Welcome to the

Kyrgyzstan
Space shortcuts
Kyrgyzstan KYR
Skip to end of metadata
Go to start of metadata
  • No labels

56 Comments

  1. Мен чакан долбоорду аткарууга карата ишти алгач жашылчалардын кочотун даярдоочу парниктен ишти баштадым.

  2. Cаламатсынарбы платформанын катышуучулары!

    Ар бир ЧД ийгилик каалайм!

    Мен аткарып жаткан чакан долбоордо алгач парникте жашылчалардын кочотторун остуруп алып огородко жана улуш жерлерибизге отургуздук. Мына эгип остургон жашылчалар бышып кышкыга оз бакчабыздан чыккан момолордон ар кандай ширелерди, салат, компот жасап жатабыз.

    Бул суротто ЧД колдоо боюнча берилген майдалагыч менен помидордон шире жасап жаткандан фото фрагменттер:

    image2020-8-7_15-38-11.pngimage2020-8-7_15-39-2.png

    1. ишинерге ийгилик

  3. Cаламатсынарбы,жерибизде остурулгон органикалык  жашылчалардан кышкыга  салат, татымалдарды жасап жатабыз. Эгилген дарбыздар бышып, кундолук тамактанууда пайдаланып жатабыз.

    7-август куну Тоолуу аймактарда тамактанууну жакшыртуу долбоорунун координатору Кудайбердиева Гулзада келип аткарып жаткан иштерди коруп кетти.

    image2020-8-19_15-15-38.png

    image2020-8-19_15-14-37.png


    1. Ишиниздерге ийгилик

  4. ишинерге ийгилик

  5. Платформага активдуу катышкандарга салам! Мен көптөн бери кире албай кайрадан кирдим.

    Туура тамактануу боюнча жусай кошулуп жасалган оромо боюнча болушойун дедим.

    Жусайда белок, кант В жана С витамини өтө көп болот. Ашказандын иштөөсүн жакшыртат, терди жөнгө салат, зааранын жүрүшүн жакшыртат.


    Оромонун камырын кадимки мантыга жууругандай эле жуурулат, 15-20 мүнөт коюп тыныктырабыз.

    Салманы жасоо:

    Жусайды жууп тазалап, суусун сарыктырабыз. Тактайчага жусайды майда кылып кесебиз.

    Керектүү пиязды туурайбыз.

    Даярдалган жусайдын устуно тууралган пиязды кошуп устуно керектүу өлчөмдө май, туз, мурч кошуп аралаштырабыз.

    Камырды 4 бөлүккө бөлөбүз, алард  тегерек жука кылып жайабыз.

    Жайылган камырды суу май менен майлап, салманы текши себелейбиз.

    Даяр болгондо бошураак оройбуз да касканга жайгаштырып кайнаган суунун буусуна 35-40 мунот бышырабыз.

    Мындай оромонун бетине сары май же каймак суйкоп жесе аябай даамдуу болот.

    Мындай оромо жеңил,  сиңимдүү, тоюмдуу тамак.


  6. Октябрь айынан жаңы жылга чейин ашкабакты тамакка колдонуу абдан пайдалуу

    Ашкабак кошулган оромо

    Алгач салманы даярдайбыз.

    Ашкабакты кубик кылып туурап алабыз, пиязды кесип даярдап устуно салабыз. Азыраак куйрук май, туз, мурч кошобуз.

    Камырды жууруп тыныктыргандан кийин 4 бөлүккө бөлуп, тегерек кылып жаябыз. Камырды жука майлайбыз жабышып калбаш учун. бетине салманы себелеп салабыз да камырды ороп каскандын табактарын майлап жайгаштырабыз. Кайнаган суунун буусунда 35-40 мунот кайнатып бышырып алабыз. 

    Ашкабактан жасалган оромо жагымдуу, диетикалык тамактардын катарына кирет.


    1. Ишинерге ийгилик

  7. Сабиз ашказанды тазартып, ичти жумшартып, боордун иштешин жакшыртат

    Боор оорусу алгачкы белгилери билинбей жургондуктон кобу отушуп кеткенде билишет.   Аны айыктырууда күнүмдүк турмушта иштеле турган азыктуу заты көп жашылчаны, өзгөчө сабизди дары катары пайдаланууга болот. Сабиз көбүнчө ашказанды тазартат. Ичти жумшартат. Какырык пайда болгон жөтөлдү басаңдатат. Боорго жакшы жардам берет.

    Сабиздин курамында май белогу, кант, А, В, С витаминдери, алма кычкылы сыяктуу адам денесине керектүү болгон заттар бар. Сабиздин жогоруда айтылган касиеттеринен пайдаланып аны менен боор оорусун дарылоодо жакшы ийгиликке жетишүүгө болот.

  8. Ашкабактын чийки  болгондо дамдуу деп айта албайбыз, бирок ушул эле учурда аябай пайдалуу болот. Ашкабакты чийки кандай колдонуп, эффективдүү таасир кантип алаарды билбей жатсаӊыз, анда бул рецепт сиз үчүн. Чийки ашкабактын курамында Т витамини бар, Т витаминдин организмде жетишпегендиги метаболизмге алып келет. Жана ошондой эле арыктоодо, булчуӊдарды өстүрүүдө, тамак сиӊирүү системасын жакшыртууда, шалдыраганда, стресс болгондо жакшы жардам берет. Кыштын күнү чийки ашкабактын аралашмасын (коктейль) ичсеӊиз иммунитетиӊиз көтөрүлөт. Чийки ашкабакты күнүнө 0,5кг жесеӊиз болот. Ал эми бышкан ашкабакты 2 кг жесеӊиз болот. Чийки ашкабактан жасалган аралашманын рецепти:
    1. Сабиз 100гр
    Чийки ашкабак 150гр
    Йогурт 1 стакан.
    Даярдоо: сабиз менен ашкабакты блендерге чалып, аябай майдалайбыз. Йогурт менен аралаштырып ичсеӊиз болот. Каалооӊузга жараша бал же корица кошуп алсаӊыз болот.
    2. Чийки ашкабак 200гр
    Апельсин 2 даана
    Финик 2 даана
    Как же корица

    3. Чийки ашкабак 200гр
    Банан 1 даана
    Имбирь 2 чай кашык майдаланган
    Миндаль 30гр
    Корица 1 чай кашык
    4. Сулуу лапылдактары (овсяные хлопья) 2-3 чон кашык
    Чийки ашкабак 200гр
    Сүт 200мл
    Бал 1 чай кашык
    Корица 0.5 чай кашык

    Бул ингредиенттерди блендерге аралаштырып (коктейль кылып) ичиӊиз.
    Эгер арыктагыӊыз келсе, имбирь кошулган рецепти колдонуӊуз.
    Ал эми алдуу, күчтүү юолгуӊуз келсе апельсин кошулган аралашманы ичиӊиз.
    Жогоруда айтылган аралашмалардын бардыгы теӊ ден соолукка пайдалуу жана даамдуу.

