Welcome to the

Kyrgyzstan
Space shortcuts
Skip to end of metadata
Go to start of metadata
  1. Ноокен району, Кызыл-Туу айылы - Мырзахмедова Гулсара;
  2. Ноокен району Ноокен айылы -Мурзакулов Рома;
  3. Ноокен району Рахманжан айылы -   Эрматов Алманбет;
  4. Базар-Коргон району Шыдыр айылы -Арапбаева  Машрабхан;
  5. Базар-Коргон району, Хажир-Абад айылы -Чолпонкулова Насиба;
  6. Базар-Коргон району, Хажир -Абад айылы - Абдукахарова Наргиза
  7. Базар-Коргон району Жаш Ленин айылы -Адылов  Руслан (туркундоштуруп тоют даярдоо)
  8. Сузак району, Ынтымак айылы - Токтомаматова Алтынай
  9. Сузак району, Ак-Мечит айылы - Сулайманова Айгерим 
  10. Токтогул району, Ак-Тектир айылы - Чалов Акмат (балык)
  11. Сузак району, Кызыл Туу АО - Сабиров Мыктыбек - малдарды ондурулгон витаминдуу азыктар менен тоюттандыруу
  12. Базар-Коргон району Кызыл-Ункур айылы - Сыдыкова Дилбар (сут азыктарын иштетуу)



  • No labels

259 Comments

  1. Айылда жашап туруп, уй булону керектуу азыктар менен камсыз кылуу учун Токтомаматова Алтынайдын уй булосу тоок жана мускус ордокторун багат

  2. Азыр мускус ордокторду тамак-ашка пайдаланууга жарап  калган.

    Бул суротто союлуп тазаланган ордок.

    Оз колун менен даярдаган азыктын коопсуздугу - уй булондун коопсуздугун сактоо. 

  3. Алтынай чарбаны гана козомолго албастан, тоок, ордоктун тыбытынан жакшынакай жаздыктарды оз колу менен жасаган.

    Базарда даяр жаздыктар  тыбытты экономдоп, колому кичинекей, бул жаздыктар коргондо козго, кармаганда колго толумдуу экени корунуп турат, экологиялык жактан таза.

    Сарамжалдуу аял бакытка жеткирет деген соз бар.

    Бакыт озу келбейт, тынымсыз аракет, мээнет менен жетесин.

    Азаматсын Алтынай!


    1. Азаматсын Алтынай! 

    2. О чем стоит помнить при выборе подушки из пуха

      Правильную пуховую подушку нельзя изготовить кустарным способом. Сырье для ее набивки должно пройти от 4 до 15 ступеней очистки, затем его обеспыливают, обрабатывают паром и просушивают. Все это требует дорогостоящего оборудования. Поэтому качественная пуховая подушка не может быть дешевой.

    3. Туура тамактануу жана тамак аш коопсуздугуна топ келет эмеспи, озу багып остургон канаттуунун этин пайдалануу анын пухун таштап салбай жаздыкча жасап уйкунун тынчтыгына кам коргон кыз келиндер кобойсун.

    4. Cаламатсынарбы урматтуу биздин окутуучулар Био сервис командасына ысык салам.Бизде бары жакшы баягы өзүңөр көргөндөй эле дары чөптөрдү органикалык өсүмдүктөрдү өстүрүп өзүбүздүн да уй булообуздун да ден соолугун чыңдап экономикабызды өстүрүп,айлана чөйрөдөгү адамдарды окутуп үйрөтүп койуп жүрөбүз,силерден окуган уйронгондорубузду жайылтып жок дегенде отурган турган жерден маалыматтарды беребиз

  4. Image result for туякуш узбекистондаRelated image

     

                                                                              Төө  Куш бизнес

    Тоо Куш эти менен жумурткасы турлуу ооруларды  айыктуруу да колдонулат мисалы: журок кантамыр кан басым жана кант диабетинде анын эти абдан жакшы жардам берет холестерини жок анан жумурткасынын кабыгы табийгый кальций кашага кошуп жаш балдарга каары картанга берсе ото пайдалуу.

    Териси крокодилдин терисинен да катуу болуп бут кийим тиксе сапааты укмуш болгондуктан мындай бут кийимдер 400-500 доллар турат. Алмазды тазалоо учун Тоо Куштун тырмагынан жасалган кошулма абдан кымбат турат.

    Март айынан ноябрь айына чейин 80ден 110га чейин тукумдайт. Имунитети кучтуу ооруларга чыдамкай туулгандан кийин алты ай каралса андан сон эч бир камкордука муктаж болбой калат. Ошондой эле жаны чыккан Тоо Куштар кун сайын бойлору кунуно 1 см осот.

    Тоо Куш эти тоок этиндей болот деп ойлойбуз бирок ал мраморный кызыл эт болуп саналат.

    Эт багытында мал багуу жана Төө  Куш багуу

    Эгерде бир мал жылына бир торпоктуу болсо аны бир жылдан кийин сатса экоо 350 кг эт болот малга кеткен жем чоп жайыт каражаттары эске алынбаганда.

    Ал эми : Тоо Куш туулгандан сон 10 айда 150 кг эт берет жылына 80 жумурткасынан баары чыкпаса да кеткен чыгымынан сырткары 40 жожону чыгарып 10 ай бакса ал 4 тонна эт жана 4 тонна этти 200 сомдон сатса деле 800 000 мин сом. Тоо Куштар бир уй- булоодо бир короз эки тооктон турат эки тоогунан эн азы 80 жожо остурсо 8 000 тонна эт 1 600 000 сом болот.

    Тоо Куш тойгонун билген жалгыз куш экен кунуно 2 кг жем жейт андан ашыгын берсе да тура берет ошондой эле беде жалпызга окшогон чопторду жейт негизинен тамагынын 70% чоп тузот.

    -20 градустан +70 градуска чейин суук ыссыка чыдайт.

    Бул бизнес практикада Озбекистанда кенири таркалып жатат негизги максаттары азырынча Тоо-Куштун санын кобойтуп анан эт жумуртка сатууга отушот.

    Ар бир жожону 200 доллардан  сатып алып 5 жожодон бизнес баштаса болчуудай.

    Бул ишти Кыргызстанда да жайылтып сапаттуу азык ондурсо жакшы болмок.

    1. Саламатсыздарбы сиз жогоруда келтирген маалыматтарга таянып иш алып барсак, кара малга салышиырмалуу ондогон эсеге пайдалуу турбайбы ! Бул тоо куштун жумурткасын Кыргызстанда тапса болобу!? Эгер болсо контакттарын берсениздер!

      1. Саламатчылык, Кыргызстан бул багытта ойлоно  элек Бишкекте бир жерде бар . Озбекистан аркылуу алып келиш керек ал жакта страус компанияларлар коп интернетен караса болсо керек менде контакт жок.

  5. Афганистан жана Тажик  делегаттары  менен USAID долбоорунун  алкагында Кыргызстанга келип студенттер менен Бишкектеги балык фермасын коруп келгенбиз. Вадим Досаев ферманын директору  бул киши  Бишкектеги базар маркеттерди балык менен камсыз кылат жана балык этинен  манты кылып маркеттерге тапшырат. Бул жерде башкы максат табыйгый сууну  туура пайдалануу балыкчылыкты остуруу менен суу ресурстарын туура башкаруу. Ошондой эле балык азыктарын колдонуп ден-соолукту сактоо.

  6. Жайыт, мал чарба жана балык чарба департаменти форель-гегаркуни жана сига-лудога балыктарынын күзгү-кышкы урук чачу мезгилинин башталганына байланыштуу балык өндүрүүчүлөрдү кармоого уруксаат кагаздарын берүүнү баштады. Анын ичинен Тоң балык өстүрүү заводуна жана «Балыкчылар» ЖЧКсына азыркы убакта (18.11.19) форелдин 130 миң даана уруктандырылган икрасы даярдалып, жасалма инкубациялоочу аппаратына салынды жана дагы 80 миң даанага карата иштер уланып жатат.
    Сига-лудога балыгынын уруктарын жасалма жол менен инкубациялоо максатында «Соң-Көл балык чарбасы» Мамлекеттик ишканасына уруксат кагазы берилди. 2019-жылдын 18-ноябрына карата балык чарба тарабынан 3 млн. 400 миң даана урук Тоң балык өстүрүүчү заводунун инкубациялык цехине салынды. Соң-Көл балык чарбасы сига-лудога балыгынын уруктарын даярдоо иш чараларын улантууда.
    Жайыт, мал чарба жана балык чарба департаменти КРнын Илимдер Академиясынын Биология Институту менен биргеликте бекитилген «2019-2020-жылдарга карата КРнын аймагында жайгашкан балык чарба багытындагы көлмөлөрдү балыктандыруу тапшырмасынын» негизинде урук чачуу мезгилинен баштап Ыссык-Көлдөгү сига-лудога балыгынын өндүрүүчүлөрүн, анын ичинен Тоң балык өстүрүүчү заводуна, «Кара кол балыгы» ЖЧКсына, жана ошондой эле Тоң балык өстүрүүчү заводуна Орто-Токой суу сактагычында сига-лудога балыгынын өндүрүүчүлөрүн кармоого уруксат кагаздарын берүүгө даярдыктар жүрүп жатат.

    Нет описания фото.

    Айыл Чарба Министрлиги

  7. Урматтуу платформанын мучолору!

    Саламатсыздарбы? Мен дагы башка ат менен катталууга туура келди. Озум жонундо: Базар-Коргон районунун Кызыл-Ункур айылынан болом. Биздин чакан долбоорубуз боюнча айтсам сут азыктарын кайра иштетуу учун чакан цех ачып аялдарга убактылуу болсо да жумуш орундарын тузуп, киреше табууга жол ачуу эле. Биздин бул багыттагы топто 20 аял бар.


  8. Сут азыктарын кайра иштетуучу чакан цехти ачууда биздей айылдык аялдарга иш баштоо ото татаал болду. Орун даярдоо да озунчо тозок экен. Орун табылса, жердин ээси ачкан цех учун аренда толоо, жакшыбы-жаманбы бир канча каражат жумшадык аны эч кимге тийгизбей кароо жагы да бар экен. Биз аялдар:

    • Архитектуралык документ даярдадык
    • Техникалык шарты боюнча 3 фазалуу эл.энергиясын киргизуу
    • Цехтин зданиесин курдурдук. 
  9. АРИС программасына долбоор жазып баасы 450 мин сомдук сутту кайра иштетууго керектуу  оборудование сатып алдык. Мунун 30% ти оздук салымыбыз болду.

    Курулган здание толук талапка жооп бергенде гана иш баштайбыз. Суу киргизуу, чыккан калдыктардан арылуу ж.б. майда барат кемчилдиктери бар, ошону бутуруунун устундо иштеп жатабыз.

    Максатыбыз сут азыктарын кайра иштетуу, себеби Кызыл-Ункур айылы Базар-Коргон районунун эн тоолуу аймагында жайгашкан. Кара-Ункур дарыясынын чет жакасындагы айылдардын малдары Кызыл-Ункур айылына жайлоого чыгышкандыктан апрель, май, июнь айларында  иштетууго сут азыктары коп болот.

    1. Мынча сонун, ишиңиздерге ийлигик! Мага да келечекке идея болуп жатат.

  10. Кызыл-Ункур айылында жашаган жашоочулар "Кыргыз Токой Байлыгы" кооперативине бириккенбиз. Жангак токоюн токой чарбасынан арендага алганбыз. Алынган жангакты Фейр Трейд сертификатынын талаптарына ылайык теруу, сактоо, тапшыруу иштери козомолдонот. Сапаттуу жангак Голландияга сатылат.

    Азыр жангак сезону журуп жаткан убак.

    1. Фейр Трейд сертификатынын талаптарына ылайык теруу, деп айтып атап оттунуз , ошол ыкма боюнча жалпы окурмандарыбызга маалымат берсениз башка бул багытта иштегендер да колдонушмак!!!

      1. Салам Хасанбай, Фейр Трейд сертификациясына кызыгып суроо узатыпсын рахмат. Бул учун алгач Фейр Трейддин Германиядагы уюму аркылуу кардар табылган. Бул сертификациянын эн жакшы жери жергиликтуу базарда жангактын баасы ото бийик болсо да, томон тушуп кетсе да  бирдей баа кармалат, ошондуктан "Адилет Соода" дегенди тушундурот. Ондуруучу тарабынан да адамды басмырлоо, балдардын эмгегинен пайдаланбоо,  аялдар менен эркектердин тен укуктуулугунун сакталышы, экологияга зыян келтирбоо, калдыктарды ортобоо ж.б талаптары бар, ошол талаптар аткарылганда гана сертификациядан отобуз. Дагы бир озгочолугу Фейр Трейд кошумча баа толонот, бул толом кооперативдин мучолорунун  социалдык мумкунчулукторун жогорулатууга пайдаланылат.

        1. Саламатсызбы Фейр Трейд сертификациясына кандай жол менен отобуз?.Биздин кооператив да отсок болобу?кантип

          отсок болот, болсо шагдарын айтып койбойсузбу? 

  11.                                                                                  Регионалдык мал чарба жонундо 

    Күн тийип турган жердин , мөмөсү татуу болот, чөбү , гүлү ширелүү келип кээ биринин канты чыгып турат.Күнгөй беттин чөбүн жеген мал тез семирет эти нык болот,оэ андай малдын эти ысык келет күнгөйлүү жерде оттогон жылкынын майы казысы сары кызыл тартып турат ,ал эми колдо багылган жылкынын казысы ак болот.Бал аары да негизинен күңгөй жердеги гүлдүн ширесин тартканга аракет кылат.Андай жердин балы кызыл сары тартып турат ал эми бир түрдүү чөп же тескей келген жерден жыйналган ширеден алынган бал ак түстө болот.
    Түштүк аймактын мөмөсү,эти м-н күнү суук келген түндүк тарапка жайгашкан Нарындын малдын этинде айырма бар.Нарындын малынын этин майын жеген сайын жей бересиң,ал эми түштүк тарапта малдын этин майын бир аз жесең көңүлүңө бир тийет.
    Айтайын дегеним даарычылык үчүн эти балды тандаганда туура тандаса жыйынтыгы жакшы болот,түштүк тараптын кой,жылкы этин кан басымы жогорулар,боор ооруларына этияттык менен жеш керек болот.Биздин түштүк аймагында мен билгени эки адам жылкынын чучугун көбүрөөк жеп алып кайтыш болуп кетишти.Бирок гастрит,ичегиге суук тийгендер,уйку безинен кыйналгандар шорпосун ыгы менен жесе айыккандар көп эле болот.

  12. Жумуртканын баалуулугу жонундо

    Тоок жумурткасы баалуу азыктардын бири, айылдык уй булолордун копчулугундо колдонулуп келет.

    Азыктын баалуулугу:


    Энергетикалык баалуулугу 77-80 ккал

    - 13-14% же 6,3 г белок;

    - 1,2% же 0,6 г углевод;

    - 12-13% же 5,3 г май

    Жумуртканын биологиялык азыктуулулук касиети болуп баалуу протеин эсептелинет:       1 жумуртка адамдын куннмдук белокко болгон муктаждыгынын 15-20% ына же болбосо 100 гр этке барабар. Азык заттардын камтылуусу боюнча жумуртканын агы жана сарысы бири-биринен олуттуу айырмаланат. Эгерде жумуртканын агы жалпы курамынын 11-12% камтыса, сарысы 32-33% протеинди жана белоктук-фосфордук курамга, майларга, А, Д, В, В12 на Е витаминдерге ж.б. ден соолукка керектуу минералдык (кальций, фосфор, магний жана темир) заттарга бай. Жумуртканын азык заттарын, адамдын организми толугу менен синирет, 97% толук кандуу синимдуулук касиетине ээ жана эн негизгиси алар организмге синбей калуучу калдыктар болбойт.

    Жумуртканын азыктык баалуулугу анын сырткы кабыгынын тусунон коз каранды эмес. Жумуртканын даамдуулугу тооктун ден соолугуна жана жеген жемдин сапатынан коз каранды.

     

    Тоок жумурткасы эмнеси менен пайдалуу?

     

    Тоок жумурткасы эн мыкты азык болуп эсептелет, себеби жумурткадагы бардык пайдалуу азыктар адамдын организмине зарыл болгон олчомдо топтолгон. Ошону менен бирге эле тоок жумурткасы:

    - сооктун осуусу жана калыбына келуусу учун маанилуу;

    - балдардын боюнун осуусуно жана онугууно он таасирин берет;


    Организмдин нормалдуу зат алмашуусуна жана адамдын нерв системасынын нормалдуу иштоосуно жакшы таасир берет.

  13. Жумуртканын дарылык касиеттери:

     

    Жумуртка коздун кубаттуулугун жана журоктун иштоосун жакшыртат!

     

    - Кунуно бир-эки жумуртка жеп туруу  коздун коруусун жакшыртып, журок кан тамыр ооруларынын онугуусун токтотот жана канда холестриндин денгээли жогорулабайт


    Сооктун бышык болушу жана бекем тиштер:

     

    Жумуртканы жактырып, туруктуу жегендердин сооктору жана тиштери бекем болот.


    Жакшы  эс тутум:


    -Жумуртканын курамындагы лецитин эс тутумду жакшыртып, мээни азыктандырат жана узун =мър тартуулайт.


    Салмакты азайтуу жана к=п жашоо.

     

    - окумуштуулар эртен мененки тамактанууда жумуртканы колдонгондор эки эсе тез арыктоого болоорун жана коп жашаарын далилдешкен.

     

    Табигый тоок жумурткасы –баалуу жана уникалдуу холиндин, фолий кислотасынын жана биотиндин булагы. Холин баш мээдеги клеткалардын иштоосуно катышат. Бул жонундо эл арасында «эгерде акылдуу болууну кааласан, кундо жумуртка же»-деп айтышат.


  14. Жумуртканын сактоо  мооноттору:


    Жумуртканы туура сактоо, анын сапатына таасирин тийгизет. Жумуртка айлана чойросуно сезгич келет. Анын майда тешиктуу кабыгынан жыттар жана бактериялар кире алат. Аларды салкын температурада сактоо керек (8-100)

    Диеталык жумуртканын сактоо мооноту – алынгандан тартып 7 суткадан коп сактабоо керек.

    Ашкана жумурткаларынын сактоо мооноту алынган кунун эске албаганда 25 суткага чейин жетип, негизги талаптары ал таза, кабыгы жаракат албаган жана кабыгында тактардын жок болуусу, сызыкчалар, чекиттер жогорку болугунун сегизден бир болугун ээлебегендей болуусу керек.

    Муздаткычта сакталуучу жумуртканы  жуубаш керек. Жумуртканы муздаткычта 30 суткадан коп эмес убакыт сактоо керек.

     

  15. Жумуртканын жаны экенин кантип аныктоо керек?

    Жумуртканын сапатын жонокой эле суунун жардамы менен аныктап алууга болот. Ал учун стаканды жарымдан кобуроок сууга толтуруп, этияттык менен жумуртканы сууга салабыз.

    1. Алынган убактысы 3 кундон ашпаган жаны жумуртка стакандын тубуно чогуп кетет.
    2. Алынган убактысы бир жумадан ашкан жумуртка тигинен томпок жагы менен суунун устуно бир аз чыгып калат.
    3. Уч же андан коп жума мурда алынган жумуртка дароо эле калкып, жарым болугу суунун устуно чыгып калат.
    4. Ошондой эле жумуртканын сапатын аны жарып коруу менен билсе болот. Эгерде жумуртканын агы сарысына бекем туташып турса анда жаны жумуртка. Эгерде агы куюлуп, сарысы жалпак абалда болсо жумуртканын эски экендигинен кабар берет. Албетте жаны жана эски жумуртканын аралыгындагы айырмачылыктарын кожокелер жакшы ажырата алышат

    Андан сырткары жаны жумуртканы чайкаганда ал эч кандай дабыш бербоосу керек.

    Жумуртканын тышкы корунушунон анын эски же жаны экендигин аныктоо мумкун эмес.

