Welcome to the

Kyrgyzstan
Space shortcuts
Skip to end of metadata
Go to start of metadata
  • No labels

86 Comments

  1. Алма кагынан компот жасоо

    Алманын компотунун курамында магний, кальций, калий, фосфор жана темир бар. В, С, Е и РР витаминдерин камтыйт. Азыктуу жана синимдуу. Курамында темир коп болгондуктан аз кандуулуктун алдын алууда жакшы каражаттардын бири.

    1. Unknown User (уулкан)

  2. Орук жан гиларстан кышкыга компот даярдоо

    Керектелуучу азыктар:
    1кг -гиларс
    1 кг - орук;
    шекер - 500 гр (250 грдан ар бир банкага, же татымына жараша);
    банка 3 л - 2 даана;
    капкак - 2 даана;

    Орук жана гиларсты тазалап жууп, жарым-жарымдан кылып, банкаларга салып, устуно шекерди салабыз. Устуно кайнатылган сууну куябыз да, кастрюланын тубуно жумшак материал тошоп, башкаларды салып кайнатылган сууну куябыз, 40 мин кайнатабыз. Андан кийин крышка жаап койобуз. Жапкыч менен бурап  жапкандан сон, банкаларды устун, астын алмаштырып, бир кун койуп, андан сон муздак же карангы жерге сактайбыз.

  3. Биз,  Кызыл-Ункур айылындагы момо-жемиштерди кургатуу боюнча аялдардын тобунун максаты туура тамактанууну колго алуу, себеби тамак-аш энелер аркылуу берилет. Токой азыктары бышкан учурда уй булобуз учун, кышкы мезгилде витаминдуу компотторду даярдоо учун кургатып алабыз.

  4. Токой азыктарынан элдин кызыгуусун арттырып сезон мезгилинде козу карын терип алабыз, кардар келсе жаны боюнча сатабыз, кээде баасы которулгондо сатабыз деп кургатып алабыз.

    Кургатылган козу карынды сапатна жараша  кг. 1200-1500 сомго чейин сатабыз

  5. Кузундо токой чарбасынан арендага алган жерибизден жангак теребиз. Кыргыз Токой Байлыгы кооперативине мучо болуп киргенбиз.Сапаттуу жангактарды  кооператив аркылуу Фейр Трейд (Адилет Соода) сертификатынын негизинде чет олкого сатабыз. Калган болугун уй булобузго керектуу  болгондо каржылык муктаждык учун жергиликтуу базарда, уй було мучолору коп болсо чагып маныз даярдап сатабыз.


    1. Unknown User (уулкан)

  6. Уй було мучолорунун талаптарына жана муктаждыгына жараша меню тузуу

    Уй булону толук баалуу, даамдуу жана балансташтырылган тамак-аш менен камсыздандыруу татаал милдет, анткени ага билим, убакыт жана каражат керек. Ошондой юолгонуна карабастан учурдагы тамактануу жонундогу талаптарды эске алып уй було жонундо кам корушу тийиш. Коп адамдар балансташтырылган тамактанууну колунда бар уй було эле уюштурушу мумкун деп ойлошот. Бирок бул туура эмес. Рационалдуу тамактануу жонундогу маалымат организмге керектуу азык заттардын пайдалуу олчомун, катнашын, даярдоо жолдорун билуу, бирок кымбат тамак-аштар арзан азыктарга караганда пайдалуу дебейт, ал эмес коп учурларда кымбат тамакты арзаны менен алмаштырууга да болот.

    Мисалы:

    • ак нанга караганда кара нан пайдалуу
    • жууган майдын ордуна осумдук майын колдонуу
    • белокторду толукташ учун созсуз эле эт жебестен, быштак жесе болот.  Тамактанууда уй булонун конумушторун эле эске алган болбойт Эгерде ар бир уй було балдарынын жана жакындарынын ден соолугу жонундо ойлонсо азыктарды балансташтырып пайдаланууга аракеттенишет. Уй булодо мулк ашып ташып жатканына карабастан тамактануу маданияты коздолбосо ден соолугу чын балдарды остуруш, саламаттыкты сакташ, узун омур суруш кыйын. Азыр бизде азыктардын, энергиянын олчомун аныктаганга аспаптар жок. Ошондой болсо да организмге керектуу белокторго, углеводдорго, майларга, витаминдерге, микро элементтерге  жана энергияга болгон муктаждыгын канааттандырган тамак-ашты менюга киргизуу зарыл.
    • Тамак туура сакталган, жаны жасалган жана даамдуу болсо ошондо гана пайдалуу болот, себеби кайра-кайра жылытылган азыктарда витаминдердин олчому азаят, зыяндуу заттар топтолушу мумкун. Даамдуу тамакты адам конулдуу жегенде гана жакшы синет.
    • Балдардын тамагы да даамдуу болууга тийиш.  Айрым энелер баласы тамакты начар ичет деп тынчсызданышат. Мунун негизги себеби тамактын даамсыздыгы же бир муноздуулугу. Эгер бир тамакты кунуго бере берсе, канчалык даамдуу же пайдалуу болбосун андан бала тажайт.
    • Кышында жашылча-жемиштер жокко эсе болгон сон, картошкадан, капустадан, сабизден, кызылчадан, алмадан жана башка сактаганга чыдамдуу болгон момолордон жасалган тамак-ашты кобойтуп кунуго берсе витаминдер, микроэлементтер  менен организм дээрлик олчомдо толукталып турат.
    • Суук мезгилде эттуу тамак-аш ичилсе, ысык мезгилде женил жашылча, жер-жемиштерден тамак желет.
    • Кара жумуш аткарган адам, оспурум эркек балдар кечинде кучтуу тамак жесе болот.
    • Аз кыймылдуу адам учун эн ынгайлуусу кечки тамак бышырылган жашылчалар, салаттар, айран, быштак, ботко жесе болот.
    • Тамак-ашты даярдоо коп убакытты алат, айрым учурда аялдардын убактысынын 50% уй булосунун тамактануусун камсыздаганга жумшалат.
    • Айрым уй булолор ысык тамакты сейрек жасап, нан чай менен азыктанышат же ыссык тамакты коп жасап кайра-кайра жылытып ичишет. Бул созсуз ден соолукка зыянын тийгизет. Уй булодо бир жумага менюну алдын ала пландаштырып, азыктарды ошого жараша даярдап койсо каражатты уномдуу колдонгонго шарт тузулот. Меню тузгондо уй булонун бардык мучолорунун каалоолорун эске алганга аракет кылып кенешип тузулсо жакшы болот.
    • Эгер уйдо кичине бала болсо ага тамакты озунчо жасаган жакшы, бирок мындай учурда тамакка туз жана башка татымалдар кошулбайт


  7. Баклажандан женил салат.

    Керектелуучу азыктар: 
    1 даана чон баклажан
    2 даана жумурта
    3 даана помидор
    3 даана бадыран


    Даярдалышы:

    Баклажандын сыртын аарчып алып, жука кубик кылып туурап алабыз.

    Тууралган баклажандын устуно бир аз туз себелеп, жумуртканы жарып баклажан менен аралаштырабыз.

    Дак болгон майга салып кууруп баштайбыз. Узаак куурулуш керек, копко куурулганда кобуктор пайда болуп, баклажан карарып калат. Ошондо гана даяр болот.


    Памидор менен бадырынды орточо олчомдо кубик кылып туурап, алабыз да аларга куурулган баклажанды аралаштырып, татымына жараша туз себелеп, уйдо жасалган майонез аралаштырып коёбуз. Салат даяр.

    Жегенде баклажандын даамы озгоруп, балыкка окшоп даамданат эгер жакшы куурулган болсо.

