Welcome to the

Kyrgyzstan
Space shortcuts
Kyrgyzstan KYR
Skip to end of metadata
Go to start of metadata
  • No labels

51 Comments

  1. Cаламатсыздарбы, платформада маалымат алмашкандар!

    "Аймактарды комплекстуу өнүктүрүү" Программасынын боюнча "Жүгөрүнү интенсивдүү өстүрүү менен Ала-Бука районундагы фермерлердин кирешесин жогорулатуу" долбоорунун алкагында  фермерлердин жасалма жер семирткичтерге көз карандылыгын азайтуу максатында глауканитке био жер семирткичтерди кошуу менен  жергиликтүү жер семирткич  чыгарууну пробный партиясын чыгарып кузундо айдоо алдында жана тажрыйба участокторунда колдонууну пландап жатабыз.

    Келечекте натыйжасы жана жыйынтыктары менен Сиздерди тааныштырып турууга убада берем.

    1. Ишинизге ийгилик 

    2. Ишинизге ийгилик

  2. Менин максатым жаратылышты, айлана чөйрөнү, адамдардын жашоосуна терс таасир берген нерселерди азайтуу. Өзүңүздөргө белгилүү желим бөтөлкөнүн көптүгүнөн бүт жактарда чачылып жатат, сугаруучу арыктардын ичи, базарда, калдыктар төгүлгөн жерлерде.Булардан арылуунун жолун издеп  "Агентство перемен" деген уюмга долбоор жазып желим бөтөлкөлөрдү чогултуп, аны кайра иштетүү менен калдыктардан пласстик трубаларды чыгарып жатамын.

    1. Саламатсыздарбы,

      Алым аке ишинизге ийгиликтер коштосун ар дайым эл арасында алдынкы иштерди жасап ийгиликтерди жарата бериниздер

    2. Ишинизге ийгилик

  3. Cаламататсыздарбы, маан платформасында маалымат алмашкандар!

    Мен Ала-Бука районунда дыйкандардын иштерин жеңилдетүү үчүн жергиликтүу жер семирткичтерди жасоо менен жеткиликтүүлүгүнө салым кошуу максатында глауканит менен кыкты аралаштырып жер семирткич жасоону баштадым.

    Глауканиттин курамындагы макро -микро элементтер Cu, Zn,Co,Ni,Mn  айыл чарба эгиндерине жер семирткич жакшы таасирин берет,  уулу заттардан  мышьяк, сымап жок ,  Ала-Бука району менен Чаткал районунун кесилишкен Кызыл Токой айылынын  тоо кыркаларынан алдым. Кык жеткиликтүү. Экөөнү аралаштыруу жолу менен байытуу иштерин колго алып, алгач тажрыйба талааларында колдонуу менен натыйжалуулугун дыйкандар оз коздору менен коруп ынанышы керек.

  4. Ала-Бука районунда пластикалык ботолколорду, пластикалык пакеттерди, ошондой эле башка калдыктардын санын азайтууга аракет кылып иштетип жатабыз. Бул учун эл коп жургон жерлерге атайын урналар коюлуп чогултулуп анан иштетуу жургузулуп жатат. Бул желим ботолколор, пакеттер арыктарды, колмолорду, айлана чойрону булгап жатат. Аткарылып жаткан иштерди бул видеодон коро аласыздар. Шилтеме: 

    youtu.be/7R_L908hDno  

    1. Жакшы оболго,зор салым кошуп жатыпсынар, себеби Кыргызстанда бардык жерлерде пластик, мусор,ар кандай чирип жок болбогон таштандылар, памперс,ж.б басып баратат

  5. Саламатсыздарбы платморманын мучолору!

    Ала-Бука районунда долбоордун алкагында соолжан багып, биогумус ондуруу боюнча иштер журуп жатат.

    Узуну 18 метр туурасы 1,5 м келген траншея казып ичине азык субстратын салып, долбоор тарабынан колдоо катары берилген колифорния соолжанын салып кобойтуп жатабыз.

    Томонку суроттор биз аткарган иштерден кабар берет.


    Арадан 1,5 ай ичинде салынган тоют карайып соолжандар иштетип койгондугу корунуп турат.

    Буйруса органикалык таза азык ондурууго оз салымыбызды кошобуз.




    1. Ишинерге ийгилик

  6. 30-май 2020-жылы Ала-Бука районундагы айылдык кызмат корсотуучу Алымов Адылдын аткарып жаткан иштерине корууго улуттук координатор жана тренер мен барып жеринде тааныштык.

