Welcome to the

Kyrgyzstan
Space shortcuts
Skip to end of metadata
Go to start of metadata
  1. Тезекбаева Кулжан  Каракол  
  2. Айдарова Айгул -  Жети-Огуз району Липенка айылы    
  3. Дюшебаев Эркинбек- Туп району Чон Тогузбай айылы   
  4. Муканбетов Максат-Туп району Шаты айылы 
  5. Жаманкулова Оторбу - с.Копуро-Базар Талас району
  6. Турдубеков Тилек -Туп району  с. Арал  Суу жетпеген айдоо жерлерде тамчылатып сугаруу системасын орнотуу менен бак өсүмдүктөрүн өстүрүүнү жайылтуу
  • No labels

219 Comments

  1. berdibaimirbekov

    ТАЭСА долбоорунун туура тамактануу боюнча  тренинги 2чи жолу Тепке айылында  болуп отту жакшы керектуу  маалыматтардарды ала алдык.  Жердин курдуулугун жогорулатуу аркылуу молтушум алып,дасторконду жашылчаларга толтуралы деп талкуулап фокус тобунун мучолору коптогон кызуу талкууларды жургузуп тарадык.


    Башка команданын класстерине тушкондуктон, которуп койдум.

    1. Буажар эже рахмаат

  2. berdibaimirbekov

    оа негизинен Ашкабак боорду да тазалайт деп уктум эле сууга бышырып алып жеш керек. Ашкабактын данеги да абдан пайдалуу

  3. Зайна

    Саламатсыздарбы МААН платформасынын катышуучулары. Мен Шамырканова Зайна Чон-Тогузбай айылында активист болуп иш алып барам. Биз 2016-жылдан бери  "Ысык-Кол Органика "  кооперативинин мучосубуз . ПГАЭ долборуна катышып жатабыз. Бизде фокус групада 20 адам бар.

  4. Айжан:

    Мирлан сиздин суроонузга жооп берип койолу Зайна эже кайра кире албай жатат пароль не правильно деп киргизбей жатат дейт Зайна эжебиз.Фокус группа негизи 2015жылда эле Сонунгул эжет топтогон жана тузгон.Жашылчанын турун остурууну уйротуп жашылчалардын сапаттуу урондорун берип аны кенири Тасма жана Чон Тогузбай айылында таралган.2016жылдан бери Ыссык-Кол Органика кооперативинин мучосубуз,органикалык чарба жургузуп келебиз,дары чопторду айдайбыз.


    1. Саламатсыздарбы,биз Шаты органикалык айылдын топ мучолорубуз,7 турдуу жашылча урондорун алып септик.

      7

  5. Айжан:

    ПГАЭ долбоорунун алкагында ошол эле органиканы жайылтуу учун 20 дыйкан фермерлер чогулуп АКК чу болуп иш алып барган Дюшебаев Эркинбектин окууларынан оттуп жатабыз. жашылчалардын(бадыран,помидор,капуста,кызылча,сабиз отуп таза урондорду алып аны биогумус ондуруп жогорку тушум алганга уйронолу деген багытты тандап алдык.

  6. Айжан:

    Биздин топто 20 мучо бар анын 4 эркек,16 аялдар.Туркундоштуруп тамактануу ар бир уй булоодо кыргыздарда аял да,эркек таап келсе биз даярдайбыз,таппаса, озубуз чуркап табабыз,уй булоону багабыз.деп айтып берди мен жаздым.

  7. Айжан

    Ото кызыктуу материалдар.биз турмушта пайдаланып ден соолуктарыбыздын чын болушуна комоктошолу деп айрыкча жаштарды чакырып кетем.Бул платформа абдан пайдалуу, кызыктуу да экен.

  8. Айжан:

    Миндалльды кунуго 5 штук жесе рак клеткаларынын осушуно шарт бербейт экен.

  9. Саламатсыздарбы Урматтуу коллегалар.кандайсыздар мен Алтын эженер.Ортодо мен платформага кире албай иштер менен алаксып байланышка чыга албай калдым.Бирок этно даам азыркы кундо айылдарда кенири кулачын жайып эл суймончугуно ээ болуп жатат.

    25,26 да Бишкеке шаарында Жарандык Коомдук уюму откоргон тренинге Сонунгул,Болот болуп чогуу катышуудабыз.Мени Болот кайра каттады.Жаны почта ачып кирууго туура келди,мурунку  менен кире албай жургом,мындан ары байланышта болом.маанга бат баттан кирип турам.

    1. Жарандык альянс уюму уюштурган тренингдер абдан жакшы өтүп жатат. МААН платформасы менен дагы ушул тренингде Болот байкеден кабардар болдум. Абдан кубанычтамын.

    2. Саламатсыздарбы ,Алтын эже кайра куш келипсиз,Сиз ишиниз менен абдан активдуу эжекебизсиз,кыргыздын салтуу тамактарын даназалап келесиз.

      1. Алтын эже эми сизди МААНдан бат баттан коробуз маалымат алып турабыз деп ойлойм

    3. Алтын эже саламатсызбы, ден соолуктарыныз жакшыбы?

      Сиздин дайынынз коптон бери жок, сагынып калдык.

      Улуттук даамдарды жасап, талбай иштеп журосузбу? Жаны-жылыныз менен куттуктайм!!!



      Барсызбы, кирип турунуз.

  10. Мен МААН платформасына катталдым

  11. Сонунгул,Болоттун берген маалыматтары аркалуу катталып абдан кызыктым.Мен Суусамыр өрөөнүндөгү Кожомкул айылынан болом.Жарандык Коомдун долбоору,Байытылган үн жана андан жасалган тамак аштардын пайдалуулугун элге жайылтуу иштерин жүргүзүп жатам

  12. Сонун эже атыныз чынында сонун

    1. Гулшат рахмаат,эми сен бат баттан маанга кирип билим багажына кошумча маалымат алып коп коп Нарын жергебиз тууралуу андагы туура тамактануу боюнча кандай иштер журуп жаткандыгы тууралуу жанылыетардан кабар лап турсан мындан даа Соонун болмок. ))

    2. Ооба эже сиздин платформаныз ждо кабардармын.

      1. Гульшат платформа жалпыбыздыкы )).

        Нарындан камаз камаз маалымат, суроолорду кутобуз, туура, коопсуз тамактануу боюнча )). 

    3. Саламатсыздар. MAAN бча мага эн биринчи Мирлан кабардар кылды эле. А Сонун эжекем менин кызыгуумдуу арттырууда. Граждандык Альянстын кызматкерлерине ыраазычылык билдирем. Биздин келечекке карай  жол баштарыбызга чон жардам кылып жатат.

    4. Саламатсыз Сонун эже. Нарын жергесинде биогомус жасап чыгарган Калыгул деген агайга кезиктим. Огородуна жасап жаткан убакта кордум.  Жазында  уй комната гулдорумдун топурагына кошуп, гул остурууну пландап жатам. 

      1. Гулшат кандайсын.абдан жакшы экен, мумкун болсо калорофиялык срро жыланды остургон байкенди да платформага каттап койсон жакшы болмок

        1. Саламатсыздарбы Ооба мен маалыматтарды окуп жана кайра кызыккан адамдарга туура тамактануу органикалык чарба жургузгуло туздон туз байланышы бар

          1. Ошондуктан биогумус ондуруу бул биринчи жолу деп тушуном.

  13. Саламатсыздарбы! Жаны жылдын астында ар туркун жер жемиштерди алабыз. Алардын ичинен балдар коп жей турган мандарин. Мандариндин кайсы турун алуу керек? Кимде кандай сунуштар бар?


  14. Саламатсыздарбы жалпы МААН платформасынын катышуучулары.Бардыгыныздарды жылдын жанырган биринчи жаны куну жана 2020 жылы менен куттуктайм.

    Ушул жылда баарыбыздын астыга койгон максаттарыбыз ишке ашып.туура тамактанууну айыл чарбасына байланыштырып , жаны албан албан ийгиликтерди жараталык

  15. Быйыл биздин жыл экен Мамлекетибиз Органикалык жыл деп белгилептир 2020 жылды.Демек коптогон жылыштар болот буйурса.

