В данном класстере 5 СПУ будут реализовывать мероприятия направленные на улучшение осведомленности о правильном питании, о пользе отдельных продуктов, с практическими показами и демонстрациями как правильно выращивать/или правильно готовить блюда чтобы сохранить ценные питательные вещества. Будут охвачены сельские жители - женщины, молодежь, школьники. Так например ученики смогут выращивать свежую зелень на подоконниках даже в школе и повышать свои знания и навыки как по выращиванию и уходу так и по их пользе, питательным качествам и готовке. В микропроектах будут также будут проводиться мастер классы по приготовлению полезных также этнических блюд.
Члены класстерной группы:
- Джанышбаева АлтынЧон-Кемин, Чуйская область
- Akzhol ShamshievАк-Жол Шамшиев - Сокулукский р-н, Чуйская область
- Munara AchikeevaМунара Ачикеева - Жети- Огузский р-н, Ыссык-Кульская область
- Бурул ЖакыповаБурул-Жакыпова - Кочкорский р-н, Нарынская область
- Турсунбаева Каныкей ИрысбековнаТурсунбаева Каныкей - Базар-Коргонский р-н, Жалал-Абадская область
47 Comments
Munara Achikeeva
Саламатсынарбы коллегалар!
Жети-Огуз районунун Тилекмат айылында 20 аялдан сурамжылоо откозулду:
фокус группанын талкуусу :
АДК байытылган ун, йодтолгон туз боюнча сабак откозуптур.
Жашылча агротехнологиясы боюнча сабактар болсо деп сунуш айтылды.
Баардыгы аялдар, эркектер активдуу болушту, туура тамактануу боюнча жолуугулар, сабактар болсо катышканга даярбыз дешти
Баарыбызга ийгилик!!!!!
Mahabat Karaeva
Рахмат Мунара! Демек тамактанууну жакшыртуу, туркундоштуруу жаатында коп жумуштар аткарылышы керек экен да! Сизге ийгиликтерди каалайбыз! Тамактанууну жакшыртууга багытталган айыл чарбасын онуктурууну алгачкылардан болосуз го бул айылдарда!
Aida Adinaeva
Алтын эже, Акжол, Бурул эже Каныкей МП алкагында откорулуп жаткан иш чараларынар боюнча маалымат менен болушсонуздор,
Мунара эже рахмат, сизге да ийгиликтерди каалайбыз!
Burul
Саламатсынарбы МААН платформасынын мучолору !
Нарын облусу Кочкор району боюнча ушул убакытка чейин жургузулгон иш-чаралар боюнча маалымат берип кетейин.
Кочкор районундагы Тендик, Кочкор, Кара Суу, Жаны Жол айылдарында жашаган аялдардан анкета суроолоруна жооп алынды . Баардыгы 20 аял .
Сурамжылоонун жалпы жыйынтыгы боюнча
Аялдар оз тамак-ашына жакшы конул бурушпайт демек оз ден-соолуктарына кам корбойт десек болот.
Жалпы жыйынтык боюнча турлуу тамактанууга кам корушпойт буга эн негизги себептер финансы , убакыт жана маалыматтын аздыгы .
( суроттор тартылбай калгандыгына кечирим сурайм ) .
Фокус групанын талкуусу .
1-группа Алтын –Кол коомдук бирикмесинин имаратында отту 10 адамга
2-группа Кыргызстандын 50 жылдыгы атындагы №8 уйдо отту 10 адамга
Жалпы 20 адам катышты.16 аял киши жана 4 эркек адам
Талкуу боючна кыскача маалымат :
жана уй-було мучолру оз каалоосу менен тамактана албайт.
Эгерде ден-соолугуна байланыштуу диетада болсо озунчо тамак-аш даярдалат .
Талкуулар кызыктуу жана активдуу отту .
Mahabat Karaeva
Бурул рахмат! Жургузулгон окууларыныз боюнча да маалымат болушсонуз! Сиздин окууларыныз эмне боюнча болот, кандайча тамактанууну жакшыртууга салым кошот эле деп ойлойсуз?
Сиз жогоруда жазгандагы маалматка карап сут азыктары коп болгондугуна - жергиликтуу кыз келиндер уй шартында суттон сыр, сгущенка жасашабы? Сутту негизинен эмне кантип пайдаланышат? Алдын ала рахмат! Фокус талкууларда копчулук айылдарда сутту азыркы учурда айылда сатып жибергенге кызыкдар, озу учун кобунчо ашпай калат деген жооптор келген. Буга кандайча карайсыздар?
Burul
Саламатсынарбы Махабат жана коллегалар
Менин проект программам боюнча семинар экинчи транжда отмокчу . Азыр мен ошол семинарга буклет даярдап жатам жана
ар-кайсы булактардан тамак-аш жана ден-соолук боюнча маалыматтарды талдам даярдык коруп жатам .
Ооба , туура суроо жана сунуш берилип кетти.
Сут азыктарын кайра иштетип колдонуу эске алынып рецепттер даярдалат.
Сутту чынында айыл тургундары сатып жиберип жатышат
Менин оюмча бул туура анткени кайсыл тамак-аш коп болгондо аны организм тана баштайт .Юаардык тамак-аш баланстуу пайдаланышы керек Биздин организмге баардык тамак-аштан бир-аздан оз олчому менен азыктануу туура. Кайсыл азык коп болсо ал дагы оз таасирин берет ошондуктан сутту сатып анын ордуна башка организмге жетишпеген азык сатып алуу туура
Бирок адамдар сутту сатып тамак-аг эмещ башка буюм-тайымдарды
алганы туура эмес деп ойлойм .
Mamasalieva Nasipa
Саламатсыздарбы коллегалар,
Бул класстерде тажрыйбалуу эжелер да бар базалык изилдоодон башка кандай жумуш аткардыныздар, кулак туруп турабыЗ
Урматтап,
Насипа
Burul
Рахмат Насипа эже
Проектинин алкагында туура тамактануу боюнча семинарлар откорулмокчу жана мастер класстар. Айымдар арасында анкета жургузуу жана фокус группанын ой пикири анализдеп туура семинар програмасын даярдоого мага жардам боерип жатат.
