Welcome to the

Kyrgyzstan
Space shortcuts
Kyrgyzstan KYR
Skip to end of metadata
Go to start of metadata
  • No labels

101 Comments

  1. Саламатсыздарбы, платформанын  мучолору!

    Аксыда органикалык кайналыны остуруудо бир топ аракеттер, жылыштар болуп жатат, бирок койгойлор да жок эмес. Быйыл кайналынын тушуму аз болгондуктан момосу чон чон болду. Аны кургатуу да коптогон мээнетти талап кылат.

    Мен Аксыдагы Кулук-Добо айылынан болом, 2017-жылдан бери органикалык чарба жургузом. 1,10 га кайналы багым бар


    image2019-11-29_11-29-18.png

    1. Ишинерге ийгилик

  2. Кайналы Аксынын табериги десем да болот.

    Кайналыгы кеч кузго чейин момодогу канты толук калыптангандан кийин терип алса кургатууда выход коп болот. 2,2-2,5 кг дан 1 кг как аласын. Кобу эрте терип сатсам жакшы пайда тушот дейт да терип кургатууга салып коет, натыйжада кайналынын жемиши кургаганда жука болуп соогуно жабышып калат, выход аз тушот. Кайналынын дагы бир жакшы жери тергенден кийин жаны боюнча жакшы сакталат. Кургантуунун да озунчо сырлары бар. Мен кургаткан кайналы кагына кардарлар дайыма табылат, себеби азыктын сапаты негизги корсоткуч болот.

    image2019-11-29_11-42-8.png

    1. Азаматсыз ишинизге ийгилик 

  3. Платформага Аксыдан жалындуу салам!

    Жаз келип, кун жылуу болуп айыл чарба иштерине даярдыктар башталды.

    Жараткан ар бир жерге ырыскы берип жашоо уланат экен. Аксы элине да кайналы остуруу, андан киреше алуу ырыскысы буюрган экен.

    Аксыда кайналыны ар кандай жол менен кургатып сатып келишсе, 2012-жылы "Аксы Био" кооперативинин жетекчиси Карбозов Жуманазар аке органикалык кылып ондуруу артыкчылыгын коро билип, дыйкандарды ушуга ундоп келди.

    Бул адамдын билими, баамы, аналитикалык ой жургутуусу, эмгекке кылган мамилесинен коп нерсени уйронсо болот. Ушул кишинин демилгеси менен Аксынын кайналысын ЕБ олколор таанып, билип калышты.

    image2020-3-6_12-11-43.png


    image2020-3-6_12-14-22.png

    image2020-3-6_12-16-49.png


    image2020-3-6_12-14-42.png




  4. Саламатсыздарбы платформанын мучолору!

    Эл арасында таркаган вирустан жакшы сактанып, сак саламат журосунорбу?

    Мен бугун силер менен болушойун деген жанылыгым бул:

    Япониянын Жайка долбоору боюнча "Бир айыл бир продукт" долбооруна катышып Аксы аймагында ондурулгон  тамак-аштарды коопсуз ондуруп, кутулап башка региондорго тааныталы деп жатабыз.

    1. ишинерге ийгилик 

    2. беш,балдарга оргинал снигерс.Колго жонотсонор баасы биздин чонтокту которсо сатып берем

  5. Аксынын негизги эле киреше бере турган эгини - кайналы.

    Жаз келип кайналы бактарын бутап, бактын алдын актоо-тазалоо боюнча 27-март куну багыттуу топ арасында практикалык окуу откордум. Бул иш чарага 15 адам катышты.  Деги эле Аксыда чаап тазалоо иштери активдуу журуп жаткан убак.

    1. ишинерге ийгилик

  6. Органикалык чарба жургузуудо стандарттын талаптарын толугу менен сактасан гана текшеруудон откоруп тастыкталгандан кийин чарбага органикалык сертификат берилет. Бул сертификаттын негизинде продукцияны чет олкого сата аласын.

    Мындан башка  минералдык жер семриткичтерди, зыянкечтерге жана илдеттерге, отоо чопторго каршы уу химиялык заттарды колдонууга тыюу салынат. 

