Welcome to the

Kyrgyzstan
Space shortcuts
Kyrgyzstan KYR
Skip to end of metadata
Go to start of metadata

Класстердин мучолору: 1. Жолдошев Ашырбек - Ноокен району, Жалал-Абад облусу

                                        2. Зулпиева Айчурок - Ноокен району, Жалал-Абад облусу

  • No labels

27 Comments

  1. Ашырбек аке, Зафар, Айчурок эже кантип атасыздар?

    Эмне жумуш жасасаныздар, эмне билсениздер. Бошобой жатсаныздар деле жаза бериниздер...

  2. Жашылча бакча көрктөндү


    Туура тамактанууну жөнгө алуу боюнча «Тоолу Агро-экосистемаларда азыктанууну жакшыртуу» долбоорунун алкагында 25 айыл тургундары Айылда кызмат көрсөтүүчү  болуп иш алып барып жатышат. Алардын бири Зулпиева Айчүрөк эже, өзүнүн жашылча бакчасына жашылчаларды эгип койду. Алар: Помидор, болгар калемпири, картошка, бадыраң ж.б.  Аларды күн сайын карап, бир чөп калтыбай тазалап кароодо. Эженин айтымында жашылчаларды өстүрүп, өзү түзгөн группанын мүчөлөүнө аларды өстүрүү, багуу, кароо боюнча маалымат бесем дейт. Андан сырткары тамак-ашка жашылчалардын, көк чөтөрдүн таасири,аз кандуулуктун алдын алуудагы мааниси боюнча сабактарды өтүп бергенин айтты.

    Айчурок эже Жалал-Абад облусуна караштуу, Ноокен районунун Аримжан айылынын тургуну, кесиби мугалим.

    Насипа Мамасалиева



    1. Омурбек, абдан жакшы тажрыйба экен, жашылчаларды, деги эле айыл чарба осумдуктору, декоративдуу осум-го дагы комплекстуу органикалык жер семирткичти сунуштайм, Grohus компаниясы сунуштайт. кенен маалымат керек болсо кайрылсан.

  3. Урматтуу бул топтогу Айылдык Кызмат Коргозуучулор,

    Бул жерге аткарып жаткан иш-чаранар тууралуу баяндап турунуздар,

    Аширбек аке,Айчурок эжеке биогумус азыркы кундун эн керектуу талабы болуп жатат,биогумус сатсаныздар айтыныздар баасын келишимдик негизде алабыз.

    Активдуу болууга чакырабыз,салыштырмалуу тамактануу жылдан-жылга озгоруу болдуубу?

    уй-булолук бюджетке тамак-ашка финансы болунуп жатабы

  4. Айчурок жене соолжандарыныздын тамактануусу жакшыбы биогумусу чыга баштадыбы 

  5. Жакшы,быйыл соолжандардан саттык

  6. Айчурок эже кандайсыз соолжандар 1кг мы канча гумус жейт экен

  7. Саламатсызбы Ашырбек аке! Мен бакбанчылык менен иштеп жатат,азыр көчөттөрү жакшы буйурса.Ошого зыянкечтерден алдын ала эмне колдонсок болот?

    1. Назгул момо дарактарына марганцовканын суусу.Борный кислотанын  эритмесин.(10литр сууга 2 кашык борный кислота). Лопух(Уйгак).помидор.картошка жалбрактарн сууга тундуруп 5-6 кун, 50-100грам самын кошуп чач

  8. 25_30кг соолжан он тоонна конду Бир сезонду жейт денег,канчалык соолжандардан коп .болсо шарты жакшы болсо тездейт

  9. Жеке ишкер Умар Казыхожаев с.Сузак

    1. Гулзада эже,

      F2F2 откоргондогу биогумус чарбасына визит жасалды.

  10. Улар мырза, биогумус жонундо тренинг отуп жатабы?

  11. Мен да командадан биогумусту даярдоого  үйрөнүп баштадым.

  12.  Гүл эккен аянтка  баклажан өстүрүп жатам. 

  13. Султан F1 помидордун уругун көчөт өстүрүп эктим. Урукту 2016-жылы алып 5 жыл эс алдырып койгомун.  Бул жеке тажрыйбам.