    Максаттар ишке ашыш учун бардык нерсени озубуздон баштайлы.Активдуу болуп суроо жоопторду таштайлы???)))

    1. Айтканыныз келсин рахмат эже, элибизге тынчтык, кырманыбызга органикалык азыктар толсун, дасторконубузга туркундоштурулгон даамдуу тамак-аш менен калкыбыз дени сак болсун!!!

      Ттаза, коопсуз, ден соолукка пайдалуу азыктарды ондурууго кызыккан, айлана чойрону сактоого салым кошкон жарандардан Маандан активдуулукту кутобуз.

      1. Чындыгында 2011-2018жылдарга караганда элдин кызуугусу артып органикалык продукция ондурууго умтулуп калышыптыр.Биз 7 де Чолпон айылына мониторинге барып ал жерде топтун отунучу боюнча Туура тамактанууну айыл чарбасына байланыштыруу деген темада тренинг отулду.Бул тренинге 14 адам катышышты. ОТо кызыктуу болду жана топтордун отунучу менен январдын аягында коп айыл тургундарынын катышуусу менен ушул тренингди кайталап отуп берууну отунушту.

    2. Мамлекетибизде быйылкы жыл органикалык жыл деп белгиленгени   абдан сонун болду, анткени аймактарда органикалык азык заттарды ондуруу  жолго салынат эле жана азык тулук коопсуздугунун программасы иш жузуно аткарылат эле.

    1. Капустанын бул турун Нарын аймагында дагы остурууну  оркундотсок жакшы болот эле. Ушул материалды  Нарындын элине жеткиргенге аракет кылабыз деген ойдобуз.

      1. Бегайым саламатсынбы.ооба Нарын жергесинде бардык жер жемиштерди остурсо болот,буйурса тажрыйбаларыбыз менен болушуп тыгыз байланышта иш алып барабыз деп ишенем ))

  16. Мен бул маалыматты Био сервис коомдук уюмунун маалыматынан жуктоп алдым бул бизге абдан кызык сиздерге пайдалуу маалымат болот деп ишенебиз

    1. Бердибай мырза маан платформасында кызыктуу маалыматтардан болушуп турунуз, ийгилик демилгенизге!

  17. Азаматсын Бердибай,озуно окшогон жаш мугалимдерди платформага тартып Тепке айылындагы туура тамактануу боюнча жанылыктардан кабарлап тур.

  18. Саламатсынарбы МААН платформасынын мүчөлөру ошондой эле Сонун баарынарды кирип келген жаны жылынар менен чын жүрөгүмдөн куттуктаймын.Ушул жылда проектибизди иш жүзүнө ашырып көп көп ийгиликтерге жетишелик.Мен МААН га катталдым,Гүлшан Кабылбекова Липенка айылы.

    1. Саламатсызбы Гулша эже,рахмаат бирге болсун.

      Платформанын катышуучуларына тааныштырып кетсем Гулша эже абдан мыкты органикалык айыл чарбасын оздуштургон органиканы жайылтууда мыкты Лидер эжекебиз.Озу биогумус ондурот жана жашылча осумдукторунун уронун чыгарат

    2. Гулшан эже саламатсызбы кандайсыздар.Иштеринииздер жакшыбы,элдин маанайы кандай,карантин бутсо жапырт жаз жарыш болот да буйурса ага чейин платформада бат баттан байланышып туралы

  19. Саламатсыздарбы? Мен Нарын облусунан болом. Аты-жөнүм Гулзада Турдалиева. МААН платформасына кирип жатканыма кубанычтамын. Сонун эжеге ырахмат! Граждандык альянс уюштурган туура тамактанууну жакшыртуу  жана азык-түлүк коопсуздугу боюнча тренингдерге катышуу менен көп нерселерди үйрөндүм. Буюрса, бул аянтча аркылуу кызматташабыз, пикир алышабыз деген ойдомун.

  20. Гулзада куш келипсин.Рахмаат Гулдзада сендей жаш кадрлардан коп жанылыктарды кутобуз.Себеби Гулзада Нарын шаарында журналистка болуп иш алып барат.

    Демек жанылыктардын жарчысы )).ошондуктан МААН дагы пайдалуу материалдарды Нарын элине жеткирип турууга толук мумкунчулугу бар активдуу кызыбыз.

    1. Саламатсызбы Сонун эжеке? Иштериңиз жакшыбы? Көптөн бери байланышпай кеттик.

  21. Кутмандуу күнүңүздөр менен урматтуу достор! Менин атым Бектурсун Такелеев. Бул платформага 2 жыл болду катталганыма. Кызыктуу маалыматтарды окуп турамын жана өзүм да айыл-чарба тармагында иштеп баштадым. Талас облусунда Азра аттуу компанияда. Буюрса бул компаниянын продукциялары жана кызматтары тууралуу Сиздерге байма-бай маалымат берип турам. Менин ватсап жана телеграмм номерим 0770375718 Бектурсун. 

    http://azra.kg/ru/

    1. Бектурсун салам алейкум,абдан жакшы Азра компаниясын угуп, телеграмдагы группалардан маалымат алып эле журом.Карлик алмаларга кызыгабыз, биз органикалык жол менен остуро алабызбы?.Кочотторду жанагы уй-сут долбоору сыяктуу иштерди кылсаныздар, элге да Сиздердин компанияга да жакшы болмок.Отургузгандан тушумго чейин жетелеп, кочоттун жана кызмат акыларынарды макулдашуулардын негизинде, тушумдон кайтарып алмаксыздар.Компания жетекчилери менен суйлошуп корсонуздор ар бир айылдан 10дон кишиге дем участок кылып ушул ишти жургузсок, мобилизацияга жардам бермекпиз "Ыссык_кол Органика"кооперативинин жетекчилигинин астында..  

  22. Бектурсун абдан жакшы,маалыматтарынды кутобуз.Азра жемиштери абдан мактоого татырлыктай.Биз ошол интенсивный   момолорду оз жерибизде органика жолу менен остуро алабызбы,канда йкенеш бере аласынар,алдын ала рахмат.

  23. Саламатсынарбы коллегалар.Жарандык Коом уюштурган Школа фандрейзиг боюнча 6 окуу болуп отту.Окуулар абдан кызыктуу жана жогорку денгеелдеги тренерлер отуудо.Бул окуулар жеке потенциалды жогорулатуу аркылуу, Коомдук Уюмдардын онугуусуно зор салымын кошот деп ишенем.Жарандык Коомдун жетекчилигине жана уюштуруучу топко чон ыраазычылык билдирем.

  24. Шаты айылында АКК чу,Муканбетов Максаттын иш аракеттерин корууго мониторингге барып, учрда отулуп жаткан тренинге катыштым.топтордун кызыгуусу абдан жакшы.

    Туура тамактануу жана коопсуз тамак аш дегенди тушунуп калдык.Созсуз органикалык чарба жургузолу,бирок ушул тренинге куйолорубузду,балдарыбызды катыштыралы,кайра кайталап отуп берууну суранышты

  25. Чон Тогузбай айылында ФГТ топторунун жолугушуусу болуп учурда иш пландарын тузушуудо,Бул айыл 2014 жылдан бери органикалык чарба жургузуп келишет.Бишкек шаарында "Дыйкандан-туз"деп алуучу адамдар менен байланыш тузуп ар бир алуучунун суроо талабына жараша органикалык сапаттуу жашылчаларды остуруп берууго милдеттенме алып жатышат.Биз тараптан ТАЭСА долбоору аркылуу урон берилет жана окутуулар болот

    1. Сонун эже топко ийгилик!

      1. Рахмаат Гулзада,силердин да ары туйшуктуу,мактаарга татыктуу иштеринерге зор ийгилик,карапайым элдерден алкыштар боло берсин!))

