 айга чейин ошол сууну пайдаланышат. Кудук цемент менен жасалган.

    Сууну мындай пайдалануу балдарын келечегине таасир кылбайбы?


  75. Джалал-Абад  шаарынын экологиясы  жана топураксыз тоют жетиштир ү

    Токойлор: былтыры Лесик югта Давлет Мамаджанав аке менен токой боюнча изилдөө  иштерин жүргүзгөнбүз  натыйжада  Жалал-Абад шаарындагы жангак токойлор 40,50 %га чейин чирип картайып баратканы байкалган себеби эл  токойду жайыт катары колдонуп мал жандыктары токойдогу эми өсүп кележаткан  өсүмдүктөрдү жеп кайра жаралуусун жокко чыгарат.Токойлор жок болсо ар жылы жайда 40-45 градус болгон температуура дагы которулуп климаттык  өзгөрүүлөр жогорулайт.

    Жайыттар: башка региондорго салыштырмалуу Жалал-Абад жайыттарында био артүрдүүлүк азайып көптөгөн  өсүмдүктөрдүн түрлөрүү  жок болуп кетиптир жана жок болуп кетүү  коркунучу бар. Негизги себептери чөптун, жемдин жок болгонуна жана кымбаттыгына байланыштуу эл мал жандыктарын жайытка эрте жайып жиберишет натыйжада чоптор бышып жетиле электе жок болуп кетет.

    Ошол себептерден улам экологиябыз зыян тартууда жана бизге алтернативдуу жолдор керек.

      


    Арпа,буудай  данынан жаны жайы-кышы бою  таза жашыл асты  үстү витаминге бай жашыл  чөп, арзан тоют  өндүрүү . Учурда бир тангак чөптун баасы 180- 200 сом, арпа буудайдан жем тарттырса  эски тегирменде чачылып кошумча жол киреси,жуктошу ото чон акча болуп калат жана чөп өспөгөн алыскы аймактар да бар дагы бир жагы  малдар чөптү  чачып жана толук жешпейт. Ошол себептен топураксыз сулама методу менен 7-10 кундо  2 кг арпадан же буудайдан, жүгөрүүдөн ( 2 кг арпа  26 сом) 16-20 кг жаны тоют өстүрсө  болот, 180 - 200 сомдук кургак  чөптун ордуна орто эсеп менен 26 сомго тоют өстүрүп мал жандыктын түрүн бакса болот. Бул тоют витамин протейндерге бай жана малдар калтырбай чачпай толук жешет,өстуруу учун дан жана суу ошону менен жылууланган сарайдын бир бурчу же кичине бөлмөлөр керек өзунун толук тартиби менен өстурсө  пайдалуу жана күчтүү тоют болот.

    Албетте бул  багытта  өзүм   үйдө  эксперимент жүргуздум жана долбоор жаздым эле Бишкекте болуп жаткан  иш чарада жашыл экономика  боюнча мыкты долбоорлордун катарын толуктады.



    1. Кош келиниз Мыктыбек Сабиров,


      Сиздердин маалыматтар бизге маанилуу


      Маалымат берип турунуздар


      1. Рахмат сизге , тез тез  маалымат жазганы аракет кылам.


    2. Мыктыбек, жазган долбоорундун жактырылышы менен!

      "Акыл оошот, билим жугушат" дешет. Чынында элибизге пайда алып келген долбоор болсун!

      1. Рахмат, дагы да эмгектенип турабыз 

    3. Мыктыбек азаматсынар,абдан жакшы маалымат,Рацион кандай болуп калат 1 баш бодого,койго,жылкыга?

      1. Бул жем ар кайсы уй жандыгына колдонсо болот тоюшуна карап бериш керек бул тоюмду болгондуктан аз аздан бериш керек 

  76.                                        

                                  Алое Вера айылчарбасы  опиум тармагынан да жакшы киреше. Индиа жан Афганистан

    Индия да IT тармагындагылар же программисттер   уйдо отуруп эле  Индиага чет элден буюртма алып жылына 50 миллиард киреше келтирет экен. Азыркы учурда Кыргызстандын  программисттери ушул багытта  Индиага атаандаштык жаратууда демек аракеттенсек максатыбызга жетебиз. А биз болсо айыл чарбага басым жасоо менен келечекте чон атаандаштык жасай алабыз. Индианын айыл чарбасы боюнча кеп кылсак. Индиа имбирь экспорту боюнча экинчи орунда турат экен биринчи орунда кытайлар чынын да имбирь чай менен лимонду эрте менен ичсе ден-соолукту чындайт оорулардын алдын алат жана толтура маалымат интернетте турат ошон учун булардын экспорту куч алды.

    Азыркы тапта Алое Вера гель,сок,косметикага,медицинага  колдонуу айтоор ден-соолукка пайдасы укмуш деп экспорту жогорулады бул жаатта да Кытай менен Индиа экспорт боюнча алдыда. Кыбыраган кыр ашат дегендей Афганисттанда опиумдун оордуна Алое Вера эгип кирешелери жогорулоодо. Себеби :  0.2 гектарынан 20 кг опиум алса болот экен ал болгону  7,600$  доллар пайда алып келет . Ал эми 0.2 гектарына Алое Вера эксе андан 60 тонна Алое алса  болот  аны 0.26 $ доллардан сатса  60 тоннадан 15,600 $ доллар алабыз дейт.

    Айтымдарында Алое Вера сууну аз ичет жана курукчулукка жакшы туруштук берет дейт.

     Ошондой эле суусу кенен топурагы тушумдуу кыргыз тарап бул жаатта чогу эртерек ойлонуп Алое Вера айыл чарбасын баштасак экономикабыз алдыга жылат деп эсептейм.


    1. Онугуунун, уй булого киреше табуунун жакшы жолу, алое жыл бою оскондуктон багып кароодо кыйынчылыктары, зыянкечтери, илдеттери да болсо керек?

    2. Мыктыбек, абдан кызыктуу маалыматтар менен болушуп атасын, эксперименттериди жасап, жыйынтыгында экономикалык эффективдуулугуно баа бергендигин кубандырат. Фермерлерибиз малга тоют ондуруу менен бирге базарда отумдуу эгиндин турлорун остурсок деп изденип келишет, практикаларды жайылтууга, андан ары тестирлоого аракеттене бергин. колдон келишинче колдойбуз

      1. Бул эксперименттерди уй шартында жасап дагы да изилдоолорду улантам,колдогонузга рахмат 

    3. Бул абдан кызыктуу материал,биз остуробуз а кимге сатабыз?Алуучу болсо рассадан кайдан алабыз?Бул мени абдан кызыктырат,эми ойлонуп уктабай чыгам го.

  77. Саламатсыздарбы!

    Мен сентябрь айында туура тамкатануу боюнча жана био чарба боюнча тренинг откордум ошондой эле  24 саат аралыгындагы аялдар арасында тамактануунусу боюнча сурамжылоо жургуздум.

     


  78. Азаматсын Алтынай, тамактануу боюнча окутуу, кенеш беруу тынымсыз улана турган иш, билимди улам байытып андан ары оркундотуу керек силердей прогрессивдуу коз караштагы жаштарга! Ийгиликтер коштосун!

  79. Ачыткыга жасалган ысык тандыр нан! Озум жаптым уй-булом учун ар дайым пайдалуу тамактарды жасаганы аракет жасайм. 

  80. Охоо, жакшы кызарып бышкан ыссык нан!

    Ачыткыга жасалган нан ичеги карынга жагымдуу, тоюмдуу.

  81. НАН ЖОНУНДО БААРЫН БИЛИП АЛЫНЫЗ!

    Адам баласы колдонгон азыктардын арасынан нансыз тамактанууну элестетүү кыйын. Ошондой эле таптакыр жебей коюуга мүмкүн эмес. Бир күндүк норма Көп энергия талап кылбаган жумушта иштеген адамдар бир күндө 300-350 грамм нан жесе жетиштүү болот. Ал эми кара жумуш жасагандар же спорт менен машыккандар 500-600 грамм жеши керек. Өспүрүм куракка чейинки балдар 120-300 грамм, өспүрүмдөр 350-400 грамм нан жесе жетиштүү. Нанды түсүнө карап тандай билиңиз Эң биринчи нандын сырткы көрүнүшү жакшы болуп, табитти ачып, жагымдуу жыт берип турушу керек. Формасына туура келбей кыйшайып же чуңкур болгон нандарды сатып албай эле койгонуңуз дурус. Кара ундан жасалган нандын түсү кочкул күрөң, ал эми ак ундун наны алтын түстүү болушу керек. Үстүңкү бетинин өңү каптал жактарына салыштырганда андан да сарыраак алтын түстө болот. Ичи текши, жакшы бышат. Серпилгич болуп, үбөлөнбөйт, чийки камыр даамданбайт. 

            Нандын ичиндеги жумшагына караганда сыртындагы катуусун ашказан бат сиңирет. Тузу жок бышырылган нан кан басым, бөйрөк, жүрөк оорулары менен ооругандар үчүн пайдалуу.

           Эгер зарна болуп жатсаңыз, ачытылбаган камырдан жупка жасап жесеңиз болот. Ашказаны, боору, өтү ооругандарга, ичегисинде жарасы барларга кара нан жегенге болбойт. Кант диабети менен жабыркасаңыз, ак нанды жегенден качыңыз. Анткени, ак нан кандын курамындагы кантты жогорулатат. Ден соолугу таза адам дайыма эле ак нан жей берсе, бул бара-бара организминдеги углеводдук алмашуу процессин бузуп, кант диабетине чалдыктырат. Жүрөк-кан тамыр, ашказан-ичеги, эндокриндик, онкологиялык ооруларды пайда кылат.

    1. 350 грамм нан колдонгону аракет кылыш керек экен рахмат 

  82. Ачыткы – ашканада кеңири колдонулуучу каражат. 

    “КАМЫР ТУРУШ МЕНЕН АЧЫТЫЛГАН НАН ЖЕГИЛЕ”

    Орусиялык врач-натуропат, медицина илимдеринин кандидаты, академик Виктор Хрущев “Нан – ден соолук үчүн” аталышындагы эмгегинде жана социалдык баракчаларынын бирине: «Мен күнүмдүк рационумдан заманбап жол менен жасалган нандын түрлөрүн алып салдым. Анткени нан жасоодо колдонулуучу заманбап, термофилдик ачыткылар (дрожжи) организмге киргенден кийин көбөйөт да, организмге керектүү витаминдерди, микроэлементтерди, белокторду пайдалана башташат. Аны менен катар ар кандай уулуу заттарды бөлүп чыгарышат. Айрым изилдөөчүлөр “нанды бышырган кезде ачыткы өлүп жок болот” деп элди ынандырууга аракет кылышат. Мен алардын оюна кошулбайм. Анткени бышыруу процессинде ачыткы ундун курамындагы белоктуу затка (клейкость) кирип, аны капсула катары колдонот да, ичегиге барганда капсуладан чыгып, ичегинин былжырын сезгентет, микрофлорасын бузат. Алар ичегиде гана мителик кылышпастан, кандын плазмасына да өтүп жашашат жана көбөйүшөт. Мунун арты ууланууга, грибок ооруларына, иммунитеттин бузулушуна, өнөкөт жана рак ооруларынын жаралышына жеткирет. Эгер рациондон мындай нанды алып салсаңыз, кан 5 жылдан кийин гана ачыткы клеткаларынан тазалана алат. Андыктан камыр туруштан жасалган нан азыктарын пайдаланууга өтүңүздөр”,- деп жазган. Чынында анын бул оюн бүгүнкү күндө оорулардын жашарып бараткандыгы айгинелеп тургандай. Заманбап ачыткынын организмге зыяны тууралуу башка окумуштуулар, алардын ичинде Розини Жанфранко, Сергей Коновалов, Фёдор Углов да айтып чыккан.

    Маалыматтарда заманбап ачыткыларды өндүрүүдө оор металлдар жана зыяндуу химиялык элементтер (техникалык аммонийдин сульфаты, Б маркасындагы техникалык аммиак, техникалык күкүрт кычкылы жана башкалар) колдонулат делет.

    Айта кетчү нерсе, АКШ, Швеция жана башка кээ бир өлкөлөрдө ачыткысыз бышырылган нан кадимки көрүнүшкө айланган жана аны рактын алдын алуу үчүн жешет.

    КАМЫР ТУРУШ ДЕГЕН ЭМНЕ?

    Камыр туруш – бактерия. Аны үй жаныбарына салыштырсак да болот: ун менен азыктанып, суу ичет жана аба менен дем алат. Байыртадан кыргыз эли ачыган айранга, угутка, максымга же бозого бир аз ун кошуп чалып, тыныктырып, 3-4 күн ун жана суу менен азыктандырып отуруп камыр турушту даярдап алышчу. Ал азыркы ачыткынын (дрожжи) да, көптүргүчтүн (разрыхлитель) да ролун бирдей аткарчу. Жылуу сууга камыр турушту эзип, унду салып камыр жууруп, ачытып, андан соң нан бышырышкан. Камыр көөп чыкканда кийинкиге муштумдай камыр туруш алып, аны унга бөлөп супаранын ичине салып сакташчу. Мындай камыр туруш менен ачытылган камырдан табигый таза жана жанга жагымдуу, бойго кубаттуу нан жасалчу.

    КАМЫР ТУРУШ ЖАСООНУН ЖОЛДОРУ

    Италия камыр турушу

    Керектелүүчү азыктар:

    Жүзүм – 5-6 даана

    Булак суусу – 150 миллилитр

    Ун – 150 грамм

    Даярдоо ыкмасы:

    1-күн. Жүзүмдү эзип, ага 50 миллилитр жылуу сууну жана 50 грамм унду кошуп камыр жууруп, жакшылап ийлейбиз. Жуурулган камырды сүйрү формада 0,5 сантиметр калыңдыкта жайып, рулеттей кылып оройбуз. Оролгон камырды фарфор идишке салып, үстүнө көмгүдөй кылып суу куябыз да, идиштин бетин жаап, жылуу жерде 1 сутка тыныктырып коёбуз. Эртеси суу киргилденип, бетине майда көбүктөр чыгып калган болот. Эгер мындай процесс байкалбаса, анда камырды колуңуз менен ордунан бир аз козгоп, дагы 1 күн тыныктырууга туура келет.

    2-күн. Идиштеги сууну төгүп, камырды алып, ага 50 грамм ун, 50 миллилитр суу кошуп камыр жасайбыз. Бул процесс азыктандыруу деп аталат. Камырды жакшылап ийлеп, айнек идишке салып, оозун чүпүрөк менен жаап, жылуу жерге 1 суткага коёбуз.

    3-күн. Камыр кайрадан 2-күндөгүдөй азыктандырылат. Ал канчалык көп күн азыктандырылса, ошончолук күчтүү камыр туруш алынат.

    4-күн. Камыр туруш камыр жасоого даяр.

    Ун менен суудан жасалган түрү

    Керектелүүчү азыктар:

    Буудай уну (2-3 сорт) – 150 грамм

    Жылуу суу – 150 миллилитр

    Даярдоо ыкмасы:

    1-күн. Банкага 50 миллилитр жылуу сууну (кайнатылбаган) куюп, 50 грамм унду (2 аш кашык) салып аралаштырабыз. Жыйынтыгында коюу каймактай болгон аралашмага ээ болобуз. Аралашманы банкага салып, оозун 3 жеринен тешилген желим капкак менен бекем жаап, жылуу (20-28 градус), караңгы жерге 12 саатка коюп коёбуз.

    2-күн. Аралашма ачып, жагымсыз жыт чыгарып, көтөрүлүп чыгат. Эми бул аралашманы азыктандырабыз. Ал үчүн ага 2 аш кашык буудай унун салып, 50 миллилитр суу куюп, жакшылап аралаштырабыз. Аралашма банканын кайсы жерине чейин экенин сызып белгилеп коёбуз. Эгер аралашма көтөрүлбөсө анда суткасына 2 жолу азыктандырууга туура келет.

    3-күн. Аралашма жогору көтөрүлүп, кайра ылдый түшкөнүн байкайбыз. Ага 50 грамм буудай унун, 50 миллилитр жылуу суу кошуп аралаштырып, оозун чүпүрөк менен бекем ороп, бир суткага тыныктырып коёбуз. Күчтүү камыр туруш даяр.

    КАМЫР ТУРУШ

    Артыкчылыктары:

    Үй шартында, колдо бар азыктардан жасап алууга болот.

    Камыр туруш менен ачытылган камырдан жасалган нан даамдуу болот жана жыты аңкып турат.

    Камыр жасаган сайын андан бир муштумдай алып, жаңыртып туруу менен аны түбөлүккө колдонууга болот.

    Биологиялык активдүү кошулмаларга, микро жана макроэлементтерге бай.

    Камыр туруш табигый азыктардан жасалгандыктан ден соолукка пайдалуу:

    • Нандын организмге сиңимдүүлүгүн арттырат.
    • Ашказандагы, ичеги-карындагы айрым ооруларды жок кылууга жөндөмдүү.
    • Организмдин стресске туруктуулугун жогорулатат.
    • Уулуу заттарды айдап чыгат.
    • Сөөк жана нерв системдерин чыңдайт.
    • Тырмакты жана чачты бекемдейт.
    • Кандагы холестериндин деңгээлин азайтат.

    Кемчиликтери:

    Камыр туруш менен жасалган камырды өз убагында жасабаса ачып кетет да, нан кычкыл болуп калат.

    Камыр турушту үшүтпөй, бөлмө температурасында сактоо керек.

    7-8 күнгө чейин сактоого болот. Эскирип кетсе андан жасалган нандын сапаты да бузулат. Демек, жаңылоо керек болот.

    Заманбап Ачыткы

    Артыкчылыктары:

    Дүкөндөрдө сатылат, кымбат эмес.

    Камырды 1 саатта ачытат (ачытуу эрежелери туура сакталган учурда).

    Узакка сакталат. Сактоо мөөнөтү 2 жылга чейин.

    Кемчиликтери:

    Ар кандай кошулмалар кошулуп, химиялык жол менен алынган азык.

    Курамында грибоктор болгондуктан төмөндөгүдөй зыян алып келет:

    • Иммунитетти начарлатат.
    • Ууларды бөлүп чыгарат.
    • Ракты жаратат.
    • Тамак сиңирүү органдарынын иштешин начарлатып, ашказанда кычкылданууну жогорулатат, жараны пайда кылат.
    • Кан тамырлардын кеңейишине алып келет.
    • Боордо жана өттө ташты пайда кылышы мүмкүн.
    • Кальций тартыштыгын жаратат жана башка.

    Алынган булак: Супер инфо гезити № 841/2018-жыл

    1. Пияздын согунан ачыткы жасалат экен 

    2. Урматтуу №3 команданын АККлары,

      Кечээ сурап жаттыныздар эле, камыр туруштун рецеби болсо деп. Мына Буажар эже таап, жуктоп коюптур.

      Кимде дагы кандай маалымат бар жуктонуздор.


      Масуд эже хмель осумдугунон ачыткы жасоо ыкмасын жазып койсонуз болот экен.

  83. Абдан пайдалуу маалымат экен. Сөзсүз жасап көрөмүн. 

  84. Буажар эже маалыматтар учун рахмат, жакшы пайдалуу маалымат экен. Эми келинчегиме нанды камыр туруш менен жасаа деп айтамын.)))

  85.              Тамак аш , эт  боюнча Жалал-Абад статистика

    Улуттук статистикалык маалыматтар боюнча Джалал-Абад шаарында бул жылы  25 000 тонна эт , 131 тонна сут жана  33 миллион тукум) чыгарыптыр  жана ар бир кыргызстандык жылына  31 кг эт жейт экен.  Орусиялыктар  60 кг жана Американдар 120 кг эт колдонушат бирок бизде айына бир адам 12 кг нан жеп нормадан ашып кетет.  Ошондой эле Жалал-Абад жакырчылык боюнча 7 областын ичинен биринчи  орунда турат экен.

    1. Мыктыбек бул статистикаларды кайсы булактан алдын? Толугураак маалымат учун болушуп койсон жакшы болот эле.



  86. Image result for irrigation gunImage result for irrigation gun

    Жамгыр сугат стстемасынын артыкчылыктары бир топ - талаага сууну бир өлчөмдө тегиз чачып берет, суу жетпей калган жерлер калбайт. Бир сугатчы жалгыз өзү 25...60 гектар жерди сугарып тейлеп иштеши мүмкүн. Сугатка кеткен чыгымдарыңыз кескин кыскарат.

    Жамгыр сугат системалары жөнүндө кыска икая.
    1. Картошка, кызылча, сабиз, пияз, жүгөрү жана башка техникалык өсүмдүктөр үчүн пушка-пистолет менен жабдылган машинаны колдонсоңуз болот. Жамгырдын тамчылары чоң чоң болуп чачылат. Ошондуктан жалбырактары назик өсүмдүктөр үчүн мындай ыкма ылайыктуу эмес. Машинанын үч түрү бар 300, 400 жана 500 метрлик шлангдары менен.
    2. Айрым назик өсүмдүктөр үчүн, көкөттүн түрлөрү мисалы, майда тамчы чачып иштей турган жамгырлатма эки канаты бар машинаны колдонгонуңуз оң - мында суу атайын форсункалар аркылуу майда, жумшак болуп чачылат суу.
    3. Машиналар үч түрдүү насос станциялары менен иштей алат. Биринчиси - дизель+насос, экинчиси - электр кыймылдаткычы + насос, үчүнчүсү трактор ВОМ + насос.






















  87. Уй шартында "Йогурт" жасап балдарды кубантыныз, 

    Курамы: сут - 1 литр, йогурт - 3 аш кашык.
    Даярдалышы:

    Cутту бышырып, оттон чыгарып 40-45 градуска чейин муздатып ( жылымык), таза жуулган банкага сутту куюп, йогурту кошуп жакшылап аралаштырып, банканын капкагын жаап, жылуулап ороп жылуу жерге коюп коесуз.

    Эскертуу: Уюткан сон кайра ачып аралаштырууга, ордунан жылдырууга болбойт. 8-10 сааттан кийин йогурт уюйт.

    Даяр болгон йогуртту муздаткычта сактап 1 жумага чейин колдоно берсениз болот.

    1. Мага жакты.

      Мен кадимки нак айранга варенье кошуп берет элем йогурт деп.

      Жаспа коруш керек экен.

  88. Пайдалуу азыктарды даярдоо рецебинен:

    АШКАБАКТАГЫ КУУРДАК

    Керектелүүчү азыктар:
    Ашкабак 
    – 3 килограмм
    Уй эти – 700 грамм
    Өсүмдүк майы – 5 аш кашык
    Суу – 300 грамм
    Картошка, сабиз, помидор – 3 даанадан
    Болгар калемпири, пияз – 1 даанадан
    Сельдерей – 2-3 тал
    Сарымсак – 3 тиш
    Мурч – жарым чай кашык

    Даярдоо ыкмасы:

    1. Эт, картошка, помидор орточо төрт чарчы, ал эми болгар калемпирин, пияз, сельдерей, сарымсакты майда туурап, ар бирин өзүнчө идишке салабыз. Сабиз сүргүчтөн өткөрүлөт.

      2. Көмөч казанга майды куюп, алгач этти, анан пиязды, сабизди, болгар калемпирин, помидор, сельдерей, мурчту кошуп кууруйбуз. Картошка өзүнчө идишке куурулат. Картошканы мурунку куурулгандардын үстүнө кошобуз. Суудан куюп, баары толук бышкыча жай отто кайнатабыз.

      3. Ашкабактын баш жагын тегерете капкак кылып кесип алабыз. Ичин данектеринен тазалап, оюп, кеӊейте кырып, сарымсак сүйкөйбүз.
      4. Ашкабакты электр мешинин табасына коюп, ичине көмөч казанда бышкандарды куюп, ашкабак капкакты бекем жабабыз. Сыртын өсүмдүк майы менен майлайбыз.
      5. Алдын-ала 180 градуста ысытылган электр мешине салып, ашкабак жумшарып бышкыча кармайбыз (1 сааттан ашык).Тамак даяр.