  9. Сарымсактуу сүт – жүздөгөн оорулардан сактоочу байыркы дары. Көптөн бери белгилүү болгондой сарымсак бул табигый антибиотик, бир гана жагымсыз жыты үчүн күнүгө колдонгубуз келбейт. Балким, ушул үчүн сарымсакты сүткө салып бышырууну ойлоп табышкан. Жыйынтыгында, эӊ сонун , эӊ пайдалуу, жагымсыз жыты жок дарыны алышкан.
    Сарымсак менен сүттүн пайдалуу жактары.
    Холестерин көрсөткүчүн азайтат;
    Жүрөк-кан тамырлардын иштешин жашыртат;
    Бул суусундук боор ооруга дагы пайдалуу, анткени, сарымсактын курамындакөп көлөмдө күкүрт бар. Күкүрт боорду тазалоо касиетке ээ. Суук тийүүнү азайтат жана артрит ооруларында ооруну басат. Сарымсак нерв системасынын иштешин жакшыртат, уйкусуздуктан арылтат. Сарымсактуу сүткө куркума кошсоӊуз, какырыкты чыгаруучу эӊ сонун дары болот. Сарымсактуу сүттү кантип даярдоого болот?
    Сүт 500мл;
    Сарымсак 10 зубчик;
    Кант 2 чай кашык;
    Суу 250мл.
    Даярдоо: сарымсакты тазалап майдалоо керек. Суу менен сүттү аралаштырып, отко коюп коюӊуз. Кайнагандан кийин, сарымсакты салып отту азайтыӊыз. Аралашманы аралаштырып, кантты кошуп, 10 мүнөт кайнатыӊыз. Бул кайнатманы күнүнө 2 жолу ичиӊиз. Сүт менен сарымсактын пайдалуу жактары көп болгону менен, кээ бир ооруларда колдонбоого туура келет. Кант диабетинде, ичеги карын ооруларында, кан басымдын төмөндөшүндө колдонбоо керек. Жана ошондой эле эмчекте баласы бар аялдар дагы ичпеш керек....

  10. Аш коктор, татымалдардын ден соолук үчүн пайдалуу жактары көп:
    1. Ашкөк (укроп). Ашкөк майда кан тамырчаларды кеӊейтип, кан басымды түшүрөт. Ашкөктүн жалбырактарында В1, В2, С, РР, Р жана ошондой эле каротин, фолий кычкылы, темир сульфаттары, фосфор, калий ,кальций бар.

    2. Петрушка. Петрушканы жыттуу жашылчалардын ханышасы деп дагы аташат. Бул өсүмдүк баарына белгилүү жана пайдалуу өсүмдүк. Назик жыты жана витаминдердин тобу бул өсүмдүктө: калий, темир, фосфор. Дасторконду көрккө келтирип, түрдүү салаттардын көркүн ачат. Жүрөк ооруда, заара чыгаруу жолдору жабыркаганда эӊ керектүү дары болуп саналат. Петрушканын курамындагы калий организмдеги ашыкча суюктукту жана натрийди чыгарат. Тиштеги бүйлөлөрдүн сезгенишинде петрушканы колдонсоӊуз болот, анткени ал суук тийүүгө каршы дары. Петрушка тамырлуу жана жалбырактуу болт. Көпчүлүктүн айтуусу боюнча тамырлуу петрушканын пайдасы көп. Петрушканын курманыд минералдардан: кальций, магний, фосфор, калий, фтор жана селен бар. Андан сырткары курамында эфир майлары, флавоноид, жана инулин бар. Петрушканын косметалогиялык касиеттери бар. Ал терини агартуучу, бырыштарды кетирүүчү, ооздогу жагымсыз жыттарды кетирүүчү касиетке ээ.

    3. Көк пияз  таз болууда жана тырмактын сынышына жардам берет. Иммунитетти көтөрүүдө, жүрөк кан тамыр ооруларында жардам берет. Көк пияз кальций менен фосфорго бай, ошондуктан сөөктү күчтөндүрөт.

    4. Салат жалбырактары. Бүгүнкү кундө салат жалбырактарын эӊ белгилүү жашылча катары билебиз. Аны жашообузда көп колдонобуз, анткени ал кооздук берип ошол эле учурда пайдасы дагы бар. Бул жашылча алкалоид, жана клетчаткага бай. Булар салат жалбырактарына ачуу даам берип турат. Салат жалбырактары кандын курамын, организмдеги зат алмашуу иштерин жакшыртат, тамак сиӊирүүнү иштетип, нерв системасын тынчтандырат жана кан басымды түшүрүп, денедеги зыяндуу холестеринди чыгарат. Бул арыктоодо жана диетада чоӊ жардамчы болот.

    5. Сельдерей. Сельдерей жашылчалардын арасынан эӊ пайдалуу. Ал карылыктын алдын алууга, зат алмашууну жакшыртууга, ашыкча салмактан арылтууга жөндөмдүү. Тамакка, салатка сельдерейдин бардык жерин колдонууга болот. Сельдерейдин тамырында магний, кальций, калий, марганец, темир, цинк бар. Көбүнчө сельдерей тамырын майдап, салатка, маринаддарга кошот. Эгер сельдерейдин тамырын кайнатсаӊыз даамы картошкага окшош болот. Сельдерей жалбырактары каротинге, С витаминге, кальций жана фосфор туздарына бай.

  11. Пияздын кабыгынын пайдасы.

    Пияздын кабыгын кобубуз эле таштандыга ыргытабыз, аны ден соолукка пайдаланууну сунуштайм.

    Пияз кабыгынын кайнатылганы, натыйжалуу таасирин корсотот,ич алдыруучу( слабительное),сийдик чыгарчуу табарсык,от оорулары,сууктануу, витаминдуу,микробдорго каршы курошу,кан тамырларынын иштешине жардамы коп...

