Welcome to the

Kyrgyzstan
Space shortcuts
Skip to end of metadata
Go to start of metadata

Расширения и продвижения рыбного хозяйство для улучшения и разнообразия в питании сельском местности  /  Expansion and advancement of fisheries to improve and diversify nutrition in rural areas


  • No labels

26 Comments

  1. Токтогул районунун Актектир Ултанкамыш айылдарында ПГАЭ долбоорунун алкагында жашоочулар менен таза азык тулук ондуруу жана тамак ашка пайдалануу багытында тренинг откорулду 

     

  2. Балык багып остурууну колго алып, туркундотуп тамактанууну жакшыртууга комоктошкон чакан долбоордун иштерине ийгилик каалайбыз! Остургон балыгынар кобойсун!

  3. Дуйнодо балыктардын баасы боюнча  кызыктуу маалыматтарды болушойун дедим:

    • Японияда Фуги деген балыктын 1-порциясы 100-500$ чейин экен.
    • Алтын балык деп аталган балык Туштук Кореянын аралдарындагы денизде жашайт.1 порциясы 1000- 1500$ экен.
    • Белуга Албинос деген балык 1 порциясы 1000$, икрасы 100 гр 2500$.
    • Аревана деген балыктын 1даанасы  80 мин доллар турат экен.
    • Японияда 108 кг тунец балыгы 178 мин долларга сатылган, ошондой эле 208 кг тунец балыгы 230 мин долларга сатылган
    • 1924-жылы кармалган  РФ осетр балыгы 1227 кг,  икрасы 245 кг азыркы баага салыштырганда 778 мин долларга сатылган.
    • Сингапурда Платиновая Аревана балыгынын  1 даанасы 400 мин доллардан сатылган.  
    • Японияда 2012- жылы 2500 кг болгон тунец балыгы  730 мин долларга сатылган.
    •  222 кг болгон когултур  тунец балыгы 1 500 000$ сатылган. 
    1. Буажар эже эн сонун маалыматар экен.

      Кыргызстанда остурулуп келген балыктар боюнча маалыматар болсо сонун болмок....

       

  4.  Балыкты жана дениз азыктарын жылына орточо керектоо киши башына эсептегенде:   

     1-орунда туштук Корея  58,5 кг; 

     2-орунда Япония  53,3 кг;

     3-орунда Норвегия 50,2 кг керектейт.

    Дуйно боюнча орточо алганда балыкты керектоо 20,2 кг тузот. 

    Эксперттердин билдируусундо , туштук Кореяда дениз азыктарын керектоонун саны тынымсыз осуудо.  Акыркы беш жыл ичинде ички базарда балык сатуунун колому 17% га оскон же 641 мин тоннаны тузот. Балыктын  32% Кытай, Россия, Вьетнам олколорунон импорттолот. Кызыктуу жери кореялыктар скумбрия балыгын суйуп жейт.  Россияда жылына балыкты керектоо киши башына эсептегенде 19 кг тузот.  2017-жылы россиялык балыкчылар 4,7 млн тонна балык кармашып,  Кытай, Индонезия, АКШдан кийнки 4-орунда турат. 

  5. Бизде Кыргызстан боюнча балыктын 79 түрү бар. Ошонун 26 түрү Ысыккөлдө. 2005-жылы изилдөө жумуштары жүргүзүлүп, 79 түрдүн жети түрү Кыргызстандын Кызыл китебине кирген. 
    Булар -Ысыккөл маринкасы, щуковидный жерих, туркистанский толстолобик ж.б.
     

    Биздин эндемик түрлөрү чебак, чебачок жана энтрадуцированный, башка жактан алынып келип өстүрулгөн балыктар бул - Ысыккөл форели, сига, сазан.

  6. Кыргызстандын балык остуруучулору Россия мамлекетине форелдин радужная турун экспорттоону башташты.Чуйдогу жеке ишкер Кубанычбек Сыдыков жетектеген балык чарбасы ай сайын 16 тоннадан 32 тоннага чейин балык экспорттойт. Остурулгон балыктын орточо салмагы 2 кг. Балыктарды остуруу учун  кундузу-4 жолу, тункусун 3 жолу азыктандырат,бул учун атайын прожекторлор орнотулуптур. ошондой эле суунун температурасын тынымсыз козомолго алынып турат экен.

    алынган булагы: МТРК "Мир"

    Биздин балык остуруучулор да ушундай ийгиликтерге жетишсе экен.

