Саламатсыздарбы урматтуу платформанын катышуучулары. "Жаз-жарыш, күз-күрөш"-демекчи жаз келип баарыбыз жарышып талаада, огородто эгиндерибизди эгип, карап, тазалап иш менен алек болуп жатабыз. Мен да микро долбоордун алкагында органикалык чарбамды шашып баштагандыктан өз убактысында пост жаза албай калдым(бир чети ноутбук да бузулуп калды).
Эрте жазда малинаны жана клубниканы тазалап органикалык азыктарды салдым. Алар биогумус жана компосттун аралашмасы. Андан соң үстүнө күл себип чыктым.
Азыктарды салып болгон соң тамчылатып сугаруу системасы коюлду
2020-жылдын 6 апрелинен тартып Шайдан айыл өкмөтүнүн Алма, Жон-Арык, Жаңы-Арык, Эски-Масы, Тоскоол айылдарынан 20 аялдан турган 4 группага "Туура тамактануу жана органикалык чарбачылык" темасы боюнча онлайн сабактар өтүлө баштады. Онлайн өткөнүн себеби акыркы кырдаалга байланыштуу. Буйруса кийин практикалык сабактар да өтүлөт. Бирок онлайн сабактар да кызыктуу жана пайдалуу өтүп жатат. Себеби сабактарда "Био Сервис" КФ тарабынан даярдалган маалыматтык слайддтарды колдонуп өткөндүктөн угуучуларга түшүнүктүү маалыматтар берилип жатат. Ал эми түшүнбөгөн суроолорго кошумча жооп берип жатам. Кийинки практикалык сабактарда фото отчет(список участников) жиберем буйруса. Бул сабактар ВПП ООНдун программасы алкагында өтүп жатат(бирок сабактарды өтүп берүү акысыз). Сабактын катышуучулары калктын аярлуу катмарларынан тандалып алынган. Сабак өтүлгөн соң сабактын катышуучулары ВПП ООН тарабынан ун май менен камсыз болушат
Мен кулпунайды остуруудо жоокторду саман менен жаптым (мульча). Атайын Россиядан буйрутма менен агроволокно алдырып жоокторду жаап чыктым. Тамчылатып сугаруу системасын анын алдынан орноттум, натыйжада сугат суу эконом болуп, отоо чоптордон да кутулдук.
Кулпунайды остуруудо мурутчаларын тынымсыз алып туруу керек, болбосо жерге тийгенде кошумча сабагы чыгып кучунун баары жаны сабакты багууга жумшайт. Бул ишти аткарууда уй булобуз менен болгон кучубузду жумшадык.
Фермер учун аткарган жумушунун жыйынтыгын коруу озунчо бир рахат. Кулпунай бышканда качан теруу, терилуучу идиштердин тазалыгы, колдун тазалыгы, сатуу жолдору да ойлондурбай койбойт.
Кулпунайды кантип багып карап жатканымды коргон айылдаштарым келип сатып ала баштады. 1-2 кун мурун келип канча кг керек экенин айтып коюшат, биз эртен менен терип даярдап коюп жаттык. Кулпунайдын кг 120-100 сомдон саттык. 50 кв м келген кулпунай эгилген аз гана жерден 100 000 сомго жакын доход алдык.
Малина эгилген аянтты быйыл кочот отургузуп кенейттим. Ошондуктан быйыл тушуму азыраак болду, бирок озубузго жакын туугандарыбызга варенье жасап алууга жетти.
Чон рахмат Мирлан! МААН платформасынан маалыматтарды алуу негизи оной эле, бирок колдонуучаларга дагы коз каранды. Жаны колдонуучуларга татаал болот го дейм башында.
Саламатсыздарбы урматтуу МААН платформасынын катышуучулары! Буйруса жаз да жакындап калды, копчулук жерлердежаз иштери башталды. Баарыныздарга ушул жыл мол тушумду, таза азыкты жана бекем ден соолукту берсин деп каалап кетем.
Ал эми озумдун жеке чарбамдан алгачкы жумуштар менен болушойун деп чечтим.
Бул жерди кулпунайдын жаны сортторун эгууго даярдап жатам. Былтыр бул жерге органикалык ыкма менен картошка кийин сабиз эгилген. Жерге негизинен биогумус жана компост чириндилери салынган. Натыйжада кийинки жылга дагы жер борпон жана жумшак бойдон калды. Томонку видеодон корсонуздор болот.