    1.Ангина!
    Пияз кабыгына кайнатылган сууну куйуп,5 муноттон кийин тамагынызды чайканыз..

    2.Сасык тымоо.
    Кайнап турган сууга 4 аш кашык майдаланган пияз кабыгын салыныз, оттон алып анын буусунан дем алыныз 3-5 мунот...

    3.Жотол.
    2 аш кашык пияз кабыгы, 2 стакан суу,15 мунот кайнатыныз.1/4 стакан болугун жылуу абалында бир кундо 3 жолу тамактан 30 мунот алдын ичиниз...

    4.Бойрок жана табарсык.
    3 чай кашык пияз кабыгы,2 стакан кайнатылган суу,аралаштырып 30 мунот тындыруу.Жанынызды алган циститке 50 млдан,2 жолу бир кундо ичиниз,онокот ооруларына-2 аш кашыктан 3-4 жолу 10 кун ичуу керек.

    5.Денедеги кан тамырлар,жана буттагы жылдызчалар..
    2 аш кашык пияз кабыгына 100 мл арак аралаштырып 7 кун сактаныз,аны электен откоруп пияз кабыгын алып салып, 20 тамчыдан 3 жолу бир кундо,тамактан мурда 30 муноттон кийин тамактанууга болот.

    Болбосо:2 аш кашык пияз кабыгына 400 мл кайнак суу,аны 6 саатка тындырып, 1/4 стакан болугун 7-10 кун тамактан 30 мунот мурда ичип турунуз.Бойунда барларга бул ыкмалар мумкун эмес колдонгонго.....
    Кайталоо курсу бир жума.

  12. Мен озумдун ыраазычылыгымды билдирейин деп журдум эле,

    Аркалыктан Венера эжекенин остургон кочотунон алып Кара-Кулжа районундагы Ылай Талаага айылынын тоолу жерге алып барып эккен элем.

    Жаңы оздоштурулгон жер болгондуктанбы тушуму аябай жакшы болду.

    Томонку суроттон корсонор болот.

    1. Ишинерге ийгилик

  13. Cалам, мен бугун сиздер жургузуп жаткан туура тамактануу боюнча иштеринер абдан учурдун талабына туура келет.

    Энелерибиз, эжелерибиз  туура тамактанууга конул бурбагандыгы учун олкобуздо адамдар анын ичинде балдар арасында оорулар кобойуп жардам сурагандар кобойду.  Ошондой оорулуу кызга жардам берели деп оромо, бышырылган шириндиктерди озубуз жасап сатыкка коюп чогулган 10 мин сом акча жыйнап кайрымдуулукка бердик, бул акча коп эмес ошентсе да улушубузду кошолу дедик

    Сиздер менен кайрымдуулук иш чарасынан болушойун дедим.


    1. Салам Айдай жардам колун сунуп оз эмгегинер менен тамак аштын турун жасап, аны сатып, чогулган акчаны Аруузат деген кызга кайрымдуулукка бергенинер абдан сооп иш. Азаматсынар, иштеринерге ийгилик!

  14. Рахмат эже, мындай иш чараларды ак ниети менен адамдарга жардам берейин деген инсандар да колдоп жатышат. Жакынкы кундордо да улантабыз.


  15.  

    Укроп

    Укроп баш ооруну айыктырат;
    Укроптун курамында В6, В9, Е, Р, РР, В1, В2 жана С витаминдери бар;
    Ал эми уругунда калий, марганец, жез, цинк, кальций жана натрий баш болгон микроэлементтер бар болсо, сабагында фосфор менен темир бар;
    Зат алмашууну жакшырткан флавоноид нерв, жүрөк-кан тамыр жана дем алуу органдарынын системаларынын жакшы иштешине көмөктөшөт;
    Организмдеги ашыкча суюктуктарды айдап чыгып ашыкча салмактуулуктан арылтат;
    Диабет оорусу менен күрөшүп, организмдеги уюп калган туздарды жоготот;
    Укроптун курамындагы бета-каротин көздүн көрүүсүн жакшыртып, тамакка болгон табитти ачат;

    Бирок кан басымы төмөндөр колдонсо, көздүн көрүүсү начарлайт, баш айлантып, кустурат.


  16. Укроп Кайсы ооруларга даба?
    Көз тунарып чарчаганда укроптун 1 чай кашык уругун дакиге ороп ысык сууга 3-4 мүнөт малып чыгарып, муздатуу керек. Даки жылуу болуп калганда көздү жумуп туруп үстүнө 5-10 мүнөт кармап турасыз. Ушул эле ыкманы көздүн тегерегиндеги майда бырыштарды жок кылуу үчүн да колдонсоңуз болот.


    Ал эми бала эмизген аялдарда сүт чыкпай кыйналганда укроптун кайнатмасын ичүүсе жардамы тиет


    Жара, шишик, псориаз жана безетки менен күрөшүүдө жаш укропту майдалап эзип алуу керек.

     Эзилген укропту дакиге салып жаранын же шишиктин үстүнө 3-4 саат байлоо зарыл.

  17. Платформага салам, мен бул жерге тренер Буажар эженин сунушу боюнча катталдым.

    Ден соолукка пайдалуу маалыматтар көп экендигине ынандым.


    Озум айтсам, Базар-Коргон районундагы Сейдикум айыл өкмөтүнө караштуу Аркалык айылында органикалык чарба жургузом. 





  18. Мен бугун болушойун деген тема нокот жонундо.

    Нокот чанактуулар уруусуна кирген бир жылдык осумдук, сабагы тик осот, бийиктиги 25-60 см. Гулдору майда бириндеп турат. Озу менен озу чандашат. момосу чанактын ичинде жайгашат .

    Нокот баалуу азык, 100 гр 24-30 г белок, 5,4 г майлар, 49,6 г углевод бар.