    Бирок тамак-ашка жаны жана сапатуу жумуртка болуусу учун жонокой ыкма бар.         Ал учун сиз тааныган жергиликтуу жумуртка ондуруучулордон дайыма жаны жумуртка сатып алып туруу керек. Жергиликтуу  жумуртка сатып алуу менен, сиз оз айылыныздын онугуусуно салым кошосуз.

    1. Жумуртка жонундо кызыктуу фактылар

      1. Дуйнодо оор жумуртка 454 грамм же тооктун орточо жумурткасынан болжол менен алты эсе оор болгон;
      2. Дуйнодо эн кичине жумуртка – колибринин жумурткасы, ал эми
      эн чон – тєє куштуку (страустуку). Тєє куштун жумурткасын катуу бышырыш учун 2 саат керек;

      3. Тооктун орточо бир жумурткасынын азыктык бардык касиетин
      алуу учун кекиликтин беш жумурткасы керек;
      4. Дуйнодогу ири омлет мадриддик Карлос Фернандез тарабынан
      5000 жумурткадан жасалып, салмагы 599 килограммды тузгон;
      5. Орточо жумуртканын кабыгынын бетинде 1700 ото майда тешикчелер бар. Алар аркылуу жумуртка жыттарды синирип алат. 
      Жумуртканы кутуда сактаса алар кєпкє чейин жайы боюнча тура берет. Жумуртканы сынбас кылуу учун, уксус куюлган стаканга салып койсо болот. 2–3
      кундєн кийин аны чыгарып алып, адегенде 15 сантиметр бийиктиктен
      ыргытып кєр. Жумуртка сынбастан столдун бетинен єйдє секирет;
      6. Тооктун, тєє куштун, єрдєктун жана ак чардактын жєжєлєру жумурткадан чыгары менен эле єз алдынча жашап кетишет, анткени алар
      жумуртканын кєп сандагы сарысы менен кабыгын жарып чыгышат.
      Укунун, тонкулдактын жана башка сайроочу куштардын балапандарына ата-энесинин камкордугу керектелет;
      7. Жумуртка багытындагы тоок бир жылда 250–300 жумуртка берет.
      Бир жумуртка тууш учун ага 24–26 саат талап кылынат. 30 муноттон кийин ал кайрадан баштайт. Падыша альбатросу 79 кун жумуртка басат.

      1. Жумуртканы пайдалануудагы коопсуздук

        Жумуртканы башка тамак-аш азыктарынан бєлєк сактоо керек (муздаткычтын ичинде – атайын идиште);
        2. Чийки жумуртканы кармагандан кийин колду самындап
        жууган туура, салманолез илдинин алдын алуу учун
        3. Жумурткадан тамак даярдоодон мурда аларды жумшак щётка менен жылуу сууда жууш керек;
        4. Жарылган жумуртканы тамак-ашка пайдаланбанбоо керек.

  16.                                                                

                                                                                                                 Топоз

    Топоз Алай Наарын ,Чаткал Алайкуу жб жерлеринде багышат 50 градус суука чыдайт ошондой эле башка жандыктар учуп жыгылып кетуу ыктымалы бар жерлерде ал озун суудагы балыктай эрки сезет. Топоздун эти : Уйдун этине караганда пайдалуу заттар, анын ичинде темир абдан көп, ал эми холестерин аз өлчөмдө. Организмдеги зат алмашууну жакшыртып, операциядан кийин бат ден – соолугубузду калыбына келтиргенге жакшы жардамын тийгизет. Анемиядан жабыркагандарга табылгыс азык. Ошондой эле топоздун букасынын салмагы 300 кг болуп калат  ургачылары 220 кг жетет жана 62 ооруга даары деп да айтылып келет.

  17. Уйдун эти темир менен zincке бай  андай олчом балык менен тоокто да жок бышырылган эт 27 % протейинди тузот витамин менен пайдалуу минералдык затка ээ. Уйдун эти : Сөөктү, булчуӊдарды жана кан тамырларды чыӊдап, көрүүнү жакшыртат. Курамында темир көп болгондуктан гемоглобинди көтөрөт. Жаракаттан, жугуштуу оорудан, күйүктөн бат айыгууга шарт түзөт. Урук чыктагыч бездин иштөөсүн жакшыртып, тестостерондун жана уруктуктун (сперма) иштелип чыгышын шарттайт. Башкысы диеталык азык (майлуу эмес эти). Этинин 60 пайызы сиӊет. Уйдун этинин курамы фосфор, магний, калий, селен, цинк жана В, D B12 витаминдерге бай. 2012-жылы Америкалык журналдардын биринде басылып чаккан, эт жеп холестеролу калыбына келтирген жанан жүрөк кан тамыр ооруларынан арылган деп айтылган.

  18.                                                                           Эчки эти 

    Эчки эти суук келет жакшы эмес дегени менен чындыгын ото пайдалуу ал жон эле ишеним.Эчки эти протейинге бай жана майынын калориясы аз тескерисинче курамын B витамини бар болуп ашыкча майларды эритет.Ошондой  B12 витаминин камтыйт жана стресстен depresiaдан арылтат. Кальций менен Омеga 3 эттин курамында коп болгондуктан соокторду бекемдейт. Эчки эти : Уйдун жана койдун этине салыштырмалуу жакшы сиӊет. Койдукуна караганда холестерин төмөнүрөөк. Ашказан-ичегилердин иштөөсүн жакшыртат. Карылар, жаш балдар жана өнөкөт оорусу барлар оорусу курчубай турган кезде жей беришсе болот.

  19. Image result for duck

    Каз жана өрдөк эти— Организмде уулардын топтолушун четтетет. Жаштыкты узартат, жараларды батыраак айыктырат, көк боордун иштешин жакшыртат. Иммунитети төмөндөр жана кургак учук менен ооругандарга жакшы азык. Бирок жылына майрамдарда бир ирет жегенге сунушталат. Ал эми өрдөк этинде майлуулугу каздын этине караганда азыраак, мурун кургак учук ооруларына колдонуп келишчү. Ошондой эле териси глициндин булагы болуп эсептелет. 100 грамм этте 19-25 грамм протейн бар. Протейн болсо адамдын клеткаларын калыбына келтирет жана ондойт.

     Витаминдери .

    Vitamin B3          24 %

    Vitamin B2          16 %

    Vitamin B1          12 %

    Vitamin B5          11 %

    Vitamin B6          9 %

    Vitamin K            6 %

    Vitamin B12       5 %

    Vitamin A            4 %

    Vitamin E            4 %

  20. Кийик бул органик жана табий  эт берет ошондой эле туура жол менен даярдалса жакшы даам жана ден-соолука абдан пайдалуу.Тоок менен Ундуктун этине караган холестерини абдан аз.Кан басымдык контролдон турат жана журок кармап калуудан сактайт.Кунумдук энергияны ашырат жан майы аз спортчуларга эн пайдалуу болуп эсептелет. Организимге майлар онойчулук менен калып калбайт экен ошондуктанда салмак кошуу ыктымалы аз. Кийик эти : Борбордук Россиянын түндүк тарабында ашканаларда кийиктин эти дайыма колдонулуп келет. Эт минералдарга жана витаминдерге абдан бай. Башка эттерден өзгөчөлүгү В витаминдер группасы жана темир көп, уйдун этине салыштырмалуу. Көбүнчө салат жалбырактары, козу карындар менен жеген сунушталат. Ичибиздеги мите куртарга өтө пайдалуу. Ошондуктан коркпостон пайдалана берсек болот.

  21. Коен эти 1940 дан 1950 жылдары абдан коп олчомдо колдонулук бугунку кундо тоок эти кандай коп колдонулсо ошондой коп даражада колдонулган курамында кальций менен фосфор башка эттерге салыштырмалуу абдан коп жана журокко зыяны жок. Коен эти : бул белоктордун чемпиону десек болот. Ден-ссооолугубузга уйдун эти 60 пайызы сиңимдүү болсо, коендун эти 90 пайызы сиңимдүү. Эт абдан жумшак жана жеңил олтурат. Диета кармаганга ыңгайлуу. Курамында холестерин төмөн болгондуктан жаш балдарга, карыларга, өнөкөт оорусу барлардын бардыгына болот. 100 грамм коен этинен 4 грамм гана май бөлүнүп чыгат, деп диетолог, жазычууЛиза Янг өзүнүн китебинде билдирген. Калориясы башка жаныбарларга салыштырганда аз.



  22. Үндүк эти ден соолука абдан пайдалуу жана чет жакта ыраазылык билдуруу учун ундук бышырып барышат.Биринчи кезекте холестерини аз протейн менен zincке жана витамин Bга бай келет.Майы менен холестерини тооко салыштырмалуу да аз. Уйку гормондоруна пайдалуу болуп жакшы  сапаттуу уйкуга оболго тузот. Ошол себептен кечки тамака ундук этин алып келишет.Эти жеӊил сиӊет, өнөкөт оорусу жоктордун баарына жегенге болот. Ички органдары ылдый түшкөндөргө, энурезде, төрөттөн кийин шишикте жеш сунушталат. Көбүнчө кышкыга эң жакшы азык- түлүк жана B12 витамнине да бай.

  23. Төө эти : Курамында белок, углевод,протейн абдан көп ошон учун калориясы коп жана уйдун этине салыштырмалуу май эки эсе аз. Эти, кымызы (шубат), сүтү кургак учук менен ооругандарга, иммунитети начарлагандарды калыбына келтиргенде жардам берет. Анемия,варикоздо этти жесе оорудан айыгууга табылгыс жардамчы. Лактоз аз болгону учун ото ичимдуу суту канты бар адамдын шекерин тушурот инсулин сезимталдуулугу жогорулайт.Ошондой эле бээнин сутуно окшотуп бышырбай ичууну сунушташпайт себеби анда инфекция коркунучу чон бойрокко зыян тийгизип олумгода алып келиши ыктымал.

    Калории: 50

    Белок: 3 грамма

    Жир: 3 грамма

    Углеводы: 5 граммов

    Тиамин: 29%

    Кальций: 16%

    Калий: 6%

    Фосфор: 6%

    Витамин С: 5%

  24. Аюу эти: табийгый таза болот курон кара аюлардын эти жакшы болуп алардын да тамактануусуна жараша эти пайдалуу болот аюулар балык менен жан бакса эти жакшы а кээ бир учурда башка жан жаныбарларды жеп ар турдуу оору жуктуруп алган болсо эти жарабайт.

    Аюу : Жарым жыл уктап жатып, өзүнүн организмине керектүү азыктарды топтогонго жетишет. Этин курамында В витамини, цинк жана темирге өтө бай келет. Мите куртардан жана жагымсыз жыттардан арылууга пайдаланса болот.

  25. Жылкы эти: таза, ар дайым пайдалуу чөптөр менен тамактангандыктан этинде дарылык касиетери абдан көп. Курамында витамин B менен темир абдан коп жана омега 3 бар ошондой астма ооруларына жакшы пайда берет себеби этте калий менен керектуу минералдар бар. Адамдын имунитетин жогорулатат. Уйдун этине салыштырмалуу 8 эсе бат сиӊет. Холестерин жок. Булчуӊдарды чыӊдап, өттүн жакшы иштешин шарттайт. Боордун жабыркаган ткандарын калыпка келтирип, гемоглобинди көбөйтүп, эркектин бел кубатын көтөрөт.


  26. Related image


    Негизинен балык глобалдык жашоодо эн жакшы эт болуп эсептелинет протейн менен витамин D жана Омега 3тун  башкы булагы  жана жумасына бир жеп турса адамдын журок ооруларынын алдын алат. Мээ менен козду пайда жана эстутумду менталдык осуп онугууго эн чон салым кошуп эмоцияны жакшыртып энергия берет стресстен арылтат.

    Балык эти: Курамында белоктон тышкары фосфор, цинк бар. Эти менен майы организмдеги жаман холестеринди чыгарат. Нерв системинин жана урукчыктагыч бездин иштөөсүн, эс-тутумду жакшыртат. Рактын жана эрте алжып калуунун алдын алат. Чачты өстүрөт, теринин абалын жакшыртат.



  27. Тоок эти протейн  менен кальций жана фосфорго бай эгерде дайым колдонсо артриттин алдын алып соокторду катырат жана шорпо кайнатып жатканда лимон кошуп коюну унутпаныз себеби лимон сооктон бут пайдалуу заттарды сыртка чыгарып берип шорпосун пайдалуу кылат.Тоок эти- Жеӊил, бат сиӊүүчү эт. Андыктан операциядан жана инсульт, инфарктан кийин тамак жасап беришет. Нерв системинин, жүрөктүн жана өттүн калыптагыдай иштешине көмөк берет.


  28. Алай, Чоң-Алай районундагы фермерлер эт багытындагы Абердин-Ангус пародасындагы уйларды көбөйтүүнү колго алууда. Эки жыл ичинде 300гө жакын уйду табийгый жана жасалма жол менен аргындаштырышкан. Ангус - бул мүйүзсүз, кара же күрөң түстөгү уйдун түрү. Буттары кыска, желиндери ак же кара түстө болушу ыктымал . Тээриси сыйда, денеси булчуңдуу. Эң башкы артыкчылыгы анын этинин сапаттуулугу.Шотландиядан келип чыккан абердин-ангус пародасындагы асыл тукум буканы Чоң-Алайдын Жар-Башы айылына биринчилерден болуп эки жыл мурун Зурудин Шакиров алып келген экен. Фермер аймактагы малдын тукумун жакшыртууга умтулбасак болбойт дейт. Бир жашар буканы 115 миң сомго алып келдик. Өзгөчөлүгү суукка чыдамдуу. Кар калың болсо деле жүдөшпөйт. Кандай тоют берсең да чөп-чарды тандабай жей берет деп кеп салды фермер. Ангус тукумундагы уйлар бөтөн жерден келгенине карабай жергиликтүү шартка, климатка тез эле көнүп кеткен. Табиятынан буттары кыска болгону үчүн, тоо ташка чыгып, жайыт тандабай жүрөт. Гени күчтүү, аргындаштырууда таасири 80 пайызга чейин жетет дейт фермерлер.Ошентип жаңы тукумдагы уйлар тоолук фермелердин көңүлүнө майдай жагып жатыптыр. Абердин-ангустун эти «мрамор сымал эттин» (Мраморное мясо) түркүмүнө киргендиктен ашканада жакшы бааланат. Европалыктар менен америкалыктар бул эттен стейк жасап, сыйлуу тамак катары дасторконго коюшат.Бирок талаптагыдай мрамор сымал этти алуу үчүн малды багуунун өзүнүн атайын ыкмасы бар дейт адистер. Кыргыз фермерлер азырынча аны өздөштүрө элек.

    BBC Алай

    1. Саламатсызбы Мыктыбек байке,сиз ким болуп иштейсиз,мынча маалыматты кайдан билесиз?,абдан пайдалуу биз укпаган жээ билбеген маалыматтарды берип жатасыз,рахмат,бар болунуз.

      1. Саламатчылык ,рахмат чоон  Биосервисте переводчик болуп иштейт элем. 

  29. Ашканадагы санитариялык-гигиенанын эрежелер:
    1. Ашканада тамак бышыруудан  мурда алжапкыч тагынып, косынка салынуу керек;
    2. Тырмактарды кыска алып, колду самындап жууш керек;
    3. Тамак даярдап жатканда колдоно турган идиштер жана шаймандар таза болушу керек;
    4. Туурай турган тактайларды жана аспаптарды (жашылчалар, эт, балык, нан ж. б. учун ) оз-озунчо пайдалануу керек;
    5. Даяр (бышкан же куурулган) азыктарды бышырыла турган азыктар менен аралаштырбоо керек
    6. Тамак даярдоо учун  сырткы корунушу, ону, жыты, даамы боюнча сапаты аныкталган азыктарды гана пайдалануу керек;
    7. Тамак бышканда аны даярдап жатканда пайдаланган кашык менен эмес, башка кашык менен салуу керек;
    8. Азыктарды жана даярдалган тамакты белгилуу моонотко чейин гана сактаганга болот;
    9. Пайдаланууга даяр азыктарды жабык турундо сактоо керек;
    10. Бардык азыктарды муздаткычка жана тондургучка коёрдон мурун тамак-аш учун плёнка менен ороп коюу керек;
    11. Даяр тамакты муздагандан кийин капкагы бар айнек
    же фаянс идишке куюп, андан кийин гана муздаткычка коюу керек;
    12. Тамак даярдоо аралыгында жана даярдап буткєндєн кийин иштеген орунду тазалоо, тамак-аш калдыктарын тогуп коюу керек.

    13. Этти ашканага алып келгенден кийин ар бир тамакка ылайыктап оз-озунчо болуп муздаткычка жайгаштыруу керек.

  30. Министр Э.Чодуев “Флекфи” асыл тукум чарбасы менен жеринен таанышты

    10-декабрда Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев, Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Бирдик айылында жайгашкан “Флекфи” асыл тукум чарбасы менен жеринен таанышып, фермерлер менен жолукту.

    “Флекфи” асыл тукум чарбасынын директору Зиновиьев Ярослав чарба боюнча маалымат берди. “Флекфи” асыл тукум чарбасында сүт жана эт багытында 300 баш ири мүйүздүү мал багылып жатканын айтып, 1 уй 22 л сүт берээрин билдирди. Мал чарбасын өнүктүрүүдө жердин аянты аз болгону маселе болуп жатканын айтып өттү. Фермердин максаты сүт багытында ири мүйүздүү малдын санын көбөйтүп, Кыргызстанга жайылтуу. Ал мындан сырткары 600 баш чочко багып жатканын кошумчалады.
    Министр Э.Чодуев министрликте үрөндүн сапатына жана мал чарбасын асылдандыруу, сандан сапатка өткөрүү боюнча бир топ иштер жүрүп жатканын билдирди. Асыл тукум мал чарбасына өзгөчө көңүл бурулуп, фермерлерге мамлекет тарабынан жеңилдетилген насыялар берилип жатканын айтып өттү.
    Ошондой эле “Флекфи” асыл тукум чарбасынын маселесин чечип берүүнү тиешелүү адистерге тапшырды.

    Айыл Чарба Министрлиги




  31. 2019-жылдын 1-декабрына карата мал чарба продукцияларынын негизги түрлөрүн өндүрүү жөнүндө маалымат

    Мал чарба, асыл тукум иштери жана илим бөлүмү, 2019-жылдын 1-декабрына карата мал чарба продукцияларынын негизги түрлөрүн өндүрүү жөнүндө маалымат сунуш кылат.
    Эт өндүрүү. 2019-жылдын отчеттук мезгилинде республикада бардык категориялардагы чарбаларында 375,0 миң тонна эт тирүүлөй салмакта өндүрүлдү, 8055 тоннага, же 2,2 пайызга өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу эт көбүрөөк өндүрүлдү.
    Республикада эт өндүрүүнүн өсүшү малдын жана үй канаттуулардын санынын көбөйүшү менен байланыштуу. Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча ири мүйүздүү малдын саны өткөн жыл менен салыштырмалуу 51862 башка көбөйгөн, кой жана эчкинин саны – 90174 башка, жылкылардын саны – 17355 башка жана үй канаттуулардын саны 99279 башка көбөйгөн.
    Белгилей кетчү нерсе 2019-жылдын январь-ноябрь айында республиканын бардык облустарында, 2018-жылдын ушул мезгилине карата эт көбүрөөк өндүрүлгөн
    Сүт өндүрүү. 2019-жылдын январь-ноябрь айында республика боюнча 1519,3 миң тонна сүт өндүрүлдү, 34,4 миң тоннага, же болбосо 2,3 пайызга былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу сүт өндүрүү көбүрөөк болду.
    Сүт өндүрүү республиканын бардык облустарында көбөйгөн.
    Республикада сүт өндүрүүнүн өсүшү уйлардын саны өткөн жыл менен салыштырмалуу 22800 башка көбөйүшү менен байланыштуу.

  32. Нет описания фото.



