Welcome to the

Kyrgyzstan
Space shortcuts
Kyrgyzstan KYR
Skip to end of metadata
Go to start of metadata

Айыл тургундары эзелтен тоок багып, анын ар кандай  сырларын уйронуп келишкен. Тооктун этин жана жумурткасын жаш балдардын осуп-онугушундо, ооруудан айыгып келатканда жана кары-картандардын тамактануусунда кенири пайдаланып келишкен. Мен айылга жаны кочуп келгенде кошуналардын тоокторун коруп аябай суктанчумун.Аз-аздан мен да тоок багуунун сырларын уйронуп,тоок бага баштадым.Алгач багуунун, дарылоонун сырларын билбей, сатып келген жожолорум олгондо кадимкидей ыйлап, далай жолу кошуналарыма кулку болгонум али да эсимде. Жыл откон сайын уйроно баштадым.Быйыл коншу айылдан бир айдан отуп калган 60 жожо сатып алып, багып жатам. Андан сырткары озубуздун да тооктор чыгарып жатат. Тоок багууда гигиеналык эрежелерин так сактап, тамактануусуна жакшы конул бурса эле жожолор жакшы чоноюшат экен. Биздин группадагы бардык эле аялдар жана кыздар уйлорундо тоок барышат.

  • No labels

12 Comments

    1. Тоок чарбасын кенейтин,тоок эти женил синимдуу азык-зат болуп эсептелет.

  1.     Жаргылчак, кыздар учун чон         жанылык болду.

    Бугунку сабакта кыргыздын улуттук суусундугу болгон  жарманын жасалуу жолун уйронмок болдук. Жарма жасоо учун 10 кг.буудайды калбырга салып (уйрудук )тазалап, жууп, кунго жайып кургаттык.

      Андан сон казанга салып куурудук. Буудайды майдалаш учун жаргылчакты алып чыгып орноштургандан кийин кыздар аябай тан калышты.Анткени алар жаргылчакты биринчи жолу корушкон эле. Буудайды аз-аздан салып, жаргылчак тартууну  корсотуп берген сон кыздар бат эле уйронуп алышты. Жаргылчак жонундо тушундуруп бердим.

      Алар кызыгуу менен угушуп, 10 кг.буудайды бат эле тартып бутуп коюшту. Анда-санда улуттук буюмдарыбызды коргозуп, иштоосун уйротуп коюп туруш керек экен деп ойлоп калдым.


    1. Бактыгул эжеке,

      Сиздин жасап жаткан иштериниздер эл учун,коом учун чон салым катары баалайбыз,

      Ар дайым ден-соолукта болуп,Кыргызстан эли учун пайдасы тийчуу эжекелеримдин бирисиздер.

      Ийгиликтер каалайбыз 

      Туура тамактанып ден-соолукта болунуздар

  2. Тоок этин ондуруудо бир топ эске алуучу нерселер бар,

    Тоок этин ондуруу учун кызыккандар болсо кайрылыныздар.

    Тел: 0704 030102 



  3. Башка Долбоорлор да тоок чарбасына кызыгуулары жогору болгондуктан тоок чарбасына жардамдаарды беруудо.

    Анткени тоок эти женил синимдуу болуп ,организимге пайдалуу болуп эсептелет.

    Тоок чарбасына кызыккандарга концентраттык тоюттардын туруно жана ондуруп беруу эн жакшы тоют базасы десем болот.


  4. Саламатсыздарбы?

    Бизде Ысык-Кол районундагы Ананьево айылында да тоок балапанын инкубаторгдон чыгарып остурдук.

  5. Инкубатор чакан 4 лоток бар. Ар Бир лотогуна 88 тоок жумурткасы батат.

    Электр тогу менен иштейт.

    Автоматташтырылган.

  6. менинтоокторум

    1. Бир уй булого канча тоок бакса озун актайт? Биз да тоок багалы деп жатабыз, бирок эт алуу учунбу же жумуртка алуу учунбу али чече элекпиз.


  7. FSDS долбоорунун Аксы районундагы Кашка-Суу айыл аймагындагы Кара-Башат айылында «Балапан» тобу болуп 2021-жылы тузулуп ошол убактан тартып айыл жеринде иштеп келишет.

    Ушул группанын лидери, активдуу жаш фермер Бекмуродов Азамат мырзанын жасаган иштери боюнча маалымат беребиз. Азамат 26 жашта.

       

    Мурун бул айылдагы фермерлердин копчулугу Кербен, Жалал-Абад жана Бишкек шаарларынан жожолорду чыгарып келишкен.Долбоор иштеп баштагандан бер долбоор тарабынан тоок чарбасы боюнча окуулардан отуп, атайын инкубатор аппараттары алынып берилди.

    Уч жылдын жыйынтыгы менен 30 га жакын фермерлерге уй-шартында таза эт, жумуртка ондуруу менен айылына чон салым кошууда.

    Кашка-Суу айылында жылына 5-6 жолу ар бир келген фермерге 30-70 башка чейин жожо чыгарып беруудо.

    Жожолордун баасы жыл сайын осуудо ошондуктан уй-шартында эле ишкерликти баштоону туура кордум. Инкубатор аппаратында турдуу канаттуулардын жумурткасынан индюк, тоок, бодо, индюкур жожолорун чыгарып эле калбастан жапайы канаттуулардан кыргоол, кекилик жожолорун чыгарып декоративный канаттууларды да кобойтойун деген максаттарым бар дейт.

    Фермерлерге жыл сайын суроо-талап кобойуп, кетирген чыгымдарыма толошуудо.

    Фермерлер орто эсеп менен ар бир уйдо 30-50 жыл сайын тоокторду кобойтуп таза продукция ондурушуп жатышат, уй-шартында алынган тооктордун эти даамдуу, женил синимдуу болот.



    Азаматтын пландары келечекте турдуу канаттулардын породаларын кобойтуп элге таза продукция ондуруу.

    Бул жылы Падыша-Ата мамилкеттик коругундагы Боз уйлор шаарчасына таза экологияык эт , жумуртка жеткирип беруу менен суйлошулду. Мындай конок уйлору биздин айылда коп ошондуктан аларды камсыздоо учун ишкерлигимди кенейтем деген пландарым бар.

    Долбоорго ыраазылыгымды билдирем сиздердин жардамыныздар менен ишкерлигибизди баштоого мумкундук бердиниздер. Мындай долбоорду жазып айыл жериндеги жашаган элдерди туура тамактанууга, ишкерликти баштоого мумкунчулук беребериниздер.

     

       Балапан тобунун лидери:                                                   Бекмуродов Азамат

    Долбоордун мал чарба адиси:                                            Мурзакулов Мирлан

Kyrgyzstan KYR