Интернет жана башка маалымат булактарынан керектуу статьяларды алып семинарга даярдык коруп жатам
Жакынкы убакта сиздер менен жаны тамак-аш рецептери жана ден-соолукка пайдалуу кенештер менен болушуп турам
Каныкей
Саламатсыздарбы Урматтуу туугандар, кечиресиздер коп жоголуп кеткениме, тала да жугору аралап журуп калдык.
Буйруса тушумубузду жыйнап алдык, элибиздин туура тамактануусуна аз болсо да оз салымыды кошоюн.
Менин долбоорум боюнча "Органикалык жер семирткич - Биогумус даярдоо" боюнча озум жеке изилдоо жургузуп журдуп,
Ошондой эле, Ноокен районуна караштуу Ноокен а/о нун Ноокен айылында 10 адамдан турган топту тузгону жетштим,
Иштоо планыбызды чечишип да алды:
Буйруса отулуп жаткан окууларыбыз боюнча маалымат жазып турам.
Mamasalieva Nasipa
Рахмат Каныкей,
Урматтуу коллегалар,
Бир дапырап жааган мондурдой тогуп жиберип кайра копко чейин жок болбой, майдалап жааган жамгырдай болуп табигаттын уолгу алып ТАЭСАны жылдырайлы. Мондурдун арасында мен да бармын....
Урматтап,
Насипа
Каныкей
Насиба эжее макул))))))))), Рахмат сизге да)))
Мурзакулов Мирлан
Эже ошону айтсаныз арабызда карлар деле бар эже )))))
Кулум Айбашева
Саламатсынарбы,коллегалар, сиздердин жанылыктарды окуп,мен да оюмду кошууну чечтим. Анткени изилдоо корсоткондой айылдарда бир турдуу тамактануу дагы эле кездешип жатат. Же болбосо тамактануу колдо болгон азыктарды да пайдаланбай жатканыбыз окундурот.Кобунчо базар учун остургондой элес калтырат.Бизде, Таласта фасоль остургон менен тамакка пайдалануу азыраак болот. Ал эми фасолдо аябай ден соолукка пайдалуу витаминдер мол келет.Бул бир эле мисал.Ошол эле жашыл чоптор кандай пайдалуу. Ошондуктан туура тамактануу боюнча да окууларды откоруп койсонор,маалымат алышат эле деп ойлойм. Туура тамактануу боюнча мен окууларды отуп келем.Аябай жакшы маалымат болот жонокой айыл жашоочулары учун.
Сиздерге ийгилик каалайм.Кулум Айбашева.
Mamasalieva Nasipa
Рахмат Кулум эже,
Туура тамактануу боюнча раздаткаларыныз болсо болушо алабызбы же озгочо болсо гезитке чыгарабызбы деп ойлоп кеттим.
Урматтап,
насипа
Кулум Айбашева
Макул, Насипа, туура тамактануу боюнча отуп жургон материал"Менин жашыл себетим" деп аталат(автору Таалайгул Сабырбекова) Оз ара жардам беруу топтору (ОЖТ) учун иштелип чыккан. ADI Коомдук фондусу БУУнун Дуйнолук Азык-Тулук Программасынын алкагында чыгарылган. Бул китепченин негизинде биз ADI нин координаторлору ар бир областта мындай окууларды топ мучолоруно отуп келебиз. Кыскача негизги маалымат берип кетейин:
1) Азык-тулук коопсуздугу концепциясы
Азык-тулук коопсуздугунун торт негизги корсоткучу бар:
Бар болушу. Азык-тулуктун бар болушу- олкодо азык-тулук онумдорунун физикалык муноздо (базарларда,дукондо,уйдо) бар болушу.
Керектоо мумкунчулугу. Мамлекетте азык-тулук онумдору жетиштуу коломдо болсо да,калктын азык- тулук онумдорун:
Пайдалануу. Пайдалануу - уй-булолордун тамактануу менен,мумкун болушунча кобуроок азык заттарын ала алуу жондому.Пайдалануунун денгээли менен сапаты менен тамакты сактоо, жасоо жондомдоруно жана билимине, тамак-ашты сактоо жана жасоонун санитардык шарттарына, тамакты ичип жаткан адамдын огранизминин жеке озгочолукторуно байланыштуу болот.
Туруктуулук - азык-тулук онумдорунун бар болушу,аларды жетишээрдик коломдо сатып алуу жана пайдалануу мумкунчулугу,ошондой эле ушул корсоткучтордун бироосун да чектоочу факторлордун жок болушу.Азык-тулук коопсуздугунун туруксуздугу аба- ырайынын жагымсыз шарттарынан(кургакчылык,суу каптоо), саясий туруксуздуктан(коомдук башаламандыктар) же экономикалык факторлордон(жумушсуздук,азык-тулук онумдорунун кымбатташы) улам келип чыгышы мумкун.
Азык-тулук коопсуздугу бир эле маалда ушул торт курамдык болук болгондо гана орнойт.
Азык-тулук коопсуздугунун негизги атоолору
Негизги атоолор боюнча кенири маалыматтар берилген жана да адамдын организмине тамак аркылуу келуучу суу, углеводдор, белоктор, тон майлар(бир аз олчомдо), витаминдер, минералдык заттар жана тамак-аш булалары боюнча кенири маалымат айтылат. Бул маалымат биздин жургузуп жана аткарып жаткан иштерибизге пайдасы болот деген ойдомун.
Ийгилик каалап Кулум.
Каныкей
08.10.2016 - куну - праграмманын негизинде топко 1- чи отулду
№
Убакыт - мин
Иш-чара
Метод
1
10
Катышуучуларды каттоо
2
10
ЖА АКК жонундо маалымат
Видеоролик
3
10
Долбоор боюнча маалымат
Презентация
4
15
Жергиликтуу элдин кунумдук тамактануу рациону
Топтук иш
5
30
Туура тамактануу деген эмне?