    Эскертүү: Фаршталган ашкабак жегенге ылайыктуу болушу үчүн ичиндегилерди тарелкаларга бөлүп салып, кесимдерге бөлүнгөн ашкабакты четине жайгаштырса болот.


  89. Пельмен үчүн камыр Кантип жасалат?

    500 гр унду идишке салып, ортосун чуңкурайтып ага 2 даана жумуртка, 0,5 чай кашык туз, 1 аш кашык өсүмдүк майын жана суу кошуп, бир чекесинен аралаштыра бересиз. Камыр бир калыпка келгенче жакшылап ийлоо керек, канчалык көп ийлесеңиз, камыр ошончолук жакшы болот. Даяр болгон камырды аз дегенде 30 мүнөт тыныктырып коюңуз. Андан соң камырды жука кылып жая бересиз.


  90. Кабатталган камырды жасоо

    Кабатталган камыр даярдоо үчүн алгач 300 гр ундун жарымын идишке салып, ортосун чуңкурайтасыз. Ага 1 даана жумуртка, 1 чай кашык (уксус 6 же 9 %), 2-3 стакан сүт (суу кошулган), чымчым туз кошосуз. Камырды көбүктөрү кеткенче жууруйсуз. Анан 150 гр каймакмайды майда кубик түрүндө туурап, ага калган унду кошуп аралаштырып жууруп аласыз. Биринчи жууруган камырды жукараак жайып, анын ортосуна ун сээп, экинчи жууруган камырды дал ошол өлчөмдө жайып конверт формасында ороп муздаткычка 30 мүнөт саласыз. Андан соң үбөлүк менен жайып, кайра бүктөп ортосунда 10 мүнөттөн тыныктырып төрт жолу жаясыз. Даяр болгондо формага келтирип кесип, ортосуна фарштан салып самсы жасай берсеңиз болот. Духовкага 220 градуста бышырасыз


  91. Озгочо тамактардын рецеби:

    Пицца – итальяндардын улуттук тамагы. Адатта ачыган камырдан даярдалып, үстүнө сыр, эт же колбаса жана жашылчалар коюлуп бышырылат. Бирок азыр ачытылбай жасала турган түрлөрү да көп. Анда бышыруунун  жолун сунуштайбыз

     ГРЕЧКА ЖАНА ЖАШЫЛЧАЛАР МЕНЕН ПИЦЦА

    Керектүү азыктар:  Ун – 250 грамм (жогорку сорт) Майонез – 350 грамм Маргарин – 180 грамм Помидор – 4 даана Бадыраң – 2 даана Гречка – 50 грамм Сыр – 200 грамм Жумуртка – 1 даана Туз – татымына жараша

    Даярдоо ыкмасы: Унга эритилген маргаринди жана майонездин 150 граммын кошуп жууруйбуз. Камыр 2-3 саатка тыныктырылып коюлат. Камырды тегерек формага келтирип, үстүнө жука кылып майонезди сүйкөйбүз. Эми чийки 1 даана жумуртканы чалып алабыз да, аны майонездин үстүнөн сүйкөп чыгабыз. Помидор менен бадыраңды тегерек же таякча кылып кесип, камырдын үстүнө жайгаштырабыз. Сырдын жарымын майдалап туурап, помидор менен бадыраңдардын арасына чачабыз. Таза жуулуп, кайнаган ысык сууга 10 мүнөт кармалган гречканы пиццанын үстүнө себелөө керек. Анан сырдын калганын сүргүчтөн өткөрүп, пиццанын үстүнө чачып коёбуз. Майонездин калганын аралатып куябыз. Пиццанын даяр камырын 200 градус температурада ысыган электр мешине салып, 25-30 мүнөт коёбуз.

  92. КОЛБАСА МЕНЕН ПИЦЦА

    Керектүү азыктар: Ун – 100 грамм (жогорку сорт) Каймак май (сливочное масло) – 100 грамм Жумуртка – 1 даана (сарысы керектелет) Пияз – 2 даана Колбаса – 100 грамм Помидор – 3 даана Сыр – 50 грамм Өсүмдүк майы – 4-5 аш кашык Туз

    Даярдоо ыкмасы: Алгач унга эритилген каймак майды, тузду кошуп, камыр жууруп, 30 мүнөттөн 1 саатка чейин тыныктырып коёсуз. Көмөч казанга майды куюп, шакекче кылып ичке тууралган пиязды 2-3 мүнөт кууруйбуз. Камырды жука жайып, тегерек формага келтирип, үстүн жумуртканын сарысы менен майлайбыз. Камырдын бетине куурулган пиязды, анан тегерек кесилген колбасаларды жайгаштырабыз. Помидорлор да тегерек формада жука кесилип жайгаштырылат. Сырды сүргүчтөн өткөрүп, пиццанын бетине себелейбиз. 200 градуста ысыган электр мешинде 15-20 мүнөт бышырабыз. Эскертүү: эгер колбаса жок болсо, анда этти майда туурап кууруп алып, колбасанын ордуна кошсо болот. Пиццанын бетин петрушка менен кооздоп койсо көрктүү көрүнөт.

    КОШУМЧА: Пиццанын камырын жука да, калың дагы кылсаңыз болот. Калың болгон учурда 220-240 градус ысыкта бышырууга туура келет.

    Сыр – пиццаны даамдуу кыла турган негизги азык. Аны пиццага себелеп да, туурап да кошсо болот. Жаңы жашылчалар жок болгон кезде, алардын ордуна туздалгандарын колдонуу туура. Жаңгактардан кешью, мистени (фисташка) майдалап пиццага кошууга да мүмкүн. Алар пиццага өзгөчө даам берет.

  93. Болгар калемпириндеги жумуртка

    Кандай азыктар керек? Ар түрдүү түстөгү болгар калемпири: 2 даана Бөдөнөнүн жумурткасы: 4 даана Туз, мурч Өсүмдүк майы

    Кантип жасалат? Болгар калемпирлеринин ичиндеги уруктарын тазалап, жууп, калыңдыгын 2 см кылып шакекче формасында туурайсыз. Көмөчказанга майды куюп, кызыган соң болгар калемпирлерин салып кууруйсуз. Бир аз куурулган соң ар биринин ортосуна бирден бөдөнөнүн жумурткасын чагасыз. Бетине бир аз туз, мурч себелеп туруп көмөчказандын капкагын жаап, отту жайлатып 2 мүнөт күтөсүз. Бышкандан кийин бетине көк чөптөрдү себелеп кооздоп койсо болот


  94.                                             Кадамжай району, Баткен областы

    Быйыл эрте жазда, алманын мөмөсү жаңгактай болгон учурда чоңдугу бадамдай болгон мөндүр урган. Алма бүрүшүп өзүн оңдой албады. Демек мөмөлүү бактардын үстүн мөндүрдөн сактоочу тор менен жабдыш шарт экен.
    2002 - жылы тигилген алма бак үчүн мындай мөндүр биринчи жолу мөмөлөрдү талкалады.
    Алма быйыл 50...70 сомдон үйдөн сатылып жаткан экен - багбандардын жылы болду буйурса.
    Алды, короодон эле 20...25 тоннадан алма саткандар бар экен айылда.







  95. Ден соолук учун айымдарга кенеш!

    Кундолук тамактанууда тарелкаңыздын тең жарымын салаттар болсун.  Жашылчалар менен жемиштер – клетчатканын, суунун, пайдалуу микро жана макроэлементтердин булагы. Тамактанууда тарелкаңыздын тең жарымына жашылчалар салынган болсо, сиз өз ден соолугуңузду жакшырта аласыз. Ушул сыяктуу эле базарга барганда баштыгыңызды углеводдорго, жарым фабрикаттарга эмес, жашылча-жемишке толтуруңуз.

  96. Жашоонун негизги сырларынын бири-туура дем алып, дем чыгаруу болуп эсептелет. Бул да денени азыктандыруу болуп эсептелет.

    Дем алып, дем чыгаруу менен денедеги ток откоргуч каналдар денеге энергияны оз нугунда болуштурот жана камсыздайт, омурду узартат, ден соолукту чындайт. 

    Биз үстүртөн дем алганга көнгөнбүз. Бир күндө 5-10 мүнөттөн болушунча толук дем алып, кайра чыгарып туруу кан басымдын түшүшүнө жардам берет, картаюу процессин жайлатат, уйкуну жакшыртат. Чалкаңыздан жатып көзүңүздү жумуңуз да, жакшы нерселер тууралуу ойлонуңуз. Андан кийин ичиңиз менен деп алууга аракет кылып көрүңүз. Дем алууну жакшыраак сезиш үчүн курсагыңызга китеп же башка буюм коюп алсаңыз болот.


  97. Брокколи кошулган салат

    Керектелуучу азыктар:

    Бадыран 4 даана

    Помидор 4 даана

    Болгар калемпири 1-2 даана

    Брокколи капустасы 1 кичинеси

    Фетакса 150гр.

    Укроп, туз оливки майы 5 аш кашык.

    Алгач брокколи капустасын 10 мунот сууга бышырып алабыз.

    Калган азыктарды дароо эле туурап баштайбыз. Баарын квадрат турундо туурап алган сон май куйуп, туз салып аралаштырып койобуз. Салат даяр, эч канча убакыт кетпейт.

  98. Брокколи капустасынын пайдасы

    Бул капуста минералдарга  калий, фосфор, темир, кальций, магнийге,  витаминдерден  А, В9, К, С бай. Курамындагы кальций  сутко салыштырмалуу коп,  Брокколи  капустасы журок кан тамыр оорулардан жапа чеккендерге абдан пайдалуу экен. 

    1. Броккколи капустасын биздин дыйкандар аз-аздан болсо да эге башташты.

      Оздору остуруп, тамак-ашка пайдаланып жаткандары да  жок эмес.

      Буларда алгач даярдап жеп коргондор анча эмес деп конбой кайра мактап калгандары да бар.

      Базардан издеп таппай жургондор да бар.


      Ошондуктан дыйкандарыбызга озубуз остуролу дегенди да айтып деп, группаларыбызга АККлар жашылчаларды остургондо ушундай коп таркала элек жашылча-жемиштерди да айта журсок жакшы болот.

    2. Брокколини абдан пайдалуу деп угам. Кантип даярдайт?

  99. Рахмат Уулкан, пайдалуу маалыматтар учун!

    Биздин тамактанууда брокколи капустасы менен тустуу капустанын кошулганына аз эле убакыт болду. Брокколи капустасы кант диабети менен ооругандар учун абдан пайдалуу деп укканмын. 

    10 мунотчо сууга бышырып алып, суусун сарыктырып, жумуртканы чалып аз гана ун кошуп аралаштырып азыраак майга кууруп жесе сонун болот.

  100. ЖАШЫЛЧАЛАРДЫН ХАНЫШАСЫ – КАПУСТА

    Курамына адамдын организмине керектүү көптөгөн витаминдерди камтыгандыктан «жашылчалардын ханышасы» атка конгон капустанын бир нече түрү бар

    АК БАШТУУ КАПУСТА

    Ден соолукка пайдасы – иммунитетти көтөрөт, нерв системин тынчтандырат, баш ооруну басат, уйкусуздуктан арылтат, бөйрөк, боор ооруларына, анемияга, ашказан, он эки эли ичегинин жарасына, экзема, подагра дарттарына каршы табылгыс дары. Ашыкча салмактан да арылууга жардам берет.














  101. ПЕКИН КАПУСТАСЫ


    Ден соолукка пайдасы – Артрит, атеросклероз, гипертония, Альцгеймер дартына, сарык, ревматизмге даба болот. Ошондой эле пекин капустасынын ширеси ангина, уйкусуздук, аллергияга каршы да колдонулат. Күйүктүн жеӊил түрүндө, ооруну басаӊдатууда пекин капустасынан жасалган компресс жардамга келет.
    Зыяны – панкреатит оорусу барларга, ашказан кычкылы жогоруларга колдонууга болбойт. Сүт азыктары менен чогуу колдонууда ич өтүшү мүмкүн.

  102. Тустуу капуста

    Ден соолукка пайдасы – тамак сиӊирүүнү жакшыртат, ашказан, ичеги жарасынын, рактын алдын алат, кан басымды жөнгө салат.
    Зыяны – ашказан кычкылы жогоруларга, жаӊыдан операция жасалгандарга, бөйрөк, подагра, богок оорусу барларга колдонууга болбойт.


    1. Түстүү капустанын даярбоо ыкмасы: шакчалары менен болуп алабыз да 7-12мунөт кайнатабыз, андан кийин сарыктырып алып коюуп турабыз. Кийин соус жасайбыз жумуртка менен унду аралаштырабыз, смената абалда болуш керек. Сарыгып даяр болгон түстүү капустаны соуска малып кызыган майга кууруп алабыз (3-4 мүнөт), бышканда кадимки балык жегендей болосуз.

      Тамагыңыздар даамдуу болсун!!! 

  103. КЫЗЫЛ БАШ КАПУСТА


    Ден соолукка пайдасы – иммунитетти көтөрөт. Бронхит, ак кан ооруларынын алдын алат, баш ооруну басып, кан басымды төмөндөтөт. Организмден токсин, шлактарды чыгарат, жүрөктүн согушун жөнгө салат.
    Зыяны – курамында клетчатка көп болгондуктан ашказан жарасы барларга сунушталбайт

  104. БРОККОЛИ КАПУСТАСЫ



    Ден соолукка пайдасы – сөөктөрдү бекемдейт, көздүн көрүүсүн жакшыртат, организмдеги ашыкча сууларды, шлактарды чыгарат. Жүрөк, боор, бөйрөк, ашказан, өт ооруларына каршы мыкты каражат.


  105. КАПУСТАНЫ  САТЫП АЛУУДА ЭМНЕЛЕРГЕ КОНУЛ БУРУУ КЕРЕК?

    • Капуста сатыкка чыккан биринчи айда албай эле койгон оӊ. Анткени дары-дармек менен өстүрүлгөнү биринчи бышып, сатыкка эрте чыгат, курамында нитрат коп болушу мумкун.
    • Капуста салмактуу болушу шарт.
    • Жалбырактары тыгыз түйүлгөнүн тандаӊыз.
    • Жарылбаган, жалбырагы соолубаган, ар кандай тактары жок болушу керек.
    • Өзүнө мүнөздүү жыттан башка жыт чыгып турса ал эскирген, сапатсыз капуста.
    1. Эн жакшысы элдер оздору остуро баштаганы жакшы. Биздин бул долбоордогу максат озубуз остуруп, тамак-ашка пайдаланууга жетишуу. Буажар эже туура айтат, кымбат сатайын деп дары-дармек берип остуруп жиберишет.

  106. Дуйнодо капуста остуруу боюнча алдынкы орунда Кытай мамлекети  турат  2016-жылдагы статистика боюнча  33,3 млн тонна, 2-орунда Индия 8,8 млн тонна, 3 орунда Россия 3,6 млн тонна.  Кытай  Россияга салыштырмалуу 10 эсе коп остурот экен. 



  107. Дыйкандарга капуста остуруу пайдалуубу?

    Эгер дыйкан ишти уюштурууну билсе, капустанын кочотун озунчо парникте остуруп, кийин талаага отургузуп остурсо жакшы.

    Капуста кочотун отургузуу 70х30 схемасында болсо 1 га жерге 35-40 мин туп кочот керектелет. 1 гектардан эрте бышуучу капустадан  30 тоннага чейин, кечки сорттон 50-60 тоннага чейин тушум остуруп алууга болот.

    Дыйкандын тили менен айтканда 1 гектардан жок эле дегенде 30 мин баш капуста алса, 1 башын 15 сомдон сатканда 450000 сом болот. Чыгымдары  200000 сом болсун, ошондо да 250000 сом киреше алат. Бирок капустанын базарда сатуу койгойу, откоруу жагынан чоочуйт. 


  108. Кышка даярсызбы)) BY ALAY органикалык пахтадан токулган байпак баш кийимдер

    Чынын да таза ден-соолука зыянсыз ата мекендик ондуруш Японияны багындырат


    Нет описания фото.

     


    Нет описания фото.























  109.                                                                       Кыргызстандын   Айыл Чарбасы 

    Кыргызстанда 60%дан жогорусун айыл-аймактары тузот жана айылдарда жашаган калктын кунумдук жашоосу, экономикасы айыл-чарбадан туздон туз каранды. 60% деген ото тобокелдуу. Инновацияларды алып келуу, колдонуу менен эмгек кучун азайтуу зарыл.

    Кыргызстандын территориясынын 7%и гана айдоого жарамдуу (калганы тоо-таштар). Фермерлердин 84% инин жерлеринин аянты 1 гектарга жетпейт. Бул корунуш менен айыл-чарба жерлерин дем алдырбай иштеткендиктен эрозияга учураган, жараксыз жерлер кобойуудо. Анын устуно, айыл-чарбага жарактуу жерлер резиденцияга да берилип кетип жатат. Ошол эле учурда айыл-чарба продукциялардын тушумдуулугу ото томон. Аз жерден коп тушум алуу максатында интенсификациялоо жумуштарын жасаш керек (айыл-чарба осумдукторунун сортторду тазалоо, агротехнолияны жакшырдуу, куносканаларды кобойтуу, ж.б.у.с.)

    Акыркы 30 жылдын ичинде туура эмес колдонуудан 45%га чукул жайыттар жана 30%га жакын сугат жерлер жарактан чыкты. Деградацияга учуроо коркунучунда турган жайыттарды ротациялык жол менен колдонуу жана эффективдуу пайдалануу пландарын министрлик катуу козомолго алуусу керек деп ойлойм. Туура колдонулган жайыттар сут жана эт азыктарын кобойтуудо чон салым кошот. Ал эми, сугат суулар боюнча айта кетсек - маселенин баары туура эмес (жоок менен) сугаруудан келип чыгууда. Израиль жана Индияга окшогон сууну эффективдуу колдонуудагы лидер мамлекеттерден уйроно турган методтор коп.

    Момо-жемиштердин 70% ти жыйналып алынаары менен эле сатылып келет. Бул продукциянын баасынын дароо томондошуно алып келет. Мал-чарбасында да ушундай абал. Куздо жайлоодон кайтканда баары малдарын сатууга аракет кылат жана малдын баасы арзандап кетет, ал эми жазында кымбаттап кетет. Олконун ичинде, тамак-аш коопсуздугу жана запасын пландоо жакшы иштебейт. Фермер кийинки жылдарды пландап дыйканчылык кылбайт. Бир жылы картошка 15 сомдон сатылса, кийинки жылы сатылбай чирип кетиши адаттагы корунуш болуп калды. ЕАЭБ тин зонасында жана эл-аралык оноктоштукторду орнотуу менен (мамкекет гарант болуп), экспортту кобойтуу менен фермерлерди кобуроок коммерциялык ойлонууга угуттош керек.

    - Олкодо 2000ге чукул жаш ветеринарлар жетиштепейт. Жаштардын арасында бул тармактын популярдуулугу томон.

  110. Урматтуу платформанын мучолору!

    Мен бугун тренер Апсамат аркылуу платформага катталдым.

    Озум жонундо айтсам: Аксы районундагы Кербен шаардык мэриясына караштуу Кулук-Добо айылынанмын. 2017-жылдан бери ушул айылда органикалык чарба жургузуу боюгнча координатормун. Менин милдетим органикалык чарба жургузууго кызыккан фермерлерди топторго бириктируу, окууга тартуу, ички козомол системасынын документтерин даярдоо жана сертификациядан откоруу, остурулгон продукцияны ташуу, тапшыруу иштерин алып баруу. Кулук-Добо айылында 236 фермер бар, алар 12 топко биригишкен, ар бир топто айылдык био инспекторлор козомолдон откоруп турушат.

  111. Аксы районун калкынын негизги киреше беруучу эгини кайналы. Органикалык кайналыны сатуудан калганын озубуздогу шартта кургатып, жергиликтуу базарда сатабыз

  112. Момолор бышкан убакытты сарамжалдуу пайдаланууга аракет кыламын, топтогу аялдар менен биргеликте компот, кыямдын турлорун, момо жемиштерден ар турдуу ширелерди жасайбыз.  Максатыбыз уй булобузду натуралдуу  азыктар менен камсыз кылуу.

  113. Кулук-Добо айылы Кербен шаарына жакын жайгашкан. Топто даярдаган консерваларыбызды жергиликтуу базарда сатуу менен уй булолук кирешени кобойтууго салым кошобуз.

  114. Бул суротто  уй шартында кургатылган алманын кагы.

    Кургатылган алма В, А, С витаминдерине, калий, натрий, фосфор, магний, кальций, темир, цинк, йод элементтерине бай азык.

    Кургатылган кактар тамак сиңирүү, нерв, кан тамыр системасына таасирин тийгизүү менен   бөйрөк жана боорун иштешин жакшыртат кан тамырдын бутолуп калуу денгээлин азайтат, теринин абалын жакшыртат, иммунитетти көтөрөт.


    1. Кайналы кагы

       

      Кайналы кагы адамын организми үчүн эң пайдалуу , курамы канттан, органикалык кислоталардан, азык буласынан, минералдык заттардан –калий, натрий,кальций, фосфор, темирден жана каротинден турат.  

      Ичеги карын үчун абдан пайдалуу. Эгерде күн сайын 5 даана кайналы кагын жеп турса ичеги-карын ооруларынын алын алат, организмдеги зат алмашууну жакшыртат, арыктатат.  

      Кайналы кагы боор оору, бөйрөк, кан тамыр системасын, көрүүнү жакшыртат.

      Ошондой эле антибактериялык каражат ооз көңдөйөгү инфекциялык процесстерди токтотуу үчүн колдонулат, бул үчүн кайналы кагын оозго кармап туруу керек


      1. Азаматсынар, оз уйунордон чыккан момо-жемиштерди кургатып, кышкы мезгилде кактардан витаминдуу чайларды, компотторду даярдап ичсен кандай пайдалуу.

        Иштеринер оркундой берсин! 

  115. Тез бышуучу пицца.

    Сиздин убактыныз чак, шашылыш турдо тамак жасоого туура келип калды дейли. Сизди пиццанын жонокой турун тез жасап балдарды тоюнтууга боло турган варианты сунуштайбыз.

     Керектелуучу азыктар:

    • Наавай нан - 1 даана.
    • Пияз - 140 г;
    • Бышкан эт -200 г;
    • сыр - 190 г;
    • жаңы помидор - 2 даана;.
    • Томат пастасы - 80 г;
    • майонез;
    • туз жана укроп,

    Даярдоо жолу:

    Нанды кыйгачынан экиге болукко болосуз, болунгон болукторунун бетине томат пастасын, кийин майонезди тегиз шыбайсыз Пиязды, этти, помидорду, майда болукторго болуп нандын бетине себелейсиз, туз жана укропту кошосуз. Эн акырында сырды сургучтон откоруп нандын бетине себелейсиз. Эгер кам каймак болсо 1 аш кашык кошуп койсо болот. Электр духовкада 180 градуста 15-20 мунот кармайсыз. Пицца даяр болду.



  116. Жүгөрүнүн курамы углеводго бай, углевод кандын курамындагы кантты нормалдаштырып жана нерв клеткаларын азыктандырып туруучу касиетке ээ. Тамак-аш катары жеп туруу эпилепсия, полиомиелит менен ооругандарга пайдалуу. Жүгөрүнүн курамындагы В1, В2, РР витаминдери жана кальций, магний, фосфор, темир аллергиядан, кант диабетинен сактайт, семирүүгө жол бербейт жана организмдеги зат алмашууну жөнгө салат. 

    Жүгөрүнү туура бышыруунун жолу

    Эгер жүгөрүнүн түсү ачык сары, көлөмү чоң жана узун эмес болсо, ал эми дандары бир сапта түз жайгашса, анда ал нормалдуу болуп саналат.

    1.   Жүгөрү дүмбүлүн бышыруунун алдында сууга таза жууп, чачтарынан, кир жалбырактарынан толук арылтуу керек. Ал эми таза жалбырактарынан 1-2ни калтырып койсо болот, алар сууга бышкан жүгөрүгө жакшы даам берет.

