Welcome to the

Kyrgyzstan
Space shortcuts
Kyrgyzstan KYR
Skip to end of metadata
Go to start of metadata
  • No labels

45 Comments

  1. Жолдошова Мавлюда – айылдык кызмат корсотуучу  Хажир-Абад айыылы  Базар-Коргон району

                   Ал жашаган айыл райондун борборунан 15 км алыстыкта жайгащып, Озбекстан менен чектешкен айылдардын катарына кирет. Уй булосу органикалык  чарба жургузот. Уй булодо  5 адам бар куйоосу,2 кызы жана уулу. Коронавирус пандемиясынын шартында бир кундо эмне иштерди аткарды видеого тарткан. Видеону коруп кундолук тиричиликте тынбаган, балдары, уй булосу учун оз чарбасынан чыккан органикалык продукциялардан азыктуу тамак аштарды жасаган, алардын ден соолугу, келечеги учун  камкордук коргон  аялдын образын коруу корууго болот


  2. МАЛИНА АЗ КАНДУУЛУКТА ЖАРДАМ БЕРЕТ

    image2020-1-27_16-15-3.png

    Витаминдер менен минералдардын «кампасы» болуп малина эсептелет. Малина оорудан сакаюуда колдонулуп, жаштыкты жана сулуулукту сактайт

    МАЛИНАНЫН ПАЙДАСЫ
    Малинанын курамы 87 пайызы суудан турат, 100 граммында 50 ккал бар.

     

    Малинанын курамындагы

    • Салицилат кычкылы аспирин сыяктуу милдет аткарат. Ооруну басаңдатып, температураны түшүрөт, тердетет.
    • Эллага кычкылы кан басымды түшүрүп, кан токтотуучу касиетке ээ. Ошондой эле жүрөктү, кан тамырларды оорулардан сактап, терини жаш көрсөтөт.
    • С витамини бар. 100 грамм малинада 100 миллиграмм. Башкача айтканда, адамдын бул витаминге бир күндүк керектөөсүнүн жарымын түзөт.
    • Флавоноиддер микробго каршы күрөшүүчү касиетти алып жүрөт. Кандын уюшунун жогорулашын камсыздайт.
    • Органикалык кычкылдар сезгенүүнүн алдын алат.
    • В1, В2, В6, Е витаминдери ден соолукка пайдалуу.
    • Микроэлементтерден калий, магний, натрий, кальций, фосфор, темир бар. Булар кан жана зат алмашууну жакшыртып, аз кандуулуктан арылууда таасири чоң. Муун, куяң, калтыратма ооруларынан бат арылууга көмөктөшөт.
    • Кандагы холестериндин өлчөмүн азайтат. Ангинада, жөтөлдө, кан басым ооруларында пайдасы чоң.
    • Жалбырагы энелик булчуңдарын бекемдеп, бойго бүтүүгө жана баланын дени сак төрөлүшүнө салым кошот. Табитти ачат.
    • Заара кубалоочу касиетке ээ болгондуктан, бөйрөктүн иштешин жакшыртат
    • Малинаны оз бакчанызда органикалык жол менен остуруп, азык катары колдонуу бугунку кундун актуалдуу талаптарынын бири.

  3. image2020-3-20_16-32-21.png

    "Муздаткычта  жер жемиштерди  тоңдуруу тохнологиялары татаал эмес, бирок бардык эрежелери так сакталышы керек. Мисалы, тоңдурганга чейин жууп, тазалап, кургатып алуу зарыл. Андан да маанилүүсү ар бир жемиш жаңы үзүлгөн, жакшы бышкан жана чириги болбошу шарт. Тоңгон жемишти эриткенден кийин кайра тондурууга болбойт.
    Пияз, сарымсак, түрп,  дарбыз сыяктуу ширеси көп жемиштерди тоңдуруунун пайдасы жок.

    Тоңдурулган азыктар —18-20 же андан да төмөн градуста сакталышы керек.

