Welcome to the

Kyrgyzstan
Space shortcuts
Kyrgyzstan KYR
Skip to end of metadata
Go to start of metadata

Дареги:   Ноокен району, Жалал-Абад облусу

Долбоордун аталышы:  Бал чарбасын өнүктүрүү

Чакан долбоордун максаты: Балды үй-бүлөлүк денгээлде өндүрүү менен тамактанууну жакшыртууга салым кошуу.

Чакан долбоордон маалымат: 20 аялдан турган топ  түзүлдү.


Аларга  "Туура тамактануу деген эмне", "Айыл чарбасы жана туура тамактануу, "Түркүндөштүрүп тамактануу" ,"Жашылчаларды коопсуз консервалоо", "Органикалык жер семирткичтерди уй шартында даярдоо" боюнча практикалык тренинг

темаларда окуулар өткөрүлдү.  Бал челектерге 5 аары бүлөсүн салып, жайлоого барып келдим. Быйылкы жылы жаны аары бүлөсүн кошкондуктан, бал тартып алууга мүмкүнчүлүк болгон жок.             

Туура тамактануу боюнча  20 аялдан сырткары да 100 дон ашуун кыз келиндерге   үй шартында жашылча жемиштерди кургатуу жана тондуруунун артыкчылыктары темасында окуу тренингдер болуп өттү.  Бул тренингдерден кийин туура тамактанууга болгон көз караштар өзгөргөндүгүн билдиришти.

 Кайрадан бал аарыга келсек, аары Карпат порода сы болгондуктан бир жолу  бал тартып алганга мүмкүнчүлүк болуп  4.5кг бал алдым. Ал эми быйылкы жылы болсо ушул эле аарыларлан  2 үй бүлө  чыгарып кошконго шарт жаралды.


  • No labels

12 Comments

  1. Урматтуу Мырзамидин,

    Ушул баракчага озундун чакан долбоор боюнча маалыматтарды жуктонуз.

    Ийгилик каалайм! 

  2. Мырзамидин байке кутман кун!  балды да туура сактабаса сапаты бузулабы? 

    Уй шартында кантип туура сактоо керек?

  3. Саламатсыздарбы урматтуу коллегалар, бугун 16.05.2021 ж ТАЭСА долбоорунун алкагында №3 команданын 1-кунку  бетме-бет жолугушуусу болду.  Жолугушууга Ала-Бука, Аксы, Ноокен жана базар-Коргон, Сузак райондорунан АККлар катышып оздорунун кичи долбоорлору жана аткарган иш-чаралары боюнча маалымат беришти. Негизинен бетем-бет жолугушуу кызуу талкуу жаратып убакыттын откону да билинбей калды. Сут багытындагы эчкилер бал аарылар жана эт,жумуртка багытындагы презентациялар кызыктуу болду. кичи долбоорлодун баары туура тамактанууга байланышып копчулук жерде туура тамактануу жолго салынып баштаганы билинди. Бул долбоорду ар бир айыл аймактардын айылдарына чейин жеткирируу  ар бир адамдын милдети катары билели деген ураан менен иштоо колго алынды.     

  4. Урматтуу кесиптештер бугун ТАЭСА долбоорунун №3 команданын 2-кунку бетме-бет жолугушуусу уланууда. Туура тамактануунун озгочолугу аттуу темада Жоробаев Усон Салиевич врач тренинг отуудо.  

  5. Врач Жоробаев тарабынан ото сонун маалыматтар берилуудо

    КР статистикалык маалыматтарды беруудо


  6. Копчулук адамдар толуп кеткен учурда диетага олтурушат, диетага олтуруу бул туура эмес. Майлуу тамак жебе деп айтышат да адамдын ичиндеги майдын баарын жок кылып адамдын иммунитеттин тушуруп салат да адамдар кайра башка ооруларга чалдыгышат. Ошондуктан балансташтырып тамактанууну жонго салуу бул туура жол деп белгиледи.  

  7. Жашылчаларды огородго эгип эч кандай химикатсыз остуруп  жегенди сунуштоодо.

  8. Салам Мырзамидин, бугун атайылап № 3 команда ТоТ откоруп бтме-бет жолугушуу откоруп жатыпсынар, бул жолугушуу 2019-жылдын сентябрь айынан 2021-жылдын май айына чейин чакан долбоорду аткарууда аткарган иштерди, жетишилген ийгиликтерди, кетирилген кемчилдиктер боюнча ой болушуу аянтчасы деп ойлойм.

