Дареги: Кара-Дарыя айылы, Сузак району, Жалал-Абад облусу
Долбоордун аталышы: Сут багытындагы эчкилерди багуу.
Долбоордун максат: Химикатка каршы курошуу учун уй-буломдун, айылдаштарымдын ден-соолугун чындоо максаттында Сут багытындагы эчкини багуудамын.
Долбоор боюнча маалыматтар: Эчки 10- майда берилип, 1- августта төлдөдү. Азыркы учурда эчки уй-булобузду сут менен камсыз кылууда... Эгиз улактары(Бемби,Барби) чоноюп калды, кийинки планым сут багытындагы эчкилерди кобойтуп, айылдаштарымды да таза, пайдалуу сут азыгы менен камсыз кылуу. Бул жаатта топтоп келе жаткан тажрыйбаларымды башкалар менен болушуп, сут багытында эчки багууну жайылтуу.
49 Comments
Мурзакулов Мирлан
Алишерова чакан долбоорунуз боюнча маалымат берип коюнузчу?
Долбоор кандай абалда?
Элдин оюу кандай?
МААНда активдуу болууга чакырам сизди
Almash Alisherova
Almash Alisherova
Группага "Адам жашоосунда эчки сутунун орду" деген темада онлайн семинар отулду.
Nasipa Mamasalieva
Онлайн семинарды кимге оттун?
Almash Alisherova
Саламатсызбы Насипа эже!
Айылдагы аялдардан группа тузулгон, Группабыздын аты "Ecolife". Алар менен туура тамактануу, жакшыртуу боюнча маалыматтар менен болушуп турам. Группада 10 аял бар. Ошол аялдарга онлайн семинар оттум.
Мурзакулов Мирлан
Презентация ото сонун жана эл учун пайдалуу керек экен.
Башкаларда оз группаларына жеришсе деген ой
азаматсын Алмаш ишинерге ийгиликтер болсун
Nasipa Mamasalieva
Almash Alisherova , эгиз улактарындын суротторун да жуктоп кой.
Nasipa Mamasalieva
Алмашайдын эгиз улактары, чунактары..
Аскат Токтосунов
Жакшы экен, ийгиликтер боло берсин, Бемби менен Барби сонун аттары бар экенго.
Алмаш эчкин август айында толдосо, кунуно канча литрден сут берип жатат, ушул кунго чейин жалпы канча литр сут алдын? Эчкинин сутун кантип пайдаланып жатасын? Же сатып жатасынбы?
Almash Alisherova
Рахмат Аскат аке,
Бемби жана Барби жакшы чонойсун деп эчкибизди коп саабайбыз. Бирок ошол менен катар кунуно эртен мененки тамагыбыз эчкинин сутусуз баштабайбыз. Болжол менен кунуно 0.5-0.8 литр сут алабыз.
Эчкинин сутун жон гана ичебиз, бир нече жолу айран жасадык. Бир да жолу сатпадык. Сурагандарга жон эле беребиз.
Almash Alisherova
Кутмандуу кун баарыныздарга!
Бугун дагы Эчкинин сутунун пайдалуулугу боюнча информациялар менен болушом. Эгер сизде сут Эчки багуу, азыктандыруу боюнча тажрыйбаныз болсо биз менен болушунуз... Сунуштар, суроолорунуздар болсо кооментарийге жазыныздар...
Эчки сүтү - бул дүйнөдөгү эң белгилуу, пайдалуу сүт азыгы. Дүйнөлүк элдердин 65%. эчкинин сүтүн оз жашоосунда кенири колдонот. Мындай популярдуулуктун бир нече себептери бар...
Эчки суту бул:
Оңой сиңирилет
Аллергендүүлүгү төмөн
Щелочтуулугу жогору
Табийгый гемоген
Табияттын эн сонун азыктарынын бири!
Эчки сүтүнүн
азыктануу
факторлору:
Калориясы - 168 к кал.