    Тоңгон жемишти туура эритүүнүн дагы өзүнүн жол-жобосу бар. Мисалы, алгач муздаткычтын тоңдурчу текчесинен алып чыгып, муздатчу текчесине коесуз. Бир канча убакыттан кийин гана бөлмө температурасына чыгарсаңыз болот. Ал эми шашылыш түрдө ысык сууга салып эритүүдө жемиш пайдалуу заттардын баарын сууга чыгарып жибериши мүмкүн.

    Бардык шарттар сакталганда:

    • жашылчаларды — 3-12 ай,
    • момо-жемиштерди — 9-12 ай,
    • аш кокторду — 3-4 ай,
    • болгар калемпирин — 3-6 ай сактаса болот.

    Тоңдуруу технологиясынын кайсы бир шарттары бузулганда аны жеген адам ууланып калышы дагы толук ыктымал.


    Кайсы жер-жемишти кантип туура тоңдурабыз?

    Өрүк, кара өрүк

    Тазалап алгандан кийин данегин чыгарып салуу керек. Андан соң контейнерге салып, муздаткычка коесуз.


    Болгар калемпири

    Ичин тазалагандан кийин бири-биринин үстүнө кийгизип тизип, баштыкка же контейнерге салыңыз.

     

    Момо-жемиштер

    Карагат, малина, бүлдүркөн, тыт  муздаткычта жакшы сакталат.  Бул жемиштерди блендерден өткөрүп туруп шекер аралаштырып сактаса да ишенимдуу турат.







    1. ишинерге ийгилик азаматсыздар

  4. Малина кочотун кобойтуунун жонокой жолу.

    Бул ыкма колдонууга ынгайлуу, жаш кочот тез осот, таякчасын кочот кылып отургузууга коп убакыт талап кылат., болунуп чыккан жаш кочотту отургузса тезиреек момого кирет. Жаш кочотту болуп отургузуу томонку суротто корсотулгон.


  5. Малина бышып, терип алып кышкыга тондуруу жолу менен сактоого даярдалып жаткан учур.

    1. Ишинизге ийгилик


  6. Платформадагыларга салам!

    Биз 2010-жылдан бери органикалык чарба жургузобуз. "Био Фермер" айыл чарба товардык сервистик коперативине мучобуз.

    Пахтаны органикалык жол менен остуруп, кайра иштетүүчү заводко чийки пахтадан пахтанын буласын чыгаартып аны чет олкого коператив аркылуу экспорттойбуз. Вегетация мезгил ичинде фермерлердин чарбасы бир нече жолу козомолдон откорулуп турат.

  7. Остурулгон пахтаны кайра иштетуучу заводко булага айландыруу менен киптелип, маркировка коюлуп экспортко жиберилет.

  8. 2012-жылдан бери айылда органикалык чарба жүргүзгөн фермерлердин чарбасында органикалык, фейр трейд стандарттарынын талаптарынын сакталышы боюнча көзөмөл жүргүзөм, кооператив менен фермерлердин ортосунда байланышты түзүп турам. 

    • фермерлерге эрте жазда пахтанын чигитин суроо талаптар боюнча таркатып берем;
    • фермерлердин сертификациялык документтерин даярдайм;
    • фермерлердин органикалык жана фейртрейд стандартынын талаптарын аткаруу боюнча чарбаларын көзөмөл жүргүзөм;
    • вегетация мезгил ичинде пахтанын зыянкечтерине каршы колдонулуучу Сузак биофабрикадан пайдалуу курт-кумурскаларды (трихограмма, габробракон, амблисейус) фермерлерден заявка чогултуп, аларды  алып дыйкандарды камсыздоого көмөк көрсөтөм,
    • органикалык, фейртрейд боюнча окутууларга фермерлерди тартам;
    • пахтанын түшүмүн терип алгандан кийин пахтаны кайра иштетүүчү заводко тапшырууну уюштурамын;
    • үрөн фондусунан алган чигиттин кайтарымын көзөмөлдөйм;
    • иш пландын негизинде жана көйгөйлөр жаралганда “Био Фермер” кооперативи менен фермерлердин ортосунда коммуникация жүргүзүү боюнча иштерди аткарам.
  9. Мавлюда эже малина кочотторунуздон алсак болобу, бизге жакын эле турасынарго, азыраак кочот кылып бересизби

  10. Салам Айгерим, малина кочотторун алуу учун "Био Сервис"ке кайрылсан болот.