  9. Мырзамидин, сенин бал аарычылык боюнча аткарып жаткан иштерин ушул  баракчада ар бир кадамдары чагылдырылышы керек эле.

    Бал аарыларын багуу

    Зыянкечтерине каршы курошуу

    Бал челектертерди гулдору жайнаган жерди тандап орноштуруу

    Балды тартуу

    Чакан идиштерге кую, этикетке чаптоо

    Балды сатуу

    экономикалык анализдери

    чакан долбоорду аткарууда эмнелерге жетиштин?

    Чакан долбоорду аткарууда кетирилген мучулуштуктор

    Кыскасы чакан долбоорду аткаруунун ар бир кадамы боюнча маалыматтар менен болушуп турсан болот эле, бирок тилекке каршы баракчада маалыматтар аз, ал гана эмес озун 4 гана жолу кирип пост жазып жатасын.

    Ушул жетиштуу деп ойлойсунбу?

    Жалал-Абад АКК нын консультанты катары сен ушундай мамиле жасасан, жер жерлердеги жонокой фермерлерден эмнени кутууго болот?

    Эжен тарабынан айтылган сынды туура кабыл аласын деп ойлойм.

    1. Саламатсызбы Буажар эже, Сиз тарабынан айтылган сындарды ининиз катары туура эле кабыл алам жана эске да алам.  Айтылган тапшырмалар оз убагында жеткиликтуу аткарылганы менен  отчет катары бул жакка киргизбегеними мойнума алам. Эми аткарган иштерими жарыялап тууруга соз берем. 

  10.  Мен Мамадиев Мырзамидин
    Ноокен районундагы Шайдан айыл өкмөтунө караштуу : Жаны-Арык айылында туулуп өстум, билим алдым.
    Тоолуу агро экосистемада тамактанууну жакшыртууга багытталган айыл чарбасы долбоорунда айылдык кызмат көрсөтүүчү болуп иш алып барам жана бал аарыларды багып андан баалуу балды өндүрөм.
    Биз өндүргөн бал - сапаты жана баалуулугу менен өзгөчөлөнөт.
    Жергиликтүү тамак-аш өндүрүмүнө салым кошуу менен бал жакшы азык жана үй бүлөгө кошумча каражат табуу үчүн өндүрүүгө көп каражат керектелбейт.
    Өзүн өзү камсыздоону жакшыртуу максатында бал ондуруу менен жергиликтүү керектөөчүлөргө сатып алууга мүмкүнчүлүктөрдү түзөбүз.
    Ошентип 2017-жылы 30 бал челектерди сатып алып ишти баштадым, азыр бал челектердин саны 20 га жетти. Негизги жумушумдан башка бош убактымды аарыларды багууга жумшайм, жыл сайын 200 кг чейин бал өндүрүп 100000 сомго чейин киреше табууга мумкунчулук жаралды.
    Жаз жана жай мезгилдеринде мен сыяктуу бал челек кармаган фермерлер органикалык сертификат албасак да органикалык продукцияны өндүрүүнүн принциптерин сактайбыз.
    Мындай балдын артыкчылыгы – жаратылышты бүлүндүрбөө, экосистеманы сактоо адамдын ден соолугуна коркунучу жок таза азык өндүрүү
    Бал аарылардын жашоосу кызыктуу, зыяндуу заттар менен булганууну токтотуп табиятты сактоо жана коргоого алуу, био көп түрдүүлүкту түзүү зарылдыгы бар.
    Табияттагы чөптөрдүн түрлөрүнүн, гүлдөрдүн азайышы бал аарылардын түрлөрүнүн жок болуп кетүүсүнө таасирин тийгизип жатат.
    Калктын, келечек муундардын жашоосу үчүн био көп түрдүүлүктүн сакталышына аарылар чоң пайда келтирет. Ошондуктан мен сиздерди био көп турдуулукту сактоо менен жапайы жана бал аарыларды сактоого алууга чакырамын.
    Балчылык өсүмдүктөрдү жакшы чаңдаштыруунун эсебинен түшүмдүүлүктү жогорулатуунун түздөн-түз жолу болуп саналат. Мамлекет тарабынан балчыларды салттуу иш-чараларга кирбеген жерлерде жаңы аймактар менен камсыздап, тармакты өнүктүрүү боюнча атайын программа иштеп чыгышы керектигин турмуш тастктап жатат. Учурдагы ченемдик укуктук актынын талаптары эскиргендиктен, "Аарычылык жөнүндө" жаңы мыйзамды кабыл алууну сунуштаймын.

Kyrgyzstan KYR