  8. Уй було мучолорунун талаптарына жана муктаждыгына жараша меню тузуу

    Уй булону толук баалуу, даамдуу жана балансташтырылган тамак-аш менен камсыздандыруу татаал милдет, анткени ага билим, убакыт жана каражат керек. Ошондой юолгонуна карабастан учурдагы тамактануу жонундогу талаптарды эске алып уй було жонундо кам корушу тийиш. Коп адамдар балансташтырылган тамактанууну колунда бар уй було эле уюштурушу мумкун деп ойлошот. Бирок бул туура эмес. Рационалдуу тамактануу жонундогу маалымат организмге керектуу азык заттардын пайдалуу олчомун, катнашын, даярдоо жолдорун билуу, бирок кымбат тамак-аштар арзан азыктарга караганда пайдалуу дебейт, ал эмес коп учурларда кымбат тамакты арзаны менен алмаштырууга да болот.

    Мисалы:

    • ак нанга караганда кара нан пайдалуу
    • жууган майдын ордуна осумдук майын колдонуу
    • белокторду толукташ учун созсуз эле эт жебестен, быштак жесе болот.  Тамактанууда уй булонун конумушторун эле эске алган болбойт Эгерде ар бир уй було балдарынын жана жакындарынын ден соолугу жонундо ойлонсо азыктарды балансташтырып пайдаланууга аракеттенишет. Уй булодо мулк ашып ташып жатканына карабастан тамактануу маданияты коздолбосо ден соолугу чын балдарды остуруш, саламаттыкты сакташ, узун омур суруш кыйын. Азыр бизде азыктардын, энергиянын олчомун аныктаганга аспаптар жок. Ошондой болсо да организмге керектуу белокторго, углеводдорго, майларга, витаминдерге, микро элементтерге  жана энергияга болгон муктаждыгын канааттандырган тамак-ашты менюга киргизуу зарыл.
    • Тамак туура сакталган, жаны жасалган жана даамдуу болсо ошондо гана пайдалуу болот, себеби кайра-кайра жылытылган азыктарда витаминдердин олчому азаят, зыяндуу заттар топтолушу мумкун. Даамдуу тамакты адам конулдуу жегенде гана жакшы синет.
    • Балдардын тамагы да даамдуу болууга тийиш.  Айрым энелер баласы тамакты начар ичет деп тынчсызданышат. Мунун негизги себеби тамактын даамсыздыгы же бир муноздуулугу. Эгер бир тамакты кунуго бере берсе, канчалык даамдуу же пайдалуу болбосун андан бала тажайт.
    • Кышында жашылча-жемиштер жокко эсе болгон сон, картошкадан, капустадан, сабизден, кызылчадан, алмадан жана башка сактаганга чыдамдуу болгон момолордон жасалган тамак-ашты кобойтуп кунуго берсе витаминдер, микроэлементтер  менен организм дээрлик олчомдо толукталып турат.
    • Суук мезгилде эттуу тамак-аш ичилсе, ысык мезгилде женил жашылча, жер-жемиштерден тамак желет.
    • Кара жумуш аткарган адам, оспурум эркек балдар кечинде кучтуу тамак жесе болот.
    • Аз кыймылдуу адам учун эн ынгайлуусу кечки тамак бышырылган жашылчалар, салаттар, айран, быштак, ботко жесе болот.
    • Тамак-ашты даярдоо коп убакытты алат, айрым учурда аялдардын убактысынын 50% уй булосунун тамактануусун камсыздаганга жумшалат.
    • Айрым уй булолор ысык тамакты сейрек жасап, нан чай менен азыктанышат же ыссык тамакты коп жасап кайра-кайра жылытып ичишет. Бул созсуз ден соолукка зыянын тийгизет. Уй булодо бир жумага менюну алдын ала пландаштырып, азыктарды ошого жараша даярдап койсо каражатты уномдуу колдонгонго шарт тузулот. Меню тузгондо уй булонун бардык мучолорунун каалоолорун эске алганга аракет кылып кенешип тузулсо жакшы болот.
    • Эгер уйдо кичине бала болсо ага тамакты озунчо жасаган жакшы, бирок мындай учурда тамакка туз жана башка татымалдар кошулбайт


  9. Даамдуу бат жасалчу салаттардан

    1 .Кызылчадан жасалган салат.

    • Кызылча 2даана
    • Мейиз 50гр
    • Алма 1даана
    • Йогурт 100мл .
    • Жангак 4даана

    Кызылчаны сууга бышырып , кубик кылып кесип алабыз. Андан сон алманы да торт бурчтуу кесип, мейиз жангактарды йогурт кошуп аралаштырып алабыз. Витаминдуу салат даяр болду.


    Краб таякчасынан жасалган салат

    •  Краб таякчалары 1пачка
    • Бадыран 3даана
    • Банкадагы жугору 1банка
    • Жумуртка 3даана.
    • Майонез (каалоонуз)
    • Бадыран +краб таякчаларын+жумуртканы торт бурчтуу кесип алып +кжугоруну майонез кошуп аралаштырып алабыз
  10. Бул татымалды 1жумада 1жасап муздаткычка салып койсо болот.

      РЕЦЕБИ:

    • 1ЛИТР УЧУН:
    • 2 ЧОН КАШЫК АЙЛАНА ТОМАТЫ 
    • АШ КОК
    • КИНЗА
    • ТУЗДУУ  БОЛГАР КАЛЕМПИРИ - 1ДААНА
    • МУЗДАК СУУ - 900мл
    • ЧЕСНОК 2-3 ТИШ                                                                                                              1л БАНКАГА ТОМАТ+МАЙДА ТУУРАЛГАН АШ КОК+КИНЗА+ЧЕСНОКТУ САЛАБЫЗ.
    • УСТУНО АЧУУ КАЛЕМПИРДИ МАЙДА ЖЕ УЗУНУНАН ТУУРАП КОШУП,СУУ КУЯБЫЗ.
    • ЭН АКЫРЫНДА ТУЗУН САЛЫП АРАЛАШТЫРЫП АЛАБЫЗ. ТАТЫМАЛ  ДАЯР БОЛДУ


  11. Эн пайдалуу момо ширеси

     Бизге керектуулор.

    • Кок алма
    • Банан
    • Кум шекер
    •  Алманы тазалап, бананды арчып Экоону тен кесип шире чыгаргычтан (соковыжималкадан) откоруп, кум шекер кошуп аралаштырып балдарга берсе болот.
    • Эн негизгиси дукондордогу ширелерге  караганда коп эсе пайдалуу.
    • Ал эми повидло каалоочулар ширеден арткан коюу калдыгын кум шекер кошуп жаш балдарга жедирсе же болбосо булочкалардын ичине начинка катары салып бышырса да болот.
  12. КООЗ САЛАТ

    Керектуу кошулмалар:

    • КАРТОШКА
    • САБИЗ
    • КОНСЕРВАЛАНГАН БАЛЫК (САЙРА)
    • ТУЗ
    • КЫЗЫЛЧА
    • МАЙОНЕЗ
    • ЖУМУРТКА
    • САЛАТ ЖАЛБЫРАГЫ

    КАНТИП ЖАСАЛАТ:

    1. КАРТОШКА+ САБИЗ +КЫЗЫЛЧА+ЖУМУРТКАНЫ СУУГА БЫШЫРЫП АЛАБЫЗ.
    2. АНДАН СОН ТЕРКАДАН ОТКОРОБУЗ. КОНСЕРВАДАГЫ БАЛЫКТАРДЫ МАЙЫНАН АЖЫРАТЫП МАЙДАЛАП АЛАБЫЗ.
    3. ЧОН ТАРЕЛКАГА САЛАТ ЖАЛБЫРАГЫН ТИЗИП УСТУНО ТЕГЕРЕК ФОРМАНЫ ЖАЙГАШТЫРАБЫЗ.
    4. ИЧИНЕ БИРИНЧИ КАРТОШКА ТУЗ МАЙОНЕЗ БАЛЫКТЫ МАЙОНЕЗ САБИЗ ТУЗ МАЙОНЕЗ ЖУМУРТКА ТУЗ МАЙОНЕЗ АКЫРЫНДА КЫЗЫЛЧА САЛАБЫЗ, ЭН УСТУНО МАЙОНЕЗ МЕНЕН КООЗДОП КОЙСОК БОЛОТ.
    5. БААРЫН ИРЕТИ МЕНЕН САЛГАНДАН КИЙИН ФОРМАНЫ АЛЫП САЛАБЫЗ

    ЖАСАЛГАН САЛАТ КООЗ, КОРКУНО ЧЫГЫП КОРГОН АДАМДЫ ОЗУНО ТАРТЫП ШИЛЕКЕЙИН АГЫЗАТ. ЖАСАГАН КОЖЕЙКЕ КОРУП СЫЙМЫКТАНАТ.


