Welcome to the

Kyrgyzstan
Space shortcuts
Kyrgyzstan KYR
Skip to end of metadata
Go to start of metadata
  • No labels

51 Comments

  1. Платформанын катышуучуларына, айылдык кызмат корсотуучулорго салам!

    Тоолуу аймактарда тамактанууну жакшыртууга салым кошоюн деп  чакан долбоор жазгам, долбоордун колдоосу менен сут беруучу эчки сатып алгам. Азыр толдоп сут бере баштады, улагы кыйла торолуп калды.

    image2020-3-5_17-7-31.pngimage2020-3-5_17-8-37.png

  2. Cаламатсынарбы платформанын катышуучулары!

    Айылдык кызмат корсотуучу Мирзахметова Гулсара видеону жуктой албай жатканынан ушул жерге жуктом жатам.

  3. Саламатсыздарбы, мен чакан долбоорду аткарууга колдоо катары 2019-жылы декабрь айында сут эчки алганмын. Максатым сут эчки багуу менен андан алынган сутту кундолук тамактанууда пайдалануу.

    Азыр айылдарда уй кармап саап ичкени жакынкы жайыттар жок. Дыйканчылык менен жаз-жай бою бошобогондуктан уйду багып кароо кыйынчылыкты жараткандыктан апрель айынан сентябрь айына чейин жайлоого жайытка чыгарып жиберебиз. Ушул мезгилде сут тансык болгондуктан сут эчки багууга ыктап жатамын.


  4. Алган сут эчким апрель айында толдоду.  Улагы кыйла торолуп калды. Бир кундо 3 маал саап аламын 1-1,5 литрге чейин сут берет, балдарым жыргап калышты.

    1. ишинерге ийгилик

  5. Туура жана туркундоштуруп тамактануу боюнча айылдагы аялдарга откоргон тренигден тартылган суроттор.

    Аялдар арасында тамактанууга байланышкан койгойлорду талкуулаганда туркундоштуруп тамактанууга конул бурулбай турганына ынанышты. Буга мисал катары жаш келиндер арасында аз кандуулук коп экендигин, боюна болгондон баштап баласы 2-3 жашка чейин ооруканадан башы чыкпай кыйналган фактыларды кызуу талкуулашты.

  6. Сут эчкинин пайдалуу жактарын айылдаштарым айтып жаткандыктан Кызыл-Туу айылынын 2 жашоочусу сут эчки алып бага башташты.

    1. Маматалиева Мирзайым  1 бооз эчки алды
    2. Аблакимова Саадат - 1 эчки алды
  7. Ишинизге албан албан ийгилик

  8. Менин сут эчкимди дагы тол алуу максатында ноябрь айында башка короого коштум.

    Эчкинин сүтү жагымдуу болгондуктан уйдо 2 небереме кошуп  эгиз балдарга да берип жаттык. Эчкинин сүтүндө жана башка сүт азыктарында А, С, В, Д, Е витаминдери, микроэлементтер жана макроэлементтер бар.

    Химиялык курамы боюнча эчкинин сүтү башка жаныбарлардын сүтүнөн бир топ эле айырмаланат экен.. Мисалы, В12 витамини башка сутко салыштырмалуу 6 эсе жогору. Ал эми дал ушул витамин адамдын ден соолугу үчүн башкы керек витамин экен.. Эчкинин сүтүнүн бул өзгөчөлүгү ден соолугу начар, организми алсыз бөбөктөр үчүн керектуу тамак.
    Айылдаштарыман мурда 2 адам алган болсо, азыр дагы 3 адам сатып алды. Бактыгул, Сурмайым, Гулмира деген айылдашыбыз издеп журуп бооз эчки алып келди.

    1. маалымат учун рахмат 

  9. Саламатсыздарбы, эчкини айылдык ветврачка корсотуп турам. Ден соолугун текшертип.  Эчки байлаган короонун ичи таза, шамалдуу жерде турушу керек. Ото жылуу жерде болсо бит басып кетет, башка эчки баккандар ушул маселеге конул буруп койгула.

    Эчки бит басып кетсе тез эле арыктап кетет. Зыянсыз каражаттар менен алдын алып профилактика жургузуп туруш керек.


  10. Айыл чарба малдарынан эчкини адамзат биринчилерден кылып уй жаныбары катары багып остуруп келишкен.

    Эчкинин кандайча келип чыгышы тууралу толук маалыматтар ушул кунгє чейин тактала элек.