    2.   Жүгөрүгө катуу болуп калбас үчүн туз кошпой бышырат.

    3.   Жүгөрүнүн сотосунун пайдасы жок.

    4.   Жүгөрүнү калың жана терең мискейге бышыруу керек, бул маалда суусу аны 2 смчелик жаап турганы жакшы.

    5.   Тез бышыргычта (скороварка) жүгөрү 5-10 мүнөттө, кичи толкундуу меште 10-12 мүнөттө, ал эми буу бышыргычта (пароварка) 15 мүнөттө бышат.

    6. Бышкан жугоруну сотосунан ажыратып, кайнаган суусуна туз, кант  салып кайра 2-3 мунот кайнатып жиберип, бууланган банкаларга  куюп кышкыга сактап койсонуз болот. Бул биринчиден оз колунуз менен даярдалган, ишенимдуу, экинчиден кышкы мезгилде жасаган салаттарга кошкону даяр, арзан азык болот.

    Даяр болгон жугоруну муздак жерде кышы бою сактап, керек мезгилде пайдалана берсе болот.

  117. Шашылыш билдируу! Конул буруп коюнуздар!

    2019-жылдын башынан бери Өзбекстан Республикасынан Евразия экономикалык биримдигинин фитосанитардык карантиндик талаптарына жооп бербеген 356 факт катталган. Анын ичинде 10 жолу фитосанитардык талаптары бузулган продукциялар келген. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Акыркы жолу Өзбекстандан ууланган анар келгендиги аныкталган.

    Аталган товар Өзбекстандын фитосанитардык көзөмөлүнүн сертификаты менен келген. Оштогу лабороториянын текшерүүсүнөн өткөндө “Grapholitha molesta Busck” вирусу менен ууланганы билинген. Аталган факт катталгандан кийин Өзбекстандан келген 35,25 тонна башка товарлар да “Достук” бекетинен өткөрүлгөн жок. Фитосанитардык карантиндик текшерүүдөн өткөндө 35,25 тонна азыктан (курма, бий алма ж.б.) жараксыз фитосанитардык сертификат жана кутусунда маркировкасы жок экендиги такталган. ЕАЭБдин талаптарына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, карантиндик товарлардын Өзбекстандан Кыргызстанга киргизилишине тыюу салынышы мүмкүн. Айыл чарба, тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Өсүмдүктөрдүн карантини департаменти тарабынан Өзбекстандын Өсүмдүктөрдүн карантини департаментине өсүмдүк азыктарына убактылуу чектөө киргизилип жаткандыгы жөнүндө кат жөнөтүлгон.

    Алынган булак: https://www.super.kg/mobile/kabar/news/287041/


    1. Достук бажы бекетинен откорбогону менен андан башка турдуу жолдор менен ууланган продукциялар жергиликтуу базарларды басып кетти. Аларды текшерип, козомолго алып  турушса жакшы болот эле. 

    2. Канча жолу алып жедик эле арзан экен деп, акча табыш учун адамдардын ден соолугуна зыян келтирген мыкаачылар!

  118. Мурда ширин даана анар деп сырткы кабыгы бозурагын тандап жечи элек. Ал эми сырткы кабыгы кочкул кызыл анардын даамы ачуу болот эле.

    Азыр кочкул кызыл тустуу анарды алсаныз даны ширин, ичиндеги болукчолору да кызыл болуп боелуп турат.

    Базарда отумдуулугу жакшы болушу учун анарды кызыл боек менен боеп жатышат. Бул ден соолукка зыянын берет. 

    1. Анар - мөмөлөрдүн ичинен эң көп микроэлементтери бар чоң "казына" . Иммунитетти колдоо жана гемоглабинди жөнгө салууга аптасына бир анарды жеп туруу жетиштүү. Ушундай пайдалуу мөмөнүн касиетин жокко чыгаруу бул эмне деген шумдук. 

  119. ДАРТ ТАМАК МЕНЕН ООЗДОН КИРЕТ

    "Тирүү" тамак-аштар – ден соолукту чыңдайт, жаштыкты узартат, организмди энергия менен камсыздайт. Бирок заманбап адамдын рационуна "өлүк" тамак-аштар көп кирүүдө. Өлүк тамак-аштар организмге энергия берүүнүн ордуна кайра энергияны алат, организмди шлактарга толтурат, ооруларды жаратат жана карылыкты эрте чакырат. “ТИРҮҮ” ТАМАК-АШТАР

    Жашылчалар жана жемиштер. 

    Жемиш кактары жана кургатылган жашылчалар (табигый жол менен  кургатылган) 

    Бакча өсүмдүктөрү (коон, дарбыз)

    Дан өсүмдүктөрү

    Жаңгак түрлөрү

    Татымал көк чөптөр

    Адамдын жеген тамак-ашы майдаланып, эрип жана организмге сиңиши үчүн көптөгөн фермент түрлөрү керек. Мисалы, бул максатта калкан сымал без 3 ферментти бөлүп берет. Калгандары, анын ичинде энзим ферменти, организмге тамак-аш аркылуу кирет. Энзимдер жашылча, жемиш, бакча өсүмдүктөрүндө көп. Алар организмде жаңы клеткалардын жаралышын жана өсүп жетилишин шарттайт. Тамак-аштын сиңишин камсыздап, зат алмашууну калыптандырат, салмакты көзөмөлдөйт. Адамга күч-кубат берип, иммунитетти көтөрөт. Иммунитет көтөрүлсө организм инфекция менен жакшы күрөшүп, ооруларга туруштук берүү мүмкүнчүлүгү жогору болот. Биздин тамак-ашыбыз канчалык энзимдерге бай болуп турса, ошончолук ичтеги бездер жакшы иштеп, адам семирбейт, органдарыбыз жана каныбыз шлактардан жана уулуу заттардан тазаланып турат. Уйкубуз тынч болуп, мыкты ойлоо жана иштөө жөндөмүнө ээ болобуз. Башкача айтканда, энзимдер адамдын органдарындагы бардык химиялык процесстерди башкарат. Адам өз курагынан канчалык жаш көрүнсө, демек, анын организми энзимдерге бай. Энзимдер клеткалардын жаңырышын тездеткендиктен тери серпилгич болуп, жаңы бырыштардын пайда болушу токтойт. Өзгөчө чийки азыктар: өндүрүлгөн буудай, жашылча менен жемиш энзимдердин булагы. “Тирүү” тамак-аштарда энзимдерден тышкары пайдалуу витаминдер жана микроэлементтер көп.

    “ӨЛҮК” ТАМАК-АШТАР

    Курамында тамак-ашты сиңирүүдө башкы ролду ойноочу энзимдер жок же өтө аз тамак-аштар. Андай тамакты жегенибизде организм аны сиңирүү үчүн өзүнүн запасындагы энзимдерди коротууга аргасыз болот. Бирок организмдин арекетине карабай сиңбеген тамак-аш калдыгы көп болот. Алар ичегиге барганда ирип-чирип, жаман газ, шлак жана уулар жаралат. Уулар ичегинин капталдары аркылуу канга сиңет. Кандагы ууларды бөлүп чыгарам деп боор күчтөнүп иштейт. Шлактар органдарда жана кан тамырларда топтоло баштайт да, оорулар келип чыгат. Мисалы, бөйрөктө таш пайда болот. Кан тамырларды шлак бүтөй баштаса инсульт же миокарддын инфаркты жаралышы мүмкүн. Адам шалдырайт, эс-тутум жана ойлоо жөндөмдүүлүгү начарлайт. Энзимдердин өлчөмү азайган сайын иммунитет начарлайт, оору жаралат, бетке бырыш түшүп, адам картая баштайт. Мисалы, биз тамакка жашылчаларды кошуп жасадык, бирок тамак узакка кайнап же куурулуп бышканда андагы энзимдердин көбү "өлүп" калат. Өлгөндөн калган энзимдер ал тамактын калганын жеш үчүн кайра ысытканда өлөт. Бул тамак “өлүк” тамак. Курсак тойду деп эсептелгени менен, андан организм ала турган нерселер өтө аз. “Өлүк” тамак-аштарды дамамат жей бергендерде акырындык менен түрдүү оорулар жарала берет.

    Даам жана түс берүүчү боёктор, узакка сакталышы үчүн синтетикалык заттар кошулган тамак-аштар: кукси, жарым фабрикаттар (чүчпара, манты, фрикадельки, котлета), кургатылган сүт, пастеризацияланган сүт, сосиска, колбаса. Жарым фабрикат азыктар атеросклероз, жогорку кан басым, ичеги-карын ооруларын жаратарын окумуштуулар алда качан аныкташкан. Муздаткычта 2-3 сутка туруп калган бышкан тамак. Тамак канчалык узак турса андагы витаминдер өлө баштайт, бактериялар көбөйүп, ашказан-ичегиге жагымсыз болот, адамдын кускусу келет, башы ооруйт. Ууланып калуусу да мүмкүн. Узакка кайнатылган, куурулган тамактар. Энзимдер 50 градус ысыкта өлө башташат. Андыктан тамакты узакка кайнатканда жана кууруганда энзимдер жок калат же өтө аз калат. Грилде бышкан тоок. Тоок этин электр грилинде катуу ысытып, бат бышырууда бензапирен (химиялык кошулма) пайда болот. Ал организмге аздан кире берсе рак жаралат.

    Фаст-фуддар (гамбургер, шаурма, хот-дог, самса, беляш, пирожки, чебуреки, май токоч). Фаст-фуддарды көбүнчө трансгендик майларды (маргарин, кулинардык май, мурун бир нерсе куурулган же бышырылган май жана башка) колдонуу менен даярдашат. Андай май тамакты даамдуу кылганы менен, зыяны көп. Алар жаман холестеринди, көп калорияны берет. Натыйжада семирүү, жүрөк-кан тамыр, ичеги-карын оорулары жаралат.

    Майонез. Бул да жасалма "өлүк" азык. Оорубай, бат чоңоюп, салмак кошушу үчүн жасалма жем менен багылган, антибиотиктер жана жасалма гормондор менен багылган тооктордун эти (айрыкча окорочка) менен жумурткасы жана уйлардын эти. Таттуу газдалган суусундуктар. “

    Өлүк” тамак-аштарды жегенде алар менен кошо жашылчалардын өзүн же алардан салат жасап пайдалануу, жемиштердин ширесин ичүү сунушталат. Жашылча, жемиштердеги энзимдер тамак-ашты сиңирүүгө жардам берет.

    Жашылча менен этти дымдап же бууга бышырып жеген оң. Тамак жасап жатканда жашылчаларды эт менен кошо куурубай аягында кошуу керек. Негизи адам организмине зыян келтирбеш үчүн, оорубаш үчүн “өлүк” тамак-аштарды өтө аз жегенге аракет кылышы керек.

    Бишкектеги Улуттук хирургиялык борбордун башкы врачы, гастроэнтеролог Таалай Акматовдун билдируусу.

  120. Көздун коруусуно жардам берген азыктар

    Көзгө пайдалуу азыктар

    Сабиз - көздүн тунарып жакшы көрбөй калышында жакшы жардам берет. Эгерде көз караңгылап, көз алдында кандайдыр бир жылдызчалар учуп калып жакшы көрбөй коньюктивит менен жабыркап жаткан болсо. Анда организмге А витамини жетишсиз болуп жаткан болот. Бул витамин көз торчосунун жакшы иштөөсүнө жардам берет. Күнүнө 300 граммдан сабиз жеп туруу сунуш кылынат.

    Балык - көзгө эң чоң пайдасы бар. Балык көздүн даана жана курч көрүү үчүн көзгө эң керектүү азык. Жумасына балыкты 2-3 жолу 300 граммдан жеп туруу керек. Анткени балыктын курамында көздүн көрүүсү үчүн эң керек болгон май кычкылдары бар.

  121. ТАБИГЫЙ ШИРЕЛЕРДИН ПАЙДАСЫ

    Уй шартында сыгылган жаңы шире гана чыныгы табигый деген атка татыктуу.

    Ширелерди даярдоого карата кеңештер:

    • Шире үчүн жаңы жашылча- жемиштерди колдонуу керек
    • Чириги бар жашылча- жемиштерди шире даярдоого кошпонуз
    • Жашылча-жемиш таза жуулууга тийиш
    • Шире натыйжалуу таасир этсин үчүн аны сыгылгандан 10 мүнөткө жетпеген аралыкта ичүү зарыл
    • Ширени тамак алдында (30 мүнөт мурун) ичүү шарт
    • Данектүү жемиштердин ширесин башка ширеге аралаштырып ичүүгө болбойт
  122. Бадыраң ширеси

    Косметологиялык максатта кеңири колдонулат. Себеби, бул шире күндүн таасиринен пайда болгон тактарды, сепкилдерди, кара чекиттерди жок кылуучу сапатка ээ.

    Ошону менен катар организмди терчилдиктен сактайт жана терини агартат. Андыктан, күн сайын бир литрге чейин бадыраң ширесин иче берүүгө болот. Бирок, жаңы гана сыгылган ширени, болбосо ал 30 мүнөттөн соң өз касиетин жогото баштайт.

    1. Канча убакыт ичиш керек?

      1. Ширелерди ичкенде мумкун болушунча жылуу ичсе ашказанга жагымдуу болот. Бир жума ичип кийинки жума дем алып турса болот.

  123. Жүзүмдун ширеси.


     Кандагы холестериндин деңгээлин төмөндөтүү үчүн эң жакшы каражат.

    Ал үчүн муну 1-1,5 ай бою күнүнө 3 жолу тамак ичүүгө бир саат калганда ичүү керек. Жарым стакан (50 г) менен баштап, бир жарым стакан (250 г) менен аяктаган туура. Нерв системасы жабыркаган, өзүн алсыз сезген, булчуңдары талып ооруган шартта да жакшы пайдасын берет. Бирок, кант диабети, ашказан жарасы, өнөкөт өпкө оорусу барларга ичүүгө болбойт.

    1. Кант диабети барларга ичууго болобойт экен. Кыргызстанда кант диабетинин 2-туру аябай кобойуп кетти. Айылдагы аялдарга бул маалыматтар жетпегени окунучтуу

  124. Ашкабак ширеси.

     

    Бул ширени кант диабети, семирүү, табарсык оорулары менен күрөшүүдө тынымсыз ичүү натыйжаны тез берет. Эркектер үчүн күчтү, энергияны жоготпоого, картайбоого өбөлгө. Курамындагы А, Е витаминдери териге бырыш түшүрбөөгө жардам берсе, В витамини чачтын, тырмактардын бекем болуусун шарттайт. Саламаттыгы чың адам эртең мененки тамак алдында (30 мүнөт мурун) жарым стакан (50 г) ашкабак ширесин ичсе болот. Дарылануу таризинде 10 күн бою ушул эле көлөмдө күнүнө 3 жолудан ичүү шарт.

    Ал эми уйкусуздуктан жабыркаганда жатар алдында ичип алуу керек.

    1. Ашкабак бышкан мезгилде сентябрдан  декабрь айына чейин гана ичсе пайдалуу экен. Жазга чейин сакталган ашкабактын витаминдери жокко эсе деп укканым бар эле. Сиздер кандай дейсиздер? Ун кошкула.

  125. Анар ширеси. 

    Анарда аскорбин кислотасы көп, андыктан, аны анемия же талма менен ооруган шартта ичип турса болот. Ал химия терапиясынан өткөн адамды да тезирээк өзүнө келтирүүчү күчкө ээ. Кант диабети менен ооруган адам күн ара 0,5-1 стакандан ичип турса, анар ширеси кандагы глюкозаны жөнгө салууга жардам берет. Ал эми дени-карды сак адам үй шартында жаңы сыгылган анар ширесин таза бойдон ичпеши керек, ага 1:3 өлчөмүндө сабиз, кызыл кызылча же кайнатылган суу аралаштыруу зарыл.

  126. Сабиз ширеси

     

    Иммунитети начар адам күнүнө бир стакандан сабиз ширесин ичсе пайдалуу. Анткени, бул шире табитти ачат, тамакты аш кылат жана организмди шлактардан тазалайт. Бирок, ашказан жарасы, кант диабети бар болсо, ага болбойт. Сабиз ширесинин эч кандай зыяны жок, ал көрүүнү жакшыртуучу, оорудан кийин алгачкы саламаттыкты кайтаруучу, тишти бекемдөөчү, терини чыңдоочу касиетке ээ. Мунун сыры анын С, В, L, E, K витаминдер тобуна бай болгондугунда.

  127. Кызылча ширеси

    Кызылча ширеси – аялдардын суусундугу. Ал гормоналдык фонду, айыздык циклди нормалап турат, аз кандуулуктан айыктырат жана жүрөк, ашказан-ичеги ооруларынын алдын алат. Бул максатта кызылча ширесин бир ай бою күнүнө 3 жолудан тамак алдында (20 мүнөт мурун) ичүүгө болот. Бир аш кашыктан баштап жарым стаканга (50 г) жеткирүү туура. Муну жазгы чарчоодо, алсыроодо жана стресстен чыга албай кыйналганда да ичкен натыйжалуу.  

    1. Кээ бир адамдардын каны коюуланып кетет, момо-жемиштердин ширесин пайдаланууда врачка корунуп, кандай ширелерди ичсе боло турганын тактап алышы керек.

  128. Алча ширеси

    Канда гемоглабин төмөн болсо, алча ширесин чектебей эле иче берүү керек. Ал аз кандуулукту жоёт. Алча ширеси кош бойлуу айымдар үчүн маанилүү ичимдик, анын курамындагы фолий кислотасы менен В тобунун витаминдери түйүлдүктү энеден балага өтүүчү оорулардан коргойт. Атеросклероз менен гипертониядан алыс болууну кааласаңыз да ширенин ушул түрүн ичкенге аракет кылыныз






  129. Милициянын талабы менен кытай экспортерлору эшек сатып алуу процедураларын өзгөртүүгө мажбур болушкан. Алар эми эшекти тирүү гана сатып алышат жана ээси менен чогуу сүрөткө дагы тартып коюшат.Калкынын дээрлик 70 пайызы айылда жашаган Кыргызстанда эшекти көлүк катары айыл чарба жумуштарында кеңири колдонушат.


    Кытайдын "сыйкыр суусу  " үчүн сыйрылган эшек териси

    Эшекке болгон талап Кытайда жогору болууда. Бул өлкөдө эшектин терисин атайын затты (эжиао) даярдоого колдонушат. Мурда бул кытай элдик медицинасында колдонулуп келсе, азыр болсо аны косметикада, тамак-аш татымдарында, ал тургай кондитер азыктарында пайдалана башташкан."Эжиао" затын чыгарган кытайлык фабрикалардын көбү Донг провинциясында. Бул жердеги эликсирдин баасы абдан кымбат, 250 граммы 3000 фунтка чейин сатылат. Барган сайын өсүп жаткан бул тармакта жылына болжолу 4 миллионго чукул эшектин териси иштетилет.

    1990-2000-жылдары Кытайдын экономикасы өсүп, эшектин терисинен жасалган дары-дармекке талап кескин күчөгөн. Мындан улам 2016-жылы Кытайда беш миллион гана эшек калган. 1990-жылдары өлкөдө 11 миллион эшек болгону айтылат.

    Кытай эшектин терисин негизинен Африкадан импорттойт. Андан улам Кенияда эшектин баасы 325 пайызга өстү. Ботсванада 2011-жылдан 2016-жылга чейин эшектер 60 пайызга кыскарган.

    Жергиликтүү экономикага жана тургундарга чоң зыяны тийип жатканын көрүп, тогуз өлкө эшек терисин соодалоого тыюу салган. Бирок муну менен Кытайда "эжиаого" болгон талап төмөндөгөн жок. Тескерисинче, Кытайга коңшулаш турган өлкөлөргө чейин эшекке болгон талап күчөдү. Бул өлкөгө жакын жайгашкан Кыргызстанга дагы мунун эпкини тийди.

    Кыргызстан эшекти экспорттоо боюнча 2008-жылы Кытай менен расмий келишим түзгөн. Бирок биринчи партиясын бир нече жылдан кийин гана алып чыгышты. Деген менен Улуттук статистика комитетинин маалыматына таянсак, 2017-жылга карата эшектин саны 77 миңден 33 миңге чейин кыскарган. 2018-жылдын жети айында 18 миң эшекти өлкөдөн алып чыгып кетишкен.

  130. Ош, Жалал-Абад жана Баткен облусунда бодо мал баккан фермерлердин жана малды уруктандыруу боюнча адистердин билим деңгээлин жогорулатуу, малды сандан сапатка өткөрүү боюнча Алай районунун Гүлчө айылында фермерлер окутулду.

    Алай районунун Гүлчө айылы.

  131.                             Кайсы азыктар пайдалуу?

    Күрүч. Сүткө же шорпого салып бышырган күрүч жогорку калориялуу болуп эсептелинет.

    Сүт. Күнүгө ичилген 3 стакан сүт кальцийдин күнүмдүк нормасын толуктап турат. Мындан тышкары майлуу сүт жакшы салмак кошот.

    Мөмө-жемиштер. Коон, банан, өрүк, курма көбүрөөк жеңиз. Бул жемиштер салмак кошкондон сырткары андагы витаминдер менен минералдар тамак сиңирүүгө жардам берет.

    Эт. Салмак кошууну каалаган адамдын рационунда сөзсүз түрдө уйдун, койдун эти болуусу керек. Булар да белоктун булагы.Буудай унунан жасалган нан. Бардык нерсеге кебектүү нан кошуп жегенди үйрөнүү керек.

    Жашылчалар. Картошка, сабиз, кызылча, ашкабак сыяктуу жашылчаларды тамакка көбүрөөк колдоно баштаңыз. Айрыкча бул азыктар кошулган тамакты электр мешине бышырып жесеңиз пайдалуу. Мындай ыкма менен бышкан тамак сиңимдүү болот жана андагы пайдалуу заттар ошол бойдон сакталат.

    Тооктун эти, балык. Салмак кошууда тооктун эти, балык негизги азыктардын бири болуп саналат. Булар организмге оңой сиңет, курамында белок көп болгондуктан, булчуңдар үчүн эң жакшы куруучу материал болуп эсептелинет.



  132.                                                                        Быштак 

    Быштак Быштактын курамынан витаминдин 12 түрүн, минералдык заттарды жана кальций, темир, фосфорду кезиктирүүгө болот. Быштактын ток алып жүрүү артыкчылыгы сүттүкүнө караганда баалуураак. Рецепт: 100 грамм быштак менен жаңы үзүлгөн 50 грамм карагатты же малинаны аралаштырып ага бир чай кашык бал кошуп жесеңиз болот. Эгер карагат же малина болбосо анда тамак-ашка кошчу аш-көктөрдөн майдалап туурап, балдын ордуна каймакка аралаштырып нандын бетине сүйкөп жеген топуктуу.

                                                                           Геркулес 

    Геркулес Эң жөнөкөй, түйшүксүз, ошол эле маалда даамдуу боткону геркулестен жасоого болот. Геркулес боткосу онкологиялык ооруларга каршы жакшы жардамчы. Ошондой эле ар дайым жаш көрүнүүнү каалагандарга да сунушталат. Демек, геркулес боткосу картаюу процессин жайлатуучу касиетке да ээ. Рецепт: 1 стакан геркулес, 1 литр сүт жана татымына жараша шекер керек. Алгач мискейге сүттү куюп аласыз. Сүт ысыганда ага геркулести салып тынымсыз аралаштырып турасыз. Кайнаган соң отту жайлатып, 20 мүнөт бышырасыз. Ботко даяр болгондо татымына жараша шекер, бир чымчым туз жана табитиңизге жаккан кошулмаларды кошуп алсаңыз болот.

  133. Алма - курамында бир топ витаминдер, микроэлементтер жана каротин бар. Алмадагы пектин заты организмден холестерин ж.б. катуу металлдардын тузун чыгарууга көмөк көрсөтөт.

