Саламатсыздарбы! Көптөн бери колум тийбей жаза албай жаттым. Уйлар жайлоодон келип ары бери жайгаштырып журдум.
Малдарыбыз келгенден бери сүттү сатып албай аябай жыргап калдык. Үй бүлөм үчүн калции алуу убагы келди, кыш жана жаз мезгилинде толук кандуу витаминдерди ала алабыз. Ушул долбоор аркылуу сүт эчкилери алайын деп микро долбоор жазганмын. Куда кааласа эчкилүү болуп калсак, анын пайдалуулугун жана кошумча пайда табууга мүмкүн экендигин группам менен бөлүшүп маалымат бергени аракет жасаймын.
Андан сырткары тоок чарбамды да өнүктүрүп келе жатам. Ушул платформадан көптөгөн пайдалуу кеңешщтерди ала алдым, тамактанууга толук маани бребей жургонумду түшүнүп, өндогонго аракеттенип жатабыз, үйдөгүлөргө айтсам койчу биз жакшы тамактабыз деп айтышчуу эле азыр болсо ойлорун өзгөртө башташты. Үй бүлөм учүн жасаган тоок шорпо.
Эчкилүү болуп сүйүнүп отурам. Эчкинин сүтүнүн пайдасы эң байыркы доорлордон бери эле белгилүү. Байыркы Грециянын да мифтеринин бирине таяна турган болсок: ымыркай Зевсти Амалфея деген эчкинин сүтү менен багышкан. Миңдеген жылдар бою Азиянын, Европанын жана Кавказдын элдери эчкинин сүтүн пайдалануу үчүн анын тукумдарын көбөйткөнгө аракет жасашкан. Эчки пайдалуу сүтү менен соода-сатыкта да, суроо талапка ээ болгон. Керек болсо Гиппократ менен Авиценна дагы эчкинин сүтүнүн пайдалуу касиети тууралуу айтышкан жана оорулууларга аны колдонушкан. Эчкинин сүтү көбүнчө жеңил жана ашказан ооруларында пайдаланылган.
Саламатсыздарбы урматтуу платформанын катышуучлары! Биздин эрте мененки жумушубуз: сут саап, тартып, каймакты болуп алгандан кийин, обото сутту бышырып айран уйутуп сузмо даярдап, акырында курут тоголоктоп жумушту жыйынтыктайбыз. Ушинтип нукура даамдуу куруттарды даярдап алып, андан эзме курут жасап уй-буломо даамдуу, пайдалуу тамактарды жасап берем.
Жумуртканы 10 сомдон сатып жатам, андан түшкөн акчага керектүү жашылча жемиштерди сатып алып жатабыз. Андан сырткары балдарыма да бышырып берем. Бүгүн чогуу жумуртка бышырдык. Мен өзүм көзөмөл кылдым.
7 Comments
Myktybek Sabirov

Тоокторум чөжө басып чыгарып жатат.
Myktybek Sabirov
Балдардым күндө жумуртка издегени жөнөшүшөт. Топтоп касетага тизип чыгышат.