Welcome to the

Kyrgyzstan
Space shortcuts
Kyrgyzstan KYR
Skip to end of metadata
Go to start of metadata

Долборунун аталышы:  Сут багытындагы эчкилерди багуу

Адрес: - Жалал-Абад областы, Сузак району, Орто-Азия айылы


Чакан долборунун максаты: эчкинин сутун тамак ашка туура пайдалануу. Сутунон быштак, йогурт, айран, сыр жасап жаш балдарга беруу.


Аткарылышы боюнча маалымат:

Мен Абдурасулова Диана Арсланбековна Сузак районунун Орто-Азия айылынын тургуну. 2 баланын энеси. Биз Фейсбук баракчадан Туура тамактануу долбооруна конкурс боюнча жарыя коруп калдым. Башында жакшы тушунгон эмесмин бул кандай долбоор экенин жакшы тушунгон жокмун. Жолдошум жумуштан келгенде долбоордун конкурсун корсоттум. Жолдошум мага долбоордун максатын жакшылап жалпак тил менен тушундурду. Мурда жолдошум айта берчу туура тамактануу керек, жаш балдардын тамак ашына жакшылап конул буруу керек. Жашылча чопторторду (Шпинат, укроп, райкан) тамак ашка пайдаланып туруу ккерек деп. Мен булардын пайдалуулугун, аз кандуулуктун алдын алаарын билчу эмесмин.
Менде кызыгуу пайда болду. Конкурска катышып корууну чечтим. Бирок менде тоолук ишенич аз болчу. Конкурстук заявканы толтуруп, идеяларымды жазып жатканымда туура тамактануу боюнча турдуу ойлор келе берди. Бир туруп Куноскана куруп жашылча жемиштерди , кок чопторду остуруп тамак ашка пайдаланып, ашканын сатып пайда тапсамбы деп да ойлондум. Бирок мен оз кыздарымды эмизбей сут аралашма (СМЕСЬ) менен багып остурдум. Ошол себептуу мен Сут багытындагы эчкини багуу, эчкинин сутун тамак ашка пайдалануу менен элдерге туура таамактануу боюнча маалымат беруу деп тема койдум. Кудай жалгап конкурстан мен жазган идея отуп, мени 2019 жылдын сентябрь айында 3 кундук окууга чакырышты. Окууга катыштым, менден башка бул конкурстан 24 адам отуптур. Баары менен тааныштым. Окуу учурунда Туура тамактануу деген эмне? Туура тамактууну эмне учун керек? Биздин алдыдагы аткара турган иштерибиз кандай болот? Эмне иштерди аткарабыз? Деген суроолорго кенири маалымат алдым. Андан тышкары, МААН платформасы, анын бизге эмне учун керетуулугу, платформаны колдонуу, регистрация болуу боюнча маалымат алдык.
3 кундук окууну ийгиликтуу аяктап, женди билекке чейин туруп айылымдагы коншуларымдан оз ара жардамдашуу топ (ОЖТ) туздум. ОЖТ тузулушунун бирден бир себеби мен туура тамактануу боюнча мен окууган маалыматтарды топ мучолоруно болушуу жана о зуй булоолорундо тамак ашын жакшыртууга салым кошуу болуп саналат.
Ай сайын онлайн вебинарга катышып турдук. Ар бир вебинар темалары кызыктуу болуп жатты. Кээде 4-5 топ мучолорубуз менен бир жерде отуруп вебинарга катышып жаттык. Анда туура тамактануу, шпинатты остуруу, аны тамак ашка пайдалануу, куносканада жашылча остуруу учун топуракты даярдоо, жашылча остуруу, оорулары жана илдеттерине каршы курошуудо элдик ыкмаларды пайдалануу. Сут багытындагы эчкилерди жана уй канаттууларын багуу, кароо боюнча, андан тышкары чакан долбоорлордун туура тамактануу менен байланышы, эчкинин сутунун пайдалуулугу боюнча вебинарларга катышып жаттык. Ошол эле учурда топ мучолоруно маалыматты жеткирип жаттык.

Октябрь айынын акырында долбоор тарабынан Сут багытындагы эчкини алдым. Эчки келген убакта 1 литрге жакын суту бар эле. Кунуно 1 литрден сут алып кызарыма берип, ашканын айран кылып, кээде озумдун ттобумдагы жаш балдары бар ата энелерге берип жаттым. Эчкиге жем берип, чоп берип жакшы карап жаттым. Жаз айларында кок чыгып калганда кунуно 1,5-2 литрге жакын сут бере баштады. Эчкинин суту кенири болуп калды. Топ мучолорунун жаш балдары бар ата энелерге очередь менен эки кундо бир эчки сутун берип жаттым. Уйдо сгущенка, йогурт жасап балдарыма берип жаттым.