Азаматсын Залкар! Чакан долбоорду аткарууда ийгиликтер болсун!
Топурактын курдуулугун которуу боюнча мына колубуздагы мүмкүнчулук. Органикалык жер семирткичтер менен топуракты азыктырганда аба, суу, жылуулук өткөрүмдүүлугу жогорулайт. Топуракта бизге көрүнбөгөн биохимиялык, физикалык процесстер жүрөт.
Рахмат Буажар эже! Туура айтасыз, чындыгында жердин асылдуулугун органикалык ыкма менен жогорулатуу өзүбүдүн колубузда экен. Био Сервис уюштурган тренингдерге катышып коптогон маалыматтарды алып турмуш тиричиликте колдоно баштадык.
Малина инвазивдуу(тамыр аркылуу кобойуучу) осумдук болгондуктан тез эле огородту каптап кетет ошондуктан жылына бир же эки жолу чек арасын казып тамырлардан тазалап туруу керек болот.
Бүгүн ремонтант малинанын башка пайдалуу жактарынын бирин айта кетейин. Күзүндө кыркылгандан соң ошол чырпыктарды бизде көп колдонуулуучу козопая сыяктуу эле тандырга отун катары колдонгону болот. Малинанын чырпыктары козопаядай эле жакшы күйөт жана чок жакшы калат экен.
Төмөнкүдөй кылып кыркып койсо аз эле жерди ээлейт жана тыкан болот экен.
Эже бул чырпыктар малина тушумун берип болгон сон кыркылат кузундо. Ал эми кобойтуу учун жазында чыккан жаны кочотторду суюлтпай кузго калтырып кийинки жазда казып алса жакшы кочот болот. Ал эми кузундо кыркылгандарды кочот катары колдонгону болбойт.
Урматтуу платформа катышуучулары, кечээ айткандай сиздер менен ремонтант малинаны көбөйтүү ыкмалары жөнүндө кыскача айтып кетейин.
Эң жакшы ыкма бул жазында жаңы чыккан көчөттөрдү суюлтпай(казбай) кийинки жылга же күзгө калтырып анан тамыры менен казып алып көчүрүү. Бул ыкма менен алыс жака алып барып көбөйткөнү жакшы жана өсүп кетүү мүмкүнчүлүгү көп болот.
2. Дагы бир ыкмасы бул өтө коюу болуп, тамыр алып калган жердеги көчөттү тамыры менен көчүрүү. Бул ыкмада дагы өсүшү жакшы болот.
3. Бул ыкма менен жакынкы грядкага көбөйтүүгө болушу мүмкүн. Жаңы чыккан көчөттү көбөйтүү мүмкүнчүлүгү аз, себеби жакшы тамыр алган эмес болот. Ошондой эле көгөрүп кетүү ыктымалдуулугу төмөн. Өз практикамда көбүнчө эле соолуп калып жатты.
Айыл чарба министрлигинин алдындагы Органикалык айыл чарба департаментинин жетекчиси Жанара Бакирова айыл чарбасына жарактуу жерлер улам азайып баратканын айтат. Мунун өзү адам баласы үчүн туташ проблемаларды жаратууда. 15 жылдын тегерегинде органикалык айыл чарбасы маселелери менен алектенип жүргөн Жанара Бакирова органикага кайтуу, табигый жол менен азы-түлүктөрдү өндүрүү үчүн департаменттин жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө маалымат берди.
18-19-март күндөрү Айылдык Кызмат Көрсөтүүчүлөрдун бетме-бет жолугушусу болуп өттү. АККлар өзүлөрүнүн чакан долбоорлорун аткаруу боюнча тажрыйбалары менен бөлүштү.
Быйыл кулпунайдын жаңы сортторун эгип көрүү максатында Бишкектен кабрилло жана мурано сортторун алдырдык.
Жамгыр жааганына карабастан тигип бүтүрдүк. Албетте тигерден мурда жерге органикалык жер семирткичтерди салып даярдадык. Эми тамчылатып сугаруу системасын орнотуу зарыл.
Бүгүн сиздер менен үй шартында биогаз өндүрүү жана жер семирткич даярдоочу "HomeBiogas" жөнүндө маалымат бөлүшөйүн.