  11.  БИОЛИГНИН - микробиологиялык препарат.

    Биолигнин – бул ачыткыч препарат, биотехникалык касиети боюнча єсїмдїктїн єсїїсїн, єнугуусун кубаттандыргыч жана жєнгє салуучу болуп эсептелинет. Аны даярдоого А-26 штаммынын ачыткычы колдонулат. Бул штамм турдєгу микроорганизмдин єсушїу Штамдын суспензиясы эритмеси гормондордон (цитокинин ) жана ферменттерден (оксигеназы) турат.

    Гормондор – бул организмдерден бєлїнїп чыгарылып тура турган активдїї биологиялык зат. Бул клетканын болунуп кєбєйуп туруусун камсыздап турат да, ферменттер болсо биологиялык катализаторлор болуп, башкача айтканда биологиялык процесстерди тездетууго кємєктєшєт, мунун себинен биолигнин колдонулган єсїмдїктїн урєну биолигниндин спор а л а р ы н а н пайда болгон кошумча азык менен камсыз болуп урєндун єнуу энергиясы камсыз болот, да тезирээк єнуп чыгат. Тамыр системасынын кучтуу кубаттуу жана єсуп кєбєйушуно кємєк кєрсєтуп, топурактын кыртышынан азык элементтеринин кенири синирип алуусун жогорулатат. Ушул касиеттеринин негизинде тушумдуулукту интенсивдїуу жогорулашына эн жакшы шарт тузуп берет. Илдеттерге каршы туруктуулугун жогорулатат.

  12. Биолигнинди кошумча азыктандыруу катары колдонуу. Єсїмдїктїн алгач єсуу фазасында колдонулат .

    Отоо чєптєрдєн арылтуунун максатындагы жургузуло  турган иш чаралар менен кошо биолигнинди колдонсо болот.Мындай колдонуу бир жагынан хим препарат менен отоо чєптєн арылса, экинчи жагынан дан єсумдукторунун тамырдын чиеленишип кєбєйтуп, топурактагы азык затты жакшы синирип ошонун негизинде сапаты да жакшырат. Мындай колдонуу 1 га 8литр биолигнин 250литр суу менен аралаштырылып колдонулат. Бул препараты колдонуу менен сиздер тушумдуулукту  жогорулатуу гана эмес ошол алган тушумдун сапатынын жогорулашы жана адам затка же тируу жандыка зыян алып келбешин кубо боло аласыздар.

  13. Жердин тазалыгы бул адамдардын ден-соолугунун тазалыгы

    Акыркы мезгилде дыйканчылыктын, жаратылышка тийгизген терс таасирлери аз эмес. Айта турган болсок уулу заттарды туура эмес колдонгондон, табийгат кєп жабыркоодо.Ошонун эсебинен жаратылышты коргоо муктаждыгы келип чыгууда. Жаратылышты коргоодо, дыйканчылыктын жаны, зыянсыз агротехнологиясын колдонуу зарылчылыгы келип чыкты.

    Бул деген эмне , єсумдк остуруудо жердин кыртышын бузбаган керексиз химиялык заттар менен булгабаган жана экологиялык мыйзамын толук сактаган агротехникалых ыкмалар керек. Андыктан осумдук єстуруудє жер семирткичтерди, химиялык ууландыргычтарды белгиленген єлчємдєрдє гана колдонуп, алардын адам баласына зыяндуулугун карап, аз же зыян келтирбегендигин колдонуу зарыл. Акыркы мезгилде, дуйнє жузундє органикалык дыйканчылык кенири колдонулуп жатат.

    Булар эмнелер алар ар кандай єсумдук чириндилери, ар турдуу жаныбарлардын кыктары, єзгєчє тоок, уй, кой, ошондой эле кара чымдар, компостор, биогумус жана микробиологиялык дарылар (препараттар). Микробиологиялык дарылар, органикалык жер семирткичтер менен биргеликте жерди семиртип, кыртышын жакшыртууга чон таасир тийгизет.