  13. Момо-жемиш кактарынын пайдасы.

    Кактарда пайдалуу заттардын 60- 80%ы сакталат.  Дукондордо  сатылган кактардын баары химиялык жол менен кургатылган кактар. Алардын сырты гана жалтырап адамды өзүнө тартып турганы болбосо, пайдалуулугу аз. Ал эми чыныгы кактардын сырткы көрүнүшү кооз болбойт, атүгүл кээде курт-кумурска чыгып кетет, бирок, бул корунуш  химиялык кошулманын  жоктугунан кабар берет.

    -  Кактарды пайдалануунун алдында чаңынан жана химикатынан арылуу үчүн бир сыйра жууп салыңыз. Кайнак суу андагы витаминдерди бузат, андыктан, жылуу сууга жууңуз.

    - Химиясыз кургатылган өрүктүн түсү күңүрт болот, ал эми ачык түстүү өрүк кактар кукурт менен ышталган деп билсе болот.

    - Мейиздин жалтырап тургандарына май сүртүшөт. Көрүнүшү кооз мындай жүзүмдү сатып алуудан качыңыз.

    - Кофенин түсүндөй кара өрүктүн кагынан алыс болуңуз. Демек, аны тазалоо максатында кайнак суу менен чайкашкан. Мындай какта витаминдер аз болот. Чыныгы кара өрүктүн кагынын түсү кара гана болот, даамы да ачуу болбоого тийиш.

    - Кактардын сакталуу мөөнөтү - 6 айдан бир жылга чейин. Алар салкын, караңгы, кургак жерде сакталууга тийиш.

    Кара өрүктүн кагынын курамында калий, натрий, кальций, магний, фосфор жана башка көптөгөн микроэлементтер, витаминдерден болсо A, B1, В2, РР, С бар. Ал бир гана ичтин катышын дарылабастан, организмден ашыкча туздарды айдап чыгат, теринин абалын жакшыртат, кан тамырларды бекемдейт. Эгерде баланын ичегисинде стафилококк бактериясы бар болсо, анын өсүшүн кара өрүктүн кагы 90%га чейин кыскартат.

    Мейиздин ар кандай сорттору бар: кара, ак, уругу менен, уругу жок жана башка. Пайдалуулугу көбүрөөк мейиз болуп кара мейиз эсептелинет. Мейизде бор көп болгондуктан, остеохондрозу барлар үчүн ал өтө пайдалуу азык. Мындан тышкары, мейиз калийге, темирге, магнийге, В1, В2, В5 витаминдерине да бай. Мейиз иммунитетти бекемдейт, уйкусуздуктан, жаман маанайдан арылтат жана аз кандуулуктун алдын алат.

    Өрүктүн курамында пектин, алма, лимон кислоталары, В1, В2, В15, Р, РР, С, А витаминдери бар. Ошондой эле каткан өрүк калийге бай экендигин баарыбыз билебиз. Бир күндө 5 даанадан каткан өрүк жеп турсаңыз, бул организмиңиздин бир күндүк темирге болгон муктаждыгын канааттандырып турат. Өрүктүн кагын маал-маалы менен жеп туруу адамдын кубаттандырат.

    Кактардын пайдасы эмнеде?

    -  Кактарга ууланбайсыз, табигый азык.

     - Алар абдан таттуутоюмдуу келет, курамында кантты алмаштыра алган табигый глюкоза менен фруктоза бар.

     - Организмге пайда алып келүү үчүн көп жештин кереги жок. Күнүнө 5-6 даана кара өрүктүн кагы чың ден соолук үчүн толук жетиштүү.

    - Кактарда көп өлчөмдөгү пайдалуу заттар бар: В витамини, натрий, магний, калий, темир, йод.

    - Күнүнө 5-6 даанадан желген как иммунитетти көтөрөт, чачтын, теринин абалын жакшыртат.

    - Баланы печеньеге үйрөткөндөн көрө как жегенге үйрөтсөңүз, жыйынтыгын дароо эле байкайсыз. Анткени, өрүк менен кара өрүктүн кагы баланын нервин тынчтандырат, натыйжада, ыйлаак балдар жоош боло түшүшөт.

  14. Балдардын начар тамактануусунан:
    1.Шайы кетип, чарчайт;
    2. Тамакка табити жоголот;
    3.Каны аздык, анемия оорусу пайда болот;
    4.Оозунун эки тарабына жаралар чыгып, кургашы мүмкүн;
    5.Ой жүгүртүү начарлап баш ооруйт;
    6.Чачтар суюулуп, өңү өчөт жана түшө баштайт;
    Төмөндөгү көйгөйлөрдүн башка да себептер бар, бирок кээде начар тамактануудан, оорунун күчөп кетишине алып келген учурлар да болот.

    Ар түрдүү аш болумдуу тамак-аш адамды оорудан гана сактабастан, дененин оорууларга каршы күрөшүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатат. Ошондуктан ооруган адам аш болумдуу тамакты ар дайым каалап, каалабаса да жеп турууга тийиш. Аш болумдуу тамак бейтаптын тезирээк айыгып кетишине шарт түзөт. Жаш балдардын жакшы тамактанбай жүргөндүгүн, анын кол булчуңунун жоондугу көргөзөт.
    Эгерде, бир жаштан өткөн баланын кол булчуңунун жоондугу 13,5 см.ге жетпесе, анда бала начар тамактангандыктан организминин начарлап жаткандыгын билдирет.

  15. ДЕН- СООЛУККА ПАЙДАСЫЗ АЗЫКТАР!

    Тойлордо майрам күндөрү жеген тамак- ашыбызга көп көңүл бурбай калабыз. Дасторконго коюлган азыктардын баарын эле татып көрөбүз. Бирок, кээ бир азыктар ден- соолукка зыянын тийгизээрин биле бербейбиз.

    ЧИПСЫЛАР

    Май, туз, уксусту күчөтүүчү кошулмалар кошулган.


    ПОНЧИКТЕР

    Курамында канттын деңгээли өтө жогору. Айрыкча майлуу кант көп.


    ТАТТУУ, КУРГАК СҮТ МЕНЕН ЭРТЕҢ МЕНЕКИ ТАМАК

    Бош ашказанга глютен менен канттын кабыл алынышы тамак сиңирүүнүн иштешин бузат.


    АК ШОКОЛАД

    Чыныгы шоколадга жакындап да койбойт. Курамындагы какао 35 пайызды түзөт. Бир төрт чарчы мындай шоколодда 24 чай кашык кум шекер бар.

    КАРТОШКА-ФРИ

    Кичинекей эле бир баштыктагы картошка фриде 500 калоррия болот.