"Үйдөгү органикалык таштандыларды таза энергияга айландыргыла" - деген ураан менен ойлоп табуучулар өз сайтында жарыялайт.
Узуну 2,05м, туурасы 1,15 м, бийиктиги 1,025м болгон HomeBiogasды бардык жер үйдө колдонгону болот экен. Күнүнө 10 кг чейин органиникалык таштандыдан 2 саатка чейин күйүүчү газ алганы болот.
Ал эми айыл жергесинде HomeBiogas 7.0 модели менен көбүрөөк газ өндүүүгө болот. Ошондой эле бул чоң версиясында мал жандыктардын да кыктарын кайра иштетүүгө болот.
Албетте бааларын айта кетсек: Кичинеси - $720, чоңу - $1500. Кененирээк маалыматты өндүрүүчүнүн өз сайтынан бул шилтеме аркылуу окуңуздар!
Айыл жеринде жашагандар мындай биогаз чыгаруучу аппаратка ото муктаж. Оз чарбандан чыккан таштандыларды иштетип андан чыккан газды тиричиликке колдонсок коп жактан утуш алат элек.
таштандыны сыртка чыгарбай газ алуу
отун жагып отурбай тиричиликке газ колдонуу менен жаратылышты булгануудан сактайт элек.
Жаз келип мөмө жемиштердин кээ бирлери базарда, дүкөндөрдө сатыла баштады. Анын бири кулпунай. Өзүнөрдүн жана балдарыңардын ден соолугун ойлосоңор кулпунай сатып алууда төмөнкү сунуштарды эске алууну унутпагыла.
1.Жакшы бышкан кулпунай салынган идиштин түбүнө ширеси чыкпаган кургак болушу керек, мөмө бүтүн, эч кандай үлүл жеген, чириген жерлери болбой, ыпыр-сыпырдан, топурак чаңдан таза, жалбырагы ач жашыл болсо жаңы экендигин тастыктап турат.
2. Кулпунайдын өзүнө гана тиешелүү жыты болушу керек, бөтөн кычкыл жыт же ачуу жыты жок болушу керек.
3. Бышкан кулпунайдын түсү бирдей- кызылдан кочкул кызылга чейин, тегиз бышкан болгонун тандоо керек. Мөмө бекем жана жалтырак болушу керек, чириген тактар, болбошу керек.
4. Мөмөдөн даамдап көруу керек, анткени анын даамынын жагаар жакпасын тандоого мүмкүнчүлүк болот.
5. Кулпунай тез бузула турган азык, андыктан аларды кичине бөлүктөргө бөлүп сатып алгыла. Ал эми сатып алгандын бардыгын жеп тугөтө албасанар мөмөлөрдү муздаткычта 2 күндөн ашык сактабагыла жана кулпунайды муздаткычка салаарда жуубагыла, анткени ал тез бузулуп ачып кетет.
Эң пайдалуу кеңеш Buajar Raimkulova BS! Чындыгында эрте жазда базарларга чыккан кулпунайды алууда этият болуу керек. базарда көп күн туруп калганын деле арзандатып сата беришет. Эң жакшысы жергиликтүү кулпунай базарга чыккыча кичине күтө турган жакшы. Жакында бизде да быша баштайт буйруса.
Zalkar Zhumabekov туура айтасын, жергиликтуу эгиндер, кун нуруна тоюп, даамдуу, ден соолукка коопсуз, аш болумдуу азык болуп эсептелет. Чындыгында базарда кыш маалында да момо-жемиш, жашылчаларды базардан табууга болот, бирок, кышында теплица шартында синтетикалык минералдык жер семирткичтер, химикаттар кандай денгээлде колдонулгандыгын билбей туруп пайдалана беребиз.
45 Comments
Myktybek Sabirov
Саламатсыздарбы урматтуу платформанын катышуучулары. "Жаз-жарыш, күз-күрөш"-демекчи жаз келип баарыбыз жарышып талаада, огородто эгиндерибизди эгип, карап, тазалап иш менен алек болуп жатабыз. Мен да микро долбоордун алкагында органикалык чарбамды шашып баштагандыктан өз убактысында пост жаза албай калдым(бир чети ноутбук да бузулуп калды
).
Эрте жазда малинаны жана клубниканы тазалап органикалык азыктарды салдым. Алар биогумус жана компосттун аралашмасы. Андан соң үстүнө күл себип чыктым.