    Европа, Орто жана Кичи Азия мамлекеттеринин аймактарында табылган эчкинин аскалардагы, таштардагы суроттору жана жер астынан казылып алынган калдыктары эчкинин таш доорундагы маалда эле бар экендигинен кабар берет.

    Албетте эчки биологиялык тузулушу боюнча койдон айрымаланып, сооктору ичкерээк жана эчкинин да текенин да ээгинде сакалчасы болот. Ошондой эле кобунчо эчки-теке муйуздуу болот. Баш соогу боюнча да койдон айырмаланып турат. Баш соогундо койдун кєз алдында «жаш чункурчасы» бар, ал эми эчкиде ал чункурча болбойт.

    Кой менен эчкинин негизги айрымачылыктарына томонкулор: 

    • їнїнїн ичкелиги,
    • сакалчасы бардыгы
    • чычан куйругу.
    • Эчкинин дагы бир айрымасы - эчки тери алдына кєп май албайт, негизинен майды ичине алат. Эчкинин кобойуу потенциалы койго караганда жогору, акклиматизацияга жондому чон ( жер тандабайт).
  11. Эчкинин жуну кєп чубаштуу эмес жана тулогонго жондомдуу, ал эми уян жундуу кой породасы тулобот.

    Эчкинин физиологиялык жетилуусу 5-7 ай. Улакты 150 кун которот.

    Эчки озунун биологиялык тїузулушу боюнча башка айыл чарба жаныбарларына караганда айрымаланып турат. Алар женил кыймылдап, татаал, башка жаныбарлар жете албаган тоолуу жайыттарды оттой алат. Эчки малы коп туйшукту талап кылбаган жаныбар.

    Дагы бир жакшы озгочолугу туберкулез, котур менен кєп оорубайт.

    Копчулук эчки породалары тез жетилет жана эгизден толдойтт.

    Эчкинин тамак синируу органы жакшы оорчугон, ошондуктан составында 64%га чейин клетчаткасы бар тоютту синирууго жондомдуу Эчкилер озулору берген азык-тулугу боюнча 3 болукко  бєлунот:

    • Тыбыт багытындагы
    • Жун багытындагы
    • Сут багытындагы
  12. Сутуу  эчкилерден орто эсеп менен ар бир 100 тубарынан 150-180ден улак алынат. Ал эми эчкинин суту болсо аш болумдуу азык, уйдун жана койдун сутуно караганда организмге женил синет. Эчкинин эти даамы, кубаттуулугу жагынан койдукунан калышпайт, ал эми аш болумдуулугу боюнча уйдукунан жогору турат. Эчкинин терисинен тон, чолок тон, кайыш плаштарды жасап кийсе болот. Ал эми кыргыздар кылымдар бою эчкинин терисинен сабаа жана чанач жасашып, кымыз ачытып келе жатышканы белгилуу

  13.  Сут багытындагы эчкилер 10 айдай саалат, ошол убакыттын ичинде 600-700кг, алды 2000кг сут берет, майлуулугу 3.8-4%.

    Эчкинин суту  дарылык касиетке ээ, айрыкча жаш балдарга жагымдуу.

    Сутунун сапатын жакшы.

    Эчки башка жандыктардан айырмачылыгы кєп оорулар менен оорубайт.

    Аскалардагы чоптун  кучтуусун  жеп, ыландарга чыдамдуу болот

  14. мен айылдык кызмат корсотуучулордун окуусуна жакшы ниет менен элибизде тынчтык, молчулук болсун деп сумолок кайнаттык. Сумолок алып келип ооз тийдирдим.

  15. мен балдарымдын кундолук тамактануусунда эчкинин сутун пайдаланып жатабыз, абдан пайдалуу азык.

  16. Cалам сут эчки асырагандар, мен улактарды асыроо, багуу боюнча видео менен болушойун дедим.

    улактарды тоюттандыруу.mp4

    1. Рахмат Уулкан, коп улактарды тоюттандырууда жонокой  жакшы ыкма экен.

  17. Платформанын катышуучуларына салам!

    Менин эчким 8 майда  толдоду. Азыр аны жакшы тоют менен багып, баласын ууз сутуно тойгузуш учун аракет кылып жатамын.

    WhatsApp Video 2021-05-18 at 08.19.24.mp4

    1. Толунуз жакшы болсун, аман эсен чонойсун. 

      Мен да сут эчки багайын деп журом, ден соолукка байланыштуу. Таза кандуусун каерден алсам болот? 

