Welcome to the

Kyrgyzstan
Space shortcuts
Kyrgyzstan KYR
Skip to end of metadata
Go to start of metadata

Базар-Коргон районунда Калмурзаев Баймурза - уч жыл мурда чакан жашылчаларды сактоочу тондурма кампаны куруп азыркы кезде иштетуудо. Бугунку кундо капуста сактап жатат. Дыйкан оз кучу менен кампаны куруп, ага атайын муздаткыч орнотуп иштетуудо. Сезондо бышкан жашылча- жана момо жемиштер баасы арзан болот. Ал эми ушундай кампаларда сактап жазда сатан дыйкан учун кирешелуу болот. Азыркы учурда мындай тажрыйбалар эл арасында жок эмес, бирок абдан аз.

  • No labels

6 Comments

  1. Азыр деле Токтогулдун базары гулдойт....

  2. Миллионер болууга бир кадам

     

    Эчактан бери жерибиз химикаттар менен ууланып, топурактын тузулушу бузулууга учурап турган маалда, жерди калыбына келтируу боюнча иш-чараларды, аракеттерде жасабай, кол куушуруп отура беруу, бул туура эмес. Кээ бироолор аны билсе да коммерциялык сыр деп айтпай коюшу мумкун. Бирок биз соз кылайын деп жаткан эже андай эмес, ал билгенин элге жеткирейин деп куйуп-бышкан инсан. Эмесе ал эженин био жер семирткич ондургон тажрыйбасын болушобуз. 

    «Жер семирткич ондурууго эч кандай каражат кетпейт, бардыгы озубуздун колубузда» дейт Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунун Потхоз айылынын тургуну, агроном Райхан Салиева эже.

    - Айтынызчы Райхан эже,  биогумустун жерге болгон таасири канчалык?  

    - Биогумус — бардык жашылча-жемиштер үчүн өтө пайдалуу жер семирткич. Аны колдонуу менен түшүмдүүлүктү 20-30 пайызга жогорулатууга болот. Жердин кыртышын калыбына келтире алабыз.  Алынган азык-тулуктор организмге пайдалуу болуп, турдуу оорулардын алдын алат.

    - Канча жылдан бери бул жумуш менен алектенесиз жана соолжандардын пайдасы канчалык? 

    1980-жылдары Америкадан кызыл калифорния сөөлжанын алдыргам. Алгач 1 миллион даана сөөлжан болсо учурда алардын саны миллиардга жетти. Биоорганикалык өсүмдүк өстүрүү үчүн биогумустун ролу чоң. Ал эми жер семирткичтин бул түрүн сөөлжандын жардамы менен гана алууга болот. Бул жаныбардын салмагы 2 граммды түзөт, жумасына 28 эсеге көбөйот.  Бул жандык 50 жыл жашайт. Бардыгы озубуздун колубузда, Кыргызстанга гана эмес чет олколорго да экспорттогону мумкунчулуктор бар. Сөөлжандар темир, таш, пластик жана синтетикадан башка калдыктардын баарын жейт. Аны кайра иштетип биогумус чыгарат. Бул калифорния соолжандары такыр тыным албайт, уктабайт сутка бою биогумус иштеп чыгат.

    - Соолжандарды азыктандыруу учун кандай шарттар керектелет, тажрыйбаныз менен болушо кетсениз? 

    - Күн сайын бир тоннага жакын таштандылардын түрүн беребиз. Бир айда 24 тоннадай калдык берип, 20 тоннадай биогумус алабыз. Аталган жер семирткич 3 жылга чейин өз күчүн жоготпойт. Учурда Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарында биогумусту өндүрүүчү филиалдарым бар. Биогумусту өндүрүү үчүн техниканын деле кереги жок. Бирок суу көп талап кылынат. Мисалы, мен узуну 24, туурасы 2, ал эми тереңдиги бир метрди түзгөн жердин айланасын бетондоп койгом. Бул жердеги сөөлжандарга күн сайын эки маал суу берем. Бир жарым айда биогумус даяр болот. Анын килограммын он жети сомдон сатам. Биогумус сатып,  350 миң сомго чейин киреше табам. Биогумус ондуруп сатып, миллионер болууга бир эле кадам бар деп айта алам. Биогумус өндүрүүнү өлкөнүн бардык аймактарына жайылтууну пландап жатам.