    Органикалык жер семирткичти уй булонун жардамы менен чарбадан чыккан калдыктарды (кык, кашек, кырмандын калдыгы, ашкана калдыгы, кок чоп)  катмар-катмар салып нымдап уймоктоо  менен узуну 14 м, туурасы 1,5 м, бийиктиги 1,5 м келген 3 уймок компост жасадым.

    1. Мен да 4 уймок компост жасасам болот эле

  7. Соолжандарды чункурда багуу менен биогумус ондуруу боюнча да иш алып барып жатамын.  2019-жылдын апрель айында Сузак районундагы биофермердин чарбасынан калифорния соолжанын алып келип кобойтуу учун багып карап жатамын.

    Траншеянын узундугу 5м, туурасы жана бийиктиги 1 мден. Чала чириген кык, ашкана калдыктарынан тоют аралашмасын салып, нымдуулугун текшерип турамын.

    Устунон кун нуру тийбеши учун картон жана башка материалдар менен жапкам.

    Соолжандан алынган биогумустун курамы чириген кыкка, компостко караганда да кучтуу келет. Биогумус менен багылган жашылчалардын даамы , тусу озгочо болот жашылчалардын курамында витаминдер, пайдалуу заттарды камтыйт экен. 

  8. Чакан долбоор боюнча аткарылган иштерди бул видеодон коруп таанышсаныздар болот.

  9. Саламатсыздарбы, платформанын катышуучулары!

    Аксынын табериги -кайналы бышып терип тапшырууда кайналыны сорттоо, пластик ящиктерге тазаларын иргеп салуу боюнча топтогу аялдарга практика жузундо корсотулду.

    1. Абдан жакшы ишинерге ийгилик

  10. Кардардын талабы - ондуруучу учун созсуз аткарылчу иш. Кайналыны иргеп, тазасын пластик идишке салып тапшыруунун алдында ар бир фермер озуно берилген код боюнча маркировкалап анан таразага тартып атайын накладнойдун негизинде тапшырабыз.

  11. Аспиеттеп остургон, сапатуу, даамы ширин, канттуулугу жогору, ар кандай ооруларга даба боло турган кайналы тапшыруу алдындагы абалы

  12. Апсамат акенин ийгиликтери Белестен жарык корду

    1. Саламатсызбы Насипа эжеке,

      биз азыркы учурда жаны катталыр олтурабыз,буюрса кызыктуу маалыматтарды жонотобуз

  13. Белес гезитинин жамаатына, Насибага ыраазычылык билдирем. Иштеринерди ийгилик коштосун!

  14. Куз болуп тушум бышканда эле дыйкандарда кантип сатам деген койгой башталат. Бизде да ошондой болду. Сан планет Кыргызстан ишканасы сатып алабыз деп алдын ала суйлошулгон эле, бирок андай болбоду.

  15. Кайналыны мондур сабап койгондон сапаты бир аз начарлады. Быйылкы тушумубузду Россиядан Казань шаарынан келген Александр деген киши жаны бышкан кайналыны 15 сомдон алып кетти.

  16. Мен озумдун чарбамдан 1000 кг, жалпы Кулук-Добо айылы  17700 кг жаны терилген кайналыны 15 сомдон саттык.

    1. тушумго береке

  17. Сатуудан калган кайналыны кургатып как турундо сатууга даярдап жатабыз.

    Кулук Добо айылындагы кайналыны канчалык жакшы бышырып анан кургатсан, алынган кактын салмагы, даамы да жакшы болот. Дагы бир жакшы жери кар жааганга чейин да сабактан тушпой жакшы сакталып турат. Айыл эли кайналыдан эле киреше алабыз.

  18. Абсамат аке 

    Аксыда кайналыны кургатасынар анан озунуздор дасторконго коюп жегениниздер аз да, балдарга да беруу керек, пайдасы абдан жакшы

  19. Конфеттердин ордуна кайналы как 

    берип уйротууну жолго коюу керек


  20. Токойду калыбына келтирүү боюнча "Орчун" коомдук бирикмеси Кара-Кулжа районундагы Ылай Талаа айыл окмотунон 110 гектар жерди арендага алып кочот тигүү, момолордун уругунан себүү боюнча иштерди аткарып жатабыз.

