Welcome to the

Kyrgyzstan
Space shortcuts
Kyrgyzstan KYR
Skip to end of metadata
Go to start of metadata

Расширения и продвижения рыбного хозяйство для улучшения и разнообразия в питании сельском местности  /  Expansion and advancement of fisheries to improve and diversify nutrition in rural areas


СПУ: Акмат Чалов

Организация:  Жамаат Келечек Ак-Тектир

Цель и задачи SUNSAI:  предоставления мальков и сеголеток травоядных рыб,  для расширения рыбного хозяйства на юге Кыргызстана и обеспечить стабильный доступ к продовольствию путем развития рыбного хозяйства.

  • Сообщество будет, предоставляет для более 300 производителей рыбного хозяйства мальков и сеголеток.
  • Сообщество будет, предоставлять услуги по комбинированным кормам для травоядных рыб, всем заинтересованным производителям рыбного хозяйства.
  • Сообщество сами выращивают травоядных рыб и сбывают рыбу на местном и областном рынке как минимум для 6000 потребителей рыбного мяса

Основная информация

Локации

Целевая группа

N производителей: 300 семей

N потребителей: _6000_ человек

Ход реализации:

  • No labels

126 Comments

  1. Токтогул районунун Актектир Ултанкамыш айылдарында ПГАЭ долбоорунун алкагында жашоочулар менен таза азык тулук ондуруу жана тамак ашка пайдалануу багытында тренинг откорулду 


  2. Балык багып остурууну колго алып, туркундотуп тамактанууну жакшыртууга комоктошкон чакан долбоордун иштерине ийгилик каалайбыз! Остургон балыгынар кобойсун!

  3. Дуйнодо балыктардын баасы боюнча  кызыктуу маалыматтарды болушойун дедим:

    • Японияда Фуги деген балыктын 1-порциясы 100-500$ чейин экен.
    • Алтын балык деп аталган балык Туштук Кореянын аралдарындагы денизде жашайт.1 порциясы 1000- 1500$ экен.
    • Белуга Албинос деген балык 1 порциясы 1000$, икрасы 100 гр 2500$.
    • Аревана деген балыктын 1даанасы  80 мин доллар турат экен.
    • Японияда 108 кг тунец балыгы 178 мин долларга сатылган, ошондой эле 208 кг тунец балыгы 230 мин долларга сатылган
    • 1924-жылы кармалган  РФ осетр балыгы 1227 кг,  икрасы 245 кг азыркы баага салыштырганда 778 мин долларга сатылган.
    • Сингапурда Платиновая Аревана балыгынын  1 даанасы 400 мин доллардан сатылган.  
    • Японияда 2012- жылы 2500 кг болгон тунец балыгы  730 мин долларга сатылган.
    •  222 кг болгон когултур  тунец балыгы 1 500 000$ сатылган. 
    1. Буажар эже эн сонун маалыматар экен.

      Кыргызстанда остурулуп келген балыктар боюнча маалыматар болсо сонун болмок....

       

  4.  Балыкты жана дениз азыктарын жылына орточо керектоо киши башына эсептегенде:   

     1-орунда туштук Корея  58,5 кг; 

     2-орунда Япония  53,3 кг;

     3-орунда Норвегия 50,2 кг керектейт.

    Дуйно боюнча орточо алганда балыкты керектоо 20,2 кг тузот. 

    Эксперттердин билдируусундо , туштук Кореяда дениз азыктарын керектоонун саны тынымсыз осуудо.  Акыркы беш жыл ичинде ички базарда балык сатуунун колому 17% га оскон же 641 мин тоннаны тузот. Балыктын  32% Кытай, Россия, Вьетнам олколорунон импорттолот. Кызыктуу жери кореялыктар скумбрия балыгын суйуп жейт.  Россияда жылына балыкты керектоо киши башына эсептегенде 19 кг тузот.  2017-жылы россиялык балыкчылар 4,7 млн тонна балык кармашып,  Кытай, Индонезия, АКШдан кийнки 4-орунда турат. 

