Welcome to the

Kyrgyzstan
Space shortcuts
Kyrgyzstan KYR
Skip to end of metadata
Go to start of metadata


  • No labels

731 Comments

  1. Саламатсыздарбы, платформанын мучолору, чакан долбоорду ишке ашырып, тамактанууга салым кошкондор.

    Органикалык чарба жургузуу боюнча жаны ачылган класстердик баракчага озумдун кубанычым менен болушойун дедим.

    Мен 2017-жылдан бери Аксыйнын Кулук-Добо айылында органикалык чарба жургузуп органикалык кайналы остургон 236 био фермер менен иш алып барган координатормун. Менин эмгегимди баалап, Био Сервис уюмунан "Ыраазычылык кат" жиберишиптир.

    Мен учун абдан жагымдуу болду.

    Мен Био Сервис коомдук фондунун директору Кудайбердиева Гулзадага

    жана жалпы жамаатына терен ыраазычылык билдирем. Рахмат!

    1. Айжылдыз эмгегинден баар  таап иштеринерде ийгиликтер болсун.Органикалык жолду т андап алган адамдардын журогу ак,элим деп согот журогу.Себеби озулору ондургонду дыйкандар баарын колдонуп жеп бутушпойт.артканы сатууга кетет,аны кимдер сатып алат кайра эле биздин дасторконго тушот.

      Ошондуктан бардыгы органикалык жер жемиштер остурсо болмок.Бирок тилекке каршы саналуу гана адамдар остурот жана тушунот.

      1. ПГАЭ долбоорунун алкагында катарыбыз кобойуудо, органикалык жол менен остурулгон жер жемиштер оз ордун таап ,органикалык фермерлер кобойуп,алардын остургон продукциясы рынокто оз ордун таап,дыйкандарыбыздын капчыгы толсо экен.

  2. Аялдар форуму: “Өз алдынча болуу эрдиги”

    Бишкек шаарында 2019-жылдын 20-ноябрында “Курак” Аялдар Форуму” коомдук бирикмеси уюштурган “Өз алдынча болуу эрдиги” аттуу конференция болуп өтүп, буга республиканын ар тарабынан келген ишкер айымдар катышышты. Иш-чара Бүткүл дүйнөлүк ишкер айымдардын күнүнө карата белгиленди. Аталган коомдук бирикменин вазыйпасы – Кыргызстандагы жана Борбор Азия өлкөлөрүндөгү аялдардын ишкердүүлүгүн колдоо, аны өнүктүрүү, ошондой эле жеке жана адистик өсүүсү тарабынан көтөрмөлөп, коомдун өнүгүүсүндө алардын негиздүү орду бар экенине дем берип, аялдардын экономикалык жактан көз карандысыз болуусуна, өз алдынча жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ача билүүсүнө, ийгиликтерди жаратууларына түрткү кылып жардам көрсөтүү.

    Беш жылдан бери өтүп келаткан конференциянын быйылкысы Финляндиянын Тышкы иштер министерствосунун жана БУУнун Өнүгүү Программасынын колдоосу, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн жигердүү көмөгү менен ишке ашты.

    Конференцияда Кыргызстандын, Өзбекстандын, Казакстандын, Тажикстандын ийгиликтүү айым-ишкерлери чыгып сүйлөп, аялдар ишкердүүлүгүнүн глобалдык жана регионалдык тренди, о.э. жашыл экономика боюнча талкуусу жүрдү. Конференциянын программасындагы көрүнүктүү учурдун бири – аялдардын жана жаштардын ичинен чыккан ишкерлердин менторствосу боюнча БУУӨПтүн программасынын жыйынтыгын чыгаруусу болду.

    Ишкер айымдардын чоң иш-чарасына ар тараптан келип катышкандардын ичинде Аксы районунун “Бозбу-Ата  айылдык товардык сервистик кооперативинин” координатор-менеджери Жылдыз Айткулова да бар. Кайналыны  био-органикалык жол менен өндүргөн Жылдыз Айткулова өзүнүн иши тууралуу  төмөнкүлөрдү айтып берди:

    “Аксы районундагы беш айыл 2017-жылдан бери GIZ Германия кызматташтыкты өнүктүрүү эл аралык уюму аркылуу Аксы кайналысын Евробиримдиктин 2008-жылдагы регламентине ылайык органикалык жол менен өстүрүп, Эл аралык сертификатка ээ болгонбуз. Ошону менен бирге эле, биз  органикалык өндүрүштүн Натурленд стандарты боюнча да иштейбиз. Биздин Аксы районунда 5 айыл: Күлүк-Дөбө, Боспиек, Жерге-Тал, Кара-Төбө, Согот айылдарында 790 биофермер, 60 биожамаат бар жана 255 гектар жерге органикалык кайналы өндүргөн аянты бар. Биз GIZ эл аралык кызматташтык уюмунун жардамы менен жаны бышкан кайналыны Бишкектеги “Сан Планет органик” уюмуна сатабыз, ал эми ал уюм Германиядагы “Эгесан” фирмасына өткөрөт. Кайналыны өстүрүүдө биз био-органикалык жолдор менен багып остуруп, убагы менен бутап, дарылап карап турабыз. 

    Озумдун ишимде болсо бир кичи цех ачып иштетсем, ал жерден варенье, джемдерди көбөйтүп чыгарсам деп изденип, бирок ага акча каражатым жетпей жүргөн. Анан, алты ай мурун “Био Сервис” коомдук фонду тарабынан Раимкулова Бүажар эже “Курак” форумун сунуштап, силердей жаңы ишкерлерге көмөгүн тийгизет деп айтты. Сунушун четке какпай кабыл алып, ошону менен “Курак” форумуна кошулуп калдым. Мен бул үчүн абдан ыраазымын. Бизге “Курак” форуму мөмө-жемишти кайрадан иштетүү боюнча адис Зайырбек Төрөбековду ментор (насаатчы) катары  бекитип беришип, ал бизге өтө чоң жардамдарын көрсөттү. Негизи, биздин цех эч кандай талаптарга жооп бербеген цех экен. Долбоордун негизинде Төрөбеков баардык ой-сунуштарын айтып, ошондон кийин биз үч фазалуу электр кубатын киргизип, андан кийин канализацияны да коштурдук.

    Ал эми БУУ Онуктуруу Программасы аркылуу болсо биз жогорку деңгээлдеги семинарларга, тренингдерге катышып, өзүбүздүн жана коңшу мамлекеттердин күчтүү ишкер айымдары менен жолугуп, алардан жакшы тажрыйбаларды ала алдык. Семинарлар жана тренингдер буга чейин биз билбеген жаңы билимдерди ачып берип, ишкер катары кадамыбыздын бекемделүүсүнө күч жана ишеним берди.

    Алты айдан бери мен өтө чоң нерсеге жетишпесем дагы, цехти био-органикага ылайыктап оңдоп-түзөө иштерин жүргүздүм. Алган билимимдин, башкалардан көрүп-билген тажрыйбалардын негизинде мындан ары цехибиздин ишин кеңейтип, ишсиз отурган айымдарды иш менен камсыздап, чоң ийгиликтерге жетишсем деген максатым бар”.

    Алынган булагы: "Баян" журналына берилген интервью

    1. Жылдыз, иштеринде ийгилик болсун! Баштаган ишинерде береке болсун!

      1. Рахмат, ийгиликтерибиз чогуу болсун. Баарыбыз биргеликте органиканы онуктурсок, балдарыбызга, калкыбызга сапаттуу азыктарды остуруп даярдасак алга жылабыз.

    2. Саламатсынарбы,Жылдыз ишине ийгилик.Мен да ушул форумга катыштым.себеби ментордук- волонтердук жумуш аткардык эле.

      Курак КУ нун жургузгон окууларына катышып жана озубуздун тандалган менти(шакирт)ге оз тажрыйбаларыбыздан болушуп,колдон келген жардамдарыбызды бердик.

    3. Аялдар форуму болсо менин акем эмне кылып журот кокуй ?

      Закон акем же модератор болду корунот аялдар колтуктай башташыпытыр )))

      Ментор акем азаматыз ,

      Биз тарапкада мелтирип коюн Заирбек аке

  3. Азаматсын Жылдыз, ийгиликтерди каалайм!

  4. Өзбекстандан Кыргыз өлкөсүнө ууланган азыктар келгени аныкталды .

    2019-жылдын башынан бери Өзбекстан Республикасынан Евразия экономикалык биримдигинин фитосанитардык карантиндик талаптарына жооп бербеген 356 факт катталган. Анын ичинде 10 жолу фитосанитардык талаптары бузулган продукциялар келген. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Акыркы жолу Өзбекстандан ууланган анар келгендиги аныкталган. Аталган товар Өзбекстандын фитосанитардык көзөмөлүнүн сертификаты менен келген. Оштогу лабороториянын текшерүүсүнөн өткөндө “Grapholitha molesta Busck” вирусу менен ууланганы билинген. Аталган факт катталгандан кийин Өзбекстандан келген 35,25 тонна башка товарлар да “Достук” бекетинен өткөрүлгөн жок. Фитосанитардык карантиндик текшерүүдөн өткөндө 35,25 тонна азыктан (курма, бий алма ж.б.) жараксыз фитосанитардык сертификат жана кутусунда маркировкасы жок экендиги такталган. ЕАЭБдин талаптарына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, карантиндик товарлардын Өзбекстандан Кыргызстанга киргизилишине тыюу салынышы мүмкүн. Айыл чарба, тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Өсүмдүктөрдүн карантини департаменти тарабынан Өзбекстандын Өсүмдүктөрдүн карантини департаментине өсүмдүк азыктарына убактылуу чектөө киргизилип жаткандыгы жөнүндө кат жөнөтүлдү.

    Алынган булагы: https://www.super.kg/mobile/kabar/news/287041/

    1. Озубуздо остурулгон анарды эле жейличи кымбат болсо деле, арзандын шорпосу татыбайт болуп уулангандын ордуна.

    2. Озубуз ондуролу ,ондуролу десен эле баласынын жоноткон акчасына ишенип базарга эле качкан апаларга уктуруу керек да ,

      Туура базарыбыз бир ,мазарыбыз бир но, ар кимин ден-соолугу оз колунда да ушул нерсени унутпасак туугандар,

      Туура тамактануу боюнча бир топ маалыматтарды айтып,жыйындарды,семинерлерды откоруудобуз,

      Келиниздер баарыбыз жапа-тырмак аракет кылып жайылтуубуз керек тууганда

    3. Ушул кыймыл аркылуу элдерди таза продукция өндүрүүгө үгүттөөбүз зарыл.

  5. Мурда ширин даана анар деп сырткы кабыгы бозурагын тандап жечи элек. Ал эми сырткы кабыгы кочкул кызыл анардын даамы ачуу болот эле.

    Азыр кочкул кызыл тустуу анарды алсаныз даны ширин, ичиндеги болукчолору да кызыл болуп боелуп турат.

    Базарда отумдуулугу жакшы болушу учун анарды кызыл боек менен боеп жатышат.

    Бул ден соолукка зыянын берет. 

    Достук бажы бекетинен мындай ууланган момо-жемиштерди откорбону менен ар кандай контрабандалык жол менен откон товарлар ички базарда сатылып жатат.

    Абайлагыла!  Ууланган ден соолукту эч ким кайтарып бербейт.

    1. Элге жамандык кылуубу же товарын кымбат баага сатуунун жолубу?

      Ушуну аныктаган Достук бажысында иштегендерге рахмат айтып коелучу, мындай оз ишине берилгендерге бизге окшогон карапайым адамдардан чоооон алкыш!

      1. Уулкан, туура айтасын, жакшы ойго турттун. Кечээ биздин уюмдун атынан Кыргызстандын бажысынын сайтына  Достук бажысынын аткарган иштерине ыраазычылыгыбызды айтып, билдируу жиберип койдум.

    2. Буажар эже кандайсыз.азыр бардык нерсени жегенден коркуп калдыкюДемек биз озубуз гана остургон продукцияларды жешибиз керек.

  6. Аксыдагы органикалык кайналы ондургон "Бозбу Ата Био"  кооперативинин башчысы Жуманазарова Салтанат Бишкекте өткөн Климаттын өзгөрүшү: жеке сектор үчүн тоскоолдуктар жана мүмкүнчүлүктөр деген темада өткөрүлгөн жолугушууга жана Чимкентте өткөн Орто Азия Соода форумуна катышып келишти.

    1. Алгалай бер кыргызымдын иш билги сулуу кыздары!

  7. Откондо Ноокендик бир таанышым анардын быйыл тушуму укмуш болду бирок арзан болуп актаган жок деди эле. Корсо озбекстандан келип базарды басып кеткен турбайбы?

  8. Ар ким оз жерин мактайт дегендей, мен да органикалык кайналынын артыкчылыктары, дарылык касиеттери менен болушойун дедим.

  9. Кургатылган кайналыны аксылыктар ар ким оз дараметине жараша кутулап, сунуштап жатабыз.


  10. Кургатылган кайналыны Германияга жиберип аккредитацияланган лабораториядан текшеруудон откорулгондо  бардык корсоткучтору жакшы чыккан.

    1. Ооба койгойлор коп,жалгыз эле кайналы эмес биз ондургон продукциянын барысынын ахывалы ушундай.

      Кыргызстан боюнча бир гана мышык тамырынын алуучусу бар баасы белгилуу ондур, сат, суусу 57 сом-1 кг,кургагы 235сом-1 кг.

      Бул рынокту чыгарып берууго ГТЦ жардам берди.бизге ушундай донорлор эле жардам бербесе кыйкырсак да ыйласак да угаар эс ким жок.

  11. Мен бугун бул платформага Буажар аркылуу катталдым.

    Озум жонундо айтсам: Сузак районунан болом, кесибим мугалим. Бадыран, помидорду уйдун текчелерине остуруу хоббим.

    1. Идан, бул платформага куш келипсин!

      Тамактанууну жакшыртуу боюнча керектуу маалыматтарды таба аласын деп ойлойм.

    2. Жашы маалыматтарды ала аласыз деген үмүттөбүз.

  12. Жыл сайын кеч куздо кичине карапаларга топурак даярдап, урук салып коем.

    Буга чейин ар турдуу урук эгип кордум жыйынтыгы анча жакшы болгон жок, ошондуктан быйыл голландиянын уругун септим.

    Момолору анча чонойбой калганы эмнеден?

    Азыркы кундо гулдоп, момо туйуп жатат кантип  туура азыктандырсам болот? 

    1. Идан эже, сиздин подоконникте помидор, бадыран остуруу боюнча идеяларыныз жакты. Биз айылда уйлорубуздун верендасында кочот остуруп эрте отургузсак, эртереек тушум остуруп алса болот экен деген ой пайда болду.

      1. Ооба подоконнткте жакшы онот экен. Анткени саратан кечке күн тийип турат.

    2. Саламатсызбы, негизи кышында кундун нуру жетишпейт, ошондуктан жалбырагына жана топурагына ар бир 10 кундо кошумча азык берип турсаныз кыштай терезеден бадыран узуп жеп турат турбайсызбы,абдан жакшы,тушумунуз мол болсун.

      Кайсы сорт бадыраныныз?

      Био удобренияларды берсениз биогумус,вермисок,биогумат.ж.б.

  13. Бадыранды момо байлап жатканда  табигый жер семирткичтер менен азыктандыруу керек. Бул учун 1 л ыссык сууга 100 гр жыгачтын кулун аралаштырып, 2 сутка тундуруп коесун.

    Эсте алуу керек: Кошумча азыктандыруудан мурун сугарып алуу керек. Жыгачтын кулундо хлор жок, кальций, фосфор заттары бар.  

  14. Бадырандын момосу чонойбой калганы отургузулган идиштеги азык заттардын жетишсиздигинен болот. Жакшы топурак аралашмасынын даярдоого байланыштуу болот.

    • Компост 40%.
    • Торф 30%.
    • курдуу топурак 20%.
    • Жыгач таарындысы 10%. 





    1. Жердин составын кандай абалда экенин лабораториясыз кантип далилдесе болот?

  15. Бугун 28.11.2019-жылы GIZ уюмунун колдоосу менен  Соода онор-жай палатасынын кызматкерлерине "Органикалык чарба жургузуу " боюнча "Био Сервис" коомдук фондунун жетекчиси Кудайбердиева Гулзада тарабынан тренинг отуп жатат.

    Максаты: Соода онор жай палатасы ондуруучулор жана кайра иштетуучулор менен иштоодо органикалык талаптарды, стандарттарды билуу, сапатты камсыз кылуунун талаптарын сактоодо боюнча иш алып барууда адистердин билимдерин терендетуу.

    Кыргызстанда "Органика" жонундо мыйзам кабыл алынса, республикалык денгээлдеги уюмдар, кайра иштетуучулор да ушул багытка бурулуп онугууго жол ачылмак.


    1. оа да жакшы болмок ишиңиздерге ийгилик

    2. Бар болунуз Гулзада эже! биз сиз менен сыймыктанабыз.Жалал-Абадда органикалык изди жиреген команда башчысы биздин эжекебиз бар деп)).

    3. Гулзада ийгиликтер боло берсин. Органика закон кабыл алына элекпи дагы эле?

    4. Жакшы маалыматты жайылтып жатканыңыздар кубантат.

  16. Саламатсыздарбы, платформанын  мучолору!

    Аксыда органикалык кайналыны остуруудо бир топ аракеттер, жылыштар болуп жатат, бирок койгойлор да жок эмес. Быйыл кайналынын тушуму аз болгондуктан момосу чон чон болду. Аны кургатуу да коптогон мээнетти талап кылат.

    Мен Аксыдагы Кулук-Добо айылынан болом, 2017-жылдан бери органикалык чарба жургузом. 1,10 га кайналы багым бар.

    1. Абсамат, кайналы гулдогондо бир керемет, туйуп жалбырактын артынан фиолетовый болуп чыга келгени экинчи керемет, тушумду терип алуу озунчо бир ажайып керемет, кургатканы дагы бир озунчо керемет деп эсептейм.

      Биздин тоолуу аймакта да кайналы коп, силерге кошулсак органикалык кайналы деп сатып бере аласынарбы?

      Сапаты, шириндиги боюнча Аксынын кайналысы менен салыштырып коруш керек экен? Биз да ачык абада кургатабыз, соогу менен кургатканга коп убакыт керектелет.

      Иштеринерде ийгилик болсун, кургаткан кайналынар кымбат баага сатылып кирешенер мол болсун!

    2. Тушумунузго береке берсин, Уй булонуз менен аткарган ишиниздин узурун коргонго кудайым насип этсин!

    3. Быйыл жакшы түшүм аласыз деген үмүттөбүз.

  17. Кайналы Аксынын табериги десем да болот.

    Кайналыгы кеч кузго чейин момодогу канты толук калыптангандан кийин терип алса кургатууда выход коп болот. 2,2-2,5 кг дан 1 кг как аласын. Кобу эрте терип сатсам жакшы пайда тушот дейт да терип кургатууга салып коет, натыйжада кайналынын жемиши кургаганда жука болуп соогуно жабышып калат, выход аз тушот. Кайналынын дагы бир жакшы жери тергенден кийин жаны боюнча жакшы сакталат. Кургантуунун да озунчо сырлары бар. Мен кургаткан кайналы кагына кардарлар дайыма табылат, себеби азыктын сапаты негизги корсоткуч болот.


    1. Абсамат, органиканы жайылтуу жана туруктуу болушуна сага окшогон оз ишине чындап берилген, ишинин майын чыгара аткарган инсандар керек.

      Органиканын атасы деп эсептелген Масанабу Фукуоки айткан экен. "Органика -бул чарба жургузуунун ыкмаларында эмес, фермердин ан сезиминде" -деп чынында кээ бир фермерлер анча деле пайдасын корбодум, андан коро химикаттарды салып чарба жургузсом кобуроок пайда табамын деп ойлошот. Ошол химикатты колдонуудан озуно, балдарына, жашоосуна, айлана чойрого канчалаган зыян келип жатканын тушунгусу келбейт.

    2. Апсамат, кургаткан кайналынар аябай сонун корунот экен. Кургаткан кайналынарга береке берсин, баасы кымбатка отуп, кирешенер кобойсун!

    3. Кургатуу сырларыныздан болушуп койбойсузбу,кандай шартта кургатасыздар.Атайын кургаткыч шкафтарыныздар барбы?

    4.  Апсамат ака иштериниз ийгиликтуу болсун, тумушдор мол боло берсин. Кайналыны кандай жол менен кургатасыздар кенениреек маалымат берип кете аласызбы?

  18. Мен откондо органикалык кайналыдан ар турдуу кыямдарды, компот, балдар учун ар турдуу шириндиктерди жасоочу чакан цехти ишке киргизгени жатам дедим эле.  Бул иштерде насаатчы Торобеков Заирбек тарабынан кеп кенештерин берип азыркы кундо цехти даярдоо иштерин жургузуп жатам.

    1. Жылдыз, жакшы иштерге жараткан озу жар болсун. Тушумунор коп болуп чыгарган продукциянардын кардарлары кобойуп турсун

    2. Салам Жылдыз, жакшы иш баштап жатыпсын, ийгилик болсун!

      Чакан цех иштетуудо коптогон кыйынчылыктар болот экен, баарына чыдаш керек, тыйын маселесине келгенде эле колдоочуларын жок кыйын болот экен. 

  19. Бугун 29-ноябрда Бишкекте министерствонун окулдоруно,каржы министрлиги, стандарт уюмунун окулдоруно "Органикалык чарба жургузуу, органикалык стандарттар" боюнча "Био Сервис" коомдук фондунун жетекчиси Кудайбердиева Гулзада тренинг откоруп жатат.

    Кыргызстанда органикалык чарба жургузууну жайылтуу идеясы 2010-жылдан башталып жер-жерлерде, облустардын борборлорунда кызыккан адистерге сабак отуп келгенбиз, бирок быйылкы жыл озгочороок болуп республикалык денгээлдеги министрликтерде иштегендердин кызыгуусу башталганы, республикабызда агрардык саясатта озгоруулор журо тургандыгынан кабар берип жатат.                                                                        Гулзада, берген билимин угуучуларга жугуп, органикалык чарба жургузгон фермерлерге коп колдоолор болсун!


    1. Мен Дилбар, органикалык айыл чарбасын жургузууго республикалык денгээлдеги уюмдардын окууга катышуу аркылуу кызыгуусу абдан жакшы.

      Гулзада, иштеринде ийгилик каалайм!

    2. Койгон максатыныздар ийгиликтүү болсун.

  20. КАРЫН САЛАТЫ   

    ДАЯРДОО ЖОЛУ:

    1. Алгач карынды жууп-тазалап алабыз. Анан ага кайнак сууну жаба куюп жыдытып, бычактын мизи менен аппак болгуча кырып тазалайбыз. Андан соң карынды сууга бышырып, муздаганда чарчы кылып туурайбыз.

    2. Сабиз, сарымсакты аарчып, сүргүчтөн өткөрүп, татымалдарды кошуп кадимки корей салатын даярдап алабыз. Аягында буга тууралган карынды кошуп аралаштырып, даамына келгенче 2-3 саатка муздак жерге коюп коёбуз.

    КЕРЕКТЕЛҮҮЧҮ АЗЫКТАР:

    Койдун же уйдун карыны – 500 грамм

    Сабиз – 500 грамм

    Сарымсак – 4-5 тиш

    Кумшекер – 1 аш кашык

    Уксус – 2 чай кашык

    Соя соусу – 3 аш кашык

    Өсүмдүк майы – 4-6 аш кашык

    Корей салаттарына кошулчу татымал, татымына жараша туз, кызыл мурч

  21. Алма.

    Биз күндө жеп жүргөн алма организмди тазалоочу эң мыкты азыктардын бири. Алма өзүнүн курамындагы клетчаткалардын жана пектиндин жардамы менен организмдеги керексиз заттар менен токсиндерди айдап чыгат. Ал адамдын табитин жакшыртып, ашказан суюктугунун бөлүнүп чыгышын камсыз кылуу менен бирге жалпы тамак сиңирүү ишин жөнгө салат. Ичтин катып калуусунан сактайт. Ошондой эле алма ич өткөк, сасык тумоонун "А" вирусун козгоочу бактерияларды өлтүрөт. Алманы кабыгын аарчыбай туруп пайдалануу эң натыйжалуу. Андан тышкары ширесин сыгып же сүргүчтөн өткөрүп буламык кылып пайдалансаңыз да болот.

  22. Капуста.

    Капуста адамдын организминен оор металлдарды жана токсиндерди айдап чыгарат. Мындан сырткары, органикалык кислоталарга бай келип тамак сиңирүүнү жакшыртат. Ошондой эле бул жемиште эң сейрек кездешүүчү U витамини бар. Бул витаминдин коркунучтуу химиялык заттарды зыянсыздандырып, витаминдерди синтездештирип, жарааттарды айыктыруучу касиети күчтүү. Чийки же бышырып жесе да капустанын бул касиети ошол бойдон сакталат.

  23. Сарымсак

    Бир эле тишче сарымсакта 400дөн ашык пайдалуу элементтер камтылган.

    Алар кандагы начар холестериндердин көлөмүн азайтып, кан тамырларды тазалап, ракты пайда кылуучу клеткаларды өлтүрөт. Ич өткөктүн, кургак учуктун таякчаларын жана ашказандын жараатын пайда кылуучу хеликобактерди жок кылат. Сарымсакты мүмкүн болушунча чийки кезинде майдаланган түрдө колдонгон жакшы.

  24. Кызыл кызылча

    Бизде коп өскөн жашылчалардын бири - кызыл кызылча. Ал организмди тазалоочу жашылчаларга кирет. Биринчиден, ал курамына клетчатка, фосфор, жез, С витамини сыяктуу көптөгөн органикалык кислоталарды камтыйт. А мунун баары тамак сиңирүүчү жана ашказандагы "чиринди" бактерияларды жок кылуучу касиетке ээ. Экинчиден, анын курамында боорду токсиндерден тазалоочу зат бар. Үчүнчүдөн, кызыл кызылчанын курамында жаңы клеткаларды пайда кылуучу фолий кислотасы жана чачтын, тырмактын, теринин абалын жакшыртуучу микроэлементтер бар. Ошондуктан кызылча организмди жашартуучу касиетке ээ. Кызыл кызылчанын мындай артыкчылыктарын билип, уй булонун тамактануусунда борщко, салатка кошуп, болбосо шире түрүндө колдонсо болот.

  25. БИР КУНДУК НОРМАЛДУУ АЗЫКТАНУУНУН ОЛЧОМУ!

    Адам ар дайым өзүн бир калыпта алып жүрүшү жана оорубашы үчүн эрежелерди туура сактап, ашыкча тамактанбоосу керек. Бардык тамак-аштын өзүнүн бир күндүк өлчөмү бар. Адам бир күндө канча грамм калория керектеши керектиги тууралуу макала төмөндө.

    Эркектер: 19-30 жашка чейинкилери сутка ичинде 2400 калория керектейт, ал эми 31-50 жашка чейинкилер 2200 калория, 51 жаштан өйдө курактагылар 2000 калориядан ашпоосу зарыл. Ар дайым кыймылда жүргөндөр: 19-30 жаштагылардыкы 3000 калория, 31-50 жашка чейинкилер 2800-3000 чейин, ал эми 51 жаштан өткөн курактагылардыкы 2800-2400 калорияны түзөт.

    Аялдар 19-25 жашка чейинки курактагылар 2000 болсо, 26-50 жашка чейинкилер 1800, ал эми 51 жаштан өтүп калгандар 1600 калория керектеши керек. Ар дайым кыймылда жүргөндөр: 19-30 жашка чейинки курактагылар 2400 болсо, 31-60 жашка чейинкилер 2200, ал эми 51 жаштан өтүп калгандар 2000 калория керектеши керек. Ал эми бат толуп кете тургандар же толук айымдарга көрсөтүлгөн калориядан кичине азыраак калорияны жеш керек. 

    Курамына белок, углевод жана майды камтыган азыктар жана аларды сутка ичинде канча кабыл алуу керектиги тууралуу өлчөмү

    Белоктор: Эт 50 грамм Балык 70 грамм Канаттуу 50 грамм Жумуртка 40 грамм Сүт азыктары 450 грамм, сыр 20 грамм

    Белок: Эреже боюнча адамдын организми кабыл алган калориянын 10-15 % белок түзөт. Адам салмагы канча болсо бир күндө ошончо грамм белок кабыл алуусу керек. Мисалы, бир килограмм салмакта бир грамм белок болушу шарт.

    Майлар (майларды аралаштырып кабыл алуу керек. 1-күнү балык майы болсо, 2-күнү жаңгак майы) Балыктын майы 15-20 грамм Жаңгак майы 6 жаңгак Оливка майы 1,5 же 2 аш кашык Өсүмдүк майы1,5 же 2 аш кашык

    Май: Май организмде зат алмашууну жакшыртуучу функцияларды аткаруу менен бирге бир топ кызматтарды аткаргандыктан адам майга ар дайым муктаж. Окумуштуулар ден соолукка пайдалуу майлар деп балыктын, оливканын, жаңгактын жана сүт азыктарынын майларын эсептешет. Андыктан адам кабыл алган калориянын 25-30 пайызын майлар түзүшү керек.

    Углеводдор Жашылчалар 300 грамм, 2-3 помидор Жемиштер 360 грамм, 2-3 алма Дан эгиндери 330 грамм же 3 кесим нан, Картошка 265 грамм, Бал 100 грамм

    Адам бир күндө канча белок, углевод жана май керектеши керек?

    Углевод: Адамдын денесиндеги функция углевод жетишпегенде өз ишин аткара албай калат. Углеводду дан эгиндеринен, жашылча жана өсүмдүктөрдүн курамынан кезиктирүүгө болот. Бир суткада адам кабыл алган тамактануунун 60 пайызын углевод түзүшү керек. Диетологдор тарабынан сутка ичинде сунушталган нормалар:

    Белок 15-20 %,

    Май 30 %: 20 % өсүмдүк майы, 10 % жаныбарлардын майы болушу шарт

    Углевод 50-60 % Калорияны кайсы убакта кабыл алуу керек?

    Сууну эртеден кечке ичүүгө болот.

    Майларды күнүнө бир ирет 14дон 18 ге чейин кабыл алуу керек.

    Эт азыктарын саат 11ден 14кө чейин кабыл алуу шарт Сүт азыктарын 14төн 17ге чейин жесе жакшы.  Жемиштерди саат 17ден баштап 19га чейин жесе болот. Жашылчаларды кечинде 19-23төр ортосунда жеген ылайыктуу.

  26. Бала эмизген аялга тыюу салынган азыктар

    Кызыл чай же кофе белоктун организмде жашоо мөөнөтүн азайтат.

    Шоколад, бал, жер жаңгак, какао, ачык кызыл түстөгү жашылчалар, ванилиндер аллергия чакыруучу мүнөзгө ээ.

    Бадыраң, коон, туздалган капусталар ичеги-карында көбүкчөлөрдү пайда кылып ымыркайдын ичин оорутушу ыктымал.

    Алмурут, курма, анарды өлчөмүнөн ашыкча колдонуу ич катууну пайда кылуусу ыктымал.

    Алкоголь ичимдиктеринин баарын ичүүгө болбойт. Анткени сүт менен түздөн-түз баланын канына барып кошулуп, натыйжада эрте жашында балаңызды алкоголдук көз карандылыкка айлантып алуу коркунучу бар.

    Газдалган суусундуктар ичти көптүрүп, түйүлтүп оорутушу ыктымал. Андыктан балаңыздын саламаттыгына доо кетирүүнү каалабасаңыз, боюңузда барда да газдалган суусундуктарды ичпоо керек.

    Боёлгон жана консерванттуу азыктар баладагы рак клеткаларын ойготуусу мүмкүн. Маринаддар, кукси өңдүү тез татымдар, ачуу жана туздалган соустар, ышталган эттерди эмчек эмизүү учурунда таптакыр тамак-аш рационуңузга кошпой эле койгон оң.

    Цитрус өсүмдүктөрү ананас, авокадо, киви жана апельсин, мандариндер ичеги-карындын иштешин начарлатып, ашказанда зарнанын пайда болушун шарттайт.

    1. Рахмаат Сизге мен бала эмизем,кээ бирлерин билбей эле жеп койом ,эми билдим)).


  27. Курма рак ооруларынын бардык түрүнө даба

    Курма – жылуулукту сүйүүчү өсүмдүк. Ошондуктан, ал Евразиянын, Американын жана Австралиянын көп өлкөлөрүндө кеңири таралган.

    Курманын бери дегенде эле 500дөн ашуун түрү бар деп айтылат. А биздин жерде болсо анын эки: ачыркантуучу кавказдык жана таттуу шоколад аттуу түрү кенен тараган. Бышып турган курма албетте, жумшак, ачык бышкан сары түстүү жана тунук болот. Тарыхта курманын мекени катары Кытайдын борбордук жана түндүк райондору айтылып жүрөт. Алар бул жемишти биздин заманга чейинки мезгилде эле өстүрүп жүрүшкөн болсо, курма Европага сегизинчи, ал эми биз тарапка он тогузунчу кылымда алынып келинген экен.

    Курманын пайдалуулугу

    Курамы А витаминине бай болгон үчүн курма рак ооруларынын бардык түрүнө даба гана болот. Ошон үчүн аны ушул дарттан жабыркагандар көбүрөөк жегени жакшы. Буга кошумча А витамининин көрүүнү жакшыртып, терини жылмакай жана жагымдуу кылаары бышык. Ал эми андагы С жана Р витаминдери кан тамырларды бекемдеп, алардын морттугун жокко чыгарат, иммунитетти көтөрөт. Курманын маңызы ашказан-ичеги тутумундагы бактерияларды өлтүрүүгө эгедер. А йод болсо богок безинин оорусу – зоб менен күрөшөөрү жалпыга белгилүү. Ошол эле маалда бул жемиш жүрөк-кан тамыр ооруларынын алдын алып, аз кандуулукка дары болот жана тиштердин бүйлөлөрүнүн канай берүүсүн токтотот.

    Ден соолукта

    Аз кандуулукту жоюу үчүн күнүнө 2 жолу курманын үй шартында жаңы сыгылган ширесинен 50-100 млден ичсеңиз болот.

    Жөтөлдү айыктырууда да жакшы каражат. Ал үчүн бир даана бышкан курманын ширеси менен жылуу суунун аралашмасына тамакты чайкап туруу зарыл.

    Аталган жемиштин курамы йодго бай болгон үчүн бир күндө 2 даана курма жеген адам зоб менен оорубайт.

    Чылымды көп чеккен адам күн сайын бирден курма жеп турса, анын өпкө рагына чалдыгуу коркунучу жоголот. Бул жемиште бета-каротиндин көп болушу менен түшүндүрүлот.

  28.                 Кара зире

    1. Кара зиренин жанчылган уругун балга
    аралаштырып колдонуу аркылуу өттөгү
    жана бөйрөктөгү ташты эритүүгө болот.
    2. Кара зире ишке болгон
    жөндөмдүүлүктү жана жашоо тонусун
    жогорулатат.
    3. Карындагы жана ашказандагы мите
    курттарды өлтүрөт.
    4. Суук тийгенде жана ревматизм
    оорусуна чалдыкканда, кара зиренин
    маңызынан башка компресс жасаса
    болот.
    5. Какырык чыгып жаткан мезгилде
    кара зирени лимондун ширесине
    аралаштырып кабыл алуу зарыл (ага
    бир аз бал же даамына жараша шекер
    кошуп алса да болот).
    6. Кара зиренин түтүнү чиркейлерди ж.
    б. курт-кумурскаларды кубалайт.
    7. Кара зирени жаңыдан пайда болуп
    келаткан меңге басса, аны орду-түбү
    менен жок кылат. Ошондой эле, ал
    канды да тазалайт.
    8. Ала оорусуна чалдыккандар дагы
    кара зиренин пастасына уксус кошуп,
    ооруган жерине басса болот.
    9. Теринин абалы начарлаганда, кара
    зирени майга кошуп үзгүлтүксүз
    колдонуу зарыл.
    10. Кара зирени колдонуу жиликтин
    чучугу иштелип чыгышын жана
    иммундук системанын жашоо үчүн
    маанилүү болгон клеткаларынын
    иштелип чыгуусун жөнгө салат. Муну
    Түштүк Калифорниядагы Рак-иммундук-
    биологиялык лабораториянын
    изилдөөчүлөрү расмий түрдө
    далилдешкен.
    11. Кара зире рак шишигин дарылоочу
    жана алдын алуучу идеалдуу өсүмдүк
    болуп эсептелет. Бул жөнүндө катталган
    фактылар да бар.
    12. Кара зирени колдонуу кандагы
    канттын деңгээлин эң сонун
    төмөндөтөт.
    13. Рак оорусуна кабылгандар күн сайын
    таң ата электе ачкарын кара зиренин
    бир орточо башынын ширесин ичип
    турушу зарыл. Бул бир айга созулушу
    керек. Дал ушул ыкма менен рак
    оорусун дарылоого болот.
    14. Тамагынан рак болгондор күн сайын
    кара зиренин майын балга
    аралаштырып ичип турушу керек.
    15. Ичөткөк болуп, чычкактаган кезде,
    ошондой эле, заара чыгарууга
    байланышкан ооруларга дабаа болчу
    каражат катары колдонулат.
    16. Кара зиренин майы - жылан
    чакканда, ууланууга каршы эң сонун
    каражат.
    17. Лимфа түйүндөрүнө жакшы таасир
    этип, анын азайышына өбөлгө түзөт.
    18. Чачтын өсүшүн калыбына келтирип,
    агарып кетишине каршы да колдонулат.
    19. Кара зиренин данын эненин сүтүнө
    салып бир саат тыныктырып туруп,
    андан соң гепатиттен жабыркаган
    адамга жыттатса, эң сонун дарылык
    таасирин тийгизет. Себеби, мындай
    учурда боордун жана өттүн түтүктөрүнүн
    жолдору ачылат.
    20. Көздүн көрүүсүн жакшыртуу үчүн,
    кара зирени майдалап, ирис майына
    аралаштырып жыттоо зарыл.
    21. Тери ооруларын, ириңдүү котурду,
    ала ооруларын дарылоодо, уксус менен
    кошо таңылат.
    22. Кара зирени катуу шишикке каршы
    колдонууга да болот.
    23. Анусту кара зире майы менен
    майлап, мите курттардан арылууга
    болот.
    24. Түнкүсүн уксуска чыланып, андан
    соң жанчылган кара зирени өнөкөт баш
    ооруну айыктырууда жана нерв
    оорусунан улам шал болгондо жыттаса
    болот.
    25. Кара зирени тамырлардын толуп
    калуусун дарылоодо да колдонуп
    жүрүшөт.
    26. Бал менен аралаштырылган кара
    зире бөйрөктүн таш жана заара чыкчу
    жолундагы таштарды жок кылууга
    жардам берет.
    27. Суук тийгизип алганда мурунга
    тамчылатуучу каражат катары колдонуу
    үчүн, кара зирени төмөнкүчө даярдап
    алууга болот: адегенде аны тегерете
    отко кактап бышырып алат да, кайра
    аны майдалайт, анан ага бир аз май
    кошуп, мурундун ар бир таноосуна 3-4
    жолудан тамчылатат.
    28. Кара зирени жылыткыч компресс
    катары чекеге коюп таңса да болот.
    29. Бул өсүмдүктүн көңүлдү
    тынчтандыруучу касиети бар, нерв
    системасына жакшы таасирин тийгизет.
    30. Кан айланууну жакшыртып, беттин
    түсүн оңойт (бул максатта аны
    таңсаарда ичип туруу зарыл).
    31. Кара зире майы тамыр ооруларын,
    анын ичинен унутчаактыкты жана баш
    мээнин тамырын дарылоодо күчтүү
    таасир берет.
    32. Бөйрөктөгү жана табарсыктагы
    ташты майдалап, сыртка бөлүп чыгарат.
    33. Бала эмизген аялдын сүтүн
    толуктайт.
    34. Ичтеги мите курттарды сыртка
    айдап чыгат.
    35. Майды денеге сүртсө, сөөлдү
    кетирет.
    36. Сасык тумоону, жөтөлдү,
    демиккенди, сарыкты, тукумсуздукту
    дарылайт. Кара зире майынын булардан
    башка дагы көптөгөн касиеттери бар.
    Кара зирени жана анын майын колдонуу
    боюнча жалпы сунуштар
    Кара зирени колдонуу организмди
    чыңдоо үчүн өтө пайдалуу. Ошондуктан,
    анын майын же уругун күн сайын 1 чай
    кашыктан ичип туруу сунушталат. Кара
    зиренин майын апельсиндин ширеси же
    йогурт менен аралаштырып алса, даамы
    жакшыра түшөт. Аны сырттан компресс
    кылуу же сүртүү үчүн да колдонуу
    маанилүү экенин унутпоо керек. Кара
    зиренин 1 чай кашыгын жарым стакан
    суу жана 1 аш кашык бал менен
    аралаштырып, таңкы тамактанууга 15
    мүнөт калганда жана кечки
    тамактанууга 15 мүнөт калганда ичүү
    кажет. Колдонор алдында аны
    жакшылап чайкап алуу зарыл. Балдарга
    жогоруда айтылгандардын жарымын
    гана берүү керек. Кээде аны ичкен
    адамдын өнөкөт оорулары козголушу
    мүмкүн. Бул - кадыресе эле көрүнүш,
    андан чочулабаш керек. Кара зире -
    иммунитетти көтөрүүчү өсүмдүк
    болгондуктан, бул учурда организм
    толугу менен дарыланып бүтө элек

    ооруларга каршы иш жүргүзө баштайт.
    Организмди чыңдоо үчүн,
    тамактангандан кийин, 1 чай кашык
    кара зире колдонууга болот. Бир
    суткада андан ашык өлчөмдө колдонбоо
    зарыл. Көптөр ʺкара зиренин уругу
    баалуубу же майы баалуубуʺ деген
    суроону беришет. Экөөсү тең пайдалуу,
    бирок, майынын таасири күчтүүрөөк.
    Ошондой болсо дагы, кара зиренин
    майы кымбатыраак тургандыктан, элдин
    көбү анын уругун колдонушат.


  29. Image result for чычырканак

    Чычырканак чайы

    Чычырканак – бул көлөмдүү витаминдердин запасына ээ баалуу дарылык өсүмдүк. Анда пайдалуу С витамини цитрус өсүмдүктөрүнө салыштырмалуу 2 эсе көп жана Е витаминин буудай майына салыштырмалуу 2 эсе көп. Чычырканакта андан башка дагы витаминдер, ошондой эле антиоксиданттар жана теринин чың жана жаш болушуна жардам берген жарым каныктырылган май кислоталары бар, сезгенүүгө каршы күчтүү таасир этет. Чычырканак жана балдан жасалган чай – бул эң мыкты антидепрессант.

    Курамы:

    -150 г чычырканак,

    -2 аш. к. кара чай,

    -2 аш. к. бал,

    -500 мл суу.

    Даярдоо:

    Чычырканактын мөмөсүн кылдаттык менен чайкап, 2/3 бөлүгүн кашык менен эзиңиз. Чайнекке чычырканак пюресин, калган мөмөнү жана кара чайды салыңыз. Үстүнө кайнак суу куюп, аны 10-15 мүнөткө дем алуусу үчүн ороп коюңуз. Даяр чайды чыныларга торду тосуп куюңуз, үстүнө бал кошуңуз. Бул суусундукту кара чай кошпостон дагы даярдоого болот.

  30.                                            Органикалык алма менен тамекини оной таштаныз

    Күнүнө орточо көлөмдөгү 20 алма жеп, аны 2-3- күн кайталаса тамекини оңой таштоого болот экен. Анткени тамеки чеккенден кийин ичегилерде сиңирилип калган никотинди алмадагы органикалык кислоталар жок кылат. Бирок, ошол эле убакта эч кандай тамак-аш жебеш керек. Адатка айланган мындай зыяндуу көрүнүштөн арылуу темирдей эркти талап кылат

  31. Чечевица бул ото пайдалуу болуп саналат табыйгый протейин минералдык затка бай жана соокко абдан пайдалуу C  витамини , темир , кальций , A, B12, D ж.б бар.

                                                 Турк чечевица шорпосу кантип жасалат

                                                         1 баш пияз

                                                         2 2 стакан кызыл чечевица

                                                         3 10 стакан муздак суу

                                                         4 1 картошка

                                                         5 туз

                                                         6 мята

                                                        7 калемпир

                                                        8 сабиз

      Пиязды,чечевицаны, картошканы сабизди муздак сууга кошуп кайнатып кайнап калганда блендер менен аралаштырып анан сары майды ээритип устуно мята кошуп соус кылып шорпого кошуп коесуз мындай шорпо чилдеде абдан пайдалуу жана салмак тыштаганга жардам берет.

  32. Жаңгактын түрлөрү

    Жаңгактын курамындагы майлуу кычкыл заттар, темир жана фосфорлор мээнин торчосун азыктандырышат. Мээге ашыкча күч келгенде ага каршы тоскоолдук жарата алышат. Ошондуктан, күнүнө жок дегенде бир даана жаңгак жеп коюу сунушталат. Ошондой эле озубуздун токойлорубуздагы жангактар эн пайдалуу 

  33. Сулу акшагы

    Биз коп колдонбосокта  сулу абдан пайдалуу курамында В группасындагы витаминдер бар. Алар башкы нерв системасынын жакшы иштешине түрткү берип ден соолукка ото чон пайда. Кан айланууну жакшытат. Органимди зыяндуу заттардан тазалайт. Эртең менен сулу акшагынан быламык жасап жеңиз.

    1. Ак сулуу абдан пайдалуу санитар, организимдеги шлактарды жакшы тазалайт.

      рак оорусуна чалдыгып химия алгандар 10 кун ак сулуудан квас жасап ичсе химиялык токсиндерди, айрыкча боорду тазалайт.

  34.                                                                                      Көк чай

    Невролог дарыгерлеринын айтымдарында, көк чай эң коркунучтуу ооруларга кирген Паркинсон илдетине каршы эн жакшы продукт

    Ал эми, голландиялык дарыгерлер күнүнө 3 чай чыны көк чай ичүү инсульттун алдын аларын аныктап чыгышкан ошондой эле ашыкча салмак менен курошот 

  35. Боор- бул адам баласынын организмине тамак- аш аркылуу кирген зыяндуу жана пайдалуу заттарды өз- өзүнчө бөлүп фильтр сыяктуу кызмат кылат. Андыктан боор өтө маанилүү органдардын бири жана ага талапка ылайык туура кам көрө билүү зарыл. Андыктан боор үчүн пайдалуу азыктардын түрүн билип алып, аны күнүмдүк кабыл алган тамак- ашыңызга кошуп пайдаланыңыз.

    Деңиз капустасы
    Деңиз капустасынан жасалган салаттын 5 пайыздык курамын альгинаттар түзөт. Ал, организмдеги зыяндуу заттарды ээритүүгө түрткү берет. Кандагы холестреиндин деңгээлин төмөндөтөт жана калкан бездеринин иштешин жакшыртат. Анткени деңиз капустасынын курамы йодго бай келет.

    Майсыздандырылган сүт азыктары

    Йогурт, кефир жана ряженка боор үчүн эң эле пайдалуу сүтазыктары болуп эсептелет. Алар организмдеги токсиндерди айдап чыгат жана ичегилердеги микрофлордун жакшцы иштешине шарт түзүп берет.

    Зайтун майы

    Зайтун майы боорго 100 пайыз пайдалуу келет. Курамындагы антиоксидант, Е витамини таксиндерден арылтып, организмди зыяндуу заттардан эң жакшы коргойт. Андыктан салатка майонез эмес зайтун майын кошуп пайдаланыңыз. Мындан сырткары зыгыр майы дагы өтө пайдалуу.

    Белоктун булагы болуп, майсыз эт азыктары, балык жана жумуртка кирет.

    Боор үчүн пайдалуу жашылча жемиштер

    Болгар калемпири, ашкабак жана кызыл- саргылтым түстөгү бардык жашылча- жер- жемиштер пайдалуу келет. Айрыкча оор тамактанып алууда бул жемиштердин жардамыф тийет. Мындан сырткары, пияз, төө буурчак, брокколи, базилик менен петрушканын да пайдасы чоң.

    Кургатылган жер- жемиштерден ичинен боор үчүн курага өтө пайдалуу.

    Ал эми авакадо организмдеги токсиндер менен күрөшөт.

    Жаңы даярдалган ширелердин арасынан алма, ашкабак жана кызылча ширелери пайдалуу.

    Боор үчүн пайдалуу витаминдер:
    1. А витамини. Ал кызыл жана саргылтым жашылчаларда бар.
    2. Липевой кислота. Сүт азыктарында, шпинат, майсыз уй этинде бар.
    3. Е витамини. Дан азыктарынан жасалган ботколордо, балык жана зайтун майында бар.
    Боор үчүн пайдалуу чөп чайлар:
    1- расторопша
    2- чанка пьедра ("камнеломка")
    3- чистотел
    4- цикорий
    5- одуванчик
    6- жалпыз

    https://ok.ru/group/53354527785062/topic/66932706213990

  36. ТАЭСА долбоорунун туура тамактануу боюнча  тренинги 2чи жолу Тепке айылында  болуп отту жакшы керектуу  маалыматтардарды ала алдык.  Жердин курдуулугун жогорулатуу аркылуу молтушум алып,дасторконду жашылчаларга толтуралы деп талкуулап фокус тобунун мучолору коптогон кызуу талкууларды жургузуп тарадык

  37. Тамак-аш коопсуздугу сактоо

    70% чоочун заттар адамдын организмине тамак-аш аркылуу келет. Азыктарга бул чоочун заттардын кошулушу:

    - айлана-чойро  аркылуу

    - техникалык жабдуулар, идиштер, кутулоо аркылуу келет.

    Ондурушто техникалык нормалардын бузулушунан же берилген тоюттарга кошулган  уруксат берилбеген кошумчалардан, азыктарды экинчи жолу термикалык иштетуудон да келип чыгат.  

    Бул чоочун заттар адамдын организмине тушкондо  зат алмашууну бузат, ткандарда топтолот, адамда ар кандай ооруларды чакырат.

    Организмге тийгизген тескери таасирлери: организмди уулайт (отравление), чел кабыктагы суюктукту сезгендирет, аллергияны чакырат.

    Канцерогендуу  (зыяндуу шишикти остурот)

    Мутагендуу (генетикалык озгоруулор) 

    Тератогендуу (туйулдуктун осуусун бузат)

    Гигиеналык кормативдер боюнча томонку заттардын топторунан турат:

    - Коркунучтуу ксенобиотиктер.

    - Дары препараттары, антибиотиктер  

    -  Радионуклиддер

    - Майлардын бузулуп кычкылданышы

    - осумдуктордун жана малдардан келип чыккан уулуу аралашмалар  

    Тамаш-аш коопсуздугу  СанПиН де корсотулгон гигиеналык-санитардык нормалар  сакталышы керек..

    Уулуу элементтер (оор металдар, мышьяк) тамак-аштардын бардык топторунда  болушу мумкун, алардын тийгизген таасири:

    а) Калай- ферменттердин иштешин токтотот, клеткага кальцийдин  келишине тоскоолдук келтирет, шал болуу, жаш балдар учун коркунучтуу.

     б) Сымап- ферменттердин иштешин токтотот, зат алмашууну бузат.

    в) Кадмий- ферменттердин иштешин токтотот, нерв системасына, опкого, бойрокко зыянын берет.

     г) Жез- аз кандуулукту чакырат, опкону чалдыктырат, осууну токтотот.

     д) Цинк- жетишсиздигинен осуу жайлайт, нормадан жогору болсо ууланууга алып барат.

     е) Мышьяк- абдан зыяндуу элемент, 30мг – олтурот.

    Пестициддер- айыл чарба эгиндерин микробиологиялык илдеттерден, зыянкечтерден, мите курттардан  сактоодо колдонулган химиялык заттар. Атап айтканда  гексохлорциклогексан, ДДТ.

    Ондуруштук этаптарда санитардык гигиеналык талаптардын бузулушунан , ташууда , сактоодо тамак-аштар микроорганизмдерге жагымдуу шарт тузулгондо  булганышы мумкун. Микробдук бузулуулардын белгилери – чируу, ачып кетуу, кок басуу. Бул белгилерге маани бербегенден адамда бузулган тамак-аштан уулануу болот.

    Азыктардагы ар кандай бактериялар- сактоо процессиндеги нормалардын бузулушунан келип чыгат.  Шарттуу-патогендик микроорганизмдер- териде, ичеги-карында, дем алуу органдарында болот.  Нормалдуу шартта алар ууландырбайт, экинчи жолу иштетуудо зыянын тийгизет.

    Патогендуу  микроорганизмдердин коркунучтуулугу алар уулуу заттарды болуп чыгаруу менен олумго алып келет  (ботулизм, сальмонела)

    .

  38. Негизин ашкабак адамдын козуно абдан пайдалуу себеби курамында бето- каратин бар. Организмге пайдалуу болгон А витамини бар рактан сактайт

    Эгер сиз картайбайын десениз кара орук жешиниз керек андагы антиоксидант картайуунун алдын алат жана С витамин озуно камтыйт

    Адам денесинен холестеринди чыгарууну кааласа алмурут жакшы жардам берет жана ууланганда колдонсо ото жакшы натыйжа берет тамак синирууну жакшыртат.

  39. Майонез - универсалдуу жана популярдуу тамак-аш кошулмасы

    Майонезсиз бир дагы майрамдык дасторкон болбойт. Ошол эле убакта анын пайдасы жана зыяны тууралуу  коп талаш-тартыштар бар. Майонездин зыяндуулугу сиз анын кайсы түрүн колдонгондугуңуздан көз каранды. Майонез калориясы төмөн жана калориясы жогору болуп бөлүнөт. Майонездин бул түрүнө өсүмдүк майынын ордуна желатин, эмульгатор жана коюулатуучу химиялык каражаттар кошулат. Натыйжада, калориясы төмөн майонез алынат, анткен менен зыяндуу. Ал эми калориясы жогору майонездерге ар кандай химиялык зыяндуу кошулмалар аралашпаганы менен ал семиртүүгө жөндөмдүү. Андыктан, организмге майонездин зыяны тийбесин десеңиз, аны өз колуңуз менен жасаңыз!

  40. Үй шартында майонез жасоо.

    2 даана жумуртканын сарысын агынан бөлүп алып, ага жарым кашык горчица, чай кашыктын учунда туз, ушунча эле өлчөмдө кумшекер кошуп чалуу керек.

    Бир нече мүнөт тынымсыз чалгандан кийин аралашма бирдей массага айланат.

    Ошондо аралаштырууну токтотпогон калыбында 1 стакан оливка майын же семичке майын чууртуп куюу керек. Май куйгандан кийин да жакшылап чалып аралаштырылат.

    Акырында 1 чоң кашык лимон ширесин кошуп, дагы чалуу керек.

    Бир нече мүнөттөн кийин майонез даяр болот.

    Сактоо эрежеси:

    Майонезди 6-10 градус температурада капкагы бекем жабылган айнек идиште 1 ай сактоого болот. Бирок аны канчалык эрте иштетсе, ошончолук баалуулукка ээ болот. Көпкө туруп калган майонез бузулбаганы менен анын пайдалуу касиеттери азаят.

    1. Рахмаат абдан жакшы,майонез жакшы кором,зыяндуулугун билип жебейм жана салаттарга кошпойм,бул рецепти колдоном уй шартында

    2. Мен да жасап көрдүм, оңой жасалат экен. Эң негизгиси кандай шартта жасалган өзүбүзгө белгилүү. Сунуштайм, арзан жана пайдалуу.

  41. «Мумкунчулук терезеси» деген эмне? Бул мумкунчулукту ким берет?

    Бала бойго бүткөндөн тарта төрөлгөндөн кийинки 2 жашка чейинки жашоо мезгили адамдын жашоосунда абдан маанилүү болуп саналат. Анткени бул куракта үзгүлтүксүз өсүп өрчүү жүрөт. Баланын жашоосундагы бул куракты адистер “мүмкүнчүлүк терезеси” деп аташат, анткени анын ден соолугу жана келечектеги өнүгүүсү үчүн бекем пайдубал куруу мүмкүнчүлүгү бар.

    Мүмкүнчүлүк терезеси абдан кичине, болгону 1000 күн (кош бойлуулук мезгилиндеги 270 күн + 730 күн баланын жашоосундагы биринчи 2 жыл). Дал ушуга байланыштуу ушул мезгил ичинде баланы бардык зарыл нерселер, жашоо үчүн маанилүү болгон тамак-аш заттары ( белок, май жана углеводдор), витамин жана минералдар менен камсыздоо зарыл. Баланы баалуу өнүгүүсү үчүн тамак-аштан тышкары камкордук жана сүйүүнү билдирүү маанилүү.

    Аялдардын кош бойлуу учурундагы тамактануусунун маанилүүлүгү: оптималдуу тамактануу кош бойлуулуктан дени сак өтүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатат. Кош бойлуу аялдар мүмкүн болушунча түрдүүлөп тамактанууга тийиш.

    Акыл эси жетишсиз балалуу болуу уй булого  бактысыздыкты алып келет, ошондуктан бул учурга маани беруу менен аял туркундоштуруп тамактануусу керек, ал эми ата тарабынан эне менен балага камкордук коруп, бардык тараптан камсыздандырышы керек.

  42. Кош бойлуунун тамактануусу

    Кош бойлуу аялдын ден соолугу жана түйүлдүктүн нормалдуу өөрчүшү үчүн туура тамактануу өтө маанилүү. Боюнда бар аял үчүн жасалган тамак аш болумдуу, даамдуу, жакшы жасалуусу керек. Тамактын курамында керектүү көлөмдө белок, май, углевод, минералдуу туздар, витаминдер болууга тийиш. Бир өңчөй тамак ичкенде боюнда бар аял ар кандай ооруларга чалдыгышы, ал эми андан физиологиялык жана акыл-эс жактан жакшы жетилбей калган балдар төрөлүшү мүмкүн.

    – Боюнда бар маалда болжол менен 7-11 кг салмак кошулуп, кан айлануу 20%га өсөт. Кош бойлуулуктун биринчи жарымында кадимкидей эле диетаны сактоо керек. Күнүнө 4-5 маал аз-аздан ичүү туура. Ал эми кош бойлуулуктун экинчи жарымында белокко муктаждык күчөйт.

    – Уй, кой, куш эттерин бир гана сууга же бууга бышырып жеш керек.

    – Сүт азыктарын болушунча кенен колдонуу керек.

    – Кош бойлуулуктун экинчи жарымында кондитердик азыктарды, бал, кыямды аз колдонуу керек.

    – Суюк тамак менен тузду абайлап колдонуу туура.

    – Бир күндүк суу 2-2,5 литрден ашык-кем болбошу туура.

    – Жер-жемиштер менен жашылча-жемиштерди жаңы түрдө кенен колдоно берүү керек. – Кош бойлуу үчүн эң маанилүү витаминдер – А, В1, В2, С, Д, РР, Е

    -Боюнда бар аялдар жаңы жашылча-жемиштер жетишсиз жаз жана кыш мезгилдеринде поливитаминдерди кабыл алуусу зарыл.

  43. ЭМНЕ ҮЧҮН ҮШҮКЧӨӨЛМҮН?

    Жылуу бөлмөдө деле үшүп, кат-кат күпчүйүп кийинип, ал тургай төшөккө оронуп-чулганып алгандар бар. Андайлардын колу-буту жыландай муздак болуп, түндө жылыткычтарды кайтарып укташат. Башкалар үчүн калыптагыдай болуп эсептелген температурада алардын үшүй берүүсүнүн себептерин чечмелейбиз.

    Аз кандуулук Эгер адам анемиядан жабыркаса же гемоглобиндин өлчөмү төмөндөп кетсе үшүй баштайт. Анткени кандын айланышы жайлап, организмди кычкылтек жана керектүү азык-заттар менен жабдуу процесси бузулат. Мындай болгондо организм жылынуусу үчүн аргасыз кан тамырларды кеӊейтип, кандын айланышын батыраак жүргүзөт. Кан менен кошо жылуулук берүү күчөп, адамдагы жылуулук запасы жоголот да, адам үшүкчөөл болуп чыга келет. Эмне кылуу керек? Гемоглобиндин запасын толтуруу үчүн доктурга кеӊешке кайрылып, курамында темири көп азыктарды көбүрөөк жеш керек. Аларга эт, боор, бөйрөк, акшактар (гречка, күрүч, акталган арпа), кургатылган жемиштер, жумуртка, алма, сыр, капуста жана укроп кирет.

    ВИТАМИНДЕРДИН ЖЕТИШСИЗДИГИ A жана E витаминдери боордун тамак-ашты сиӊирүүсүндө, жылуулуктун иштелип чыгуусунда чоӊ роль ойнойт. Эгер алар тартыш болсо, демек, жылуулук аз иштелет да, адам үшүйт. Эмне кылуу керек? Аталган витаминдер уйдун боору, жумуртка,быштак, балык, сүт, шпинат, сабиз, петрушка, сүт, өнгөн буудай, өсүмдүк майында бар. Андыктан азыкка буларды көп колдонуу сунушталат. АШЫКЧА СЕМИЗДИК Кээ бирлер толук адамдар дайыма ысып жүрүшсө керек деп ойлошот. Тескерисинче, алар үшүкчөөл келишет. Себеби ашыкча семиргенде май катмарлары кан тамырларды кысып, кандын жүрүшүн жайлатат. Андыктан организм өзү жылынышы үчүн кан тамырларды кеӊейтип, канды батыраак жүргүзө баштайт. Кан менен кошо жылуулук берүү жогорулап, адамдагы жылуулук запасы жоголуп, адам үшүкчөөлгө айланат. Эмне кылуу керек? Диетологго кайрылып, фитнеске же машыгуу залына барып, арыктоо үчүн аракет жасоо зарыл.

    ТОЛУК КАНДУУ ТАМАКТАНБОО Тоӊуп жүрүүнүн дагы бир себеби – организмде калориянын жетишпестиги. Аз өлчөмдө, толук кандуу эмес тамактангандардын организминде жылынуу үчүн энергия өтө аз. Көбүнчө арык жана аз кыймылдаган адамдардын дене табы төмөн болот. Эмне кылуу керек? Жумушу жеӊилдер 1 суткада жалпы суммасы 2800 калорийди, оор жумуштагылар (мисалы, шахтёр, механизатор) 3700 калорийдин тегерегин түзө турган витаминдүү тамак-ашты кабыл алуусу кажет. 3 маал толук, ал эми 2 маал жеӊил шам-шум этүү талап кылынат. КАНТ ДИАБЕТИ Аталган оору жаралганда организмдеги зат алмашуу бузулуп, нерв жана жүрөк-кан тамыр системинде да маселелер пайда болот. Өзгөчө кол-буттун учтарындагы нервдер жакшы иштебегендиктен бөлмө жылуу болсо да адам үшүй берет. Эмне кылуу керек? Эндокринологго убак-убагы менен көрүнүп, дарыланып, врач сунуштаган гана тамак-ашты жеш керек.

    КАН БАСЫМДЫН ТӨМӨНДҮГҮ Гипотонияда (кан басымдын төмөндүгү) организмдин кан менен жабдылышы бузулуп, адам дайыма үшүп жүрө баштайт. Өзгөчө кан менен жылуулук кол менен буттун учуна жетишерлик деӊгээлде жетпей калгандыктан адам кабат-кабат байпак кийип, колун коюнуна катып жүрөт. "Көгөрүп үшүгөн" деген сөз анык ушуларга таандык. Эмне кылуу керек? Дарыгерге жазылып, текшерилүү менен витаминдердин курсун алуу зарыл. Ошондой эле оор эмес кара жумуш жасоо, эртеӊ менен чуркоо, таза абада сейилдөө, жашылча-жемишке, кышкысын кактарга жана жаӊгактарга басым жасоо зарыл. Кан басымды көтөрүү үчүн калориялуу тамактануу керек экендиги да эсте болуусу оӊ.

    КАЛКАН СЫМАЛ БЕЗДИН ООРУСУ Калкан сымал без кичинекей экенине карабастан организмде энергиянын запасын туура бөлүштүрүүдө башкы орунга ээ. Эгер ошол безде оору, мисалы, гипотиреоз жаралса (йоддун жетишсиздигинен келип чыккан богок) без жарым күчү менен иштеп калат да, денеде зат алмашуу бузулуп, адам үшүкчөөл тартат. Өзгөчө буту дайыма муздайт. Эмне кылуу керек? Эндокринологго көрүнүп, дарылануу кажет. Ошондой эле курамында йод бар азыктар – курма, деӊиз капустасы, креветка, балык (өзгөчө сом, хек, сельд, горбуша, минтай, окунь, треска, камбала, лосось), жүзүм, кызылча, сүт азыктары дасторкондо болушу шарт.

  44. Мандариндин кабыгын жууп кургатып койгула.
    Бир мандариндин кабыгын 200 гр сууга салып акырын кайнатып , сүзүп муздатып бир күндө бир нече жолу бөлүп бөлүп ичкиле. Кандын курамындагы канттын ( сахардын ) деңгээлин түшүрөт. Көп ичсенер зыяны жок.
    Глюкометр менен сахарды өлчөп туруу керек. Норма болсо ичиштин кереги жок.

    Мандаринге ит мурунду кошуп кайнатып , ичсенер гепатитке, панкреатитке жакшы болот.

    (Ташбү Жамиловна)

    1. Ооба бирок интернетте дарыга чыланып келет деген маалыматтарды угуп коркуп озун жегенден коркуп калдык,кабыгын кайнатыа ичсек кандай болот? 

  45. Чычырканактын пайдасы жана колдонуу ыкмалары

    Чычырканак витаминдерге жана микроэлементтерге бай күзгү мөмө. Анда 3,5% кант, ошондой эле С, В1, В2, фолий кычкылы, РР, К, Р жана Е, каротин, темир, бор, марганец сыяктуу пайдалуу элементтер бар.

    Чычырканак жүрөк-кан тамыр ооруларын дарылоодо кеңири колдонулат. Адистердин айтымдарында, аны ар дайым жеп жүрсөңүз - инфаркт жана инсульт ооруларынын алдын алууну шарттайт. Анткени, чычырканактагы С витамини жүрөк булчуңдарын бекемдөөдө кызмат кылат. Эгерде күнүнө 50-100 граммдан чычырканак жесеңиз, организмиңиздин С витаминине болгон бир суткалык муктаждыгын канааттандырган болосуз.

    Пайдасы жана аны колдонуу ыкмалары:

    1) Муун ооруларында жана ревматизмде чычырканактын жалбырагынын маңызын же чайын пайдалануу зарыл. Маңыз мындай жасалат: 1 чоң кашык майдаланган кургак жалбыракты 1 стакан сууга 10 мүнөт кайнатуу керек. Жарым стакандан күнүнө 2 жолудан ичилет.

    2) Иммундук системаны бекемдөөдө таасирдүү каражат.

    3) Аялдардын жана эркектердин тукумсуздугун дарылоодо да бул жемиш оң натыйжа берет.

    4) Курамында темир көп болгондуктан, аз кандуулукта жана алсыроодо жардамга келет.

    5) Чычырканактын жалбырагынан демделген чай оозулду дарылоодо натыйжалуу каражат болуп эсептелинет.

    6) Ашказан рагын дарылоодо күнүнө 3 жолу 1 чоң кашыктан чычырканак жеп туруу жакшы жыйынтык берет.

    7) Чычырканак майы да абдан пайдалуу. Ал ашказан жарасын, гастритти айыктырууда кеңири колдонулат. Бул оорулардан жабыр тарткан адамдар тамактанууга 15-20 мүнөт калганда 1 чай кашыктан кабыл алып туруулары зарыл. Бир айдын ичинде күнүнө 3-4 жолудан бузбай ичкенде жакшы жагына өзгөрүү болгонун байкоого болот.

    8) Теринин сырткы жарасын (ириңи жок) же күйүктү айыктырууда жаранын үстүнө чычырканак майын сыйпап, бинт менен таңып, аны күн сайын жаңылап байлап туруу зарыл. Ашказан жарасында 1 чай кашыктан күнүнө 2-3 жолу ичүү зарыл. Бүйлөлөрдүн сезгенүү оорусунда, пародонтоздо кебезди чычырканак майына чылап, ооруган жерге 10-15 мүнөт коюу керек. Бир-эки жуманын ичинде бул процедураны күнүнө 1-2 жолудан кайталоо керек.

    9) Баланын иммунитетин көтөрүү үчүн бир айлыгынан баштап берүүгө болот. Алгач оозуна бир тамчыдан тамчылатып баштап, бара-бара көбөйтүп отуруу керек.

    10) Чычырканактын майы косметологияда да кеңири колдонулат. Мисалы, аны кургак териге колдонушат. Бет терисине арналган кремге бир нече тамчы чычырканак майын аралаштырып, бул аралашманы бетке сыйпоо теринин ашыкча кургактыгынан арылтат. Сына берген тырмакты катырууда да бул май жардамга келет. Ал үчүн майды тырмакка сүртүп, ошол эле учурда ичип туруу зарыл. Косметологдор чачты жуудан эки саат мурун баштын терисине чычырканактын майын сүртүүнү сунушташат. Муну менен чач бекем болуп, мындан сырткары жалтырап, кундуздай көрктүү болуп көрүнөт. Ал эми чач түшүүдө чычырканактын мөмөсүн көбүрөөк жеш керек же бутагынын маңызына чачты жуу керек. Жуугандан кийин чачка майын сүртүү сунуш кылынат. Мындан тышкары, курамындагы Е витамининин эсебинен аялдардын сулуулугуна, жаш көрүнүүсүнө таасирин тийгизет. Cепкилди, тактарды кетирип, бетти агартат. Күнгө күйгөн терини кайра тез калыбына келтирет. Чычырканак майын үй шартында жасап алсаңыз болот 1) Чычырканактын ширесин сыгып, ачык жерге коюп коёсуз. Бир суткадан кийин ширенин эң үстүңкү катмарында май пайда болот. Аны чогултуп аласыз. 1 кг чычырканактан болжол менен 80 г май алынат. 2) Чычырканактын ширесин сыгып аласыз. Кабыгы менен сөөгүнүн калдыгын майдалап, үстүнө 60°Сге чейин ысытылган өсүмдүк майын куясыз. Бир сутка тыныктырып, андан соң суюк бөлүгүн - майын тундуруп аласыз.

    Маанилүү эскертүү: Ашказан алдындагы без, боор, өт, панкреатит оорулары менен ооругандар, аллергияга жакын адамдар, ашказанында кычкылдуулук жогору болгон адамдар чычырканакты колдонууга болбойт. Ошондой эле чычырканакты дары каражаты катары колдонуу алдында дарыгер менен кеңешүү туура болот.

    Интернет булактарынан алынды

  46. оа негизинен Ашкабак боорду да тазалайт деп уктум эле сууга бышырып алып жеш керек. Ашкабактын данеги да абдан пайдалуу

  47. Кыргыз улуттук суусундугу бозону жасоо жана пайдасы


    Бозону дандардан, мисалы, таруу, буудай, жүгөрү, арпадан салса болот.

    КЕРЕКТЕЛҮҮЧҮ АЗЫКТАР:
    25 литр бозо үчүн 3 килограмм таруу, 3 килограмм жүгөрү шак, 1 литр ачыткы (мурунку бозодон), 200 грамм угут, 150 грамм ун, 1 аш кашык тоң май, керектөөгө жараша суу.

    1-КАДАМ – ШАКТЫ АЧЫТУУ

    Алгач бош чакага таруу салынып жуулат.

    Жуулган тарууга жүгөрү шак кошулуп, үстүнө 200 грамм ачыткы куюлат.

    Булардын үстүнө кол күйбөгүдөй кайнаган сууну куюп, аралаштыруу кажет. Башкача айтканда, шак боткодой болуп чыланат. Эми чаканын капкагын жаап, шакты эртең мененкиге чейин ачытууга коёсуз. Бөлмө муздагыраак болсо, үстүн жылуулап жабууну унутпаңыз.

    2-КАДАМ – ШАКТЫ КАЙНАТУУ
    Эртең менен газга чоң кастрюлду асып, ысытып алган соң ичине тоң май салынат. Ал эригенде унду салып, кызарта кууруп алуу керек.

    Анан үстүнө 1 литрдей кайнак суу куюлуп, толук бир кайнатылат. Кайнаган соң 24-25 литр суу куюлат. Суу шар кайнаганда ачытылган шакты кошуп, түбүнө тартып кетпөө үчүн тынбай аралаштыруу керек.  Шак боркулдап кайнап чыккандан кийин отту жайлатып, 1,5 сааттай кайнатуу зарыл. Анан оттон алып, муздатылат. Даяр болгон шактын үстүнө угутту салып, 800 граммдай ачыткы куюп, аралаштырылат. Үстү жабылып, кайра түнү менен ачытууга коюлат.

    3-КАДАМ – БОЗОНУ СҮЗҮҮ

    Эртеси эртең менен буркулдап ачыган бозо сүзүлөт. Сүзгөнгө капрон баштык жана 3 идиш керектелет (бозо сүзүүгө, сүзгөндө чыккан топту салып турууга жана бозону актоо үчүн кайнатылган жылуу суусу бар идиш).
    Шак четинен сузулуп, баштыкка салынып, кол менен мыжылып, сүзүлө баштайт.

    Бозо жакшы акпай баштаганда баштыкты ичинде жылуу суусу бар идишке салып, дагы мыжыкса бозо дагы чыга түшөт. Бул бозону актоо делет. Баштыкта калган топ өзүнчө идишке салынат. Иш ушул калыпта уланып, бозо сүзүлүп бүтөт.
    Бозо даяр. Акырында бозо акталган суудан бозонун үстүнө куюп, суюлтуп алса болот.

    УГУТТУ ӨНДҮРҮҮ
    Угут – өндүрүлгөн дандан (арпа, буудай, таруу ж.б.) даярдалган ачыткы. Белгилүү өлчөмдөгү дан баштыкка салынып, ага жылуу суу себилип, жылуу жерге думбаланып коюлат. Дан көөп, өнүп чыга баштаганда жаргылчакка же эт майдалагычка тартылат да, анан кургатылып, сакталат.

    КАНДЫ КӨБӨЙТӨТ
    Кыргыз улуттук гематология илим изилдөө институтунда бозонун пайдалуу сапаттары изилденген. Анда бозонун курамында белок, май, көмүртек, микроэлементтер, витаминдер бар экендиги аныкталган. Бозо ичтейди ачып, тамакты жакшы сиңирип, кандагы гемоглобинди көбөйтөт. Андыктан аз кандуулукту дарылоодо бозо мыкты суусундук. Ашказан менен ичегини жакшы иштетип, чарчоону жазып, адамдын жалпы абалын жакшыртат.


  48.                                                         Ата-Мекендик өндуруш бал 

    Нет описания фото.

                            Кургатылган жемиштер менен бал аралашмасы ден соолук үчүн өтө пайдалуу.

    «БАЛ MIX» маркасы менен жаңы өндүрүлгөн бул прадуктунун курамы төмөнкүдөй:


    1. «БАЛ» - бул баардык ооруларга шыпаа



    1. «ӨРҮК» сулуулукту сактап, терини жашартып, чачтын түбүн бекемдейт. Жүрөк булчуңдарын бекемдеп, чарчоону тез жазат


    3.«ГРЕК ЖАҢГАГЫ» жаңгактын курамында май, белок, йод, калий, магний, темир, күкүрт, жез, кобальт, цинк жана башка витаминдер: В, В6, В2, А, С, К бар. Иммунитетти көтөрүп, мээнин иштөөсүн күчөйтөт.Эркектердин бел кубатын бекемдейт.



    4.«ЖЕР ЖАҢГАК» Нерв болуп баштаганда курулган жер жаңгак сизди сөзсүз тынчтандырат.


    5.«МЕЙИЗ» мейиз калийге, темирге, магнийге, В1, В2, В5 витаминдерине бай. Демек, мейиз иммунитетти бекемдейт, уйкусуздуктан, жаман маанайдан арылтат жана аз кандуулуктун алдын алат


    1. «ӨРҮК жана АШКАБАКТЫН ДАНЕГИ» ден соолукка пайдалуу жактарын айта берсек толтура. Цистит, өнөкөт сарык жана бөйрөк ооруларынын алдын алган бирден-бир жалгыз азык.


    7.«КАРА ӨРҮК же СЛИВА» ичеги карындын иштөөсүн жакшыртат. Тамак сиңирүү ферменттерин активдештирип, ич катуу жана өтүүнүн алдын алат



    8.«АНЖИР» мөмөсүндө 70% га жакын кант болот. Анжир жүрөк-кан тамыр ооруларында, аз кандуулукта абдан керек.


  49. Көк алма - темирдин булагы



    Кызыл жана толук бышкан алмаларда көк алмаларга салыштырмалуу витаминдер абдан аз. Себеби кызыл алмалар химиялык реакциялардан кийин кызарып, күндүн нурлары аларды кызарганга муктаж кылат. Темирдин булагы болгон – көк алмалар ден соолукка абдан пайдалуу.

    Алмалар

    Негизинен баардык эле алмалар пайдалуу. Алардын курамы пайдалуу заттарга: витаминдерге, микроэлементтерге, С, В1, В2, Р, Е, марганец жана калийге бай.

    Ошондой эле организмдеги кан айланууну жакшыртат жана темирди оңой өздөштүрөт. Мындан сырткары алмада клетчаткалар, пектиндер көп жана боор, бөйрөктүн иштешин жакшыратат. Ошондуктан аны жегенден кийин көпкө чейин ачка болбой жүрө берсең болот. Алма жаштыкты сактап калганга да жөндөмдүү. Кандагы холестеринди азайтат

    Көк алманын айырмасы

    Баардык эле алмалар ден соолукка пайдалуу, болгону көк алмаларда баардык алмалардан айырмаланып витаминдер абдан көп. Ал эми көк алманын сөөктөрү адамды бир суткалык йод менен камсыз кылат.

    Иммунитетти чыңдайт

    Алманын курамындагы хлорофилл кандагы эритроциттердин иштеп чыгышын жөнгө салат, иммунитетти чыңдайт.

    Ачууңузду баса албасаңыз көк алма жеңиз. Көк алма ар кандай жинденүү, кыйналуу, маанай чөгүүдөн алыстатат.

    1. Рахмат Буажар эже абдан пайдалуу кенештер экен.

    2. Алманы көп жейбиз, пайдалуу экенин билебиз, бирок пайдалуулугу ушунчалык көп экенин билбептирмин.

      1. Кеңешинизге чооң рахмат.

  50. Дагы бир жолу чайды туура ичуу жонундо

    Чайды демдоо жолун билуу ашыкча болбойт. Чайнекти 2-3 жолу кайнаган суу менен чайкап, ага 1 чай кашык кургак чайдан салып устуно кайнаган суу куюлат. Чай толук кандуу демделиши учун 5-7 мунот тыныктырылып коюлат.

    Эгер чайдын xамечи тубуно толугу менен чогуп калса анын дем жеп бутту десе болот. Демделген чайды ысытпайт, кайнатпайт жана кийинки куну чамесине чай кошуп демдебейт. Чайды фарфор же фаянс чайнектерге демделет.  Чайды метал чайнекке демдесе чайдын жытын  даамын жоготот.


    Ыссык чай зыян.
    Чайды ыссык ичууго болбойт. Анткени ыссык чай кекиртекке зыян. Узак убакыт ыссык чай ичуу ички органдарды илдетке учуратат. Температурасы 62 градустан жогору чай аш казанды бузат.  Чайдың температурасы 56 градустан ашпоого тийиш.Чайга сууну узак кайнаткан жакшы. Болбосо чайдын фенолу, эфирдик компоненттери қычкылданат, чай тунуктугунан, даамынын сапаты менен жытынан айрылат. Чайды бирнече ирет қайнатып ичууго  болбойт. .


    Қандай кезде чай ичпейт?
    1. Ач қарынга муздак чай ичпейт, себеби ал өт менен ашказанга зыян. Кундолук жашоодо жаны жана ыссык чай  дене бойду сергитип, конулду жайлайт. Муздак чай буткул денени чыйрыктырат.
    2. Тамактануунун алдында чай ичпейт.Анткени чай шилекейди қычқылдандырып, анын даамын  сезууну қыйындатат. Мындай жагдайда  аш синируу қызматынын протеинди сиңируу убактысы азайып кетет.
    3. Тамақтангандан сон артынан эле чай ичпеген жакшы. Эгер чай ичкиниз келсе жарым саат кутуу керек. Анткени чай құрамындагы танин, протеин менен темирдиң қатқылдануу даам синимдуулугун төмондотот.

    4.Дарыны чай менен ичпейт. Себеби чай қурамындағы заттар ажыраганда пайда болгон таниндин иаасиринен дары синимдуулугу төмондойт. «Чай дарыны бузат», — дейт эзелки қытай ойчулдары.

    1. Азматсыз Уулкан эжеке,

      Мен чай ичииип жаткан кезде кайда элениз ? (sad) 

      Эже айрыкча биз тарапта чайды колдо айландырып туруп ичебиз бул чай-пайдын да зыяны коп экен да ,

      кайнак суу ичиип эле акчаны экономдосокбу деп калдым?


    2. Бирок мен ысык чай ичмейин көңүлүм канбайт.

  51. Ашкабак кошулган нан.

    Түсү сары тартып, борпойгон, жыты укмуштуудай буркураган нан болот экен.

    Жасап көрүңүздөр.