Белок - 10,9 гр.
Углеводдор - 11 г.
Натрий - 12 г.
Канттар - 11 г.
Каныккан май - 6,5 гр.
Кальций - 33 гр.
Ошондой эле анын курамында магний, А витамини, В жана С, калий,
углеводдор, жез, цинк ж.б заттар бар.
Almash Alisherova
УЙ-ШАРТЫНДА БЕТКЕ МАСКА ЖАСОО.
Эчкинин суту аялдардын жаштыгын кайтарат жана сактайт.
Эчкинин сүтүндө белок казеин бар, ал теринин клеткаларын калыбына келиши үчүн кызмат кылат жана үстүңкү катмарларды кургап кетиштен сактайт. Эчкинин сүтүнүн молекулалары өтө эле кичинекей, ошондуктан алар теринин терең катмарларына чейин кирип, теринин жаңылануусуна салым кошот.
Ингредиенттер:
Зыгыр уругу теринин ийкемдүүлүгүн жакшыртат.
Зайтун майында теринин жаштыгын узартуучу Е витамини бар.
Даярдалышы:
Эчкинин сүтүн 30 ° C температурага чейин ысытыңыз.
Зыгырдын уругун порошок кылып майдалаңыз.
Пайда болгон массаны сүт менен аралаштырыңыз.
Бал, зайтун майын жана А витаминин кошуңуз.
Баарын жакшылап аралаштырыңыз.
Колдонулушу: Масканы жумасына эки жолу эки жума колдонуу керек.
Маанилүү: масканы күндүз коюууга болбойт. Маскада колдонулган А витамини күнгө тийгенде химиялык күйүккө алып келет.
Колдонуудан мурун сөзсүз түрдө аллергия болбостугун текшериниз.
Курстун аягында процедураны жумасына бир жолу кайталаңыз, ошондо мимикалык бырыштарды унутасыз!
Мурзакулов Мирлан
ото жакшы маалыматтар менен болушуптурсун.
Алмаш жаштар азыркы учурда копчулугу тез даярдалуучу тамактарды коп жешип,шашылыштан ооруп калгандар,арыктоо,семирип кетуу болуп жатат эксперттер эскертишуудо
Сенин оюн тез даярдалуучу тамактарга кандай ойдосун
Almash Alisherova
Тилеке каршы ошол жаштардын катарындамын : ( Бирок натуралдуу, витаминдуу азыктарды колдонгонго да аракет кылам : )
Almash Alisherova
Эчкинин суту синирууго оной азык:
Эчкинин сүтүндөгү май түйүлдүктөрү кичинекей болгондуктан сиңимдүү. Эчкинин сүтүнүн 2% ы гана биздин ашказанга жеткенге чейин быштакка айланат, бул уйдун сүтүнө караганда алда канча жакшы. Эчкинин сүтү 20 мүнөт ичинде оңой сиңет. Көпчүлүк адамдарда башка азыктарда лактозанын көп болушунан улам сиңируу көйгөйү бар, ошондой эле аллергияга жакын. Ал эми Эчкинин сүтү курамында лактозанын курамы төмөн жана аллергиясы жок.
Таза жана пайдалуу азыктар менен азыктаналы!
Almash Alisherova
Эчки суту - балдар учун:
Эчкинин сүтү эненин сутунон кийинки эле орунда турат. Эгерде балага эчкинин сутун берип турса, баланын иммунитети жогору жана аллергиясы аз болот.
Балдар түнкүсүн көбүрөөк жана жетиштүү укташат.
Almash Alisherova
Эчки сүтү - төмөнкү холестериндүү жана коп кальций бар азык
Эчкинин сүтүндө 327 миллиграмм кальций бар, бул организмге жетиштүү деңгээлде. Курамында 30-35% май кислоталары бар, алар организмде энергияны
көтөрөт. Чындыгында бул май кислоталары холестеринди төмөндөтүүгө жардам
берет жана жүрөк ооруларын жана ичеги-карын ооруларын дарылайт.