    1. Буажар эже сонун маалыматтар экен,

      Балыктын радужная туру - жыртыкыч балык деп уктум. 

      Тосмодон чыгып кетип, чеке-белдеги колмолордогу чоп менен тамактанган балыктарды жеп салыптыр, чынбы же тогунбу?

  7. Асоолому алейкум Акмат аке!

    Балык чарбасын кобойтууго кошуп жаткан салымыныз жакшы. Сизге ийгилик!

    Бизде Базар-Коргондо балык чарбасы жакшы колго алына баштады. Мисалы Кайырма суу сактагычында, Базар-Коргон суу болушутуруу тосмосунда (плотина) балык отсургон фермерлер бар. Андан башка Арсланбап, Чарвак жана башка тоолуу айылдарда бирин экин балык остургон колмолору бар экен.

  8. Чон рахмат. Биз остуруп жаткан балык колмолорунун артыкчылыгы колмолорго суу таза дарыядан келет. Колмодогу суу эч канча ылайланбайт.Тамашалап айтканда бироолор ичууго таза суу таппай журсо биз балыктарга берип жатабыз. Мен шаарга коп барам,коп адамдар менен суйлошкондо чуй аймагындагы колмодогу балыктарды коп тамакка пайдаланбай жатабыз дешти,анткени суу салма суулар да,жыты бар деп жатышат. Келечекте биз остургон балыктар даамдуу болоор деп ойлойм.

     

     

  9. Келечекте сиздин колмолорунуздо малекторду чыгарып башка кызыкан дыйкандарга арзан баада сатасынарбы

  10. Биздин жамаат мучолору ПГАЭ долбоорунун алкагында майда чабак остуруучу колмолорду куруу менен кызыктар жактарга чабактардан камсыз кылабыз. Бугунку кундо чабак остуруучу колмобуз даяр.Эне балыктарды жаз эрте март апрель айларында сатып алып колмого салабыз,кузго тарта же наркы жылы жазда чабактардыарзан баада бере баштайбыз.Биз балыктарыбыз учун жем азыктарынын запасы жетиштуу.Азыктардан семичканын жымыгы,арпа,буудай,жугору шактарын аралаштырып беребиз.

  11. Саламатсызбы Акмат аке, Сиздин колмодо балык остуруу боюнча тажрыйбанызга кызыккан тараптар арбыды. 

    Жогорку Кенештин агрардык саясат, комитети, Тамактанууну жакшыртуу боюнча коп тармактуу кызыкдар тараптарды бириктирген Граждандык Альянстын суранычы боюнча ПГАЭ долбоору боюнча балык остургон чарбалардын тажрыйбасын  олконун башка региондоруна жайылтуу боюнча иш чараларга киргизилди.

    Буйруса Нарын, Ыссык-Кол, Баткен, Ош аймактарынан  келуучулор тажрыйба алмашып кетишет.

  12. Сазан балыгын колмолордо остуруунун озгочолугу.

    Сазан,карп балыгынан денесиндеги кабырчыктары менен айырмаланат.  Денеси туурасынан эмес  узатасынан осот. Чон балык 50-60 см ге чейин, кээ бир учурда 1 м чейин жетет.  Максималдуу  салмагы  20 кг.

    Шарт:  25-29°C температурада жакшы осот. Эгерде суунун температурасы 12°C   сазан тамактануусун токтотот. Температура 30°С та  кычкылтек жетишсиз болгондо олумго учурайт.

    Азыктануусу. Берилген азыктарды тандабайт. Чон балыктар тамак тандабайт– личинка,балырларды, курт-кумурскаларды жейт. Сазанды багууда жаныбар жана осумдуктордон жасалган тоюттарды - кунжара, шрот колдонсо болот.

    Кобойуусу: Жыныстык жетилуусу – 3-жылдан башталат. Икра чачуусу  –  апрелден июлдун ортолоруна чейин . Эн татаалы жапайы сазандын малекторун сатып алуу.  Жапайы малекторду стерилдуу шартта бакпастан – тунуган сууга-тируу био чойродо багылат.Идеалдуу колмонун терендиги – 1,5-2 м. болсо болот.

    Кыштатуу: Колмонун терендигин 5 м ге жеткируу менен кычкылтектин камсыздылышын шарттоо керек, эгерде колмо тайыз болуп суу тонгондо балыктан кол жууп калуу коркунучу пайда болот. 