    АКК органикалык калдыктарды иштетуу боюнча коптогон иштерди жургузуп жаткандыгына кубо болдук. ЧД аткарууга калифорния соолжан алып аны кобойтуунун устундо туурасы 1,5 узуну 18 м келген траншеяга азык аралашмаларын салып соолжандарды багып жатат. 

    Аткарган иштерди коргондон кийин бир нече сунуштар берилди.

    Келечекте соолжанды дагы бир жерде багууга шарт, органикалык калдыктар бар экендигин корсотту, соолжандар кобойгондон кийин кызыккан фермерлерге жана демофермерлерге берууну пландаштырууда.

    Мындан башка да пластикалык ботолколорду утилизация жасоо боюнча аткарып жаткан иштери менен силерди кошумча тааныштырам. АКК Адылдын иштерине ийгиликтерди каалайбыз.


    1. Соол жан багуу киреше + Тушумго абдан жакшы таасир берет,жана 4 в одном болот ))

  7. Чакан долбоордун аткарылышы боюнча бул видеодон тааныша аласыздар.

    1. ишинизге ийгилик

  8. Саламатсыздарбы платформанын мучолору,

    октябрь айында соолжан багам деп кызыккан фермерге багып жаткан соолжандан, тоюту менен бирге акысыз эле бердим. Биздин Ала Бука районунда соолжан багам дегендерди колдоп кобойтуушубуз керек болуп жатат.

  9. Ноябрь айынын 17-18 де биздин региондо катуу суук болуп ушук жургондугуно байланыштуу соолжан багуу боюнча быйылкы сезонду жабууга туура келди.

    Жабууга туура келди дегеним аба ырайынын температурасы -3С та соолжандар  ушуп калбашы учун траншеянын устуно азык аралашмасын кобуроок салып, устун осумдук калдыктары менен жаап койдум.Соолжандарды ушинтип кыштатат.

  10. Алымов Адыл байкенин соолжан багуу боюнча жаны сезонго карата алгачкы иштеринен кыскача видео. 

    Alymov A prepearing for new season.mp4


    1. Адылбек аке, соолжандар кыштан кандай чыгышты, сиз ачкандан кийин кар жаап койду эле, эмне болду

  11. жалал абадшаарында 18 жана 19 март кундору Био сервис коомдук фонду тарабынан семинар окуу откорулду. Семинар отоо пайдалуу болуп тренингтен коп материал алдык.
  12. Саламатсынарбы, Ала-Бука района караштуу Кызыл-Токой айылынын устунку жагында галуканиттин кору бар. Фермерлердин жер семирткичтерге жеткиликтуулугун женилдетуу максатында  26-март 2021-жылы глауканитти  бульдозер менен жуктоп алып келе баштадык. Майдалап башка органикалык жер семирткичтерди кошуп байытуу менен жер семирткич жасоого аракет кылып баштадык. Ишибизге ийгилик каалап койсонор болот. 

    Бул видеодо Кызыл-Токойдо глауканитти жуктоо учуру


    1. Ишиңизге ийгиликтерди каалайбыз! Буйруса өзүбүздөн ушундай органикалык жер семирткич чыгып турса келечекке үмүт чоң.


  13. Ала-Бука районунун Достук айылынын этек жагында бош турган имаараттын ичинде глауканитти алып келип майдалоо иштерин жургузо баштадык. Био Сервис тарабынан  майдалагыч аппарат менен камсыздалды.

    1. Глауканит тууралуу маалыматтар болсо бөлүшүп туруңуз. Көпчүлүгүбүзгө бул жаңылык. Мен да глауканит тууралуу ТоТ 2 семинар учурунда сиздин презентациядан билдим. 


    2. Глауканиттен жергиликтуу жер семирткич даярдап чыгуу идеясы абдан зор. Ар бир процессти маанга жазып турунуз.


  14. "Био Сервис" уюмунун колдоосунда глауканиттен жер семирткичтерди даярдап чыгарууга карата томонку каражаттарды алууга комоктошкон.

  15. Глауканитти атайын лабораториялык изилдоодон откорулуп курамы аныкталды

  16. Глауконитти пайдалануу натыйжалары

    • Картошканын, кызылчанын тушумдуулугун 30 пайызга,
    • дан өсүмдүктөрүнүн 20-25 пайызга,
    • мөмө жемиштердин жана чанактуу өсүмдүтөрдүн 15-50 пайызга жогорулайт.
    • Суугат сууну 15 пайызга чейин үнөмдөйт.
    • Топурактын асылдуулугун бат калыбына келтирет .
    • Айыл-чарба продукциясы бат бышып жетилет жана анын сакталышы жакшырат

    • Өндүрүлгөн продукция экологиялык жактан таза болот;

    • Малды кошумча азыктандыруу тирүү салмактын 15-25 пайызга чейин кобойушуно шарт түзөт;

    • Жашыл экономиканын өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт;

    1. Глауконит Россияда тоют багытында кенири белгилуу, малды бордоп багууда иштетилет

  17. Коллегалар глауконит баамымда тоо боорундагы топурак экен,муну мурда колдонулуп жургон беле айыл чарбасында?

