Welcome to the

Kyrgyzstan
Space shortcuts
Skip to end of metadata
Go to start of metadata

16.03.2020. Тренер - Жолдошов Болот

Вебинардын шилтемеси

https://transcripts.gotomeeting.com/#/s/de7f6672fa0f314edca2dba7916ea020ca7cf03d2bb009aad6aa8085b360e772


  • No labels

20 Comments

  1. Азаматсынар, бироо окуп уйронот, бироо коруп уйронот. Иштеринерге ийгилик каалайм!

  2. Вебинарга 24 адам катышты. СПУлар: Базар-Коргон, Токтогул, Ноокен ж.б лар

  3. Вебинар убагында жазуу турундо келген суроолор:

    1. Табигый жер семирткичтерге эмнелер кирет?
    2. Органикалык чарба жургузуу негизги трассадан канча км алыс болушу керек?
    3. Топурактын гумусу канча, аны кантип билсек болот?
    4. Ондурушто гендердик балансты сактоону кантип козомол кыласынар?
    5. Органикалык чарбаны кантип боло алабыз?
    6. Кандай органикалык препараттар бар, кайсы жерден алсак болот?
    7. Арендага жер алса канча моонотко алуу керек?
    8. Кулду органикалык чарбада пайдаланса болобу? Комурдун кулучу?
    9. Биз беде эккенбиз, 5-жылы бузуп, ордуна арпа сепсек болобу?
    10. Жергиликтуу соолжандардын активдуулугу томон болобу?
    11. Талаага органикалык жер семирткичти жыл сайын беруу керекпи жн 5-6 жылда берсе болобу?


  4. Топурактын асылдуулугун жогорулатуу ар бир фермердин билим денгээлине, аракетине жараша жургузулот. Мен август 2019-жылы айылдык кызмат корсотуучулордун 3 кундук окуусуна катышкан мезгилде биофермердин чарбасын коргону барып жасаган иштери менен тааныштык. Инамов Мамиржан аксакал 74 жашка чыккандыгына карабастан органикалык калдыктардан жасалган компост даярдоодогу аракетин коруп абдан тан калгам. Эмне учун бул фермер жасаган ишти мен жасай албайм?- деген суроону коюп ушунун устундо иштоону чечтим.

    2020-жылдын июнь айында кайналы багымдын арасына узундугу 14 м туурасы 1,5 м келген 3 компост уймогун малдан жана уйдон чыккан органикалык калдыктардан жасадым. Бкйруса даяр болгондо колдонуп жыйынтыгын сиздер менен болушом.

    1. Апсамат сен туура айтасын, мен да ошол экскурцияда биофермердин жасаган компостун коруп озумо чон таасир алгам. Чынында уйдон чыккан органикалык калдыктар шыпырылып таштандыга кетет. Мен да быйыл оз чарбамда 2 жерде компост уймогун жасадым.

  5. Жердин асылдуулугунун негизги корсоткучу бул топурак кыртышындагы чириндиге байланыштуу болот. Кыртышта чиринди болсо суу, аба, азык заттар топуракта туруктуу камсыз болот. Эгилген осумдукту азык заттар менен камсыздайт. Чириндинин курамы да климатка, топурактын туруно, иштетуу жолдоруна жараша озгорот. Топурактын курамында 1% чиринди болсо, 1 гектар жерде 1000 кг чейин нукура  азот менен камсыздайт. Асылдуу айдалма аянтта жок дегенде 2 % чиринди болушу керек. Бирок ,биздин айдоо аянттарда бул корсоткуч абдан томон 1,20-1,50% тузот, ошондуктан органикалык жер семирткичтерди: кык, компост, биогумус даярдап жерге салуу  иштерин жургузушубуз керек.

    1. Топурак кыртышында чиринди коп камтылса топурактын  тузулушун жакшыртат. Жакшы топурак структурасы женил иштетилет, осумдуктун осушу, момо байлап тушум бериши учун жагымдуу шарт тузот. Чириндиси коп топурак суу откорумдуулугу  болуп  кургап кетпейт, механикалык , жамгырдын таасирин жакшы которот экен.

  6. Мага бул презентация жакты. 

    Мен компосттун пайдасын корсоткум келди.

    • компост - азыктары балансташкан жер семирткич
    • арзан, оз колун менен жасайсын
    • компосттоо мезгилинде 60-70оС отоо чоптун уруктары, осумдуктун оору козгогучтары олуп жок болот
    • топурактын кычкылдуулугун нормалдаштырат
    • топурактагы органикалык заттардын концентрациясы кобойот. 

    Маалымат учун: 

    Туштук америкада компост жасоодо буларды колдонушат экен. 

    • малдардын канаттуулардын кыгы 400 кг
    • чоп, саман 400 кг
    • таза топурак 400 кг
    • комурдун майдасы 120 кг
    • кебек 20 кг
    • 2-4 кг ачыткы 
    • 225 л суу

         Силер компост жасоодо эмнелерди колдоносунар?

    1. Тимур, жазган маалыматын учун рахмат!

      Биз органикалык чарба жургузгон фермерлер компост жасоодо томонкулорду колдонобуз.

