Welcome to the

Kyrgyzstan
Space shortcuts
Kyrgyzstan KYR
Skip to end of metadata
Go to start of metadata

Менин күнөсканамда  эрте жазда бадыраң помидор өстүрдүм,  эми августун ортосунда  эккен бадыраң түшүм бере баштады.. Өзүбүз  күнүгө дасторконубузда пайдалангандан   сырткары ар эки күндө 15 кг бадыраңды  супермаркетке өткөрүп жатам.  Бадыраң  товардык көрүнүшү  мыкты, кардарлар жакшы алып жатышат. 

Долборунун аталышы: Куносканада жашылча остуруу


Адрес: Базар-Коргон району, Жалал-Абад облусу



Чакан долборунун максаты: Жашылчаларды коопсуз жана эрте остуруп, тамак-ашка пайдалануу. 



Аткарылышы боюнча маалымат

Мага бир жылда эки жолу өстүрүү ыңгайлуу экен. Саратанда жер күнгө күйүп эс алат. Кеч күздө  базарда баасы кымбат болот. Үй бүлөм да жаңы витамин менен камсыз болот.


Экономикалык  анализ.

Чыгаша

Бадыраң урук 210 даана ×3сом 50т= 735сом

Экинчи түшүмдөн ар эки күндө 15 кг дан 35сомдон өткөрдүм

45×35=1575 сом

1575-735=840сом киреше 3 жолу тергенде  болду.





  • No labels

65 Comments

  1. Сава эжеке,

    Ушул болумго чакан долбоорунуз боюнча маалымат берип турунуз

    Сиз активдуу болсонуз,жаштар аракет кылабыз

    1. Савринса эжеке,

      МААНГА платформага кирип жатасынарбы

  2. Экинчи түшүмдү ала баштадык

  3. Савринса эже кандайсыз,

    азаматсыздар экинчи тушумду баштапсыздар,

    Экономикалык аназил жасап журсонуз мындан да сонун иштер журмок.

    Башкаларга да ой-болушуп турунуз

  4. Бардык жерде биздин сунуш менен аткарып жаткан фермерлер быйыл пондемия мезгилинде киреше таап,органикалык таза жашылча жемиштерди остурушуп ийгиликтуу иштоодо

    Савринса эжеке да теплицаны жакшы оздоштуруп мыкты тажрыйбаларга ээ болууда

    1. Абдан кызыктуу макала,турмуштан алынган, азыркы шартта ушул сиздей ой жугуртуп иш кылган адамдар тилекке каршы саналуу

  5. Савринса эженин куносканадагытажрыйбасынан болушот

  6. Экономикалык  анализ.

    Чыгаша

    Бадыраң урук 210 даана ×3сом 50т= 735сом

    Экинчи түшүмдөн ар эки күндө 15 кг дан 35сомдон өткөрдүм

    45×35=1575 сом

    1575-735=840сом киреше 3 жолу тергенде  болду.

    Эми ноябрь декабрга чейин терип турабыз деген тилегибиз бар.

    1. ар бир уйдо атайын уй-булоо учун чакан теплица куруп 1 сотых жерге турдуу витаминге бай осумдукторду олтургузуп эгип алсаныздар 15000 мин сом эконом болоору эсептелинген

      Апалар,эжекелер чакан теплица куруп таза осумдукторду тандап жениздер

      теплица куруу,иштетуу,сугаруу технологияларына кеп-кенештерди берип турабыз

      тел6 0704 030102

  7. Кечээ базарга барсам бадыраңдын килосу 80 сом  болуптур. 12кг бадыраңды өткөрүп акчасына эт сатып алдым. Витаминдүү жашылчаны организмге керектүү белокко алмаштырдык. 

    1. Ото сонун маалымат эже

      Копчулук фермерлер сурамжылоолордун натыйжасында эмне коп акча керектелет сураганда той-аштарга коп коротот экен.

      Ал эми пректисин сурап киреше болугунон тамак-ашка,кышкыга кам корууго акча калбайда калат дешет.
      Кээ бирлери сабиз,турп ж.б тамак-ашка керектуу нерселерди даядоо качан Россиядан акча келмейин болбойт белгилешет.

      Эже эт сатып алсаныз ,кийинкисинде фасоль,лоя,маш кошуп да турлонтуп коюсонуз абдан жакшы болот .

      1. Мирлан, туура айтасын. Лөя, маш ар дайым колдоном. Лөяны дүмбүл кезинде жайы, күз тамакка кошуу адатка айланган.