  19. Нокот  жыл бою бизге жеткиликтүү болгон белоктун, йоддун мыкты булагы,
    Жүрөк-кан тамыр ооруларынын жана алардын жүрөк-кан тамыр инфаркт жана инсульт сыяктуу коркунучтуу кесепеттеринин
    алдын алуу менен, кан тамырларды тазалайт. "Жаман" холестриндин деңгээлин төмөндөтөт. нокот уну - рактын залалдуу жараларына жана псориазга пайдалуу. Нокот тамчы жана сарык ооруларын дарылоодо колдонулат, бөйрөктөрдөгү жана табарсыктагы таштарды,
    бөйрөктөрдөгү жана көк боордогу ачык тыгылып калган нерселерди сыртка чыгарып салат.
    Бирок эң негизгиси, анда эң баалуу селен микроэлементи топтолот, анын жетишсиздиги адамда бир катар олуттуу ооруларды пайда кылат: склероз, жүрөк булчуңдарынын дистрофиясы, уйку бези жана калкан безинин оорулары, онкология ж.б. Бадам майы, жапайы чамгыр майы жана петрушка кошулган кара нокоттун кайнатмасы өттөгү таштарды майдалайт. Ач карынга мас болуп куюп, күчтүү эрекцияны пайда кылат, үндү тазалайт, тиш оорусуна жана сагыздын шишишине пайдалуу. Май же жутулган нокот, көгөргөн жерлерди басат, өңдү жакшыртат. Нокоттон жасалган азыктар аз кандуулукка, тамактануунун начарлашына жана ички органдардын ооруларына да пайдалуу.

  20. Биз органикалык чарба жургузгон фермерлер нокотту кайракы жерлерге же которуштуруп айдоого колдонобуз.

    Нокот топурактан тамырына азот топтойт. Жасалма азоттук жер семирткич колдонгондун ордуна нокот эгип койсо кандайдыр бир денгээлде топуракты азот менен камсыздайт. Нокот ыйналып алынгандан кийин тамыры топурак менен кошо айдалып кийинки жылкы эгинге азык болот.

  21. Нокот - кургакчыл шартта кара буулантманы (парды) алмаштырат. Нокот туруктуу киреше берет, базардагы сатуу баалары 90-120 сомго чейин. Нокотту которуштуруп айдоонун бардык талааларына айдаса болот, күздук эгиндерден кийин эксе  жакшы тушум берет.

    90-110 кундо жетилген эрте бышуучу сорттору бар.


    1. Нокот пайдалуу азык.

  22. Нокотту башка азыктар  менен салыштырсак, анда курамында эң көп метионин  - аминокислоталар бар,

    бул жаман холестринди бөлүп-жарып, боордун майлуулугун алдын алат жана депрессияга жардам берет;

    нокоттун курамындагы селен мээнин жакшы  иштешин колдойт, жаштыкты жана теринин жакшы абалын сактайт;

    нокот жүрөк-кан тамыр системасын чыңдоого жардам берет;

    тамак сиңирүүнү жакшыртат;

    кандагы канттын деңгээлин нормалдаштыргандыктан диабетиктерге абдан пайдалуу

    токсиндерди кетирет;

    курамында темир көп болгондуктан, кандын курамын жакшыртат;

    иммундук системаны жана нерв системасын чыңдайт.

    1. Каны аз кыз келиндердин кундолук тамактануу рационуна нокотту салаттарга, биринчи, экинчи тамактарга кошууну сунуштайт элем.

  23. Нокоттон жасалган тефтели

    Нокотту жумшак болгонго чейин кайнатып, майдалап алабыз. Чийки жумуртканы, унду кошобуз (200 г нокот үчүн - 2-3 аш кашык кашык), 2 аш кашык томат пастасы жана кызыл калемпир аш кашык – даамына жараша Жууруп, жакшылап ороп, унга булоп алуу керекЫсытылган майга фрикаделькаларды кызарганча кууруйбуз. Помидор, йогурт, каймак  сыяктуу азыктардан жасалган соустарды кошуп жесе абдан даамдуу болот.

    Нокот - эт жебегендер үчүн белоктун баалуу булагы. Ошондой эле токсиндерди жана нитраттарды топтобойт, ошондуктан ал 
    экологиялык таза продукт деп эсептелет.
  24. Нокот кошулган палоо.

    Кандай азыктар керектелет:

    2 баш пияз;

    бир нече аш кашык өсүмдүк майы;

    800 г козунун эти;

    5-6 сабиз;

    1 баш сарымсак;

    1 кызыл ачуу калемпир

    200 г бышырылган нокот;

    татымына жараша туз;

    600 г кызыл күрүч;

    1 чай кашык зире

    Палоону жасоону бардык айымдар эле жакшы билишет.

    Нокотту озунчо сууга 6-8 саат уютуп, жай отто озунчо бышырып алуу керек.

    Куручту казанга салып бшыйын дегенде нокотту салып аралаштырып демдейбиз.

    Нокот кошулган палоо тоюмдуу, кара куч жумшап эмгектенгендерге абдан пайдалуу. Ошондуктан тушку тамакка даярдап берсенер болот.


    1. Нокот кошулган палоо эркектердин суйгон тамагы.


  25. Керектелуучу азыктар:

    ½ кичинекей кызыл пияз;

    1 кызыл болгар калемпири;

    1 жашыл болгар калемпири

    ;1 сары болгар калемпири;

    1 бадыран;

    100 г фета сыр;

    1 тутам петрушка;

    300 г кайнатылган же консерваланган нокот;

    3 аш кашык зайтун майы

    3 аш кашык кызыл шарап уксусу

    2 тиш сарымсак;

    1/2 чай кашык кургатылган орегано

    Жарым чай кашык майдаланган кара мурч;

    татымына жараша туз.

    Пиязды кичинекей кубиктерге бөлүп, муздак суу куюп жаап коюу керек,  ачууну кетирет. Калган жашылчаларды да майда кубик кылып кесебиз, петрушканы туурайбыз. Нокотту калемпир, бадыраң, чөптөр жана майдаланган фета менен аралаштыруу керек. Кийин май, уксус, майдаланган сарымсак жана жыпар жыттуу заттар менен аралаштыруу керек Пиязды, соусту негизги ингредиенттерге кошуп, салатты жакшылап аралаштыруу керек. Салат даяр.



    1. Кыз келиндер салат жасаганда нокот кошуп жасаса адатта жашылчаларды суук деп болобуз го, тоюмдуу салат болуп калат.

  26. Тренинг аябай кызыктуу өттү уюштуруучулар га чоон рахмат
  27. Мен жашылчалардын кочотун остурдум.

    Помидорду стаканчиктерге эгип веренданын айнегинде остургонум тез жетилди.