    Бул жерге Апсамат аркылуу кайналынын 100 кг соогун даярдап беруу жагын суйлоштук эле. Кеч куздо айтканым учун  70 кгдай даярдап беришти. Чон ыраазычылык билдирем.

    Эми бул кайналынын соогун кышында комуп эрте жазда жерге себууго даярдап койдум. Биз биргелешип аракет кылсак ийгиликке жетебиз.

    2021-жылдын май айларына мен оздоштургон жерге келип коруп салымынарды кошуп кетууго чакырам!

  21. Саламатсынбы Апсамат!

    Мага 2021-жылдын апрель айына кайналынын 1000 даана кочоту керек.

    Бою 0,70-1 м чейин, тамыр системасы жабыркабаган болушу керек.

    Баасын даанасына 15 сомдон толоп беремин. Башка тааныштарын менен да болушуп кой.

  22. Ишинерге ийгилик

  23. Cалам Ашим аке,

    Кайналы көчөтүн сүйлошүп койдум 3 фермер ортодо 1000 даана кочот даярдап бере турган болдук. 

    Март айынын акырларында байланышып туруп, келип алып кетсениз болот.

    Сиздин токойду калыбына келтируу, кыртышты калыбына келтируу боюнча дарактарды отургузган иштериниз менен жакты.

  24. Кайналынын Венгерка сорту – Аксы районунда мурда жашаган келгиндер (орустар, украиндер)  аркылуу остуруло баштаган деп журушот. Мөмөлөрү жумуртка сымал узун, мөмөсу кочкул көк түстө, озгочолугу тышы боз упа сыяктуу каптоо бар,  Бул кайналынын мөмөсү тыгыз жана ширелүү, саргыч-жашыл түстө, данегинен оңой бөлүнөт. Венгеркада чаңдашуу көбүнчө кайчылаш түрдө болот. Бул сортко чандашууга ылайыктуусу "Анна Шпет" сортун бакка отургузуу керек. Калориялуулугу өтө төмөн  мөмөлөрдө:

    • 2% гана май,
    • 8% белок жана
    • 90% углевод бар.

    Бул  озгочо азыктуу момо, курамында май жокко эсе.  Кайналыны ден соолугуна маани берген зат алмашууну жонго салууга аракет жасаган адамдар колдонушат.  Бул сорт  ооруларга жана зыянкечтерге чыдамдуу жана түшүмдүүлүгү жогору. Жакшы мезгилдерде беш жылдык кайналынын 1 түбү ​​180 кг чейин жемиш бере алышат. Он жылдык кайналынын 1 түбү 220-250 кг кайналы терип алса болот.50 түп кайналы болсо жаны бышканда 50 х 200  кг = 10000 кг х 15 сом = 150000 сом.


  25. Мөмөнүн салмагы, г

     15-20 г

    Мөмөнүн сырткы түсү

    Карамтыл көгүш түстө, сырткы кабыгы жука чаңчалар менен капталган

    Жемиштин ички түсү

    Жашыл-сары же алтын түстүү

    Бышуусу

    25-август – 5- сентябрь

    Данектен ажыроосу

    Жакшы ажырайт

    Дарагы

    Түшүмдүүлүгү  бир түптөн/кг

    160-180  кг

    Гүлдөө мезгили

     май

    Чаңдашууга ыңгайлуу сорттор

    Анна Шпет, Венгерка, Ренклод

    Баалуулугу

    Кургатууга, варенье, компот жасоого жарактуу.

    Козу карын илдеттерине туруктуу

    Мөмө берүүсү

    7 -8 жылдан кийин

    Туруктуулугу

     Кургакчылыкка туруктуу, түшүмдүү

  26. Сапаттуу кайналы кагын кантип даярдоого болот?