  8. СПУ: Сыргатаева Савринса эженин 

    Теплицанын абалы азырга чейин жакшы,момо алып жатышат

    Эженин азыркы учурда коптогон айылдаштарына туура тамактанууга маалымат берип,азыркы учурда активдуу иш алып барып жатат

    Группада теплицага кызыккан фермерлер коп экендиги белгилуу болду,

    анткени моделдуу чарба куруу учун,ар бир уйдо теплица,мал чарбасы,айыл чарбасы (огород)тоок чарба 25 баш болуусу керек деп ойлойбуз,

    Эже гуруч эгип,коон,дарбыз остуруп иштеп келуудо

  9. Асалчи Касиет эжем экөөбүз семинарды  жактырдык

    1. Ийгилик болсун команда,ар дайым эл арасында маалымат жеткирип журо бериниздер

  10. доктор пайдалуу кеңеш берип жатат. 

    1. Эже адистиги эмне экен?

      1. гепатолог - өт. боор боюнча адис.


  11. kasiyet.arapbayeva@bk.ru Касиет Арапбаева эжеге электрондук почта ачтык.

    1. Почтаны унутуп калабыз,ошондуктан жазып алыныздар эжекелер

  12. Савринса эже кандайсыз кутман тан.Теплицага эмне эктиниз гул остургонго кызыгасызбы уйунуздо кандай гулдор бар

    1. Картайганда гүлгө анча кызыкпай, жер жемишке,  жашылчага кызыгып калдым. 

  13.  семинардан мотивация алып кайттык.  Уюштуруучуларга чоң рахмат!

    1. Савринса эже бадыран туйо баштадыбы?

      Топуракты байытуу учун кандай аракеттерди жассап баштадыныз?


      Кандай тоскоолдуктар болду, жаза кетсениз?


      Канча адам сизи коруп, теплица курам деп кызыгып жатышат?

      1. Саламатсыңбы Насипа! Бадираң помидор бышып баштады. Бадираң  майдын башында быша баштаган. 

        Топуракты байытуу үчүн сөөлжан багып баштадым.   Теплица курам деп кызыккандар көп.  Бирок каражатка келип токтоп турушат 

        1. Савринса эже,

          Каражатка байланыштуу женилдиктер бар.

          1. Куноскананы темир менен эмес жыгач менен курса да арзан болот.

          2. Оз ара жардамдашуу топтору ортолук фондго акча топтошсо ошондон улам бир жылдан топ мучолоруно пленка, тамчылатып сугаруу системаларын алып берсе болот.

          3. МААНга катталып, активдуулугун корсотуп турса, долбоорлор болуп калса биринчи кезекте ошол кызыккан адамдын кандидатурасы каралат.

          4. Мобилдуу чакан куноскана курса да болот. Бир жерден экинчи жерге 2 адам которуп жылдыра турган чакан моделдери да бар бизде.


  14. 20210522_133557.heic Семинарда гумус өндүрүүчүлөр менен жолугуп, сөөлжан сатып алып бага баштадым.  Буюрса кунөсканага гумус өндүрүп жатам 

  15. Фейсбуктун активдүү пенсионер колдонуучусу ЖА АККнын активдуу АККсы жонундо кеп

    - Мен Сыргатаева Савринса, 58 жаштамын. Өзүм Оштун Кара-Суу шаарында туулуп өстүм. Фрунзедеги автожол техникумун аяктагам. Тагдыр насип экен Базар-Коргон районунун Карача айылына 1981-жылы турмушка чыктым. Ошол жылдан 1994-жылга чейин автобазада эмгектендим. Ал кезде автобус, жүк ташуучу оор машиналар да өкмөттүкү эле, такси деген дээрлик жок. Кийин Союз урап, шартым да туура келбей ишимди токтоттум. Жер үлүштөрүн алып биз да эл катары дыйканчылыкка, мал чарбачылыкка көӊүл бура баштадык. Кийин эле неберелеримди багып калдым. Неберелерим окуп калганда кайрадан окуй баштадым десем болот. Ал тургай компьютер алып калдык эле, алар менен мен да бат эле өздөштүрүп кеттим. Адам кызыгуусу болсо компьютерде мурда кийин иштебесеӊ да үйрөнүп кетсе болот экен. Фейсбукка катталып калып, ал жактан маалыматтар менен таанышып, өзүм да пикир жазып дегендей колдоно баштадым. А кийинчерээк айылым тууралуу маалыматтарды чыгарып, азыр эми туура тамактануу боюнча да жазам.