    стаканчикте остурулгон кочотту эгердин алдында жакшы сугарып туруп комкоргондо озу эле ажырап, тамыры жабыркабайт экен.


  28. Парникте да помидордун Волгоградский сортун эгип, базарга сатып 8700 сомдук киреше таптым. Уйдо отурган аялдарга бере турган кенешим эрте жазда февралдын аягында  сээп койсонор апрелге даяр болуп калат. Озунордун бакчанарга эгесинер, базарга сатсанар бала бакыранын азык оокатына керектуунорго кенен пайдаланасынар


  29. Оз огородума картошка, помидор ж.б керектуу жашылчаларды эктим.

  30. КАЙСЫ ЖАШЫЛЧА - ЖЕМИШ , КАЙСЫ ООРУГА ДАБА,  АНЫ ТУУРА КОЛДОНУУ ДЕН СООЛУКТУН БЕКЕМ БОЛУШУНА ӨБӨЛГӨ БОЛОТ.

    Ашыкча дары иче берүү ден соолукка зыян. Ал бир жериңе даба болсо, экинчи жериңди оорутушу толук мүмкүн. Андыктан, эң пайдалуу жолу - дары ордуна жашылчалар, мөмө-жемиштер менен азыктануу. Медицина кызматкерлеринин айтымына караганда, алардын ар биринин бири-бирине окшошпогон, организм үчүн өзгөчө касиеттери бар. Ар бир жашылча, мөмө-жемиш кайсы бир оорунун алдын-алат жана ага каршы күрөшөт. Ал үчүн алар менен күн сайын азыктанып туруу жетиштүү. Эмесе, төмөнкү макаланын жардамы менен кайсы азык кайсы ооруну айыктырарын билип алыңыз.

  31. Капуста:  Атеросклероз Семирүү,  Тамакка табиттин төмөндөш,  Зарна,  Кант диабети,  Бөйрөк Ашказан жана он эки эли ичегидеги жараГА ПАЙДА БЕРЕТ

    Баклажан:  Канда холестериндин көп болушу Жүрөк-кан тамыр оорулары Ич катуу Боор Бөйрөк Атеросклероз Пияз Тамакка табиттин төмөндөшү Тамак сиңирүү функциясынын бузулушу Бөйрөккө таш пайда болуу Ангина Сасык тумоо Инфаркт

    Ашкабак: Боор Бөйрөк Гастрит Жүрөк-кан тамыр Зат алмашуунун бузулушу Цистит Кош бойлуу кезде кусуу Ашказан жана он эки эли ичегидеги жара ТYрп Табиттин жоголушу Бөйрөк оорулары жана анда таштын пайда болушу Холестериндин көп болушу Ревматизм Муун оорулары Радикулит Бронхит Көк жөтөл

    1. "Адам эмне жесе, ошого жараша ден соолугу калыптанат экен. туура тамактануну колго алуу керек экен

  32. Кызылча:  Аз кандуулук Ириңдүү жана залалдуу жара оорулары Тамак сиңирүү функциясынын бузулушу Ич катуу Боор Өт Ашказан, өпкө, түз ичеги рагы Картошка Кан басым оорулары Зат алмашуунун бузулушу Организмге ашыкча туздун чогулушу Ашказандын кычкылдуулугунун жогорулашы Сабиз Көрүүнүн начардыгы Көз оорусу Бүйлөнүн сезгениши Боор Бөйрөк Ашказан Муун оорулары Аз кандуулук

    Таттуу кызыл калемпир:  Иммунитеттин төмөндөшү Депрессия Кант диабети Уйкусуздук Тери оорулары Аз кандуулук Чачтын түшүүсү Бадыран Кан басым оорусу Йоддун жетишсиздиги Моюндагы бездин оорусу Тери, чач, тиштин сапатынын начарлашы Ашказандын кычкылдуулугунун жогору болушу Жүрөк Бөйрөк Муун оорулары

    Помидор:  Депрессия Эрте картаюу Простатит Жатын рагы Суук тийүү Алмурут Температуранын жогорулашы Жөтөл Кант диабети Заара чыгуучу каналдарга суук тийүү Бөйрөккө таш пайда болуу Кургак учук Кулпунай Организмге витаминдердин жетишсиздиги (авитаминоз) Зат алмашуунун бузулушу Кант диабети Семирүү Богок Итий Кан тамырлардын ичкерип кетиши Кара карагат Ар кандай инфекциялык оорулар Суук тийүү Гастрит Ашказан жарасы Ич катуу Кусуу Тери оорулары

  33. ОрYк : Рак Кан басым оорулары Көрүүнүн начарлашы Эрте картаюнун алдын алат.

    Анар:  Жөтөл Суук тийүү Аз кандуулук Ашказан алдындагы без оорусу Кара oрYк Атеросклероз Аз кандуулук Ревматизм Бөйрөк Жүрөк-кан тамыр оорулары

    Дарбыз:  Бөйрөк оорулары жана анда таш пайда болуу Жүрөк-кан тамыр оорулары Унутчаактык Артрит Боор Өт Кан басым оорулары Өнөкөт кан айлануунун начарлашына жакшы

    Коон Аз кандуулук Боор Бөйрөк Ревматизм Ич катуу Атеросклероз Геморрой Кан оорулары Алма:  Ич катуу Жоон ичегинин рагы Авитаминоз Аз кандуулук Семирүү Зат алмашуунун бузулушу Тамак сиңирүү функциясынын начарлашы

  34. Лимон:  Ашказан-ичеги оорулары Атеросклероз Бөйрөктөгү таш Зат алмашуунун бузулушу Геморрой Ангина Суук тийүү

    ЖYзYм:  Бөйрөк Өпкө Боор Нерв системасынын бузулушу Аз кандуулук

    Банан:  Кан басымдын жогорулашы Гастрит Жүрөк оорусунан улам шишүү Кант диабети Шакый Семирүү

    Курма:  Ашказан Боор Жыныстык бездер Моюн бези оорусу Жүрөк-кан тамыр оорулары Көрүүнүн начарлашы Кан тамырлардын кеңейип кетиши Бүйлөнүн канашы Рак оорулары Иш жөндөмдүүлүгүнүн начарлашы

    Шабдалы:  Ич катуу Зарна Ашказан Бөйрөк Боор Өт Жүрөк-кан тамыр оорулары Ревматизм Апельсин Суук тийүү Авитаминоз Жогорку кан басым Мээнин иштөө функциясынын начарлашы Семирүү Иммунитеттин түшүшү.