                                                                                                 

    • Кургатуу үчүн сапаттуу жаракат албаган, кол менен терилгендерин пайдалануу керек.
    • Мөмөнүн курамында кант 12%тен төмөн эмес, кычкылдуулугу 1% кем эмес болушу керек.
    • Кургатууга эң идеалдуу сорт курамындагы кургак заттар 17% тен кем эмес   кайналыны пайдалануу керек. 
    • Жакшы бышып жетилген мөмөлөрдү кургатуудан сапаттуу как алынат.
    • Как даярдоого Венгерка сортторун жана жергиликтүү сортторду колдонууга болот
    • Майда мөмөлүү кайналы (225 даана/1 кг) сөөгүнөн ажыратылган сапаттуу как даярдалат.
    • Кургатылган кактын нымдуулугу 22-23% тен жогору болбосо көпкө сакталат, ташууга ыңгайлуу.
    • Нымдуулугу 28% тен жогору болгондо, сактоо режими өзгөргөн учурда көгөрүп, сапаты төмөндөйт.
    • Өтө кургатканда как катуу болуп, иштетүү учурунда жумшартуу кыйын, даамы жеткиликтүү ширин болбой калат.










  27. Кайналыны как түрүндө пайдалануунун артыкчылыктары:

    • Курамында темир көп болгондуктан кош бойлуу аялдар үчүн абдан баалуу азык;
    • Калориялуулугу жогору болгондуктан организмди тез калыбына келтирет, чарчоону басат, тонусту көтөрөт;
    • Кайналы тамак сиңирүү органдарына, заара чыгарууга, ичти жумшартууга жакшы таасирин берет.Натыйжада организмде топтолгон шлактардан  тазалайт ичеги карын микрофлорасын калыбына келтирет.
  28. Как даярдоодо кургатуучу кайналыга коюлган талаптар:

    1. Минималдык талаптар:

    Кайналынын бардык сорттору атайын жобонун  шарттарын эсепке алуу менен жаңы түрүндө азык катары колдонууга жана кургатууга пайдаланууда адам өмүрү үчүн коопсуз, таза болушу керек:

    • Жабырланбаган
    •  Терилген мөмө азык катары колдонууга жана кургатууга эгерде чирүү, бузулуу  процесстерине жакын болсо уруксат берилбейт
    • Башка аралашмалардан таза болушу;
    • Зыянкечтерден, курт-кумурскалардан жабырланбаган таза болушу;
    • Ар кандай илдеттин белгилери жок таза болушу;
    • Деформацияга учураганы, физиологиялык жактан таза болушу;
    • Сырткы көрүнүшү боюнча нормалдуу нымдуулукта болушу;
    • Башка жыттардан/ башка аралашма даамдан таза болушу;
    • Пайдаланууга жараксыз эгерде жакшы бышпаганы, жашыл болушу, жерге түшүп туруп калганы жана башка нерселерден жабырланганы, закаланганы
    • Кайналы жакшы жетилген, жакшы бышкан болушу;
    • Кайналынын жакшы жетилгени, терилгендеги абалы:
    • Ташууда, жүктөөдө, түшүрүүдө чыдамдуулугу;
    • Көздөгөн жерге жеткирүүдө абалын канааттандырарлык денгээлде сакталышы

    Кайналыны кургатуу үчүн дарактан жакшы жетилип бышмайынча терүүгө болбойт. Жерге түшкөндөрүн сезон ичинде 3-4 жолу терип чогултуп шире, джем, варенье жасоо үчүн иштетилет.  

  29. Кайналыны бутоо, жазда сөңгөктө шире агымы (соко движение) башталганга чейин жасалат.

    Бутоону жургузуу менен даракты формага келтирууго болот.

    Эң популярдуу сейрек катарлуу форма.

    Мындай бутоо кайналы дарагынын бутактарынын арасынан шамал отуп турса, илдеттерден, зыянкечтерден аз жабыркайт. 

    Экинчи жылы бутоону жүргүзүү мүмкүн. Биринчи жылдары интенсивдүү өскөндүктөн, формага келтирип бутоону беш жылга чейин улантуу керек.