  5. Бизде Кыргызстан боюнча балыктын 79 түрү бар. Ошонун 26 түрү Ысыккөлдө. 2005-жылы изилдөө жумуштары жүргүзүлүп, 79 түрдүн жети түрү Кыргызстандын Кызыл китебине кирген. 
    Булар -Ысыккөл маринкасы, щуковидный жерих, туркистанский толстолобик ж.б.
     

    Биздин эндемик түрлөрү чебак, чебачок жана энтрадуцированный, башка жактан алынып келип өстүрулгөн балыктар бул - Ысыккөл форели, сига, сазан.

  6. Кыргызстандын балык остуруучулору Россия мамлекетине форелдин радужная турун экспорттоону башташты.Чуйдогу жеке ишкер Кубанычбек Сыдыков жетектеген балык чарбасы ай сайын 16 тоннадан 32 тоннага чейин балык экспорттойт. Остурулгон балыктын орточо салмагы 2 кг. Балыктарды остуруу учун  кундузу-4 жолу, тункусун 3 жолу азыктандырат,бул учун атайын прожекторлор орнотулуптур. ошондой эле суунун температурасын тынымсыз козомолго алынып турат экен.

    алынган булагы: МТРК "Мир"

    Биздин балык остуруучулор да ушундай ийгиликтерге жетишсе экен.

    1. Буажар эже сонун маалыматтар экен,

      Балыктын радужная туру - жыртыкыч балык деп уктум. 

      Тосмодон чыгып кетип, чеке-белдеги колмолордогу чоп менен тамактанган балыктарды жеп салыптыр, чынбы же тогунбу?

  7. Асоолому алейкум Акмат аке!

    Балык чарбасын кобойтууго кошуп жаткан салымыныз жакшы. Сизге ийгилик!

    Бизде Базар-Коргондо балык чарбасы жакшы колго алына баштады. Мисалы Кайырма суу сактагычында, Базар-Коргон суу болушутуруу тосмосунда (плотина) балык отсургон фермерлер бар. Андан башка Арсланбап, Чарвак жана башка тоолуу айылдарда бирин экин балык остургон колмолору бар экен.

  8. Чон рахмат. Биз остуруп жаткан балык колмолорунун артыкчылыгы колмолорго суу таза дарыядан келет. Колмодогу суу эч канча ылайланбайт.Тамашалап айтканда бироолор ичууго таза суу таппай журсо биз балыктарга берип жатабыз. Мен шаарга коп барам,коп адамдар менен суйлошкондо чуй аймагындагы колмодогу балыктарды коп тамакка пайдаланбай жатабыз дешти,анткени суу салма суулар да,жыты бар деп жатышат. Келечекте биз остургон балыктар даамдуу болоор деп ойлойм.

     

     

  9. Келечекте сиздин колмолорунуздо малекторду чыгарып башка кызыкан дыйкандарга арзан баада сатасынарбы

  10. Биздин жамаат мучолору ПГАЭ долбоорунун алкагында майда чабак остуруучу колмолорду куруу менен кызыктар жактарга чабактардан камсыз кылабыз. Бугунку кундо чабак остуруучу колмобуз даяр.Эне балыктарды жаз эрте март апрель айларында сатып алып колмого салабыз,кузго тарта же наркы жылы жазда чабактардыарзан баада бере баштайбыз.Биз балыктарыбыз учун жем азыктарынын запасы жетиштуу.Азыктардан семичканын жымыгы,арпа,буудай,жугору шактарын аралаштырып беребиз.

  11. Саламатсызбы Акмат аке, Сиздин колмодо балык остуруу боюнча тажрыйбанызга кызыккан тараптар арбыды. 

    Жогорку Кенештин агрардык саясат, комитети, Тамактанууну жакшыртуу боюнча коп тармактуу кызыкдар тараптарды бириктирген Граждандык Альянстын суранычы боюнча ПГАЭ долбоору боюнча балык остургон чарбалардын тажрыйбасын  олконун башка региондоруна жайылтуу боюнча иш чараларга киргизилди.