    Кадимки эле нандын камырына

    кыргычтан өткөрүлгөн чийки ашкабакты кошуп ийлеп, нан жасайсыз.

    1. Рахмаат Мыктыбек,абдан жакшы бул нанды практикадан откоролу ашкабакта А витамини коп да,демек нанды жакшы коргондор нан аркылуу витамин кабыл алат тура. 

  52. Табийгый кир самындын пайдалуу жактары

    Кир самындын кир кетиргенден да башка өзгөчөлүктөрү көп. Эгерде ким үй тиричилигинде кир самынды көп пайдаланса, туптуура кылат! Анткени, кир самын табигый жана экологиялык жактан таза материалдардан жасалат да, аллергияга каршы касиетке ээ жана адамдын организмине эч коркунучу жок.

    Мына ушул кир самындын кирди кетиргенден тышкары да өтө көп касиеттери бар. Кир самындагы пайыздык сандар эмнени билдирет? 72%, 70%, 65% — бул майлуу кислотанын курамынын пайызы. Андагы сандар канчалык чоң болсо, самындын кир кетирүүчү сапаты ошончолук жогору болот.

    Кандай түстөгү кир самын сапаттуу болот? Кир самындын курамы натрий тузунан жана өсүмдүктөрдөн, жаныбарлардан алынган майлуу кислотадан турат. Ага эч кандай боёктор, консерванттар кошулбайт. Бирок, айрым өндүрүүчүлөр жагымдуу жыт берүүчү жана сырткы көрүнүшүн жакшыртуучу кошулмаларды кошуп салышат. Андыктан, эң жакшы жана пайдалуу кир самын болуп күрөң түстүү самын эсептелинет.

    (Мелис Кочконов)

    1. Таза экен,чынында бирок таза экендигин ким тастыктайт жана кыргыз бренди менен чыгарып маалыматтарды беруубузт керек деп ойлойм,

      Эмне учун % тери 100 эмес калганы эмне ядбы же башка нерсеби?

      65% болсо 35 % эмне кошулма ?

      Бул критика эмес туугандар таза болсо % анда эмне дегеним

      Байкелер Туштук тарапта окулчулугунор барбы ? болсо тел. номер,эгерде жок болсо 0704 030102 кызыктар адам байланышалычы

    2. Бул сертификат ГОСТ ишеничтуу эле го,72% майлуу кислоталар курамы.  Ал эми 100 % болсо кир менен кошо материалды адамдын денесин жеп кетпейби. Башка материалдарды да кошот да.

  53. Саламатсыздарбы МААН платформасынын катышуучулары. Мен Шамырканова Зайна Чон-Тогузбай айылында активист болуп иш алып барам. Биз 2016-жылдан бери  "Ысык-Кол Органика "  кооперативинин мучосубуз . ПГАЭ долборуна катышып жатабыз. Бизде фокус групада 20 адам бар.

  54. Зайна эжеке,

    Кш келиниз! Сиздердин фокус группанар эмне иштерди жасап жатасыздар же чакан долбоолорунар жонундо баяндап коюнузчу

    Сиздер маалымат таратууда кайыл ыкмаларды колдонуп жатасыздар,

    уй-булоодо ким туркундоштурууго жооптуу деп ойлойсуз?,

    Канча аял ,канча эркек киши бар группаныздарда?

    1. Мирлан сиздин суроонузга жооп берип койолу Зайна эже кайра кире албай жатат пароль не правильно деп киргизбей жатат дейт Зайна эжебиз.Фокус группа негизи 2015жылда эле Сонунгул эжет топтогон жана тузгон.Жашылчанын турун остурууну уйротуп жашылчалардын сапаттуу урондорун берип аны кенири Тасма жана Чон Тогузбай айылында таралган.2016жылдан бери Ыссык-Кол Органика кооперативинин мучосубуз,органикалык чарба жургузуп келебиз,дары чопторду айдайбыз.


      1. ПГАЭ долбоорунун алкагында ошол эле органиканы жайылтуу учун 20 дыйкан фермерлер чогулуп АКК чу болуп иш алып барган Дюшебаев Эркинбектин окууларынан оттуп жатабыз. жашылчалардын(бадыран,помидор,капуста,кызылча,сабиз отуп таза урондорду алып аны биогумус ондуруп жогорку тушум алганга уйронолу деген багытты тандап алдык.

        1. Биздин топто 20 мучо бар анын 4 эркек,16 аялдар.Туркундоштуруп тамактануу ар бир уй булоодо кыргыздарда аял да,эркек таап келсе биз даярдайбыз,таппаса, озубуз чуркап табабыз,уй булоону багабыз.деп айтып берди мен жаздым.

  55. Мен Айдарова Айгул Липенка айылындагы айылдык кызмат корсотучу болуп иш алпарам
    Органикалык чарба жургузуу боюнча кластер тузулгон фокс-группанын 20 мучосу бар . Анын ичинен 4 эркек , 16 аял, 4-35 жашка чейин . 2014 жылдан бери Оз уйбулобуздун Ден соолугу учун таза продукция менее камсыз кылуу максатында органикалык чарба жургузууп келетабыз.
    Эми ушул эле групповые мучолору болуп ондурулгон органикалык таза продукцияларды озубуздун уйбулобузду камсыздап Жана айылындагы жашоочуларынада сатып иш алып баралы Деген Максат койуп жатабфыз . Жашылча остурудо органикалык Жер семирткичтерди , гумус колдонобуз.

    1. Айгул эже куш келипсиз.Сиздерде ото коп практика бар органикалык чарба жургузуу боюнча, болгон тажрыйбаларыныздан бат баттан болушуп турсаныз.

    1. Чалкан да абдан жакшы организим учун санитар, кан тазалоочу касиети бийик.

    1. Азыр бардык уй булоомучосундо, бирден кан басымы жогору, айрыкча аялдардын.долоно кан басымды тушурот жана кан басымынын тен салмактуулугун сактайт.

    1. Кошумча маалымат,Ит мурундун ашы жана тамыры бойроктогу жана оттогу таш кумду тушурот,менин апам ошондой дарыларды жасайт,жана практикада тушургон

  56. Унутчаак болбош учун -балга пияз кошуп атайын дары жасашат.Пияздын ширесин сыгып бир стакан пияздын ширесин бир стакан балга аралаштырып банкага куят.Устун капрон жапкыч менен бекитуу керек,андан сон муздаткычка салынат.Тамактын алдында кунуго 3 жолу бир аш кашыктан эки ай ичуу керек.Ар бир эки жумада ортодон эки жума эс алынат.Андан тышкары эртен мененкисин кунуго бир чай кашыктай бал жеп турса да унутчаактыкка чон жардам берет.

    Нет описания фото.

  57. Ото кызыктуу материалдар.биз турмушта пайдаланып ден соолуктарыбыздын чын болушуна комоктошолу деп айрыкча жаштарды чакырып кетем.Бул платформа абдан пайдалуу, кызыктуу да экен.

  58. Мыктыбек абдан жакшы маалыматтарын бар экен ушунун барын бириктирген файл барбы болсо маган жонотуп койо аласынбы отунуч.сенин атындан Ыссык-Кол кабарларына берип койойун.

    Менин почтам ooaik@mail.ru

    1. Рахмат, мен файлга сактабай эле МААНга коемда  копчулугу интернеттен тандалып алынган эле  маалыматтар .

  59. Ошол биз байкабаган, биз маани бербеген өрүктүн абдан көп дарылык касиети бар экен.

    Өрүк адамдын жумушка болгон жөндөмдүүлүгүн жогорулатат. Курамындагы витаминдер менен микро элементтер аз кандуулукту жана калцийге болгон жетишсиздикти жок кылат. Тамак сиңирүүнү жөндөйт. Ашказанды жана боордун жана өттүн иштеши жакшырат. Организмдеги шлактарды чыгарат. Өрүктө калий витамини бар. Калий жүрөк кан тамырлары үчүн табылгыс азык. Ошон үчүн өрүктү как түрүндө жесе да болот. Компот, варенье жасаса болот. Кырк жаштан ашкан аялзатын организминде эстороген азаят. Эстороген азайганда көнүлү эч нерсеге чаппай маанайы чөгөт. Адам күнүгө беш алтыдан өрүк жеп турса ошол жок болгон эсторогендин ордун басат.

    Чындыгында, өрүктүн адамдын ден соолугуна пайдасы зор. Бул жемиш сулуулукту сактап, терини жашартып, чачтын түбүн бекемдейт. Кан айлануусу начар, жүрөгү бир калыпта сокпогон, инфаркттан жапа чеккендерге өрүк жеп туруу сунушталат. Өрүктүн дагы бир касиети, ал жүрөк булчуңдарын бекемдеп, чарчоону тез жазат. Астма пристубун жумшартып, канды жана боорду тазалоочу касиетке ээ. Түрк медиктери көп жылдар бою изилдеп, жаңы жана кургатылган өрүк эркектер үчүн эң пайдалуу азык экенин айтып чыгышкан. Анткени бул жемиш потенцияны жогорулатуучу касиетке да ээ. Ошондой эле өрүктүн курамындагы калий менен каротин заты ашказан жарасынан жана бөйрөктөгү таштардан арылууга жакшы жардам берет. Ал эми өрүктүн данегинен жасалган дары жөтөлгө, бронхитке даба. Мындан сырткары данегинен май алынып, ал медицинада дары-дармектерди жасоодо кеңири колдонулуп келет.

    Чоңдор үчүн күнүнө 200-300 грамм өрүк жеген жетиштүү болот.

    Өрүктө жана анын кагында кант көп болгондуктан, кант диабети менен ооругандарга өрүктү көп пайдаланууга тыюу салынат

    (Мелис Кочконов )



  60. Миндалльды кунуго 5 штук жесе рак клеткаларынын осушуно шарт бербейт экен.


  61. Бадам остуруу -урпактар улантуучу бизнес

    Учурда Кыргыз жергесинин түштүк аймактарында бадамды терип чогултуу иштери башталды. Европа өлкөлөрүндө жогорку суроо-талапка ээ болгон жаңгактын бул түрүн өстүрүүдө эмнелерди эске алуу керек? Андан капчык толо киреше табууга болобу? Көп жылдан бери бадам өстүрүп келе жаткан багбан, Кадамжай районунун Ак-Турпак айылынын тургуну Тешебай Жапаровдун кеңешине кулак салабыз.

    Бадамды өстүрүү башка бактарга караганда оңой жана көп камкордукту талап кылбайт. Эгер бадамды сатып пайда табуу катары өстүрүүнү кааласаңыз төмөнкү кеңештерди эске алыңыз.

    1. Жер аянты.Бадам көп жылдык дарак болгондуктан, көчөтүн жеке менчик же узак убакытка ижарага алынган жерге отургузуу туура. Анткени быйыл тиккен көчөт 3-4 жылдан соң гана алгачкы түшүмүн берсе, 5-6-жылдан тарта түшүмдүүлүгү артып, бак болуп өсүп жетилет. Айрым сорттору 10 жылдан кийин гана түшүмгө кириши мүмкүн. Кам көрүүгө жараша 10 жылдык дарактан болжол менен 9-10 килограмм, ал эми бай түп бактан 40 килограммга чейин түшүм алууга болот.
    2. Көчөтүн тандоо.Бадамдын бир нече сорту бар: данеги таттуу, ачуу, данегинин сөөгү жумшак, катуу, эрте бышуучу, кооздук үчүн өстүрүлүүчү.

    Эгер өзүңүз каалаган сортту өстүрөм десеңиз, анда данегинен өстүргөнүңүз туура. Бирок бул ыкма көп убакыт талап кыларын унутпаңыз.

    Бутагын шабдалынын жана кара өрүктүн жаш көчөтүнө кыйыштыруу менен өстүрүү.

    Бир жылдык көчөттөрдү сатып алып тигүү. Баасы болжол менен 150-250 сом.

    1. Отургузуу.Бадамдын көчөтүн күзүндө жана жазында отургузууга болот. Күзүндө отургузулган көчөт бат тамырлайт. 50-60 сантиметр тереңдикте аң казып, анын ичине бир аз шагыл, кара топурак, жалбырактын чириндисин, 3-4 килограмм кык, 200-250 грамм суперфосфат салып даярдап алып, андан соң көчөттү отургузуу керек. Көчөттөрдүн ортосундагы аралык 3-4 метр, ал эми жөөктөрдүн аралыгы 6 метрден кем болбошу шарт. Отургузгандан кийин ар бир түптүн түбүнө 10-15 литр суу куюп, сиңгенден кийин үстүнө 3-5 сантиметр калыңдыкта топурак төгүлөт.

      КАМ КӨРҮҮ
    2. Көчөттөрдү өз убагында сугарып туруу керек. Эгер топурактын катмарынын 1-15 сантиметри кургаса, анда дароо сугаруу керек. Болжол менен бир түпкө 10-15 литр суу керектелет. Ашыкча нымдуулук тамырын чиритип жибериши мүмкүн. Мөмө байлап баштаган кезде жетиштүү сугарылса, мөмөсү керектүү өлчөмгө чейин өсүп, даны толо болот.
    3. Май айынын башында 1 чака сууга 20 грамм селитраны аралаштырып бактын түбүнө куюу керек. Ал эми күзүндө ар бир түпкө 1 килограммдай кык, 20 граммдай суперфосфат берүү жетиштүү.
    4. Күзүндө жалбырактары түшкөндөн кийин жана жазында бүчүр байлаганга чейин ооруларга жана курт-кумурскаларга каршы дарылоо шарт.

      БАДАМДЫ ЖЫЙНОО

    Бадам сортуна жараша июлдун аягынан тарта күздүн ортосуна чейин бышат. Бышкан кезде түктүү жашыл кабыгы жарылып, данектен ажырайт. Терип, жашыл түктүү кабыгын алып салып, данегин күнгө жайып кургатуу шарт.

    САТУУ

    Бадамдын таттуу данеги, андан алынган ун, сүт ашканада ар кандай десерттерди даярдоодо кеңири пайдаланылса, ачуу данынан эфир майы алынып, косметологияда жана фармацевтикада кеңири пайдаланылат. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда сортуна жараша бадамдын тазаланбаганы 1 килограммы 300 сомдон, тазаланганы 600 сомдон жогору бааланат. Сөөгү жумшак сорту чакканга ыңгайлуулугу менен, ал эми сөөгү катуу сорту данынын даамдуулугу жана майлуулугу менен бааланат.

    БАДАМ ӨСТҮРҮҮНҮН АРТЫКЧЫЛЫКТАРЫ ЖАНА КЕМЧИЛИКТЕРИ

    • Бадам дарагы жер тандабайт. Кумдуу, таштак жерлерге да өстүрүүгө болот.
    • Тигүү жана ага кам көрүү жеңил.
    • Терип-жыйноо оңой.
    • Кургак жайда көпкө сакталат.
    • Баасы кымбат.
    • Салмагы башка мөмөлөргө караганда алда канча жеңил.


    1 ГЕКТАРДАН...

    Көчөт

    1 гектар жерге болжол менен 280 даана көчөт батат.

    280 түп х 200 сом = 56 000 сом

    Жер семирткич (3 жылга)

    Селитра – 20 килограмм х 20 сом = 400 сом

    Суперфосфат – 56 килограмм х 100 сом = 5600 сом

    Кык – 2 тонна х 1000 = 2000 сом

    Жалпы чыгаша: 56 000 сом + 8000 сом = 64 000 сом

    3-4 жылдан кийин ар бир түптөн болжол менен 3 килограммдан түшүм алууга болот. Бадам дарагы өсүп жетилгенге чейин бактардын ортосундагы аянтка жер-жемиш, жашылчаларды тигип киреше табууга болот.

    Киреше

    280 түптөн х 3 килограмм = 840 килограмм

    840 килограмм х 300 сом =
    252 000 сом

    252 000 – 64 000 = 188 000 сом

    Кирешенин суммасы бак өсүп жетилген сайын көбөйө берет.
    Бадам өстүрүү боюнча эң алдыңкы тизмеде АКШнын Калифорния штаты турат. Дүйнөлүк өндүрүмдүн 82 пайызын дал ушул штат өндүрөт


    Алынган булагы: "Супер инфо" гезити № 878 4.09.2019-жыл

  62. Алма-оруктун райондоштурулган жакшы тушум берген сорттору

    Жемиш дарактарынын эң көп түшүм берүүчү сортторун тигип, мол пайда көрүүгө болот. Жер шартына жана климатына жараша кайсы аймакта кайсы жемиштин сорту жакшы өсөт? Бул суроого Бишкектеги Энвер Гареев атындагы ботаникалык бактын мөмө-жемиш лабораториясынын илимий кызматкери, агроном Нурлан Албанов жооп берет. "Биздин ботаникалык бак мөмө-жемиш дарактарынын сортторун чыгарып, өстүрүп жана аларды элге сатып, жайылтып да келет" дейт ал.

    Гиластын кокон гилас, кызыл мөмөлүү, тянь-шань, сөөлдүү, магалеб гиласы жана башка сорттору бар. Кыргызстандагы негизги мекени – Кадамжай району. Анткени ал жакта Советтер Союзу учурунда түзүлгөн питомниктер калган. Эрте быша турганына май айында быша турган сортуорто быша турганына дрогандын сары жана кызыл гиласы, кеч быша тургандарына ленинград кара сорту кирет.

    Ленинград кара сорту Нарындан башка 6 облуста тең өсөт. Ысык-Көл облусунда Балыкчыдан тартып Ананьево айылына чейин өсүүгө жөндөмдүү. Андан ары суук болгондуктан өспөйт.

    Чүй облусунда гиластын бардык сортун тигүүгө болот. Талас облусунун Кара-Буура жана Манас райондору жылуу болгондуктан өсүп кете алат. Суук болгондуктан Нарын облусунда, Токтогул жана Тогуз-Торо райондорунда өспөйт. Түштүк аймактардын климаты каалаган сортун тигүүгө жол берет.

    Гиластын мөмөсүнүн чоң сортторуна кокон, дрогандын сары жана кызыл гиласы кирет. Майда бышуучу жана ленинград кара сортунун көлөмү орточо. Магалеб жана тянь-шань гиласынын мөмөлөрү кичине болот. Сөөлдүү гилас жапайы сортко киргендиктен мөмөлөрү эң эле майда. Булар Чаткал, Талас, Фергана, Алай тоо кыркаларында кездешет.

    Айта кетчү нерсе, гиластын көчөтүн алып жатканда анын алчага же чиеге кыйыштырылганын тактап суроо кажет. Анткени алчага кыйыштырылган көчөт отургузгандан кийин 3-4 жылда эле мөмө берип баштайт. 1 түбү 100 килограммдын тегерегинде түшүм берет.

    Чиеге кыйышытырылганы 9 жыл дегенде мөмөлөйт, бирок 1 түбү 130-150 килограммга чейин түшүм берет. Мунун тамыры абдан терең кеткендиктен кургакчылыкка көбүрөөк чыдамдуу.

    КАРА ӨРҮК (КАЙНАЛЫ)

    Кара өрүктөр негизинен 2ге бөлүнөт: кургатуу жана ашкана багытында.

    Кургатып сатуу багытындагы сортторуна венгерка домашняя (Аксы жана Ала-Бука райондорунда кеңири таралган), тулпар, уркуя, стенлей, таттуу жана елена кирет.

    Ашкана сорттору кыям, компот жасоого ыңгайлуу. Аларга юбилейный, солдатов, чуйская красавица, находка, памяти гареева (эң чоң мөмөлүү сорт) кирет.

    Талас жана Чүй облусунда кыргыз, превосходный, стенлей, Чүйдө анастасия, елена, кыргыз, уркуя, жибек сорттору жакшы өсөт. Таластыктарга кургатып сатуу үчүн стенлей сорту сунушталат. Мөмөсү нагыз чоң сортторун питомниктерден алып кетип тигүүлөрү керек. Нарын облусу үчүн суукка чыдамдуу чуйская красавица сорту сунушталат. Мунун көчөттөрү ботаникалык бактын Нарындагы филиалында элге сатыла баштады.

    Өрүктүн кургата турган сорттору кеч бышат жана аларга супхани (суукан, бышканда дарактын башында өзү кургайт), кандек, мирсанджели, исфарак сорту кирет. Булар Баткен облусунда кеңири жайылган. Ош, Жалал-Абад облустарында да жакшы түшүм берет. Ашкана сорттору болуп краснощёкий, советский, спитак кремовый (ак өрүк), эффект, королевский эсептелет.

    Чүйдө үшүк алып кетип, өрүктүн түшүмү жылда эле жакшы болбой калат. Таласта бардык түрүн өстүрө берүүгө болот. Ысык-Көлдө өрүктөр кечирээк гүлдөп, мөмө байлагандыктан үшүккө көп учурабайт. Андыктан башка аймактарда өрүк түгөнүп калганда бышып, суроо-талапка ээ. Көлдө мыкты түшүм алуу үчүн королевский, краснощёкий, спитак кремовый, эффект, супхани сортторун көбөйтүү керек. Мөмөлөрү эң чоңдоруна королевский, краснощёкий, спитак кремовыйды кошууга болот.

    АЛМУРУТ

    Алмуруттун бардык сорттору Нарындан башка облустарда өсө берет. Сатыкта жакшы өтө турган сортторуна киев, деканка, краснокутская, талгарская красавица, вильямс, лесная красавица, виктория кирет.

    АЛМА

    Алманын сорттору жазгы, күзгү, кышкы болуп 3 түргө бөлүнөт. Жазгы сортторунан грушовка (таш алма), күлгүн ашкана сорту, слава победителям, ред мельба, айчүрөк, белый наливди (ак алма) тиксе болот. Булар Чүй облусунда жакшы өсөт, эрте бышкандыктан сатып киреше табууга болот. Бирок көпкө сакталбайт.

    Күзгү сортторунан рашида, гареевдин күзгү алмасы, аламүдүн сортторун тигүү сунушталат.

    Кышкы сортторунан делишес, старкримсон, превосходный, голден делишес (сары алма), бишкек, александр апорту, крым кышкы алмасы, пальмира, фаворит, мутсу, гренни смит, жонатан, симиренкону тиксе утулбайт.

    Базарларда эң көп өтүмдүү сорту болуп старкримсон (өңү кара кочкул кызыл), превосходный, голден делишес, ред делишес (кызыл алма), мотсу (көк алма), симиренко, гренни смит саналат.

    Түштүктө бардык сортторун тигүүгө болот. Таласта старкримсон, превосходный, голден делишес көп түшүм берет. Ысык-Көлдө александр апорту, алматы алмасы, шампан чачырандысы, курск алтын алмасы (мөмөсү чоң кызыл, узакка сакталат) жакшы өсөт жана базарларда абдан баалуу болот. Нарын облусуна гареевдин күзгү алмасы, салтанат (жайкы алма), голден делишести (кышкы алма) өстүрүүгө болот. Бул иш тажрыйбада сыналып көрүлгөн.

    КӨЧӨТТӨРДҮ КАЙДАН АЛУУГА БОЛОТ?

    Жемиш бактарынын жогоруда айтылган сортторунун көчөттөрүн Кадамжайдан, Бишкектеги Гареев атындагы ботаникалык бактан, Мадина базарынын жанындагы жана Байтик айылындагы жеке питомниктерден, Ысык-Атадагы питомниктен сатып алышса болот. Баалары 150-250 сомдун тегереги.

    Алыс жактан алынып келинип сатылган көчөттөрдүн тамыры ташып жүрүүдө зыянга учурашы же үшүп калышы мүмкүн. Андайлар куурап калат. Андыктан питомникке барып жаңы каздырып алып кетсе, анын көктөп кетишине кепилдик бар.

    Алынган булагы: "Супер инфо" гезитинин № 853 саны март 2019-жыл


  63. ЖЫГАЧТЫН КУЛУ -ЖАШЫЛЧАЛАРДЫ ЗЫЯНКЕЧТЕРДЕН, ИЛДЕТТЕРДЕН САКТАЙТ

    Очокко же тандырга жагылган жыгач отундун күлү эгиндер үчүн пайдалуу. Анткени анын курамындагы кальций, фосфор, магний, кремний, күкүрт, бор, марганец жана башка заттар жыгач күйгөндөн соӊ күлгө өтөт. Аталган заттар өсүмдүктөрдүн өсүүсү үчүн азык болуп берет. Болгону таштандылар аралашпаган таза күлдү колдонуу кажет. Күл ошондой эле кышкыга деп сакталган жер төлөдөгү жашылчаларды чирип кетүүдөн сактайт.

    Кулдун курамы кайсы осумдуктон алынганы да маанилуу.

    Кщл

    Негизги элементтердин курамы, %

    Фосфор

    Калий

    Кальций

    Жазы  жалбырактуулар

    3,5

    10,0

    30,0

    Ийне жалбырактуулар

    2,5

    6,0

    35,0

    торф

    1,2

    1,0

    20,0

    Малдын тезеги

    4,8

    11,3

    8,5

    Дан осумдукторунун саманы

    4,0-8,0

    10,0-20,0

    4,0-8,0

    Кун караманын паясы

    2,5

    36,0-40,0

    18,0-19,0

    Кальцийдин карбонаты

    Кулду колдонуудан осуунун тездеши, ит жузум уруусундагы осумдуктордун бышышы тездейт. Кальцийдин карбонаты (CaCO3) – зат алмашуу процессин тездетет, биохимиялык процесстерди нормалдаштырат

    Кальцийдин сульфаты (CaSO4)

    Кальцийдин сульфаты суперфосфат минералдык жер семирткичинин курамында бар. Кулдун курамындагы кальцийдин сульфаты кучтуу таасир бербесе да осумдукко узак убакытка таасирин тийгизет. Кочотторду остуруу, жашыл массаны кобойтуудо аш кок, кок пияз, тармал кок чопкол жакшы таасирин берет.


    Кальцийдин хлориди – CaCI2  таасири

    1. Сактоого коюлган алманы чируудон сактайт
    2. Помидордун момосунун карайып калуусунан.
    3. Сабирдин  жарылып кетишинен
    4. Сактоого коюлган картошканын чируусунон жана карайып калуусунан
    5. Жузумдун момосунун сабагынан эрте узулуп тушуусунон
    6. Кулпунайдын экинчи тушумунун пандап, кок басып кетишинен

    Жыгачтын кулун колдонуу артыкчылыгы – арзан жана колдо бар зат.  Негизинен кул кошумча азык катары колдонулат.  Зыяндуу курт-кумурскалар менен курошуудо колорадо конузунун малагын,  улул, осумдук биттерге каршы колдонулат.

    Чарбада колдонула турган кулду атайын каптарга салып кургак жерде сактоо ылайыктуу.

    Мөмө-жемиш даракта­рына, жашылчалардын көчөтүнө. Көп жылдан бери өсүп турган чоӊ дарактардын ар би­ринин түбүнө жазгысын 1 килограммдан таштоо зарыл.
    Көчөттөрдү отургузууда ар бир түпкө электен эленген күлдөн 1 аш кашыктан салуу талапка ылайык. Бул топурактагы оору чакыруучу микроорганизмдердин көбөйүп кетүүсүн алдын алат жана жаш көчөткө азык болот.
    Картошкага. Картошканы отургузардан мурун ар бир чуӊкурга 4 аш кашыктан, ал эми түбүн чаап жумшартуу учурунда ар бир түбүнө 2 аш кашыктан таштоо кажет.
    Жер төлөдөгү жашылчалар чирип кетпеши үчүн. Жер төлөнүн бурчтарына кышкысын сакталсын деп салынган картошка, түрп, сабиздер чирип кетпеши үчүн күл себилет.
    Үлүлдөрдү качыруу үчүн. Эгер огородуӊузга тигилген болгар калемпирин, помидорду жана башкаларды үлүлдөр жеп башташса, анда жөөккө жана жөөктөрдүн тегерегине күлдү себелеӊиз.
    Мөмө дарактарды жана жа­шылчаларды зыяндуу курт-ку­мурскалардан сак­тоодо. 300 грамм күлдү элеп алып, аны 3 литр сууга кошуп 30 мү­нөт жай отто кайнатуу керек. Кайнагандан кийинки калган аралашманы сүзүп, 10 литр суу жана алдын ала эзилген 1 самынды кошуп, кечкисин дарактарга, жашылчаларга чачуу сунушталат.


  64. Эгерде топуракта калий жетишпесе осумдукко карап аныктоого болот. Осумдуктун жалбырагынын четтери курон тусто болуп куйуп калгандай болуп калат. Ал эми томонку жалбырактарында сары тактар болот. Мындай болгон учурда кулду сууга эритип кошумча азыктандыруу керек. Кулдо 30 дан ашык ар турдуу микроэлементтер бар, бирок азот жок.

    Минералдык жер семирткичтердин ичинен кулго тен келе турганы жок.

    1 кг жыгачтын кулу:

    • 240 г хлордуу калийди,
    • 220 г гранул суперфосфаты
    • 500 г акиташты алмаштыра алат.
  65. Туура эмес тамактануу боюнча Кыргызстан 3 орунда турат

    «Global Burden of Disease Study» («Ооруларды изилдөө боюнча глобалдык милдет») аттуу эл аралык изилдөө Европа менен Борбор Азияда туура эмес тамактануудан өлгөндөрдүн саны боюнча Өзбекстан, Түркмөнстан жана Кыргызстан баарынан алдыда турарын жарыялады.

    Эл аралык изилдөөгө катышкан германиялык профессор Стефан Лорковски ушул өлкөлөрдө

    • кант диабети,
    • ашык салмак,
    • жүрөк-кан тамыр ооруларынан өлгөндөрдүн саны башкалардан көп экенин билдирди.                                                                                       Дал ушул ооруларга туура эмес тамактануу башкы себепчи экени, ага биринчи кезекте мамлекетте жашаган элдин киши башына эсептей келгенде ак ундан жасалган азыктар, малдын майлуу эти жана кумшекер көп керектелиши түрткү берип жатканы статистикалык маалыматтарга негизделип баяндалган.
    • Өзбекстанда туура эмес диетадан көз жумгандар жүз миң кишиге 394 адам болсо
    • Түркмөнстанда 376,
    • Кыргызстанда 350 адамга жеткен. 
  66. Ашыкча жана туура эмес тамактануу ден соолукка терс таасир тийгизет. Адамдардын 90 пайызы туура эмес тамактануунун айынан түрдүү ооруларга кабылат. Анда кайсы азыкты үзбөй көп кабыл алуудан кайсы оору жараларына назар салыңыздар.

    Майлуу тамактар төмөнкү ооруларды жаратат

    • Зат алмашуу бузулат, атеросклероз, семирүү жаралат. Семирүүнүн аягы кант диабетине алып келет.
    • Иммунитет төмөндөйт, магний организмден көп бөлүнүп чыгып, онкологиялык оору жаралат.
    •  Ашказан, ичеги, өт оорулары пайда болот. Ал эми өтүндө, бөйрөгүндө ташы барлардын оорусу күчөйт.
    • Артрити барлардын муундары ооруп, шишийт.
    • Кан басым көтөрүлөт, геморрой, варикоз оорусу күчөйт.
    • Боорго күч келип, оорунун жаралышын шарттайт.


    Туздуу тамактар

    • Кан тамырлар серпилгичтигин жоготот, көздөн жаш агуу күтүлөт жана беттин өңү бузулат.
    • Бронхит, астма оорусу күчөйт. Жөтөлүү жана муунуу айланы кетире баштайт. Ашказандын рагы келип чыгышы ыктымал.
    • Туздалган балыкты көп кабыл алуудан кулак, мурун, тамак оорулары жаралат.
    • Ачуу тамакты көп колдонуудан тери кургак тартып, түлөй баштайт. Чач акырындап түшө баштайт. Тырмак морт болуп, кабатталат.
    • Кычкыл тамакты көп ичип-жегенден булчуңдар ооруйт, ооз, эрин жарылат.
    • Мурчту кош бойлуу аял көп колдонсо, бойдон түшүү коркунучу бар. Ар кандай жаралар чыгат.
  67. Чесночный ликер от кучи болезней!

    В прозрачную бутылку положить 12 зубчиков чеснока, каждый разделенный
    на 4 части. Залить тремя стаканами красного вина. Закрыть и поставить на окно,
    на Солнце на две недели. Каждый день взбалтывать 2 - 3 раза. По окончании срока,
    процедить и перелить в темную бутылку.

    Принимать этот ликер необходимо по чайной ложке три раза в день в течении
    месяца. Просто чудодейственное средство, чтобы вывести соли из организма, повысить работоспособность, очистить кровь, улучшить иммунитет, укрепить сосуды.

    Очень сильно укрепляет сердце, очищает кровь и тонизирует организм. Убирает лишние жиры и улучшает обмен веществ. Незаменим от женских болезней и воспалений. Мягко очищает весь организм от вредных отложений.

  68. Сабиз өтө пайдалуу
    Сабиз ашказанды тазартып, ичти жумшартып, боор оорусун айыктырат

    Боор оорусу өтө жугуштуу оору болуп эсептелинет. Аны айыктырууда күнүмдүк турмушта иштеле турган азыктуу заты көп жашылчаны, өзгөчө сабизди дары катары пайдаланууга болот. Сабиз көбүнчө ашказанды тазартат. Ичти жумшартат. Какырык пайда болгон жөтөлдү басаңдатат. Боор оорусун айыктырат.
    Сабиздин курамында май белогу, кант, А, В, С витаминдери, алма кычкылы сыяктуу адам денесине керектүү болгон заттар бар. Сабиздин жогоруда айтылган касиеттеринен пайдаланып аны менен боор оорусун дарылоодо жакшы ийгиликке жетишүүгө болот.

    Боор оорусу менен ооруган киши сабизди көбүрөөк жеш керек. Аны жештен мурун жакшылап таза жууп кыргыч менен кырып суусун чыгаргандан кийин 1 кг сабиз суусуна 2 кг кум шекер аралаштырып коюу болгончо жалынга кайнатат. Натыйжада ал сабиз шербети болуп чыгат. Андан күнүнө 20 граммдан 30 г чейин ичип жүрсө боорго пайда берет.
    Экинчи ыкмасы сабизди майда кырып кесип, шекер кошуп сабиз ширесин даярдап күнүнө тийиштүү өлчөмдө жесе да абдан пайдалуу болот. Эгер жогорудай дары даярдоого мүмкүнчүлүк болбосо сабиздин өзүн сууга бышырып жесе да же анын суусун ичсе да боор оорусуна , ошондой эле эски жөтөл жана ашказан оорусуна пайда болот. 

    Кочконов М

  69. Алманын пайдалуу жагы өтө көп.Дагы эле алма жөнүндө кеп уланат
    Дезинфекциялык касиети. Алманын фитонциддери дизентерия, алтын стафилококк, протея, грипп оорусунун А вирусуна активдүү келип алар менен күрөшөт. фитонциддер антиоксиданттык, дезинфекциялык касиетке ээ болуп, ооз көңдөйүн тазалоого жардамдашып, тиштерди кариестен сактап, ооздон чыккан жаман жыттан арылтат. Чала бышкан алмалардын дезинфекциялык касиеттери жакшыраак болот.
    Алмалар организмди шлактардан жана токсиндерден тазалайт. Пектиндер оор металлдардын туздарын байлап (мышьяк, свинец) организмден чыгарат. Заара кычкылынын пайда болуусуна тоскоолдук кылат. Ошондуктан алар подагра, ревматизм ооруларына пайдалуу. Заара чыгаруучу касиеттерге ээ болуп, ал дагы органимздин зыяндуу заттардан арылуусуна көмөкчү. Алманын курамында хлороген кычкылы болгондуктан, ал пектин менен биргеликте шавел кычкылынын туздарынан (оксалаттар) арылтууга дагы жардамчы.

  70. Иммунитетти бекемдөөчү үч суусундук

    Күнү бою сергек жүрүшүбүз үчүн, жана оорубай саламата болуш үчүн бул суусундуктун пайдасы өтө мол. Ошондуктан эртең менен кофе эмес, ушул суусундукту ичип жүрүңүз.

    1. Лимон + жалбыз

    Жалбыз табигый антибактериалдык өсүмдүк болсо, лимон күч-кубат берип, иммундук системаны бекемдейт.
    Суусундукту даярдоо үчүн жалбыз жалбырактарынын үстүнө кайнаган сууну куюп, карым лимон ширесин кошуңуз.

    2. Лимон + анар

    Анар – күнүмдүк турмушта колдонуш керек болгон витаминдердин 40 пайызын түзөт!
    Ооруп калууга каршы касиетке да ээ болгондуктан сасык тумоо, суук тийүү жана башка вирустук ооруларды болтурбайт.

    3. Лимон + имбир

    Имбирь зат алмашууну, тамак-аш сиңирүүнү жакшыртып, иммунитетти бекемдейт. Имбир тамырынын аз гана бөлүгүн майдалап турап үстүнө кайнаган суу куюп, лимон ширесин кошуңуз. Бал кошуп, суусундукту таттуу кылып алсаңыз да болот

    ИНТЕРНЕТ БУЛАГЫНАН АЛЫНДЫ

  71. АНАР
    Бийиктиги 6 метрге чейин жеткен бадал. Жемиши катуу кабык менен капталып рубин түсүнө ээ, ал эми анын ортосу чел кабык каптаган ширелүү дандарга (400-700 даана) толгон. Анардын мекени катары тарыхта Түндүк Африка менен Орто Азия айтылып жүрөт. Аны өтө көп өстүргөн өлкөлөргө Крым, Иран жана Грузия кирет. ПайдалуулугуАнардын дээрлик бардык бөлүгү: кабыгы, чел кабыгы, дандары жана маңызы пайдалуу болуп саналат. Себеби, анын курамы организмге бул же тигил жактан жакшы жардам бере турган витаминдерге, минералдык заттарга, туздарга жана микроэлементтерге бай келет. Тагыраагы, анарда клетчатка, глюкоза, фруктоза, лимон, алма кислоталары, азоттун кычкылы, кальций, магний, калий, марганец жана натрий бар. Булардын пайдасы тийиши үчүн адам аталган жемишти жаңы түрүндө, шире, кыям, сироп, шарап жана балмуздак түрүндө жесе болот.
    Калориялуулугу·
    100 г анар маңызында 62-79 килокалорий бар·
    100 г анар ширеси 42-65 килокалорийге барабар
    ЗыяндуулугуАнардын кабыгында анча көп эмес, бирок, күчтүү болгон уулуу зат – алколоид бар. Ошон үчүн аталган жемишти ден соолукту чыңдоо максатында колдонууда этиеттик өзгөчө зарыл. Башкача айтканда, көрсөтүлгөн өлчөмдө гана кабыл алуу керек. Болбосо кан басым көтөрүлүшү, баш айланышы, көрүү начарлашы мүмкүн.
    Анар жана ден соолук
    Анар ширеси табитти жакшыртат;
    - Аз кандуулук менен күрөшүүдө 2 ай бою күнүнө 3 маал тамакка чейин 0,5 стакан жаңы сыгылган анар ширесин ичсе болот; Анардын дандарын артериалдык кан басым чукул төмөндөп кеткен жагдайда жеш керек;
    - Анардын ичиндеги дандарын каптаган чел кабыктарды кургатып, чай катары демдеп ичсе нерв системасын тынчтандырат жана түн уйкуну жакшыртат;
    - Атеросклероздон, өнөкөт баш оорудан арылуу үчүн үй шартында сыгылган анар ширесин ичип туруу зарыл;
    - Ооруп турган тишти бал менен аралашкан анар дандарын жеп басууга болот;
    - Инфекциялык оорулардан тезирээк айыгуу үчүн тиешелүү дары-дармек менен бирге жаңы бышкан анарды жесе болот;
    - Анар ширеси организмди уулануудан коргойт. Мындай максатта аны радиоактивдүү өнөр-жайларда иштегендер же ушундай зонада жашагандар колдонушу керек;
    - Чүчөктөн арылуучу эң жакшы каражат катары эсептелет. Ал үчүн анардын 40-50 г майдаланган кабыгын 400 г муздак сууга 6 саат чылап, анан жай отто 200 г суу калгычакты кайнатуу керек. Муздаган соң марлядан сүзүп жиберип, суусун бир сааттын ичинде бөлүп-бөлүп ичип, 4-5 сааттан кийин клизма жасоо зарыл;
    - Сынган жерлерди батыраак калыбына келтирүү үчүн анардын майдаланган кабыгы менен алоэ ширесин аралаштырып сүйкөгөн жакшы;
    - Ангина болуп жаткан маалда анар ширеси же анын майдаланган кабыгы (1 чай кашык) чыланган ысык суу (1 стакан) менен тамакты чайкаса, чыдаткыс оору басылат жана инфекциялар өлөт;
    - Анар инсулинди алмаштыруучу сапатка да ээ. Ал үчүн кант диабети менен ооруган шартта жана канда кант жогору болуп турганда күнүнө 4 жолу 60 тамчыдан анар ширесин тамакка чейин ичүү керек. Үчүнчү күнү кант нормага түшөөрү бышык. Анар жана сулуулук Теринин майлуу же безеткилүү болушун анар маскасы менен калыбына келтирсе болот. Ал үчүн анардын кургатылган жана майдаланган кабыгын бир аз кууруп, муздаган соң ага ылайыктуу кылып оливка майын кошосуз. Аралашманы муздаткычта сактап, андан жумасына 2 жолу бетиңизге 10-15 мүнөткө жаап турасыз;
    - Бетиңиздин териси жагымдуу болушу үчүн 1 чай кашыктан анар ширеси менен каймакмайды аралаштырып, 10-15 мүнөткө маска катары сүйкөсөңүз болот; Бетиңизди агартууну кааласаңыз, анда төмөнкү масканы жасаңыз. Алгач 2 аш кашык жаңы сыгылган анар ширесин 1 аш кашык каймакмай жана 0,5 аш кашык лимон ширеси менен аралаштырып, бетиңизге жабыңыз. Анан 15 мүнөттөн соң салкын сууга жууңуз;
    - Анар майлуу чачты калыбына келтирүүдө натыйжалуу каражат. Ал үчүн идишке бир даана чоң анардын ширесин сыгып, ага бир стакан таза аракты, анча чоң эмес бир лимондун ширесин, бир аш кашык сабиз ширесин жана бир аз балды кезеги менен кошосуз. Жакшылап аралаштырган соң бул массаны бөтөлкөгө куюп, капкагын бекем жаап күн тийбеген жана муздак жерге 10 күн тыныктырасыз. Анан чачты жууганга 20 мүнөт калганда масканы коюп турасыз;
    -Беттин терисиндеги кара чекиттерди жана сепкилдерди жаңы сыгылган анар ширеси менен сүртүп отуруп азайтса болот. Бирок, бул ыкма териси кургак адамдарга тиешелүү эмес.
    Анарды кантип тандоо керек?
    Нормалдуу анардын кабыгы купкургак, ал эми ичи ширелүү болот. Ал үчүн сырткы кабыгы жылмакай эмес, тескерисинче бир аз бүдүрлүүсүн сатып алсаңыз, жаңылбаган болосуз. Ал эми кабыгы жылмакай жана жагымдуу анар убагынан эрте үзүлгөн болуп саналат. Кабыгынан сырткары жемиштин нормалдуу экенин анын гүлдөгөн жеринен билүү керек. Так айтканда, гүлдөгөн жери жашыл тартып турган анар эскирип калган. Ошол эле маалда эскирбеген анар катуу болушу зарыл.

    Нура Нура


  72. Пияздын ден соолукка пайдасы

    1. Пияз дене табын түшүрөт

    Өзгөчө балдардын ден соолугуна пайдасы мол. Эгер дене табыңыз көтөрүлүп турса, пиязды кесип, алма уксусуна салыңыз. Артынан бир нече тилимин кулагыңыздын үстүнө, байпагыңыздын ичине салып коюңуз. Ушундайча дене табы тез түшөт.

    2. Инфекцияны өлтүрөт
    Эң алгач, пияз пастасын даярдап алуу керек. Ал үчүн нандын үстүнө сүттү кайнатып куюңуз. Бетине пиязды майдалап ботко болгончо өткөрүп алыңыз. Артынан жаранын үстүнө сүйкөңүз. 2-2,5 саат турса, жетиштүү. Бул ыкманы инфекция толугу менен зыянсыздандырылганча кайталооңузга болот.

    3. Канды токтотот
    Бир жериңизди курч нерсе менен тилип алсаңыз, ошол жерге дароо пиязды марлиге ороп коюңуз. Тырык калбоо үчүн дагы бул ыкманы бир нече ирет кайталоого болот.

    4. Күйүктү дарылайт
    Күнгө каттуу күйсөңүз, териңиздин үстүнө пияз коюңуз. 2 мүнөт жетиштүү болот. Ошону менен бирге, күйгөн жерге жумуртканын белогун сүйкөңүз, тырык калбайт.

    5. Жөтөлдү айыктырат
    Пияз суусунун жөтөлдү айыктырууда пайдалуу. Сууну иче албагандыктан, бир нече бөлүккө, бөлүп, кулагыңыздын үстүнө коюңуз. Ушундайча, пияз суусу кан менен араашып, жагымсыз жөтөлдү токтотот..

  73. (Редька)ТҮРП - ҮЙ ДАРЫГЕРИ

    Түрптү гректер «Кудай жөнөткөн белек» деп баалап, алгачкылардан болуп өстүрүп пайдаланып келишкен. Бүгүнкү күндө анын жашыл, кара өӊдөгүлөрү жана дайкон, лобо түрлөрү дүйнө элдеринде кеӊири пайдаланылып, мындан ар кандай салаттар, ысык тамактар жасалып келет. Анда бул жашылча менен жакындан таанышып алалы.
    Пайдасы:
    Түрптүн курамында кишинин организмине керектүү элементтердин топтому бар. Башка жашылчаларга салыштырмалуу мында минералдык туздар, йод, кальций, темир, калий жана фосфор көп. Бул элементтер кан басымды түшүрүп, жүрөк булчуӊдарын бекемдейт, кандагы канттын өлчөмүн нормалдаштырат.
    Курамындагы фитоциддер мээни кычкылтек менен камсыздоого жардам берсе, каротин көздүн көрүүсүн жакшыртат.
    Дарыгерлер түрптү жеӊил антибиотик катары баалашып, сасык тумоодо, бронхит, пневмонияда менюга кошууну сунушташат.
    Курамында эфир майы болгондуктан шилекейди көбүрөөк бөлүп чыгарып, тамактын бат сиӊишине өбөлгө болот, табитти ачат.
    Заара кубалоочу касиетке ээ болгондуктан дарыгерлер боорду тазалоодо жана өнөкөт гепатитте түрптөн жасалган салаттарды сунушташат.
    Түрптүн 88 пайызы суудан тургандыктан калориясы аз. Андыктан арыктайм деп максат кылгандар түрп менен достошкону туура болот.
    Түрптүн курамында С, РР, В, В6, В2 витаминдери бар.
    Эскертүү!
    Ашказан жарасы, ичеги ооруларында, гастрит, жүрөк ооруларында жана кош бойлуулар чени менен пайдаланганы дурус.
    Түрптү көп өлчөмдө жеп алганда айрымдарда ич көптүрүүнү жаратат.
    Ден соолукта болуп оорубаңыз окурманым
    Ден соолук жана пайдалуу кеңештер группасы
    Мелис Кочконов


  74. Чырмоок. Элдик даарыгерлер чырмоокту майдалап,мурундун кенилжээрин дарылоодо тутунун пайдаланышкан.Айрым учурларда шашкалактоонун негизинде Бир жеринди кесип алсан,анда чырмооктун жалбырагын майдалап, ошол жерге кошо танып салсан тез айыгат .Мин тамыр менен бирдей олчомдо алып, ашказандын жарасына пайдаланса болот.


  75. Алмурут
    Озгочо журокко ото пайдалуу.Анда 36%суу,алма кислотами ,жемиш шекери, глюкоза сыяктуу заттар бар. Мындан тышкары белок, кальций, фосфор,Темир B,C, витаминдери бар.
    Аны ар дайым жеп жургон адам туберкулёз ,тамактын сезгениши,кан басымы жогорулаган,журок оору, бойроктун сезгенуусу дагы ушул сыяктуу ооруларга чалдыккан болсо жардамы тийет,оорусу женилдейт.

  76. АНАРДЫН ПАЙДАСЫ
    ==================
    Кыш келгенден тартып, дүкөндөргө, базарларга көптөгөн экзотикалык мөмө жемиштер чыга баштайт. Алардын катарында чыгыштан келген анар дагы бар.

    Анын пайдасы тууралуу бир ооз сөз.

    1. Каны аздарга абдан пайдалуу, анын гемоглобинин көбөйтөт. Анардын курамында "темир" бар. Жакшы эффект бериш үчүн бир күндө жок дегенде бир анарды жеш керек.

    2. Ич ооруганда, анардын кабыгын майдалап,200 мл сууга салып, 15 мүнөт кайнатыш керек. Ал муздагандан кийин бир чай кашык шекер салып даярдап алып, күнүнө бир кичине кашык менен 3-4 жолу ичип туруш керек.

    3. Анардын согунда агартуучу зат бар. Андыктан, бетке маска катары колдонсоңуз болот.

    4. Ысытма жогорулап кеткенде, анардын ширесин колдонуңуз.

    5. Анардын ширеси менен оозду чайкап турсаңыз, жагымсыз жыттардан арыласыз

  77. Кызылча – бул теринин картаюусуна каршы эң керектүү азыктардын бири.
    Капустанын курамындагы лютеин аттуу зат бырыштар менен күрөшө алат. Эгерде кандайдыр бир жыйынтыкка ээ болууну кааласаңыз күнүнө 57 грамм капуста жеп турушуңуз шарт.

    Буурчак өсүмдүктөрү. Соя, буурчак, маш биздин организмде гиалурон кычкылы деп аталган карылыкка каршы заттын иштелип чыгышын шарттайт. Адам төрөлгөндө анын организминде бул кычкыл жетиштүү өлчөмдө болуп, наристелердин терилери жылмакай болот. Жаш өткөн сайын ал азаят. Ошондуктан күнүнө жок дегенде 2 кашык буурчак өсүмдүгүн колдонуу зарыл.

    Үндүктүн эти. Бул этте тери үчүн маанилүү деп саналган карнозин белогу бар. Эгер бетиңизде «каз тамандардын» пайда болуусун каалабасаңыз, жумасына 2-3 жолу үндүк этин жеп туруңуз.

    Кара өрүк. Бул жемиш организмдин картаюу процессин жайлатуучу азыктардын бири болуп саналат. Жаңы үзүлгөнүнөн болобу, кургатылганынан болобу, күнүнө 5-6 даанадан жеп туруу зарыл.

    Шоколад. Какаону пайдаланган соң кандын жүрүшү жакшырат. Ал эми кара шоколаддан көп жесеңиз, ал теринин бирден бир душманы болгон ультра-кызгылт нурлардан сактайт.


  78. Чеснок менен сүттүн кайнатмасы- астма, сарык, жүрөк, учук ооруларына дары.


    Көптөгөн жашылча-жемиштердин да бир топ дарычылыгы бар. Төмөндө адамдын жалпы саламаттыгына эң керектүү дары суусундугунун рецеби. Бул суусундук жылуу сүт менен чесноктун майдасынан жасалган.

    Даярдоого керектүү азыктар: 500 миллилитр сүт, чесноктун арчылып майдаланган он бөлүгү, 250 миллилитр суу.

    Даярдоо ыкмасы:

    Мискейди алып ага сүттү куюп, анан чеснокту кошуп, отко коёсуз. Аралашма кайнагыча күтө туруңуз. Аралаштырганды токтотпой туруп, отту азайтыңыз. Жарымына чейин бууланмайынча аралаштыра бересиз. Аралашмага шекер кошуңуз жана муну ысык бойдон ичсе жакшы.

    Пайдалуулугу:

    Астма — эгер күнүнө үч тишче (зубчик) чеснокту ар күнү уктаар маалда жесеңиз, астманын симптомдору жеңилдейт

    Пневмония — чеснок кошулган сүттү күнүнө үч ирет ичсеңиз, пневмониядан айыгып кетесиз.

    Жүрөк ооруларына — бул суусундук холестеринди азайтат, тромбдун пайда болушунун алдына алат, муну менен жүрөк-кан тамырдын иштешин жакшыртат. Эгер, сиз сүт менен чесноктун аралашмасын даярдасаңыз, анда майы аз сүттөн жасасаңыз жүрөк ооруларына жакшы.

    Сарык — чеснок организмдеги жаман токсиндерди айдап чыгат. Анткени, чеснок боордогу ферменттерди активдештирет.Бул ингредиенттер боордун май дистрофинине укмуш эффект берет. Ал өзүнө иллицин менне селендин чоң запасын алып жүрөт. Эгер, сиз бул аралашманы 4-5 күн колдонсоңуз, сарыктан толук айыгасыз.

    Артрит — сүт менен чеснокту күнүнө колдонсоңуз, артриттин симптомдорун жана ооруну азайтасыз.

    Уйкусуздук— аралашма тынч уктоону камсыздайт, анткени чеснокто нервди тынчтандырган бирикме бар.

    Жөтөл— бул аралашма куркума менен кошулганда дайымкы жөтөлгө жакшы. Чеснокто бактерияга каршы укмуштуудай эффект бар. Бул жөтөлгө жардам. Булардын үстүнө балды кошсоңуз андан бетер жакшы.

    Өпкө туберкулезу — бул аралашма көкүрөк клеткаларынын оорусун айыктырууга пайдалануу. Чесноктогу сера компоненттери бул ооруга каршы пайдалуу. 240 миллилитр сүткө жана бир литр сууга 1 грамм чеснок кошуп жасайсыз. Бул аралашманы 1 күндө 3 жолу ичесиз.

    Холестерин — эгер сиз жылуу сүт менен чеснокту 1 жума ичсеңиз, жаман холестеринден (ЛПНП) арылып, липопротеинди (HDL) организмде көбөйтө аласыз.

    Тамак сиңирүү системасы — чеснок андан тышкары иммунитетти жакшыртып, тамак сиңирүүчү системаны жөнгө салат. Мындан тышкары чеснок импотенцияга да пайдалуу. Эркектер менен аялдарды тукумсуздуктан арылтат.

    Окуп жана бөлүшүнүздөр##https://ok.ru/group/53470710661203

  79. РАКТЫ АЙЫКТЫРГАН КЕРЕМЕТ СУУСУНДУК!

    Бүткүл Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун берген маалыматына ылайык, дүйнө жүзү боюнча калктын 30 пайызы рак илдетине кабылышат жана алардын ичинен 20 пайызы беш жыл аралыгында аталган рак оорусунан көз жумушат.

    Рак - бир гана клеткадан өсүп чыгат. Адамдын организми болжол менен 15 миллион клеткадан турат. Нормалдуу клеткалар мыйзам ченемдүүлүк менен өсөт, бөлүнүп көбөйөт жана убактысы келгенде өлөт. Бул процесс организм тарабынан катуу көзөмөлгө алынып турат. Бирок физикалык (күндүн ультра-фиолет нурлары, радиация) , химиялык факторлор (канцерогендүү кошундулар: түтүн, ыш, цемент, асбест, кийим менен идиштеги химиялык кошулмалардын көптүгү), биологиялык факторлордун (вирустар) таасири менен дененин бир жериндеги клетканын түзүлүшүн өзгөртөт. Мындан улам клетка көзөмөлсүз бөлүнүп көбөйө баштайт.

    Дал ушул мезгили жетсе да, өлбөй көбөйө баштаган клетка "рак клеткасы" деп аталат. Мындай клетка бөлүнүп көбөйүп отуруп, шишикти пайда кылат. Шишикти дарылап жок кылбаса, акырындап башка органдарга жайылып кетет. Рак залалдуу жана залалсыз болуп экиге бөлүнөт Залалсыз шишикке кабылгандардын 95 пайызынын дарылануу менен толук сакайып кетүүгө мүмкүнчүлүктөрү бар. Ал эми рак илдетине чалдыккан СЕТО аттуу жаран аталган илдеттен толук айыккандыгын жарыя кылган. Ал айткан бул керемет суусундук тууралуу билип коюу арзый турган маселе.

    Сето бул суусундук жөнүндө ачык айткысы келет жана рак илдети менен жабыркаган адамдардын көңүл буруусун каалайт. Керемет суусундук адамзаттын организминде пайда боло баштаган жаман торчолордон сактайт жана алардын өсүшүн токтотот. Сето өпкө рагына кабылган учурда, ага бул керемет суусундукту атактуу Кытайдын дабагери сунуштаган. Ал бул суусундукту үч ай боюу ичип жыйынтыгында анын ден-соолугу толугу менен калыбына келип жагымдуу саякатка чыгууга даяр болгон. Ошондуктан ал бул керемет суусундук тууралуу башкалар менен да бөлүшкүсү келген. Албетте рак илдетинен айыккандык, чындыгында керемет эмей эмне.

    Керемет суусундукту даярдоо ыкмасы: Кызылча- 1 даана Сабиз- 2 даана Алма- 1 даана Кызылча, сабиз жана алманы таза жууп, кабыгы арчылат. Кесимдерге бөлүп, шире сыккычтан өткөрүп, андан чыккан ширеи дароо ичиш керек. Өзүңүздүн табитиңизге жараша лайм же лимон кошуп ичсеңиз да болот

    . Керемет суусундук төмөнү ооруларга натыйжалуу дары боло алат:
    1- Рак торчосунун өсүүн алдын алат жана токтотот.
    2- Боор, бөйрөк ооруларын жана ашказан жарасын айыктырат.
    3- Өпкөнү чыңдайт, жүрөк- кан тамыр ооруларынын алдын алат жана кан басымын жөнгө салат.
    4- Иммунитетти көтөрөт.
    5- Көздүн көрүүсүн жакшыртат.
    6- Дененин физикалык жактан ооруп, чарчаганын жоготот.
    7- Организмди керексиз заттардан тазалайт. Ич катууну жөнгө салат.Теринин келбетүү кылып жаркыратат. Организм жеңил кабыл алат жана ашыкча салмактан арылтат. Ал эми керемет суусундукту ичкенден эки жума өткөндө алгачкы ийгиликтүү жыйынтыктары билине баштайт.

    Маанилүү жагдай: Даярдалган керемет суусундукту эрте менен ач карын дароо ичүү керек. Андан соң бир сааттан кийин гана тамактана берсе болот. Эгер жыйынтыкка тезирээк жетүунү кааласаңыз анда бир күндө эки маал ичиңиз. Эртең менен ачкарын, кечинде кечки бешке чейин.

    1. Мыктыбек, сен берген маалымат абдан пайдалуу. Эч кимдин ден соолугу оорудан жабыркабасын.

      Колдо бар,  арзан, пайдалуу азыктарды пайдалануу менен ар кандай дарттын алдын алуу жакшы нерсе, кимгедир бул нерсе жардамын берсе чон комок корсоткон болобуз, рахмат.


      1. Рахмат мен учунда башкалардын ден-соолугу маанилуу

  80. КҮМҮШ, ДЕН СООЛУККА ПАЙДАСЫ

    Күмүш кашыктын ден соолукка пайдасы жогору. Ал ар кандай бактериялардан коргоп, ашказан жана ичегилерге жардамга келет.
    Айрыкча бул металлды адамдын организмине кантип жеткирсе болот? Муну жеткирүүнүн эң оңой жолу, күмүш кашыктарды колдонуу болуп саналат. Күмүш кашык менен тамак жеген учурда, анын иондору адамдын организмине кирет. Эгерде кашыгыңыз канчалык жешилсе, ошончо иондор сиздин организмге кирген болуп саналат. Күмүш суу, сууга бир сутка салып коюп, ичсе да болот. Күмүш кашык бир гана оорулардын алдын албай, организмдеги бактерия жана токсиндерди бөлүп чыгарат.
    Ушуну интернеттен окугандан кийин, ушул кашыкты таап келип, эмне ичсем, салып коюп , ичип жүрөм. Ичегилерим 97 чи жылдан бери бурап ооручу эле, ооруганда башым айланып кетчү. азыр оорубай калды

    (Кундуз Канат)

  81. Мыктыбек мырза,

    Азаматсыз,сиздер кайсыл организациядансыздар ?


    1. Рахмат cизгеда,

      Био Сервистен 

  82. Мыктыбек азаматсын, коптогон пайдалуу маалыматтарды болушуп жатасын. Менимче ар бир окуган адам, жогорудагы пайдалуу азыктар боюнча маалымат алган сон, созсуз турдо тамак ашына пайдаланса керек деп  ойлойм.

  83. Абдан пайдалуу кеңештер экен. Рахмат

  84. Саламатсынарбы платформанын мучолору, мен да пайдалуу маалыматтардан болушойун дедим.

    Баарыбызда эле тамак синируу койгойу бирде болбосо-бирде жаралып калганда эмне кыларыыбызды билбей  анан аптекадан дары алып ичебиз. Бул  койгойду жонокой ыкмалар менен да чечсе болот.

    1 аш кашык ромашка чобун

    1 аш кашык бозунач (бессмертник)

    1 стакан кайнаган сууга салып демдеп 30 мунот тыныктыруу керек, дары чоптор тубуно чогуп калганда сузуп алып 100 гр тамактанууга 30 мунот калганда ичуу абдан жакшы натыйжа берет. 

  85. Муноздоп тамактануу менен тамак синирууну жакшыртууда колдонулган жонокой ыкма

    • 1 ст. гречка 
    • 0,5 л майсыз айран
    1. Гречканы тазалап, жакшылап жууйбуз
    2. Гречканын устуно айранды куябыз  да  12 саат тыныктырып коебуз, муну кечинде жасаса эртен мененкиге даяр болуп калат
    3. Аралаштырып 1 болугун эртен мененки тамакта жеп,  калганын уктаарга 2 саат калганда жейбиз. 
    4. 10 кун ушундаай тамактанып, 1 жума перерыв кылабыз                                                                                                                              Натыйжада тамак синируу жакшырып, от, уйку без жакшы иштеп озунузду женил сезип каласыз. 
  86. ЛАВР ЖАЛБЫРАГЫ ТЕРЧИЛДИККЕ ЖАКШЫ КОЛДОНУЛАТ!!

    Ангинага:

    Лавр жалбырагынан 5 даана алып, ага 0,5 литр суу куясыз. Аны отко коюп, 3 мүнөт жеңил кайнатып аласыз. Андан соң, бир аз муздатып алып тамагыңызды чайкаңыз. Күн сайын бир апта боюу үч маал тамактан кийин колдонулат.

    Псориазга:

    5 даана жалбыракка 1 стакан кайнак суу куюп, термоско эки саатка демдеп коюңуз. Күнүнө үч жолу эки аш кашыктан тамактын алдында ичесиз. Бир апта улантылат.

    Отитте:

    Кургатылган лавр жалбырагынан 2 аш кашык алып, ага 1 стакан кайнак суу куюп, эки саатка демдеп коёсуз. Жылуу кезинде бир тамчы тамчылатып, кулактын калган тарабына кебезге малып тазалап туруңуз. Бир апта боюу күнүнө 2-3 ирет кайталайсыз.

    Зарнага:

    Бирдей өлчөмдө лавр жалбырагы менен дущица чөбүн алып, аралаштырып ага 1 стакан кайнак суу куясыз. Муздаган соң улам зарна болгон сайын ичип турасыз. 3-5 күндүн аралыгында зарна болуу токтошу керек.

    Артритте:

    5 даана лавр жалбырагына 1,5 стакан кайнак суу куюп, отту азайтып 5 мүнөт кайнатасыз. Термоско куюп 5 саатка демдеп коёсуз. Андан кийин бир күн боюу тынымсыз аз- аздан уурттап турасыз. Экинчисин 3 күндөн кийин кайталайсыз. Бул учурда майлуу тамак- аш колдонууга болбойт.

    Буттун шишиги:

    5 даана жалбыракка 100 грамм нашатыр сиртин кошуп, караңгы жана муздак жерге кочкул өно келгиче кармайсыз. Андан кийин шишик болгон жерлерге 10 күн боюу эки маалдан сүртүп турасыз.

    Терчилдик:

    20-30 даана лавр жалбырагына 0,5 литр кайнак суу куюп, тыныктырып коюңуз. Муздага нсоң колтуктун астын сүртүп туруңуз. Эгер бутуңуз көп тердесе анда бутуңузга ванна жасаңыз.

  87. БӨДӨНӨНҮН ЖУМУРТКАСЫ ЭС ТУТУМДУ ЖАКШЫРТАТ.

    Бөдөнөнүн жумурткасы абдан пайдалуу экенин көпчүлүк билгени менен, бардыгы эле кандайча пайдалуу экенин биле беришпейт. Ал диеталык азыктарга кирет, иммунитетти бир калыпта кармап турууга шарт түзөт. Аны чийки абалында да ичүүгө болот. Анткени бөдөнөнүн жумурткасында сальмонеллез (жумурткалар аркылуу жуккан оору) менен ооруп калуу коркунучу жок.

    Бөдөнөнүн жумурткасы айрыкча жаш балдардын организмине абдан пайдалуу. Маселен, Японияда окуучуларга мектепте эртең мененки тамакта сөзсүз бөдөнөнүн жумурткасын беришет. Анткени мыйзам деңгээлинде милдеттүү түрдө кабыл алуу жүктөлгөн. Себеби, бөдөнөнүн жумурткасы эс- тутумдун жакшырышына жана өнүгүүсүнө жакшы таасирин тийгизет.

    Мындан сыркары, бөдөнөнүн жумурткасы улгайган адамдар үчүн да пайдалуу. Алардын дагы эс тутумун калыбына келтирип, жигердүүлүктү камсыздап, тиштин жана чачтын түшүүсүн кечеңдетет.

    Курамында жогорку деңгээлдеги витаминдер тобу бар

    Бөдөнөнүн жумурткасы биологиялык жигердүү кошулма витамин катары эсептелинет. Курамында А, В1,В2 жана Д витаминдери бар. Андыктан тоок жумуркасына караганда пайдалуу заттары көбүрөөк.

    Көптөгөн кичи элементтерге бай

    Тооктун жумурткасына караганда бөдөнөнүн жумурткасынын курамында 5 эсе көп фосфор, калий, жез, кобальто, никотиналык кислотасы жана табылгыс аминокислотага бай келет. Бул кичи элементтер акыл- эс тутумдун жакрышына, теринин өңүнө чыгуусуна жана кандагы холестериндин деңгээлин ылдыйлатууга эң мыкты таасир берет. Ошондой эле потенцияны калыпка салат.

    Дарылык касиетке ээ

    Бөдөнөнүн жумурткасы бактерияларга каршы жана иммундук системаны туруктуу кармап туруучу касиетке ээ. Аз кандуулук, баш оору, астма, ашказан жарасы, кан басымдын көтөрүлүшүндө жана сасык тумоого бат- баттан кабылып турсаңыз күн сайын эретең мененки тамакта бөдөнөнүн жумурткасын бышырып жеңиз.

    Аллергия козгобойт

    Тооктун жумурткасы айрым учурларда адамдын аллергиясын козгогон учурлар кездешет, бирок, бөдөнөнүн жумурткасы аллергияны козгобойт. Жаш балдарда жана чоң адамдарга деле козголбойт. Тескерисинче аллергиядан арылууга себепчи болот.

  88. Биз кадимки кунуго колдонуп жургон пияздын пайдалуу касиеттери:


    Мисирлик бир врач озунун соц.баракчасына ушундай деп жазат: Адамдар балдарынын ысытмасы көтөрүлүп атканын айтып арызданып келишсе ачуум келип кетет.
    Ушуга да врачка уколго,таблеткага чуркайбы,уйдо пияз бар врачка чуркагандын ордуна пиязды колдонушса натыйжасы эн сонун болмок.
    Созум куру болбоосу учун мен кубо болгон бир окуяны айта кетейин.
    Ооруканада ысытмасы тушпой олум менен алышып жаткан кичинекей небересин чон энеси коргону келип калды.

    Баланын абалын коруп дароо бир баш пияз алып келгиле деп суранды.Алып келген пиязды тен жарымынан экиге бөлүп баланын эки таманына байлап байпагын кийгизип жаткызып койду.
    Эртеси бала эчнерсе болбогондой жапжакшына козун ачты,таманынын алдындагы пияз болсо куйуп калган сымал капкара болуп калыптыр.

    Жана бир окуя 1919жылы Мисирде катуу грипп каптап анын айынан 40мин киши жашоо менен коштошот. Ошондо медицина кызматкерлери кыштактарда уймо уй кыдырышып бейтаптарга жардам беришет.
    Кыштактардын биринде айыл чекесинде жашаган дыйкандын уйуно барышып доктурлар тан калышат.Анткени уйдогу адамдар баары грипптен сопсоо журушкон болчу. Тан калган доктурлар мунун сырын сураганда мына деп кабыгы аарчылбай эле экиге бөлүнүп коюлган пиязды көрсөтөт уй ээси.
    Уйдун ар бир бөлмөсүндө ушундай эле пияздар турган болчу.
    Тан калган врач пиязды алып микроскоп менен текшерип коруп пияздын кабаттарында олуп жаткан миңдеген грипптин микробдорун көрөт.

    Мындан маалым болгондой пияз микробдордун баарын озуно тартып алат экен да аларды өлтүрөт экен.Аябай арзан оной эле,бирок пайдасы эбегейсиз зор.
    Өзүбүздүн эле бут алдыбыздагы күнүмдүк жашообуздагы пайдалуу нерселерге маани бербей анын себебин дарысын башкалардан издей берет экенбиз.
    Муну жазуудан максатым кимдир бирөөлөргө пайдасы тийсе анда кубанычтамын.⚘

  89.                                                  Жакшы создор экен

    Оорусак эле кудай күнөөлүү.
    Сахарды 2 кашык бир чыныга кошуп ичкен ким?
    Ыссык тамак менен муздак кола ичкен ким ?
    Айлап турган өлгөн тооктун канатын жеген ким ?
    Бургерди эртен менен түштө кечинде жеген ким ?
    Той туулган күн болгон сайын арак, пиво, вино, вискини ким ичти.
    Арактан ичип алып жубайы менен ким кошулду. Анан бала бир нерсе болуп төрөлсө кудай тут при чем
    Азыркы заманда баары оорулуу. Мурун мындан 60 70 эле жыл мурунку ата энелерди байкасаңар арасында бир да жолу укол албай эч жери оорубагандар бар. Эмнеге ооруган эмес.
    1 тамак ар дайым таза болчу. Кетчуп майонез деген жок болчу.
    2 ичкен суу булактын же тоонун суусу болчу. Порошок кошулган эмес.
    3 суусундуктар. Кымыз жарма, бозо, сүт болчу.
    4 ар дайым кыймылда жүрчү. Ошондуктан 70 чыкканда балалуу болот беришчү)).
    Азыр 3 жашка чыга элек бала жок дегенде 10 жолу укол алып аз эле жерден операция болуп калат жаздагандар.
    Кола, бургер, крылешки, арак канча зыян экенин билгиң келсе. Айылдагы малга суунун оордуна кола же арак берип көр. Ичпейт кыйнап берсең бат эле өлөт. Баарын жеген крысага бургер крылешки берип баксаң 1 айда өлүп калат экен.
    Бөлөк элге караганда, кыргыздардын кымызы, бозосу, шоросу, чалабы таза суусу бар. Ошолорду эле ичип жашасак канча оорудан алыс болобуз.
    2 айдан бери кыргызстандын болницаларында жүрөм. Жапжаш балдар кыздар толуп калган((( операция артынан операция болгондор. Ал эми дарылардын баасын көрсөң жүрөгүң түшөт. Алдына ала ооруканага жатпаганга аракет кылалы.
    Оорунун 90% жеген тамак аштан. Кудай жан берди. Ары жагы өзүңө аманат. Балдарыңарды оорулуу кылбагыла көңүлүнө карап. Балдарыңар силерге аманат.
    Кымыз бозо, максым, чалап, тан, бал, өрүк мейиз. Алып берсеңер балдарыңар да өзүңөр да көп оорубайсыңар

  90. КАРТОШКА

    Чийки картошканы аарчып, жууп алган соң жука-жука тегерекчелерге кесүү керек. Ал тегерекчелерди бетке жаап жатып, 15 мүнөттөн соң таза жууш керек. Бул бетти жумшартат, агартат, жылмакай кылат.Чийки картошканы майда тиштүү кыргычтан өткөзүп, аны марлиге жука кылып саласыз да, бетиңизге 15-20 мүнөт жабасыз. Мындан беттеги шишик жана бырыштар, безеткилер жок болот.Картошканы сууга бышырып алган соң кабыгын аарчып, эзип, алынган боткону бетке 20 мүнөт жылуулай жапса, теринин майлуулугун азайтып, эрте картаюунун алдын алат.Көздүн тегереги салаңдап шишип калганда чийки картошканы кыргычтан кырып өткөзүп, ага 1 чай кашык буудай унун, 2 чай кашык сүттү аралаштырыңыз. Муну салфетканын бетине калың сүйкөп туруп көзгө 10-15 мүнөт жаап жатсаңыз, шишик тарайт.Эгерде сүт жок болсо, анда сууга бышкан картошканы тегерек кылып кесип, аны көзгө 30-40 мүнөт жаап жатсаңыз да ушундай эле натыйжа берет.Колуңуздун териси одуракай болуп кесилип же кургап кетсе, сууга бышкан картошканы эзип, ага 1 аш кашык сүт кошуп аралаштырып, жылуу бойдон колго 10 мүнөт жабуу зарыл. Жууган соң аркасынан крем сүйкөңүз.Колдун кабарган жерин кетирүү үчүн алгач чийки картошканы кыргычтан өткөрүп, ботко кылуу керек. Жатарда кабарган жерге вазелин, анын үстүнө картошка боткосун сүйкөп, үстүнөн целлофан менен жаап, бинт менен ороп коёсуз. Эртеси тазалап, ордуна крем сүйкөңүз.

    ИНТЕРНЕТ БУЛАГЫНАН АЛЫНДЫ

    Эркеайым Шакировна Боталиева


  91. Как вылечить ангину за сутки.

    1 корнеплод столовой (красной) свеклы натереть на мелкой терке.

    На один стакан натертой массы добавить 1 столовую ложку 9% -ного уксуса.

    Выдержать смесь закрытой в темном месте 4 часа. После этого отжать ее через плотную ткань.

    Жмых выбросить, а соком полоскать горло через каждые 2,5 часа.

    Свекла успешно излечивает хроническую и фоликулярную ангину.

    Хитрости жизни - Полезные советы, упрощающие жизнь




  92. Oчищаем почки от "песка" и "камней"

    Изюм темный без косточек. перец черный горошком (душистый не годится). Что делаем? Изюминку разделяем на 2 части, в середину вкладываем 1 горошину перца, соединяем.

    Схема приема:
    1-й день - 1 изюминка, 2-й день - 2 изюминки, 3-й день - 3 изюминки и так до 10. В 11-й день надо принять тоже 10 изюминок, а затем убавлять по одной: 12-й день - 9 изюминок, 13 -й день - 8, 14-й день - 7 и так до одной.
    Обязательно тщательно разжевывать. Принимать один раз в день - утром до завтрака. если при разжевывании 5 и более изюмин будет жечь язык, запивайте водой.

    После 21-дневного курса 3 дня необходимо пить мочегонные средства. После перерыва (3 дня) принимать изюм еще 20 дней по той же схеме. И снова 3 дня принимаем мочегонные средства и курагу. В общей сложности получается 3 полных курса.

    Первое время моча может быть мутной, затем, по мере того, как будет выходить "песок", станет светлеть.

    После курса лечения сделать УЗИ.

  93. НАПИТОК ДОЛГОЛЕТИЯ ИЗ ОВСА

    1,5 стакана цельного неочищенного овса промыть, залить холодной водой (1,5 литра) и довести до кипения.
    Настаивать в темном месте в течении 3 часов.
    В овсяный отвар можно добавить мед, клюкву, облепиху, лимон.
    Пить лучше теплым по 1 - 2 стакана в день.

    ПОЛЕЗНЫЕ СВОЙСТВА ОВСЯНОГО ОТВАРА:

    - полезен при гастритах, язвах желудка, панкреатите.
    - жаропонижающее средство.
    - обладает мочегонным, противовоспалительным и потогонным действиями.
    - снижает воспалительные процессы в мочевом пузыре и почках
    - полезен при сахарном диабете
    - помогает при воспалениях суставов, ревматизм, полиартрит
    - оказывает укрепляющее и нормализующее действие при нервных истощениях, нарушениях сна, при отсутствии аппетита, после гриппа и простуд.
    - применяется для лечения легочных заболеваний, туберкулеза.
    Отвар цельного овса с изюмом и медом помогает справиться с кашлем у маленьких детей.

    ОТВАР ОВСА ПРОТИВ КУРЕНИЯ:

    С вечера измельченные зерна овса (1 ст. л.) залить теплой водой (2 стакана). Утром прокипятить в течение 10 минут и пить вместо чая. Такой отвар подавляет желание курить.

    Здоровья и Долголетия!

    Ташбу Ж

  94. Биз Ноокен районунда органикалык пахта остуробуз. Дыйканчылык озу сезондуу иш, апрелден-октябрга чейин, копчулук айылда жашаган дыйкандар кышкы мезгилде уйдогу малын карап эле бош болушат. Бош убакта кандай пайдалуу иш жасасак болот? Кенеш бергилечи!

  95. Адам оорубай нормалдуу жашоо кечириши учун 8 стакан суу ичуу керек деген сунуштар коп эле айтылып жатат, бирок ошол кунуно-1,5-2 л суу ичуудо кээ бири ичилген суу гана  дешсе, кээ бири башка кабыл алынган суусундуктарды кошо эсептегенде деп айтышат. Мен да жашоомдо кун сайын коп суу ичууну адат кылайын деп аракет кылдым, бирок 4-5 стакандан коп иче албай койдум.

    Организим талап кылгандан коп суу ичуу ашказанга, бойрокко зыян келтирбейби? 

  96. Туура тамактанууда азыктарды кабыл алууну  жалпак тил менен жонокойлотуп тушундургондо мындай эрежелер бар экен:

    • жайылган алакандын олчомундо белок
    • алаканды ууч кылганда углевод,
    • муштумдун олчомундо клетчатка (азык булалары)
    • баш бармак олчомундо май.

    Эркектер, семиз адамдар  бул олчомдорду эки эсе жеши да мумкун.
    Белоктор: эттин турундо, сут азыктарында, жумурткаларда, осумдук белогу тоо буурчакта, буурчактын башка турлорундо.
    Углеводдор дан ак шактарында , кургатылган момолордо.
    Азык булалары  бардык жер жемиштер, жашылчаларда.
    Май: жаныбар майлары, осумдук майлары - жангактын турлорундо

    1. Уулкан эже азаматсыз, жонокой адамдарга тушундургонунуз жакты.


  97. Адам организми учун кальцийдин орду


    Кальцийди адам кундолук тамак-аш жегенде алып турат. Кальций клеткаларга азык катары зарыл. Адамдын организминдеги анын 1 пайызы гана клеткалар менен канда, калган 99 пайызы сөөктөрдө, тиште, тырмак, чачта болот. Организм канда аталган өлчөмдөгү кальцийдин болушун дайыма көзөмөлдөйт. Эгер өлчөмү азайса, анда аны сөөктөрдөн ала баштайт. Натыйжада остеопороз (сөөктүн морт болуп, бат сынууга жөндөмдүү болуп калышы), итий оорусу келип чыгат.
    Кальций жүрөктүн кагышын жөнгө салып, кандын уюу процессине катышат. Нервдик чыңалууну азайтып, стресске каршы туруубузга жардам берет.


    КАЛЬЦИЙ КАНЧА ОЛЧОМДО КЕРЕКТЕЛЕТ?
    Кальций:

    • 5 жашка чейин 800 миллиграмм,
    • өспүрүмдөргө 1000 миллиграмм
    • чоң адамдарга 1200 миллиграмм керек.

    Ошондуктан  адам азыктар аркылуу аталган өлчөмдү алып турууга аракет кылуусу керек. Кальций өзгөчө организми өсүп жаткан балдарга керек.  Салмагы 70 килограммды түзгөн чоң адамдын организминдеги кальций болжол менен 1,7 килограммды түзөт.

    КАЛЬЦИЙДИН НОРМАДАН АШУУСУ  ООРУ ЖАРАТАТ
    Дарыканаларда кальций дары-дармектеринин түрлөрү көп. Аларды врачтарга текшерилгенден кийин алар сунуштаган түрүн өлчөмү менен кабыл алуу керек. Өз алдынча ашыкча ичкенде кальцийдин өлчөмү көбөйүп, кан тамырлардын капталдарына топтолот да, кандын агымына тоскоол болот. Ашыкчасы ткандардын, булчуң менен нервдердин иштөөсүн бузат. Заара бөлүп чыгаруучу систем жабыркайт. Демек, оорулар жаралат. Кандын уюшу начарлап, адам бир жерин кесип же тилип алса, кандын токтошу кыйындайт. Эмчектин рак оорусунун келип чыгышынын бир себеби да кальцийдин ашыкчалыгы.


    Кальцийдин организмде сиңишин кофеин жана алкоголь азайтат. Туз да денеден кальцийдин жуулуп чыгып кетишин шарттайт. Андыктан туздуу азыктарды (анын ичинде туздалган балык, колбаса) жана кофени көп колдонууга болбойт.


    ЭЛДИК МЕДИЦИНА ЖАРДАМ БЕРЕБИ?


    Айрымдар тооктун жумурткасынын сыртын кургатып, майдалап, упадай кылып жешет. Бирок врачтар «бул илгери дары-дармектердин түрү жок кезде айласыз колдонулган ыкма» деп колдошпойт. Анын үстүнө кабыгында сальмонелла бактериясы болсо, ооруга чалдыгуу коркунучу чоң. Заманбап кальций дары-дармектерин врачтын сунушу менен алуу оң.