  35. ВИТАМИН ЖЕТИШСИЗДИГИ ДЕГЕН ЭМНЕ?

    Жаздын келиши менен көпчүлүк адамдар өздөрүн жаман сезе башташат, башкача айтканда, такай чарчап, уйкусу келип, ооруксунуп калышат. Мунун себеби болуп авитаминоз эсептелинет.

    Авитаминоз - бул организмге витаминдердин жетишпестигинен келип чыккан кеңири тараган оору. Авитаминоз бизге жаратылыштын бул сулуу жыл мезгили менен толук кандуу ырахаттанууга мүмкүнчүлүк бербейт. Авитаминоздун негизги белгилери: Күн бою уйкусурап жүрөсүз, ошол эле учурда түндө уйкуңуз качат; эртең менен өтө кыйналып турасыз; такай чарчап, алсырап, жашоонун бардык кызыкчылыктарына кош көңүл болуп каласыз; болбогон нерселер үчүн эле кыжырдана бересиз; депрессия; тез-тез суук тийүү; териңиз ашыкча эле кургап, бопбоз болуп калат; тырмагыңыздын абалы бузулат; чачыңыз кургап, түшө баштайт, башыңызда какач көбөйүп кетет; эриниңиз кесилип, бир дагы помада, мазь жардам бербей калат; тишиңизди чукуганда бүйлөлөрүңүз канайт; өнөкөт ооруларыңыз болсо күчөйт.

    Оорунун себептери: Толук кандуу эмес жана туура эмес тамактануу; рациондо жашылча-жемиштердин жок болушу; стресс; оор акыл-эс жумушунан улам мээнин чыңалышы; узак убакытка диета кармоо; кышында күн нурунун жетишсиз болушу; физикалык жактан чарчоо; тамеки чегүү; спирт ичимдиктерин колдонуу.

  36. Авитаминоз менен кантип күрөшүүгө болот?

    Авитминоздун алдын алуу үчүн негизинен туура тамактануу керек, башкача айтканда, белок, май, углеводдорду организмдин талабына ылайык кабыл алуу зарыл. Кышында рациондогу негизги орунду жашылчаларга жана жемиштерге берип, ошону менен катар эт, тооктун эти, балыкты да унутпоо керек.

    Авитаминоз менен күрөшүүнүн элдик ыкмалары:

    300 мл кайнатылган сууга эки чоң кашык балды эритип, ага 1 кг сабиздин жана 1 даана лимондун ширесин аралаштырып, бир күндө 3-4 жолу ичүү керек.

    Күн сайын 1 стакандан апельсиндин табигый ширесин ичүү - авитаминозду дарылоонун эң жакшы элдик ыкмасы.

    Витамин коктейли: жарым чыны кайнатылган сууга 2 лимондун жана 1 апельсиндин ширесин сыгыңыз. Ага эки чоң кашык балды аралаштырып, майдаланган бадамдан мол себелеңиз.

    Кайың жалбырагынын маңызы же кайнатылганы авитаминозго жакшы жардам берет: 1 чай кашык майдаланган жалбыракты 2 стакан кайнак сууга 6 саат демдеп коюу керек. Андан соң тундуруп алып, татымына жараша бал кошосуз. Жылуу маңызды жарым стакандан күнүнө 4 жолудан тамакка чейин ичесиз.

    Календула гүлүнүн маңызы да авитаминозду дарылоочу жакшы каражат. 1 чоң кашык кургатылган гүлдү 1 стакан кайнак сууга 1-2 саат демдеп коюу керек. Андан соң күнүнө 3-5 жолу тамактанууга жарым саат калганда 1-2 чоң кашыктан ичүү сунуш кылынат. 

  37. Витаминдер көпкө сакталуу үчүн:

    Мөмөлөрдүн катуусун тандаңыз. Бышып өтүп кеткен жана жумшарып калган жашылча менен жемиштерде витамин аз болот. Жашылча-жемиштерди бир алганда көп кылып алып койбой, аз-аздан күн сайын алып туруңуз. Үзүлгөн жемиште саат сайын витаминдер азая берет. Жашылча-жемиштерди сууга салып койбоңуз, сууда алар витаминдерин жоготот. Бууга бышкан же духовкада даярдалган жашылчаларда витаминдер жана минералдык заттар жакшы сакталат.

    Фольгага оролгон эт, балык, жашылча жагымдуу жытка ээ болуудан тышкары пайдалуу заттарын жоготпойт. Жашылча кошулган тамактар муздак жерде жакшы сакталат деп эсептегендер жаңылышат. Төмөнкү температурада жашылча кошулган тамактар С витаминин тез жоготот. Мисалы, демделип бышкан капуста бир суткадан кийин бул витаминин 90 пайыз жоготсо, сууга бышкан картошка 4 сааттан соң 40 пайыз С витаминин жоготот. Аарчылган картошка карарып кетпеш үчүн аны көпчүлүк учурда сууга салып коёбуз. Бул туура эмес, анткени, сууда көп турган картошка С витамининен куру калат. Жазгы авитаминоз убагында организм А, С, Д, Е жана В тобунун витаминдерине муктаж болот. А витамини - териге байланыштуу маселелерге жооп берет, С - тез-тез суук тийүүдөн сактайт, Д - кальцийдин организмге оңой сиңирилишин камсыздайт (сөөктөрдүн, чачтын жана тырмактын абалын жакшыртат), Е - энергия берет, В тобунун витаминдери - чарчоону жок кылат, ткандарды кислородго каныктырат, клеткалардагы белок алмашууну жакшыртат, нерв системасын бекемдейт.

  38.  ТАБЛЕТКА ТҮРҮНДӨГҮ ВИТАМИНДЕР менен жашылча-жемиштеги витаминдердин баалуулугу жана пайдалуулугу жагынан эч кандай айырмасы жок. Кайсы азык кандай витаминге бай?

    А витамини: - балыкта - каймак майда - сүттө - жумуртканын сарысында - уйдун боорунда, бөйрөгүндө - икрада. А витамининин булагы болгон каротин: - сабизде - помидордо - кызыл калемпирде - өрүктө.