    Алмурут - жүрөк-кан тамыр ооруларын алдын алып, адамдын баш айлануусун жана чаалыккандыгын жеңилдетет. Эң маанилүүсү алмурут адамдын суукка болгон чыдамдуулугун жогорулатып, о.э. кандагы шекердин деңгээлин төмөндөтөт.

    Анар - мөмөлөрдүн ичинен эң көп микроэлементтери бар чоң "казына" . Иммунитетти колдоо жана гемоглабинди жөнгө салууга аптасына бир анарды жеп туруу жетиштүү.

    Банан - аритмия, атеросклероз жана жүрөк-кан тамыр ооруларында жардам берет. Андан сырткары, банан организмде эндорфин гормондордун иштеп чыгууга түрткү болот. Ал эми бул гормондор медицинада "бактылуулуктун" гормону деп аталат.

    Киви - курамында С витамининин көптүгү менен мөмөлөрдүн ичинде "чемпион" . Сасык тумоо менен күрөшүүдө эң мыкты каражат катары белгилүү. Анын атаандаштары катары апельсин менен лимонду да айтса болот. Алар дененин температурасын түшүрүүдө ж.б. ооруларда жардамга келет.

    Мандарин - анын курамындагы витамин жана калийдин көптүгү менен тамакты сиңирүүгө көмөк көрсөтөт. Мандариндеги фитонцид заты вирустарды жок кылат.

    Кургатылган жемиштер - жайында кургатылып алынган жемиштерден кышында компот жасаса болот.

    Жашылчалар - бул жардамчылардын ичинен витаминге эң байы капуста, эң кедейи кызылча болуп эсептелет. Сабиз менен ашкабактагы бета-каротин заты көздүн көрүүсүн жакшыртат. Жашылчаларды кууругандан көрө кайнатып бышырса, анда көбүрөөк витамин сакталат, о.э. тамакты бир жолкуга гана даярдаганга аракет кылыңыз. Анткени аны кайра жылытканда андагы пайдалуу заттар жоголот. Картошканы канчалык майда туурасаңыз, андагы витаминдер ошончолук азаят. Тузду жашылчалар бышкан соң, оттон алынаарга 5-10 мүнөт калганда кошуңуз.

  134. лма - курамында бир топ витаминдер, микроэлементтер жана каротин бар. Алмадагы пектин заты организмден холестерин ж.б. катуу металлдардын тузун чыгарууга көмөк көрсөтөт.

    Алмурут - жүрөк-кан тамыр ооруларын алдын алып, адамдын баш айлануусун жана чаалыккандыгын жеңилдетет. Эң маанилүүсү алмурут адамдын суукка болгон чыдамдуулугун жогорулатып, о.э. кандагы шекердин деңгээлин төмөндөтөт.

    Анар - мөмөлөрдүн ичинен эң көп микроэлементтери бар чоң "казына" . Иммунитетти колдоо жана гемоглабинди жөнгө салууга аптасына бир анарды жеп туруу жетиштүү.

    Банан - аритмия, атеросклероз жана жүрөк-кан тамыр ооруларында жардам берет. Андан сырткары, банан организмде эндорфин гормондордун иштеп чыгууга түрткү болот. Ал эми бул гормондор медицинада "бактылуулуктун" гормону деп аталат.

    Киви - курамында С витамининин көптүгү менен мөмөлөрдүн ичинде "чемпион" . Сасык тумоо менен күрөшүүдө эң мыкты каражат катары белгилүү. Анын атаандаштары катары апельсин менен лимонду да айтса болот. Алар дененин температурасын түшүрүүдө ж.б. ооруларда жардамга келет.

    Мандарин - анын курамындагы витамин жана калийдин көптүгү менен тамакты сиңирүүгө көмөк көрсөтөт. Мандариндеги фитонцид заты вирустарды жок кылат.

    Кургатылган жемиштер - жайында кургатылып алынган жемиштерден кышында компот жасаса болот.

    Жашылчалар - бул жардамчылардын ичинен витаминге эң байы капуста, эң кедейи кызылча болуп эсептелет. Сабиз менен ашкабактагы бета-каротин заты көздүн көрүүсүн жакшыртат. Жашылчаларды кууругандан көрө кайнатып бышырса, анда көбүрөөк витамин сакталат, о.э. тамакты бир жолкуга гана даярдаганга аракет кылыңыз. Анткени аны кайра жылытканда андагы пайдалуу заттар жоголот. Картошканы канчалык майда туурасаңыз, андагы витаминдер ошончолук азаят. Тузду жашылчалар бышкан соң, оттон алынаарга 5-10 мүнөт калганда кошуңуз.

  135. Үйгө тамак аш азыктарын алып келүү эркектердин милдетине кирет эмеспи , витаминдүү азыктарды аз аздан болсо да түрлөп алууну адатка айлантуу керек.Эт,ун,татууларга азыраак басым жасап ,мал этин балык эти менен,шекерди бал м-н ,татуу конфеттерди кургатылган мөмөлөргө, алмаштырып эчки сүтү жа жашылчаларды көбүрөөк колдуу керек










  136. Кара шоколаддын ден соолукка пайдасы

    АКШдагы Лома-Линда университетинин окумуштуулары курамында какаонун өлчөмү көп кара шоколад иммуниттет менен мээнин активдүүлүгүно жакшы таасир берери аныктады.

    Адам күнүнө 48 грамм шоколад жесе окуусу жана эске сактоо жөндөмү жакшырарын белгилешти.

    1. Жаш өспүрүм балдар канча грамм кара шоколад жегенге мүмкүн? 6-12жаш

    2. Шокаладдын 2 болугун кун сайын берсен болот, себеби кара шокаладтын канты аз

  137. Бадам

    Адам унутчаак болуп баратса, жаңгак, фундук жардам берери айтылып жүрөт. Бирок бир күндө желген 10 даана бадам мээнин сергек иштешин камсыздайт.

    Мейиз

    Бир ууч мейиз баш мээнин саламаттыгын бекемдейт. Анын бат чарчашын алдын алып, эске тутуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатат.



    1. Бадамдын дарылык касиети жонундо коп угам, бирок базардан сатып алайын десен туз кошулуп куурулганын коруп эле когоргонун, жытын кетируу учун кууруп койгонбу деп чоочуйсун.

  138. Ананас

    Организминде С витамини көп адамдардын IQ көрсөткүчү жогору, эс-тутуму жакшы болорун британиялык окумуштуулар далилдешкен. Саламаттыкка маанилүү С витамини ананаста көп. Мындан улам диетологдор жемиш мээге пайдалуу деген тыянакка келишкен.

    Балык

    Адистер балык этин ашкере колдонууну колдошпойт. Бирок жумасына үч жолу балык эти менен тамактануу мээнин иштешин үч эсе жогорулатары, чарчоосун жөнгө салары айтылууда.

    Алма

    Алманын бардык түрү пайдалуу экенин диетологдор баса белгилешет. Бул азык күндүзү гана эмес, түнкүсүн да мээнин жигердүү эс алуусун камсыздайт

  139.  Кара шоколадтын азыктуу курамы боюнча маалымат

    70% какао камтылган 100 гр кара шоколаддын курамында фосфор, цинк, селен, калий бар. Андан башка:

    • суткалык сунуш кылынган темирдин  67%; 
    • суткалык сунуш кылынган магнийдин 58%;
    • суткалык  сунуш кылынган медь 89%; 
    • суткалык сунуш кылынган марганецтин 98%;
    • 11 гр азык булаларын камтыйт.
  140. Таттуу алкоголсуз жана газдалган суусундуктарды такай ичүү өлүмдү эртелете турганын окумуштуулардын эл аралык тобу аныктады


    Окумуштуулар 450 миң ыктыярчынын катышуусу менен изилдөө жүргүзгөн. Адистер 16 жыл бою бейтаптар кандай суусундуктарга басым жасай турганына көңүл бурган. Ошондой эле алардын салмагына, ичкен-жегени жана жашоо образына да анализ жасалган.


    Изилдөөнүн жыйынтыгында күндө эки стакандан ашык таттуу суусундук ичкендердин өмүр менен эрте коштошуу ыктымалдуулугу 17 пайызга көбөйгөнү аныкталган. Ал эми газдалган таттуу суусундуктарга басым жасагандардын көбүнүн тамак сиңирүү системасы бузулуп, жүрөк-кан тамыр ооруларына чалдыгары белгилүү болгон.

  141. ЗАМАНБАП АЧЫТКЫ (ДРОЖЬ) РАКТЫ ЧАКЫРАБЫ?

    “КАМЫР ТУРУШ МЕНЕН АЧЫТЫЛГАН НАН ЖЕГИЛЕ”
    Орусиялык врач-натуропат, медицина илимдеринин кандидаты, академик Виктор Хрущев “Нан – ден соолук үчүн” аталышындагы эмгегинде жана социалдык баракчаларынын бирине: «Мен күнүмдүк рационумдан заманбап жол менен жасалган нандын түрлөрүн алып салдым. Анткени нан жасоодо колдонулуучу заманбап, термофилдик ачыткылар (дрожжи) организмге киргенден кийин көбөйөт да, организмге керектүү витаминдерди, микроэлементтерди, белокторду пайдалана башташат. Аны менен катар ар кандай уулуу заттарды бөлүп чыгарышат. Айрым изилдөөчүлөр “нанды бышырган кезде ачыткы өлүп жок болот” деп элди ынандырууга аракет кылышат. Мен алардын оюна кошулбайм. Анткени бышыруу процессинде ачыткы ундун курамындагы белоктуу затка (клейкость) кирип, аны капсула катары колдонот да, ичегиге барганда капсуладан чыгып, ичегинин былжырын сезгентет, микрофлорасын бузат. Алар ичегиде гана мителик кылышпастан, кандын плазмасына да өтүп жашашат жана көбөйүшөт. Мунун арты ууланууга, грибок ооруларына, иммунитеттин бузулушуна, өнөкөт жана рак ооруларынын жаралышына жеткирет. Эгер рациондон мындай нанды алып салсаңыз, кан 5 жылдан кийин гана ачыткы клеткаларынан тазалана алат. Андыктан камыр туруштан жасалган нан азыктарын пайдаланууга өтүңүздөр”,- деп жазган. Чынында анын бул оюн бүгүнкү күндө оорулардын жашарып бараткандыгы айгинелеп тургандай. Заманбап ачыткынын организмге зыяны тууралуу башка окумуштуулар, алардын ичинде Розини Жанфранко, Сергей Коновалов, Фёдор Углов да айтып чыккан.
    Маалыматтарда заманбап ачыткыларды өндүрүүдө оор металлдар жана зыяндуу химиялык элементтер (техникалык аммонийдин сульфаты, Б маркасындагы техникалык аммиак, техникалык күкүрт кычкылы жана башкалар) колдонулат делет.
    Айта кетчү нерсе, АКШ, Швеция жана башка кээ бир өлкөлөрдө ачыткысыз бышырылган нан кадимки көрүнүшкө айланган жана аны рактын алдын алуу үчүн жешет.


  142. Мезгилдин алмашуу мезгилинде кандай тамактануу туура.

    Эртең менен төшөктөн тура албай, алсырап, өзүңүздү чарчаңкы сезип жатасызбы?      Анын себеби эмне болушу мүмкүн деп ойлонуп көрдүңүз беле?

    Бул да болсо мезгилдердин алмашуусу таасир этиши мүмкүн. Ал үчүн туура тамактанып, иммунитетиңизди бекемдөө менен бирге жеңе аласыз.

    Күз мезгили бутуп, кыш башталганда аба сууктап, күн тийгендин ордуна асманды  булут каптайт. Мындай шартта бир гана туура, витаминдүү тамактануу менен гана ден соолугуңузду чыңай аласыз.

    Иммунитетти бекемдеп, ар кандай ооруларга туруштук бериш учүн: курамы А,С, Е цинк, магний, Омега-3, Омега-6, Омега-9 витаминдерге бай азыктарды колдонуңуз.

    Өзгөчө оливка майы жана кургак мөмө-жемиштерди колдонгон абдан пайдалуу.

    Чай, кофе, какао суусундуктардын ордуна, иммунитетти бекемдөөчү ит мурун, көк чай жана шалфей чайларын колдонгон туура.

    Сиздин ден соолугунуз озунузго гана керек, андыктан ден соолукка кайдыгер карабайлы!

  143. Помидор ширеси

    Организмде зат алмашуу бузулуп, адам жүрөк-кан тамыр оорулары менен ооруп жүргөндө помидор ширесин ичип турганы жакшы. Мунун курамындагы калий жүрөк булчуңунун функциясын так аткарууга шарт түзөт. Бул ширеге эч убакта туз кошпоңуз, туз ширедеги пайдалуу деп эсептелген каротинди, С витаминин, В витаминдер тобун жокко чыгарат. Эки стакан (200 г) томат ширеси организм муктаж болгон бир суткалык С жана А витаминдеринин ордун толтурат

  144. Биз студент мезгилде эн коп сатылган томатный сок эле, арзан да болчу.

    Танаписке чыкканда окуу жайдын ар бир кабатында буфетте сатылчу, даамы да сонун эле. Стаканга куюлган сокко бир чымчым туз кошуп туруп ичип алчы элек. Азыр томатный сок ичишпейт

    1. Туздалбаган томат ширесин ичүү жүрөк-кан тамыр ооруларынын алдын алат. Мындай жыйынтыкты Токио стоматологиялык университетинин окумуштуулары чыгарышкан. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жарыялашты.

      Маалыматка таянсак, окумуштуулар 500дөй адамга атайын изилдөө жүргүзүшкөн. Катышуучулар бир жыл бою каалашынча туздалбаган томат ширесин ичишкен. Текшерүүдөн соң 94 кишинин жүрөгүнүн иштеши менен кан басымы нормага келгени аныкталган. Ал эми канында холестерин көп болгон 125 кишинин абалы жакшырган. Мындай жылыш эркектерде да, аялдарда да байкалган.

      Окумуштуулар бул томат ширесинин адамдын ден соолугуна тийгизген таасирин изилдеген алгачкы илимий эмгек экенин белгилешүүдө.

  145. Жусайдын пайдалуу жактары жонундо

    Жусай адамдын кара күчүн чыңдайт. Анда белок, кант В жана С витамини өтө көп болот. Ашказандын иштөөсүн жакшыртат, терди жөнгө салат, зааранын жүрүшүн жакшыртат.

    Жусайдын табияты ысык болгондуктан ысыкчан адамдар көп жебөөсү керек.

    Жусайды жалаң эле тамакка пайладанбастан, анын тамыры, жалбырагы жана уруктары дары болуп эсептелинет.

    Жусайдын даамы ачуураак, табияты кургак ысык, анын бышканынын табияты нымдуу ысык болот.

    Жусайдын тамыры, жалбырагы, уругу ич өткөккө, боордун иштөө кызматына, адамды дүүлүктүрүү, жандандыруу, кубат берүү, сынгандан, чыккандан кийинки жарааттарга, ичегисине суук тийгендерге, кан түкүргөндөргө, мурундун каны токтобогондорго, көкүрөгү ооругандарга жана башка ушу сыяктуу көп ооруларга жардамы тиет.

    Жусайдын уругу адамдын жүрөгүнүн иштешин жакшыртат, бел ооруну басат. 

    Жусайдын жардамы төмөнкүлөргө да пайдалуу:

    Дем алуу органдар сезгенгенде эки баш жусайдын тамырын 250 г чылан (жийденин бир түрү) менен кошуп кайнатып, анан жусайдын тамырын алып таштап, суусун тундуруп алып пайдаланса жардам берет.

    Жөтөлгөндө, түкүргөндө чыга турган какырыкты жок кылыш үчүн, 90 г жусайдын тамырын майдалап, чай менен ичсе пайдалуу. 

  146. Ар дайым самсы жасаганда жусай кошуп коем, абдан кушер даам берип турат. 

  147. Принципы здорового питания: это должен знать каждый!

    С чего же начать? Прежде всего, с твердого решения питаться правильно. Вот несколько несложных правил, на которые опирается практически вся современная диетология и которые помогут быстро освоить принципы здорового питания. Рацион

    Правило № 1. Навсегда забудьте про фастфуд и постарайтесь не злоупотреблять сладким.

    Правило № 2. Ешьте как можно больше сезонных продуктов — в них содержится максимум полезных веществ. Зимние овощи и фрукты, выращенные в теплицах или привезенные издалека, из-за обработки химикатами и длительного хранения не только теряют всю пользу, но и становятся аккумуляторами нитратов и других вредных химических соединений.

    Правило № 3. Максимально ограничьте употребление рафинированных продуктов: сахара, растительного масла, белой пшеничной муки, очищенного белого риса. В них нет клетчатки, которая очень важна для работы пищеварительного тракта, а также для питания полезных бактерий, живущих в кишечнике. Именно поэтому гораздо лучше вместо белого хлеба есть цельнозерновой, а рафинированный сахар заменить на коричневый или даже на мед.

    Правило № 4. Пейте воду. Чай, кофе и соки воду не заменяют. В сутки организму необходимо получать не меньше 30–35 мл жидкости на 1 кг веса. Сладкие газировки — полностью под запретом, в них содержится слишком много сахара.

    Правило № 5. Не забывайте о белковой пище. Она способна надолго дать чувство сытости и к тому же богата аминокислотами. Белки необходимы организму для строительства мышечной ткани, замены устаревших клеток. К богатым белками продуктам относятся различные виды мяса, рыба, кальмары, креветки, орехи, грибы, некоторые бобовые, яйца, творог.

    Оригинал статьи: https://www.kp.ru/guide/zdorovoe-pitanie.html

  148. жусайдан жасалган каттама

     Керектелуучу азыктар: 

    Камырга: ун, туз, 2 даана жумуртка, ачыткы, керегине жараша суу. 

    Ички оромуна: 2 ором жусай,  жумуртка 3 даана, туз, суюк май, кара мурч.

    Алгач камырды ийлеп ороп коебуз . Ички оромуна  жусайду туурап устуно жумуртканы салып туз, кара мурч кошуп  майга кууруйбуз.

     Камырды болукторго болуп, ичине даярдалган жусайды салып  бышырабыз. 

    1. Даамдуу көрүнөт, балдарым жакшы коруп жешет. 

  149. ГРЕЧНЕВАЯ КАША

    Гречка – крупа особенная. Из нее, получается, пожалуй, одна из самых полезных каш. Недаром мы называем ее первой. Гречка содержит клетчатку, целый спектр витаминов - Е, РР, В1, В2, фолиевые и органические кислоты, а так же большой процент крахмала, способствующего попаданию в организм нужного количества необходимых элементов. Гречка – залог нормального давления и невысокого уровня холестерина, который она понемногу «изживает» из организма. Даже младенцам она не противопоказана, ведь она важна при формировании нервной и костной систем. А взрослым она станет отличным подспорьем при похудении, ведь даже небольшое ее количество вызывает чувство сытости.


  150. Кандагы холестерин азайтууга сарымсак жакшы

    Адистердин айтымында, организмде холестериндин өлчөмү жогорулаганда жүрөккө зыян жаратат.

    Организмдеги глюкоза энергиялык балансты сактап турганга жардам берет. Организм жетиштүү глюкоза алганда гана ал нормалдуу шартта иштейт. Кандагы глюкозанын бирде өйдө болуп, бирде түшүп кетиши ар кандай ооруну жаратышы мүмкүн. Мындай абалда сарымсак глюкоза менен холестеринди бирдей деңгээлде кармап турганга пайдалуу.

    Сарымсактын пайдасы

    Сарымсакты адамдар тээ илгертен бери дарылык касиетин колдонуп келген. Өзгөчө анын антибактериялык таасири күчтүү. Ал А,С,P,B витаминдери, кальций, магний, цинк, фосфор жана темирге бай. Ага кошумча сарымсак сизге энергия берүүчү өсүмдүк.

    Бул боюнча атайын изилдөө жүргүзүлгөн. Анда: 40-50 жаш арасындагы эркектерге 16 апта бою сарымсак берилген. Анын жыйынтыгында аларда кандын түзүмүндөгү холестерин жана глюкозанын өлчөмү азайып, өздөрүн жакшы сезип калгандыгы айтылат.

    Эскертуу: Базарда сатылып жаткан сарымсакты албаныз, себеби кобунчо кытайдан келет экен, курамында зыяндуу заттары коп, оз чарбанызда остурулгон сарымсак пайдалуу

  151. Ала-Бука районундагы тушум майрамдагы органикалык продукция.

    1. Кургатылган кайналы канча граммдан таңгакталган жана канча сом турат экен? 

    2. Иштерине ийгилик!

  152. Бул Ала-Букада казылып алынган глауконит. Глауконит жердин курдуулугун жогорулатууда эн чон пайдасы бар.

    1. Жалал-Абад облусунун Чаткал, Ала-Бука райондорунун аймактарында жакшы сапаттагы гипстин кору табылган. Ондуруштук муноздогу Глауканит кумдак  чыккандыгы тастыкталды, трепел деген зат Кызыл-Токойдо табылган. 

      Глауканит менен терпел уйлардын сут беруусуно, суттун сапатынын жогорулашына таасирин берет экен.  Койлордун эттенишине, жунунун осушуно таасирин берет экендигин геологдор тарабынан айтылган.

      Алынган булагы:  http://bilim.akipress.org/ru/news:1428771/?f=cp

    2. Кайра иштетилеби же ушул бойдон колдонулабы?

  153. Кужайбердиева Гулзада Ала-Бука районунда райондук денгеелдеги маалымат жыйынында. Маалымат жыйыны "Жугорунун интенсивдуу жол менен остуруу жана кайра иштетуу" долбоорунун алкагында отту.

  154. Фермерлердин кулагына кумуш сырга!

    Глауканиттин  курамында:

    • калийдин кычкылы К2О -6-7%,
    • Р2О5 - фосфордун кычкылы -3% тузот.
    • Глауканитти  табигый шартта казып алынгандан кийин эле калийдик жер семирткич катары кайра иштетпестен эле колдоно берсе болот.

    Глауканитти жер семирткич катары колдонуу дан эгиндеринин жана картошканын тушумдуулугун 10-20% га жогорулатат Тактап айтканда биздин фермерлер жаратылыш шартында казылып алынган глауканитти органо-калийдик-фосфордук  жер семирткич катары колдонууну башташты.

  155. Гипертониядан сактаныңыз! ТУЗ

    Кан басымы жогорулаганда жүрөккө зыян келтирет. Андай дарттан АКШда ар бир үчүнчү адам, дүйнөдө 1 миллиард адам жабыр тартат. Эгер гипертония көзөмөлгө алынбаса, жүрөк оорусуна жана инсультка кабылуу коркунучу көбөйөт. Ошондуктан, ар бир адамга кандын басымын дарысыз эле табигый түрдө төмөндөтүүнүн айрым жолдорун билип алган пайдалуу дешет окумуштуулар.

    - Күн сайын басып, денени чыңдоочу көнүгүүлөрдү жасоо. Себеби такай баскан жана көнүгүү жасаган жүрөктү күчтүү кылып, кандын жүгүрүүсүн жакшыртат, артериялардагы басымды ылдыйлатат. Ал үчүн жумасына 150 мүнөт басуу же 75 мүнөт спорттун активдүү түрлөрү менен машыгуу, чуркоо керек.

    - Тузду пайдаланганды азайтуу. Изилдөөлөргө караганда, ар бир экинчи адамдын кан басымы бийик жана кан басымы нормалдуу адамдардын ар бир төртүнчүсүнүн организми тузга сезимтал келет. Ошон үчүн помидор, бадыраң сыяктуу жашылча-жемиштерди туздагандын ордуна түркүн чөптөрдү жана татымалдарды пайдаланган оң. Акыркы изилдөөлөр Орусияда АКШ жана Европадагыдан тамак-ашка туз көп кошулгандыктан, артериалдык гипертония менен ооругандар көп экенин көрсөткөн.

    - Алкоголду азайтуу. Арак-шарап ичимдиктери кан басымды жогорулатышы ыктымал. Дүйнө боюнча, кан басымы бийиктеп кеткен учурлардын 16% алкоголь менен байланышкан.