  98. МАЛИНА АЗ КАНДУУЛУКТА ЖАРДАМ БЕРЕТ

    Витаминдер менен минералдардын «кампасы» болуп малина эсептелет. Малина оорудан сакаюуда колдонулуп, жаштыкты жана сулуулукту сактайт

    МАЛИНАНЫН ПАЙДАСЫ
    Малинанын курамы 87 пайызы суудан турат, 100 граммында 50 ккал бар.

     

    Малинанын курамындагы

    • Салицилат кычкылы аспирин сыяктуу милдет аткарат. Ооруну басаңдатып, температураны түшүрөт, тердетет.
    • Эллага кычкылы кан басымды түшүрүп, кан токтотуучу касиетке ээ. Ошондой эле жүрөктү, кан тамырларды оорулардан сактап, терини жаш көрсөтөт.
    • С витамини бар. 100 грамм малинада 100 миллиграмм. Башкача айтканда, адамдын бул витаминге бир күндүк керектөөсүнүн жарымын түзөт.
    • Флавоноиддер микробго каршы күрөшүүчү касиетти алып жүрөт. Кандын уюшунун жогорулашын камсыздайт.
    • Органикалык кычкылдар сезгенүүнүн алдын алат.
    • В1, В2, В6, Е витаминдери ден соолукка пайдалуу.
    • Микроэлементтерден калий, магний, натрий, кальций, фосфор, темир бар. Булар кан жана зат алмашууну жакшыртып, аз кандуулуктан арылууда таасири чоң. Муун, куяң, калтыратма ооруларынан бат арылууга көмөктөшөт.
    • Кандагы холестериндин өлчөмүн азайтат. Ангинада, жөтөлдө, кан басым ооруларында пайдасы чоң.
    • Жалбырагы энелик булчуңдарын бекемдеп, бойго бүтүүгө жана баланын дени сак төрөлүшүнө салым кошот. Табитти ачат.
    • Заара кубалоочу касиетке ээ болгондуктан, бөйрөктүн иштешин жакшыртат
    • Малинаны оз бакчанызда органикалык жол менен остуруп, азык катары колдонуу бугунку кундун актуалдуу талаптарынын бири.
  99. «Акан суунун кадыры жок»- дегендей биз малинаны коп жей бербейбиз,  анткени анын пайдасын анча билбейт экенбиз, суук отконго гана дары экенин билет элем. эми  буйруса малина бышуу сезонунда дайыма жейм/

    Биздин Кызыл-Ункур тоо зонасында оскон булдуркон да дарылыгы малинадай таасир береби? Болушуп койсонор сураныч.

    1. Салам Дилбар, булдуркон боюнча билгин келгени абдан жакшы. Булдуркондун бир канча турлору бар. Бактардын четине эгилген кара булдуркон тикедуу келет, анын да озунчо дарылыгы бар кобунчо кан басымы жогору болгон адамдар кургатып чай же кант кошулганын пайдаланып журушот.

      Сен сураган арыктын четинде чыккан жапайы кара булдуркон. Салицил, лимон, алма кычкылдарын камтыйт ,  витаминдерден В, С,А, Р, К, РР, Е,  калий, марганец, жез туздары ,  флавоноиддер, эфир майлары, дубилдик заттар ,  микроэлементтерден (фосфор, кобальт, титан, никель, магний) бар. Дарылыгы, пайдалуулугу боюнча малинадан кем калбайт.

      Момосун терип кыям, компот, таттуулардын ичине салма ж.б жасаса болт.

  100. VID-Мавлюда малина.mp4

    Бул видео Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Хажир-Абад айылында органикалык малинаны жана жашылчаларды кышкы мезгилде витаминдерин сактоо менен пайдаланууга кенештер камтылган. Башка фермерлерге да туура тамактанууга пайдалуу маалыматтар бар.

  101. Топурак менен жашоонун байланышы

    Топурак тынымсыз пайдаланылган синтетикалык минералдык жер семирткичтерден жана уулуу химиялык заттарды колдонуудан  өзүнүн сапаттык көрсөткүчтөрүн жоготуп жатат.

    1. Уу химикаттар - пестициддер (гербициддер – отоо чөптөрду өлтүрүү үчүн колдонулуучу химиялык заттар; инсектициддер- зыянкеч курт-кумурскаларды жок кылуучу химиялык каражаттар; фунгициддер - өсүмдүктөрдун илдеттерине каршы жана урөндөрду мите козу карындардан коргоочу химиялык заттар).
    2. Агрохимикаттар - айыл чарбасынан интенсивдүү түшүм алуу үчүн пайдаланылган синтетикалык минералдык жер семирткичтер. Көбүнчө  минералдык жер семиркичтерди өлчөмүн так аныктабай, топурактын өзгөчөлүгүн эске албай, өлчөмүнүн ашыкча берүүдө топурактын булганышы жүрөт.
    3. Булгануучу уу заттарды камтыган атмосфералык жаан-чачын жана газ-түтүндору кошулмалар, топурактын нормалдуу иштешине өндүрүш ишканаларынан чыккан газ-түтүндүү кошулмалар чоң зыян келтирет.Топуракта адам баласынын ден-соолугу үчүн коркунучтуу оор металлдар (кадмий)  сыяктуу заттарды чогултууга жөндөмдүү. Кыргызстандын аймагындагы тоо-кен єнєр жайларынын ишканаларына жакын жайгашкан аймактардагы топурактардагы зыяндуу заттардын концентрациясын аныктоо жокко эсе.
    1. Өндүрүш таштандылары жана башкалар. Топурактын интенсивдүү булганышына өндүрүштөрдөн чыккан таштандылар. Шаар жана калктуу конуштарга жакын жайгашкан аймактарды тиричилик жана күл таштандылары топуракты булганууга алып келүүдө.

    Жогоруда белгиленген факторлор топуракты гана булганууга алып келбестен, топурактын деградацияга дуушар болушуна да шарт түзөт.

    Мындан башка да фермерлердин чарба жүргүзүү ишкердүүлүгүнүн натыйжасынан сугаруунун прогрессивдүү ыкмалары,  топуракты иштетуудө  колдонулган түрдүү ыкмалардын  натыйжасында кыртыштын эрозияга учурашына алып келүүчү негизги факторлордун бири болуп саналат.

    Топурактын асылдуулугунун негизги көрсөткүчү – бул кыртыштагы гумустун камсыздалышы, акыркы жылдарда көпчүлүк айдоо аянттары өзүнүн потенциялын 50 % ке чейин жоготту. 70-жылдарда кадимки боз топурактагы гумустун камтылышы 1,54 % болсо, 20 жыл аралыгында 0,49% ке азайды же 1,05% түзду. Интенсивдүү жер иштетилген аянттарда мындан да аз.  Бул көрсөткүч өтө көп, табыгый шартта 0,1% гумустун пайда  болушу учун  кеминде 30-40 жыл керек болот. Мамлекеттин азык-тулук коопсуздугун камсыз кылуу да  топурактын асылдуулугуна түздөн-түз көз каранды. 

    Калктын жашоосунун топурак менен өз ара байланышы

    Таза топурак- бул таза түшүм, дени сак мал,  таза түшүмдөн таза тамак аш, баалуу азык өндүрүлөт, таза тамак-аш  калктын ден соолугунун чың, бакубат болушун камсыздайт, ден соолугу таза адамдар – бул дени сак улут (генефонд).

    Гумустун топуракта азайып кетишинин себептеринин дагы бири керектуу сандагы органикалык жер семирткичтердин берилбегендиги. Балансташкан азык заттар менен камсыз кылуунун минималдык нормасы 20-30 т/га. 

    Органикалык чарба жүргүзүүнүн башкы милдеттеринин бири жаратылыш менен таттуу мамиледе болуу, бул үчүн синтетикалык жер семирткичтерден, уулуу химиялык заттарды колдонуудан баш тартуу менен колдо болгон мумкунчулуктөрду пайдалануу аркылуу топурактын асылдуулугун сактоо жана көбөйтүү.


  102. Жугоруну кышка кантип тондуруп пайдаланса болот?

    Жугорунун даны сут абалынан ото баштаганын тырмак менен басып текшересинер, жарактууларын сотосунан ажыратып сырткы кабыгын чачысы бар жагынан ажыратасынар. Чачысын толук тазалап алуу керек.

    Сырты тазаланган жугоруну чон кострюлга салып устуно муздак суу куюп отко коебуз. Кайнап чыккандан кийин 5 мунот кайнатабыз.

    Чон табакка музу бар муздак суу даярдап, кайнаган жугорунун суусун сарыктырып даярдаган сууга салабыз. Бул процессти токтотуу учун жасалат, башкача айткан бланшировкалоо.  Муздаткычка бланшировкаланган жугоруну азык сактоого жарактуу пленкага салып сактоого коебуз. Тондурулган жугоруну кагаз сулгуго ороп микроэлектр мешинде  салып турса оз калыбына келет.

    Кыш мезгилинде жугоруну салаттарга кошсо же озун жесе болот. Витаминдуу, даамдуу жугору жаш балдарды гана эмес чондорду да кубантат.

  103. Жугоруну думбулун банкада сактоо.

    Думбулдун уч жагын кесип банкага баткыдай кылабыз.

    Туз салынбаган сууда даяр болгуча кайнатабыз.

    Татымалына 10 л сууга 300 г туз , 300 г кумшекер кошулат. Д

    аяр болгон думбулду банкага салып даяр татымалын устуно куябыз.

    Чон табакка жумшак материал салып устуно банкаларды салып суу куюп банканы сыртынан стерилизоциялап, капкакты жапкыч менен бекитебиз.

    Банкалар толук муздагыча коопсуз жерге жайгаштырабыз.  

    Кышында банканы ачып думбулду табакка салып кайноо абалына жеткиребиз. Жугору думбул даяр болду, дасторконго коюп жакындарынарды кубанта берсенер болот. Думбул жаны бышкандай даамдуу болот.

  104. Жугоруну кышкыга сактоо жолу

    Жугору бышкан мезгилде сут абалынан отуп калган зыянкечтери, илдеттери жокторун сотосунан ажыратып алабыз.

    Кастрюлга чачыларынан тазалап салып ичине суу куябыз, даамдуу болушу учун кайнап даяр болоюн дегенде туз кошобуз.

    Даяр бышкан колду таза жууп жугоруну укалап дандарын болуп алабыз. Жуулуп кургаган майда банкаларга укаланган жугоруну салабыз (майда банкалар колдонууга ынгайлуу)  кайнаган сууга туз салып ээритип банкага куябыз. Тубу тегиз табакка жумшак кебез салып банкаларды тигип жылуу суу куюп банканын сыртынан дагы стерилизациялайбыз. Муздаганча коопсуз жерге коюп, кийин муздак жерге коюп койсонор кышкы мезгилде ачып салаттарга, суюк тамактарга салып пайдалана берсенер болот.

    1. Озубуз остургон эле жугорудон ушундай кылып кышкыга даярдап алсак бир кыйла эконом да болот.

  105. Мен да болгар калемпирин кышкыга сактоо боюнча оз тажырыйбамдан болушойун:

    Август-сентябрь айларында калемпир жакшы бышып куздун берекеси тогулгон убакта калемпирди жууп тазалап, дасторкондун бетине жайып суусун сарыктырып аламын.

    Ички уруктарын ичке курч бычак менен кесип тазалаймын.

    Тунук пленка пакетке бири-бирине кийгизип туруп, муздаткычтын устунку болугуно коюп тондуруп коемун. Кышкы мезгилде тамак-аш даярдоодо керектуусун алып колдономун.

    тонунан муздаганда ичине салма салып фаршталган калемпир даярдап да журом, абдан даамдуу болот. Эн башкысы зерикпей конул коюп даярдап алса уй булонун капчыгына да бир кыйла пайда. Кышкысын калемпирдин 1 кг  150 сомдон алгандын ордуна кузундо оз огородунан даярдап алса болот.

    1. Жашылчаларды тондуруп пайдалануу дегенди угуп эле журом, бирок озум жасай элекмин, чын эле каражатты экономдойт экен. Ийгилик!

  106. "Канча жыл жашасан, ошончо жыл уйроносун" деген соз бекеринен эмес экен.

    Платформанын катышуучуларынан озум учун, уй буломдун ден соолугу учун коп нерсени уйронуп жатамын. Пайдалуу маалыматтарды болушкондорго рахмат!

  107.        Жыгачтын кулу

    Жыгачтын кулунун курамында калий, фосфор осумдукко женил синимдуу. Мындан башка кальций, магний, темир, кукурт, цинк бар. Бул микроэлементтер жашылчаларга, коп жылдык дарактарга, момолуу жана декоративдуу дарактарга керек.

    Кулдун курамы кайсы осумдуктон алынганы да маанилуу.

    Кул

    Негизги элементтердин курамы, %

    Фосфор

    Калий

    Кальций

    Жазы  жалбырактуулар

    3,5

    10,0

    30,0

    Ийне жалбырактуулар

    2,5

    6,0

    35,0

    торф

    1,2

    1,0

    20,0

    Малдын тезеги

    4,8

    11,3

    8,5

    Дан осумдукторунун саманы

    4,0-8,0

    10,0-20,0

    4,0-8,0

    Кун караманын паясы

    2,5

    36,0-40,0

    18,0-19,0

    Кальцийдин сульфаты (CaSO4)- суперфосфат минералдык жер семирткичинин курамында бар. Кулдун курамындагы кальцийдин сульфаты кучтщуу таасир бербесе да осумдукку узак убакытка таасирин тийгизет. Кочотторду остуруу, жашыл массаны кобойтуудо аш кок, кок пияз, тармал кок чопко жакшы таасирин берет.

    Кальцийдин хлориди – CaCI2  таасири

    1. Сактоого коюлган алманы чируудон;
    2. Помидордун момосунун карайып калуусунан;
    3. Сабиздин  жарылып кетишинен;
    4. Сактоого коюлган картошканын чируусунон жана карайып калуусунан;
    5. Жузумдун момосунун сабагынан эрте узулуп тушуусунон;
    6. Кулпунайдын экинчи тушумунун пандап, кок басып кетишинен сактайт

    Жыгачтын кулун колдонуу артыкчылыгы – арзан жана колдо бар зат.  Негизинен кул кошумча азык катары колдонулат.  Зыяндуу курт-кумурскалар менен курёшуудо колорадо конузунун малагына,  улулго, осумдук биттерине каршы колдонулат.

    Чарбада колдонула турган кулду атайын каптарга салып кургак жерде сактоо ылайыктуу.

    Жыгач кулу жаралышы  органикалык болгондуктан,  копчулук бак остуруучулорго, дыйкандарга  баалуу жер семирткич. Колдонууда фермер озунун жана уй булосунун  ден соолугуна, экологияга зыян келтирбейт.

    Жыгачтын кулу топурактын курамына жараша 1 гектарга 1,0-1,5 тонна жыгач кулун пайдаланса болот,  2-4 жылга чейин таасирин берет,

  108. Зыянкечтерге каршы кулду колдонуу

    Капустадагы осумдук бити жана малактарга каршы:

    10 л муздак сууга 1 стакан кул аралаштырылып  эртеси кунго чейин коюп туруу керек. Эртен менен аралаштырып, сузулуп алынат. Зыяндуу кополоктор учуп баштаганда  эртен менен эрте 6-7 де чачкыч аппарат менен томонку жалбырактарга чачуу сунушталат.  

    Осумдук битине каршы кайнатма жасалат 300 гр кулду элеп, чакага салып устуно суу куюп 20 мунот кайнатуу. Даяр болгон кайнатманы бир нече саат тыныктыруу андан кийинн сузуп чачкычтар менен чачса болот.  

    Колорадо конузунун личинкаларына. Кургак кулду адыракай материалга салып чанытуу менен осумдуктун жалбырактарына чачуу, 2 -3 суткадан кийин таасирин берет.  

    Улулдорго каршы. Улулдорго металдегид препаратынын ордуна кулду колдонсо болот. Эгерде жамгыр жааса кулдун таасири жок болот,  жер, осумдуктор кургаганда кайра колдонуу керек.

    Улулго каршы ачуу калемпирдин талканын кезектештирип пайдаланса да болот.  Улулдорду кармоо учун тактайчадан же ным  материалдарды жерге тошоо менен чогултуп жыйнап саеые азайтса болот.


  109. Суюк жер семирткичтерди даярдоо

    Чалкан тундурмасын даярдоо жана колдонуу.

     Бул үчүн 10 л пластмасса чака, 1 кг майдаланган чалкан, жамгыр же арыктын суусу керектелет.

    1.Алгач чалканды сабактары менен кошо терип алып майдалайбыз.

    1. Пластмасса чакага майдаланган чалканды салып үстүнө суу куябыз. (Чалкандын бетин суу толугу менен жаап турушу керек.
    2. Чаканын бетин аба өткөрүүчү сетка же материал менен жаап, жылуу жерге коебуз.
    3. Тундурма аралаштырылып турат.
    4. 5-6 күн тургандан кийин жолдун чаңынан же даяр компост кошсо да болот
    5. 10 күндөн кийин чалкан сабактарынан ажырап, суунун түбүнө чөгүп, ачып, суусу көк түскө өткөндө тундурма даяр болот.
    6. Тундурманы 2 кат марлиден сүзүп алып 1 л идиштерге куюп, жазып маркировкалап коебуз.
    7. Өсүмдүктөрдүн вегетация мезгилинде (1:10) 1л тундурмага 10 л суу кошуп өсүмдүктөрдү азыктандырса болот.

    Эскертүү: Жагымсыз жытын жок кылуу үчүн аптекадагы суюк валериананы тамчылатса болот.

    Мындай тундурма менен азыктандырууда өсүмдүк кошумча табигый азот, калий  менен, микроорганизмдер менен, өсүүнү күчөтүүчү табигый биостимулятор менен камсыз болот, өсүмдүктүн өсүүсүнө жана гүлүнө, мөмөсүнүн өнүгуусунө, тушумдуулугүнө таасирин берет.  (чанактуу өсүмдүктөргө жана пияз, чесноктон башкасына) колдонсо болот.

    Азыктандыруу: 10л чачкыч аппаратка  1-1,5 л чалкандын тундурмасын куюп, 8,5-,9 л жамгыр же арыктын суусун кошуп жалбырак аркылуу  азыктандырылат, жерге чачылат, сугат суусунан кийин шербет суу катары берсе болот.

    1. Охоо жапайы оскон чалкандан эле керектуу жер семирткич даярдап алса болот экен го!

      Рахмат, мен да колдонуп коромун

  110. Ушундай эле суюк жер семирткичтерди ат кулак, каакымдан, кырк муун, пияздын кабыгынан  жасаса болот, бирок чалкан тундурмасынын натыйжалуулугу жогору.

    Мындай суюк жер семирткичти жасап алуудан фермер эч кандай чыгым тартпайт, болгону жасаганга убактысы гана кетет.

    Эгерде чоң аянтка колдонуу керек болсо эгин эгилген аянттын баш жагына (албетте суунун агымына карап) чукур казып, тешиги жок полиэтилен  төшөйт. Суу куюп толтуруп, жетерлик санда майдаланган чалканды салып, 10-12 күнгө бастырып коюу керек. Эгилген аянтты сугарып бүтөөрдө, чалкан салынган чункурду ачып, сугат суусуна аралаштыруу жолу менен кошуп, жөөктүн акырына чыгаарда токтотулуп коюлат.

  111. Компост чайын даярдоо жана колдонуу

    Колдонуунун максаты –топуракта микроорганизмдерди көбөйтүу, топурактын табигый касиетин калыптандыруу же б.а. чарба жүргүзүудө  мурдагы кетирилген катачылыктарды оңдоо, уулуу заттардан тазалоо болуп саналат.  Колдонуу жеңил,  аз эмгек, аз энергия керектелет. Мисалы даяр компост менен жерди азыктандырууда 10-20 т/га керектелсе, ал эми компост чайына 5-10 кг/га.

    • Арыктаган, эрозияга уураган кыртышты калыптандырууга колдонсо болот
    • Өрт, сел, жамгырдан жуулган кыртышты калыптандырууга колдонсо болот
    • Шамал таасиринен кыртыштын бузулушун калыптандырууга колдонсо болот



      Компост чайын даярдоо ыкмасы:

      100 л идишке жамгыр жа арык суусун куюп ага 1 кг  эленген жакшы жетилген компост кошулуп, эритме аба менен байытылат. Чачкыч аппараттын көзөнөкчөсү бутөлуп калбас үчүн  компостту атайын баштыкчага салып  туруп кошсо да болот.  Компост сууга эригенден кийин тез-тез аралаштырылып турат.  Кычкылтектүу чөйрөдөгү микроорганизмдердин көбөйүшү үчүн  резина түтүктун бир учу салынып аба менен камсыздалат, (аквариумду аба менен камсыздоочу приборду да колдонсо болот) болгону температураны көзөмөлдөп турат. 200С температурада 24 саатта,  300С та 15-18 саатта даяр болот. Эгерде температура 200С төмөн  болсо 30-40 саатта даяр болот.

      • Дан өсумдүктөру, буурчак дандуулар, күн карама ж.бу.с.
      • Жашылчаларга, жүзүмгө, мөмө-жемиштерге;
      • Бак өстүрүудө
      • Токой тилкелерине
      • Жантайынкы жерлерди кыртышын бекемдөөгө колдонууга болот

        Өсүмдүктөрдүн вегетация мезгилинде кошумча азыктандырууга болот. Даяр болгон компост чайында жагымдуу жердин жыты болот жана даярдалгандан кийин 4 саат ичинде колдонуу керек эгерде жагымсыз жыты болсо колдонбоо керек.

      Компост чайын колдонуунун натыйжалуулугу эмнеде?

      • Өсүмдүктөрдү илдеттерден коргойт;
      • Өсүмдүктөргө керектүу азыктар жеткиликтүү формада болот;
      • Суунун керектелиши, чыгымы азаят;
      • Топурактын ным кармоо сапаты жакшырат;
      • Топурактын структурасы жакшырат, борпоң болот;
      • Өсүмдүктөрдүн тамыр системасы жайылып жакшы өсөт;
      • Жашылча-жемиртердин даамын жакшыртат
      • Стабилдүү экологиялык таза түшүмдү камсыз кылат

  112. Тооктун кыгынан суюк жер семирткич даярдоо жолу

    Мындай жер семирткичти даярдоо 2 этапты камтыйт:

    1. Тундурма даярдоо. Чаканы же бочканы жарымына чейин тооктун кургак кыгы салынат.  Устуно суу куюлуп 7-10 кунго чейин аралаштырылып турулат. 
    2. Тундурманы суюлтуу  Жер семирткич катары суу куюп суюлтурган турун иштетуу керек.  1 л тундурмага 9-10 л суу кошулат.   Бул суюк жер семирткичти жасап алгандан кийин жай бою сактап керек учурда колдонууга болот. 

    Удобрение земли можно осуществлять только разведенным настоем.

    Канткенде туура пайдаланабыз.

    Суюлтулган жер семирткичти осумдуктун сабагына, жалбырагына тушурбой  тамырга жакын жерге берилет же  катар аралыгындагы жоокко берилет. Вегетация мезгилинде 2 жолу осумдукторду азыктандырса болот.

    Такую процедуру можно производить два раза в год, при этом на один куст культуры должно приходиться около 0,5 л разведенного настоя.

    Суюк жер семирткич менен  жамгыр жаагандан кийин же сугарып буткондон кийин азыктандырса болот. Мындай азыктандырууну кун баткандан кийин берсе жакшы таасирин берет, андан кийин женил сугарып коюу жеткиликтуу.

    Органикалык чарбада тооктор интенсивдуу багылган  бакма канаттууулар фабрикаларынан чыккан кыктарды пайдаланууга болбойт!

    Тоок кыгын пайдаланууда айтылган сунуштарды эске алуу менен пайдалануу керек.

    1. Тооктун кыгы башка малдын кыгына караганда алда канча кучтуу экен.

      Ар бир уйдо бар тооктун кыгын жашылча-момолорду остурууго пайдалансак болот. Баары озубузго байлагыштуу.

  113. Тооктун кыгы артыкчылыктары

    • Момо-жемиштин бышып жетилуусун 10-15 кунго тездетет
    • Тушумдуулук 20-40% ке чейин жогорулайт
    • Осумдуктордун бактериалдык, козу карын илдеттерине (чириктин турлору, тамыр чируу, фузариоз) туруктуулугун жогорулатат
    • Топурактагы суунун айланышын оптималдаштырат
    • Топурактын бетки катмарында нымды сактайт.

    Тооктун кыгынын физико-химиялык корсоткучтору

    Микроэлементтердин курамы

    Саны, %

    Микроэлементтердин курамы

    Саны мг/кг

    Органикалык заттар

    60,0-62,0

    Марганец

    300-350

    Азот

    1,4-4,0

    Кукурт

    40,0-42,0

    Фосфор

    1,8-2,5

    Цинк

    20-23

    Калий

    1,5-2,0

    Жез

    3,0

    Темир

    0,1-0,3

    Бор

    4,5

    Кальций

    0,5-1,0

    Кобальт

    3,0-3,5

    Магний

    0,2-0,3

    Молибден

    0,05-0,07


    Синтетикалык жер семирткичтерге коз каранды болгондун ордуна оз колунарда бар ресурстарды пайдалангыла, арзан жана жугумдуу болот.

    1. Буажар эже, абдан пайдалуу кенештер учун рахмат, органикалык продукцияны ондуруудо, дыйкандар дайыма кандай жол менен топуракты асылдандырабыз, эгерде минералдык синтетикалык жер семирткичтерди пайдаланууга болот деп, сиз берген кенештер, колдо бар каражаттар менен сапаттуу эгиндерди алууну сунуштаганы - сиздин коп жылдык тажрыйбага ээ эксперт экендигинизди тастыктап атат. Коптогон маандын пайдалануучулары бул кенештерди учурдан пайдаланып колдонушат жана жер-жерлерде жайылтышат деп умуттоном.

  114. Органикалык азыктардын баалуулугу.

    Органикалык жол менен остурулгон жашылчалар  сапаты- түсү, формасы, жаңы экендиги, бышып жетилгендиги, көрүнүшү, бүтүндүгү, өлчөмүнүн бирдейлиги, ошондой эле курамы витаминдуу болуп, кычкылданууну азайтуучу заттарга, каротиндерге бай, табигый даамы жана жыты менен өзгөчөлөнөт,  уу заттар, нитраттар,оор металдар, токсиндер жокко эсе.

    Биз огородубузга уй булобуз учун жыл сайын керектуу жашылчаларды эгип алабыз.

    Жерди эгүүгө даярдагандан баштап, түшүм бышып дасторконубузга жеткенге чейин  коркунуч келтирүүчү синтетикалык минералдык жер семирткичтер, уу химиялык заттар, дарыланган үрөндөр  колдонулбайт,  анын ордуна топуракка, өсүмдүккө, адамга, жаратылышка зыяны жок органикалык жер семирткичтер: чириген кык, компост, канаттуулардын кыктары,  зыянкечтерге-илдеттерге каршы  өсүмдүк кайнатмалары, биологиялык препараттар гана  колдонулат. Сөзүм  кургак болбошу үчүн  помидорду кесип көрсөтүп берейли:     

           

       - Мөмөнүн текстурасы тыгыз;

       - тегиз бышкан,

       - түсү ачык,

       - мөмө камерасында бош жери жок,

       - уругу бышкан,

       - мөмө сабагы менен бириккен жеринин  жашыл жери жок.

       - сактоого туруктуу

       - Кунумдук тамак-ашка колдонууда жыты, даамы озгочо.

    Уй булодо балдарыбыздын келечегин ойлосок  органикалык жол менен ондурулгон гана азыктарды жегиле демекчимин.

    1. Озун ондургон  азык тулук пайдалуу. Жылдыз жакшы маалыматтар экен

  115. Мен бугун ушул платформага Буажар эже аркылуу катталдым.

    Озум Ала-Бука районунан боломун. Айыл чарбасын которуу менен дыйкандардын кирешеси жогоруламайынча  жашоосу онолмоюнча олко бир жерди таптап тура берет. Менин да максатым айыл чарбасын которууго салым кошуу.

  116. Ала-Бука районунда жердин озунон чыккан глауканит деген жер семирткичти жугору остуруудо колдонууга аракет кылып жатабыз.

    Чакан жерде ар кандай органикалык калдыктарды колдонуу менен соолжан багып биогумус ондуруу боюнча пландарым бар.

    1. Саламатсыздарбы,

      Кош келиниз ! Адылбек мырза,
      Глауканит боюнча маалыматтарды болушуп турунуз ,бизда кызыктарбыз сиздердин продукцияныздарга мумкун болсо Mikki-kg888@mail.ru ушул почтага жонотуп коюнузчу сураныч тиешелуу маалыматтары болсо

  117. Адылбек, маан платформасына кошулганынар коп маалыматтарды аласынар, озунордогу тажрыйбаларды болушуп турууга шарт болот.

    Мындан кийин бул платформага активдуу катышуунарды суранам. Ийгилик болсун!

    1. Туура атйтасыз биз областагы активдуулорду кобойтуп ,талкуу айтчага аятнчага айлантуубуз керек

  118. Мульчалоо деген эмне?

    Мульчалоо - бул өсүмдүк калдыктарын башкаруу үчүн  негизги агро-экологиялык ыкма. Өткөн кылымдарда, дыйкандар отоо чөптөргө каршы күрөшүүдо, өсүмдүктөрдү сугарууда мүмкүнчүлүгү чектелгендиктен  жөнөкөй, бирок натыйжалуу технологияны- мульчалоону ойлоп табышкан. Бул ыкманын натыйжалуулугу айыл чарба өсүмдүктөрүнүн өсүшүнө жана өнүгүшүнө жолтоо болгон отоо  чёптёрдщ өстщрбёй кармап туруу, кыргыштагы суунун бууланышын азайтуу щчщн  таштанды материалдарды (саман, чабылган чёп, жыгачтын таарындысы,тщшкён жалбырактарды колдонушкан. Бүгүнку кщндё өнөр жайында ёндщрщлгён атайын пленкаларды мульчалоого пайдаланылууда. 

    Мульчалоо кантип жасалат?

    Мульчалоо ачык топуракты жабуу же  б.а жууркандын милдетин  аткарат. Мында органикалык мульча талаадан  жыйналып алынбай кыртышка кошулуп айдалат натыйжада  табигый жер семирткичке айланат.Туура пайдаланылган табигый мульча бир нече функцияны аткарат:

    • кузгу-кышкы мезгилде топурактын үстүнкү катмарында оптималдуу жылуулукту кармайт, күн нурунун таасиринен ысып кетщщдён, күтүлбөгөн учурда температуранын өзгөрщшщнён  сактайт.
    • мульча жасоо менен топурактагы ным жакшы сакталып жарым-жартылай сугаруунун милдетин аткарат жана күн нурунун тескери таасири азаят.
    • топурактын үстүнкү катмарындагы аба-газ алмашуу процессин оптималдаштырат
    • кыртыштагы шамал жана суу эрозиясынын алдын алууга болот,
    • отоо чоптордун өсүшүн басуу,
    • мульчанын алдындагы топурак кургабай борпоъ абалда болот.
    • топуракты табигый жер семирткичтер менен байытат.
    • азыктануу чёйрёсщ тщзщлёт, пайдалуу курт-кумурскалар жана сөөлжандар үчүн жагымдуу шарт түзүлёт

    Азыркы шартта мульчалоо дыйканчылыкта багбанчылыкта жана ири айыл чарба жерлерине таандык чоң тармактарда колдонулат. Мульчаны колдонуу  менен дыйкандар  отоо чөптөргө каршы күрөшүүдо, сугарууда, жер семирткичтер менен азыктандырууда наркты төмөндөтүүгө мүмкүнчүлүк тузулот

    Мульчалоонун негизги түрлөрү:

    Абалы туура келген органикалык материалдар мульчалоого колдонууга жарайт б.а кыртышты жапканга ылайыктуу болуп аба жана нымдуулукту  откорумдуу болушу керек.

    Мульчалоого колдонулган материалдар:

    • жасалма жабуучу материалдар,
    • органикалык материалдар
    • органикалык эмес жабуучу материалдар.

    Мульчалоо топурактын түрүнө, климаттык шарттарга, өсүмдүктүн түрүнө, өстүрүү ыкмасына жараша колдонулат.

    Мульчалоо качан жана кантип колдонулат?

    Жаз – копчулук осумдукторду мульчалоого ынгайлуу убакыт. Кар кетери менен кундун ысышынан топурак ысыйт. Бул учурда мульчалоого даярданып башташ керек. Талаадан кёп жылдык отоо чоптордун тамырын терип чыгарып, керектуу жер семирткичтерди беруу зарыл.  Ошондо топурактын ысып жана жайында  кургап кетуусунун алдын алуу учун, өсүмдүктөрдү коргоочу мульчаны жабууну баштаса болот.

    Кочотторду жабылган мульчаны ачып эгилет. Шартка жараша алгач кочотторду эгип андан кийин мульчалоого да болот.

    Бак арасында  дарактарды, бадалдалды мульчалоодо сонгоктун айланасында кронанын радиусунда мульчаны 10 см калындыкта  жабууласа ылайыктуу. Мындайда дарактар ​​жана бадалдар сууну  аз талап кылат (топурактагы суунун буулануусу олуттуу кыскаргандыктан).

  119. Кулпунай эгилген жерди мульчалоо

    Саманда кеч чирий турган булалар болгондуктан тез чируудон сактап турат. Саманда азыктын булагы томон, кыртыштагы азотту жутуп алат. Бул минералдын жоготуусун азайтуу учун кулпунайдын тупторуно компост же чириген кык менен азыктандырылып андан кийин саман менен жабылат.

    Борпон топуракта саманды жабуунун калындыгы 15-20 см, бир нече кундон кийин 5-7 см ге пасаят. Оор топуракта саманды майдалап 3-5 см калындыкта жабылат, ар 15 кундо жанылап салып туруу керек.

    Самандан башка жыгач таарындысы, кургаган чоптор, картон, полиэтилен, спанбонд колдонулат.

    Ири кулпунай осткруучулор спанбонд  атайын технологиянын негизинде жасалган геосинтетитикалык материалды колдонууда. Кыртышка кундун нурун откорбойт, жылуулукту жана нымдуулукту кармап турат. Спанбонд аркылуу азыктандыруу жана сугаруу жургузулот.

     Кургак чоп менен жабуу                                                                       Спанбонд менен жабуу

    Пайдаланылган материалга жараша мульчанын пайдасы

    • Жайында кыртышты ысып кетуудон, кышкысын ушуктон сактайт;
    • Кыртыштагы нымдуулук сакталат;
    • Отоо чоптордун саны кыскарат;
    • Кыртышты илдеттердин козгогучтарынан коргойт;
    • Топурак эрозиясынын алдын алат;
    • Нымдуулук коп болгондо бышкан момолорду чируудон сактайт;
    • Кыртыштын борпон болушун камсыздайт;
    • Осумдуктун тамыр системасы жакшы оорчуйт;
    • Момону чан, топурак менен булгануудан сактайт;
    • Бышуу мооноту кыскарат                                                                                                                                                                                            Климаттык озгоруулордун болушунан улам барган сайын сугат суу менен камсыздоо койгойлору жаралат. Ошондуктан фермерлер суу ресурстарын  пайдаланууда колдо болгон мумкунчулукторду пайдаланып азык-тулук остурууго багыт алышы керек.
    1. Буажар эже, эн пайдалуу кенеш, ата-бабаларыбыз, жерден алган тушумдун 3/1 жерге азык катары калыш керек дешкен, калган осумдук калдыктары, мульча болуп кыртышты жаап, андан ары чириндиге айланып жер семирткич болуп, жерди азыктандырып турган.

  120. Айыл чарба эгин талааларды коргоо тилкелери. Органикалык чарба жургузуудо озгочолуктору

    Эгин талааларынын  аянттарынын чет жакалары атайын коргоочу тилкелер эгилген.

    Бул коргоо тилкелеринин кандай пайдасы бар?

    Коргоо тилкелерин тузуудо дарактарды отургузуунун пирамидалдык принцибин сактоо керек. Дарактардын ярустук тузулушу коргоо тилкесине отургузулган дарактардын баарына жарык жана азык заттар бирдей камсыздалышына кам коруу керек.

    Бул тилкелер эгин аянттарынын тушумун шамалдан коргоо, топуракты эрозиядан сактоо менен  ошол жерге микроклимат тузуп турат.

    • Шамалдын ылдамдыгын азайтат, кыртышты эрозиядан сактап турат
    • катуу шамал жерге тушумду сабайт б.а. тушумдун коромжуга учурашын азайтат
    • Абанын жана топурактын темперетарурасына таасирин берет, коргоолуп турган жерде кыртыштын температурасы жогору болот)
    • Коргоо тилкелеринде эгилген дарактардагы шуудурум нымдуулукту жогорулататт.
    • Пайдалуу организмдер канаттуулар уялаганы, жашаганы жай болот
    • Коргоо тилкесине эгилген дарактар фермерлерге курулуш материалы болот
    • Кыртыштын курдуулугун жакшырат эгерде чанактуу эгиндер кошулуп эгилсе
    • Бал аарылары чандаштыруу, нектар чогултуунун булагы болот 
    • Топурактын эрозиясын козомолдоого пайдалуу болот ( терек, тал ж.б бадалдар)                                                                                                    Союз тарагандан бери коргоо тилкелери кундон кунго азайып баратат, эгилген тыт аянттарын талкаланып, бузулуп бутту. Бул коргоо тилкелери био ресурс катары коргоого муктаж болуп турат.                                                                                                                  Органикалык чарба жургузгон фермерлер уйунун айланасына, малканасынын айланасына, эгин аянттарынын четтерине коргоо тилкелерин эгип кобойтуудо. Мисалы: Ноокен районунун Шайдан айылындагы био фермерлер 2 ярустуу коргоо тилкелерине терек, карагат,  малина эгишкен.
    1. Коргоочу тилкелердин жогорку ярустагы дарактарды бутап отунга колдонулса, томонку ярустарга, малина, карагат отургузуп момо-жемиштерин колдонууга болот

  121. Соя - бир жылдык чанактуу осумдук, бийиктиги 20-80 см, момосу 4-8 см келип 3-5 даана уругу чанактын ичинде болот. Жашыл чанактары быша баштаганда жыйналып алынат.

    Азыктык баалуулугу жогору:

    1 кг соянын курамындагы белок  3 кг уйдун этине, 5 кг нанга, 2 кг быштакка 1,3 л сутко, 80 тоок жумурткасына тен.

    Сояда 37-45% белок бар:

    • жасмыкта (чечвица)  25-35%,
    • тоо буурчакта 21-26%,
    • нокотто 23-28%.

    Соянын белогунун биологиялык баалуулугу жаныбарлардан алынган белокко жакын.

    Озгочолугу кандагы холестринди жогорулатпастан тушурот, семиз адамдардын тамактануу  рационуна сояны киргизгенде  холестринди 40% азайткан фактылар бар. Мындан башка кант диабети менен ооругандар тамактанса, канындагы канттын корсоткучун томондотууго жардам берет.


    1. Саламатсыздарбы, Кыргызстанда сояны остурушобу?

  122. Смалактан  бат жасала турган пайдалуу салат

                   Курамы:

    1. Смалак керегине жараша
    2. Помидор - 2 даана,
    3. Бышырылган жумуртка – 1 даана
    4. Осумдук майы -  1 аш кашык
    5. туз татымына жараша
    6. Жарты лимон согу – 1 кашык


    Смалактын жалбырактарын жууп дасторкондун бетине жайып суусун сарыктырып алабыз, кол менен майдалайбыз

    Помидорду  жууп тазалап  майда болукторго узатасынан болобуз

    Жумуртканы да узатасынан ичке кылып бир нече болукторго болобуз

    Баарын аралаштырып туз себелейбиз, 1 аш кашык май кошобуз, эгер каалоонуз болсо жарты лимондун согун аралаштырса салат даяр.


  123. Смалак, тооктун эти кошулган салат

                      Курамы:

    • смалак керегине жараша
    • тооктун тош эти — 150 гр.
    • помидор — 2 даана
    • бадыран— 2 даана
    • осумдук майы — 2 кашык.
    • туз
    • кара мурч


            Жасоо жолу:

           1.Тооктун тош этин кайнатып бышырып муздатып алабыз

           2. Бышкан даяр этти майда болукторго болобуз

           3. Помидор менен бадыранды жуп тазалап,  майда болукторго болобуз.

            4. Тузду, осумдук майын, кара мурчту даярдалган массага кошуп аралаштырабыз.

            Салат даяр болду,  жагымдуу маанай менен жеш керек.


    1. Буажар эже, глауканит абдан пайдалуу экен, баарынан да сууну тазалоо касиети тан калтырып атат, башка олколордо кенири колдонулат бекен, кызык, изденип коруш керек экен.

  124. Органикалык чарба жургузуудо экологияга, жаратылыш ресурстарына аяр мамиле жасоо менен  климаттын озгоруусуно ынгайлашып жашоо, жана чарба жургузуу эн негизги маанилуусу!

    1. Визуалдуу так корсотулуптур, чынында суу бул жашоо булагы, Европалуктар суу каерде болсо ошол жерде жашоо бар дешет ("где вода там и крыша"). Тилекке каршы, баа жеткис байлыгыбыз болгон, агын сууларды жергиликтуу калк арасында таштанды, ж.б. шарттарда булгоо кездешип атат. Монолкоргон айылынын тургуну Гулнара Нурбаева айым, портер менен таштандыны сууга тогуп атканын коруп, чуркап барып кайрылдым дейт, "айылдын четинде казылган чункурлар бар, таштандыны ошол жакка барып ток, СУУНУ БУЛГАБА!" десем, ал бала мага: "Сиздин кандай жумушунуз бар, таштандыны каерге тогорумо" деп конул бургбагандыгын айтып нараазы болду. 

      АО, айыл башчы, жергиликтуу депутаттар, АДК, айыл аксакалдары аркылуу эл чогулган жерлерде, айтып, ушундай корунушко каршы курошууну сунуштадым.

  125. Фермерлердин климаттын озгорушуно ынгайлашуу же жамгыр сууларын топтоп,  огород сугарганга пайдалануу

    Уйдун чатырынан жамгыр суусун топтоо мурда эле практикаланган. Тамдардын чатырынан түшүрүлгөн трубалар аркылуу өтө чоң эмес бочкаларга (темир) жамгырдын суусун топтошкон. Бирок бул практика айыл арасында кеңири таркаган эмес. Көп айылдарда агро-сезон күчөгөн мезгилде, айрыкча жаңы конуштарда айылдыктар сугат суудан кыйналышат, огороддоруна эч нерсе өстүрө алышпайт.

    Ушундай үйдүн чатырынан түшкөн жамгырдын суусун топтоп, пайдалануу эң пайдалуу болмок. Бул өзгөчө жаан-чачын көп болгон Кыргызстандын шартында ыңгайлуу. Кыргызстандын аймактарына жараша 1 жылда орточо 300-600 мм жаан жаайт. Эгерде биз аны орточо жылына 400 мм деп алсак, фермерлердин үйлөрүнүн чатыры 80 м2 десек, тамдын чатырынан түшкөн жаандын жылдык көлөмү 32000 литр же 32 м3 болот. Биз ошол көрсөткүчтүн 50% эле алсак, 16 м2 же 16000 литр суу болот. Бул огороддо жашылча өстүрүүгө керектелүүчү суудан алда канча көп. Үйлөрдүн чатырынан түшкөн жамгырдын суусун топтоо үчүн чатырдын чет жактарынан суу түшүүчү труба, ошондой эле алардан түшкөн суу кетүүчү чоң жалпы труба жана андан суу жыйналган чоң көлөмдөгү бочкага жеткен шланг керектелет.

    Чоң көлөмдөгү бочка болбосо, кудук казып, анын ичине пленка төшөп койсо да болот. Азыр көпчүлүк айылдагылар бетондолгон кудук куруп, пайдаланып жатышат. Бул көпкө чыдайт. Бирок ал чыгымды талап кылат. Эн жөнөкөй арзан ыкма эки кабат пленка төшөлгөн кудук. Анын үстү чатырчаланып жабылып коюлат. Кудуктан сугатка суу кетүүчү кран коюлат, же электр насосун колдонуп сууну түз жөөктөр аркылуу сугарса да болот




    1. Уулкан эже, сууга сереп болунуз, жайдын ыссык аптабында акыркы жылдары дарактардын жашыл жалбырактары муляж сыяктуу, турган бутактарда кургап калып атат (Кызыл жар айылында кордум эле), жаандын суусун топтоп, эгин сугарып атканыныз баалуу кенеш, рахмат!


  126. Экологиялык туруктуу жашоону камсыз кылууда токойго жакын жашаган элдуу айылдарда территориянын 10/30/60  оптималдуу болунушу жаратылышка ынгайлашып жашоонун модели боло алат.

    Мында:

    • 10% үй, курулуштар,
    • 30% айыл чарба эгиндери өстүрулгөн аянт,
    • 60% табигый экосистема.

      Биздин келечекти көрүп элестетүүбүз:

     «Таза аба, таза суу, гүлдөгөн жер, бирдиктүү байланышкан экосистемадан кымбат эч нерсе жок”.

    1. Уулкан абдан маанилуу маселе боюнча айтыптырсын, Кызыл-Ункурдо жангак токою каптап турганы менен ал жангактар коп жылдык болуп кээ бири тушум бербей калды, ордуна жангак кочотурунун жакшы сортторун тигуу боюнча иштер болсо жакшы болот эле.

    2. Алла берген, ата-бабалардан калган жаратылыш байлыгын роцианалдуу падаланып кийинки муундарга откоруп беруу ар бир инсандын милдети

  127. Ооба созуно кошулам, откон жылы уй булобуз менен 1 гектар жердин тегерегин тосуп,"Флора, фауна" уюмунун колдоосу менен  момолуу дарактардын кочотторун эгип остуруп жатабыз. Келечекте бул кочоттор жетилсе токойду кобойтууго биздин кошкон улушубуз болот деген жакшы умуттор менен аракет кылып жатабыз. Жазында кочоттор оскон убакта суротторун маан платформасына койгону убада беремин.

  128. Саламатсыздарбы!

    Кыргызстандагы жангак токойу жок болуп кетуу коркунучуна кирген токойлор. Дагы 30-50 жылдын ичинде бул токойлор жок болуп кетет. Себеби жангак токойу картайган. Жаны токой болуу мумкунчулугу жок эсе, эгер токой жок болуп кетсе ал жерлер жарым чолго айланат. Ошондуктан ошол жердеги элдер бул маанилуу койгойду чечууго убакыт келди. Эн биринчи туризмге ыктаган айыл чарбасын которуу керек, малдын санын азайтуу, же болбосо интенсивдуу мал чарбасына отуу керек. Токойлорду лесхоздон алып корукка айлантыш керек. Балчылыкты, дары чопторду кайра иштетуу тармагын кучотуу керек. Малды интенсивдуу баккан фермерлерге арзан пайыздуу кредиттерди беруу, тескерисинче жайытта айдап баккандарга жайыт акысын ото жогорулатуу керек. Питомник кылган, кочот жеткирген, токойду жаш кочоттор менен толтурган адамдарга субсидиди же башка мотивация боло турган иш-чараларды киргзуу зарыл

  129. Органикалык чеснок менен сүттүн кайнатмасы- астма, сарык, жүрөк, учук ооруларына дары.


    Көптөгөн жашылча-жемиштердин да бир топ дарычылыгы бар. Төмөндө адамдын жалпы саламаттыгына эң керектүү дары суусундугунун рецеби. Бул суусундук жылуу сүт менен чесноктун майдасынан жасалган.

    Даярдоого керектүү азыктар: 500 миллилитр сүт, чесноктун арчылып майдаланган он бөлүгү, 250 миллилитр суу.

    Даярдоо ыкмасы:

    Мискейди алып ага сүттү куюп, анан чеснокту кошуп, отко коёсуз. Аралашма кайнагыча күтө туруңуз. Аралаштырганды токтотпой туруп, отту азайтыңыз. Жарымына чейин бууланмайынча аралаштыра бересиз. Аралашмага шекер кошуңуз жана муну ысык бойдон ичсе жакшы.

    Пайдалуулугу:

    Астма — эгер күнүнө үч тишче (зубчик) чеснокту ар күнү уктаар маалда жесеңиз, астманын симптомдору жеңилдейт

    Пневмония — чеснок кошулган сүттү күнүнө үч ирет ичсеңиз, пневмониядан айыгып кетесиз.

    Жүрөк ооруларына — бул суусундук холестеринди азайтат, тромбдун пайда болушунун алдына алат, муну менен жүрөк-кан тамырдын иштешин жакшыртат. Эгер, сиз сүт менен чесноктун аралашмасын даярдасаңыз, анда майы аз сүттөн жасасаңыз жүрөк ооруларына жакшы.

    Сарык — чеснок организмдеги жаман токсиндерди айдап чыгат. Анткени, чеснок боордогу ферменттерди активдештирет.Бул ингредиенттер боордун май дистрофинине укмуш эффект берет. Ал өзүнө иллицин менне селендин чоң запасын алып жүрөт. Эгер, сиз бул аралашманы 4-5 күн колдонсоңуз, сарыктан толук айыгасыз.

    Артрит — сүт менен чеснокту күнүнө колдонсоңуз, артриттин симптомдорун жана ооруну азайтасыз.

    Уйкусуздук— аралашма тынч уктоону камсыздайт, анткени чеснокто нервди тынчтандырган бирикме бар.

    Жөтөл— бул аралашма куркума менен кошулганда дайымкы жөтөлгө жакшы. Чеснокто бактерияга каршы укмуштуудай эффект бар. Бул жөтөлгө жардам. Булардын үстүнө балды кошсоңуз андан бетер жакшы.

    Өпкө туберкулезу — бул аралашма көкүрөк клеткаларынын оорусун айыктырууга пайдалануу. Чесноктогу сера компоненттери бул ооруга каршы пайдалуу. 240 миллилитр сүткө жана бир литр сууга 1 грамм чеснок кошуп жасайсыз. Бул аралашманы 1 күндө 3 жолу ичесиз.

    Холестерин — эгер сиз жылуу сүт менен чеснокту 1 жума ичсеңиз, жаман холестеринден (ЛПНП) арылып, липопротеинди (HDL) организмде көбөйтө аласыз.

    Тамак сиңирүү системасы — чеснок андан тышкары иммунитетти жакшыртып, тамак сиңирүүчү системаны жөнгө салат. Мындан тышкары чеснок импотенцияга да пайдалуу. Эркектер менен аялдарды тукумсуздуктан арылтат.




  130. Имбирь чайынын ден соолукка пайдасы
    ===========
    Имбирь иммунитетиңизди бекемдеп, тамак-аш сиңирүү жолдорун жакшыртып жана түрдүү ооруларга каршы күрөшүүчү өсүмдүк түрү. Анын курамына өзгөчө дем берип, жыпар жыттанган джинжерол, зингерон, шогаол сыяктуу бир нече эфир майынын түрү кирет. Ал эми бул майлар бактерияга, вируска жана экземага каршы активдүү күрөшөт. Ошону менен катар имбирдин тамыры да иммунитетиңизди алсыратпай, сергек кылып, жүрөк кан тамыр ооруларын алдын алат.

    1. Имбирь өсүмдүгү башыңыз ооруганда, суук тийгенде, сасык тумоого чалдыкканда, керек болсо булчуң эттериңиз ооруган учурда да көп жардам берет. Бул өсүмдүктүн курамындагы пайдалуу заттар денеңиздин ооруксунусуна жол бербейт.

    2. Имбирди күндө пайдалансаңыз иммундук системаңызга да таасир этет. Анткени анын курамында иммунитетиңизди бекемдеп, көптөгөн илдетке каршы күрөшүчү антиоксиданттар бар.

    3. Бир стакан имбирь чайынын өзү мээнин кан айлануусунун бузулушунан сактайт.

    4. Ошондой эле имбирь кан айлануу системасына да пайдасы мол. Ал сиздин организмиңизди витаминдер менен минералдарга байытат.

    5. Имбирь чайы сасык тумоону козгочу вирустарды өлтүрөт.

    Ал эми ал чайды кандай даярдайт десеңиз: - 1 стакан суу;

    - ¼ чай кашык майдаланган имбирь;

    - ¼ чай кашык куркума;

    - бал керек.

    Даярдоо жолу:

    Сууну кайнатып, ага имбирь менен куркуманы кошуңуз. Жакшылап аралаштырып, 10 мүнөткө тыныктырып коюңуз. Андан кийин бал кошсоңуз болду. Суусундук даяр. Имбирден чай жасап ичүүнү адатка айландырыңыз. Бул суусундук сизди ар дайым сергек сездирип, түрдүү оорулардан арыласыз.

  131. ЭЧ КАЧАН ПИЯЗДЫН КАБЫГЫН ЫРГЫТПАНЫЗ!!!

    Пияз кабыгынын кайнатылганы, натыйжалуу таасирин корсотот,ич алдыруучу( слабительное),сийдик чыгарчуу табарсык,от оорулары,сууктануу, витаминдуу,микробдорго каршы курошу,кан тамырларынын иштешине жардамы коп...

    1.Ангина!
    Пияз кабыгына кайнатылган сууну куйуп,5 муноттон кийин тамагынызды чайканыз..

    2.Сасык тымоо.
    Кайнап турган сууга 4 аш кашык майдаланган пияз кабыгын салыныз, оттон алып анын буусунан дем алыныз 3-5 мунот...

    3.Жотол.
    2 аш кашык пияз кабыгы, 2 стакан суу,15 мунот кайнатыныз.1/4 стакан болугун жылуу абалында бир кундо 3 жолу тамактан 30 мунот алдын ичиниз...

    4.Бойрок жана табарсык.
    3 чай кашык пияз кабыгы,2 стакан кайнатылган суу,аралаштырып 30 мунот тындыруу.Жанынызды алган циститке 50 млдан,2 жолу бир кундо ичиниз,онокот ооруларына-2 аш кашыктан 3-4 жолу 10 кун ичуу керек.

    5.Денедеги кан тамырлар,жана буттагы жылдызчалар..
    2 аш кашык пияз кабыгына 100 мл арак аралаштырып 7 кун сактаныз,аны электен откоруп пияз кабыгын алып салып, 20 тамчыдан 3 жолу бир кундо,тамактан мурда 30 муноттон кийин тамактанууга болот.

    Болбосо:2 аш кашык пияз кабыгына 400 мл кайнак суу,аны 6 саатка тындырып, 1/4 стакан болугун 7-10 кун тамактан 30 мунот мурда ичип турунуз.Бойунда барларга бул ыкмалар мумкун эмес колдонгонго.....
    Кайталоо курсу бир жума.

    Дайым ден соолукта болунуз!!!

    Булак : Айымдарга миң кеңеш.Нет описания фото.

  132. Биз кадимки кунуго колдонуп жургон пияздын пайдалуу касиеттери:
    Мисирлик бир врач озунун соц.баракчасына ушундай деп жазат: Адамдар балдарынын ысытмасы көтөрүлүп атканын айтып арызданып келишсе ачуум келип кетет.
    Ушуга да врачка уколго,таблеткага чуркайбы,уйдо пияз бар врачка чуркагандын ордуна пиязды колдонушса натыйжасы эн сонун болмок.
    Созум куру болбоосу учун мен кубо болгон бир окуяны айта кетейин.
    Ооруканада ысытмасы тушпой олум менен алышып жаткан кичинекей небересин чон энеси коргону келип калды.

    Баланын абалын коруп дароо бир баш пияз алып келгиле деп суранды.Алып келген пиязды тен жарымынан экиге бөлүп баланын эки таманына байлап байпагын кийгизип жаткызып койду.
    Эртеси бала эчнерсе болбогондой жапжакшына козун ачты,таманынын алдындагы пияз болсо куйуп калган сымал капкара болуп калыптыр.

    Жана бир окуя 1919жылы Мисирде катуу грипп каптап анын айынан 40мин киши жашоо менен коштошот. Ошондо медицина кызматкерлери кыштактарда уймо уй кыдырышып бейтаптарга жардам беришет.
    Кыштактардын биринде айыл чекесинде жашаган дыйкандын уйуно барышып доктурлар тан калышат.Анткени уйдогу адамдар баары грипптен сопсоо журушкон болчу. Тан калган доктурлар мунун сырын сураганда мына деп кабыгы аарчылбай эле экиге бөлүнүп коюлган пиязды көрсөтөт уй ээси.
    Уйдун ар бир бөлмөсүндө ушундай эле пияздар турган болчу.
    Тан калган врач пиязды алып микроскоп менен текшерип коруп пияздын кабаттарында олуп жаткан миңдеген грипптин микробдорун көрөт.

    Мындан маалым болгондой пияз микробдордун баарын озуно тартып алат экен да аларды өлтүрөт экен.Аябай арзан оной эле,бирок пайдасы эбегейсиз зор.
    Өзүбүздүн эле бут алдыбыздагы күнүмдүк жашообуздагы пайдалуу нерселерге маани бербей анын себебин дарысын башкалардан издей берет экенбиз.
    Муну жазуудан максатым кимдир бирөөлөргө пайдасы тийсе анда

  133. Пайдалуу кенештер

    Лимондун согу бычактын мизиндеги, жез буюмдардагы, дасторкондогу чайдын тагын кетирип, мрамор плиталарды жана кафелдерди жаркырата тазалайт.
    Ак кирлерди агартуунун эн жонокой жолдорунун бири, 1 чака ысык сууга 2 аш кашык осумдук майын 1 стакан "Белизна " жана 200 г. айна кошуп кирди чылап коюп эртеси жууп салса таза, аппак болуп кетет.
    Кенештер пайдасы тиет деген ниеттемин
    Мелис Кочконов

    Нет описания фото.

  134. Пайдалуу кенештер

    Пияздын кабыгын жазында картошка отургузуу учурунда, башкача айтканда урон салган ункурго кабыкты кошо комсо, кабык чиригенден кийин, картошканын "душманы" болгон калорат жугунан сактайт.
    Кенештердин пайдасы тиер деген ниеттемин

  135. Алманын уругу да өтө пайдалуу!

    Алманын уругунун курамында йод көп. Ошондуктан, эгер күнүнө алманын 5-6 уругун жесе, адам организмине керек болгон бир суткалык йодду камсыз кыла алат деп айтылат.
    Алма терапиясы - жөнөкөй, оңой, таасирдүү жана арзан.

    Ич өткөк күчөп кеткенде алманы куракка жараша жеш керек. Мисалы, 2 жаштан 10 жашка чейинки курактагы балдарга 600 граммдан баштап 1500 граммга чейин кумшекер кошулбаган алманын боткосу берилет. Ичкенге чай гана сунушталат.

    Күндүзгү алма диетасынан кийин кайнатылган күрүч, кургатылган азыктар, жумуртка белогу жана аз өлчөмдөгү алма ширеси же боткосу сунушталат. Ал акырындап олтуруп кадимки тамакка алмашат.

    Эске салчу нерсе, алма менен дарылануу күчтүү эркти талап кылат. Эгер андан кийин башка нерсе ичип же жеп алса, анда алма дарысы эмес, алма кыйноосу башталат. Оорулуунун ашказаны зыян тартып калат.
    Ден соолукта болуңуз оорубаңыз
    Мелис Кочконов

  136. Азыркы учурда туура тамактануудан кийин экинчи ушул маселе маанилуу болуп калды 

    Беткапты туура жана жобосу менен пайданыңыз,болбосо...
    Аба аркылуу жугуучу оорулардан бет кап аркылуу коргонуу үчүн аны туура тагынганды билүү керек!.
    Маалыматка ылайык, бет каптар ар түрдүү конструкцияда жасалып, бир жолку же көп жолку колдонулуучу болуп бөлүнөт. Бет кап ар кандай вирустарды өзүнө сиңирип алгандыгына байланыштуу аны 2, 4 жана 6 саатка чейин тагынууга болот. Эгер бир эле бет капты мөөнөтүнөн ашыра тагынса, инфекцияны кайра эки эсе жугузуп алуу коркунучу бар.Төмөндөгүдөй түшүндүрмө жана сунуштама беребиз:

    — Бет капты эки тарабынан тең тагына берсе болот;

    — Бет кап ооз-мурунду жылчыксыз жабуу керек;

    — Бет капты чечип жатып анын үстүн кармалабаш керек. Эгер кармап алсаңыз, колуңузду самындап жууп же спирт менен жакшылап сүртүңүз.

    — Суу же ным болуп калган бет капты дароо алмаштыруу зарыл;

    — Бир жолку колдонулуучу бет капты дароо таштандыга салуу керек;

    — Ооруган адам менен байланыш болгондон кийин бет капты дароо чечүү зарыл;

    — Бет капты адамдар көп топтолушкан жерде, коомдук транспортто, оорулуу адамды кароодо кийүүгө болот. Ал эми таза абада жүргөндө тагынуунун зарылчылыгы жок;

    Муну менен катар медиктер белгилегендей, бет кап тагынуу менен гана оорудан толук сактанууга мүмкүн эмес. Ал үчүн башка да көрүлүүчү чаралар бар. Мисалга, колду самындап жууп, оору жуктурган адамдан жок дегенде бир метр аралыкты сактап, дени сак жашоо кечирүүгө мүмкүн.
    Ден соолукта болуп,оорубаңыз окурманым!
    Мелис Кочконов

  137. АНАР.
    Адамзат тээ илгертен эле дарылык максатта колдонуп келген жемиш-бул анар. Анткени, анардын ширеси адегенде эле табитти ойготуп, ашказандын ишин жонго салуучу функцияны аткарат. О.э. ал заара кубалоочу катары суук тийууго жана сезгенууго каршы турат. Анарда С жана В витаминдери жана никотин кислотасы бар. Ошондуктан ашыкча холестеринди кубалоочу сапатка эгедер. Ангина ооруп турган жагдайда эрте менен кечкисин бул жемиштин ширесин ичип туруу ундун бутуп калуусуна жол бербейт.

    1. Туура, даарыларды аптекалардын издеп журуп тамак катары колдонбой,  табигый тамактарды дары катары колдонгонду билсек ээ....

      1. Ошону Айтсаныз 

  138. Быйыл 9 айдын жыйынтыгы боюнча экспорттун көлөмү 1 млрд 356, 5 млн долларды түздү. Кыргызстанда өндүрүлгөн товарлар 87 өлкөгө экспорттолот. Негизинен чет өлкөлөргө айыл чарба продукциялары көп сатылууда. Мисалы: быйыл 9 айдын аралыгында 52 616,0 тонна төө буурчак 30 мамлекетке экспорттолду. Муну менен катар сүт азыктары Россия менен Казакстанга сатылып жатат. Ал эми кыргыз балына дүйнөнүн көптөгөн өлкөрүнөн суроо-талап чоң. Быйыл 9 айда 300 тонна асел экспорттолду. Эт азыктары болсо Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө ташыла баштады.

  139. Шпинат кыргызчасы " ат кулак" болушу мумкун так эмес. Витаминге бай. Каны аздарга, сахар диабет менен ооругандарга, туберкулезго дагы башка коптогон ооруларга даба. Мындан турдуу тамактарды жасап жесе болот. Мен билген бироо бар. Жумуртка кошуп жасалганы. Рецебин жана суротун илгени аракет кылам.



  140. Кант

    Кантта эч кандай витамин да, минералдык азыктар да жок, ошол эле убакта ал өтө калориялуу азык болуп эсептелинет. Кумшекер көптөгөн оорулардын себепчиси болот: кант диабети, семирүү, жүрөк-кан тамыр оорулары, ашказан-ичеги, бөйрөк анан албетте, тиш оорусу. Ошондой эле организмдин ар кандай инфекцияларга каршылык көрсөтүүсүн төмөндөтөт.

  141. Туз

    Ден-соолугу чың чоң адамга күнүнө 5 грамм туз талап кылынат. Биз болсо 10-15 грамм туз жейбиз. Тузду ашыкча өлчөмдө кабыл алуу менен бирге биз өзүбүзгө жүрөк-кан тамыр, бөйрөк ооруларын жакындатып алабыз жана зыяндуу шишиктердин пайда болушуна жол беребиз.

  142. Колбаса

    Колбасада, сосискада майдын көп өлчөмү, жасалма кошумча азыктар жана туз бар. Айрым окумуштуулардын пикири боюнча колбаса жана сосиска берген даам наркотикке көнүүнү жана көптөгөн ооруларды чакырат. Бул азыкты такай жегендер нерв системасын бузуп алуу коркунучуна дуушар болушат.

  143. Газдалган суусундуктар

    Кола, пепси, лимонад жана башка "суусунуңду кандыруучу" суусундуктарда канттын көп өлчөмүнөн тышкары химиялык кошулмалардын түрү бар. Айрым суусундуктардын курамына кофеин, коки дарагынын жалбырагы кошулат. Башкасын айтпаганда да газдын өзүнүн эле ашказандын былжыр челине тийгизген зыяны канча?!

    Image result for газдалган суусундуктар зыяны

  144. Алкоголдук ичимдиктер

    Алкоголь калктын өлүмүнүн 3-себепчиси (жүрөк-кан тамыр жана онкологиялык оорулардан кийинки). Спирттик ичимдиктер бөйрөк, боор, ашказан, ичеги жана башка көптөгөн органдарга өз зыянын тийгизет.

  145. АНАНАС САЛАТ!

    Керектелүүчү азыктар: Картошка - 2-3 даана Тоок эти (окорочка) - 1 даана (300-400 грамм) Чагылган жаңгак - 150 грамм Жумуртка - 3 даана Сыр - 100 грамм Туздалган бадыраң - 4-6 даана Пияз - 0,5 даана Бир боо көк пияз, майонез, туз, мурч татымына жараша колдоносуз Жасалуу ыкмасы: Алгач, картошканы таза жууп, сууга бышырып, муздаган соң кабыгын аарчып, кыргычтан өткөрүп аласыз. Жумуртканы да сууга бышырып, муздаган соң аны да кыргычтан өткөрөсүз.

    Этти бышырып, майда кылып туурайсыз. Сырды кыргыч менен кырасыз. Туздалган бадыраң чарчы түрүндө майда кылып тууралат. Пиязды да майдалап туурайсыз. Даяр болгон азыктарды сүйрү кылып, башкача айтканда, ананастын формасына окшоштуруп кабат-кабат кылып тизесиз. Ар бир кабаттан соң аз-аздан чымчып туз менен мурчтан себелеп, аздан майонез сүйкөп турасыз. Кабаттар төмөнкүдөй тартипте тизилиши керек: 1-кабат - картошка 2-кабат - пияз 3-кабат - тоок этинин жарымы 4-кабат - бадыраң 5-кабат - тоок этинин калганы 6-кабат - сыр 7-кабат - жумуртка Салаттын эң үстүнкү кабатына майонезден көбүрөөк сүйкөп, жаңгак менен кооздоп чыгасыз. Ал эми көк пиязды ананастын сабагына окшотуп сайып кооздоп койсо болот.

  146. ТАМАКТЫ канча ДААМДУУЛАП ЖАСАГАНЫНЫЗ менен

    Аны майдалап чайнап жей албасаныз, жеген тамагыныз сизге азык болбой эле жакшы синбей, ашказанга куч келип, зат алмашуу бузулуп ,коп койгойлорду жаратат.

  147. Жүзүм кан айланууну жакшыртат

    Жүзүм-организмдеги ашыкча токсиндерди бөлүп чыгарып, жашартуучу касиетке ээ. Адам баласы жүзүмдүн ден соолукка пайдалуулугун тээ мурунтан эле билип, дарылык касиет катары колдонуп келген. Анткени, анын курамы А, В, С жана калий, кальций, темир, фосфор сыяктуу минералдарга бай. Бул жемишти көптөгөн оорулардын алдын алуу үчүн колдонсо болот. Ал бизди тынчтандырууга жана өпкөнүн дем алуусун жакшыртууга жардам берет. Анын курамындагы азот оксиди кандын коюланып калуусунан сактайт. Өзгөчө жүрөк талмасынын болтурбоого шарт түзөт. Ич катканда, тамак сиңирүүдө жүзүмдү жесеңиз сизге жардамга келет.

    Ак жүзүм-организмди темир менен толуктап, чарчоону басат. Ал эми, кызыл жүзүм-сүт бездеринин шишип кетүүсүнүн алдын алат. Алар бизди ар кандай инфекциялардан коргоп, антибактериялык касиетке ээ. Мисалга, жүзүмдүн курамындагы фламоиттер-көздүн көрүүсүн жакшыртат.

    Диетологдор ашыкча салмактан арылгысы келгендерди, көп-көп жүзүм жегенди сунуш кылат. Зат алмашуу процессин жакшыртат. Бөйрөктө ташы барларга дагы абдан пайдалуу.

    Кант диабети жана ашказан ооруларына чалдыккандар жүзүмдөн баш тартканы оң. Муну менен бирге варикоз жана жүрөк кан-тамыр ооруларына дагы даба.

    http://zaman.kg/densooluk/19609/zhuzum-kan-ajlanuunu-zhakshyrtat?fbclid=IwAR2yEJsGO6DJ9vMOD0wppZTPbxFWQ8vmpGSSkR0HiytDzJrXr6dwsHe4O18

  148. ЖЕНИЛ САЛАТТАР!

    Төө буурчак кошулган салат Кандай азыктар керек?

    Консерваланган төө буурчак: 400 г Консерваланган жүгөрү: 1 кичине банка Помидор: 1 даана Кайнатылган колбаса: 150 г Ак нан: 2 кесим Сарымсак: 2 тишче Майонез Көк чөп Туз, мурч Кантип жасалат? Колбасаны узун-узун кылып туурайсыз. Помидорду болсо чарчы кылып туурайсыз. Көк пиязды майдалайсыз. Чуңкур идишке баарын салып аралаштырып, майдаланган сарымсакты кошосуз. Консерваланган төө буурчак менен жүгөрүнүн суусун төгүп аларды кошосуз. Татымына жараша туз, мурч кошуп майонез менен аралаштырып коёсуз. Нандын жумшак жерлерин чарчы кылып туурап, көмөч казанга салып кургак кууруп кытырак нан жасайсыз. Салатты дасторконго коёрдо гана кытырак нанды аралаштырасыз. Эрте аралаштырып койсоңуз, нан жумшап салатыңыз жакшы болбой калат.

  149.  Дан осумдорунун онумдорунун ден соолукка тийгизген пайдасы жонундо билиниз!

    Урондо – азык заттар консервацияланып сакталып турат ал нымдуулуктун таасири менен онуп чыгат. Урон онгондо азык заттар активдуу женил синимдуу формага келет: белоктор- аминокислоталарга, углеводдор-кантка, майлар-май кислотасына айланат.

    Дандын онумдору – азык заттардын лидери . Мисалы эттин курамында белок 22% болсо, маштын онуму – 25%, витамин И9 (фолий кычкылы) кош бойлуу аялдардын суткалык талабы 350 мкг, смалакта (шпинат) -80 мкг, онумдо  бул 351 мкг тузот. С витамини жасмыкта онумго чейин 3 мкг, онгондон кийин 64 мкг болот.  Буудай унундагы фосфордун саны 92 мг/г, буудайдын онумундо – 1100 мг/г, адамдын суткалык талабы 800-1200 мг/г
    Буудайдын онуму 7 суткадан кийин 70% хлорофилди камтыйт, химиялык формуласы гомоглобинге жакын, бул кычкылтектин алмашуусуна таасирин тийгизип, клеткаларды зыяндуу токсиндерден сактайт.

    Башка азыктарга караганда онумдордун курамында ферменттер 40 эсе коп,

    Буудайдын урону ондурулуп жаткан 7 кун ичинде онумундо максималдуу баалуу азыктар топтолот.  8- куну онгон сабагы чогултулуп алынып, зыянсыздандыруу керек жана упадай кылып майдалоо. 1 олчоо кашыгында:  40 гр жаны буудайдын чобуно, 100 гр азыктык баалуугу боюнча 23 кг жаны жашылчаларга барабар.

    Буудайдын онумундо 90 дон ашык азыктуу биологиялык активдуу заттарды анын ичинде 19 аминокислоталарды, 9 алмаштырылгыс заттар. Бул азык табиятынан витаминдерге, минералдарга, аминокычкылдарга, энзим, хлорофилл, баалуу азык булаларынан турат.

    Ден соолукка тийгизген таасиринин артыкчылыгы:

    • Иммундук системанын кучтонушуно жардам берет;
    • Организмди уулу заттардан тазалайт, денедеги жана ооздогу жагымсыз жыттарды жоготот.
    • Кандын курамындагы гемоглобинди которот
    • Ден соолукка байланыштуу койгойлорду тамак синируу, суук тийуу, язва, диабет, бойрок, боор, ашказан бездерине таасир берет.
    • Шишик ооруларынын алдын алууда натыйжалуу каражат.
    • Аялдарда коп кездешуучу артрит, артроз, астма, уйкусуздукка таасир берет
    • Салмакты коррекциялайт.
    • Булчундардын тонусун жакшыртат, тери оорулары менен курошуудо жардамын берет.                                                                                    Улуу муун бекеринен жыл алмашуу мезгилинде буудай ондуруп сумолок жасабаса керек.
  150. Платформага Аксыдан жалындуу салам!

    Жаз келип, кун жылуу болуп айыл чарба иштерине даярдыктар башталды.

    Жараткан ар бир жерге ырыскы берип жашоо уланат экен. Аксы элине да кайналы остуруу, андан киреше алуу ырыскысы буюрган экен.

    Аксыда кайналыны ар кандай жол менен кургатып сатып келишсе, 2012-жылы "Аксы Био" кооперативинин жетекчиси Карбозов Жуманазар аке органикалык кылып ондуруу артыкчылыгын коро билип, дыйкандарды ушуга ундоп келди.

    Бул адамдын билими, баамы, аналитикалык ой жургутуусу, эмгекке кылган мамилесинен коп нерсени уйронсо болот. Ушул кишинин демилгеси менен Аксынын кайналысын ЕБ олколор таанып, билип калышты.

    1. Апсамат аке! Жуматайкенин эмгегин, аракетин, аксынын кайналысы деп куйуп бышканын тушунгонунуз жакшы! Рахмат! Жон эле бир нерсенин аты чыкпайт, биринчиден Кудайдын айтканы менен анан Жуматай акеге окшогон патриот адамдар чыгарат. Американын бир болбогон даамсыз (ГМО болсо керек) тоок канаттарын дуйного тааныткан киши, же болбосо Мак Доналс, Чипсы окшогон тамактарды дуйного тааныткан адамдар болот. Ал эми бизде даам десен даам, пайдалуу, таза тамак аштарыбызды дуйного эмес озубуздун мекенибизде тааныта албай жатабыз. 

  151. Салам, платформанын катышуучулар!

    Мен ушул платформага Буажар эженин сунушу менен катталдым

    Озум жонундо айтсам, Сузак районунан болом, 2 балам бар, озум медикмин, балдарым чонойгуча уйдо тиричилик менен алекмин.

    Буйрууса бул жерден коп маалымат алам деп турам.

  152. Мен майрамдык кундордо жасап жургон пирогдордун рецебинен болушойун дедим

    Быштак пирогу

    Бир порция үчүн: Уйдогу адамдардын санына карап кобойтуп жасаса болот.
    Быштак: 135 гр
    Буудай  уну: 10-12 гр
    Шекер: 15 гр
    Жумуртка: 4 даана
    Сары май: 5 гр
    Кургатылган нан: 5 гр
    Каймак: 5 гр

    Кантип жасалат?
    Унга майдаланган быштак, жумуртка, шекер, тузду кошуп 1 порция үчүн 10 мл суу куюп аралаштырабыз.

    Даяр болгон камырды формага келтирип алып үстүн май менен майлап, кургатылган нанды себелейбиз.

    Үстүн бир аз чегип, каймак менен майлап духовкага салып 20-30 мүнөт кармайбыз.

    Даяр болгондо үстү кызарып чыгат. Бетин уболонгон печеньеге жангакты майдалап аралаштырып кооздоп койсо болот.

  153.  5%дуу  быштак ашканада колдонулуучу универсалдуу азык. 

    Салатка, ар кандай салмаларга, куймакка (оладьи) кошсо болот.

    Быштак кошулган чучбараны жеп кордунор беле,  адамга синимдуулугу жакшы.

    Быштак жаны бышкан жемиштер кулпунай, гиларс жана да  каймак, кыям, бал, корица, аш коктор жана чеснок кошуп пайдалуу азыктарды даярдаса болот. Айыл жеринде жашап, мал кармап сутту кайда иштетерин билбеген кожойкелер быштак жасап алып балдарга коп нерсе жасап берсе болот.

  154. Мен да Буажар эжеден туура тамактануу боюнча маалыматтарды угуп ушул платформага катталдым.

    Озум Сузак районунан болом, колумда уулум бар, негизинен дыйканчылык кылабыз. Буйруса озумо керектуу маалыматтарды алам деген умуттомун.

  155. Кызылча менен кайналы кагы кошулган салат



    Бул салат соолукка пайдалалуу салат

    Мунун себептери бир нече. Кызылча тамак синирууну жакшыртуу менен ичиги-карынды зыяндуу заттардан ар кандай шлактардан талайт.  Жашоо учун зарыл болгон витаминдердин, минералдардын  курамынан турган мейиз, кайналы кагы, жангак  кошуп жасаса болот.  Мындай салаттарды убак-убагы менен жеп турсанар иммунитет бекем болот, кандын курамындагы гемоглобинди которот, журоктун иштешине пайдасы бар.  




  156. Арча,адырашман ысырыкты билбеген адам жок чыгар.
    Экөөнүн биринен алып темир идишке салып ,бир чоң кашык тузду кагазга ороп ,ысырыктын үстүнө коюп күйгүзүү керек. Часырап туз кошулуп күйгөндө, жалынды өчүрүп түтүнүнөн мурунга жыттоо керек. Көзгө көрүнбөгөн вирус,бактерия,паразиттерди өлтүрөт.
    Организмди тазалайт.
    Айрыкча бүгүнкү күндө , түтүндү жыттап ,артынан оксалин мазынан мурунга сүртүп тургула ( корановируска каршы).
    Үйдү ысырыктаганда тизеден ылдый туштап, бөлмөлөргө түтөтүшүбүз керек.
    Үйгө кирген Жиндин буту күйүп чыдабай сыртка качат.
    Эшикти кыйгач ачып коюу керек.
    А биз болсо бет тушуна туштап , ысырыкты айлантабыз.
    Алар кайф болуп кайра тез көбөйүшөт.
    Ысырыктоо адамдын биоталаасын жакшы тазалайт.
    Сааттын стрелкасынын багытындай кылып башына айлантуу керек.
    Көз тийгенден,кирне киргенден тазалануунун бир жакшы жолу ушул.
    Ташбү эже кайсынысы жакшы деп сурашат.
    Арча бийик,таза жерде өсөт. Адырашман талаада өсүп ,мал аралап коюшу мүмкүн. Таза жердегиси жакшы.
    Касиети боюнча адырашман бир топ жакшы ( тажрыйбамдан улам ). Бир эле кыргыздар эмес , дүйнөнүн көпчүлүк эли колдонот.
    Ысырык ар бир үйдө болгону дурус.Ден соолукка пайдасын башка жазаармын
    Зыяны жок. Пайдалангыла.

    Ташбү Жамиловна.


  157. КАПУСТАНЫН ПАЙДАСЫ!

    Байыркы Римде түшкү тамактануудан кийин капустаны таттуулардын ордуна беришкен. Байыркы тарыхчылар Катон менен Плиний, дарыгер Диоскорид, Гален жана Авиценна капустаны мактап ырдап да жүрүшкөн. Бул мактоолор бекеринен эмес эле. Анткени, ошондо эле капустанын касиети баардыгына белгилүү болчу.

  158. Капустанын касиети

    Азыктанууда капустаны көбүрөөк колдонсоңуз, ден соолугуңузду чыңдап, баардык ооруларга болгон туруктуулукту бекемдейсиз. Ал уйкунун качуусун, баш ооруларын калыбына келтирет.
    Заманбап окумуштуулар анын касиетин мындайча түшүндүрүшөт: ал витаминдин баардык түрү менен жараларга каршы У витаминин, фитонцид, ар түрдүү ферменттер, туз, калий, кальций, фосфор, темир, йодду өзүнүн курамына камтыгандыктан ден соолукка абдан пайдалуу жана ар кандай оорулардын алдын алганга жөндөмдүү.
    Капуста ичеги карынга эң мыкты таасирин берип, ал муктаж болгон керектүү микрофлораларды жакшыртат. Ошондой эле ал организмдеги зыяндуу заттарды жана холестеринди сыртка чыгарып турат.

    Өнөкөткө айланган ооруларды айыктырат

    Капустанын касиети тууралуу сөз кылууда анын ачытылган түрүн айтпай коюу болбойт. Анткени, ачытылган капустаны ашказан ооруларынын эң мыкты дабасы деп да коюшат.
    Себеби, анда сүттүн жана уксусдун кислоталары камтылган. Алар чирип бараткан бактерияларды жоготууга жардам берет. Капустанын суусуна көптөгөн пайдалуу заттар өткөндүктөн, аны диеталык зат катары да колдонуп келишет.
    Ачытылган капустаны өнөкөткө айланып кеткен ооруларда, боордун оорусунда, табитти ачууда колдонсо болот. Ошондой эле гемморойду, ичтин катып оорусун басат.
    Ачытылган капустанын суусун орустар баш жазууда көп ичип жүрүшөт. Орус эли ошол себептен “ичимдик ичээрдин алдында капустадан жеп алсаңыз” деп айтышат. Ал чындап эле адамды анча мас кылбай, ал эми ичкенден кийин жесе бат соолуктурат. Ачытылган капустанын ширесин оорулардын алдын алуу үчүн тамактанууга чейин 20-30 күн 500 млдан күнүнө ичип турсаңыз болот.