6
30
Агро Санитария жонундо кичи лекция
7
20
Пестициддер жонундо тушунук
Кичи лекция
8
20
Тамактануу пирамидасы
Талкуу
9
15
Кофе-брейк
10
20
Группалык иш - тамактануу пирамидасы менен оздорунун жеке- кунумдук рационун салыштыруу
Топтук иш
11
30
Топтук иш:
Презентация
12
20
Иш планын тузуу
Талкуу
13
20
Тренингди жыйынтыктоо
Свот анализ
Эжелер кызыгуу менен угушуп, оздору да кошумчаларын айтып атышты - базардан жумуртка алуп жебоону (жасалма жумурткалар келип аткандыгын угушканын), андан кору тоок алып багып, оздору ондуройлу деген ойлорду айтышты. Ошондой эле жашылча жемиштерден консервация - жасашып - кышкыгы, бирок ачып (атып) кеткендигин айтышты - анан окуунун аягында - оздору жыйынтык чыгарганы жетишинти - ал жашылчаларды химиялык жол менен остуруп атышкандандыгы учун ошондой болгонуна ынанышты. Эжелер оздорунун кичи огородуна жашылча, жер-жемиштерди- уй-булоосуно жетеерлик кылып остуруп, кайра иштетууну пландашты. Талкуу аябай катуу журду.
Агро Санитария - деген темада - атайын кийимдер алып барылып корсотулду, Ошондой эле кенири маалымат жеткирилди:
Ядохимикаттар менен иштоого тыю салынат:
18 жашка чейин;
Кош бойлуу жана бала эмизген аялдар;
бронхит, пневмония, радикулит, эпилепсия, диабет, ревматизм, артрит, красная волчанка, язвенная болезнь, хронический гастрит, анемия, экзема, дерматит, бронхиальная астма, стоматит менен ооруган кишилер.
Ядохимикаттарды колдонуудан айлана чөйрөнүн булганышы:
•Интенсивдүү түрдө атмосфералык абанын булганышы – бүркүү жолу менен, ошондой эле алардын топурактын, өсүмдүктүк жана суунун үстүнөн буулануусунан.
Противогаз жана патрон
- Жабырланганды баарыдан мурда тыюу салынган зонадан алып чыгаруу
- Дем алууну кыйындаткан кийимден жана дем алуу органдарын коргоо каражаттарынан бошотуу зарыл.
- препаратты самын менен же суу менен абыдан жууп, (препаратты териге шыбабоо үчүн аны кездеменин бөлүгү менен алуу),
- кийин муздак суу же күчтүү эмес щелочтуу эритме менен жууш керек;
- уу көзгө түшсө - аны суу менен, аш содасынын менен жууш керек);
Каныкей
Топ тузуу максатында жазылгандай -
1) Топ менен биргеликте биогумус ондуруу менен жашылчаларды, жер жемиштерди - тазаа остуруу жана жайылтуу
2) Топ менен биргеликте тазаа малина остуруу менен туура тамактанууга, ден соолугубузга аз болсо да кам коруу
3) Аткарган жумуштарыбызды элдер арасында жайылтуу, элдин туура тамактанууса аз болсо да салым кошуу болуп саналат.
Келеерки окубуз "Уй шартында Компост жасоо" деп топ менен келишип алдык.
Каныкей
Биогумустун жардамы менен:
1.Сөөлжандарды жана башка жер кыртышындагы майда миктоорганизмдерди көбөйтүү.
2.Жер кыртышынын асылдуулугун, температурасын кармоо.
3.Жердин нымдуулугункармап калу.
4.Жашылчалардын өсүшүнө жана гүлдөшүнө ыңгайлуу шар түзүп берүү
Сөөлжандар - адамдардан, өсүмдүктөрдөн, жаныбарлардан чыккан калдыктар менен тамактанышат.
Мисалга алсак, чириген бардык өсүмдүктөрдүн калдыктары, ажаткана, чириген малдын кыгы, тоок, өрдөк, коён, чочко жана башка жаныбарлардын калдыктарын толугу менен жеп, органикалык жер семирткич иштеп чыгышат.
Кызыл сөөлжандар гермофродит организм алардын эркектери 20-21 даана тукум койсо, ургаачылары 18-20 даана тукум койот. Бул кичине организмдер өмүрүндө укташты билишпейт. Аларга өтө жакшы ыңгайлуу шарттар болсо, күнү-түнү иштешет. Алар күндүн нурунан өтө эле коркушат. Ошондуктан аларды мүмкүнчүлүк болушунча караңгы жерлерде багуу керек. Мисалы, 3 тонна таштандыны 1 млн сөөлжан 1 айдын тегерегинде жеп, органикалык жер семирткич биогумусту даяр кылат. Мындайча айтканда 300 кг калдыктан, 120-130 кг органикалык жер семирткич пайда болот. Биогумус гранул сыяктуу майда кара же кызымтыл түстө болот.
Ошондой эле биогумус бир салынган жерде өзүнүн эффектүүлүгүн 3 жылга чейин сактай алат. Март айларында тигилген көчөттөр 7-8 жылда мөмөгө кирсе, биогумус менен 3-4 –жылда эле мөмө ала баштайт.
Алсак, сорттуулугу жакшы мөмө-жемиштер 20-25 күн эрте бышат. Биогумустун составында өсүмдүктөргө керектүү төмөнкү органикалык заттар бар: Азот, фосфор, калий, магний, кальций, күкүрт, темир, марганец, жез, бор, хлор, цинк бар. Ошондой эле айыл чарба өсүмдүктөрүнүн зыянкечтерине чыдамдуу касиеттери көп.
Каныкей
ТАШТАН БАШКАСЫНЫН БААРЫН ЖЕЙТ
Калифорния сөөлжанынын узундугу 5-8 сантиметр, салмагы 1,5-2 грамм болот. 2 грамм салмактагы сөөлжан суткасына 10 граммдан ашык биогумус даярдай алат. Орточо 10-15 жыл жашайт. Бул жылдар ичинде бир секунд да укташпайт. Күнү-түнү тынбай иштешет. Булар гермафродит (эркектин да, аялдын да жыныс мүчөсү бар) организм, бир сөөлжан 4 айда орточо 18-20 даана жумуртка таштайт. Эң көп жумурткалаган кези март айы. Жакшылап караса, саны бат эле өсүп кетет. Сөөлжандарга да оору жукпай койбойт. Ага каршы акиташтын иштетилбей калган калдыктары колдонулат. Үйдү актагандан калган акиташты суюк аралашма кылып даярдап, сөөлжандарга чачып койсо, аларга келген зыянкечтердин баарын жок кылат. Узак жашоосу үчүн чайдын чамасын көп берүү керек. Ашканадан чыккан таштандылар, жыгачтын таарындылары, эгин талаада жыйналбай калган өсүмдүктүн сабактары сөөлжандарга жакшы тамак болот. Картон коробкаларын сууга салып жумшартып туруп сөөлжандарга берсе, жарым саатка жеткирбей жеп салышат. Кир жуугандан, жуунгандан чыккан сууларды, отоо чөптөрдү берсе болот. Таштандылардын арасынан таш, шише, темир, кум, целлофанды гана жебейт.