Эчки келгенден кийин Ноябрь айынан баштап 2020 жылдын июнь айына чейин 2 жолу текеге койдук, бирок качпады. Июнь айына чейин куттук, тол бербеди. Менин бирден бир максатым, эчкиден тол алып, жаш балдары бар ата энелерге берип, эчкинин санын айылыбызда кобойтуу, болчу. Бирок жыйынтык жакшы болбогондуктан эчкини алмаштырууга туура келди. Бирок ошентсе деле бул эчкиден экономикалык анализ боюнча 210 литр сут алып коп адам пайдаланды.
Алмаштырган жаны эчкибиз дагы суту менен келди. Башында сааганыбызда 700 грамм сут берип жатты. Ал эчкини жемдеп, жакшы карап отуруп суту 1 литрдин тегерегине которулду. Азыркы кундо эчки бооз. Суту 200 граммга чейин тушту. Буюрса декабрь айында туйт.
Бизди коруп айылыбызда 2 уй булоо сут багытындагы эчки сатып алышкан. Эчкини саап, сутун тамак ашына пайдаланып жатышат.





Мен бугун пайдалуу бир маалымат м.н болушо кетейин .Кадимки эле творог дон печенье жасоонун рецебин жаза кетейин,абдан даамдуу,пайдалуу жана оной эле жасалат.

Керектелуучу азыктар:

Творог 200гр

Сл.масло 100гр

Ун 150гр

Жумуртка 1 шт

Разрых-ль 3 гр

Кум шекер 50 гр

Алгач творог м.н сл.маслону блендер м.н эзип,ага жумуртка, ун,разрых-ль кошуп ото катуу эмес камыр жууруп алабыз 10 мунот камырды тындырабыз.Анан аны жаябыз валик м.н жукалыгы 1 см болсо болот,анан стакан м.н басып тегерек формасында кесип алабызда шекерге салып анан экиге буктоп дагы шекерге салып дагы буктойбуз да шекерге салып листке тизебиз.160 170 градуста 35 мунот бышырып алабыз..Аябай жумшак балдар суйуп жеген печенье даяр болот..

Саламатсыздарбы урматтуу СПУлар,иштеринер

жакшыбы,ден соолуктарынар кандай? М


22.05.21 

Бугун окуубуздун 3 куну.

Бул окууда аябай кызыктуу,пайдалуу маалыматтарды алдык,бири бирибиз м.н пикир алмашуу болду.


13.07.2021ж

Саламатсыздарбы,жанылыктар м.н болушо кетейин.Биз эчкибизди саан эчкиге алмаштырдык.Мирлан аке м.н байланышып

Июнь айынын акырларында келди.Келген кундон баштап 3 маалдан саап атам.

Эртен м.н -600гр

Тушто-600гр

Кечке маал 700гр сут чыгып атат.

Суттон айран,сыр,йогурт жасап атам..кээде ашып калганда кошуналарга 1 литрден берем.


  • No labels

32 Comments

  1. Саламатсыздарбы урматту СПУлар ж.а коллегалар!кандайсыздар?жакшы журосуздорбу,иштеринер жакшыбы?

    Биздин долбоорубуздун аткарылышы ийгиликтуу журуудо.Эчкинин сутунон тамак-ашка пайдалуу азыктарды даярдап,тамактануубузга пайдаланып келуудобуз.Кенениреек маалыматты эртенден сиздер м.н болушом....Ишиниздерге ийгилик.

    1. Диана кандайсыз,

      Эчкинизге кандай тоюттар берип жатасыздар?

      Көбөйтүү боюнча кандай аракеттер жүрүүдө?

  2. Саламатсынбы Диана,

    эчки суту сенин кыздарына тамак ашын толуктоодо чон жардам болуптур, 

    анан сенден сураныч эчки сутунон жасалган сгущенканын рецебин толук жазып койсон башкалар да жасап корушот

  3. Анан дагы эчки канча жолу толдоду же толдой элекпи,

    азыркы кундо дагы кандай маалыматтар бар

  4. Салам эже кандайсыз?макул сгущеканы жасоонун рецебин жазып койоун.

