Welcome to the

Kyrgyzstan
Space shortcuts
Kyrgyzstan KYR
Skip to end of metadata
Go to start of metadata





Долборунун аталышы: Балдар бакчасынын аянтына мөмөлүү бак-дарактарды өстүрүү.


Адрес: Ноокен району, Жалал-Абад облусу


Чакан долборунун максаты: Балдар бакчасынын аянтына мөмөлүү бак-дарактарды өстүрүү менен балдарды компот менен камсыздоо.


Аткарылышы боюнча маалымат: Жалпы 140 түп мөмөлүү бак-дарактар тигилди. Алар: Алма, алмурут, өрүк, шабдалы. Учурда 95% көктөдү. 

Тарбиячылардан ата-энелдерден биригип топ түзүлүп. окуулар өткөрүлдү.






  • No labels

13 Comments

  1. Урматтуу Назгул эжеке,

    Сиздерда балдар бакчасындагы момо-жемиштеринер жонундо маалымат берип турунуздар

    Активдуу болунуздар 

  2. Осмонова Назгул жаны бүткөн бала бакчага бак-дарактардын көчөтүн отургузду.


  3. Назгул бул балдар бакчасынын жетекчиси. Ал ийгиликтерин Дилбар гезити менен болушту.

    1. Рахмат Насипа эжеке

  4. Назгул эже иштеринизге ийгилик  каалайм...

    Бак остуруудогу тажырыйбаларыныз менен болушуп турунуз...

     Коп варианттардын ичинен эмне учун момо беруучу бак остурууну тандап алдыныз? 

    1. Анткени биз жаны ачылган балдар бакчасын куруп ишке бердик,айланасы кооз жана келечекте балдарга таза,сапаттуу компот беруу планыбыз бар ошондуктан ушул багытты тандап алдык

  5. Салам группа,

    Жаны катталып иштоого даярбыз келечекте иш жургузобуз бакчабыз ото жакшы болуп калды

  6. Кош келдиниз, буюрса эми платформага такай кирип, маалыматтарды болушуп турасыз деген ойдомун. 

  7. Назгулдун идеясы меге башнда эле мага жаккан.

    "Бала бакчадагы балдар учун бак тигип, аларга компот даярдап берет" деген идея.


    Бакты жакшы карашкан. Тарбиячы эжекелерге участок  болуп берип каратканы учун, тим эле баары коктогон, илдет да тийбеген.

    Бала бакча коркко болонгонун коруп кубанып келдим откондо.

  8. «Гулзар» балдар бакчасынын жетекчиси: «Эми балдар өз бакчабызда бышкан мөмөлөрдү жешет»

    - Мен Назгуль Осмонова, 43 жаштамын. Жолдошум менен үч уул, үч кызды тарбиялап жатабыз. Орус тили, адабияты боюнча мугалимин. 2019-жылы Момбеков айыл аймагындагы Жазгак айылында биз көп жылдардан бери күткөн заманбап бала бакча жергиликтүү бийлик тарабынан курулуп берилди. Биздин айылыбызда калк жыш жайгашкандыгына карабай мурун бакчабыз жок эле. Элибиз балдарыбызды жайы кышы коӊшу айылдардын бакчасына алпарышчу. Айтып койгон жеӊилдир, бирок иш жүзүндө аябай кыйын болчу. Эми мына азыркы заманга ылайык бакчабыз да бүтүп, иштеп калды. Учурда жогорку, орто, кенже тайпаларда жалпы 85 бала бар. Азыр демейдегидей эле ыргакта иштеп жатабыз. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып Момбеков айыл аймагын жетектеген Жамийла Сейитовага жана анын аппарат кызматкерлерине, жергиликтүү кеӊештин депутаттарына, ошондой эле салымдарын кошкон жалпы ата-энелерге жеке өзүмдүн атымдан жана коллективимдин атынан тереӊ ыраазычылыгыбызды билдирип кетемин.

  9. Туура тамактануу боюнча алгачкы долбоор болду

    Буга чейин эч кайсы долбоор менен иштешкен жокмун, бул менин биринчи тажрыйбам. Долбоорго ЖА АККнын кызматкери Мирлан Мырзакуловдон угуп келип калдым. Биздин мекеме жаӊы курулгандыктан айланабыз кургак, бак дарак жок, какырап турчу.  Биринчиден айлана чөйрөбүздү жашылдандырып, экинчиден мөмөлүү бак тиксек эртеӊ балдарга табыйгый, өзүбүз жасаган ишеничтүү компот, как жасап беребиз деп ойлодум. Ошентип ТАЭСА долбооруна катышып, бакчабызга бак дарак өстүрүү идеясын айттык, ал үчүн көчөт сатып алууга колдоо сурадык. Бизде жалаӊ эле кыз-келиндер иштегендиктен жөөк алып,  көчөттөрдү сугаруу, көктөтүү да түйшүктүү болду. Бирок коллективибиз ынтымактуу, кезектешип өзүбүз суугарып, бутаганын да өзүбүз бутадык. Биздин көчөттөр жаӊы эгилген үчүн карантин учурунда да келип сугарып жаттык.

  10. Кочотторду ийгиликтуу тигип алдык...

    Баары биригип 120 көчөт эгилди. Анын ичинде алманын 4 түрдүү сортунан, шабдалы 2 сортунан, кокон гилас, алмурут, өрүк бар. Көчөттөрүбүз карлик сортторунан болгондуктан быйыл эле экиден, үчтөн мөмө байлады. Бак дарактарыбыз чоӊойсо, башка мектеп бакчаларга да таратабыз. Туура тамактануу жөнүндө маалымат берип жайылтабыз деген чоӊ үмүттөрүбүз бар. Вебинарлардан үйрөнгөн темаларда кесиптештериме, айылдаштарыма айтып туура тамактануу боюнча маалымат жайылтып жаттым.

Kyrgyzstan KYR