    Буйруса Нарын, Ыссык-Кол, Баткен, Ош аймактарынан  келуучулор тажрыйба алмашып кетишет.

  12. Сазан балыгын колмолордо остуруунун озгочолугу.

    Сазан,карп балыгынан денесиндеги кабырчыктары менен айырмаланат.  Денеси туурасынан эмес  узатасынан осот. Чон балык 50-60 см ге чейин, кээ бир учурда 1 м чейин жетет.  Максималдуу  салмагы  20 кг.

    Шарт:  25-29°C температурада жакшы осот. Эгерде суунун температурасы 12°C   сазан тамактануусун токтотот. Температура 30°С та  кычкылтек жетишсиз болгондо олумго учурайт.

    Азыктануусу. Берилген азыктарды тандабайт. Чон балыктар тамак тандабайт– личинка,балырларды, курт-кумурскаларды жейт. Сазанды багууда жаныбар жана осумдуктордон жасалган тоюттарды - кунжара, шрот колдонсо болот.

    Кобойуусу: Жыныстык жетилуусу – 3-жылдан башталат. Икра чачуусу  –  апрелден июлдун ортолоруна чейин . Эн татаалы жапайы сазандын малекторун сатып алуу.  Жапайы малекторду стерилдуу шартта бакпастан – тунуган сууга-тируу био чойродо багылат.Идеалдуу колмонун терендиги – 1,5-2 м. болсо болот.

    Кыштатуу: Колмонун терендигин 5 м ге жеткируу менен кычкылтектин камсыздылышын шарттоо керек, эгерде колмо тайыз болуп суу тонгондо балыктан кол жууп калуу коркунучу пайда болот. 

  13. Рахмат. Биз ийгилигибизди эл менен болушууго даярбыз!.Балыктарды жазында апрел айларында суунун температурасы 15-17гр аша баштаганда аз аздан арпа шагы менен тоюттандырууну баштайбыз. Жемди дайыма бир жерге чачабыз.Арпа жемин июль август айларына чейин беребиз.Андан кийин арпа жугору буудай ж.б. турлуу жемдер болсо бирдей пайызда аралаштырып октябрь айларына чейин беребиз.Октябрдын этектеринде суунун температурасы 15-17 гр ылдыйлай баштаганда балыктар чээнге кирет.Ушул мезгилге бир эки жума мурун жалан жугору шагынан тоюттандырабыз.Анткени жугору шагынын курамында май болгондуктан чээнге  кируу алдында май топтоп алуусуна шарт тузулот. Муну менен жазга жакшы чыгарына шарт тузулот.Эмне учун башында жалан арпа шагын беруу керек.?Себеби жаз эрте кышы менен чээнде жаткан балыктардын организми начар болуу менен кучтуу жемдерди аш кыла албай кыйналып,ал эмес ооруп олуп калуу фактылары дагы болуусу мумкун.

  14. Баккан балыктарынардын салмагы канчага жетти?

    Балык сатып,  бизнес баштайын деген пландарынар барбы?

    Балык унчукпаган жаныбар, анын абалына кантип байкоо жургузосунор?

    Кузундо кыргызга той-аш башталганда, бардык тиричиликти таштап коюп журо беребиз го, бул мезгилде балыктар кароосуз калбайбы?