  26. Учурда Корея мамлекетинин Койка окмоттук уюму менен жолугушуу болуп отту жана алар органикалык картошка, алма,орук жана дары чопторго кызыкдар экенин бул жылы изилдоо жана аналитика жургузулоорун октябрь айларында долбоор аркылуу урондон сатып алууга чейики чынжырча кызматтарды корсотуулору жонундо маалымат беришти.Ошондой эле кооперативдин мучолору менен жолугуп алардын жана жердин органика экенин анализдеп эгер тастыкталса иштешеерин айтышты.Демек органика чарба жургузуу озубуздун ден сооолугубузга керек жана башка мамлекеттерди да органикалык продукция кызыктыраары маалым болууда.

    1. Сонун эже,Корея мамлекетинин Койка окмоттук уюму менен жолугушуунуздар жемиштуу болсун, кооперативдин потенциалы оссун, органикалык продукцияларды Кыргызстандан сырткары экспорттоого дагы фермерлерибиздин мумкунчулуктору ашсын!!!

      1. Рахмаат Гулзада,эгерде Койка биздин кооперативди тандаса абдан жакшы иштер болот.Алар ноябрга чейин изилдоо иштерин жургузуп,андан кийин башталат экен иштери.Бирок биз бир дары чопту демонстрациялык 5участокко сепкени жатабыз.Эгерде жакшы болсо кийинки жылы валерианадай чон аянттарга айдайбыз буйурса

  27. Органикалык чарба жургузуу бул ден соолуктун булагы,биздин ден соолук биздин колубузда.Органика чарба жургузуу принциптерин билсек жана туура жерди иштетсек абдан жакшы болот озубуз учун да биздин остургон жашылча жемиштерди сатып жеп жатышкан жарандар учун да.

  28.  ден соолукта болуу учун туура тамактануу керек. ушул себептен кош бойлуу келиндердин арасында "Кош бойлуулардын жана 2 жашка чейинки балдардын тамактануусу" боюнча тушундуруу иштери жургузулду 

  29.  "Туура тамактануу" боюнча окуучуларга семинар отулду

  30. айыл тургундарына "Туура тамактануу" боюнча маалыматтар берилуудо

    1. Саламатсынарбы, Насыйкат эже бул кайсыл айылда? Туура тамактануу айыл тургундарынын койгойун чечип, аз камсыз болгон уй булолордогу ооруларды азайтууга жардам береби? 

      1. Саламатсынбы Сапаргул,бул Тепке айылында,Насыйкат туура тамактанууда айрыкча озубуз ондуруп жеген тамакка эч нерсе жетпегендиги тууралуу маалыматтарды беруудо

  31. Азаматсын Насыйкат ,абдан жакшы иш чараларды откоруп жатасынар элге пайдалуу

  32.  Биздин Чон Тогузбай жана Тасма айылдарында да активдуу иштер болуп жатат,органикалык чарба жургузуудо мурда кызыкпаган элдер ойгонуп жакшы аракеттерди жасашып окууга активно келет элек деп уйронуу учун коптогон суроолорду берип консультация алышууда 

  33. Саламатсыздарбы Органикалык чарба жургузуудо созсуз биринчи талабы которуштуруп айдоо болуп саналат.Которуштуруп айдоого дары чопторду остурунуздор.мышык тамыры Кыргызстан боюнча бирден бир баасы белгилуу продукция,арзандабайт,кымбаттабаса.

    1. Эркинбектин чакыруусуна кошулам,дары чопторду айдоо аркылуу которуштуруу жолу менен турдуу жер жемиштерди остуруп дасторконубузду байытабыз,жана ар кандай ооруларга астын ала чара жургузобуз

  34. Баарыныздарды мышык тамырын остурууго чакырам,Остуролу десениздер Ыссык-Кол Органика кооперативи окутуп уйротот.

    Кайрылыныздар,сураныздар,остурунуздор!

    1. Кооперативке мучо болобуз деген дыйкандар дары чопторду остуруу бул талабыбыз,себеби дары чоптор которуштуруп айдоо учун керек.дары чоптон кийин башка осумдукторду остурсок оорусу жок тушуму жогору жер жемиштерди остуруп коопсу,туреундоштурулгон,туура жана таза тамактардан тамактанабыз.))

  35. Мышык тамырын остуруу аркылуу- органикалык чарба болосуздар,оорулар болбойт- жерде жана озунуздордо,уй булоодо,экономикалык абалыныздар да которулот.

  36. Буйурса жаз келди,жаз келди демекчи кар кетип жер эне бизди кутуп турган чагы.Сиздерге эскертме маска кийип огордо 1 саат иштеп жатабыз да ,ошондо осумдук айдай турган жерлерди кетмендеп, анан тырмап койунуздар, жер дем алып, чоптор чыгат, кайра тырмап койобуз 15 апрелге чейин бкун алыс.отоо чоптордон арылуу жолу механикалык,

  37. Саламатсыздарбы урматттуу коллегалар кандайсыздар?Кимде ким жерин которушутуруп айдап оорусуз,дени сак осумдук остуробуз десениздер бизге кайрылыныздар уйротобуз.дары чоптордун кочотторун сатабыз.))

  38. Саламатсыздарбы МААН платформасынын катышуучулары.мен 2014жылдан бери органикалык чарба жургузуп келем.Ушул органикалык чарба жургузуумо" Ыссык-Кол Органика"кооперативинин жана Био Сервис коомдук уюмунун салымы зор.Ушул эки уюмга озумдун жана Тасма,Чон Тогузбай айылдарынын атынан ыраазычылык билдирип койойун дегем.

  39. ТАЭСА долбоорунда да АКК чу болуп иш алып барам.Азыреы кундо 20максаттуу тобубузга урондорду таратып бердик.кичи парниктерде помидор капусталарын остуруп жатышат.Туура тамактануу учун,жашылча жемиштерди органикалык жол менен ондурууну 3 айылга кенен жайылтып тушундуруу иштерин,маалыматтарды кобуроок айтып, жаны багытта иш алып баруудабыз.

  40. Саламатсыздарбы ТАЭСА долбооруна кирип катталдык. Ушундан урондорду алып остурупжатабыз. Буюрса жакшы долбор экен. Жакшы иштешели. Чон Рахмат 

    1. Динар катталышын менен,бул платформада силерге пайдалуу туркундоштуруп коопсуз тамактануу учун ото керектуу материалдар бар,окуп жана оз тажрыйбаларынарды, сепкен органикалык осумдукторунорду суротко, видиого жуктоп жонотуп тургула

  41. Баарынарга ийгилик

  42. Саламатсыздар кесиптештер!

    Биздин АКК MAAN платформасына кируудо бир аз кыйынчылыктар болуп жаткандыгына байланыштуу алардын аттарынан маалыматты мен берип коюуну чечтим. 

    Каракол айылында топтун мучолоруно  парниктерде жашылча осумдуктордун кочотторун остуруу боюнча Тезекбаева Кулжан трениг отуп, парниктерди орнотуп, жашылчалардын уруктарын алып берди.  Ысык-Колдун чыгыш болугуно жаз-жай кечирээк келгендиктен кочоттор майдын 15-20 ларынан кийин огороддорго отургузула баштайт. 








    1. Жакшы тушумдуу болсун ишинерге ийгилик

    2. Ишинерге ийгилик 

  43. Саламатсыздарбы, кесиптештер!

    Ысык-Колдо, жашылча осумдуктордун кочотторун парникте остуруп алып, топтун мучолору ачык топуракка отургузуп жатышат.

    Ар бир топтун мучосу оз огороддорунда жашылча осумдукторун остуруп, эклогиялык таза, витаминдуу тамак-аш менен уй-булосун камсыздоого мумкунчулук алышты. Жай бою жаны (свежий) жашылча жеп, кузундо  кышкыга консервация кылып, даярдап алышат.


    1. Абдан  сонун демилге бизде кобунчо кышта жашылча жемишти аз колдонуп калабыз.

    2. Тушумунор берекелуу болсун!