БАГУУНУН ЖОЛУ
Сөөлжандарды 27-28 градустагы температурада багуу зарыл. Андан ашып же төмөндөп кетсе, сөөлжан алсызданып өлүп калат. Кышкысын 75 пайыз буудайдын саманын (бул жылуулукту сактап турат), малдын кыгын (кургатылган абалда болуусу зарыл. Анын курамындагы заара сөөлжандарды ууландырып салат), кебездин жана кагаздардын чириндилерин көбүрөөк берүү керек. Ал эми калган мезгилдерде ар кандай таштандыларды берсе болот. Азыктарын берип, аны 80 пайыз нымдуулукта кармап туруу керек. Кык менен таштандылар аралашып чирий берет, аны сөөлжандар тынымсыз жеп, кайра тынымсыз чыгарып турушат. Тамакты астынан жеп башташат. Бир тарабын ашкана, бир тарабын ажаткана кылып алышат. Жеп, чыгарып отуруп үстүнө чыгып калганда 2-3 күн тамакты азыраак берип, суу чачып, нымдуулукту көбөйтөбүз. Нымдуулук көбөйгөндө сөөлжандар бир жерге топтолуп алышат, ошол учурда аларды башка чуңкурга которуп, мурунку чуңкурдагы алар даяр кылган биогумусту ала берсе болот. Казылган чуңкурга канча чиринди салынса, ошончо биогумус алынат.
Каныкей
Тамактануу адеби
Суроо: Тамактануу адеби тууралуу маалымат бересизби?
Жооп
Пункттар менен билдирели:
Тамак жеп баштарда ниет: Тамакты баштарда Аллаху таалага ибадат кылуу, Анын кулдарына пайдалуу болуу, динибизди, түбөлүк бактылуулукту жана тынчтыктын жолун адамдарга жеткизүү үчүн кубат алууга ниет кылуу зарыл.
Жеп-ичүүнүн фарздары:
1 – Жегенде тоюуну, ичкенде канууну Аллаху тааладан деп билүү.
2 – Халалдан жеп-ичүү.
3 – Ал тамактан алынган кубат бүткөнгө чейин Аллаху таалага кулдук кылуу.
4 – Колдо барга канаат кылуу.
Сүннөттөрү:
1 – Тамактанардын алдында Бисмиллахты айтуу, [Баарына эскертүү максатында үнүн чыгарып айтууга болот.]
2 – Тамактын аягында "Алхамдулиллах” деп айтуу.
3 – Тамактан мурда жана кийин колдорду жуу, [Тамактан мурда жаштар, тамактан кийин биринчи улуулар колду жуушат.]
4 – Оң кол менен жеп-ичүү.
5 – Табактын четинен, өзүнүн алдынан жеш.
6 – Оң бутту тигип, сол буттун үстүнө отуруу.
7 – Тамакты туз менен баштап, туз менен бүтүрүү, [Бул шифаа болуп саналат. Алгачкы жана акыркы бөлүк нан менен болсо жана нандагы тузга ниет кылынса бул сүннөт орундалган болот.]
8 – Кол менен желген тамакты үч манжа менен жеш.
9 – Нан менен дарбыз жеп жатканда нанды оң колго алып, дарбызды сол кол менен жеш.
10 – Идиште калган тамакты тазалап жеш, [Компот, айран сыяктуулардын идишине суу куюп, чайкап ичүү өтө сооптуу. Кийин жеш шарты менен идиште, стаканда тамак калтыруу жаиз. Расулуллах алейхиссалам момундан калган тамакты жегенди жактырчу.]
11 – Колдорду жуудан мурда бармактардагы тамактын калганын жалоо.
12 – Тамактан кийин тиштерди мисвак же тиш чукугуч менен тазалоо. Тиштердин арасынан тиш чукугуч менен чыгарылган нерселерди жутпаш керек. [Муну чоргонун жанында кылып, тиштин арасынан чыккан калдыктарды раковинага таштоо керек, дасторкон башында отургандарды жийиркентпөө керек.]
Мустахабдары:
1 – Дасторконду жерге жаюу.
2 – Дасторконго таза кийим менен отуруу.
3 – Арпа нан жеш.
4 – Нанды кол менен сындыруу. Нанды бычак менен кесүүгө болот, бирок, бычак менен кусок кылып майдалаганга болбойт. Тамакты башкасы үчүн, жашы улуу бирөө үчүн даярдаган адам ал жей ала тургандай кылып майдаласа болот. Бышкан этти бычак менен кеспөө керек.
5 – Нандын күкүмдөрүн ысырап кылбаш керек.
6 – Сирке (уксус) колдонуу.
7 - Тамакты аз-аздан алып жеш.
8 - Тамакты жакшы чайноо.
Макрухтары:
1 – Сол кол менен жеп-ичүү.
2 – Жей турган тамакты жыттоо.
3 – Бисмиллахты айтпай жеш. [Тамактын ортосунда дагы болсо эстегенде Бисмиллахты айтуу керек.]
4 – Тамак жеп жатып такыр сүйлөбөө. [Бул отко сыйынгандардын адаты болуп саналат. Жакшы нерселер туралуу сүйлөө керек.]
5 – Туз идишти, табакты нандын үстүнө коюу, колду, бычакты нанга сүртүү, [Бул нанды жеш макрух эмес.]
6 – Көгөрүп кеткен нанды, ачып калган тамакты жана сууну жеп-ичүү макрух.