  14. Кадимки чалкандан суюк жер семирткич даярдоо ыкмасы.


    Бул үчүн 10 л пластмасса челек, 1 кг майдаланган чалкан, жамгыр же арыктын суусу керектелет.

    1.Алгач чалканды сабактары менен кошо терип алып майдалайбыз.

    1. Пластмасса чакага майдаланган чалканды салып үстүнө суу куябыз. (Чалкандын бетин суу толугу менен жаап турушу керек.
    2. Чаканын бетин аба өткөрүүчү сетка же материал менен жаап, жылуу жерге коебуз.
    3. Тундурма аралаштырылып турат.
    4. 5-6 күн тургандан кийин жолдун чаңынан же даяр компост кошсо да болот
    5. 10 күндөн кийин чалкан сабактарынан ажырап, суунун түбүнө чөгүп, ачып, суусу көк түскө өткөндө тундурма даяр болот.
    6. Тундурманы 2 кат марлиден сүзүп алып 1 л идиштерге куюп, кагазга датаны, эмнеден жасалганын, эмнеге колдонуу керектигин жазып  коебуз.

    Колдонуу:  Өсүмдүктөрдүн вегетация мезгилинде (1:10)  1л тундурмага 10 л суу кошуп өсүмдүктөрдү азыктандырса болот. Осүмдүктордун ар кандай тышкы таасирлерге туруктуулугун жогорулатат.


    1. mavludaпайдалуу жана жөнөкөй ыкма(thumbs up) Жер семирткичтерди колдо жасоо органиканын негизги принциптеринин бири. Башка ыкмаларын дагы үйрөнүшүбү керек.


  15. Органикалык, био органикалык, минералдык жер семирткичтердин таасири боюнча болжолдуу салыштырма  


    Органикалык жер семирткичтер

    Био органикалык жер семирткичтер

    Минералдык жер семирткичтер


          кык   20-40 т/га

          Флора S,Фитоп Флора S 2-5 кг/га

    Аммиак селитрасы аракет этуучу азот 34%

    125 кг/га  = 367 кг

    367 кг х 24 сом = 8808 сом

    Карбамид аракет этуучу азот 46%

    сунушталганы 125 кг = 271 кг х 28 сом = 7588 сом


    наркы 1 т = 1000 сом

    наркы 1 кг = 2500-7500 сом

    наркы 1 кг = 26 сом

    чыгым  20000-40000 сом

    чыгым  2500-7500 сом

    чыгым 16396 сом

    Тийгизген таасирлери

    Органикалык жер семирткичтер жердин кыртышын жакшыртат, кыртыштагы микроорганизмдерге азык болуу менен топурактын аба, ным кармоо сапатын жакшыртат, 3-5 жылга чейин таасирин берет.

    Биорганикалык жер семирткичтер биологиялык касиеттерине байланыштуу өсүмдүктөргө дээрлик 100% сиңет, ал эми азыктардагы нитраттардын саны минималдуу.

    Минералдык жер семирткичтердин  35-50% га гана сиңет, нитраттар  азыктарда топтолот.  Ашказан-ичеги карындын шишиктери, калкан бездин чоңоюшуна холестриндин көбөйүшүнө жана адамдардын жана жаныбарлардын канында белоктун азайышына өбөлгө түзуп ден соолугун бузат.

  16. Отоо чөптордон cуюк жер семирткичтерди кантип жасоого болот?

    Күнүмдүк жашоодо органикалык дыйкандар отоо  чөптөрдү ачытуу аркылуу "жашыл" жер семирткичтерди даярдоодо ыкмаларын колдонушат.Тундурманы даярдоонун жонокой төмөнкүдөй даярдай аласыз:

    • Пластмассадан жасалган идишти, көлөмү 50 литрден 200 литрге чейин пайдаланса болот. Аны күнөстүү жерге коюп, жабуулоого болот. Эгерде идиш металл болсо, анда анын түбүнө тез дат басууга мүмкүндүк бербеген полиэтилен салып коюу керек.
    • Колдо бар отоо чөптөрдү майдалап, көлөмүнүн 2/3 бөлүгүнө же жарымына чейин идишке салуу. Идишти чөптөр менен толук толтурса да болот, бирок мындай учурда жер семирткичти даярдоо учурунда аралаштыруу кыйыныраак болот. Көк чөптөрдүн көлөмү ар кандай болушу мүмкүн, анткени даярдоонун натыйжасында ар дайым концентратцияланат же суу менен кошумча суюлтууну талап кылат.
    • Органоминералдык гумат кошсо да болот  алмаштырышат (5 мл гумат).
    • Идишти суу менен толтуруп, бош орун калтырып (четинен 15-20 см). Бул ачуу,  чирүү процессинде көлөмү көбөйгөндо  четине калкып кетпеши үчүн керек.
    • Жер семирткич салынган идиш капкак же фольга менен жабылышы керек. Плёнканы колдонууда, анын четтерин оңдоп, чыккан газдар үчүн бир нече кичинекей тешиктерди жасоо керек. Идишти  жаап коюу азоттун бууланып кетишине жол бербейт жана инфузиянын ачуу процессин тездетет. Эгерде идиш чөптөр менен тыгыз салынган болсо, анда анын үстүнөн эзүү керек. Жер семирткичти даярдоо учурунда эритменин бетинен көбүк байкалышы мүмкүн, бул ачытуунун белгиси. Болжол менен 1-1,5 жумадан кийин көбүк жок болуп, суюктуктун түсү кочкул күрөңгө айланат. Бул белгилер тундурманын даярдыгын билдирет.

    Жер семирткичтерди колдонуу

    Колдонуудан мурун идиштеги эритмени жакшылап аралаштырып, сүзүү керек. Калган чириген чөптөрдүн калдыгын мульчалоо үчүн колдонулат. Суюктук ачык күрөң туско келгенге чейин таза суу менен суюлтулат. Помидор, бадыраң жана башка жашылча өсүмдүктөрү тамырынан сугарып азыктандырылат, өсүмдүктөр жөнөкөй суу менен жакшы сугарылгандан кийин колдонсо натыйжалуу. Жашылч гүлдөөгө чейин үч жумада жана жемиштердин пайда болуу жана бышуу стадиясында 2 жумада бир колдонсо болот.

    Отоо чөптөрдү ачытууга негизделген жашыл жер семирткич - бакчада ар кандай өсүмдүктөр үчүн жеткиликтүү жана толугу менен акысыз, натыйжалуу жер семирткич.

    Аны дарактарды, жемиш бактарды жана помидор, бадыраң, кулпунай сыяктуу назик өсүмдүктөрдү багуу үчүн колдонсо болот. Курамы боюнча өсүмдүктөрдөн жасалган тундурма кыктан көп деле айырмаланбайт, ошондуктан анын өсүмдүктөргө тийгизген таасири окшош деп эсептесе болот. Бул топурактагы өсүмдүктөр үчүн сиңимдүү,  кичинекей огород бакчасында колдонуудан жакшы түшүм алынат.

  17. Малинаны жакшы багып кароо үчүн чириген кык даярдадым.

  18. Малинанын түшүмү быйыл да анчалык конулго толбой турат. Ошенсе да алгачкы мөмөлөрү быша баштады.

  19. 19 июнь куну "Био Фермер" товардык сервистик кооператинин 1 жылдык отчеттук чогулушу болуп отту.

    Мен да делегат болуп катыштым.

    Фейр Трейд "Адилет соода- Адилет өндүрүш", фермерлердин жашоосуна жакшы таасирин тийгизип жатат.



    1. Силердин кооператив Кыргызстан боюнча пахта буласын экспортко чыыгарган жалгыз кооператив деп окудум эле.

      Фейр Трейд сертификатынар да тастыктап турат. Ийгиликтер болсун!

  20. Кооператив пахтанын үрөнун камсыздоо учун урон фондун тузгон.

    2021-өндүрүш жылында 27107 кг пахта үрөнү фермерлерге эгүү учун таркатлып берилди.

    Туркиянын МАЙ-344 - 18892 кг,

    Кыргыз-5 сорту - 7580 кг

    Флеш  түксүз урук - 635 кг

    Бул чигиттер кооперативдин мучолору эгип остуруп жатышат. 