    ГАЗДАЛГАН ТАТТУУ СУУСУНДУКТАР

    Кола, фанта, пепси инсулинди "алдоочулар" болуп эсептелет. Диабет оорусун чакырат.


    АК НАН

    Эч кандай пайдалуу зат жок.


    ТУЗДУУ КУРГАТМА НАНДАР (КРИЕШКИ)

    10 даанасында 300 калория болот.. Демек, ден- соолукка зыян

    БАЛЫК ТАЯКЧАЛАРЫ (крабовые палочки)

    Транс майлар бар. Белгисиз балык таштандысынан алынат.

    КОЛБАСА

    Орточо көлөмөгү эки кесим колбасада бир күндүк натрий бар. Ал эми натрий башка азыктардан дагы кабыл алынгандыктан бул ашыкча болуп эсептелет.


    СҮТ

    Атайын кагаз баштыктарга даярдалган сүт тери үчүн өтө зыян. Безеткилерди пайда кылат. Холестериндин деңгээлин жогорулатат.


    БАШТЫКТАГЫ ШИРЕЛЕР

    Бул шире эмес. Кадимки эле кургак порошокту сууга эзип куюп коюшат.


    ДАЯР СОУСТАР

    Даамын жана көрүнүшүн жакшыртуу үчүн көптөгөн зыяндуу кошулмал

  16. Ашкана идиш-аяктары, аларды пайдалануу жана сактоо.
    - металл идиштери;
    - фарфор идиштери;
    - айнек идиштери;
    - фаянс жана керамика идиштери;
    - жыгач идиштери;
    - пластмасса идиштери;
    - хрусталь идиштер.

    Турмуш - тиричиликте металл, керамика, айнек, пластмасса жана башка идиш - аяктар кецири колдонулат.
    Металл идиштер: аллтоминий, латунь, чоюн жана  башкадан жасалат. Аллтоминий идиш штампталып жана  куюлуп жасалат.
    Аларга: каскан, кесе, комоч казан, кашык, фляга  жана башкалар колдонулат . Артыкчылыгы; женил, ысыкка
    чыдамдуу (эруу температурасы 658* С), бышырылган тамактын даамы бузулбайт, бардык тамакты даярдоого болот.

    Тазалоо:
    - жацы аллюмипий идишти самын же есумдуктун майы менен майлап туруп, суу же сут кайнатуу керек;
    “Чистота” пасталары менен тазаланат; кара тактарды уксуска нымдалган кебез менен суруп, ысык сууга жууйт.
    Эмаль идиш - аяктарга аллтоминий идиштерди  тазалоочу каражаттар сунуш кылынат.

    Цинктелген идиш:
    цинктелген идишке тамак-аш даярдоого жана ичуучу  сутту кайнатуу га болбойт; туздоого, консервалоого болбойт.
    - цинктелген идишке кир жууса, кайнатса, суу жана керосин сактаса болот.
    Тазалоо: цинк идиш  учун пасталар менен тазаласа болот, же абдан майдаланган  бор менен суруп тазалайт.
    Чоюн идиштер; казан жана башка идиштерди тамакты  куурууга жана бууда бышырууга арналат

    Мельхиор идиштери:
    кашык, вилка, бычак ж. б, менен кебунче дасторкон  (стол) жасалгаланат.
    Мельхиор (никель менен жез аралаш масы )  ийилчээктиги жана бекемдиги менен айырмаланат. Алар зергердик буюмдарды тазалоочу пасталар менен тазаланат.  Тез-тез урунтулган идишти 7-10 кунде бир жо.чу 1 % туу (1  литр сууга 1 чай кашык) нашатырь спирти кошулган ньмдуу су у га жууш керек.

    Фарфор идиштер  (лимон, уксус кислотасына) туруктуу, катуу (бычак менен чийилбеген) ж алтырак жука катмар менен капталган, черткенде шьщгыраган жагымдуу добуш чыгарат.Аларды фарфор идиштерге арналган суюк препараттар менен тазалайт,
    Айнек идиштер:
    Ал ар ысыкка чыдамдуу айнектен пресстелип жасалат.  Алар: стакандар, бокалдар, вазалар, бетелкелер ж.б. Аларды  щетка, чупурек менен суюк препараттарды кошуп жууйт.  Хрусталь идишти ысык суу менен жууса ал кунурттенуп,  жалтырагын ж оготот. М ындай идиштерди даяр концентрацияланган суюк каражаттарды ко.чдонуп жууса болот.
    Пластмасса идиштер:
    Пластмасса идиштери айнек, фарфор, фаянс идиштерге  караганда оной жуулат ,бирок ден соолук учун мындай идиштерди колдонбой эле койгон жакшы.

  17. Саламатсыздарбы, коптон бери тиричиликтен кол бошобой маанга кире албай жаттым. Менин силерге айта турган жанылыктарым булар:

    Жай болуп тоодо оскон дары чоптордон: сары чай чоп (зверобой) ромашка чогултуп, талаптарга ылайык кургатып жатамын.

  18. Биздин Кызыл-Ункур айылы эн тоолуу аймак, дениз денгээлинен 1600 м бийиктикте турабыз. Негизги тиричилигибиз мал чарбасы жана токой продуктыларын чогултуп сатуу.  Негизи аялдарга жумуш жок, уй тиричилиги, балдарды багуу менен алекпиз. Ошентсе да токойдо оскон продуктыларды чогултуп азыраак болсо да киреше табуу менен уй булолук бюджетти бекемдоого салым кошуу менен аракеттенип жатабыз.

    Токойдо оскон дары чопторду GIZ эл аралык уюму тарабынан терип чогултуу боюнча китебин окуп, андагы талаптарды жетекчиликке алып жатабыз.

  19. Июнь айында терип кургаткан сары чай чопту  2 жолу сатып откордук. Жалпы суммасы 50000 сом болду. Балам 29-июнь куну Бишкеке алып барып сатып келди. Бул тапкан каражаттыбызга  токой продуктыларын кургатууга атайын жай салганы жатабыз.

  20. Токойдо оскон момо-жемиштерден алма, кайналы, алча, ит мурун, бору карагат ж.б кургатуу учун атайын электр кургаткыч  салып жатабыз. Себеби,  тоодо аба ырайы тез озгоруп кун тийип туруп эле откун болуп жамгыр жаап кургатылып жаткан электерди жыйноого жетишпей калсан суу болуп сапатын начарлатып жиберет. Уй булобуз менен суйлошуп  кургаткычты узуну 5 м, туурасы 2,2 жерге темир каркастарын тургузуп салып жатабыз.

  21. Азыр токойдо жапайы алмалар бышып, аны терип откоруу сезону башталды. Алманы терип 4 сомдон откоробуз

  22. Кызыл-Ункурдо оскон кайноолунун  тушуму конул кубантып азыркы кундо козго корунуп калды.

  23. Unknown User (уулкан)

  24. Unknown User (уулкан)

  25. Unknown User (уулкан)

  26. Unknown User (уулкан)

    Мен Сиздерге уй булобуз оз кучу менен жабык типтеги электр кургаткыч салып жатабыз деп болушкон элем. Бул кургаткычтын жабдуусу толугу менен бутту.  WhatsApp Video 2020-08-27 at 11.38.27.mp4

    1. Ишинерге ийгилик

  27. Unknown User (уулкан)

    Кызыл-Ункурдо  кайналы бышып кургатып жатабыз. Кайналы сооктуу жемиш болгондуктан кургатууга башка жемиштерге караганда кобуроок убакыт керек болот экен. Жакшы  сапаттуу кургатуу учун кайнаган сууда бланшировка жасап алып, анан кургаткыч электерге салып кургаткычка киргизип жатабыз. Ошол процессти бул видеодон коро аласыздар.

