Долборунун аталышы: Кулпунай остуруу
Адрес: Ала-Бука району, Жалал-Абад облусу
Чакан долборунун максаты:
Кулупнайды өндүрүү менен күндөлүк турмушта пайдалануу жана жергиликтүү калктын тамактануу рационун жакшыртуу. Калктын, айрыкча аялдар ж.а балдардын тамак рационун жакшыртуу.
Аткарылышы боюнча маалымат:
Алгач кулпунайды 3 сотых жерге эгип иш баштаган, ошол жылы күзгө барып 5 сотыхка 1 жылдан кийин болсо 10 сотыхка жеткирип кеңейтип алдым. 2020 жылдын жыйынтыгы менен жалпы тапкан таза киреше 55500 сомду түздү. Ал эми 2021 жылдагы түшүм азыркы күндө терип кардарларга жеткирилүүдө.
Жыйынтыгында эмнелер күтүлөт:
Эгер бизнестик максатта аткарууга катуу киришип жолго коюлса, бир үй-бүлө иш менен камсыздалат. Ошондой эле жакырчылыкты, ишсиздикти азайтууга шарт түзүлөт. Долбоордун бардык катышуучулары пайдалуу билимдерди теориялык жана практикалык түрдө өздөштүрүшөт.
Саламатсыздарбы урматту платформанын мучолору жогоруда аталган кичи долбоор б. ча практикалык иштер башталды.
Оштон жонотулгон 6 кап кочотту кабыл алып эгууго даярдап жаткан учурубуз.
2. Март 13, 2020.
Саламатсыздарбы, биздин кулпунай кочоттор аябай сонун болуп осуп жатышат, буйруса майдын 7-8дерине момолорун терип ала баштайбыз.
12 Comments
Nasipa Mamasalieva
Zhumabaev Khasanbai Хасанбай саламатсынбы,
Долбоордун максатын жазып коесунбу?
Almash Alisherova
Саламатсызбы Хасан мырза!
Кайсы кулпунайдын сорту биздин шартка эн ынгайлуу?
Кайсы сортун остурууну сунуштайсыз?
Zhumabaev Khasanbai
Саламатчылык бар болуңуз Almash айым !
Кулпунайды кандай максатта жана кандай ыкма менен өстүрүүнү каалайсыз!,?
Негизинен кулпунайдын теплицада, ачык поляда жана пленканын астында өстүрүүгө ылайыкташкан, алардын ичинен эрте бышып жетилүүчү, бир жолу түшүм жыйноого жана көп жолу түшүм алууга болжолдонгон сорттору бар. Кулпунайдын аябай көптөгөн сорттору бар аларды даамына, мөмөсүнүн формасы жана түсүнө карап да ажыратууга болот. Кыргызстандагы фермерлер интенсивдүү өстүрүүгө кулпунайдын "Чёрный принц", "Королева Элизавета" жана "Honey(Бал)" сортторун көбүрөөк өстүрүшөт.
Мен өзүм 2 жылдан бери кулпунай өстүрүп жатам. Анын даамын татуу менен менде алардын ар -түрдүү сортторун өстүрүп көрүүгө кызыгуу пайда болду.
Урматтоо менен Хасанбай.
Almash Alisherova
Кутмандуу кун!
Толук жана так информация учун рахмат Хасан мырза!
Жылтырова Сонунгул
Хасанбай кулпунай 0,01га жерден киреше,чыгаша тапкан пайда тууралу кенири маалымат таштап койсон б.а экономикалык картасы?
Мурзакулов Мирлан
Хасанбай амансынбы иним,
Азаматсыздар ,
Сени коруп сенден кулпунай кочот же момосун сатып алып эгип коргондор болдубу?
Момосунун учетун алуу учун экономикалык анализ жургуздунорбу?
Элдин ой-пикири кандай?
Сыргатаева Савринса
азаматсын Асанбай сага - ийгилик!
Nasipa Mamasalieva
Хасанбайдын кулпунай эккендеги ийгиликтерин коруп, озубуздун командадагы Жумагул кулпунай остуруп баштаган.
Хасанбайдын кулпунай остуруудогу тажрыйбасы артып барат.
Сатуунун жолдорун да бир топ изилдеген.
Эми элге кулпунай остуруу боюнча Ала-Бука району боюнча кенешчи десек да болот.
Zhumabaev Khasanbai
Atabai
Хасанбай ассаламалейкум!
Сенин кулпунай остуруу агротехникан (эккенден - тушумго чейин) таппадым баракчанда, жуктоп коесунбу.
Zhumabaev Khasanbai
Саламатсызбы макул жуктоп коемун.
Atabai
Качан жуктолот