    Эчкинин суту- 500мл

    Кум шекер-150 гр керектелет.

    Алгач идишке сутту куюп ага кум шекерди кошуп жакшылап тегиз венчик м.н аралашытырып, анан плитага коюп тынымсыз аралаштырып турабыз..Кайнап чыккан сон, плитанын отун жайлатып орточо отто кайнатабыз...Кайнай берип коюлуп калайын дегенде оттон алып койобуз..Муздап калганда холодильникке  1-2 саат ка  салып койсок даяр болот...

  5. Эчки ноябрдын башында келген жайга чейин 2 жолу текеге койдук толдободу.Анан алмаштырууга туура келди,бул эчкини да текеге койдук буйруса декабрь же январьда толдоп калат ...

  6. Декабрь 2011 - 19:01


    "Сюрприз" салаты
    Курамы:
    300 грамм капуста,
    1 даана кызыл калемпир,
    2 даана бышкан жумуртка,
    150 грамм консерваланган буурчак,
    4-5 аш кашык майонез,
    салат жалбырагы,
    укроп, ашкөк чөбү (петрушка), туз, кара мурч.
    Даярдоо ыкмасы:
    Алгач кызыл калемпирди, сууга бышырылган жумуртканы, капустаны узун, ичке кылып туурайбыз, капустага туз сээп, бир аз күтө турабыз. Чуңкур идишке даяр кошулманы салып, ага консерваланган буурчакты, ашкөк чөбүн, туз, кара мурчту, майонезди салып, баарын жакшылап аралаштырабыз. Андан кийин тарелкага салып, чекесине салат жалбырагын, үстүнө укропту коюп кооздойбуз. Ошентип, көз ачып-жумгуча, салатыбыз даяр болот.

  7. Саламатсызбы Диана, 

    Эчкиниз кандай багылып жатат? Алмаштырганыныздан кийин тол бердиби? Же качан тол беруусу кутулуудо?

    Айтмакчы салаттын рецеби сонун экен. Жасаган болсонуз суротторун да кутобуз.

  8. Саламатсызбы Аскат,ден соолуктар,иштериниз жакшыбы?

    Эчкини жакшы эле карап жатабыз чоп,жем берип .Бирок эчкибиз бооз эмес экен,теке койсок да качпады.Эми дагы эчкини алмаштырабыз жакында.

    1. Саламатсызбы Диана ,

      ЧЫНЫН МАЛ ЧАРБА АДИС КАТАРЫ КОЛДОН КЕЛИШИНЧЕ АРАКЕТ КЫЛДЫМ,МЕН КОРГОНДО ЭЧКИНЕР 1-2 БОЛДУ ДЕГЕНСИЗДЕР АНДАЙ МААЛДА ТЕКЕДЕН ЧЫККАНЫ БИЛИНБЕЙТ,ОШОНДУКТАН ТЕКЕ КОЙСОНОР КАЧКАНДЫР ДЕП КАЛДЫМ.

      КАРАП КОРОБУЗ ЭГЕРДЕ МУМКУНЧУЛУК БОЛСО ЭЧКИНИ АЛМАШТЫРУУГА БОЛОТ.

      1. Саламатсызбы,ооба буйруса сиз м.н байланышта болуп турабыз алмаштырганда .

  9. Жаз келип парник жасап жашылча кочотторду остуруп, огородко эгууго даяр болуп калды. Алгач парникти жерди казып даярдадым. Жердин бетинен 20 сантиметр казып алып, анан 10 сантиметр чириген кык менен толтурдум. Андан сон ээленген топуракты жука кылып салып, устуно ээленген чириген кыкты таштадым. Уруктарды себуудо даярдаган жерди жоок кылып алып эктим. Азыр баары тегиз чыгып калды.
     Помидор, капуста, болгарский эктим анан бадыранды стаканчиктерге отургузуп койдум. Бадырандарым онуп калды 4-5 кундо чыгып калат.

        

    1. Саламатсыздарбы,

      Кандай сортторду эктиниздер ?

      Канча огородко тигип канча сотых органикалык чарба кылалык деп жатасынар?

      1. Саламатсызбы,

        Помидордун -павлина сортун

        Бадыран-Орзу сортунан

        Болг,капустанын аты эстен чыгып атат,узундугу 9метр жерге эктик

      2. Мирлан аке озубуздун огородко эле 2 жоок эле эктик,калганын саттык.