  13. Рахмат. Биз ийгилигибизди эл менен болушууго даярбыз!.Балыктарды жазында апрел айларында суунун температурасы 15-17гр аша баштаганда аз аздан арпа шагы менен тоюттандырууну баштайбыз. Жемди дайыма бир жерге чачабыз.Арпа жемин июль август айларына чейин беребиз.Андан кийин арпа жугору буудай ж.б. турлуу жемдер болсо бирдей пайызда аралаштырып октябрь айларына чейин беребиз.Октябрдын этектеринде суунун температурасы 15-17 гр ылдыйлай баштаганда балыктар чээнге кирет.Ушул мезгилге бир эки жума мурун жалан жугору шагынан тоюттандырабыз.Анткени жугору шагынын курамында май болгондуктан чээнге  кируу алдында май топтоп алуусуна шарт тузулот. Муну менен жазга жакшы чыгарына шарт тузулот.Эмне учун башында жалан арпа шагын беруу керек.?Себеби жаз эрте кышы менен чээнде жаткан балыктардын организми начар болуу менен кучтуу жемдерди аш кыла албай кыйналып,ал эмес ооруп олуп калуу фактылары дагы болуусу мумкун.

  14. Баккан балыктарынардын салмагы канчага жетти?

    Балык сатып,  бизнес баштайын деген пландарынар барбы?

    Балык унчукпаган жаныбар, анын абалына кантип байкоо жургузосунор?

    Кузундо кыргызга той-аш башталганда, бардык тиричиликти таштап коюп журо беребиз го, бул мезгилде балыктар кароосуз калбайбы?

  15. Азаматсыз Акмат аке,

    Маалымат болушуп турунуз байке

     Карп тукумундагы балыктардын породалары

     

    Карп балыгы

    Белый-Амур   балыгы

    Толстолобик   балыгы

     

                                                                         

        

     

        

     

    Карп - балыгы жылуу сууну съйъъчъ болуп,=з ън алып журъъсъ жана тамактануусуна ынгайлуу болгон нормасы -10 С  жогору – 25 С чейин жылуулукта эркин =съш=т.Келип чыгуусу байыркы эл катары Кытай =лк=съ саналат.Карп балыгы 30 жылга жакын жашап,50 кг чейин =съп,бир жылда 0,5 кг чейин салмакта болот.Тамактануусу ч=п-чар,балыр,тамыр жана башка кошулма ъй тоюттары берилет

    Белый-Амур –бул балыктын 2 търъ болот ак жана кара болуп.Белый–Амур балыгы эн чон узундугу 150 сом болот, ал эми эн чон салмагы 45 кг чейин болот.Суунун жылуулук нормасы -26 градстан т=м=н болбоосу жана суунун агын сууда жакшы =съъг=  мъмкънчълъгъ жогору.Тамактануусунда малёктор 3 см болгонго чейин майда личинкалар менен тамактанышат андан сон ч=п-чар,тамыр ушул сыяктуу озунун табитени жараша тамактанышат.Амур балыгынын башкаларга караганда с==гу аз болот.Ошондуктан тамактанууда к=бунч= амур балыгын сунушташат.Жаш балдарга амур балыгын беръъ жакшыраак.

     

    Тостолобик –бул балыктаын узундугу  1 м чейин жетип,ал эми салмагы 25-35 кг чейин жетет.балык башкалардан айырмачылыгы башы,оозунун чондугу,лавкалары,куйруктарынын узундуу менен =зг=ч=л=н=т.Тамактануусу фитопланктон –ч=пт=рдън,тамырлар,балырлардын тамырчалары менен тамактанышат. «Балыктарда башкада жок витаминдерге бай»

  16.  