    Жараларга жакшы даба

    Денедеги, теридеги жаракат жерлерге, (кесип же жабыркатып алсаңыз) жараларга жана ар кандай жаранын кыртыштарына капустанын бир жалбырагын сүткө кайнатып басышкан.
    Өткөн кылымда капустанын ширесин жараларга басып колдонуп келишкен. Себеби, капуста ширесин 5-10 күн ичкенден кийин өзгөрүүлөр болуп жатканын байкашкан. Чындап эле анын ширеси жараларды басып, акырындык менен ооруган жерлерди айыктырат. Негизинен аны колдонууда 1-1,5 айдан соң ден соолугуңуз калыбына келе баштайт.
    Россияда капустаны тамак-аштын сиңүүсү бузулган учурларда колдонушкан.

    Катон жана капустанын жалбырагы

    Эгер сиздин көкүрөгүңүздө рак жараты пайда болсо, капустанын жалбырагын койсоңуз эң жакшы даба болот. Ал рак жараларын тазалап, айыктырат.
    Байыркы Римдин ишмери жана жазуучу Катон өз убагында касиеттүү азыктар тууралуу көп кеңештерди айткан. Ал элине үлгүлүү адам болгон. Заманбап жаштарга бул кызыктай угулганы менен, Катондун кеңештери көп учурда бир топ деңгээлде өз таасирин берген.
    Ал эми азыркы учурда көкүрөккө чыккан рак жараларын дарылоодо капустанын жалбырактарын көп деле колдоно беришпейт.

    Элдик медицинада

    Элдик дарыгерлер капустадан салаттарды жасап, анын ширеси ичип турууңуздарды кеңеш кылышат.

    • Капустанын тамырын майдалап, (кургак же жаңы) 0,5 л кайнак суу куюп, ороп, 8-10 саат коёсуз.Тамактанууга 15 мүнөт калганда бир стакан ичүү керек, күнүнө 3-4 жолу.
    • 1 баш капустаны алып, сырткы кабыктарын кесип алып, тазалабастан өтө майда тууроо керек. Андан соң май куюп, 2 аш кашык татар чөбүнүн жалбырагын майдалап, 300 мл кайнак суу куюп жылуу ороп, андан соң кургатып, кабыгынын ширесин төгүп, аны сыгасыз. Капуста менен аралаштырып, эртең менен 1 жолу ичсеңиз онкологиялык оорулардын алдын алат.
    • 1 чоң капустанын тамырын жууп, жанчып, кургатып, майда күкүм пайда болгончо жанчыйсыз. Майдаланган күкүмгө 0,5 кызыл винодон куюп, караңгы жерге коюп , улам аралаштырып туруу керек. Онкологиялык ооруда күнүнө эртең менен жана кечинде 30 мл ден ичип, 10 күндөн кийин токтотуп, кайра 10 күндөн кийин улантуу керек. Бул дарылоо ыкмасы көпкө чейин созулат.
    Эскертүү: панкреатитте, көкүрөк клеткаларынын хирургиялык операцияларынан кийин жаңы өскөн ак капустаны жегенге тыюу салынат.
    Ак капустанын ширесин ошондой эле ашказан ооруларында да ичүүгө болбойт.
    Көп өлчөмдөгү ачытылган капустанын тузу көп болгондуктан, бөйрөк жана боор ооруларында өтө зыян. Мындай ооруга чалдыккандар ачытылган капустанын тузун кетирип, жууп же болбосо ачытып жаткан учурда тузун азыраак кылышы зарыл. 1 кг капустага 10 грамм туз.
    Мына ушундай капустанын пайдалуу аралашмалары бар.
    Бирок, сиз ооруңузду жеңилдетип, дартыңызга даба кылуудан мурда алгач өзүңүздүн жеке дарыгериңизге барып кеңеш алууңуз оң. Тажрыйбалуу дарыгердин кеңештери аркылуу сиз туура чечим кабыл аласыз.

    Сулуулук

    Капуста териге да жакшы таасирин берет. Ошондуктан капустадан жасалган салаттарды, тамактарды көбүрөөк жеңиздер. Аны көп колдонууда ички органдар жакшырып, ошол себептүү тери да тазарып, чоюлчаак болот

  159. Быштак кошулган болгар калемпири

    Алгач болгар калемпирин жууп-тазалап, ичиндеги уругун чыгарып салабыз. Кайнаган суу куюп 10-15 мин коебуз

    Ичине сала турган салманы даярдап алабыз: Быштакты майдалап устуно жумуртканы чегип салабыз,  керегине жараша  осумдук же зайтун майын, туз, кум шекер кошуп аралаштырабыз.

    Даяр болгар калемпиринин ичине быштак аралашмасы менен толтурабыз.

    Бышыра турган идишке тизип салып устуно магазин каймагын куюп устун жаап жай отто бышырабыз.

    Бул муноздоп тамактанган адамдар учун пайдалуу жана женил синимдуу 

    Анда тамагыныздар таттуу болсун!

  160. Кайсы
    жашылча-жемиш
    кайсы ооруга даба?

    Ашыкча дары иче берүү ден соолукка зыян. Ал бир жериңе даба болсо, экинчи жериңди оорутушу толук мүмкүн. Андыктан, эң пайдалуу жолу - дары ордуна жашылчалар, мөмө-жемиштер менен азыктануу. Медицина кызматкерлеринин айтымына караганда, алардын ар биринин бири-бирине окшошпогон, организм үчүн өзгөчө касиеттери бар. Ар бир жашылча, мөмө-жемиш кайсы бир оорунун алдын-алат жана ага каршы күрөшөт. Ал үчүн алар менен күн сайын азыктанып туруу жетиштүү. Эмесе, төмөнкү макаланын жардамы менен кайсы азык кайсы ооруну айыктырарын билип алыңыз.

  161. Капуста
    Атеросклероз
    Семирүү
    Тамакка табиттин төмөндөшү
    Зарна
    Кант диабети
    Бөйрөк
    Ашказан жана он эки эли ичегидеги жара

  162. Баклажан
    Канда холестериндин көп болушу
    Жүрөк-кан тамыр оорулары
    Ич катуу
    Боор
    Бөйрөк
    Атеросклероз

  163. Быштак кошулган  сырник

    Картошканы жууп-тазалап, сууда бышырып алабыз.

    Сырткы кабыгын аарчып майда болукторго болуп устуно быштак , жумуртка, туз, кум шекер, ун кошуп аралаштырабыз. Даяр болгон массаны формага келтирип, унга булоп алабыз.

    Казанга майды ысытып салып, эки тарабын кызарганча бышырабыз.

    Бышкан сырникти дасторконго каймак менен коебуз.

    Бул да женил синимдуу азык, тамагыныздар таттуу болсун!

  164. Пияз
    Тамакка табиттин төмөндөшү
    Тамак сиңирүү функциясынын бузулушу
    Бөйрөккө таш пайда болуу
    Ангина
    Сасык тумоо
    Инфаркт

    Ашкабак
    Боор
    Бөйрөк
    Гастрит
    Жүрөк-кан тамыр
    Зат алмашуунун бузулушу
    Цистит
    Кош бойлуу кезде кусуу
    Ашказан жана он эки эли ичегидеги жара

  165. ТYрп

    Табиттин жоголушу
    Бөйрөк оорулары жана анда таштын пайда болушу
    Холестериндин көп болушу
    Ревматизм
    Муун оорулары
    Радикулит
    Бронхит
    Көк жөтөл

  166. Кызылча

    Аз кандуулук
    Ириңдүү жана залалдуу жара оорулары
    Тамак сиңирүү функциясынын бузулушу
    Ич катуу
    Боор
    Өт
    Ашказан, өпкө, түз ичеги рагы

  167. Картошка

    Кан басым оорулары
    Зат алмашуунун бузулушу
    Организмге ашыкча туздун чогулушу
    Ашказандын кычкылдуулугунун жогорулашы

  168. Сабиз

    Көрүүнүн начардыгы
    Көз оорусу
    Бүйлөнүн сезгениши
    Боор
    Бөйрөк
    Ашказан
    Муун оорулары
    Аз кандуулук

  169. Таттуу
    кызыл калемпир

    Иммунитеттин төмөндөшү
    Депрессия
    Кант диабети
    Уйкусуздук
    Тери оорулары
    Аз кандуулук
    Чачтын түшүүсү

  170. Бадыран

    Кан басым оорусу
    Йоддун жетишсиздиги
    Моюндагы бездин оорусу
    Тери, чач, тиштин сапатынын начарлашы
    Ашказандын кычкылдуулугунун жогору болушу
    Жүрөк
    Бөйрөк
    Муун оорулары

  171. Помидор

    Депрессия
    Эрте картаюу
    Простатит
    Жатын рагы
    Суук тийүү

  172. Алмурут

    Температуранын жогорулашы
    Жөтөл
    Кант диабети
    Заара чыгуучу каналдарга суук тийүү
    Бөйрөккө таш пайда болуу
    Кургак учук

  173. Кулпунай

    Организмге витаминдердин жетишсиздиги (авитаминоз)
    Зат алмашуунун бузулушу
    Кант диабети
    Семирүү
    Богок
    Итий
    Кан тамырлардын ичкерип кетиши

  174. Кара карагат

    Ар кандай инфекциялык оорулар
    Суук тийүү
    Гастрит
    Ашказан жарасы
    Ич катуу
    Кусуу
    Тери оорулары

  175. ОрYк

    Рак
    Кан басым оорулары
    Көрүүнүн начарлашы
    Эрте картаюу

  176. Анар

    Жөтөл
    Суук тийүү
    Аз кандуулук
    Ашказан алдындагы без оорусу


  177. Кара oрYк

    Атеросклероз
    Аз кандуулук
    Ревматизм
    Бөйрөк
    Жүрөк-кан тамыр оорулары

  178. Дарбыз

    Бөйрөк оорулары жана анда таш пайда болуу
    Жүрөк-кан тамыр оорулары
    Унутчаактык
    Артрит
    Боор
    Өт
    Кан басым оорулары
    Өнөкөт кан айлануунун начарлашы

  179. Коон

    Аз кандуулук
    Боор
    Бөйрөк
    Ревматизм
    Ич катуу
    Атеросклероз
    Геморрой
    Кан оорулары

  180. Алма

    Ич катуу
    Жоон ичегинин рагы
    Авитаминоз
    Аз кандуулук
    Семирүү
    Зат алмашуунун бузулушу
    Тамак сиңирүү функциясынын начарлашы

  181. Лимон

    Ашказан-ичеги оорулары
    Атеросклероз
    Бөйрөктөгү таш
    Зат алмашуунун бузулушу
    Геморрой
    Ангина
    Суук тийүү

  182. ЖYзYм

    Бөйрөк
    Өпкө
    Боор
    Нерв системасынын бузулушу
    Аз кандуулук

  183. Банан

    Кан басымдын жогорулашы
    Гастрит
    Жүрөк оорусунан улам шишүү
    Кант диабети
    Шакый
    Семирүү

  184. Курма

    Ашказан
    Боор
    Жыныстык бездер
    Моюн бези оорусу
    Жүрөк-кан тамыр оорулары
    Көрүүнүн начарлашы
    Кан тамырлардын кеңейип кетиши
    Бүйлөнүн канашы
    Рак оорулары
    Иш жөндөмдүүлүгүнүн начарлашы

  185. Шабдалы

    Ич катуу
    Зарна
    Ашказан
    Бөйрөк
    Боор
    Өт
    Жүрөк-кан тамыр оорулары
    Ревматизм

  186. Апельсин

    Суук тийүү
    Авитаминоз
    Жогорку кан басым
    Мээнин иштөө функциясынын начарлашы
    Семирүү
    Иммунитеттин түшүшү

  187. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Ысык-Көл облусунда иш сапары менен жүрөт. Анын алкагында Ак-Суу районунда жайгашкан крахмал чыгаруучу цехтин ишмердүүлүгү менен таанышты.
    Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, министрликтин департаменттеринин башчылары ишкердин суранычтарын угуп, жардам бере турганын айтышты.
    Ишкер картошкадан крахмал чыгаргандан сырткары кап чыгарган цехти да иштетет.

    Нет описания фото.

  188. Маалыматтар аябай жакшы экен сизге чоон рахмат ишинизге ийгилик

  189. ДЕН СООЛУККА ПАЙДАЛУУ КЕҢЕШТЕР.

    1. Ар дайым өтө кеч тамактануу ашказан рагынын пайда болуу коркунучуна алып келет.

    2. Жумасына 4 жумурткадан ашык жебеңиз.

    3. Майлуу тоок этин дайыма жесе болбойт, себеби ашказандын шишик оорусун пайда кылышы ыктымал.

    4. Эч качан тамактан кийин жемиштерди жебеңиз. Аларды тамакка чейин жеңиз.

    5. Аялдардын айыз маалында күчтүү кара чай же кофе ичүүгө болбойт.

    6. Соя сүтүн аздап гана колдонуу керек. Ага шекер же жумуртка кошпостон ичиңиз.

    7. Помидорду ачкарын жебеңиз.

    8. Өттө таш пайда болбосун десеңиз эртең менен тамактанар алдында бир стакан суу ичүүнү адатка айлантыңыз.

    9. Уктаарга 3 саат калганда тамактаныңыз.

    10. Газдалган таттуу суусундуктарды аз ичиңиз. Себеби алар диабет жана гипертония ооруларын чакырат.

    Мелис.К

    Нет описания фото.

  190. Туура тамактануу жана ден-соолука пайдалуу кенештер

    1. Жаңы бышкан ысык нан жана торт жебеңиз.

    2. Телефонуңузду жана башка гаджет түзүмдөрүн өзүңүзгө жакын жерлерге коюп заряддабаңыз.

    3. Мүмкунчулүгүңүзгө жараша бир күндө 10 стакан суу ичиңиз, бул заара чыгаруучу табарсыкта залалдуу шишик пайда болуусун алдын алат.

    4. Күнүнө эки чыны кофеден ашык ичпеңиз, бул ич оорусуна алып келет жана уйкуну качырып, кыйнайт.

    5. Майлуу тамактарды азыраак жеңиз. Себеби организм майлуу тамактарды 5-7 саатта гана сиңирет, бул аралыкта ыңгайсыздык жана жагымсыздык алып келет.

    6. Саат 5тен кийин тамак жебегенге аракет кылыңыз.

    7. Сизди бактылуу жана дени сак кылуучу алты азык: банан, грейфрут, нан, шпинат, ашкабак жана шабдаалы.

    8. Бир күндө 8 сааттан аз уктоо мээнин иштөөсүн начарлатат. Түштөн кийин бир аз уктап алуу бир кун бою жакшы маанайды камсыз кылып, жаштыкты узартат.

    9. Бышырылып, даярдалган помидор чийки помидорго караганда дарылык касиети жогору болот...

    Мелис Кочконов 

  191. Простатитти элдик ыкма менен даарылоо
    Жапайы алмурут. Аталган жемиштин кагынан же жаңы бышканынан компот жасап чай жана суу ордуна дайым ичип жүрүңүз. Жапайы алмуруттун компоту сизди кыйнаган көйгөйлөрдөн арылтат.
    Ден соолукта болуңуз
    Мелис Кочконов

  192. Каштан
    Каштан дарагынын мөмөсү. Каштан дарагынын мөмөсүнүн кабыгын чайдын ордуна демдеп ичүү зарыл. Бирок бул суусундук тамакка болгон табитти жогорулатат. 

  193. Кыргыз окмоту

    Быйыл 9 айдын жыйынтыгы боюнча экспорттун көлөмү 1 млрд 356, 5 млн долларды түздү. Кыргызстанда өндүрүлгөн товарлар 87 өлкөгө экспорттолот. Негизинен чет өлкөлөргө айыл чарба продукциялары көп сатылууда. Мисалы: быйыл 9 айдын аралыгында 52 616,0 тонна төө буурчак 30 мамлекетке экспорттолду. Муну менен катар сүт азыктары Россия менен Казакстанга сатылып жатат. Ал эми кыргыз балына дүйнөнүн көптөгөн өлкөрүнөн суроо-талап чоң. Быйыл 9 айда 300 тонна асел экспорттолду. Эт азыктары болсо Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө ташыла баштады.

  194. ИНТЕРЕСНЫЕ ФАКТЫ О МОЛОКЕ
    Молоко — продукт, который употребляется достаточно часто большинством людей нашей планеты. Но всё ли вы знаете о нём? Проверьте, прочитав наш ТОП-20 интересных фактов о молоке.

    Факт № 1: молоко — детям!

    Тот факт, что молоко является продуктом питания для детей, подтверждают генетики и археологи. Ген, отвечающий за усвоение лактозы, напрочь отсутствовал у взрослых людей эпохи неолита. Поэтому приём молока у них сопровождался бурной реакцией «отторжения» организмом. Однако молоко по вкусу напоминает материнское, поэтому люди пытались и пытались его пить, что постепенно привело к появлению генетической мутации, позволяющей людям спокойно делать это. Сейчас во взрослом состоянии лактозу могут усваивать менее половины взрослого населения земного шара.

    Факт № 2: молоко — для белых!

    У жителей Китая, Африки, Юго-Восточной Азии и американских индейцев цвет кожи не белый. И у них напрочь отсутствует ген, отвечающий за переработку лактозы. То есть, они ближе к природе. Дети пьют материнское молоко до 2-5 лет, а потом уже никогда его не употребляют, в связи с непереносимостью.

    Факт № 3: молоко — в ванну!

    Не каждая женщина может позволить себе ванну из молока, а вот своенравная Поппея, вторая жена Нерона ежедневно принимала молочные ванны из молока 500 ослиц. Говорят, что кожа у Поппеи была очень нежной и гладкой. Её современники говорили, что у Поппеи всё хорошо, кроме души.

    Факт № 4: каждому народу — свой кисломолочный продукт

    Русские первыми научились делать сметану и творог, украинцы — варенец, казахи — айран, карачаевские горцы — кефир, грузины — мацони. Настоящий вкус этих продуктов можно ощутить лишь в глухих деревнях, где сохранились старинные техники их приготовления.

    Факт № 5: сливки от слова «сливать»

    Сливки — жирное молоко, обладающее приятным сладковатым вкусом, ранее получали так: молоко отстаивали в течение суток. За это время оно делилось на 2 фракции: верхнюю (жирную) и нижнюю (маложирную). Верхнюю часть сл

    Нет описания фото.

  195. Если по каким-либо причинам вы не употребляете майонез, ему найдется достойная замена - это соус, который не уступает майонезу, а наоборот, более полезен.

    Чем заменить майонез

    Заменяем майонез на соус:

    - 3 ст ложки оливкового масла
    - 1 ст ложка лимонного сока или яблочного уксуса
    - 1 ч ложка горчицы
    - 7 ст ложек сметаны
    - соль и перец - по вкусу.

    Приготовление:

    1. Смешиваем до однородной массы масло, лимонный сок , горчицу, соль, перец.
    2. Добавляем сметану и перемешиваем.

    Подходит ко всем салатам, где требуется майонез. Можно мазать на бутерброды.

    1. Мен майонезди үй шартында жасаймын.

  196. Бакчага атайын гул остуруу учун.

    Нет описания фото.

  197. Три плода, которые нужно съедать каждый день
    Эти плоды содержат вещества, которые вызывают восстановление тканей, составляющих межпозвонковые мягкие диски. Также эти вещества делают эти ткани более устойчивыми и упругими. Усиление этих тканей приводит к тому, что позвонки начинают сами становится на отведенные им природой места, без внешней мануальной коррекции.
    Попробуйте так сделать – вы не узнаете свой позвоночник. Вещества, необходимые для осуществления такой процедуры, не содержатся в каждом плоде в отдельности, а образуются при их смешении. Также это сочетание содержит магическую силу, а также способно повышать половую силу мужчин и женщин, пишет УНИАН.
    Курага или урюк, неважно как называют сушеный абрикос, несомненно, одно, это просто кладезь полезных веществ. Научно доказано, что сушеные абрикосы оказывают благоприятное воздействие на сердечную мышцу, благодаря содержанию калия, кроме того, курага отличная профилактика онкозаболеваний. В составе этого "чудо-сухофрукта" - фосфор, железо, кальций, каротин, витамин В5.
    Инжир – профилактическоe средство от рака, нормализует деятельность щитовидной железы. Кроме того, сушеный инжир способствует выведению паразитов из кишечника. Применяется в качестве народного средства при лечении бронхита.
    Чернослив – еще один подарок природы для вашего здоровья. Пожалуй, первое, на что оказывает благотворное влияние сушеная слива – это желудочно-кишечный тракт. Настой из чернослива способствует избавлению от запоров и нормализации работы системы пищеварения. К тому же, чернослив полезен и тем, у кого есть проблемы с сердцем и высоким давлением. Кроме того, считается, что чернослив полезен при болезнях почек, ревматизме, заболеваниях печени и при атеросклерозе. А благодаря высокой концентрации витамина А, он еще и улучшает зрение.

  198. ЭТТИ ЭМНЕ ҮЧҮН ЖАНА КАНЧА ӨЛЧӨМДӨ ЖЕШ КЕРЕК?
    Кандай эт болбосун курамында белок, темир, калий, кальций, магний, фтор, цинк, витаминдер жана башкалар бар. Белок булчуӊ жана нерв ткандарына курулуш материал болуп берет. Калий жүрөктүн жана кан тамырлардын, ал эми магний нерв системинин жакшы иштөөсү үчүн керек. Цинк иммунитетти көтөрөт. Кальций менен фтор сөөктү жана тишти бекемдейт. Витаминдер зат алмашууга катышат жана башка. Андыктан адам эт жеп турушу керек. 1 күндүк норма чоӊ адамдар үчүн 150-200 грамм, ал эми жаш балдар үчүн 200-300 грамм.
    Этти дамамат жана ашыкча жегенде оорулар, анын ичинде эмчектин, жатындын, жоон жана ичке ичегинин рагы жаралат. Жаш малдын эти өтө сиӊимдүү келгендиктен бардык жаш курактагыларга сунушталат. Этти кайнатып жесе пайдалуу.

  199. 17 растений и овощей, обладающих целебными свойствами
    1. Редька – выводит камни и песок из почек и мочевого пузыря, лечит бронхит, катар, туберкулез, кровоизлияния, является мочегонным и желчегонным. Увеличивает молоко у кормящих женщин.
    2. Ревень – желудок, кишечник, запоры, вздутия. Применяется в киселях, компотах, варенье, пирогах.
    3. Петрушка – восстанавливает гемоглобин в крови, останавливает кровотечения десен. Лечит почки, колиты, воспаления, простатит, глаза. Также помогает от укусов насекомых и для восстановления сил.
    4. Редис – помогает при диатезе у детей (прием на ночь), аллергии, малокровии, упадке сил, кашле и охриплости. Поливитаминное средство.
    5. Морковь – помогает при камнях в почках и мочевом пузыре. Лечит геморрой, ожоги, обморожения, молочницу, язвы, раны.
    6. Капуста – помогает при желтухе кашле, хрипах, запорах, подагре, бессоннице, язве желудка и кишечника, ожирении, сахарном диабете.
    7. Томат – сердце, сосуды, камни в почках, половые железы, раны, авитаминоз.
    8. Огурцы – ожирение, печень, почки, желудок, кишечник, выводит шлаки.
    9. Фасоль – диабет, гипертония, камни в почках, антибиотик.
    10. Тыква – ожоги, экземы, запоры. Семена тыквы – от глистов.
    11. Свекла – запоры, цинга, повышенное давление, малокровие. Содержит много каротина и витамина С.
    12. Бархатцы – противовоспалительное мочегонное и потогонное средство.
    13. Табак – чесотка, зудящие сыпи, заболевания кожи и волосистой части головы.
    14. Зверобой – дыхательные пути, легкие, мигрени, гипертонии, аллергии, желудок, кишечник.
    15. Чеснок – гипертония, атеросклероз, бронхит, воспаление печени, желчного пузыря, укрепление волос.
    16. Ромашка (аптечная) – печень, почки, горло, желудок, язвы, суставы, дисминария.
    17. Щавель – поливитаминное средство.

  200. Эт бышыруу
    Кыргыздын мына ушул кой союу, этти мүчөлөө, бышыруу, тартуу, эт бышырууда устукандардын эти ажырап, эзилип калбай, даамдуу даярдалышына өзгөчө көңүл бурушубуз керек. Сорпонун түсүнө, даамына да маани берилет. Этти казанга бышырсак даамдуу болот. Бышкан эттин даамы койдун тукумуна, жеген жем-чөптүн өзгөчөлүктөрүнө жараша болору белгилүү. Кыргыз элинде этти туура бышырууга чоң көңүл бөлүнүп келген.
    Айыл-кыштактарда, жайлоолордо эт очокко орнотулган казанда бышырылат. Казанга этти коноктун санына жараша, же жарым койдун эти, же бир койдун эти дээрлик салынган учурлары көп кездешет. Адегенде казанга муздак суу куюп, сууга эт салынат. Суунун деңгээли (2–3 см.) эттен жогору болушу керек, андан кийин гана очокко от жагылат. Эгерде эт ысып калган сууга салынса, бышкандан кийин кызарып, көзгө комсоо көрүнүп калат. Этти бышырууда отту да туура жагуу талап кылынат. Эгерде отту алоолонтуп чоң жагып алсак, анда, биринчиден, кайнаган суу ташып, сорпо коромжу болуп калышы мүмкүн, экинчиден, шарактап катуу кайнаганда эт катуу бышып калат. Ошондуктан суу бир кайнагандан кийин отту басаңдатуу керек. Казандагы суу жай кайнаганда эт эзилбей, мыкты бышат. Казан кайнагандан кийин этке туз салынат. Казан кайнаганда пайда болгон көбүк (чий көбүк) башка идишке кашык же депкир менен алынып салынат же сорпону улам-улам сапырып чий көбүктү таратат. Чий көбүк алынып бүткөндөн кийин кайнаган сорпону тез-тез сапырып туруу керек.
    Казандан чий көбүктү алуу, көбүнчө биздин республикабыздын түндүк аймактарында колдонулуп келе жатат. Чоң койдун эти казан кайнагандан кийин 2–2,5 сааттан кийин, ал эми козунуку 1–1,5 саатта бышат.
    Этти казанга салуу иши да өзүнчө жол менен жүргүзүлөт. Казандын түбүнө биринчи каржиликти, моюнду, боконону жана колдун этин салышат. Казан бир саатча кайнагандан кийин этти оодарып коюшубуз керек. Этти оодаруунун негизги себеби – эт эзилбей, устукан ажырабай жана текши бышышы үчүн жүргүзүлөт. Этти оодарганда, сорпонун үстүнкү катмарындагы жиликтерди башка идиштерге салып, андан кийин ишке киришүү эт бышырган адамга бир топ эле ыңгайлуулуктарды түзөт.
    Эттин бышканын сорпонун даамы аркылуу билсек болот.
    Шаарда, коммуналдык квартиранын шартында, этти чоң мискейлерге салып, газга бышырат. Газдын жакшы жери – оттун табын өзгөртүп турууга ыңгайлуулугу, бирок мис­кейде эт текши бышпайт, ошондуктан этти убагы менен оодарып туруу зарыл.

  201. ЖАНГАК СТРЕССТЕН АРЫЛТАТ
    Чын себеби жангакта магнезия заты коп.Ал адамдын мээсин тынчтандырууга жардам берет.Стресс абалында жангак жесе чыналууну басат.Адам женилдене тушуп туура ой жугуртууго жондомдуу болуп калат.Грек жангагыбы,фундукпу же башка турубу чени менен жеп турсаныз стресстен сактайт.

  202. ЖАЗГЫ АВИТАМИНОЗ ДЕГЕН ЭМНЕ ?? ЗЕРИКПЕЙ ОКУНУЗ
    Жаздын келиши менен көпчүлүк адамдар өздөрүн жаман сезе башташат, башкача айтканда, такай чарчап, уйкусу келип, ооруксунуп калышат. Мунун себеби болуп авитаминоз эсептелинет. Авитаминоз - бул организмге витаминдердин жетишпестигинен келип чыккан кеңири тараган оору. Авитаминоз бизге жаратылыштын бул сулуу жыл мезгили менен толук кандуу ырахаттанууга мүмкүнчүлүк бербейт.
    Авитаминоздун негизги белгилери:
    Күн бою уйкусурап жүрөсүз, ошол эле учурда түндө уйкуңуз качат;
    эртең менен өтө кыйналып турасыз;
    такай чарчап, алсырап, жашоонун бардык кызыкчылыктарына кош көңүл болуп каласыз;
    болбогон нерселер үчүн эле кыжырдана бересиз;
    депрессия;
    тез-тез суук тийүү;
    териңиз ашыкча эле кургап, бопбоз болуп калат;
    тырмагыңыздын абалы бузулат;
    чачыңыз кургап, түшө баштайт, башыңызда какач көбөйүп кетет;
    эриниңиз кесилип, бир дагы помада, мазь жардам бербей калат;
    тишиңизди чукуганда бүйлөлөрүңүз канайт;
    өнөкөт ооруларыңыз болсо күчөйт.
    Оорунун себептери:
    Толук кандуу эмес жана туура эмес тамактануу;
    рациондо жашылча-жемиштердин жок болушу;
    стресс;
    оор акыл-эс жумушунан улам мээнин чыңалышы;
    узак убакытка диета кармоо;
    кышында күн нурунун жетишсиз болушу;
    физикалык жактан чарчоо;
    тамеки чегүү;
    спирт ичимдиктерин колдонуу.
    Авитаминоз менен
    кантип күрөшүүгө болот?
    Авитаминоздун алдын алуу үчүн негизинен туура тамактануу керек, башкача айтканда, белок, май, углеводдорду организмдин талабына ылайык кабыл алуу зарыл. Кышында рациондогу негизги орунду жашылчаларга жана жемиштерге берип, ошону менен катар эт, тооктун эти, балыкты да унутпоо керек. Мындан тышкары авитаминоз менен күрөшүүнүн элдик ыкмалары бар:
    300 мл кайнатылган сууга эки чоң кашык балды эритип, ага 1 кг сабиздин жана 1 даана лимондун ширесин аралаштырып, бир күндө 3-4 жолу ичүү керек.
    Күн сайын 1 стакандан апельсиндин табигый ширесин ичүү - авитаминозду дарылоонун эң жакшы элдик ыкмасы.
    Витамин коктейли: жарым чыны кайнатылган сууга 2 лимондун жана 1 апельсиндин ширесин сыгыңыз. Ага эки чоң кашык балды аралаштырып, майдаланган бадамдан мол себелеңиз.
    Кайың жалбырагынын маңызы же кайнатылганы авитаминозго жакшы жардам берет: 1 чай кашык майдаланган жалбыракты 2 стакан кайнак сууга 6 саат демдеп коюу керек. Андан соң тундуруп алып, татымына жараша бал кошосуз. Жылуу маңызды жарым стакандан күнүнө 4 жолудан тамакка чейин ичесиз.
    Календула гүлүнүн маңызы да авитаминозду дарылоочу жакшы каражат. 1 чоң кашык кургатылган гүлдү 1 стакан кайнак сууга 1-2 саат демдеп коюу керек. Андан соң күнүнө 3-5 жолу тамактанууга жарым саат калганда 1-2 чоң кашыктан ичүү сунуш кылынат.
    Витаминдер көпкө сакталуу үчүн:
    Мөмөлөрдүн катуусун тандаңыз. Бышып өтүп кеткен жана жумшарып калган жашылча менен жемиштерде витамин аз болот.
    Жашылча-жемиштерди бир алганда көп кылып алып койбой, аз-аздан күн сайын алып туруңуз. Үзүлгөн жемиште саат сайын витаминдер азая берет.
    Жашылча-жемиштерди сууга салып койбоңуз, сууда алар витаминдерин жоготот.
    Бууга бышкан же духовкада даярдалган жашылчаларда витаминдер жана минералдык заттар жакшы сакталат.
    Фольгага оролгон эт, балык, жашылча жагымдуу жытка ээ болуудан тышкары пайдалуу заттарын жоготпойт.
    Жашылча кошулган тамактар муздак жерде жакшы сакталат деп эсептегендер жаңылышат. Төмөнкү температурада жашылча кошулган тамактар С витаминин тез жоготот. Мисалы, демделип бышкан капуста бир суткадан кийин бул витаминин 90 пайыз жоготсо, сууга бышкан картошка 4 сааттан соң 40 пайыз С витаминин жоготот.
    Аарчылган картошка карарып кетпеш үчүн аны көпчүлүк учурда сууга салып коёбуз. Бул туура эмес, анткени, сууда көп турган картошка С витамининен куру калат.
    Жазгы авитаминоз убагында организм А, С, Д, Е жана В тобунун витаминдерине муктаж болот. А витамини - териге байланыштуу маселелерге жооп берет, С - тез-тез суук тийүүдөн сактайт, Д - кальцийдин организмге оңой сиңирилишин камсыздайт (сөөктөрдүн, чачтын жана тырмактын абалын жакшыртат), Е - энергия берет, В тобунун витаминдери - чарчоону жок кылат, ткандарды кислородго каныктырат, клеткалардагы белок алмашууну
    жакшыртат, нерв системасын бекемдейт. Таблетка түрүндөгү витаминдер менен жашылча- жемиштеги витаминдердин баалуулугу жана пайдалуулугу жагынан эч кандай айырмасы жок.
    Кайсы азык кандай витаминге бай?
    А витамини:
    - балыкта
    - каймак майда
    - сүттө
    - жумуртканын сарысында
    - уйдун боорунда, бөйрөгүндө
    - икрада.
    А витамининин булагы болгон каротин:
    - сабизде
    - помидордо
    - кызыл калемпирде
    - өрүктө.
    В1 витамини:
    - күрүчтө
    - кара нанда
    - уйдун боорунда
    - жумуртканын сарысында
    - жаңгакта.
    В2 витамини:
    - айрандын сары суусунда
    - этте
    - балыкта
    - боордо
    - бөйрөктө
    - жумуртканын агында
    - ачыткыда.
    С витамининин негизги булагы:
    - жашылча-жемиштер
    - ит мурун
    - цитрус жемиштери
    - кара карагат
    - таттуу калемпир
    - киви.
    Д витамини күн нурунан сырткары:
    - сүттө
    - каймак майда
    - жумурткада
    - боордо
    - балыкта болот.
    Е витамини:
    - көк чөптөрдө
    - өсүмдүк майында
    - этте
    - жумурткада
    - сүттө.

  203. Саламатсынарбы платформанын катышучулары

    Базар- Коргон районун  шыдыр айылынын СПУсу Машрапкан болом. Мен ИФАОМ долбоорунун алкагында  озумо алган Заанин пародасындагы саан эчкини Базар –Коргон айылындагы Юлдашова Малоохат куйоосу мумкунчулугу чектелген Камашов Мамиржондардын уй-булоосуно бердим уйдо 5 адам бар анын ичинен 4 жаш бала жана 2 чон адам жашоо шарты оор.Малоохатхан озу Озбекистандык болгону учун документине байланыштуу эч жерге ишке кире албайт.Малоохаткан озу туура тамактануу боюнча айылдаш кыз келиндерге эчкинин пайдалуулугу жонундо айтып берип кеп кенешин берип журот.

    1. Эчкилериңиз төлдой берсин. Майлуу сүттүү болсун.

  204. ОРУКТУН ДАРЫЛЫК КАСИЕТИ
    Чындыгында эле бейиштин тамагы деп аталган оруктун ден-соолукка пайдасы зор.Ал гана эмес сулуулукту сактап терини жашартып чачты бекемдейт.Орук журоктун булчундарын бекемдеп чарчаганды тез жазат астма пристубун жумшартат.Канды жана боорду тазалайт.Бойроктогу таштан арылууга да жардам берет.Орук озу бышып буткондо уйдон кагын да даярдап алуу керек.Болгону уйдон кант диабети менен жабыркагандарга орукту коп жегенге болбойт.

    Нет описания фото.

  205. УНУТЧААК БОЛБОШ УЧУН
    Балга пияз кошуп атайын дары жасашат.Пияздын ширесин сыгып бир стакан пияздын ширесин бир стакан балга аралаштырып банкага куят.Устун капрон жапкыч менен бекитуу керек андан сон муздаткычка салынат.Тамактын алдында кунуго 3 жолу бир аш кашыктан эки ай ичуу керек.Ар бир эки жумада ортодон эки жума эс алынат.Андан тышкары эртен мененкисин кунуго бир чай кашыктан бал жеп турса да унутчаактыкка чон жардам берет.

  206. КАСТОР МАЙЫ ЖӨНҮНДӨ....

    Дарыканаларда сатылуучу эң арзан жана эң жөнөкөй касторка майынын ушунча пайдалуу жактары бар деп ким ойлоптур. Бул кеңештер сиз үчүн пайдалуу болорунан шегибиз жок. Ошентип, алаканыңызга бир аз касторка майынан куюп, сүргүлөп, чачтарыңызга сүртүңүз. Жумасына бир жолу ушундай кылуу менен бир айдан кийин чачтарыңыздын кулпуруп, өңүнө келип жалтылдап чыгаарына кепилдик беребиз. Айран куюлган идишти кайнак суусу бар тарелканын үстүнө коюңуз, качан ал жылыганда идишке касторка майынан 5 тамчы тамчылатыңыз. Муну чачыңыз менен баштын терисине сүртүңүз. Башыңызды желим баштык менен ороп, үстүнөн сүлгү менен ороп коюңуз. Жарым сааттан кийин чачты жууп салыш керек. Бул да чачтын бекемделишине жардам берет.

    Чач кургак тартып түшө баштаганда да касторка майы жардамга келет. Эки аш кашык аракка бир аш кашык касторка майынан кошуп, аралаштырган соң чачтын тамырына сүртүңүз. Касторка майы какач менен да натыйжалуу күрөшөт. Бир стакан коюу демделген ысык чайга бир чай кашык касторка майынан жана 20 гр. арак кошуңуз, бул аралашма менен башты жуурдун алдында чачка сүртөсүз. Кирпиктериңиз табигатынан суюк болуп сизди кыжаалат кылса мында да касторка майы жардамга келет. Бул үчүн жумасына бир нече жолу түнү жатаардын алдында кирпиктерге жана көз кабыгынын ылдыйкы жагына касторка майынан сүртүңүз. Бир айга жетпей кирпиктердин кулпуруп өсүп калганын байкайсыз. Эгерде чач менен каш-кирпигиңиздин мындан да сулуу болушун кааласаңыз, касторка майын балык майы менен аралаштырып колдонуңуз. 30 жаштан ашкан айымдар үчүн беттин бырышын кетирүү үчүн касторка майы табылгыс дары.

    Ал үчүн аш кашыгын алып аны жылытуу үчүн отко карма­ңыз. Жылып калган кашыкка касторка майы­нан куюңуз. Май тез ысып чыгат. Муну түнкүсүн бет­ке сыйпап жатса, бырыштарды жок кылат. Касторка майы айрыкча тери кургак болуп, сыйрылып түшкөн кыш айларында тери үчүн эң сонун маска. Беттин териси үчүн чыгарылган маскага он тамчы касторка майынан кошуп, бул аралашманы бетке жука катмар кылып сүйкөңүз. 25 мүнөттөн кийин ромашка гүлүнүн тундурмасы же муздатылган көк чай менен бетти жууп салуу керек.
    Ден соолукта болуп оорубаңыз

    Нет описания фото.

  207. Пияз кабыгы
    Табиятта ушунчалык пайдалуу нерселер бар анын дээрлик бардык жери пайдалуу.Ошо пайдалуу өсүмдүктөрдүн бири бул-пияз.Анын кабыгы да пайдалуу экени далилденди.

    Пияз кабыгынын кайнатылганы, натыйжалуу таасирин корсотот,ич алдыруучу( слабительное),сийдик чыгарчуу табарсык,от оорулары,сууктануу, витаминдуу,микробдорго каршы курошу,кан тамырларынын иштешине жардамы коп...

    1.Ангина!
    Пияз кабыгына кайнатылган сууну куйуп,5 муноттон кийин тамагынызды чайканыз..

    2.Сасык тымоо.
    Кайнап турган сууга 4 аш кашык майдаланган пияз кабыгын салыныз, оттон алып анын буусунан дем алыныз 3-5 мунот...

    3.Жотол.
    2 аш кашык пияз кабыгы, 2 стакан суу,15 мунот кайнатыныз.1/4 стакан болугун жылуу абалында бир кундо 3 жолу тамактан 30 мунот алдын ичиниз...

    4.Бойрок жана табарсык.
    3 чай кашык пияз кабыгы,2 стакан кайнатылган суу,аралаштырып 30 мунот тындыруу.Жанынызды алган циститке 50 млдан,2 жолу бир кундо ичиниз,онокот ооруларына-2 аш кашыктан 3-4 жолу 10 кун ичуу керек.

    5.Денедеги кан тамырлар,жана буттагы жылдызчалар..
    2 аш кашык пияз кабыгына 100 мл арак аралаштырып 7 кун сактаныз,аны электен откоруп пияз кабыгын алып салып, 20 тамчыдан 3 жолу бир кундо,тамактан мурда 30 муноттон кийин тамактанууга болот.

    Болбосо:2 аш кашык пияз кабыгына 400 мл кайнак суу,аны 6 саатка тындырып, 1/4 стакан болугун 7-10 кун тамактан 30 мунот мурда ичип турунуз.Бойунда барларга бул ыкмалар мумкун эмес колдонгонго.....
    Кайталоо курсу бир жума.
    Маалымат интернет сайттардан алынды


  208. Чеснок менен сүттүн кайнатмасы- астма, импотенция, сарык, жүрөк, учук ооруларына дары.


    Көптөгөн жашылча-жемиштердин да бир топ дарычылыгы бар. Төмөндө адамдын жалпы саламаттыгына эң керектүү дары суусундугунун рецеби. Бул суусундук жылуу сүт менен чесноктун майдасынан жасалган.

    Даярдоого керектүү азыктар: 500 миллилитр сүт, чесноктун арчылып майдаланган он бөлүгү, 250 миллилитр суу.

    Даярдоо ыкмасы:

    Мискейди алып ага сүттү куюп, анан чеснокту кошуп, отко коёсуз. Аралашма кайнагыча күтө туруңуз. Аралаштырганды токтотпой туруп, отту азайтыңыз. Жарымына чейин бууланмайынча аралаштыра бересиз. Аралашмага шекер кошуңуз жана муну ысык бойдон ичсе жакшы.

    Пайдалуулугу:

    Астма — эгер күнүнө үч тишче (зубчик) чеснокту ар күнү уктаар маалда жесеңиз, астманын симптомдору жеңилдейт

    Пневмония — чеснок кошулган сүттү күнүнө үч ирет ичсеңиз, пневмониядан айыгып кетесиз.

    Жүрөк ооруларына — бул суусундук холестеринди азайтат, тромбдун пайда болушунун алдына алат, муну менен жүрөк-кан тамырдын иштешин жакшыртат. Эгер, сиз сүт менен чесноктун аралашмасын даярдасаңыз, анда майы аз сүттөн жасасаңыз жүрөк ооруларына жакшы.

    Сарык — чеснок организмдеги жаман токсиндерди айдап чыгат. Анткени, чеснок боордогу ферменттерди активдештирет.Бул ингредиенттер боордун май дистрофинине укмуш эффект берет. Ал өзүнө иллицин менне селендин чоң запасын алып жүрөт. Эгер, сиз бул аралашманы 4-5 күн колдонсоңуз, сарыктан толук айыгасыз.

    Артрит — сүт менен чеснокту күнүнө колдонсоңуз, артриттин симптомдорун жана ооруну азайтасыз.

    Уйкусуздук— аралашма тынч уктоону камсыздайт, анткени чеснокто нервди тынчтандырган бирикме бар.

    Жөтөл— бул аралашма куркума менен кошулганда дайымкы жөтөлгө жакшы. Чеснокто бактерияга каршы укмуштуудай эффект бар. Бул жөтөлгө жардам. Булардын үстүнө балды кошсоңуз андан бетер жакшы.

    Өпкө туберкулезу — бул аралашма көкүрөк клеткаларынын оорусун айыктырууга пайдалануу. Чесноктогу сера компоненттери бул ооруга каршы пайдалуу. 240 миллилитр сүткө жана бир литр сууга 1 грамм чеснок кошуп жасайсыз. Бул аралашманы 1 күндө 3 жолу ичесиз.

    Холестерин — эгер сиз жылуу сүт менен чеснокту 1 жума ичсеңиз, жаман холестеринден (ЛПНП) арылып, липопротеинди (HDL) организмде көбөйтө аласыз.

    Тамак сиңирүү системасы — чеснок андан тышкары иммунитетти жакшыртып, тамак сиңирүүчү системаны жөнгө салат. Мындан тышкары чеснок импотенцияга да пайдалуу. Эркектер менен аялдарды тукумсуздуктан арылтат.
    Ден соолукта болуңуз
    Мелис Кочконов

  209. 11-март 2020-жылы Кочкор-Ата шаарчасында "Азык тулук коопсуздугун камсыздоо" боюнча пландарды тузууго карата тузулгон жумушчу топтун  отуруму болуп отту. Жумушту топтун мучосу катары мен да катыштым.

    Бул жумушчу топту Ноокен райондун мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Атыбаев Жениш башында турган

    • Ноокен районунун айыл окмот башчылары
    • райондук суу чарба башкармасы
    • ветеринардык кызмат,
    • таза суу менен камсыздоо
    • бизнес чойронун окулдору
    • чон базарлардын базаркомдору бардыгы болуп 24 адам катышты.  Алгач Жалал-Абад айылдык кенеш кызматынын жетекчисинин орун басары Махабат Караева FSDC уюмунун колдоосу менен  Ноокен,Ала-Бука районундорундагы туура тамактанууну жонго салуу учун жергиликтуу азык тулукторду ондуруу системасын колдоо долбоору боюнча 11 айыл окмотундо  29 айылда аткарылып жаткан иштердин жыйынтыгын презентациялоо менен кенен тушундуруп берди.Жумушчу топтун отурумуна катышкандар "Азык тулук коопсуздугун камсыздоого" карата пландарды тузууго кызыкдар экендиги активдуу катышкандыгы далилдеп турду.                                   1. Жумушчу топтун кийинки отуруму 25 март кунуно белгиленди.                                                                                                             2. Кыргыз окмоту тарабынан негизги тамак-аш керектоолорунун орточо физиологиялык ченемдери боюнча ар бир АО анализ жасоо боюнча  тапшырмалар берилди.                                                                                                                                                                 
  210. Жаздагы под плёнкада өскөн жусай кан басымды тез көтөрүп жиберет экен ошол жагына этият болгула

    Нет описания фото.

  211. СЕЙДАНА МАЙЫ КАНДАЙ ООРУЛАРДАН АРЫЛТАТ?


    Учурда эл ичинде сейдана майы менен дарылануу кеңири жайылууда. Андыктан анын пайдасы, зыяны тууралуу изилдеп көрдүк.

    Сейдана – (орусчасы чернушка посевная, чёрный тмин, аталыштары калинджи, седана, кара сейдана, рим кореандры) боюнун бийиктиги 10-40 сантиметр келген айдалма жана жапайы түрүндө өсүүчү өсүмдүк.

    Мекени – Түштүк-Батыш Азия жана Жер Ортолук деңизинин жээгиндеги өлкөлөр. Кыргызстандын түштүк жергесинде да өсөт. Негизинен уругу жана андан алынган майы колдонулат.

    ХИМИЯЛЫК КУРАМЫ

    Курамы кальций, темир, жез, фосфор, калий, магний, марганец, цинк, селен, бор, йод, витаминдер – E, A, D, C, B1, B2, B4, B6, олеин жана линолен май кычкылдары, эфир майы, бета-коротин жана башкалардан турат.

    КОЛДОНУЛУШУ

    Тамак-ашта

    Уругу суусундуктарды, нан жана кондитердик азыктарды жасоодо, бадыраң, капуста туздоодо колдонулат. Кулинарияда татымал катары пайдаланылат.

    Медицинада майы дары болуп эсептелбейт

    Майы оорулардан айыгууга түрткү болот жана оорулардын алдын алууга жардам берет деп гана айтылат. Майдын муздатуу менен сыгылып алынганын (курамындагы пайдалуу заттар сакталат) жана башка заттар кошулбаганын колдонуу кажет.

    Майынын элдик медицинада колдонулушу

    Тери оорулары, бронхит, геморрой (сезгенүүнү азайтат)
    Ашказан, ичеги, боордун иштешин жакшыртат
    Кан тамырлардын серпилгичтигин жогорулатат
    Атеросклероздун алдын алат (кандын курамындагы холестериндин өлчөмүн азайтуу менен)
    Уйкусуздук жана теридеги, ичтеги курттардан арылуу
    Ич катуу (ичти жумшартат)
    Бөйрөк жана табарсык оорулары (заара кубалайт, сезгенүүнү азайтат)
    Арыктоо (курамындагылар ток кармайт, ууларды чыгарат)
    Эс-тутумду, көрүүнү жакшыртат
    Картаюунун алдын алат
    Майы жана уругу иммунитетти көтөрөт, бала эмизген энелердин сүтүн көбөйтөт
    Уругунун элдик медицинада колдонулушу

    Ашказан-ичегинин иштешин жакшыртат
    Өттүн нормада иштелип чыгышын шарттайт
    Кызыл жүгүрүк, ич көбүү жана ич катууда колдонулат
    Майынын косметологияда колдонулушу

    Терини чымыр кылып, бырышты жазат, бырыштын алдын алат. Чачты өстүрөт, тырмактын абалын жакшыртат.

    МАЙЫН, УРУГУН КОЛДОНУУГА БОЛБОЙ ТУРГАН УЧУРЛАР

    Айрым элдик дарыгерлер майын 6 жаштан өткөн балдарга берүүгө болот дешет. Бирок врачтар балдарга берүүгө каршы. Анткени май организмине күч келтирет дешет.
    Кош бойлууларга (жатынды жыйрылта тургандыктан бойдон козголуусу мүмкүн)
    Төмөнкү кан басым
    Гепатоз (боорду май басуу) оорусунда
    Инфаркт, инсультка кабылгандар
    Жоон ичегинин оорулары
    Кычкылдуулугу жогору гастрит
    Кант диабети
    Бөйрөктүн, өттүн таш оорусу
    Тромбофлебит оорусу
    Органын алмаштыргандар
    Эскертүү! Сейдана майы дары болуп эсептелбейт. Колдонуудан мурда врач менен кеңешүү керек. Эгер колдонууга уруксат берилсе, анда майды көрсөтмөлөрү боюнча колдонуу сунушталат.

    КОСМЕТОЛОГИЯДА

    Айнура Уезбаева, дерматолог-косметолог: «МАЙЫ БЕТ ТЕРИСИН ЖАШАРТЫП, НУРДАНТАТ»

    – Сейдана майы теридеги чаң, майлуу жана углеводдуу тамак-аштардын таасиринен улам пайда болгон зыяндуу заттарды чыгарат.

    Таза майын кургак жана аралашма бет терисине колдонууга болот. Бет териси жашарып, серпилгич тартып, майда бырыштар жазылып, нурданат. Айрым дүкөндөрдө сейдана майы кошулуп жасалган даяр кремдер бар. Аны колдонсо болот. Болбосо бетке арналган кремден ченеп алып, ага 1 тамчы май кошуп, сыйпоо керек. Таасири 3-4 ирет колдонгондон кийин билине баштайт.

    Колдонуудан мурда майга аллергия барбы же жокпу текшерип алуу кажет. Ал үчүн кулактын артына майдан сыйпап, 30-40 мүнөттөй күтүү керек. Эгер тери кызарып чыкпаса, кычышпаса колдонууга болот.

    Майлуу беттерге, аллергиктерге, өтө сезимтал терилүүлөргө болбойт. Бүдүрлөр же аллергия чыгып, бет бузулат.

    Чач түшө баштаганда майын чачка сыйпап, душка арналган баш кийимди кийип, 30 мүнөттөн кийин шампунь менен жууп салуу зарыл.

    Бет шишимик тартып калганда 100 грамм жылуу сууга 20 тамчысын кошуп бетти жууса, шишигени тарайт.

    Канымжан Усупбекова

  212. Жарыя! Жарыя! Жарыя!

    16-март куну саат 14:00 до «Органикалык чарба жургузуу, топурактын асылдуулугун жогорулатуунун жолдору» деген темада вебинар болот.

    Вебинарды тренер Жолдошов Болот алып барат.

    Вебинардын ссылкасы:    

    Please join my meeting from your computer, tablet or smartphone
    https://global.gotomeeting.com/join/463881925

    New to GoToMeeting? Get the app now and be ready when your first meeting starts:
    https://global.gotomeeting.com/install/463881925

    Катталууну, активдуу катышууну унутпаныздар!

  213. Короновируска ыссык күн тийсе оору жолобойт дейт.
    Анан ыссык көк чай ичкиле дейт..
    Ыссык чай, өрттөп кетет экен вирусту..
    Себеби короновирус кекиртеке такалып калат экен.
    Ошон учун кок чай коп ичип туруш керек экен..
    Оңой эле курал бар экен.
    Күндүн ысыгын тилейли да кок чай ичели..
    Ушул эффективный курош болот окшойт..
    Балдарга да улам кок чай ичиргиле..
    Сураныч болушуп койгула.
    Ден соолукта болуңуз оорубаңыз

  214. Ар бир кайрылган адамга сөзсүз ачуу эрмен беремин.
    Эрмен 40 тан ашуун ооруга дары.
    Эрмен жөнүндө ДАРЫСЫЗ ДАРЫЛАНУУ деген китебимде кенен маалымат жазганмын.
    Бүгүнкү күндө эң биринчи бизге жардам берүүчү ушул дары чөп.
    1 чымчым алып шише банкага салып, үстүнө 1 литр кайнатылып бир аз муздатылган сууну куюп ,бетин жаап коёт. Беш минутада даяр болот.

    Организмдеги вирус,бактерия ,паразиттерди өлтүрөт.
    Баарыбыз КОРОНОВИРУСТАН чочуп турган убагыбыз азыр.

    Даяр болгон тунма менен ооз, мурунду 2саатта бир чайкагыла.
    Тамактан кийин жаш балдар 3 маал 50 гр дан , чоң киши 100 гр ичкиле 20 күн,10 күн эс алып кайра кайталагыла 3 жолу.

    Гриппти бат айыктырат.Грипп болгондо
    аптекага баруунун кереги жок.
    Эрмендин 50 түрү бар.
    Айырмалап билүү кыйын.
    Аптекада бар.
    Менде да бар.

    Жакындарыңарга жардам бергинер келсе постту бөлүшкүлө.
    Группага кошула электер кошулгула.
    Ташбү Жамиловна.

    Нет описания фото.

  215. ДЕН СООЛУГУҢ БЕКЕМ БОЛСУН ДЕСЕҢ , ЖЫЛЫНА 40 кг АЛМА ЖЕГИН.
    1. ТАМАК СИҢИРҮҮ СИСТЕМАСЫН ЖАКШЫРТАТ.
    2.ЖҮРӨК КАН - ТАМЫР ООРУСУН ЖАНА НЕРВ СИСТЕМАСЫН ЖАКШЫРТАТ.
    3.МУУН ООРУЛАРЫНЫН АЙЫГЫШЫНА ЖАРДАМ БЕРЕТ.
    4. ЖӨТӨЛГӨ
    5. АНЕМИЯГА
    6.КҮЙҮККӨ
    7. КУРТ КУМУРСКАЛАР ЧАККАНДА
    ЖАРДАМ БЕРЕТ.

  216. 1. Көп суу ичиңиз.

    2. Эртең менен падыша сыяктуу, түштө принц жана кечинде кембагалдай тамактаныңыз.

    3. Өсүмдүк продуктыларын көп жеңиз жана заводдон чыккан тамак-аштарды аз жегенге аракет кылыңыз.

    4. Оюндарды көп ойноңуз.

    5. 2017-жылга караганда көп китеп окуңуз.

    6. Күнүнө жок дегенде 10 мүнөт тынчтыкта отуруңуз.

    7. 7 — саат уйку.

    8. Күнүнө 10-30 мүнөт басуу керек. Басып жатканда жылмайганды унутпаңыз.

    Өздүк тууралуу:

    1. Өзүңүздүн жашооңузду башкалардыкына салыштырбаңыз. Сиз алар башынан эмнелерди өткөргөнүн жана кандай жолду басып өткөнүн билбейсиз.

    2. Сиз көзөмөлдөй албаган негативдүү ойлорду жана буюмдарды сактабаңыз. Мунун ордуна өзүңүздүн энергияңызды учурдагы жакшы нерселерге коротуңуз.

    3. Бир нерсени жөн гана жасай бербестен, чегин биле жүрүңүз.

    4. Өзүңүздү өтө эле жемелей бербеңиз.

    5. Эң баалуу болгон убактыңызды ушактарга коротпоңуз.

    6. Көңүлдүү учуруңузда көп кыялданыңыз.

    7. Убактыңызды көрө албастыкка коротпоңуз. Сизде керектүү нерселердин бардыгы бар.

    8. Өткөн көйгөйлөрдү унутуңуз. Өзүңүздүн сүйүктүүңүздүн мурдагы катачылыктарын эскертпеңиз, бул сиздин учурдагы бактыңызга балта чабышы мүмкүн.

    9. Убактыңызды жек көрүүгө коротпоңуз, анткени жашоо кыска. Башкаларды жаман көрбөңүз.

    10. Бактыңызга өзүңүздөн башка эч ким жооптуу эмес.

    11. Жашоо — бул мектеп, сиз бул жерден аны таанып-билүү үчүн келгениңизди унутпаңыз. Көйгөйлөр — пайда болуп кайрадан жоголуп кетүүчү жөн гана окуу программасынын бир бөлүгү, ал эми сиз алган сабактар өмүр бою эсиңизде калат.

    12. Көп жылмайыңыз жана күлүңүз.

    13. Сиз ар бир талашта жеңишке жетишиңиз шарт эмес.

    Адамдар менен:

    1. Жакындарыңызга дайыма чалып туруңуз.

    2. Күн сайын башкалар үчүн жакшы нерселерди жасаңыз.

    3. Бардыгын кечириңиз.

    4. 70 жаштан улуу жана 6 жаштан кичүү адамдар менен көп убакыт өткөрүңүз.

    5. Күнүнө эң аз дегенде үч адамга жылмайыңыз.

    6. Башка адамдар сиз жөнүндө эмне ойлоп жатканы — сиздин иш эмес.

    7. Жумушуңуз ооруп калсаңыз сизге кам көрбөйт. Ал эми жакындарыңыз андай эмес, ошондуктан байланышта болуңуз.

    Жашоо:

    1. Сиз үчүн пайдалуу, кооз жана жагымдуу болбогон нерселердин баарын жоготуңуз.

    2. Абал канчалык жакшы же жаман болсун, ал өзгөрөт.

    3. Өзүңүздү абдан начар сезип турсаңыз да туруңуз, кийиниңиз да барыңыз.

    4. Жакшы нерселердин баары алдыда.

    5. Ички дүйнөңүздүн түпкүрүндө сиз бактылуусуз. Ошондуктан бактылуу болуңуз!

  217. Арча,адырашман ысырыкты билбеген адам жок чыгар.
    Экөөнүн биринен алып темир идишке салып ,бир чоң кашык тузду кагазга ороп ,ысырыктын үстүнө коюп күйгүзүү керек. Часырап туз кошулуп күйгөндө, жалынды өчүрүп түтүнүнөн мурунга жыттоо керек. Көзгө көрүнбөгөн вирус,бактерия,паразиттерди өлтүрөт.
    Организмди тазалайт.
    Айрыкча бүгүнкү күндө , түтүндү жыттап ,артынан оксалин мазынан мурунга сүртүп тургула ( корановируска каршы).
    Үйдү ысырыктаганда тизеден ылдый туштап, бөлмөлөргө түтөтүшүбүз керек.
    Үйгө кирген Жиндин буту күйүп чыдабай сыртка качат.
    Эшикти кыйгач ачып коюу керек.
    А биз болсо бет тушуна туштап , ысырыкты айлантабыз.
    Алар кайф болуп кайра тез көбөйүшөт.
    Ысырыктоо адамдын биоталаасын жакшы тазалайт.
    Сааттын стрелкасынын багытындай кылып башына айлантуу керек.
    Көз тийгенден,кирне киргенден тазалануунун бир жакшы жолу ушул.
    Ташбү эже кайсынысы жакшы деп сурашат.
    Арча бийик,таза жерде өсөт. Адырашман талаада өсүп ,мал аралап коюшу мүмкүн. Таза жердегиси жакшы.
    Касиети боюнча адырашман бир топ жакшы ( тажрыйбамдан улам ). Бир эле кыргыздар эмес , дүйнөнүн көпчүлүк эли колдонот.
    Ысырык ар бир үйдө болгону дурус.Ден соолукка пайдасын башка жазаармын
    Зыяны жок. Пайдалангыла.

    Ташбү Жамиловна.

    Жакыныңа жардам берем десең ,постту бөлүшүп кой.

    Постту окугандар, группага катталгыла.
    Пайдалуу кеңештерди аласыңар.

  218. #Жалбыз жыттуу #мята
    Бөйрөк оорусуна күндө бир жолу бир эки жалбырагын жейт
    Самсага да көп колдонулат

  219. Ашкабак ширеси

    Ашкабак ширесинин пайдалуу касиеттери: майды тез жок кылып, ашыкча салмактан арылууга жардам берет. Ошондуктан ашыкча салмак кезинде ашкабак ширесин ичкен пайдалуу жана диета кармап жүргөндөргө да жакшы натыйжа берет. Ашкабак ширесинде организмге пайдалуу пектинге бай келет. Ал зат алмашууну жакшыртып, ашказан-ичеги жумуштарын калыбына келтирет. Кандагы холестеринди төмөндөтүп, перифериялык кан айланууну жакшыртат. Пектин биздин организмнбизде жыйналып калган токсин, пестициндерден кутулууга жардам берет. Ошондой эле ал боор тазалоодо жакшы курал болуп саналат. Ашкабак ширеси ооз нерв системасынын баардык бөлүктөрүнүн функциясын жакшыртат. Көңүлдү көтөрүп, ден соолукту чыңдайт.
    Ден соолукта болуңуз

  220. Жаштыкка жол ачкан ашкабак.

    Ашкабактын курамындагы витаминдер жана микроэлементтер дарбыздагыдай, ал түгүл рак ооруларына каршы да дарылык касиети бар. Элдик табыптар ашкабактын данегин ичинде курту бар адамдарга сунушташат. Ашкабакты дүйнөдө кайсы өлкө биринчи болуп пайдалана баштаганы белгисиз. Анткен менен ашкабак Түштүк Америкадан чыкканы белгилүү. Азыркы маалда аталган жашылчадан эң көп даамдарды америкалыктар жасашат. Муну менен катар ар бир элде аны даярдап колдонуунун бири-бирине окшошпогон улуттук ыкмалары менен рецепттери кездешет. Муну эске алганда, организм үчүн ашкабактын маңызы, данеги, гүлү жана жалбырагы дагы пайдалуу.

    100 гр ашкабак 90 гр суудан, 0,9 гр белоктон, 5,9 гр углеводдон, 1,2 гр клетчаткадан жана органикалык кислоталардан турат. Ошондой эле анын курамында А, В1, В2, РР, В9, С витаминдери, калий, кальций, магний, натрий, фосфор макроэлементтери жана темир, йод, цинк, фтор микроэлементтери бар. Ушул эле 100 гр ашкабак орточо 25 килокалорий баалуулукка ээ. Бул пайдалуулуктар организмге таасир этиш үчүн аталган жашылчаны жаңы кезинде сууга бышырылган, куурулган, бууга бышырылган, шире, пюре жана повидло түрүндө даярдап жей берүү керек.

    Ашкабактын дарылык касиети

    —Уйкусуздукка кабылганда 1 стакан жаңы сыгылган ашкабак ширесине 2 чай кашык бал кошуп жатарда ичип туруу керек;

    —Циститтен арылуу үчүн күнүнө 2 жолу ботко катары даярдалган ашкабакты 50 граммдан жесе болот;

    —Ушундай эле максатта күн сайын 2-3 стакан жаңы сыгылган ашкабак ширесин ичип турууга да мүмкүн;

    —Ашкабактын семичкелерин дайыма чагып жеген эркек кишинин погенциясы жакшырат;

    —Маал-маалы менен ашкабакты тамак катары даярлап, жеп туруу аркылуу жүрөк-кан тамыр оорударынын алдын алууга болот;

    —Ачкарын ашкабактын семичкелерин чагып жеген шартта ичегидеги ар кыл курт-тар өлүп жоголот;

    —Ашкабактан жасалган даамдар кандын курамындагы холестеринден арылтат;

    —Ашкабак ич катууну да жөнгө салат;

    —Ашкабактын семичкесиндеги А, В, С витаминдери жүрөктүн иштешин жакшыртууга шарт түзөт. Ал үчүн аларды кууруп, тазалап, бал менен аралаштырып, андан күнүгө эртең менен ачкарын 1 аш кашыктан жеп жүрүү керек.

    —Зат алмашуу бузулганда, боор оорусунда суткасына 0,5 кг ашкабак жеп, 1-2 стакан ширесин ичүү сунушталат,

    Ашказан кимдерге сунушталбайт?

    —Он эки эли ичегисинде жана ашказанында жарасы бар адамдар;

    —Гастрит (ашказан оорусу) менен ооругандар:

    —Кант диабетинин оор формасы менен ооруган адамдар (ашкабак кандын курамындагы кантты көтөрүп жибериши мүмкүн);

    —Адистер ичеги оорусу менен ооруган жана аллерги-сы бар адамдарга ашкабакты сунушташпайт;

    —Ашкабактын данегин да ашыкча өлчөмдө жегенге болбойт. Анткени, анын курамында ашказан ооруларын козгоочу жана тиштин эмалынын бузулушуна алып келген кислота бар. Дарыгерлер аны жегенден кийин оозду суу менен чайкап коюуну сунуштайт. Ошондой эле, ашкабактын данегинде калория көп болгондуктан, салмактын көбөйүшүнө да алып келет.

    Ашкабак сулуулук үчүн…

    Ашкабактын сулуулук жаатындагы эң пайдалуу өзгөчөлүгү – ал аялдын организмин жашартуучу касиетке ээ. Курамындагы Е витамининин эсебинен бырыштын пайда болушун жана карылык тактарынын алдын алат. Аны маска катары 1-2 жума пайдалангандан кийин бет терисинин жумшак, сыйда, серпилгич болуп калганы байкалат.

    Жашартуучу маска: Ашкабакты кыргычтан өткөрүп, 2 чоң кашык боткосуна 1 чоң кашык алоэнин ширесин, 1 чай кашык бал кошуп жакшылап аралаштырасыз. Бул аралашманы бетиңизге 10-15 мүнөт коюп, бөлмө температурасындагы сууга жууп саласыз. Андан соң азыктандыруучу крем коюп аласыз.

    Беттеги тактарды кетирет

    Косметологияда кеңири колдонулат. Курамында ашкабак бар бет май, лосьондор беттеги, денедеги тактарды кетирет. Андан сырткары андан лосьон, скраб жана үй шартында маска жасоодо сонун натыйжа берет. Айрыкча педикюр кылганда колдонсоңуз өкүнбөйсүз. Акыркы кездерде ашкабак кошулган ар түрдүү шампунь, бальзам, самын, бет май, лосьон жана маскалар даярдалат. Анын жашартуучу касиети болгондуктан, беттеги майда бырыштарды кетирүүдө көп колдонулууда.

    Ашкабак ширеси

    Ашкабак ширесинин пайдалуу касиеттери майды тез жок кылып, ашыкча салмактан арылууга жардам берет. Ошондуктан ашыкча салмак кезинде ашкабак ширесин ичкен пайдалуу жана диета кармап жүргөндөргө да жакшы натыйжа берет. Ашкабак ширесинде организмге пайдалуу пектинге бай келет. Ал зат алмашууну жакшыртып, ашказан-ичеги жумуштарын калыбына келтирет. Кандагы холестеринди төмөндөтүп, перифериялык кан айланууну жакшыртат. Пектин биздин организмнбизде жыйналып калган токсин, пестициндерден кутулууга жардам берет. Ошондой эле ал боор тазалоодо жакшы курал болуп саналат. Ашкабак ширеси ооз нерв системасынын баардык бөлүктөрүнүн функциясын жакшыртат. Көңүлдү көтөрүп, ден соолукту чыңдайт.

    1. Биз да уйдо ашкабакты коп колдонобуз, балдарым суйуп жегентамактардые бири. Ал эми менден сиздерге ашкабактан чебурек.

      Эринбей убагында пайдалуу витаминдерди алууга шашылыныздар. 

  221. Майды эритүүчү азыктар
    Майдын пайда болуусуна түздөн-түз туура эмес тамактануу, кыймылсыз жашоо образы, тукум куучулук фактор себеп болот. Ашыкча майдан арылууга эч убакта кеч эмес. Ал үчүн физикалык көнүгүү, туура тамактануу жана майды эрите турган төмөнкү азыктар жардам берет.

  222. Жумуртканын агы
    Адам уктаганына 1 саат болгондон кийин анын организминен майды эрите турган соматотроптук гормон иштелип чыгат. Бул гормон өз алдынча, болгону, 50 мүнөт гана иштейт. Жумуртканын курамындагы белок бул гормондун иштөөсүн 30 мүнөткө узарта алат. Жыйынтыгында 1 саат 20 мүнөт аралыгында 150 грамм май эрийт. Андыктан салмагыңыз 70 килограммдан аз болсо 1 жумуртканын агын, андан өйдө болсо эки жумуртканын агын колдонуу сунушталат. Бир жумурткада 12 грамм белок бар.

  223. Ашкабактын данеги
    Ич майды эрите турган маанилүү азыктардын бири. Булчуң эт канчалык көп болсо, май ошондой тездик менен эрийт. Кыймыл, фитнес залы, чуркоо менен сиз булчуң этти өстүрө аласыз. Мындан тышкары цинк майды эрите турган, булчуңду өстүрө турган касиетке ээ. А ашкабактын данеги цинкке бай. Чоң адамга бир күндө 50-100 грамм ашкабактын даны жетиштүү. Бир күндө ушул өлчөмдөгү данды колдонсоңуз 1 саат 30 мүнөттүк фитнес көнүгүү жасап эриткен майды жок кылган болосуз.

  224. Киви
    1 кивиде, болгону, 60 ккал бар. Тамактанар алдында 1 даана кивини кабыгы менен жесеңиз, 30-50 грамм майды эритип жок кылган болосуз. Ал эми анын маңызында майды эрите турган энзима заты бар. Кивини ачкарын жегенди адат кылсаңыз, топтолгон майларды эритип, зат алмашуу процессин жакшыртат. Күнүнө 1-2 даана колдонгондо 2 жума аралыгында 10-12 % майдан арылууга мүмкүн. Эң негизги эреже – кивини кабыгы менен жеген оң. Анын кабыгындагы пайдалуу С витамини ичегилерди тазалоого жардам берет.

  225. Ананас
    Ананастын курамындагы бромелайн заты 1 килограмм майды эритүүгө күчү жетет. Көп жылдан бери чогулган майды да тездик менен жок кыла алат. 100 грамм ананаста 48 ккал бар. Ич май жакшы эриш үчүн жумасына бир күн ананас диетасына отурса болот. Ал үчүн бир даана жемишти төрт бөлүккө бөлүп алып, убакытты да так эсептеп (мисалы, 4 саатта бир) колдонуу керек. Мындай диета суу же чөп чайлары менен коштолгону оң. Эгер буга эркиңиз жетпесе, күнүгө тамактан кийин 100 грамм ананас жегенди адатка айландырыңыз. Анын курамындагы пайдалуу витаминдер тамак сиңирүүгө жардам берет. Ашказан оорусу барларга бул жемиш сунушталбайт.

  226. Грейпфрут
    Зат алмашууну жөнгө салып, майды эритүүчү касиетке ээ. Анын курамы клетчаткага бай, кандагы глюкозанын курамын жөнгө салат. Бул азыкты колдонгондо көпкө чейин ачка болуу сезими жок болот. Андыктан аз калорий колдонуу менен керектүү өлчөмдөгү майды эриткен болосуз. Бул жемиштин 60%ы суудан турат. Ал эми суу – организмдеги кирди, шлакты тазалай турган негизги булак.

  227. Кызыл балык
    Организмге керектүү, пайдалуу майдын курамы балык этинде бар. Эгер адамдар балыктын этин күнүмдүк тамактануусунда колдонгондо ич, тери майынын топтолушун алдын алган болмок. Себеби балыктын курамындагы минералдык пайдалуу заттар организмге зарыл болгон майларды топтойт. Ал эми пайдасыз май клеткаларды балыктын курамындагы витаминдер эритип жок кылат. Май топтолбогондо метаболизм жакшы иштейт. Мунун эсебинен организм дайыма дени сак, жаш бойдон сакталат.

  228. Сүт азыктары
    Кальцитриол гормону майды эритүүчү касиетке ээ. Бул гормон белоктун бардык түрүн жакшы көрөт. Майлуу эмес сүт азыктарында кездешкен белокту күндө колдонуу ашыкча болбойт. Быштак менен айранды күнүмдүк рациондон үзбөсөңүз, теринин астындагы майды эрите аласыз. Организмде белоктун нормасы жетиштүү болгондо кальцитриол гормону сааттай болуп так иштейт. Ал эми жетишпеген учурда, тескерисинче, тери жана ичеги майларынын топтолуусун шарттайт.

  229. Цитрус жемиштери
    Мандарин, апельсин, лимон, грейпфрут. С, Р витаминдерине жана каротин, калий, ошондой эле аминокислоталарга бай бул азыктар адамды эрте жаздагы авитаминоздон сактайт.

  230. Көк чөптөр
    Укроп, петрушка, кинза, салат жалбырагы В1, В2, С, РР, Р витаминдерине бай. Ошондой эле фолий кислотасына, темирге, калийге жана ден соолук үчүн пайдалуу болгон башка микроэлементтерге бай.

  231. Пияз жана сарымсак
    Пияз бекеринен бардык тамактарга кошулбайт. Ал витаминдердин, минералдардын жана микроэлементтердин чыныгы булагы. Сарымсак болсо өзүндөгү көп өлчөмдөгү калий менен темирдин эсебинен кандагы холестериндин деңгээлин түшүрүүгө жөндөмдүү.

  232. Түрп
    Курамындагы көптөгөн пайдалуу витамин, микроэлементтерден сырткары түрптүн бактерияларга каршы туруучу касиети бар. Анын жардамы менен адам өзүнүн жалпы ден соолугун жакшырта алат.

  233. Төө буурчак
    Авитаминоздон сактоочу дагы бир алмашкыс азык – төө буурчак. Ал темирге, С, Е жана РР витаминдерге бай болгондуктан абдан пайдалуу. Ал эритроциттердин пайда болуусун шарттайт, бул болсо организмдин сезондук инфекцияга каршы туруусун күчөтөт.

  234. Жемиш кактары
    Жемиш кактары рационуңузда сөзсүз болсун. Кара өрүк кагы организмди тазалап, жашартса, мейиз дем алуу жана жүрөк-кан тамыр системасын бекемдейт. Өрүктүн кагы болсо өз курамындагы магнийдин, А, С, Р витаминдеринин эсебинен теринин абалын жакшыртып, кан басымды турукташтырат.

  235. Анар
    Анардын жер-жемиштердин падышасы деп аталышы бекеринен эмес. Ал данегинен бери пайдалуу витаминдер менен минералдарга бай.

  236. Курма
    Бул жемиште да витаминдер менен пайдалуу микроэлементтердин толук топтому камтылган. Ал бөйрөк менен ичегилердин ишине оң таасир берет. Ал эми андагы фруктоза адамды жакшы маанай менен камсыз кылат.

  237. Имбирь
    Имбирь иммунитетти жакшы көтөрөт. Анткени анда С, В1, В2, РР, А витаминдери жана фосфор, кальций, кремний сыяктуу микроэлементтер камтылган. Имбирь кан басымды турукташтырып, организмди чарчоодон сактайт.

  238. Саламатсыздарбы платформанын катышуучулары.

    Менин атым Дильзат Токтогулдун актектир айылынан болом.

    Чакан долбоор аркылуу шире жасоочу аппарат алдым.Озубуздун  бакта  остурулгон табийгый алмадан шире жасап жатам.Накта шире алдык.Бул уй-булообуздун туура тамактануусуна дагы бир азык.

  239. Туура тамактануу ден соолукту чыңдайт

    Үйдөгү дасторкон үстүнө коюлган тамак - аштар, үйбүлө ден соолугун чыңдай тургандай болуш керек. Башкача айтканда, витаминдерге, минералдарга, белок ж.б. бай болушу керек. Ар бир кожойун үйүнө белгилүү азыктарды алып жатканда кайсыл азыктын, кандай пайдасы бар экендигин жакшы билип алуусу керек. Ошондой эле көңүл буруучу дагы бир маселе, алынган тамактын калориясы. Алынган азык - түлүктөрдүн сырттында жазылган калориясына көңүл буруу керек. Албетте, калориясы жогору болгон азыктарды алуу керек. Калория адамдын алсыроосуна жол бербейт. Бирок азыркы демократия убагында көптөгөн сатылып жаткан азыктардын, сырткы көрүнүшү гана өзгөрбөсө сапаты жактан өзгөрбөй жатат.

  240. Узак жашоо өзүбүздөн

    Сиздин өмүр жашыңыз жашоодо оптимист же пессимист болушуңузга да байланыштуу экен. Айланаңыздагы адамдарга көбүрөөк жылуу сөз менен жылмаюу тартуулаңыз, өзүңүздүн да маанайыңыз жаркын болуп, жашооңуз көңүлдүү өтөт эмеспи. Ал эми тамеки чегүү, зыяндуу адаттар менен алек болуу албетте сиздин ден соолугуңузга зыян гана алып келет. Америкада маселен, тамеки чегүү дээрлик жокко эсе. Ал жакта тамеки чеккендер үчүн жумуш ордун табуу өтө кыйын. Ошондуктан айрым жаштарыбыз кеч боло электе зыяндуу адаттарды өзүбүздөн алыстатып, ыймандуу, адептүү болсок.

  241. Начар тамактануудан адам:


    Шайы кетип, чарчайт;
    Табити жоголот;
    Кан аздык, анемия оорусу байда болот;
    Адам оозунун эки тарабына жаралар чыгып, кургашы мүмкүн;
    Ой жүгүртүү начарлап баш ооруйт;
    Чачтар суюулуп, өңү өчөт жана түшө баштайт;

    Төмөндөгү көйгөйлөрдүн башка да себептер бар, бирок кээде начар тамактануудан, оорунун күчөп кетишине алып келген учурлар да болот.
    Ич өтүү, зат алмашуунун начарлашы;
    Жугуштуу оорулардын көбөйүшү;
    Кулак зыңылдоо;
    Тиштин бүйлөөсүнүн каноосу же кызарып ооруусу;
    Ашказандын жакшы иштебөөсү;
    Теринин кургап кесилиши; жүрөктүн катуу согушу;
    Тынчы кетип, жини бат келүү же акылдан адашуу оорууларына чалдыгуу;
    Кара сарык (боор циррозу) болуу.

  242. Белоктор 

    тамак-аштын маанилүү составдык бөлүгүн түзөт. Тамак-ашта белоктордун жетишсиздигинен организм жугуштуу ооруларга туруктуулугун жоготот, кан пайда болуу басаңдайт, организмдин өсүшү кечеңдейт, нерв системасынын, боордун жана башкалар органдардын иши начарлайт, ооруп айыккандан кийин клеткалар көпкө калыбына келбейт. Ал эми белоктордун ашыкча болушу да организмге зыян. Дан жана чанактуу өсүмдүктөр, картошка организмди белоктор менен камсыз кылууда негизги булак болуп саналат. Этте, балыкта экстративдүү заттар болгондуктан анын сорпосу тамак сиңирүүнү жакшыртат.

  243. Улгайган адамдардын тамактануусу

    60 жаштагы жана андан өткөн адамдардын зат алмашуусу солгундайт. Алар тамак сиңирүү органдарына, жүрөк-кан тамыр жана заара бөлүп чыгаруу системасына күч келтирбегендей тамактануусу, башкача айтканда ынак сорпо, өткүл татымал, майлуу, туздуу тамакты азайтуусу зарыл. Бул куракта сүт азыктары, жашылча-жемиш пайдалуу.

