Welcome to the

Kyrgyzstan
Space shortcuts
Kyrgyzstan KYR
Skip to end of metadata
Go to start of metadata
  • No labels

11 Comments

  1. Нарын районунун Дөбөлү айылындагы “Береке-Дөбөлү” айылдык кызмат көрсөтүү тобуна (жетекчиси Турганбаев Калыс) үй шартында сут азыктарын кайрадан иштетүү сунушун колдоо үчүн кургатуу жабдуусу (17600сом) алынып берилди. Мындан тышкары сары май жана каймак куюу үчүн 2000 сомго 50 даана банка жапкычы менен сатылып берилди. Учурда аталган жабдууда курут, жашылча-жемиш жана дары чөптөр кургатылып жатат.

     

  2. Бийик тоолуу, климаты катаал делген    айылдарда үй шартында керектүү азыктарды өндүрүп, үй бүлөнүн тамактануусун тамактанууну жакшыртуу үчүн өсүмдүктөрдүн түрлөрүн айдап, агротехникалык талаптарга ылайык өстүрүүнү үйрөтүү максатында Нарын районундагы Дөбөлү айыл өкмөтүнө караштуу Дөбөлү, Кеӊеш, Алыш айылдарында ар биринде бирден эксперименталдык участок уюштурдук. Ал участоктордо капуста, сабиз, кызылча, бадыраӊ, ашкабак, буурчактын 3 түрү (жашыл буурчак, нокот, бобы) айдалды. Ал өз учурунда каралып, тийиштүү иш-чаралар (айдап-себүү, отоп-суюлтуу, органикалык жол менен зыянкечтерге каршы күрөшүү, түшүмдү жыйноо жана сактоо) айылдык кызмат көрсөтүү топторунун өкүлдөрүнүн катышуусунда практикалык жол менен өткөрүлдү. Иш-чаранын артыкчылыгы ар бир катышуучу өз колу үрөөн сээп, отоп-суюлтуп, керектүү ачытманы даярдоо менен аталган иш-чараны аткарууга катышып, тажрыйбага ээ болушту.

    Учурда сабиз, кызылча, капуста, бадыраӊ, жашыл буурчак өсүмдүктөрү бардык жерде жыйналып алынып, тамактануулары үчүн пайдаланып жатышат. Түшүмү абдан жакшы болуп, иш-чарага катышкандардын өз чарбаларында өсүмдүктөрдү айдап-себүү менен жетиштүү түшүм ала тургандыктарына ишенимдери артты.  Келечекте окуп-үйрөнгөндөрүн пайдалануу менен керектүү өсүмдүктөрдү өстүрүп, азык менен камсыз болушаарын белгилишип отурат. Айдалган өсүмдүктөрдүн ичинен бобы чала бышып, нокот жетилбей калды. Ашкабакты үшүк уруп кетип, айдап-себүүдө коркунуч бар экен.

         

  3. Нарын районунун Дөбөлү айылындагы “Береке-Дөбөлү” айылдык кызмат көрсөтүү тобу (жетекчиси Турганбаев Калыс)   кургатуу жабдуусун иштетип, 12 кг календула жана 25 кг курут кургатып алды.

       

  4. Айылдык кызмат көрсөтүү топторунун катышуусунда бийик тоолуу, климаты катаал делген    айылдарда үй шартында керектүү азыктарды өндүрүп, үй бүлөнүн тамактануусун тамактанууну жакшыртуу үчүн өсүмдүктөрдүн түрлөрүн айдап, агротехникалык талаптарга ылайык өстүрүүнү үйрөтүү максатында Нарын районундагы Дөбөлү айыл өкмөтүнө караштуу Дөбөлү, Кеӊеш, Алыш айылдарында бирден,  эксперименталдык участок уюштурулган. Май айынан тартып, октябрь айынын этегине чейин ал участоктордо айдап-себүү, отоп-суюлтуу, сугатты уюштуруу,  органикалык жол менен зыянкечтерге каршы күрөшүү, түшүмдү жыйноо жана сактоо иш-чаралары айылдык кызмат көрсөтүү топторунун мүчөлөрүнүн катышуусунда практикалык жол менен көрсөтүлүп, үйрөтүлдү.  Ал участоктордо капуста, сабиз, кызылча, бадыраӊ, ашкабак, буурчактын 3 түрү (жашыл буурчак, нокот, бобы), дары чөптөрдүн 3 түрү (календула, мята перечная, корень валериана) айдалды. Октябрь айынын этегинде ар бир органикалык аймакта сыноо участкасында  жыл ичинде аткарылган иштердин жыйынтыгы чыгарылып, ар бир өсүмдүктүн жетилүү шартына, түшүмдүүлүгүнө жана алып келген кирешесине карата аныктамалар берилип, сунуштар кабыл алынды. Ага ылайык органикалык аймактарда  сабиз, кызылча, түрп, чеснок, брюква, эрте бышуучу капуста  айдап өстүрүү пайдалуу деп табылып, аймактардын климаттык шарты аталган өсүмдүктөр үчүн ынгайлуу деп белгиленди. Мындан тышкары топинамбур жана хренди өстүрүү жагы сунуш кылынды.