    1. Савриниса эжекедей инсандар, жакшы тажрыйбасын жайылтып, элдин туура тамактанууда жаны адаттары пайда болууда

  16. Бул долбоор менен алгачкы иштешкен долбоорум 

    - Негизи буга чейин бир да долбоор менен  иштешкени эмесмин. Баягы эле фейсбук да. Мен ал жакта дыйканчылык тууралуу жазып келем дебедимби. Жалал-Абад айылдык консультациялык кызматынын кызматкери Насипа Мамасалиева менен достошуп, байланышып калдым. Кийин бул долбоор тууралуу конкурсту көрүп калып, ошентип башталып кетти. Күнөскана иштетем деген демилгемди айттым, финансылык колдоо көрсөтүштү, андан да маанилүүсү билим беришти. Анткени кайсы учур кандай маселе болбосун бизге профессоналдар кеӊеш беришет. Келип текшерип да кетишет. ТАЭСА долбоору күнөсканама акчалай колдоодон сырткары тамчылатып сугаруу системасын куруп берди. Бул тамчылатып сугаруу деген да өзүнчө бир чоӊ тема. Кыскартып айтканда талаада жайпап сугарганда өсүмдүктүн тамырына суу толук жетпей, каныгып суу ичпей калышы мүмкүн. Ал эми тамчылап турса накта тамырга жетип, өсүмдүк сууга тоёт. Анын артынан түшүм мол болот.

    1. Сабириниса эже, жашынын улуулугуна карабай, фейсбук, вотсап сыяктуу соц. туйун, тармактарда активдуу байланышка чыгып турат., бул башкалар учун улгу, аракеттенууго чон мотивация. Ишинизге ийгилик эжеке!

      1. Савринса эже сыяктуу Бактыгул эже, Айша эже, Касиет эже, Жумагулдор да активдуу

  17. Куносканада жашылча остуруу боюнча тажрыйбам жок эле баштадым..

    Үлүш жер иштете баштагандан бери эле талаага жашылчаларды, коон, дарбыз эгип калдык. Аны базарга алпарып дүӊүнөн өткөрүп жүрдүм. Айылда тиричилик ошол дыйканчылык менен эле да. Бизде таза суу сааты менен чыгат. Эшиктин астына кудук жасатып жыргап калдык. Элдүү эли менен кудук менен жашайбыз. Аны менен жашыл бакчага чейин сугарабыз. Азыр эми күнөскананы да кудуктан сугарып жатабыз. Ал эми күнөскананы быйыл биринчи ирет куруп, иштетип жатам. Эч тажрыйбам жок болчу.

  18. Коломуно жараша туйшук болот экен..

    Эгер меникиндей кичинекей болсо кыйынчылыгы жок. Көлөмүнө жараша түйшүгү арта берет ко. Оорчулугун билген жокмун. Тескерисинче мага хобби катары жагымдуу болуп жатат. «Мен төрөлдүм» деген мультфилмдегидей болуп жерге бир үрөн таштасаӊ ал чыкса ага сүйүнөсүӊ. Гүлдөгөнү, түйгөнү да кубаныч тартуулайт. Жаӊы нерсе үйрөндүм, балдарыма, айылдаштарыма да мотивация берип жатам. Күнөскана иштетүү кирешелүү бизнес экен. Аз эле жерге көп көчөт эгет экенсин. Мисалы талаада бадыраӊ сойлоп өсөт, жөөктөрдү да кенен алышыӊ керек. А мында жипке оролуп тикелей өскөн үчүн көп көчөт тиге аласын. Бул деген демек көп киреше. Эрте жазга жетиштирсен кымбат кезде сатып жакшы киреше табасыӊ. Жазында өзбекстандын экономикасын көтөрөбүз, анткени 200 сомдон помидор, бадыраӊдарын алабыз. Андан көрө ар бир айылда кеминде 3, 4 күнөсканабыз болсо кана. Ошол акчалар өзүбүздүн өлкөдө калат эле. Негизи ар бир үй-бүлөгө бирден күнөскана болсо артык баштык кылбайт. Ошондуктан мен да акырын колумдан келишинче  тегерегимди үгүттөп, үйрөтүп жатам. Өзүбүз өндүрүп жейли деп.