    1 август куну Токтогул районундакы балыкты айылында Чалов Акмат байкебиздин балык чарбасына бир нече консультанттар жана Акипресс турмуш журналисти менен биргеликте барып кордук. Алгач колмогу 1 сотых аянттан баштап, азыркы кундо 5 колмок даяярдап, анын 3-сун иштетип жаткан тажрыйбасын кордук. 5 колмосунун жалпы аянты 70 сотых экен. Агач баштаган 1 сотых аянттагы колмосу бугунку кундо 20 сотыхка жакын аянтты ээлеп чонойтулган. Карп, толстолоб жана белый амур багылууда. Акмат байке кунуно 2 маал жем берет, ал жемге арпа, буудай, жугорунун тартылган шактарын бирдей олчомдо аралаштырып, сууга алдын ала чылап андан сон кунуно 2 маал салат. Жем берээрде атайыт кийимин кийип, колмосунун ар бир бурчуна тегеректеп салып чыгат. Колмосунун терен жери 2 метрге жетет. Балдары, жубайы менен баары бул ишин суйгондуктон балыктары да жакшы чоноюп жатат. Ар бир демилгеде, аткарган иште кыйынчылыктар, озунун ойдо ылдый болгондон келип чыккан кыйынчылыктар болот, форель балыгын багып коромун деген аракетинде да сабактарды алып жатамын дейт Акмат байке. Атайын идишке 100литр сууга 5 кг куйгон акиташ, хлорка салып даярдалган аралашмадан колмодогу сууга бети агарганча салат, мында балыктардын биттерине каршы корууну коздоп алдын алат. Бир колмосуно карась алып келип багып сынап жатат. август айынан сатууга кам коруп жатабыз дейт Акмат байке. Ийгиликтер болсун!

    1. Акмат байке,

      Сиздин жасап жаткан ишиниз жакшы ,.
      Балыктын коломун кобойтууну пландап жатыптырсыз сатуу кай жакка болууда,

      Балык боюнча кобунчо кандай оорулар кезигишуудо?
      Балык этинин организимге кандай таасири бар?

  17. Биз 5 колмо курганбыз.2 чакан колмолорубузго суу тартыш.Себеби айыл аралап келгендиктен жай мезгилинде суу жетишсз болуп калууда. Ошондуктан биз ПГАЭ  долбоорунун алкагында сатылып алынган пластик трубалар аркылуу 500м алыстыктан Узунакмат дарыясынан колмолорду такай суу  менен камсыздадык. Арык учун чункурларды казуу трубаларды комуу жумуштарын жамаат мучолору оз кучубуз менен аткардык.

  18. Откон жылы даярдаган балык учун жемибиз азайды. Быйылкы жылы жамаат мучолорунун жардамы менен дагы 5 тоннага жакын жугору жемин даярдадык.Азыркы кундо кургатып анан кампага киргизебиз. Бул жугору даны ото калориялуу болгондуктан арпа буудай жемдерине алмаштыруу менен тегрменге тартып аралаштырып анан балыктарга беребиз.

  19. Рыба – ценный питательный продукт

    Любая рыба – речная, морская или выращенная в искусственных условиях – является источником многих полезных веществ, оказывающих положительное воздействие на сердце, сосуды, иммунитет. Употребление в пищу морской рыбы служит профилактикой онкологических заболеваний благодаря содержанию в ней важнейшего антиоксиданта – полиненасыщенных жирных кислот омега-3.

    Полезные вещества, содержащиеся в рыбе:

    - белки; - липиды; - аминокислоты; - йод; - фтор; - кальций; - марганец; - цинк; - селен; - железо; - магний; - фосфор; - бром; - витамин A; - витамин D; - витамин F; - витамин E; - витамин С; - витамин PP; - витамины группы B; - витамин H; - рыбий жир; - кислота омега-3.

    Целебные свойства рыбы и их применение

    С давних времен люди научились пользоваться таким ценным даром природы, каким является рыба. Это основной продукт питания народов, живущих на берегу крупных рек, озер, морей и океанов. Люди, населяющие территории рядом с морями и океанами, употребляют в пищу не только рыбу, но и другие морепродукты. Как правило, они меньше болеют и дольше живут. Ведь растительный и животный мир морей и океанов – кладезь самых полезных веществ, которые только есть в природе.

    Все витамины, макро- и микроэлементы, в которых нуждается любой живой организм, в большом количестве представлены в рыбах и других представителях флоры и фауны морей и океанов. Несомненно, что речная и прудовая рыба также полезна для человека, но количество витаминов и других полезных веществ в ней меньше.

    В рыбе из рек и пресных водоемов содержится меньше йода, брома и витамина D, но зато в них много белка. В отличие от мяса, в белке рыбы находится в большом количестве такая важная аминокислота, как метионин. Белок рыбы легко усваивается организмом, поэтому ее полезно есть для профилактики болезней желудка. Содержание в рыбе йода и фтора способствуют лечению болезней эндокринной системы.