    3. Абдан жакшы парнигиниз озунчо эле рай болуптурсун Рая эже 

  44. Быйылкы жылдын картошка өстүрү 

  45. Бугун бизде Шаты айылында тренинг болду,бизге керектуу нерселерди урондук.Озубуз остуруп жаткан  Калифорниялыксоол жандын кобойушун кордук.Осумдукторубуздун органикалык жолдорун уйрондук

    1. Азаматсыздар ишинизге ийгилик 

  46. Саламатсыздарбы маан платформасынын катышуучулары  Мен Шаты айвлынын органикалык чарба жургузуу долбоорунун лидеримин

  47. Бугун Шаты айылында осумдуктордун оорулары жана дары чоптордун маанилуу экендиги тууралуу сабактан тушунук алдык,осумдукторубуз жакшы осуп аткандыгын Сонун айтты.


  48. Саламатсыздарбы маан платформасынын катышуучулары ,бул платформа тууралу Майрамбек байкеден угуп,Сонун эже аркылуу катталдым

    1. Cаламатчылык Дастан МААНга кош келениз. абдан жакшы органикалык чарбаларынызды тажырыбыйбаларынызды 

      болушум сурот маалымат жуктоп турунуз келгенинизге кубанычтабыз 

  49. Мен озумду тааныштырсам Нарын районунун Доболуу айылында Органикалык аймактын мобилизатору болуп иш алып барам,долбоорлун алкагында коптогон жаныланууну окуп уйронуудобуз

  50. Менин гул бакчам,  эко паркым

     РЕАЛ ОРГАНИК деген жакшы семирткич ,стемулятордун результаты .Сатыкта менде бар алгыла .Эфектиси зынк экен .
     1га жерге 5л. Кетет .5л.баасы 800 сом .1л. 160 сомдон алып чачкыла кеч боло электе .Жуктукуна кошуп деле чачсанар болот .

    1. Паркыныз укмуш экен

    2. Эн сонун негизи эле бак дарактар ден-соолукка ото пайдалуу

  51. Кара куурай (конопля) - аябай 'пайдалуу' куурай.
    Көптөн бери жаза албай жүргөн тема. Тепкилебегиле.
    Мен мурун күлөт элем. Бирок азыр эмес.
    Кептин баары кара куурайдагы майда, крахмалда жана волокнолордо. Волокнолор абдан туруктуу келип, көп жерде колдонсо болот жана экологиялык таза, чирип кетүүчү зат.
    1 гектар кара куурайдан жасалчу кагаз, 4 гектар токойдон жасалчу кагазга барабар жана сапаты/туруктуулугу абдан жакшы. Бактар кыйылбай, жөн эле жагылып жаткан кара куурайдан кагаз жасаар элек.
    Көмүртек (углерод) композиттери кара куурайдан жасалат. Бул болсо баардык сферада колдонулат - машина, самолет куруу ж.б.
    Эн кызыгы, кара куурайдын күкүртү салынган ок тез учат экен, берки күкүрттөн жасалганга караганда.
    Эмне кылышыбыз керек:
    1) Кайра иштетүү инфраструктураларын курушубуз керек.
    2) Кара куурай биздин жерде абдан жакшы өсөт. Өстүрөм деген дыйкандарга ЛИЦЕНЗИЯ берип, өстүргөнгө шарт түзүп беришибиз керек. Тетрагидроканнабинол (наркотикалык зат) аз сортторду алып келип, айдашыбыз керек (Чүйдө өскөн сорт ушуга жакын болсо керек).
    3) Башында экспортко иштесек болчудай. Кийин өндүрүшкө салсак болот.
    Өнүккөн өлкөлөр өндүрүш үчүн кара куурай өстүрүүнү мурун эле жолго салган жана үзүрүн көрүп келе жатышат. Эмнеге бизде болбосун.
    Кара куурайдан ушул продукцияларды жасаса болот:
    -Аркан, жип
    -Парус
    -Ткань
    -Кийим
    -Бут кийим
    -Кагаз
    -Биотопливо
    -Курулушматериалдары
    -Машинакурууда колдонулат
    -Батарейка жана аккумулятор
    -Краска
    -Пластик
    -ДВП
    -Памперс
    -Сумка
    -Жаныбарларга тоют
    -Суу май
    -Сут
    -Ун
    -Косметика
    -Шампунь
    -Килем
    -Порох
    -Дары
    -Самолеттун деталдары
    -Герметик
    -Утеплитель
    -Мебель ж.б.

    1. Алманбек ооба мен да колдойт элем, азыр кошуна олколор уруксаат алып райондоштуруп канапля айдап башташты,бизде уруксаат болсо айдайт элек, айдай турган шартуу жерде жашайбыз,манызын тушунбой эле куло беребиз да

  52. Гилас ,Кокон гиластин сиз билбеген сырлары...

    Бул оорудан көбү жапа чегишет , бирок көбү айталбай отуштуруп операцияга барышат , андан да жакшы болуп болбогондор да көп кездешет.

    Бул геморрой...

    Гиластын бышып турган мезгили анын геморройго пайдасы бар экенин уктуңуз беле ??? Кантип деген суроо жаралдыбы ????

    Ал жөпжөнөкөй , гилас же кокон гиласты уругу м-н жейсиз , өлчөмү чектелүү 1 кгды 3 кундо данеги менен !!!!
    Кантип таасир кылышы мүмкүн дээрсиз , ал арткы түз ичегини массаждап өзүнө келтирет .

    Андыктан азыр бышып турган мезгилде жеп геморройдон биротоло арылыңыз

    Оорубаныздар....

    Интернеттен алынды..

  53. Узакка ыкшып созулган жотолго, өнөкөт бронхитке бийи алманын шагы дары болот. Ал үчүн бийи алманын шагынан сындырып алып, үстүнө кайнак суу куюп, акырын 30`минутадай кайнатат, суунун түсү анардын согундай болуп калат. Сүзүп алып бир күндө 4-5 жолу 100-150 гр дан иче берет, тоюп турганда ичилбейт. Он күн ичкиле, жотол басылып калса деле иче бергиле. Суроттогучо шакты 3л сууга кайнатсанар 2литрдей калат. Мындан сырткары бийи алманын ичиндеги уругун да сууга кайнатып ичсе, жотолго жакшы болот. Бийи алманын өзүнү майда туурап сүткө кайнатып ичсе жотолго, бронхитке жакшы жардам берет. Аптекадагы дарылардан көрө дарылыгы өтө жакшы. Ден соолугунуздар бекем болсун, баарыныздарга аманчылык каалаймын!
    Ташбү Жамиловна

  54. Саламатсыздарбы! 

    Көптөн бери аталган платформага маалымат менен бөлүшө элек элем. Долбоордун алкагында жасалып жаткан иштер менен тааныштырып койсом. Долбоор менен  алынган Түштүк Кореянын жер-жемиштеринин уруктары, Шаты айылынын 22 үй бүлөөсүнө бөлүндү. (Март айына карата маалымат).


    1. Рахмаат Максат,маалыматына дагы видио кутобуз

    2. ишинерге ийгилик 

  55. Май айынын аягында долбоордун катышуучулары  жер-жемиштердин отургузулушу жана өсүшү тууралуу маалымат беришти.

    Долбоордун максаты: «Органикалык чарба жүргүзүүнү-туура тамактанууга байланыштыруу”

    Долбоордун милдети: Шаты айылынын максаттуу топторунун мүчөлөрүнө Органикалык чарба жүргүзүүнү окутуу жана үйрөтүү, сапаттуу жашылча жемиш үйрөндөрү менен камсыздап,туура тамактанууга шарт түзүү, биогумус өндүрүү.

    1. Органика кылып жакшы кылыпсыз тушумдуу болсун

    2. Азаматсыздар ишинерге албан албан ийгилик 

  56. Саламатсыздарбы коллегалар,АКК чулордун бардыгы эле оз алкагында жакшы иштерди кылууда бирок маалыматтарды жуктоодо кыйнчылыктар болуп жатат,

    Экинчи тренингде атайын 1 кундук маан платформада катталуу, материалдарды жуктоону практика жузундо иштеп чыгууну командабыз менен суйлошуп жатабыз.

  57. Жогоруда 20майда болуп откон "Менин отганикалык чарбам" аттуу презентацияны жоноттум,катышпай калгандар болсо, окуп суроолор болсо байланыш телефон 0702918580.Суроо коментарийлерди кутобуз.