Almash Alisherova
Эчкинин суту сулуулукта:
Керектуу триглицериддер жана май кислоталары терини нымдап, жумшак кылат. Эчкинин сүтүндө сүт кислотасы бар, ал адамдын өңүн жакшыртат, өлгөн тери клеткаларын кетирет жана териге бирдей өң берет. Коптогон косметикалардын курамына эчкинин суту кошулуп жасалат.
Томондо бир нече мисалдар суроттор менен:
Мурзакулов Мирлан
Чуйдо бир ишкер эчки сутунон турдуу кремь,маздарды жасап сатат экен,
Куйосу чет элдик адам экен баалары да ото кымбат эмес натуральный жасалат деп айтышууда.
Бизнес жасоого мумкундук бар бул тармакта да
ошондуктан ар бир уйдо шарты болгон болсо бир же эки баш багып,сутун ичип коюуу бул жакшы нерсе туугандар
Almash Alisherova
Кандай колдонуп, кантип сактоо керек?
Эчкинин сүтүн андан күмөн санаган учурда гана кайнатыңыз. Эгерде ден соолугу чың, жакшы шартта багылган эчки экенине көзүңүз жетсе, кайнатпай эле ысытып пайдаланганыңыз оң. Кайнатканда курамындагы пайдалуу заттарын жоготуп жиберет.
Эчкинин сүтүнөн жыты буркураган жана азыктандыруучу укмуштуудай ботко жасалат. Бирок сүт майлуу болгондуктан боткого май кошуунун зарылчылыгы жок.
Саан эчки же сүтүн сатып аларда сөзсүз түрдө мал доктурдун көзөмөлүнөн өткөндүгү тастыкталган документин талап кылуу шарт.
Уйдун сүтүнө караганда алда канча көп убакыт сакталат, керек болсо кайнатылбаган түрдө да муздаткычта бир жумага чейин ирибей тура берет. Үй температурасында үч күн бою жаңы бойдон сакталат.
Almash Alisherova
Каршы көрсөтмөсү
Эчки сүтүнүн чынында зыяндуу касиеттери жок. Болгону ал даамы жана күчтүү жыты менен айрымдарга жакпайт. Эчкинин сүтүнүн даамы анын багылганынан, жеген тамагынан көз каранды болот. Эгерде ширелүү жана түрдүү чөптөрдү жесе, сүтү таттуураак, кылдат кам көрүү болсо, жагымсыз жыты азыраак болот.
Каны коюу адам эчкинин сүтүн этиеттик менен колдонуусу керек, болбосо ал гемоглобинди бир кыйла көтөрүп жиберет. Мындай шартта теңме-тең суу кошуп ичкен туура болот.
Ашказан бези ооругандар эчкинин сүтүн көп өлчөмдө ичкенге болбойт. Бул азыктын майлуулугу 4,4 пайызды түзгөндүктөн ооруну козгоп же күчөтүп жибериши мүмкүн
Almash Alisherova
Almash Alisherova
Эчкинин суту - табийгый дары-дармек
Курамында А, Д, В тобундагы витаминдер көп болгондуктан, эчкинин сүтү көзгө, териге, чачка, тырмакка, күчтүү сөөктөргө жана тиштерге пайдалуу.
Ошондой эле эчкинин сүтүндө минералдар бар: кальций жана фосфор. Аларсыз денедеги нерв системасы бузулуп, булчуңдар шалбырап, кан тамырлар морт болуп, остеопороздун пайда болуу коркунучу жогорулап, тиштер бузулат.
Эчкинин сүтү пайдалуу май кислоталарынын көлөмү боюнча уйдун сүтүнөн кыйла ашып түшөт: линолей - 1,5 эсе, линолен - 3 эсе. Бул кислоталар кандагы жаман холестерол көлөмүн азайтууга жардам берет, бул жүрөк-кан тамыр системасынын ооруларынын алдын алуу үчүн абдан маанилүү.