  15. Азаматсыз Акмат аке,

    Маалымат болушуп турунуз байке

     Карп тукумундагы балыктардын породалары

     

    Карп балыгы

    Белый-Амур   балыгы

    Толстолобик   балыгы

     

                                                                         

        

     

        

     

    Карп - балыгы жылуу сууну съйъъчъ болуп,=з ън алып журъъсъ жана тамактануусуна ынгайлуу болгон нормасы -10 С  жогору – 25 С чейин жылуулукта эркин =съш=т.Келип чыгуусу байыркы эл катары Кытай =лк=съ саналат.Карп балыгы 30 жылга жакын жашап,50 кг чейин =съп,бир жылда 0,5 кг чейин салмакта болот.Тамактануусу ч=п-чар,балыр,тамыр жана башка кошулма ъй тоюттары берилет

    Белый-Амур –бул балыктын 2 търъ болот ак жана кара болуп.Белый–Амур балыгы эн чон узундугу 150 сом болот, ал эми эн чон салмагы 45 кг чейин болот.Суунун жылуулук нормасы -26 градстан т=м=н болбоосу жана суунун агын сууда жакшы =съъг=  мъмкънчълъгъ жогору.Тамактануусунда малёктор 3 см болгонго чейин майда личинкалар менен тамактанышат андан сон ч=п-чар,тамыр ушул сыяктуу озунун табитени жараша тамактанышат.Амур балыгынын башкаларга караганда с==гу аз болот.Ошондуктан тамактанууда к=бунч= амур балыгын сунушташат.Жаш балдарга амур балыгын беръъ жакшыраак.

     

    Тостолобик –бул балыктаын узундугу  1 м чейин жетип,ал эми салмагы 25-35 кг чейин жетет.балык башкалардан айырмачылыгы башы,оозунун чондугу,лавкалары,куйруктарынын узундуу менен =зг=ч=л=н=т.Тамактануусу фитопланктон –ч=пт=рдън,тамырлар,балырлардын тамырчалары менен тамактанышат. «Балыктарда башкада жок витаминдерге бай»

  16.  

    1 август куну Токтогул районундакы балыкты айылында Чалов Акмат байкебиздин балык чарбасына бир нече консультанттар жана Акипресс турмуш журналисти менен биргеликте барып кордук. Алгач колмогу 1 сотых аянттан баштап, азыркы кундо 5 колмок даяярдап, анын 3-сун иштетип жаткан тажрыйбасын кордук. 5 колмосунун жалпы аянты 70 сотых экен. Агач баштаган 1 сотых аянттагы колмосу бугунку кундо 20 сотыхка жакын аянтты ээлеп чонойтулган. Карп, толстолоб жана белый амур багылууда. Акмат байке кунуно 2 маал жем берет, ал жемге арпа, буудай, жугорунун тартылган шактарын бирдей олчомдо аралаштырып, сууга алдын ала чылап андан сон кунуно 2 маал салат. Жем берээрде атайыт кийимин кийип, колмосунун ар бир бурчуна тегеректеп салып чыгат. Колмосунун терен жери 2 метрге жетет. Балдары, жубайы менен баары бул ишин суйгондуктон балыктары да жакшы чоноюп жатат. Ар бир демилгеде, аткарган иште кыйынчылыктар, озунун ойдо ылдый болгондон келип чыккан кыйынчылыктар болот, форель балыгын багып коромун деген аракетинде да сабактарды алып жатамын дейт Акмат байке. Атайын идишке 100литр сууга 5 кг куйгон акиташ, хлорка салып даярдалган аралашмадан колмодогу сууга бети агарганча салат, мында балыктардын биттерине каршы корууну коздоп алдын алат. Бир колмосуно карась алып келип багып сынап жатат. август айынан сатууга кам коруп жатабыз дейт Акмат байке. Ийгиликтер болсун!

    1. Акмат байке,

      Сиздин жасап жаткан ишиниз жакшы ,.
      Балыктын коломун кобойтууну пландап жатыптырсыз сатуу кай жакка болууда,

      Балык боюнча кобунчо кандай оорулар кезигишуудо?
      Балык этинин организимге кандай таасири бар?

  17. Биз 5 колмо курганбыз.2 чакан колмолорубузго суу тартыш.Себеби айыл аралап келгендиктен жай мезгилинде суу жетишсз болуп калууда. Ошондуктан биз ПГАЭ  долбоорунун алкагында сатылып алынган пластик трубалар аркылуу 500м алыстыктан Узунакмат дарыясынан колмолорду такай суу  менен камсыздадык. Арык учун чункурларды казуу трубаларды комуу жумуштарын жамаат мучолору оз кучубуз менен аткардык.