    2019-жылдын 1-декабрына карата тоют даярдоо
    боюнча ыкчам маалымат

    Жалал-Абад облусу боюнча 2019-жылдын 1-декабрына карата 886043тонна тоют даярдалган, өткөн жылга караганда 49974 тоннага көп, анын ичинен чөп – 681929 тонна өткөн жылга караганда 34716 тоннага көп же 5,4% жогору. Саман – 114900 т. даярдалган, ал эми 2018-жылы 106432 т. 2019-жылы 8,0% көп даярдалды.

  33. Кыргыз мал чарба жана жайыт илим-изилдөө институтуна караштуу Биотехнологиялык борбордун адистери тарабынан Кыргызстандын региондорундагы айыл чарба малдарын жасалма уруктандыруу максатында Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын техник осеменаторлору менен биргеликте жумуш алып барып жатышат.
    Малды жасалма жол менен уруктандыруу ыкмасы малдын тукумдук жана продуктуулук сапаттарын тез жогорулатууну, асыл тукум малдын санын тез көбөйтүүнү камсыз кылат. Жасалма жол менен уруктандыруу ыкмасы жыныс жолу аркылуу жугуучу ыландардан сактоого жана жайылтпоого кепилдик берет.

    1. Жасалма уруктандыруунун баалары жана сут багытындагы кайсы породалар менен аргындаштырылат? 

  34. Картошканын батат сортун өстүрүүгө көңүл бурулат

    Жазында Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо департаменти Республикадагы өстүрүлүп жүргөн традициалык картошканы сатуудагы акыркы убактагы проблемалардын алдын алуу жана аны таттуу картошкага - Бататка алмаштыруу максатында Түштүк Кореядан (корейлик партнерлор менен бирге) бататтын жогорку түшүмдүү сортунун көчөттөрүн Сеулдан алып келген.
    Бүгүн, 8-декабрда Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо департаментинин директору Таалайбек Айдаралиев сынак үчүн өстүрүлгөн картошканын батат сортунан кандай түшүм алынгандыгын көрүү максатында Кореялык Ван мырзанын кампасына барды. Ван мырза Кыргызстанга сынак үчүн эккен картошкасынан жакшы түшүм алганын, учурда 2,5 тонна үрөндүк картошкасы бар экенин айтты.
    Министрлик 2020-жылы өлкөнүн бардык аймагындагы сорт сыноочу жайларда картошканын батат сортун өстүрүү пландалганын Т. Айдаралиев билдирди.
    Картошканын бул сортунда 30% крахмал жана 6 % кант бар. Бул кант диабети менен жабыркагандар үчүн жакшы азык.

  35. Урматтуу кесиптештер! Тамак ашты жакшыртуу долбоорунун алкагында 15 Заанен эчкилерин сатып алабыз. 3 теке калганы боз эчкилер болушу керек. Тааныган же билген булактарынар болсо болушун коесунарбы?

  36. Image result for Ыссык Кульский казы карта

    Казысы майы ак тусто болсо тескей жерде багылган мисалы :Ыссык колдо 

                                               

    Куну ыссык жерде чоп жеп чонойсо кызыл  сары болуп суук тийген адамга пайда. 


  37. Майдын сапаты малдын жеген чөбүнөн көз каранды эмеспи түрдүү чөптөрдүн ошондой эле күнөстүү жерде оттогон малдын майы сары түстө болот ал эми бир түрдүү чөп жеген малдын майы агыш тартып турат.Жакшы майдын жагымдуу жыт,оозго салса тез ээрийт.Таза эмес болсо таңдайга жабышып калат.Сары майды Кытай медицинасы оорулууларды дарылоодо кеңири колдонушат.

  38. Дунгандар момо деген тамагы ачыган камырдын бууга бышкан наны. Ичине эч нерсе салбайт салмак кошкону жардам берет.

  39. Саламатсыздарбы! Көптөн бери колум тийбей жаза албай жаттым. Уйлар жайлоодон келип ары бери жайгаштырып журдум. 

    Малдарыбыз келгенден бери сүттү сатып албай аябай жыргап калдык. Үй бүлөм үчүн калции алуу убагы келди, кыш жана жаз мезгилинде толук кандуу витаминдерди ала алабыз. Ушул долбоор аркылуу сүт эчкилери алайын деп микро долбоор жазганмын. Куда кааласа эчкилүү болуп калсак, анын пайдалуулугун жана кошумча пайда табууга мүмкүн экендигин группам менен бөлүшүп  маалымат бергени аракет жасаймын. 


    1. Азамат, оз колун менен уй було учун даярдаган азык кандай даамдуу жана пайдалуу, себеби чын дилден жасалган даам гана синимдуу болот.

    2. Азаматсын Алтынай, эчки багуу боюнча мурунку аткарылган чакан долбоорлордун алкагында кошумча маалымат алсаң болот. 3. Микропроекты по разведению молочных коз/goat milk production.

  40. Андан сырткары тоок чарбамды да өнүктүрүп келе жатам. Ушул платформадан көптөгөн пайдалуу кеңешщтерди ала алдым, тамактанууга толук маани бребей жургонумду түшүнүп, өндогонго аракеттенип жатабыз, үйдөгүлөргө айтсам койчу биз жакшы тамактабыз деп айтышчуу эле азыр болсо ойлорун өзгөртө башташты. Үй бүлөм учүн жасаган тоок шорпо. 

  41. Видео жасадым эле ошону кайсы жерден киргизсем болот? Жазып койсоңуздар. Рахмат. 

  42. Мен мускус ордоктун эти чыла даамданып турса керек деген ойдо жечи эмесмин, корсо уй чарбасында багылган ордоктун эти даамдуу жана синимдуу болот экен.

  43. Аламүдүн районунда жайгашкан асыл  тукум жылкы чарбасынын ишмердүүлүгү .

    Чарбанын жетекчиси кооперативде 2600 гектардан ашуун үлүш жерде 260 киши иштейт дейт

    Аталган кооперативде асыл тукум жылкыдан сырткары сүт багытындагы уйлар да бар. Учурда 160 асыл тукум жылкы кармалат.

    Этно туризм өнүгүп жаткандыгына байланыштуу биз “Ветка” деп ө чарбанын атынан улак команда түзулгон. Балдар өлкө ичиндеги мелдештерге катышып жатышат экен

    Азыркы күндө асыл тукум жылкынын тайлары 50 миң сомдон сатылууда.

  44.              Альпака  чарбачылыгы


    Айыл чарбасында канча эмгектенседа  озун озу актабай калды  арзан картошка же жугору ,же  кой же саны бар сапааты жок ,  сүтү  аз, асыл тукум эмес эптеп септемей арык уйлар

    Алтернавтивдуу жол :

    Перулуктар  альпака деген тоо сымал  жандыктарды багышат .Жүнү эң кымбат турат бизге бакканга шарты ынгайлуу,  тоолуу жерге ылайык,  Койдунун жунунон 3 эсе бышык 7 эсе жылуу

    Мамлекет ушул багытка конул бурса жакшы болот эле. Тоолу мамлекеттер аз а биздин шартка мас келет . Альпакадан,эң кымбат кийим тигилет и токулат.

    Андан тышкары эти  даамду майы аз жана холестерини аз 100 граммда 150 калория  жана аларды талаада багуу оной себеби башкарууга женил келишет , ошондой эле айлана чойрого азыраак зыян келтирет.

    Тез арада  ондуруштук фабрика ачып элге жайылтып  кенири маалымат берип альпака  остуруп кэздеменин турун чыгарып мамлекетти онуктуруш керек ошондой эле жибек фабрикасын ачып андан да эл киреше алыш керек .

    USAID ,GIZ,  JICA менен кызматташып  кыргыз окмоту муну ишке ашырса жакшы болмок.

    1. Окмотту карап отурса......?Андан коро озунузго окшогон билимдуулор чуркап долбоордун алкагында Кыргызстанга алынып келип башталса абдан жакшы иш болмок.

  45. Био Фермер Адылов Руслан малдарды тоюттандырууну жакшыртуу боюнча чакан долбоорду аткарууда.  Айыл калкына малды тоюттандырууну жакшыртуу багытында иш жургузуу учун тоют даярдоочу аппаратты топтун оздук салымын кошуу аркылуу алды. 

    Руслан, иштерине ийгилик каалайбыз.

    1. Абдан жакшы ийгилик, Руслан "Био Фермер" кооперативинде Жаш Ленин айылында био инспектор катары фермерлерди активдештируу, жанылыктарды колдоо боюнча коптогон жакшы иштерди алып барат.

      Малынар семиз болсун, тапканынарга береке берсин! 

    2. Саламатсыздарбы бул аппарат боюнча толугураак маалымат бере аласыздарбы !? Аталышы : 

      Ценасы :

      Кайсыл жерден алса болот, жана Функциялары дегендей !?

    3. Руслан бул маалыматтарды фермерлер арасында жайылтуу керек. Тоюттун турлору менен багылган малдардын да семируусуно козомол жургузуп канчалык денгеелде тоюттун сапаты таасир бере алды жазып тур.

  46. Бул тоют майдалагыч аппарат. Жалал-Абаддагы курулуш маркетиндеги 55 соода туйунунон алсанар болот.

    Бул аппарат чопту гана майдалабастан, жугоруну, арпаны, буудайды да майдалай алат, бир нече функциясы бар экен. Аппараттын колому кичирээги 12 мин сом турса, колому чону 16 мин сом, оз мумкунчулугунорго карап сатып алсанар болот.

  47. Кызыгы коп мал базар.

    Откон аптада Жалал-Абад шаары менен Сузак районунун ортосундагы Благовещенка айылында жайгашкан кой базарын коргондогу жеке ой пикиримди айткым келди. Элдин жашоо денгээлин, маданиятын билгин келсе ошол элдин базарын кор деп бекер айтышпаса керек. Ишемби куну тан эрте башталган базар кечки 15-16 га чейин созулат. Кой сатып келгендери, ошол базардан кой алып сатып тиричилик кылгандары, жон эле базарды коруп бааларды билгиси келгендери да бар. 

    Бул базарда:

    • козулуу койлор - 9-10 мин
    • бооз койлор чон кичинесине карап 9-12 минге чейин
    • Кочкорлор да чон кичинесине жараша  12-18 минге чейин
    • козулар 6 айдан 1,5 жашка чейин союшка ылайыктуулары арык-семизине жараша 4,5-8 мин сомго чейин
    • эчкилер 6-7 мин, саан эчкилер андан да жогору.
    • Базардын жалпы корунушу                                             Туруктуу кой-козу саткандардын  тизими
    • Кардардын талабына жараша койдун тишин коруу     Базардын коркун ачкан бер-береке соода алакасы
    • Чон базарда сатууга коюлган меринос козулары           Биофермер Аликеев Э козулуу коюна кардар кутуудо

    Чынында базарда породасы жакшы койлорду кезиктире албайсын, аларды билгендер оз жеринен сатып алышат. Меринос койлордон 2 козу гана болду алардын баасы да 6-8 минге чейин.

    Айтайын дегеним толу аз, жуну аз баасы томон кой баккандын ордуна порода койлорду багып уй булонун экономикалык мумкунчулугун жогорулатуу керектигин дыйкандар тушунуп  багыт алса жакшы болот эле.

    1. Салам платформанын катышуучулары, Жалал-Абаддагы областык кой базары жонундо абдан кызыктуу маалымат жазылыптыр. Ушундай маалыматтар жарыяланып турса фермерлерге жакындан жардамы тиет.

    2. Кой базардын маалыматы баарына эле жакты болуш керек, себеби алдын ала маалымат алсан ориентир кылганга жардам берет, тим эле озум базарга барып келгендей болдум.

  48. Буажар эже сонун пайдалуу макала койупсуз! Азамат эже! жон эле бааларын билип койбостон, базарда кандай койлор жакшы сатылат? кандай койлорго суроо-талап коп? анализдеп чыкканызга рахмат! Ийгилик сизге эже!

  49. Базар боюнча маалымат алган дыйкандар тоют боюнча да кабардар болгусу келет. Жалал-Абаддагы орточо баа:

    • комбикорм - 17 сом/кг
    • жугору даны - 16 сом/кг
    • арпа даны - 15 сом/кг
    • кунжара (пахта, семичке) -23 сом/кг
    • табигый чоп престелгени 150-170 сом/кип
    • беде пресстелгени 180-200 сом/кип
    • жугору паясы пресстелгени 80-100 сом
    1. Уулкан, аябай жакшы маалыматтар экен. Мына кыш ортолоп калды, жаз жакындаган сайын малдын жем чобу азайып мындай маалыматтарга муктаж болот.

  50. Малдарды да коп турдуу тоют  менен азыктандыруудаг эт жана сүт өндүрүмдулугун көбөйтүүдө тоют майдалагычтын орду чон эккен. Дагы бир жагы тоют үнөмдөмдөлөт жана мал семиз болот. Чакан долбоордун алкагында алынган тоют майдалагыч айыл тургундарынын кызыгуусун жаратууда.

    Жаш-Ленин айылындагы мал чарбасына кызыккандарга практика жузундо тоют майдалагычтын иштоо принцибин корсотуп бердим,  фермерлер өтө жакшы баа беришти.


    Баштай жугоруну мардагы менен башка жемдерди майдалап чыгарат,  сеткасын алмаштырып размерине коюп майдалай бергени абдан ынгайлуу.

    Жугорунун паясын майдалай турган жери кичине болуп жаткандыктан,  кичине реставрациялап  чоңойтууга туура келет.


    Бул тоют майдалагыч фермер учун абдан ынгайлуу, биринчиден убакыт уномдолот, экинчиден тоют коромжу болбойт.

    Буудай арпа, баштай жугору, жугорунун паясы, табигый чоп баарын майдалайт. Озгочо асыл тукум мал баккандарга сунуштайт элем.

  51. Руслан, тоют майдалап мал бакканга, сапаттуу продукция ондуруп, пайда алганга багытталган практиканды жайылта бер, практика ынгайлуу, копированиега реалдуу экен, азаматсынар.

  52. Музоолорду бордоп семиртуу фермердик шартта ынгайлуу

    Айыл жеринде жашап «кантип бизнес жасасам болот?»- деген платформанын катышуучуларына кеп кенеш.


    Айыл жеринде музоолорду эт багытына ылайыктап семиртуу менен бизнес баштаса болот ал анчалык деле коп эмгекти талап кылбайт жана коп убакытка созулбайт. Жазда ылайыктуу сандагы музоолорду асыроо менен кузундо белгилуу олчомдо семиртуу  жолу менен каражат табуу мумкунчулугу бар.

    Бул учун дени таза, керектуу сандагы музоолорду тандап алуу, (семирууго жондомдуу, базарда кийин кардарды озуно тарта турган породасы, тусу)  регионго ынгайлашуу жактарын кароо керек.

    Музоолордун оптималдуу жашы 3-4 айлык,  салмагы 80-100 кг тегерегиндеги музоолорго басым жасоо

    Мындай музоолор багып кароого, тоюттандырууда койгой жаратпайт. 10 го чейинки музоону семиртууго баксаныз,  уй булонуз менен багып карай аласыз, андан коп болгондо кошумча кол кучу керек болот ал кошумча каражатты талап кылат.

    Жаздан баштасаныз сарайда бакпастан эркин тоюттандыруу сизге анчалык деле каржылык чыгым жаратпайт.

    Ошентсе да музоолордун салмак кошушу учун тоюттандыруу режимин тузуу керек. Арпа буудайды созсуз турдо майдалап же бышырылып берилет. Кок чоп менен тоюттандырууда аны соолутуу аркылуу олчом менен беруу, олчомун улам кобойтуп баруу, себеби жаш оспурум музоолордун организиминдеги осуу озгочолугун эстен чыгарбоо керек.

    Музоолорду эт багытында  бордоп багуунун 3 жолу бар:

    1. Кыска – 1,5 жашка чейин интенсивдуу багуу, тируу салмагын 400 кг.га жеткируу
    2. 7-8 ай орточо багуу, музоолордун салмагы 500 кг.га чейин. Мындай музоолордун  эти майлуу жана ширелуу болот.
    3. Музоолорду алгач солгун кийин мол тоюттандыруу. Багуу убагы 5 – 6 ай, музоонун салмагы – 400 – 450 кг га чейин.

    Базар баасы боюнча салмагы -500 кг багылган музоолорго кардар коп.

    Экономикалык жагын анализдеп корсонуз да болот:

    1. Музоолорду башын 20000 сомдон алсаныз х 10 = 200000 сом
    2. Багып кароо учурунда кетирген чыгым 1 башка = 5000 сом х 10 = 50000 сом
    3. Профилактикалык, дары-дармек 1 башка 500 сом х 10= 5000 сом
    4. Бордоп семиртилгенден кийин 1 баш сатылды 80000 х 10 =800000 сом
    5. Жумшалган чыгымдардан калганы  545500 сом

    Жыйынтык: 545500 сом:6 ай = 90833 сом

    Сиз башка иштерди жасоо менен эле музоолорду багып семиртуу менен ай сайын 90833 сом тапсаныз болот.


    1. Аябай кызыктуу маалыматтар Белгилеп айтуучу нерсе экономикалык анализ болуптур. Азыркы күндө көптөгөн адамдарга акчасынан сүйлөш керек болуп калды (smile) !

  53. Кызыктуу материалдар коп экен,

    Мал чарбасы азыркы кундо жолго фермерлер оздору коюушууда,

    Эже бул нерсе жакшы экен, азыркы кундо эт кымбатаган сайын малдын,койдун баалары осуудо.

    Эт кунумдук тамак-ашка керектуу рацион болуудо.

    Эт багытындагы породалар азыркы кундо Россиядан алынып келинуудо.Менин сунушум эт ондурууудо анын тоютка кошулган кошулмаларында болууда,

    ийгиликтерди каалайм


  54. МУСКУС ОРДОКТОРУН БАГЫП ЧОНОЙТУУ

    Эгерде уй чарбанызда жериниз чон болсо, уйдун жанынан арыктан суу дайыма агып турса мускус ордокторду эмне учун багып чонойтууга болбосун.

    Мускус ордокторунун артыкчылыгы:

    - тынч,

    - багууга женил,

    - салмагы 1,5-3 кг

    - ооруга чыдамдуу

    - тоют тандабайт

    - эти даамдуу,  майлуу эмес

    - мускус ордогу аз жейт.


    Мускус ордогун багып чонойтууну каалагандарга алгач  30-50 баш ордокту багып коргуло  да тоок багуу менен салыштырса натыйжасы билинет демекчимин. Тажрыйба озун багып караганда топтолот. Кээ бироолор ордок эшик алдын булгайт тонналаган кык болот, бакпаш керек дешсе, кээ бироолор багып кароодо уйдун алдына келтирбей, сетка тосуу менен эле асырап багып керек учурда балдарына азык катары пайдаланса, керек учурда  сатып каражат табышат. Озундун чарбандан алынган азык тулук берекелуу болорун, кирешеси жугумдуу болоорун улуу муун бекеринен айтпайт.

    1. Мускус ордогу эти даамдуу болот чынында,

      Мен билгенден каналдын боюнда жашаган жашоочуларга ынгайлуу эле болот багуу.

      Чынында эшиктин алдын олтуруп ,гулдорду кыркып койгону ал этинин даамы ошого байланыштуу да алар аралашпаса эт даамдуу болбойт озуу (smile)))

  55. Буажар эже, пайдалуу маалыматтар экен, жогоруда Мирлан белгилегендей, акыркы кундору эттин баасы жогорулап кетти, малдын, канаттуулардын тоют рационун оздоштуруу, алардын ондурумдуулугуно таасир берет. Мускус эт эле эмес, пар астындагы тыбытынан (пух) жумшак жаздыктарды даярдоого болот.