    В1 витамини: - күрүчтө - кара нанда - уйдун боорунда - жумуртканын сарысында - жаңгакта.

    В2 витамини: - айрандын сары суусунда - этте - балыкта - боордо - бөйрөктө - жумуртканын агында - ачыткыда.

    С витамининин негизги булагы: - жашылча-жемиштер - ит мурун - цитрус жемиштери - кара карагат - таттуу калемпир - киви.

    Д витамини күн нурунан сырткары: - сүттө - каймак майда - жумурткада - боордо - балыкта болот.

    Е витамини: - көк чөптөрдө - өсүмдүк майында - этте - жумурткада – сүттө камтылган.



  39. БААРЫБЫЗ ЖАКШЫ КОРУП ЧАККАН СЕМИЧКЕ ПАЙДАЛУУБУ ЖЕ ЗЫЯНДУУБУ? Семичкеден баш тарткан адамды жолуктуруу мүмкүн эмес болсо керек. Бул азыктын ашказан ооруларын пайда кылаарын билсек да семичке чакканыбызды токтотпойбуз. Ошентсе да ашказан ооруларынын пайда болушунда семичкенин эч кандай күнөөсү жок. Ал өзүбүздөн гана көз каранды. Тазаланган семичкени гана сатып алып, чени менен чаксак, семичкенин пайдасын гана көрө алабыз. Пайдасы Витамин кампасы Күн караманын даны - чыныгы витамин кампасы. Болгону жарым стакан семичкеде адамга бир суткада керектелүүчү Е витамини бар. Бул витамин жүрөк ооруларынын, рактын, көрүүнүн начарлашынын алдын алат. Мындан тышкары бул витамин эркектердин сексуалдык кубатын көтөрөт. Семичке - Д витамининин да булагы. Көп өлчөмдө болбосо да А, В тобунун витаминдери бар. Туура, семичкенин курамындагы витаминдерди башка жемиштерден деле алсак болот. Бирок, семичке мөмө-жемиштерден айырмаланып, кышында да өзүнүн пайдалуулугун жоготпойт. Ансыз жүрөк сокпогон магнийге бай Семичке өзүнүн кабыгынын астына көптөгөн баалуу микроэлементтерди жашырып турат. Мисалы, йогурт менен сметанада канча кальций болсо, семичкеде деле дал ошончо кальций бар. Ошондой эле цинк, фтор, йод, темир... Ал эми окумуштуулар семичкедеги магнийдин санын эсептеп чыгышып, бул азыкты инфаркттын, атеросклероздун жана башка жүрөк ооруларынын алдын алуучу азыктардын катарына кошушкан. Анткени, 100 грамм семичкеде 311 мг магний бар. Бул кара нандагы магнийге караганда 6 эсе көп дегенди түшүндүрөт. Күнүнө 100 граммдан семичке чагып турган адам ар кандай жүрөк ооруларынан алыс болот. Үй психотерапевти Бул - стресске каршы азык. Семичке чагып отурган адам өзүн бош таштап, бир канча убакытка чейин өзүнүн иштери жана маселелери тууралуу унутат. Окумуштуулардын айтуусуна караганда, семичке чагуу процессинде адамдын психикасы тынчтанып, ал жаман ойлордон алаксыйт жана кандайдыр бир деңгээлде ырахат алат. Зыяндуу адаттардан - тамеки чегүүдөн арылууга жардам берет. Андыктан, семичкени валерьянканын жана психотерапевттин ордун алмаштыра алат деп айтууга болот. Мындан тышкары... o Семичке организмдин кычкылдуулугун бир деңгээлде кармап турат. Сасык күрткүдөн арылуу үчүн бир аз семичке чагып коюу жетиштүү болот. o Жалтырак жана кубаттуу чачка ээ болуу үчүн организмге цинктин белгилүү өлчөмү талап кылынат. Күн караманын жана ашкабактын семичкеси бул микроэлементке бай. o Семичке чагуу - машина айдап баратып уктап кетпөөнүн эң жакшы ыкмасы. o Спорт менен машыккан, оор жумуш менен эмгектенген адамдар үчүн да семичке пайдалуу, анткени, ал булчуң системаларын бекемдейт. o Оор жаракаттан же сыныктан кийин куурулбаган семичке ткандардын калыбына келишин жана айыгышын жөнгө салат.

  40. Семичкенин зыяны

    Семичкени көп чагуу - тиштин эмалынын бузулушуна алып келет. Күн карама тамыры аркылуу топурактан өзүнө свинец жана кадмий аттуу микроэлементтерди сиңирет. Булар менен күн караманын семичкеси да каныгат. Семичке чагуу процессинде бул микроэлементтер биздин организмге түшөт. Ал эми организмдеги ашыкча кадмий бөйрөк ооруларын, гипертонияны жана акыл-эстин өнүкпөй калуу ооруларын чакырат. Буттун ревматизм оорусун айрымдар каптагы куурулган ысык семичкеге бутун салып отуруу менен дарылашат. Балким, сиз колдон сатып алган семичке да кимдир-бирөөнүн бут оорусуна даба болгондур... Энергиялык кубаттуулугу жогору болгондуктан, ашыкча салмактан жапа чегип жүргөндөргө андан бетер маселе кошот. Семичкени туура кууруу боюнча кеңештер Семичкени кууруунун алдында чаңын кетирип алуу үчүн крандан чыккан муздак суунун агымына тосуп, кургатпай туруп эле кызып турган чоюн идишке салуу керек. Кууруп жатканда жыгач аралаштыргыч менен тынымсыз аралаштырып туруу керек. Качан гана семичкелер тырсылдай баштаганда идишти оттон чыгарып, бирок, аралаштырууну токтотпоо зарыл. Бир аз убакыттан кийин кайра отко коюу керек. Ушул процедураны 3-4 жолу кайталасаңыз, семичкени туура кууруган болосуз. Кууруп бүткөн соң семичкелерди тегиз кылып тактайдын бетине жайып, үстүн буладан тигилген кездеме менен жаап 10 мүнөт коюп коюңуз.

  41. ТУЗ ЭМНЕ ҮЧҮН КЕРЕК?