Азыктарды салып болгон соң тамчылатып сугаруу системасы коюлду
Myktybek Sabirov
Бир процедураны аткарганы жетишпей калдым. Бордо суюктугун чачканы жетишпей калдым. Ингредиенттерин сатып алганы шаар жабылып калды.
Ошондой эле картошканы да органикалык ыкма менен эктик. Бул процессти жогорку деңгээлдеги агроном өзү кылдаттык менен текшерип турду
Жогорудагы жумуштардын баары март ай ичи аткарылды.
Ал эми төмөндөгү бүгүнкү күнгө карата абалы
Myktybek Sabirov
2020-жылдын 6 апрелинен тартып Шайдан айыл өкмөтүнүн Алма, Жон-Арык, Жаңы-Арык, Эски-Масы, Тоскоол айылдарынан 20 аялдан турган 4 группага "Туура тамактануу жана органикалык чарбачылык" темасы боюнча онлайн сабактар өтүлө баштады. Онлайн өткөнүн себеби акыркы кырдаалга байланыштуу. Буйруса кийин практикалык сабактар да өтүлөт. Бирок онлайн сабактар да кызыктуу жана пайдалуу өтүп жатат. Себеби сабактарда "Био Сервис" КФ тарабынан даярдалган маалыматтык слайддтарды колдонуп өткөндүктөн угуучуларга түшүнүктүү маалыматтар берилип жатат. Ал эми түшүнбөгөн суроолорго кошумча жооп берип жатам. Кийинки практикалык сабактарда фото отчет(список участников) жиберем буйруса. Бул сабактар ВПП ООНдун программасы алкагында өтүп жатат(бирок сабактарды өтүп берүү акысыз). Сабактын катышуучулары калктын аярлуу катмарларынан тандалып алынган. Сабак өтүлгөн соң сабактын катышуучулары ВПП ООН тарабынан ун май менен камсыз болушат
Залкар Жумабеков
Залкар Жумабеков
Мен кулпунайды остуруудо жоокторду саман менен жаптым (мульча). Атайын Россиядан буйрутма менен агроволокно алдырып жоокторду жаап чыктым. Тамчылатып сугаруу системасын анын алдынан орноттум, натыйжада сугат суу эконом болуп, отоо чоптордон да кутулдук.
Залкар Жумабеков
Кулпунайды остуруудо мурутчаларын тынымсыз алып туруу керек, болбосо жерге тийгенде кошумча сабагы чыгып кучунун баары жаны сабакты багууга жумшайт. Бул ишти аткарууда уй булобуз менен болгон кучубузду жумшадык.
Залкар Жумабеков
Фермер учун аткарган жумушунун жыйынтыгын коруу озунчо бир рахат. Кулпунай бышканда качан теруу, терилуучу идиштердин тазалыгы, колдун тазалыгы, сатуу жолдору да ойлондурбай койбойт.
Залкар Жумабеков
Кулпунайды кантип багып карап жатканымды коргон айылдаштарым келип сатып ала баштады. 1-2 кун мурун келип канча кг керек экенин айтып коюшат, биз эртен менен терип даярдап коюп жаттык. Кулпунайдын кг 120-100 сомдон саттык. 50 кв м келген кулпунай эгилген аз гана жерден 100 000 сомго жакын доход алдык.
Залкар Жумабеков
Малина эгилген аянтты быйыл кочот отургузуп кенейттим. Ошондуктан быйыл тушуму азыраак болду, бирок озубузго жакын туугандарыбызга варенье жасап алууга жетти.
Залкар Жумабеков
Чакан долбоорду аткаруу боюнча бул видеодон коруп таанышсаныздар болот.
Мурзакулов Мирлан
Залкар молодец,
Ишинде ийгиликтер болун ар дайым,
МААН платформасы боюнча оюн кандай ,маалыматтарды алууга ынгайлуубу же татаалбы?
Zalkar Zhumabekov
Чон рахмат Мирлан! МААН платформасынан маалыматтарды алуу негизи оной эле, бирок колдонуучаларга дагы коз каранды. Жаны колдонуучуларга татаал болот го дейм башында.
Залкар Жумабеков
Саламатсыздарбы, кулпунайдын кузгу тушуму бышып баштады, бирок момолору майдараак. Ким кузгу кунго бышкан кулпунайды жесе даамына баа берсе болот.