    WhatsApp Video 2020-09-21 at 21.15.35 (5).mp4

  28. Unknown User (уулкан)

    Кайналыны кургатуу боюнча кургаткычка бир жуктолгондо 750 кг салынып жатат. 2 жолу кургаттык. Кургаган кайналынын чыгышы (выход) 1500 кгдан 500 кгдай чыкты же башкача айтканда 3/1 болугу калат экен. Кургаган кайналынын сапаты жакшы.

    WhatsApp Video 2020-09-21 at 21.15.53 (1).mp4 

  29. Unknown User (уулкан)

    Платформанын катышуучуларына Кызыл-Ункурдой тоолуу аймактан салам!

    Биз жангак токоюн арендага токой чарбадан алып, тушумун терип, ошол жерди тебелетпей коруйбуз. Быйыл жангак момо берген жок, ошондуктанбы жангактын баркы билинип жатат.  Мен силер менен болушойун дегеним жангактын пайдалуулугу боюнча:

    жаңгак адамдын иммунитетинин көтөрүлүшүнө, денеден зыяндуу  металлдардын  чыгышына, организмдин радиацияга каршылыгынын жогорулашына салым кошот. Ошондой эле жаңгак мээни азыктандырып, анын иштешин жакшыртат. Жүрөктүн булчуңун жана ашказанды бекемдеп, журок оорусунун алдын алат. Кант диабетинен арылууда салым кошот.  Жаңгактын жалбырагы микробдорду өлтүрүүчү касиетке ээ. Жаңгактын мындан башка да дарылык касиеттери толтура.
    Эс тутумду калыпка келтируудо колдонулушу:

    Бул үчүн жаңгак бальзамын даярдоо керек. 1 килограмм жаңгакка 300 грамм бал кошулат. Ал эми 100 грамм алоэге 300 грамм суу кошулуп, өзүнчө кайнатылып, анан муздатылып алынат. Эми жаңгак, бал, алоэни кошуп аралаштыруу зарыл. Дары бальзамды  күнүгө 3 маал 1 аш кашыктан колдонсо болот.

    Иммунитетти бекемдоодо колдонулушу:

    500 грамм майдаланган жаңгакка 300 грамм бал, 100 грамм алоэнин жана 4 лимондун ширеси, 1 стакан арак кошулат. Аралашма 1 сутка тыныктырылат. Тамак ичерден 30 мүнөт мурун 1 аш кашыктан ичсе болот.

    Пандемияда бекер отурбай изденип колубузда бар азыктарды колдонобуз. Баарынарга ден соолук, аманчылык каалайм!

  30. Unknown User (уулкан)

    Бадамдын пайдасы жонундо:

    Жүрөк оорусуна чалдыккан адамдар үчүн дарыгерлер жумасына жок дегенде 60 грамм бадам жегенди сунушташат. Бадам фосфор, калий жана темирге бай. Ал көбүнчө десерттерди даярдоодо колдонулат.

    Таттуу бадамдын данектерин суу менен жакшылап аралаштырганда, бадамдын «сүтү» пайда болот. Даярдалган бадамдын "сүтүн" ичсе, анда ал заара ушатуу үчүн кыймылдаткыч фактор катары кызмат кылат. Таттуу бадам майы балдарга каршы дары катары колдонулуп келген. Кызылча (кызамык)  менен ооруган балдарга жаңы бадам данектеринин кайнатмасы берилсе жардам берет 

  31. Unknown User (уулкан)

    Органикалык стандарттын талабы  айлана чөйрөгө аяр мамиле жасоо 

    Токойду түгөнбөс байлык катары аесуз мамиле жасалып, био көп түрдүүлүк жылдан жылга азайып бара жатат

    Токойду калыбына келтирүүгө салым кошуу максатында Кызыл Китепке кирген жапайы алманын Недзвецкий түрүн чакан питомникте уругунан сээп көчөтүн өстүрүп жатабыз. Көчөттөрдүн азыркы абалы жакшы, бакубат өсүп жатат, тамыр системасы да жакшы өнүккөн.


  32. Unknown User (уулкан)

    Токой азыктарын терип алып турмуш-тиричилигибизге иштетип жаткандан кийин алгандын ордуна бермек бар.

    Өткөн жылы 1 гектар жердин тегерегин тосуп  токойду көбөйтүү үчүн 2020-жылы апрель айында үй бүлөбүздүн күчү менен  көчөт эгүүгө чуңкурларды алгач даярдап алып,  180 түп жаңгактын, 200 түп кайналынын, 150 түп алманын көчөттөрү тигилди. Келечекте бул көчөттөр өсүп жетилсе токойду көбөйтүүгө биздин кошкон үлүшүбүз болот деген жакшы үмүттөр менен аракет кылып жатабыз


  33. Unknown User (уулкан)

    Платформага салам, мен кургаткычта кургаткан кайналыларга кардар таап сатып жатабыз.

    Бул боюнча томонку видеолордон корсонор болот.

    WhatsApp Video 2020-11-15 at 17.13.24.mp4WhatsApp Video 2020-11-15 at 20.58.02.mp4WhatsApp Video 2020-11-15 at 20.56.22 (1).mp4

  34. Unknown User (уулкан)

    Негизи эле аракетке карайт экен. Оз багыбыздан чыккан кайналыны кургаткандан кийин, айылдагылардын кайналысын да кургатып бердик. Кызыл Ункур айылы тоолуу болгондуктан кайналы кун кургаткычтарда кургатуу абдан узак убакытты алат экен.

    Кайналы кагын көргөн кардарлар тусунө, нымдуулугуна, сапатына карап анан сатып алат экен.  Өзүбүзгө керектүүсүн алып калдык. Кайналы кагын майда коробкаларга упаковка кылып сатууга убактыбыз болгон жок, кар тушуп суук болуп калды.  Ошондуктан каптарга салынган боюнча эле дүңунөн кг 80 сомдон саттык

  35. Unknown User (уулкан)

    Кайналыны кургатуу боюнча ушул видеодон корсонуздор болот

    MVI_3432.MP4

  36. Unknown User (уулкан)

  37. Мен бугун ушул платформага Буажар эженин сунушу боюнча катталдым.

    Озум жонундо маалымат берсем: Сузак районунан болом, азыр шаарда турам. Кесибим мугалим.

  38. Райкан бул маан платформасына катталышын менен кубанычтуу тосуп алабыз.  Бул платформада туура тамактануу, калкыбыздын арасында тамактанууга байланышкан койгойлорду канткенде азайта алабыз, кантип салым кошо алабыз ошол сыяктуу нерселер менен болушуп турсан болот. 

  39. Unknown User (уулкан)

    Платформага салам! Мен балдарды сут азыктары берүү боюнча болушойун дедим.

    БАЛДАР УЧУН СУТ АЗЫКТАРЫНЫН ПАЙДАСЫ!

     Сүт азыктарынын балдар үчүн зарыл тамак экенин баарыбыз билебиз. Анда баланын организмине керектүү витаминдер, микроэлементтер, лактобактериялар бар. Ар бир сүт азыгына өз-өзүнчө токтолуп көрөлү.

     Быштак. Быштакты балага 6-8 айынан баштап бере берүүгө болот. Алгач быштакты эмчек сүтүнө аралаштырып эзип алып, жарым чай кашыктан бере баштоо керек. Бир жашка чыкканда бала бир күндө 50 грамм быштак жеп калууга тийиш. Бул бир жаштагы бала үчүн норма. Быштак фосфорго, кальцийге бай болгондуктан, баланын тишинин, сөөктөрүнүн калыптагыдай өсүшү үчүн зарыл. Мындан тышкары бул азыкта нерв системасын жана боордун ишин жакшыртуучу аминокислота бар. Ал эми минералдардан ал фтор, калий, темир, цинк, магнийге бай. Нормасынан ашыра бергенде андагы белок - боорго, микроэлементтер - бөйрөккө зыян келтирерин унутпаңыз.