  244. Майлар

    Киши организмдин нормалдуу жашоосуна зарыл болгон энергиянын жарымынан көбүн углеводдордон алат. Алар көбүнчө өсүмдүктөн алынган тамак-аштарда болот. Айрыкча крахмал түрүндө — нанда, акшакта, картошкада; кант түрүндө кантта, кондитер азыктарында, таттуу жемиш-мөмөлөрдө болот. Углеводдор булчуң, нерв системасы, жүрөк, боор жана башкалар органдардын иштөөсүндө өтө маанилүү. Углеводдор зат алмашуу процессинде да белгилүү роль ойнойт (Зат жана энергия алмашуу). Бирок кантты жогорку калориялуу тамак-аш менен кошо көп жегенде киши семирип кетет, атеросклерозго эрте дуушарланат жана ишке жөндөмдүүлүгү төмөндөйт. Айрыкча улгайган кишилерге кантты ашыкча керектөөгө болбойт. Тамак-аш рационунда углевод белокторго караганда 4—5 эсе көп болуусу керек, бирок углевод энергияны сарптоого жараша талап кылынат. Чоң киши күнүнө эки маал кесмелүү, акшактуу, картошка же жашылча кошулган тамак ичип, 400— 500 г нан жана 90—100 гдай кант жесе жетиштүү болот. Өсүмдүк азыктарында углеводдордон башка да клетчатка бар. Алар ичегинин иштөөсүнө көмөктөшөт: ичегинин капталдарын дүүлүктүрүп, анын кыймылдоосуна — перистальтикага жардам берет. Клетчаткасыз тамак-аш ичүүдөн перистальтика начарлап, ич катат. Ошондуктан кара нан, чийки жашылча көбүрөөк жеш керек.

  245. АНТИСЕПТИКТИ ҮЙ ШАРТЫНДА ДАЯРДАЙБЫЗ

    Дүйнөдөгү коронавирус абалына байланыштуу дарыканалар менен дүйкөндөрдө колду таза кармоого арналган антисептиктер тез сатылып кетип жатат. Керек болсо кээ бир айыл аймактарынан таптакыр кездештире албайбыз. Мындай учурда антисептикти үй шартында жасап алууга болот. Ал үчүн:

    - 50 мл 90% медициналык спирт;

    - 30 мл глицерин (ден соолукка, техникага колдонуу үчүн ар түрдүү майдан жасалуучу түссүз суюк зат);

    - Ар түрдүү эфир майынан 5 тамчы (апельсин, грейпфрут же жалбыз);

    Баарын аралаштырып, дозатору бар бөтөлкөгө куябыз.

    - 50 мл суу;

    - 50 мл спирт тунмасы;

    - 30 мл глицерин;

    - 5 тамчы лимондун эфир майы;

    Баарын аралаштырып, дозатору бар бөтөлкөгө куябыз.

    - 7 тамчы чай дарагынын эфир майы;

    - 50 мл спирт тунмасы (ромашка же дары кызыл гүл);

    - 1 аш кашык алоэ гели;

    Баарын аралаштырып, дозатору бар бөтөлкөгө куябыз.

  246. Бостон Университетинин Биология бөлүмүнүн адистери төмөнкүлөргө токтолот:

    Дүрбөлөңгө алдырбаңыз

    Эң алгачкы эле кеңешибиз колуңуздан келсе дүрбөлөңгө алдырбоо керек

    65 жаштан жогору жаштагылардын кабылуусу кооптуу

    Аталган оору көпчүлүк учурда иммунитети төмөн жана 65 жаштан жогорку адамдарга ылдам жугат. Ал арада сөзсүз түрдө медицина кызматкерлеринин дагы ден соолугун көзөмөлгө алуу керек. Статистика боюнча 70 жаштан ашкан адамдардын бул дүйнө менен кош айткандыгы көп болгондугу байкалган.

    Так, туура берилген маалымат булактарына таянуу керек

    Мисалга, адам көп топтолгон жерге баруудан баш тартуу керек. Кимдир бирөө чүчкүрүп жатса, андан алыс болгонуңуз дурус. Ошол эле учурда тазалыкты сактап: колуңуз менен оозуңузду, мурдуңузду кармабай, ар саат сайын самын менен жууган жакшы. Ал эми эл жыш толгон аймактан качууга аракет кылыңыз.

    Коронавируска чалдыккандардын 80 пайызы жеңил көтөрөт, он беш пайызы орто симптом менен ал эми беш пайызы өнөкөт оорулары бар адамдар оор көтөрөт.

    Ооруга карата вакцина табуу дале уланууда

    Учурда Гарвард Университети дагы онлайн окуу системасына өттү. Ага утурлай башка бир канча окуу жайлар, мектептер да жабылган. Грипп сыяктуу тараган ооруга каршы атайын вакцина каралууда. Бирок адистер ага вакцина ойлоп табууга абдан көп убакыт керек экендигине токтолот.

  247. Иммунитет - организмдин ар кандай ооруларга, вирус, бактерияларга каршылык көрсөтүү жөндөмдүүлүгү.

    Байыркы римдиктер жана гректер «иммунитети жакшы адамдар ар кандай оору-сыркоодон алыс болушат» деп эсептешкен. Анткени чума жана чечектин коркунучтуу эпидемиясында да оорубаган адамдар кездешкен. Алар иммунитети күчтүү болгондуктан кыргын болуп жаткан учурда да оорубай тирүү калышкан. Иммундук систем, адамдагы бардык органдар сыяктуу эле татаал жана көп кырдуу. Иммунитеттин күчү негизинен адамдын жалпы акыбалы сыяктуу эле анын тандап алган жашоо образына жараша болот. Адистер узак мезгил стресстик абалда жүрүү, туура эмес тамактануу, ачка жүрүү, дарыларды баш аламан ичүү, организмдеги - микроэлементтердин жетишсиздиги, такай уйку канбагандык, катуу тийген күн астында көп жүрүү, өтө узак убакыт кара жумуш кылуу, тескерисинче узакка отуруп иштөө иммунитетти бузулууга дуушар кыла тургандыгын айтып, чылым тартуу, ичкилик ичүү жана наркотик колдонуу иммунитетти өлтүрөт деп белгилешет.

  248. Состав лимона: витамины и минералы

    Основными составляющими лимона являются конечно же вода и лимонная кислота. Но кроме того, в нем еще присутствуют важнейшие для организма витамины. Больше всего в лимоне витамина С, который незаменим для правильного обмена веществ в организме и участвует в питании тканей. Наряду с ним лимон содержит витамины А, В1, В2, и D, а также витамин, характерный исключительно для цитрусовых: цитрин (витамин Р). По своему химическому составу это сложное фенольное соединение, обладающее высокой биологической активностью и целебными качествами. Лимон богат минеральными солями, и лимонной кислотой, поэтому его употребление очень полезно и важно для организма.

    Именно такое сочетание широкого спектра полезных для человеческого организма веществ делает лимон незаменимым продуктом питания и ценным лекарственным и косметическим средством. Ведь богатый набор витаминов — это то, чего всегда не хватает человеку для продуктивной деятельности.

  249. ТУУРА ТАМАКТАНБОО ТАМЕКИ ЧЕГҮҮДӨН ДА ЗЫЯН

    Бүгүнкү күндө ар бир бешинчи өлүм тамекинин кесепетинен болот. Ал эми окумуштуулардын айтуусу боюча туура тамактанбоо тамекиден да зыян.

    Рациондун даамсыз жана туура болбогонунан дүйнө жүзүндө жыл сайын 11 миллион адам мезгилсиз көз жумат. Бул тууралуу "Lancet" илимий журналында жарыяланган изилдөөдө айтылган.

    Өмүрдү кыскартуучу азык-түлүктун сап башында – туз турат. Ал – тамактын баардык түрүнө кошулуучу негизги компонент.

    Ошондуктан изилдөөдө окумуштуулар ашыкча салмакты эмес, туура тамактануу маселесин козгошкон. Себеби, анын кесепетинен рактын пайда болуу коркунучу турат. Ал төмөндөгүдөй компоненттердин аз болушу же тескерисинче чамадан сырткары болушу– туура эмес тамактануунун негизи болуп саналат.

    Тузду чамадан сырткары колдонуу – 3 миллион өлүм

    Дан эгиндеринин аз болушу – 3 миллион өлүм

    Жемиштин жетишсиздиги – 2 миллион өлүм

    Адамдын эрте көз жумушуна себеп болчу негизги факторлордун ичинде рациондо жаңгактардын, клетчатканын, дан эгиндер менен жашылча-жемиштердин аз болушу жана деңиз азыктарында гана кездешкен Омега-3 май кычкылынын жетишпестиги кездешет.

    Туура эмес тамактануу кандай ооруларды козгойт?

    Туура эмес тамактануунун 11 миллион өлүмдүн 10 миллиону – жүрөк, кан-тамыр ооруларынан. Бул өзгөчө туздун чамадан сырткары колдонулушунан келип чыгат. Рациондо туздун көп болушу кан басымдын көтөрүлүшүнө, жүрөк оорусу же инсульттун пайда болушуна таасир берет. Ал эми дан, мөмө жана жемиш өсүмдүктөрүнүн пайдасы мол. Алар жүрөктүн жакшы иштөөсүнө жардам берип, жүрөк, кан-тамыр ооруларын болтурбайт.

  250.                                                                                  Пайдалуу азыктар

    Быштак Быштактын курамынан витаминдин 12 түрүн, минералдык заттарды жана кальций, темир, фосфорду кезиктирүүгө болот. Быштактын ток алып жүрүү артыкчылыгы сүттүкүнө караганда баалуураак.

    Рецепт: 100 грамм быштак менен жаңы үзүлгөн 50 грамм карагатты же малинаны аралаштырып ага бир чай кашык бал кошуп жесеңиз болот. Эгер карагат же малина болбосо анда тамак-ашка кошчу аш-көктөрдөн майдалап туурап, балдын ордуна каймакка аралаштырып нандын бетине сүйкөп жеген топуктуу.

    Жумуртка Тооктун жумурткасынан А, Е, D жана В витамининен тышкары кальций, калий, магний, жез, темир жана фосфорду кезиктирүүгө болот.

    Жумуртканы белгилүү бир тартип боюнча үзгүлтүксүз жеп туруу организмдеги инфекциялар менен күрөшүп, иммунитетти көтөрөт жана стресстен арылтат.

    Рецепт: Алгач 2 жумуртканын агын жарым стакан сүткө аралаштырып, татымына жараша туз салып аралашма даярдап аласыз. Андан кийин төрт бурчтуу болуп тууралган бир помидорду бир аз кууруп, үстүнө аралашманы куюп жибересиз.

    Даяр болгон омлетти пайдалуу аш-көк менен кооздоп койсоңуз болот.

    Геркулес Эң жөнөкөй, түйшүксүз, ошол эле маалда даамдуу боткону геркулестен жасоого болот.

    Геркулес боткосу онкологиялык ооруларга каршы жакшы жардамчы. Ошондой эле ар дайым жаш көрүнүүнү каалагандарга да сунушталат.

    Демек, геркулес боткосу картаюу процессин жайлатуучу касиетке да ээ. Рецепт: 1 стакан геркулес, 1 литр сүт жана татымына жараша шекер керек.

    Алгач мискейге сүттү куюп аласыз. Сүт ысыганда ага геркулести салып тынымсыз аралаштырып турасыз. Кайнаган соң отту жайлатып, 20 мүнөт бышырасыз. Ботко даяр болгондо татымына жараша шекер, бир чымчым туз жана табитиңизге жаккан кошулмаларды кошуп алсаңыз болот.

    Гречка Гречканын курамында фосфор, кальций, цинк, калий жана йод баш болгон пайдалуу микроэлементтер бар. Гречка организмди шлактардан тазалап, стресстен жана депрессиядан арылууга жардам берет. Рецепт: 1 стакан жуулган гречкага 2 стакан таза суу куюп түнгө калтырып коёсуз. Эртең менен суусун төгүп салып, керектүү өлчөмдө кефир куюп жей берсеңиз болот. Даяр болгон боткого туз, шекер жана башка кошулмаларды кошпой койгон пайдалуу.

  251. УЛУТТУК СУУСУНДУКТАРДЫ ЖАСАГАНДЫ УЙРОНОБУЗ!

    Бозо Кандай азыктар керек?

    Акшак: 1 кг Угут: 200-250 г Ачыткы: 1-2 литр Жылуу суу: 1,5-2 литр Кайнак суу: 5-6 литр Кантип жасалат?

    Угутту даярдоо үчүн буудайдын үстүнө жылуу суу куюп, жылуу жерге бир сутка коёсуз.

    Андан кийин суусун төгүп, ным чүпүрөккө ороп, жылуу жерге дагы 3-4 сутка коюп коюу керек.

    Өнүп баштаганда эт майдалагычтан өткөрүп, андан соң көлөкө жерге жайып кургатасыз.

    Акшактын үстүнө жылуу сууну, ачыткынын жарымын куюп, аралаштырып, жылуу жерге 1-2 сутка коюп, ачыгыча күтөсүз.

    Ачыгандан кийин аны ичинде кайнак суусу бар идишке салып тынымсыз аралаштыруу менен кайнатасыз.

    Кашыкка жабышпай калганда даяр болду деп билсеңиз болот

    . Оттон чыгарып, муздагыча бат-баттан аралаштырып турасыз. Жылуу болуп калган кезинде угутту кошуп, дагы аралаштырыңыз. Бүткөн соң ачыткынын калганын куюп, жылуу жерге 7-10 саатка чейин коюп коюңуз. Даяр бозону таза марлиге салып чыпкалап, сүзүп аласыз.

  252. Эмнеге Бешбармак ?

    - бул тамактын аталышы “беш бармак” же “беш манжа” деген сөздөн келип чыккан, анын себеби илгери көчмөндөр тамак-ашты кашык же аш айры колдонбостон бир гана колу менен жешкен.  Бешбармакты колу менен жеп, артынан эт кайнатылган шорпону кесе менен ичишкен. Бул тамак койдун же жылкынын этинен жасалган майлуу тамак болуп эсептелет.

  253. Карта чучукка 30-40 сантиметрдей карта, 200 грамм ич май, 200 грамм сулп эт, 50-100 грамм пияз, сарымсак, белгилүү өлчөмдө туз-калемпир керектелет. Жылкынын картасы көпчүлүк учурда жөн эле сууга бышырылат. Ал чучук ордуна жүрөт. Кээде таза жуулган картаны туздап, калемпир-мурч сээп, думбалай турат да, андан кийин эт, тууралган пияз, сарымсак кошуп, картанын ичине салат. Анан эки башын бек бууп, бышканча кайнатат. Картанын даамы, ич майы менен этке коруштун даамы кошулуп, кош даам болуп бышат. Аны муздак жана ысык бойдон берсе болот. Жашылча салатын кошуп берсе, андан да сонун.

    1. Казы картадан чучук даярдоо элибиздин абдан сыйлуу тамагы го....

  254. Боорду кууруп же кайнатып бышырса болот. Боордо витамин көп. Ал – тез быша турган тамактын бири. Боорду сууга салып, туз татытып, 30-40 мүнөтчө кайнатып, бышкан кезде, келки-келки туурап, шакекче кесилген пияз менен жесе болот. Ал эми боордон куурдак жасаш үчүн, адегенде майды ысык кылып, 2-3 баш тууралган пиязды кызарта кууруп, келки-келки кесилген боорду салып, бир аз куурулгандан кийин, сарымсакты, помидорду кошуп, кызара бышкан кезде калемпирден же мурчтан сээп, жарым стакан суу куюп, бир саамга демдеп коёт. Боор солкулдак, чалараак куурулса, жегиликтүү болот.

  255. Момо-жемиштерди тондуруу




    "Муздаткычта  жер жемиштерди  тоңдуруу тохнологиялары татаал эмес, бирок бардык эрежелери так сакталышы керек. Мисалы, тоңдурганга чейин жууп, тазалап, кургатып алуу зарыл. Андан да маанилүүсү ар бир жемиш жаңы үзүлгөн, жакшы бышкан жана чириги болбошу шарт. Тоңгон жемишти эриткенден кийин кайра тондурууга болбойт.
    Пияз, сарымсак, түрп,  дарбыз сыяктуу ширеси көп жемиштерди тоңдуруунун пайдасы жок.

    Тоңдурулган азыктар —18-20 же андан да төмөн градуста сакталышы керек.

    Тоңгон жемишти туура эритүүнүн дагы өзүнүн жол-жобосу бар. Мисалы, алгач муздаткычтын тоңдурчу текчесинен алып чыгып, муздатчу текчесине коесуз. Бир канча убакыттан кийин гана бөлмө температурасына чыгарсаңыз болот. Ал эми шашылыш түрдө ысык сууга салып эритүүдө жемиш пайдалуу заттардын баарын сууга чыгарып жибериши мүмкүн.

    Бардык шарттар сакталганда:

    • жашылчаларды — 3-12 ай,
    • момо-жемиштерди — 9-12 ай,
    • аш кокторду — 3-4 ай,
    • болгар калемпирин — 3-6 ай сактаса болот.

    Тоңдуруу технологиясынын кайсы бир шарттары бузулганда аны жеген адам ууланып калышы дагы толук ыктымал.


    Кайсы жер-жемишти кантип туура тоңдурабыз?

    Өрүк, кара өрүк

    Тазалап алгандан кийин данегин чыгарып салуу керек. Андан соң контейнерге салып, муздаткычка коесуз.


    Болгар калемпири

    Ичин тазалагандан кийин бири-биринин үстүнө кийгизип тизип, баштыкка же контейнерге салыңыз.

     

    Момо-жемиштер

    Карагат, малина, бүлдүркөн, тыт  муздаткычта жакшы сакталат.  Бул жемиштерди блендерден өткөрүп туруп шекер аралаштырып сактаса да ишенимдуу турат.







  256. Саламаттыкка кам көрүүнү туура тамактануудан баштоо керек. Ал үчүн тамактануунун тартибин, азыктардын пайдасын гана эмес, кайсы азыкты күндүн кайсы учурунда жеш керектигин да билуу шарт. 

    Организм үчүн кайсы азыктарды кабыл алуу керектигин үйрөнөлү.

    Эртең менен

    Жаңы сыгылган шире. Күндү жаңы сыгылган апельсин ширеси менен баштоо ашказанды тамак сиңирүүгө даярдайт. Ошондой эле организм үчүн керектүү болгон көп өлчөмдөгү С витаминин курамына камтыйт. Апельсинден башка алма, сабиз сыяктуу жашылча-жемиштердин ширеси да эртең менен пайдалуу болуп эсептелет.

    Дан азыктары. Кара буудайдын данынан жасалган нан углеводго, минералдык туздарга, клетчаткаларга жана В витаминдер тобуна бай.

    Мөмө жана жемиштер. Табигый мөмө жана жемиштер курамына витаминдерди, минералдык зат, азык-түлүк буласын камтыйт. Бул таңкы тамак ичеги-карындардын нормалдуу иштөөсүн шарттайт. Анан да жемиштердин баарынын калориясы аз болуп эсептелет.

    Сүт азыктары. Таңкы тамакка табигый йогурт ичсе абдан пайдалуу. Курамындагы лактобактерия иммунитетти чыңдайт. Ошондой эле эртең менен сыр жеген туура, ал белок менен кальцийге бай.

    Жумуртка. Жумуртка азыктандыруучу заттын толук булагы болуп эсептелет. Курамына фосфор, темир, цинк, жана А, Д, В витаминдерин да камтыйт.

    Кофе жана чай. Кофеин менен танин козготуучу касиетке ээ болгондуктан таң эрте ичүү менен организмдин ойгонушун шарттайт. Кофе менен чайдын курамындагы минералдар менен антиоксиданттар организмдин коргоочу күчүн жогорулатат. Көк чай болсо беттин түсүн жакшыртат.

    Бал. Бал жүрөк-кан тамыр системасына пайдалуу. Балдын курамындагы көп өлчөмдөгү фруктоза организмдеги ферменттин өнүгүшүн нормалдаштырат. Эртең менен дайыма бал колдонуу артериалдык кан басымдан куткарат.

    Мармелад Бул азыктардын курамындагы желатин ашказандагы бездердин секрециялык функциясын жакшыртат. Эртең мененки мармелад организмдеги кычкылдыктын деңгээлин нормалдаштырып, адамдын күн бою өзүн жакшы сезүүсүн шарттайт.

    Түштө

    Гречка. Гречка эң пайдалуу азыктардын катарында турат. Анда темир, кальций, магний, йодго окшогон организм үчүн баалуу заттар жана майда элементтер бар. Гречкадан жасалган ботко организмди органикалык кычкылдыктардын запасы, В, Р, Е витаминдери менен толуктайт.

    Күрөң күрүч. Бул дан өсүмдүгүнүн организмге пайдасы чексиз. Анда жогорку көрсөткүчтөгү клетчатка жана татаал углеводдор бар. Ошондой эле ал курамында майдын жоктугу менен айырмаланат.

    Чийки жашылчалар. Жашылчаларда калория төмөн болгондуктан абдан сиңимдүү келет. Алардан жасалган салаттарды кабыл алуу менен организм витаминдер, минералдар, фосфор, кальций, магний менен камсыздалган болот. Салатка зайтун майын кошуп жеген жакшы. Ал организмдеги холестериндин деңгээлин төмөндөтүп, булчуңдарды чыңдайт.

    Макарон. Буудайдын катуу сортунан жасалган макарон клетчатка, фолий кычкылына бай жана организмге майдын топтолуусун шарттабайт. Болгону жогорку сорттогу ундан жасалган макаронду, буудайдын катуу сортунан жасалган макаронго алмаштырбай, экөөнүн айырмасын ажыратып билүү керек. Бул макарондун курамындагы жогорку өлчөмдөгү фолий кычкылы аялдар үчүн өзгөчө пайдалуу жана организмге темирдин сиңишин жакшыртат.

    Картошка. Көпчүлүктүн сүйүктүү тамагы болгон картошка С, В, Е, K жана D витаминдерине бай. Ошондой эле организмге пайдалуу майда элементтер – калий, фосфор жана темирди курамына камтыйт. Өзгөчө ал сууга же күлгө көмүп бышырганда абдан пайдалуу. Бул азык жүрөк-кан тамырдын ишин нормалдаштырып, зат алмашууну жакшыртат.

    Кара нан. Бул нан азыктары курамына көп өлчөмдөгү клетчатка жана татаал углеводду камтыйт, анан да организм үчүн абдан пайдалуу ортофенол антиоксиданты бар. Ортофенол организмде рак клеткаларынын өсүшүнө каршы турат.

    Кечинде

    Майсыз сулп эт же балык. Кечки тамак туура болушу үчүн рациондо организмге жеңил жана бат сиңе турган азыктар болушу керек. Бууга бышкан, кактап бышырылган жана кайнатылган тамактарды ичүү туура. Майсыз эт жана балык кечки тамак үчүн идеалдуу азыктар. Алар - белок жана минералдын булагы, курамында витаминдер, өзгөчө В витаминдер тобу бар. Кечкисин куурулган эт жегенге болбойт. Колдон келсе куурулган тамактарды рациондон таптакыр эле чийип таштоо керек.

    Бууга жана сууга бышкан тамактар. Чийки жашылчалардан кийинки эле организм үчүн пайдалуу тамактар бууга жана сууга бышкан тамактар болуп эсептелет. Жылуу тамак клетчатканын жеңил сиңүүсүн шарттайт. Ден соолук үчүн толук кандуу пайдалуу. Кечки тамактарга курамында крахмалы аз жашылчалар да кошулат. Булар бадыраң, капуста, помидор, редиска, пияз жана көк чөптөр.

    Деңиз азыктары. Деңиз азыктары биздин организмди йод, С жана В12 сыяктуу пайдалуу витаминдер менен тойгузат. Омардын этинде көп өлчөмдөгү майда элементтер, организм үчүн жетишсиз болгон жез, калий жана цинк бар. Алар менен бирге деңиз капустасынын да пайдасы зор. Тактап айтканда, курамында фолий жана пантотен кычкылы, А, Е, В витаминдери бар.

    Майсыз сүт азыктары. Кечки тамак жеңил сиңип, ичеги-карындын ишин да нормалдаштырышы керек. Ал үчүн идеалдуу азык болуп майсыз сүт азыктары - быштак, кефир, йогурттар эсептелет. Алар тамак сиңирүүнү жакшыртып, кандагы холестерин, канттын деңгээлин төмөндөтүп, арыктатат, бөйрөккө таш пайда болуусун токтотуп, зат алмашууну жакшыртып, сөөктөрдү бекемдейт. Ошондой эле ичеги-карындын микрофлорасын калыбына келтирип, иммунитеттин бекем болушун шарттайт. Жатар алдында ичилген 1 стакан кефир же йогурт кальцийдин булагы гана болбостон, уйкуну да нормалдаштырат.


  257. Туура тамактанууда төмөндөгү эрежелерди сактоо зарыл!

    • Тез даярдалуучу тамактардан баш тартуу (фаст фуд);
    • Майлуу, куурулган, ышталган, таттуу жана туздуу тамакты азайтуу;
    • Ундан жасалган тамак-аштын көлөмүн азайтуу;
    • Майсыздандырылган сүт азыктарын пайдалануу;
    • Күнүмдүк тамактанууда жашылча жемиштерди көбүрөөк кошуу;
    • Ар дайым тамак ичердин алдында 15 мүнөт мурун 1 же 2 стакан суу ичүү;
    • Күнүнө суу ичүү нормасы: 1,5-2 литр;
    • Зыяндуу жана таттуу тамактарды күндүзгү 12ге чейин жеш керек;
    • Күндө жеп жаткан тамактын катарына жер жемиштерди да кошуу;
    • Ден соолукка жана сулуу келбетке да зыяндуу чучук, фаст-фуд сыяктуу тамактардан баш тартуу;
    • Уктоодон  3-4 саат мурун тамак ичүү зарыл;
    • Жумасына 1 жолу жеӊил тамактар менен тамактануу (быштак, көк чай сыяктуу);
    • Тамакты суу ичип отуруп ичпеш керек. Тамак ичип бүткөндөн кийин 40 мүнөт ичинде суу ичпеӊиз;
    • Күнүнө 20 грамм май (көкүрөк, чач, тери үчүн) жеш керек. Эртеӊ менен ач карынга зыгыр майын ичкенге да болот;
    • Эртеӊ мененки тамакты ичүү өтө зарыл;
    • Нан азыктарын жана таттуу тамактарды жегенди азайтып же болбосо таптакыр жебей койгон жакшы.


    1. Эн пайдалуу маалыматтар экен, баарыбыз ушул принциптерди сактасак жакшы болмок.


  258. Бизде дагы бир актуалдуу болгон  көйгөй – бул анемия.

    Аз кандуулук оорусу.  Бул оору темирдин жетишсиздигинен улам пайда болот.

    Бул оорунун профилактикасы катары байытылган ун пайдалануу сунушталат.

    Окумуштуулардын айтымында, энелер арасындагы олумдун  40% аз кандуулук менен байланышкан.

    Темирдин күнүмдүк нормасы 20 мг түзөт экен, ошондуктан курамында темири бар азыктарды кабыл алуу керек

    1. Аз кандуулуктан жабыр таркандар коп эле. Кара шоколад жесе канды кобойтот деп окудум эле. Кара шокаладдын сапаттуусу кайсы, азыркы шоколаддарда ароматизаторлор кошулган. Бул боюнча маалыматынар барбы? Болушкулочу.

  259. Майлар - организмге энергия берүүчү зат болуп саналат. Алар белокторду, айрым минерал туздарды, майда эрүүчү витаминдерди сиӊирүүгө жардам берет. Тамак рационуна май сымал заттарга холестерин жана лецитин кирет.  Холестерин нерв системасынын жакшы иштөөсүнө шарт түзөт. Малдын майында, жумурткада, икрада, мээде, боордо, бөйрөктө холестерин көп болот. Ал эми лецитин - организмдин өсүшүнө   жардам берет. Нерв системасынын, боордун иштешин жакшыртат, кан пайда болуусун күчөтүп, организмди ууланууга туруктуу кылууга жардам берет. Лецитин гречкада, буудай акшагында, буурчактарда жана салатта көп болот. Негизи, адамдын тамак-ашы жүрөккө пайдалуу заттар менен байытылышы керек.

    «Тамакты кайнатуу же бууда бышыруу өтө  пайдалуу»

    - Жүрөк кан тамыр ооруларына чалдыкпоодо тамактануунун эки эрежесин так сактоо зарыл:

    - көп түрдүү тамактануу;

    - пайдасыз, жүрөккө зыян келтирүүчү жана холестерин бляшкаларын пайда кылуучу заттарды колдонбоо.

    Туура тамактануунун биринчи максаты - кан тамырларынын чоюлчаактыгын жана жылмакайлыгын жакшыртуу. Тамак-аштын курамында сөзсүз түрдө эт, балык, ботколор, сүт азыктары, жашылча мөмө-жемиштер болуусу керек. Оорулууга байытылбаган кислоталар жана калийге бай азык заттар сунушталат:

    - мөмө-жемиштер, бадыраӊ, помидор, кызылча, алма, алмурут, карагат, курма, өрүк как, малина, апельсин, мандарин;

    - сүт азыктары;

    - гречка, буудай акшагынан жана арпа акшагынан даярдалган ботколор;

    - курамында магний көп азыктар: петрушка, салат, буурчак ашкабак, дарбыз.

    Тамакта малдын майына караганда өсүмдүк майына басым жасоо керек. Балык азыктарын көп колдонуу ден соолукка өтө пайдалуу. Тамак-ашты бышырууда кайнатуу, буу менен же болбосо дымдап бышыруу талапка ылайык. Отко какталган, куурулган тамак-ашты чектөө дурус. Шириндиктерден шоколад, кофе, какаого тыюу салынат. Анын ордун мөмө-жемиш жана бал менен толуктаса болот. Нанды да өз өлчөмүндө колдонуу зарыл. Консервалар, соустар, чипсы, сосиска, колбаса, ар түрдүү татымалдар (приправалар), ышталган, майлуу, туздуу, курамында кофеин бар азык заттар, алкоголдук ичимдиктер жүрөк үчүн эӊ зыяндуу заттар болуп саналат. Тамактын төрттөн бир бөлүгүн жеӊил сиӊүүчү белоктор түзүүсү керек.

  260. Тамак-аштын жетишсиздиги организмди басаӊдатат

    Жаӊы жана ар кандай пайдалуу азыктар ден соолукту сактоонун милдеттүү шарттарынын бири. Туура уюшулган тамактануу дененин жана акыл-эстин нормалдуу өсүшүндө зор мааниге ээ. Тамак-аштын жетишсиздиги өнүгүүнү жана өсүүнү кечиктирет, организмдин ар кандай ооруларга каршылык көрсөтүүсүн төмөндөтөт. Өтө көп болушу болушу - зат алмашуу процессин, ашказанды бузат. Тамактар ар түрдүү болгону жакшы. Бир түрдүү тамактануу табитти начарлатат. Белоктуу жана углеводдуу тамакты айкаштыруу көпкө чейин ток сезимди жаратат. Куурулган тамак карында көпкө кармалат да, карындын иштөөсүн оордотот.

    Канттын көп болушу диабет оорусуна чалдыктырат. Тамак-ашта өсүмдүк майын колдонсо жеӊил болот. Малдын майларынын көп болушунан зат алмашуу, тамак сиӊирүү бузулуп адамдын салмагы көбөйөт. Тамактануу учурунда ченеми менен тамактануу керек. Анткени ашыкча тоюу ден соолукка зыян.

    Колдон келишинче, буурчак, сүт, жумуртка, жер жаӊгак, балык жана эт сыяктуу организмдин өсүшүнө жардам берүүчү азыктарды ар күнү колдонуп туруу зарыл.

  261. Туура тамактанууда төмөндөгү эрежелерди сактоо зарыл!

    • Тез даярдалуучу тамактарды таптакыр алып салуу (фаст фуд);

    • Майлуу, куурулган, ышталган, таттуу жана туздуу тамакты азыраак талап кылуу;

    • Ундан жасалган тамак-аштын көлөмүн азайтуу;

    • Майсыздандырылган сүт азыктарын пайдалануу;

    • Күнүмдүк тамактанууда жашылча жемиштерди көбүрөөк кошуу;

    • Ар дайым тамак ичердин алдында 15 мүнөт мурун 1 же 2 стакан суу ичүү;

    • Күнүнө суу ичүү нормасы: 1,5-2 литр;

    • Зыяндуу жана таттуу тамактарды күндүзгү 12ге чейин жеш керек;

    • Күндө жеп жаткан тамактын катарына жер жемиштерди да кошуу;

    • Ден соолукка жана сулуу келбетке да зыяндуу чучук, фаст-фуд сыяктуу тамактардан баш тартуу;

    • Уктоодон  3-4 саат мурун тамак ичүү зарыл;

    • Жумасына 1 жолу жеӊил тамактар менен тамактануу (быштак, көк чай сыяктуу);

    • Тамакты суу ичип отуруп ичпеш керек. Тамак ичип бүткөндөн кийин 40 мүнөт ичинде суу ичпеӊиз;

    • Күнүнө 20 грамм май (көкүрөк, чач, тери үчүн) жеш керек. Эртеӊ менен ач карынга зыгыр майын ичкенге да болот;

    • Эртеӊ мененки тамакты ичүү өтө зарыл;

    • Нан азыктарын жана таттуу тамактарды жегенди азайтып же болбосо таптакыр жебей койгон жакшы.

  262. Азыркы учурда глобалдуу көйгөй

    бул йоддун жетишсиздиги, ал өз кезегинде зобго алып келет. Статистикага көз жүгүртсөк, 2015-жылы 172 оорулуу катталса, 2016-жылы 195 оорулуу катталган. Бул оорунун алдын алуу үчүн  йоддолгон туз жеш керек. Йоддун күнүмдүк нормасы 150-180 мкг. Тузду сактоо эрежелери да бар. Анын эң негизгиси йодду ачык калтырбаш керек. Анткени, йод учуп кетет. Тамак бышаарга 10 мүнөт калганда гана, йоддолгон тузду салсак, ал сапатын сактайт. Йодго бай тамак аштар – бул балык, балык майы, сүт азыктары, каротошка, гречка ж.б. өсүмдүктөр болуп саналат.

    Бизде дагы бир актуалдуулугун жоготпой келаткан көйгөй – бул анемия – аз кандуулук оорусу. Бул оору темирдин жетишсиздигинен улам пайда болот. Мисалы, Таласта 2015-жылы 1365 адам катталса, 2016-жылы 1426 адам катталды. Бул оорунун профилактикасы катары байытылган ун пайдалануу сунушталат. Окумуштуулардын айтымында, энелик өлүмдүн 40% аз кандуулук менен байланышкан. Темирдин күнүмдүк нормасы 20 мг түзөт.

  263. “Калорийность” – бул адам тамак-аш жегенден кийин бөлүнүп чыккан энергия. Бул негизинен адамдын жыныстыгына, көлөмүнө, рассасына жана климаттан көз каранды. Орто эсеп менен алганда, эркектерге күнүнө 3850 кКал, аялдарга 2950 кКал керектелет. Жашы жогорулаган сайын кыймыл аракети азаят, анысы менен бирге кКал олчөмү да төмөндөйт. Эгер организм сурагандан ашык жеп койсок, бул бир гана ашказан оорусуна эмес, семирүү процессине алып келет. Ал эми организм талап кылгандан азыраак жесек, арыктоо процесси жүрөт. Негизи ашказан 3 бөлүктөн турат: 1-си – суу, 2-си – аба, 3сү – тамак-аш болушу керек. Ошондуктан тамак ичээрден 20-30 мүнөт мурун 1 стакан суу ичүү шарт.”

    “Жакшы тамак калганча – жаман куурсак айрылсын” деген принцип менен жашай берсек, биздин өмүрүбүз, жаштыгыбыз кыскара берээрин унутпай, туура тамактанууга өтөлү

  264. Туура тамактанууда ашказандын учтон бир болугундо тамак-аш, учтон бир болугундо суу, учтон бир болугу бош болушу керек экен, ошондо гана тамак синируу органдары стабилдуу куч келбей иштейт тура. Тоюп турсан деле ашыкча жеп ичуу зыян.

    Озгочо той, мааракелерде дасторкон толгон тамак-аш коюлгандын баарынан ооз тийиш керек деп жей беребиз, анда эт, май,  майонез кошулган салаттар, канты коп шириндиктер, кала берсе торт, беш бармак же палоо баарын жей берип аш казанга оордук келтиребиз, ошондуктан "жакшы тамак калгыча жаман курсак айрылсын" деген макал туура тамактануу принцибин кармагандарга душман 

  265. Кун сайын болбосо да апта сайын колдон келишинче, буурчак, сүт, жумуртка, жер жаңгак, балык жана эт сыяктуу организмдин өсүшүнө жардам берүүчү азыктарды тамак-аш катары  колдонуп турсак ден соолугубуз жакшы болот

  266. САРЫМСАК - ЖАШТЫКТЫН ЭЛИКСИРИ!

    Сарымсактын тундурмасын "Жаштыктын эликсири"- деп атап келишет.

    Чындыгында анын курамындагы элементтер:

    • калай,
    • селен,
    • германий                                                                                                                                                                                                                 сыяктуу пайдалуу заттар адамдын организмге абдан жакшы таасирин тийгизет, муундарга пайдасы чон, анын бир калыпта болушун шарттайт жана жашартуучу касиетке ээ.
    • Мындан сырткары ашыкча туздарды айдап чыгат, вируска жана микробко каршы зат иштеп иштеп чыгат.
    • Паразиттерди жоготот. Андыктан сарысмактын тундурмасын колдонуп, организимиңизди тазалап, жаштыгыңызды узартыңыз.            Анда бир нече турун сунуш кылабыз. Ичинен озунузго ылайыгын тандап алыныз.
  267. 400 грамм сарымсакты тазалап,

    4 даана лимон менен эт туурагычтан өткөрүп аласыз

    Атайын идишке салып, оозун жаап муздаткычта же салкын .күн тийбеген жерде сактайсыз.

    Күн сайын тамактанаардын алдында 30 мүнөт мурун 1 чай кашыктан 1 стакан таза суу менен ичип турасыз.

    Сарымсактын жытынан чочуласаңыз, артынан грек жаңгагынан бир аз жеп койсоңуз болот.

    Жыйынтыгы 10-15 күндүн аралыгында байкала байштайт. Уйку баскандар сергек болот. Адам өзүн жакшы сезип калат.

  268. 200 грамм сарымсакты майдалап

    12 лимондун ширесин кошосуз.

    Аны банкага салып, оозун марли менен жаап муздак жерге 24 күнгө коюп коёсуз

     Андан кийин уктаар алдында бир чай кашыктан бир стакан суу менен ичип турасыз.

  269. Сарымсактын үч тишчесин тазалап, майдалайсыз.

    Ага бир стакан бышырылган жылуу сүт кошосуз.

    10 мүнөттөн кийин, тамактын алдында 30 мүнөт мурун ичип коёсуз.

    Бул ыкманы үч эле күн, күнүнө бир жолу колдонууга болот.

  270. Бир даана сарымсакты тазалап, ширесин сыгып аласыз.

    Сизге 10-15 тамчы керектелет.

    Аны бир стакан жылуу сүткө кошуп, 3 күн боюу эртең менен ачкарын ичесиз.

    Ал башка убакта тамактын алдында 30 мүнөт алдың кабыл алуу керек.

    Бул ыкманы 7-10 күн колдонсо болот.

  271. Сарымсакты кимдер даяр катары колдонууга болбойт билип алып пайдаланыныз!

    • Кош бойлуу жана бала эмизген айымдар
    • Онокот бөйрөк оорусу менен ооругандар
    • Бөйрөктө ташы барлар
    • талма менен ооругандар 
    • Сарымсакка, балга аллергиясы бар адамдар
  272. Буткул дуйнодогу элди дурболонго салган вируска каршы курамында С витамини болгон азыктарды кобуроок жеш сунушталат.

  273. ГАЗДАЛГАН СУУСУНДУКТАРДЫН ДЕН- СООЛУККА ТИЙГИЗГЕН ЗЫЯНЫ!

    Ысык-ырайында чаңкап турган кезде, эптеп эле суусагандыкты токтотуу үчүн көзгө көрүнгөн эле муздак суусундукту алып иче коёбуз. Бирок, анын курамында кандай заттар бар экендигин жана зыяны менен пайдасын баарыбыз эле биле бербейбиз. Суусундук чыгаруучулар көпчүлүк учурда, ден- соолукка пайдалуу жагын эмес, өтүмдүү болушу үчүн пайда жагын көздөшөт. Суусундуктарга кум шекер, ар кандай түс берүүчү каражаттар кошулат.

    Газдалган таттуу суусундуктар Кум шекерди газдалган жана табигый суусундуктарга даамынын таттуу болушу үчүн кошушат. Мында, орточо эсеп менен 1 стакан сууга 3- 5 чай кашык кумшекер кошулат. Аба- ырайынын ысык күндөрү суусундук стакандап эмес бөтөлкөлөп ичилет эмеспи. Жыйынтыгында кант диабетине жана ашыкча салмактуулукка кабылабыз. Ошондой эле, муздак ичкенде тишке жарака кетет, курт түшөт жана мунун натыйжасында унутчаактык, жүрөк-кан тамыр ооруларын пайда кылат. Азыркы тапта суусундук чыгаруучу ишканалар кум шекердин ордуна аспартам каражатын (Е-951) колдонушат. Бул зат көздүн көрүүсүн начарлатып, аллергияны козгойт.


  274. Консерванттар

    Консерванттар суусундуктардын узак убакытка сакталуусу үчүн колдонулат.

    Ал эми, консервант катары лимон кислотасын (Е-330) пайдаланылат. Лимон кислотасы эмалды эритип, тиште кариестин пайда болушуна шарт түзөт. Ошондой эле, ортофосфор кычкылын (Е-338) да кеңири колдонулуп келишет. Бул зат организмден кальцийди ээритип жиберет. Жыйынтыгында сөөк торчолору борпоң болуп, алсызданып жана морт болуп "остеопороз" оорусуна чалдыгышына жол ачат. Ал эми, остеопороз оорусуна кабылган адам майыпка да кабылышы толук ыктымал. Буга байланыштуу газдалган таттуу суусундуктарды айрыкча жаш балдарга такыр бербеш керек. Анткени, алардын сөөктөрү толук калыптанып бүтө элек болгондуктан, зыяны тийет.

  275. Жыттуу кошулмалар

    Сатып алуучуларды кызыктыруу үчүн газдалган суусундуктарга суунун жытын, даамын күчөтүүчү жыт бергичтер кошулат.

    Дээрлик, бардык газдалган таттуу суусундуктардын курамында табигый жыт бергичтер жана экстракттар бар.

    Кофеин

    Кофеин бардык энергетикалык суусундуктарда, Кока-Кола, Пепси-Коланын курамында болот. Аны көп ичкенде баш оору пайда болуп, нерв торчолору жабыркоого учурайт. Ошондой эле, көмүр кычкыл газы бар суусундуктар ашказанында жарасы барларга, гастрит жана энтерит оорусу менен ооругандарга сунушталбайт. Көмүр кычкылы ашказандын былжыр челин дүүлүктүрүп, ооруну күчөтөт. Мындан сырткары, газдалган суусундуктун курамындагы фосфат адамдын тез картаюусуна жол ачат. Мындан да коркунучтуусу газдалган суусундуктар оорулардын онкологиялык ооруга айланышына түрткү болот. Газдалган суусундуктарды кош бойлуулар, ичегиси ооругандар жана 3 жашка чейинки балдар ичүүгө тыюу салынат.

  276. Гречка боткосу 

    Гречка В2 витаминине, темирге жана магнийге бай.

    Бул ботконун түрү гемоглобини төмөндөп кеткендерге, кант дибети оорусу жана кан тамыр оорулары менен жабыркагандарга сунушталат. Мындан сырткары анын курамы пайдалуу fpsr ,ekfkfhsyf, углеводдорго, өсүмдүк белокторуна бай.

    Гречка боткосун пайдалуу кылып даярдаш үчүн ага шекер кошуп же сүттө кайнатыштын кереги жок.

    Андан көрө ага жер жемиштерди, козу карындардан жана өсүмдүк майынан кошуп даярдаса таасири күчтүү болот.

    Өзгөчө көк гречка пайдалуу.

  277. Сулуу боткосу

    Сулуу В тобунун витаминдерине, клетчаткага жана табигый антиоксиданттарга бай.

    Ал холестериндин өлчөмүн азайтатат жана тери менен тамак сиңирүүнүн абалын жакштыртат. Өзгөчө ашыкча салмактуулук менен жабыркагандарга сунушталат. Сулу боткосу жаңы жана кургак мөмөлөр жакшы айкалышат.

    Сулу боткосун даярдоодо геркулести тандап алсаңыздар жакшы. Ал абдан пайдалуу жана бат даярдалат.

    Бирок сулуу дандарын тандасаңыздар андан да пайдалуураак болот.

    Ал башка ботколордон 10-15 мүнөт кеч даярдалат, бирок бир топ пайдалуу экенин унутпаңыздар. Сулунун пайдалуулугун жогорку деңгээлде сактап калыш үчүн кечинде ага жаңы алманын ширесинен же йогурт же айрандан куюп коюңуздар. Эртең мененкиге чейин ал ширелерди соруп алып, жумшак жана эң негизгиси пайдалуу заттарын сактап калат.

  278. Күрүч боткосу

    Күрүч тууралуу сөз кылганда дароо эле жылмакай жана ак түрүн коп пайланабыз. Себеби, ак жана жылмакай түрү көзгө сулуу көрүнгөн түрлөрүндө эмнегедир витаминдер, азык булалары аз, бирок крахмал көп.

    Күрүч – ичегилердин жумушу бузулганда эң сонун тандоо. Ал жалпысынан алганда азыктардын баардык түрү – жер жемиштер, балык, мөмөлөр, май жана сүт менен айкалыша берет. Аны кайнатканда кыргычтан өткөрүлгөн ашкабакты, сабизди кошуңуздар. Мындай жол менен даярдаганда өңүнө келип, жаңы даам эле бербестен, витаминдердин да өлчөмү көбөйөт.

  279. Перловка боткосу

    Перловка боткосу кальцийге, магнийге жана лизинге (вирустарга каршылык көрсөткөн аминокислотасы) бай.

    Перловка ич алдыруучу таасир бериши мүмкүн. Ал тамак сиңирүүнүнүн ишин жакшыртып, ичегилерди тазалап, теринин, чачтын жана тырмактардын абалын жакшыртат. Перловка боткосу бал менен жакшы айкалышат.

  280. Лимондун касиети

    Лимондун антисептикалык касиети күчтүү. Египеттин айылдарынын тургундарын чаяндар чагып кеткенде лимонду экиге бөлүп, бир бөлүгүн чаккан жерге коюп, калган жарымын сорушса, жыйынтыгында жабыркаган жер бат эле жоголуп кетет. Лимондун ширеси Лимондун ширеси эс тутум начарлаганда, ашказан ичеги, таш пайда болгон ооруларда, организмдин зат алмашуу процесси жоголгондо, гемморойдо, лихородка суук тийген абалда таасирлүү. Мындай ооруларда жарым стакан кайнак сууга 0,5 лимондун ширесин кошуп, күнүнө 2-3 жолудан ичсе болот. Ошондой эле жаңы жемиштерге лимондун ширесин кошуп, тузу жок салаттарды жасап жесе да жакшы.

  281. Тамак ооруларында

    Ангина жана ооздун көңдөйлөрүнө, тамакка суук тийген ооруларда оозду сууга кошулган лимондун ширеси (1/2 стакан кайнак сууга 0,5 лимон кошулат) менен чайкаса таасирлүү.

    Теринин козу карын ооруларында лимондун ширесин дары катары иче берсе да болот.

    Өт ооруганда Өткө таш пайда болгондо 1,5 литр сабиздин, кызылчанын, бадыраңдын аралашмасы кошулган 10—12 стакан лимондун ширесин бир күндин ичинде иче берсе болот. 6-7- күндөрү катуу жабыркаган жер катуу ооруп, анан ору басылып, таштар жоголот. Өтө катуу ооруганда ооруну баскан каражаттарды колдонуш керек. Суусаган абалды басат 

    Безгек ооруларында, каның катып суусаганда, деги эле жалпы абалды жакшыртуу үчүн лимондун ширесинин пайдасы күчтүү.

    Витамин жетишпегенде Организмге С жана Р витаминдери жетишпегенде, зат алмашуу бузулганда ошондой эле кычкылтеги төмөн гастрит, подагра, заара чыгаруучу каналдарга таш пайда болгон ооруларда пайдалуу.

  282. Тоолуу аймактарда жашаган калк козу карын чогултуп, кургатып киреше табышат.

    Козу карын теруу, кургатуу боюнча оз тажрыйбамдан болушойун дедим.

    Базар-Коргон районундагы Кызыл-Ункур айылында козу карын терип кургатабыз, биз кадимки козу карын чогултабыз, баш жагы же себетчеси кой-козунун карынына окшош, аталышы да ушундан алынса керек. Козу карындар даамдуу, ден соолукка абдан пайдалуу, себеби анын курамында А, В,В,РР деген баалуу витаминдерга жана фосфор, калий, цинк, жез сыяктуу элементтерге бай.

    Теруу мезгили шартка жараша апрелдин башынан майдын жарымына чейин созулат.

    Аба откоро турган себеттерди колдонуп теребиз. Терген убакта баш жагы бычак менен кесилип алынат, эгерде буткул денеси менен терип алсак кийин козу карын чыкпай калуусу мумкун, бул да жаратылыштын бизге берген белеги.

    Терилген козу карындарды атайын текчелерде кургатабыз, куноч жерге коюлуп жука жайгаштырылып, толук кургатылат, аба ырайы бузулса жамгыр тийбеген жерге жылдырып турабыз.

    10 кг терилген козу карындан 1 кг кургатылган козу карын тушот.

    Нымдуулугу томонн кургак жерде сактайбыз.

    Кургатылган козу карынды атайын ортомчулар аркылуу сатып откоробуз, баасы да ар турдуу, кээ бир жылдары 1500 сом/кг болгон.

    Теруудо жана кургатууда колду таза кармап, ыплас жерден алыс кармайбыз, себеби бул жейиле турган азык.

    Козу карын терууну каалагандар этияттыкты сактагыла, уулуу козу карындарды аралаштырбагыла демекчимин.


  283. Козу карындын пайдасы

    Козу карындын 90 пайызын суу түзөт жана курамында А, D, Е, РР, В тобундагы витаминдери, калий, кальций, темир, йод бар болгондуктан ден соолукка пайдалуу.

    • Иммундук системди бекемдейт.
    • Курамындагы лецитин кан тамырларды тазалоодо жана холестериндин деңгээлин азайтууда мыкты жардамчы.
    • Атеросклероздун алдын алып, эс-тутумду жакшыртат.
    • Нерв системине, стресске, депрессияга пайдалуу.
    • Калориясы аз болгондуктан семиздиктен жабыр тарткандар жесе жакшы
    • В2 витамини көп. Бул витамин теринин, чачтын жана тырмактын сапатын жана уйку безинин иштешин жакшыртат.
  284. Козу карынга ууланып калбоо үчүн өзүңүзгө таанымал түрлөрүн териңиз же болбосо билген адамдарга кайрылыңыз.

    Анткени кээ бир уулуу козу карындар сыртынан уулуу эместерге окшош болушу мумкун.

    Козу карындын уулуу же уулуу эмес экенин жыттап ажыратууга да болот. Эгер жыттаганда же бышырып жатканда  дарынын жытындай жыттанса, анда уулуу козу карын.

    Мүмкүн болсо козу карындарды унаа жолдорунан алыс ,  талаалардан, тоолордон теруу керек.

    Уй булого козу карындан тамак жасоо керек болсо, терип келген соң 30 мүнөт туздуу сууга чылап, 10-15 мүнөт кайнатуу керек, андан сон майга куурусаныз болот.

  285. Козу карын токочун даярдоо  Даярдоо убактысы – 50 мүнөт

    Керектелүүчү азыктар:
    Каттама камыр – 250 грамм

    Козу карын – 200 грамм
    Пияз – 1 баш
    Сыр – 100 грамм
    Помидор – 2 даана
    Консерваланган жүгөрү – 100 грамм
    Өсүмдүк майы – 4 аш кашык
    Туз – татымына жараша

    Даярдоо ыкмасы:
    1.
     Тазаланып, жуулган пияз менен сарымсакты майда, козу карынды жука туурайбыз.
    2. Казандагы май кызыган кезде пияз менен сарымсакты, андан кийин козу карынды салып, ширеси соолуганча кууруйбуз. Татымына жараша туз кошулат.
    3. Казанды оттон чыгарып, үстүнө консерваланган жүгөрүнүн суусун төгүп кошуп аралаштырабыз.
    4. Каттама же ачытылган камырды 0,5 сантиметр калыңдыкта жайып алабыз. Электр мешинин табасына бир аз ундан себелеп, камырды салып, четин бир аз кайрыйбыз.
    5. Камырдын үстүнө алгач сүргүчтөн өткөрүлгөн сырды, андан соң козу карын менен жүгөрү аралашмасын тегиз салабыз.
    6. Эми үстүнө помидор кесимдерин коюп, ореганодон себелеп, 180 градуста иштеп турган электр мешине 20-30 мүнөткө салабыз. Токоч даяр!




  286. Нет описания фото.

    Кыргыздар кургатылган момолорду мейманга коеюбуз деп сатып алып,уйдо катып озубуз да жебей кээде катытып,курттатып да жиберебиз.Мейманчылабай уйдо отурганыбызда иммунитетти которолу!оорудан да алыс болобуз!
    Побалуйте себя тоже!!!!!!

  287. Уйдо отуруп зээриктим дегендерге,огородунузга,жок мен шаарда кабат уйдо турам дегендер гул остургон идиштерге ушул чопту остуруп алыныздар!!!!Пайдасы коп экен!!

  288. ТАБИГЫЙ АНТИБИОТИКТЕР...
    ************************************
    Адам ооруганда алгач эле ооруканага барып дарыгерге кайрылат. Эгерде бактериялык инфекция болсо, дарыгер дароо эле антибиотиктерди жазып берет. Аларды кабыл алганда ооруңуз басылганы менен ичегилериңиздин табигый микрофлорасы бузулуп, организмиңиздеги пайдалуу бактериялар өлүп калат. Жыйынтыгында ичегилериңиз аллергияга кабылып, иммунитетиңиз начарлайт. Эгерде сиз организмиңизди антибиотиктерге талкалатпайын десеңиз, ашканаңыздагы эле табигый азыктарды дары катары колдонуу менен оорудан кутуласыз.

  289. Сарымсак

    Сарымсак табигый күчтүү антибиотик болуп эсептелет. Ал стафилококк, стрептококк сыяктуу бактериялар менен активдүү күрөшөт. Изилдөөлөрдө күн сайын сарымсак жеп жүргөн адамдын организмин сарымсак кант диабети, жогорку кан басымы, аллергия, жүрөк жана тиш ооруларынан куткарган.

  290. Хрень

    Бул өсүмдүк адамдын организминдеги инфекциялар менен эле күрөшпөстөн, иммундук системанын активдүүлүгүн көтөрүп, тамак жана кекиртек ооруларын да айыктырат. Ошондой эле хренди дайыма кабыл алып жүргөндө организмдеги бактерияны өлтүрүп, заара чыгаруучу жолдорду ар кандай оорулардан коргоору далилденген.

  291. Пияз

    Пияздын бактерияларга, жугуштуу ооруларга каршы жана ден соолукту бекемдөөчү касиети бар. Уламыштарда эгер адам чийки пияз жесе, пияз денесиндеги оорулардын баарын соруп алып, айыгып кетет деп айтылып келет. Ал эми табакка пиязды туурап коюп койсо, үйдөгү жагымсыз бактерия, микробдорду өлтүрөт.

  292. Бал

    Бал эзелтен бери өзүнүн уникалдуу дарылык касиеттери менен бааланып келген. Андыктан эл арасында табигый антибиотик деп аталат. Бул азык бактерияга, жугуштуу ооруну козгоочу микробдорго, бөтөнчө микроорганизм себепкер болгон ооруларга, суук тийүүгө каршы. Жугуштуу оорулардан коргоочу жана жараны бат айыктыруучу касиетке ээ.

  293. Капуста

    Капустанын микробго каршы касиети бар. Ал оорутуучу бактериялардын бир нече түрүн өлтүрө алат. Кызыгы, анын дарылык касиети туздалган учурда жогорулайт. Андыктан рационуңузга сөзсүз кошуңуз.

  294. Алма уксусу

    Бул азык курамына алма кычкылын камтыйт, бактерияга, жугуштуу ооруну козгоочу микробдорго, бөтөнчө микроорганизм себепкер болгон ооруларга каршы касиетке ээ. Алма уксусу ооз көңдөйү, эринге чейин таасир эткен микробдун бардык түрүн өлтүрө алат. Токсиндер менен зыяндуу микроорганизмдерди губка сыяктуу соруп алат.

  295. Ден соолук жана тиричилик үчүн пайдалуу кеңештер


    - Өтө кеч тамактануу ашказан рагынын пайда болуу коркунучуна алып келет.

    - Жумасына 4 жумурткадан ашык жегенге болбойт.

    - Майлуу тоок этин дайыма жесе болбойт, себеби ашказандын шишик оорусун пайда кылышы ыктымал.

    - Жемиштерди тамактан кийин эмес, тамакка чейин жеңиз.

    - Аялдардын айыз маалында күчтүү кара чай же кофе ичүүгө болбойт.

    - Эгерде эки айнек стакан кептелип калса, үстүңкүсүнүн ичине муз салып, экинчисин сыртынан ысык сууга салып коюңуз. Ысыктын таасиринен стакан кеңейип, ичкиси муздактан кичирейип чыгарууга оңой болуп калат.

    - Помидор жана цитрус өсүмдүктөрүн муздаткычка салууга болбойт. Алардын даамы жана жыты бузулат.

    - Соя сүтүн аздан колдонуу керек. Ага шекер же жумуртка кошпой ичиңиз.

    - Жүгөрүнү жумшак болушу үчүн тузсуз кайнатат.

    - Помидорду ачкарын жегенге болбойт.

    - Аквариумду тазалаганда суусун бөлмө гүлдөрүнө куйса, пайдалуу болот.

    - Өттө таш пайда болбошу үчүн эртең менен тамактын алдында бир стакан суу ичүүнү адатка айлантыңыз.

    - Уктаарга 3 саат калганда тамактануу туура.

    - Эгерде тамактын тузу өтүп кетсе, ага бир аз картошка кошуп коюңуз, ал тузду тартып алат.

    - Газдалган таттуу суусундуктарды аз ичиңиз. Себеби алар диабет жана гипертония ооруларын чакырат.

    - Желим контейнерди жабык сактоодо жыт пайда болуп кетпеши үчүн чымчым туз салып коюңуз.

  296. ДЛЯ УЛУЧШЕНИЯ ПАМЯТИ, а также для очищения сосудов головного мозга

    Если пить этот эликсир каждый день в течение нескольких месяцев, то очищаются сосуды, нормализуется давление и улучшается память.
    Для его приготовления возьмите
    - 1 лимон с кожурой и измельчите
    - 1 головку чеснока измельчите
    - 1 ст. л. мёда
    - 1 л тёплой кипячёной воды
    Всё поместите в банку и накройте салфеткой.
    Настаивайте 3 дня, затем процедите через марлю.
    Пейте по 1-2 ст. л. 3 раза в день после еды.
    Эликсир можно делать и без мёда, по вашему вкусу

  297.                                                                         Чыңгыз хандан калган тартип...

    Кытай менен чектешкен Монголияда коронавирус жайылбаганынын себебин жергиликтүү мугалим түшүндүрүп берди Тектеш кабарлар: Кытайдагы коронавирус дүйнөнүн туш-тарабына жайылууда (1430 материал) 28-мартка карата COVID-19 вирусун жуктуруп алгандардын саны 598 миң 236 адамга жетти. Кытайдан чыккан бул вирус дүйнөнүн 199 мамлекетинде аныкталды. Италия, Испания, АКШ, Иран пандемиядан эң көп жабыркаган мамлекеттердин катарында. Бирок учурда дүйнөнү Кытай менен чектешкен Монголия мамлекети таң калтырууда. Бул өлкөдө кытай улутундагы жашоочулар да көп. Ага карабастан бүгүнкү күндө Монголияда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 10 гана адамды түзөт. Окумуштуулар феномен деп атаган бул көрүнүштү Монголиянын борбору Улан-Батордо жашаган Розалия Антонова аттуу мугалим өлкөсүндө вирусту жуктуруп алгандар аз экенинин себебин өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында түшүндүрүп берген. Мугалимдин айтуусу боюнча, Монголия үч айдан бери карантин режиминде жашап келе жатат. "Монголияда карантин 30-апрелге чейин деп жарыяланган. Бардык бала бакча, окуу жайлар жана мектептер жабылган. Көчөдө бет капсыз жүргөн бир да адамды көрбөйсүң, анткени медициналык бет кабы жок эч бир дүкөн же мекеме кардарды тейлебейт. Жадагалса өкмөт мүчөлөрү жыйындарды бет кап кийип алып өткөрүшүүдө. Ошондой эле телеберүүлөрдөгү дикторлор дагы жаңылыктарды бет кап менен окушат. Жарандар карантиндин талаптарын жакшы аткаргандыктан, бүгүнкү күнгө чейин вирус жуктуруп алгандардын саны 10 адамдан аша элек. Алар дагы жергиликтүү тургундар эмес, чет мамлекеттен келгендер. Монголияда коронавирус менен ооруп жаткандар катуу көзөмөлгө алынган. Байланышта болгон бардык адамдар жана жуктургандар менен чогуу бир каттамда учуп келген бардык жүргүнчүлөр изоляцияга алынган", - деп жазган ал өз билдирүүсүндө. Мындан ташкары Розалия Антонова карантин режиминин оң жактарын санап өткөн: 1. Жергиликтүү тургундардан вирус жуктуруп алгандар каттала элек; 2. Кичинекей балдар арасында ооругандар азайды; З. Коомдо тамактануу маданияты пайда болду. Адамдар иммунитетти көтөргөн, пайдалуу азык-түлүктөрдү колдонуп, сууну көп иче башташты. 4. Кылмыштуулук жана автокырсыктар азайды, мас абалында унаа айдагандар катталбай калды; 5. Монгол элинин режимди аткарган тартиби, социалдык жоопкерчилиги жана биримдиги көп мамлекеттерди таң калтырууда. Бирок бул сапат монгол элинде Чыңгыз хандын доорунан бери калыптанган. Андыктан бул феноменди изилдөө үчүн дүйнөнүн булуң-бурчунан окумуштуулар жана журналисттер келип жатышат. Алар эмне себептен жергиликтүү калк арасында вирусту жуктургандар жок экенин билгиси келет; 6. Биздин өкмөт башка мамлекеттерден келе албай калган жарандарын атайын рейс менен алып келүүдө: өкмөт жана дарыгерлерге нааразы болуп жүргөндөр алардын ишин баалай баштады; 7. Карантин үй-бүлөлөрдү бириктирди. Ата-энелер балдарына көбүрөөк көңүл буруп, алар менен бирге үй тапшырмаларын жасаша баштады. Чыныгы адамдык баалуулуктар жогору коюла баштады. Буга чейин Монголиянын президенти Халтмаагийн Баттулга өз каалоосу менен 14 күндүк карантинге кеткени маалым.
    Ден соолукта болуп,тарипти бекем кармайлы тууганым.

  298. Ар бир кайрылган адамга сөзсүз ачуу эрмен беремин.
    Эрмен 40 тан ашуун ооруга дары.
    Эрмен жөнүндө ДАРЫСЫЗ ДАРЫЛАНУУ деген китебимде кенен маалымат жазганмын.
    Бүгүнкү күндө эң биринчи бизге жардам берүүчү ушул дары чөп.
    1 чымчым алып шише банкага салып, үстүнө 1 литр кайнатылып бир аз муздатылган сууну куюп ,бетин жаап коёт. Беш минутада даяр болот.

    Организмдеги вирус,бактерия ,паразиттерди өлтүрөт.
    Баарыбыз КОРОНОВИРУСТАН чочуп турган убагыбыз азыр.

    Даяр болгон тунма менен ооз, мурунду 2саатта бир чайкагыла.
    Тамактан кийин жаш балдар 3 маал 50 гр дан , чоң киши 100 гр ичкиле 20 күн,10 күн эс алып кайра кайталагыла 3 жолу.

    Гриппти бат айыктырат.Грипп болгондо
    аптекага баруунун кереги жок.
    Эрмендин 50 түрү бар.
    Айырмалап билүү кыйын.
    Аптекада бар.
    Менде да бар.

    Жакындарыңарга жардам бергинер келсе постту бөлүшкүлө.
    Группага кошула электер кошулгула.

  299. Жасалышы ото жонокой. Тефлон казанга алгач пиязды торт бурчтук майда кылып туурап туз кошуп колубуз менен эзип алабыз. Устуно ото чон эмес ото майда эмес кылып тууралган шпинаттарды салабыз, андан кийин теркадан откозулгон помидорлоду салабыз да устуно оливка майы же кун карама майынан куйуп. Мурчтан себип каалоого жараша, капкагын жаап 15-20 мин демдеп койобуз. Капкагын ачып, кашык менен ортолорун терен казылган жерлерге жумуртакаларды чагып салабыз.( 3 жумурткага уч жерден жер казабыз. ) демделип жатканда бираз суу кошуп койсо куйуп кетпейт. Помидорлор суулу болсо, кошпой да койсо болот. Витаминдери сакталышы учун кайнатылбоосу сунушталат. Жумурткалар бышкан сон тамагыбыз даяр. Корунушу ушул сыяктуу болот. Суротто.
    Керектелуучу азыктар;
    3 д. жумуртка
    1 бутам шпинат
    2 д. помидор
    1 д. пияз
    100 гр май ( оливка же кун карама)
    Туз, мурч

  300. Брокколиден шорпо

    Кадимки биз жасап ичкен кайнатма шорпого окшош. Этти сууга салып кайнатып аласыз да казандан чыгарып кайнатылган шорпого картошкаларды туурап саласыз. Сабизди теркадан откозуп пияз менен кошо жайык табакта майга кууруп аласыз. Андан сон кайнатылган жаткан казанга броколини туурап саласыз бутактарын гана, 3-4 мин сон куурулган сабизди кошосуз да бышканга чейин кайнатасыз. Ал учурда туз кошосуз. Кеселерге куйган сон шорпого петрушка жашыл чоп туурап кошуп дасторконго койосуз. Эттерди майда туурап да кошсонуз болот, же болок табака салып сунсаныз да болот.

  301. Маргарин

    Маргарин - көпчүлүк ойлогондой каймак майдын эле бир түрү эмес. Бул азык - чыныгы жасалма азык. Консерванттарга каныккан бул майдагы зыяндуу заттар организмде топтолуп калууга жөндөмдүү.

  302. Бактерия, микроб, вируска каршы табигый каражат бул пияз.

    Бир аз калыңыраак эле кесип ,тарелкалаларга салып жашаган бөлмөлөргө коюп койгула. Бөлмөнү вирустан тазалайт,бир күндө бир алмаштырып тургула.

    Кимдин үйүндө эрмен болсо бир чымчым алып ,1 л айнек идишке салып үстүнө кайнак суу куюп койгула. Үч минутада даяр болот.
    Жаш балдарга 1ч л эки маал, чоң кишилер 50гр үч маал тамактан мурда 20 күн ичип койгула.
    Организмдеги паразитти тазалайт. Давлениеси барларга ,диабетиктерге да жакшы.

    Кимде уй беде болсо чай ордуна иче бергиле.

    Иммунитетти көтөрүүгө ;

    алоени мясорубкадан чыгарып ,балга аралаштырып эртең 2 ст л менен ач карын жегиле.

    Кечинде буудайдын өлчөмүндөй мумияны 50 гр кайнак сууга эзип коюп, эртең менен ичип алгыла.

    Бирдей өлчөмдө кара мейиз, жаңгак,өрүк какты майдалап ,ошончо өлчөмдө балга аралаштырып 5-7 күндөн кийин, күндө жаш балдарга 1ч л , чоң адамдар 1ст л 3 ай жегиле ,тамакка чейин.
    Эртең менен суу ичишти унутпагыла.

    Ташбү Жамиловна.

    Нет описания фото.

  303. Витаминдуу салаттарды даярдоо бул  мыкты кожейкелердин хоббиси болсо керек.

    Кундолук тамактанууда мындай салаттар дасторкондун гана корку болбостон жазгы витамин жетишсиз мезгилде табылгыс женил тамак. 

    Организмге керектуу витаминдерден макро-микроэлементтерди камтыйт. Жаны капуста жогорку баалуулугу менен озгочолонуп, озунду жакшы сезип, кун бою жакшы маанайды камсыздайт.  

    • ак баш капуста  400-500 г;
    • сабиз 2 даана.;
    • петрушка 30 г;
    • уксус  100 мл;
    • кум шекер 50 г;
    • осумдук майы 2-3 ст. кашык;
    • туз татымына жараша                                                                                                                                                                                        ЖАСОО ЖОЛУ:
    • Капустаны жууп тазалап, эски урунган жалбырактарынан тазалап , майда откоргучтон откоруп алуу керек 
    • Майда кесилген капустанын тарелкага салып, туз сээп кол менен суусу чыккыча мыжыгуу керек. 
    • Капуста озунон суу чыгарганча муздаткычка 5 мунотко коюп туруу
    • Сабизди жууп тазалап, теркадан откоруп кол менен аралаштыруу  
    • Петрушканы жууп тазалап суусун сарыктырып майдалоо
    • Бардыгы баткыдай идишке салып аралаштыруу керек
    • жыйынтыктоо этабында осумдук майын, кум шекер кошуп кайрадан аралаштырабыз. салат даяр болду, дасторконго коюнуз
  304.  "КОРОНАВИРУСКА КАРШЫ» САЛАТ

        Салатка керектуу кошулмалар:

    • турп 200 г; (1-2 д)
    • чеснок 2 тиш.
    • Тез бышуучу кесме (Доширак)
    • Пияз (1/4 болук)
    • сосиска же сорделька
    • майонез — татымына жараша;

    Алгач кесмени бышырып алып майда болукторго болобуз, баарын майда туурап кесменин устуно салабыз.                                                 Мындай пайдалуу салат жесек ар кандай вирустан коркпойбуз!

  305. Бул салатты жасоого анчалык коп убакыт коробойт. Уйдо бар азыктардан эле жасоого болот, эч кандай татаал деле эмес.  

    Керектуу азыктар:

    • пияз — 1 баш;
    • сабиз  — 2 д.;
    • кызылча — 1 д.;
    • капуста — 400 г;
    • маринаддалган бадыран- 1 д.;
    • тоок эти — 150 г;
    • майонез — 80 г;
    • туз — татымына жараша

     ЖАСОО ЖОЛУ:

    • ПИЯЗДЫ ШАКЕКЧЕ КЫЛЫП ТУУРАП ОСУМДУК МАЙЫНДА КЫЗАРГЫЧА КУУРУЙБУЗ
    • САБИЗДИ, КЫЗЫЛЧАНЫ ТЕРКАДАН САМАНДАЙ КЫЛЫП ЧЫГАРЫП АЛАБЫЗ ДА МАЙГА КУУРУЙБУЗ.
    • АЛДЫН АЛА БЫШЫРЫЛГАН ТООК ЭТИН МАЙДАЛАЙБЫЗ
    • БАДЫРАНДЫ КУБИК КЫЛЫП КЕСИП АЛАБЫЗ
    • ЫЛАЙЫКТУУ ТАБАККА САЛЫП ТУЗ СЕБЕЛЕП МАЙОНЕЗ КОШОБУЗ. 
    • КИЧИНЕ ТЫНЫККАНДАН КИЙИН МАЙДА ТАРЕЛКАЛАРГА САЛЫП ДАСТОРКОНГО КОЕБУЗ.
  306. Тез даярдалчу салат

    Керектелуучу нерселер:
    1-Жумуртка: 4-5 шт.
    2-куруч (пакистанский ушул жакшы) 150-200 гр болот себеби ал кобойуп кетет.
    3-жаны бадыран: 2-3 д.
    4-майонез.
    5-краб таякчалары.
    6-жугору  бир банка
    ДАЯРДОО ЫКМАСЫ:

    Жумуртканы, гуручту бышырып алабыз.

    Бадыранды, крабовый палочканы майда кубик кылып туурап алабыз.

    Андан сон идишке куруч.бадыран, краб таякчаларын салабыз ага жугору ,майонезди кошобуз

    Татымына жараша туз салып, бир аз корк беруу учун укроп кошуп аралаштырабыз

    Тамагыныздаар даамдуу болсун!

  307. Фирменый салат.

    Керектелуучу нерселер:

    • колбаса 300 гр.(докторская)
    • бадыран жаны,
    • сабиз
    • жашыл нокот  1банка
    • жугору
    •  майонез
    • татымына жараша туз калемпир.                                                                                                                                                                           ДАЯРДОО ЫКМАСЫ.
    • Колбасаны соломка кылып туурайбыз, бадыран, сабизди ото майда эмес теркадан чыгарган он,
    • Даяр болгон нерселердин баарын идишке салып нокот, жугору кошобуз.
    • туз салып, майонез мн аралаштырабыз.                                                                                                                                                                 Тамагынар даамдуу болсун!
  308. Дагы бир эн оной салат

    1) Кызылча 2 даана
    2)Чеснок 2 тиш.
    3)майонез
    4)жангак чагылганы 3-4 д

    ЖАСОО ЖОЛУ:

    Кызылчаны сууга бышырып,муздатып (корейский сабиздин) теркадан откозобуз

    Чеснокту майдалайбыз.

    Жангакты да майдалап  аралаштырабыз устуно  майонез кошобуз, салатыбыз даяр.

    ТЕЗ ДААМДУУ жана ото ПАЙДАЛУУ салатыбыз даяр.


  309. ТИЛДЕН ЖАСАЛГАН САЛАТ

    КЕРЕКТУУ АЗЫКТАР:

    • Уйдун тили,
    • капуста,
    • 2-3 бадыраң,
    • 1 банка консерваланган жашыл буурчак,
    • 1 жумуртка,
    • майонез,
    • туз, ашкөк,
    • калемпир,
    • лавр жалбырагы.
      Тилди бышырып, терисин сыйрып, орточо көлөмдө төрт бурч формасында туурайбыз.                                                                                    Ага тилкесинен тууралган бадыраң менен бышкан жумуртканы жана ичке тууралган капустаны ширесин чыгарып туруп кошобуз. 
    •  Үстүнө буурчак, туз, ашкөк, лавр жалбырагын, калемпир кошуп, майонез менен аралаштырып коебуз.
    • Салат даяр болду!
    • Кооз тарелкаларга салып дасторконго койсо болот!
  310. "Алтын эне" салаты

    Керектелүүчү азыктар: 

    Тоок эти (ышталганы)- 2 даана
    Картошка (сууга бышырылган)- 3 даана
    Кургатылган кара өрүк- 0,5 стакан
    Жумуртка (сууга бышырылган)- 4 даана
    Сабиз (корейский)- 150 грамм
    Бадыраң- 1 даана
    Майдаланган жаңгак- 1 аш кашык
    Көк пияз- 2 даана
    Майонез- 200 грамм
    Сыр- 200 грамм

    Даярдоо жолу:

    Картошка менен филе төрт чарчы формасында тууралат.
    Ага, алдын ала сууга салынып кургатылган кара өрүк тууралып кошулат.
    Жумуртка дагы төрт чарчы тууралат.
    Сабиз кошулат.
    Андан кийин бадыраң менен жаңгак салынат.
    Үстүнө көк пиязды майда туурап, бир аз туз сээп майонез кошосуз.
    Сырды сүргүчтөн өткөрөбүз.

    Аны майланган сковородкага бир аз кызарта кууруп алабыз.
    Стаканды же башка ушул сыяктуу идишти көмкөрүп бир аз майлайсыз. Ага сырды коёбуз.
    Формасына келген соң буга чейин даярдалган салатты салабыз. Фантазиябызга жараша кооздоп коёбуз.


  311. "Козу карын" салаты

    Керектелүүчү азыктар:


    Козу карын- 150 грамм
    Сыр- 60 грамм
    Картошка-200 грамм
    Бадыраң- 150 грамм
    Каймак- 2 аш кашык
    Майонез- 1 аш кашык
    Пияз- 1 даана
    Сабиз- 1 даана
    Туз- татымына жараша
    Май- козу карын кууруганга керектелет, көз ченем менен
    Даярдоо ыкмасы:

    Козу карынды жууп, кургатып, туурап, сүргүчтөн өткөрүлгөн сабиз жана тууралган пияз менен кошуп кууруп алабыз. Бир аз туз сээп коёбуз.
    Картошканы кабыгы менен туздалган сууга бышырып, муздаган соң, сүргүчтөн өткөрөбуз.
    Эми идишке даяр болгон азыктарды кабаттап, ирети менен сала баштайбыз.
    Картошка- козу карын (козу карынга каймак менен майонез сүйкөлөт)
    Сүргүчтөн өткөрүлгөн бадыраң, сүргүчтөн өткөрүлгөн сырды салабыз.

    Салат даяр болду. 

  312. САЛАТТЫН АТАЛЫШЫ "ТОЙГОН КОНОК " 

    1. Тооктун эти- 2 саны.
    2. Жумуртка - 4 даана.
    3. Жашыл нокот- 1 банка.
    4. Козу карын маринаддалган - 1 банка.
    5. Майонез татымына жараша
    6. Бадыран маринаддалган 3-4 даана.
    7. Укроп.

    ЖАСОО ЖОЛУ:
    Тооктун этин , жумуртканы кайнатып соломка кылып туурайбыз.

    Козу карынды жана бадыранды кубик кылып туурайбыз.

    Баарынбаткыдай бир идишке салып, нокот майонез кошуп аралаштырабыз.

    Тарелкага салып укроп мн кооздоп койобуз.

     Эн оной женил. Даамдуу салат даяр болду.

    1. Конок тойгузган салат- деп атаса да бочудай экен. Мага абдан жакты, жакында арада созсуз жасап коромун.

    2. БУЛ САЛАТТЫ КОНОК УЧУН ЭЛЕ ЭМЕС, БАЛДАРЫБЫЗ УЧУН ЖАСАП БЕРЕЛИ. КОНОК АНДА САНДА БИР КЕЛЕТ, БАЛДАРЫБЫЗГА ЖОК ДЕГЕНДЕ БИР ЖУМАДА 2 ЖОЛУ ЖАСАП БЕРГЕНГЕ АРАКЕТ КЫЛСАК БОЛЧУДАЙ.....

  313. АБДАН ДААМДУУ САЛАТ

    Керектелүүчү азыктар:

    Уй эти (сууга бышырылган)- 150 грамм
    Козу карын (консерваланган)- 1 банка
    Жумуртка (сууга бышырылган)- 6 даана
    Сабиз (чийки)- 1 даана
    Майдаланган жаңгак - 1 чай кашык
    Зайтун майы- 50мл
    Лимон ширеси- 2 аш кашык
    Сыр (катуу)- 30 грамм
    Салат жалбырагы- 1 боо
    Туз, кургак калемпир- татымына жараша
    Даярдоо ыкмасы:
    Эт, козу карын жана жумуртка тилкесинен узун жана ичке тууралат.
    Сабизди чийки бойдон узунунан сүргүчтөн өткөрөбүз.
    Жумуртканын сарысына туз, калемпир, зайтун майын жана лимон ширесин кошуп миксерден өткөрөбүз.
    Бул чыкка керек.
    Даяр болуп тууралган азыктарга салат жалбырагын кол менен үзүп салабыз жана ага чыкты кошуп аралаштырабыз.

     Эң үстүнө сүргүчтөн өткөрулгон сырды салабыз. Салат даяр болду!





    1. АЙЫЛ ЖЕРИНДЕ ЗАЙТУН МАЙЫ ТАКЫР ЭЛЕ ПАЙДАЛАНБАЙТ БОЛУШ КЕРЕК. АНЫН ОРДУНА СЕМИЧКЕ МАЙЫН ЭЛЕ ПАЙДАЛАНСА БОЛОБУ?

  314. Эн оной даярдалган козу карын салаты

    Биздин токойлордун арасында кадимки козу карын осот, аны теруу сезону башталды.


    Козу карынды уйго алып келгенден кийин жууп тазалап,  1 саатка жакын туздуу сууга салабыз. Аны суусунан сарыктырып дагы туздуу сууда 20-25 мунот кайнатабыз. кайнатуу менен биз булганыч. уулуу нерселердин алдын алабыз..

    Керектелуучу азыктар
    Куурулган козу карын;
    ат кулак же смалак;
    Шакекче тууралган пияз
    Кок пияз;
    Осумдук майы;
    Иуз, мурч татымына жараша кошобуз.,

    ЖАСОО ЖОЛУ:

    Алгач козу карынды азыраак майга кууруп алабыз

    Смалакты кол менен майдалап кошобуз

    Баарын аралаштырып, устуно майда тууралган кок пиязды кошуп, туз мурч менен аралаштырабыз. Салат даяр болду.








    1. Уулкан, жергебизде оскон кадимки козу карындан жасаган салат мага абдан жакты.  Козунун карынына окшогондуктан ушундай аталып калса керек, кууруганда да абдан даамдуу болот. Угушума караганда козу карын сезонунда жеп турса иммунитетти которот экен. Азыркы вирустарга каршы жасап жеп туруп керек экен.

  315. КЫЗЫЛЧАДАН ПАЙДАЛУУ САЛАТ

    Кызыл кызылча _ 2 д.
    Тооктун сан эти _ 1 д.
    Сыр _ 150 гр.
    Сабиз _ 1 д.
    Анар _ 1д.
    Майонез _ 150 гр.
    Туз _татымына жараша.

    Баарын кубик турундо туурап ,майонезди да аралаштырыш керек.

    Сырды тёркадан откорсо да болот.

    Аралаштыргандан кийин,тарелканын ортосуна стаканды коюп,тегерете салатты салып устунон майонезден дагы суйкоп,бетине анарды чачып жайгаштырабыз.


    Ден  соолукка пайдалуу эн жонокой салат.