  56. Тоок багуучуларга кенеш:

    Тоокторду багуу шарттары

    Тоок багуучулар кобунчо тоокторду башка малдардын жана канатттуулардын турлору менен аралаштырып бага беришет. Тоокторду озунчо таза, жарык жана кургак жерде багуу керек:

    • тоок багуучу жай 
    • тоют жана тоюттандыруу
    • ооруларды алдын алуу иш чаралары                                                                                                                                                                      Тоок багууда 1 кв м аянтка 6 тоокко эсептелиши керек, 10 км аянтка 1 кв.м терезе салуу, нымдуулугу 65-75%, оптималдуу температура 16-18 С болгону жакшы. Тооканада жумуртка тууганга уя болушу керек, бул учун 50-60 см бийиктикте 30х40 см уя болушу керек. Тооктор тоокканага кирип чыгышы учун озунчо ачылып жабылуучу кичинекей эшик 30х30 см ылайыктуу, бул эшик полдон 15 см жогору коюлушу керек. Тоокананын алдына зым тору менен тосулган сейилдоо бастырманын алдындаболгону жакшы. Жем аштооннун узундугу 1 тоокко 8-12 см, ал эми суу учун 2-3 см алар да жерден 5-8 см жогору болушу керек. Тоок озунун денесиндеги битттерден арылуу максатында кулго оонайт. Кул ваннасын жасоо керек анын ичине жыгач кулу- 50%, кум-30%, топурак 19% жана керосин - 1% тен турган аралашма салынат.
    1. Эн сонун маалыматтар Буажар эжеке ушул айтылгандай карасак озубуздо таза эт ондурууго болот
      Уй-булоолук бюджетке чон салым болот,анткени биз этсиз тамактарды элестетуубуз,даамынын болушун алдын ала билебиз

  57. Тооктоду  тоюттандыруу

    Тоокторду багууда болжолдуу 1 кундук рацион, гр эсебинде

    Тоют1-рецепт2-рецепт3-рецепт4-рецепт
    жугору55--20
    буудай-50-20
    арпа--3020
    буурчак-2030-
    буудай кебеги-15--
    таруу-81510
    кургак чоп уну1210-10
    кунжара30--22
    кок чоп-1515-
    бышкан картошка-9710
    соок уну5555
    балык майы3333
    аш тузу0,050,050,050,05
    бардыгы120,05120,05120,05120,05





  58. Тоок багуудагы кенештер:

    • жумуртканы кобойтуу жолдору: тоюттун курамында белоктуу тоюттар (буурчак, кунжара, соок уну, эт уну, кальций камтыган тоюттарды очурулгон акиташ, бор, жумуртканын кабыгы) олчомун кобойтуу керек
    • тоокторго данды ондуруп берген пайдалуу, данды ондуруу учун идишке салып жууп, андан кийин жылуу сууну комгудой куюп 20-30 градус жылуулукта 1,5-3 кун койсо онуп чыгат, онгон дандарда витаминдердин саны коп болот аш болумдуулугу жогорулайт.
    • Тоокту семиртуу учун 15-25 кун карангыраак, тооктун кыймылы чектелуу жерге кармап, жугору жемди жана камыр менен тоюттандырса бат семирет
    • Тооктун тулоосун кыскартуу учун капуста жалбырагы, буурчак, соя, картошка, сабиз, сут азыктары менен тоюттандыруу керек.
    • Тооктордун породасын озгортпой кармайм десенер 2-3 жылда бир жолу ошол породадагы башка короз менен алмаштыруу керек. Бул короз ошол уйдун тоокторунун жумурткасынан чыккан короз болбошу керек.
    • Тооккананын ичиндеги чычкан, келемиштердин уясына хлорду салып койсонор, алар экинчии тоокканага келебйт.
    • Эгер тоок тушко чейин тууса анда ал кунуно тууйт, туштон кийин тууса, бул тоок 2 кундо бир жумуртка берет.
    • Тоокту тандап жатканда анын дене тузулушуно конул буруу керек, Канаттары сынбаган, бут манжалары туз, жазы, кыймылы тын, денеси узун, коодону кенен тоокторду тандоо керек.
    1. Буажар эже саламатсызбы,сиздин жазган кенештериниз биз учун дегеле тоок багып ,инкубаторго жумуртка салып жожо чыгарып ,таза экологиялык тамактанууга салымыбызды аз да болсо кошолу деп жаткан МААН проектисинин катышуучуларына эн сонун маалымат болду окшойт.Биз ото кубанычтабыз.Сиздин берген маалыматынызга чоон рахмаат!Дагы ушундай маалыматтар болсо болушуп турунуздар.

      Урматтоо менен,

      Малдыбаева.М.Ж

  59. Бир тоок жылына орто эсеп менен 150-200 жумуртка, ал эми кээ бири 300 жумуртка берет. Жумуртканын курамында адамдын тамактануусуна керектїї болгон белок, май, витаминдер жана минералдык заттар бар. Жумуртканын белогунун аш болумдуулугу 90% дан жогору.Тооктун эти- жогорку аш болумдуу азыктарга кирет. Даамдуу, калориялуу жана жагымдуу (диеталык) азык зат. Эгерде тооктон эт ондурууну кааласаныз, эт багытындагы жожолорду (бройлер) 50-60 кунго чейин бордоп семиртесиз, ал 1,8-2,0 кг чейин эт берет.

    Тооктон - 100-150 грамм тыбыт алынат. Ар кандай максатта пайдаланууга болот.

    Тооктон - осумдуктєрго эн эле пайдалуу органикалык жер семирткич алынат. Тооктун кыгында башка малдардын кыгына караганда 2-3 эсе кєп азот болсо, фосфор 3-4 эсеге коп камтылат.

    Тоок тез жетилет. Аларга кеткен чыгым аз убакыттын ичинде акталат. Тооктор 5-6- айлык жаштан баштап жумурткалай башташат.

    Тооктор башка айыл чарба малдарына караганда тоют тандабайт. Колдо болгон бардык тоют туру менен тоюттандырууга болот.

    Тоокту багууда адам кучу аз сарпталат.


    Тооктун породалары алардан алынуучу продукцияга жараша уч багытка бєлїнєт:

    1 - жумуртка багытындагы;

    2 - эт- жумуртка багытындагы;

    3 - эт багытындагы.

     

    Жумуртка багытындагы породалардын жумуртка беруу жєндємдїуулугу жогору. Алар жылына орто эсеп менен 200-300 жумуртка бере алышат. Эт байлабайт.

    Тооктордун салмагы болжолу 1,0 -2,0 кг  болот.

    Кыргызстанда жумуртка багытындагы Родонит, Ак орус тоогу, Ак белорус тоогу белгилуу.

    Эт- жумуртка багытындагы тооктор жылына орто эсеп менен 150-200 жумуртка берет да, 3-4 кг эт продукциясын берууго жєндємдуу келишет.

    Кыргызстанда эт-жумуртка багытындагы Кыргыз, Нью-Гемпшир, Род-Айленд, Кучин, Фавероль жана башка тооктору багылат.

    Эт багытындагы тооктор негизинен эт продукциясын ондурууго багытталган. Алардын тируу салмагы 5-6,5 кг чейин жетип, 4-6 кг эт продукциясын бере алат. Бул багыттагы тооктордон жылына болгону 80-100 жумуртка алса болот.

    Кыргызстанда эт багытындагы Кохинхин, Брама, Корниш жана башка тооктору кездешет.

    Тооктордон алынуучу продукцияны кєбєйтїуу учун кандай кам кєруу керек?

    Тооктон жумуртканы кєбїрєєк алуу учун, жумуртка багытындагы тоок породаларын тандоо маанилуу. Жыл єткєн сайын тооктун жумуртка беруу жєндємдуулугу начарлагандыгына байланыштуу тоокторду ар бир 1,5 -2 жылда алмаштырып  туруу зарыл.

    Эгерде жумуртка тамак -ашка пайдалануу учун ондурулсо, уйурдо короз кармоонун кажети жок. Себеби, тооктор короздору жок эле жумуртка тууганга биологиялык жактан жєндємдуу ал эми корозду кармоо ашыкча чыгымга алып келет.

    Эгерде жумурткадан жожо чыгарууну коздосок, анда ар бир 8-12 тоокко бирден короз кармоо талапка ылайык. Бул учурда жумуртка тукумдуу болуп, жумуртканын жожєго бастырууда сасыткы болуп калуу мумкунчулугу аз болот. Ушул себептер менен корозду жожо чыгаруу учун гана багуу керек.

    Тооктон эт єндурууго  негизинен ургачы тоокторго караганда короздорду бордоп байлоо натыйжалуураак. Себеби, короздор салыштырмалуу чонураак келип, тез салмак кошот. Тооктор жумуртка алууга багытталганда короздорду болуп алып, озунчо этке бордоп багуу натыйжалуу.


  60. Тоок ооруларынын алдын алуудагы иш-чаралар:

    • Тоокторду сапаттуу тоюттар менен туура тоюттандыруу керек;

    • Тооккананы таза, кургак кармап, багуу шарттарын аткаруу;

    • Тоокканадагы чычкан, келемиштерди жок кылуу;

    • Тооккананы мезгил –мезгили менен дезинфекциялоо;

    • Ооруларга каршы алдын ала эмдєє иштерин оз убагында жургузуу


    Тооктордун оорулары жана аларга каршы курошуу жолдору

    Жунун жеп коюу, биттер, кенелер, бурголор. Бул ооруларга тооктор кабылганда, алар тытынып, жуну тушот, арыктайт, жумуртка беруусу азаят.

    Дарылоо: Тооккананы таза кармап, мезгил –мезгили менен єчурулгон акиташ, хлорофос, карбофос ж.б. менен дезинфекциялоо керек. Тооккананын ичине кул колмосун тезинен орнотуу зарыл.

    Каннибализм - бул оорууга чалдыккан тооктор бири-бирин чокуп, єз жумурткасын жеп коюшат. Аталган оору тооккананын таза эместигинен, тардыгынан, сапатсыз тоюттан келип чыгат.

    Дарылоо: Ооруган тоокторго белоктуу тоюттарды кєбїрєєк берїї менен багуу шартын єзгєртїї керек.

    Марек оорусу - Тооктор бул ооруга чалдыкканда алардын буттарынын кыймылы кадимкидей болбой, кыйшык кыймыл аракеттер байкалат.

    Дарылоо жыйынтык бербейт, ошондуктан ооруган тооктон арылуу эффективдїї.

    Кнемидокоптоз - Бул оору – тооктордун буттарынын котуру. Ооруну кєзгє кєрїнбєгєн кенелер чакырат. Тооктор буттарын кычышканынан чокуп, бутары ак барсак карт басып кетет. Оору кїчєгєндє тоок баса албай калат.

    Дарылоо: Тоокторду марганцовка, ак кайын чайыры, керосин, самын кошулган жылуу суу эритмелерине буттарын салуу керек.

    Гамбро оорусу - бул негизинен эт багытындагы тооктордо кєп кездешкен жугуштуу шишик оорусу (бройлер). Тооктордун денесинде жана муундарында шишиктер пайда болуп, єлїмгє учурай баштайт.

    Ооруну дарылоо їчїн эффективдїї дарылар аз. Негизи антибиотиктер колдонулат. Дарылоодон жыйынтык болбосо, тооктордон арылуу керек. Алдын алуу учун сырткы чєйрє менен байланышын чектоо зарыл.

    Кокцидиоз оорусу - Бул оору жаш тооктордун ичеги органын жабыркатат. Кобунчо тооктор жазында жана жайында ооруга чалдыгат. Ооруган тооктор чычкактайт, уйурго кошулбай, чекелеп журот.

    Дарылоо: байкокс, кокцидиостатиктер, сульфаниламид дарылары менен дарылоого болот.

    Оз короосунда тоок багып уй –було капчыгын кампайткысы келген кожойкелерди бул маалыматтар кайдыгер калтырбайт деген ойдобуз. 


    1. Эжекелер азаматыздар,

      Сиздердин маалыматтарынар адамдарды ойлонтуп,билимине-билим кошушат десем жанылыштык болбос ийгиликтер ар дайым ден-соолукта болунуздар

  61. Мен тамактанууну жакшыртуу максатында жыл сайын тоокторду багып, жожо чыгарып, айылдаштарыма, тааныштарыма ондуруп кобойтушсун деп арзаныраак берем. Кийинки кундору базарда колому чон тооктор сатыла баштады, баасы кымбат 1000-1500 сомго чейин, породасы брама, кохин деп айтышат экен. Ушул темада маалымат болушуп койгулачы.

    1. Брама тоогу жонундо маалымат

      Бул тоок чет олкодон алынып келинген. Мекияны 3-3,5 кг, корозу 4-4,5 кг эт берет. Жумуртка беруусу орточо -120 даана чейин, жумуртканын салмагы 60 г

      Жетилуусу 9 айга чейин созулуп, анан жумуртка берет.

      Артыкчылыгы:

      1. Тышкы корунушу коркомдуу , коодону кенен, бутун да тыбыт баскан.
      2. Этке пайдаланууда 2-3 кг бутун этин электр мешинде бышырууга болот.
      3. Кыймылы жай, жаш балдар да тутуп ала алат. Мекияндары озуно болунгон жайда жакшы журот, бакты, огородду аралабайт
      4. Суукка туруктуу, анын себеби тыбытынын калындыгынан.

      Кемчилдиктери:

      1. Жай жетилет. Максималдуу жакшы осконго чейин 8-9 ай керектелет. Эт катары союп пайдаланууга 2-жылы гана жарайт.
      2. Жумуртка беруусу орто болгондуктан бул багытта ойлонуп багуу  жакшы.
      1. Май байлаганга жондомдуу . Орточо тоюттандырууга кошумча жумуш жаратат.  
      1. Буажар эже, сиздин оюнуз кандай Брама породасы боюнча, эттуу артыкчылыкка ээ, бирок жетилуу мезгили, жумуртка беруусу кадимки тооктордон томон эмесби, жемге болгон талабы кандай?

    2. Уулкан эже, сиз кыш ичи ызгаар чилдеде Кызыл-Ункурдо тоокторунуз жожо басып чыгарат дединиз эле, кантип тынымсыз ондурумдуулукко жетишип атасыз,? 

  62. Кохинхин тоогу

    Бул тооктун тупку теги вьетнамдан келген.

    Жожолору тез жетилгендиктен берилген жемин бат эле актайт же 4 ай бакчса 2,5-2,7 кг жетет. Чон мекияндарынын салмагы 3-4,5 кг, короздору 3,5-5,5 кг чейин жетет. Жумуртканын салмагы 53-56 г, жетилгенден кийин 7-8 айда жумуртка берет. Жумуртка беруусу кыш-жаз айларында болот, 100-120 жумуртка тууйт.

    Артыкчылыгы:

    Эт багытында багып кароого жакшы, уй булону тооктун балапандарын багып жетилтип тамак-ашка пайдаланууга жакшы.

    Кемчилдиктери:

    • Дене тузулушу жапыз жана кууш;
    • Желкеси узун;
    • Кокурогу кууш, жакшы онукпогон;
    • Тыбыты начар;
    • Коздору чыгып турат;
    • Таажысы чон, одуракай

    Тусуно жараша ар кандай болуп болунот. Тоюттандырууну рациону сакталбаса семирип кетет. Тоютту коп жесе, аз кыймылдаса семирет боорунда жана башка ички органдарын май басат.

    1. Оо жакшы эт берет турбайбы, ушундай тоок багыш керек экен, каерден сатып алса болот?

  63. Урматтуу фермерлер! Эчки породалары сатылат экен. Баасы 50 000 сомдон. Англонубийский, альпийский, чешский, зааненский породалар. сутуулугу 4-5 литр. Таластын Бакай-Ата районунда, угушумча Таласта 8-9 литр сут берген эчкилер бар экен.

    1. Кайсы породасы Жалал-Абадтын шартына ынгайлуу келет экен ?

  64. Бул суроттор Базар-Коргон Районунда СПУ Машрапкан эженин фермери, эже озу албай аз камсыз болгон инвалид уй-булоого берген эчки. Буйруса толдойун деп калган.

    1. Абдан сонун демилге которуптур Машрапкан эже 

  65. Ассалому алейкум! Эчкиси туугандарга айта турган сунуш!

    Эчки туугандан кийин жалатып, кургатып буткондон кийин эчкини эмизбестен саап алгыла. Саалган сутту холодильникте сактагыла, улактарга ар эки саатта 150-200 грамдан соска менен берип турасынар. Улактарды такыр эмизбегиле. Эчкини сутун калтырбастан саап алгыла тез-тезден.

    Туугандан кийин 4 ампула 40% глюкоза+4 ампула кальций хлорид кошуп, жылуу сууга аралаштырып тезинен бериш керек, анан 3 кун жем берилбейт, болгону таза чоп салынат. Сууга кумшекер+туз+соода кошуп берип тургула. Эчкини тез-тез саап турсанар суту кобойот

    1. Маалымат учун рахмат 

  66. Муйуздуу эчкилердин муйузун тушуруу.

    Муйуздуу эчкилердин муйузу кобунчо эчкиге тоскооло болот жана кооптуу, ошондуктан аны тушуруп салуу жакшы болот.

    Муйузунун тегерегин кайчы менен жунду тазалап кыркабыз, анан ошол жерине эн тубуно жумшак жерине резина байлайбыз. 1 айдын ичинде муйуз тушуп калат.

    1. Маалымат учун рахмат

  67. Тамактанууну жакшыртууда  чакан долбоорду Базар-Коргон районундагы Хажир-Абад айылында  ишке ашыруу учун тоок багуу боюнча ИФОАМ уюму тарабынан колдоо корсотулду.

    Азыркы кундо тооктор жумуртка берип, кээ бири жожо ачып чыгарууда.

    Тооктордун санын кобойтсок, айылда эрте жазда эт менен камсыз кылуу танкыстыгы болгондо короздорун тамактанууга пайдаланып жатабыз.

    Уй буломдун атынан ИФОАМ уюмуна, Био Сервис уюмуна ыраазычылык билдирем.

    Тоокту багууда жана илдеттерке учураганда Жолдошов Болотко кайрылып кенеш алып жатамын.

    Ар бир уй було бакубат, бардар жашаса азык-тулукко болгон муктаждыктарын оздору чечип турса, мамлекетте да азык тулук коопсуздугу жаралбайт деген ойдомун.

    1. Насиба азаматсын, органикалык чарба жургузуудо бир топ тыжрыба топтодун. Тоокторду багып кобойтуу боюнча аракеттерин абдан жакты

    2. Насиба, кошуна аялдарга да оз чарбадан чыккан азыктын маанилуугун тушундуросунор деп ишенебиз, ийгилик!

    3. Эн сонун ишинерге ийгилик органикалык тоок остуро бергиле.

  68. Платформанын катышуучуларына салам!

    Мен Базар-Коргон районундагы Хажир Абад айылынан болом. Биздин айыл чек арага жакын жайгашкан, инфраструктурасы анчалык онукпогон. Райондун борборунан 15 км алыс турабыз, Тамак-аш, медициналык тейлоодо райондун борборуна барууга туура келет.

    Мен да ИФОАМ уюмунан тамактанууну жакшыртууга чакан долбоор жазып кайрылып тоок багуу, кобойтуу, тамактанууну жакшыртууга оз салымымды кошоюн дедеим. Бул уюм тарабынан колдоолор болуп азыркы кундо тоокторду багып чонойтуп, жумуртка алып, тамактанууга пайдаланып, ашканын бастырып жожо чыгарып тооктордун санын кобойтуу максатында иш жургузуп жатамын.

    Ар кандай витаминдик кошулмалар менен интенсивдуу багылган Хайлайн тоокторуна караганда кадимки жергиликтуу чаар тооккторун асырап багуу женилирээк, жумурткасы даамдуу, тоок эти да озгочолонуп турат. Болгону оз убагында сейидоого чыгарып, дан осумдукторунон жугору, буудай, жакшы жумуртка беруусу учун кунжараны да тоютка кошуп берсек болот. Ар кандай эпидемияга туруктуу болушу учун жемге ачуу калемпир, пияз, ачуу эрмен  аралаштырып беруу керек. Жаткан жеринде тазалыкты сактап, жыгачтын кулун салып турам. 

    1. Наргиза, тоокторун жумуртканы коп берсин! Насиба экоон Хажир-Абад айылында тоок багып кобойтуу боюнча иштерди жургузуп жатканынар мактоого татыктуу. Тооктор кобойгондо силерден тоок сатып алсак болобу?