    Отургузулган жылы аны бутоонун кажети жок, кийинки жылы жазында ар кандай багытта сөңгөккө салыштырмалуу 45 градус бурчка багытталган 5-7 эквиваленттүү скелет бутактарынын төмөнкү катмарын түзсө болот.

  30. Пайдалуу маалыматтар менен бөлүшкөнүңүз учун рахмат Абсамат аке! 


    1. Рахмат Залкар,

      биз болушкон маалыматтар дыйкандарга пайдасы тийсе онугууго биздин кошкон салымыбыз болот.

  31. Апсамат аке! фермерлерге тушунуктуу кылып жалпак тилде айтып берсениз, Кайналы боюнча адис болуп калдынызго

    1. Салам алейкум Болот.

      Мен жонокой катардагы фермермин. Билгендеримди термелеп эптеп маанга жазып жатамын.

  32. Рахмат Апсамат аке!кайналы кочотторду алдырсак болобу? кандай алсак болот 

    1. Айгерим, кайналынын кочотун сурагандар коп, бирок биздин био фермерлер бактардын алдын тазалап чыккан жапайы кочотторду тазалап турабыз.

      Эски бактардын тубунон чыккан кочотторду казып алып башка жерге кочот кылып остурууго алып кетип жатышат. Биздин айылда кайналынын кочотун даярдаган питомник жок.

  33. Бучур менен улоо боюнча болушойун дедим. 


    Ачыла эле бүчүр менен улоо ыкмасы аркылуу кыйыштыруу адатта гиларсты, кайналыны, алмурутту, алманы көбөйтүүдө колдонулат.

    Алманын кыюу асты катары бизде – Кыргызстанда Тяньшан тоолорунда өсүүчү Сиверс, Недзвецкий жапайы алмалары жана сибирь алмасы пайдаланылат.

     Алмуруттун кыюу асты болуп «токой сулуусу» сортунун уругунан өстүрүлгөн табигый алмурут колдонулат.

     Улоого чейин 2-3 жума мурда кыюу асты (бир жылдык же эки жылдык себилмелер) шире болуп чыгуусун күчөтүү жана кабыгынын ажырашын жеңилдетүү үчүн каныктыра сугарылат. Диаметри боюнча өсүшүн активдештирүү үчүн ичке өркүндөрдүн чокусун үзүп ташташат. Улоонун алдында тамыр моюнчасы тазаланат ал эми өзөкчөсү таза нымдуу чүпөрөк менен сүрүлөт. Улоону кыюу астынын ачыла элек бүчүрлөрүнөн өркүндүн өсүп чыгышын болтурбоо үчүн мүмкүн болушунча тамыр моюнчасына чукул жасашат жана соңгөктүн түндүк жана түндүк-батыш капталына туура келтиришет. Ошол эле учурда энелик дарактан калемче кесип алышат, андан ар бир калемченин жарымын калтыруу менен жалбырак пластинкасын кесишет. Мындай кыйыштырылуучу материал кургап кетпес үчүн нымдуу кездемеге оролот.

    Алгач мумкун болушунча кыюу асты моюнуна чукулураак тундук жагынан улоочу бычак менен Т тамгасы турундо кабык кесилип, жыгачтан болуп алат.

    1. Калемчеден бучуру бар канканча кесет. Кесикти бучурдон болжол менен 6-7 мм томон жактан алуу керек. Бучурду бычак менен бир аз терендетилип кесуу, бучурдун усту жагынан бутот. Калканча мумкун болушунча жука болот. Кабыктын алдынданы жука жыгач катмарын алып салган жакшы.
    2. Бучуру бар калканча кыюу астындагы Т тусполдуу кесикке коюлат.
    3. Сыртына бир бучур калтырып уланган жерди дароо жалпак полиэтилен пленкасы менен тыгыз бекем байлайт.


    Дагы кимде кандай ыкмалары бар болушо кетсенер жакшы болот эле.