    - Калийге бай азыктарды көп жеңиз. Калий денеден туздарды жууп чыгат жана тамырлардагы басымды жеңилдетет. Калий менен туздун балансы оптималдуу болуусу үчүн жашылча-жемиштерди бышырбай көп жеш абзел. Калий помидор, картошка, коон, банан, апельсин, өрүк, сүт, айран, форель балыгы, жаңгак, буурчакта көп болот. Эң жакшысы күндөлүк ачып, бир жума бою байкоо жүргүзсөңүз, кандай тамакты көп жегениңизди билесиз жана тамакты мүнөздөп жегенге биринчи кадамды таштайсыз.

    - Ашыкча салмагыңызды жоготуп, куруңузга көз салыңыз. Салмактын өсүүсү демейде кан басымынын жогорулоосу менен коштолот. Ашыкча салмак уктап жатканда адамдын дем алуусун бузуп, анын кесепетинен кан басымы көтөрүлүп кетет. Салмак 4,5 кг азайса, кандын басымын төмөндөтүүгө жардамдашат. Эркектин бели 102 см ашса, аял кишинин бели 89 см ашса, ден соолугуна коркунуч күчөйт.

    - Чылым чеккенди токтотуңуз. Ар бир чылымды чегип бүткөндөн кийин кан басымыңыз бир нече мүнөткө көтөрүлөт.

    Окумуштуулар ошондой эле ар бир адамга ден соолугуна кылдат мамиле кылып, активдүү жашоо жолоюн карманууну, кан басымын такай текшерип турууну сунуш кылышат.

  156. шпинат бул суроттогу. Кыргызчасы " ат кулак" болушу мумкун так эмес. Витаминге бай. Каны аздарга, сахар диабет менен ооругандарга, туберкулезго дагы башка коптогон ооруларга даба. Мындан турдуу тамактарды жасап жесе болот. Мен билген бироо бар. Жумуртка кошуп жасалганы. Рецебин жана суротун илгени аракет кылам.

    1. Шпинат баш ооруга жардам берет
      Анда баш оорулардын күчүн жана жыштыгын азайтуучу магний жана В2 витамини көп.
      Жумасына 3 жолу шпинатты жана майы жок уй этин, козу карынды жана спаржаны жеңиз.

  157. Жасалышы ото жонокой. Тефлон казанга алгач пиязды торт бурчтук майда кылып туурап туз кошуп колубуз менен эзип алабыз. Устуно ото чон эмес ото майда эмес кылып тууралган шпинаттарды салабыз, андан кийин теркадан откозулгон помидорлоду салабыз да устуно оливка майы же кун карама майынан куйуп. Мурчтан себип каалоого жараша, капкагын жаап 15-20 мин демдеп койобуз. Капкагын ачып, кашык менен ортолорун терен казылган жерлерге жумуртакаларды чагып салабыз.( 3 жумурткага уч жерден жер казабыз. ) демделип жатканда бираз суу кошуп койсо куйуп кетпейт. Помидорлор суулу болсо, кошпой да койсо болот. Витаминдери сакталышы учун кайнатылбоосу сунушталат. Жумурткалар бышкан сон тамагыбыз даяр. Корунушу ушул сыяктуу болот. Суротто.
    Керектелуучу азыктар;
    3 д. жумуртка
    1 бутам шпинат
    2 д. помидор
    1 д. пияз
    100 гр май ( оливка же кун карама)
    Туз, мурч

  158. Кызылчадан жасалган жеңил салат

    Кызылча жемиши абдан пайдалуу. Анткени анын курамы түрдүү витаминдерге бай жана жеңил келет.

    Керектелүүчү азыктар

    Кара мейиз 90 грамм

    Грек жаңгагы 150 грамм

    Кызылча 4 даана

    Сыр 200 грамм

    Сарымсак эки тишче

    Майонез 4 чай кашык

    Кара мурч бир чымчым

    Туз бир чымчым

    Укроп бир даана

    Даярдоо жолу

    Алгач эле сууга бышырылган кызылчаны жана сырды майда кылып өткөргүчтөн өткөрүп аласыз. Мейиздин үстүнө кайнак суу куюп, 5-7 мүнөт коюп коёсуз. Грек жаңгагын майдалап, ага утурлай укропту дагы майда кылып туурап аласыз. Кийин төмөндөгүлөрдүн бардыгын мискейге салып, ага мурч,туз жана майонез кошуп аралаштырып коёсуз.

    Кызылчадан жасалган жеңил салат

  159. Таттууга болгон табитибиз эмне себептен күчөйт?

    Диетолог адистин айтымында, таттууга болгон көз карандылыкты физикалык активдүүлүктү күчтөндүрүп жана туура тамактануу менен жеңсе болот экен.

    Таттууга болгон көз карандылыктын себеби-бул анын май сыяктуу даам бергендиги менен байланыштырат адистер. Ошондуктан, адамдар аны кайра-кайра жегиси келе берет.

    Муну менен бирге ал таттуулар табигый антидепрессант катары жардам бергендиктен, аны жегенден кийин адамдар бир нече саамга болсо дагы маселелерин унуткарып коёт.

    Күндүзү таттууларды сатып алып жегендин ордуна, бадыраң, помидор жемиштерин жеген алда канча пайдалуу экендигин адистер эскертет.

    Учурда адамдар таттуу көп жегенден улам, аларда метоболизмге байланышкан оорулар көп болуп жаткандыгы менен байланыштырат. Жыйынтыгында, адамдарда ашыкча салмак пайда болот.

    Таттууну азайтуу учүн, адистер эң жакшысы спорт менен машыкканды сунуш кылат. Анткени, спорт менен машыгуу менен сиз мээдеги эндофрин гармонун жакшы иштөөсүнө түрткү болосуз. Көрсө бизде - мээдеги эндофрин гармону жетишээрлик бөлүнүп чыкпай калгандыгына байланыштуу, таттууга болгон табитибиз күчөй берет экен

    1. Мыктыбек азаматсын, таттуулар боюнча берген маалыматтар эн орчундуу.

      Аспартам. Е951

      Азыркы убакта кондитердик азыктарга шириндештирүүчү  аспартам деген зат кошулат. Ал табигый болбогону үчүн тамак-аш сиңирүүнү бузат жана кант оорусуна себеп болот. Буга кошумча аспартам сыяктуу кээ бир шириндештируучулор  мээ функциясын бузат, баш оорусу, айланышы, кушунан кетүүгө себеп болот. Эриндер, тил жана буттарда шишик пайда кылат.
      Аспартамдын курамында фенилаланин деген аминокислота бар. Фенилаланин жана метаболик калдыктар кан тамырларда топтолот. Жаш балдардын өнүгүп келе жаткан көбөйүү мүчөлөрүнө жана мээге зыян берет. Мындай зыяндар тукумсуздукка, ой жугуртуу жондомунун азайышына жана акылсыздыкка себеп болот.

      1. Аспартамды кум шекерге да пайда табуу учун кошушат. Даамдын кучу боюнча  жонокой кантка караганда 200 эсе жогору.  Балдар чайга бир кашык кум шекер салгандын ордуна 3-4 чай кашык кумшекер кошот. Чай ысык мезгилде ичкенде шириндиги анчалык билинбейт, муздаганда ичип корсо аябай ширин болуп калат.

  160. Эгерде сиз сулуулук менен ден соолук маанилүү деп ойлосоңуз, анда мээңизди туура азыктандыруудан баштаңыз.

    Ал эми мээ мыкты иштөө үчүн сизден кандай даамдарды күтөт?

    Бадам

    Бадам Е витминге бай болгондуктан мээнин иштөө функциясын жакшыртат

    Кешью

    Эске тутуу каситеин сактайт жана антиоксиданттарга бай

    Грек жаңгагы

    Ойлоо жөндөмдүүлүгүн арттыруучу Омега-3 майына бай

    Кара шоколад

    Кара шоколаддын курамы кофеинге бай болгондуктан ал дагы абдан пайдалуу

    Алма

    Алма жемиши сизди ток кармап, ошол эле учурда ашыкча салмактан арылууга жардам берет

    Жумуртка

    Жумуртка белокко бай болгондуктан салмагыңызды бир калыпта кармап турат

    Авокадо

    Жогоруда айтып өткөндөй Омега-3 майына бай.

  161. Бөйрөккө зыян алып келген азыктар

    Бөйрөк адам баласындагы эң негизги ролду ойногон орган болуп саналат. Ал ар кандай токсиндерди фильтрлөөгө жардам берет. А бирок айрым тамак-аштар ага зыян алып келет. Алар кайсылар?

    Авокадо

    Авокадо акыркы жылдары көп колдонулган жемиштин катарында, бирок бөйрөк оорусуна чалдыккандар үчүн көп өлчөмдө колдонуу кооптуу келет. Анткени анын курамында калий көп. Албетте ал минерал дагы сиздин организмиңиз үчүн маанилүү, бирок анын көп өлчөмдө болушу организмди туруксуздукка чалдыктырат.

    Эт

    Эт азыгы дагы бөйрөккө зыяндуу. Себеби, жаныбар белогун организмге сиңирүү абдан эле оор. Мисалга, белокко бай эт азыктары менен диета кармоо бөйрөктөгү таштарды пайда кылышы мүмкүн.

    Туз

    Күнүнө бир чай кашык туз биздин организм үчүн жетиштүү. Андан көбү бөйрөккө зыян жаратат. Ушундай эле ачуу жегиңиз келип жатса, туздун ордуна көк-чөптөрдү жана атайын специяларды колдонсоңуз болот.

    Банан

    Төмөндө айтып өткөндөй бананды курамы дагы калийге бай, ошондуктан аны көп өлчөмдө колдонуу бөйрөккө зыян жаратат.

    Сүт азыктары

    Сүз азыктары түрдүү витеминдерге бай. Бирок аны дагы көп өлчөмдө колдонуу зыян. Анткен анын курамындагы фосфор “Бөйрөк стрессин” жаратканга себеп болот.


  162. Кайсы таттууларда зыяндуу кошулмалар бар?

    Ден соолукка зыян туудурган таттуулардын тизмегин сунуш кылабыз.

    1.”Тархун” суусундугуна кооптуу Е102 боёк кошулган.

    2.”MilkyWay” шоколадына Е129 боёк кошулган.

    3. “Schweppes” алкоголсуз суусундугуна дагы Е129 боёк кошулмасы кошулган.

    4.Апельсин жана лимон даамданган мармеладдарга Е102 жана Е110 боёктор кошулган.

    5.Бардыгыбызга белгилүү “M&Ms” таттуусунда беш ден соолукка зыян алып келген кошулмалар кошулган.

    6.”Барбарис” таттуусунда Е122 боёк кошулган.

    7.”Дюшес” суусундугунда дагы Е102 боёк кошулган.

    8.”Гусиные лапки” таттуусуна дагы Е129 зыяндуу боёк кошулган.

    9.Клубника кошулган рулеттерге Е124 боёк кошулган.

    10.”Розмай” мармеладына үч кооптуу боёк кошулмасы кошулган.

    11.”Фанта” алкоголсуз суусундугу Е104 ден соолукка кооптуу боёк кошулмасы кошулгандыгын адистер эскертет.

  163. Кайнаган суунун пайдасы

    Курбу-курдаштарыңыздан, туугандарыңыздан жана тааныштарыңыздан “Кадимки чай менен кофеден баш тарттым” дегенин угуп эле жүрсөңүз керек. Жада калса сиздин айрым учурда таңыркоо менен да караган учуруңуз болгондур.

    Анын сырын билгиңиз келеби? Пайдалуу кеңештерибиз сиз үчүн.

    Кайнаган суунун пайдасы

    Кадимки жөнөкөй кайнаган суунун пайдасы-организмди тазалоо болуп саналат. Суу ич катууну эмдеп, муундардагы жана башка мүчөдөгү туздардан, бөйрөк менен боордогу таштар менен шлактарды чыгарат.

    Кайнаган суу ичип баштагандан тарта бир канча убакыт өткөн соң, муун жана бөйрөктүн ооруганын, зааранын түсүнүн өзгөрүшүн байкай аласыз. Коркпоңуз! Бул организмде оң өзгөрүүлөр жүрүп жаткандыгынан кабар берет.

    Колдонуу тартиби

    Кайнаган сууну таңкы тамакты колдонуудан отуз мүнөт мурун бир аз өлчөмдө колдонуңуз. Аны шашпай ичүү керек. Анткени, суу ичегини ойготуп, анын жумушка кирүүсүн камсыз кылат.

    Бул нерсени сиз болгону алты ай колдонсоңуз: абдан өзүңүздү жеңил сезип, ашыкча майлардан арылып, организмиңиз тазаланып, денеңиз сымбаттуу көрүнүп калат.

    Эгерде жеген тамагыңыз сиңбей жатса, анда тамактан кийин дагы кайнак суу ичиңиз.

  164. ПАЛЬМА МАЙЫ ЭМНЕСИ МЕНЕН КОРКУНУЧТУУ?

    Акыркы жылдары пальма майы дүйнөгө 2 себеп боюнча дүрбөлөң салууда. Бири – пальма плантацияларынын аянты улам кеңейип, тропик токойлорунун аянты кыскарып жатканы. Экинчиси – майдын адам организмине тийгизген таасири. Бул боюнча май организмге керектүү дешсе, айрымдары зыяндуу дешет. Кайсынысы чындык? МАЙДЫ ЭҢ КӨП ӨНДҮРҮҮЧҮЛӨР ИНДОНЕЗИЯ МЕНЕН МАЛАЙЗИЯ Пальма майы мекени Африка болгон май берүүчү пальма түрүнөн алынат. Африкадан тышкары климат ыңгайлуу болгон башка өлкөлөр илгертеден өстүрүшөт. Дүйнө керектеген пальма майынын төрттөн үч бөлүгү Малайзия менен Индонезияда өндүрүлөт. Бир жылда жапайы өскөндөрү 2, ал эми плантацияда өскөндөрү 3-4 ирет түшүм берет. Ар бир шиңгилде жалпы салмагы 25-50 килограммга чейин жеткен 600-1200гө дейре мөмө болот. Мөмөлөрүнүн чоңдугу 3-4 сантиметр. Түшүм мол берип, май көп алынгандыктан баасы башка өсүмдүк майларына салыштырмалуу арзан. Ошондуктан аны импорттоочулар көп. Этинен сыгылган май кызыл (кызгылт сары), данегинен алынган май сары өңдө. Кымбаты болуп таза кызыл май эсептелет. Пальма майы башка өсүмдүк майларына караганда бузулбай узакка сакталат. Ошондуктан аны бузулбай, катпай, даамы жоголбой турушу үчүн азыктарга кошушат. Майлардын 80 пайызы тамак-ашка колдонулат, ошондой эле техникалык май катары да пайдаланылат. Өндүрүлгөн майдын 60 пайызын Азия, 10 пайызын Европа өлкөлөрү сатып алат. ДҮЙНӨ ЧУРУ-ЧУУ ТҮШКҮДӨЙ ЗЫЯНЫ ЭМНЕДЕ? Европа өлкөлөрү жана АКШ пальма майы жүрөк-кан тамыр ооруларын жаратат деп тамак-ашка колдонууга тыюу салган. Аны техникалык май катары гана колдонушат. Пальма майы организмде көнүп калууну жаратат. Адам ал кошулган азыкты улам жегиси келе берет. Майдын зыяндуулугу тууралуу көптөгөн окумуштуулар, дарыгерлер өз пикирлерин айтып чыгышкан жана айтышууда. Мисалы, Орусиянын Москва улуттук университетинин илимий кызматкери Дмитрий Еделев: «Техникалык пальма майында глицидол эфири бар. Бул эфир рак оорусунун 37 пайызынын келип чыгышына себепкер. Андыктан тамак-ашка зыяндуу заттардын кошулушун азайтсак рак оорулары үчтөн бирге кыскарышы мүмкүн. Глицидол ашказан-ичеги, боор, тери, эмчек, жыныстык органдар, калкан сымал без, бөйрөк жана өпкөгө уулуу таасирин тийгизет. Балдардын майып болуп төрөлүшүнүн да бир себеби ошол эфир»,- дейт. «Пальма майындагы 3-МСРД заты эркектердин жыныстык клеткасына оңой кирип, сперматозоиддерди зыянга учуратат, эркек тукумсуз болуп калат» деген окумуштуулар да бар. Пальма майы каныккан жана каныкпаган май кычкылдарына бай болгондуктан аны ысытканда ого бетер канцерогендүү (уулуу) болуп калат. Евразиялык экономикалык биримдикке (ЕАЭБ) кирген өлкөлөрдө пальма майын колдонууга тыюу салынган эмес. Кыргыз өлкөсү аны ташып келүүнү максималдуу токтотуу сунушу менен ЕАЭБдин экономикалык комиссиясына кайрылган. Бирок азырынча жыйынтык жок. Сунушту ЕАЭБдин башка мүчөлөрү да колдоп, атайын мыйзам кабыл алынмайынча жыйынтык чыкпайт. «САПАТТУУ АЗЫК ЭЧ КАЧАН АРЗАН БОЛБОЙТ!» Мамраим Жумабаев, Улуттук кардиология борборунун гастроэнтерология жана нефрология бөлүмүнүн жетекчиси: -Пальма майынын эң көп ташылуучу жана тамак-ашка көп колдонулуучу түрү – арзан, сапаты начар гидрогенизделген түрү. Бул май чайыр жана парафин түрүндө болот. Суюк майды атайын иштетүү аркылуу ошондой абалга келтиришет. Аны азыктарга кошушат. Пальма майын атайын иштетүүдөн өткөргөндө витаминдер жок калат. Ошол эле кезде курамында рак, атеросклероз, инсульт, инфарктты чакыруучу заттар болот. Пайдасы барбы деген суроого келсек, пальма майы Тутанхамон заманында эле колдонулган, бирок таза, табигый түрдө. Иштетүүдөн өтпөгөн нукура пальма майынын курамындагы A, E витаминдери жана кератин, көзгө, чачка, териге оң таасирин тийгизип, алардын абалын жакшыртат. Майдын антиоксиданттык (кычкылданууга каршы, эрте картаюунун алдын алуучу) касиети да бар. Ошол эле учурда таза майдын курамында каныккан май кычкылдары 44 пайызды түзөт. Андай кычкылдар чочконун майында 30, каймак-майда 25 пайызды түзөт. Ушунун өзү пальма майы жүрөк-кан тамыр жана рак оорусун пайда кыларын айтып турат. Бизге таза май келбейт, анткени тазасы кымбат. Ташып келүү чыгымдарын кошкондо баасы ого бетер өсүп кетет. Пальма майын азык-заттарга жана балдар азыктарына кошкон уяттуу бирин-серин гана өндүрүүчүлөр азыктын этикеткасына анын бар экенин жазышат. Калгандары товар өтсүн үчүн жашырып «өсүмдүк майы», «өсүмдүк катуу майы», «пальма олеини» деп жазышат. Балдар азыгына кошулган пальма майы кальцийди сиңирбей, баланын сөөгү кеч өсөрү аныкталган. Мисалы, сырдын сыртында «сыр» эмес, «сыр азыгы» деп жазылып турса, анда пальма майы колдонулган болушу мүмкүн. Андыктан азык аларда курамын окуңуз. Дүкөндөгү мөөнөтү узакка сакталуучу печенье, момпосуй жана башка азыктарды албай, экологиялык жактан таза каймакты, сүттү колдонуңуздар. Булочка, торт, сыр жана башкаларды үйдөн жасап жеңиздер. Сүт азыктарынын мөөнөтү кыскаларын алган оң. Баасынын арзан экендигине эмес, кымбат болсо да сапаттуусуна басым жасаңыз. Анткени товардын баасынан дагы өзүңүздүн, балдарыңыздын ден соолугу кымбат.

  165. Денедеги уулуу заттарды кантип чыгарса болот?

    Алма жана корица

    1. Алма менен корица (тропикалык жыгачтын кургатылган жыттуу кабыгы). Алманы жука кесип, 500 мл. таза сууга салабыз, ага 1 чай кашык жыттуу кабыктан кошуп муздатып, күнү бою ичүү керек. Бул суусундук организмдеги зат алмашууну жакшыртып, ичеги-карын жолдорун тазалайт.  

    2. Лимон ширеси менен бал. 2 аш кашык жаңы сыгылган лмион ширесине 200 мл. жылуу суу, 1 чай кашык таза бал жана бир чымчым имбирь (тропикалык өсүмдүктүн жыттуу тамыры) кошобуз. Муну ачкарын, эрте мененки тамактанууга жарым саат калганда ичүү керек. Бул тамак сиңирүү жолдорун тазалайт, кан тамырларды бекемдеп, күч-кубат тартуулайт.  

    3. Имбирь суусундугу. Имбирдин жаңы тамырынан бир аз алып кабыгынан тазалап, майда кылып кесебиз, буга 1 литр кайнак суу куюп, кайра бир сыйра кайнатып, жай отто 10 мүнөт кармайбыз. Муздагандан кийин бир чымчым талкаланган корица менен 3 кашык ит мурундун ширесинен кошобуз. Муну тамактанууга жарым саат калганда 100-150 мл.ден ичүү керек. Булсуусундук тамак сиңирүүнү жакшыртып, организмди чыңдоо касиетине ээ.  

    4. Кызылча ширеси. 1 кызылча, 2 алма жана 4 баш сельдерейден шире жасап аны күнүнө эки жолу тамактын алдына 1 аш кашыктан ичип туруу зарыл.   5. Ден соолук коктейли. 1 апельсин, 1 лимон жана 1 сабизден шире жасап, 100 мл. суу менен аралаштыруу керек. Муну тамактын алдында ачкарын ичсе болот. Бул шире чарчап-чаалыкканда жакшы жардам берет.   6. Бадыраң менен сельдерей. 1 бадыраң менен 1 баш сельдерейдин тамырын майдалап, 300 мл. суу кошот. Муну жеңил диета кармаган күндөрү ичсе пайдасы көп.

  166. “Жаңы жылдык” диета

    Жаңы жыл майрамына дагы бир канча убакыт бар. Ал убакыт аралыгында сиз төмөнкү “Жаңы жылдык” диета аркылуу 5-10 кг салмактан арылсаңыз болот.

    Таңкы тамактанууга

    Сулу боткого алма же башка мөмө-жемиш кошуп колдоносуз. Ал учурда бир стакан йогурт да ичип койсоңуз болот.

    Экинчи таңкы тамактанууга

    Эки даана алма же мандарин

    Түшкү тамактануу

    Курамы белокко бай: бышырылган тоок эти, балык же бир даана жумуртка

    Бешинчи тамактанууга

    Эки даана алма же үч даана мандарин

    Кечки тамактанууга

    Бир стакан майсыз кефир, бир даана сууга бышырылган жумуртка жана көк-чөп кошулган жеңил салат.

  167.                                  Эрте менен кайсы тамактарды жегени пайдалуу

    Эртең менен Жаңы сыгылган шире. Күндү жаңы сыгылган апельсин ширеси менен баштоо ашказанды тамак сиңирүүгө даярдайт. Ошондой эле организм үчүн керектүү болгон көп өлчөмдөгү С витаминин курамына камтыйт. Апельсинден башка алма, сабиз сыяктуу жашылча-жемиштердин ширеси да эртең менен пайдалуу болуп эсептелет. Дан азыктары. Кара буудайдын данынан жасалган нан углеводго, минералдык туздарга, клетчаткаларга жана В витаминдер тобуна бай. Мөмө жана жемиштер. Табигый мөмө жана жемиштер курамына витаминдерди, минералдык зат, азык-түлүк буласын камтыйт. Бул таңкы тамак ичеги-карындардын нормалдуу иштөөсүн шарттайт. Анан да жемиштердин баарынын калориясы аз болуп эсептелет. Сүт азыктары. Таңкы тамакка табигый йогурт ичсе абдан пайдалуу. Курамындагы лактобактерия иммунитетти чыңдайт. Ошондой эле эртең менен сыр жеген туура, ал белок менен кальцийге бай. Жумуртка. Жумуртка азыктандыруучу заттын толук булагы болуп эсептелет. Курамына фосфор, темир, цинк, жана А, Д, В витаминдерин да камтыйт. Кофе жана чай. Кофеин менен танин козготуучу касиетке ээ болгондуктан таң эрте ичүү менен организмдин ойгонушун шарттайт. Кофе менен чайдын курамындагы минералдар менен антиоксиданттар организмдин коргоочу күчүн жогорулатат. Көк чай болсо беттин түсүн жакшыртат. Бал. Бал жүрөк-кан тамыр системасына пайдалуу. Балдын курамындагы көп өлчөмдөгү фруктоза организмдеги ферменттин өнүгүшүн нормалдаштырат. Эртең менен дайыма бал колдонуу артериалдык кан басымдан куткарат. Мармелад, жем. Бул азыктардын курамындагы желатин ашказандагы бездердин секрециялык функциясын жакшыртат. Эртең мененки мармелад же жем организмдеги кычкылдыктын деңгээлин нормалдаштырып, адамдын күн бою өзүн жакшы сезүүсүн шарттайт. 