    2. Наргиза азаматсыздар, демек чарбадан чыккан дан менен жемдеп, сыртка убак-убактысы менен сейилдетип багып атканынар кадимки уй-було шарптына ынгайлуу экен, азаматсыздар!

      1. Туура Наргиза чынында азамат экен 

    3. Азаматсыз тооктор берекелуу болсун 

    4. Азаматсыз, ишиңиздерге ийгилик! Үй жумурткасынын кабыгын топтом табигый кальций жасап алсаңыз болот.

  69. Маалымат учун:    Жалал-Абад облусунда жашаган калктын социалдык абалын жогорулатууга башка уюмдардан да колдоо корсотулуп жатыптыр. Себеби тоок багып кобойтуу тезирээк натыйжасын берет экен.

    Сузак районунда аз камсыз болгон 7 уй булого тоок багуу учун мусулман уюмунун колдоосу менен  даярдалган сетка жана тоокторду берип жатышыптыр.

    Аз камсыз болгон уй булолорду колдоо багытында  томонку телефонго кайрылсаныздар болот: 0777821700

    1. Буажар эже чон рахмат каап МААНга эртерек кирип карапкойбой деп калдым 

    2. ишинерге ийгилик

  70. Мен дагы оз ойумду айтайын  жогоруда жазылганды окуп мен да озумо тиешелуу пайдалуу иштерди аткарып жаткандыгыма суйунуп жатам. Жумуртка багытындагы тоокторду багып коргон эмесмин, мен кадимки кыргыз тоокторду багам, жылына 60-80дей тоок кылам, жазында аябай жакшы туушат бир ай эки ай тууп жожо басып чыгарышат, жожосун 2 ай ээрчитип чонойтуп кайра тууп баштайт жана кайрадан жожо басышат, жем дагы коп ысырап болбойт. жазында жайында жумуртка коп болгондо муктаж адамдар келип алып кетип турушат, , ар бир жумуртка 10 сомдон, жожо басып чыгарганда, жожосу менен тоокторду 1000 сомдон 10дон ашык жожосу болсо 1500дон сатам. Анализдеп корсом даамы, сапаты, коопсуз азык берген  кадимки кыргыз тоокторунун пайдасы жакшы деп ойлойм. Бул ар бир уйдо отурган аялдын колунан келе турган иш, болгону жем оз чарбадан чыкса жакшы натыйжа аласын.

  71. Эжекелер, уй шартында тоок кармап, элге таза жумуртка, тоок этин сунуштоодо, тоок ыландарынын алдын алып, жергиликтуу ветеринарлардан кенеш алып коюнуздар. 

    1. Кенешинизге рахмат 

  72. ФЕРМЕРЛЕРДИН КУЛАГЫНА КУМУШ СЫРГА КАТАРЫ БУЛ СУРОТТУ АТАЙЫН ЖАЙГАШТЫРДЫМ.

    КОЛДОНУЛГАН ЭЛЕМЕНТ ДАГЫ БИР ЭЛЕМЕНТТИН МУКТАЖДЫГЫН КАНААТТАНДЫРУУГА КАНТИП ПАЙДАЛАНСА БОЛОТ?

    БИР ЭЛЕМЕНТТИН КОЛДОНУЛУШУ ЭКИНЧИ ЭЛЕМЕНТКЕ КАНДАЙ ТААСИР БЕРЕТ?

    КИМДЕ БАШКАЛАРДАН ӨЗГӨЧӨ МАКТАНА ТУРГАН  ЫКМАЛАР БАР, БОЛУШКУЛО.

    ЖАКШЫ ЫКМАЛАРДЫ ТААП МААН ПЛАТФОРМАСЫНА ЖАЙГАШТЫРГАН СПУЛАРГА КОНКУРС!

    БУЛ КОНКУРСТУН ЖЫЙЫНТЫГЫ 2-ЖОЛУ ОТКОРУЛГОН ТОТ ОКУУСАНДА  ЧЫГАРЫЛЫП ПРИЗДЕР БЕРИЛЕТ.

    АНДА ЭМЕСЕ АЛГА!


    1. Пайдалуу маалыматтар экен Буажар эже рахмат 

  73.                                           Кара малдарды ондурулгон дандар менен багып чонойтуу

    ИФОАМ уюмунун колдоосу менен Кызыл-Туу айыл окмотуно караштуу Мундуз айылында кара мал жана тоок багууда ондурулгон дандарды колдонуп жакшы протейинге бай жашыл тоют кылып мал багып жатабыз . Негизинен эле уй шартында арпа ,буудай дандарын ыссык жерде сактап 7- 8 кун ичинде тез тез суугарып тоют алдым ошону менен кара малдарымды багып ден-соолуктарын бекем деп жакшы жактары оорулардын алдын алат, сут багытында да жакшы уйлардын суту мурдагыга караганда 20-30% жогорулады, букалар эттуу болуп жакшы натыйжаларды берип жатат. Дагы бир жакшы тарабы арзан тоют болуп эсептелинет.

    1. Буудайды сумолокко ондургондой ондуруп, малга берсе семиртеби кандай таасири бар?

    2. Абдан соонун муну жайылтуу керек экен.))

  74.                                                                  Айыл чарба Министрлиги

    Мал чарбасы. 2019-жылдын жыйынтыгы менен мал чарба продукцияларын өндүрүү мурдагы жылга салыштырганда 2,5 пайызга көп болду. Анын ичинен эт өндүрүү өткөн жылга салыштырганда 2,5 пайызка, сүт өндүрүү 2,4 пайызга өстү. Жүн өндүрүү, 101.1 %, жумуртка, өткөн жылга салыштырмалуу 105,3 % түздү.
    Балык чарбасы 2019-жылы 3028,4 тонна өндүрүлүп, анын 816 тонн экспорттолду.
    Ысык-Көл, Соң-Көл көлүнө жана Орто-Токой суу сактагычына 8,777 млн. даана балыктын баалуу түрлөрүнүн чабактарын жана бир катар балык чарба көлмөлөрүнө коё берүү иш чаралары аткарылды.

  75.                                                                              Ким айылчарба боюнча насыя алды 

    “Айыл чарбасын каржылоо-7” программасы боюнча 10,0 миңге жакын дыйкан-фермерлерибизге-5,1 млрд сом жеңилдетилген насыялар берилди.
    Лизинг программасынын негизинде жалпы 4,2 млрд. сомго 3, 0 миңден ашык айыл чарба техникалары, ал эми 2019 жылы 341 даанасы фермерлерге берилди.
    Бүгүнкү күндө 2448,8 га аянтка, же 2014-жылга караганда 2348,8 га жерге көп тамчылатып сугаруу системасын орнотту.
    Ал эми Айыл чарба техникасы боюнча айтсак 2016-жылдан бери 90 МТС уюшулган. Айыл чарба жумуштарына техникалардын кызмат көрсөтүү баасы 7% чейин төмөндөдү.

    Нет описания фото.

  76. Айыл чарбасынын экономикалык көрсөткүчтөрү
    _________________________________________
    2019-жылдын жыйынтыгы менен республика боюнча айыл чарба продукциясынын дүң чыгарылышы 220,0 млрд. сомду түздү.
    Анын ичинен, мал чарбасынын азыктары 103,9 млрд. сомго, же 2018-жылга салыштырмалуу 5,6 млрд. сомго көп, өсүмдүк өстүрүүчүлүк – 110,4 млрд. сомго, же 2018-жылга салыштырмалуу 10,1 млрд. сомго көп өндүрүлдү.
    Өсүү темпи 2018-жылга салыштырмалуу 102,6 пайыз болду, анын ичинен мал чарбасы – 102,5 пайызды, өсүмдүк өстүрүүчүлүк – 102,6 пайызды, кызмат көрсөтүү – 100 пайызды, аңчылык, токой жана балык чарбасы – 100 пайызды түздү.
    Айыл чарба продукциясынын 2019-жылдагы дүң өндүрүмү республиканын жалпы ички дүң продукциясынын (ВВП) 12,6 пайызын түздү, бул көрсөткүч 2018-жылы 11,6 пайызды түзгөн.

  77. Геркулес

    Эң жөнөкөй, түйшүксүз, ошол эле маалда даамдуу боткону геркулестен жасоого болот. Геркулес боткосу онкологиялык ооруларга каршы жакшы жардамчы. Ошондой эле ар дайым жаш көрүнүүнү каалагандарга да сунушталат. Демек, геркулес боткосу картаюу процессин жайлатуучу касиетке да ээ. Рецепт: 1 стакан геркулес, 1 литр сүт жана татымына жараша шекер керек. Алгач мискейге сүттү куюп аласыз. Сүт ысыганда ага геркулести салып тынымсыз аралаштырып турасыз. Кайнаган соң отту жайлатып, 20 мүнөт бышырасыз. Ботко даяр болгондо татымына жараша шекер, бир чымчым туз жана табитиңизге жаккан кошулмаларды кошуп алсаңыз болот. Гречка Гречканын курамында фосфор, кальций, цинк, калий жана йод баш болгон пайдалуу микроэлементтер бар.

    Гречка

    Организмди шлактардан тазалап, стресстен жана депрессиядан арылууга жардам берет. Рецепт: 1 стакан жуулган гречкага 2 стакан таза суу куюп түнгө калтырып коёсуз. Эртең менен суусун төгүп салып, керектүү өлчөмдө кефир куюп жей берсеңиз болот. Даяр болгон боткого туз, шекер жана башка кошулмаларды кошпой койгон пайдалуу.

  78. Саламатсынарбы?-платформанын мучолору.

    Мен озумду тааныштырайын: Ноокен районундагы Масы айыл округуна караштуу Кызыл-Туу айылынын тургуну болом. Мен бул платформага Буажар эженин сунушу менен катталдым.

    Биздин уй було 2008-жылдан бери органикалык чарба жургузобуз.     

    Сиздер менен болушойун дегеним бодонону уй шартында багуу боюнча: 


    Бодононун жаны жумурткасын базардан сатып келип, атайын жылуу жерде 2 жолу балапандарды ачтырдык. Азыр бодонолордун саны 40 ка жетти. 2 ай баккандан кийин жумуртка бере баштайт деген кутуп атабыз. 






    Бодононун жумурткасы колому кичине болгондугуна карабастан баалуулугу тооктун жумурткасынан 3-4 эсе жогору экен.  Тоок жумурткасынын курамындагы белок 11% болсо, бодононуку -13%, В1 витамини  тоок жумурткасында -50% болсо, бодононуку 140% тузот.  Интернеттеги ден соолукка берген пайдасы боюнча:

    • баштагы мээнин иштешин жакшыртат;
    • аз кандуулуктуоорчушун токтот;
    • канды жана организмди тазалайт;
    • осууго таасир берет;
    • иммунитетти бекемдейт
    • зат алмашууну жакшыртат
    • журок-кан тамыр ооруларынын алдын алат
    • коздун коруусун жакшыртат

    Бодонону тоюттандыруу боюнча башкалардан сураганыбызда эч ким тажрыйбасын болушпогондуктон облустун борборунан майдаланган жем сатып келип багып атабыз. 

    Бодоно баккандар болсо тажрыйбанардан болушкуло.







    1. Саламатсызбы Тимур байке биз да ушу бодононун жумурткасын инкубаторго салып чыгарсакпы дедик эле сиздер кайдан канча сомдон алдыныздар . Канча кундо балапандары чыгат экен.Биз азыр инкубаторго тооктун жумурткаларын салып жатабыз.Тамактанганы кандай болот экен кененирээк маалымат берсениз.Биз Ысык Колдон болобуз.

      1. Cаламатсызбы, сиздин катынызга жоопту кеч бергениме кечирим сурайм. Бодононун жумурткасын кадимки эле базардан сатып алып кытай инкубаторуна салып чыгардык, коп колдон откону учун чыгымы кобуроок болот экен.  Балапандары 18 кундо чыкты. Эгерде жумуртканы бир адамдан сатып алса чыгымы аз болот. Тоюттандырууда майда талкаланган турдуу дандардын шактарын пайдаланып жатабыз. Силерге да ийгилик каалайбыз.

        1. Бодоно багуу боюнча аткарган иштерибиз корунушу учун мен посту ушул жерге жазып жатамын.

          Бодонолор жумуртка бере баштады. Ден соолукту чындоо учун кундолук тамак ашка колдонуп  жатабыз. Бодононун жемин, суусун оз убагында берип жаш баладай караса гана жыйынтыгын берет экен. 

    2. Пайдалуу маалыматтар учун рахмат бодононун жумуркасы  жакшы экен 

  79. Платформанын катышуучуларына, айылдык кызмат корсотуучулорго салам!

    Тоолуу аймактарда тамактанууну жакшыртууга салым кошоюн деп  чакан долбоор жазгам, долбоордун колдоосу менен сут беруучу эчки сатып алгам. Азыр толдоп сут бере баштады, улагы кыйла торолуп калды.

    1. Гулсара эже толунузго береке, эчкиниз суттуу, каймактуу болсун!

    2. Эчкилериңиз көбөйө берсин! 

    3. Гүлсара эже, азаматсыз. Неберелериңизди нукура пайдалуу сүт менен камсыздап иммунитетин көтөрүп, эл менен бөлүшүп пайдалуу кеңештер менен бөлүшүп жатасыз.

  80. Гулсара толуно тол башына баш кошулсун.Абдан жакшы, бул долбоордун таасири кандай болууда? балдардын кубанычына чек жок экен да.

    1. Рахмат Сонунгул эже калоолорунузга, сут эчкини алганы балдарым суйунуп жатышат. Айылдаштарыбыз да кызыгып келип коруп жатышат, суттуу эчки болсо алам дегендер болуп жатат.

  81. Гулсара суттуу эчкилерди кайдан алдыныздар бизге да керек эле,канча литр сут берет экен?

    1. Азыр улагы сутко жакшы тойсун деп кобуроок эмизип жатам, суту жаны туут болгонгобу азырынча 1-1,5 л тегереги болуп атат. Улам барган сайын кобойсо керек. Мен бул эчкини сураштырып журуп кошуна айылдан алдым, эчкиге суроо талап кообойгону  баасы да кымбаттап жатат. 

  82. Мен айылдык кызмат корсотуучу Алманбет- Ноокен районунан болом.

    Чакан долбоорду сут эчкиге жазып колдоо алгам. Алган эчким жалкы толдоду, улагынын тусу кара, жергиликтуу эчки менен аргындашып калган окшойт.

    Эчкинин суту калктын аяр назик катмары болгон балдарга жана кары адамдарга жакшы болот экен, иммунитетин которот дейшти.

    Бул долбоордду ишке ашырууда таасир корсоткон "Био Сервис" уюмуна, кенешчи Жолдошов Болотко ыраазычылыгымды билдирем.

    Эчкиге кызыккан айылдаштар кызыгып келип коруп кетип жатышат.

    Тамактанууну жакшыртууга салым кошом деген платформадагыларга ийгилик каалайм

    1. Ишинзге ийгилик! Тамактанууну жакшыртууга салымыңыз көп болсун. Ийгилик. 

  83. Саламатсынарбы платформанын катышучулары

    Базар- Коргон районун шыдыр айылынын СПУсу Машрапкан болом. Мен ИФАОМ долбоорунун алкагында озумо алган Заанин пародасындагы саан эчкини Базар –Коргон айылындагы Юлдашова Малоохат куйоосу мумкунчулугу чектелген Камашов Мамиржондардын уй-булоосуно бердим уйдо 5 адам бар анын ичинен 4 жаш бала жана 2 чон адам жашоо шарты оор.Малоохатхан озу Озбекистандык болгону учун документине байланыштуу эч жерге ишке кире албайт.Малоохаткан озу туура тамактануу боюнча айылдаш кыз келиндерге эчкинин пайдалуулугу жонундо айтып берип кеп кенешин берип журот.

    1. Бул үй бүлөө да тамактануусун жакшыртып, элге, кошуна колоңго туура тамактануу боюнча маалыт жеткирет деген ойдомун. Ийгилик каалайм. 

  84. Саламатсыздырбы! Бүгүн уйдун ууз сүтүнөн быштак жасап, үй бүлөмдү кубанттым. Нукура даамдуу быштак.


    1. Ууз суттон болгон быштакты эжигей дейт. Даамдуу, тоюмдуу болот

  85. Эчкилүү болуп сүйүнүп отурам. Эчкинин сүтүнүн пайдасы эң байыркы доорлордон бери эле белгилүү. Байыркы Грециянын да мифтеринин бирине таяна турган болсок: ымыркай Зевсти Амалфея деген эчкинин сүтү менен багышкан. Миңдеген жылдар бою Азиянын, Европанын жана Кавказдын элдери эчкинин сүтүн пайдалануу үчүн анын тукумдарын көбөйткөнгө аракет жасашкан. Эчки пайдалуу сүтү менен соода-сатыкта да, суроо талапка ээ болгон. Керек болсо Гиппократ менен Авиценна дагы эчкинин сүтүнүн пайдалуу касиети тууралуу айтышкан жана оорулууларга аны колдонушкан. Эчкинин сүтү көбүнчө жеңил жана ашказан ооруларында пайдаланылган.

    1. Азамат! Эчкин куттуу ,анан суттуу болсун!

      Кыргызда:

      "Эсин кетсе эчки бак,

      Эчки тууйт эгизден, 2 жылда сегизден" деген макал бекеринен айтылган эмес.


  86. Жарыя!

    19-март куну саат 14:00 до «Эчкини асыроо жана ыландардын алдын алуу» деген темада вебинар болот.

    Вебинарды тренер Жолдошов Болот алып барат.

    Вебинардын ссылкасы:   

    Вебинардын ссылкасы томондо:

     

    Please join my meeting from your computer, tablet or smartphone.
    https://global.gotomeeting.com/join/898614933

    New to GoToMeeting? Get the app now and be ready when your first meeting starts:
    https://global.gotomeeting.com/install/898614933



    Катталууну, активдуу катышууну унутпаныздар!

  87. Чарбада уй жаныбарларын жабыркатуучу коп кездешкен ыландар

    Ыландын аталышы

    Клиникасы

    Алдын алуу чаралары

    Сииб кулгунасы

    Букма мезгили 1-2 кундон 14 кунго чейин болот. Денеси,буттары калтырап, оозу мурдунан кан аралаш кобук агып, бир нече муноттон кийин мурт олот

    Ылан пайда болгон чарбада карантин болушу керек. Сыртка малды чыгарууга, сатууга, союуга тыюу салынат. Аны бузгандар мыйзам алдында катуу жооп берет. Олгон малдын тарпын мал даарыгер орттоп жок кылат. Калган малга созсуз эмдоо жургузулушу керек

    Шарп

    Букма мезгили 2-7 кундон 21 кунго чейин созулат. Дарттанган жерлерине ыйлакча пайда болот, уйга караганда кой-эчкиде салаасында коп кезедешт. Бодо малда оозунун былжыр челинде, желининде ыйлакча пайда болуп, шилекейи чуурулуп агат

    Чарбага карантин жарыяланат. Мал сатууга, бака жакка чыгарууга тыюу салынат. Малды дарылоону мал дарыгери жургузот. Короо жай дезинфекцияланат. Ыландаган малды дарыласа болот: Антибиотикти бир кундо 2-4 жолу саят, ыландап айыккан малдын канын ооруган малга салса сонун таасирин берет. Жаратты майлоо керек, ага катыруучу майларды сыйпоо сунуш кылынат. Малдын шилекейи катуу акканда атала жасап оозуна ботолко менен куюп тамактандыруу керек.

    Бруцеллез

    Бул ылан менен ооруган мал бала салат. Ал эми 2-жолу бала салуу ооруган малда сейрек кездешет. Ал оору билинбестен отот

    Эн негизгиси канды 1жылда 2 жолу лабораторияга тапшырып текшертип туруу керек, бул мал дарыгери аркылуу жургузулот. Оорусу аныкталгандан кийин ал малды этке тогуп жок кылат, калк арасында бул ыланды каны бузук дешет. Этин кайнатып, таза бышырып жесе болот. Этин базарга откорууго болбойт.Адам учун да коркунучтуу.