Алманбек
Азаматсыздар
Zalkar Zhumabekov
Ал эми озумдун жеке чарбамдан алгачкы жумуштар менен болушойун деп чечтим.
Бул жерди кулпунайдын жаны сортторун эгууго даярдап жатам. Былтыр бул жерге органикалык ыкма менен картошка кийин сабиз эгилген. Жерге негизинен биогумус жана компост чириндилери салынган. Натыйжада кийинки жылга дагы жер борпон жана жумшак бойдон калды. Томонку видеодон корсонуздор болот.
Buajar Raimkulova BS
Азаматсын Залкар! Чакан долбоорду аткарууда ийгиликтер болсун!
Топурактын курдуулугун которуу боюнча мына колубуздагы мүмкүнчулук. Органикалык жер семирткичтер менен топуракты азыктырганда аба, суу, жылуулук өткөрүмдүүлугу жогорулайт. Топуракта бизге көрүнбөгөн биохимиялык, физикалык процесстер жүрөт.
Zalkar Zhumabekov
Рахмат Буажар эже! Туура айтасыз, чындыгында жердин асылдуулугун органикалык ыкма менен жогорулатуу өзүбүдүн колубузда экен. Био Сервис уюштурган тренингдерге катышып коптогон маалыматтарды алып турмуш тиричиликте колдоно баштадык.
Zalkar Zhumabekov
Малина инвазивдуу(тамыр аркылуу кобойуучу) осумдук болгондуктан тез эле огородту каптап кетет ошондуктан жылына бир же эки жолу чек арасын казып тамырлардан тазалап туруу керек болот.
Zalkar Zhumabekov
Бүгүн ремонтант малинанын башка пайдалуу жактарынын бирин айта кетейин. Күзүндө кыркылгандан соң ошол чырпыктарды бизде көп колдонуулуучу козопая сыяктуу эле тандырга отун катары колдонгону болот. Малинанын чырпыктары козопаядай эле жакшы күйөт жана чок жакшы калат экен.
Төмөнкүдөй кылып кыркып койсо аз эле жерди ээлейт жана тыкан болот экен.
Buajar Raimkulova BS
Ошол отунга даярдаган чырпыктарды кочот катары даярдап, био фермерлерге кобойтуу учун болушсон жакшы болмок экен.
Zalkar Zhumabekov
Эже бул чырпыктар малина тушумун берип болгон сон кыркылат кузундо. Ал эми кобойтуу учун жазында чыккан жаны кочотторду суюлтпай кузго калтырып кийинки жазда казып алса жакшы кочот болот. Ал эми кузундо кыркылгандарды кочот катары колдонгону болбойт.
Gulzada Kudaiberdieva
Залкар, жаз жарыш деп кайрадан талаа иштерине даярдык башталыптыр, ийгилик. Ремонтант сортторун каерден алып атасын.
Zalkar Zhumabekov
Рахмат Гүлзада эже! Ремонтант малинаны Био Сервистен алгам азыр ошолорду көбөйтүп жатабыз.
Айгерим
Залкар жанындагы каптал тамырларын казып алгандан кийин кайра отургузп койсо болобу?
Gulzada Kudaiberdieva
Айгерим, саламатсынарбы, Залкар озу да жооп берсе керек,
клубниканын мурутчаларынан чыккан майда оркундор, топуракка жайгашып тамыр чыгарышат, ошол кочотторду пайдаланса болот.
Zalkar Zhumabekov
Салам Айгерим! Ал тамырларын отургузганы болбойт. Себеби алар көгөрүп чыкпайт. Малинаны көбөйтүү ыкмалары тууралуу кийинки посттордо бөлүшөм, бүйруса.
Gulzada Kudaiberdieva
Залкар, кулпунай менен малинаны отругузуу жолдорун оз-озунчо маалымат берип кое аласынбы
Zalkar Zhumabekov
Ремонтант малинаны көбөйтүү ыкмалары:
Урматтуу платформа катышуучулары, кечээ айткандай сиздер менен ремонтант малинаны көбөйтүү ыкмалары жөнүндө кыскача айтып кетейин.
2. Дагы бир ыкмасы бул өтө коюу болуп, тамыр алып калган жердеги көчөттү тамыры менен көчүрүү. Бул ыкмада дагы өсүшү жакшы болот.