  40. Unknown User (уулкан)

    Айран же кефир балага эрте дегенде 9 айынан баштап, колдон келсе бир жаштан кийин бере баштаган туура. Бул кычкыл сүт азыгында баланын ашказанына жана ичегилерине пайдалуу болгон бактериялар ба р. Кефирдин баланын жаш организмине сиңүүсү жеңил болот да, ич катуунун алдын алат. Ал бөйрөктүн ишин жакшыртат жана тамакка болгон табитти ачат. Балдар үчүн айрандын же кефирдин бир күндүк нормасы - 150-200 мл.

  41. Unknown User (уулкан)

    Йогурт.

    Сүт азыгынын бул түрүн 8-10 айлыгында баланын тамактануусуна кошуу талапка ылайык. Башка кошумча тамактар сыяктуу эле йогуртту да 1 чай кашыктан берип отуруп бир жашында суткасына 100 грамм, бир жаштан кийин 150 грамм, ал эми эки жаштан кийин суткасына 200 граммга чейин көтөрүүгө болот. Йогурттун пайдасы да кефирдики сыяктуу эле. Ал баланын организмине 91% сиңет.

  42. Unknown User (уулкан)

     Сүт.

    Уйдун сүтү балага бир жаштан өтмөйүнчө сунуш кылынбайт. Болбосо ал баланын бөйрөктөрүнө күч келтирип, ашыкча салмактуулукка шарт түзөт. Анткени, сүттө казеин белогу көп. Кыскасы, уйдун сүтү менен эненин сүтүнүн курамында өтө чоң айырма бар болгондуктан, баланын организми уйдун сүтүн сиңирүүгө алсыздык кылат. Ошондуктан, бир жашка чейинки балдарга уйдун сүтүнүн эч кандай пайдасы жок. Ботколорду даярдоодо сүттү колдонууга туура келсе, кайнатылган суу менен теңме-тең аралаштырып колдонуу сунуш кылынат. Бир жаштан кийин гана бала бул азыктан өзүнө керектүү кальций, фосфор, магний, натрий, калий сыяктуу пайдалуу микроэлементтерди ала алат. Анда да майлуулук пайызы аз сүттү сатып алуу зарыл.

  43. Unknown User (уулкан)

    Сыр.

    Айрыкча катуу сыр кальцийге, белокко бай. Ошондуктан, балдар үчүн пайдалуу.

    Сырдын үчтөн бир бөлүгү белоктон, үчтөн бир бөлүгү майдан жана үчтөн бир бөлүгү суудан турат.

    Ошондой эле анда натрий, А, В тобунун витаминдери бар.

    Сырды балага качан бере баштоо тууралуу адистер арасында бирдей пикир жок, бири бир жашынан баштап сунуш кылса, экинчиси эки жашынан кийин дейт. Эмнеси болсо да ушул жаштардын ортосунда балага сыр бере берүүгө болот. Бирок, биринчи жолкусунда аздан жана тузу аз, татымалдар кошулбаган сортун берүү керек. Мисалы, "Адыгей" сырын. Алгач бере баштагандагы нормасы 5 граммдан ашпоо керек, ал эми 2 жаштагы баланын суткалык нормасы - 20 грамм. Бирок балага жумасына 2-3 жолу гана сыр берүү жетиштүү.

  44. КЫШК МЕЗГИЛДЕ КОЛДОНУЛГАН ВИТАМИНДУУ АЗЫКТАР

    Ашкабак жана сабиз күз жана кыш мезгилдеринде А-витаминине абдан бай келишет жана бардык үй-бүлөлөр үчүн жеткиликтүү.

     А-витамини көздүн көрүүсү, теринин чың болуусу үчүн өтө маанилүү. Мындан сырткары, суу тийүү, сасык тумоо, өпкө кагыны жана башка көптөгөн оорулардын алдын алат.

     Жаш курагы өйдөрөөк наристе балдарга күнүнө бир чыны (120 г) даярдалган сабиз же ашкабак жеп туруу керек. Албетте, буга чейин биз сабизди салаттарга, сорпого жана башка негизги тамактарга кошуп келгендиктен, балдар аны чийкилей түрдө анда-санда гана жеп келишкен.

    Ал эми ашкабак болсо боткого, сүт аралашкан күрүчкө жана сорпого кошулат. Деги эле ашкабактын кесилген бөлүкчөлөрүн дээрлик бардык сорпого кошууга болот. Сабизди бир нече ай боюу муздак жерге, мисалы, жер төлөгө сактоого болот.

    Темгил тактары жок болсо, ашкабак кургак, салкын жайда 5 же 6 ай сактоого болот

  45. Unknown User (уулкан)

    Айдай азаматсын, эжелерге, энелерге жакшы нмаалымат жазыпсын.

  46. Unknown User (уулкан)

    Тоюмдуу жана даамдуу тамактардан  нокот кошулуп бышырылган этти сунуш кыламын.

    Негизги керектуу азыктар (4 адам үчүн):

    - 2 чай чыныда сууга бышырылган нокот - 300 гр.

     - уй/кой эти

    - 2 баш пияз

     - 2 аш кашык өсүмдүк майы

     - 1 аш кашык томат пастасы

     - Кургатылган 1 кызыл калемпир / жашыл болгар калемпири

     - ¼ чай кашык майдаланган кызыл калемпир (зарыл болсо)

     - 1 стакан ысык суу - Татымына жараша туз

    Даярдоо ыкмасы:

    1. Нокотту жууп, идишке салган соң үстүнө суу куюп, бери дегенде 12 саатка уютуп коюуКийинки күнү табы аз отко ошол эле сууда кайнатып, буурчак жумшагандан кийин ½ аш кашык туз кошуу. Нокотту алдын ала сууга бышырып, муздаткычтын тоңдуруучу камерасында сактоо зарыл.
    2. Казанга май куюп, майда бөлүктөргө бөлүнгөн этти жакшылап кууруп алган соң үстүнө пияз кошуп, табы аз отто 2-3 мүнөт кууруйт.
    3. Ушундан соң ага калемпир жана томат пастасын, бир пиала ысык суу кошуп, эт жумшарганча табы аз отко коюп кайнатуу.
    4. Алдын-ала сууга бышырылган нокотту эт бышып жаткан казанга салынат, табы аз отто 10 мүнөт кайнатат.
    5. Тамак даяр! Бул тамакты жаңы үзүлгөн же консерваланган жашылча менен дасторконго коюуга болот
  47. Unknown User (уулкан)

    Мен силер менен болушойун деген темам жаш балдар учун пюрелерди даярдоо боюнча. Жаш балдар тиши чыга элек мезгилде момо-жемиштерди жей албайт деп бербейбиз, бирок пюре даярдап алып тамактандырсак пайдалуу болот. Кийинки учурда керектуу элементтер тамак ашта аз камтылгандыктан балдар арасында ар кандай оорулардын туролору кобойуп кетти.

    Гиларс менен алмадан жасалган пюре

    • Керектүү азыктар:
      данегинен ажыратылган 1чай пиала (154гр) гилас
      - кабыгы аарчылып жана майда тууралып алынган орточо чоңдуктагы 3 даана алма
      - 1 стакан суу
    • Даярдоо жолу: 
      1 Жемиштерди кененирээк идишке  салуу
      2  Суу чайнекке коюу
      3 Суу кайнаган соң оттун табын кичирейтип, дагы 10 мүнөт кармай туруу
      4 Даяр болгон жемиштен бала үчүн зарыл болгон көлөмдү алып  блендердин жардамы менен аралаштыруу.
    • Пюре даярд
    1. Абдан пайдалуу маалымат экен.