Харамдары:
1 – Тойгонуна карабастан жегенди улантуу, [Конок бар болсо анын тамактануусуна тоскоол болбоо үчүн жеп жаткан сыяктуу аракет кылуу керек.]
2 – Дасторкондо музыкалык аспаптар, намахрам аял, ичкилик, кумар жана башка харам нерселер болбош керек.
3 – Тамакта ысырап кылуу, [Тамак-ашты керектүү өлчөмдө алып, ашыкча албаш керек, ысырап болот.]
4 – Башка бирөөнүн мал-мүлкүн адилетсиз тартып алып жегенде Бисмиллахты айтуу.
5 – Конокко чакыруусуз баруу.
6 – Башка бирөөнүн мал-мүлкүн уруксатсыз жеш.
7 – Денесине ооруу бере турган нерсени жеш.
8 – Рия менен даярдалган тамакты жеш.
9 – Атаган нерсесин жеш.
Көңүл бурула турчу башка жагдайлары:
1 – Нандын ичин жеп, сыртын калтыруу, бышкан жерин жеп, калганын таштоо ысырап болуп саналат. Артып калганын башка бирөө же бир жаныбар жесе ысырап болбойт.
2 – Жолдо баратып, өйдө туруп, басып баратып жеп-ичпөө керек.
3 – Оңго, солго, жогору карабаш керек, тамакты жана алдын кароо керек.
4 – Жеш-ичип жатканда оозду чоң ачпоо керек.
5 – Дасторкондун башында отурганда колду кийимге аарчыбаш керек.
6 – Жөтөлө турган же чүчкүрө турган кезде арка жакты кароо.
7 – Чакырылбастан дасторконго отурбоо керек.
8 – Дасторкондо башкалардан көбүрөөк жебеш керек.
9 – Ачка болуп турса дагы акырын-акырын жеш керек.
10 – Тамакты алгач улуулар баштоо керек.
11 – Үчтөн артык "Же!” деп айтып, башкалардын тынчын кетирбеш керек.
12 – Үй ээсинин дасторконго отурбай, кызмат кылуусу жаиз. Бирге отуруп жеген кезде коноктор тойо электе колун тамактан тартпаш керек.
13 – Тамактанып жатканда коркунучтуу жана жийиркеничтүү нерселер тууралуу сүйлөбөш керек. Өлүм, ооруу, Тозок тууралуу сүйлөшбөө керек.
14 – Конок дасторконго алып келинген тамакты тамакты көнүлдү бура тургандай карабаш керек.
15 – Ооздогу тамакты жутпай туруп экинчисине колун созбоо керек.
16 – Тамактын ортосунда бир нерсе үчүн, жада калса, намаз үчүн болсо дагы дасторкондон турбаш керек. Намазды тамактан мурда окуп алуу зарыл. Эгер дасторконго алып келинген тамактар сууп калышы же бузулушу мүмкүн болсо же тамактан кийин намаз окууга убакыт жеткиликтүү болсо тамакты намаздан мурда жеп алуу керек.
17 – Тамак дасторкондон алып кетилсе ошондо туруу керек.
18 – Үй ээси конокко тамак узатса жана колуна суу куйса жакшы болот. Азыркы күндө кол жууй турган жерлер болгондуктан суу куйуу керек эмес. Колун аарчуу үчүн сүлгү узатса болот.
19 – Тамактан кийин үй ээсине берекет, рахмат жана кечирим тилеп дуба кылынат. Кетүү үчүн уруксат суралат. "Сиз дагы бизге конокко келиңиз” – деп айтылат.
20 – Оозу, колу эт же тамак жыттанып турса ошол бойдон жатпаш керек.
21 – Жаш балдардын дагы колун жууш керек.
22 – Курсагы ток бойдон жатпаш керек.
23 – Тамак жана суу идиштер оозу жабылуу болуш керек.
24 – Дарыядан, көлмөдөн ийилип, ооз менен ичпөө керек.
25 – Ичи көрүнбөй турган кумган, кумура сыяктуу идиштердин оозунан суу ичпеш керек. Идишке куюп ичүү керек.
26 – Чынынын, стакандын сынык жеринен жана сап жаганын ичпеш керек.
27 – Кечинде жатар алдында тамак, суу идиштердин ооздорун жаап коюу керек.
28 – Мусулмандан, айрыкча салих мусулмандан калган сууну ичүү берекеге себеп болот.
29 – Зарылдык болбосо фасыктар менен бирге отуруп тамактанбаш керек.
Тамакты ысык жештин зыяндары:
1. Дүлөйлүккө себеп болот.
2. Өңү сары болот.
3. Көздөрүнүн нуру болбойт.
4. Тиштери саргаят.
5. Оозунун даамы болбойт.
6. Курсагы тойбойт.
7. Түшүнүү жөндөмдүүлүгү азаят.
8. Акылы аз болот.
9. Ооруга себеп болот.
Аз жештин пайдалары:
1. Денеси кубаттанат.
2. Көңүлү нурданат.
3. Унутчаак болбойт.
4. Тиричилиги оңой болот.
5. Жасаган жумушунан ырахат алат.
6. Аллаху тааланы көп зикир кылган болот.
7. Акыретти тафаккур кылат (ойлонот).
8. Ибадаттарынан алган ырахаты артат
9. Бардык нерседе ийгиликтүү болот.
10. Эсеби жеңил болот.
Хадиси шарифте: "Жакшылыктардын башы - ачкалык. Жамандыктардын башы - токтук”, - деп билдирилди. Ачкалык канча көп болсо тамактын даамы ошончо артат. Токтук - унутчаактыкка себеп болот. Көңүлдү сокур кылат, ичкиликтер сыяктуу канды бузат. Ачкалык – акылды тазалайт, көңүлдү нурдантат.
Хадиси шарифтерде дагы айтылды: "Адамдын көңүлү талаадагы эгин сыяктуу. Тамак болсо жамгыр сыяктуу. Ашыкча суу эгинди курутканы сыяктуу ашыкча тамак дагы көңүлдү өлтүрөт”. Бир хадиси шарифте: "Көп жегенди жана көп ичкенди Аллаху таала жактырбайт”, - деп айтылды. Көп жеш – оорулардын башы, аз жеш [б.а., диета кармоо] дарылардын башы болуп саналат.