  18. Эчкинин суту азыр анчалык кобойо элек, ошентсе да баласынан ашканын саап неберелериме берип жатамын. Эчки суту абдан пайдалуу экен, багуу да женил.

  19. Быйыл жаз кеч келгендигине карабай кокон гиларстарыбыз бышайын деп калды бул 25 майга карата, ден соолугума байланыштуу Ошто дарыланып журуп, кээ бир маалыматтарды эми жазып жатамын, ал үчун кечирим сурайм.


  20. Эчкинин суту бир кыйла кобойуп кунуно 1 кээде 1,5 л сут саап алып жатам. Небереме берем, ашканын кошунанын балдарына болушуп жатабыз.


  21. Салтанат эжеке,

    Кош келиниз !    

    Сут багытындагы эчки бар экенда ,

    сатып алдынызбы? кайсыл командадасыз?

    адрес кайсыл жерде?

  22. 19 июнь куну "Био Фермер" кооперативинин жалпы отчеттук жыйыны болду. Мен да делегат катары катыштым.

    Органикалык пахтаны өндүрүү, уюштуруу, пахтанын сапатын камсыздоо боюнча био инспектор катары көрсөткөн кызматымды баалап акчалай сыйлык менен сыйландым.

    Сыйлыкты "Био Фермер" кооперативинин жетекчиси Канназаров Нурбек тапшырды.

    1. Органик айым эже сыйлыгыныз кут болсун!

  23. Гулсара эже, 

    Сыйлыгыныз кут болсун!

    Ийгиликтер көп болсун,

    Талыкпай коп-коп иштеп

    Кадыр-барк арта берсин!



  24. Эчки сутунун пайдалуу жактары

    Эчкинин сүтү кремний, кальций, калий, магний, фосфор, темир, марганец, селен, жез, аскорбин кислотасы, А, B, C тобундагы витаминдер, минералдык туздарга жана башка организмге керектүү заттарга бай.

    • Эчки ылаңдарга көп чалдыкпагандыктан, сүтү башка жандыктарга караганда таза болот.
    • Дарылык касиетке да ээ. Жүрөк-кан тамыр, боор, өт, тери, муун, ашказан-ичеги ооруларына, жөтөлгө миңдин бири дешет дарыгерлер.
    • Стресстен жана кара күч эмгегинен чарчап-чаалыккан адамдын организмин калыбына келтирүү үчүн колдонушат.
    • Сиңимдүү болгондуктан, көбүнчө жаш балдарга жана кары-картаңдарга эң жакшы азык. Ашказан-ичеги оорусунан жабыркагандар үчүн да мыкты азык. Бирок бир жашка чейинки балдарга берүүгө болбойт. Себеби эчкинин сүтү казеин тобуна кирет. Бул топтогу сүт ашказанга киргенде коюуланып, башкача айтканда, уюп калат да, аны жаш баланын ашказаны иштетүүдө кыйналат.
    • Кургак учуктан дарыланууда сунушталат.
    • Курамында фтор көп болгондуктан, тишти кариестен сактайт.
    • 1 литр сүттө 630 калорий бар. Бул адамга керектүү 1 күндүк норманы толук камсыздай алат.
    • Салмак кошом дегендер үчүн да эң мыкты азык.
  25. Эчкилер жонундо биле турган маалыматтар:

    • 9-10 жыл өмүр сүрөт. Эң узак дегенде 17 жыл жашайт.
    • Биздин  аймактар эчки үчүн эң ыңгайлуу болуп саналат. Ысык-суукка чыдамдуу. Бирок саздак, нымдуу климатка ылайыкташкан эмес. Мындай жерлерде жашап кеткени менен, эт, сүтүнүн сапаты төмөн болот.
    • Жем-чөптү көп талап кылбайт. Себеби башка жандыктар жетпеген жайлардан (аскалар, бак-дарактардын бутактары) оттоп, өз жанын багып кетет.
    • Көп оорубайт, ылаңдарга чыдамдуу келет.
    • Майдаланган көк чөп, дан эгиндери, кант кызылчасы, сууга бышырылган картошка эчкинин сүттүүлүгүн арттырат.
  26. Эчки этинин артыкчылыктары:

    • Койдукуна салыштырмалуу агыш келет жана майы ак түстө болот.
    • Даамы, кубаттуулугу жагынан койдукунан калышпайт, ал эми аш болумдуулугу боюнча уйдукунан жогору турат.
    • Холестерин аз. Этинде суу көп, май аз болгондуктан, эти ширелүү.
  27. Эчки 6-8 айлык кезинде жетилип, төл бергенге жарап калат.