    1. Биздин кесиптеш эжекебиз айтып калчу атам 100 жашты аркалап калды, мандайындагы бир тиши бар, эртен менен эрте алма багын аралап, ач карын 1 алма жейт, азыктануунун бир пайдалуу жагы катары белгилейт деп. 

      1. Эрте менен ачкарын алма жегенимди апам корсо ачкарын жашылча жемиш жесе болбойт деген  темада 30 минут суйлойт)))

    2. Мыктыбек, азаматсын! Жакшы маалыматтар экен. 

  168. Мыктыбек азаматсын! менин 1 жылда жазган потсорумду бир кундо жазып койдун

    1. Рахмат, Болот аке  кичинеден аракет кылып атам 

  169. Саламатсыздарбы, платформанын катышуучулары!

    20-ноябрь куну Бишкекте "Буткул дуйнолук ишкер аялдар куну" конференциясы болуп бул иш чарага катыштым. Мага озгочо таасир калтырды. Бул иш чарада ментор Торобеков Заир экообуз  Аксыдагы органикалык кайналы боюнча презентация жасадык. Премьер-министр Абылгазиев Мухамбеткалый катышты. 

    1. Азаматсын Жылдыз, талыкпай изденип, Аксынын кайналысынынан калкыбыз суйуп жеген шириндиктерди, балдар азыктарын даярдоого аракет кылып жатасын. Иштерине ийгилик каалайм.

    2. Жылдыз эже, органикалык чарбаны Аксыда жайылтууда координатор катары чон жумуш жасап атасыздар, органикалык кургатылган кайналыны жарманкеге коюп, эл аралык улуттук денгээлдеги иш чарага катышып изденип, органикалык жол менен ондурулгон кайналыдан дагы кандай кошумча продукцияларды жасасак, балдар азыгы катары эмнелерди кошумчаласа болот деген максаттагы аракетиниз жемиштуу болсун. Биз сиздер менен сыймыктанабыз.

  170. Гречка пайдалуу
    Ден соолугубузга кам коробуз десек,кундолук тамагыбызга да конул болушубуз керек.Камыр,макарон эле жей бербей,гречканы да кобуроок жегиле дейт элем.Гречкада адамга керектуу,кальций,магний,В1,В6,В9,А витаминдери коп болуп ден соолукка пайдалуу болот.Андан да эн жакшы диетический продукт болуп,жесениздер семирбейсиздер!!!Сахарный диабет,журок оорулуулар,жаны торогон аялдар,жаш балдарга аябай пайдалуу.Даны чон (ядрица),майдаланганы (продел)ун турундо (перемоленный) сатып алып турдуу каша,турдуу тамактарды,нан да жасап жесениздер болот.Канды аябай тазалайт,шлактарды чыгарат,геморрой,венозный ооруларга,тромб болуп кыйналгандарга,организмде суу толуп шишигендерге, семиздик менен жабыркагандарга аябай пайдалуу....
    Оорубаныздар!!!!

    1. Чындыгында Кыргызстандын жергиликтуу калкынын азыктануу рационунда камырдан жасалган тамак-аштар басымдуулук кылат, гречканы айран, же кадимки сууга дымдап коюп, жумушка/жолдо жургондо кошумча азык катары алып алуу да онтойлуу. Витаминдуу гречканы кобуроок колдонгонубуз абзел. 

      1. Кеч гречканы айранга чылап жейм деп даярдап коем эртеси ошол бойдон калып кетет)) дайым жеш керек эле 

  171.                                                         Кулагынызга кумуш сырга 

    Жашылча жемиштерди көп пайдаланыңыз!Күндө 800 граммдан жашылча-жемиш жеген киши узак жашайт
    Окумуштуулар суткасына 800 граммдан жашылча-жемиш жеген киши узак жашайт деген тыянакка келүүдө.

    Лондондогу империялык коллеждин окумуштууларынын эсеби боюнча, бул сунуштар аткарылганда дүйнөдө жылына 7,8 млн эрте өлүмдү алдын алууга мүмкүн эле.

    Аз сандагы эле мөмө жана жашылча жемиштерди жегендин өзү деле ден соолукка кыйла эле пайдасын берет. Адам буларды канча көп жесе, ошончо жакшы.

    Окумуштуулар күнүнө 200 граммдан мөмө жана жашылча жемиштерди жеп туруу төмөндөгү оорулардын коркунучун төмөндөтөт дейт:

    Жүрөк, кан-тамыр ооруларынан каза табуу кооптуулугун -13%,
    Рактын күчөп кетишин - 4%,
    Эртелей каза табуу кооптуулугун - 15% азайтат.
    800 грамм мөмө жана жашылча жемиштер:

    Жүрөк, кан-тамыр ооруларынан каза табуу кооптуулугун - 28%,
    Рактын күчөп кетишин - 13%,
    Эртелей каза табуу кооптуулугун - 31% төмөндөтөт.
    Мындай тыянак 95 түрдүү иликтөөлөрдүн негизинде чыгарылды. Иликтөөдө 22 миллион кишинин тамактануу адаты изилденген.

    Окумуштуулар ооруларды төмөндөткөн мөмө жана жашылча жемиштердин эффективдүүлүгүнө карап бөлүшкөн. Маселен рак илдетин төмөндөтүүдө шпинат жана перец, ошондой эле түстүү капуста сыяктуу жашылчалар.

    2030-жылы жашоонун орточо узактыгы 90 жаштан өйдө болот
    Жүрөк, кан-тамыр ооруларын төмөндөтүүдө алма, алмурут, цитрус, капустанын түрлөрү, редиска сыяктуу жемиштер пайдалуу.

    Ошондой эле жашылча жана мөмө жемиштер холестеринди азайтып, кан басымын төмөндөтөт жана иммундук системанын иштешин жакшыртат.

    Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму күнүнө 400 граммдай мөмө, жашылча жемиштерин жеш керек деп кеңеш берет. Бирок дарыгерлер бул кеңешти аткарган кишилер сейрек экенин белгилөөдө.

    1. Туура сунуш Мыктыбек, ал эми озубуз ондургон органикалык жашылчаларды тамак-аш катары колдонгонубуз накта пайдалуу деп эсептейм 

  172. Азыр грипп , кургак жотол куч алган маал ошолорго жакшы жонокой арзан ресепт .

    Бал 200 гр + 20 шт лимон
    Шекер 1 кг 20 шт лимон

    Лимонду эт тарткычтан 2 жолу откозуп ( кабыгы мн ) балга же шекерге таза , кургак !!! Сыр идишке салып аралаштырып коюнуз 7 Кун тындырып , эрте мн , тушто 1 чай кашыкта оозго салып коюнуз

    ___ Озубуздо оскон лимондор болот алардын колому кичирээк болот ___
    Чайга кошуп ичсениз да болот

    Суукжандар эрте мн эле балга кошулг
    анын Гана оозго салыныз Бир маал !!
    Лимон суукка кирет давл.тушуп кетпесин

    * Давл.жогорулар 2 маалдан 3 маалга отсо болот озунузду байканыз

  173. Муну билгенден кийин сууну көп иче баштайсыз!
    Суунун адам үчүн пайдасы:
    1. Иммунитет системасындагы негизги жилик майынын түрдүү ооруларга каршылыгын күчөтөт.
    2. Суу – азык заттар, витамин жана минералдардын негизги эриткичи. Организм суу аркылуу магний, фтор, темир, йод, кальций сыяктуу минералдарды алат.
    3. Суу тамак-аштын курамындагы керектүү элементтерди организмге сиңирүүсүнө жардам берет.
    4. Эритроциттин жакшы иштөөсүн камсыз кылат.
    5. Клеткаларды кычкылтек менен камсыз кылып, калган газдарды өпкөгө ташыйт.
    6. Муундардын байланышкан жерлерин майлоочу зат болуп саналат.
    7. Омуртка дискаларына да пайдасы мол.
    8. Ичеги-карындын жумушун жакшыртат.
    9. Дене температурасын бердей кармайт.
    10. Суу – мээнин функциялары үчүн күч жана энергия булагы.
    11. Жүрөк жана шал (параллич) оорусунан сактайт.
    12. Мээден бөлүнгөн гормондордун жасалуусу үчүн керек.
    13. Суу адамдын маанайын ачат.
    14. Эч кандай жаман таасири жок.
    15. Стресс менен депрессияны басат.
    17. Уйкуну жөнгө салып, чарчаганды кетирип, терини жумшартат.
    18. Көзгө жалын берип, организмдеги канды иреттейт.
    19. Инфекция менен рак оорусуна каршы иммунитетти бекемдейт.
    20. Канды суюлтуп, кан айланган кезде коюлануусун алдын алат.
    21. Этек кирден мурда келген оору менен денедеги температураны басат.
    22. Канды суюлтуп, катуу заттардын чөгүшүнө тоскоолдук жасайт.
    Кандын 90 пайызы, булчуң эттердин 75 пайызы, мээнин 85 пайызы, сөөктөрдүн 28 пайызы суудан турат. Бардык химиялык реакциялар суунун катышуусу менен ишке ашат.
    Керектүү өлчөмдө суу ичпегенде:
    1. Мээнин жумуш иштөөсү жайлайт.
    2. Кан коюланат.
    3. Жүрөк көп иштөөгө мажбур болот.
    4. Заара сары түстө болот.
    5. Ичтин катышына (запор) себеп болот.
    Суу жетишпегенде:
    1. Баш ооруйт.
    2. Баш айланат.
    3. Чарчоо, алсыздык пайда болот.
    4. Ойлонуу кыйындайт.
    5. Табит качат.

    1. Суу омур деп бекеринен айтылбайт да

  174. Дартка дабаа: Лимон рак клеткаларын өлтүрөт

    Лимон менен дарылоо
    Лимон жүрөк ооруларында, зат алмашуу бузулганда жакшы жардам берет. Мындай учурларда жарым лимондун ширесин жарым стакан ысык сууга аралаштырып, күнүнө 2-3 жолу ичүү пайдалуу.

    -Сууга кошулган лимондун ширеси (жарым лимон+жарым стакан суу) менен тамакты чайкоо ангина дартында кеңири колдонулуп келет. Бул дарт жаңы башталып келе жаткан лимондун кабыгын шашпай, жай чайноо керек. Мындан соң бир саатка чейин эч нерсе жебөө керек. Бул ыкманы үч саат сайын кайталап туруу жакшы жыйынтык берет.

    -Өттөгү ташты да лимон менен жок кылууга болот. Ал үчүн бир күндүн ичинде 10-12 стакан лимон ширесин жана 1,5 литр сабиздин, кызылчанын жана бадыраңдын аралашкан ширесин ичүү керек. 1-2 күндөн кийин 10-15 мүнөткө созулган катуу оору байкалат. 6-7-күндөрү бул оору андан бетер күчөйт, андан соң оору басаңдап, таш жоголот. Өтө катуу ооруда ооруну басуучу каражаттарды колдонууга болот.

    – Кайнатылган сууга лимон сыгындысы кошулган суу сиздин ден соолугуңуздун бекем болушун камсыздап, жашооңузду узартат! Бул суу рак клеткаларын өлтүрөт. Анткени, кычкыл даам рак клеткаларын жок кылып, зыяндуу шишиктин өсүп кетүүсүн көзөмөлдөп турат. Бул аралашмага кумшекер кошпоңуз. Ошондой эле суу муздак болбошу кажет. Анткени, муздак лимон кошулган сууда С витамини гана болот. Бул ракка каршы профилактикалык касиетке ээ эмес. Ошон үчүн кайнатылган жылуу сууга лимон ширесин кошуп пайдаланып жүрүңүз.

    -Лимон эксртактты менен дарылануу соо турган клеткаларга зыян алып келбестен, зыяндуу гана клеткаларды жок кылат. Лимон кислотасы жана лимон ширесиндеги полифенол жогорку кан басымды түшүрүүгө жардам берет. Түпкүрдөгү кан тамырларда тромбоздун пайда болушун алдын алып, кан айланууну жакшыртып, тромбдордун пайда болуу коркунучун азайтат.

    -Бут тырышууда эртең менен жана кечинде лимондун ширеси менен таманды сүрүү жакшы натыйжа берет. Аарчыбай кургаганга чейин күтүп, андан соң байпак кийүү керек. Дарылоо курсу – 2 жума. Лимон кошулган чай суук тийүүдө, дем алуу органдарынын оорусунда жана баш айланууда эң натыйжалуу каражат.

    -Теринин кабарган жерин дарылоодо да лимондун кабыгы колдонулат. Ал үчүн жатаарда бутту буулап, кабарган жерге кабыкты коюп таңып коюу керек. Эртеси кабыкты алып салып, бутту кайрадан буулап, кабарган жерди акырын сыйрып салса болот.

  175. Бий алманын пайдалуу касиеттери жөнүндө кеп кылчу болсок, элдик медицина эске түшөт.

    Анын мөмөсү боор, ашказан, көк боор, радикулит жана ревматизм ооруларын дарылоодо кеңири колдонулат. Бий алманын курамында картаюунун алдын алуучу заттар, стресс менен күрөшуүдө чоң мааниге ээ антиоксиданттар бар. Пектин жана тамак-аш булалары организмди оор металлдардан жана зыяндуу заттардан, ашыкча холестеринден арылтат. Тамак сиңирүүнү жакшыртат. Бий алманын курамында С, Е, Вб, Р (биофлавоноиддер), В5, каротин, В2 (рибофлавин), РР (никотин кычкылы), В1 (тиамин), кальций, темир, калии, фосфор, жез, марганец, магний минералдары бар.

    Бий алманын маңызынан тышкары анын данектери дагы баалуу. Данегинде темир, глицерин жана боегуч заттар бар. Данегин кайнатып ич жумшартуучу каражат, жөтөлгө каршы кайнатма иретинде да колдонушат. Ал терини жумшарткандыктан, косметологияда дагы колдонулат. Бий алманын ширеси иммунитетти көтөрүп, заара кубалоочу касиетке ээ. Илгери аны менен төрөбөгөн аялдарды дарылашкан. Мындан тышкары ширеси ууланган учурда, ич ооруларында пайдасы чоң. Алманын, шабдалынын, ашкабактын, банандын ширеси менен аралаштырып ичсе болот. Маңызы менен ширесин холестерин көбөйгөн учурда кунүнө кабылдап турса, натыйжасы жакшы болот. Мындан тышкары бий алма аялдардын кан кетүүсүндө, бронхиалдык астмада, кусууну токтотууда пайдалуу.

    Бий алма компоту витаминдердин булагы. Ал иммунитетти бекемдеп, шамалдаганда дарылоочу касиетке ээ. Анемияда бий алманын сиробунун таасири жакшы. Ал үчүн бий алманы бөлүкчөлөргө кесип, суу куюп, жумшарганча кайнатып, анан ширесин сүзүп алып, кумшекерден бир аз кошуп коюуланганча кайнатуу зарыл.

    Ал эми бий алманын уругу мигдалин затын камтыгандыктан, колдонуудан мурун уруктарын тазалап алган жакшы.

    Бий алманын пайдалуулугун арттыруу үчүн атайын эрежелерди кармануу керек. Биринчиден, бактан жулунган бий алманы даамына чыгышы үчүн 2-3 жума сактоо керек. Бул убакыт аралыгында жемиш жумшай түшөт. Тандоого келсек, ири көлөмдөгү сары түстүү бий алмаларды тандоо ийгиликтүү болот. Экинчиден, бий алма өтө назик болгондуктан, урунууларга жол бербөө үчүн, өзүнчө идиште же болбосо баштыкта кармаган талапка ылайык болот. Муздаткычта сактоо мөөнөтү 2 ай.

    1. Мыктыбек байке маалыматтарыныз абдан керектуу,биз билбеген коп нерселер бар тура,рахмаат.

  176. Жазгым  келбеген нерсе ал ШАКАР

    Шекердин дагы бир зыяндуулугу аныкталды
    Шекерди нормадан ашыкча колдонуу ичеги-карын ооруларын пайда кылаары белгилүү болду. Мындай жыйынтыкты Альберт университетиндеги канадалык окумуштуулар айтты.

    Жүргүзүлгөн эксперименттерде, шекерди көп колдонгондордо жоон ичегинин сезгениши катталган. Шекер оору жуктургуч бактериялардын өсүшүн шарттайт. Жыйынтыгында аталган бактериялар организмидин башка бөлүктөрүнө да жайыла баштайт.

    Мунун натыйжасында альцгеймер жана паркинсон сыяктуу ж.б. оорулар пайда болоору аныкталды.


  177. Азыр Алма мезгили 

    Нет описания фото.

  178. Image result for Красивая суккуленты

    Image result for Красивая суккуленты

    Кактус же  биз билбеген Суккулент

    Кактус чынында  монитордун жанына кою пайдалуу  а сиз Скуккулентти билесизби бул Кактус туруно кирет бирок Кактустанда пайдалуу сулуу жана кечке камкорууго муктаж эмес.

    Пайдасы адамды тычтандырат жинизди келтирбейт нервти бир калпта кармап турат.Скуленттин кээбир туру шамалдоодо жардам берет табийгый антибиотик онкологиялык оорулардын алдын алат. Скуленттен шорпо кайнатса болот, компот, cамын жасалат жана ар турдуу сырткы факторлордон сактайт ошон учун монитордун жанына коюнуда унутпаныз

    1. Кайсыл жерден алсак болот экен?

      1. Кайсыл жерден алышты билбейт экем бирок Туркияда бар экен жана алгандан кийин кобойтуу абдан женил болот экен 

  179. Күрөң күрүч

    Күрөң күрүчтүн кабыгында жана курамында 80 пайыз адамдын организмине керектүү минералдык заттар жана татаал углеводдор бар. В витаминдер тобун да күрөң күрүчтүн курамынан кезиктире алабыз. Бул витаминдер жетишсиз болгон учурда тери менен тырмактардын абалы начарлап, чачтын түшүүсүнө алып келет.

    Күрүчтүн курамына кирүүчү дагы бир зат бул - лецитин. Лецитин баш мээнин иштешин жакшыртып, нерв системаларын бекемдейт.

    Бул дан азыктын курамындагы крахмал кандагы глюкозаны толуктап, диабет менен ооругандардын канындагы кантты жөнгө салат.

    Күрүч витаминдерден сырткары өз курамына адамдын организмине керектүү бир канча микроэлементтер жана минералдарды камтыйт. Мисалы, 100 грамм күрүчтүн курамында:


    Май: 2,0

    Белок: 7,3

    Суу: 14,0

    Углевод: 63,

    1. Саламатсызбы Мыктыбек,

      Жакшы маалыматтар экен. Кайсыл булактан алып жатасыз маалыматтарды? Мен откондо жазган элем МААНга "Бир жумалык" меню тузуу боюнча. Бул боюнча иштеген врачтарга да кат жузундо кайрылайын деп жатам. Буга кандай карайсыз. Салым кошосуз деп ойлойм. Талкуу жургузуп, анан бир менюну кабыл алсак. Себеби, ал жерде тамактын пайдалануу дозасы да керек.

      1. Саламатчылык Насиба эже,

        Ар турдуу интернет булактардан карап териштирип чындыгына жараша талдап коюп жатабыз. 

        Албетте сизге алкыш идеаянызды колдойм бул багытта чондор уруксат берсе тамак аш боюнча адистерден же Джалал-Абад доктор терапевт мумкун уй-булоолук дарыгерлерден 2 кишиге айына кичине айлык берип турса алар биздин маалыматтарды бош убакыттарында окуп кошумчалап же дозасын аныктап контрол кылып кичине тууралап турса жакшы болот эле.

        1. Рахмат Мыктыбек,

          1. Жарандык Альянстын врачтары оздору меню тузуу боюнча иш алып барышат.

          Башка врачтарга ушул жерге каттап, айлык толой албайбыз да.

          Ыктыярдуу турдо элим ден соолукта жашасын деген врачтарга эшик ачык жана данк...


          2. Алынган булактарды сураганым себеби, ичинен кээ бирлери гезитке чыгарышым мумкун, ошого жазып койсон жакшы болот эле.

          Буажар эже жазып коюптур булактарды...

  180. Капуста, бадыран, жугору кошулган салатКеректуу азыктар:
    1. Капуста - 200 грамм
    2. Жумуртка (сууда бышырылган) - 2-3 даана
    3. Таттуу жумшак (консерваланган) жугору - 30гр
    4. Кызыл болгар калемпири-1 даана
    5. Майонез ,туз - татымына жараша
    6. Кок чоптор (каалоонузга карай)
    Капуста, жумуртка , кызыл болгар калемпирин бирдей формада  туурайбыз да , ага жугоруну ,кок чопту кошуп майонез менен аралаштырабыз да даамдап коробуз , татымынызга жараша туздан кошобуз. 

    Тарелкага салып ашкок менен кооздойбуз. Оной женил, тоюмдуу салат.

  181. Баклажандан женил салат.


    1 даана чон баклажан
    2 даана жумурта
    3 даана помидор
    3 даана бадыран
    Майонез

    Даярдалышы:

    Баклажандын сыртын аарчып алып, жука кубик кылып туурап алабыз.

    Тууралган баклажандын устуно бир аз туз себелеп, жумуртканы жарып баклажан менен аралаштырабыз. Дак болгон майга салып кууруп баштайбыз. Узак куурулуш керек, копко куурулганда кобуктор пайда болуп, баклажан карарып калат. Ошондо гана даяр болот.
    Памидор менен бадыранды орточо олчомдо кубик кылып туурап, алабызда,  аларга куурулган баклажанды аралаштырып, татымына жараша туз себелеп, майонез аралаштырып коёбуз.

    Салат даяр.

    Жегенде баклажан балыкка окшоп даамданат эгер жакшы куурулган болсо.

  182. Кыргызча "Чымчык уясы" салаты 

    Керектелүүчү азыктар:
    Уйдун жүрөгү - 200 гр, койдун журогу болсо деле болот.
    Сыр -150 гр.
    Жумуртка -2 даана.
    Майонез -200 гр.
    Татымына жараша туз.
    Кооздоо үчүн салат жалбырагы жана петрушка, бодоно жумурткасы 4-5 даана
    Жасоо жолу:
    1. Уйдун жүрөгүн тазалап, жууп, сууга кайнатып бышырып алабыз.
    2. Бышкан жүрөктүн чел кабыгын сыйрып, майларын тазалап алабыз да узун-узун кылып туурайбыз.
    3. Сырды узун кылып туурап, тууралган жүрөккө кошуп, майонез, туз кошуп аралаштырабыз.
    4. Таркелканын ичин салат жалбырагы менен кооздоп, ортосуна уя формасындай кылып сыр менен этти салабыз. Ал эми ортосундагы боштукка майонез куюп, салат жалбырагы менен кооздоп толтурабыз.
    5. Сууга бышырылган жумуртканы узатасынан тилке-тилке кылып бөлүп, салат жалбырагынын арасына кооздоп тизип коебуз.

    6. Бодононун жумурткасын сууга бышырып, устуно салып коебуз.

