Балыктын форель түрүн жасалма жол менен өстүрүү өлкөдө популярдуу боло баштады.Тагыраагы, саздуу жерди көлмөгө айлантып, өлкөнү балык менен камсыз кылган ишкерлер көбөйүүдө. Киреше табууда бул тармакты тандап алган эки ишкер тууралуу кеп кылабыз. 

 

Балыктарга Айтбек Айтмаматов күндө эки маал 1 килограмм жемди бөлүп берет.

“Көлмөдө 100 миңден ашык чабак бар. Жакшы каралса, форель балыгы бир жылда 1 килограмм салмак кошот. Чоңойгондо салмагына жараша жемдин өлчөмү дагы көбөйүшү шарт. Тордон сырткары чыгарбай багылган балыктар аябай назик келип, көп жем жесе, же аз тамактанса дагы өлүп калышы ыктымал. Ооруп калган балыктар сууга калкып чыгып калат. Аны көлмөдөн бөлүп алам, себеби башка балыктарга дагы оору жугушу мүмкүн”, – дейт балык багуучу Айтбек Айтмаматов.

 

Балык чарбасынын башкы директору Илгиз Сарылдык уулу Кара-Балта шаарында жайгашкан чакан көлгө Оруссиядан форель балыгынын уругун алып келип салган. Жети ай мурун баштаган иши жемишин берип, балык этин сүйүүчүлөр даам тата баштады. Айтымында, балык чарбасын баштаардан мурда Европага барып, балык өстүрүүнү өздөштүрүп келген.

“Азыркы тапта уруктан айына 300 миң чабак өндүрүп, көлгө салам. Учурда Оруссиядан буйрутма бергендердин саны өсүүдө”, – дейт ал. 

 
Өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Элкинбек Ашырбаевдин айтымында, аталган облустун ар бир районунда өнүгүү программалары иштелип чыгып, анын ичинде жаңы ишканаларды ачуу, инвестиция тартуу долбоорлору каралган. Алардын бири – балык чарбасы. Бул көрүнүш аймактарды өнүктүрүү иш-аракетинин бир бөлүгү болуп саналат. Балык чарбасын алгылыктуу иштетүү өлкөнүн экономикасына бир топ кирешелерди алып келет.  

 

Булак: NewTV