    Лептоспироз

    Малдын денеси саргарып, тери олот, кан сийип, карама сокур болуп калат. Бооз мал бала салат

    Ылан чыккан чарбага чектоо салынат. Короо жай дезинфекцияланат. Калган малга вакцина салынат

    Пастереллез

    Ичинен кан отуп, мал тез олот, опко дартка учураганда катуу жотоло баштайт, мурдунан ирин аралаш кан чыгат

    Ылан чыккан чарбага чектоо салынат. Короо жай дезинфекцияланат. Калган малга вакцина салынат

    Кул

    Малдын терисинде, желинин учунда жараттар пайда болот. Музоолордо, кой эчиклердин санынын астында жа жараттар чыгат, алар сууга толуп жарылат, карттанат

    Ылан чыккан чарбага чектоо салынат. Короо жай дезинфекцияланат. Калган малга вакцина салынат

    Чакалай

    Четтери картталып чектелген, какачтанып туруучу жарат. Буктурма мезгили 20-30 кунду талап кылат

    Дарылоо: 5-10% салицил майын, иштетилген автолду, йоддун спирттеги1 % эритмеси, микосептин, салифугин ж.б препараттар колдонулат. Музоолорду 1 айдан 3 айга чейин эмдоо керек Короо жай дезинфекцияланат. Малды башка жакка сатууга, кошууга болбойт.

     Айыл жеринде ар бир уй було мал кармайт. Бул ыландын белгилерин жакшылап билип алып малдарга байкоо жургузуп туруу керек. Белгилерин байкаган учурда мал доктурду чакырып корсотуп сиздин байкаганыныз тастыкталса тез чара коруу керек. Дарылоо учун каражат кетиргендин ордуна алдын алуу чараларын жургузууну билсениз уй булолук каражатты да экономдойсуз


  88. Маалымат учун!

    Малдардын жашоо жашы жана бооздулук моонотунун созулушу

    Малдын туру

          Жашоо жашы

    Бооздуулуктун шарттуу убактысы

    Толдун саны

    Жылкы

           40-50

    320-355 кун (11 ай)

    1

    Уй

           20-25

    280-289 кун (9ай)

    1

    Эчки

           12-15

    146-157 кун (5 ай)

    2-3

    Кой

           10-15

    144-156 кун (5 ай)

    1-2

    Эшек

             40

    348-377 кун (12-13 ай)

    1

    Ит

          10-20

    63 кун (2 ай)

    2-12

    Мышык

           9-10

    50-60 кун

    4-6

    Коен

            5-7

    33-35 кун

    1-12

  89. Сиз жылкы сатып алайын деп пландаштырып жатасыз.

    Алган жылкыныз канча эт бере турганын кантип билесиз?

    Которуп коро албайсыз, жылкы оор, анын устуно жон турбайт, чарс болсо залал келтириши мумкун. 

    Бул учун сизге узундукту олчоочу см дик лента керек, аны менен кокурок ченемин олчоп эле тируу салмакта канча кг эт бере турганын жонокой эле жол менен аныктоого болот.


    Анда сизге маалымат, жылкынын тулку боюна карап, кокурок ченемин олчоо менен салмагын аныктоонун таблицасын сунуш кылабыз.

    Кокурок ченеми

    140

    145

    150

    155

    160

    165

    170

    175

    180

    185

    190

    Тируу салмагы (кг)

    206

    238

    270

    302

    334

    366

    398

    430

    462

    494

    526

    Кокурок ченеми

    195

    200

    205

    210

    215

    220

    225

    230

    235

    240

     

    Тируу салмагы (кг)

    558

    590

    622

    654

    686

    718

    750

    782

    812

    846

     

  90. Тоюттардын турлору:

    Айыл чарба малдары учун бардык тоюттар келип чыгуу,химиялык жана физикалык касиеттерине байланыштуу томонкудой топторго болунот

    1. Чыктуу тоюттар -кок чоп, башка осумдуктордун жашыл массасы, тамыры жемиш осумдукторунун жалбырактары, тамыры жемиштер (кызылча ж.б) бакча осумдуктору, силос, сенаж ж.б лар
    2. Кесек тоюттар -чоп, саман, топоН.
    3. Концентрацияланган тоюттар - дан, кебек, кунжара
    4. Жаныбарлардан келип чыккан тоюттар -эт соок ундары, балык уну, сут, тартылган сут, суттун сары суусу
    5. Минералдык тоюттар -кайнатма туз, бор, улул кабыгы, соок уну, кызыл чопо
    6. Техникалык ондуруш калдыктары- жом, патока, барда, мезга, тамак-аш калдыктары
    7. Протеиндик витаминдик кошулмалар- синтетикалык жана микробтук препараттар (мочевина) аммоний туздары, амин кислотаралы, угуттар,
    8. Комбитоюттар -толук баалуу аралашма болуп жасалган тоюттар
  91. Айыл эли оз чарбасындагы малдарды тоют менен камсыз кылуу учун беде эгип остурушот. Бедени остуруудо да озуно жараша зыянкечтери жана илдеттери кездешет.  "Септим, сугарсам беде боло берет"- деген  мамилени токтотуп, беде остурулгон аянтка байкоо жургузуп турса андагы зыянкеч илдеттерди таанып билип оз убагында алдын ала коргоо чараларын жургузуп турса гана эгилген бедеден тиешелуу сандагы тушумду алууга болот.

    Бедеде кездешуучу курон тактар (бурая пятнистость) козгогучу козу карындар, илдет жаан чачын коп болгон учурда кобойот. Каршы курошуу жолу: 1% Бордос суюктугун 3 кайталап чачуу

    Ак кебер (мучнистая роса) козгогучу козу карындар. Буктурма мезгили 2 4 кун. Бул илдет кун ото ыссык мезгилде кучтонот, бул илдет тушумдуулукту 20-25% га чейин азайтат, себеби жалбырактарда зат алмашуу жоголот. Каршы курошуу:  10 л сууга 2,5 гр марганцовка кошуп 5-7 кундо чачуу. 1% коллоиддик серага  50 гр сода 40 г самын кошуп чачуу жургузуу керек.

    Зан баскан илдет (ржавчина)  бул бедеге ото зыян алып келет, кээ бир учурда тушумго 30-60% зыян келтирет, ошондуктан  илдетке учураган бедени тамыры менен жулуп алып талаадан алып чыгып орттоо керек.

  92. Беде бити- беденин сабактарында жумуртка турундо кыштайт. Февраль-апрель айларында жагымдуу шарт болгондо онуго баштайт, алгач беде менен тамактанып апрель айынын орто ченинде башка осмудукторго миграция болот. Бит жугуштуу илдеттерди таркатуучулар болгондуктан март-апрель айында инсектициддер менен иштетуу керек

    Беде конузу(клоп)  беденин осуу точкасы менен тамактангандыктан жаш сабактарды жок кылат. Каршы курошуу: коп жылдык буурчак дандуу эгиндерден алыс жайгаштыруу 0,5-1 км, оптумалдуу 1,5-2 км.. Зыянкечтин канаты жетилгенге чейин химиялык заттарды чачуу.

    Жалбыракчыл беде шиш тумшугу (долгоносик) же фитономус . Зыянды конуздар жана личинкалар келтирет. Личинкалары устунку бучур менен тамактанат, осуу точкасына зыян келтирет Жабыркаган беде боз тусто болуп урондук беденин тушумдуулугун томондотот. Кобуносе эски беде аянттарын зыян келтирет. Кашы курошуу: Урондук бедени экинчи орумдан кийин калтыруу. Сабак-бучур мезгилинде личинкаларга каршы химиялык ишетуу жургузуу.

    Беде жоон буту ( толстоножка) - зыянды личинкалары келтирет, урондук бедени кээ бир учурда 80% чейин зыян келтирет. 

    Каршы курошуу: урондук беде эгилген жерге коргоо тилкесин эгуу. Отоо чопторду жок кылуу.  Урондук материалды тазалоо. Зыянкеч кобойууп кеткенде химиялык жол менен курошуу.




    1. маалымат учун рахмат 

  93. Беденин баалуулугу боюнча маалымат

    • чаап жыйноо - 3-4 жолу
    •  тушумдуулук--4-7 т/га
    • тоюттук бирдик  1кг/0,42 
    • протеин 116 г
    • кальций 17,7 г
    • фосфор 2,2 г
    • каротин 45 мг
  94. Канаттуунун этин бузуунун коопсуздук чаралары

    «Канаттуунун чийки этинде сальмонелла өңдүү зыяндуу бактериялар болушу мүмкүн. Ошондуктан тооктун этин даярдап жатканда коопсуздук чараларын сактоо зарыл. Тоок этин бузуунун алдында да, бузуп бүткөндө да колду, эт кесилген тактайды, бычакты, кайчыны ар дайым самындуу ысык сууга жууш керек. Колдонулуучу тактай кайнак суу менен жаба куюп чайкаганга жарактуу материалдан жасалганы жакшы, жана үйдө мүмкүн болсо, тооктун чийки этин тууроо үчүн өзүнчө тактай болгону дурус.

    Муздаткычтан алып чыккан канаттуунун этин тамакка колдонордун алдында гана эритуу керек.

  95. Кыргыз чаар  тоогунун өзгөчөлүгү - анын климаттык шарттарга, ошондой эле бийик тоолуу аймактарда күнү-түнү температуранын кескин өзгөрүп турушуна туруктуу,  ошондуктан багуу жана өстүрүү үчүн атайын шарттарды талап кылбайт », - дейт Раев.

    Ал белгилегендей, Кочкор айылындагы үйундө 60 баш тоок бар, ал табигый дан эгиндери менен гана азыктанат. «Кыргыз породасында тооктор сыяктуу жумурткалар бар, анын даамдуу эти бар, витаминдерге бай. Тооктун жана бройлердин тоок этин кыргыз чаар тоогунун эти менен эч кандай салыштырууга болбойт, анткени тооктор интенсивдуу  жол менен өндүрүлгөндуктон  эркектерде да, аялдарда да гормоналдык бузулууга алып келет. Ошондой эле алар антибиотиктердин таасирине туруштук бере турган бактериялардын пайда болушуна алып келет ”, - деп түшүндүрдү ал. Мындан тышкары, Раев мектеп окуучуларына азык-түлүк коопсуздугу боюнча лекция окуй тургандыгын жана өзү катышкан “Кыргыз чаар тоогу” канаттууларды суйуучулор клубун ачкан.

  96. Саламатсыздарбы  платформанын катышуучулары бул жерде эчки чарбасы жонундо жакшы видео экен.

    WhatsApp Video 2020-04-03 at 17.29.51.mp4


  97.  

    Эчкилердин  баасы 40 мин сомдон, Чуйдо экен, 6 литр сут берет,породасы Англонубийская

    1. 6 литрден сут берген эчкинин жанында биздин саан уйлар 4-5 л аран берет. Андан коро эчки баксан тоютка да уномдуу болот турбайбы, толу тез кобойот, бул эчкини багуунун озгочолугу да болсо керек.

      Союз мезгилинде айылдарда эчки коп эле кармап багышчу, кийин эмнегедир саны азайып кетти. Баасы да уйдун баасындай эле бар экен. 

  98. Заанен эчкиси- сут багытындагы эчки.

    19-кылымдын ортосунда Швейцарияда чыгарылган.

    Ирдуу, чыйрак, токол, ону кобунчо ак тусто.

    Текесинин салмагы 70-80 кг, эчкмсм 50-60 кг.

    Ар жуз тубар эчкиден 180-250 улак алынат.

    8-10 ай саалат, чанда 12 айга созулат.

    Жылына ар эчкиден 600-700 кг сут саалат.

    Сутунун майлуулугу 3,6-4,5%.

    Жуну кыска, жумшак. 

    Кийинки мезгилде Кыргызстандын копчулук облустарында асыралып жатат. 

    Бул эчки толдогондон кийин улагын эмизуу, телчиктируу машакаттуу иш, себеби абдан назик болушат, ошондуктан жакшы карабаса толунон кол жууп калуу мумкун.

    Заанен породасындагы улактар тез жетилет

  99. Эчкинин жакшы сут беруусу -тамактануу рационуна жараша болот

    Эчки жакшы сут бериши учун толук , балансташкан тоюттар менен багуу керек. Кундолук рационунда тоюттун коп турдуу болгону маанилуу. Жаны жана табигый азыктар менен багылыш керек.  Эртен мененки тоютуна жаны чабылган чоп берилгени дурус.  Андан бир нече саат откондон кийин талдын жана кайындын чырпыктарын беруу керек. 

    Эртен менен тамактандыргандан кийин таза абада жургону жакшы, бул келечекте туула турган улактарынын да ден соолугуна таасирин берет. Себеби кундун нурунан Д витаминин алат, ал кальцийдин булагы болуп эсептелет. Таза абада сейилдегенде эчки чырпыктардын жалбырактары менен тамактанат. Кечки тоюту таза, жаны кебек, картошка, суу жана тамак-аш калдыктарын беруу керек. Мындай аралашма тоюттун азыктуулугу жогору болот.  Мындай аралашма тоюттан ар бирине жарым чакадан беруу.  Кечкисин кызылча беруу керек. 1 эчкиге 3 кг чейин жашылча берилсе тоюту толук кандуу болуп эсептелет.

    Эчки баккандарга кайрыларым, силер тоюттун кандай турун берип жатасынар маанга жазып болушуп койгула.

  100. Кой жонундо жакшы маалымат 

    Эгер адам союп жегиси келсе, койду бул сапаттарынны бирөө да сактап кала албай турганы түшүнүктүү. Адамдар анын эти менен жүнүн ушунчалык жакшы көргөндүктөн, бүт планета боюнча болжол менен 1,2 миллиард кой багылат.

    Анын ичинен 200 миллион Кытайда, 70 млн ашыгы - Австралияда, 60 млн ашыгы Индияда, 45 млн ашыгы Иранда, 41 млн ашыгы Нигерияда, 40 млн ашыгы Суданда.

    Британияда багылган койдун саны 33 млн баш, Жаңы Зеландияда - дээрлик 30 млн кой бар.

    Ал эми 17 млн кой багылган Кенияда, бул жаныбарлар жапайы жаратылышка оңбогондой зыян алып келүүдө.

    2016-жылы жарыяланган изилдөөдө Кенияда 1977-2016-жылдар аралыгында антилопалардын көп түрлөрү, зебралардын сейрек түрлөрү азайып кеткенин көрсөтүлгөн.

    Көрсө, кой чөптү түбүнөн кыркып, тамыры менен кошо кыркып жейт экен. Ошол себептүү кой каптаган жайыттар такырайып кетип, пил, буйвол, зебра сыяктуу башка жаныбалар тоютсуз калууда.

    Совет заманында Кыргызстанда дагы коммунисттик башкаруучулар койдун саны 15 млнго жеткиребиз деп жатып, көп са отндаган жайыттар такырайып кеткени белгилүү.

  101. Жайдары кой - эт-май багытындагы куйруктуу, кылчык жүндүү кой породасы. Өзбекстандагы жергиликтүү куйруктуу кой менен гиссар, кыргыз, казак коюн аргындаштыруудан чыгарылган. Жайдары кой чоң, сөөктүү, дөң тумшук, буту кыска. Тез жетилип, жыл бою жайытта багылат. Өңү негизинен кара жана кызыл. Кочкорунун тирүүлөй салмагы 95-100 килограмм, соолугу 70-72 килограмм. Соолугунан 2-3 килограмм, кочкорунан 2,7-3,5 килограмм жүн кыркылат. 56-60% таза жүн алынат. 52-56% эт, 22% га чейин май чыгат. Өзбек ССРинде асыралган.

  102. Гиссар кою – эт-май багытындагы, тегерек куйруктуу, кылчык жүндүү кой породасы. Салмагы боюнча дүйнөдөгү койлордун ириси. Тажикстанда элдик селекциянын негизинде чыгарылган. Жыл бою жайытта багылып, катаал шартка чыдамдуу келет. Кочкорунун салмагы 130–140 кг, эң чоңу 190 кг, соолугу 80–90 кг, айрымы 150 кгга жетет. Куйругу 18-20 кг. Гисар кою чымыр, башы чоң, токол, шалпаң кулак; тез жетилет. Сойгондо 5860% эт чыгат. Кочкорунан 1,3–1,6 кг, соолугунан 1,0–1,4 кг жүн кыркылат. Алты айлык козусунун салмагы 60 кгдан ашат. Жүнүнүн 38–80% тыбыт. Бир жылда 2 жолу жазында жана күзүндө кыркылат. Таза жүнү 60–70%. Гисар кою Тажикстанда, Өзбекстан жана Кыргызстандын айрым райондорунда асыралат. Кыргызстанда Ысык-Көл областынын Тоң районундагы «Айкөл» кооперация чарбасында гисар кою кыргыз уяң жүндүү кою менен аргындаштырылып, айкөл коюнун тобу чыгарылган.

  103. Көчмөн кыргыздардын чарбасында кой эн көп багылган

    Алар менен бирге аз сандагы эчкилер болгон. Аларды багуу элге көп жагынан пайдалуу болгон, тез көбөйгөн, суукка чыдамдуу болгон. Жыл бою жайытта оттогон. Койдун эти, сүтү азык катары, жүнү, териси кийим, боз үйдүн жабуулары, материалдык маданияттын көптөгөн предметтерин жасоого пайдаланылган. Кыргыздар койду жана аныя продукцияларын негизинен өздөрү пайдаланышьш, ашыгын товар катары саткан. Негизинен кылчык жүндүү, куйруктуу эт багытындагы койлор тоолуу жерлерге ыңгайлуу келип, тез жетилген жана бат эттенген, кышкысын карды тээп оттогон. Кыргыз койлору алыс аралыкка көчүүгө, шар суулардан, тоодогу ар кандай татаал жолдордон, бийяк ашуу-белдерден өтүүгө ылайыкташкан. Кыргыздар койлорду кызыр калды (тууй элеги), тубар кой (тууй турган кой), ирик (бычмал), кочкор (эркеги) деп атаган. Койлордун жашын кыргыздар алардын тишине карап билишкен. Бир жашка чейинкилерин козу, эки жашка чейинки ургаачысын токту, эркегин борук, үч жаштагы ургаачысын — эки тиштуү кой, төрт жаштагысын төрт тиштүү кой же кунан кой, беш жаштагысын дөнвн кой же соолук кой, төрт жаштагы бычмалды бир төгөрөк ирик, беш жаштагысын эки төгөрөк ирик, карыган бычмалды чарк ирик, ургаачысын карыган кой деп атаган.

  104. Кой (лат. Ovis aries) — ача туяктуулар түркүмүнүн көңдөй мүйүздүүлөр тукумундагы кепшөөчү мал. 8 миң жылдай илгери колго үйрөтүлгөн жапайы тоо коюнан (муфлон менен аркардан) чыккан. Чоң койдун 32 тиши (үстүнкү жана астыңкы жаагында 12ден азуу тиштери, астыңкы жаагында дагы 8 майда тиши) бар. Койдун бийиктиги 55-100, узундугу 60-110 см. Кочкорунун тирүүлөй салмагы 60-180, соолугунуку 30-100 кг. Койдун көпчүлүгүнүн кочкору чагарак мүйүздүү, соолугу токол же кыска мүйүздүү, өңү кара, кызыл, боз, көпчүлүгү ак болот. Уяң жана чала уяң жүндүү койлор көбүнчө ак болот. Кой 14-15 жыл жашап, соолугу 14-18 айлыгында жетилип, 145-155 күн көтөрүп, көбүнчө жалкы, кээси эгиз (3 эм туугандары да болот), ал эми роман кою 5ке чейин козу тууйт. Ар жүз тубар соолуктан 100-120 (роман коюнан 200-250) козу алынат. Жаңы туулган козунун салмагы 3-5 кг. 4 жашка чейин чоңоёт. Уяң жүндүү койдун жүнүнүн узундугу 5-9 см, чала уяң жүндүүнүкү 40 смге чейин, кылчык жүндүүсүнүкү 10-15 см. Уяң жүндүү койдон жылына 8-10 кг (эң көбү 31,7 кгга жеткен), чала уяң жүндүүсүнөн 3-6 кг, кылчык жүндүүсүнөн 1-4 кг жүн кыркылып алынат (к. Жүн). 5-7 айлык козунун союлгандагы салмагы 18-22 кг. Соолугу байыганга чейин 50-200 кг, кээ бир породаларыныкы 1000 кгга чейин [мисалы, остфрисланд породасынын соолугу (Нидерланд)] сүт берет. Койдун негизги тоюту: табигый жана эгилме жайыт чөбү, саман, силос, жем жана башкалар кой эрте жаздан кеч күзгө чейин, ал эми кар аз түшкөн жылуу аймакта жыл бою жайытта багылат. Ар кандай шартка (ысык, суук, бийиктик жана башкалар) байымдуу. Кой бардык өлкөлөрдө багылат.