     



    1. Аздан баштаганда риск, коркунучтардан чыгуу мумукунчулугу да жогору болот

  19. Туура тамактанууда  жаӊы адаттар пайда болду ..

    - Ооба, жаӊы адаттар пайда болду. Эртен менен ачкарынга филтрленген жылуу сууга лимон менен балдан кошуп суу ичем. Аны да олтуруп үчүү керек. Ал холестеринди жууп, кан-тамырга, боорго абдан пайдалуу. Куурулган, майлуу тамактарды жебей, дымдап, кайнатып даярдап жатабыз. Күнөсканамда бир катар помидор эгип койгом. Алардан салат жасап, бирок тузу жок жейбиз.

  20. Онлайн маалымат таркаттым 

     Быйыл пандемия болуп бардык тармактар сыяктуу эле биздин да туура тамактануу бонча маалымат жайылтуубузга тоскоол болду. Бирок интернеттин жакшы жагы, вотсапта «Туура тамактануу сергек жашоо» деген топ ачкам. Анда 70тен ашуун айылдаштар бар. Бул группа айылда ийгиликке жетип, ар кайсы жаштагылар өздөрү кызыгып кошулуп жатышты. Күндө, күн алыс туура тамактануу боюнча адистердин ишенимдүү булактардан кеӊештерин жазып турам. Андан сырткары өзүмдүн күнөсканамдын видео, фото баяндарды жасап жаттым.

  21. Туура тамактануу мунозу озгоргондор байкалууда

    - Биз дүйнөдө туура эмес тамактануу жагынан алдыда турган эл экенбиз. Муну өзгөртүү, үйрөнүү өзүбүздүн эле колубузда. Айрыкча мында ден соолугубузду, ар бир органыбызды аясак бат эле түшүнө тургандай маселе. Биздин долбоордо бизди вебинарларда окутуп, биз аны элге жайылтып аракеттенип жатабыз. Бирок акыркы учурларда байкалаардык өзгөрүү бар. Айылда бир аял ооруп жүрүптүр, анын ден соолугунун жакшы болушуна, айыгышына салымым болду.


    1. Элдин ишин аркалаган эл кызматчылары, айылдык кенешчилерге чон-чон ийгиликтерди каалайбыз

  22. Өзүм жөнүндө информацияларды окуу мен үчүн жагымдуу болду. 

    Насипа рахмат. 

  23. Мен үчүн туура тамактануунун эң зарыл жагдайы нанды дрожжи менен эмес,  ачыткы менен ачытуу зарыл болуп саналат. Айылда өзүм түзгөн топтун мүчөлөрү баары ачыткыга ( камыртуруш) өтүшкөн.  

    1. Жакшы көрүнүш, бала чаканын келечеги уйдогу эненин тамак аш даярдоосуна туздон туз байланыштуу.

    2. элибиздин салттуу тамактануу адаттарын жандандыруудагы салымыныздарга раазычылык Савриниса эже. Бар болунуздар!

  24. 2-сорттогу унга, ачыткыга ачытып бышырдым 

    1. апам жапкан нанды сагындым дегендей, нандын жыты келип атат (smile)

  25. https://vm.tiktok.com/ZSJmHRkv2/

    Эчки келгенде неберем өзгөчө сүйүндү

  26. КЫРГЫЗСТАН  Россия,  Казакстан дын өсүмдүк майынын  көз каранды болуп калганы сыр эмес. Ал өсүмдүк майы кандай өстүрүлүп, кандай майлар кошулмасы экени экинчи маселе. Көбүнчө  бизге пальма  майын кошуп  берип жатканы да сыр болбой калды. Туура тамактануу үчүн көбүнчө өзүбүз май өсүмдүктөрүн өстүрүүбүз зарыл. Быйыл күн карама өстүрүп жатабыз.

    1. Уй булонун азык тулук коопсуздугу чечилсе, олконун койгойу чечилет. Айыл жеринде жашагандар оздоруно керекту негизги азык тулукторду оздору органикалык жол менен остуруп алса, келечеги жакшы болот.

  27. 20210522_133557.heic Биогумусту өзүм даярдап кунөсканага иштетем деген нээтим  бар.

  28. күнөсканада бадираң бир айдан бери түшүм берип жатат 

  29. 20210528_085036.heic күнөсканада болгар калемпир 

  30. Саламатсыңарбы команда?

    Жазга да чыгып Адык  

Kyrgyzstan KYR