  48. Unknown User (уулкан)

    Сулунун акшагы менен гиластан даярдалган пюре

    Керектуу азыктар:

    - бир пиала даярдалып алынган сулунун акшагы
    - чай пиаланын торттон бир болугундогу гилас пюреси

    Даярдоо жолу:
    1.Сулунун акшагына суу кошуп кайнатып ботко жасап алуу керек

    2.Сулу акшагынан даярдалган ботко менен гилас пюресин аралаштыруу

    Эки азыкты аралаштырганда гиларстын пюреси жакшы даам бергендиктен балдар жакшы коруп жейт.

    Мындай азыктын курамында кальций 37%, фолий кычкылы 23%, белок 9%, калганы темир, цинк, С, А витаминдерин камтыйт.

    1. Мага кадимки гиларстын даамы аябай жагат. Гиларс кошуп даярдалган пюрелер балдар учун да жагымдуу болсо керек.

  49. Ашкабактан балдар учун пюре жасайбыз.

    Кичинекей балдар ашкабактын таттуу даамы менен жегенге кубанышат, ал эми ашкабак абдан пайдалуу.

    Анын курамында организмдеги зат алмашууну нормалдаштырган Т витамини менен кошо ар кандай витаминдердин курамы бар.

    Ашкабактан жасалган пюре үчүн колому кичине ашкабак ылайыктуу, анткени чоң жемиштер анчалык даамдуу эмес жана кабыгын тазалоого коп убакыт керек. Ашкабакты экиге бөлүп, андан соң кичинекей тилимдерге бөлүп, анын бир-экөөсүн кубиктерге бөлөбүз. Ашкабакты  сууда жай отто 20 мүнөт кайнатуу керек, муздагандан кийин блендер менен бир калыпка жеткенге чейин аралаштырып  суу кошуп суюлтуп алуу керек. Татымына жараша май, туз кошуңуз.

    1. Жаш балдар коюу тамактарды жегенде ичи катып горшокто отуруп ыйлашат, ашкабактан жасалган пюре балдардын ичин катырбайт абдан пайдалуу.

  50. Ашкабак алма пюреси

    Казанга буулап бышырылган ширин ашкабак-алма пюреси, балдарга ылайыктуу азык. Кабыгы боз же жашыл ашкабакты тандоо керек, витаминдер жана башка пайдалуу заттар көбүрөөк болот. Алмада  аллергендер аз.

    Ашкабак менен алманын этин бөлүктөргө бөлүп алуу керек кабынан жана уругунан тазалап,  20 мүнөт бышыруу керек. Ашкабак, алма жана мейизди блендердин жардамы менен майдалайбыз.  Бул ден соолукка абдан пайдалуу

    1. Колдо бар азыктан пайдалуу пюрелерди жасоо алда канча арзан жана пайдалуу. Балдар азыктарына ар турдуу кошуулмаларды кошуп жасашат, ага караганда уйдо оз колун менен даярдалган азык сапаттуу жана баалуу

  51. Unknown User (уулкан)

    Мөмө-жемиш ширелери

    Өстүрүлгөн  жана жапайы өсүмдүктөрдүн мөмө-жемишинен даярдалган азык.

    Шире бир түрдүү, аралаш (эки же андан көп түрдүү) мөмөдөн даярдалып, канттуу, газдалган жана коюуландырылган, сапатына жараша тунук, киргилт жана маңыздуу болот. Накта ширеге суу, кант жана башкалар кошулбайт. Ширеге кычкылдуулугуна жараша 5–15% кант кошулат. Тунук, киргил шире даярдоодо мөмө, жемиш жуулуп, майдаланып, пресстелет. Маңыздуу шире даярдоодо мөмөдөн данеги, сабагы жана башкалар алынып, мөмө эзилип, майдаланганча ысытылат да электен өткөрүлөт. Мөмө-жемиш ширесинде баалуу азык заттары (кант, органикалык кислота, витамин, минерал туз, пектин жана жыпар жыттуу заттар) болот. Эң баалуусу – жемиштүү шире, анда эрибеген заттар да сакталат. Ит мурун, карагат, чычырканак, апельсин, мандарин ширелери С витаминине өтө бай келет. Ширелер суусун катары даярдалып пайдаланылат.

  52. Unknown User (уулкан)

    В тобундагы витаминдер

    Тиамин (В1 витамини) организмдеги нормалдуу зат алмашууга, айрыкча углевод алмашууга керек.

    Организмге тиамин тамак-аш аркылуу барат, ошондой эле ичегидеги микроорганизмдер пайда кылат, бирок бул физиологиялык муктаждыкты толуктай албайт. В витаминине суткалык керектөө чоң кишилерде 1,4—2,4 мг, балдарда 0,5—2,0 мг. Бул витаминдин жетишсиздиги ичегинин жыйрылышын начарлатып, ич катат, булчуң алсызданып, ишке жөндөмдүүлүк начарлайт. Тиаминдин аздыгы ооруларга алып келет. Тамак аркылуу организмге витамин жетишээрлик түшсө да өнөкөт аракечтикте ( Өнөкөт аракечтик), кант диабетинде, ичеги-карын жолунун ооруларында витамин жетишсиздиги пайда болот; ошондой эле кээ бир дарылар (мисалы, антибиотиктер) тиаминди бузат. В витамини ачыткыда, айрыкча кургак пиво ачыткысы (100 гда 5 мг) менен нан квасында көп. В витамини көбүнчө чанактуу жана дан өсүмдүктөрүндө, акшакта арбын. Ошондуктан тамакка акшактарды (өзгөчө кара күрүч жана сулу), кесек ундан бышырылган нан кошуу зарыл. Ошондой эле жаныбарлардын боорунда, бөйрөктө, майсыз чочко этинде, жүрөктө көп болот. Тамак бышырууда, кургатууда тиамин аз бузулат. Сууда бышырганда витаминдин бир бөлүгү сууга чыгып кетет. В; витамини кара жумуш жана акыл эмгеги менен иштегенде, суукта көп талап кылынат. Бул витамин сууда эрүүчү витаминдерге кирет.

  53. Unknown User (уулкан)

    Айыл чарба эгиндеринен мол түшүм алуу учун азоттуу жер семирткичтер нормадан ашыкча колдонулгандыктан мөмөлөрдө, жашылчаларда топтолот.

    Нитрат баарынан көп чогулган жашылчалар:

     капуста, картошка, ашкабак, сабиз, бадыраң, дарбыз, коон көп болот экен. Ошондуктан эрте бышкан ушул жашылчаларды колдонууда этияттык керек!

  54. Unknown User (уулкан)

    Килкилдектерди даярдоо

    Килкилдек даярдоо үчүн малдын туяктары копко жай отто кайнатылып даярдалат.

    Кооз чыгышы учун акырындада тарелкаларга тилдин кесимдерин салып, ортолоруна лимон кесимин, четтерине сабизди коюп кооздойбуз. Анан кашык менен шорподон аздан куюп, тарелкаларды муздаткычка 20-30 мүнөт коё туруу керек. Бул кооздолгон жашылчалар ордуларынан жылып кетпей, шорпо менен кошо катып калуусу үчүн керек. Анан чыгарып, үстүлөрүнө шорподон дагы куюп, кайра муздаткычка биротоло тоӊгуча салуу керек. 

    Килкилдек даяр. 

  55. Unknown User (уулкан)

    Быштак 

    Ириген же иритилген сүттү кайнатканда, сары суусунан бөлүнүп алынган коюу азык. 