        

  5. Аймактарда эгилген бадыраӊ жана ашкабак өсүмдүктөрү июнь айында болгон үшүктөн жетилбей калды. Чанактуу өсүмдүктөрдөн нокот бышпай калды. Ал эми бобы менен жашыл буурчак бышып жетиле тургандыгы, анын тамактануудагы аш болумдуулугу белгиленип, ар бир үй бүлө туура тамактануусуна колдонуу үчүн айыл жеринде жайылтуу керектигин   билдиришти.

       

  6. Мындан тышкары өстүрүлгөн календула, мята перечная, корень валерианы дары чөптөр толук бышып жетилип, климаттын катаал шартына туруктуу болду.

       

  7. Өндүрүлгөн дары чөптөрдүн түшүмү толук жыйналып, экономикалык жактан кирешелүү экендиги белгиленди. Алсак, аймактарда адат болуп айдалып келген картошка өсүмдүгүнөн 1 соткасынан жакшы болгондо 150 кг картошка жыйналып, анын килограмын 20 сомдон сатканда фермер 4000 сом пайда табат. Ал эми Нарын районунун Доболу органикалык аймагындагы  Алыш айылынын тургуну  Мырзабеков Камчыбек1 сотка жерде айдалган корень валерианадан 25 кг түшүм чогултуп өткөрүп, 5875 сом пайда тапты. Бул көрсөткүч Нарын районундагы сыноо участокторунан аталган өсүмдүктөн алынган түшүмдүн орточо көрсөткүчү.  Мындан тышкары 1 сотка жерге айдалган календуладан 5900 сом, ал эми мятадан 5350 сом киреше тапкан.

     

  8. Натыйжада жыл сайын кайталап айдалып келген картошка өсүмдүгүнө караганда дары чөптөрдү өстүрүү кыйла кирешелүү экендигине топтордун өкүлдөрү күбө болду. Ошондуктан бардык аймакта дары чөптөрдү көбөйтүп айдоону максат кылып жатышат. Мындан тышкары дары чөптөрдү ар бир үй бүлө өздөрүнө колдонуп көрүп, дарычылык касиети күчтүү экендигин, пандемиянын шартында кыйла жардам бергендигин,  ооруну жеӊил көтөрүп кеткендиктерин  билдиришти. “Ар бир үй бүлөнүн кирешеси артса, ал аркылуу азыктанууну жакшыртып, туура тамактанууну уюштуруу маселесин чечебиз”- деген максат менен бул багытты күчөтүүнү “2021-жылдын приоритеттүү багыты катары” алдыбызга коюп жатабыз.

     

  9. 2020-жылдын 11-ноябрында “Дордой дары” жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси Д. Кампабекованы алып барып, Нарын районунун Дөбөлү айылындагы “Береке-Дөбөлү” айылдык кызмат көрсөтүү тобу тарабынан өндүрүлгөн 12 кг календуланы килограммын 300 сомдон 3600 сомго, 5 кг мятаны килограммын 300 сомдон 1500 сомго, 25 кг корень валериянаны килограммын 235 сомдон 5785 сомго, ошондой эле Нарын районунун Таш-Башат айылындагы “Таш-Башат Биримдик” айылдык кызмат көрсөтүү тобу тарабынан өндүрүлгөн 18 кг календуланы килограмын 300 сомдон 5400 сомго, 4 кг мятаны килограмын 300 сомдон 1200 сомго, 21 кг корень валериянаны килограмын 235 сомдон 4935 сомго жеринде сатып алуусун уюштурдук. Андан мурда Ысык-кол органик кооперативинин жетекчиси Жылтырова Сонунгул жеринде сатып алган эле.

     

  10. 2020-жылдын 8-ноябрынан 15-ноябрга чейин Нарын областындагы Дөбөлү органикалык аймагында  көчөт өндүрүүчү питомниктер уюштурулуп, «Алтайский десерт»,  «Тибень» жана «Тизель»  сортторундагы карагаттардын  125 түп көчөттөрү, ошондой эле «Полана» сортундагы малинанын 50 түп көчөттөрү отургузулду.

     

  11. Питомниктерди уюштуруудагы негизги максатыбыз жергиликтүү шартка ылайыкташылган мөмө-жемиш берүүчү өсүмдүктөрдүн көчөттөрүн өндүрүү, аны айыл тургундарына жайылтуу болуп саналат.

    Аталган органикалык аймактардын жаратылыш-климаттык шарты катаал келип, кышы узак, жайы кыска. Мына ушуга байланыштуу айыл жашоочулары негизинен мал чарбачылыгы менен алектенип, өсүмдүк өстүрүү кооптуу болгондуктан, бул тармакка анчейин маани беришпейт.

    Ошондуктан Био-KG органикалык кыймыл Федерациясы ар бир аймакта питомник уюштуруп, анын базасында жергиликтүү фермерлерге карагат жана малинаны багып өстүрүү сырларын, аны чыбыкчалары жана тамырчалары аркылуу көбөйтүү жолдорун практикалык негизде көрсөтүп, окутуп-үйрөтөт.

    Бул иш-чаранын жыйынтыгы менен ар бир фермер өз чарбасында карагат жана малинаны өстүрүп, кошумча киреше табуусу аркылуу турмуш-шарттарын жакшыртууга өбөлгө түзүлөт деген тилегибиз бар.

     

Kyrgyzstan KYR