    1. Бул салат эт кошулгандыктан тоюмдуу да болсо керек. Рахмат. Бул салатты созсуз жасап коромун

      1. Көптөн бери ушул салатты жасай элекмин, жаңы-жыл майрамына жакшы идея болду. Рахмат. 

  183. Бала эмизген аялдардын тамактануусу

    Балага керектуу азыктар эненин суту менен берилет. Эненин сутунун курамы жеген тамагынын сапатына жараша болот. Бала торолгондон кийинки алгачкы жарым жылда эненин суту менен багылышы керек. 

    Эненин суту уникалдуу. Балага керектуу азыктардын бардыгы ошол сут менен берилет. . Бала эмизген аялдар туура тамактанууну жолго коюшу керек. Кундолук тамактануу рационунда момо-жемиштер, жаны жашылчалар камтылыш керек.  Мындан башка белоктуу азыктар, сут азыктары, быштак жесе жакшы.

    Бала эмизген аялдар салаттарды жегенди адатка айлантуу керек. Кыргыздарда  бала эмизген маалда момо-жемиштерди жесем баламдын ичи отуп кетет деп алдын ала кооптонуп жешпегендиктен балага керектуу заттарды толугу менен бере алышпайт, азык заттар жетпесе баланын чачы суюлат, салмагы жетишсиз болот. Чынында натуралдуу жаны бышкан момо-жемиштерди колдонуу энени жана баланы керектуу заттар менен камсыздай алат, аллергия чакыруучуларды жебеш керек. 

    Мисалы, майонездин ордуна осумдук майын колдон келсе оливка майын колдонуу жакшы, кээ бир витаминдер майда жакшы ээрийт.

    Бала эмизген аялдар кандай тамактарды жесе пайдалуу ой болушунуздор....

    1. Айгерим синдим, ушул кенеш сага пайдалуу деп эсептейм. Кирип окуп, жазып тур

    2. Бала эмизген энелер үчүн пайдалуу азыктар

      1.Балык

      Балык, болгондо да сёмга балыгы - эмчек эмизген энелер үчүн эң пайдалуу азыктардын бири. Эмне үчүн? Анткени дал ушул сёмгадан балаңыздын нерв системасынын өнүгүүсү үчүн зарыл болгон жана энени төрөттөн кийинки депрессиядан сактоочу пайдалуу заттарды таба аласыз. Күнүнө жеген балыктын өлчөмүн 60-80 граммдан ашырбаңыз, болбосо балаңыз ашыкча белоктон улам аллергия болуп кетиши ыктымал.

      2.Сүт азыктары

      Энелер үчүн сүт азыктары да зарыл. Анткени алар белоктун жана баланын сөөк системасынын өсүшү үчүн зарыл болгон В жана Д витаминдеринин, кальцийдин булагы болуп эсептелинет. Өзүңүздүн жана ымыркайыңыздын организмин бул пайдалуу заттар менен камсыздоо үчүн күн сайын кефир, ряженка, йогурт, сыр, быштак сыяктуу сүт азыктарын пайдаланып туруңуз.

      3.Майсыз эт жана өсүмдүк майы

      Аталган азыктар курамында темири көп азыктар катары эмчек эмизген эне үчүн пайдалуу. Этти кайнатылган түрүндө пайдалануу сунушталат. Эт менен катар майды пайдаланууну да унутпаңыз: анын бир суткалык нормасы – 15 грамм күнкарама майы же 25 грамм каймакмай.

      4.Жангактын турлору

      Бул азыктар да - энелер үчүн пайдалуулугу жагынан алмашкыс азыктар. Бирок аллергиялык реакциядан качуу үчүн күнүнө 20 граммдан гана пайдалануу сунуш кылынат. Сөөктүү жемиштердин өзгөчө пайдалуулары: кедр жаңгагы, грек жаңгагы, бадам. Булар сүттүн майлуулугун жана сиңимдүүлүгүн арттырат.

      5.Жемиштер жана алардын ширелери

      Мөмө-жемиштердин пайдалуу касиеттерин баарыбыз эле билебиз. Эне жана бала үчүн витаминдердин булагы болгон жемиштерди күнүнө 300 граммдан, ал эми алардан жасалган ширелерден 200-300 миллилитрден пайдаланып турууну адистер эскертишет. Өзгөчө пайдалуу жемиштер: кара өрүк, алма, банан, шабдалы.

      6.Жумуртка

      Баланын боюнун өсүшү жана сөөк системасынын туура калыптанышы үчүн пайдалуу элемент – Д витамини. Жумуртканын сарысы болсо витаминдин эң сонун булагы болуп эсептелинет. Бирок бир күндө бирден ашык жесеңиз, балаңыз аллергияга кабыларын унутпаңыз.

      7.Жашыл түстүү жашылчалар

      Дал ушул жашыл түстүү жашылчаларда эмчек эмизген маалда эне жана бала муктаж болгон витаминдер бар. Мисалы, А жана С витаминдери, кальций, темир жана башка. Андыктан салат жалбырагы, брокколи капустасы, көк чөптөр, шпинат, кабак сыяктуу жашылчаларды активдүү пайдалан жакшы. Ошондой эле жашыл болбосо да ашкабак, сабиз, кызылча, баклажандар да ашыкчалык кылбайт.

      8.Жемиш кактары

      Жемиш кактарынын ичинен сүт эмизген эне үчүн эң пайдалуусу – өрүк менен кара өрүктүн кагы. Алгач булардан компот жасап ичип туруу пайдалуу, балаңыз 3 айга толгондон баштап өзүн 100 граммдан ашырбай пайдалана берс болот.

       

      1. Жумуртканын кабыгы да пайдалуу
        Организмди кальций менен толуктап, сөөктү бекемдегиңиз келеби. Анүчүн бышкан жумуртканын кабыгын таштабастан аны кофе майдалагычка салып ун болгуча майдалап, тамака ¼ чай кашык кошуп, күнүнө 2-3 жолудан колдонуш керек.

  184. Жаңгакта Е витамини бар, Е витамини организмдин картаюуу  процессин акырындатат. 

  185. Жашылчалар - бул жардамчылардын ичинен витаминге эң байы капуста, эң кедейи кызылча болуп эсептелет. Сабиз менен ашкабактагы бета-каротин заты көздүн көрүүсүн жакшыртат. Жашылчаларды кууругандан көрө кайнатып бышырса, анда көбүрөөк витамин сакталат, о.э. тамакты бир жолкуга гана даярдаганга аракет кылыңыз. Анткени аны кайра жылытканда андагы пайдалуу заттар жоголот. Картошканы канчалык майда туурасаңыз, андагы витаминдер ошончолук азаят. Тузду жашылчалар бышкан соң, оттон алынаарга 5-10 мүнөт калганда кошуңуз.

  186. Мен көбүнчө котлет тамагын жасаганда капустага ороп анандан кийин манты казанга салып дымдап бышырам, сиздерге да сунуштаймын, бүт пайдалуу элементтери сакталат. 

  187. Жаңы-Жыл майрамына да аз кундөр калды. Бул мйарам Мандаринсиз өтпөйт болуш керек! Ошондуктан мандирин боюунча бир ааз маалымат:
    Мандарин - суусунду кандыруучу жемиш. Ал кышында биздин организмде сарпталган витаминдердин ордун толуктайт. Сасык тумоо менен ооруган адамдын температурасын түшүрөт. Анын кабыгы жөтөлдү жеңилдетет. Адистер мандаринден максималдуу пайда алуу үчүн аны ичиндеги ак торчолору менен чогуу жегенди сунушташат. Ал депрессияга каршы туруучу жакшы жемиш. Анын ширеси, ачык саргыч түсү нерв системаларын жакшыртат. 

  188. Шыпыргы салаты

    Арыктагысы келген айымдарга жана тамагы жакшы аш болбогондорго арналат.

    Бул салат ичени карындын микрофлорасын жакшыртып, ич катуу койгойунон кутултат, тамак-аштын синимдуулугу жакшырат, маанай,  беттин тусу жакшырат, бойроктун жана оттун иштешин нормалдаштырат.

    Бул салатты чет олколордо да ден соолукту жакшырткандыгы учун коп колдонушат.

    Салаттын негизи – жаны кызылча , сабиз, азыраак санда капуста кошулат

    Даамын жакшыртуга  жашылчалардын каллориясын томондотууго  лимон ширеси кошулат.

    1. Кызыл тоо буурчак кошулган пайдалуу салат

      Керектелуучу азыктар:

      • 450 г бышырылган кызыл тоо буурчак
      • 1 даана бадыран
      • 5 даана помидор майдасы
      • 1 боо кинза
      • 1 даана кызыл пияз
      • 1  лимондун жарымынын манызы
      • 3 аш кашык оливка майы
      • 1 ч. к горчица
      • 1 даана сарымсак тиши                                                                               Даярдоо жолу:                                                                                                          кызыл буурчакты сууга салып уютуп андан кийин озунчо бышырып алабыз.
      • Бадыранды, помидорду, пиязды майда болукторго болобуз.
      • Сарымсакты, кинзаны озунчо майда болукторго болобуз.
      • Чон идишке  салынган кызыл буурчактын устуно майда болукторго болунгон азыктарды салабыз. 
      • Кошула турган соусту даярдоо учун оливка майына сарымсакты, кинзаны, горчицаны салып аралаштырабыз да негизги азыктарга кошуп аралаштырып, лимондун манызын кошуп коебуз.
      1. Пайдалуу рецеп экен. Рахмат!

    2. Шыпыргы салат чийки бойдон даядалабы же бышырып алабызбы? Даярдалышын толугураак жазып коеосузбу?

  189. Орук жана кайналы кагы кошулган витаминдуу салат

    Керектелуучу азыктар:

    • Орук как – 100 г
    • Кайналы кагы – 100 г
    • сабиз – 3 даана
    • кок алма – 2 даана
    • пияз – 1 даана
    • анардын даны – 50 г
    • каллориясы аз йогур– 100 г

    Даярдоо жолу:

    Оруктун, кайналынын кактарын жылуу сууга уютуп жумшартып алабыз, жумшагандан кийин майда кесебиз.

    Сабизди ичке козоноктуу сургучтон откоробуз.

    Пиязды тазалап ото майда болукторго болобуз.

    Алманын сырткы кабыгын аарчып, момо камерасын тазалайбыз да майда болукторго болобуз.

    Тууралып даярдалган азыктарды ичи чункур мискейге салып  устуно йогур кошуп аралаштырып, бетине анардын данын себелеп коебуз.

  190. ВИТАМИНДУУ САЛАТ!!!

    Керектелүүчү азыктар:

    • 200 г цукини же кабачок
    • 150 г сабиз
    • Бир ууч тазаланган грек жаңгагы
    • 2 аш кашык кишмиш
    • 1 аш кашык лимон ширеси
    • 1, 2 чай кашык ачык өңдөгү бал
    • 1,2 чай кашык  горчица апельсин менен
    • 2 аш кашык зайтун майы,  Туз

    Даярдоо жолу:

     Жер жемиштерди тазалап, жууп чыгып, кабыгын аарчып, ичке кылып кесип чыгабыз. Кимишти идишке салып алып, ысык суу куюп, 2-3 мүнөт коюп коёбуз. Ага чейин соус даярдайбыз. Ал үчүн лимон ширесин, балды, горчицаны жана зайтун майын аралаштырабыз. Тууралган сабиз менен кабачокко соустан кошуп аралаштырып алабыз. Татымына жараша туздайбыз. Грек жаңгагынын жарымын көмөч казанга 1 мүнөттөй кууруп алабыз. Андан кийин ага кишмишти кошуп, көөп чыкканча 1-2 мүнөт бышырабыз. Оттон алып, муздагандан кийин аны жер-жемиштер менен аралаштырабыз.

  191. Капуста алма салаты

    • ак баш капуста  орточо
    • кок алма -1 даана 
    • сельдерей — 1 тал
    • лимон ширеси 1 кашык
    • шекер — ½ кашык.
    • Осумдук майы. — 2 аш кашык.
    • туз– татымына жараша

    Даярдоо жолу:

    Капусканы майда кесебиз, туздап суусу чыгышы учун кол менен аралаштырабыз.

    Селдерейди майда кесебиз да капустага кошобуз. Алманын тусу озгоруп кетпеши учун ири сургучтон откоруп эн акырында кошобуз.

    Салатка кошулчу соус  даярдоодо майга  лимон манызын туз, кант кошуп  эригиче аралаштырып даярдалган азыктарга кошобуз. Витаминдуу салат даяр болду


  192. Майонездин зыяндуулугу боюнча коп эле айтылып жатат. 

    Майонездин ордуна кадимки эле йогурт кошуп салат жасаса да болот.

    Кошулуучу азыктар:

    • 300 г жузум  (уругунан ажыратуу менен)
    • 300 г алма (же  алмурут)
    • 300 г мандарин
    • 100 г майдаланган жангак
    • 200 мл клубникадан йогурт

    Даярдоо жолу:

    Момолорду жууп тазалап, суусун сарыктырып кургатып алабыз

    Азыктардын баарын оз озунчо майда болукторго болуп, анан аларды  йогуртту  кошуп

    аралаштырабыз.




    1. Ушул салатты кызымдын бакчасында балдарменен биргеликте көп жолу даярдашты. Балдар сүйүп жей турган даамдуу салат. 

    2. Уулкан сенин жазган ойлоруна кошулам. Майонезди туура тамактанууну колдогондор зыяндуулугуна карап колдонуудан баш тартууда.  Салаттардын курамына эмнелерди кошуп даярдаса болот. 

      Жакшы даярдалган соустар салаттарды даамдуу, жегиликтуу кылат.

      1. Осумдук майларын пайдалануу
      2.  Кычкыл сут азыктары  - каймак,,йогурт, жумшак сыр же  майонез,  буларга горчица, уксус, кетчуп, шире, соя соусун, ар турдуу татымал чопторду кошуу аркылуу даярдаса болот.
      3. Бал, аш кокторду майдалоо, жашылчаларды кошуу  (Мисалы, туздалган бадыран, консерваланганоливка же помидор), 
      4. Козу карын кошуу.
  193. Алма кагынан компот жасоо

    • 300 г алма кагы
    • 2 -3 л суу
    • 5-6 аш кашык кумшекер 
    • Адамдын калоосуна жараша корица, жалбыз, ванилин кошсо болот. Алманын кагын жууп тазалап идиштеги сууга кошуп кум шекерди кошобуз.
    • Кайнап чыккандан кийин 20 мунот жай кайнатабыз кайнатабыз.
    • Жыты буркураган жагымдуу компот даяр болду.

  194. Хашим Зайналиев чынын да бул киши Кыргызстанда чуулганду табып болуп калды, коп адамдар колунан жакшы болуп кеттим десе. Онкологиялык врачтардын арыздары менен ооруканаларын жаап тоскоолдук кылып акыры Омандыктар баалады окшойт Оманда ишин улантууда кеп Хашим Зийналиевте эмес анын ачыткы нан жонундо жазгандарын конул бурсаныздар.

    https://www.facebook.com/profile.php?id=100005797964439

    Ачыткы жөнүндө ачык сөз

    Менин клиникалык ишимде тератома деген диагноз менен келип, жатып калган бейтаптар болду. Бул илдетке чалдыккан бейтаптардын өздөрүнөн жана жакындарынан оору билингенге чейин жашоо тарыхын сурасаң; алардын денесинде эч бир оору болбогонун, дени таза жүрүп эле, кокусунан эле ооруга чалдыгып калганын айтышат. Болгондо да бул бейтаптар жаш курактагылар. Тератома - көбүнчө бейтаптын өпкөсүндө, аялдардын жыныс органында, курсак көңдөйүндөгү суюктукта, бөйрөктө ж.б. органдарында жайгашат. Бейтаптар эң кейиштүү ахвалда, жан азабын тартуу менен каза болуп калышат. Эгерде тератома аялдардын жыныс органында болсо, анда аялдардын жыныс органын бардык мүчөлөрү; жатын моюнчасы, нымдүү көңдөй жана анын булчуң эттери, энеликтин бардык бөлүгү, андан сырткары табарсык жана аны менен туташкан сийдик каналдары, бөйрөк, түз ичеги, ага келип кошулган жоон ичегинин сигмоиддик бөлүгүн толугу менен каптайт. Аталып өткөн органдарды кармап турган эпителийдин бардык катмары, миофибриллдер, май ткандары өз ара тартылып турган жана байланыштырып турган белоктор, агликондор, протеогликондор ж.б макромолекулалык структуралар бири-бири менен ажырашып кетет. Анын кесепетинен лимфатикалык тамырлар жоголуп кан тамырлар үзүлүп, алардын ушул органдарда “застой” болуп, кан коюуланып кетет. Силер түшүнүп тургандай аталган органдарда иммунитеттик система “парализовать” этилет. Рактын катмарларында “мицеллия” пайда болуп, ал ишиген учурда катуу оорунун симптомун берет. Айрыкча ракка айланган аялдардын жыныс органын гинекологиялык “зеркало” менен ачып киргенде, уюган кан менен кошо ракка айланып дене же булчуң эттери бөлүнүп түшөт. Тератома рагы - ушундай аянычтуу, өмүр алган илдет. Ушул тератоманы папилломманын кайсы бир генотиби менен кошо “термофильные дрожжи” деген козу карын козгоп чыгат. Бул козу карындар термин өзү түшүндүрүп тургандай Цельсия боюнча 500 0С температурага чейин ысытканда да, анын споралары өлбөйт. Бул дрожждун споралары (өзү спора аркылуу көбөйөт) нан ачытуучу пресстелген дрожждо (ачыткычта) болуп калуусу мүмкүн. Кокусунан нан ачытуучу дрожждо түшүп калса, ал аркылуу же жеген нан менен ашказандан ичегиге өтүп, андан канга өтүп, кан аркылуу кайсы органда бир аз кандын уюуп калган очогу бар болсо, ошол жерге отурукташат. Көбүнчө уюган кан аялдардын жыныс органдарында, эркектердин өпкөсүнүн исиркектеринде учурайт. Отурукташып калган термофильдик дрожж өз ишин баштап, акыры барып, жогоруда баяндалган өтө эле оор патологияны пайда кылат. Менин айтаарым, Саламаттык сактоо министирлигинин алдындагы санитардын-эпидемиялык надзор Кытайдан келип жаткан пресстелген дрожждорду сертификациялоонун жана көзөмөлгө алуунун жолун иштеп чыгып, элдин саламаттыгын сактоонун ойлонуусу, мунун өзү мамлекеттик коопсуздуктун маселесине кирээрин түшүнсүн.


    Мындан сырткары нан ачытууда колдонуучу пресстелген дрожжду өндүрүүдө 56 негизги зыян келтирүүчү заттар: оор металлдар, курулуш акиташы, поташ, калийдин карбонаты, идиш жуучу каражаттар ж.б менен кошо кошумча зыян келтирүүчү жабдыктар пайдаланылат. Ошондуктан пресстелген дрожждун сапатын жана коопсуздугун КМЫ “ГОСТ Р 54731-2011 Дрожжи хлебопекарные прессованные. Технические условия” – аркылуу аныкталат. Сатыктагы пресстелген дрожждордо патогендик микроорганизмдер болуп калса, эң оболу ашказанда жайгашкан пайдалуу микрофлораны жоюп, анын ордун ээлейт. Натыйжада, киши ичи дискомфорт болуп, жели өз убагында чыкпайт же дуоденит күчөйт, панкреатит жанданат, жеген тамак менен кирген витаминдердин жана микроэлементтердин ажыроосу начар болуп, иммунитеттин төмөндөшүнө алып барат. Дагы бир жагдай бөйрөк клубочкаларында түзүлө турган кычкыл-негиздик же кислотно-щелочной балансты бузуп, кандын кислый же кычкыл чөйрөнү көбөйтүп, ар бир адамдын канындагы өнөкөттүк гепатиттин зыяндуу аракетинин көбөйүшүнө алып барат, алардын бири кандын коюулануусу жана канда тромбдук көбөйүүсү, кандида сыяктуу козу карындардын рак ооруусун пайда кылуусун (учурдан пайдаланып айтайын, акыркы мезгилдерде кандиданын боордо, уйку безинде, табарсыкта, май ткандарында козгогон рактарды дарылап жүрөбүз), сөөктөрдүн остема жана остеопарозун пайда кылат.


    Нанды ачытууда колдонулуп жаткан пресстелген дрожждун табияты жөнүндо сөз кылалы. Пресстелген дрожждун негизги компоненти болуп, дрожждордун сахаромицеттер классына кирген Saccharomyces cerevisiae – деген дрожждун түрү эсептелет. Бул бир клеткалуу, спора түрүндө же бутактанып көбөйө ала турган, өз алдынча жашай ала турган микроорганизм. Жагымсыз шарттарда өзүнө спора пайда кылып, циста менен курчап алат. Бул дрожж камырдагы глюкозаны, сахарозаны, галактозаны, рафинозаны ж.б. углеводдорду ачытып, уксус кислотасына, сүт кислотасына, вино кислотасына, спиртке ж.б заттарга чейин жеткирет. Биз ушул гана түрдөгү дрожж экен деп түшүнүп калбайлы. Нанды ачытууда колдонулуп жаткан пресстелген дрожж – бул көптөгөн ар түрдүү түрдөгү дрожждордон турган микроорганизмдердин флорасы болуп эсептелет. Биз азыр мүнөздөгүндөй пресстелген дрожждун курамынан бактериялар жана вирустарды да учуратууга болот. Алар да камырдын курамындагы макромолекулалардын: камырдагы эң негизги белок – клейковинаны амилаза ферменти аркылуу ажыроосуна, крахмалдын декстринге өтүүсүнө, липиддердин эрүүсүнө түз жана кыйыр түрдө таасир этишет, ал тургай моносахариддерди ачытуучу да кызматты аткарат. Бул микрофлорадагы микроорганизмдердин өз ара катышын симбиоз катары мүнөздөсө да болот. Нанды бышыруучу тандыр же духовка орточо 220-270 0С Цельсия температурада болот. Ошондуктан камырды ачыткан дээрлик бардык микрофлора кирген микроорганизмдер бул температурага чыдабайт. Бирок бир класстагы дрожжду эске албаганда; ал жогоруда баяндалган термофильдик дрожждор. Бул дрожждор кыска убакыт ичинде, спора пайда кылып, андан цистага өтүп 500 0С Цельсияга чейинки температурага туруштук берет. Ошондуктан пресстелген дрожждо болуп калуу ыктымалдыгы бар.


    Дрожждорду өнөр жайлык өндүрүүдө тамактануучу чөйрөсүнө кант кызылчасынын мелассасы пайдаланылат. Кант кызылчасынын мелассасы -кант өндүрүүнүн технологиялык процессинин кантты бөлүп алгандан кийинки продуктасы болуп эсептелет. Ал эми үй шартында кадимки камыр пуруш.


  195. УЙ КЫМЫЗ маалы башталды.

    Базарда сатылган уй кымыз болот деп апам кымыз ичирбейт эле анын ордуна озу бээ жок маалда уйдун сутунон кымыз кылып берчуу.   Коңур күздө кулундар агытылып, бээ салбай калат эле. Бээнин кымызын күздөө менен кыштоодо колу жеткен чанда бир киши ичпесе бу маалда элдин көбү уй кымызга көчкөн. Түйшүгүнөн качпай, аябай таптап, баптап даярдап, маашырланып ичишээр эле аны. Жакшы чыккан уй кымызды бээникинен кем болбоптур деп даңаза кылышчу. Эл анын бээникинен артык жагын да билген. Ошондуктан уй кымызды жыл бою үзбөй салдырып ичип, узак жашап, күүлү-күчтүү карыгандар четтен чыгат эле. Ата-бабаларыбыздын мына ушул керемет азыгын алыбыздын жетишинче ийине келтирип, жакшы тамактын кадырын билгендер калгандыр деп кайра сала баштадык. Келип ичип кетиңиздер. Бир жарым миллиондук калкы бар килейген шаарда уй кымыз жалгыз "Айыл азыгы" дүкөнүндө. Жаш Гвардия менен Фрунзенин батыш бурчунда

    Image result for Кымыз

    1. УЙ КЫМЫЗ 

      Уй кымызды, эл, кымыздан кийинки тунук таза ачытма суусундук катары баалап, ичип келген. Муну жасоо ар бир эле кишинин колунан келе бербейт. Көпчүлүк эле уй кымызды жасаганды билген эмес. Умай энелер өз жолу менен даамына чыгара жасап келген.