  34. Cаламатсынарбы платформанын катышуучулары!

    Мурда жазып калтыргандай Кара-Кулжа районунун Ылай Талаа айыл окмотундо токойду калыбына келтируу учун дарак тигип остуруп жаткан "Орчун" коомдук бирикмеси кузундо 1000 туп кайналы кочотун даярдап беруу боюнча макулдашкан элек.

    Бугун Орчун коомдук бирикмесинин жетекчиси Чатаев Ашим аке машина менен келип кайналы кочотторун алып кетти.

    Бул суроттордон коруп таанышсанар болот.

    1. Апсамат азаматсын! Ийгиликтер коп болсун!

  35. Cаламатсынарбы, мен Ашим Чатаев Кара-Кулжа районунун Ылай Талаа айыл окмотундо "Орчун" коомдук бирикменин жетекчисимин. 110 гектар жерге токойду калыбына келтируу, жерди эрозиядан сактоо максатында  дарак тигип жатабыз. (жангак, алча, кайналы)

    Мага ушул платформанын пайдасы ушуну менен 3 жолу тийди.

    1. Базар-Коргон районунун Аркалык айылында парникте остурулгон жашылча жемиштердин кочотун алганмын.

    2. 2020-жылдын кузундо Айткулов Апсаматтан кайналынын данегин 100 кг даярдап беришти.

    3 2021-жылдын 12-мартында ушул айылдык кызмат корсотуучудон кайналынын 1000 даана кочотун алдым.

    Апсаматтын адамгерчилиги, созуно турган дыйкан экендиги кубандырды.

    Рахмат, иштерине ийгилик, уй булосуно тынчтык-амандык каалайм.WhatsApp Video 2021-03-12 at 14.14.55 (1).mp4

    1. Урматтуу Ашим, алган кочотторду кууратпай жакшы карап дупуйгон бак шактуу токойго айлантууга биздин айылдык кызмат корсотуучулордун кошкон салымы деп эсинерден чыгарбай айта жургуло. Биз тараптан силердей адамдарга керегибиз тийип жаткандыгы кубандырат. Бар болгула!

  36. Бугун айылдык кызмат корсотуучулор чогуу окуп билиммибизди оркундотуп жатабыз.

    Окутууда жаны маалыматтар бар.

    Ар бир АКК озунун чакан долбоорунун аткарылышы боюнча презентацияларды жасап жатышат.

    Мага озгочо Залкар менен Акмат акенин презентациялары жакшы, коп уйроно турган жактары бар экен. Алардын катарында мен да презентация жасадым.

  37. Окуунун акырында эртенки кунго топторго болунуп маалымат алмашуунун турлору  боюнча адамдар менен иш алып барууну уйронобуз.

    Биздин топ озубузго тапырма алдык. 

    Бул суротто ошол эртенки тапшырманы кантип аткарабыз ошону талкулоо мезгили.

  38. кайналы Кочот сатам кимге керек
    1. Мага кайналы кочот керек эле 10 чакты, уйдун тегерениге эккени.

  39. Окутуунун жыйынтыгында айылдык кызмат көрсөтүүчүлөр тарабынан чакан долбоорду аткаруунун жыйынтыгы бааланды жана бул долбоордун аткаруучулары тарабынан сертификат алдым.

  40. Айылдык кызмат көрсөтүүчүлөрдүн билим деңгээлибизди көтөрүп, чакан долбоорду аткарууда кеңештерди берип, жол көрсөтүп колдоо көрсөткөн "Био Сервис" уюмунун тренерлерине, жетекчилигине ыраазычылык билдирем.

    1. Ийгиликтер коп болсун!

  41. Cалам платформа, откондо Аксыга кочотко барганда Жоробай деген фермер менен таанышып, кочоттун тамырына зыян келтирбей жерден тартып алууга машинанын таштанды тетигинен жонокой жабдык ойлоп таап колдонуп жаткандыгы мен учун кызык болду.Силер да коруп фермердин ойлоп тапкычтыгына кубо болуп койгула бул видеодон:

    Фермер ойлоп тапкан кочот жулгуч каражат.mp4

  42. "Орчун" коомдук бирикмеси токойду калыбына келтируу, жерди эрозиядан сактоо учун кочотторду, урондорду эгууго даярдап жаткан учуру.