    Рыбу включают в состав многих диет. Ее калорийность несколько ниже, чем мяса. Блюда из рыбы рекомендуют при ожирении и широко используют в щадящем питании.

    Омега-3 является веществом головного мозга и сетчатки глаз и необходима для быстрой работы мозга, так как обеспечивает поток энергии. Жирные кислоты являются сильнейшим антиоксидантом, поэтому употребление красной рыбы служит профилактикой возникновения опухолей. Омега-3 подавляют гормоны стресса, важны для здоровья суставов и жизнедеятельности мозга. Они обладают защитными свойствами и нормализуют кровяное давление, помогают сжигать лишние жиры и способствуют оздоровлению организма в целом. Больше всего жирных кислот омега-3 содержится в семге. Однако не стоит ее много есть, так как могут возникнуть проблемы с печенью.

  20. VID_20190927_130813[2].3gp Травоядные рыбы из пруда сообщества Келечек-Актектир

  21. Особенности кормления рыб

    График и режим кормления зависит от нескольких факторов. Во-первых – от сезона: летом требуется гораздо больше корма, чем в зимнее время, когда большинство видов впадают в состояние покоя. Во-вторых, интенсивность выдачи кормов и их состав напрямую зависит от выращиваемых видов. Каждому сорту рыбы требуется определенное количество белковых и энергетических продуктов, поэтому этот показатель нужно обязательно принимать в расчет при заготовке кормов.

    Но одним из ключевых показателей кормления является размещение особей. Водные питомцы, проживающие в прудах, требуют совершенно другого графика кормления, чем особи, проживающие в открытых огражденных водоемах или садках. 

    В прудах

    При выращивании рыбы в пруду требования к искусственным кормам менее жесткие, так как в естественных водоемах есть природный корм, который нужно лишь дополнить. Как правило, корма вносят в виде тестообразной массы, гранул или брикетов. Предпочтение стоит отдавать гранулированным кормосмесям или брикетам, так как они обладают высокой влагостойкостью, тогда как тестообразная масса уже через час теряет половину своих питательных свойств. Размер и тип гранулированных кормов следует подбирать в зависимости от вида и возраста особей, так как различные сорта и возрастные группы имеют отдельные требования к питательному составу.

    Например, для выращивания сеголетков карпа используют комбикорма ВБС-РЖ и ВБС-РЖ-81, а при сниженной температуре воды (с приходом осени) их заменяют на комбикорм РЗГК.

    Корма лучше вносить в одно и то же время и в определенном месте водоема. В этом случае у особей выработается условный рефлекс и потребление кормов будет более выгодным экономически из-за высокой поедаемости.

    Кормление зависит от многих факторов:

    • Температуры воды: с июля по август при наличии большой естественной кормовой базы кормление проводят через 2-3 часа после восхода солнца;
    • Возраста: сеголетков карпа кормят дважды в день равными порциями. Двухлетних особей кормят только утром.
    • Поедаемости: определить, достаточно ли питания получают особи, можно по скорости исчезновения корма. Если его быстро съедают, рыбы не получают достаточно еды и норму нужно повысить. Если корм остается несъеденным более трех часов, норму уменьшают.

    Покупать комбикорма лучше в специализированных магазинах, так как питательные смеси промышленного производства являются сбалансированными и приспособленными для определенного вида.


  22. Туура тамактанууга төңкөрүш жасайлы – 2

    Туура тамактануу тууралуу жазган биринчи дилбаянымды көп окурмандардын туура эмес кабылдашы бир чети таң калуу, экинчиден, ой-мүдөөмдү даана түшүндүрүп жазбасам керек деген күмөн саноо жаратты. Анткени менин дүйнө таанымымда туура эмес тамактануу - бул чылым чегүү же ичкиликке берилүү сыяктуу эле олуттуу маселе. Айрыкча, “кыргыздардын пайдалуу, витамини көп тамактарды сатып жегенге акчасы да, шарты да жок” деген пикирлер ойго салып, бул сапар ушул түшүнүктүн тегерегинде талдоо жүргүзүп, өз көз карашымды жазууну эп көрдүм.