    Биздин кооперативде бардыгы ачык так, айкын, ошондуктан ондурулгон пахта буласын Германияянын Элмэртекс  ишканасына экспорттолот. 

    1. Азыр фермерлерге каражаттарды камсыздап берип, тушумун сатып бергенге жардам берген силердин кооператив эле болсо керек.

      Мен да суктанып атам. Биздин "Кыргыз Токой Байлыгы" кооперативинде жыл сайын жангакты ушук уруп, тушум болбой калгандыктан  Фейр Трейд сертификатын ала албай калдык.

  21. Кооперативдин отчеттук чогулушунда активдүү аялдар акчалай сыйлык менен сыйланышты.

    Кооперативдин текшерүү комиссиясынын торайымы Калыкова Зыйнаттын сыйлык алып жаткан учуру

    Сыйлыкты кооперативдин жетекчиси Канназаров Нурбек тапшырды.

    1. Оо биз сыймыктанган Зыйнат эжеге сыйлык туура берилиптир! Иштерман, билимдүү эжебиз менен сыймыктанабыз!


  22. 2020-2021-жылдары "Органикаык пахта өндүрүү жана уюштурууда" фермерлердин сертификациялык документтерин даярдоо, пахтанын сапатын камсыз кылууда корсоткон эмгегим учун "Био Фермер" кооперативинин жалпы чогулушунда акчалай сыйлык менен сыйландым.

    1. Мавлюда сыйлыгын кут болсун! Ден соолукта болуп, уй булондо бакубатчылык болуп, бакыт жаркырап турсун!

    2. Сыйлык кут болсун!

      Органикалык ак пахтаны, энергиялуу, позитивдуу айымдар ондурот турбайбы, биз силер менен сыймыктанабыз.

  23. Кундолук тамактанууда жашылчалардын мааниси боюнча Жарандык Альянстын колдоосу менен тартылган бул видео менен таанышып алыныздар

  24. Cалам платформанын катышуучулары

    Бизде органикалык пахтаны терип тапшыруу башталды.

  25. Быйыл органикалык пахтанын баасы 79 сом болуп жатат, мындан тышкары чигиттин, майдын линт, улюктун кайтарымы бар.

  26. Базар-Коргондуктар учун кирешенин булагы пахта. Пахта остуруу коп мээнетти талап кылганы менен калдыксыз ондуруш деп жакшы коробуз, себеби гозо паясына чейин отун катары колдонобуз

  27. 1 тонна чийки пахтадан:·      

       320 - 340 кг була·          560 - 680 кг чигит же үрөн алынат.·          Буласынан 3500 - 4000 м2 кездеме өндүрүүгө болот·          ал эми үрөндөн - 112 кг май, 270 кг кунжара, ·         170 кг кабык ·          8 кг улюк (майда тыбыт) алынат

  28. Жүрөккө кубат берүүчү азыктар…

    Бардык эле балыктардын курамындагы Омега 3 майы жүрөккө абдан пайдалуу. Алардын арасын Лосось балыгы дагы толуктайт.
    Грек жаңгагы жана мисте
    Грек жаңгагы жана мистенин курамындагы майлар, жүрөк үчүн абдан пайдалуу. Аны тандоодо тузу аз болгондоруна көңүл бөлүңүз.
    Мөмө-жемиштер
    Кара карагат, малина, клубника жана бүлдүркөн жемиштери кан басымды бирдей кармап турганга жардам берет.
    Талкан азыктары
    Талкан азыктарыны организмдеги холестеринди азайтып жана ток тутканга жардам берет
    Жашылча-жемиштер
    Шпинат жана брокколи жашылчаларынын курамы кальций жана С витамине бай болгондуктан, жүрөккө дагы абдан пайдалуу азыктарга кирет.
    Помидор
    Помидордун курамы антиоксиданттарга бай болгондуктан-жүрөккө абдан пайдалуу.
    Авакадо
    Авакадо кан басымын жөнгө салуучу жана организмдеги холестеринди түшүрүүчү жөндөмдүүлүккө ээ.
    Кофе
    Күнүнө эки стакан кофе ичүү менен сиз активдүүлүгүңүздү жогорулата аласыз. Кофе дагы жүрөк ооруларын алдын алууга жардам берет.