    1000 туп кайнаалы, 345 түп жангак, 300 туп бадам, баары 1645 туп. Кожогат, карагат дагы кошуп эгебиз.

  43. Кочот эгууго чункурларды даярдоо  иштери жургузулуп жатат. Бул суроттордо Орчун коомдук бирикмессинин мучолору активдуу иш жургузуудо.

    1. ??????????? ????????? ??????? ???????? ??????  ????? ??????? ??????????? ?????????? ?????????.

  44. Саламатсыздарбы жамаат, мен бугун силер менен тамактанууну жакшыртуу боюнча уй шартында тоок багып остуруу менен тамактанууну  жакшыртуунун дагы бир жолун бул видеодон сунуш кыламын.


  45. Азаматсынар, уй булонун тамак аш коопсуздугун, тамактануу рационунун ар турдуулугуно жетишуу учун жасаган аракетинер мактоого татыктуу!

  46. Cаламатсынарбы, Кара-Кулжа районунун Ылай Талаа айыл окмотуно караштуу Чалма айылы тоолуу болгондуктан жаз кеч келет.

    Аксыдан алган кайналы кочотторун  тигиле турган жерди дарыя болуп тургандыктан кочотторду  айла таап жип  аркылуу дарыянын устунон алып отууго туура келгендигин бул видеодон корсонор болот.

    ашим видео.mp4

    1. Кочотту жерине жеткирип тигууго чейин коптогон эмгек кеткен турбайбы?

  47. Эгилуучу кочотторду  жеткизип жайгаштырып алдык, аба ырайына карап тигуу иштери калды.

    ашим видео2.mp4

  48. Аксыда жааган кар кеткенден кийин кайналы бучур ача элек мезгилде клястоспороз, монилиоз сыяктуу козу карын илдеттерине каршы биологиялык препарат бордос суюктугун  оз колубуз менен даярдап чачабыз.

    Бул видеодон бордос суюктугун даярдоо, чачуу боюнча тааныша аласынар...

    Абсамат Бордос суюктугун даярдоо, чачуу.mp4

    1. Дарылоонун ордуна алдын алуу иштерин жургузуу бир кыйла женил. Кайналынын тушуму быйыл көп болсун!

    2. Пайдалуу видео менен болушконунуз учун рахмат!

  49. САЛАМАТСЫЗДАРБЫ,

    ОТО ЖАКШЫ МААЛЫМАТТАР ЭКЕН.

    Агрономдорго суроо

    Кок ташты ак ташка куябы же ак ташты кок ташка куябы?


    1. Мирлан, видеодон корунуп турбайбы, эмне жасалган бордо суюктугу туура эмес жасалган деп турасынбы?

  50. Бугун 15-апрелде кайналы багынын арасына балдарымдын жардамы менен картошка эгип баштадым. Картошка эгилуучу жөөккө мурда даярдалган компост кошуп эктим, буйруса тушуму жакшы болот деп умуттонуп турабыз.

    Томонку видеодон коро аласыздар:

     Компост салып картошка эгуу.mp4

  51. Био Сервис уюмунун жалпы жамаатына ыраазычылык билдиребиз.

    Алардын берген сабактарынын негизинде компост, биогумус өндүрүп туура тамактануу учун өз чарбабызда кеңири колдонуп жатабыз.

    1. Чынында алардын жасап жаткан иштери эл арасында туура тамактанууга чон салым болууда.

      Биогумус ондуросузбу?

      1. Ооба сөөлжан да көбойтүп жатамын.

        1. Кайсыл жерденсиз эже?

  52. Саламатсынарбы, мен озумдун жанылыктарымды Апсаматтын баракчасында болушкум келе берет, себеби ушул жигит кайналы кочотун даярдап беруудо коп салым кошту.