    - Озубуздогу соолжандарды пайдалансак болбойт беле,аларды  кантип айырмалап алууга болот? 

     -Озубуздун соолжандар жалкоо, алар биогумус иштеп чыкпайт. Алар жерди оюп кирип, жерди борпондотот. Ал эми калифорния соолжандары, тыным албай азык-заттардын калдыктарын озунун денесинен откоруп турат. Алдарды башка соолжандардан айырмалап алуу оной эле. Же башка жактан алынып келинген соолжандар менен адаштырбай тандап алыныздар. Себеби, кээ бир соолжандар бизге келгенде жыйынтык бербей калган учурлары да бар. Калифорния соолжандын моюн жагында 2 жана куйрук тарабында 1 шакечеси бар. Булар биологиялык тил менен алганда гермофродит (эркек, ургаачысы болбойт деген соз). Тукум бездери бир организмде жайланышкан. 

    - Бизде ондурулгон биогумустун курамы канчалык денгээлде бай, анализ жасалген беле? 

     

    Орто-Азияда чолкому боюнча биогумустун курамында кандай заттар бар экенин билиш учун лабораторияга атайын анализ чыгарууга бергенбиз. Натыйжасы, эн жакшы деп аныкталды. Мында, осумдукторго керектуу бардык азык-заттар бар экен. Биогумус же компост жасап колдонмоюнча, кыкты талаага чачуу пайда алып келбейт. Чирибеген кыкты чачуу менен осумдуктун тушумун томондотуп алабыз. Тескерисинче осумдуктор турдуу илдеттерге чалдыгат. Био жер семирткичтерди жерге беруу менен гана биз каалагандай тушум ала алабыз жана топурактын тузулушун калыбына келтире алабыз!

    - Биогумус иштеп чыгаруу боюнча жазган эмгектериниз барбы? 

    -Ооба бар, учурда «Айыл чарбанын экономикасын которуудо органиканын ролу», «Айыл чарба зыянкечтери менен курошуунун биологиялык ыкмалары» деген темада 2 китеп жазып, басмага берип койгом. Ушул китептерим жарык коргон сон, кандидаттык диссертация жактайм деп журом. Айыл чарбасы боюнча 200дон ашык китепчелерим жарык коргон.

    Менин эмгектерим, тажрыйбаларым карапайым элге таралышын каалайм. Айыл чарбасы онугуш учун ар бир дыйкан оз чарбасындагы эгиндерин органикалык жол менен остурушу зарыл деп эсептейм!

    Рахмат эже маегинизге!! Баарыбыз биргеликте топуракты асылдандырууга уруналы. Сиздин бул маекти окуган ар бир дыйкан жерин сактап калууну, органикалык азык-тулук ондурууну созсуз коздойт деп ойлойм. Ишинизге ийгилик каалайм! 

      

    Маек курган, 

    Насипа Мамасалиева 

     

     

  3. Урматтуу фермерлер, коллегалар!

    Аксы районунун 8 айылында, Ала-Бука районунун 1 айылында органикалык кайналы ондуруу Германиянын GIZ уюмунун  жана EGESUN компаниясынын колдоосу менен ишке ашып жатат. Учурда 1000 фермерден ашык фермерлер эл аралык серитифкациядан отуп, органикалык кайналы сатып жатышат. Долбоорду ишке ашырууда жергиликтуу уюмдардан ТЕС центр жана Био Сервис коомдук фонду тарабынан уюштурулууда. Азыркы учурда фермерлерди органикалык айыл чарбасы боюнча окутуулар болуп отту.

    Жыйынтыгында фермерлердин иш аракеттеринен корунуш.

     

  4. Урматтуу фермерлер! Сузак, Базар-Коргон, Ноокен райондрунун фермерлернине кулактандыруу: 2019 ондуруш жылына Био Фермер кооперативи ораникалык пахта ондуруу боюнча кызматташууга чакырат. Сервистик кызматтар:

    1. Окутуулар
    2. Насыяга чигит (урондук) берилет
    3. Сатууда комоктошот
      -байланыш номери 0778488777 Сатар, Ондуруш менеджери
    1. Болот, жакшы усунуш экен! Алам сатам деген жака жазсан жакшы болмок!

Kyrgyzstan KYR