  14. F1 бул гибрид дегени.бул сорт эмес.  а гибрид уругу биринчи жылкыдай тушумдуу болбой калышы мумкун.

    1. Ашыралы, мен өзүмчө  тажрыйба жасап жатам: сүрөттөгүдөй  жакшы гүлдөдү. Мөмөлөп бышканда  да бөлүшөм

  15. Салам.Жай чилдесинде Кунго куйбой ысып тердебей аман эсен журосунорбу,урматтууконсультанттар!Аширбек,unimax препараты эмнеге керек?

    1. Эже био удобрение катары колдонсонуздар болот

  16. Кандай группалаштар тынчсынарбы, мен бугун Зулпиева Айчурок женемдин талаасына экскурсияга бардым жыйынтыгы томонкулор .

    Адамдын коз жоосун алат, кандай сонун жана кужурмон эмгек.

    Баракасин берсин акам менен женеме аллахым ден соолук,узун омур,кажыбас кайрат берсин .

  17. Заказдар алынат бадыран,помидор,болгарский,думбул мака.

    Ишеничтуу ,таза ,органика.

    Туура тамактанууну жолго коюуу,ишке ашырылууда десем жанылышпаймын.

    Азаматсынар алтын колдун дыйкандар.

  18. Биогумус ондурууго шарттарды озубуз тургузуубуз керек.

    Соолжанды багып остуруп сатууга чыгып калгандарга 

    Ушул блок сиздер учун баасын,телефон номеринерди жазгыла сатууга жардамдашабуз,ушул чарбанын жайылышына кам коробуз.



  19. Бул долбоордун улгусу менен СКС Жалал-Абадда Туура атамктануу боюнча долбоор башталган.

    Откон жылы алар калифорния соолжандарын оз ара жардамдашуу топторуна таркатып, быйыл жыйынтыктары кубантарлык болду.


    СӨӨЛЖАН САТЫП ПАЙДА ТАПКАН АЙЫМ

     «Биогумус кирешелүү тармак экен, органикалык жер семирткичтин ден соолукка пайдалуу экендигин билдик»- дейт Жылдыз айым.

    Жалал-Абад облусуна караштуу  Шайдан айыл өкмөтүнүн Молдо-Жалил айылында 2021-жылы  15 мүчөдөн турган   «Молдо-Жалил» биогумус өндүрүү тобу түзүлгөн. Топко лидер болуп Надирбек кызы Адина дайындалган.  Топ мүчөлөрү ай сайын 50 сомдон орто фонд топтошот. Ал фонддогу акчаны  топтун мүчөлөру өздөрү пайдаланышат, азыркы күндө  орто фонддору 9000 сомго жетти.   Топ мүчөлөрүнө 2021-жылдын май айында 2 ящиктен калифорния сөөлжандары берилген. Биогумус өндүрүү, сөөлжандарды кароо, багуу, даяр болгон биогумустарды элеп алуу, сөөлжандарды кышка карата даярдоо  боюнча тренингдер өтүлгөн.   Негизинен топ мүчөлөрү жакшы аракеттенишип, сөөлжанды жакшы багышты.

    Ошол 15 аялдын ичинен өзгөчөлөнүп Мамыратова Жылдыз айым калифорния сөөлжандарын алгандан баштап, жоопкерчилик менен бага баштады. Башка топ мүчөлөрү   сыяктуу эле  биз айткандай чуңкурчанын узундугун 3 м, туурасын 1 м, тереңдигин 1м кылып казбай, чуңкурчанын  узундугун  5 м, туурасын    жана тереңдигин 1,5 м кылып казып, ичин цементтеп  анан ага сөөлжандарды таштады. Сөөлжандарды эрежеси менен нымдуулукту  сактап, жемин учурунда салып, үстүн салкын кармап бакты.  Сөөлжандар укмуштуудай көбөйду.   Быйыл жазда март айында   ящигин 400-500 сомдон сатып, жалпы  15 000 сомдук киреше тапты. Ноокен районунун Коминтерн айылына 5000 сомдук, Аксы районуна 10000 сомдук сөөлжан сатты.   35 кап биогумус элеп, анын 15 кабын картошка жана  бак көчөттөрүнүн түбүнө салган, калган 20 капты талаага жүгөрүгө салабыз деп сактап коюшкан.