    1. Маалыматтар учун рахмат 

  58. Урматтуу коллегалар "Коопсуз тамак аш-жашыл чарба" презентациясы, сиздер учун кызыктуу болуп калаар деген ойдомун.Сиздерден кайтарым ой пикирлерди кутобуз

  59. Саламатсыздарбы маан платформасынын күйөрмандары,мен Шаты айылынын Органикалык чарба жүргүзүүчү тобунун мүчөсүмүн ушул ТАЭСА долбоорунун жүргүзүп жаткан иштерин кичине окуп таанышып абдан ыраазы болдум.Бул платформа тууралу Сонун эжеден 100 жолу угуп,Максат каттаса деле кайра кирбе албай жүргөм ,бүгүн аябай аракеттенип жатып кирдим

  60. Сымбат бул платформа силер учун коп пайда,жаны идея берет деп ойлойм

  61. Жогоруда Шаты айылынын органикалык чарба жургузгон топ мучосу Аиданын огороду.

  62. Бул болсо ЧонТогузбай айылынын Айылдык Кызмат Корсотуучу Дюшебаев Эркиндин огороду

  63. Бадыран 

    Бадыраң Огороддон жаңы үзүлгөн бадыраң жайкы дасторкон үчүн эң сонун азык. Бадыраң 90 пайыз суудан туруп, анда кальций, С витамини жана минералдык туздар бар. Аны тузу жок жеген жакшы. Туз кошуп жегенде туздуу бадыраң организмде туздардын чогулуп калышын шарттап, бул болсо колу-буттун шишип калуусуна алып келет

    Источник: https://bagyt.kg/paidaluu-azyktar-badyran-malina-kivi-darbyz-kalempir/
    © — Общественно-информационный портал

    1. бадыранды да тез тез колдонуп туруш абзель

    2. Дилзат рахмат,жакшы керектуу маалыматтарды болушконуно.

  64. Малина

    Малина мөмөсү курамына алма, салицил, кумурска кычкылын, глюкоза, кант, пектин, азот жана калий, жез, ацетоин, С витаминин жана эфир майларын камтып, анын жаңы бышкан мөмөлөрү суусунду жакшы кандырып, тамак сиңирүүнү жеңилдетет. Малина дененин ысышын басаңдатып, организмден уулуу заттарды чыгара алат. Андагы жез затынын молдугу маанайдын көтөрүңкү болушун шарттайт.

    Источник: https://bagyt.kg/paidaluu-azyktar-badyran-malina-kivi-darbyz-kalempir/
    © — Общественно-информационный портал

  65. Киви

    Бул жапжашыл болгон таттуу мөмө С витаминине гана бай болбостон, андагы кальций затынын көптүгүнө байланыштуу организмди ысыкта суудан өксүп калышынан сактайт. Киви андан башка да жүрөктүн согушу менен кан басымдын өлчөмүн жөнгө салып турат. Аны жемиш салаттарына кошуп же болбосо эрте мененки нанүштөдөгү тамакка кошуп жеген туура.  

    Источник: https://bagyt.kg/paidaluu-azyktar-badyran-malina-kivi-darbyz-kalempir/
    © — Общественно-информационный портал

    1. Кивини даарылап остуробу белгисизда 

  66. Дарбыз Жайкы чаңкоону эң сонун кандырып, организмге күч-кубат берип, андагы уулуу заттардын чыгышына себеп болуучу дагы бир жайкы тамак бул – албетте дарбыз. Дарбыз 90 пайыз суудан туруп, калориясы абдан аз, демек аны айымдар толуп кетебиз деп коркпостон каалашынча жешсе болот. Дарбызда пектин, каротин, жез, никель, аскорбин кислотасы, витамин В1, В2, С жана фолий кычкылы кездешет.

    Источник: https://bagyt.kg/paidaluu-azyktar-badyran-malina-kivi-darbyz-kalempir/
    © — Общественно-информационный портал

    1. Дарбызды даарыланган учуру басылган кезде жеп туруш керек 

  67. Болгар калемпири

    Бул жемиште С, В1, В2, В9 витаминдери жана каротин заты бар. Витаминдерге молдугу жагынан болгар калемпири лимон менен кара карагаттан да ашып өтөт. Курамындагы кальций, магний, йод, кобальт сыяктуу адам организмине пайдалуу заттардын молдугу үчүн аны тамакка колдонуу каны аздыкта, иммунитеттин төмөндүгүндө, чач түшүүдө жакшы жардам берет.

    Источник: https://bagyt.kg/paidaluu-azyktar-badyran-malina-kivi-darbyz-kalempir/
    © — Общественно-информационный портал

    1. келемпирди этияттап колдонуш керек 

  68. Ар бир кайрылган адамга сөзсүз ачуу эрмен беремин.
    Эрмен 40 тан ашуун ооруга дары.
    Эрмен жөнүндө ДАРЫСЫЗ ДАРЫЛАНУУ деген китебимде кенен маалымат жазганмын.
    Бүгүнкү күндө эң биринчи бизге жардам берүүчү ушул дары чөп.
    1 чымчым алып шише банкага салып, үстүнө 1 литр кайнатылып бир аз муздатылган сууну куюп ,бетин жаап коёт. Беш минутада даяр болот.

    Организмдеги вирус,бактерия ,паразиттерди өлтүрөт.
    Баарыбыз КОРОНОВИРУСТАН чочуп турган убагыбыз азыр.

    Даяр болгон тунма менен ооз, мурунду 2саатта бир чайкагыла.
    Тамактан кийин жаш балдар 3 маал 50 гр дан , чоң киши 100 гр ичкиле 20 күн,10 күн эс алып кайра кайталагыла 3 жолу.

    Гриппти бат айыктырат.Грипп болгондо
    аптекага баруунун кереги жок.
    Эрмендин 50 түрү бар.
    Айырмалап билүү кыйын.
    Аптекада бар.
    Менде да бар.

    Жакындарыңарга жардам бергинер келсе постту бөлүшкүлө.
    Группага кошула электер кошулгула.
    Ташбү Жамиловна.

    Нет описания фото.

    1. Жакшы маалымат экен рахмат 

    2. Айнагул рахмат,бары эле озубуздун колубузда,бирок колдонбой эле аптекага чуркашат,жээ ал дарылар жардам деле бербей ооруну кучотуп жатат,азыр сасык тумоо менен ооруп жатышат жээ вируспу тушунуксуз.Ооруп эле жотолуп эле кочодо журушот.сактаналы,Эрмен,чеснок колубузда го эрикпейли.

  69. Пияз(лук)

    Пиязга кошуп койдун этин жеп жүрсө ,өпкөнү тазалайт, балга кошуп көзгө сүртсө, ак чел жана эт баскан көздү айыктырууга жардам берет,көрүүнү жакшыртат.

    Пияздын суусун сыгып алып мурунга тамчылатса дем алуу жолдорун тазалайт, жугуштуу оорулардан сактайт.
    Кулактын ичине 2-3 тамчы тамчылатса кирлерин тазалап, жарааттарды айыктырат.

    Чаян чакса 60гр пияздын суусун ичсе ,ууну таркатып жиберет.

    Суусун мылтыктын дарысына кошуп аралаштырып, сөөлгө, денедеги пайда болгон кара тактарга шыбаса аларды жоготот.

    Дүйшөнбек табып Чомо уулу.

  70. 1. Обезжиренный творог укрепляет сердце, способствует расширению сосудов, является источником кальция, магния, калия. Ежедневно нужно есть не менее 100 грамм творога.

  71. 2. Красный болгарский перец содержит рекордное количество витамина С. Гипертоникам нужно его есть при любой возможности. Если ежедневно съедать 2 свежих перца, то это покроет потребность организма в витамине С

  72. 3. Лосось - источник омега-3 жирных кислот и замечательно помогает снижать высокое давление. Хорошо употреблять его 3 раза в неделю по 100-150 грамм.