Ашказандын үчтөн бирин тамактарга, үчтөн бирин сууга бөлүш керек. Үчтөн бирин болсо абага бөлүү, б.а., бош болуусу эң минимум даража болуп саналат. Эң жакшы даража болсо аз жеш жана аз уктоо.
Суу ичүү адеби
Сууну оң кол менен ичүү керек. Иче турган сууну алгач карап анан ичүү керек. Үч дем менен ичүү керек. Демди сууга эмес идиштин сыртына чыгаруу керек, демин чыгарганда идишти ооздон бираз алыстатуу керек. Жайында муздак суу ичүү керек. Албетте, өтө муздак болбош керек. Расулуллах алейхиссалам муздак шербет ичкенди жактырчу. "Өйдө туруп ичпегиле!” деп айтылды. Замзам суусун, даарат алып бүткөндөн кийин артып калган сууну жана дары ичүү үчүн сууну өйдө туруп ичүүгө болот. Сапардагы адам ар кандай сууну өйдө туруп иче алат. Ач карын суу ичпеш керек. Сууну акырындык менен, эмип жаткан сыяктуу ичүү керек. Суунун баарын бир демде ичүүгө болбойт. Кайнак нерсени үйлөп ичпеш керек. Суутуп анан ичкен жакшы. Сууга бир нерсе түшө турган болсо манжа менен же тиш чукугуч менен алуу оңой болсо алуу керек. Оңой болбосо суунун бираз бөлүгүн төгүп, ал нерсени кетирүү керек.
Хадиси шарифте: "Күнөөсү көп болгон адам суу таратсын!” -деп айтылды. Бир канча кишиге суу берерде алгач аалымдарга, анан улууларга, эң аягында балдарга берилет. Жеп жатып, басып баратып, отуруп жатканда дагы ушул эреже сакталат. Өзү кийин ичиш керек. Жанында отургандарга бир нерсе бергенде өзүнүн оң жагынан баштайт. Оң жакка берип улантат. Оң жакта тургандын уруксаты менен солдогуга берсе болот. (С. Эбедиййе)
Каныкей
Пищевая ценность продуктов (таблица пищевой ценности)
Пищевая ценность мясопродуктов и яиц
Пищевая ценность мяса очень высока - помимо уже упомянутого белка в нем много витаминов, минералов и таких микроэлементов как креатин, таурин и многих других. Количество блюд из различных сортов мяса - исчисляется тысячами. Куриная грудка - излюбленное и популярнейшее блюдо у бодибилдеров всего мира. Кура ценна своим низким на жиры мясом и очень высокой степенью усваиваемости. Однако будьте внимательны - само по себе мясо не содержит много жира, но в процессе его приготовления зачастую щедро используется масло и различные соусы, значительно меняя соотношение белки/жиры/углеводы, которые вы получаете в итоге.
Пищевой состав рыбы и морепродуктов
Рыба - богата на витамины, рыбий жир, минералы, особо стоит выделить насыщенность ее йодом и фосфором. Однако надо учитывать, что ценность в пище от рыбы специфическая. С одной стороны - польза от минералов, с другой - рыба (кроме отдельных сортов) весьма жирная пища. Что не устроит очень многих, кто следит за своей фигурой. Однако и для рыбы есть способы готовки (привет пароварке!), которые превратят ее в настоящий деликатес.
Пищевая ценность молочных продуктов
Молочные продукты - одна из основ питания спортсмена. Одно и понятно - молочный белок достаточно дешев, отлично усваивается и приятен на вкус. А богатый ассортимент гипермаркетов позволит подобрать не только вкусное, но и обезжиренное питание. Так же молочные продукты отлично подойдут, если вы решили сделать себе протеины своими руками. Творожные сырки, йогурты и многое другое - быстро и вкусно удовлетворят потребность спортсмена в белках и углеводах. Молочный белок можно условно разделить на два вида – на казеин и сывороточный белок. Первый - усваивается хуже, зато дешев. Второй – дороже, но и усваивается намного лучше и быстрее. В хороших, качественных препаратах спортивного питания используется как раз сывороточный белок. Он легко поддается обезжириванию, имеет приятный вкус и, как мы уже сказали, хорошо усваивается. А если он еще к тому же прошел процесс частичной гидролизации – то его пищевая ценность возрастает многократно.
К тому же молочные продукты - отличный источник кальция, который важен для костей, суставов и связок спортсмена. Доступность молока делает его сырьем для подавляющего большинства протеинов.
Зерновые и хлебо-булочные изделия
Зерновые и хлебобулочные изделия следует разделить на две группы. Первые - зерновые - являются источником «длинных» углеводов, постепенно и плавно обеспечивая тело спортсмена энергией. Рис, греча - популярнейшие гарниры для бодибилдеров всего мира. Куриная грудка + рис - классика питания качка. Но получаемые из зерновых хлебобулочные изделия уже не столь полезность. Их пищевая ценность строится на «быстрых» углеводах, они очень быстро усваиваются, резко повышая уровень глюкозы в крови, способствуя образованию подкожного жира. Особенно этим отличаются светлые сорта хлеба. Так что если вы следите за фигурой и весом - вам лучше исключить из своего рациона булку.
Фрукты, овощи, ягоды
Зерновые и хлебобулочные изделия следует разделить на две группы. Первые - зерновые - являются источником «длинных» углеводов, постепенно и плавно обеспечивая тело спортсмена энергией. Рис, греча - популярнейшие гарниры для бодибилдеров всего мира. Куриная грудка + рис - классика питания качка. Но получаемые из зерновых хлебобулочные изделия уже не столь полезность. Их пищевая ценность строится на «быстрых» углеводах, они очень быстро усваиваются, резко повышая уровень глюкозы в крови, способствуя образованию подкожного жира. Особенно этим отличаются светлые сорта хлеба. Так что если вы следите за фигурой и весом - вам лучше исключить из своего рациона булку.
Масла, соусы
Напитки
Кондитерские изделия
Кондитерские изделия, как правило, противопоказаны атлетам. Уж больно легким источником подкожного жира они служат. Однако для полноты информации мы включили в таблицу и пищевую ценность наиболее популярных лакомств.