  10. Саламатсынбы Диана 

    жашылча кочотторун сонун багылып жатыптыр, буюрса жерге отургузганда да суротторун кутобуз

    ийгиликтер болсун

    1. Саламатсызбы,рахмат чооон.

      Бугун огородко эгип баштадык

    2. Саламатсызбы,рахмат чоон

  11. Буйруса парнигимдеги кочоттор сатылып бутоюн деп калды,озубузда бугун огородко помидор,капуста эктик.кочоттор тугогон сон ордуна гон алып келип койгонбуз аны сээп чакан биогумуска жер даярдайбыз.

  12. Уй шартында медовик тортун жасайбыз.

    Керектелуучу азыктар:

    Бал-2 чон аш кашык

    Сахар-200гр

    Тукум-2шт

    Сл.масло -100гр

    Сода-1 чайный ложкада

    Ун-500гр

    Кремине:

    Сут-500гр

    Сахар-150гр

    Ун-2 кашык

    Даярдоо ыкмасы:Алгач идишке 2 жумуртканы чагып ага сахарды,балды,сл.маслону кошуп жай отто аралаштырабыз бирдей масса болгондо соданы кошуп жакшылар аралаштырабыз,оттон алып ага ун кошуп камыр жууруйбуз орточо кылым.Анан аны 8 болукко болуп бетин жаап койобуз.Анан кремин жасайбыз сутко сахар,унду кошуп отко койобуз кайнап чыккан сон алабыз да башка идишке куйуп койобуз муздап турат.Ага чейин 8 болукко болунгон камырды тегерек формада жайып духовкада 180градуста бышырып алабыз бир бирден бышкан коржго тарелка коюп чекелерин кесип алабыз.Анан бир коржын коюп.бир кремин суйкоп катары м.н кылабыз эн жогоркусуна чекелеринен ашкандарын эзип сееп койобуз.Тамагынар даамдуу болсун.

  13. Мен бул окууда уй шартында сыр жасоону уйрондум.Буйруса балдарыма тынымсыз жасап берем жана да группадагы аялдарга да уйротом.

    Бурма эжеге чоон рахмат ден соолугубузга пайдалуу сырды жасап корсоткондугу учун.

  14. Сырдын 2 турун жасап корсотту.мага "Чечил"сыры жакты.сырды 1 айга чейин сактаса болот экен,канча турса ошончо даамына чыгат экен.Жасап бутуп эле баарыбыз ооз тийдик.

  15. Саламатсынбы Диана,

    Баракчанда жакшы маалыматтар бар экен.

    Сыр жасайм деп кызыгып калганын эн туура болуптур.

    Эчкини коргон кошуналарын эмне дейт? Эчкини кайдан алса болот деп кызыккандар барбы?

    1. Саламатсызбы Насипа эже,бизди коруп 2 семья сут багытындагы эчки алышкан,эчкилери толдоду.

  16. Парникке остурулгон кочоттор огородко отуругузулгандан кийинки натыйжа,буйруса жакшы осуп ,чоноюп жатат

    1. Диана молодец. Жакшы жетишкендиктерге жетишипсинер. Ийгилик кийинки иштеринерде

  17. Диана саламатсынбы, бакчанда жашылча кочотторду отургузуп

    остуруп жатыпсын, эн сонун болуптур,

    топурагына биогумус чачып  койсон болчудай экен,

    топурагы боз топурак окшойт

  18. биогумустун баалуулугу боюнча откондогу келгенде

    окуулардан маалымат алып калдынар да, ошону колдонуп тажрыйбада корсонор  жакшы болот, оз бакчанарда колдонуп

  19. Диана саламатсынбы,

    бакчандагы жашылчаларын  кандай тушумдорду берип жатат

  20. Кандайсыздар?ден соолук,иштеринер жакшыбы?

    Менин эчким жакшы багылып жатат.Кундузу таалага аркандайм,арпа,жугору,чоп почокко аралаштырып берем.Эчкини 3 маал саап жатам.Азыркы кундо кунуно 1 литрдей сут берет.Суттон айран,сыр,сгущенное молоко жасап атам.Кошуналарга берип турам.Эчкибиз боз буйруса толдотуп алып ,баласын бироого беребиз.

    1. Суротторду кутобуз

  21. Диана саламатсынбы,

    эчкибиз бооз дедин эле толдой элекпи, суроттордон кутобуз

Kyrgyzstan KYR