    1. Бул да пайдалуу салат экен, бирок анардын сезону отту да анын ордун башка жемиштер менен да алмаштырса болсо болобу?


  316.   ЖАГЫМДУУ САЛАТ

    • Колбаса 200гр;
    • бадыраң 4 даана;
    • сыр 200гр;
    • жумуртка 4 даана;
    • майонез,
    • осумдук майы,
    • кара мурч
    • аш коктор

     

    ЖАСОО ЖОЛУ:

    • Колбасаны каалагандай формада кесебиз анан чийки жумурткага чылап коебуз. 5 мүнөттөн кийин жумурткадан ажыратып майга кууруйбуз. Анан бадыраң менен сырды теркадан өткөрүп, колбасаны кошуп, кара мурч менен аралаштырабыз, устуно майонез куябыз. Аш кокторду майдалап туурап кошуп аралаштырабыз
  317. Бешбармак - бул тамактын аталышы “беш бармак” же “беш манжа” деген сөздөн келип чыккан, анын себеби илгери көчмөндөр тамак-ашты кашык же аш айры колдонбостон бир гана колу менен жешкен.  Бешбармакты колу менен жеп, артынан эт кайнатылган шорпону кесе менен ичишкен. Бул тамак койдун же жылкынын этинен жасалган майлуу тамак болуп эсептелет.

  318. Курут - кыргыз элинин улуттук азыгы болуп саналат. Байыртан бери салт болуп келе жаткан куруттун жасоо ыкмасы:  кой, эчки же уй сүтүнөн сүзмө жасалат. Андан соң бир нече күн чүпүрөк баштыктарга салып суусу агызылат. Даяр болгон сүзмө туз менен аралаштырырылат жана сүзмөнү алып  5 см диаметринде тоголоктор жасалат. Аларды тактайга тизип, күнгө кургатылат.

  319. Кымыз - Кыргыздарда “Кымызды ичкен түбөлүк жашайт, анткени бул суусундук даарылык касиетке ээ" деген кеп бар. Кымызды даярдоо үчүн чанач керек. Чанач – бул койдун терисинен  жасалган баштык. Чаначка жаңы саалган бээнин сүтү куюлат, анан арчадан сабынан жасалган жыгач менен бышталат. Быштагандан кийин сүттү бир нече кунгө тындыруу керек. Бул убакыттын ичинде табигый химиялык процесстер жүрө баштайт, бул учурда суусундукда пайдалуу микроэлементтер пайда болот . Жаны жасалган кымыздын  даамы өзгөчө болот.

  320. Максым - байыркы суусундуктардын бири .Майдаланган буудайдан жасалат. Алгач  майдаланган буудайды казанга кууруп анан сууга кайнатылып даамына жараша туз кошулат. Муздагандан кийин айран же сузмө  менен аралаштырылат. Максым дан өсүмдүктөн жасалгандыктан ал абдан топукту келет, керек болсо тамак аштын ордуна ичсе болот.

  321. Боорсок - бул ундан жасалган Орто Азиянын улуттук азыгы. Ар бир кыргыз уй-бүлөөсүндө боорсок сөзсүз түрдө жасалат. Боорсокту тамак берилгенге чейин жана
    чай кымыз же шорпо менен  бирге берилет .Кесилген каамырды майга 20-30 секунд бышырылат. Бышкандан кийин казандан чыгарылып майын агыздыруу үчүн  темир чыпка же элеке салынат. Негизинен боорсок дасторкондун көркү болуп эсептелет жана ар кандай аш-тойлордо, майрамдарда жасалат.

  322. Дан азыктары

    Дан азыктарынын курамы глюкоза жана В тобундагы витаминдерге бай келет жана булардан түрдүү булакмыктарды жасап берсе жакшы.

  323. Кызылчадан даярдалган тамактар денедеги зыяндуу шишиктерден сактайт.

    - Кызылчанын курамындагы В9 витамини жүрөк оорусуна калкан болот. Бул витаминдин тамак-ашта кездешүүсү гемоглобинди жогорулатып, аз кандуулукка каршы күрөшөт. Ал организмди жаш боюнча сактап калган касиетке ээ. Аны колдонгондо активдүү жаңы клеткалар пайда болуп, маанай көтөрүлөт.

    - Кызылчада кварц бар. Ал сөөктүн бекем болушу, артерия жана тери саламаттыкта болушун шарттаган негизги элемент. Бирок бул пайдаларына карабастан кээ бир адамдар үчүн зыянын тийгизип коюшу мүмкүн. Эгер ашказаныңызда оору бар болсо же анын кислотасы бийик болсо этияттап колдонуш керек. Бул азык бөйрөктү гана эмес канды дагы тазалайт. Организмдеги кычкылды жогорулатат жана боорду тазалайт, мээни калыптандырат, уулуу заттардан коргойт. Эрте картаюудан алыстатат, психиканы жөнгө салат.

    - Сууга бышкан кызылча жана анын кайнатмасы организмди эс алдырат. Чийки кызылчанын ширеси гипертония оорусунда пайдалуу.

    - Кызылча боор оорусунда пайдалуу. Кандын жакшы жүгүрүүсүн шарттайт, кан тамырларды кеңейтет жана жүрөктүн иштешин жакшыртат. Ошондой эле унутчаактыкты дарылап, зээндүү кылат.


  324. Хариса − бул эт менен буудайдан даярдалган паста. Ал ысык түрүндө, сары май менен берилет. Хариса Персид булуңундагы араб мамлекеттеринде кеңири таралган. Кирсан – майда төрт чарчы тууралган этти ар кандай жашылчалар менен: баклажан, сабиз, фасоль, ашкабак куурулат. Ал кара буудайдын унунан жасалган майда лаваш (калама) менен берилет.

  325. Кабса − бул арабдардын эттен менен күрүчтөн жасалуучу улуттук тамагы. Алгач жашылча жемиштерди куруп алып, ага тилке кылып тууралган эт (балык) жана күрүч кошулат. Бул тамак үчүн атайын сорттогу басмати күрүчү тандалат. Аны даярдоо ыкмасы ар түрдүү. Кабсаны койдун, тооктун эттеринен, балыктан, жада калса төөнүн этинен да жасаса болот. Кээ бири ага кишмиш, мисте жана гвоздика кошушат.


  326. Балык жана балыр, буурчак жана гайкалар омега-3 май негизги мазмуну, ошондой эле ар кандай майлар. дени сак майларды тизмеси конкреттүү тизмегин, карап көрөлү. Products болуп төмөнкүлөр саналат.

    • Көпчүлүк омега-3 семга, Балык, Балыкчы, форель, мүрөккепте, Halibut, барктуу жана аяктоону табылган майлар.
    • Ошондой эле, буурчак, соя, шпинат, брокколи жана башка кочкул-жашыл өсүмдүктөрдө тапса болот.
    • соя май, жүзүм тукуму, уругу, кунжут, жүгөрү, ашкабактын үрөнү, пиар жана сулунун ушул.

    омега-6-мазмуну боюнча карама кыйла жогору, жүгөрү, пахта жана соя майлары, дарыя балык, жаъгак жана үрөн, тоок эти, жумуртка, кара карагат жана примула.

  327. Йод – бул химиялык элемент зат алмашуу процессин таасир берет. Йод кальмар, деңиз балыгы, балырлар менен крабдар сыяктуу деңиз азыктарында көп болот.

  328. Калий – денедеги ашыкча суюктукту жок кылып, жүрөк булчуң этинин кызматын жакшыртат. Инжир, кара өрүк, аш кабак, капуста, картошка, кызыл жана кара карагат, ошондой эле ит мурундун курамы калийге бай.

  329. Магний – заара чыгарып жана тынчтандыруучу касиеттери бар химиялык элемент. Бул элемент кан тамырлардын дубалдарына катыган канды кетирет. Организмиңиздеги магний жетиштүү өлчөмдө болушу үчүн рационуңузда бул тамактар болуш керек: сулуу, будай, гречка, бурчак, жаңгактар жана соя уну. Магнийге таттуу бадам, банан, кебек жана соя уну бай. Ошондой эле, жүрөк сүт жана вегетариандык шорпону жакшы көрөт.

  330. Эгиндерди которуштуруп айдоонун максаты:

    • кыртыштагы чириндини сактоо жана кобойтуу
    • Зыянкечтердин жана илдеттердин санын азайтуу
    • Отоо чопторду азайтуу
    • Тушумдуулукту кобойтуу
    • Туруктуу тоют базасын тузуу
    • Уй булого жана мал чарбасы учун жетишерлик сандагы азык тулукторду камсыздоо
    • Томон тушум алуунун тобокелчилигин турдуу эгиндерди эгуу аркылуу азайтуу

     Айыл эли оз огородунда уй булосу учун керектуу жашылча-жемиштерди эгуудо томонкудой  которуштуруп айдоон схемасын сунуш кылабыз

     

    Бул схема жонокой жана бири-биринен кийин жайгаштырып эгууго болгон жашылчалар эсепке алынган

    Эгерде картошканы бир жерге жыл сайын эге беруудон чирик илдетинен (фитофтороз) жабыркайт. Ит жузум уруусундагы осумдуктордон помидордо да кездешет.

    Ошондуктан органикалык чарба жургузгон фермерлер которуштуруп эгуунун мындай схемасын колдонушат. 


  331. Кыргызстандын калкынын 65% айыл жеринде жашап, талаачылыкта мээнет кылып, эгин эгип жан багат.

    Жыл откон сайын эгиндерден тушум алуу жылдан жылга азайып баратат, мунун негизги себептеринин бири дыйканчылыктын сырларын билбегендиктен, агротехнологияны жакшы оздоштурбогондуктон, агрохимикаттарды иштетуунун нормасына, иштетуу моонотуно билбей эле ушуну иштетсем натыйжасы болот деген ишенимде болгондугунда. 

    Дыйканчылыкта эгиндерге байкоо жургузуу эн маанилуусу, эгиндин осуусуно, жалбырактарын карап кандай элемент жетишпегенин билсе болот жана ошого жараша керектуу жер семирткичтерди беруу керек.

  332. Жер-жемиштердин уруктарын кантип туура тандоо керек. 

    «Бай жер» компаниясынын агроному Баатыр Эрназаров:

    — Кайсы уруктарга суроо талаптар көп?

    — Жашылча-жемиштерге суроо-талаптар көбүрөөк. Негизги себеп Бажы союзуна киргенден кийин базар ачылып, дыйкандар жашылча-жемишти көбүрөөк өстүрө башташты. Жашылча-жемиштерден басым дарбызга жасалат. Андан кийин капуста, помидорлорго талап жогору. Ким кайсы жашылчаны жакшы өндүрө алса, киреше таба алат. “Эр эмгегин жер жебейт”- деген макал бар. Туура өстүрсө, жаңы технологияларды, ыкмаларды, уруктарды пайдаланып жогорку түшүмдөрдү алса болот. Дарбызды түштүктө да, түндүктө да өстүрүшөт. Сокулукта, Ысык-Ата райондорунда, Чалдыбарга чейин дарбыз өсөт.

    — Атаандаштыкка туруштук бере алабызбы?

    — Толук мүмкүнчүлүк бар, аткени былтыркы жылды карасак дарбыздын түшүмү өтө төмөн болду. Бажылык саясатка толук даяр эмес болгондуктан, дыйкандарыбыз тышка алып чыгууга мүмкүнчүлүгү чектелүү болуп калды. Саналуу гана дыйкандар Казакстанга сатышты. Көбү Кыргызтанда сатылып, дарбыздын баасы арзан болду. Талаада 1-1,50дөн болду. Дүң баасы 4-5 сомго араң жетти.

    — Дыйкан урук тандоодо эмнеге карашы керек?

    — Агроном катары жооп берейин. Урукка гана байланбайт. Жерди тандоо, даярдоо да маанилүү. Ошондуктан дыйкан каражатын бекер сарптабастан адистерге кайрылганы туура болот. Анткени кээ бир өсүмдүктөр кумдак жерди жакшы көрөт, кээ бир өсүмдүктөр саздак жерде өсөт. Сууну көп талап кылган өсүмдүктөр бар. Учурда ооруларга, курт-кумурскага каршы, отоо чөптөргө туруштук бере турган уруктар бар.

    — Уруктарды кантип тандаш керек?

    — Кыргызстанда сапаттуу уруктарды алып келген расмий компаниялар өтө аз. Биз Европанын эң алдыңкы компанияларынын уруктарын алып келебиз. “Пионер” деген азыркы күндө дүйнө жүзүндөгү эң алдыңкы уруктардын бири болуп эсептелет. Дүйнө жүзүндө 70тен ашык өлкө колдонуп келет. Америка компаниясы, андан тышкары “Циминист” деген голландиялык компания. Биз түздөн-түз ушул заводдордон алып дыйкандарга сунуштап келебиз. Дыйкандарыбызга адис катары толук кеп-кеңештерибизди беребиз.

     Урукту алгандан кийинки жол-жоболору кандай болот?

    — Урукту алардан мурун жерди даярдоо маселеси турат. Жерди күзүндө айдап, күзүндө даярдаса жакшы. Биринчиден нымдуулукту жакшы сакташ үчүн. Экинчиден курт-кумурскалардын жоголушуна таасир этет. Үчүнчүдөн бир жылдык отоо чөптөрдүн жок болушуна себеп болот.

    — Жаңы алынып келинген уруктарды дыйкандар өздөштүрүп жатабы?

    — Биздин компания жүгөрүнү жана күн караманы дыйкандарга сунуштап жатабыз. Жүгөрүнү Союз мезгилинде Хрющев алып келген, “царица полей”- деп. Дан эгиндеринин ичинде эң көп тушүм бере турганы – жүгөрү. Айыл чарбасында жүгөрүнү кирешелүү өсүмдүк деп колдоп келишет. Азыркы күндө биздин компания жети түрүн сунуштайт. Кыргызстанда жугөрү эрте, орто жана кеч бышкан болуп үч топко бөлүнөт. Эрте бышканы экинчи түшүм алыш үчүн түштүк регионубузда колдонушат. Чүйдө жайкы мезгилде жүгөрү жок болгонуна байланыштуу дан эгиндери кымбат болот. Өздөрүнө арзан тоют камдаш үчүн эрте бышкан жугөрүлөрдөн түшүм алышат. Кеч бышкандарга караганда түшүмү эки эсе төмөн болот. Орто бышкан жүгөрүлөрдүн үч сорту бар. Чүй регионунда 90% айдайт десем жаңылбайм. Таласта да айдашат. Булардын жакшы жери күзүндө толук бышат. Ошондуктан Чүйдө кеңири тараган.

    -Нарын өрөөнү кандай уруктарга муктаж?

    — Кылкандуу дан эгиндери кээ кезде кар астында калып калат. Бул региондо эрте бышкан жүгөрүлөрдү гана өстүрүшөт. Малга тоют катары пайдаланышат. Орто анан кеч бышкан жүгөрүлөрдү силос катары пайдаланышат. Себеби, толук кургаганга жетишпейт.

    — Жүгөрүдөн башка эмнеге талап күч?

    — Өзүңүздөр байкагандай жашылчага талап жогорулап баасы кымбат болсо, элдер жашылча менен алектенет. Бүгүнкү күндө өкүнүчтүүсү бүт түшүм арзан. Чарбачыл дыйкандарды ойлондуруп жатат. Жашылча-жемишке көп акча сарпталат, көбүнчөсү кол менен иштетилет. Техника колдонулбагандыктан кымбат. Ошондон улам дыйкандар чочулап турат. Ошондуктан түшүмдүү үрөөндөрдү жана жаңы технологияларды колдонуу керек. Жаңы технологиялардын негизинде отоо чөптөрдүн баары дарыланып жок болот. Демек, адамдын эмгеги да азаят. Өсүмдүктөрдү бат өстүрүп түшүмдүүлүгүн көбөйткөн жаңы био кошулмалар бар. Базарда ар кандай жер семирткичтер да сатылууда. Кайсынысын аларыңды билбей баш айланат.

    Мисалы, глюфацат деген бүт отоо чөптөрдү өлтүрүп кызылчага терс таасир тийгизбейт. Сапаттуу урукту расмий дүкөндөрдөн аласыз. Ал эми гибридди Союз мезгилинен бери колдонуп келет. Гибрид – бул аргындаштырылган нерсе. Жашылча, жер-жемишти өндүрүү боюнча Голландия биринчиликте турат. Жүгөрү боюнча Америка, андан кийин Испания. Уруктарды өндүргөнгө, талаптарын жогорулатканга, ар кандай ооруга туруштук берүүгө каражат керек. Бизде Кыргызстанда уруктар үч жыл сынактан өтөт. Мисалы, жүгөрүнүн уругу Кыргызстанда да өндүрүлөт. Андан тышкары Казакстандан келет, Кытайдан келет, ошол уруктарга салыштырмалуу эки эсе гана кымбат болушу мүмкүн, бирок 5-6 тоннага чейин жогору түшүм берет.

    — “Пионерский” уругу сатыкка чыгып жатабы?

    — Күзүндө буюртма алып, жазында алып келип беребиз. Көп өлчөмдө болсо күзүндө деле сата беребиз. Бул урукка талап өтө жогору. Жаңы жылга чейинки акция боюнча бир кап уруктун баасы 155 доллар, ал 1 гектарга жетет. Кийинки келе турган уруктун эң жогорку баасы 169$ болушу мүмкүн. Урук келгенде гана баасын так айтса болот.

    — Союз мезгилинде жашылча-жемиштер даамдуу болчу…

    — Мурда адистер иштеген. Азыркы күндө андай болбой калды. Кимге жер тилкеси тийсе, ошол иш кылып жатат. Тез бышкандарды колдонбой, узак мөөнөттө быша турган түшүмдүүлүккө кызыгып жатышат. Алар бышып жетилбей калып жатат. Бышып жетилген өсүмдүк гана даам берет. “Вегетациялык период”- деп коёт, көп күндө өссө, көп убактысын чоңоюуга сарптап, даамсыз болуп калат. Азоттуу жер семирткичтерди көбүрөөк берип нитраттар көп болуп жатат. Сапаттуу нерсе дайыма кымбат турат. Урпактарыбызга жерибизди таза калтырганга аракет кылышыбыз керек. Дарыларды көп жегенибизден ар кандай аллергиялык оорулар көп кездешип жатат. Даамды кайтарганга толук мүмкүн. Туура пайдаланып, таза кармай турган болсо эле ордуна келет.

    — Азыгы даамдуу болуш үчүн кайсы жакка кайрылып, кандай кеңеш алса болот?

    — Азыр XXI кылым, интернет бар, байланыш телефондорубуз да бар. Жеке мага же коллегаларыма кайрылса болот, бизде консультация бекер. Өзүбүз да дыйкандар менен иштешип тушүндүрүү иштерин жүргүзөбүз. Жыйынтыгын да байкап анализ жүргүзүп турабыз. Андан тышкары Ош, Жалал-Абад, Баткенде да расмий кеңсебиз бар. Ал жерде 5 адам эмгектенет. Биздин компаниянын өзгөчөлүгү – жаңы, заманбап технологияларды колдонуу. Төрт жыл бою дыйкандарга кызмат көрсөтүп келебиз. Жыйынтыгын бергенден тышкары бай тажрыйба алды.

    — Кайсы малекеттердин тажрыйбасын колдонсок, даамдарды кайтарып келүүгө болот?

    -Бирөөнү кайталоонун кереги жок. Өзүбүздүн чөлкөмгө ылайыкташтырып технологияны колдонсок болот. Мудагыдай эле даам менен бирге көбүрөөк түшүм ала алабыз. Кыргызстанда жер анча кенен эмес. Анткени 94%ы тоо, калганы гана айдоо жерлери. Анын ичинде сугат жерлери жана сугарууга мүмкүн болбогон жерлер бар. Дыйкандардын эң негизги көйгөйү каражаттын тартыштыгы. Мамлекетибиз колдош керек деп ойлойм. Мамлекеттин каражаты жетпесе, инвесторлорду тартыш керек. Жерибизге аяр мамиле кылып, дыйканчылыкта жоопкерчиликтүү иш алып баруу керек. Ошондо гана өнүгүп-өсобуз.

    Алынган булагы: "Алма" журналы

  333. Кун карама эгели да  уй булобузду коопсуз таза май менен камсыздайлы!

    Күнкараманын илимий аталышы — Helianthus annuus — «күн» жана «гүл» деген грек сөздөрүнөн, «бир жылдык» деген маанини туюнткан латын сөзүнөн турат. Адатта, бул өсүмдүктүн бийиктиги 2 метрге жетет, бирок айрым түрлөрү андан эки эсе бийик болот. Өсүмдүктүн гүлү чымкый сары тилче-таажылар менен курчалган чоң себетче сымал. Гүл төшөгүнүн бети көптөгөн кара түтүкчө-топ гүл менен капталган. Курт-кумурска чаңдаштыргандан кийин түтүкчө-гүлдөрү даамдуу уруктарга айланат. Себетчелердин чоңдугу 5—50 сантиметрге жетип, көлөмүнө жараша, 100—8 000 урук өсүп чыгат.

    Күнкараманын түрлөрү ондоп саналат. Андан тышкары, улам дагы башка кооз сорттору чыгарылууда. Айыл чарба тармагында, негизинен, эки гана түрү эгилет. Май алынуучу бир жылдык күнкарама, негизинен, осумдук май алуу максатында өстүрүлөт. Ал эми түймөк тамырлуу күнкарама — көбүнчө топинамбур же жер алмуруту деген аталыш менен белгилүү — картошкага окшоп топурак астынан түшүм берет. Ал — жакшы тоют, ал эми тамырынан тамак-аш канты жана спирт алынат.

    Баалуулугу

    Бүгүнкү күндө күнкарама, биринчи кезекте, даамдуу май алыш үчүн эгилет. Майы ар кандай тамак-ашка, салаттарга кошулат жана маргарин даярдоодо колдонулат. Данынын азыктык баалуулугу жогору, анын курамы бир катар аш болумдуу заттардан жана 18—22 пайызы протеинден турат.

    Көптөр анын куурулуп, бир аз туздалып коюлган данын жакшы көрүшөт. Уну нан бышырууда жана кондитер өндүрүшүндө колдонулат. Майы суусамынга, эрин, кол, дене майларына жана балдарга арналган косметикалык каражаттарга кошулат. Андан мотор майлары да жасалат. Даны канаттууларга жана башка майда жандыктарга берилет.

    Күнкарама — балдуу да өсүмдүк. Бир гектардан 25—50 килограмм бал алууга болот. Анын сабактарында 43—48 пайыз целлюлоза бар. Даны жыйналгандан кийин, сабактарынан кагаз жана башка нерселер жасалат, калдыктары болсо силос жана жерсемирткич катары колдонулат.

    Күнкараманын мекени — Америка континенти. Аны Борбордук Америкадан азыркы Канаданын түштүгүнө чейин индейлер өстүргөн. 1510-жылы испан баскынчылары аны Атлантика аркылуу алып өтүп, тез эле бүтүндөй Батыш Европага таралып кетишине шарт түзгөн. Алгач аны кооздук үчүн гана өстүрүшсө, XVIII кылымдын ортосунда уругунун да абдан даамдуу экенин байкашкан. Ошол убактарда эле анын жалбырагы менен гүлүн демдеп, температураны төмөндөтүү үчүн колдонушчу.

    Кыргызстанда азык тулук коопсуздугун камсыз кылууда май осумдугун ондуруу колго алынбай келе жатат. Биздин олко осумдук май менен камсыз кылуу учун РФ ж.б олколордон сатып алынат.

    Кун караману остуруу анчалык деле татаал эмес.

    Себуунун нормасы 25 кг/га, эгуу схемасы 60х30х1

    Кочоттун тыгыздыгы  гектарына 40-60 мин даана,

    себуу терендиги 5-6 см.

    Осуп жетилуусу учун оптималдуу жылууулук 20-25 С, ошондуктан шарттуу сугат жерлерге, тоо этектериндеги айылдардагы айдоо жерлерге сепсе болот.

    Катар аралыгына бою бийик осконго чейин 2-3 жолу культивация жургузулот, отоо чопторун жоготуу учун 1-2 жолу кол чабык жургузулот. 

    Тушумдуулугу сугат жерден 1,5-2,5 т/га. Вегетациялык мезгили сортко жараша 70-130 кун.

    Май беруусу  40-50% га чейин.

    Сугаруу нормасы  1000-1200 м3/га.

    Ар бир уй було кун карама эгип остурсо  уй булосун жыл бою осумдук майы менен камсыз кыла алса, олкодо осумдук  май менен камсыз кылуу койгойу чечилет эле.

  334. Жогорку, биринчи сорттогу ун иммунитетти түшүрөт.
    Иммунолог менен маек

    Адамдын жылмайып жүрүүсү, убагында укташы, кыймыл-аракетте болуусу, туура тамактануусунун баары иммунитетти жогорулатат.
    Тибет медицинасынын доктору Анархан Надирова иммунитетти кандай жолдор менен көтөрүүгө болорун талкуулап, биологиялык активдүү кошулмалардын зыяндуулугун айтып берди.

    Тибет медицинасынын доктору Анархан Надирова
    — Иммунитетти илдетке туруштук бере алчудай кандай жолдор менен көтөрсө болот?

    — Иммунитет кандай бактерия, вирус болбосун ага туруштук берүүсү керек. Аны көтөрүүнүн жол-жобосунун баары эле адамдын колунан келет. Алгач кыймыл-аракетти көбөйтүү зарыл. Ар кандай көнүгүүлөрдү жасап туралбасаңар да жок дегенде бир күндө 5-6 миң кадам басуу керек. Экинчиден, туура тамактануу. Азыр көпчүлүгү эле жарым-жартылай даярдалган тамактар менен азыктанып жатышат. Аларда химиялык кошулмалар камтылган, иммунитетти түшүрүүчү глицинат натрий бар. Глицинат натрий тамактын даамын жакшыртып, адам аны жеген сайын жегиси келет. Мисалга, гамбургер, шаурма өңдүү тез даярдалуучу тамактарды жегиң келе бергени ошол. Муну менен катар рафинаддалган, жогорку, биринчи сорттогу ундар иммунитетти түшүрөт. Себеби аппараттан тазаланып отуруп, буудайдагы керектүү нерсенин баары кабыгы менен чыгып кетет. Ал эми кол тегирмендин унунан күндө тамак жасап жесе салмак да кошпойт, пайдасы да көп, В витаминин толугу менен алабыз. Ошондой эле кеч киргенде мелатонин организмден бөлүнүп чыга баштайт. Саат кечки 10до мелатонин организмде аябай көбөйөт. Ошол убакта сөз жок уктоо керек. Эртең менен жерге жарык киргенде туруу абзел. Мына ушундай режимди сактаса, иммунитет жогорулайт.

    — Антибиотиктердин иммунитетке таасири канчалык?

    — Азыр адамдар бир нерсе болсо эле дарыканадан өзүм билемдик менен антибиотик алып ичип жатышат. Ушул биздин иммунитетке терс таасир тийгизет. Бөйрөк ооруп, өпкө пневмонияга кабылып же цистит болсо, анда сөзсүз антибиотик керек. Бирок дарыгерге кайрылып, анын кеңеши менен гана колдонууга болот. Туура эмес антибиотик колдонуу иммунитетти түшүрөт.

    — Вируска каршы туруунун дагы кандай жолдору бар?
    — Вируска каршы туруу үчүн синтетикалык, химиялык заттардан алыс болуу керек. Бир күндө бир же бир жарым литр ысык суу ичип турган жакшы. Вирус жокто деле суу ичкиле деген сунуш беребиз. Бирок азыркы убакта сууну ысык-ысык ууртап, 200 грамм сууну бир жутуп жибербей, улам-улам аз-аздан ичүү зарыл. Таза аба да керек. Азыр карантин болуп үйдөн чыга албай калдык. Демек, үйдү тез-тез желдетип туруу абзел. Анан эң эле маанилүүсү — маанайды жакшыртуу. Себеби маанайыбыз жакшы кезде бизден эндорфин гормону иштелип чыгат. Ошол гормон түздөн-түз иммунитетти көтөрөт. Ал эми стресске батып эле жүрө берсек, бөйрөк бези кортизон гормонун иштеп чыгарат. Кортизон, тескерисинче, иммунитетти түшүрөт.
    — Өсүмдүктөрчү?
    — Өсүмдүктөр да иммунитетти көтөрөт. Сары чөп, женьшень, алоэ. Женьшендин өлчөмүн, пайдалануу убактысын билүү керек. Муну күн ысып кеткенден кийин колдонууга болбойт. Ал эми алоэни эзип, балга же үйдө даярдап жүргөн сиропторго кошуп колдонсо болот. Себеби ал кычкыл, ошол себептен таттуу кошулат. Бул өсүмдүк илимий жактан тастыкталган биостимулятор. Бир гана боюнда бар аялдарга жана өнөкөт цистит оорусу барларга болбойт.

    — Кайсы табигый тамактарды сунуштайт элеңиз?

    — Азыр ушу тапта күнөсканада өстүрүлгөн помидор, бадыраңдарды жеп жатабыз. Мисалы, помидордо эки ген болот, парникте өстүргөндөр анын бирин алып салат. Ошондуктан тегиз бышып, катуу болуп тура берет. Бул туура эмес. Андан тышкары, колго тамак жасап жеш керек. Жаңы чыккан картошканын эч кандай пайдасы жок. Былтыркы өнгөн картошканы кабыгын калыңыраак аарчып, ошондон тамак жасоо керек. Кыргыздар негизи этке аябай басым жасайбыз. Ушундай убакта эттен бир аз алысыраак болуу керек. Бир жумада эки жолу эт жесе болот. Андан тышкары, чечевица, буудай, нокотто эттеги витаминдер бар. Ошолорду көбүрөөк колдонсо жакшы.
    — Учурда ар кандай витаминдер жана биологиялык активдүү кошулмалар көп...
    — Организмге канчалык ашыкча витамин кирсе, ал ошончолук зыян. Витамин жетпегенге караганда, анын ашыкча болушу көбүрөөк зыян алып келет. Айрымдар вирустардан сактануу үчүн С витаминин ичүү керек экенин айтып жүрүшөт. Бирок анын иммунитетти көтөрүүгө анчалык пайдасы жок. Андан көрө магний, марганец өңдүү микроэлементтер жана В витамини пайдалуу. Аны табигый өсүмдүктөрдөн алуу керек. Кыргызстанда сырттан витамин алуу уят. Бизде витаминге бай өсүмдүктөр, тамак-аш жетиштүү.
    Ал эми биологиялык активдүү кошулмаларга (БАД) толугу менен каршымын. Ал азык түрүндө келип, эч кандай көзөмөлдөн өтпөйт. Тамак түрүндө көп колдонулуп, алгач эле боорго зыян.
    Ден соолукта болуңуз

  335. Быштак

    Быштактын курамынан витаминдин 12 түрүн, минералдык заттарды жана кальций, темир, фосфорду кезиктирүүгө болот. Быштактын ток алып жүрүү артыкчылыгы сүттүкүнө караганда баалуураак. Рецепт: 100 грамм быштак менен жаңы үзүлгөн 50 грамм карагатты же малинаны аралаштырып ага бир чай кашык бал кошуп жесеңиз болот. Эгер карагат же малина болбосо анда тамак-ашка кошчу аш-көктөрдөн майдалап туурап, балдын ордуна каймакка аралаштырып нандын бетине сүйкөп жеген топуктуу.


  336. Жумуртка

    Тооктун жумурткасынан А, Е, D жана В витамининен тышкары кальций, калий, магний, жез, темир жана фосфорду кезиктирүүгө болот. Жумуртканы белгилүү бир тартип боюнча үзгүлтүксүз жеп туруу организмдеги инфекциялар менен күрөшүп, иммунитетти көтөрөт жана стресстен арылтат. Рецепт: Алгач 2 жумуртканын агын жарым стакан сүткө аралаштырып, татымына жараша туз салып аралашма даярдап аласыз. Андан кийин төрт бурчтуу болуп тууралган бир помидорду бир аз кууруп, үстүнө аралашманы куюп жибересиз. Даяр болгон омлетти пайдалуу аш-көк менен кооздоп койсоңуз болот.

  337. Гречка

    Гречканын курамында фосфор, кальций, цинк, калий жана йод баш болгон пайдалуу микроэлементтер бар. Гречка организмди шлактардан тазалап, стресстен жана депрессиядан арылууга жардам берет. Рецепт: 1 стакан жуулган гречкага 2 стакан таза суу куюп түнгө калтырып коёсуз. Эртең менен суусун төгүп салып, керектүү өлчөмдө кефир куюп жей берсеңиз болот. Даяр болгон боткого туз, шекер жана башка кошулмаларды кошпой койгон пайдалуу.

  338. Кондитердик азыктар

    Кондитердик азыктарда углевод көп болгондуктан ал ачка турган карынга күч келтирет да, натыйжада ашказан акырындык менен ооруга кабылат. Адам бат тойгону менен көп өтпөй кайра ачка боло берет. Консерва жана ышталган азыктар

  339. Кофе

    Таң эрте иш баштагандардын көпчүлүгү иш күнүн бир чыны кофе ичүү менен баштайт. Бирок бул адаттан акырындык менен арылуу керек. Себеби кофе ичеги-карындын сырткы былжыр челин дүүлүктүрүп, гастритти пайда кылат. Колбаса менен бутерброд

  340. Дене табында

    Пияз өзгөчө балдардын дене табынын көтөрүлүшүнө жакшы жардам берет. Эгерде балаңыздын дене табы көтөрүлүп жаткан болсо, пиязды аарчып, шакекче кылып кесип аласыз. Аны алма уксусуна малып, ургулап туруп байпагына төшөп кийгизип койсоңуз, дене табы түшүп калат

  341. 1. Таттуулардан баш тарта албоо

    Таттууну жакшы көрүүчүлөр ашыкча салмакка гана ээ болбостон, улуу көрүнүп калышат. Шекердин молекулаларына белок кошулуп, жыйынтыгында адамдын жүзү чарчаңкы тартып, көзүнүн тегереги кара тартып, шишип, бетинин идеалдуу формасы жоголуп бырыш түшө баштайт. Жаш көрүнүүнү кааласаңыз, таттуудан баш тартыңыз.

  342. Курма

    Курма – жылуулукту сүйүүчү өсүмдүк. Ошондуктан, ал Евразиянын, Американын жана Австралиянын көп өлкөлөрүндө кеңири таралган. Кээ бир маалыматтарга ылайык, курманын бери дегенде эле 500дөн ашуун түрү бар деп айтылат. А биздин жерде болсо анын эки: ачыркантуучу кавказдык жана таттуу шоколад аттуу түрү кенен тараган. Бышып турган курма албетте, жумшак, ачык бышкан сары түстүү жана тунук болот. Тарыхта курманын мекени катары Кытайдын борбордук жана түндүк райондору айтылып жүрөт. Алар бул жемишти биздин заманга чейинки мезгилде эле өстүрүп жүрүшкөн болсо, курма Европага сегизинчи, ал эми биз тарапка он тогузунчу кылымда алынып келинген экен.

    1. Биз да быйыл огородко курма тиктик, онуп калды, жалбырагы кобойгондо суротун корсотом куда кааласа. Уй булом учун пайдалуу витаминдуу момо, эн негизгиси органикалык жол менен остуруп жатам.  

  343. Сарымсак

    Билесизби, бир эле тишче сарымсакта 400дөн ашык пайдалуу элементтер камтылган. Алар кандагы начар холесте риндердин көлөмүн азайтып, кан тамырларды тазалап, ракты пайда кылуучу клеткаларды өлтүрөт. Ич өткөктүн, кургак учуктун таякчаларын жана ашказандын жараатын пайда кылуучу хеликобактерди жок кылат. Сарымсакты мүмкүн болушунча чийки кезинде майдаланган түрдө колдонгонуңуз жакшы.

  344. Туура тамактанууда төмөндөгү эрежелерди сактоо зарыл!

    • Тез даярдалуучу тамактарды таптакыр алып салуу (фаст фуд);

    • Майлуу, куурулган, ышталган, таттуу жана туздуу тамакты азыраак талап кылуу;

    • Ундан жасалган тамак-аштын көлөмүн азайтуу;

    • Майсыздандырылган сүт азыктарын пайдалануу;

    • Күнүмдүк тамактанууда жашылча жемиштерди көбүрөөк кошуу;

    • Ар дайым тамак ичердин алдында 15 мүнөт мурун 1 же 2 стакан суу ичүү;

    • Күнүнө суу ичүү нормасы: 1,5-2 литр;

    • Зыяндуу жана таттуу тамактарды күндүзгү 12ге чейин жеш керек;

    • Күндө жеп жаткан тамактын катарына жер жемиштерди да кошуу;

    • Ден соолукка жана сулуу келбетке да зыяндуу чучук, фаст-фуд сыяктуу тамактардан баш тартуу;

    • Уктоодон  3-4 саат мурун тамак ичүү зарыл;

    • Жумасына 1 жолу жеӊил тамактар менен тамактануу (быштак, көк чай сыяктуу);

    • Тамакты суу ичип отуруп ичпеш керек. Тамак ичип бүткөндөн кийин 40 мүнөт ичинде суу ичпеӊиз;

    • Күнүнө 20 грамм май (көкүрөк, чач, тери үчүн) жеш керек. Эртеӊ менен ач карынга зыгыр майын ичкенге да болот;

    • Эртеӊ мененки тамакты ичүү өтө зарыл;

    • Нан азыктарын жана таттуу тамактарды жегенди азайтып же болбосо таптакыр жебей койгон жакшы.

  345. Тамак-аштын жетишсиздиги организмди басаӊдатат

    Жаӊы жана ар кандай пайдалуу азыктар ден соолукту сактоонун милдеттүү шарттарынын бири. Туура уюшулган тамактануу дененин жана акыл-эстин нормалдуу өсүшүндө зор мааниге ээ. Тамак-аштын жетишсиздиги өнүгүүнү жана өсүүнү кечиктирет, организмдин ар кандай ооруларга каршылык көрсөтүүсүн төмөндөтөт. Өтө көп болушу болушу - зат алмашуу процессин, ашказанды бузат. Тамактар ар түрдүү болгону жакшы. Бир түрдүү тамактануу табитти начарлатат. Белоктуу жана углеводдуу тамакты айкаштыруу көпкө чейин ток сезимди жаратат. Куурулган тамак карында көпкө кармалат да, карындын иштөөсүн оордотот.

    Канттын көп болушу диабет оорусуна чалдыктырат. Тамак-ашта өсүмдүк майын колдонсо жеӊил болот. Малдын майларынын көп болушунан зат алмашуу, тамак сиӊирүү бузулуп адамдын салмагы көбөйөт. Тамактануу учурунда ченеми менен тамактануу керек. Анткени ашыкча тоюу ден соолукка зыян.

    Колдон келишинче, буурчак, сүт, жумуртка, жер жаӊгак, балык жана эт сыяктуу организмдин өсүшүнө жардам берүүчү азыктарды ар күнү колдонуп туруу зарыл.

  346. «Тамакты кайнатуу же бууда бышыруу өтө  пайдалуу»

    - Жүрөк кан тамыр ооруларына чалдыкпоодо тамактануунун эки эрежесин так сактоо зарыл:

    - көп түрдүү тамактануу;

    - пайдасыз, жүрөккө зыян келтирүүчү жана холестерин бляшкаларын пайда кылуучу заттарды колдонбоо.

    Туура тамактануунун биринчи максаты - кан тамырларынын чоюлчаактыгын жана жылмакайлыгын жакшыртуу. Тамак-аштын курамында сөзсүз түрдө эт, балык, ботколор, сүт азыктары, жашылча мөмө-жемиштер болуусу керек. Оорулууга байытылбаган кислоталар жана калийге бай азык заттар сунушталат:

    - мөмө-жемиштер, бадыраӊ, помидор, кызылча, алма, алмурут, карагат, курма, өрүк как, малина, апельсин, мандарин;

    - сүт азыктары;

    - гречка, буудай акшагынан жана арпа акшагынан даярдалган ботколор;

    - курамында магний көп азыктар: петрушка, салат, буурчак ашкабак, дарбыз.

    Тамакта малдын майына караганда өсүмдүк майына басым жасоо керек. Балык азыктарын көп колдонуу ден соолукка өтө пайдалуу. Тамак-ашты бышырууда кайнатуу, буу менен же болбосо дымдап бышыруу талапка ылайык

  347. Кайың


    Бийиктиги 20 м. чейин жеткен дарак өсүмдүгү. Кочкул ак-саргыл түстө. Кыргызстанда кайыңдын 8 түрү өсөт. Жапайы өскөн кайыңдар көлөкөлүү капчыгайлардын суу жээктеринде, тоолордун тескей беттеринде, колотторунда, жазы жана ийне жалбырактуу токойлордун четтеринде кездешет. Кайыңдын бүчүрүнүн тундурмасын кулак, бөйрөк, табарсык, боор, өт, ич, ооруларына жана учукка каршы колдонушкан. Кызыл жүгүрүк менен ооругандарды - кайыңдын жалбырагынан жана кабыгынан аралаштырып кайнатылган тундурмасына жаткырышкан. Бул ыкманы бир нече ирет кайталоо өзүнүн оң натыйжасын берген.

    Колдонулуучу бөлүктөрү: жалбырагы, кабыгы, ширеси.

    Чогултуу
    Жаш жалбырактары май, июнда жыйналып, кургатылат. Ширеси жазда алынат. Дарактын сөңгөгүн 5-6 сантиметр тереңдикте тешип, ага түтүкчө орнотушат. Аккан шире атайын идишке чогултулат. Шире жыйноонун дагы бир ыкмасы, кайыңдын кабыгын сыйрып, ал жерге идиш орнотуп коюшат. Жай аккан шире идишке жыйнала берет. Кайыңдын кабыгынан кара май (берёзовый дёготь) алынат.

    Курамындагы керектүү заттар
    Кайыңдын жалбырагында эфир майы, С витамини, сапонин (органикалык кошулма) жана башкалар бар.

    Ширесинин курамы кант, органикалык кислоталар, белок жана башкалардан турат. Кабыгында кайың камфорасы, фитостерин, эфир майы, чайыр жана башкалар бар.

    Дарылык касиети жана колдонулушу

    • Жалбырагынан даярдалган чай организмден сууну чыгаруучу мыкты каражат. Андыктан бөйрөк ооруларында, анын ичинде бөйрөктүн таш оорусунда колдонулат. Чайдын даярдалуу рецеби: кургатылган жалбырактан 1 чай кашык алып, үстүнө 120 грамм кайнак суу куюу керек. 10 мүнөт демдеген соң жылуу кезинде ичилет. Мындай чайды бир күндө 3 маал ичүү сунушталат. Мындан ташкары кайыңдын жалбырагы организмде зат алмашуу бузулганда, кызыл жүгүрүктө пайдаланылат.
    • Кара май тери ооруларында, анын ичинде чакалайда сүйкөлөт.
    • Кайыңдын ширеси ашказанды тазалайт. Бул үчүн күнүгө 4-5 стакандан ичүү кажет.
    • Ширени чач үчүн лосьон катары колдонсо да болот. Ал чачтын түшүшүн токтотуп, какачтын алдын алат.
    • Кабыгын кайнатып алып кызамык чыккан баланы киринтсе, оорусу тез кайтат.
    • Куяң, кызыл жүгүрүктө кайыңдын жалбырагын кайнатып, күн сайын жатарда буулануу кажет. 10 күн кайталап, 6 күн эс алып, анан дарыланууну улантуу зарыл. Дарылануу курсу 30 күн

    https://kmb3.kloop.asia/2015/01/16/kyrgyz-eli-koldongon-darylar/


  348. Кийик от

    Бийиктиги 40 см. жеткен көп жылдык, жагымдуу, кескин жыты бар чөп өсүмдүгү. Гүлдөрү ачык көгүш, кызгылт түстө. Тоо этектеринде, шалбаалуу беттерде, карагайлуу токойлордо, арчалардын арасында өсөт. Аны эл арасында деп аташкан. Кайнатылган тундурмасын заараны айдап чыгарууда, ашказандын, ичегинин иштешин калыбына келтирүүдө, жүрөк, дем алуу, аш казан, учук (көкүрөк) ооруларын дарылоодо чай катары ичишкен, ошондой эле, адам эстен танганда жыттата турган дары катары колдонуп келишкен. Өзгөчө дем кыстыкканда, он эки эли ичегинин, аш казандын жараттарын дарылоодо, тамактын өнөкөт орууларын дарылоодо колдонушкан. Бул чөптүн кайнатмасын бышкан сүткө кошуп ичишкен. Ал эми уй туугандан кийин тура албай калганда (родильный парез) кийик оттун чайын ичиришкен.



  349.                                                                                   

    Козу кулак

    Бийиктиги 40 см. жеткен көп жылдык, жагымдуу, кескин жыты бар чөп өсүмдүгү. Гүлдөрү ачык көгүш, кызгылт түстө. Тоо этектеринде, шалбаалуу беттерде, карагайлуу токойлордо, арчалардын арасында өсөт. Аны эл арасында деп аташкан. Кайнатылган тундурмасын заараны айдап чыгарууда, ашказандын, ичегинин иштешин калыбына келтирүүдө, жүрөк, дем алуу, аш казан, учук (көкүрөк) ооруларын дарылоодо чай катары ичишкен, ошондой эле, адам эстен танганда жыттата турган дары катары колдонуп келишкен. Өзгөчө дем кыстыкканда, он эки эли ичегинин, аш казандын жараттарын дарылоодо, тамактын өнөкөт орууларын дарылоодо колдонушкан. Бул чөптүн кайнатмасын бышкан сүткө кошуп ичишкен. Ал эми уй туугандан кийин тура албай калганда (родильный парез) кийик оттун чайын ичиришкен.

  350. Чеснок менен сүттүн кайнатмасы — астма, импотенция, сарык баштаган бир нече ооруга даары

    : Көптөгөн жашылча-жемиштердин да бир топ дарычылыгы бар. Төмөндө адамдын жалпы саламаттыгына эң керектүү дары суусундугунун рецеби. Бул суусундук жылуу сүт менен чесноктун майдасынан жасалган.

    Даярдоого керектүү азыктар: 500 миллилитр сүт, чесноктун арчылып майдаланган он бөлүгү, 250 миллилитр суу.

    Даярдоо ыкмасы:

    Мискейди алып ага сүттү куюп, анан чеснокту кошуп, отко коёсуз. Аралашма кайнагыча күтө туруңуз. Аралаштырганды токтотпой туруп, отту азайтыңыз. Жарымына чейин бууланмайынча аралаштыра бересиз. Аралашмага шекер кошуңуз жана муну ысык бойдон ичсе жакшы.

    Пайдалуулугу:

    Астма — эгер күнүнө үч тишче (зубчик) чеснокту ар күнү уктаар маалда жесеңиз, астманын симптомдору жеңилдейт

    Пневмония — чеснок кошулган сүттү күнүнө үч ирет ичсеңиз, пневмониядан айыгып кетесиз.

    Жүрөк ооруларына — бул суусундук холестеринди азайтат, тромбдун пайда болушунун алдына алат, муну менен жүрөк-кан тамырдын иштешин жакшыртат. Эгер, сиз сүт менен чесноктун аралашмасын даярдасаңыз, анда майы аз сүттөн жасасаңыз жүрөк ооруларына жакшы.

    Сарык — чеснок организмдеги жаман токсиндерди айдап чыгат. Анткени, чеснок боордогу ферменттерди активдештирет.Бул ингредиенттер боордун май дистрофинине укмуш эффект берет. Ал өзүнө иллицин менне селендин чоң запасын алып жүрөт. Эгер, сиз бул аралашманы 4-5 күн колдонсоңуз, сарыктан толук айыгасыз.

    Артрит — сүт менен чеснокту күнүнө колдонсоңуз, артриттин симптомдорун жана ооруну азайтасыз.

    Уйкусуздук— аралашма тынч уктоону камсыздайт, анткени чеснокто нервди тынчтандырган бирикме бар.

    Жөтөл— бул аралашма куркума менен кошулганда дайымкы жөтөлгө жакшы. Чеснокто бактерияга каршы укмуштуудай эффект бар. Бул жөтөлгө жардам. Булардын үстүнө балды кошсоңуз андан бетер жакшы.

    Өпкө туберкулезу — бул аралашма көкүрөк клеткаларынын оорусун айыктырууга пайдалануу. Чесноктогу сера компоненттери бул ооруга каршы пайдалуу. 240 миллилитр сүткө жана бир литр сууга 1 грамм чеснок кошуп жасайсыз. Бул аралашманы 1 күндө 3 жолу ичесиз.

    Холестерин — эгер сиз жылуу сүт менен чеснокту 1 жума ичсеңиз, жаман холестеринден (ЛПНП) арылып, липопротеинди (HDL) организмде көбөйтө аласыз.

    Тамак сиңирүү системасы — чеснок андан тышкары иммунитетти жакшыртып, тамак сиңирүүчү системаны жөнгө салат.
    Мындан тышкары чеснок импотенцияга да пайдалуу.
    Эркектер менен аялдарды тукумсуздуктан арылтат

    ИНТЕРНЕТ БУЛАКТАРЫНАН АЛЫНДЫ

    Нет описания фото.

  351. КААКЫМ- КУКУМ ( МАМАКАЙМАК).

    Жаш жалбырагын таза жууп, майда кесип, салатка, тамакка кошуп жесе, жалбырагын кургатып чайдай демдеп бир күндө үч жолу 50 гр тамакка чейин ичсе : ашказан, бөйрөк, унутчаактыкка, нерв ооруларынын айыгышына жакшы жардам берет. Гулуну үзүп таза жууп, айнек банкага 2 эли салып, үстүнө шекер сээп, утуру катмарды улантып, банка толгондо капкакты жаап, караңгы жерге 1 ай коюп коёт, ширеси чыккандан кийин, күнүнө 3 маал тамакка чейин 100 гр дан 1 ай ичет. Таасир бериши аябай жакшы, арзан. Гулуну таза жууп эмал идишке салып, үстүнө жабаар жаппас сууну куюп жай отко 30'' кайнатат. Гулунон даярдалгандар боор ооруларга жакшы, иммунитетти да жакшы көтөрөт. Аппетитти жогорулатканга, өт айдаганга, уйку безге төмөнкүдөй рецептте пайдаланса жакшы болот. Тамырын ( жалбырагын да кургатып алса болот) казып алып, жууп, кургатып алат. Кургатылган жалбырагынан жана кургатылып майдаланган тамырдан бириктирип бир чоң кашык алып 200 гр кайнак сууга демдеп коюп, эртең менентен кечке чейин ар бир эки саатта 1 ст л, тамакка чейин 20 күн ичет. 10 күн эс алып дагы кайталайт 3 жолу. Дагы бир эң мыкты дарылык касиети : кургатылган ( майдаланган) тамырынан 1 ст л алып 200 гр кайнак сууга демдеп, ар бир 2 саатта 1 ст л ичсе онкологиялык оорулардын айыгышына жардам берет.Кышкыга банкаларды стерилдеп жаап алса болот, жыл бою иче бересиңер.

    Окугула, пайдалангыла.

    Ташбү Жамиловна.

    1. Мыктыбек жакшы маалыматтарын учун рахмат. мен да каакымдын пайдалуулугун угуп журчумун, жыл сайын эле убакытты откоруп жиберем. Быйыл 3-апрель куну  400 гр айнек банкага 250 гр аракты куюп 42 даана каакымдын гулун узуп алып салып карангы жерге коюп койдум. Буйруса 40 кундон кийин даяр болуп калат. Каакымдын тамырын казып алып колдонушту сен берген маалыматтан окуганда билдим. Муну да жасап коруш керек экен.


      1. Сизге алкыш ден соолукта болунуз

  352. Күрүчтүн курамындагы баалуу элементтер:

    Күрүч татаал углеводдорго бай. Ал биздин булчуң ткандарына энергияны тынымсыз агылып турушун шарттайт. Күрүчтүн курамындагы углевод 78 %га чейин жетет.

    Күрүч А, С жана В тобунун витаминдерин өзүнө камтыйт. В тобунун витаминдери нерв системасын бекемдейт. Ошондой эле алар организмдеги азыктандыруучу заттардын энергияга айлануу процессинде негизги ролду ойнойт. Чачтын, тырмактын абалы да бул витаминдерден көз каранды эмеспи.

    Күрүчтүн 7-8 %ын белок түзөт. 100 грамм күрүчтө 4,1 грам белок болот. Башка дан өсүмдүктөрүнөн айырмаланып, күрүчтүн данында айрым адамдарда аллергияны чакыруучу глютен аттуу белок жок.

    Күрүчтө туз дээрлик жок. Ал калийге бай. Бул минерал организме башка азык заттар аркылуу келип, түшкөн туздун деңгээлин нейтралдаштырып турат. Ошондой эле күрүчтө фосфордун, цинктин, темирдин, кальцийдин жана йоддун көп өлчөмү камтылган.

    Күрүчтө клетчатка көп деле эмес 3-4 %. Ал эми организмдин клетчаткага болгон муктаждыгын жашылчалар менен толтуруп алууга болот.

  353. Күрүч

    Бул азыкты көпчүлүк учурда коюу тамактарда пайдаланаарын баарыбыз эле билебиз. Бирок, аны куурулган азыктар менен аралаштырып жегенден көрө, бир аз өсүмдүк майын, мала туз кошуп сууга эле бышыруу ден-соолукка эбегейсиз пайдалуу. Күрүчтүн адамдын организминде сиңимдүүлүгү да мыкты, ал крахмалга, белокко бай, ар кандай витаминдер, минералдык заттар көп.

  354. Саламатсыздарбы! Жаз жрыш куз курош дегендей, жер айдап таза органикалык картошка эгип жаткан учурубуз. Картошка - ар бир үйдүн ашканасында кездешүүчү жашылча - жемиш. Картошкадан миңдеген тамактын түрлөрүн даярдоого болот. Ошону менен бирге, картошканын үй шартында дарыланууга да пайдасы зор.

    Күйүк. Картошканы тазалап, сүргүчтөн өткөрүңүз. Аны 4-5 жолу оролгон марлиге салып чыгыңыз. Марлини күйүккө коюп, үстүнөн жакшылап байлап чыгыңыз. 2 сааттан кийин алып таштап, башка жаңысына алмаштырыңыз. Эгер кайнап жаткан суу же май тамчыларына күйүп калсаңыз же болбосо колуңузду ысык идишке басып алсаңыз, ооруп турган жерге тез арада картошканы тазалап, экиге бөлүп басыңыз. Ар бир 2-3 мүнөт сайын алмаштырып, жаңы картошка бөлүтөрүн басуу керек.






  355. Саламатсыздарбы платформанын мучолору!

    Эл арасында таркаган вирустан жакшы сактанып, сак саламат журосунорбу?

    Мен бугун силер менен болушойун деген жанылыгым бул:

    Япониянын Жайка долбоору боюнча "Бир айыл бир продукт" долбооруна катышып Аксы аймагында ондурулгон  тамак-аштарды коопсуз ондуруп, кутулап башка региондорго тааныталы деп жатабыз.







  356. Аксынын негизги эле киреше бере турган эгини - кайналы.

    Жаз келип кайналы бактарын бутап, бактын алдын актоо-тазалоо боюнча 27-март куну багыттуу топ арасында практикалык окуу откордум. Бул иш чарага 15 адам катышты.  Деги эле Аксыда чаап тазалоо иштери активдуу журуп жаткан убак.

    1. Абсамат, эрте жазда, осумдук калдыктарынан бакты тазалоо иштери абдан туура чара, анткени осумдук калдыктарында зыянкеч илдеттердин жумуртка, споралары кыштап, жагымдуу жылуулукта сыртка чыга башташат. Кыштан чыккан калдыктарды чиритип компостоп кайрадан жерге азык катары бергениниз органикалык чарбада топурактын курдуулугун которот, илдет, зыянкечтен бактын жабырлануусун азайтат. Тумушго береке.

  357. Бир литр сүттөн бир литр каймак жасоонун рецеби менен бөлүшөбүз.

    Кадимки эле сүттөн, каймак жасоо кыйынга турбайт. Бир гана аны жасоодо, туура жолду тандоо керек.

    Керектүү азыктар

    1 литр сүт

    3 аш кашык каймак керектелет

    Даярдоо жолу

    Каймакты даярдоо үчүн дукөндө сатылган 3,5-4,5 пайыздык сүт керектелет. Алгач мискейге суу куюп кайнатып, үстүнө дагы бир мискейге сүттү куюп кайнаганча кармап турасыз. Сүт бир сыйра кайнап чыккандан кийин, аны суутуп аласыз. Суутканда бөлмө температурасындай болуш керек.

    Эми кадимки эле жанагы үч кашык каймакты бөлмө температурасында болгон сүткө саласыз. Каймакты салган соң, жакшылап аралаштыруу керек. Кийин жылуу кебез менен ороп кырк мүнөт, жылуу жерге үстүн коюп коёсуз. Кырк мүнөттөн кийин ачканда, сүттүн кантип каймакка айланганын озүңүз дагы билбей каласыз.

  358. Жаштыктын деми жашылча-жемиштер менен мөмө-чөмөлөрдө...

    Өзбектер чайканаларда чайды аз-аздан куюп, суутуп алып ичишет. Ал эми мурутуңа муз тоңдурган карандай суук делген Сибирде жашагандар чайды жайык тарелка өңдөнгөн атайын идиштерге куюп, суутуп ичкен салты бар экен. Ошондуктан, чайга сүт же каймак куюп ысыгын кетирип, тамакты болсо бир аз суугандан кийин ичүү да тамактануу эрежелерине кирет. Куурулган тамактар боорго күч келтиргендиктен, көп учурда сууга бышырылган азыктар денсоолукка пайдалуу. Куурулган этти өзгөчө жатарда жебеш керек. Бир аптада төрт гана жолу эт жеген туура. Тузду да ашыкча пайдаланууга болбойт. Мисалы, чоң кишинин күнүмдүк керектөөсүнө 6 грамм эле туз жетиштүү.

  359. Дүйшөмбү күнү тамактын курамында жалаң сүт, айран сыяктуу азыктар болгону дурус. Шейшембиде эт аралаш тамак жеген туура. Тамактын курамында 100-150 грамм эт болгону жетиштүү. Шаршембиде жер-жемиш жеген пайдалуу. Картошка, сабиз, чамгыр, кызылча, капуста, болгар калемпири жана башка ар түрдүү жашылчалар микроэлементтерге жана витаминдерге өтө бай. Жайында жана күзүндө жемиштин түрлөрүн болушунча жеп-жеп алыш керек. Бейшембиде, колдон келсе, балык жеген жакшы. Калган күндөрү адам өзү каалагандай тамактанса болот.

    Биздин эл колдо бар тамагын ичип-жеп, ошого эле кайыл болуп көнгөн. Бирок, ошол тамак-ашты да түрлөп, мүнөздөп ичсе болорун элес албайт. Албетте, азыр жакыр турмуштун айынан алыскы айылдарда жалаң нан менен, карандай чай менен отурган үйбүлөлөр да бар. Бирок, “алма быш, оозума түш” деп жамбаштап жата бербей, ээн жаткан бакчага ар кандай мөмө-чөмө өстүрүп, же болбосо картөшкө, капуста, буурчак сыяктуу жашылчаларды эгип, терген түшүмүн пайдаланып, организмдин күнүмдүк рационун толтурууга неге болбосун? Дегинкиси, дүйнөнүн эч бир жеринде идеалдуу тамактануу дал ушундай болот деген так эреже иштелип чыккан эмес. Себеби, Жер бетинде канча улут болсо, ошончо түрлүү тамак бар. Демек, ар бир улут өзүнө жаккан даамды ичип-жегени ийги.

  360. Кечки тамактан кийин дароо жатууга камдануу туурабы?

    Адам канчалык көп иштесе, ошончолук тамактанышы керек деген принцип бар. Бул принципти айылда жашагандар көбүрөөк пайдаланса болот. Шаардыктар көп учурда аз кыймыл-аракет жасагандыктан, көпчүлүгү жаш кезде эле толуп кетишет.

    Дүйнөдөгү бардык диетологдор кечки саат алтыдан кийин желген тамак өтө зыяндуу деп жүрүшөт. Ал эми биздин ата-бабаларыбыз тамактын күчтүүсүн кечинде жеп-ичишкен эмеспи. Америкада болсо калктын 47 пайызы кечкисин кубаттуу тамак-аш ичишет. Бул – туура эмес. Кечки тамакты иче салып эле жатууга кам урган жарабайт, жатардагы оокат уйкуга эки саат калганда ичилгени оң, эң акыркы тамакты кечки саат сегизде ичүү абзел. Ал эми туура тамактангысы келгендер төмөнкү эрежени эске ала жүргөнү оң. Күнүмдүк рациондун 25 пайызын эртең мененки тамак, 45 пайызын түшкү тамак, калган 35 пайызын кечки тамак түзгөнү эң пайдалуу. Бул – тамактануунун экинчи принциби. Үчүнчү принципке тамакты аздан жеп жана түрлөп ичсе жакшы сиңет деген эреже ылайык. Тамакты майдалап чайнап жесе ашказанга сиңимдүү болот. Бул ыкма – ашказан ооруларынын алдын алуучу, адамды толуп кетүүдөн сактоочу бирден-бир курал. Качан тамакты шашып-бушуп майдалабай жегенде, табити тартпай турса да, жөн эле курсак тойгузуу үчүн ичкенде, тамак сиңирүү органдарына күч келип, ошондон улам ар кандай жара оорулары пайда болушу мүмкүн. Кийинки принцип тамак-аштын температурасына байланыштуу. Көп учурда айылдагы жеңелерибиз, апаларыбыз самоорду шарактата кайнатып, ысык чайдан ырахаттана уурттаганды жакшы көрүшөт. Бирок, алдыга келген биринчи тамакты же сунулган чайды 65-75 градустан жогорку температурада ичкенибизде кызыл өңгөчтө, ашказанда ар кандай даражадагы күйүктөр пайда болуп, бул кийин ушул органдарды шишик ооруларына чалдыктырышы мүмкүн.

  361. Өрүк курут

    Курут кыргыздын улуттук даамдарынын бири катары белгилүү. Ал эми Баткен жергесинде курутту өзгөчө сыйлуу тамак катары аздектеп келишет. Эгер дасторконго эзилген курут берилсе, анда келген мейман өтө сыйлуу. Адатта, куруттун өрүк курут, туздуу курут деген эки түрү жасалат. Өрүк курут өрүк бышкан маалда даярдалат.

    Керектелүүчү азыктар:

    Айран,
    жакшы бышкан өрүк,
    сары май

    Даярдоо ыкмасы:

    1. Уютулган айранды мата баштыкка куюп, илип коюу шарт.
    2. Жакшы бышкан өрүктү эт туурагычтан өткөрүп алыңыз.
    3. Айран суусунан арылып, сүзмөгө айланганда аны казанга саласыз.
    4. Сүзмөнүн өлчөмү канча болсо, ошондой өлчөмдө эзилген өрүктү кошуп, жай отто 1 саат чамасында кайнатуу керек. Кайнатуу учурунда тез-тез аралаштырып турууну унутпаңыз.
    5. Сүзмө муздаганда алаканга салып тоголотуп же мыкчып формага келтириңиз.
    6. Формага келтирилген куруттар эми кургатылат.
    7. Даяр болгон куруттарды кышкысын, мейман келген учурда же орозо маалында талкалап майдалап казанга салып, бир аз суу куюп, эзилгенче кайнатып алуу керек.
    8. Эзилген курутка сары май катыкталып, сый тамак катары берилет.

    Эскертүү:

    Учурда айрымдар эзилген өрүктү бууга кармалган банкаларга куюп жаап, кышка сакташат.
    Мунун жакшы жери, керек маалда банкаларды ачып, эзилген курутка аралаштыра салып кайнатып ичүүгө ыңгайлуу.
    Туздуу курут деле жогорудагы ыкма менен даярдалып, өрүктүн ордуна туз кошулуп даярдалат.
    Куруттун бардык түрүнө табитиңизге жараша кант же набат кошуп ичсеңиз да болот.

  362. Көчө аш

    Улуттук тамак-аштардан

    Кыргыздардагы көчө аш жеңил жана пайдалуу тамак-аш болгон. Буудайдан даярдалган.

    Даярдалышы:

    Буудайды жылуу сууга нымдайт. Ал көөп чыгып жумшак болуп калат. Мындан соң аны күнгө кургатыш керек. Кургаган буудайды соку менен майдалайт. Кабыктарынан тазалап, болжол менен эки саат кайнатат. Даяр көчө ашы коюу болушу керек. Ал берилердин алдында айран кошулат.

  363. Жупка гүлазыгы


    Курамдык бөлүктөрү:
    Ун 1кг.
    Туз ченеми менен 
    Сары май 50г.

    Тапталган жука калама жупка жолдо ыңгайлуу. Кургак жана калдырак келип, алар көпкө чейин бузулбайт, өзүнүн азыктуулук сапаттарын жоготпой сакталат, андыктан көчмөндөр менен жоокерлер жолго чыкканында азык катары дайым жупканы алышкан. Жупка оңой даярдалат. Жолоочу жупканы майдалап бөлүп, айранга, сүткө, чайга эзип, курсагын тойгузган. Эгер кырдаал-шарт эч кандай мүмкүнчүлүк бербесе, аларды кадимки сууга эзип жешкен. Азыр да апалар жупканы өздөрүнүн балдарына жасап беришет:аларга жупканы ысык сүткө чылап,бир аз сары май кошуп беришет. Балдар бул даамдуу тамакты канааттануу менен жешет.


    Даярдалышы:
    Камырды катуу жуурушат да, бир азга тыныктырып коюшат.Андан соң анча чоң эмес бөлүктөргө бөлүп, тоголоктошот да үбөлүк менен жупжука калама кылып жайышат. Катуу кызытылган казанга оодарыштыруу менен эки тарабынан тең бышырышат.

    Биздин ата-бабалар убакытты үнөмдөө максатында жупканы төмөндөгүдөй кылып бышырышкан. Каламалар бири бирине жабышпасын үчүн араларына бир аз ун сээп дөмпөгөй идиштин үстүнө коюштурушкан. Андан соң казанды кызытып, түбүнө биринчи каламаны коюшкан, даяр болгонунда үстүнө экинчисин коюп, биринчи калама үстүнө келгендей кылып оодарышкан. Анын үстүнө-үчүнчүсүн , даяр болгонунда экинчи калама үстүнө келгендей кылып оодарышкан ж.д.у.с. Калама катмары жети-сегиз даанага дейре жеткирилген.

  364. Түрптүн пайдасын канчалык билесиз?

    Түрптүн курамында кишинин организмине керектүү элементтердин топтому бар. Башка жашылчаларга салыштырмалуу мында минералдык туздар, йод, кальций, темир, калий жана фосфор көп. Бул элементтер кан басымды түшүрүп, жүрөк булчуӊдарын бекемдейт, кандагы канттын өлчөмүн нормалдаштырат.

    Курамындагы фитоциддер мээни кычкылтек менен камсыздоого жардам берсе, каротин көздүн көрүүсүн жакшыртат.

    Дарыгерлер түрптү жеӊил антибиотик катары баалашып, сасык тумоодо, бронхит, пневмонияда менюга кошууну сунушташат.

    Курамында эфир майы болгондуктан шилекейди көбүрөөк бөлүп чыгарып, тамактын бат сиӊишине өбөлгө болот, табитти ачат.

    Заара кубалоочу касиетке ээ болгондуктан дарыгерлер боорду тазалоодо жана өнөкөт гепатитте түрптөн жасалган салаттарды сунушташат.

    Түрптүн 88 пайызы суудан тургандыктан калориясы аз. Андыктан арыктайм деп максат кылгандар түрп менен достошкону туура болот.

    Түрптүн курамында С, РР, В, В6, В2 витаминдери бар.

  365. Олобо же жөн сөз менен айтканда "сүттүү өпкө" — сүт, татымал, туз жана май аралашмасын 2-3 күн мурун кустуруп тазалаган өпкөгө куюп бышырылган бул тамакты даамдуулугу менен айырмаланат. Ингредиенттердин таң каларлык айкашы кээде туристтердин үрөйүн учурат.

    Дагы: https://sputnik.kg/Kyrgyzstan/20151223/1021126254.html

  366. Чүлү — курут менен өрүктөн жасалган варенье. Аны даярдоо узак убакытты алып, негизинен Баткен облусунда гана кездешет. Бөтөнчө вареньенин пайдалуу касиеттери жөнүндө жергиликтүү тургундар уламыштарды жаратып, бирок бардык эле туристтер анын даамын татканга батынбайт. 


  367. Саламатсыздарбы урматтуу платформанын катышуучулары. "Жаз-жарыш, күз-күрөш"-демекчи жаз келип баарыбыз жарышып талаада, огородто эгиндерибизди эгип, карап, тазалап иш менен алек болуп жатабыз. Мен да микро долбоордун алкагында органикалык чарбамды шашып баштагандыктан өз убактысында пост жаза албай калдым(бир чети ноутбук да бузулуп калды(tongue)).

    Эрте жазда малинаны жана клубниканы тазалап органикалык азыктарды салдым. Алар биогумус жана компосттун аралашмасы. Андан соң үстүнө күл себип чыктым.

    Азыктарды салып болгон соң тамчылатып сугаруу системасы коюлду.

    Бир процедураны аткарганы жетишпей калдым. Бордо суюктугун чачканы жетишпей калдым. Ингредиенттерин сатып алганы шаар жабылып калды.

    Ошондой эле картошканы да органикалык ыкма менен эктик. Бул процессти жогорку деңгээлдеги агроном өзү кылдаттык менен текшерип турду(big grin)

    Жогорудагы жумуштардын баары март ай ичи аткарылды.

    Ал эми төмөндөгү бүгүнкү күнгө карата абалы.


    1. Азаматсын Залкар, органикалык жол менен остурулгон жер-жемиштер курамында коптогон витаминдерди. микроэлементтерди камтыйт, жегенде ден соолукту чындайт. Тушумунорго береке, уй булонорго бекем ден соолук болсун!

      Кийинки пост жазганында чакан долбоорду аткарууда ийгиликтерди да белгилей кетсен абдан сонун болот! Ийгилик.

    2. Залкар жасаган иштеринди, талаадагы кочотторун коз кубантып айтып атат. Колдон келишинче кайсыл кочотторго, вегетация маалына карата кандай азыктар талап кылынат, агрономдордун жардамы менен мол тушум алууга аракеттене бер. Кузун берсин. тилекке каршы базар жабык, колдо бар каражаттар менен аракеттенууго туура келет, бактыбызга айланабызда дары-дармек чоптор бар, осумдуктордун илдеттери менен зыянкечтерине каршы колдонсок болот. Азаматсын!!!

    3. Залкардын жургузгон чарбасындагы осуп жаткан жер-жемиштерди коруп козун кубанат. Тушумуно береке, уй булонордо жакшылыктар болсун! Бойтондотуп баланы жанына алып журуп иштерди жасаганда бала чонойгондо эпчил, ар кандай иштерде тын болот. Сенден уйроно турган нерселер коп экен. Азаматсын!

  368. 2020-жылдын 6 апрелинен тартып Шайдан айыл өкмөтүнүн Алма, Жон-Арык, Жаңы-Арык, Эски-Масы, Тоскоол айылдарынан 20 аялдан турган 4 группага "Туура тамактануу жана органикалык чарбачылык" темасы боюнча онлайн сабактар өтүлө баштады. Онлайн өткөнүн себеби акыркы кырдаалга байланыштуу. Буйруса кийин практикалык сабактар да өтүлөт. Бирок онлайн сабактар да кызыктуу жана пайдалуу өтүп жатат. Себеби сабактарда "Био Сервис" КФ тарабынан даярдалган маалыматтык слайддтарды колдонуп өткөндүктөн угуучуларга түшүнүктүү маалыматтар берилип жатат. Ал эми түшүнбөгөн суроолорго кошумча жооп берип жатам. Кийинки практикалык сабактарда фото отчет(список участников) жиберем буйруса. Бул сабактар ВПП ООНдун программасы алкагында өтүп жатат(бирок сабактарды өтүп берүү акысыз). Сабактын катышуучулары калктын аярлуу катмарларынан тандалып алынган. Сабак өтүлгөн соң сабактын катышуучулары ВПП ООН тарабынан ун май менен камсыз болушат.

    1. Тренерлердин потенциалын онуктуруу учун откорулгон окууга катышкандыгын сага коп жагынан осууго жол ачкандыгы корунуп турат.

      Кыргызстандагы  Тоолуу агроэкосистемада азыктанууну жакшыртуу долбоорунун алкагында 4 команданын ар биринде 25 тен бардыгы 100 айылдык кызмат корсотуучулор бар. Ошолордун ичинен  "Туура тамактануу жана органикалык чарбачылык" темасы боюнча алгачкылардан болуп онлайн сабактарды  оттуп жатасын. 

      Азаматсын! Бул аракетине, ВПП ООН уюму менен кызматташып туура тамактануу боюнча алып бара жаткан иштерине биздин команда сыймыктанабыз! Алга!

    2. Залкар чон иштерди жасап жатыптырсын, иштеринде ийгиликтерди каалайм! 


    3. Залкар, окутуу боюнча чон иштерди жасап жатыптырсын, окууга катышкандарга ун май бере турган уюм менен кантип байланышса болот?

    4. Азамат! Ватсап аркылуу оттунорбу?

  369. Мен да Ноокен районунун Шайдан айылынын тургунумун. 45 жаштамын, 5 баласынын энесимин, 2010-жылдан бери органикалык чарба жургузуп органикалык пахта ондуробуз.

    Биздин айыл башчыбыз аркылуу  Жумабеков Залкар он лайн аркылуу сабак отот катышкыла деп откоруу убактысын айтып эскертти. Айткан убакта бул сабакка мен да катыштым. Сабак абдан кызыктуу болду. Азыркы карантиндик шартта мектеп окуучулары гана эмес, уй булодогу ата-энелер да он лайн сабакка катыштык, бул биздин чарба жургузуубузго, уюлдук телефон аркылуу сабакка катышып билимибизди да оркундотууго боло тургандыгына ынандым. 

  370. Мен да Кызыл-Ункур айылында кандай иштерди аткарып жаткандыгым боюнча болушойун дедим. Апрель жаан чачындуу болгону менен тоолуктар учун жакшы ай, анткени кун жааган сайын жангак токоюнун арасынан козу карын теребиз, керегинче тамак катары колдонобуз, атайын кургаткычтарда кунго жайып кургатабыз.


    1. Уулкан жыл сайын козу карын кургаткандыктан тажрыйбасы жылдан жылга ашып, кургаткычтары да кобойуп калды. Азаматсын! Тушумго береке берсин!

    2. Мээнетиңизге берекет.

  371. Мен да козу карын тердим. Бул жаратылыштын бизге берген белеги десем болот.

    1. Эч козу карын жеп көрбөптүрмүн, даамдуу болуш керек.

  372. Учурдагы олкобуздо болгон карантиндик шарт, чон адамдарды гана эмес жаш балдарды да жоопкерчиликтуу болуп мекениме уйдон чыкпай жардам беремин дегени да кубантат. 

    1. Чөжө, түшүнгөнү кубантат.

  373. Кызыл-Ункур айылында коп балалуу уй булолорго, экономикалык мумкунчулугу чектелуу уй булолорго карантиндик шартта азык тулуктордон  гуманитардык  жардамдар корсотулуп жатат. Мамлекеттик резервтен жана атайын ыктыярдуу элиме жардам берем деген инсандар тарабынан.

    1. Муктаждарга кол сунуп колдон келген жардамды беруу ар кимдин эле колунан келе бербейт.

      Жардам бергендерге чон алкыш!

    2. Азаматсыздар, ушинтип жакшы иштерди аткарып жүрө бериңиздер.

  374. Мен коптон бери маан платформасына кире албай журдум, бул карантиндик шартта уйдо олтуруп  убакыт болуп калгандыктан уй булом учун оз колум менен жасаган таттууларды кантип жасаганым менен болушойун дедим.

    Торт 

    Керектелуучу азыктар:

    Корж даярдоо учун:

    • жумуртка -4 д
    • бал -3 кашык
    • шекер - 200 гр
    • суу май 2 аш кашык
    • соода 1 чай кашык
    • ун 250-300 гр

    Каттарына сыйпоо учун кремге керектелуучу азыктар:

    • сут 2 стакан
    • шекер 4 кашык
    • жумуртка сарысы 1 д
    • кам каймак 200 гр

    жасоо ыкмасы:

    Алгач  балды ээритип алабыз. Жумуртканы чегип шекер кошуп ээригиче аралаштырабыз.

    Даяр болгондо сооданы очуруп кошобуз, майды кошуп дагы аралаштырбыз.

    Даяр массага унду аз-аздан салып аралаштырабыз. корждун камыры даяр болгуча кичине тыныктырабыз.

     Камырды болукторго болуп формага келтирип электр мешинде 200-220 градус температурада 25-30 мунотто бышырып алабыз.

    Корж бышкыча  сыйпала турган кремди даярдап алабыз.

    Сутко кам каймакты эритип куюп шекер, жумуртканын сарысын, унду кошуп тынымсыз  аралаштырабыз.

    Корж бышканда печкадан чыгарып алып муздаганча куто турабыз.

    Муздагандан кийин  формага келтирип ар бир катына кремди калын суйкойбуз.

    Формага келтиргенден калган корждун сыныктарын уболук менен майдалап, торттун бетине сыйпалган кремдин уйтуно себелеп коюп муздаткычта  1-2 саат коюп турабыз.

    Торт даяр болду. Мындай торт дукондо сатылган тортко караганда шириндиги нормалдуу, пайдалуу деп эсептейм.

  375. 10 мунотто бышырбай жасалчу торт.  Кожейкелердин убактысы чакталуу мезгилде жасаса болот.

    Керектелуучу азыктар:

    • 1,4 кг - печенье (топлёное молоко)
    • 500 гр. - 20% сметана
    • 500 гр. – быштак (творог)
    • 100 гр. – кам каймак 
    • 1 ст - сут
    • 1 аш кашык – канттын кукуму                                                                                                         ДАЯРДОО ЫКМАСЫ:

    Чункур идишке сметананы салып, эрип калган  устуно кам каймакты кошобуз.

    Блендер менен бирдей массага айлангыча аралаштырабыз Устуно канттын кукумун кошуп аралаштырабыз.  

    • Бул тортту жасоо учун «топлёное молоко» печеньесинин устуно сутту куябыз.  
    • Печенье жумшарганда тортту формага жыйнайбыз.
    • Туп жагына печеньени тизебиз.
    • Крем менен печеньенин бетине сыйпап катар катар жайгаштырабыз.
    • Эн бетки катмарын калган крем менен калыныраак сыйпайбыз.
    • 2 печеньени майдалап бетине себелейбиз.
    • Муздаткычта 1 саат тыныктырып коебуз.                                                                                               Абдан даамдуу бышырылбаган торт даяр болду.
    1. Азаматсын Назира, карантиндик шартта балдарга таттууларды бышырып берип кубантып жатыпсын, уйдогу колдо бар азыктардан жасоодо  шириндиги татымдуу болуш керек. Аябай корунушу табитти ача турган торт болуптур. Ийгилик!

  376. Урматтуу  АКК лар!

    23.04.2020-жылы саат 14:00 до  №1 тренерлер командасы " Маркетинг кошумча нарк чынжырчасы" боюнча  вебинар откорот.

    вебинардын ссылкасы бул:

     https://global.gotomeeting.com/join/68120198 

    бул ссылка боюнча кечикпей кирип катталып, катышуунарды суранабыз.

  377. Урматтуу  АКК лар!

    24.04.2020-жылы саат 14:00 до  №1 тренерлер командасы " Маан платформасына катталуу, кенештер" боюнча  вебинар откорот.

    вебинардын ссылкасы бул:

    https://global.gotomeeting.com/join/875337781

    бул ссылка боюнча кечикпей кирип катталып, катышуунарды суранабыз.

    1. Рахмат, жакшы маалыматтарды алдым. 

  378. Платформанын катышуучуларына жанылыгым менен болушойун дедим.

    Айыл элине дыйканчылык кылууда кыйынчылыктар коп жаралат, бизде европадагыдай  адам кучун женилдеткен мини тракторлорубуз жок, аларда жада калса жашылча жемиштердин кочотторун да механизмдердин жардамы менен эгишет экен.

    Ошентсе да бизде да адамдардын эмгегин женилдетейин деп топурак жумшарткыч ойлоп жасап чыгышты. эрте жазда топуракты эгууго даярдаганда жакшы жардамга келет. 

    Топуракты жакшы майдалайт экен. Кызыккандар келип коруп кетип жатышат. 

    Ушундай  ойлоп табуучулар кобойсо, онугуу да болот эле.

    1. Уулкан эже, абдан керектуу курал экен, топуракты да жакшы майдалайт турбайбы.

      2 операцияны, куроктун жана тырмоочтун милдетин аткарат экен. Ушундай ойлоп табуучулар коп болсун.

    2. Сонун идея экен! Азамат! Заказ кабыл алат экенби?

    3. Азаматсыз. Колуңузга береке.

    4. Саламатсызбы Уулкан!

      ООба туура айтасыз. Бизда Кара-Суу районунда ошого окшош бир жер казыгыч жасадык. Огороддо жана теплицада колдондук. 

      Мага ото жакты аткени аны колдонгон адамдын бели оорубайт экен. Досторум бир кемчилигин тапты, алардын айтымына караганда ал бир аз оор экен. Аялдар колдонгондо бир аз кыйналып жатат. А так ото жакшы жана пайдалуу муюм экен!