    Бирок бул көрсөткүч анын өсүүсүнө терс таасирин тийгизгендиктен, куутка 1 жашка толгондо кошуу сунушталат.
    Тез көбөйөт. Кууттан чыккандан кийин орто эсеп менен 150 күн дегенде төлдөйт.
    Тукум алуу үчүн 30-50 ургаачы эчкиден турган бир топко бир теке жетиштүү

    1. Кыргызстандын аймактарында 1 эчкинин баасы 20000-40000 сомду түзөт.
      1 литр сүтү 80-100 сомго чейин.

  28. Заанен прородасындагы эчкиден сатып алсам дейм бирок кайдан, кимден алаарымды билбейм. Ишеничтуу сатуучулардан алгым келет. Базардан алсан эч ким жоопкерчиликтуу эмес.

  29. СҮТ ЭЧКИСИН БАГУУНУН ОЗГОЧОЛУГУ

    Эчкини туура тамактандыруу - анын дени сак жана түшүмдүү болушу үчүн аны дайыма жетиштүү өлчөмдө азыктандырып туруу керек.  Саан эчкиге башка эчкилерге караганда  тоют көбүрөөк берилет.

    Эчкилерге негизги тоют: кышында – кургак чоп; жайында – жашыл чоптор.

    Ар бир эчкиге күнүнө 1 кг кем эмес жана 2,5-3 кг ашпаган өлчөмдө берилиши керек. Көбүнчө эчкилер талаа чопторун,  токой чөптөрүн жаш өсүмдүктөрдөн жешет.

    Күнүмдүк тоюттун жарымы, чөптү дарактын бутактары менен алмаштырса болот (жалбырактары бар дарактын бутактары). 2 кг  терек, талдын бутактары,  1 кг орто сапаттагы чөптүн ордуна.


  30. ЭЧКИ  УЧУН ЖАКШЫ ТОЮТ

    Кызылча менен сабиздин кабыгы, капуста жалбырагы.

    Бул жем күнүнө 3-4 кг чейин берилиши мүмкүн.

    Күзүндө эчкилерге картошканын сабагы 1,5-2 кг чейин берилет.

    Картошканын кабыгын, ашкананын калдыктарын кебек же башка тоют менен аралаштырып тоюттандырган жакшы 

  31. Мавлюда жакшы мисал келтирипсин, мен дагы эчкиден кобуроок сут алуу учун ар турдуу тоют берем.

  32. 2 Л  СҮТ СААП АЛУУ УЧУН ЭЧКИНИ ТОЮТТАНДЫРУУ РАЦИОНУ

     1. Талаа же токой чөбү - 2 кг.   

    Тоют кызылчасы, тоют сабиз, капуста же кызылчанын жалбырагы - 1 кг.   

    Кебек (же кургак буурчак - 0,4 кг) - 0,7 кг. 

    2. Талаа же токой чөбү - 2 кг.    Саман - 0,6 кг.   

    Ашканадан чыккан коюу калдыктар - 1 кг.   

    Кебек же аралаш тоют - 0,8 кг.

  33. Менин сут беруучу эчким балдарыма аябай конуп калды.

  34. Урматтуу сут эчки багууну каалагандар, Сиздерге чон мумкунчулук жаралып жатат.

    Сузак районунун Барпы айылында элге жакшылык кылган ишкер бала Занен, Альпийский Чешская, Нубийская породадагы эчкилерден сатып алууга мумкунчулук жаратып жатышат. Баасы 10 мин сомдон 25 миң сомго чейин.

    Мумкунчулукту колдон чыгарбай сут эчки сатып алгыла!

    СҮТ берээр ЭЧКИЛЕР келди _ Чешский, Альпийский, Заненский _ Баары САТЫЛАТ.mp4

    Телефону: 220 163506, 0555 556817


  35. Эчкинин сутунун пайдасы боюнча томонку видеону  сунуштайм.

    Эчкинин сүтү.mp4

    1. Ото сонун маалыматтар бар экен,

      Эчки суту витаминге ошондуктан моделдуу чарбаны жургузуудо оз чарбанызда болсо жаман эмес

  36. Мен бул жолу кызылчадан кышкы мезгилде салат жасап жегенде  пайдасы боюнча болушоюн дедим.

    Чийки кызылча салаттары мээнин ишин стимулдайт жана жүрөк -кан тамыр ооруларынын алдын алууда эң сонун.