3. Бул ыкма менен жакынкы грядкага көбөйтүүгө болушу мүмкүн. Жаңы чыккан көчөттү көбөйтүү мүмкүнчүлүгү аз, себеби жакшы тамыр алган эмес болот. Ошондой эле көгөрүп кетүү ыктымалдуулугу төмөн. Өз практикамда көбүнчө эле соолуп калып жатты.
Aichurok
Жакшы маалыматтар жазылыптыр, рахмат! Ошондо эн жакшысы биринчи ыкма болуп атабы?
Zalkar Zhumabekov
Ооба.
Zalkar Zhumabekov
Айыл чарба министрлигинин алдындагы Органикалык айыл чарба департаментинин жетекчиси Жанара Бакирова айыл чарбасына жарактуу жерлер улам азайып баратканын айтат. Мунун өзү адам баласы үчүн туташ проблемаларды жаратууда. 15 жылдын тегерегинде органикалык айыл чарбасы маселелери менен алектенип жүргөн Жанара Бакирова органикага кайтуу, табигый жол менен азы-түлүктөрдү өндүрүү үчүн департаменттин жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө маалымат берди.
Gulzada Kudaiberdieva
Залкар, жакшы маалымат, ушундай жанылыктарды улуттук денгээл болумуно койсон кобуроок катышуучулар корот. рахмат!
айткулов абсамат
Zalkar Zhumabekov
18-19-март күндөрү Айылдык Кызмат Көрсөтүүчүлөрдун бетме-бет жолугушусу болуп өттү. АККлар өзүлөрүнүн чакан долбоорлорун аткаруу боюнча тажрыйбалары менен бөлүштү.
Gulzada Kudaiberdieva
жакшы агро-практикаларды жайылтууда, эл арасында туура тамактануу боюнча маалыматтарды жайылтууда АККлардын эмгеги зор. Ийгилик ишиниздерге!
Zalkar Zhumabekov
Быйыл кулпунайдын жаңы сортторун эгип көрүү максатында Бишкектен кабрилло жана мурано сортторун алдырдык.
Жамгыр жааганына карабастан тигип бүтүрдүк. Албетте тигерден мурда жерге органикалык жер семирткичтерди салып даярдадык. Эми тамчылатып сугаруу системасын орнотуу зарыл.
Zalkar Zhumabekov
Органикалык кулпунайды өстүрүү боюнча колдонмо. Орус тилинде. Кызыккандар таанышып чыксаңыздар болот.
Gulzada Kudaiberdieva
рахмат Залкар, материал сунуштаганына!
Zalkar Zhumabekov
Бүгүн сиздер менен үй шартында биогаз өндүрүү жана жер семирткич даярдоочу "HomeBiogas" жөнүндө маалымат бөлүшөйүн.
"Үйдөгү органикалык таштандыларды таза энергияга айландыргыла" - деген ураан менен ойлоп табуучулар өз сайтында жарыялайт.
Узуну 2,05м, туурасы 1,15 м, бийиктиги 1,025м болгон HomeBiogasды бардык жер үйдө колдонгону болот экен. Күнүнө 10 кг чейин органиникалык таштандыдан 2 саатка чейин күйүүчү газ алганы болот.
Ал эми айыл жергесинде HomeBiogas 7.0 модели менен көбүрөөк газ өндүүүгө болот. Ошондой эле бул чоң версиясында мал жандыктардын да кыктарын кайра иштетүүгө болот.
Албетте бааларын айта кетсек: Кичинеси - $720, чоңу - $1500. Кененирээк маалыматты өндүрүүчүнүн өз сайтынан бул шилтеме аркылуу окуңуздар!
Өз оюңуздар менен бөлүшүңүздөр!
Gulzada Kudaiberdieva
ото практикалык мааниси чон тажрыйба экен! Азамат Залкар, издене бер, ийгилик!
Салтанат
Айыл жеринде жашагандар мындай биогаз чыгаруучу аппаратка ото муктаж. Оз чарбандан чыккан таштандыларды иштетип андан чыккан газды тиричиликке колдонсок коп жактан утуш алат элек.
Zalkar Zhumabekov
Буйруса кулпунайлар гүлдөй баштады. Бирок акыркы күндөрү түнү суук-4,-5 болуп атат, ошого булар түшүм бербей калышы мүмкүн.
Buajar Raimkulova BS
Салам платформанын катышуучулары