  105. Тоюттардын жана тоют кошумчаларынын
    коопсуздук көрсөткүчтөрүнүн ченемдери

    1. Өсүмдүктөн алынган тоюттар
    1.1. Чыктуу тоюттар
    1.1.1. Жаңы чабылган тоюттар

    Көрсөткүчтүн аталышы

    Жол берилген деңгээл

    Көгөрүп кетүү белгилеринин болушу

    Жол берилбейт

    Бөтөн жыт (бүкшүгөн, көк баскан, чириген)

    Жол берилбейт

    Зыяндуу жана уу өсүмдүктөрдүн болушу

    Жол берилбейт

    Бозомук триходесма болушу

    Жол берилбейт

    Хлорорганикалык пестициддердин болушу, мг/кг, ашык эмес:


    - гексахлорциклогексан (ГХЦГ), (изомерлердин суммасы)

    0,05

    - дихлордифеннилтрихлорэтан (ДДТ), (метаболиттердин суммасы)

    0,05

    Фосфоорганикалык пестициддердин курамы, мг/кг, ашык эмес:


    - антио

    2,0

    - диазинон (базудин)

    2,0

    - карбофос (малатион)

    2,0

    2,4-Д тобундагы гербициддердин болушу, мг/кг, ашык эмес:

    0,1

    Токсиндүү элементтердин болушу, мг/кг, ашык эмес:


    - сымап

    0,05

    - кадмий

    0,1(0,07)

    - коргошун

    0,6 (0,3)

    - мышьяк

    0,5

    Нитраттардын болушу, мг/кг, ашык эмес:

    500,0

    Нитриттердин болушу, мг/кг, ашык эмес:

    2,0

    Диоксин сыяктуу полихлор бифенилдери,

    нг ВОЗ-ТЭФ/кг, ашык эмес:

    0,35


    Маркердик полихлор бифенилдери, мг/кг, ашык эмес:

    0,2

    * Диоксиндердин болушу (полихлор дибензоп-диоксиндердин (ПХДД) жана полихлор дибензофурандардын суммасы (ПХДФ)), нг ВОЗ-ТЭФ/кг, ашык эмес:

    0,25

    Радионуклиддердин болушу, Бк/кг, ашык эмес:


    - стронций-90

    50

    - цезий-137

    100


    Эскертүү: * диоксиндердин жол берилген деңгээлдери ДССУ шкаласы боюнча 2, 3, 7, 8-ПХДДга эсептегенде токсиндүүлүк эквивалентинин факторлорунда (ТЭФ) келтирилген.


    1.1.2.Жаңы чабылган чөптөн жасалган силос

    Көрсөткүчтүн аталышы

    Жол берилген деңгээл

    Көгөрүп кетүү белгилеринин болушу

    Жол берилбейт

    Бөтөн жыт (бүкшүгөн, көк баскан, чириген)

    Жол берилбейт

  106. Консистенция (жабышкаак, илээшкек)

    Жол берилбейт

    Уу өсүмдүктөрдүн болушу

    Жол берилбейт

    Май кислотасынын курамы, %, ашык эмес:

    0,3

    Хлорорганикалык пестициддердин болушу, мг/кг, ашык эмес:


    - ГХЦГ (изомерлердин суммасы)

    0,05

    - ДДТ (метаболиттердин суммасы)

    0,05

    2,4-Д тобундагы гербициддердин болушу, мг/кг, ашык эмес:

    0,1

    Токсиндүү элементтердин болушу, мг/кг, ашык эмес:


    - сымап

    0,05

    - кадмий

    0,3

    - коргошун

    0,8

    - мышьяк

    0,5

    Нитраттардын болушу, мг/кг, ашык эмес:

    500,0

    Нитриттердин болушу, мг/кг, ашык эмес:

    2,0

    Микотоксиндердин болушу, мг/кг, ашык эмес:


    - патулин

    0,5

    Диоксиндердин болушу, нг ВОЗ-ТЭФ/кг, ашык эмес:


    Диоксин сыяктуу полихлор бифенилдери,

    нг ВОЗ -ТЭФ/кг ашык эмес

    0,35


    Маркердик полихлор бифенилдери мг/кг ашык эмес

    0,2

    Радионуклиддердин болушу, Бк/кг, ашык эмес:

    0,25

    - стронций-90

    150

    - цезий-137

    80


    1.1.3.Сенаж

    Көрсөткүчтүн аталышы

    Жол берилген деңгээл

    Көгөрүп кетүү белгилеринин болушу

    Жол берилбейт

    Бөтөн жыт (бүкшүгөн, көк баскан, чириген)

    Жол берилбейт

    Консистенция (шыбалуучу, илээшкек)

    Жол берилбейт

    Уу өсүмдүктөрдүн болушу

    Жол берилбейт

    Май кислотасынын болушу, %, ашык эмес:

    0,2

    Хлорорганикалык пестициддердин болушу, мг/кг, ашык эмес:


    - ГХЦГ (изомерлердин суммасы)

    0,05

    - ДДТ (метаболиттердин суммасы)

    0,05

    2,4-Д тобундагы гербициддердин болушу, мг/кг, ашык эмес:

    0,1

    Токсиндүү элементтердин болушу, мг/кг, ашык эмес:


    - сымап

    0,05

    - кадмий

    0,3

    - коргошун

    5,0

    - мышьяк

    0,5

    Нитраттардын болушу, мг/кг, ашык эмес:

    500,0

    Нитриттердин болушу, мг/кг, ашык эмес:

    10,0

    Микотоксиндердин болушу, мг/кг, ашык эмес:


    - патулин

    0,5

    Диоксиндердин болушу, нг ВОЗ-ТЭФ/кг, ашык эмес:

    0,34

    Диоксин сыяктуу полихлор бифенилдери, нг ВОЗ-ТЭФ/кг, ашык эмес

    0,35


    Маркердик полихлор бифенилдери, мг/кг, ашык эмес

    0,2

    Радионуклиддердин болушу, Бк/кг, ашык эмес:


    - стронций-90

    150

    - цезий-137

    80


    1.2.Колго кургатылган тоют

  107. 1.2.1. Колго кургатылган чөп тоюттар,
    1.2.2.Бак-дарактын жаш бутактарынан жасалган витаминдүү ун

    Көрсөткүчтүн аталышы

    Жол берилген деңгээл

    Көгөрүп кетүү белгилеринин болушу

    Жол берилбейт

    Көпкө жатып калган, катуу кесектер

    Жол берилбейт

    Бөтөн жыт (күйгөн, бүкшүгөн, көк баскан, чириген)

    Жол берилбейт

    Биосынамдагы токсиндүүлүк

    Жол берилбейт

    Нитраттардын болушу, мг/кг, ашык эмес:

    2000,0

    Нитриттердин болушу, мг/кг, ашык эмес:

    10,0

    Хлорорганикалык пестициддердин болушу, мг/кг, ашык эмес:


    - ГХЦГ (изомерлердин суммасы)

    0,2

    - ДДТ (метаболиттердин суммасы)

    0,05

    2,4-Д тобундагы гербициддердин болушу, мг/кг, ашык эмес:

    0,6

    Токсиндүү элементтердин болушу, мг/кг, ашык эмес:


    - сымап

    0,1

    - кадмий

    0,5

    - коргошун

    5,0

    - мышьяк

    2,0

    Микотоксиндердин болушу, мг/кг, ашык эмес:


    - Т-2 токсин

    0,1

  108. Козу карындардын жалпы саны (мындан ары – КЖС), КОЕ/г, ашык эмес:

    5х103

    Диоксиндердин болушу, нг ВОЗ - ТЭФ/кг, ашык эмес:

    0,75

    Диоксин сыяктуу полихлор бифенилдери

    нг ВОЗ-ТЭФ/кг, ашык эмес

    0,35


    Маркердик полихлор бифенилдери мг/кг, ашык эмес

    0,2

    Радионуклиддердин болушу, Бк/кг, ашык эмес:


    - стронций-90

    100

    - цезий-137

    600


  109. 1.2.3. Балырдан жасалган тоюттук ун жана акшак

    Көрсөткүчтүн аталышы

    Жол берилген деңгээл

    Көгөрүп кетүү белгилеринин болушу

    Жол берилбейт

    Көпкө жатып калган, катуу кесектер

    Жол берилбейт

    Бөтөн жыт (бүкшүгөн, көк баскан)

    Жол берилбейт

    Хлорорганикалык пестициддердин болушу, мг/кг, ашык эмес:


    - ГХЦГ (изомерлердин суммасы)

    0,2

    - ДДТ (метаболиттердин суммасы)

    0,05

    Токсиндүү элементтердин болушу, мг/кг, ашык эмес:


    - сымап

    0,1

    - кадмий

    0,5

    - коргошун

    10,0

    - мышьяк

    10,0

    Козу карындардын жалпы саны (мындан ары – КЖС), КОЕ/г, ашык эмес:

    5х103

    Жалпы микробдук сан (мындан ары – ЖМС), КОЕ/г, ашык эмес:

    5х105

    Патогендүү микроорганизмдердин болушу:


    - 50,0 граммдагы сальмонеллдер

    Жол берилбейт

    - 50,0 граммдагы патогендүү эшерихиялар

    - E. coliв 0,1 г.

    Жол берилбейт

    Жол берилбейт

    Диоксиндердин болушу, нг ВОЗ - ТЭФ/кг, ашык эмес:

    0,75

    Диоксин сыяктуу полихлор бифенилдери ,

    нг ВОЗ-ТЭФ/кг, ашык эмес

    0,35

    Маркердик полихлор бифенил, мг/кг, ашык эмес

    0,2

    Радионуклиддердин курамы, Бк/кг, ашык эмес:


    - стронций-90

    100

    - цезий-137

    600


    1.3. Кесек тоют
    1.3.1. Чөп

    Көрсөткүчтүн аталышы

    Жол берилген деңгээл

    Көгөргөн катмарлардын, участоктордун болушу

    Жол берилбейт

    Бөтөн жыт (бүкшүгөн, көк баскан, чириген)

    Жол берилбейт

    Уу өсүмдүктөрдүн болушу

    Жол берилбейт

    Зыяндуу өсүмдүктөрдүн болушу

    Жол берилбейт

    Хлорорганикалык пестициддердин болушу, мг/кг, ашык эмес:


    - ГХЦГ (изомерлердин суммасы)

    0,2

    - ДДТ (метаболиттердин суммасы)

    0,05

    2,4-Д тобундагы гербициддердин болушу, мг/кг, ашык эмес:

    0,6

    Токсиндүү элементтердин болушу, мг/кг, ашык эмес:


    - сымап

    0,1

    - кадмий

    0,25

    - коргошун

    2,0

    - мышьяк

    0,5

    Нитраттардын болушу, мг/кг, ашык эмес:

    1000,0

    Нитриттердин болушу, мг/кг, ашык эмес:

    5,0

    Микотоксиндердин болушу, мг/кг, ашык эмес:


    - Т-2 токсин

    0,1

    - роридин А

    0,1

    Stachybotryschartarum козу карыны менен бузулуу (= S.atra, S.alternans)

    Жол берилбейт

    Патогендүү микроорганизмдердин болушу:


    - патогендүү иерсениялар 50,0 г

    Жол берилбейт

    Диоксиндердин болушу, нг ВОЗ-ТЭФ/кг

    0,75

    Маркердик полихлор бифенилдердин болушу, мг/кг, ашык эмес:

    0,2

    Диоксин сыяктуу полихлор бифенилдери

    нг ВОЗ-ТЭФ/кг, ашык эмес

    0,35


    Радионуклиддердин болушу, Бк/кг, ашык эмес:


    - стронций-90

    180

    - цезий-137

    250


    1.3.2.Саман

    Көрсөткүчтүн аталышы

    Жол берилген деңгээл

    Көгөргөн катмарлардын, участоктордун болушу

    Жол берилбейт

    Бөтөн жыт (бүкшүгөн, көк баскан, чириген)

    Жол берилбейт

    Уу өсүмдүктөрдүн болушу

    Жол берилбейт

    Зыяндуу өсүмдүктөрдүн болушу

    Жол берилбейт

    Хлорорганикалык пестициддердин болушу, мг/кг, ашык эмес:


    - ГХЦГ (изомерлердин суммасы)

    0,2

    - ДДТ (метаболиттердин суммасы)

    0,05

    2,4-Д тобундагы гербициддердин болушу, мг/кг, ашык эмес:

    0,6

    Токсиндүү элементтердин болушу, мг/кг, ашык эмес:


    - сымап

    0,1

    - кадмий

    0,25

    - коргошун

    2,0

    - мышьяк

    0,5

    Нитраттардын болушу, мг/кг, ашык эмес:

    1000,0

    Нитриттердин болушу, мг/кг, ашык эмес:

    5,0

    Микотоксиндердин болушу, мг/кг, ашык эмес:


    - Т-2 токсин

    0,1

    - дезоксиниваленол (вомитоксин)

    1,0

    - роридин А

    0,1

    Stachybotryschartarum козу карыны менен бузулуу (= S.atra, S.alternans)

    Жол берилбейт

    Патогендүү микроорганизмдердин болушу:


    - 50,0 граммдагы патогендүү иерсиниялар

    Жол берилбейт

    Диоксиндердин болушу, нг ВОЗ - ТЭФ/кг

    0,75

    Маркердик полихлор бифенилдин курамы, мг/кг, ашык эмес:

    0,2

    Диоксин сыяктуу полихлор бифенилдери, нг ВОЗ-ТЭФ/кг, ашык эмес

    0,35


    Радионуклиддердин болушу, Бк/кг, ашык эмес:


    - стронций-90

    180

    - цезий-137

    250


    1.4.Дан тоюту. Тоют максаттарына жана аралаш тоютту иштеп чыгуу үчүн берилүүчү дан (буудай, арпа, сулу, кара буудай, жүгөрү, таруу, чирче, жер жаңгак, чемичке, тритикале)


    Аталышы

    Көрсөткүчтөр
    Жол берилген деңгээл,
    мг/кг, ашык эмес

    Эскертүү
    Дан

    өсүмдүктөрү

    (буудай,

    арпа, сулу,

    кара буудай,

    тритикале,

    таруу, чирче,

    жүгөрү)

    Токсиндүү элементтер:
    Сымап

    0,1


    Кадмий

    0,5


    Коргошун

    5,0


    Мышьяк

    2,0


    Микотоксиндер:
    Охратоксин А

    0,05


    Т-2токсин

    0,1


    Дезоксиниваленол

    1,0


    Зеараленон

    1,0


    Фумонизин

    5,0

    Жүгөрү

    В1,В2, G1, G2 афлатоксиндердин суммасы

    0,02


    Диоксиндер,

    дибензфурандар*

    0,4

    Нанограмм/кг

    Диоксин сыяктуу

    полихлор бифенилдер*

    0,2

    Нанограмм/кг

    Пестициддер:
    Гексахлорциклогексан

    (альфа-, бета-, гамма-изомеры)

    0,02

    0,01

    0,2

    Альфа-изомер

    Бета-изомер

    Гамма-изомер

    ДДТ жана анын метаболиттери

    0,05


    2,4-Д кислота, анын тузу, эфирлер

    0,6


    Зыянкечтер менен бузулуу**

    Жол берилбейт, буга кене менен 20экз./кг ашык эмес бузулуу кирбейт


  110. Дан буурчак

    (буурчак, люпин,

    тоюттук

    буурчак,

    жер буурчак,

    кой буурчак, жасмык,

    чина)

    Токсиндүү элементтер:
    Сымап

    0,1


    Кадмий

    0,5


    Коргошун

    5,0


    Мышьяк

    2,0


    Микотоксиндер:
    Афлатоксин В1

    1

    0,02


    Охратоксин А

    0,05


    Т-2токсин

    0,1


    Дезоксиниваленол

    1,0


    Зеараленон

    1,0


    В1, В2, G1, G2афлотоксиндердин суммасы


    0,02


    Диоксиндер,

    дибензфурандар*

    0,4

    Нанограмм/кг

    Диоксин сыяктуу

    полихлор бифенилдер*

    0,2

    Нанограмм/кг

    Пестициддер:
    Гексахлорциклогексан

    (альфа-, бета-, гамма-изомерлер)

    0,02

    0,01

    0,2

    Альфа-изомер

    Бета-изомер

    Гамма-изомер


    ДДТ жана анын метаболиттери

    0,05


    2,4-Д кислота, анын туздары, эфирлер

    0,6


    Зыянкечтер менен булгануу**

    Жол берилбейт, буга кене менен 20экз./кг, ашык эмес бузулуу кирбейт


    Май өсүмдүктөрү

    (соя, рапс,

    күнкарама)

    Токсиндүү элементтер:
    Сымап

    0,1


    Кадмий

    0,5


    Коргошун

    5,0


    Мышьяк

    2,0


    Микотоксиндер:
    Афлатоксин В1

    1

    0,02


    Охратоксин А

    0,05


    Т-2токсин

    0,1


    Дезоксиниваленол

    1,0


    Зеараленон

    1,0


    Уреазанын активдүүлүгү

    0,2


    Нитраттардын болушу

    450


    Нитриттердин болушу

    10


    Пестициддер:
    Гексахлорциклогександын

    (альфа-, бета-, гамма-

    изомери)

    0,02

    0,01

    0,2

    Альфа-изомер

    Бета-изомер

    Гамма-изомер


    ДДТ жана анын метаболиттери

    0,05


    2,4-Д кислотасы, анын тузу, эфирлер

    0,6

  111. Саламатсыздарбы урматтуу платформанын катышуучулары 

    Дан осумдукторунон ондурулгон жашыл жем тез жана сапаттуу протейинге бай.

    Бул арпа данынан остурулду болгону жылуурак жайга 1- 5  кг данды жайык жерге жайып суу себип турса 

    7-8 кундо даярдалат жакын арада жожо багып жатам чонойуп калышса мака жугорудон да жем жасап эксперимент кылып кором

    тоокторго да абдан ынгайлу экономду болот деп эсептейм.


  112. Саламатсыздарбы урматтуу платформанын катышуучлары! Биздин эрте мененки жумушубуз: сут саап, тартып, каймакты болуп алгандан кийин, обото сутту бышырып айран уйутуп сузмо даярдап, акырында курут тоголоктоп жумушту жыйынтыктайбыз. Ушинтип нукура даамдуу куруттарды даярдап алып, андан эзме курут жасап уй-буломо даамдуу, пайдалуу тамактарды жасап берем. 


  113. Эчкинин муйузун  жоготконго резина салып койдук

    Ветеринардык аптекада кастрация резинка сурасаңар берер 5сомдон 4 резинка керек болот

  114. Кочкордон сегиз кг жун чыкты

  115. Карантин учурунда жожо баккандар кобойду инкубатордон 40 жожо алганы бардым ар бири 40 сомдон, копчулук адамдар  500 - 1000 даана жожо чыгартып алып кетип жатышты  убакыт барда  карап чонойтуп алса жумуртка жана этке жарап калат экен пародасы московский.

    1. Саламатсызбы , жожолор 40 сомдон болсо ошолор суточный жожолорбу же чонуракпы?!

      1. Саламатчылык, ,булар кичине чоноюп калгандагысы болбосо 40 сомго суточный жожолор эле.