    «Биогумус үйдө отурган  жумушсуз  аялдар учун эң жакшы бизнес экен. Үй тиричилигин жасап, бала багып журуп эле  кошо багып койсо боло турган иш экен. Көп жумушту талап кылбайт. Мага абдан жакты, буйруса быйыл дагы бир кошумча чуңкурча жасатам, сөөлжандарды болуп көбөйтөм.  Мурда картошка,  жүгөрү, жашылчалдарыма азот берип өстүрчү элек. Туура тамактануу долбоору менен иштеп, азот ж.б. химикаттардын ден соолукка зыяндуулугун түшүндүк. Эми жаллаң биогумус иштетип жатабыз. Өзүңдөн ашканын сатып да кошумча киреше тапса болот экен.  Мен үйдө отурган жумушсуз аялдарды биогумус багууга чакырам, ден соолукка да пайда экен, киреше тапса да болот экен»-  дейт Жылдыз айым.

    Бул иш-чаралар Fair and Sustainable Development Solutions (FSDS) коомдук фондунун колдоосу менен «Жалал-Абад облусундагы жергиликтүү калктын тамак-аш коопсуздугун жакшыртуу» долбоорунун алкагында Жалал-Абад регионалдык Айылдык консультациялык кызматы менен жүзөгө ашырылып жатат.

    Бурмакан Качкынова, Долбоордун консультанты

  20. Сөөлжанды унга, майга кезекке  тургандай сатып алышты

    «Химиялык дарылардын ден соолукка зыяндыгын түшүнүп жеттик» дейт,-  топтун лидери Чолпонова Анаркан эже.

    Жалал-Абад облусуна караштуу Ноокен районунундагы Шайдан айыл өкмөтүнүн Алма айылынын Тутовник көчөсүндө  2021-жылы  долбоор алкагында  15 мүчөдөн турган биогумус өз ара жардамдашуу тобу түзүлгөн. Топтун лидери Чолпонова Анаркан эже  15 аялдын башын бириктирип, ынтымакта иш жүргүзүп келишүүдө. Ар бир мүчө өз үйүндө чуңкурчаларды казышып,  долбоор тарабынан берилген 2 ящиктен  калифорния сөөлжандарын салышкан.  Топтун мүчөлөрү даяр биогумустарын  өздөрүнүн жашылча бакчаларына колдонушуп, артканын сатып киреше таап башташты. Топ мүчөсү  Кожоева  Кенже 9000 сомдук биогумус сатты. Калган мүчөлөр да биогумусту өздөрү колдонуп, артканын сатып жатышат.

    Анаркан эже биогумустарды электен өткөрүп, теплицада өстүргөн помидор, бадыраңдарына салып, жакшы түшүм алууда.  Эже 2 чуңкурча казып, ичин цементтеп, өтө кылдаттык, жоопкерчилик менен кароодо. 

    «Биогумус өтө жакшы жер семирткич болот экен, түшүмгө таасири чоң, ден соолукка пайдалуу. Биз туура тамактануу долбоору менен иштеп, азоттун, химиялык дарылардын ден соолукка канчалык зыяны бар экенин түшүндөк. Биздин топтун кыздары  ар бир жасаган иштерине абдан жоопкерчилик менен мамиле жасашат, баарынын сөөлжандары жакшы  көбөйүүдө» - дейт Анаркан эже.

     Бул айымдардын ийгиликтерин көрүп, коңшу Шайдан-Сай айылынан биогумуска кызыккандар   көбөйдү. Ал 15 тургун өздөрүнүн демилгеси менен  «Шайдан-Сай» өз ара жардамдашуу тобуна биригишти. Бул топтун лидери Мырзаев Толкундун жетекчилиги менен «Тутовник-биогумус» тобунан ар бир мүчөсү 2 ящиктен көңү менен сөөлжан сатып алып бага баштады.

    Бул жышаан долбоор фермерлердин органикалык азык-түлүк өндүрүүгө болгон мамилесинин өзгөргөндүгүн билдирет!

    Топ мучолору биогумус  тез киреше берүүчү тармак экенине ынанышты жана дагы кеңейтүүнү пландаштырып жатышат.



    Бурмакан Качкынова

    Долбоордо консультант

Kyrgyzstan KYR