    1. Сонунгул саламатсынарбы, ооба, глауконит жаратылышта кездешуучу топурак сыяктуу порода, Озбекистанда глауконит курулушта табигый боектуу дубалдарды сырдоочу материал катары колдонушат. Айыл чарбасында  коп колдонулган эмес, окумуштуулар кызыгып, мал чарбачылыгында колдонуп изилдоо жургузуп келишкен.

  18. ооба тушундум интернеттен окудум,абдан жакшы.Бул дары чопторду остуруудо ото керек.Демек байланышалы

  19. Бул топуракты кайдан алдынар

    1. Тоо боорунда, донсолордо кездешкен жерден казылып алынат. 

    2. жогоруда, Адылбек байке Ала-Бука, Чаткал районуна караштуу жерлерден алып аткандыгы тууралуу болушкон видеодон корууго болот.

  20. Cиздер менен болушойун дегеним, глауканит минералдарынын пайдасы жонундо болмокчу. Мен бул презентацияны Ала-Бука районундагы № 21 кесиптик-техникалык лицейде жана № 1 тренерлер командасындагы АККларга жасадым. Ким бул боюнча кызыгуусу болсо презентацияны коруп керектуу маалыматтарды алууга мумкунчулук тузуп жатамын.

  21. Глаукканитти тажрыйба участоктордо айыл чарба эгиндерине колдонулган тажрыйбанарды болушуп тургула.

  22. Адылбек аке, маалыматтуу презентация болуптур, глауконит Кыргызстан учун жанылык, изилдоого муктаж тармак, ийгилик ишинизге

  23. Ала-Бука районундагы Ак-Коргон айыл окмотунун тургундарына 6-май 2021-жылы коопсуз азыкты камсыздоодо "Био гумус" ондуруу боюнча айыл тургундарына аялдарга окуулар откорулду. 120 аял окууга катышып маалымат алышты.

    Бул видеодо окутуу боюнча тааныша аласыздар:

    обучение по биогумус.mp4

    1. Биогумус боюнча окутуу аялдар арасында жакшы отуптур. Ийгилик!

  24. Оштогу топурактын био химиялык анализ чыгаруу лабораториясына:

    глауканиттин жашыл, кызыл, трепил турлору жиберилди. Буйруса анализдин жыынтыгына карап, тажрыйба участокторунда азыктанууну жургузобуз.

  25. 6-май куну Ала-Бука районундагы Ак-Коргон айыл окмотундогу жашоочу алдар менен соолжан багып остуруп, баалуу биогумус ондуруп алууу боюнча тренинг оттум. Тренинге 100 дон ашык аялдар катышышты.

    Томонку видеодон откорулгон окуу менен учкай тааныша аласыздар:

    обучение по биогумус.mp4

    Ала-Бука районунун аймагында соолжан баккандардын саны 100 дон ашты.

  26. Аймактарды комплекстуу онуктуруу Программасынын негизинде "Ала-Бука районунда жугоруну интенсивдүү өстүрүү менен дыйкандардын кирешесин жогорулатуу" "Био Сервис" коомдук фондунун комогу менен жергиликтуу жер семирткичтерди ондурууну жолго коюу учун бир канча аракеттер коруло баштады.

    Ак-Коргон айылындагы № 21 кесипчилик техникалык лицейдин базасында тажрыйба  талаасы уюштурулуп, 4 болунуп жер семирткичтердин таасирин башка дыйкандарга жеткизуу максатында иш жургузуп жатамын.

     

    №1 талаа аянты 0,25 га, 1000 кг глауканит менен азыктандырылды.

    №2 талаага аянты 0,25 га.  1000 кг глауканит , 100 кг биогумус менен азыктандырылды.

    № 3 талаа аянты 0,25 га 600 кг глауканит менен азыктандырылды.

    № 4 талаа аянты 0,25 га контролдук талаа.


  27. Тажрыйба талааларын уюштурууда аткарылып жаткан иштерди ушул видеодон тааныша аласыздар: WhatsApp Video 2021-06-18 at 11.13.03.mp4

  28. Тушумунор мол болсун,берекесин берсин дыйканчылыкта

Kyrgyzstan KYR