Кадинова Эркинай Нурлановна
Здравствуйте коллеги,
Меня зовут Эркинай. Мы с Акжолом вместе работали над микро проектом по закладыванию парников который осуществляется при поддержки IFOAM.
Связи с тем, что Акжол перешел на работу связанную с его профессиональной карьерой (медицина) он не сможет продолжать работать над реализацией микро проектов, в дальнейшем работу над микро проектами буду вести я.
По микропроекту "Здоровая школа" на данный момент, мы должны были закончить с установкой парников, но так как, поставщики, которые занимаются установкой были заняты, мы опаздываем немного в сроках. После переговоров с поставщиками, они согласились в течении двух недель установить нам парники. Если успеем, мы можем сейчас посеять семена зелени, чеснок, может быть другие варианты есть? Хотела у вас спросить? Если же не успеем, можем установить парник, подготовить почву и примерно где то в феврале, школы могут начать выращивание, зелени и рассад. Жду от вас полезные советы на основе приобретенных опытов.
А до февраля предлагаю купить 3-4 удлиненных горшков, чтобы школы, могли в столовой выращивать зелень и включать в приготовлении различных блюд для детей. Хочу, отметить, что в отобранных школах, детям подают горячее питание, т.е. вместо государственных булочка+чай, они подают 1е или 2-е блюдо.
Отобранные школы:
1) средняя школа "Шабдан" село Шабдан, Кеминский район, Чуйская область
2) средняя школа имени Солтоноева,село Тегирменти, Кеминский район, Чуйская область
Хотелось бы довести микро-проект до конца, ведь школам, уже было сказано об установках парников в их школах. Со стороны школ была большая заинтересованность в проекте, также при опросе, сами жители села "Шабдан", сказали,что в последующем, если они научаться как работать с парником, то они могут, установить и у себя в огородах.
Mahabat Karaeva
Эркинай спасибо за информацию. Вопросы относительно выращивания зелени - конкретно задавайте сами, здесь же, т.е. пока сами не спросите вряд ли вам кто-то и напишет об этом. Проводите ли вы какие либо обучающие мероприятия для повышения знаний/навыков по улучшению питания в момент пока не начали делать парники, т.е. до этого? Буду рада и не только я, но и другие участники фото с процессов.
Каныкей
Добро пожаловать))))), удачи Вам.
Кадинова Эркинай Нурлановна
Спасибо большое)
Aida Adinaeva
саламатсыздарбы кластердин мучолору! коптогон пайдалуу малымат учун рахмат !.
Алтын эже сизден маалымат кутобуз! Улуттук тамак-аш, этно даам тууралуу маалыматтар менен болушсонуз!
Mukhammadsadik
Саламатсыздарбы, мен Мухаммадсодик Жалал-Абад Мамлекеттик Университетинин Биология факультетинин 3-курсунда окуйм, Базаркоргон айылында жашайм, айылда чарбабыз бар. Бул Тоолуу агро-экосистемасында тамактанууну жакшыртууга багытталган айыл чарбасы долбоорунун алкагындагы Алтын эженин тамактануунун баалуулугу класстериндеги иш-чарасы абдан жакты, эже улуттук тамактардын рецептери менен болушуп комок корсото турган болду. Алтын эже сиз жасаган иш чара айыл жергесиндеги койгойлуу маселени чечуудогу чон кадам, биздин жаш энелер акыркы мезгилде балдардын туура, ден соолукка аш болумдуу тамактарды балдарга беруудо билими болушу керек экен.
Бурул Жакыпова
Саламатсыздарбы коллегалар!
ТАЭСА проектисинин Кочкор районунда Калкты жергиликтуу азык ресурстары менен рационалдуу жана туура тамактанууга уйротуу микропроектисинин окуу семинары март айында ийгиликтуу отту. Окууда 60 аял киши катышты . Семинарга аял адамдарды камтыганыбыздын себеби, аял киши ар-бир уй-булодо тамак-аш учуун жооптуу.
Окуу семинар учурунда презентациядан тышкары коптогон суроо жана ой пикирлер айтылыды . Кошумча маалыматтар берилди жана ооз эки талкуулар жургузулду.
Тренер катары айтып кетчу нерсе жана анализдин жыйынтыгына карасак . Эл арасында тамак-аш койголору боючна маалыматтын аздыгы ..
Бурул Жакыпова
Биринчи (черновик) презентация учун кечирим сурайм
Бурул Жакыпова
Бурул Жакыпова
Жакынкы убакытта тагыраак айтсам апрель айы кезектеги дагы бир окуу семинары отту .Бул ирет жаны тамак-аш рецептери боюнча мастер класс откоздук Мастер класс Манас университетинин студенти Ташибекова Жанар откозду . Бул кыз Туризм жана жатакана иши боюнча адис .. Коптогон чет олколук отельдерде практика отуп келген мисалга айтсак Анталияда ашпозчунун жардамчысы Германияда кухня башчысы болуп практика отогон жана Анталияда 5 ай ресторан иши боючна кошумча окуу алган .
Бурул Жакыпова
!
Бурул Жакыпова
Бул рецепттер кунумдук тамак-аш рационуна толуктоо катары жана камыр аралашкан тамак-ашты азайту максатында , чонтогубузго жана сатып алууга мумкуечулугубуз бар продуктыларга карап тузулду .
Чечевица - бул азык биздин дукон текчелерине келип сатыла баштаганына аз убакыт болду. Коптогон эл аны кандай кылып колдонуу керек экенин да билбегендер бар
Тоо бурчак - бул азык да бизде бар бирок аз колдонулуп жаткан азыктардын бирине кирет .
Первловка ото керектуу азык бирок тилекке каршы колдонгон адамдар аз
Мына ушул чечевица фасоль жана перловка сорполорун ун турун жана балык сорпосун мастер класста корсотуп аымдарга рецептери таратылды.
Айта кетчу нерсе коп айымдарга ушул чечевица жана фасольдон жасалган сорполор конулдоруно жакты .