    5. Ишиниздерге ийгилик абдан сонун экен 

  379. Урматту платформанын катышуучулыры! Жазжарыш куз курош демекчи, жазгы иштер да башталды. Огородто органикалык жашылчаларды остурууго кириштик. Жерди казып даярдоо процесси. 

    Былтыры куз мезгилинде огородту жыйгандан кийин жерге кык салганбыз, быйыл жерди казып жатканда ушундай сонун болуп соол жандар кобойуптур, жердин кыртышы жумшартууга аябай салымы чон. Суроттон корсонуздор болот.

                                                           Соол жандын кобойуусу

  380. Саламатсыздарбы! Жерди даярдап помидор тиктик. Помидорду тиккенден кийин 2 кундон кийин каар жаап салды, эмне кылаарды билбей подвалдан банкаларды алып чыгып устун жаап айласын таптык. Жакшы жардам берет экен, кочотторду куткарып калдык, бирок бир нерсе байкдым банкаларды алып салгандан кийин осумдукторго бир аз аба жетпей калгандай байкалды, эртеси озуно келип калышты.  Азыркы учурда помидорлордун абалы жакшы. 

    Кеч болсо да тажырыйбам менен болушкум келди. 

    1. Менин көчөттөрумдү үшүк алып кетти, эртерээк билгенде ушинтип куткарып калмак экенбиз. Кийинкиге пайдалуу кеңеш болду. Рахмат.

  381. 28 мартта бадырын урукту стаканчикке отургузганмым, азыркы кундо 2-3 жалбырак байлап калды. Буюурса эртен жерге отургузам. 

    1. Жакшы түшүм аласыз деген үмүттөмүн.

  382. Cаламатсыздарбы урматтуу МААН платформанын катышуучулары. Былтыркы жылы помидорго фитофтороз илдети менен ооруп жакшы тушум ала албай калган элек, ТоТ убагында тренерлердин сунунушу боюнча кочоттрду отургузардын алдында жерди калий перманганатты суу менен аралаштырып опрыскиватель менен жерге чачып анадан кийин кочотторду отургуздум. Менде суроо бар ушул бир жолку обработка жетиштуубу же дагы кайталаш керекпи? Рахмат. 

     

  383. Мен да колднушум керек экен, менин помидорлорум ушинтип ооруду эле.

    1. Бөлүшкөнунуз үчүн рахмат.

  384. ЖАЛБЫЗ
    Медицинада
    Жалбыздын (мята) курамында пайдалуу заттар көп болгондуктан бронхит, стенокардия, невралгия, отит жана башка ооруларда колдонулуучу каражаттарга кошулат. Жалбырагы менен тамырынан эфир майы жана ментол алынып, алар медицинада, парфюмерияда, кондитердик азыктарды жасоодо колдонулат.

    Элдик медицинада
    ЖҮРӨК ЖАНА БӨЙРӨК ООРУЛАРЫ ҮЧҮН ДАРЫ
    Жалбызды терип кургатып, майдалап, андан 2 аш кашык алып, үстүнө 0,5 килограмм бал кошуп аралаштыруу кажет. Күнүгө 1 чай кашыктан 3 маал жесе, жүрөк жана бөйрөк ооруларына даба болот. Дарылануу курсу 2 ай.
    Тиш ооруганда жана бронхитте кайнатып ичсе, тиш ооруну жана жөтөлдү басаӊдатат.

    Ашканада
    ЖАЛБЫЗДАН КЫЯМ
    Керектелүүчү азыктар:
    Жалбыз – 250 грамм
    Кумшекер – 1 килограмм
    Лимон – 2 даана
    Суу – 0,6 литр

    Даярдоо ыкмасы:
    Жалбыздын жалбырагын жууп, туурайбыз. Лимонду сырты менен майдалап кесебиз. Эми буларды сыр идишке салып, сууну куюп 10 мүнөт жай отто кайнатабыз. Анан 7-8 саат тыныктырып, сүзүп, суусуна кумшекер кошуп 10 мүнөттөй кайнатсак кыям даяр.
    Эскертүү: Жалбызды варикоз, төмөнкү кан басым, зарна, бел кубаттын алсыздыгы менен жапа чеккендерге колдонууга болбойт!

    Ден соолукта болуп, оорубаңыз!

    1. Маалымат үчүн рахмат.

  385.  Органикалык мейиздин касиети 

    Боордун токсиндер менен кирдеп кетиши көптөгөн коркунучтуу ооруларга жол ачышы мүмкүн. Ошондуктан, тазалоо өтө зарыл. Андыктан буга эң сонун элдик рецепт бар.

    Биздин организм сууга муктаж. Ага мейизди кошсоңор, боорду тазалаганга мыкты дары болот. Башка жашоого зарыл органдардын ичинен боордо белоктор көп жана ал канды тазалап турат.

    Боордун кургап кетиши, А,В жана С сарыгы өтө коркунучтуу оору. Изюм кошулган сууну ичип боорду 2 күндө тазалоого болот.

    Даярдоо ыкмасы:

    Бир аз жакшы кара мейизди алып, аны мискейдеги 3 стакан сууга кошуңуз. Мейизди 2 минутадай кайнатып, аны 24 саат тийбей коюп коөсуз. Келерки күнү бир чыны ичип аласыз. Кайнатманы ысык да, муздак да, жылуу да ичсе болот.

    2 күндөн кийин жыйынтыгы билине баштайт. Мындай дарыланууну 1 жума калтырбай ичиңиз. Аталган процесс убагында, майлуу тамактарды азайтып, спирт ичимдиктеринен баш тартыңыз.

    Мейиз менен суунун кайнатмасы-боорду тазалайт
    Ден соолукта болуп оорубаңыз!

  386. Ашканада
    АТ КУЛАКТАН САЛАТ
    Керектелүүчү азыктар:
    Ат кулактын жалбырагы – 200 грамм
    Капуста – 300 грамм
    Болгар калемпири – 2 даана
    Сабиз, алма, пияз – 1 даанадан
    Ашкөк – 5-6 тал
    Өсүмдүк майы – 5 аш кашык
    Татымына жараша туз

    Даярдоо ыкмасы:
    Баарын тазалап, жууган соӊ ат кулакты аарчып кургатуу керек. Капустаны, пиязды, болгар калемпирин, ат кулакты ичке таякча кылып туурайбыз. Сабиз менен алманы сүргүчтөн өткөрүп, тууралгандарга кошобуз. Буларга ашкөктү майдалап туурап кошуп жиберебиз. Тузду, майды кошуп аралаштырсак салат даяр.
    Эскертүү: Ат кулакты кош бойлуулар, бөйрөк, өт, уйку бези жана боор оорусу барларга колдонууга болбойт.

    1. Кадимки эле огордтон алып колдонсо болобу?

  387. Добрый вечер! Хочу поделиться полезной турецкой едой который вошёл в нашу кухню.
    Состав листьев винограда
    При низкой калорийности витаминно-минеральная составляющая листьев, необходимых человеку для здоровья, очень хороша. В состав листьев винограда входит холин, филлохинон (К), аскорбиновая кислота (С), ретинол (А), витаминами В1–В9, Е, а также минералы такие как: селен, медь, калий, кальций и фосфор.
    Сегодня мы приготовили "Сарму".  



    1. Мен да жузумдун жалбырагынан даярдалган тамакты жакшы кором, жазында жасайм, бирок мен аны манты каскандын табагында бууга бышырам.

      Кээде кадимки эле бака жалбырактын жалбырагына да ороп бышырып кордум, кичине кычкылыраак бирок даамы абдан жакшы.

  388. Саламатсыздарбы клубникадан коп тушум алыш учун, гулун тогуп, момо алган учурдан баштап канча жолу сугарыш керек?  

    1. Асель Ибраимовна, саламатсызбы!

      Кулбниканыз гулдоб корунушу жакшы. Клубниканын сорту кандай? Эгер ал ремонтантный, тактап айтканда кышка чейин момо бере турган сорттон болсо, анда аны мундан ары жерин ным сактасаныз жакшы болот. Клубниканын тамырлары анчалык коп жердин астын коздой оспойт. Алар жердин бетинде болот да аны тез-тез сугаруу керек. Момо туйуп калгандан сон, ал бадыранга окшош,кечки салкына сугаруу же эрте менен саар да жакшы!

      Кошумча клубника гуматты жакшы корот. "Гуми К" же Кыргыз Гуматты жалбырак семирткич кылып же тамырдан сугаруу жакшы пайда берет.

      Тушумунуз мол болсун!


      1. Алишер рахмат, клубниканын сорту черный принц.

  389. ЖАШЫЛЧА-ЖЕМИШТИ ЧИЙКИ ЖЕГЕНДИН ПАЙДАСЫ 1

    Организмге керектүү жана оорулардын алдын алуучу витамин, углевод, белок, клетчаткалар жашылча-жемиштерде көп. Жашылчаларды тамакка кошуп кайнатууда, кууруганда керектүү заттардын көбү өлөт. Андыктан жашылча-жемиштерди бышырбай жегенди адатка айлантуу организмди керектүү витаминдер менен камсыздоого өбөлгө болот. Бул өзгөчө авитоминоз күтүлчү жазында керек.

  390. ЖАШЫЛЧА-ЖЕМИШ АКЫЛ-ЭСТИ ЖАКШЫРТАТ

    Жашылча-жемиштердеги антиоксиданттар мээнин клеткаларын бузулуудан, атеросклероз, Альцгеймер жана Паркинсон ооруларынан сактайт. Ошондой эле мээге мыкты жардамчылар болуп курамында темир көп алма, алмурут, өрүк саналат. Темир мээнин кычкылтек менен жакшы жабдылуусу үчүн керек. Курамында йод, темир, глюкоза бар капуста, шпинат, кызылча, лютеинге бай сабиз эрте алжып калууга жол бербейт. Капуста менен шпинат мээни B6, B12 витаминдери, фолий кычкылы, темир менен камсыздап, ойлоону жакшыртып, эс-тутумду бекемдейт.

  391. Ачкарын эмне жебеш керек:
    Цитрустар
    Сулуу жигит таңды апелсин ширеси менен баштайт – бул ийгиликтүү адамдын образын телеэкрандардан көрүп, көнүп калганбыз. Бирок, реалдуу жашоодо мындай кылуу такыр туура эмес. Цитрустар жана анын ширеси ачкарын адамга гастрит менен аллергия чакырат.
    Банандар
    Банан – эчактан бери эле экзотикалык азык болбой калган, ал биздин жашоодо күнүмдүк рациондун бир бөлүгү болуп жетишти. Банан организмге жай сиңет. Эгер аны тамак алдында жесе, ичти көптүрөт жана ашказанды оорутат. Так ошондуктан банан жегенден кийин суу же шире ичпеш керек. Дарыгерлер бул жемишти тамактангандан кийин бир сааттан кийин гана жегенге болоорун айтышат.
    Ден соолукта болуп оорубаңыз окурманым
    Мелис Кочконов

  392. 1. тыквенные семечки – прекрасный источник цинка
    Даже Всемирная организация здравоохранения (ВОЗ) признала, что тыквенные семечки являются отличным средством для увеличения запасов цинка в организме. Цинк необходим для поддержания функций сотен ферментов, повышения эффективности работы иммунной системы (особенно во время сезона простуды и гриппа), а также помогает сохранить половую функцию. Чтобы получить максимальное количества цинка из тыквенных семечек, попробуйте есть их вместе с шелухой. Это объясняется тем, что основное количество цинка сосредоточено в эндосперме. Этот крошечный слой отделяет семечку от оболочки и убрать его аккуратно, если вы собираетесь есть только сами семечки, довольно трудно. Кроме того, шелуха содержит немного больше клетчатки, чем семена, так что дополнительное пережёвывание, должно быть, стоит того, ведь речь идёт о вашем здоровье.

    2. получайте порцию антиоксидантов, не беспокоясь о добавлении большего количества овощей в свой рацион
    Хотя многие сейчас говорят о необходимости есть больше овощей, тыквенные семечки могут стать альтернативным средством увеличения потребления полезных для здоровья антиоксидантов. Многие другие продукты таким удивительным разнообразием антиоксидантов похвастаться просто не могут.

  393. Айымдар үчүн көк алманын пайдасы көп

    Көк алма - адам баласынын организмине пайдалуу жемиштердин бири. Дарыгерлердин айтымында, алманы канчалык көп жесеңиз, пайдасы ошончолук көп болот. Күнүгө эки даана алма жеп туруу кан басымыңызды бир калыпта сактап жүргөнгө жакшы мүмкүнчүлүк түзөт. Ошондой эле, алманын ширеси организмдеги туздуулукту азайтып, өз калыбына келтирет. Уктаар алдында алма ширесин ичсеңиз, жеген тамагыңыз жакшы сиңип, тишиңиздин бекем болушуна шарт түзүп, өзүңүздү жеңил сезесиз. Негизинен баардык эле алмалар ден-соолукка пайдалуу. Алардын курамы пайдалуу заттарга витаминдерге, микроэлементтерге, С, В1, В2, Р, Е, марганец жана калийге бай. Ошондой эле организмдеги кан айланууну жакшыртат жана темирди оңой өздөштүрөт. Мындан сырткары алмада клетчаткалар, пектиндер көп болуп боор, бөйрөктүн иштешин жакшыртат. Ошондуктан аны жегенден кийин көпкө чейин ачкалык сезилбейт. Алма жаштыкты жана сулуулукту узакка сактап калганга да жөндөмдүү келет. Кандагы холестеринди азайтат.

  394. Көк алма темирге бай

    Кызыл алмага караганда көк алмада витаминдер абдан көп. Темирдин булагы болгон көк алмалар ден-соолукка да абдан пайдалуу. Көк алманын данектери адамды бир суткалык йод менен камсыз кылат.

    Иммунитетти бекемдейт

    Алманын курамындагы хлорофилл кандагы эритроциттердин иштеп чыгышын жөнгө салат, иммунитетти чыңдайт. Анча өтүшүп кетпеген сасык тумоого туруштук берет.

  395. Бишкектин Ош базарында сатылган көк алмалар

    Көк алмалардын бир-биринен айырмачылыгы өтө деле чоң эмес. Түштүк жакта бышкан алмалар жер кургак болгону үчүн даамдуу болуп бышат. Ал эми Түндүк жакта бышкан алмалар жер нымдуу болгону үчүн кычкыл болот.


    “Симиренко” алмасы 25, 30, 35 сомго чейин бааланат. Бул алмалар көбүнчө Баткен, Ноокат аймактарында өсөт.


    “Алтын Ренет” алмасы 40 сомдон жогору баада сатылат. Башка алмаларга караганда көлөмүнүн чоңдугу менен айырмаланып турат. Бул алмалар Ысык-Көл аймагында көп кездешет.


    “Розмарин” алмасы 30 сомдон жогору баада сатылат. Башка алмалардан өзүнүн өзгөчө даамы менен айырмаланып турат.


    “Голден Делишес” алмасы 20 сомдон жогоруу бааларда сатылат. Анын түрлөрү өлкөбүздүн түштүк аймактарында көп өсөт.

  396. Саламатсыздарбы, платформанын катышуучулары!

    Карантиндик шартта уйдо бекер олтурбай балдарымдын суранычы менен апа бир озгочо тамак жасап беринизчи дегенинен кыргызча гамбургер жасадым.

    Бул суроттордо кантип жасоо боюнча  кадамдары корсотулгон.

    1. Азаматсыз, уй шартында жасалганга эмне жетсин. Даамдуу көрүнөт.

    2. Жакшы экен уй шартында органикалык Гамбургер

  397. Таза пахта майынын пайдасы

    " Пахтанын майыбыз,бүт дабаага
    дарыбыз "-деп,өзбек элдик дарыгерлери илгертен баалап келишкен.
    Пахтанын майы менен кичинебизде
    сыртынан сууда кайнатып апаларыбыз майлоочу.
    Май жубаздан өндүрүлгөн пахта майы маанилүү,ишеничтүү.
    Айнек банка идишке 700 мл пахта майын куюп,кастрюлга банкадагы майды 3 сөөмөй көмгүдөй кылып суу куюп ровно 15 минута аз отто кайнатасыңар.
    Суудан чыгарып,ысык боюнча бөйрөктөн ылдый буттун учуна чейин массаж сыяктуу майлап сиңдиресиз.
    Бул кечинде кылынат,жакшы сиңдиргенден кийин жылуу журканга оронуп жатып атканда ысык чай,шорпо ичип алсаңыз жакшы болот.
    Жылуу ички кийим менен жатыш керек.Эрте менен тургандан кийин ысык сууда кир самын менен 3 4 жолу жуунуп ишке кете берсе болот.
    20 күн 1 ай такай кылуу керек.
    Эми пайдасы жөнүндө: көп жылдык суук тийгендер,шоферлор,поварлар,
    базарда иштегендер,контейнерде СООДА кылгандар ж.б сөөгүнө оору
    жеткендерге.
    Укмуш дары.

  398.                                                                                        Зайтун майы 
    Зайтун майында адамга керек баардык витаминдер, микроэлементтер жана керектүү азыктар бар болгондуктан адамдын организми аны сүйөт. Жаныбарлардын майларынан айырмаланып адамдарга бир топ эле пайда алып келет. Айта турган болсок атеросклерозду, жүрөк жана муун ооруларын, холестериндин организмден чыгышын, тамак сиңирүү органдарын дарылоодо, сөөктөрдү чыңдоодо пайдалуу. Зайтун майынын курамына кирген пайдалуу кислоталар организмге керек. Ал эми көп өлчөмдөгү олеин кислоталарынын жардамы менен адамдын организминдеги ашыкча майларды иштеп чыкса болот. Ошондуктан зайтун майын диеталык азыктардын катарына киргизебиз.

  399.                                                                              КУРГАТЫЛГАН ӨРҮК
    Оорудан кийин сакайып келе жаткандарга, өнөкөт оорулар менен жапа чеккендерге (мисалы кургак учук), кош бойлуу аялдар жана балдарга суткасына 100-150 гр. кургатылган өрүк жеш керек. Ал жогорку каллориялуу келип (оңой сиңе турган углеводдор көп) калийге бай, ошондой эле кальций, магний, фосфор, темир, витаминдер, органикалык кислоталар жана башка пайдалуу заттарды камтыйт.

  400. Органкалык таза жемиштери менен иммунитетти көтөрүү
    ЖАЛПЫ ОРГАНИЗМДИ
    БЕКЕМДӨӨЧҮ КАРАЖАТ
    * 1,5 стакан аарынын балы (май айындагы бал жакшы)
    * 1 стакан кургатылган өрүк
    * 1 стакан грек жаңгагы (ички данеги)
    * 1 стакан мейиз (данегин алып салуу керек)
    * 2 даана кабыгы аарчылбаган лимон
    Бардыгын майдалап бал куюп жакшылап аралаштырат. Аны күнүнө 3 жолу тамакка чейин 1 аш кашыктан ичет (балдарга курагына жараша 1 чай же десерт кашыгы менен берет). Бир курс дарылоого мындай аралашмадан 1-2 бөлүк жасайт.

  401. Жангак кыямынын(варенье) пайдасы

    Кээде айрым ооруларды элдик медицинанын жөнөкөй ыкмалары менен айыктырып алууга болот. Кадимки жаңгактын быша элек чийки кезиндеги жашыл мөмөсү РР, Е, В витаминдерге бай болгондуктан андан жасалган кыям адамдын ден соолугуна абдан пайдалуу экенин билгендер аз болсо керек. Кыям жасоо үчүн жаңгакты быша элек жумшак, сүт чыгып турган жашыл учурунда чогултуп алуу керек. “Июнь айынын аяк ченинде жаңгактын жетилип турган убагы болгондуктан ошол учурда жасалган кыямдын таасири абдан күчтүү” дешет. Уккан адам элестете албай жүрөктү айланткан таасир калтырышы мүмкүн. Бирок сиз ойлогондой эмес, өзгөчө даамы бар, өңү шоколад сыяктуу, дарычылык касиети жогору татым болуп эсептелинет. Учурда шаарыбыздагы “Народный”, “7 дней” дүкөндөрүндө “Дары леса” деген аталыш менен сатылууда. Бул кыям кандай жасалат? Кандай ооруларга пайдалуу? Ушул туурасында сөз кылабыз.

    Кыям жасоо үчүн керектелүүчү азыктар:


    1. Көк жаңгак: 15-20 даана


    1. Кумшекер: 300 грамм


    1. Суу: 3 литр


    1. Лимон кислотасы


    5. Кургак гвоздика: 10 грамм


    Даярдоо ыкмасы:


    1. Көк жаңгактын катуу бөлүгүн сыйрып аарчып аласыз. Андан кийин 2 суткага муздак сууга чылап коёсуз. Бул убакта 3-4 жолу суусун алмаштырып турууну унутпаңыз.


    1. 2 суткадан кийин муздак сууну төгүп, үстүнө бөлмө температурасындагы сууну куюп 15 мүнөт аралаштырып туруңуз.


    1. Үчүнчү күнү кайрадан муздак сууга салып, ар бир жаңгакты вилка менен сайып тешип дагы 2 суткага калтырыңыз.


    1. Алтынчы күнү жаңгактарды 3 литр кайнак сууга салып 10 мүнөт кайнатасыз.


    1. 10 мүнөттөн кийин үстүнө кумшекерди кошуп жакшылап аралаштырыңыз. Үстүнөн көбүк чыкканча кайнатып көбүгүн алып салыңыз.


    1. Андан соң кургак гвоздиканы, лимон кислотасын кошуп жай отто жарым саат кайнатасыз.


    1. Жарым сааттан кийин кыямды муздатып, 20 мүнөттөн кийин кайрадан кайнатыңыз. Ушундай жол менен 3 жолу кайнатасыз.


    1. Кыям коюлуп, жаңгактын өңү кара түскө айланганда чыгарыңыз.


    1. Муздагандан кийин банкаларга куюп жаап коюңуз.

    Ден соолукка пайдасы • Иммунитетти жогорулатат; • Ангинаны калыбына келтирет; • Жүрөк-кан тамыр ооруларынын алдын алат; • Ашказан жарасын айыктырат;


  402.                                                                                                 Кайың

    Жазында тал-теректер бүрдөгөн кезде кайыңдын ширеси витаминдерге толуп турган мезгил болот. Эгерде, бөйрөк жана бооруңуздун тазарышын кааласаңыз күнүнө эртең менен бир стакан кайыңдын ширесин ичкениңиз туура. Мындай ыкманы көбүнчө сарык оорусу менен ооругандар пайдаланып келишет. Ошондой эле кайыңдын ширесине спирттен кошуп суюлуп бара жаткан чачка сүйкөсө да жыйынтыктуу таасир берет.

    1. Биз дүкөндөн сатып алган кайың ширеси кандай болду экен. Пайдалуубу же пайдасызбы?

      1. Эгерде кайын ширесиндеги ботолкосун до Е же  Е-230, Е-231 и Е-232 ушундай Е бар болсо ал консервант. Коп учурда окуп калып жатам кардарларды адаштырыш учун Eнин башкача аттарын колдонуп кошуп коюп жатышат.

  403.                                                                                             Карагат

    Бул өсүмдүк башкалардан бир топ өзгөчөлөнүп турат. Башкача айтканда денедеги тузду азайтуу менен зат алмашууну жөнгө салат. Ушул эле касиеттүүлүгү менен организмдеги витаминдердин сакталуусуна жардамы тиет. Ал эми жаңы ачылган гүлүн чай катары демдеп ичсе, бөйрөк оорусуна эч жол бербейт. Мындан тышкары карагаттын суюктугу денедеги ашыкча кычкылдуулукту жоготот.

  404.                                                                                        Чычырканак

    Бул өсүмдүктүн жашоодо аткарган кызматы өтө чоң. Себеби, күйүктү жана үшүккө алдырууну дарылоодо тез натыйжалуу жыйынтык чыгарып келет. Мөмөсүндө эле эмес, жалбырагында да, кабыгында да биологиялык активдүү заттар бири-биринин жардамы менен сапатын да, таасирин да жогорулатып келет.

  405.                                                                                        Укроп

    Ички аппараттар дарысы деп айтылат. Бөйрөк, боор, ашказандын дарттарына, кан айланууга чоң жардамын тийгизет. Бир стакан сууга бир аш кашык укроптун уругунан салып, бир саат кайнатып, муздаган соң аны чыпкалап, күнүнө тамак алдында 3 жолу 10 граммдан ичүүгө болот. Бул учурда бөйрөк бир топ дарыланып, бооруңуз жеңилдеп, кан айланууңуз жакшырат.

    1. Өттү тазалаш үчүн мен да колдоном.
      Курамы:
      Укроп 1,2 сап
      Кукурузная кыльца 2аш кашык
      Шиповник 4-5даана
      0.5 л банкага кечинде демдеп эртеси ичсеңиз болот. Таасири зор, өзүм колдоном.

  406.                                                                                  Сарымсак


    Сарымсакты майга кууруп жесе, денедеги жагымсыз жыт жоголот. Сарымсактын пайдалуулугун ушундан байкоого болот. Ал эми сарымсакты көп жеген адамды жылан чакса да уусу өтпөйт. Себеп дегенде сарымсактын ачуусу жыландын уусунан да күчтүү деп эсептелинет. Ошондой эле сарымсакты туз менен жеген адамдын оозу кургабайт. Ал эми анын эң күчтүү касиети деп ашказандагы куртту өлтүргөнүн айтса болот.


  407.                                                                                   Пияз


    Жумурткадан кичирээк болгон жаңы баш пиязды жатаар алдында жеп жатсаңыз сергек жашоого кадам таштаган болосуз. Тагыраак айтканда, күнү-түнү дебей өзүңүздү жеңил алып, сергек жүрөсүз. Ал кан тамырларды тазалап, ашыкча заттарды чыгаруу менен шлактарды бөлүп, зат алмашууну жакшыртат. Мындан тышкары, кан тамыр ичиндеги холестеринди да тазалай турганын эсиңизге сала кетмекчибиз. Чийки пияз жеген адамга суук тийбейт. Эгер ооздо жагымсыз жыттын орун алышынан кооптонсоңуз, кадимки эле укропту сүткө малып чайнаганыңыз туура. Себеби, сүткө чыланган укроп кандай жытты болбосун тез арада айдап чыгат.

  408.                                                                       Төө буурчак


    Бул өсүмдүктү көп ооруга каршы колдонсо болот. Төө буурчактын дарылык касиети деп, анын бөйрөк ооруларына, денеге сары суунун толушуна, кантты төмөндөтүүгө, ошондой эле жүрөк оорусуна, микробдорго каршылыгын айтууга болот. Мындан тышкары алсыроого эч жол бербейт. Себеби, төө буурчак каллориясы күчтүү деген өсүмдүктөр тизмегинен орун алган.

  409. " ФИОЛЕТОВЫЙ ЛУК "

    УШУЛ ТҮСТӨГҮ ПИЯЗДЫН ДАРЫЛЫК КАСИЕТИ ЖӨНҮНДӨ СӨЗ БОЛОТ.

    ТАМАК АШКА КОШУУ ДАГЫ ПАЙДАЛУУ,ВИТАМИНДЕРГЕ БАЙ.

    АНТИОКСИДАНТТЫК КАСИЕТИ БАР.

    ДАГЫ ЖАКШЫ БИЛГИҢЕР КЕЛСЕ ИНТЕРНЕТКЕ КИРИП КӨРСӨҢӨР БОЛОТ.

    ӨЗГӨЧӨ АЯЛДАРДЫН КӨПЧҮЛҮГҮ ООРУГАН ЭҢ ЖАМАН ООРУ.

    БУЛ ПИЯЗДЫН ЗОБ, БОГОККО БОЛГОН ПАЙДАСЫ ЖӨНҮНДӨ.

    БИР АДАМГА 1 АЙГА 4 КГ ПИЯЗ КЕТЕТ.

    1 ЖУМАГА 1 КГ. 0.5 КГ ПИЯЗДЫ ТЁРКАДАН ӨТКӨРҮП, БЛЕНДЕРГЕ МАЙДАЛАП СОГУН СЫГЫП АЛЫП,1 МЕТР МАРЛЯГА СИҢДИРИП,СЫРТЫНАН ПЛЁНКА ЖЕ ПАКЕТ МЕНЕН БОГОККО КОМПРЕСС КЫЛЫП,2 СААТТАН КИЙИН АЛЫП САЛАСЫЗ.

    ЖУМАСЫНА 2 ЖОЛУ КОЙОСУЗ.

    КЫЛГЫЛА ! АЙЫККЫЛА !

    БАРДЫК ПАЙДАЛУУ, ЖАКШЫ НЕРСЕЛЕР АДАМГА КЫЗМАТ КЫЛСЫН!

    БАРДЫГЫ АДАМ ҮЧҮН БОЛСУН!

    БИЛГЕНИҢ АДАМГА ПАЙДА БЕРСИН!

    ЭҢ КЫМБАТ-БУЛ АДАМ!

  410. Бал

    Эгер кан басымыңыз төмөн болсо, күнүнө ачкарын бир чай кашык бал менен жеп турууңуз шарт. Өзгөчө май айында тартылган "майский мёдду" колдонууңуз тез жыйынтык чыгарат. Себеби, ал жаңы ачылган гүлдөрдүн нектарынан чогулгандыктан бир гана канга эмес, денедеги туздарды чыгарууга жол ачып тердетүүдө чоң кызмат аткарат. Ал эми таттуудан аллрегиясы барларга бул ыкмадан алыс болуусун баса белгилеп кетмекчибиз.

  411. Картошка

    Картошканын сыртын аарчыбастан тазалап жууп, теркадан өткөрүп, андан соң анын ширесин сыгып алуу менен эртең мененки маалда ачкарын ичүү сунушталат. Себеби, жүрөктү ириңден жана ашыкча туздардан арылтуунун бирден бир булагы. Эске сала кетчү нерсе, бул ыкма толуп бараткандарга жана диабет оорусуна чалдыккандарга болбойт.

  412. Грек жаңгагы

    Эгерде кошумча салмак кошкуңуз келсе эч ойлонбой грек жаңгагын жегениңиз эң туура. Себеби, анын каллориясы бир топ күчтүү болгондуктан адамды тез семиртүүдө чоң ролдун ээси. Мындаш тышкары кан басымы төмөн адамдар аны бал менен аралаштырып, 2 суткадан соң ачкарын, башкача айтканда глюкоза, темир өңдүү бөлүктөрү ордуна келип нормалдашат.

  413. Аары


    Эгер бутуңузду, колуңузду суукка алдырып алсаңыз, кадимки эле бал аарысына чактыруу шарт деп эсептелет. Себеби, анын ийнесинде бир нече пайдалуу жана дарылуу заттар орун алган. Мындай жел менен суук тийген колуңузду же бутуңузду 10 күн катары менен чактырсаңыз аталган оорудан жеңилдей түшөсүз. Андыктан, бал аарыга чактыруудан эч коркпоңуз

  414. Cабиз 

    Адамдын өмүрү үчүн минералдарга өтө бай азык бул сабиз болуп саналат. Анын курамындагы калий тузу менен каротин организмдеги зат алмашуу балансын кармап турат.

    Сабиздин өзүнө караганда анын ширесинде витаминдүүлүк жакшы сакталат. Ошондуктан аны келечекте эне боло турган аялдар жана кичине балдарга берүү абдан пайдалуу.

    Сабиздин ширеси айрыкча бөйрөк, жүрөк, кант диабет ооруларына чалдыккан адамдар көп колдонгону жакшы. Адистер күнүнө эрте менен ач карын бир стакан сабиз ширесин ичүүнү сунуш кылат. Аны ичердин алдында көпкө сактабаш керек. Көпкө туруп калган сабиз шириндиги пайдалуу касиетин жоготот.

    Өзгөчө сабиздин курамындагы А витамини көздүн көрүүсүн жакшыртып, бойду өстүрүп, терини жылмакай кылып коёт. А витаминин биз жумуртка, сүт жана боордон кездештире алабыз. Ошон үчүн адистер сабиз шириндигин алар менен чогуу пайдаланууга сунуш берет. Мисалга, каймак менен сабиздин аралашмасы тамак сиңирүүчү мыкты каражат.

  415. Сабиздин пайдалуу касиети

    1.Европалыктар сабизди балга аралаштырып сактайт. Ал аралашманы бири-бирнин денесине сүйкөйт. Бул да болсо алардын ден соолугу чың болсун деген максатта экен.

    2.Сабиздин курамында организмге керектүү глюкоза жана аминокычкылдыгын да кездештирүүгө болот.

    3.Сабиз өсүмдүгү өзгөчө каны аздар үчүн дагы өтө пайдалуу. Ал анткени ал канды көтөрүүгө жардам берет. Мисалга, анын курамындагы фолий кычкылы кандагы эритроциттин иштөөсүн жакшыртат.

    4. Сабизди териге маска катары да колдонсо болот. Мындай ыкма денеңизди тартып, жылмакай кылып коёт.

  416. Провели корневу подкормку биологичеким средством Кыргыз гуммат для укрепления овощей и ягод.

    1. Молодцы. Мне тоже очень нравиться использовать Кыргыз Гумат. На практике пробовал. Очень эффективное средство. Советую часто друзьям и родственникам.
      Так держать! Супер.

    2. Азаматсыз ишинизге ийгилик 

  417. Древесная Зола – не просто несгораемый остаток после горения, но еще и ценное микроудобрение.
    Древесная Зола – прекрасный источник минералов. А еще она:

    улучшает качество кислой почвы;
    помогает почвенным микроорганизмам быстрее разлагать органику, превращая ее в доступные растениям элементы;
    способствует укоренению рассады;
    помогает эффективнее бороться со многими вредителями и заболеваниями.
    Сегодня я использовала древесную залу для органических помидоров.

    1. Вы правы древесная зола - полезное удобрение.
      Но на практике очень часто фермеры думают что зола полезная - но не все! Золя от угля оно наоборот вредное так как содержит тяжелые металлы. Согласитесь. Фермеры не зная этого применяют как удобрение и наносят вред саженцам также как и почве. Здесь надо быть осторожным! Как вы считаете???

      1. Вы правы, надо объяснить что должно использоваться только "Древесная зола". Мой дедушка всегда использовал говорил о пользе древесной золы. А его слова для нас был законом. Тогда мы не понимали важность, но сейчас пользуемся его советами.

    1. Жакшы экен Мен да тандырга көп нан жабамын, ошол күлдү ыргытпай колдонушуп керек экен. Бөлүшкөнүңүз үчүн рахмат.

    2. Чон рахмат коп нерсе уйрондук сизден 

  418. Ит мурундун пайдалуу жактары(шиповник)

    Аңкыган гүлү менен жаратылышка көрк берип, мөмөсү адамдардын организмин чыңаган ит мурун өсүмдүгүнө көп деле маани бербейбиз.

    Көптөгөн ооруларга дарылыгы бар өсүмдүктү табигый дармек деп да атап койсок болчудай.

    Ит мурундун курамында:
    14-60 грамм суу,
    1,6-4 грамм белок,
    калий,
    кальций,
    магний бар.
    Ошондой эле B1, B2, PP, K, E жана C витаминдерин кездештирүүгө болот.

    Аталган жемиштин курамында C витамини карагаттыкынан 5-10 эсе, лимондукунан 40 эсе көбүрөөк.

    Анын дарылык касиети: кан айлануу системасын тазалап, зат алмашууну жакшыртат. Ит мурундун мөмөсү аз кандуулук, боор жана бөйрөк ооруларына дары катары сунушталып келет. Ал заара чыгаруучу, дене табын түшүрүүчү, баш ооруну жазуучу жана табитти ачуучу касиетке ээ болгондуктан, медицинадада кеңири колдонулат.

    Ит мурунду таза жууп, кайнак сууга демдеп коюп иче бересиз.

    Жаш балдарга берүүдө кандайдыр бир чектөө киргизгениңиз оң.

  419. Картошка

    Чийки картошканы аарчып, жууп алган соң жука-жука тегерекчелерге кесүү керек. Ал тегерекчелерди бетке жаап жатып, 15 мүнөттөн соң таза жууш керек. Бул бетти жумшартат, агартат, жылмакай кылат.

    Чийки картошканы майда тиштүү кыргычтан өткөзүп, аны марлиге жука кылып саласыз да, бетиңизге 15-20 мүнөт жабасыз. Мындан беттеги шишик жана бырыштар, безеткилер жок болот.

    Картошканы сууга бышырып алган соң кабыгын аарчып, эзип, алынган боткону бетке 20 мүнөт жылуулай жапса, теринин майлуулугун азайтып, эрте картаюунун алдын алат.

    Көздүн тегереги салаңдап шишип калганда чийки картошканы кыргычтан кырып өткөзүп, ага 1 чай кашык буудай унун, 2 чай кашык сүттү аралаштырыңыз. Муну салфетканын бетине калың сүйкөп туруп көзгө 10-15 мүнөт жаап жатсаңыз, шишик тарайт.

    Эгерде сүт жок болсо, анда сууга бышкан картошканы тегерек кылып кесип, аны көзгө 30-40 мүнөт жаап жатсаңыз да ушундай эле натыйжа берет.

    Колуңуздун териси одуракай болуп кесилип же кургап кетсе, сууга бышкан картошканы эзип, ага 1 аш кашык сүт кошуп аралаштырып, жылуу бойдон колго 10 мүнөт жабуу зарыл. Жууган соң аркасынан крем сүйкөңүз.

    Колдун кабарган жерин кетирүү үчүн алгач чийки картошканы кыргычтан өткөрүп, ботко кылуу керек. Жатарда кабарган жерге вазелин, анын үстүнө картошка боткосун сүйкөп, үстүнөн целлофан менен жаап, бинт менен ороп коёсуз. Эртеси тазалап, ордуна крем сүйкөңүз.

  420. Апельсин

    Беттин терисин тазалоо үчүн апельсиндин ширесине таза кебезди малып, аны менен бетти сүртөсүз. 1-2 сааттан соң бетти муздак суу менен жууп, аарчыбай кургатасыз.

    Терини жашартуу жана жумшартуу үчүн 1-2 аш кашык апельсин ширеси менен 2 чай кашык балды аралаштырып бетке жабыңыз да, 10 мүнөттөн кийин муздак суу менен жууңуз.

    Жарым апельсиндин ширесине жумуртканын сарысы, 1 аш кашык өсүмдүк майы, 1 чай кашык бал кошулат. Аралашманы бетке, моюнга 15 мүнөт жаап, жылуу суу менен жууган соң майлуу, азыктандыруучу крем сүйкөө керек.

    Жагымдуу жыттангыңыз келсе, апельсиндин кабыгын идишке салып, үстүнө кайнак сууну жаба куюңуз. Муздагандан кийин ал суу менен бетиңизди, мойнуңузду чайкаңыз. Андан кийин кебезди малып, аны менен бетиңизди назик сүртүңүз. Бул сизге апельсин жыттанган атыр себингендей натыйжа берет.

    Бигуди коёрдун алдында чачты апельсиндин ширеси менен нымдап алса, чач ойдогудай формага ээ болот.

    Колуңузга алгач апельсиндин ширесин, андан соң өсүмдүк майын сүртсөңүз, кургап, кесилип, одуракай болуп кеткен териси да жумшак болот.

  421. Жаңгактын жалбырагынын пайдасы кандай?Жаңгактын жалбырагын кайнак сууга салып демдеп ичсе, ден-соолукту чыңдайт. Сарык, итий, ревматизм жана ар кандай тери ооруларына жаңгактын жалбырагын ванна кылып колдонуу сунушталат. Ангина же тиштин эти ооруганда жалбыракты кайнатып оозду чайкоо керек. Ошол эле кайнатма менен чачты да чайкаса болот. Аны аял заты чачка арналган кондиционер катары колдонсо болот. Андан сырткары бутту чайкаса, буттун жагымсыз жытынан арылса болот. Ошондой эле ар түрдүү жарааттарга жалбыракты майдалап, таңып койсо, жараат тез айыгат.
    Орозонуздар кабыл болсун.

  422. Укроп

    Тамакка кокту кошуп ичсениз

    1- Ден табит ачылат , маанай которулот
    2 - тамак синируудо , зат алмашууда жардам берет
    3 - кан басымды жөнгө салат
    4 - заара айдоочу , бөйрөк , циститке
    5- бала эмизгенде сүт көбөйтүүчү жана баланын ичи коппошуно жардам берет
    6 - косметикада бетке сууга кайнатып тунмасын колдонсо болот
    7- какырык чыгаруучу
    8- спазманы жок кылуучу
    9- уйкусуздук
    10 - кан тамыр кенейтуучу , рак клеткаларын остурбоочу

    Дегеле кокторду ар дайым тамак салаттарга кошуп жесеңиз пайдасын гана сезесиз...

    Аялдар , эркектер ооруларга жакшы таасири бар ...

    Оорубаныздар...

  423. Вот уже мои клубники поспевают, выращенные органическим методом. Очень рады.

  424. Вот уже мои клубники поспевают, выращенные органическим методом. Очень рады.

    1. Аракетинизге берекет!

  425. Вот уже мои клубники поспевают, выращенные органическим методом. Очень рады.

  426. Уже едим клубнику, настоящая вкусная клубника ммм а запах какой, дети уже с пиалкой следят за каждой поспевшей клубникой.

  427. Что может быть полезнее свежих овощей, а именно сейчас когда у всех авитаминоз. Огурцы, помидоры, болгарский, баклажаны, капуста, виды зелени которых уже будем есть с огорода и делиться о важности органических овощей среди СПУ, фермеров, соседей,друзей, коллег итд. Здоровая еда здоровая нация!!!

  428. БАКА ЖАЛБЫРАК.

    Кургатылганы жөтөлгө , дем алуу жолдоруна суук тийгенде , дизентерияга , ич өткөнгө пайдаланса болот. Чай кылып демдеп , 1 чоң кашыктан 6 жолу ичүү керек. Аралыгы 2 сааттан ичүү керек. Жаңы кезиндеги жалбырагынын ширесин ал кеткенде , ичеги ооруларына ,ашказан оорусуна , кан басым көтөрүлгөндө, уйку качканга 1 күндө 3 маал 1 чоң кашыктан оокаттан кийин ичсе болот.
    Денени кесип алганда , сыздоокко , жараларга жаңы жалбырагын жанчып тартуу керек.

  429. Көпчүлүк жарандар туура эмес тамактануунун айынан ашказанын бузуп алат. Дарыгерлерге кайрылсаңыз чөнтөгүңүз кыйла жукара түшөт. Байыртадан ата-бабаларыбыз табигый дары-чөптөр, таза заттар менен гана дарты дабалап келген. Биз сизге ашказан оорусун даба болчу мыкты рецепти сунуштайбыз. Туура жасап, норма, эрежелери менен ичип ашказан жаранын азабынан арылыңыз.

    Рецептер:

    0.5 кг бал
    • 0.5 л оливка майы
    • 2 лимон ширеси
    Жогорудагы ингредиенттерди аралаштырыңыз. Андан кийин оозу жабылган идишке салып, муздаткычта сакташыңыз керек.

    Аралашманы ичер алдында жыгач кашык менен аралаштырыңыз.

    Бул аралашма ашказан жарасы, он эки эли ичеги жана боор орууларынан айыгууга жардам берет.

    Колдонуу жолу

    Тамактан 30-40 мүнөт мурун 1 чоӊ кашыктан 3 маал ичиңиз

    Дарылануу курсун 3-4 жумадан кийин кайталаӊыз.

    Жыл сайын, күз, кыш жана жаз мезгилинин башында дарылануу курсун кайталап турушуңуз керек.

    Мелис Кочкон

  430. Чүкүрү ( ревень )

    Азыр чүкүрүнүн мезгили бир аз убакыт өтсө карып катуу болуп жегенге жарабай калат , ошондуктан жашаңында жеш керек .
    Чүкүрүнү кош бойлуу айымдар өтө сүйүп жешет себеби талгагын кандырат ичтейин ачат .

    Составы : калий , кальций , магний , темир , натрий, витамин Р ,К , рутин , минерал туздары , лимон , алма , шавель ,фолиевая , аскарбин кислотасына бай өсүмдүк .

    Ошон үчүн айымдар кош бойлуу мезгилинде эң керектүү витаминдерди чукуруну эңсеп жеп аз убакытта өздөрүнө келишет демек азыркы учурда каалашынча жеп тоюп алышса жакшы болот .
    Баланын өсүшүнө эң керектүү заттарды алганча өзүнүн гемоглобинин көтөрүп алат .

    Чач түшкөнгө ,тырмак сынганга , жеңил заара айдоочу , табит , маанай көрүүчү болуп эсептелет

    Чүкүрүдөн кыям , кисель да жасаса болот , кышкыга тондуруп муздаткычка сактаса да болот

  431. Ит мурундун пайдалуу жактары

    Көпчүлүк анчалык маани бербегени менен ит мурун бир топ ооруларга дары өсүмдүк болуп саналат. Бул өсүмдүк байыркы медицинада кеңири колдонулган. Азыр да дары-дармектерге ит мурун кошулуп жасалат.


    Ит мурундун курамында 14-60 грамм суу, 1,6-4 грамм белок, калий, кальций, магний бар.


    Ошондой эле B1, B2, PP, K, E жана C витаминдерин кездештирүүгө болот.


    Аталган жемиштин курамында C витамини карагаттыкынан 5-10 эсе, лимондукунан 40 эсе көбүрөөк болот.


    Ит мурундун дарылык касиеттерине токтолотурган болсок, кан айлануу системасын тазалап, зат алмашууну жакшыртат. Мөмөсү аз кандуулук, боор жана бөйрөк ооруларына дары болот. Ал заара чыгаруучу, дене табын түшүрүүчү, баш ооруну жазуучу жана табитти ачуучу касиетке ээ болгондуктан, медицинадада кеңири колдонулат.


    Ит мурунду таза жууп, кайнак сууга демдеп коюп ичебересеңиз болот. Анын эч бир зыяны жок. Жаш балдарга болсо чеги менен бергениңиз

  432. КЫМЫЗДЫК БӨЙРӨКТӨГҮ ТАШТАРДЫ ЧЫГАРУУГА ЖАРДАМ БЕРЕТ.

    КЫМЫЗДЫК

    Салттуу жана элдик медицинада
    Курамында танин, эфир майы, флавоноиддер, аскорбин кычкылы, витаминдер (C, A, E, K), пектин заты жана башкалар бар.
    Салттуу медицинада заара кубалоочу, кан токтотуучу каражаттардын курамына кошулат. Элдик дарыгерлер тамырын жана жалбырагын ич катууда, кызыл жүгүрүктө, холециститте, эркектин бел кубатын көтөрүүдө пайдаланышат. Табыптар «бөйрөктүн таш оорусуна колдонсо, майда таштар талкаланып, заара менен чыгат» дешет. Аталган оорулар үчүн «Тамырдан кайнатма»:
    Кургатылып, майдаланган тамырынан 1 чай кашык алып, ага 300 грамм суу куюп, 10 мүнөт жай отто кайнатуу кажет. Даяр дарыдан 50 граммдан 3 маал ичүү сунушталат. Дарылануу курсу 7 күн. Эскертүү: Дарыны колдонордон мурда врач менен кеӊешиӊиз!
    Кымыздыкты гастрит, ашказан жана ичеги жарасы барлар, кош бойлуулар аз өлчөмдө жебесе, оорусун күчөтүп алышат.

    Ашканада
    Жумшак кезинде сабагы ашканада муздак суюк тамак жана салат үчүн колдонулат. Ал үчүн алдын ала кабыгы аарчылат.
    Кымыздык кошулган суюк тамак
    Керектелүүчү азыктар:

    Күрүч (же арпа акшагы) – 50 грамм
    Каймак – 4 аш кашык
    Картошка (орточо) – 2 даана
    Кымыздык – каалоого жараша

    Даярдоо ыкмасы:
    500 грамм сууга 50 грамм күрүчтү (же арпа акшагын) салып, ал бышарга жакын майда тууралган 2 картошканы кошуу керек. Бышканда кабыгы аарчылган кымыздыкты кошуп, дагы 5 мүнөт кайнатасыз. Даяр суюк тамактын үстүнө каймактан куюп, дасторконго бере бересиз.
    Ден соолукта болуп, оорубаңыз!

  433. ЧЕСНОЧНАЯ ШЕЛУХА ПРОДЛЕВАЕТ МОЛОДОСТЬ

    Когда вы кушaете чеснок, не выбрaсывайте бeлую шeлуху, а собирaйте её и хрaните. Это цeннейшее срeдство для продления молодости.

    Для этого каждый месяц надо пить напиток, приготовленный из белой шелухи чеснока. Этот напиток очень прост в приготовлении: надо взять горсть шелухи белого чеснока и залить её стаканом кипятка. После того, как чайник вскипит, надо подождать от 1 до 3 минут, и только потом залить водой шелуху. Пить целебный напиток можно только после того, как вода в стакане совсем остынет, это примерно через 6-8 часов. Нельзя ни в коем случае пить горячий или даже слегка теплый напиток. В один день надо выпить 4 стакана целебного напитка. Его можно приготовить заранее, потому что обычно напиток долго остывает. Мужчины должны пить напиток из белой шелухи чеснока с 10 по 20 числа любого месяца. А женщины могут это делать с 20 по 30 число. Ваша кожа скоро станет идеальной. Так что белую шелуху не выбрасывайте, а собирайте её. Она вам очень пригодятся для приготовления чудесной воды.


  434. Органикалык таза  жупка - даамы казанда бышкан нанга окшош экен.
    Хрустящие как чипсы.

    Нет описания фото.

    1. Жупка даярдап кундолук тамак ашка колдонуу бизде тоолуктар учун проблема деле эмес, болгону кобуроок даярдап алып сактоо жолдорун уйронушубуз керек экен.

  435. Биздин базарда бар экенби?

    1. Биздин базардан коро элекмин

  436. ОРЕХИ — БОРЦЫ С ХОЛЕСТЕРИНОМ

    Большое содержание пищевых волокон (6–7 %) в сочетании с другими полезными веществами снискало орехам славу борца с холестерином. Ведь пищевые волокна, набухая в ЖКТ, приобретают способность увлекать вместе с собой избыток холестерина, а также нежелательные организму вещества — продукты обмена веществ, включая желчные элементы. Кроме того, грецкий орех содержит насыщенные и жирные кислоты (6,2 %), моно-и дисахариды (3,9 %), крахмал (7,2 %), золу (2 %). Что касается витаминов, то ядра грецкого ореха содержат их в большом разнообразии и количестве.

    Прежде всего, следует отметить наличие витаминов группы В: В1 —0,39 мг, В2 — 0,12 мг, В5 —0,8 мг, В6 —0,8 мг, В9 —77 мкг, бета каротина — 0,05 мг, витамина А — 8 мкг, С — 7–10 мг, Е — 2,6 мг, К — 2,7 мкг.

    БЕЗВРЕДНЫЕ КАЛОРИИ

    Безвредные калории Грецкий и другие орехи обычно очень калорийны. Но никогда не упоминайте калории грецкого ореха со знаком минус, посмотрев на свои пышные бедра и предательски выступающий живот. Калории грецкого ореха не повредят ни талии, ни другим проблемным местам. И порукой тому высокая сбалансированность во всех составляющих грецкого ореха. Недаром И. В. Мичурин назвал орехи «хлебом будущего».

    1. Мыктыбек рахмат маалыматына, биз Кызыл-Ункурдо жангакты терип алганыбыз менен пайда коруу учун базарга сатып жиберебиз. Пайдалуулугун окуп жаратылыш тартуулуган азыкты дары катары жешти уйронушубуз керек экен.

  437. Ден соолук жана тиричилик үчүн пайдалуу кеңештер

    - Өтө кеч тамактануу ашказан рагынын пайда болуу коркунучуна алып келет.

    - Жумасына 4 жумурткадан ашык жегенге болбойт.

    - Майлуу тоок этин дайыма жесе болбойт, себеби ашказандын шишик оорусун пайда кылышы ыктымал.

    - Жемиштерди тамактан кийин эмес, тамакка чейин жеңиз.

    - Аялдардын айыз маалында күчтүү кара чай же кофе ичүүгө болбойт.

    - Эгерде эки айнек стакан кептелип калса, үстүңкүсүнүн ичине муз салып, экинчисин сыртынан ысык сууга салып коюңуз. Ысыктын таасиринен стакан кеңейип, ичкиси муздактан кичирейип чыгарууга оңой болуп калат.

    - Помидор жана цитрус өсүмдүктөрүн муздаткычка салууга болбойт. Алардын даамы жана жыты бузулат.

    - Соя сүтүн аздан колдонуу керек. Ага шекер же жумуртка кошпой ичиңиз.

    - Жүгөрүнү жумшак болушу үчүн тузсуз кайнатат.

    - Помидорду ачкарын жегенге болбойт.

    - Аквариумду тазалаганда суусун бөлмө гүлдөрүнө куйса, пайдалуу болот.

    - Өттө таш пайда болбошу үчүн эртең менен тамактын алдында бир стакан суу ичүүнү адатка айлантыңыз.

    - Уктаарга 3 саат калганда тамактануу туура.

    - Эгерде тамактын тузу өтүп кетсе, ага бир аз картошка кошуп коюңуз, ал тузду тартып алат.

    - Газдалган таттуу суусундуктарды аз ичиңиз. Себеби алар диабет жана гипертония ооруларын чакырат.

    - Желим контейнерди жабык сактоодо жыт пайда болуп кетпеши үчүн чымчым туз салып коюңуз.

  438. Саламатсыздарбы платморманын мучолору!

    Ала-Бука районунда долбоордун алкагында соолжан багып, биогумус ондуруу боюнча иштер журуп жатат.

    Узуну 18 метр туурасы 1,5 м келген траншея казып ичине азык субстратын салып, долбоор тарабынан колдоо катары берилген колифорния соолжанын салып кобойтуп жатабыз.

    Томонку суроттор биз аткарган иштерден кабар берет.

    Арадан 1,5 ай ичинде салынган тоют карайып соолжандар иштетип койгондугу корунуп турат.

    Буйруса органикалык таза азык ондурууго оз салымыбызды кошобуз.


    1. Адылбек ага аз убакыттын ичинде траншеяны даярдап, соолжанды кобойтуу  боюнча аткарып жаткан иштеринизде ийгиликтер болсун. Азаматсыз!

    2. Эн жакшы ишинизге ийгилик 

  439. АЛМА УКСУСУНУН ПАЙДАСЫ
    Табигый жыпар жытту алма уксусунун курамында көптөгөн биологиялык активдүү заттар бар, ал заттар микробторду жана адам ден соолугуна залакасын тийгизүүчү бакерияларды өлтүрүү жөндөмдүүлүгү бар.
    Тамак ооруга каршы.1/4 чыны алма уксусуна 1 чыны жылуу суу аралаштыруу керек. Бул аралашманы тамак оорунун биринчи эле көрсөткүчү пайда болгондо чайкоо керек — ооз көңдөйүндөгң баардык микробдорду жок кылат.
    Зарынага каршы (изжога).1 чай кашык алма уксус менен көп эмес өлчөмдөгү жарым чыны суунун аралашмасы жардам берет. Жаратылыш майын алмаштыруучу-антацид!
    Мурундун бутуп калышына каршы.
    Эгерде сиз өзүңүзгө суук тийгенин сезип мурдуңуз бутуп жатса: 1 стакан суу менен 1 чай кашык алма уксусун аралаштырып ичип алыңыз.
    Кычкылдын курамында А, В1, В2, В6, С витаминдери ошондой эле , алма, сүт, лимон кычкылдары кармалат..
    Бул заттар мурундун бутуп калуусунан жардам берет.
    Какачка каршы.
    Алма уксусу чачты чыңдайт, чачтын жылтырап туруусуна жардам берет. Ал эми уксус какачтарды жок кылат!
    1/4 чыны уксус менен 1/4 чыны сууну аралаштырып, башынызды тазалап жууп бүткөндөн кийин аралашма менен чайкап салыңыз.
    Аралашма менен чайкагандан кийин 15 минут кармап андан кийин жууп салыш керек. Бул ыкманы колдонгондон кийин какачтар жоголуп кетет.
    Карышууга (Судороги) каршы
    Карышуу көбүнчө калийдин жетишпегендигин күбөлөндүрөт. 2 аш кашык уксус менен 1 чай кашык балдын жана 1 стакан жылуу сууну аралаштыруу керек — жыйынтыгында уй шартында карышууга каршы аралашма пайда болот, ала аралашма организмдеги жетишпеген калийдин ордун толуктайт!
    Ал эми уксустун курамы магний, темир, фосфор, жез жана күкүрттөрду камтыйт.
    Териге байланыштуу .
    Эгерде териниз кытышып жагымсыз ынгай жаратса, жабыркаган жеринизди бир аз уксус колдонуу менен арылсаңыз болот.
    Грибокко каршы жана антибактериалдуу жана теринин ар түрдүү жабырлануусуна алма уксусу жардам берет.
    Сөөлгө Каршы (Бородавки).
    Вирустук сөөлдөн арылууга болот, кун сайын соолдун үстүнө алма уксусун сүйкөө керек.

  440. Бул айтыла турчу рецепт байыркы болгондуктан , аны көп ооруларга колдонуп келишкен. Мисалы, иммунитетти бекемдеп, кан басымды түшүрүп жана холестиринди азайтат.
    Бул рецептти даярдоо эӊ эле жөнөкөй.
    Дарыканалардан акчаӊызды коротуп ар кандай дары алгандын ордуна, үй шартында эле даярда алабыз. Болгону бул аралашманы 7 күн ичүү керек.
    Курамы:
    - майдаланган имбирь(200 гр)
    - сарымсак (1 зубчик)
    - алма уксусу (1 чоӊ кашык)
    - бал (1 чоӊ кашык)
    - лимон ширеси ( 1 даана)
    Жогорку ингредиенттерди аралаштырып, муздаткычта 5 күн сактоо керек.
    Бул аралашманы күнүнө 2 жолудан ичиӊиз. 1 чай кашыктан эртеӊ менен ачкарын жана тушкү тамакта 1 чай кашык ичиӊиз.
    Биринчи 3 күн ичинде өзүӊүздү жакшы сезе баштайсыз.
    Сиз өзүӊүздү абдан жакшы сезип, күчкө толуп, кан басымыӊыз жана холестирин нормага келгенини байкайсыз.
    Каалагандай дары-дармекти колдоноор алдында дарыгер менен кеӊешиӊиз.
    ИНТЕРНЕТ БУЛАГЫНАН АЛЫНДЫ

  441. Ашкабактын чийки болушу аябай дамдуу деп айта албайбыз, бирок ушул эле учурда аябай пайдалуу болот.
    Ашкабакты чийки кандай колдонуп, эффективдүү таасир кантип алаарды билбей жатсаӊыз, анда бул рецепт сиз үчүн.
    Чийки ашкабактын курамында Т витамини бар, Т витаминдин организмде жетишпегендиги метаболизмге алып келет. Жана ошондой эле арыктоодо, булчуӊдарды өстүрүүдө, тамак сиӊирүү системасын жакшыртууда, шалдыраганда, стресс болгондо жакшы жардам берет.
    Кыштын күнү чийки ашкабактын аралашмасын (коктейль) ичсеӊиз иммунитетиӊиз көтөрүлөт. Чийки ашкабакты күнүнө 0,5кг жесеӊиз болот. Ал эми бышкан ашкабакты 2 кг жесеӊиз болот. Чийки ашкабактан жасалган аралашманын рецепти:
    1. Сабиз 100гр
    Чийки ашкабак 150гр
    Йогурт 1 стакан.
    Даярдоо: сабиз менен ашкабакты блендерге чалып, аябай майдалайбыз. Йогурт менен аралаштырып ичсеӊиз болот. Каалооӊузга жараша бал же корица кошуп алсаӊыз болот.
    2. Чийки ашкабак 200гр
    Апельсин 2 даана
    Финик 2 даана
    Как же корица
    3. Чийки ашкабак 200гр
    Банан 1 даана
    Имбирь 2 чай кашык майдаланган
    Миндаль 30гр
    Корица 1 чай кашык
    4. Сулуу лапылдактары (овсяные хлопья) 2-3 чон кашык
    Чийки ашкабак 200гр
    Сүт 200мл
    Бал 1 чай кашык
    Корица 0.5 чай кашык
    Бул ингредиенттерди блендерге аралаштырып (коктейль кылып) ичиӊиз.
    Эгер арыктагыӊыз келсе, имбирь кошулган рецепти колдонуӊуз.
    Ал эми алдуу, күчтүү юолгуӊуз келсе апельсин кошулган аралашманы ичиӊиз.
    Жогоруда айтылган аралашмалардын бардыгы теӊ ден соолукка пайдалуу жана даамдуу.

  442. Жолдошова Мавлюда – айылдык кызмат корсотуучу  Хажир-Абад айыылы  Базар-Коргон району

                   Ал жашаган айыл райондун борборунан 15 км алыстыкта жайгащып, Озбекстан менен чектешкен айылдардын катарына кирет. Уй булосу органикалык  чарба жургузот. Уй булодо  5 адам бар куйоосу,2 кызы жана уулу. Коронавирус пандемиясынын шартында бир кундо эмне иштерди аткарды видеого тарткан. Видеону коруп кундолук тиричиликте тынбаган, балдары, уй булосу учун оз чарбасынан чыккан органикалык продукциялардан азыктуу тамак аштарды жасаган, алардын ден соолугу, келечеги учун  камкордук коргон  аялдын образын коруу корууго болот. 


    1. Пандемия учурунда улгу болотурган жакшы видео экен 

    2. Мавлюда эже азаматсыз, бир күндүк турмушунузду аябай жакшы чагылдырып бериптирсиз. Органикалык курттун баасы канча болот, мен алат элем.

  443. Бул видеодо  СПУ Алымов Адыл Ала-Бука районундагы Ала-Бука айылында соолжандарды чункурда органикалык калдыктар менен багып кобйтуп органикалык жер семирткич-биогумус ондуруунун устундо иштеп жатат. 

    http://youtube.com/watch?v=vka4onqVDMI

  444. ШПИНАТ – көрүү системиндеги оорулардын алдын алат. Анын курамынан В1, В2, D, С, Р, РР, К витаминдерин, микроэлементтерди, органикалык кычкылдарды, белок жана каротин-лютеинди табууга болот. Алсак, 100 грамм шпинаттын курамында 11 600 микрограмм лютеин болсо, 100 грамм сабизде бул көрсөткүчү 335 микрограмм гана. «Лютеин көздүн чечекейине, торчосуна эң керектүү зат. Күнүнө 50 грамм шпинат жеп турган адам көздүн тунарышын жана чаалыгуусунун алдын алат» дешет окумуштуулар. Бирок бул чөптүн курамында щавель кычкылы көп, андыктан ашказан кычкылы жогоруларга сунушталбайт.

  445. МИСТЕ – көздүн торчосу үчүн. Жаңгактардын баары минералдарга бай экендиги эч кимибизге сыр эмес. Алардын ичинен лидер катары бадам, грек жаңгагы жана пеканды санайбыз. Бирок пайдалуулугу жагынан мисте булардан ашып түшөрүн америкалык окумуштуулар далилдеп чыгышты. Алардын изилдөөсүнүн жыйынтыгына таянсак, мисте жез, магний, фосфор, калий, клетчатка жана пайдалуу майлардан сырткары, лютеин жана зеаксантин затына бай. 28 грамм мистеде 342 микрограмм лютеин жана зеаксантин бар экен. Бул көрсөткүч фундук менен апельсин ширесиникинен 13 эсе жогору. Бул эки зат көздүн булчуңдарын бекемдеп, картаюусунун алдын алууга көмөктөшөт. Андыктан күнүмдүк менюңузга 30 грамм мисте кошууну унутпаңыз.

  446. КАПУСТА – көздүн сыздап оорусуна жана кызарышына каршы. Бул жашылчаны диетологдор көбүрөөк жегенди сунушташат, бирок баарыбызга эмес. Ашказан кычкылы жогорулар абайлап колдонуусун эскертишет. Капустанын көз үчүн кандай пайдасы бар? Мейли шпинатпы, ак же кызыл капуста болобу, үчөө тең С, К жана Р, В1, В2, РР витаминдерине жана холин затына бай. С витамини цитрус мөмөлөрүнө караганда ачытылган капустада көп. Бул витаминдер көздүн кан тамырларын бекемдеп, кан айланууну жакшыртат. Жумасына 3 жолу 150 граммдан капуста жеп туруу сизге чың ден соолук тартуулайт.

  447. САБИЗ – көздүн тунарышына каршы. Эгер сиздин көзүңүз караңгылап, көз алдыңызда жылдыздар учуп, караңгыда жакшы көрбөй, конъюнктивит менен жабыркап жатсаңыз, анда организмиңизге А витамини (ретинол) жетишпейт деп эсептей бериңиз. Бул витамин көз торчосунун жакшы иштөөсүн камсыздап, түстөрдү кабылдоого жана аны мээге жеткирүүгө салым кошот. Күнүнө 300 граммдан сабиз жеп туруу сизге пайда алып келет.

  448. ГРЕЙПФРУТ – чечекейдин картайбашы үчүн. Бул жемиш организмге пайдалуу заттарга бай: С, А витаминдери, кальций, темир, марганец, калий, фосфор, фолий кычкылы жана В витаминдер тобу. Бирок көпчүлүгүбүз грейпфруттагы биофлавоноид заты тууралуу биле бербейбиз. Ал көздүн чечекейинин картаюусунун, сары тактын пайда болушунун алдын алат. Биофлавоноид мөмөнүн ичиндеги кесимдерди бөлүп турган ак чел кабыкта болот. Андыктан грейпфрутту ширесин сыгып ичпей, ак чел кабыгы менен жегениңиз оң болот. Офтальмологдор күнүнө же эки күндө бир грейпфрут жеп турууну сунушташат.

  449. ЧЕРНИКА – көздүн чарчабоосу үчүн. Бул жемиш курамына көзгө керектүү болгон бардык витаминдерди камтыганы менен өзгөчөлөнөт. Ал көздүн чыңалуусунан жана чарчоосунан сактайт. Анын курамындагы антоциандар капиллярларды жакшыртып, мындан улам көз булчуңдарына жана нерв клеткаларына керектүү азыктар өз убагында жетип, көздүн кан тамырларында кан айлануу жакшырат. Ошондой эле черника А жана С витаминдерине, антиоксиданттарга бай, ар кандай вирустарга туруштук бере алат. Андыктан күнүнө 1-2 аш кашык черника жемишин же андан жасалган кыямды жеп турууну адат кылыңыз.

  450. БАЛЫК – даана, курч көрүү үчүн. Диетологдор жумасына 2-3 жолу 300 граммдан балык жегенди сунуштап келишет. Муну офтальмологдор кош колдоп колдошот. Анткени балыктын курамында көздүн көрүүсү үчүн эң керек болгон май кычкылдары жана толук каныкпаган майлар бар. Өзгөчө Омега-3 май кычкылы.

    1. Дилзат эже, жакшы маалымат бердиңиз. Азыркы учурда омега-3 жаш балдарга үй бүлөлүк дарыгерлер аркылуу көп сунушталат, дары дармектерге акча кетирбей ден соолукка пайдалуу табигый тамак аш аркылуу витаминдерди алсак болот.
      Ар бир адам ден соолугуна карап балыкты: кууруп, бууга бышырып, духовкада кактап бышырып алса болот.

      1. Асылгул синдим, cоздорун абдан жакшы балык сатып алганда негизи эле озубуздун сайларда оскон балыктарды алсак Омега 3тун колому 10 эсе кучтуу болот.

  451.             Дыйкандарга кенеш созсуз окуп коюнуз

    Бизде коп дыйкандар картошка,буурчак, ж.б.у.с. айдап конуп алган.
    Же картошка мн буурчагын сата алышпай, жудоп какап отурушат..
    Эмне остурсом пайдасы мол болот деген дыйкандар да аз эмес болуш керек...
    Айыл чарба министирлиги деле ошону карап отурат.
    Маалымат жетишпегендиктен эл ушул багытта иштеп курап отурат.
    Мен бир кенеш берсемби деп ойлоп койдум.
    Солодка деген осумдук бар.
    Муну коп адам билбейт.
    А бирок солодка азыр Европа мн Америкада абдан пайдалуу осумдук болуп эсептелет.
    Эмне учун?
    Солодкада кант бар..
    Ар кандай кошулган канты жок тамак ашка колдонушат органика деп.
    Мисалы булочкалар,торт,кекс ушундайлар ошол солодка мн жасалып калды.
    солодка дем алганга да жакшы женилдик берет,аны даары катары колдонушат.
    Бизде остурулгон солодка баалуу болот.
    Эмне учун баалуу болот?
    Бизде климат ошого ылайыктуу.
    Кышанда суук, жайында салкын..
    Бийиктик да таасир берет.
    Мисалы биздин жерлер бери жагы 1600 м жайгашкан..кээбир жерлерде 3400 метр.
    Осумдук осуп кетиш учун, ошол климат менен курошуп чыйралат,анан осуп чыгат..
    Даамдуулугу ,пайдасы да коп болот.
    Солодканын 1 кг 100 рубль.
    Картошка остуруп 5 сомго саткандан коро, солодка остурсо канча пайдалуу болот.
    Настойка жасаса андан да сонун болот..
    50мл 30рубль.
    Ушул багытка дыйкандар конул бурса, дурус болот беле дейм.
    Албетте дагы маалымат алып, кантип остурот, кантип кургатат, кантип настойка жасайт, баарын уйронуп алуу керек..
    Маалымат мн болушуп койгула.башкалар да окуп билип алсын..
    P.S. Биздин климатта оскон осумдуктор,тоолу аймакта жайгашкан учун ото баалуу болот,курошуп осуп чыккан учун..Суубуз да тап таза..аба таза..бир завод фабрика жок..
    Негативный маалымат кирбейт..
    Ошондуктан коп нерсе остурсок болчудай ..
    аз,бирок баалуу..
    Дагы толтура осумдуктор бар, тоо карагат, ромашка,гвоздика, женьшень ж.б.у.с. толтура осумдукторду остурсо болот.
    Колум бошой калса эле Элиме билгенимди болушкум келет..
    Бир бирибизге жолок таяк болуп,кол кармашып кетсек сонун болоор эле..тилеке каршы ошондой болбой жатабыз чалкалап..улам бир жомокту угуп..
    Кыргыздын дыйкандары,даары дармек мн, ар кандай сапаттуу осумдук мн дуйнодогу базарда оз орду бар..жердин шарты ошого ылайыктуу..
    Созсуз картошка остуруу кажет жок..натуральный дары остургонго кажет бар..

    1. Дилзат эже, жакшы кеңеш менен бөлүштүңүз, кошулам. Ютуб каналында бир даары чөптөрдөн даары жасаган бир аял бар, ошол ар дайым какшап айтат, эшигиңердин алдында өскөн ар бир отоо чөптөрдон кургатып даары дармек жасап алгыла деп. Колубузда турган нерсени колдонбой даары дармек алганы аптекага шашабыз. Баардык дарыларды даярдай албайбыз, ошентсе да колубуздан келгенин жасап алсак болот

      1. Асылгул синдим, комментарийинге алкыш туура айтасын эшигибиздин астында эле биздин табыйгый даарылар жайнап осот.

    2. Дилзат саламатсынарбы,абдан туура жана пайдалуу чакырык.Мен Колдон болом 11 жыл аралыгында дары чопторду остуруп жана остуруудон кургатып сатууга чейинки жолдорун окутуп уйротуп келем,кызыкдар болсонуздар кайрылгыла телефон:0702918580

  452. Жангак же жангак дарагынын адамга берген пайдасы зобду элдик ыкмада дарылоо.
    Азыр жаңгак коро көк убагы , ошодон терип жууп 1 литр банкага чоң болсо 6 -7 шт , майда болсо 10 шт жанчып ичи көрүнөт , банкага салыныз жана үстүнө бал куюп караңгы жерде 40 күн сактаңыз , даяр болсо аралаштырып
    Күнүгө 1 маал чай кашыкта ичиңиз
    Ошол эле 1 литр банкага жаңгакты жарып биринчи катарга жаңгак анан кумшекер , анан жаңгак ,кумшекер болуп банканы муздаткычта 21 күн сактаңыз , аралаштырганча турасыз
    Күнүгө 1 маал чай кашыкта ичилет
    Жаңгак ортосундагы кабыкчасын 50 -70 гр + 250 гр аракка тундуруп , чайпап турат караңгы жерге коюлат .
    1 маал чай кашык ичилет
    Туздуу суудан компресс
    1 литр кайнатылган сууга 100 гр туз салып кебезди синдирип сыгып түз жатып жылуу тамакка тартып жатыш кк канча көп жатсаңыз жакшы таасир берет
    Кызыл пиязды майдалап тамакка тартып үстүнөн жылуу байлап жатасыз бул да жөнөкөй ыкма болуп эсептелет
    Оорубаныздар....

    1. Менин да зобум бар, 1жылдан бери дарыланып келем. Ушул рецепти мен да уктум эле, азыр жасаса болобу же кеч болуп калдыбы?

  453. Өндүрүлгөн дан - тирүү азык катары баалуу
    Өндүрүлгөн дан же болбосо, заманбап тил менен айтканда, спраут – бул өз ден соолугуна жана келбетине кам көргөндөрдүн азыгы. Бүгүнкү күндө жер шарынын миллиондогон калкы аны “тирүү азык”, “жаштыктын эликсири” деп атап, менюларына кошуп келишет. Өндүрүлгөн дандын өзүн жегенге жана аларды салат, шорполорго кошууга болот.

    ЭМНЕЛЕРДИ ӨНДҮРСӨ БОЛОТ?
    Дан азыктарынан буудай, сулу, арпа, гречка, буурчактын түрлөрүн, беде, пияз, шалгам, күнжүт жана башкалардын уруктарын, күн карама, ашкабак данектерин, грек жаңгагын өндүрүүгө болот. Дан, урук, данектер өнгөн соң 10 сантиметрге чейин өскөнчө пайдаланууга болот. Андан кийин айрымдарынын сабактары катып, ширеси ачуу даамданып, кыйгыл боло баштайт.


  454. ӨНДҮРҮЛГӨН ДАН ЖАНА УРУКТАРДЫН ПАЙДАСЫ
    – Зат алмашуу процессин жөнгө салып, ичегилердин жана ашказандын иштөөсүн жакшыртып, организмден уулуу заттарды, шлактарды айдап чыгарат.
    – Организмди пайдалуу минералдар, ферменттер менен камсыздап, чыңдайт жана тонуста кармайт.
    – Кан басымды нормалдаштырат.
    – Иммунитетти бекемдейт.
    – Кандагы холестериндин деңгээлин жөнгө салып, канды жана боорду тазалайт, арыктоого мыкты жардамчы.
    – Чачтын жана теринин сапатын жакшыртат.
    – Аллергиясы барларга, кант диабети менен жабыркагандарга табылгыс азык.
    – Өндүрүлгөн азыктардын курамында хлорофилл көп болгондуктан, рак клеткаларынын өсүүсүнүн алдын алат.
    – Бөйрөктү тазалайт, заара чыгаруу системин бекемдейт.

  455. КАНТИП ӨНДҮРҮҮ КЕРЕК?
    – Даны бүтүн (кетиги жок), дарыланбаган данды же урукту тазалап, таза жууп, 7-8 саат муздак сууга чылап коюу керек. Суусун төгүп, таза суу менен чайкап, андан соң түбү тегиз идишке тегиздеп салып, бетине дакини (марля) жаап, шамал жүрбөгөн жерге сактоо керек. Кургап кетпеши үчүн күн сайын бир маал бетине муздак суудан бир аз сээп туруу шарт. Өндүрүлгөн дан 2-3 күндөн кийин пайдаланууга даяр болот.
    Дамира Арстанова



  456. Cаламатсынарбы,  элибизге келген кара тумоо баарынын мумкунчулугун чектеп, уйдон чыкпай отурганга мажбурлады. Ал аз келгенсип негизги эгинибиз кайнаалы гулдоп жатканда кар жаап быйылкы момодон кол жуудук. Ошентсе да  барына каниет кылып, аз аздан колубуздан келген аракеттерди жасап жатабыз. Мурда да жазып болуштум эле Жайка долбоорунун алкагында табигый таза азыктарды даярдоого сертификат алганбыз, сатып беруу жагын долбоор оз мойнуна алган. Берген буйрутмасына ылайык продукция жасап жатабыз. Жасалган азыктын аталышы: Карамелдеги жангак

    1. Азаматсыздар ата мекендик ондуруш эн мыкты 

  457. Cаламатсынарбы урматтуу айылдык кызмат корсотуучулор.

    Аткарып жаткан иштеринерди платформадан коруп аябай сыймыктандым. Айыл элинин тамактануусун жакшыртууда ар бирибиздин салымыбыз бар.

    Мен да карантиндик шартта "1 айыл -1 продукт" деген Жайка долбоорунун алкагында табигый таза бал менен продукция даярдап жатамын. Бул суроттон  мен жасаган продукцияны коро аласынар.


    Карантиндик шарт биздин ишибизге тоскоолдук жаратты. Бул 10 майда даярдаган продукция.

    1. Ишинизге ийгилик кунунобу же айынабы канча кг жасайсыздар?

  458. Уже поспевают черешни. Настал момент подкрепиться витаминами. В черешня содержится витамин С.
    Доказано, что черешня полезна, потому что:

    Способствует выведению лишней жидкости из организма;
    Укрепляет ткани и сосуды;
    Способствует обновлению крови;
    Оказывает мягкое гипотензивное действие;
    Обеспечивает лёгкий противовоспалительный эффект;
    Улучшает работу пищеварительной системы;
    Укрепляет нервную систему;
    Способствует регенерации тканей костно-мышечной системы;
    Нормализует метаболические процессы в организме;
    Восстанавливает баланс железа в организме.

    1. Выглядят сочно! А вы заготовку делаете из черешни?

  459. Органикалык шампунь 

    Чач тушуп өтө жудотот , жада калса тараштан да коркуп каласың , жаздыкка түшкөн чачты көрсөң зеенин кейийт...
    Интернеттен көрүп элдик ыкманын экоосун жасап көрдүм .....
    # Ачуу калемпир + арак
    # жумуртка + кастор май +бал
    Болбоду ....
    Анан ойлонуп отуруп балалыгыбызда чоң апа , энелерибиздин чачпак тагып эки өрүм чачтарын эстеп узун , кою болуп жургонунун себебин дароо эле таптым , ооба айран ....
    Мен бирок айранга жуубадым , сары суусун атайын топтоп ошого биринчи жууп артынан баягы шампундар м-н эле жууп койдум , дароо эле билинбейт бирок сабыр м-н жууп журсонуз назик араң жүргөн чач жоноргону билинет калындашат жана тушусу азаят ...
    Менин сунушум айрандын көк суусуна жуусаныздар чач түшүүсү азаят .....

  460. Суунун касиети ....
    Сапардан кайтсаныз - энелер башыңдан суу айлантып чачкандын себебин билесизби ????
    Жөнөкөй суу болгону м-н өзүнө сиңирип тазалоочу касиети өтө күчтүү болуп эсептелет .
    Ошол башыңардан айлантып жатканда айтылган сөздөр : жаман көздөн , жаман сөздөн сактагын , бөөдө кырсык ,оорудан алыс бол деп айтылат ошол учурда сендеги терс , кара энергиялар сөзсүз түрдө суу м-н кетет , бул катуу ишеним м-н айтылган үчүн сөзсүз аткарылат ...
    Окумуштуулар сууга кандай сөз айтсаң ошону кабыл алаарын далилдеп чыгышкан буларга өтө фактылар бар , ишенбесеңиз интернет булактарынан суунун касиети деп издеңиз , өтө көп буга далил мисалдар көп. .
    Дагы бир аалым шаардагы суу трубаларынан чыккан суу терс , кара энергиялуу болуп адамга сөзсүз таасир кылаарын далилдеген , себеби ал суу күндү көрбөйт , караңгы жерде , шаардагы ызы - чууну бүт өзүнө сиңирип алат экен , мындай сууну кантип колдонуу кк , идиштерге куюп алып мүмкүн болсо бөлмөдө тынчтык , жай кулакка жагар сөздөр сүйлөнүп , жагымдуу музыка , же Куран сурөөлөрунөн коюп койсо тазаланарын айтышкан ....
    Жөн жерден тоодон түшкөн дарыяларды дары ,бышкан суу деп айтышпайт , себеби күн нуруна , таза аба , куштардын сайраганын , жыпар жыттуу өсүмдүк , чөп , гүлдөрүн жытынан өзүнө сиңирип алып дарылык касиетке ээ болот .
    Алтын , күмүш чыккан дарыяларды дарылыкка ичсе эң сонун организмди тазалоочу болуп эсептелет ...
    Ар жердин суусунун даамы ар түрлүү , ошол климатка жараша өзгөчөлүгү м-н айырмаланып тураарын баарыбыз билебиз ..
    Ошондуктан жасалма суусундуктарды элестетип көргүлө эми , химиялык боегуч , кошулмалар м-н жасалган кандай организмге таасир берээрин билиңиз ......
    Ошондуктан аккан сууларыбызды таза кармайлы .
    Убакыт таап жайлоого чыгып организмди жөнөкөй болуп көрүнгөн мөңгү суулар м-н тазаланып. , жаратылыштан энергия , куч топтоп өзүбүздү өзүбүз тазалайлы .
    Эрте м-н туруп колго суу алып ошол сууга тилек айтып тазаланайын оорубайын , шыпаа бол деп ичсеңиз сөзсүз жыйынтык берет ....