  73. 4. Овсяная каша должна быть в меню гипертоников каждое утро. Исследования показали, что овес - источник пополнения организма селеном, в нем много клетчатки.

  74. 5. Тыквенные семечки восполнят дефицит цинка и избавят от инфаркта. Достаточно съедать по 20 грамм в день вместо перекуса.

  75. 6. Какао улучшает состояние сосудов. Но это калорийный напиток. Достаточно 1-2 чашек в неделю, не больше.

  76. 7. Обезжиренное молоко содержит калий, кальций, магний, витамины и улучшает состояние гипертоника. Можно пить до 3 стаканов в день.

  77. 8. Горький шоколад укрепляет сердечную мышцу, содержит антиоксиданты и способен понизить давление на 5-10 мм. В больших количествах есть его не нужно.

  78. 9. Миндаль содержит моножиры и снижает уровень холестерина. В этом орехе есть калий, магний, витамин Е - это все то, что необходимо для понижения давления.

  79. 10. Зеленый чай при регулярном употреблении растворяет холестериновые пробки, содержит много антиоксидантов, препятствует процессу старения.

  80. Алманбек 7 эрежени туура колдоно албай жатпайбызбы,барын эле билген сыяктанабыз бирок жашоодо,кулкуну,эс алууну унутуп,бардыгыбыз эле акча маселесин биринчи орунгу койгонго байланыштуу ,туура тамактанууну да 2,3 орунга жылдырып койгонбуз.

    1. Шаты айылынын топ мучосу Казиева Рахаттын органикалык жашыл чарбасы менен таанышып койунуздар

  81. Урматтуу мекендештер!
    Азыркы мезгилде жер планетасында болуп жаткан коронавирус пандемиясында адамзаттын саламаттыгы биринчи орунга чыкты.
    Улуттун,адамзаттын саламаттыгы үчүн ар бирибиз кам көрбөсөк болбой калды.
    Азыркы пандемия шартында антисептик,бет кап,ар кандай каражаттарды артыкча пайдалануу менен мурун көңдөйүнүн табийгый коргонуу функциясына зыян келтирип жатабыз.
    Мурун көңдөйүүнүн татаал функционалдык ордун интернет,киши анатомиясынан карап көрсөңөр болот.
    Ушул контексте мен кадимки эле атыр самын,кир самындын антивирустук,
    антибактериялык орду жөнүндө өзүмдүн турмуштук тажрыйбамдан бөлүшүүнү туура көрүп жатам.
    Мында балдардын атыр самынын пайдалануу максатка ылайыктуу,эмне дегенде балдар самынын даярдоодо зыян компоненттер аз колдонулат.
    Грипптин симптомун сезе баштаганда эле дароо үйдө,ишкана,мейманда,кайда болсоңор да тездик менен самынды көбүртүп туруп,мурун көңдөйүнө сордуруп,сордуруп алып чалкаңардан жатып,бирнече жолу ушул процедураны кайталоо зарыл.
    Бул процедура өтө эффективдүү,тез натыйжа берип мурундагы суюктук коюланып калат,грипп болуп ооруп жатканда дагы эффект берет.
    Албетте ачыштырып,көздү кызартып кыйнайт,ага карабастан жасаш керек.
    Эң маанилүүсү эсиңизден чыкпай жүргөн болсо,эч качан грипп жугузбай жашап калсаңыз болот.
    Эмне дегенде грипп деген бардык оорулардын провокатору,күчөткүчү.
    Гриппти жугузбай жүрүү өтө маанилүү нерсе.
    Коронавируска каршы ушул нерсени пайдалана берели.
    Бул дагы бир коргонуу деп эсептеймин.
    Жаратканым сактасын.
    Шыпаа берсин.
    Рахмат.

    Бакыев Айдар 

  82. ЧЕСНОКТУН ПАЙДАСЫ!!! Сасык тумоо, жөтөлгө миңдин бири...(Пайдалуу кеңештер)

    Медицинада тастыкталгандай, микробдорго каршы мыкты каражат. Кан басымды жөнгө салып, жүрөк-кан тамыр ооруларынан сактайт. Канды тазалап, иммунитетти жогорулатат. Сасык тумоо, жөтөлгө миңдин бири. Элдик медицинада безеткиден арылтып, аллергия, муун ооруларын, рактын алдын алууга, уйкусуздукка жана сөөлгө каршы көмөк көрсөтөрү айтылат

  83. ЗЫЯНЫ
    Ашказан жарасы барларга жана 4 жашка чейинки балдарга сунушталбайт. Анткени алардын ашказанынын былжырлуу чел кабыгы алсыз болгондуктан, сарымсактын кычкыл ширесине эзилип кетүү коркунучу бар.

  84. ӨЗӨГҮ
    Жетиле элек кезинде сарымсак өзөк коё берет. Өзөктүн пайдалуулугу сарымсактыкынан аз эмес. Аны салаттарга, тамактарга кошуп колдонуу сунушталат.

  85. Липенка айылндагы Органикалык жашыл чарба жургузгон 20 адамдан турган топ мучолору 0,20га аянтчасын ижарга алышып топ мучолору кызыл кызылча жана сабиз осумдукторун себишкен

  86. ЖЫТЫ
    Сарымсакка тиешелүү жытты андагы эфир майы жана аллицин заты камсыздап турат. Аллицин табигый антибиотик (микробдорго каршы каражат) болуп эсептелгендиктен, бул өсүмдүктүн жыты да пайдалуу.

  87. ШИРЕСИ
    Бирдей өлчөмдөгү сарымсак менен лимондун ширесин аралаштырып 1 күн тыныктырыңыз. Андан кийин күнүнө 1 чай кашык бул аралашманы 1 стакан сууга кошуп ичип жүрүү керек. Бул ден соолугуңузду бекемдеп, жаштыгыңызды узартат

  88. ӨСТҮРҮҮ
    Сарымсак кумдуу, чополуу, нымдуу топуракта жакшы өсөт.
    4-5 жылда бир тишчесинен эмес, уругунан көбөйтүү керек. Бул өсүмдүктүн сапатын жогорулатат.
    Казып алууга 2-3 апта калганда сугарууну токтотуу зарыл.

  89. ТАМАККА КОШУУДА
    Сарымсак жогорку температурада баалуулугун жоготуп коёт. Тамакка кошкондо чала бышкан же чийки бойдон калганы оң.
    Туурагандан кийин 15 мүнөт коё туруп анан жесеңиз, анын антибиотик катары таасири жогорулайт.

  90. ООЗУҢУЗ САРЫМСАК ЖЫТТАНЫП ЖАТСА
    Жалбыз же лимон кошулган чай ичиңиз.
    Петрушка, кинзаны чайнап коюу керек.
    Жалбыз кошулган сагызды пайдаланууга болот.
    Горчица жеп коюу сунушталат.

  91. Бул Липенка айылынын топ мучолору,биргелешип айдоо аянтчасында себуу учуру

  92. Липенка айлындагы топ мучолору себуудон кийин,эс алып пландарды тузушуудо

  93. Органикалык кулпунай

  94. Кайнатылбаган кулпунай джеми

    1. Жакшы экен ишинизге ийгилик 

  95. ДЫЙКАНДЫН ӨКСҮГҮ

    Дыйкан эрте жазда микро кредиттик банктан насыяга акча алат. Ал акчага үрөн, жер семирткич алып, калганына кийим кылат, тойго кошумча кошот. Кредит алуу үчүн бирөөнүн эле мал жандык, сарайын банктын экспертине көрсөтүп күрөөгө коёт.
    (Эксперттин алдайт же договор кылат) Кредит алыш үчүн аялын же өкүл атасын же анын аялын же бир досун поручитель кылат эптеп көндүрүп. Ошентип банк эки үч адамды өзүнө кул кылып байлап алат. Эми муну дыйкан өзү каалады да.
    Кыскасы; Дыйкан үрөн алат базардан. Ал үрөнду талаага сепсе жыйынтыгы начар. Эгин толук чыкпай калды. Кайра башынан базардан ошол баага алып үрөн себет. Кийин удобрения алат. Аны себет. Кийин эгинге оору түшөт. Базардан химия алат аны чачат. Анысы да начар сапатсыз чыкты. Оору кеткен жок. Курттар өлбөдү. Дагы базардан акчага сатып алып чачат. Бул көрүнүш бир эле эмес бир нече жолу кайталанат.
    Күздө эгин бышты. Аны оруп жыйноого техника жана кошумча элдерди жалдап иштеткенге акча кетти.
    Күз айы. Түшүм бышты. Кимге сатат ???
    Айла жок. Базарга ит бекер арзан баага сатат.
    Себеби; Банкка төлөйт жок дегенде 20% үстөк пайызы менен! Карызга алган удобренияга төлөйт жок деген кг сына 5 сомдон кошуп төлөйт. Жалдап иштеткен элдерге төлөйт. Ошондуктан өндүргөн эгинди кандай болбосун кимге болбосун арзан болсо да сатыш керек! Антпесе банктан келип ит акмагын чыгарып сыгып төлөтүп алат. Кичине убак өтүп кетсе жашап аткан үйдү сатыкка коёт. Айтор ушу.