    Быштак майлуу, даамдуу жана аш болумдуу келет. Ал бир нече түргө бөлүнөт. Уй же кой-эчкинин ууз сүтүнөн жасалса ууз. Быштак (уузду кайнатып, туз татытып, уютат), ириген сүттөн жасалса иримчик быштак (ириген сүттү сары суусу соолгончо акырын кайнатып, каймак куюп, шекер сээп, бышырат), кой-эчкинин туз кошулган сүтүнөн уютулуп жасалса такта быштак же уюткан быштак. (сүткө сүзмөнүн сары суусун куюп, уютат) деп аталат. Ошондой эле эжигей да быштак азыгына кирет;

    2) сүт азыктарын даярдоочу ишканаларда атайын технологиялык жол менен даярдалуучу мүнөз тамак. Быштак майлуу (18%), орто майлуу (9%) жана майсыз кылып даярдалат. Быштакты даярдоодо майлуулугу белгилүү өлчөмдөгү сүт 80°та пастеризациялоо менен, 32°ка чейин суутулат. Сүт 2 ыкмада уютулат. Биринчисинде 5% сүт кычкыл стрептококктуу уютку кошулуп, 40% түү хлордуу кальций (100 кг сүткө 400–500 г суусу жок туз) жана жумур ферментинин 1%түү эритмеси кошулат. 30–32° температурада сүт 6-8 с уюйт. Даяр массанын суусу сарыктырылат жана ныкталат, кээде центрифуга менен быштакты сары суусунан бөлүүгө болот. Экинчи ыкмада бактериялык уютку гана кошулуп, уютулат. Даяр масса каршы-терши кесилип, 38–40°ка чейин ысытылып, 15–20 мин кармалат. Сары суусу жогоркудай ыкмада бөлүнөт. Майлуу быштакта 15%ке жакын белок, 2,4% кант болот. Бир кг майлуу быштак алуу үчүн 5,9-6,9 кг майлуулугу 3,0–3,5% сүт керектелет. Анын белогунда адамга керек бардык, анын ичинде алмаштырылгыс амин кислоталары болгондуктан, баалуу азык.


  56. Урматтуу Уулкан эже

    абдан пайдалуу рецептер менен болушконунузго рахмат,

    озунуздун кесибиниз ким экен билсек болобу! Дайыма абдан сонун

    пайдалуу маалыматтар менен болушуп келесиз, ишинизге ийгиликтер боло берсин!

    Мындан ары да коп-коп маалыматтарды кутобуз.

    1. Unknown User (уулкан)

      Рахмат Каныкей, менин маанайымды которуп койдун.

      Мен Кызыл Уңкүрдө жашаган жөнөкөй эле уй кожейкесимин. Турмуш шартка байланыштуу окубай калганыма окуном. 6 балам бар, окубасам да турмуштук тажрыйбам бар. Биз тоо аймагында жашагандыктан тамак ашты оз колубуз менен жасайбыз. Кыргыз Токой Байлыгы кооперативине мучобуз.

      2019-жылы кооператив тарабынан "Гендердик лидерлер мектебине" келип окугандан кийин коп нерсени тушуно баштадым. 

      Андан кийин конкурска катышып айылдык кызмат корсотуучу болуу менен чакан долбоорду аткарып жатам. Озумдун билгендеримди ушул платформага болушуп жатам.


      1. мен бул платформага катышкандан бери коп нерселерди окуп жатам рахмат. сиздерге озунуздордун бтилгендеринизди болушконуздор учун.

        1. Рахмат билдируунорго, платформага тез-тез кирип тургула.

  57. менин келиним озубуздогу болгонг сут, творог, каймактан кантын аз кошуп абдан даамдуу торторду неберемдин туулган кунуно жасап бизди кубантып турат.

    1. Пайдалуу тамак аштарды тандап пайдалана билсек ар бир уй булонун утушу болмок. Ааматсынар!


  58. Unknown User (уулкан)

    18-19-куну Жалал-Абад шаарында Бишкек мейманканасынын кичи залында "Тоолуу аймактарда тамактанууну жакшыртууга багытталган айыл чарбасы" долбоорунун алкагында Айылдык Кызмат Көрсөтүүчүлөрдүн 2-окуусу болуп өттү. Бул окуу чакан долбоорду аткарган айыл жергесинде жашаган АККлардын башын бириктирип билим денгээлибизди байытуу, аткарган иштерге жоопкерчиликтуу болуп чакан долбоорун жыйынтыгына жетишууго багыт берди.

    Мен бул окууга катышып озумо коп нерселерди алдым, башка чакан долбоорлордун ийгиликтери, койгойлору менен тааныштым. Озум "Токой азыктарын кургатуу" деген темада презентация жасадым.








  59. Unknown User (уулкан)

    19-март куну окутуунун акырында концерттик номерлердин коштоосу менен сертификат берилди.

    ИФОАМ уюмуна Био Сервиске ыраазычылык айтам.

  60. Алган сертификатынар силердин эл аралык уюмдар менен иштоону чакан долбоорлорду активдуу аткарды дегенди тастыктайт. Долбоордун акырына чейин жемиштуу иштешинерди милдеттендирет.

  61. Unknown User (уулкан)

    Мен дагы бир жакшы жанылык менен болушойун дедим.

    1 гектар токойду тосмолоо учун керектуу каражаттар келди,суу чыгарууга тутуктор.

    Тамактанууга кандай байланышы бар экен деген кудук ой кетпесин, токойду тосмолоп момолуу дарак эгебиз, тушуму даяр азык болот, бул келечекке кам коруу.

    1. АЗАМАТСЫНАР! ТОКОЙДУ ТОСМОЛОП ДАРАК ОТУРГУЗУУДА ИЙГИЛИК КААЛАЙМ!

      1. Ооба 1 гектар жерди тосмолоого аракеттер корулуп жатат.

    2. ?????? ????? ???????!

  62. "Асыл Жер" гезитине токой азыктарын кургатуу боюнча жаздым эле, басылып чыкты.

    1. Азаматсын, ушул гезиттен болсо бизгежиберип койсон да болот.

  63. 9-март куну Жалал-Абад шаарында токой пайдалануучулар Ассоциациясынын  "Токойду калыбына келтируу" маселесинде тегерек столго катышып келдим.

       

    Сиздерге чон рахматымды айтамын, алган билимимдин пайдасы тийди. Токой жемиштерин кургатуу боюнча аткарылган иштерди айтсам жалпы жетекчилик жакшы кабыл алышып, колдоо корсотобуз дешти.


    1. Алган билим, шык турмушта бардык мезгилде керек болот. Ааматсын!

  64. Салам, токой азыктарын кургатуу, био коп турдуулукту сактоо, куносканада жашылча остуруу боюнча томонку видеодон коро аласыздар:

  65. Cаламатсынарбы, платформанын катышуучулары!

    Тоолуу айылда жашагандыктан уй булого керектуу азыктарды даярдап алууда аялдар сарамжалдуу болушубуз керек, мен жыл сайын тоок багып жожолорун чонойтуп сатып, уй булого керектуу азыктарды сатып алууга улушумду кошуп келемин. Быйыл да тоокторум жакшы жожолору, бул видеодон корсонор болот:

    WhatsApp Video 2021-05-11 at 09.34.09.mp4

  66. Быйыл 2 тоогум ачып чыкты, базарга алып барып сатуудан тартынып турам. Эгерде кимдир бироого тоок жожосу менен керек болсо мага кайрылсанар болот, таза табигый жем менен багылган тоок.

    1. Cалам Уулкан эже, мага  эне тоок жожолору менен  сатып аламын. 

      1. 1 тоок 10 жожосу менен бир кап унга беремин. Сага канчоо керек?

        1. Уулкан эже, бизге 2 баш эне тоок, жожолору менен Кызыл-Октябрь айылына таштатып коюнуз. Ошол жерден алып аламын.  Мен сизге унду каттаган такси аркылуу берип жиберем.