    1. Дилзат саламатсызбы.
      Туура жаздыныз! Суу бул биздин байлыгыбыз.
      Турмушта озум коргом 2007-2008 жылдары иш сапары аркылуу кээ бир себептер менен Узбекистанда барып калдым.
      Аякта жергиликтуу элдер, аялдар лай жана булганган бир топтолгон суудан идиштерине алып жатыртыр.
      Анан менен булар кыйынчылык менен мал - кой суугарат кенда десем. Жоок дейт бул элдин ичимдик суусу деб айтышты. Мен бул абалды коруп ото жаман болдум. Элдер кандай суу ичиб жашашат. Бизде болсо таптаза суу, Кээде булак сууларын ичебиз. Ушул табыйгый байлыгыбызын кадрын тушунуп абайлайлы, этият кылалы!
      Мен да сууну кадырлап исирап кылбай балдырыбызды да сууну асрап колдонууну уйротого - "ЗА" дейм!

      1. Саламатчылык Алишер, абдан жакшы тилектеш экенбиз рахмат.

    2. Туура айтасыз. Адамзаттын жашоосундагы эң маанилүү рол суу болгондуктан ага айар мамиле жасап, сарамжалдуу пайдаланышыбыз керек.

      1. Рахмат суу жонундогу ойлорунузду болушконунузго

    3. Туура айтасыз. Адамзаттын жашоосундагы эң маанилүү рол суу болгондуктан ага айар мамиле жасап, сарамжалдуу пайдаланышыбыз керек.

  461. КУУРДАК
    Кыргыздын атам замандан бери улуттук тамагы. Бул тамак дүйнөнүн көп элдерине таралган. Жасалыш жолу боюнча «куур» - «жарить» - сөз жасоочу -лак мүчөсүнө туура келет. Кыргыз, казак, өзбек, ногой, уйгур тилдеринде куурдак // ковурдак // кордак // каңырдак эт, пияз, сарымсак, калемпир кошулуп майга куурулган тамакты билдирет. Бул сөз аркылуу карачай, балкар (кьуурдакь), крым, татар (каурдак), караим (кувурдак), чуваш (кавардак) тилдеринде (сызык) маанисин берет (Отаров, 1983, 53—44).

    Жогорудагы тилдерде куурдак маанисин кьууурма // кавурма сөздөрү билдирет (Курышжанов, 1970, 154; Отаров, 1983, 53). Түштүк диалектиде да «куурма» куурдак маанисинде колдонулгандыгы маалым (Юдахин, 1965, 455).
    Монгол тилдеринде хуурга «блюдо из поджаренного мяса» деген маанини билдирип, бул сөздүн этимологиясы түрк-монгол этиштик негизи «куур» менен байланыштуулугу далилденет (Сыдыков, 1984, 60).
    Кыргыздар колдонгон куурдактын тоңдурма куурдак, сарыктырма куурдак, куурулган козу, төө куурдак, кара куурдак, солкулдак сыяктуу түрлөрү кездешет.
    Бул сөздү орус эли да өздөштүрүп, «кавардак» түрүндө кабыл алып, окрошканын бир түрү маанисинде (Шипова, 1976, 148) жана кыргыздын - «кара куурдак» маанисинде («кавардак без подливки и гарнира (кусочки мяса жаренные в жире) өздөштүргөн (Юдахин, 1965, 455).

    1. Дилзат эже саламатсызбы! Куурдак жакшы көрүп жеген тамактардын бири, андыктан мындан ары куурдак тамагын жасап тартканда анын маанисин кошо айтып тартабыз, баарына кызык болот деген ойдомун.

  462. Куурма тамактардын көпчүлүгүн кыргыз эли кийинчерээк өздөштүрүп, алардын көпчүлүгү орус кулинардык өнөрүнүн таасиринде болуп келди. Аларга жаркөп, куурулган картөшкө, жашылча куурма, куурулган пияз, куурулган капуста, куурулган жусай, куурулган түрп, куурулган колбаса, куурулган жумурткалар кирет.
    А.Жапанов
    Куурдак (кирг. куурдак, каз. қуырдақ, тоҷ. қавурдоқ, туркм. gowurdak, узб. қовурдоқ, уйг. قورداق,, қордақ — букв. зажарка) — традиционное жаркое у казахов, киргизов, таджиков, узбеков и туркменов из мяса или субпродуктов и лука. Название происходит от киргизского слова кууруу, казахского куыру или узбекского слова qovurish, что значит жарка.
    Рецептов куурдака множество. Общей особенностью всех куурдаков является обжарка кусочков мяса.
    В киргизском варианте обычно используется мякоть мяса и лук. Куурдак сравнительно быстро готовится, поэтому его обычно готовят когда надо быстро подать блюдо — если гости торопятся уходить или перед тем как будет готово основное блюдо бешбармак. Куурдак может быть приготовлен только из мяса (без лука), в таком случае он называется «Кара куурдак». «Тоңдурма куурдак» ("застывший куурдак") готовят в качестве своеобразных консервов. Для этого мясо режут небольшими кусочками, тщательно обжаривают его в большом количестве перетопленного нутряного жира, добавляют лук, чеснок и заполняют готовым куурдаком кутырь (обработанный и высушенный в виде сосуда желудок). Мясо заливают жиром, горловину кутыря крепко завязывают и своеобразная консервная "банка" готова. Мясо не соприкасается при хранении с воздухом, а жир служит отличным консервантом. В условиях сурового климата высокогорья такое блюдо наиболее оптимально подходит для консервации и длительного хранения. Такой куурдак берут с собой в длительные походы или во время перегона скота на летние и зимние пастбища. Эту удобную форму консервации можно использовать при быстром приготовлении первых и вторых блюд, добавлять к нему картофель, рис, овощи и другой гарнир. По сути это один из первых полуфабрикатов длительного хранения, превзойти который люди смогли лишь в начале 19 века изобретя герметичную консервную банку. В противоположность тондурма куурдаку на жире, куурдак приготовленный на жидком растительном масле называется "сарыктырма куурдак".

  463. В казахском варианте (куырдак) обычно используется ливер (почки, печень, нарубленные лёгкие, сердце, селезёнки). В современной кухне в целях придания блюду большего объёма часто добавляют также овощи — картофель, морковь, тыкву. Иногда добавляют мясо птицы и казы. Сначала жарятся субпродукты а при полуготовности добавляется и тушится картофель, чаще всего нарезанный кубиками. В готовом блюде может оставаться некоторое количество очень густого бульона.
    Слово «кавардак» (беспорядок) в русском языке происходит из тюркского слова «куурдак» или «куырдак». Русские люди кавардаками также называли различные крошева из всяческих остатков. Hа Волге кавардаком называли пшённый кулеш с мелко накрошенной рыбой, туляки нарекли этим словом капустную солянку с толчёными сухарями, под Оренбургом кавардак — картофель, тушённый с луком и мелко порубленным мясом.

  464. Эски, бийик бойлуу, классик алма бак

    Буталып, дарыланып сезонго даяр болгон бак.
    Бактын шактары асты жагынан 1,5 метрден 4,5 метрге чейинки мейкиндикти бир калыпта, бирдей жыштыкта ээлген бак. Шактардын арасынан чымчык учуп өтө алат.
    Ошондуктан мөмөлөрү бирдей өлчөмдө болгон түшүм берет. Жыл сайын гектарынан 50...60 тонна сапаттуу алма берет.
    Бактын тагдыры багууга жараша болот. Бакты кароо тынымсыз эмгекти талап кылат. Ошого жараша сөзсүз түшүмү менен ыраазычылык билдирет.
    Тазалык - бактын негизги талабы! Жазгы жамгыр бакты жууп жатат.
    Бакка сууну алма гүлдөп, гүлүн төккөн соң бериңиздер, кадырман багбандар!
    Биз менен дайыма бирге болуңуздар!

  465. ЭЖИГЕЙ
    Эжигейди көбүнчө койдун, кээде эчкинин жана топоздун сүтүнөн жасайт. Эжигейдин негизи — уютку. Аны койдун кара уузун саап алып, жылуу кезинде курчуган айрандан уютку салып, козунун таза жуулган жумурунун туюк учуна куюп, оозун бек бууп, 2—3 күн көлөкө жерге илип коёт. Кара ууз уюп, сары суусунан бөлүнүп калат. Аны кургатып алса жыл бою уютку болот.
    Эжигейди жасаш үчүн койдун нак сүтүн казанга куюп, от жагып, жылымык болуп келгенде, эзилген уюткуну салат. Сүт заматта калдайып уюп чыгат. Уюусу жеткенде отту күчөтүп, сары суусу такыр соолгонго чейин аралаштырбай кайната берет. Бышканда өңү саргыч ак тартып, сай-сай болуп калат

    Даярдоо
    Алгач ууз эмгек козунун жумурун тазалап алып, аны жакшы уюган айранга салып, жылуу жайда эки, үч күнгө чейин быжылдаганча, абдан ачытат. Андан соң койдун сүтүн чоң казанга толтура куюп, ага ачытылган жумурду эзип салат да, табына кол күйбөгөндөй от коет. Бир-эки саат аралыгында сүт уюйт. Эми ушул учурдан баштап, отту балбылдата күчтүү жага баштайт. Ошондо уюган сүт ирип, суусу өзүнчө, коюусу өзүнчө бөлүнүп калат. Бул беш-алты саатка бышырылат да, андан соң суусун бөлүп алат. Аягында, чыпташкан, даамы абдан таттуу, сапсары өңдүү эжигей пайда болот. Быштактай болуп калганда алып , күнгө коюп кургатат. Кургап калган эжигейди бычак менен кесип жей берсеңиздер болот. Бышаарына жакын камырды басым көлөмүндө томолоктоп бөлүп, ортосун жакшы бышыруу үчүн оюп туруп, казанга салып кошо бышырат.
    Эжигей
    Необходимые продукты:
    Молоко овечье - 10-15 литров
    Закваска - 50-100 г.
    Эжигей готовят из овечьего, иногда козьего молока.
    Основное условие для приготовления этого продукта - правильно приготовленная закваска.
    Приготовление закваски: в овечье молозиво налить немного айрана, наполнить им промытый бараний сычуг, завязать и повесить в прохладном месте. Через 2-3 суток закваска готова.
    Получившуюся массу высушить.
    Закваску можно хранить длительное время.
    Овечье молоко налить в казан, поставить на слабый огонь и, когда оно подёрнется плёнкой, положить закваску. Молоко моментально начнёт сворачиваться.
    Кипятить, не помешивая, до тех пор, пока не испарится вся сыворотка.
    Чтобы масса не подгорела, на дно казана кладут несколько стебельков чия.
    Готовый эжигей желтоват, рассыпчат.
    Подать, заправив сливками.
    Из ингредиентов данного рецепта получается 2-3 кг. эжигея
    Примечание: эжигей готовят в основном весной, летом и ранней осенью специально для большого количества людей
    Эжигей с мясом
    Необходимые продукты:
    Молоко овечье - 15 литров
    Закваска - 100 г.
    Мясо с костями - 2-5 кг.
    Соль по вкусу
    Молоко поставить на огонь, когда оно подернется пленкой, положить закваску.
    Как только молоко начнёт сворачиваться, опустить на дно казана посоленное свежее мясо с костями.
    Варить до готовности.
    Мясо вынуть, разделить на порционные куски и подать вместе с эжигеем.
    Примечание: эжигей с мясом - деликатес, его готовят для самых почётных гостей

  466. Суу биздин жошоо булагыбыз, андыктан сууну сарамжалдуу пайдалануу ар бир адамдын милдети. Толук кошулам эң жакшы тема.

  467. Долбоордун алкагында окуудан өткөн бенефициарга бадыраң өстүрүп бердим.

    1. Азаматсыз, органикалык чарба жүргүзүүну туура жайылтып, элге туура маалымат берип жатканыңыз көрүнүп турат. Ийгилик.

    2. АЗАМАТСЫН, ОЗУН БИЛГЕНДИ БАШКАЛАРГА БОЛУШУП УЙРОТУУ, ЖАРДАМ БЕРУУ ОРГАНИК АЙЫМДАРДЫН КОЛУНАН КЕЛЕТ

  468. Менде бир көйгөй пайда болду, клубниканын жалбырагын бир курт жеп жатат, бирок издеп тапкан жокмун, карап көрүп кеңеш берип койсоңуздар.

    1. Асел кулпунайды жакшылап карап кор, жалбырагын жей турган зыянкечтердин турлору бар, бул балким конуздар, же жалбырак бурагычтар, жалбырак жегич кулпунайдын курттары. Алдын алуу чаралары тез-тез астын чаап, топуракты аралаштырып туруу керек, анан фитоверм био препаратын чачып тургула. Элдик ыкмалардан отундун кулун чачып тургула, каоемпир тундурмасын чачкыла

      1. Рахмат, байкап көрүп, сиздин сунушуңузду колдонуп көрөйүн. Жыйынтыгы менен бөлүшөм. Гүлдөө фазасында отундун күлүн чачканбыз.

  469. Органикалык жол менен өндүрүлгөн аш кабак гүлдөй баштады.

  470. Органикалык таза продукция өндүрүү жакшы жүрүп жатат, бадыраң гүлдөй баштады.

  471. Бир эки күндөн кийин байлайбыз.

  472. Биздин чакан бакчада Анар да бар, азыр гүлдөп жаткан убагы. Анардын пайдасы жөнүндө кыска маалымат менен бөлүшкүм келди. Анардын курамында организмге жакшы жардам бере турган витаминдер, минералдык заттар, туздар жана микроэлементтер көп. Анда клетчатка, глюкоза, фруктоза, лимон, алма кычкылы, азоттун кычкылы, кальций, магний, калий, марганец жана натрий бар. Анарды шире, кыям, сироп, шарап жана балмуздак түрүндө жесе болот. Калориялуулугу: 100 г анар маңызында 62-79 килокалорий бар · 100 г анар ширеси 42-65 килокалорийге барабар болот. Анар ширеси табитти жакшыртат.

    1. Ушул анар гулдоп жаткан мезгилде аарыларды кызыктыра турган сироп жасап (кум шекер+суу) чачып турсанар чандашуусу жакшы болот, анан гулдоп буткондо Амблисейус кенелерди Сузак лабораториясынан алып тегерегине чачып койгула, анардын зыянкечтери гулдоп бутуп момо байлаганда учундагы бощ жерине толуп алышат, ошого пайдалуу. Анар гулдогондо астына органикалык азык салгыла, канчалык азык коп болсо момосу тушумдуу болот жана даамдуу, ширин болот. Менинда анар багым бар эле чон атам эккен, азыр жок болуп бир эле туп калды. Келечекте анар бак кылайын деген ойум бар себеби анар тушумдуу келип илдет жана зыянкечке туруктуу келет экен, базарда кымбат. Фермерлер кобунчо кокон гилас, алма, шабдалы бак тиккени кызыгат экен, алардын баары анардай киреше бербейт, кароосу да огой, аз суу ичет.

      1. Көп гүлдөрү түшүп калды, эмнеден болот?

  473. Бир кеңеш курттарды түшүрүү үчүн: 1даана анардын кабыгына 400гр суу куюп, жай отто 200гр калгыча кайтартып алып муздагандан кийин тундуруп алып 1чай кашыктан эки маал тамактын алдында 30мин мурун ишиш керек. Бир ай такай калтырбай ичсеңиз организмдеги курттардан арыласыз. Мен балама берип жүрүп бетиндеги курттун кесепетинен пайда болгон ак тактардан арылдык. Оозу да жыттанбай калды. Баса даяр болгон даарыны холодильникте сактоо зарыл.

    1. Колдонуп коробуз, Рахмат.

  474. ТАБИГЫЙ ДАРЫЛАРДЫ КОЛДОНУУ ЖЫЙЫНТЫГЫ УЗАК БОЛГОНУ МЕНЕН АПТЕКАНЫН ДАРЫЛАРЫНАН АЛДА КАНЧА ЖАКШЫ.

  475. Ак буудайдын наны ар бир үй-бүлөнүн дасторконун көркүнө чыгарып турсун ылайым!
    Клейковинасы 32 % ке жеткен "Дордой 16" сорту себилген буудай жакшы болот экен.
    Казактын будайынын клейковина көрсөткүчү 22...24 %. экен

  476. Үйдө жасалган быштак ( сыр )
    Казан толо сүт бышырып жатып иритип алдым ,мурунку күндөн калган сүт бар болчу , муздаткычта турган барибир кычкылданып калган экен , 10 л ден ашык сүт ирип маанайым түшүп анан кайра быштак болот деп оттон чыгарып дароо эле сузгучтон өткөрүп жука кездемеге түйүп суусунан ажыраттым , 2- 3 сатта сарыгып курук болуп калды ошол эле кебезди катуу түйүп быштактын көлөмүнөн кичине идишке батырып салдым . Катуу , формага келүү үчүн үстүнөн оор бастырып койдум .
    2 күндөн кийин идиштен чыгарып туздуу сууга( сырткы кездемеден чыгарып) быштакты кайра салдым , тузду өзүнө сиңирип даам бериш үчүн .
    1сутка толук турду , кургашы учун муздаткычка салып' анан 2 - 3 саатка бөлмөдө тарелкада турду .
    Сырдын тусундой сары ,сырты катуу болгону билинет .Быштакты ( сырды ) үйдө ушинтип жасап жесе болот
    Нак сүттөн болгон үчүн сүт куюлган өпкөнүн , олобонун даамы болуп калат экен !!!!!
    Уй быштагында күкүрт , фосфор ,калий , кальций түрлүү витаминдер бар ....
    Күкүрт кант диабетинде холестеринди нормалдаштырып берет
    , зат алмашуу процесстерин жөнгө салат
    Фосфор - сөөк , булчуңдарды өзүнө келтирүүдө ( формирование ) , белок синтездоого керек
    Калий жүрөк кан тамырларына
    Кальций сөөк , тишке тырмакка керек заттар м-н камсыздайт
    Сүт жана сүт азыктарын көбүрөөк пайдалансак жаш өткөн сайын керектүү заттар , витамин , минералдар м-н денени калыбына келтирүүгө салымы чоң , андыктан сут , айран ,сүзмө , быштак ,каймакты күнүмдүк тамагыбызга сөзсүз болуп жеп ичишибиз шарт
    Оорубаныздар ...Урниса 

  477. КУШАЙТЕ ЧЕСНОК
    ИЛИ 33 ПОЛЕЗНЫХ СВОЙСТВА ЧЕСНОКА
    1. Способствует лечению атеросклероза.
    2. Помогает снизить уровень холестерина.
    3. Снижает кровяное давление.
    4. Помогает при подагре.
    5. Помогает при лечении и профилактике гриппа и инфекций дыхательных путей.
    6. Предотвращает рост и распространение бактерий.
    7. Помогает при лечении туберкулеза.
    8. Используется при лечение гнойных ран.
    9. Помогает лечить трихомониаз (инфекция, передающаяся половым путем.)
    10. Стимулирует обмен веществ.
    11. Предотвращает развитие рака: кишечника, желчного пузыря, прямой кишки, молочной железы, простаты.
    15. Помогает пищеварению.
    16. Растворяет сгустки крови.
    17. Повышает аппетит.
    18. Убивает глистов и паразитов.
    19. Помогает лечить катаракту.
    20. Помогает лечить артрит.
    21. Помогает лечить диабет.
    22. Помогает лечить стафилококковые инфекции.
    23. Избавляет от зубной боли.
    24. Лечит акне.
    25. Убивает бородавки.
    26. Помогает лечить лишай.
    27. Помогает при лечении фурункулов на коже.
    28. Оказывает успокаивающее действие на кишечник.
    29. Фитонциды в чесноке используются для лечения астмы, хронического бронхита, коклюша.
    30. Помогает при бессоннице.
    31. Замедляет процесс старения.
    32. Подавляет рост диплоидного грибка (Candida Albicans.)
    33. Укрепляет иммунную систему человека.
    ИЗ ИСТОЧНИКОВ ИНТЕРНЕТА

  478. Аксы районундагы  Кулук Добо айылынын органикалык чарба жургузгон фермерлердин координатору Айткулова Жылдыз оз чарбасындагы малдардан жана осумдук калдыктарын сыртка чыгарбай компостоо жолу менен чириндиге айландырууда коптогон жакшы иштерди жасап жатышат. Окутуудан алган билимдерин практикада колдонуу менен фермерлерге улгу болууда.

    Бул видеодо компост даярдоо боюнча аткарып жаткан иштери менен болушкон.

    Бул шилтеме менен видеону коро аласыздар:

    https://www.youtube.com/watch?v=f6xSt5m8nMo

  479. Органикалык жол менен өндүрүлгөн бадыраң түйүп баштады.

  480. Бадыраңдын ылдыйкы 1-2 жалбырагына бир чиймелер пайда болуп калды, эмне кылуу керек?

  481. Этот вредитель называется минёр-это личинки двукрылых насекомых, которые относятся к роду Liriomyza. Они прогрызают ходы в листьях и становятся серьёзной проблемой на различных овощных и декоративных культурах.
    Можно бороться с ним при помощи соляного раствора с разбавленным перцем.
    Посмотрите может ещё будут предложения по уничтожению.

  482. 30-май 2020-жылы Аксы районундагы Кулук-Добо айылында айылдык кызмат корсотуучу Айткулов Апсаматтын аткарып жаткан иштерине мониторинг жургузуу учун улуттук координатор Кудайбердиева Гулзада, тренер катары мен бардым.

    • Органикалык кайналы остуруу боюнча 1,20 га кайналы багында иштер журуп жатат, кайналынын тушуму орто, себеби акыркы жааган кар коп жылдык момолуу дарактар гулдоп жаткан учурунда тушумго таасирин тийгизди.
    • Жердин асылдуулугун жогору которууго колдонуу учун оз чарбасынан чыккан органикалык калдыктардан ото чон бир нече компост уймогун жасагандыгын коруп козун кубанат.
    • Соолжан багуу жагын да колго алып чункур жасап кобойтуу учун Сузак районунан биофермерден соолжанды оз каражатына сатып алып асырап жатат.
    • Апсаматтын дагы бир озгочолугу эн кичуу уулун фермер болууга даярдап жаткандыгына кубо болдук.
    • Коопсуз азык тулукторду даярдоо багытында картошкага компост колдонгон, кулпунай остуруп жатат.
    • Талаадагы улуш жерине помидор, болгар калемпиринин кочотун тигип остуруп жатат.
    • Апсаматтын аткарган иштери башка фермерлерге  улгу. Талыкпаган эмгектин узуру жакшы болсун!
    1. Саламатсызбы Апсамат аке! Азаматсыз, 2019жылы окуудан алган тажрыбаныз ийгиликтуу болуптур, катышуучулардын арасынан биринчилерден болуп оз тажрыйбанызда колдонуп, баарына мыкты улгу болдунуз. Ийгилик каалаймын!!! 

  483. 30-май 2020-жылы Аксы районунун Жерге-Тал айылындагы айылдык кызмат корсотуучу Жуманазарова Салтанаттын аткарып жаткан иштери менен таанышканы улуттук координатор Кудайбердиева Гулзада жана тренер мен бардым.

    • Органикалык кайналыны багып остуруу боюнча туруктуу иш жургузуп жатат, кайналы жакшы туйуп буйруса тушум мол болот деген умутто,
    • Жердин асылдуулугун жогорулатуу учун  2  жерде компост уймогун жасап чиритуунун устундо,1-си уйуно жакын жерде болсо, экинчиси бак ортосунда.
    •  Чарбасында  уй булосу учун картошка, помидор  ж.б остуруудо
    • Жайканын жардамы менен "Бир село-бир продукт" деген долбоорго катышып табигый азык тулуктордон жангак кошулган печенье жасап откоруп жатат.
    • Органиканы Аксыда жайылтуу боюнча башка айылдагы топтор менен да коптогон иштерди жургузуп жатат.

    Ар кандай иштин ийгилиги аны аткарууну пландаштыруудан аны ишке ашыруудан турат.

    Тшумунорго береке, уй булонорго тынчтык амандык берсин!

  484. 30-май 2020-жылы Ала-Бука районундагы айылдык кызмат корсотуучу Алымов Адылдын аткарып жаткан иштерине корууго улуттук координатор жана тренер мен барып жеринде тааныштык.

    АКК органикалык калдыктарды иштетуу боюнча коптогон иштерди жургузуп жаткандыгына кубо болдук. ЧД аткарууга калифорния соолжан алып аны кобойтуунун устундо туурасы 1,5 узуну 18 м келген траншеяга азык аралашмаларын салып соолжандарды багып жатат. 

    Аткарган иштерди коргондон кийин бир нече сунуштар берилди.

    Келечекте соолжанды дагы бир жерде багууга шарт, органикалык калдыктар бар экендигин корсотту, соолжандар кобойгондон кийин кызыккан фермерлерге жана демофермерлерге берууну пландаштырууда.

    Мындан башка да пластикалык ботолколорду утилизация жасоо боюнча аткарып жаткан иштери менен силерди кошумча тааныштырам. АКК Адылдын иштерине ийгиликтерди каалайбыз.



    1. Вот так выглядит результаты работы человека который относится к своей работе со всей душой. Вы большой молодец!! Однократное применение удобрения дает хороший эффект, который сохраняется 3-4 года (иногда до 7 лет). Однако для наилучшего результата рекомендуется вносить его ежегодно.

  485. Бул дарактар павловния эмеспи ?

  486. Да, это павлония. Существует несколько видов павлонии. Павловния Paulownia — это род быстрорастущих деревьев из сем. Очень широко это дерево распространено в Японии и Центральном Китае в Китае. Все виды Павловнии — быстрорастущие деревья. При выборе вида необходимо учитывать его устойчивость к низким температурам.

  487. Павловния остуруп, мебелге иштеткендер болуптурбу? Алгачкы жыйынтыктар барбы?

  488. Органикалык чарбаны уюштуруу КРда жакшы жургузулуп баштады, бул кубантаарлык иш.

  489. Бат жасала турган даамдуу тамактын дагы бир түрү лаваштан жасалган тамактардын рецепттери менен бөлүшөмүн. Убактысы чакталуу болгон энелер, эжелер, студенттер үчүн пайдалуу.


    Лаваштын камырын даярдоо:

    суу - 1 стакан,

    ун - 2,5 стакан

    туз - 0,5 чай кашык,

    осумдук майы - 1 аш кашык.


    Камырды кадимкидей эле жууруп  тыныктырып коебуз.

    Даяр болгон камырды узатасынан тартып, тендештирип бирдей болукторго болуп алабыз.

    Ар бир болукту уболук менен жаябыз.

    Плитага түбү калын казанды ысытып анан жайылган камырды бирден салып эки тарабын тен бышырып алабыз.

  490. ЭТ, КАРТОШКА КОШУЛГАН ОРОМ


    Керектелүүчү азыктар:

    Лаваш – 3 даана

    Эттен даярдалган фарш – 300 грамм

    Картошка – 300 грамм

    Пияз – 2 даана

    Туздалган бадыраң – 2 даана

    Каймак май – 2 аш кашык

    Жумуртка – 1 даана

    Сүт – 1 чай кашык

    Өсүмдүк майы – 3 аш кашык

    Туз, мурч, эт үчүн татымал – татымына жараша

    Даярдоо ыкмасы:

    1. Пияз, картошка менен туздалган бадыраңды майда төрт чарчы кылып туурап алабыз.
    2. Көмөч казанга бир аз өсүмдүк майын куюп, алгач пиязды кууруйбуз. Пияз кызарганда фаршты, татымалдарды салып аралаштырып, дагы 10 мүнөт кууруйбуз.
    3. Андан соң тууралган картошканы салып жакшылап аралаштырып, 3 мүнөт демдейбиз. Анан туздалган бадыраңды салып, дагы 5 мүнөт демдеп алабыз.
    4. Лаваштардын бетине эриген каймак майды сүйкөп, четине даяр болгон азыктарды салып, анан рулет кылып ороңуз.
    5. Жумуртканын сарысына сүт кошуп аралаштырып, рулеттердин үстүнө сүйкөө.
    6. Оромду электр мешине салып, 180 градус ысыктыкта 10 мүнөт бышыруу. Даяр болгондо каймак май менен майлап койсо болот.
  491. Быштак менен аш көктөр кошулган лаваш орому

     Көмөч казанга куурулган быштак, сыр жана ашкөк менен толтурулган лаваш үч бурчтуктарды жасоо керек.  Бул тез, даамдуу жана оригиналдуу болуп чыгат! 

    Керектелген азыктар:

    Лаваш, быштак, катуу сыр, көк пияз, петрушка, күн карама майы, жумуртка, туз, жер кара мурч


  492. Тооктун бышкан эти жана эриген сыр кошулган лаваш орому

    Абдан тез даярдалат, колдо бар азыктардан жасалат Даамдуу, жагымдуу тез жасалчу тамак!

     Керектелуучу азыктар: тоок эти, эритилген сыр, лаваш, майонез, петрушка

  493. Жакшы уктоо үчүн банандан жасалган  чай жардамын берет.

    Уйкунуз начар болуп нааразы болуп жатасызбы?  Мен сизге эң сонун  корица кошулган банандан жасалган чайды сунуштагым келет, ал сизди дискомфорттан куткарат бул далилденген ыкма.Болгону эки нерсе жакшы уйкуну камсыздайт. Суусундук уктаардан 1 саат мурун ичилетБул жерде кант менен балдын кереги жок, банандын таттуулугу жетиштүү.

    • Бир банандын жарымы
    • Жарым чай кашык корица порошогу (дукондордо сатылат)
    • 250 мл. суу

    Даярдоо ыкмасы:

    Сууну кострюлга куюп кайнап чыккандан кийин майда болукторго болунгон бананды жана корицаны кошуп 10 мунот кайнатуу керек. Даяр болгондо сузгудон откорулуп  ысыгыраак ичилет.

  494. Сүт, банан, киви кошулган смузи.

    Мен сизге даамдуу, тез эртең мененки тамак даярдоону сунуштайм. Бул смузи. Смузилердин пайдасы  далилденген. Азыктардын курамы да сизден көз каранды. Таттуу болушу учун банан кошулат. Киви - ден-соолукка пайдалуу. Чиа уруктары да пайда алып келет. Негизгиси сүт кошулат.Өсүмдук же малдын сутун пайдаланса да болот.


    Керектелуучу азыктар:

    • 1 даана банан
    • 1 даана киви
    • 2 аш кашык чианын уругу
    • 300 мл. сүт
    • 1 чай. кашык лимондун ширеси


    Баарын туурап даярдап алып блендерге салып майдалайбыз. Даяр болгондо лимон ширесин кошобуз.

    Бул смузи бат синет жана ден соолукка пайдалуу.

    1. Табигый азыктардан даярдалчу, пайдалуу смузинин рецеби менен бөлүшкөнүңүз үчүн рахмат!

    2. Рахмат Буажар эже, чиа эмне болуд экен. Колдо бар азыктар менен дсмузи даярдаганды адатка айландырсак болчудай экен ))

  495. Карагат чай.

    Суук түшкөндө ысык, даамдуу, жыпар жыттуу чай ичкин келет.

    Суук мезгилде тоңдурулган мөмөлөрдөн бышырып, ысык чай даярдоого болот.

    • 0,5 стакан кара карагат
    • 7 даана тимьян
    • 3 даана гвоздика
    • 3 даана  жыттуу кара мурч
    • 600-700 мл. кайнаган суу
  496. Ачытылган капустаны кантип жасап алса болот?


     Үч литрлик банкага төмөнкүлөр керек болот:

    • 3 кг салмактагы ак капуста;
    • сабиз — орточо бир даана;
    • туз — 1 аш кашык;
    • 8 даана лавр жалбырагы
    • тоголок мурч


    Бардык кошулмаларды майда туурап алгандан кийин колуңуз менен эзип, банкага толтуруу керек аны терең табакка салынат. Топтолгон газды чыгаруу үчүн, ичине күнүнө 1-2 жолу тешип коюу керек,  3-4 күн өткөндөн кийин, муздаткычка капрон капкагы менен жаап койсо болот — ачытуу процесси суукта аяктап даяр болот

    100 г туздалган капустанын калориясы 18-20 ккал чегинде болот. Ал аз углеводдуу жана майсыз. Жашылчада С витамини көп, ал инфекциялардан, кычкылдануу стрессинен коргойт, машыгуудан кийин калыбына келүүнү тездетет жана суук тийүүнүн узактыгын кыскартат. Ошондой эле темир, марганец, жез, магний, кальцийдин жакшы булагы. Курамында орточо көлөмдөгү белок жана сүт кислотасы бактериялары көп.

    • Пайдалуу заттар жакшы сиңет
    • Ичеги карын микрофлорасын жакшыртат, тамак-ашты сиңимдуулугун жакшыртат
    • Шишик ооруларынын алдын алат
    • Журок оорусуна пайдасын берет
    • Стрессти азайтат, мээнин иштөөсүн жакшыртат
    • Арыктоого жардам берет
    • Иммунитетти которот
    • Сөөктү бекемдейт


    Күн сайын 3-4 кашык ачытылган капуста жеп турууну адатка айлантуу керек.



  497. БРОККОЛИ

    Диабет, ичеги-карындын ар кандай оорулары, боор, жүрөк-кан тамыр оорулары жана башкалар үчүн дары-дармектердин курамына кирген көптөгөн пайдалуу заттарды камтыйт. Бирок брокколиден көбүрөөк пайда алуу оңой эмес. Кээ бир элементтер ысыганда, кээ бирлери тоңуп калганда, кээ бирлери жарыкта бузулат. Ошондуктан, чынында эле пайдалуу тамак-аш даярдоо үчүн, аны сактоо жана кайра иштетүү боюнча айрым өзгөчөлүктөрүн билүү керек.

    Брокколини элдик медицинада колдонуу чөйрөсү өтө кенен.

    12 эли ичегинин жана ашказандын жара оорулары (оору, кусуу, жүрөк айлануу начарлайт), метеоризм, дисбиоз жана тамак сиңирүүнүн бузулушу (дисперсия), боор оорулары, өт жолдорунун сезгениши, 2-типтеги кант диабети (семирүүдө), холестерол ооруларын жок кылуу менен жүрөк жана кан тамыр оорулары, күнго күйүшү, кесилген жерлер жана тери оорулары, уйкусуздук, көз оорулары (линзанын бозорушу, карылыкты кечеңдетүүгө) колдонулат.

  498. Кийинки учурда өндүрүлгөн дандарды күндөлүк тамактанууда пайдалуу экендигин окумуштуулар жана табигый тамактанууга басым койгон адамдар далилдешүүдө.

    Дандарды жана буурчактын түрлөрүн атайын  өндүргөндөн кийин тамактанууга пайдалануу жакшы жактарын бар экендиги менен тааныштыргым келди.

  499. Жасмыктын бүчүрлөрүнүн даамы жаңы жашыл буурчакка окшош-алар таттуу, ширелүү, ошондуктан салат жана винегрет сүйүүчүлөрүнө өзгөчө жагат. Жасмыкта өнүп чыкканда С витамини көбөйүп, продукт сасык тумоо жана суук тийүү менен күрөшүүдө мыкты жардамчы болот. Мындан тышкары, жасмык өсүмдүктөрү аритмияга пайдалуу калий көп, ошондой эле темир бар, бул кандагы гемоглобиндин көбөйүшүнө жардам берет.

    Ден-соолукка пайдалуу болгонуна карабастан, жасмык өсүмдүктөрүн жумасына 2 жолудан ашык ичүүгө болбойт, анткени аларды көп ичүү организмге темир менен кальцийдин сиңишине таасирин тийгизиши мүмкүн.


  500. Маш –бул осумдукту дайыма эле тамак-ашка колдонуп келебиз, бирок өнгөнү пайдалуу экендигин көпчүлүгү билбейт. Маш организмди тазалап, күч берет. Ал белоктун мыкты булагы жана сезгенүүгө каршы жана жараларды айыктыруучу таасирге ээ, ошондуктан маш өсүмдүктөрү суук тийгенде натыйжалуу болот.

    Маш өсүмдүгүнүн уникалдуулугу, анын курамында зат алмашууну активдештирүүчү жана өсүү гормондорунун өндүрүшүн көбөйтүүчү аминокислоталардын толук комплекси, ошондой эле нерв системасын тынчтандыруучу Превен витаминдери бар. Даамы, жасмык сыяктуу, маш жашыл буурчакка абдан окшош.


  501. Беденин өнүмдөрү  айыктыруучу каражат.  ХХ кылымда бедеден дүйнөдө  биринчи БАД Биологиялык Активдуу Кошулмалар жасалган, ал тармактык маркетинг принциби боюнча сатылган. Беденин уругун өндүруп алуу жолу менен эле арзан каражат катары колдонсо болот.

    Беденин курамы чындыгында уникалдуу: анын курамында сапониндер-холестеролду төмөндөтүүчү заттар, тиштин ден-соолугуна пайдалуу өсүмдүк фториди жана ички кан кетүү үчүн керектүү К витамини бар. Өнүп чыккан беде катаракт жана жарык сокурлугунун алдын алуу үчүн да пайдалуу, күчтүү адаптоген болуп саналат, Эмчек рагынын алдын алуу үчүн колдонулат.

    • Өндүрүлгөн буудай дени сак жашоо образын жактагандардын арасында көп колдонулуп келет. Ата бабабыз өндүрүлгөн буудайдан сүмөлөк жасагандагы да бекеринен эместир. Окумуштуулар буудай өсүмдүктөрү ичегилердеги глютенди эритип, организмди рактан коргой аларын далилдешти. Буудайдын өнүмү витаминдерге жана минералдарга, тамак-аш булаларына, ферменттерге бай, ошондой эле вирустар менен күрөшүүгө жардам берген лизин аминокислотасын камтыйт. Демек, өнүп чыккан буудайды үзгүлтүксүз колдонуу дененин дээрлик бардык тутумдарынын иштешин нормалдаштырууга жардам берет.

    Буудайдын өнүмүн салаттарда гана колдонулбастан, алар менен витаминдүү суусундуктар даярдалат, айыктыруучу жашыл коктейлдерге кошулат. Ал эми өнүп чыккан буудайдан максималдуу пайда алуу үчүн күнүнө 100 граммдан ашык эмес  жеш керек




  502. Адыгей сырды кантип жасаса болот?Керектелүүчү азыктар:

    • 1 л сүт
    • 1 л айран
    • 6 жумуртка
    • 3 чай кашык туз

    Жасоо жолу:

    • Кастрюлга сүт менен айранды куюп отко коебуз, бирок кайноого жеткирбейбиз,
    • Сут кайнаганга чейин жумуртканы тузга аралаштырып чалып алабыз
    • Ысып жаткан сүткө жумуртка аралашмасын чуурта куюп аралаштырабыз
    • Орточо отто 2 мүнот кайнатабыз.
    • Сузгучкө марлини бир нече кабат төшөп, суусунан ажыраган быштакты салып 1 саат коюп быштактан сууну болуп алабыз да формага келтиребиз
    • Бир сааттан кийин быштакты идишке салып, бетин жаап 10 саатка муздаткычка салабыз. Адыгей сыр жегенге даяр болду,    
    •   Диета кармагандар учун тузду аз салат быштакты формага келтирип жатканда укропту майда туурап алаштырып жиберет. 
    1. Ушул рецепт менен да быштакты жасап коруш керек экен. СКС консультанты Мксуда эженин да мастер класссы абдан жакты эле, Токтогулдагы тажрыйба алмашуудагы


  503. Аарылардын жаратылыштагы жана адам жашоосундагы орду, баалуулугу

     

    "Аары" деген сөздү укканда дароо эле бал, анын шириндиги эсибизге келет. Аарылар  биосферанын абалын аныктаган жаныбарлар.


    Аарылардын жаратылыштагы мааниси кандай? Өсүмдүктөрдү чаңдаштырууда аарылардын ролу абдан чоң. Аары учуу менен 100 дөн ашык өсүмдүктөрдү  даары чөптөрдү,  мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн чаңдаштырат. Ал өзүнүн тукумун азыктандыруучу нектарды чогултат жана гүлдөн гүлгө учуп, аары чаңчаларды чаңдатуу үчү

    н денесине жана буттарына ташыйт.Бул процесс өсүмдүктөрдүн жашоосуна жана көбөйүшүнө жакшы таасирин тийгизет, түшүмдүүлүгүн жогорулатат жана жер бетиндеги өсүмдүктөрдүн санын көбөйтөт. Аарылардын биологиялык ролу өсүмдүктөрдүн түшүмдүүлүгүн 100 эсеге чейин көбөйтөт.                 Илимпоздор аарылардын чаңдаштыруусу менен дүйнөлүк экономикага жылына 160 миллиард доллардай инвестиция салышат деген пикирди айтышат. Демек, планетадагы аары колонияларынын саны азайса, анда 20 000ден ашуун өсүмдүк түрү жок болуп кетиши мүмкүн.Аарылар табиятта  зыяндуу курт-кумурскаларга каршы күрөшөт. Гүлдөрдүн  ширесин тандап алуу менен,  башка курт-кумурскаларды оокатынан ажыратышат. Ошондой эле, аарылар кыйыр түрдө кыртыштын асылдуулугун жогорулатат - буурчак уруусундагы өсүмдүктөрдүн санын көбөйтүү менен,  жерди азот менен байытууга жана кыртыштын структурасын калыбына келтирүүгө катышат.Аарылардын жаратылыштагы маанисин чечмелесек  аарыларсыз  жаңгак, пахта, дарбыз, бадыраң, кызылча, жүзүм, алча, брокколи, сабиз, сельдерей, капуста, пияз, алмурут, алма, өрүк, лимон, кулпунай чаңдашпайт. 

    Аарылардын адам жашоосунда мааниси кандай? 

    Аарылар чаңдаштырууга гана  катышпастан адамдар үчүн азыктарды чыгарат - аары чаңчасы, мом,  бал, прополис, аары уусу, аары сүтү жана аары мумиясы. Бул тамак-аш жумшак дары болуп саналат жана , адамдардын саламаттыгына, узак өмүр сүрүүсү менен байланышкан. Аары продуктуларын колдонууга байланышкан формалдуу эмес медицинанын бир тармагы - апитерапия.  Аарылар чыгарган табигый бал табияттагы эң даамдуу жана популярдуу таттуу болуп саналат.Жалпысынан аарылар өндүргөн азыктар адамдын^·       кальцийге 58%, ·       фторго 62%, ·       темирге 29% муктаждыгын канааттандырат. Курт-кумурскалар менен чаңдаштыруу иши күн карама менен гречканын түшүмүн 50%ке, коондун, дарбыздын жана ашкабактын түшүмүн 100%ке,  мөмөлүү дарактардын түшүмүн 10 эсеге жогорулатат. 

  504. Бадыран -2 даана

    Жумуртка - 2 даана

    Колбаса -100 г

    Консервировадагы горох-100 г

    Сыр - 50 г

    Майонез -2 аш. к

    Тез жасалчу салат.

    Жумуртканы бышырып алгандан кийин майда болукторго болобуз, калган азыктарды озубузго жаккандай туурап алып майонез кошуп аралаштырабыз

    Салат даяр болду.


  505. Катмарланган салат.


    Керектелуучу азыктар:

    • бышкан тоок эти -200 г
    • пияз - 1 даана
    • картошка - 2-3 д.
    • сабиз – 1 д.
    • жумуртка - 3 д.
    • кызылча - 1 д
    • жангак – 50 г
    • кайналы – жарым пиала
    • туз
    • майонез
    • осумдук майы

    Алдын ала картошка , сабизди, кызылчаны сууга кайнатып бышырып алабыз. Жангакты чагып, досканын бетине коюп, бычак менен майдалап алабыз. Кайналыны майда туурайбыз. Баарын идишке кооздук учун айнек идишке катмарлап салабыз


  506. Кызылча жөнүндө кызыктуу маалымат

    l-intro-1604078362.jpg

    Кызылча - абдан арзан жана ошол эле учурда абдан пайдалуу жашылча.

    Кызылчанын тамырынан табигый боёк алынып, өсүмдүк медицинада, ашпозчулукта, өнөр жайда колдонулат.

    Кызылчанын даарылык касиеттери: ашказандын иштөөсүн жөнгө салат,  ичегидеги микроорганизмдердин өнүгүшүн токтотот, капиллярлардын дубалдарын бекемдейт, шишиктин (опухоль) өсүшүн токтотот, зат алмашууну жакшыртат, жыныс бездеринин иштешине жакшы таасир этет, көрүү органдарына оң таасирин тийгизет. Кызылча ширесинин сезгенүүгө каршы жана жараларды айыктыруучу таасири тууралуу маалымат бар.

    beets-laboratory.jpg

    Элдик медицинада кызылчанын ширесин ар түрдүү ооруларды даарылоо үчүн колдонулат. Бирок кызылчада кант көп болгондуктан,  чийки түрүндө ашыкча колдонуу кандагы канттын деңгээлин жогорулатат жана башка ооруларды пайда кылышы мүмкүн. 

    Кызыктуу фактылар: 

    • Орустарда кызылчаны жеңүүчү деп аташкан. Себеби жашылчаларды кышка даярдоодо шалгамдан, турнепстен  жана брюквадан өткөн.
    • Австралияда гамбургерге туздалган кызылча кошулат.
    • Кызылчанын уруктары 6-10 жыл бою өнүү жөндөмдүүлүгүн сактайт.
    • Гиппократ элдик медицинада кызылчаны колдонууда эң аз дегенде 10 рецептин сүрөттөгөн.

    Маалымат булактары:

    https://edaplus.info/produce/beet.html   

    https://hronika.info/medicina/781771-nazvan-byudzhetnyj-ovoshh-s-neoczenimo-poleznymi-svojstvami

  507. Кивинин пайдасы жөнүндө

    Кивиде С витамини 2 даана апельсинге караганда көп, бананга караганда курамында калий көп камтылган

    Фолий кычкылынын булагы

    К жана Е витаминдерин камтыйт




  508. Үйдө бар азыктардан жасалуучу пайдалуу жана даамдуу кызылча салаты.

    20220213_231822.jpg

    Бизге керек болот:

    • 1 кызылча,
    • 1 кызыл сабиз,
    • 1 тиш сарымсак, 
    • 3 чай кашык өсүмдүк майы
    • 3 жаңгак
    • татымына жараша туз, мурч, көк чөп

    Даярдоо ыкмасы жөнөкөй гана:

    Кызылчаны сууга бышырып алабыз. Бышыруунун дагы бир жолу: фольгага ороп кадимки от жаккан мешке же электр мешке аз отко 40-50 мүнөткө салып койсок даяр болот. Бул ыкма менен кызылчанын пайдалуу заттары, ширеси өзүндө сакталат. Даяр болгон кызылчаны, сабизди сүргүчтөн өткөрөбүз. Майдаланган сарымсак, жаңгак, туз, мурч, май кошуп аралаштырабыз да, муздаткычка 10 мүнөткө коёбуз. 

    Бул салатты жылдын кайсы мезгили болсо да жасап жегени болот. Табитиңизге жараша кара өрүк, аз туздалган сельд кошсоңуз дагы өзгөчө даамдуу болот. Аз эле азык кошулганы менен, өтө пайдалуу, гемоглобинди көтөрүүчү салат болуп эсептелет. Аз кандуулук, ич катуу менен жабыр тарткандарга көп-көп колдонуп туруусун сунуштап кетем. Тамагыңыздар даамдуу болсун!

  509. Кивинин пайдасы жөнүндө

    Кивиде С витамини 2 даана апельсинге караганда көп, бананга караганда курамында калий көп камтылган

    Фолий кычкылынын булагы

    К жана Е витаминдерин камтыйт.

  510. Топурактын кычкылдуулугун кантип аныктоого болот.

    Лакмус кагаздарынын жардамы менен аныктоо.

     

    Лакмус кагазын вет аптекалардан сатып алуу керек, бакчанын ар кайсы жерлеринен бир нече чай кашык топуракты алабыз. Топурактын ар бир бөлүгүн тыгыз чүпүрөк менен ороп, стакандарга салып, 1:1 катышында дистриленген сууну кую керек. Беш мүнөттөн кийин ар бир стаканга лакмус кагаздарын бир-эки секундга малып коюу керек. Кагаз түсүн өзгөртөт. Кызыл жана кызгылт сары түс берсе – топурак кычкыл, сары жана жашыл - нейтралдуу, көк - щелочту көрсөтөт.

  511. 9% уксустун жардамы менен топурактын кычкылдуулугун аныктоо.

    Стаканды караңгы жерге коюп, үстүнө бир чай кашык топуракты салабыз, бир аз уксус куюш керек. Эгерде көбүк пайда болсо, анда топурак щелочтуу, ал эми көбүк өтө аз болсо, анда ал нейтралдуу болот. эч кандай реакция жок болсо, топурак алынган жер кычкылдуу болуп саналат.

  512. Топурактын кычкылдуулугун кантип жөнгө салуу керек.

    • Акиташты колдонуу:

    Өчүрүлгөн акиташты колдонуу.  Акиташ - агрессивдүү зат, аны колдонгондон кийин  өсүмдүктөр бир нече убакытка чейин фосфорду сиңирбейт. Топуракка акиташты аралаштыруу керек, акиташты колдонууну күзүндө жүргүзүү сунушталат.  

  513. Доломит уну менен кычкылданууну азайтуу.  Майдаланган доломит унун жазында жашылчаларды,  гүлдөрдү жана башка өсүмдүктөрдү отургузуу үчүн же топурак казганда колдонсо болот. Ал магнийге бай жана жеңил топурактарга ылайыктуу. Доломит унун колдонуу нормасы:-         кычкылдуу топуракка 1 чарчы метрге 0,5 кг өлчөмүндө -         орточо кычкылдуулуктагы топурактарда - 1 чарчы метрге 0,4 кг. м,-          кычкылдыгы аз топуракта - 1 чарчы метрге 0,3-0,4 кг.

  514. Бор колдонуу. Ал акиташ сыяктуу күзүндө жакшы майдалангандан кийин колдонулат. Бор колдонгондон кийин, бир тектүүлүккө жетүү үчүн топуракты жакшылап аралаштыруу керек. Топурактын кычкылдуулугун нормалдуу абалга келтирүү үчүн борду төмөнкү эсептөөлөр боюнча колдонуу зарыл: -        кычкыл топурактарда - 1 чарчы метрге 0,5–0,7 кг. м, -        орточо кычкылдуулуктагы топурактарда - 1 чарчы метрге 0,4 кг. м, -        кычкылдыгы аз топуракта - 1 чарчы метрге 0,2-0,3 кг. м.

  515. Эгиле турган өсүмдүктөрдү топурактын абалына карап өстүргөн жакшы.

    Орточо кычкыл топуракта  помидор, сабиз, чамгыр, картошка, кулпунайды жана ийне жалбырактуу дарактарды өстүрө аласыз.Кычкылдуу  топуракта декоративдүү өсүмдүктөрдү,  гүл бакчаны же бакчаны түзө аласыз, бирок мөмөлүү дарактарды отургузганга болбойт.Эгиле турган өсүмдүктөрдү топурактын абалына карап өстүргөн жакшы.Орточо кычкыл топуракта  помидор, сабиз, чамгыр, картошка, кулпунайды жана ийне жалбырактуу дарактарды өстүрө аласыз.Кычкылдуу  топуракта декоративдүү өсүмдүктөрдү,  гүл бакчаны же бакчаны түзө аласыз, бирок мөмөлүү дарактарды отургузганга болбойт.

  516. Ден соллукка пайдалуу тамак- долма.


    Даярдоо рецеби:  https://youtu.be/SFLdSReHQ9M

    Долманы даярдоо үчүн алакандын өлчөмүндөгү жаш жалбырактары керек болот. Ток  жашыл жалбырактар анча даамдуу эмес болуп пайдалуу заттары да азыраак болот. Сиз жаш жалбырактарды май жана июнь айында чогулта аласыз, алар ачык жашыл түскө ээ. Ал эми июлда жүзүмдү ооруларга жана зыянкечтерге каршы даарылоо башталат.

    Жүзүм жалбырактарында адам үчүн көптөгөн пайдалуу заттар бар. Аны жогорку температурада даярдоо учурунда 20-70% пайдалуу заттары жоголсо да, жүзүм жалбырактары адамдын ден соолугу үчүн абдан пайдалуу бойдон кала берет.

    • К, Mg, В тобундагы витаминдер бар болгондуктан шишиктен арылууга жардам берет;
    • Курамында Са жана К витаминдери сөөктөрдү бекемдейт;
    • Холестериндин деңгээлин төмөндөтөт, анткени май кислоталары холестеролду эритет, ал эми клетчатка аны өзүнө сиңирет;
    • Темир, А жана С витаминдери гемоглобиндин деңгээлин жогорулатат;
    • Мээ тамырларынын атеросклерозу үчүн өтө маанилүү болгон В, РР, С тобундагы витаминдердин эсебинен майда тамырлардын дубалдары чыңдалат.

    РР витамини жана клетчатка көп болгондуктан, ичеги-карын оорусу (жара, колит, гастрит) менен жабыр тарткандарга жүзүм жалбырагы сунушталбайт. Ал эми В тобундагы витаминдердин көп болушу жүрөктүн кагышына жана ашыкча толкунданууга алып келет. Диабет жана толук адамдар үчүн меню түзүүдө жалбырактардын калориялуулугу эске алынат. Андай учурда сиз толугу менен даяр болгон долманын жалбырагын эмес, анын ичине салынган азыктарды колдоно аласыз. Себеби анын  даамы жана пайдалуу заттары ичине сиңген болот.

    Долма үчүн соустар:

    Ысык долма үчүн соус кычкыл сүт азыктарынын негизинде даярдалышы керек: йогурт, айран, каймак. Бир стакан каймака бир чымчым туз кошуп, эки майдаланган сарымсак, калемпир жана табитиңизге жараша көк-чөптөрдү да кошуп соусту даярдасаңыз өтө даамдуу болот.

    Маалымат булактары: 

     https://dacha.help/zelen-i-travy/polza-vinogradnyh-listev-i-recepty-dalmy

    https://youtu.be/SFLdSReHQ9M

    Жүзүм жалбырактарын сактоо жөнүндө : 

    https://youtu.be/Hb8r1-Hd3M0


  517. Эмне үчүн мөмөлүү дарактардын көчөттөрү ​​куурап калат?

    Кургоо, айрым бутактардын же бүт дарактын өлүмүнө алып келет. Кургап калуунун көптөгөн себептери бар.

    • Отургузулгандан кийин биринчи жылы жаш дарактардын кургашы көбүнчө көчөттөрдүн сапаты, отургузуу шарттарынын начардыгы жана аман калуу мезгили менен байланыштуу.
    • Көчөттөрдүн тамыры өтө алсыз же куурап калгандыктан, көчөттөр отургузулгандан кийин өсүп жаткан жер үстүндөгү органдарга суунун жана минералдык заттардын агымын камсыз кылбагандыктан көбүнчө дарактар ​​куурап калат.
    • Алынган көчөттөрдүн тамыры жакшы болуп, бирок кечигүү менен отургузулса же тамыр системасынын коопсуздугу камсыз кылынбаса куурап калат. Ошондуктан күзгү да, жазгы да отургузууну мүмкүн болушунча эртерээк жүргүзүү максатка ылайыктуу. Эгерде бул ишке ашпай калса, көчөттөрдүн тамырын нымдуу топуракка көмүп же нымдуу материал менен жабуу керек.
    • Сапатсыз көчөттөрдү, айрыкча күздөн бери сатыла электерди жазында сатууга чыкканын билбестен сатып алуу.

    Сапаттуу көчөттөр көбүнчө төмөнкү себептерден улам начар тамыр алып, куурап калат:

    • Отургузулгандан кийин, туура сугарылбаганы же табигый топуракта нымдуулук жок болгондугу себеп.
    • Эрте жазда же кеч күздө отургузууда, тамыры муздак жерге түшкөн. Жазында бүчүрлөрү гүлдөп, а тамыры иштей элек болот. Үстүңкү жагына нымдуулуктун жетишсиздиги түзүлөт. Мындай кырдаалда жылуу суу менен сугаруу жардам берет;
    • Көчөттү начар, алсыз кыртышка же начар даярдалган чуңкурларга отургузуу. Чуңкурлардын ар бирине мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнө ылайыктуу өлчөмдө гумус же компост аралашкан түшүмдүү топурак менен толтурулган болушу керек экенин билишиңиз керек. Кээде жаш бак-дарактардын куурап калышынын себептерин аныктоодо белгилүү болгондой, алар майда чуңкурларга отургузулуп, ошол эле кургак топурак менен жабылган.

      Маалымат булактары:

      http://sadisibiri.ru/     

      7dach.ru

  518. Боордон жасалган тоюмдуу торт (кант жебегендер учун)


     

     

    Керектелуучу азыктар:

    Блинчиги учун:

    Боор – 1 кг,

    Пияз 1 даана

    Жумуртка 3 даана

    Сут – 200 мл

    Ун – 3 аш кашык

    Май 3 аш кашык

    Туз мурч татмына жараша


    Салмасы (начинкасы учун)

    Пияз – 2 даана

    Сабиз 2 даана

    Майонез 3 аш кашык

    Укроп – 1 боо

    Сарымсак – 3 тиш

    Даярдоо жолу

    1. Боордун челин, ичиндеги тамырларын тазалап алабыз да пиз менен бирге эт тарткычтан откоробуз.
    2. Сутко жумуртка, осумдук май, туз, кара мурч кошуп аралаштырабыз.
    3. Ун кошуп дагы  будуру жок болгуча аралаштырабыз, суюк болуп калса дагы ун салабыз.
    4. Комоч казанды ысытып май менен майлап даяр аралашманы тегиз куюп блинчик сыяктуу бышырабыз.
    5. Экинчи жагына оодарып бышырабыз.


    Салманы даярдоо

    Пизды майда торт буртык кылып туурайбыз., сабизди теркадан откоробуз, аны казанга кууруп муздаганча 30 мунот коебуз.

    Муздагандан кийин майонез, майда тууралган укроп, майда тууралган чеснокту аралаштырып туз кошобуз.

    Даярдалган блинчикти ар бир катмарына  майонез, укроп, кок пияз  менен даярдалган салманы сыйпайбыз.

    Муздаткычка 2 саат тыныктырабыз.

    Дасторконго койсо болот.




    1. Абдан пайдалуу тамак экен. Негизи боорду ден соолук үчүн тез-тез колдонуп туруу керек.

  519. Аш көктөр кошулуп жасалган катырма


    Керектелучу азыктар:

    Ун – 600 гр

    Суу – 250 мл

    Туз 1 чай кашык

    Салмасы учун:

    Кок пияз – 250 гр

    Петрушка – 250 гр

    Укроп- 250 гр

    Осумдук майы – 2 аш кашык

    Сары май суйкоо учун

    Татымына жараша туз

    Даярдоо жолу:

    1.Эленген унга туз кошуп, болмо температурасындагы суу менен камыр жууруйбуз да 3 мин тыныктырып коебуз.

    2 Салманы даярдайбыз. Аш көктөрдү иргеп шар аккан сууга жууп суусун сарыктырыбыз да майда туурайбыз, пиязды да майда туурап алабыз.

    1. көккө пиязды туз май кошобуз.
    2. Даярдалган камырды 10 бөлүккө бөлүп тоголоктойбуз, кургап кетпеши учун бетип жаап коебуз.
    3. Салманы да көз өлчөм менен 10 болукко болобуз. Камырды жайып бетине даярдалган аш кокту сыйпап четин кол менен бекитебиз.
    4. Казанды ысытып даярдалган камырды салып эки бетин куйгузбостон бышырып алабыз.
    5. Бышканын сары май менен майлап калганы бышкыча идиш менен муздатпастан жаап турабыз.
    6. Баары бышканда дасторконго коебуз.

    Даамдуу, пайдалуу, витаминдүү көктөн катырма даяр болду.


     

    Аш көктөр кошулуп жасалган катырма


    Керектелучу азыктар:

    Ун – 600 гр

    Суу – 250 мл

    Туз 1 чай кашык

    Салмасы учун:

    Кок пияз – 250 гр

    Петрушка – 250 гр

    Укроп- 250 гр

    Осумдук майы – 2 аш кашык

    Сары май суйкоо учун

    Татымына жараша туз

    Даярдоо жолу:

    1.Эленген унга туз кошуп, болмо температурасындагы суу менен камыр жууруйбуз да 3 мин тыныктырып коебуз.

    2 Салманы даярдайбыз. Аш көктөрдү иргеп шар аккан сууга жууп суусун сарыктырыбыз да майда туурайбыз, пиязды да майда туурап алабыз.

    1. көккө пиязды туз май кошобуз.
    2. Даярдалган камырды 10 бөлүккө бөлүп тоголоктойбуз, кургап кетпеши учун бетип жаап коебуз.
    3. Салманы да көз өлчөм менен 10 болукко болобуз. Камырды жайып бетине даярдалган аш кокту сыйпап четин кол менен бекитебиз.
    4. Казанды ысытып даярдалган камырды салып эки бетин куйгузбостон бышырып алабыз.
    5. Бышканын сары май менен майлап калганы бышкыча идиш менен муздатпастан жаап турабыз.
    6. Баары бышканда дасторконго коебуз.

    Даамдуу, пайдалуу, витаминдүү көктөн катырма даяр болду.


     

  520. Маш буурчактын пайдасы

    Маш организмдеги холестерин жана канттын көлөмүн азайтат, жүрөк-кан тамыр системасынын иштешин жакшыртат, тамырлардын жана кан тамырлардын ийкемдүүлүгүн жогорулатат.

    Маш өзүнүн даарылык таасири менен белгилүү, алар күйүктөрдү айыктырат.

    Диуретикалык таасирге ээ жана шишикти кетирет, организмди детоксикациялоо үчүн колдонулат.

    Көп сандагы клетчатка ич катуу, нормализует тамак сиңирүү системасына жардам берет. Маш көздүн көрүү курчтугун жана бөйрөктүн иштешин жакшыртат.

    Минералдар жана белок сөөк ткандарын бекемдейт, иммундук системаны айыктырат. Спортчулардын азыктануусуна жакшы азык. Эт үчүн мыкты алмаштыруучу болуп саналат.

    В тобундагы витаминдер жана фосфор нерв системасына оң таасирин тийгизет, туруктуу стресстен арылтат, эс тутумду жакшыртат..Маш буурчак климакс учурунда аялдардын гормоналдык системасын жакшыртат, шишиктердин пайда болушунун алдын алат.Маш косметикалык таасири бар, теридеги кара тактарды кетирет,  тери ийкемдүү болот.Аллергия менен ооруган, астматикалык, жана артрит менен ооруган адамдардын диетасына киргизилиши керек.Курч тамак-аштан ууланууда машты колдонуу сунушталат, анткени ал организмден токсиндерди тез чыгарууга жардам берет.

  521. Туура жана туркундоштуруп тамактанууда машты жок дегенде тамактануу рационуна жумасына 2 жолу киргизууну унутпоо керек.

    Маш кошулган суюк аш

    Маш кошулган шөөла

  522. Салат “Император”

     

    Керектелуучу азыктар:

    Туздалган семга – 200 г

    Картошка – 2 даана

    Сабиз  -2 даана

    Бадыран – 3 даана

    Жумуртка – 5 даана

    Татымына жараша туз, мурч

    Даярдоо жолу:

    1. Картошканы, сабизди, жумуртканы бышырып алабыз.
    2. Сыртын аарчып, теркадан откоруп алабыз
    3. Бадыранды тилке кылып ичке кесип, семга менен жумуртканы торт кубик кылып туурайбыз.
    4. Салатты туура жайгаштырабыз:

    1 –катына майонез, картошка

    2- катына майонез, бадыран;

    3-катына майонез, семга

    4-катына майонез, сабиз

    5-катына майонез, жумуртка

    1. Салаттын каттарын торт жасаган тегеректи пайдаланса жакшы болот, ар бир катмарды семгадан башкасын азыраак туздайбыз. таптайбыз.
    2. Салаттын бетки тарабын жука кесилген семгадан розаларды жасап кооздоп койсо болот.
    3. Салатты муздаткычка салып1-2 саат тыныктырабыз.

    Салат даяр, мындай салатты алыстан келген сыйлуу  коноктор келгенде даярдаса болот.

  523. Йоддун пайдалуулугу

    Помидорлор даамдуу жана жакшы түшүм берүүсү үчүн йод менен суунун аралашмасын колдонуу сунушталат.  5 литр сууга 2 тамчы йод кошуп аралаштырып помидорлордун астына куюу керек. Тез арада гүлдөрүнүн көбөйгөнү байкалат.  Бул ыкманы 2 жумадан кийин кайталоо керек, ар биринин астына 1 литрден куюуу сунушталат. https://ogorodnik.pro/

  524. Бакчадагы жашылча жемиштердин кошуналыгы: шайкештик таблицасы

    Жакшы түшүм алуу үчүн кайсы бакча өсүмдүктөрдү жанаша отургузууга болот жана кайсы өсүмдүктүн кошуналыгы жагымсыз экендиги таблица аркылуу билип алалы.

    Өсүмдүктүн аталышы

    Жагымдуу кошуналар

    Жагымсыз кошуналар

    Дарбыз

    Төө буурчак, картошка, сулу


    Коон

    Жүгөрү, түрп, редиска, төө буурчак

    Картошка, бадыраң

    Баклажан

    Болгар калемпири, пияз, салат, буурчак, кийик оту, райхан

    Фенхель, бадыраң, аш кабак

    Капуста

    редиска, кызылча, картошка, салат, бадыраң, сельдерей, пияз, укроп, төө буурчак

    Сабиз, помидор, шалгам, сарымсак, петрушка, түстүү капуста

    Картошка

    Пияз, капуста, жүгөрү, хрен, сарымсак, төө буурчак, редиска, баклажан, түрп, буурчак өсүмдүктөрү, смалак, салат, хрен, кызылча, дарбыз, амарант

    Фенхель, аш кабак, помидор, бадыраң, коон, сельдерей, кабачок

    Пияз

    Капуста, сабиз, бадыраң, кызылча, помидор, кабачок, дарбыз, коон, болгар калемпири, картошка, укроп, петрушка

    буурчак өсүмдүктөрү, төө буурчак, редиска, түрп, шалгам, спаржа

    Сабиз

    Бадыраң, пияз, редиска, буурчак, түрп, смалак, салат, сарымсак

    Кызылча, анис, петрушка, фенхель, укроп, сельдерей

    Бадыраң

    Жүгөрү, капуста, сабиз, пияз, сарымсак, төө буурчак, укроп, салат, түрп, кызылча, редиска, сельдерей, буурчак өсүмдүктөрү, кинза

    Помидор, жалбыз, картошка, коон, баклажан

    Помидор

    Райхан, редиска, петрушка, пияз, сарымсак, салат, сабиз, жүгөрү, смалак, спаржа, төө буурчак, кызылча, сельдерей, түрп, болгар калемпири

    Шалгам, картошка, укроп, буурчак, фенхель, аш кабак, бадыраң

    Болгар калемпири

    Помидор, райхан, смалак, сабиз, пияз, баклажан

    Аш кабак, төө буурчак, бадыраң, фенхель

    Редиска

    помидор, төө буурчак, смалак, сабиз, капуста, сельдерей, салат, буурчак өсүмдүктөрү, кабачок, аш кабак, буурчак, пияз, петрушка, бадыраң, картошка, сарымсак, кызылча, коон, шалгам

    Неблагоприятно огородное соседство с ревенем

    Түрп

    Бадыраң, коон, помидор, сабиз, смалак, буурчак өсүмдүктөрү, капуста, төө буурчак, петрушка

    Кызылча, пияз, сельдерей

    Шалгам

    Редиска, буурчак, смалак, төө буурчак

    Помидор, горчица, пияз

    Кызылча

    Пияз, редиска, бадыраң, сабиз, сарымсак, капуста, кабачок, буурчак өсүмдүктөрү, помидор, төө буурчак, картошка

    Сельдерей, жүгөрү, укроп, горчица

    Сарымсак


    Кызылча, петрушка, помидор, картошка, сабиз, салат, бадыраң, редиска

    Капуста, төө буурчак, буурчак өсүмдүктөрү

    Аш кабак

     Жүгөрү, жалбыз, буурчак, төө буурчак, редиска

    картошка, помидор, кабачок

    Жүгөрү

    Картошка, салат, буурчак өсүмдүктөрү, төө буурчак, кабачок, аш кабак, бадыраң, дарбыз, коон, помидор, соя

    Фенхель, пияз, кызылча, сельдерей

    Укроп

    капуста, бадыраң, смалак, пияз, салат

    Сабиз, помидор, кызылча, райхан, картошка, төө буурчак

    Хрен

    картошка

    Түрп, шалгам

    Горчица

    Капуста, түрп, буурчак өсүмдүктөрү, смалак

    Кызылча, шалгам

    Райхан (Базилик)

    Болгар калемпири, буурчак, капустанын бардык түрү, помидор, баклажан, спаржа

    Бадыраң

    Салат

    буурчак өсүмдүктөрү, петрушка, буурчак, картошка, клубника, жүгөрү, пияз, болгар калемпири, редиска, шалгам, аш кабак, төө буурчак, сельдерей, смалак, баклажан

    Сабиз, кызылча

    Сельдерей

    Капуста, бадыраң, смалак, пияз, буурчак өсүмдүктөрү, помидор, фасоль

    Жүгөрү, картошка, сабиз, түрп, кызылча, петрушка

    Петрушка

    Пияз, смалак, спаржа, салат, укроп, буурчак, кабачок, редиска, түрп

    Сабиз, сельдерей, кинза, капуста

    https://ofazende.ru

  525. Базардан алынып келгенде же огороддон үзүп келгенде эки үч күндө эле саргайып, чирип кеткен көк-чөптөрдү ыргытканда зээниңиз кейийби? Анда эмесе аларды узака сактоо жолдорун билип алалы.

    Сактоонун алдында, көк-чөптөрдүн чириген же саргайган жерлерин алып коюу зарыл.

    Газета же кагаз менен сактоо

    Жаңы үзүлгөн көк чөптү сапатын жоготпой сактоо үчүн газетага тыгыз ороп, андан кийин азыраак суулап, желим баштыка салып, муздаткычтын жашылча салынуучу жеринде же болбосо караңгы жана муздак жерде сактоо зарыл. Керек болгондо алып, кайра тыгыз ороп койсо болот.

    Өсүмдүк майы менен сактоо

    Көк-чөптөрдү таза жууп, суусун саркытабыз, майда туурап, айнек бөтөлкөгө салабыз, үстүнө өсүмдүк майын толтуруп куюп капкагын жаап муздаткычта же караңгы жана муздак жерде сактайбыз. Мындай ыкма менен даярдалган көк-чөптөрдү көбүнчө салаттарга кошсо болот.

    Муз кубиктери менен сактоо

    Көк-чөптөрдү таза жууп, суусун саркытабыз, майда туурап, муз кубиктери үчүн формага салып, үстүнө азыраак суу куябыз. Форманы морозильнике салып коюп, каалаган убакта эритип алып колдонсо болот.

    Сыдырмасы бар баштык менен сактоо

    Көк-чөптөрдү таза жууп, суусун саркытабыз, майда туурап, баштыка салып, ичинде аба калбагыдай кылып бекем жаап морозильникте сактайбыз.



  526. “Био Сервис” коомдук фондунун региондук инспектору Жолдошов Болот Талас шаарында “Берен” кооперативинин төө буурчакты сорттоо жана тангактоо цехинин кызматкерлерине органикалык төө буурчакты Евро Биримдик стандартынын талаптарына ылайык кабыл алуу, аны сактоо, калибирлөө, маркировкалоо, жөнөтүү жана цехти тазалоо боюнча окууларды өттү. Ошондой эле био инспекторлорго органикалык сертификаттоо жана ички көзөмөл системасын жүргүзүү боюнча окууларды өтүп келди.


  527. “Жаздын аракети, күздүн берекети” - дегендей Ала-Бука районунда “Алтын Дан” кооперативи жазгы айдап-себүү иштерин баштады. IRDP "Ала-Бука районунун дыйкандарынын кирешесин жогорулатуу, жүгөрүнү интенсивдүү өстүрүү жана кайра иштетүү" долбоорунун алкагында аталган кооперативтин фермерлери райондун Ак-Коргон, Т. Балтагулов, Ала-Бука, Орукту, Ак-Там, 1-май айыл өкмөттөрүндө жүгөрү айдашууда.

     

  528. Жалал-Абад шаарындагы балдардын психоневрологиялык социалдык стационардык мекекемесине “Био Сервис” Коомдук фонду тарабынан, камкордукка муктаж балдардын мекемесинин имаратын сырдоо, актоо үчүн керектүү болгон сырдоочу аппарат тапшырылды. Ошондой эле өзгөчө балдардын ата-энелеринин ордун билдирбей багуу чоң түйшүк экендигине карабастан аларга болгон сүйүүсү, ден соолугуна камкордугу үчүн, ак эмгек менен мээнеттенип жаткан жетекчиси Алимжанова Дамира Курсановнага жана жалпы эмгек жамаатына ыраазычылык билдирди.

    Возможно, это изображение 2 человека, люди стоят и в помещенииВозможно, это изображение 3 человека, люди стоят и в помещении

  529. Тренеры Общественного фонда "Био Сервис", в рамках программы "Комплексное развитие регионов", проект "Интенсивное производство и переработка кукурузы повышение дохода фермеров Ала-Букинского района", проводят тренинги для фермеров из 6 айылных аймаков, Ала-Букинского района по агротехнологии выращивания кукурузы и разновидности гибридных сортов.

    Возможно, это изображение 11 человек и в помещении

    Возможно, это изображение 1 человек и в помещении

    Возможно, это изображение 2 человека и люди стоят

    Возможно, это изображение 2 человека и люди стоят


  530. Сиздерге  органикалык айыл чарба департаментинин видеосун тартуулайбыз.

    1. Органикалык азык деген эмне?

         https://www.facebook.com/100042371914027/videos/708139093731385/

          2. Органикалык азыкты өндүрүүдө органикалык жер семирткичтерди жана биотехнологияларды колдонуу   

         https://www.facebook.com/100042371914027/videos/693231331954756/

            Видео ЕККУнун колдоосу менен даярдалган.

  531. 2022-жылдын 12-майында Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна караштуу Бүргөндү айылында Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин Органикалык айыл чарба департаменти тарабынан уюштурулган фермерлердин потенциалын жогорулатуу, мүмкүнчүлүктөрү, артыкчылыктары жөнүндө бөлүшүү жана бардык кызыкдар тараптарды органикалык айыл чарба өндүрүшүн туура жүргүзүүгө багыттоо максатында окуу-семинар болуп өттү. Семинарга Жалал-Абад облусундагы Экономика жана Регионду Комплекстүү Өнүктүрүү боюнча бөлүм башчысы Ызабеков Ы. Т., Органикалык Айыл Чарба Департаментинин жетекчиси Турсуналиев С., органикалык, экологиялык продукция өндүрүүчүлөр, Органикалык айыл чарба департаментине катталган пилоттук чарбалар, “Био Сервис” коомдук фондунун жалпы кызматкерлери жана аймактардын дыйкандары катышышты. Анда фермерлер органикалык айыл чарбасын жүргүзүү боюнча кеңири маалыматка ээ болушуп, кызыккан суроолоруна жооп алышты. Ошондой эле фермерлер үчүн ыңгайлуу болгон жаңы сезондук биолабораториянын ачылышы болду. Кооперативдин алдыңкы фермерлери сыйлыктар менен сыйланды.
    Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин Органикалык айыл чарба департаментинин максаты органикалык айыл чарбасын өнүктүрүү, айылдык товар өндүрүүчүлөр үчүн жогорку сапаттагы жана экологиялык таза органикалык айыл чарба азыктарын өндүрүүгө, аларды жакынкы жана алыскы чет өлкөлөргө экспорттоону көбөйтүүгө ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп эсептелет.

    Возможно, это изображение 5 человек, люди сидят и в помещенииВозможно, это изображение 12 человек, люди сидят и люди стоят

    Возможно, это изображение 8 человек Возможно, это изображение 6 человек и люди стоят Возможно, это изображение 4 человека и люди стоят Возможно, это изображение 11 человек и люди стоят



  532. Ала-Бука районундагы тажрыйба талаасы. Глауконит менен биогумустун таасири.WhatsApp Video 2022-05-20 at 18.27.55.mp4

  533. Май айынын аягында Талас шаарында “Берен” кооперативинин жергиликтүү инспекторлоруна ички көзөмөл системасын жүргүзүү  боюнча окуу өткөрүлдү.

  534. Эмне үчүн кокон гиларсынын мөмөсү жарылат?

    Жарылуунун бирден бир себеби: мөмөнүн кабыгы сууну өзүнө сиңирип алгандан болушу мүмкүн (туман, жамгыр, шүүдүрүм), андан кийин нымдуулук эң көп сакталган жерлер желим жана жарака менен толуп калат. Көбүнчө, бул тамчы илинип турган сабактын жана мөмөнүн түбүнө жакын жер.

    Бул көйгөйдүн экинчи себеби - дарактын тамырынын нымдуулук менен ашыкча каныккандыгы. Бул узакка созулган жамгыр учурунда да, катуу кургакчылыктан кийин бир жолу катуу жааган жамгырда да, сууга зар болгон тамырлар кыртыштан нымдуулукту интенсивдүү жана тез сиңирип алган учурда болот. Узакка созулган жаан мөмөнүн үстүнкү бөлүгүндө жаракалардын пайда болушуна алып келет.

    Кокон гиларсынын  жарылып кетишинин дагы бир себеби, сугаруунун туура эмес болушу. Көбүнчө бул, кокон гиларс бышуунун алгачкы этаптарында өз убагында сугарылбагандыгында болот. Андан кийин жаан-чачындуу мезгил келет же ээси даракты интенсивдүү сугарып баштайт, мындан улам кокон гиларс сөзсүз түрдө жарылып кетет. Себеби - нымдуулуктун түшүшү менен мөмөнүн ичи тез бышып баштайт, ал эми кабыгы ага туруштук бере албай жарылып калат. Кокон гиларстын даамы начарлабайт, мөмөнү жесе болот. Болгону кокон гиларстын сырткы, товардык көрүнүшү жабыркайт, андыктан мындай болбошу үчүн, даракты бирдей сугаруу менен камсыз кылуу керек, ошондо мөмөлөр туура өнүгөт.

    Кокон гиларстын жарака кетишине жол бербөө үчүн, көчөттү отургузуудан мурун бул көйгөйгө чыдамдуу сортторду алдын ала тандап алса болот. Мындай сорттордун (мисалы, «Валерия», «Ярославна», «Саммит», «Лапенс») териси калың, эти жыш келет.

    Топурактын түрү да маанилүү - бир калыпта сугаруу менен, чопо нымдуулукту жакшы сактайт. Ал эми кумдуу топурактарда даракка нымдуулуктун бирдей болушуна жетишүү кыйыныраак.

    Балким  кокон гиларс сугат режимин сактоо менен ага көбүрөөк көңүл бурууну талап кылган жалгыз дарак. Бактагы башка бак-дарактар ​​сыяктуу эле, күзүндө аны нымдуулук менен камсыз кылуу үчүн сугаруу зарыл.


  535. Анжирдин пайдалуу жана дарылык касиеттери

    Бул өсүмдүктүн мөмөлөрү бөйрөктүн жана ашказандын абалын бир топ жакшыртат.

    Салттуу медицина мурунтан бери анжирдин кайнатмасын сасык тумоо, ангина, мүлк ооруларын жана дем алуу жолдорунун сезгенүүсүн дарылоо үчүн колдонуп келген.

    Анжирдин курамында калий көптүгүнө байланыштуу жүрөк-кан тамыр системасынын оорулары менен жабыркаган адамдар үчүн абдан пайдалуу.

    Гипертония жана веноздук жетишсиздик (кан тамыр оорулары) менен күрөшүүдө анжир чоң роль ойнойт.

    Бул мөмө-жемиштин курамындагы фицин ферментинин эсебинен кандын уюшу азайып, кан тамырлардын тромбтору жоюлат.

    Белгилей кетчү нерсе, анжирдин ич алдырма (слабительное) таасири бар.

    Салмагын көзөмөлдөгөн адамдар үчүн пайдалуу. Анда клетчатка көп, бирок эч кандай зыяны жок.

    Анжир азыктары абдан пайдалуу. Ширеси табитти жакшыртуу үчүн идеалдуу болуп саналат, андан тышкары, балдардын тамак сиңирүү системасынын иштешин нормалдаштырат. Ал ревматизмди дарылоодо эң сонун жардамчы. Анжир дарагы аялдын жыныс органдарынын айрым ооруларын дарылоо үчүн колдонулат.

    Курамындагы заттардан улам "жаман" холестерол организмден чыгарылат, ошондуктан ал атеросклероздун эң сонун профилактикасы болуп эсептелет.


    Анжирдин коркунучтуу касиеттери

    Мындай зор пайдасына карабастан, бул мөмөнүн коркунучтуу жагы да бар. Анжирди жегенге бир нече каршы көрсөтмөлөр бар. Аны кант диабети, подагра жана ичеги-карындын курч сезгенүү оорулары менен жабыркагандарга жегенге катуу тыюу салынат.

    Кургатылган анжир панкреатит жана ашыкча салмактуулук менен жабыр тарткандарга каршы көрсөтүлөт, анткени ал бул ооруларды күчөтүшү мүмкүн. Ошондой эле, ал күчтүү ич алдырма таасири бар экенин эстен чыгарбоо керек жана сапарга жана жолугушууга чыгуудан мурун колдонууга болбойт.

    Маалымат булагы: https://edaplus.info/produce/fig.html

Kyrgyzstan KYR