  116. Cаламатсынарбы, платформанын мучолору!

    Мен да бугун Буажар эженин корсотмосу менен ушул пдатформага катталдым. Мурда да коп эле жолу угуп журчумун бирок убактысы эми келди окшойт.

    Кыргызстандын калкынын 65 % айыл жеринде жашагандыктан мал жандуу эл эмеспизби. Кийинки жылдары жаштар миграцияга кетип, саан уй кармап айран сут менен балдарды багуу да солгундап баратат.

    Сут тарткан машинадан качан каймак тартылып бутот деп куткон балалык кундор ай, тартылып буткондон кийин табактарындагы каймакты жеп жыргачы элек, андан бери  50 жылдай отуп калса деле сут тартканды корсом апамды, балалыгымды эстейм.

    Айылда жашап, мал багып уй булону айран сут менен камдоо  менен табигый азыктарды пайдаланып туура тамактансак гана ден соолук чын болот.

  117. Мен Кыргызстаныбыздын кооз жерлеринин кобун кордум. Биздин жаратылышыбыз соз менен коркомдоп айтып жеткире алгыс укмуштуудай сонун жерлер бар.

    Томондо сиздерге атайын Чаткал районунун тоолорунда кезиккен жоогазын гулу жонундо айтайын дедим. 

    Кызыл жоогазын "Грейг", агышы "Кауфман", булар кызыл китепке кирген эндемик осумдуктор.

  118. Мен Кара-Кулжа районундагы Ылай Талаа айыл окмотунон 110 гектар жерди 49 жылга арендага алып бадалдар, токойлор кыркылып жок болуп кеткен жерге жангак, бадам, кайналы, алча эгип калыбына келтируу  учун "Орчун" жамааты менен биргеликте аракет кылып жатабыз.  

    Эгилген кочоттторду мал жеп койбосун деп 35 га  аянттын тегерегин мамык орнотуп сетка тартып короолодук. Кочоттор озубуз остуролу деп питомник жасап жатабыз. 2020-жылы  63 мм труба менен  3500 метр жерден суу тартып келуу иштерин жургузцп жатабыз

     

    Союз мезгилинен бери талкаланып буткон жайыттарды калыбына келтируу коптогон эмгекти жана коп каражатты талап кылат экен, ошондуктан колдо бар нерсени жоготуп албоонун аракетин корууну сунуш кыламын.

    1. Ашим мырза ишинизге ийгилик

  119. Буюрса элибизде аң сезим өзгөрүлүп баратат элибизде. Изденүү жолу менен жакшы натыйжаларга келип өз жолдорун табууда. Негизинен илим билимди чогу ала жүрсөк эле сонун болот. Биздин шарттарга жана колубузда болгон эле каражаттар менен эле сонун нерселерди кылса болот. Сүрөттөрдө заманбап ферма десек деле жаңылышпайбыз. Анткени өзүнүн проектиси бар, эсеп чийимдери бар, духу бар дегендей. Ферманын салган Сулайман байкебиз мындай деп түшүндүрөт:

    "Мен бул сарайды,көп жылдан бери башымда көтөрүп жүрчүмүн, оюмдагыдай салдым,ар кимден кеңеш сурап. Бул сарай 30м*10м, 52 бука батат,аралыгын кенен кылдым 1м. Кызыккандарга маалымат берем, көп каталардан сактанасыз"

    Сулайман байкенин телефону: 0555 518158

    Телеграмдагы "Мал чарба" тайпасынан.


    Нет описания фото.








  120. Республикада тыбыт жүн жана сүт багытындагы эчкилерди өстүрүүчү фермерлердин саны арбыды

    Айыл чарба министрилигинин алдындагы Кыргыз мал чарба жана жайыт илим изилдөө институтунун жоопту кызматкерлери сүттүү эчкилерди өз төлү менен көбөйтүү максатында изилдөө жүргүзүүүдө. Зааненский породасынындагы эчкинин аргыны сүт багытындагы түрүнө кирет.
    Учурда Ош облусунун Кара-Суу районунун “Жоробай” жеке менчик фермасына таза кандуу сүттүү эчкинин уругу алынып келип көбөйтүлүүдө.
    Ушул фермада жалпы эчкинин башы 28, анын ичинен 15 баш тубар эчки, күнүмдүк сааны 1,4-2,7 литрди түздү, орто эсеп менен 1 башка саалып алынган сүт 1,9 литр. Жалпы алынган улактар 28 баш, ар бир 100 тубар эчкиден алынган улактын саны 160% түздү.
    12 асыл тукум улак сатып алынган киреше 48000 сомду түзгөн.

    1. Жакшы маалымат экен, сут эчкилерин кобойтуу жакшы жоролго, колдойм.

  121. ЭЧКИ ЭТИ
    Пайдасы. Уйдун жана койдун этине салыштырмалуу жакшы сиӊет. Койдукуна караганда холестерин төмөнүрөөк. Ашказан-ичегилердин иштөөсүн жакшыртат. Карылар, жаш балдар жана өнөкөт оорусу барлар оорусу курчубай турган кезде жей беришсе болот.
    Зыяны. Кой этин кайсы ооруларда жеш сунушталбаса, эчки эти да ошолордо сунушталбайт.

    1. Менин чон энем эчкинин эти суук келет деп жечи эмес эле, жаны торогон келиндерге да жедирчу эмес.

  122. Cаламатсыздарбы платформанын мучолору, тоок багуу боюнча иштерди туруктуу жыйынтык алуу учун аракет кылып жатамын.

    Ордок тоок багып жатам, алган жумурткаларды уй булодо тамак-ашка колдонуп жатам, уй шартындагы алынган тооктун жумурткасы сапаты жана аш болумдуулугу фабрикада багылган тооктордун жумурткасына караганда абдан даамдуу. 

    Жумуртканын уй булодон  ашканын  группанын мучолоруно бердим. Мындан сырткары 800 сомдук жумуртка саттым, акчасын чогултуп жатам, дагы жожо баксам деген пландарым бар.

    Тоок жумуртка баскан убакта тынч жана козголбой турган жерде болсо жожону да 90-95% чыгарат, ошондуктан баллондорго саман тошоп ылайыктап койдум.

    1. Наргиза экообуз тоок багуу боюнча бири-бирибизден кенеш алып турабыз.

      Тоокторун жожону коп берсин, уй булон менен аман бол, Ийгилик!

    2. Абдан жакшы ишинерге ийгилик

  123. Тоокторум чөжө басып чыгарып жатат.

    1. Жакшы экен

  124. Балдардым күндө жумуртка издегени жөнөшүшөт. Топтоп касетага тизип чыгышат.

  125. Жумуртканы 10 сомдон сатып жатам, андан түшкөн акчага керектүү жашылча жемиштерди сатып алып жатабыз. Андан сырткары балдарыма да бышырып берем. Бүгүн чогуу жумуртка бышырдык. Мен өзүм көзөмөл кылдым.

  126. Cаламатсыздарбы, кандай карантиндик шартта бала-бакыранар менен аман эсен турасынарбы?

    Бул карантин колу жука кунумдук тиричилик кылган уй булолорго таасирин катуу тийгизди. Биз оз жашообузду коомдон обочодо болуп жашай албасыбызды билген болсок да карантиндик абал дагы бир жолу далилдеп койду.

    Мен тоокторго 13-14 жожо ачтырып 3 уй булого жардам катары бердим, алар пайдаланып жатышат. 

    Кара-Дарыя айылынан 1 уй булого, Чек айылынан 1 уй булого, Ноокенден 1 уй булого бердим.

    Жумуртканы уйдо тамак-ашка колдонуп жатабыз, ашкан жумурткаларды айылдагы дуконго коюп 10 сомдон сатып жатабыз, чогулган акчасына жем алып пайдаланып жатабыз. 

    Жакынкы кундору дагы бир нече тоогум жожо ачып чыгарат

    Долбоорго рахмат!



      

  127. Тоок багуучуларга пайдалуу кенеш.

    Эгерде тоогунуз  аз жожо басып чыгарса, анын санын кобойтуу учун инкубатордон чыккан жожолорду кошуп баккыныз келсе мындай кылыныз. Сатып келген жожону тооктун жожолоруно кошуудан алдын тоокту кармап тумшугуна пахта майын суйкоп койсонуз тоок башка жактан келген жожонун жытын ажырата албай калат да кошкон жожолорду болоксунпой багып алат.

  128. Тооктогу жагымсыз жыттын себеби эмнеде?

    Тооктор оздору жыттанбайт, бирок тооккана дайыма тазаланып турбагандыктан жыттанып кетет.

    Эгерде тооккана оз убагында тазаланып турбаса, кыгы чогулуп амиактын кучтуу жыты жыттанат, бул кошуналарга гана таасирин тийгизбестен тооктордун ден соолугуна да таасир берет. Озунорго белгилуу тооктун денесинин температурасы да жогору болот.  Ошондуктан тооккананы тазалоо бир нече мунотту алгандыктан кун сайын тазалап, тоокторду таза абага сейилдоого чыгаруу керек. Жума сайын тоокканада  койгон тошолмолорду жанылоо  керек.

  129. Тоок илдеттерге туруксуз тез эле кырылып калат, себеби эмнеде?

    Тоок илдеттерге чалдыкпас учун биринчи кезекте  иче турган суусуна бут салбай тургандай болушу керек, бардык инфекция мына ушундан жугат.

    Тооккананын ичин акиташ менен дезинфекциялап туруу керек.

    Тооккананын ичине жыгачтын кулун салып коюу керек, аны 2-3 кундо алмаштырып турулат. Анан созсуз алдын алуу чаралары менен кошо эмдоо иштерин да оз убагында жургузуп турса тоок олоттун алдын алган болосуз.

  130. Cаламатсынарбы платформанын катышуучулары!

    Айылдык кызмат корсотуучу Мирзахметова Гулсара видеону жуктой албай жатканынан ушул жерге жуктом жатам.

  131. Саламатсыздарбы, платформанын катышуучулары бизда убакыттан пайдаланып жожо багуудабыз буйруса органикалык таза жумуртка алып уй булообуздун ден-соолугун чындайбыз.



  132. Америкалык медиктер тоок жумурткасынын пайдалуу жаңы касиетин аныкташты. Жумуртка кенже курактагы балдардын өсүүсүнө өбөлгө болот. Атайын изилдөөлөрдүн жыйынтыгы Pediatrics журналына жарыяланды.
    Илимпоздордун пикиринде, тамактанууда жумуртканы туруктуу пайдалануу балдардын организминин өрчүп өсүүсүн 1,47 эсеге жакшыртат. Жумуртка арзан жана кол жетер азык заттардын булагы болуп саналат.

  133. Бул жожолорумдун кичинелери баары тируу жакшы багылууда. Жожолордун астын дайым тазалап туруу эн негизги жумуш болуп саналат.

    1. Охоо сонун го! Музейдин гана коргозмого коюлган экспонаттарындай го. Мындай шартта чонойгон жожолор кандай болот экен?

      1. Рахмат буюрса жакшы эле болот))

  134. Жумуртка, эт-жумуртка жана эт багытындагы Tooк породалары бар. Жумуртка багытындагы Tooктордун денеси чың, анча чоң эмес, тез чоңоет, эрте жетилет, сырткы чөйрөнүн таасирин тез кабыл алат. Эт-жумуртка багытындагы Tooк чоңураак келет, денеси борпоң, тез жетилбейт, зат алмашуусу начар, моюну кыска. Tooктун эти мүнөз тамак; анда 63% суу, 20% белок, 16% май, 1% минерал заттары бар. Tooк физиол. жактан 5-6 айда өсүп жетилет. Жумуртка багытындагы Tooктор жылына 200дөй, алдынкы чарбаларда 220-250 (мыктылары 365ке чейин) жумуртка тууйт. Жыл өткөн сайын жумуртка туушу 10-15% ке азайып, 10 жылга чейин жумуртка тууйт. Tooктун продукттуулугу анын породасына, тоюттандыруу жана багуу шартына жараша болот.

  135. Саламатсынарбы платформада маалымат алмашкан азаматтар!

    Коронавирус пандемиясы дуйно элдеринин тынчтыгын бузуп, эртен кандай кунго кабылабыз деген чочулоону, эч кимге болушпой турган коркууну жаратты.

    Биздин топ бул шартта чогулуп иштебей ар кимибиз уйдо сут азыктарын кайра иштетуу менен алектенип жатабыз.

    Аба шартына карап курутту кургатабыз. Топто туруктуу иштеген 10 аял бар. Кунуно ар бирибиз орточо 10 кг курут тоголоктойбуз, андан 3 кг кургатылган курут чыгат. Ошондо кунуно 25-30 кг курут кургатып жатабыз. Негизинен Базар-Коргон районунун борборунан ортомчуларга, кг 130 сомдон откоруп кундолук тамак ашка керектуу азыктарды алып жатабыз.





    Уй шартында курут жасоо боюнча маалыматты томонку шилтеме боюнча кирип видеодон коруп таанышсанар болот.


    1. Сут азыктарын кайра иштетууну колго алып, андан киреше табуу айыл шартында жакшы жоролго. Бир убактарда сутту кайра иштетуудон зеригип, тартылган сутту сайга сууга токкон учурлар болгон эле. Азыр топ менен биргеликте сузмодон курут тоголоктоп, аны кургатып, базарга сатып уй булого киреше табуу чон мээнетти, туруктуу аракетти талап кылат. Азаматсын!

    2. Эн жакшы ишинерге ийгилик талыкпагыла.

    3. Дилбар эже, талыкпай эмгектенгенинизге суктанып турам, азаматсыз ишинизге ийгилик. Курттун баасы канчадан болот?

  136. Ош облусунун Кара-Кулжа районунда Ылай Талаа айыл окмотуно караштуу "Орчун" жамааты жайыттарды калыбына келтируу боюнча 2017-жылдан бери мисте, бадам, кайналы, жангак эгип кеде жатабыз. Бул иштерди жургузуудо "Био Сервис" КФ кеп-кенештерди алып турамын.

    Бул суротто эгилген мисте жана бадам кочоттору

    1. Эн мыкты мисте эн пайдалуу жана кирешелуу тармак качан тушум берип калат?

  137. Жайыттарды калыбына келтируу, бак дарактардын санын кобойтуу боюнча аткарган иш аракетибизге карабай айылдын малы жайылып жаш кочотторду кыйраткан учурлар болду. 

    Орчун жамааты эккен кочотторубузду коргоо максатында жакшы адамдардын колдоосу менен фотокамераларды орноттуп байкоого алганбыз.

    Ошол фотокамераларда жаратылышка кыянат мамиле жасаган (браконьерлер) ан уулагандар да тушкон учурлар болду.

    1. Ашим аке, сиздердин жаратылышты коргоо боюнча демилгениздерге размат! 

  138. VID-20200520-WA0126.mp4 Базар-Коргондогу СПУ Машрапкан эже сатып берген саан эчки, бул эчкини База-Коргондогу Мамиржан деген инвалид, аялы эмигрант уй-булоо саап ичип жатат. Бул бир сааганда чыккан суту.

    1. Кыргызстанда эчкинин суту онугуп келе жатат бирок бизде эчки фермасы сут чыгаратурган ишкана жок экен 

  139.  Бул теке улак Битал породасы азыр Бишкекте Булар ошол Биталдын балдары 50% жергиликтуу 50% Битал порода. Ушул текелерди алып келип жергиликтуу эчкилер менен аргынадштырып урон алуу керек болуп жатат, азыр ушунун устунон иштеп суйлошуп жатабыз, буйруса жакында бир Битал теке алып келебиз. Бул эчкилердин суттуулугу 4-5 литр кунуно, кээси 6 литрге чейин берет, эгер Заанен эчкилер менен аргындаштырсак кеминде 6-8 литр сут беруучу саан эчкилерди алсак болот. Мындай тажрыйбаны Таласта жана Чуйдо фермерлер жасап журушот

    1. Болот баасы канча болду экен ?

      1. Бул текелердин баасы ар кандай улак текелердики 10 мин сомдон, 1 жаштан жогору болгон текелер сыртткы корунушу, бою, узундугуна карап 30 минден 50 минге чейин болуп жатат.

    2. Шыйрактарын аябай узун келет экен.

  140. Бул тай тоодон жыгылып жаракат алып келген кан болуп чымын талап жаман кыйналды 

    Жараатына бул спрейден чачып койсо пайдалуу экен. 

  141. ЭТТИН КАЙСЫ ТҮРҮ КИМГЕ ПАЙДА, КИМГЕ ЗЫЯН?

    «Сууктап баратам. Эт жебесем болбой калды...» Мындай сөздөрдү өзгөчө кышкысын көп угабыз. Анан эмне, көчмөн элдер илгертен мал багып, анын эти менен сүтүн негизги азык катары пайдаланып келе жатса. Ошол эт түрлөрү кимге пайда, кимге зыян?

    ЭТТИ ЭМНЕ ҮЧҮН ЖАНА КАНЧА ӨЛЧӨМДӨ ЖЕШ КЕРЕК?
    Кандай эт болбосун курамында белок, темир, калий, кальций, магний, фтор, цинк, витаминдер жана башкалар бар. Белок булчуӊ жана нерв ткандарына курулуш материал болуп берет. Калий жүрөктүн жана кан тамырлардын, ал эми магний нерв системинин жакшы иштөөсү үчүн керек. Цинк иммунитетти көтөрөт. Кальций менен фтор сөөктү жана тишти бекемдейт. Витаминдер зат алмашууга катышат жана башка. Андыктан адам эт жеп турушу керек. 1 күндүк норма чоӊ адамдар үчүн 150-200 грамм, ал эми жаш балдар үчүн 200-300 грамм.
    Этти дамамат жана ашыкча жегенде оорулар, анын ичинде эмчектин, жатындын, жоон жана ичке ичегинин рагы жаралат. Жаш малдын эти өтө сиӊимдүү келгендиктен бардык жаш курактагыларга сунушталат. Этти кайнатып жесе пайдалуу.

    ТӨӨ ЭТИ
    Пайдасы. Курамында белок абдан көп жана уйдун этине салыштырмалуу май эки эсе аз. Эти, кымызы (шубат), сүтү кургак учук менен ооругандарга, иммунитети начарларга жакшы азык. Анемия, варикоздо жесе оорудан айыгууга жардамчы.
    Зыяны. Этинин сиӊиши кыйын. Андыктан жаш балдар, карылар, боюнда барлар, бала эмизгендер аз өлчөмдө жеши керек. Ашказан-ичеги, панкреатит, гипертония, псориаз, дерматит, богок, катаракта, глаукома оорусу барларга, инсультка, инфарктка чалдыккандарга жегенге болбойт. Оорусун күчөтүп жиберет.
    Ден соолукта болуп оорубаңыз окурманым
    Ден соолук жана пайдалуу кеңештер группасы
    Мелис Кочконов

  142. Гиссар койлору базарларда салмагына жараша 20-30 миң сомдон сатылат

    Койлорго убагында жем, суу, чөптөрүн берүү өтө маанилүү. Жоопкерчиликтүү мамиле менен керектүү эрежелерди сактасаңыз кой багуу менен миллионер болуп кетишиңиз толук мүмкүн.

  143. Койго эчкини кошуунун пайдасы

    Козулар энесинен бөлөк кармала баштаганда оттой албай кыйналат. Эне сүтүн издеп чөп жебей калат.  Өзүнчө жашай албай кыйналган козуларда зат алмашуу бузулат. Жыйынтыгында өсүүдөн токтой баштайт. Буга жол бербөө үчүн козулардын арасына 15-20 кой жана эчкини кошуу керек.

    Зооветеринариянын талаптарына ылайык козуларды энесинен ажыраткандан кийин ургаачыларын токтуларга, эркектерин болсо кочкорлорго бөлүп багуу керек. Ооруй берген начарларын болсо өзүнчө кармаңыз.

    https://onoyjasha.kg/

    1. Саламатсыздарбы эмне учун койлорго эчкилерди кошуп багуу керек ошону айтып кетсениз!

  144. Эчки сааганы ушундай жасап алыш керек экен Болот акенин кенеши мага абдан жакты 



    1. Чындап эле жакшы экен