    Ооба, тилекке каршы, азыр Кыргызстан оңой эмес күндөрдү баштан кечирип жатат. Жашылча-жемиш эмес, күнүмдүк токочко тыйын таба албаган жарандар да кездешет. Бирок биз өлкөдөгү башаламан саясат менен экономикалык жагдайга акүйдөгүлөрдү күнөөлөп көнгөнбүз... Алар элдин ырыскысын жеп алганы үчүн башкалар ачка олтурат дейбиз... Албетте, бул чырмалышкан татаал жана талкуулап түбүнө жеткис чоң маселе. Анүстүнө мен бүгүн саясатты эмес, жөн гана кантип туура тамактануу керек деген суроого ой калчап, маалымат бөлүшкүм келет.

    Эсимде, биз кичинекей кезде эртең менен тооктун какылыктаганы ушунчалык жагымдуу угулчу. Жанталашып тоокканага чуркап, уяда жаткан жыпжылуу жумуртканы ала коюп, көчө башындагы дүкөндөн сагызга же таягы бар момпосуйга алмаштырып келээр элек. Кийин Жети-Өгүздө сүт азыктарын чыгарган ишкана ачылды. Анда иштегендер чоң унаа менен айылдарды кыдырып, сүт ала баштады. Эл эмчектен жаңы чыккан балдары үчүн эле чактап ак алып калбаса, сааганын бүт сатмайга өттү. Ал эми үйүндө ошол сүттүн акчасына келген кумшекерди карандай чайга чылап ичип олтурушчу. Кийинчерээк кыргыз базарларын ар бири өзүнчө тор баштыкка салынган, Кытайдын "татынакай" алмалары басты. Эл курт жеген же жерге түшүп жанчылып калган алмаларын гана алып калбаса, башкаларын бүт сатып, анын акчасына Кытайдын арзан алмаларын алып коюшчу. Конок келгенде дасторконду ошол "мөлтүрөгөн, көрүнүшү жакшы" алмалар кооздоп турчу.

    Мен жашаган Америкада тамак-аш индустриясы өтө чоң бизнес. Азык-түлүктү көбүрөөк чыгаруу, көбүрөөк сатуу, көбүрөөк пайда табуу үчүн жанталашуу айынан, тамак-аш табигый касиетин жоготуп баратат. Азык-түлүктүн басымдуу бөлүгүнө жогорку технологиялардын жардамы менен аябай иштетилген, тез эскирип кетүүдөн сактоочу гормондор кошулат. Ал эми жер-жемиштер жогорку түшүм берүү үчүн ар кандай химиялык заттардын жардамы менен өстүрүлөт. Адамды өзүнө тартып, кайра-кайра тилете берген таттуунун түрлөрүндө эми чек жок. Бул жакта албетте табигый тамактар да жок эмес, бар. "Органик тамактар" деп коюшат. Бирок алардын баасы кымбат, көбүнчө колунда бар, кирешеси жогору үй-бүлөлөр гана сатып алат. Мисалы органик жумурткалар, жем-чөп жеп, ары-бери басып жүргөн тооктордон туулат. Ал эми органик эместери болсо, бир тордун ичинде камалып, ар кандай антибиотик дарылар сайылып, семиртилген тоокторго таандык. Бирок миң органик болуп, баасы асмандын башын чапчыса да, Америкадагы жумуртканын даамы биздин айылдардагы жер чукуп, сөөлжан жеген тооктун жумурткасына караандабайт. Муну менен айтайын дегеним, Американын эң бай адамы, кыргыз айылындагы жөнөкөй адам жеген табигый тамакты алганга эки көзү төрт. Биздикилер болсо колдо барды баалабай, ынак сүттөрүн, жумурткаларын чогултуп кумшекер, момпосуйга алмашып жатканына ичим күйөт.

    Мындан үч-төрт жыл мурун ишиме байланыштуу Кусейин Карасаевдин ардактуу жубайы Айша апа менен баарлашып калдым. Билесиздер, улуу академик бир кылым жашаган, ал эми мен маектешкен убакта Айша апа, жаңылбасам 96 жашта болчу. “Бутумду эле кокустатып алганым болбосо, эч жерим оорубайт, ден соолугум чың, көзүм курч” деп мактанды эле. Мунун сыры эмнеде деп сураганымда: “Өмүр бою куурумага жолобой, жалаң кайнатма тамак ичип, эртең менен эрте туруп, таза абада сейилдечүбүз”- деп айтканы кулагымда кыт куйгандай калды.