    Туз тамактын даамын гана чыгарбастан, адамдын организминин жашап турушу үчүн керек. Так айтканда, кандын курамындагы гемоглобиндин жашашы үчүн зарыл. Ошондой эле туз ашказанда туз кислотасын жаратат. Бул кислотасыз тамак-аш эрибейт. Ал гана эмес, тамак-аштын сиңүүсү үчүн кажет болгон шилекейдин активдүү бөлүнүшүн да шарттайт. Кан басымдын калыпта болушу үчүн да туздун таасири бар. Туздун курамындагы натрий кан тамырларды анда топтолуп калган майлардан тазалоо үчүн да керек.

    ДЕНЕБИЗДЕ КАНЧА ТУЗ БАР?

     Биздин денебизде туздун өлчөмү орточо эсеп менен 150-300 граммдын тегерегинде. Мунун канча бир бөлүгү денеден күнүгө сыртка бөлүнүп чыгып турат. Мисалы, тер, көз жаш, заара аркылуу. Адам ысытмалаганда же кара жумуш кылганда туз денеден тер, ал эми ич өткөндө суюктук аркылуу көбүрөөк бөлүнүп чыгып кетет. Мындай учурда организмдеги туздун өлчөмүн калыбына келтирүү керек. Мисалы, ич өткөндө атайын туздуу порошокту (регидрон) ичүү кажет.

  42. ТУЗ ЖЕТИШСИЗ БОЛСО... Денеде туз жетишсиз болгон учурда жаңы клеткалар бөлүнүп чыкпай калат. Клеткалардын өсүүсү да чектелет. Бул акырында клеткалардын өлүүсүнө алып келүүсү мүмкүн. Туздун жетишсиздигинен булчуң менен мээ жабыркайт. Тактап айтканда, нерв жана психикалык оорулар жаралып, булчуңдар жакшы иштебей калат. Тамак-аштын сиңиши абдан кыйындап, анорексия келип чыгат. Өнөкөткө айланган туздун жетишсиздиги адамды өлүмгө учуратат.

    АШЫКЧА БОЛСО КАНДАЙ ООРУЛАР ЖАРАЛАТ? Туз организмдеги суу балансынын бир калыпта кармалып турушу үчүн керек. Бирок ашыкча туз зыяндуу. Не дегенде, ашыкча туз сууну сыртка чыгарбай, клеткаларда жана кан тамырларда кармап калат. Ошол себептен адам шишип, салмагы чоңоёт, кан басым көтөрүлөт. Ашказан рагынын жаралышынын да бир себеби – туздун ашыкчалыгы. Жүрөк-кан тамыр, остеопороз, бөйрөк жана көздүн айрым ооруларынын жаралышына да туздун ашыкчалыгы күнөөлүү. Туздун топтолуп калышынан улам да муундардын оорулары (анын ичинде кызыл жүгүрүк) жаралып, керектүү гормондордун бөлүнүп чыгуусу бузулат. Жогоруда аталган оорулары барлар дартынан айыгуу үчүн тузду аз колдонуулары кажет. Оорусу жоктор дарт жаралбашы үчүн тузду жана туздалган азыктарды да (колбаса, туздалган балык, бадыраң, помидор ж.б.) чени менен кабыл алгандары оң.

  43. АШЫКЧА ТУЗДАРДАН КУТУЛУУНУН ЖОЛУ

    Окумуштуулардын изилдөөсүнө таянсак, бир күндүк тамак-аштагы туздун өлчөмү 10-12 граммдан (жалпысынан 1 чай кашык) ашпоосу кажет. Ашыкча туздардан кутулуунун жолу бар. Ал үчүн курамында калий көп болгон азыктарды: помидор, өрүк как, духовкага бышырылган картошканы жеш керек. Сельдерейдин тамыры да ашыкча тузду чыгарат. Ал үчүн тамырын эт майдалагычтан өткөрүп, ага бир кочуш жаңгак жана 2 аш кашык бал кошуңуз. Даамдуу аралашманы тамактан 1 саат мурун 1 аш кашыктан жеш керек. Дарылануу курсу 1 ай.

    ТУЗДУН ӨЛЧӨМҮН АЗАЙТУУ ҮЧҮН...

    Фаст-фуд, картошка калдыркандары (чипсы), туздалган жаңгак жана крекерлерди мүмкүн болушунча жебей эле койгон оң. Анткени буларда туздун өлчөмү көп.

    Майонездердин курамында туз көп. Андыктан салаттарга лимон ширесин эле колдонуңуз. Туздалган бадыраң жана помидорлорду эңсеген учурда гана аз өлчөмдө жеген туура. 1 килограмм жашылча-жемиште адамга бир күнгө керектүү туздун өлчөмү бар. Алар: кызылча, сабиз, шалгам, таттуу картошка (батат же топинамбур), бадыраң, алма, жүзүм. Эгер булардын кайсы бирин болсо да тамак-ашка көбүрөөк колдонсоңуз, анда тамакка тузду аз салыңыз.

  44. ТУЗДУН ТҮРЛӨРҮ

    Туздар таш (ашкана тузу) жана деңиз туздары болуп бөлүнөт. Таш туздар соолуп калган деңиздердин ордунан казылып алынат. Өндүрүлгөн туз эленип, жуулат жана талкаланат. Анан туз катып кетпеши үчүн магний же кальций карбонаты кошулушу мүмкүн. Сатыкта йоддолгон туздар да бар. Бул туз богок оорусунун алдын алуу үчүн абдан керектүү. Курамындагы йод учуп кетпеши үчүн оозу бекем жабыла турган идиште сактоо керек.

    Тиш бекем болуп, түшпөөсү үчүн Шамшыкал же Кара-Кочкордун тузу менен тамак жегенден соң чайкап коюу керек

    Гайморитте жана мурун бүтүүдө сууга эритип алып, мурунду чайкоо кажет.

    Деңиз тузу көбүнчө дарылыкка колдонулат. Анткени курамында таш тузга караганда минералдык заттар жана микроэлементтер көп. Суук тийгенде ваннадагы сууга кошуп жатса, айыгууга салым кошот. Өнөкөт гайморитте да деңиз тузун сууга эритип, мурунду чайкоо сунушталат.

  45. Туз организмдеги суюктуктардын жүгүртүлүшүн жөнгө салат, канды жана лимфаны суюлтууга, ошондой эле көмүр кычкыл газын кетирүүгө жооп берет.

    Туз кан басымын жөнгө салууда чоң мааниге ээ, анын көтөрүлүшү көбүнчө тузга байланыштуу.

Kyrgyzstan KYR