  29. Мээм жакшы иштесин, бакубат оорубай жакшы ден соолукта болоюн десеңиз, баш катырмалардын жандырмагын таап, китеп окуп, маалымат топтоодон сырткары төмөнкү азыктарды кундолук тамактанууда колдонуу керек:


    Суу. Организмдеги заттардын алмашуусун камсыздагандыктан, сууга ар бир орган муктаж, ал эми мээ өзгөчө муктаж. Окумуштуулардын байкоолорунда, чаңкап турган адам сынактын алдында жарым литр суу ичкен адамга салыштырма­луу логикалык маселенин жоо­бун табууда көбүрөөк кыйналган.


    Омега-3. Мээнин иштешине өтө пайдалуу, каныкпаган май кислотасы. Бул майлар энергиянын клеткадан клеткага өткөрүүсүн жогорулатып, ойлонууну жакшыртып, эс тутумдагы керектүү маалыматты алууну тездетет. Омега-3 балыкта, грек жаңгагында жана зыгыр майында көп.


    Жаңгак. Белокко бай. Ал эми белок мээни энергия менен камсыздайт. Фундук, бадам, грек жаңгагы окуучулардын жана студенттердин аш тизмегинде болушу шарт. Ошондой эле грек жаңгагында организмге өтө керектүү лецитиндин запасы көп. Эгер бул заттын жетишсиздиги байкалса, анда адам склероз жана ар кандай нерв ооруларына чалдыгат.


    Ашкөк. Тамак-ашка салттуу түрдө ашкөктү көп колдонгон элдер узак жашашат жана карылыкка алдырып алжыгандар аз кездешет. Шпинат, аш­көк, райкан, кинза жана башкалар Е жана К витаминдерине бай. Бул витаминдер деменциянын (акылдан азуу) өөрчүшүнө каршы турууга жардам берет.


    Витаминдер. В9 (цитрус өсүмдүктөрү, нан, буурчак, бал) клеткалардын абалын жакшы сактоого көмөк берет. Витамин В12 (боор, жумуртка, балык) кары адамдардын акылынан азып, алжып калуусунун алдын алса, жаштардын эске тутуусун күчөтөт.


    Жумуртка. Тооктун жумурткасынын сарысы мээнин көптөгөн функцияларын өөр­чүтөт. Алсак, заттарды аңдап-түшүнүү, таанып-билүү, абалды кабыл алууну жана анын үстүндө ой жүгүртүүнү жогорулатат. Андыктан жумуртка аң-сезими жаңыдан өөрчүп келаткан жаш балдардын алмаштырылгыс азыгы десек болот.


    Кофе. Кофеин ынтызарды ойготот жана кыска мөөнөттүү эс тутумдун иштөөсүн күчөтүп, оор эсептик маселелерди тез чечүүгө өбөлгө болот. Ошондой эле сергек болууну камсыздайт.


    Алма. Аталган мөмө-же­миштин курамындагы кверцетин заты мээдеги клеткалардын бузулуусунан сактайт. Кверцетин алманын кабыгында көп.


    Шоколад. Көңүл көтөрүүгө жана акылды көп талап кылган жумуштагылардын мээсинин иштөө жөндөмдүүлүгүн жогорулатат. Ылдамыраак ойлонууга, бир нерсени тез эске тутууга жардамы чоң.


  30. Боор- бул адам баласынын организмине тамак- аш аркылуу кирген зыяндуу жана пайдалуу заттарды өз- өзүнчө бөлүп фильтр сыяктуу кызмат кылат. Андыктан боор өтө маанилүү органдардын бири жана ага талапка ылайык туура кам көрө билүү зарыл. Андыктан боор үчүн пайдалуу азыктардын түрүн билип алып, аны күнүмдүк кабыл алган тамак- ашыңызга кошуп пайдаланыңыз.