    Эми дыйкандын бул маселенин кандай чечебиз? Кыргызстан 80% дыйканчылык кылса керек? Дээрлик көпчүлүгү жогорудагы көйгөйгө туш болуп келатат 29 жылдан бери ?
    Талаадагы дыйкан байыйбы же өмүр бою карыз төлөп өтөбү???

    Бай-Дыйкан жаңы проекттер менен дыйканга жардам берип баштады.
    Сунуш пикир болсо жазгыла

    1. Жакшы маалымат экен рахмат 

  96. Ассалам алейкум достор!
    Бугун силерге айыл чарба бойунча бир сунушумду айтып берейинчи.
    Бир технология бар, ошону колдонуп койсонор туура болчудай.
    Эмне учун ушул технологияны колдонуш керек?

    Бизде жашылча жемиштер бышканда, аны тез сатпаса, эзилип анан бузулуп жарабай калат.
    Дыйкандар тез сатыш учун,жемишти баасын арзанга бере салат.
    Ошон учун силерге ушул долбоорду издеп таап бердим.

    Демек бышкан жемиштерди муздатып,анан кургатып алсак кышында озубуз деле сатып алып жейт элек.
    Баасын чыгарып, анан сатсак дыйкандар жыргайт, пайдасы да зор болот..арзанга бербей калабыз..
    Баасы да чыгып бермек.
    Болгон жашылчаны муздатып анан кургатып алсак, туура болчудай.
    Кышында, кайта кадимкидей абрикос же клубника эле болуп берет.
    Бул технологиянын аты лиофилизация.
    Жемиштер кышында да калыбында турат.
    сапаты да озгорбойт, ону да озгорбойт, даамы да ошол бойдон калат.
    Азыркы учурда ар бир районго ушундай ишканаларды салса, дыйкандар тез онугуп кетмек.
    Мына ушул сайтка кирип, маалымат алып долбоор жасап, ишке ашыргыла.
    Баарынарга ийгилик каалайм.

    Ушул Италиянын ишканасы жасап берет заказ берсенер.

    http://www.pigo.it/en/service/easy-freeze-dryer/

    Ушул долбоорду болушуп койгула,кобуурок адам билип алсын..менде 5мин эле адам бар...
    Ушул маалымат элибизге абадай керек болуп турат.
    Коп жылдык изилдоомду силерге сунуштадым..
    Абдулла Ташиев остургондун технологиясын айтып берсин,мен жаны технологияларды айтып берейин.
    Жер жемиштерди тондуруп кургатып алганды уйронуп алсак,алар тартылат,демек баасы да чыгат..мурункудай арзан баага сатпай калабыз.
    Тондуруп отура беребиз кутуп,баасы чыкса сатабыз.
    Кышында тортко кошобуз деп кондитерлер алат, балдар жейт, витамин болуп берет,шоколадка ороп сатса болот туру коп..
    Ушул багыт элди байытат,айыл чарбаны да которот,экономиканы да которот..
    Ыссык колдун абрикос,карагат,малиналары,Аксынын менен Таластын кара оругу, Баткендин оругу менен гиласы,Чуйдун клубникасы, дарбы менен коондор, ии койчу бут баарына керектелет эле..

    Урмат Барктабасов 

    Нет описания фото.

    1. Эже булда жакшы маалымат экен

    2. Дилзат абдан жакшы багыт,ушул оборудование канча турат экен,муну окмот колдосо сонну болмок бирок......

  97. Муздак суусундуктар

    Таң эрте тамактанарга жарым саат калганда 1 стакан жылуу суу ичүү сунушталат. Айрымдар жылымык суунун ордуна муздак суусундуктарды ичип алышат. Организмге түшкөн муздак суусундук он эки эли ичегисинде жарасы барлардын жана гастрит менен ооругандардын ооруларын күчөтөт. Муздак суусундуктар ичеги-карындын тамырларын ичкертип кан айлануу менен тамак сиңирүү процессин жайлатат. Ошондой эле муздак суу аялзатынын айызын үзгүлтүккө учуратып, циклди бузат.

  98. Кофе

    Таң эрте иш баштагандардын көпчүлүгү иш күнүн бир чыны кофе ичүү менен баштайт. Бирок бул адаттан акырындык менен арылуу керек. Себеби кофе ичеги-карындын сырткы былжыр челин дүүлүктүрүп, гастритти пайда кылат.

  99. Чийки жашылча-жемиштер

    Чийки жашылча-жемиштерде кычкылдуулук көп болгондуктан ачкарын кабыл алганда адамдын ичеги-карынынын былжыр челин дүүлүктүрүп, тамак сиңирүүдө көйгөй жаратат. Помидордун курамында пектин көп болгондуктан ал организмде таштын пайда болуусуна өбөлгө түзөт. Ушул эле көрүнүш алмурут жана курмага да тиешелүү.

  100. Кока-кола суусундугун ичкенден 10 мүнөттөн кийин анын курамындагы кант канга түшөт. Өлчөмү айтылгандан бир нече эсе көп болсо да ал жүрөктү айландырбайт, себеби фосфор кычкылы ага жол бербейт.

    Анткен менен канттын көп болгонунун кесепетинен 20 мүнөттөн кийин кандын курамындагы инсулиндин өлчөмү тез көтөрүлөт. Аны менен күрөшкөн боор денедеги ашыкча кантты майга айландырат.Кийинки 40 мүнөттө суусундуктун курамындагы кофеин денеге тарайт. Ал көздүн карегин чоңойтуп, кан басымды жогорулатат. Анткени боор канга чоң көлөмдө кант жиберет. Организмдеги башка сезүү менен түшүнүү рецепторлордун жумушу жайлайт. Адам уйку сурай баштайт. Ал эми мээнин жумушун активдештирет. Салыштыруу үчүн айта кетели, героин да организмге дал ушундай таасир берет. Кока-коланы ичкенден 1 сааттан кийин организмдеги фосфор кычкылы метоболизмди жогорулатып отуруп, ичегидеги кальцийди, магнийди жана цинкти бири-бири менен байланыштырат. Кальций заара аркылуу сыртка чыгып кетет. Көп өтпөй заара арыклууу сөөктөгү кальций, магний, цинк жана андан башка натрий менен суу электролити агып чыгат.

    Жөнөкөй тил менен айтканда, Кока-кола жарым саатта кандын курамын бүлдүрүп, бир саатта боорго салмак түшүрүп, сөөктөрдү “кемире” баштайт экен. Ага карабастан аны сүйүп ичкендер көп. Ушундай суусундукту ичкен жаштардын эртеңки күнү эмне болот?

    1. Алманбек аны ооруп анаан гана сезишпесе,айтса угушпайт,дени сак жаштар аз,бары эле ооругандарын айтышат

  101. Шаты айылындагы Зиягулдун уй чарбасы.органикалык жашыл бакчасы

  102. Шаты айылы, Ордобаева Алиманын органикалык чарбасынан бир узум.