Nasipa Mamasalieva
Алмаш салам,
Барби менен Бемби жонундо жазсан. Сут кобойдубу? Силердин эгиз улактарды коргон коншулардын отзывын жазсан бул жерге жакшы болот эле.
Almash Alisherova
Салам Насипа эже,
Бемби жайлоого кетти. Барби м-н Мая үйдө. Баары жакшы болууда. Болгону Мая үчүн теке таба албай жатам. Айылда бир акенин текесин сүзүп жиберди. Теке боюнча сунуштарыңыз барбы?
Мурзакулов Мирлан
Эчкиниздин характери башкача экен да Алмаш,суту кандай болду экен?))
Теке лох окшойт ээ
Nasipa Mamasalieva
Алмаш теке таптынбы?
Группадагы Усонго жаз.
Almash Alisherova
Almash Alisherova
Саламатсыздарбы?
Бүгүн 3 күндүк тренингдин 1-куну болуп өттү. Бири-бирибиз м-н тажрыйба алмашып, кызуу талкуу болду.
Мурзакулов Мирлан
Алмаш,туура тамактанууда адамдар эмнеге эске алуу керек деп ойлойсуз?
Almash Alisherova
Ошол боюнча бугун тренинг болууда
Мурзакулов Мирлан
Врач өтө жакшы маалыматтарды берүүдө.
Жазып алыныздар команда
Almash Alisherova
Бугун 17-май окуунун 2-куну өтүүдө.
Күнүбүз кызыктуу "Туура тамактануу" аталышындагы тренинг менен башталды.
Мурзакулов Мирлан
Ийгиликтер болсун !
Almash Alisherova
ПГАЭ долбоорунун алкагында 3 кундук тренингдин 3- куну. Алган билимдерибизди бышыктап, бири-бирибизге платформада актив корсотууну уйротуудобуз. Катышуучуларга ийгилик! Активдуулугунон жазбай, алгылыктуу иштерди жургузо беришсин!
Almash Alisherova
Aichurok
Уч Кундуз семинарда биз коп нерсени уйрондук,маапга киргенди уйрондук
Almash Alisherova
Туура айтасыз Айчурок эже, пайдалуу тренинг болду.
Nazgul
Алмаш саламатсыңбы!Жаш болгондугуна карабай ушундай жакшы долбоор тандап алыпсын,анча мынча адамдын колунан келе бербейт.Иштерине ийгилик!
Almash Alisherova
Назгул эже саламатсызбы?
Каалоо-тилектер учун ыраазычылык, сиздердей аялдардан улгу алып, колдон келген жумуштарды жасоодомун.
Almash Alisherova
Айылда кызмат корсотуучулордун Потенциалын Онуктуруу Программасынын алкагында, тамактанууну жакшыртууга багытталган туура тамактануу боюнча 3 кундук тренингдин жыйынтыгы.
Мурзакулов Мирлан
Ийгиликтер болсун
Alisher Yuldashev
Алмаш - молодец!
Almash Alisherova
26.05.2021. "Технология жана демонстрация куну" иш-чарасынан элестер.
Баса, Ромашка гулунун да дарылык касиети бар.... Аны кийинки посто жазам
Мурзакулов Мирлан
азыр эле жазчы бизге кызык болууда .
Almash Alisherova
Жазып койдум)))
Nasipa Mamasalieva
Команданын эн жашы, сулуусу, бою узуну Алмаш,
Баракчандын биринчи бетине Бемби менен Барбини жуктоп койчу.
Almash Alisherova
Команданын эн кыйын айымы Насипа эже,
макул жуктоп коем.
Nasipa Mamasalieva
Алмаш сулуу,
Ушундай материалдарды №3 команда дегенге жукточу.
Бул жерге только эчки жана эчки....