      Чырпык, саман, малдардан чыккан кашектерди эн астына салабыз

      ар бир кабатына 20 см дей топурак

      ар бир кабатына чала чириген кык 15-20 см

      кок чоп - чирууну тездетет

      ашкана калдыктары: картошка, пияз, сабиз аарчындылары, жумуртканын кабыгы

      ар бир катмарга суу себилет

      азыраак олчомдо очурулгон акиташтын калдыгы - ысууну тездетуу жана патогендуу организмдердиолтуруу учун

      азыраак олчомдо жыгачтын кулу

      ачыткынын ордуна айрындын, сузмонун суусу

      жыгачтын таарындысы,

      иши кылып колдо болгон органикалык калдыктарды салабыз. Чируу процесин тездетуу учун устун жаап коебуз.


  7. Айыл чарба осумдукторун остуруп, тиешелуу тушум алуу учун  макро-микроэлементтерди камсыз кылуу керек.

     Бул элементтердин баары компостто жана биогумуста камтылган.

  8.  Биз фермерлер осумдуктордун топурактан азыктанышын жакшыртуу учун жыл сайын жок дегенде 1 гектарына 15-20 тонна чириген кык менен азыктандырышыбыз керек. Жер улушу  коп фермерлер мисалы 3-5га мынча кыкты кайдан табабыз деши мумкун. Бул учун азыктандыра турган жерди болжолдуу 3ко болуп бир болугуно 2019-жылы, 2-болугун 2020-жылы, 3-болугун 2021 -жылы  азыктандырса болот, себеби жерге берилген кык 3-5-жылга чейин таасирин берет дешет органикалык эксперттер.


  9. Топурактын асылдуулугун жогорулатуу учун алган билимдеримди колдоноюн деп Сузак районундагы биофермерден соолжандарды сатып алып, атайын чункурда багып жатамын. Мындан алынган биогумусту уй булобуз учун остурулгон жашылча жемиштерге колдонуп келечекте  таза, даамдуу азык тулук остуруп аламын  деген умуттомун.

  10. Топуракты табигый калыбына кайтаруу үчүн, биринчи кадам - ​​аны дүйнөлүк химиялаштыруу шарттарында аман калган зыяндуу микроорганизмдерден арылтуу. Андан кийин топуракка микроорганизмдердин, топурак органимздеринин түшүмдүүлүгү үчүн "өмүр берүүчү" азык заттарды бериниз. Булар чириген кык, компост, биогумус, органикалык калдыктар.  Алар топуракта үй-бүлө катарында жашап, сойлоп, өнүп, учуп, чуркап, топурактын пайда болушунун табигый процесстерин жүргүзгөн жер астындагы жашоочуларга ыңгайлуу шарттарды түзүшөт. Органикалык заттардын агымын камсыз кылуу жана анын жүгүртүлүшүн баштоо - азыктандыруу.

    Топурак кайрадан жанданып, түшүм берет. Ал жерде чындыгында тирүү жана дени сак өсүмдүктөр өсөт. Бул акыры ишке ашканда, топуракты коргоп, аны зыянга учуратпастан, аны темир менен зыянга учуратпастан, химиялык заттарды колдонбостон  микроорганизмдерди узак убакытка жашоосуна шарт жаратуу керек. Топуракты мурунку асылдуулугуна кайтаруу алгоритми ушундай.

  11. Топурак  качан баштапкы калыбына келет? 

    Дыйкан эмне кылышы керек жана ал эмненин негизинде жашашы керек? 

    Топурак (эгер ага активдүү жана компетенттүү жардам берилсе) минералдык жер семирткичтерден жана химиялык каражаттардан көзкарандысыз  болуш үчүн 3-5 жыл талап кылынат. Фермердин азыркы учурда көптөгөн түйшүктөрү бар, бирок алардын арасында эң маанилүү жана жагымдуусу - түшүмдүүлүктү системалуу жана ырааттуу жогорулатууга, эң негизгиси - кирешелүүлүктү жогорулатууга мүмкүнчүлүк берет. Бул топурактын асылдуулугун жогорулатууга корулгон камкордукка жараша ишке ашат. 

  12. Фитоспрорин - курамында Бациллюс субтилис бактерияларынан турган препарат, фитопатогендик микроорганимздердин оорчуп онугуусун токтотот же жок кылат. Бул прерарат осумдуктун жашоосуна коркунуч келтирбейт.  

    Фитоспорин» колдонуу артыкчылыктары:

    • колдонууда ынгайлуу 
    • кыртыштын структурасын жакшыртат;
    • айланасындагы башка осумдукторго зыян келтирбейт;
    • эффективдуулугу жогору, кенен таасир беруу жондомго ээ;
    • жашылча осумдуктору батыраак осот;
    • зыянсыздандыруучу башка каражаттарга кошуп берсе болот;
    • колдонулган осумдуктун иммунитетин которгондуктон туруктуулугу жакшырат;
    • топурак ар турдуу пайдалуу заттар, микроэлементтер менен камсыз болот;
    • баасы арзан, чонтокко ынгайлуу


    1. Фитоспориндин 200 грамдык пакетин алсанар бир сезондо жашылча жемиштерге колдонууга жетет.  5 гр 10 л сууга  аралаштырып колдонсо болот. Аны жылуу сууга аралаштырып колдонуу керек себеби муздак сууда бактериялар активдуу иштебейт , хлор салынган суу же башка химиялык элементтер камтылган сууну колдонууга болбойт . 

  13. Саламатсыздарбы

    Фитоспоринди бардык жашылча жемиштерге гана колдонууга болобу же бак дарактарга да колдонсо болобу.