      • ПАРНИКТЕ КӨЧӨТ ӨСТҮРҮП, КИРЕШЕ ТАБУУ ЖОЛУ


        «Жашылча көчөттөрүн жаздын алды менен парникте жана күнөсканада (теплица) өстүрүүгө болот. Күнөсканадагы көчөттөр күн нурун жутпагандыктан парниктикине караганда алсызыраак болушат жана ачык абага, жер кыртышына көнүп, өсүп кетүүсү бир аз кыйынчылык туудурат. Парникте өстүрүлгөндөр жерде бат тамырлашат» дейт 20 жылдан бери көчөт өстүрүп киреше тапкан Сапарбай Буркановдун тажрыйбасынан



      • 1-кадам


        ПАРНИКТИ ДАЯРДОО

      Узундугу – 10 метр
      Туурасы – 1 метр
      Бийиктиги – 70 сантиметр

      Керектелүүчү жабдыктар:
      Жоон зым – 21 метр же 1,5 метрден кесилген 21 даана. Тирөөчтөрдүн аралыгы 50 сантиметрден болот. 1 даанасы – 45 сом. 21х45=945 сом
      Полиэтилен клеёнкасы – 12 метр (калың, туурасы 3 метрлик). 1 метри 40 сом. 12 метр х 40 сом = 480 сом

      Эскертүү:
       Эгер клеёнка жука болсо эки каттап жабууга туура келет.

      Чыгым – 1425 сом

      Жерди 20-25 сантиметр казып, үстүнө малдын эски күйгөн кыгын (жылкынын кыгын тандасаңыз эң жакшы) таштап коюңуз. Кык жердеги жылуулукту жакшы кармагандан тышкары мыкты жер семирткич болуп берет. Кык 3-5 күн жаткандан кийин үстүнөн буу чыга баштайт. Ошол кезде үстүн таптап, анан кадимки топуракты төшөө керек.

      2-кадам

      УРУК ТАНДОО ЖАНА СЕБҮҮ

      • Урукту колдон келсе жакшы тааныш адамдарыңыздан сатып алуу керек. Болбосо сиз каалабаган сорттогу жашылчанын уругу колго тийип калышы деле мүмкүн.
      • Урукту себердин алдында аны 1-3 пайыз марганцовканын эритмесине 20-30 мүнөт чылап, зыяндуу оору козгогучтардан дезинфекциялап алабыз. Ал кургагандан кийин гана себүүгө киришсеңиз болот.
      • Урукту өз убагында себиңиз. Маалынан мурда (аба салкын кезде) сээп койсоңуз, урук өнүп чыкпайт да, күн жылыганга чейин чирип кетет.
      • Урук канчалык суюк себилсе, көчөттөргө азык зат көп жетип, ошончолук жакшы өсөт.
      • Узундугу 10, туурасы 1 метр өлчөмүндөгү парникке орто эсеп менен 50 грамм урук сарпталат. Болжол менен мындан 10 миңге жакын көчөт алууга болот. Учурда помидордун эң жакшы сортунун, алсак, ТМК сортунун уругу 1 килограммы 10 миң сомго чейин жетет. Болгар калемпириники сортуна карата 4-6 миң сомго чейин.
      • Урукту бир аз топуракка аралаштырып, анан парникке тегиз чачабыз да, тырмоо менен тырмайбыз. Андан соң парниктин каркастары орнотулат. Бул үчүн зымдарды ийип, араларын 50 сантиметр кылып парниктин үстүнө бекем сайып чыгабыз. Зымдын ордуна талдын өтө жоон эмес жаш бутактарын пайдалансаңыз да болот. Парникке жылуу суудан сээп, клеёнканы жабабыз. Клеёнканын четтерин бекем, аба кирбегендей кылып топурак менен көмүп салуу керек. Жыйынтык:
        50 грамм помидор уругунун баасы – 1200 сом
        1425 сом (парниктин чыгымы)+ 1200 сом (помидор урук)2625 сом
        50 грамм болгар калемпиринин уругунун баасы – 300 сом
        1425 сом (парниктин чыгымы)+ 300 сом (болгар калемпиринин уругу)1725 сом

    1. 3-кадам

      СУГАРУУ, ОТОО ИШТЕРИ

      • Урук өнүп, биринчи жалбырагы көрүнгөн кезде парниктин ичине бир аз муздак аба киргизип, температураны 1-2 градуска төмөндөтүп коюу керек. Бул ыкма көчөттүн боюнун бат өсүп кетүүсүнүн алдын алат. Сабагы узарып кетсе начар көчөт катары саналат. Сабагы жоон жана кыска көчөттөр кийин жерге отургузганда бат тамырлайт.
      • Парникти сугаруу, отоо иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүп туруусу керек. Бирок өтө былчылдатып сугарууга болбойт. Аба ырайына карап, кургап бараткан учурда сугаруу оң.
      • Абанын температурасы +12 градустан жогору болгон кезде клеёнкасын ачып, желдетүү талап кылынат. Болбосо өсүмдүктөр күйүп кетиши мүмкүн.
      • Парниктин ичиндеги температураны сөзсүз эске алыңыз. Ал жашылчанын түрүнө карата аныкталат.


      4-кадам

      САТУУ
      Узундугу 10, туурасы 1 метр өлчөмүндөгү парниктен болжол менен 10 миңдей көчөт алууга болот. Көчөттүн баасы сортуна карата коюлат. Алсак, помидордун ТМК сортунун көчөтү былтыр 2,50-3 сомдон сатылды. Болгар калемпириники 1-1,5 сомго бааланган. Ошондо орточо баада:
      Помидор көчөтү 10 000 даана х 2 сом 75 тыйын = 27 500 сом
      Таза киреше:
       27 500-2625= 24 875 сом
      Болгар калемпири – 10 000 даана х 1 сом 25 тыйын=12 500 сом
      Таза киреше:
       12 500-1725=10 775 сом

      Эскертуу:
      Эгер жашылчалардын көчөтүн өстүрүп бизнес жасайм дегендер анда парникти күзүндө эле дайындап, ага салынуучу топуракты зыянкеч курт-кумурскаларга, отоо чөптөргө каршы каражат менен дезинфекциялап даярдап алса болот.

  103. Саламатсыздарбы урматуу коллегалар,барыныздар оорубай жакшы турасыздарбы?жогорку маалыматты №1 команданын тренери Буажар эженин баракчасынан алып жуктоп койдум,абдан кзыктуу парник учун бардык маалыматтары бар экен.

  104. VID-20200630-WA0026.mp4Чон-Тогузбай айылындагы "Органикалык чарба жургузуу" кичи долбоорунун лидери Шамырканова Зайнанын огородундагы жашылчалар

  105. Жогоруда Липенка айылынын АКК су Айдарова Айгулдун тузгон"Органикалык жашыл чарба" тобунун остуруп жаткан осумдуктору.

    1. Тушумунуз берекелуу болсун

    2. Асыл саламатсынбы,абдан жакшы,канча кг календула кургатылды, бир участокто, тушум кандай?Канча кундо кургап жатат календула?

  106. Талды-Булак органикалык аймагында картошкадан башка эч нерсе бышпайт деген түшүнүк бар болчу,азыркы учурда өзүнүздөр көрүп тургандай капустанын түшүмү  жыйналып , пайдалануудабыз.....Маш буурчактын даны жакшы.Бул жайыт комитетинин жааматынын иштери.

  107. Талды -булак органикалык аймагынын тургуну Акматов Сталбек балдардын туура тамактану багытында сүт багытындагы эчкилерди багып көбөйтүдө,Баба -дыйкан жааматынын мүчөсү.

  108. Сушилка үчүн рахмат ,ишиниздерде ийгиликтер болсун , иштетип жатабыз , баары жакшы.

    1. Кыздар азаматсынар.элечек куп жарашып калыптыр

  109. Талды булак органикалык аймагында туура тамактануу бойунча иш чара өткөрүлдү

  110. Шаты айылындагы "Органикалык жашыл чарба"топ мучолору туура тамактанууда витаминдуу жашылчанын турун колдонушуп,ашыгын сатууда тушумдорун сатууда