    Тилекке каршы, элибиз акыкы жылдары акталган суу майды кеңири пайдаланып калды. Көбүнчө куурулган тамак жешет. Илимий изилдөөлөр боюнча, биз суу май деп колдонгон өсүмдүк майы ден соолукка абдан зыян. Анткени күнкарама даны бензиндин бир түрү болгон гексан аттуу эритүүчү затты кошуу аркылуу иштетилет. Мындай иштетүүнүн негизинде акталган майда өсүмдүктүн бир да пайдалуу касиети сакталбай, тескерисинче, колдонулган химиялык заттардын уусу гана калат. Суу майсыз кантип тамак жасайбыз десек, колго сыгылган, акталбаган өсүмдүк майын же малдын майын колдонсоңуздар зыяны да жок жана баасы да төмөн.

    Жашылча-жемиш сатып алып жеп, витаминдүү тамактанууга шартыбыз жок дейбиз. Менин 1500 тургун жашаган Тогуз-Булак деген айылымда бир гана адамдын алма багы бар эле. Күз келип алмалар бышканда, көчөдөгү кичине балдар топтолуп, ошол Жолдош атанын багына ууруга кирчүбүз. Ата-энелерибиз урушса кайра өзүлөрүн күнөөлөчүбүз: анан эмнеге биздики жок, эмнеге алма-өрүк олтургузуп койгон жок элеңер?- деп. Аныбызга "биздин айылда алма-өрүк бышпайт"- деп кутулушчу. Жолдош атаныкы бышып атпайбы десек, “аныкы таш алма да” деп коюшчу. Азыр ойлосом, "жалкоонун шылтоосу көп" деген эле кеп экен. Эмнеге биздин айылда бакчылык кылуу, картошкадан башка жер-жемиш айдоо маданияты жок экендигин алигиче түшүнбөйм. Климат шарты катаал дейин десең, жакында "Азаттыктан" Нарында помидор, бадыраң өстүргөн мээнеткеч дыйкан жөнүндө окуп калдым. Ошол эле Ысык-Көлдөгү дунгандар жашаган Жышаан деген айыл коңшу кыргыз айылдарынан жашоо деңгээлинин жогорулугу менен кадимкидей айырмаланып турат. Чарбагынан жашылча-жемиштин түрүн табасың. Демек, “витаминдүү тамактанганга шартыбыз жок” дегенге Кулуп-Текебайыптар же Кыргызстандын мээлүүн климаты эмес, биз өзүбүз гана жооптуу чыгаарбыз?..

    Былтыр жазында Кыргызстанга барганда жүрөк өйүткөн көрүнүшкө туш болгом. Айылдагы эл картошка, беде айдачу жерине, отоо чыкпасын, курт-кумурска жолобосун деп селитра сээп жатышыптыр. Ушинтип, Кыргызстанда да жер-жемиштер Америкадагыдай “химикат” болуп калабы? Селитра жана башка отоо чөп, курт-кумурскадан сактоочу химиялык заттар адамдын ден соолугуна канчалаган оору алып келээрин ким түшүндүрөт элге? Ким токтото алат?

    Ооба, тилекке каршы Кыргызстанда жетишпеген үй-бүлөлөр көп. Бирок, кудайга шүгүр, күнүмдүк тамак-ашка жетээрлик каражат баарында эле бар. Элге болгону туура тамактанууга, ден соолугуна алдын ала кам көрүүгө, табигый тамак-ашты баалоого үндөгөн билим жетишпей турат. Өнүккөн өлкөлөрдө туура тамактануу боюнча балдар жерден боорун көтөргөн кезден баштап үйрөтө баштайт жана буга багыт берген китеп, журнал сыяктуу булактар көп. Менин оюмча, Кыргызстанда бул өтө жаңы маселе, себеби эл негизинен акыркы жыйырма жылда гана кумшекерди (жана ал кошулуп жасалган таттуу азыктарды), апакай унду, акталган күрүч менен суу майды мерчеминен ашыкча колдонууга өттү.

    Башка аймактарды билбейм, союз убагында биздин айылдын дүкөндөрүндө таттуу дефицит болчу ал эми айран-сүттү “молочныйдан” бекер эле таратчу. Азыркы муун, жаш балдар жалаң момпосуй, таттуу йогурт, чипсы, кола менен чоңоюп жатышат. Бул өтө олуттуу маселе, кеч боло электе өзгөрткөнгө аракет кылуу керек. Дагы белгилеп кетем, шекер - уу.

    https://www.azattyk.org/a/kyrgyztsan_blog_healthy_food_guljan_kudabai_gallaher_apr_2013/24964665.html