      Уй кымыз кадимкидей эле кол чаначка же болбосо ышталган жыгач челекке ачыткан. 

  196. УЙ КЫМЫЗДЫН ДАЯРДАЛЫШЫ

    Нак кымыз же кымыздын көрөңгөсүнө талкан салып ачытат. Чанач жыгач челекти кадимкидей эле тез-тез ыштап, койдун сызык майы менен майлаган. Уйдун нак сүтүн бышырып, жылуу кезинде кошуп, бир канча мүнөт жанчып бышат. Андан соң тонго же кийизге жылуу ороп ачытат. 5-7 сааттан кийин кайрадан бышып, анан тамак катары 3-4 маал же тамактан кийин суусундук катары ичилет. Уй кымыз кымызга караганда мүнөздүү болот. Ал баардык ооруларга жагымдуу.


  197. Азыркы жаш оспурумдор даяр жарым фабрикат тамактарды сатып алып колдонуп келет, кантип жасалаары жонундо билбейт. Бул иллюстративдик суротто кыргыздын улуттук суусундуктары жарма жана бозонун жасалыш кадамдары толугу менен корсотулгон.

  198. Тамак жонундо жазып жатабыз эч тугонбоду бирок аба жок болсо адам бир паста  тугонот (ТЕРЕК).

    Бат осуучу теректер бул кооз жана жаратылышты коргойт. Эн башкысы абаны тазалайт 70 тен 140 кгга чейин карбон тутунун атмосферадан айдап турат ошон учун багы бар ар уйдо осуп турганы жакшы бир жагынан топурактын эрозиясын кургап калышынын алдын алат жана жер астындагы суулардын таза болушун камсыздайт жана эгилген жер жемиш учун жердин саламаттыгын ашырат.

     Agroforestrty  менен коптогон теректердин осушун эксперимент кылган учур.

  199. Павловния дарагы

    Университетте Павловния дарагы бул эн жакшы аба тазалагыч деп агайым дайым айтат эле жана бул даракты остуруу боюнча ар бирибиз 90 майда майда урукту топуракка  остургонбуз  бир эки жумада андан болгону 10 чакты осту, осуп олтуруп 4 5 дарак 15 20 смге жеткенде кээбири соолуп ошонтип 2 даракты жерге отургуздум анын бироосу калды суукта эмне болот экен эми.

      

    Image result for pAWLOVNIA SEEDS









  200. Гулнара, деген окурманыбыз бал бча маалматты бираз туура эмес жака жайгаштырып жазган экен, бул жака жылдырдым.

    Балды ар дайым чени менен колдонуп жүрүү оорулуу адамга да таза адамга да пайдалуу. Жүрөк, ашказан-ичеги, аз кандуулук, бөйрөк, боор, тери жана эндокриникалык оорууларды алдын алууда балдын пайдасы абдан чоң. Ошондой эле дем алуу органдарынын б.а. ринит, фарингит, синусит, ларингит, бронхит жана бронхиалдык астма оорууларында да балды ичтен пайдалануу зарыл. Балды пайдалануу 1-2 айга созулат, күнүнө 100-150 г, ар 3 саатта 1 чай кашыктан ооздо бир аз кармоо менен ичип туруу керек.
    ​ ​ ​ ​ ​ ​ Балды ага аллергиялык диатези барлар, жүрөк клапандары жабыркагандар, дем алуу органдарынан кан кеткендер, ичүүгө болбойт.Ошондой эле балды беттин терисин тазалоо жана чачты бекемдөө үчүн да колдонууга болот:
    ​ ​ ​ ​ 1)Пиязды майдалагычтан өткөрүп, 4-5 аш кашык балга аралаштырып чачтын тамырына сүртүп, 20 мүнөттөн кийин жылуу суу менен жууп салуу керек. Жумасына бир жолу жасалган бул маска чачтын түшүүсүн токтотуп, тамырын бекемдейт.
    ​ ​ ​ ​ 2)Ал эми жарым аш кашык таза балга 2 аш кашык зайтун (оливка) майын аралаштырып, аралашма салынган идишти кайнак сууга бир аз салып туруп, анан бетке жука катмарда сүртүп, 10-15 мүнөттөн соң жылуу суу менен жууп салуу керек. Бул маска беттин таза, тунук жана бырышсыз болуусуна шарт түзөт. Мындан сырткары да официалдуу жана элдик медицинада бал аралашмасынан жасалган жүздөгөн маскалардын түрлөрү бар.

  201. Урматтуу коллегалар саламатсыздарбы,


    Откондо да жаздым эле окубай калдыныздар окшойт.


    Атайын рецептер, о здоровой питании деген баракчаларга жазсаныздар ошол жактан керек болгон маалыматтарды алып алууга оной болот.

    Бул баракчаларга 25 АККнын ийгиликтери, алар аткарып жаткан чакан долбоорлор боюнча маалыаттар жазылса...

  202. Ормо кара дары чобу боюнча: 

    Ормо-кара тамыры.  Тоолордогу шагылдуу жерлерде осуучу жапайы осумдук.Ормо каранын тамырын табыптар сыныкка,кулгунага,муун ооруларына,соогу оспой калган жаш муун,наристелерге колдонушкан,эски сыныкка кайнатмасын ичет.

    Даярдалышы:

    Тамырын кургатып алып порошок кылып майдалап 700 гр сууга  3чон кашык ормо караны кошуп, 15 минут кайнатып уч маал 200 граммдан 15-20 кун катар ичуу керек.

    Порошогунан кулгунага, айыкпаган жараларга кургак сээп 10-15 кун катары менен танат. Ормо караны сентябь,октябрь айларында казып алуу керек.

    1. Ошол даары чоп кимде бар? алат элек. Анан даары чоптордун атайын баракчасын койсок жакшы болот эле, даарылар менен тамактардын турлору аралашып кетиптир. Даары чоптор жакшы тема болуп атат.

    2. Айжылдыз, саламатсызбы, ормо каранын адабий аталышы кандай.

  203. Саламатсызбы Гулзада эже,Буажар эже, Болот аба иштериниздкр кандай.биздин Ысык-Кол Органикага долбоор болсо жакшы болот эле мен инспекция жасап койуп атам бирок волонтер боло бериш кыйын болуп жатат.Сиздер кандай дейсиздер

    1. Саламатчылык Айжан, кичинекейлер чоноюп атышабы. Айжан долбоор белгилуу бир койгойду чечуу максатында ишке ашырылат, сен кайсыл маселенин устунон иш алып барууну туура ойлойсун. Маалыматтын негизи, демилге жергиликтуу жамааттан, кооперативден чыгат, чогуу долбоордук сунуш даярдап аракеттенели. Органиканын келечеги кен.

  204. Саламатсынар урматуу

    плтаформанын катышучулары

    зордун зору менен зорго каталдым

    Буажар эженин сунушу менен каталып таанышып жатам

    Азыркы кунго бизге ото керектуу маалыматар бар экен.

    Мен озум Ноокен районун Шамалдысайдын Адыр деген айылынын тургунумун, биз дыйканчылык менен алектенебиз..

    1. Пайдалуу маалыматтарды ала аласыз деген үмүттөмүн. 

  205. Саламатсынарбы платформанын катышучулары

    мен Ноокен районуну Кызыл-Туу айылынын тургунумун

    ошондой эле био фермерде коп жылдан бери мучомун жана лидер катары иштеймин

    Буажар эжеге чон рахмат бизди уюштуруп ушул платформага кошкону

  206. Cалам мен бугун ушул платформага катталганыма кубанычтуумун. Бул платформа боюнча Буажар эжеден маалымат угуп кызыгып калдым. Келечекте керектуу коптогон маалыматтарды алам деген ишенимдемин.

    Озум жонундо: Ноокен районундагы Кызыл-Туу айылынан болом. Био чарба жургузом, Мурзахметова Гулсаранын тобунан болом. 

    1. Кош келиңиз! Био чарбаңызда өндүргөн продукцияларыңыз менен бөлүшүп туруңуз. Кнча жылдан бери органикалык чарба менен алектенесиз? Кандай продукция өндүрөсүз пахтадан башка? 

  207. Саламатсыздарбы, мен ушул платформага Буажар эже аркылуу катталдым, туура тамактануу боюнча кызыгуум бар. Озум жонундо: Ноокен районунун Жаны-Турмуш айылынан болом, 3 балам бар. Жеген тамак-ашыбыз нукура азыктар болсо бала-чакабыздын ден соолугу чын болот эле.

  208. Кош келиңиз! Маалыматтар тиешелүү бөлүмдөргө бөлүнгөн. 

  209. Жаныдан маанга катталгандар, куш келипсинер. Бул платформа тамактанууга багытталган айыл чарбасы. Озунорго коптогон маалыматтарды ала аласынар. Биз силер менен дайыма биргебиз, суроолорунар болсо тартынбай болушкуло.

  210. Урматтуу айымдар, айыл чарба тармагында  маалымат алууга, тажрыйба, болушууго кызыктар жарандар платформасына, маан куш келибсиздер! Ийгилик!

  211. Орозо маалында да туура тамкатануу маанилуу.

     


    1. Рахмат маалымат учун ото пайдалуу маалыматтар экен

  212. День здорового питания в России

    cXfPzPdRkAk.jpgС 2011 года в России стали отмечать праздник, посвященный правильному питанию. Создан он в противовес американскому «Дню обжорства», когда можно есть все, что угодно и в любом количестве. 

    Так, 2 июня 2011 года стал Днем рождения праздника, главная тема которого — привлечение внимания широкой общественности к вопросам культуры питания. 

    Эпидемия избыточного веса растет во многих странах, и Россия, к сожалению, не является исключением. Это связано, в первую очередь, с нездоровыми пищевыми привычками, злоупотреблением алкоголем, малоподвижным образом жизни. Проблема лишнего веса является одной из главных причин многих болезней сердца, сосудов, внутренних органов, не говоря уже об эмоциональном недовольстве своим внешним видом. 

    Целью Дня здорового питания является донести до людей, что лучший способ сбросить лишний вес – это избавиться от вредных пищевых привычек, питаться умеренно и заниматься спортом. И ни в коем случае не использовать такие сомнительные способы похудеть, как таблетки, экстремальные диеты и голодовки!  

  213. Питание при пневмонии: полезные продукты и общие принципы

    Воспаление легких характеризуется интоксикацией и яркой клинической картиной. Заболевание требует определенного режима, включая правильно подобранное питание. Диетический рацион при пневмонии рассчитан на быстрое выздоровление, повышение сопротивляемости организма к инфекции, разгрузку пищеварительной системы.

    При пневмонии рекомендуют придерживаться стола по Певзнеру No13 в острый период и стола No15 во время восстановления. АЗЕРТАДЖ со ссылкой на «МедикФорум» рассказывает подробнее особенности питания во время пневмонии.

    Принципы питания по столу No13

    Первые дни болезни сопровождаются слабостью, лихорадкой, воспалительными процессами. В таком случае необходим щадящий режим питания. В первые 3-5 дней рекомендуется пить около 2,5 литров очищенной воды, на голодный желудок. Желательно дополнительно пить воду со свежевыжатым лимонным/апельсиновым соком. В напитках содержится много витамина С, снижающего интоксикацию, усиливающего иммунитет.

    Рекомендуется выпивать чай с мятой, шалфеем, цветами липы, шиповником. Благодаря травам увеличивается диурез, потоотделение, ускоряется выведение болезнетворных токсинов, продуктов жизнедеятельности бактерий, вызывающих воспаление легких. При заболевании должно в рационе присутствовать теплое молоко, смешанное с топленым сливочным маслом. Напиток насыщает кальцием, белками, жирами, необходимыми для усиления иммунитета.

    Если пациент в состоянии питаться самостоятельно, необходимо включить в рацион легкие овощные супы на мясном бульоне, супы-пюре или бульон. Грубые продукты и блюда пока не стоит употреблять, чтобы снизить нагрузку на пищеварительную систему.

    Уменьшение температуры и выраженности интоксикации говорит о том, что необходимо потихоньку добавлять в рацион более калорийные продукты. Отлично подойдут при снижении проявлений болезни яйца, мясные/рыбные котлеты, хлеб из цельнозерновой муки, овощи, фрукты, хорошо разваренные каши, растительные масла (до 5 столовых ложек в сутки).

    Вышеназванная пища направлена на восстановление клеток и тканей легкого, обеспечит строительным материалом, повысит защитные свойства организма.

    Не рекомендованы к употреблению при пневмонии следующие виды пищи:

    Сахар. Его следует заменить фруктозой, медом, листьями стевии, тростниковым сахаром.

    Алкоголь снижает сопротивляемость организма, увеличивает интоксикацию в крови.

    Бобовые, белокочанная капуста увеличивают газообразование в кишечнике, вздутие живота, резкий приток крови к пищеварительному тракту, замедляет восстановление легочной ткани.

    1. Толго береке, анча-мынча ургаачы козуларынын кулагына алтын сойко таксам болобу?

      1. Болсун, толго береке, кузун берсин, меринос койдун эти жагымдуу, жуну асыл, кол онорчу аялдарга кошумча иш орундарын тузууго оболго болот.

  214. Жогорудагы фотолор Сеит-Казы айылындагы ПГАЭ тарабынан окутулган фермерлердин меринос кой чарбасы. 2021 жылдын феврал айындагы толдор

  215. 18-19-март кундору № 1 тренерлер командасы  Потенциалды Жогорулатуу Программасынын алкагында  Айылдык Кызмат көрсөтүүчүлөрдун Жалал-Абад шаарындагы "Бишкек" мейманканасынын залында бетме-бет жолугушуу болуп өттү.

    18-мартта окуу Программасына ылайык:

          Чакан долбоорлорду аткаруу боюнча иштерин угуу     АККлар

          Айыл чарасында тамактанууга байланышкан көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдору  Боромбаев Майрамбек

          Маан платформасынын туруктуулугуна жетишуу  Раимкулова Буажар

          Мөмөлүү бактардын зыянкечтерине жана илдеттерине биологиялык жол менен курошуу  тренер Жолдошов Б

          Чакан көлмөлөрдө балык өстүрүү боюнча САНСАЙ аткарылышы   АКК Чалов Акмат

          презентациялары, видео материалдары менен көрсөтүлдү

                 Кийинки күнгө тапшырмаларды бөлүштүрүлду.




    1. жер-жерлерде аткарылган чакан долбоор, САНСАЙ долбоорунун ишке ашырылуусу боюнча АККлар жыйынтыктары менен болушушуп жемиштуу иш алып барышты. Билинбеген менен коптогон иштер аткарылгандыгын АККлар корсото алышты. Азаматсыздар!

  216. Айыл чарбасында тамактанууга байланышкан көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдору боюнча ФОДдун кызматкери Майрамбек Боромбаев он лайн презентация жасады. Көйгөйлөрдү жергиликтуу, регионалдык, улуттук деңгээлде чечүүнүн маанис маңызын түшүндүрдү. № 1 командадан 20 адам, башка командалардан он лайн түрүндө 16 адам катышты.


    1. Эдвокаси боюнча Майрамбек абдан жакшы вебинар откорду, АККлар тараптан 30 мин аралыгында кызуу талкуу, суроо-жооптор болуп отту.

    2. Айылдык кызмат корсотуучулор эдвокаси боюнча  кобуроок билим алышса кийинки кадамдар учун аткара турган иштер ачык так, тушунуктуу болот эле.

  217. Мөмөлүү бактардын зыянкечтери жана илдеттери, каршы курошүүнүн биологиялык ыкмалар, биопестициддер, биопрепараттар, энтомофагдар боюнча тренер Жолдошов Болот презентация жасады.

    1. Болот азаматсын, кызыктуу иллюстрациялары менен жаз жарыш демекчи, агротехникалык жумуштар менен кошо, зыянкеч, илдеттер менен курошуу да дыйкандардын, АККлардын шаштысын алдырат.

  218. Чакан көлмөлөрдө балык өстүрүүну жайылтуу боюнча САНСАЙ долбоорунун аткарылышы боюнча Чалов Акмат презентация жасады.

    1. Эмне деген эбегейсиз эмгек Акмат байке, эмгегиниздин акыбети кайтсын, балык чарбасы Кыргызстандын туштугундо жаны тармак, кызыктар фермерлер тажрыйба арттырууга муктаж

  219. Маан платформасынын туруктуулугуна жетишуу учун АККлар жер-жерлерде аткарып жаткан чакан долбоорлордун аткарылышын маанда чагылдыруу, башка социалдык түйундордо чагылдыруу боюнча мен презентация жасадым.

    Активдуу АККлардын баракчаларындагы маалыматтар боюнча корсотулуп берилди.

    1. Буажар эже, маандагы болуп жаткан иштердин жыйынтыгын АККларга корсотуп, кандай жетишкендиктер, учулуштуктор бар экендигин корсотту, тренерлер командасы, жаш АККлар менен интернет, соц.туйундору аркылуу кантип маалыматтарды кенири жайылтууга болот, практикалык турдо жемиштуу баарлашуу болду.

  220. 19-март куну айылдык кызмат корсотуучулор томонку тематикада оз билимдерин байытышты.

    Окуу 8:30 да башталды.

    АККлар Мурзакулов Роман, Эрматов Алманбет, Машрабхан, Алымов Адыл, Чолпонкулова Насибалар оз чакан долбоорлорунун ааткарылыш абалы боюнча презентацияларды жасашты.


    1. АККлар сиздерден маанда байма-бай маалыматтар болот деп умуттонобуз (smile)

  221. Органикалык чарба жургузуу боюнча кабыл алынган жетекчиликке алынуучу документтер боюнча тренер Жолдошов Болот презентация жасады

  222. Жашылчалардын илдеттери жана зыянкечтеринин белгилери, каршы курошуу жолдору боюнча тренер Болоттун презентациясы болуп суроо-жооптор менен талкууланып кызыктуу отту.

  223. Маалымат алмашуунун натыйжалуу жолдору боюнча катышуучулар 2 топко болунушту.

    1. Зуумдан вебинар откоруу боюнча 1-топ аудитория менен  практикалык иш алып барышты бул топко Жумабеков Залкар техникалык комок корсоттү.  Мурзакулов Роман сут эчки асыроо боюнча вебнар отту, суроолорго жооп берди. Катышуучулар вебинарга катышуунун кадамдары менен таанышты.


    Скайп  конференция отүү боюнча 2-топту техникалык жактан тренер Бекжанов Алтынбек комок корсотуу менен АКК Ирисалиева Уулкан момо-жемиштерди кургатуу боюнча презентация жасады. Катышуучулар тарабынан катталуу, кантип суроо беруу кадамдары менен тааныштышты.

    1. мин уккандан бир коргон жакшы дегендей, практикалык турдо АККлар оздору дагы зуум аркылуу байланыштарды уюштурушту

  224. Аялдардын 24 саат ичинде тамактануусу боюнча сурамжылоонун жыйынтыгы боюнча Кудайбердиева Гулзада маалымат берди.

  225. Жамааттын койгойлорун чечууго катышуу, ишке ашыруу жолдору боюнча тренер Жолдошов Болот түшундурмө берди. 

    1. Рахмат Буажар эж, окууларды ийгиликтуу откоруу менен бирге кенири маалымат болушконунузго. Ийгилик!

  226. АККлардын чакан долбоорду аткарууга катышуунун абалы, балоонун критерийлери боюнча алардын аткарып жаткан иштери бааланды.Натыйжада чакан долбоорлорду аткарууну баалоонун жыйынтыгы менен тааныштырылды.

    1. Урматтуу АККлар, Буажар эже, сиздердин келечектеги аткарылуучу иш аракетиниздерде оз-озу баалоого катышууга чакыргандыгын унутпаныздар ))

  227. Окуунун жыйынтыгы менен айылдык кызмат корсотуучулорго сертификаттар берилди.

     

    Эл уюмдар тарабынан берилген сертификаттар алдыда көп нерселерге милдеттендирет.

    Сертификаттарды салтанаттуу тапшырууда АККлардын маанайын которуу концерттик номерлер менен коштолду.

    1. Тренингди салтанаттуу жыйынтыктоо менен бирге, майрам алдында, жакшы маанай тартуулоо идеясы жакшы болуптур Буажар эже, азаматсыздар!

  228. Активдүү иш алып барган Чалов Акмат, Сыдыкова Дилбар, Ирисалиева Уулкан, Мирзахмедова Глусара, Жумабеков Залкарга атайын сыйлыктар берилди.


    1. Албетте, окууга катышуунун озу маанилуу нерсе, ага карабастан аткарган иштердин жыйынтыгы менен баалоо дагы болду(smile) белегиниздер кут болсун!

    2. Айылдык кызмат корсотуучулордун жолугушуусу абдан кызыктуу жана таасирдуу болду. Чакан долбоорду кантип аткарып жатканыбыз боюнча ар бирибиз презентация жасадык, видеолор менен коштолду. Ар бир чакан долбоор озгочо экен. Акырында сертификат алдык.

  229. АКК ЛАРГА АЛДЫДА АТКАРА ТУРГАН ИШТЕРГЕ БАГЫТТАР БЕРИЛДИ

     

    Кундун жыйынтыгында айылдык кызмат корсотуучулор биргеликте суротко туштук,


  230. саламатсыздарбы кече бугунку сабак аябай кызыктуу тушунуктуу болду
  231. баарына уйуштургандарга чоон рахмат
  232. Урматтуу тренерлер, АККлар, сиздерге чын ден соолук, алдыдагы ишиниздерге ийгилик, элибизге тынччылык каалап, жанылануу Нооруз майрамы менен куттуктайм!

    1. Урматтуу Айылда кызмат корсотуучулор. "Куч бирдикте" демекчи баарыбыз биригуу менен кучтуубуз. Ушул бойдон токтоп калбастан маалымат жайылтуу жумуштарын уланда бериниздер.

      Ийгилик каалайм!
      Буажар эже, Гулзада эже азаматсыздар, МААН кыймылдап баштаптыр...

      1. Насипа, рахмат, туура айтасын, оюна толук кошулам, биргеликте коптогон ийгиликтерге жетише алабыз!

      2. Насиба колдоолорго чон рахмат!

  233. Эгиле турган өсүмдүктөрдү топурактын абалына карап өстүргөн жакшы.Орточо кычкыл топуракта  помидор, сабиз, чамгыр, картошка, кулпунайды жана ийне жалбырактуу дарактарды өстүрө аласыз.Кычкылдуу  топуракта декоративдүү өсүмдүктөрдү,  гүл бакчаны же бакчаны түзө аласыз, бирок мөмөлүү дарактарды отургузганга болбойт.

  234. Топурактын кычкылдуулугун карагаттын жалбырактарынын жардамы менен аныктоо (элдик ыкма)

    Топурак канчалык кычкыл экенин аныктоо үчүн бир бадалдан беш карагаттын жалбырактарын териңиз. Жалбырактарды стаканга салып, үстүнө кайнак суу куябыз. Эми сууну муздатып, ага топурак  салыңыз.


    Эми жарыкка айнектен алынган эритменин түсүн караңыз.

    Эгерде ал кызгылт түскө ээ болсо,  топурак кычкылдуу;

    Суу жашыл болуп кетсе, анда топурак бир аз кычкыл.

    Ал эми стакандагы эритме көгүш же көк болсо, анда топурак нейтралдуу болот.

  235. Тажрыйбалуу дыйкандар талаага байкоо жургузуу менен өсуп чыккан отоо чөптөрдун абалына карап топурактын кычкылдуу экендигин аныктап коюшат.

    Мисалы, кычкылдуу топурактарда өмөнкү чөптөр көп өсөт

    • кырк муун
    • ат кулак
    • кок гул
    • талаа жалбыз
    • бака жалбырак
Kyrgyzstan KYR