    Кызылчадан жасалган салаттардын эң жагымдуусу - бул алардын ар тараптуулугу. Сиз ар дайым бир ингредиентти экинчисине алмаштырып, өзүңүзгө жаккан нерсени кошуп, окуяга жараша салатты уюштурсаңыз болот.

    Кызылча фолий кислотасына бай, анын касиеттери кургатылган жемиштер (мейиз, кара өрүк жана кургатылган өрүк) менен жакшырат. Бул жашылчаны үзгүлтүксүз колдонуу тромбоздун алдын алат жана мээнин активдүүлүгүн жогорулатат.

    May be an image of тамак-аш жана үй ичинде


    1. Сарымсак жана жаңгак кошулган кызылча чийки салаты.

    Кызылча менен сарымсактын айкалышы кан айланууну жакшыртып, майлуу тамактардын тез сиңишине өбөлгө түзөт.

    Курамы:

    чийки кызылча - 1 даана;

    жаңгак - 100 гр

    сарымсак - 3 тиш;

    сабиз - 1 даана;

    каймак же үй майонез

    Жашылчаларды тазалап, сүртүп, анан аралаштырабыз. Өсүмдүк массасына майдаланган сарымсакты жана кофе тарткычта майдалап кошуңуз. Биз каймакты толтуруп, ачуу даамдан ырахат алабыз!

  37. . Салат из свеклы с яблоком и гранатом - рецепт приготовления с фото от  Maggi.ru

    "Алма менен кызылча" салаты.

    Жашылча -жемиштерден жасалган салат ден соолукту чыңдоого жана теринин абалын жакшыртууга жардам берет.

    Курамы:

    чийки кызылча - 1 даана;

    алма - 2 даана;

    бал - 1 аш кашык. л .;

    өсүмдүк майы - 1 аш кашык. л .;

    лимон ширеси - 3 аш кашык. л .;

    жаңы чөптөр.

    Тазаланган кызылча менен алманы сүртүп (кабыгы менен бирге), лимон ширеси жана бал менен куябыз. Биз 4-5 мүнөт күтөбүз, андан кийин май кошуп, чөптөрдү чачып, бир аз туз кошуп, жакшылап аралаштырабыз. Бул салат кечки тамакка сонун кошумча болот.

  38. "Капуста менен кызылча" салаты.

    Бул салат организмди токсиндерден жана токсиндерден тазалайт.

    Курамы:

    кызылча - 1 даана;

    капуста - 200 г;

    алма - 2 даана;

    зыгыр майы - 3 аш кашык. л .;

    лимон ширеси - 1 аш кашык л .;

    Капустаны майда туурап, калган үч жашылчаны майдалап туураңыз. Даяр продукцияны аралаштырып, лимон ширесинен чачып, май кошуңуз. Колдонордон мурун чөптөрдү кошуңуз.

    Бул салат эл арасында "Шыпыргы" деп аталат жана ашказан -ичеги оорулары менен ооруган адамдар үчүн идеалдуу.


  39. "Йогурт менен кызылча" салаты.

    Бул салат бат эле табигый жарыкты калыбына келтирет, ал тургай теринин бекемдигин жана ийкемдүүлүгүн жакшыртат.

    Курамы:

    чийки кызылча - 1 даана;

    жаңгак жана кара өрүк - 150 г;

    бал - 1 чай кашык;

    йогурт - 150 мл;

    Даярдоо:

    Майдаланган кызылчага майдаланган кургатылган жемиштерди кошуп, каймак жана бал менен татымалдаңыз. Жакшылап аралаштырыңыз. Салаттан, анан сырткы көрүнүшүнөн ырахат алыңыз.

  40. "Сыр кошулган кызылча" салаты.

    Бул ачуу салат майрамдык столдо абдан ылайыктуу болот.

    :

    кызылча - 1 даана;

    сыр 150 г;

    сарымсак - 3 тиш;

    сабиз - 2 даана;

    каймак - 50 мл;

    туз жана калемпир татымына жараша.

    Даярдоо:

    Кабыгынан тазартылган жашылчаларды сүргүчтөн өткөрүңүз. Майдаланган сарымсакты жана майда бөлүктөргө кесилген сырды кошуңуз. Баарын каймак менен аралаштыры, бир аз туз кошуп, жакшылап аралаштырабыз

  41. Саламатыздарбы,

    Курсакты ачып кеттигооо,

    Салаттар ото жакшы аа сизге суроо озунуз жасап турасызбы?

    Мастер класс отуп беришиниз керек экен эжеке

Kyrgyzstan KYR