    Деңиз капустасы

    Деңиз капустасынан жасалган салаттын 5 пайыздык курамын альгинаттар түзөт. Ал, организмдеги зыяндуу заттарды ээритүүгө түрткү берет. Кандагы холестреиндин деңгээлин төмөндөтөт жана калкан бездеринин иштешин жакшыртат. Анткени деңиз капустасынын курамы йодго бай келет.

    Майсыздандырылган сүт азыктары

    Йогурт, кефир жана ряженка боор үчүн эң эле пайдалуу сүтазыктары болуп эсептелет. Алар организмдеги токсиндерди айдап чыгат жана ичегилердеги микрофлордун жакшцы иштешине шарт түзүп берет.

    Зайтун майы

    Зайтун майы боорго 100 пайыз пайдалуу келет. Курамындагы антиоксидант, Е витамини таксиндерден арылтып, организмди зыяндуу заттардан эң жакшы коргойт. Андыктан салатка майонез эмес зайтун майын кошуп пайдаланыңыз. Мындан сырткары зыгыр майы дагы өтө пайдалуу.

    Белоктун булагы болуп, майсыз эт азыктары, балык жана жумуртка кирет.

    Боор үчүн пайдалуу жашылча жемиштер

    Болгар калемпири, ашкабак жана кызыл- саргылтым түстөгү бардык жашылча- жер- жемиштер пайдалуу келет. Айрыкча оор тамактанып алууда бул жемиштердин жардамыф тийет. Мындан сырткары, пияз, төө буурчак, брокколи, базилик менен петрушканын да пайдасы чоң.

    Кургатылган жер- жемиштерден ичинен боор үчүн курага өтө пайдалуу.

    Ал эми авакадо организмдеги токсиндер менен күрөшөт.

    Жаңы даярдалган ширелердин арасынан алма, ашкабак жана кызылча ширелери пайдалуу.

    Боор үчүн пайдалуу витаминдер:

    1. А витамини. Ал кызыл жана саргылтым жашылчаларда бар.
    2. Липевой кислота. Сүт азыктарында, шпинат, майсыз уй этинде бар.
    3. Е витамини. Дан азыктарынан жасалган ботколордо, балык жана зайтун майында бар.

    Боор үчүн пайдалуу чөп чайлар:

    1- расторопша

    3- чистотел

    4- цикорий

    5- каакым

    6- жалпыз


  31. Мен 22-24-октябрь куну Бишкек шаарында болуп откон "Оп майда" экофестивалга катышып, органикалык айыл чарба азыктарынан куруч, анар, жангак, бадам коргозмого койдум.  Шаардын эли органикалык таза азыктарга кызыгуусу артып баратканы байкалды.

    1. Органикалык азык тулуктордун баалуулугун тушунгон калк таза тамактанууга багыт алат эле. Мындай жарманкелер коп коп уюштурулса, элге жеткиликтуу болот эле.

  32. 25-октябрь куну  Кыргызстандагы азыктанууну жакшыртууга багытталган айыл чарбасы жана органикалык кыймылды өнүктүрүү маселелери жөнүндө» Бишкекте Айыл чарба министрлигинин жыйындар залында откон тегерек столго катыштым.

    Анда "Азыктанууну жакшыртууга багытталган айыл чарбасы" долбоорунун алкагында келип чыккан койгойлор

    • тушум остуруп алууга сугат суунун жетишсиздиги;
    • олкобуздо урон маселеси чечилбегендиктен чет олколук дарыланган урондорго коз карандылык;
    • балык чарбасын жайылтууга жергиликтуу , жогорку бийликтин колдоосунун жоктугу
    • малдардын санына эмес сапатын жакшыртуу боюнча иш чараларды жандандыруу
    • органикалык айыл чарбасына женилдиктерди беруу жана колдоолор боюнча талкуулар журду.
    1. Мавлюда эже борбордон алыс туруп деле коп иштерди жасаса болот экен. Био Сервис, Жалал-Абад СКС уюмдары менен биргеликте мамлекеттик денгээлде чечиле турган иштерге катышып жатканынар бизге окшогон жаш адистерди улгу алууга шыктантат.

Kyrgyzstan KYR