    "Орчун" коомдук бирикмесинде Манас Эшатов баштаган мектеп жашындагы балдардан чон кишилерге чейин кочот тигуучу десанттык топ миңдеген бадамдын,  кайналынын, өрүктүн жана алча өрүгүнүн уругун Кара-Кулжа районунун Ылай Талаа айыл окмотуно караштуу Сала-Таш тоо кыркаларынын этектерине отургузуп жатабыз.



    1. Ашим аке жакшы саамалык экен, иштеринерге ийгилик!

  53. Быйыл апрель-май айларында жааган кардын таасиринен улам Аксыда анын ичинде Кулук-Добо айылында кайналынын тушуму аз, ошентсе да умут кылып турабыз.

  54. Мал чарбасынан башка киреше бере турган эгинибиз эле кайналы эле, климаттын озгорушу калктын жашоо чойросуно таасирин тийгизип жатат .

  55. Саламатсыздарбы, компост, биогумус менен остурулгон эгиндердин абалы менен ушул видеодон коруп таанышсаныз болот.

    video_2021-07-05_13-49-56.mp4

  56. Иммунитетти которуунун эн жонокой ыкмалары.

    Учурдагы КОВИД-19 пандемиясы куч алып турган чакта ооругандардын саны кобойуудо. Саламаттыкты сактоо адистеринин берген кенеши боюнча иммунитети жогору адамдар бул илдетке чалдыкпайт, болсо да ал ооруну оңой женип кетет.

  57. Быйыл Аксыда кайналынын тушуму болгон жок, негизги кирешени мал чарбасынан башка кайналыдан алат элек.

    Быйыл Аксыда кайналынын тушуму болгон жок, негизги кирешени мал чарбасынан башка кайналыдан алат элек.

  58. КОВИД коп адамдарды стреске алып келди. Бул ооруга чалдыккандан кийин кайра калыбына келуу коп убакытты талап кылат экен, ошондуктан пайдалуу рецептерди сунуштайм.

  59. ЭЭ ТУТУМДУ КАЛЫПКА КЕЛТИРҮҮ ҮЧҮН

    Бул үчүн жаңгак бальзамын даярдоо керек. 1 килограмм жаңгакка 300 грамм бал кошулат. Ал эми 100 грамм алоэге 300 грамм суу кошулуп, өзүнчө кайнатылып, анан муздатылып алынат. Эми жаңгак, бал, алоэни кошуп аралаштыруу зарыл. Дары бальзам даяр. Күнүгө 3 маал 1 аш кашыктан колдонулат.

     

  60. ИМУНИТЕТТИ КӨТӨРҮҮ ҮЧҮН

    500 грамм майдаланган жаңгакка 300 грамм бал, 100 грамм алоэнин жана 4 лимондун ширеси, 1 стакан арак кошулат. Аралашма 1 сутка тыныктырылат. Тамак ичерден 30 мүнөт мурун 1 аш кашыктан ичүү сунушталат. Жаңгактын кургатылып, майдаланган 2 аш кашык жалбырагын термоско салып, үстүнө 0,5 литр суу куюу керектелет. Дары чайды түнү менен термосто калтырып, эртеси 50 граммдан 4 маал ичсе таасирин берет.


  61. Адам күнүмдүк жашоосунда өзү жөнүндө жана өзүнүн ден соолугу жөнүндө унутуп калат.

    Ал өзүнүн күнүмдүк көйгөйлөрүн чечүү менен алек болушат. Азыркы заманда адамдын ден соолугу начарлап, бир оорууга чалдыкпайынча же оорууканага жатып калбайынча жүрө беришет. Төшөкө жатып калгандан кийин анан ден соолук деген көйгөй пайда болот. Ден соолук көйгөй болбой тескерисинче жашоо шарты болуш керек. Ар дайым ден соолука көңүл буруп, каарылыка чейин оорубай, дайыма өзүбүздү жакшы алып жүрүш үчүн жаш кезден баштап ден соолугубузду жакшы карап, ар кандай физикалык машыгууларды, тамактануу режимин, ар кандай витаминдерди жана ысык – суука өзүбүздү көп кармабай жүрсөк ден соолугубуз ар дайым чың болот

Kyrgyzstan KYR