Сиздерге да сунуг кылып кетеер элем бир азап корунуздор жагат го деп ойлойм
Бурул Жакыпова
Бурул Жакыпова
Бурул Жакыпова
Бурул Жакыпова
Кезектеги жергиликтуу Эмгек туусу газетасына берилген статья чай боюнча маалымат берет
Бурул Жакыпова
Aida Adinaeva
Саламатсыздарбы урматтуу платформа катышуучулары.
Алтын Джанышбаева эже Ыссык-Колдогу Тамчыда откон, Форум коренных народов Тянь-Шаня деген иш-чарага катышып кыргыз элинин улуттук тамактарынын ден-соолукка пайдалуулугу жонундо презентация жасаган. Иш-чарага 45 адам катышкан.
Aida Adinaeva
Алтын Джанышбаева эже 15-майда МП алкагында Кемин шаарында тренинг отту, тренингде жупка жана жентектин жасалышы, улуттук тамактардын баалуулугу жана ден соолука пайдалуулугу боюнча окутулду.Иш-чарага 15 аял, Кемин шаарынын жашоочулары катышты.
Aida Adinaeva
Жалал-Абадда дукондон ушундай жупка курут сатып алдым, даамы жакшы экен, ондуруучу: Kyrgyz organic Foods.
Гулназ Кадыралиева
Урматуу коллегалар саламатсыздарбы.мен Кадыралиева Гулназ Мундуз айылындагы К.Байбеков атындагы негизги мектептин директору болуп иш алып барам.МААН платформасы тууралуу бугун Сонунгул эжеден толугу менен угуп катталып жатам.Бул платформада баалуу маалыматтар бар экен.абдан кызыгуу менен платформа аркылуу бул долбоордун журушу менен таанышып жатам кечиреек катталып калыпмын мындан аркы уландысына активдуу мучо боло алам.бардыгыныздарга ийгилик каалайм.
Aida Adinaeva
При рассмотрении опросов базового исследования заметила что на севере очень многие употребляют куурма чай в ежедневном рационе, но на юге это не так распространено, поэтому хочу поделиться рецептом приготовления куурма чай.
Ингредиенты:
чай черный крепкий - 1 стакан
вода - 1 стакан
сливки жидкие - 4 ст. ложки
мука пшеничная - 2 ст. ложки
соль - 1 щепотка
Способ приготовления:
1. Муку подсушите на сковороде без жира до светло-коричневого цвета. 2. Заваренный чай смешайте с водой и доведите до кипения, затем добавьте сливки, подсушенную муку, посолите и варите 2–3 минуты. 3. Подавайте напиток в пиалах. ♦
Aida Adinaeva
Каттаму любят все без исключений, его можно приготовить не только по праздникам но и в обычные дни.
Ингредиенты:
Для приготовления, возможно, вам понадобятся:
Способ приготовления:
Из перечисленных продуктов замесить тесто, оставить его на 4 часа для брожения. В это время сделать 2 обминки.
Лук порубить, спассеровать.
Тесто разделить на куски, раскатать их в лепешки, уложить на каждую небольшими порциями подготовленный лук, свернуть лепешки в рулетики, затем в «улиток». Затем «улиток» раскатать и пожарить получившиеся лепешки с двух сторон на сковороде с небольшим количеством масла. Подавать каттама с мясным бульоном.
Aida Adinaeva
Ни одно важное мероприятие у Кыргыза не проходит без замечательной национальной колбаски "чучук", как истинная кыргызка я очень люблю чучук, казы и карта, не обязательно ждать какое-то важное событие, можно приготовить его самому если очень хочется.
Ингредиенты:
Для приготовления, возможно, вам понадобятся:
Способ приготовления:
Мясо и жир посолить.
Кишки порезать на необходимые отрезки, конец каждого отрезка завязать, внутрь уложить слоями мясо и жир, кишки завязать. Опустить чучук в кастрюлю с холодной водой, довести до кипения и варить на слабом огне в течение 1 часа. Затем чучук наколоть и варить еще 1 ½ часа. Затем вынуть чучук из бульона и охладить. При подаче чучук надо порезать.
Aida Adinaeva
Мира Кыдыргычева эже СПУ @Akjol Shamshiev тин ордуна жумушту улантып жатат, ылдыйда аткарылып жаткан иштеринен корунуш.
Окуу жылы башталары менен Кызыл-Байрак орто мектебинде салат жасоо боюнча иштер аткарылды.Окуучулар арасында кыздар турлуу салаттарды жасашып, мектепке кофе брек берилди. Бул уюшулган иште мектеп мугалимдери да кубо болуп, кыздар жасаган салаттарды баалашып, салыштырып жатышты. Мектеп директору Гулжамал эже окуучуларга терен ыраазычылыгын билдирди. Бул уюшулган иште мектептин 9-классынын окуучу кыздары активдуу катышты
Aida Adinaeva
ошондой эле Мира Кыдыргычева эже жазган "успешная история" менен болушуп жатам.
Багабанчылыкка кызыккан эмгекчил адамдардын арасынан Султанова Айша оздук чарбасындагы эккен жашылчалардан алган мол тушуму жонундо кубануу менен айтып берди. Помидордон алган тушумунон кышкыга салат жаап, эгилген бадырандардан маринаттарды жасап алганын тизмектеп айтты.Жада калса петрушка менен укропту кышкыга кургатып алганын корсотту.Жашылчалар эгилген жерге тегерете гулдун турлуу сортторун :роза гулу , питуния , хрезонтема, ромашкаларды кошо отургузган экен. Анткени жашылчалар оскон жерде гул эгилсе чандашып жакшы натыйжасын берет.Жазында малдын кыгын топуракка аралаштырып, жерди жумшартып алып , жашылчалардын уроонун эккен. Кийин жашылчалар онуп чыкканда тооктун кыгын сууга чылап алып эринбестен ар бир тупко аз -аздан куюп чыккан. Бул процедура жашылчалардын осуусуно чон жардам берип, мол тушум берууго чон оболго тузгон.
Айшанын кошуна -колондору да жашылчалардын турлуу кочотторун отургузуп , уроондорун сээп .жакшы тушум алгандарын айтышты.
"Эл эмгегин жер жебейт"- деген бекер кеп эмес экен.