    1. Чолпон-Ата айыл окмотундо 15-сентябрь 2020-жылы "Органикалык чарба жургузуу анын тамактанууга тийгизген таасири" деген темада тегерек стол болуп отту. Бул иш чарага карантинге байланыштуу 20 адам катышты алар фермерлер, айыл окмотунун жооптуу адистери, кызыкдар тараптар катышты.

      Каралган тема боюнча "Келечек" жамаатынын жетекчиси Чалов Акмат маалымат менен болушту.

      Органикалык жол менен ондурулгон азык тулуктун баалуулугу, курамында витаминдер, макро-микроэелементтер камтылгандыктан ден соолукка тийгизген таасири боюнча кенен талкууланды.

      1. Азыр карантиндик шартта да иш чараларды токтотпой откоруп жаткан Акмат акеге ийгилик болсун!


  18. Откон жылы даярдаган балык учун жемибиз азайды. Быйылкы жылы жамаат мучолорунун жардамы менен дагы 5 тоннага жакын жугору жемин даярдадык.Азыркы кундо кургатып анан кампага киргизебиз. Бул жугору даны ото калориялуу болгондуктан арпа буудай жемдерине алмаштыруу менен тегрменге тартып аралаштырып анан балыктарга беребиз.

  19. Рыба – ценный питательный продукт

    Любая рыба – речная, морская или выращенная в искусственных условиях – является источником многих полезных веществ, оказывающих положительное воздействие на сердце, сосуды, иммунитет. Употребление в пищу морской рыбы служит профилактикой онкологических заболеваний благодаря содержанию в ней важнейшего антиоксиданта – полиненасыщенных жирных кислот омега-3.

    Полезные вещества, содержащиеся в рыбе:

    - белки; - липиды; - аминокислоты; - йод; - фтор; - кальций; - марганец; - цинк; - селен; - железо; - магний; - фосфор; - бром; - витамин A; - витамин D; - витамин F; - витамин E; - витамин С; - витамин PP; - витамины группы B; - витамин H; - рыбий жир; - кислота омега-3.

    Целебные свойства рыбы и их применение

    С давних времен люди научились пользоваться таким ценным даром природы, каким является рыба. Это основной продукт питания народов, живущих на берегу крупных рек, озер, морей и океанов. Люди, населяющие территории рядом с морями и океанами, употребляют в пищу не только рыбу, но и другие морепродукты. Как правило, они меньше болеют и дольше живут. Ведь растительный и животный мир морей и океанов – кладезь самых полезных веществ, которые только есть в природе.

    Все витамины, макро- и микроэлементы, в которых нуждается любой живой организм, в большом количестве представлены в рыбах и других представителях флоры и фауны морей и океанов. Несомненно, что речная и прудовая рыба также полезна для человека, но количество витаминов и других полезных веществ в ней меньше.

    В рыбе из рек и пресных водоемов содержится меньше йода, брома и витамина D, но зато в них много белка. В отличие от мяса, в белке рыбы находится в большом количестве такая важная аминокислота, как метионин. Белок рыбы легко усваивается организмом, поэтому ее полезно есть для профилактики болезней желудка. Содержание в рыбе йода и фтора способствуют лечению болезней эндокринной системы.

    Рыбу включают в состав многих диет. Ее калорийность несколько ниже, чем мяса. Блюда из рыбы рекомендуют при ожирении и широко используют в щадящем питании.

    Омега-3 является веществом головного мозга и сетчатки глаз и необходима для быстрой работы мозга, так как обеспечивает поток энергии. Жирные кислоты являются сильнейшим антиоксидантом, поэтому употребление красной рыбы служит профилактикой возникновения опухолей. Омега-3 подавляют гормоны стресса, важны для здоровья суставов и жизнедеятельности мозга. Они обладают защитными свойствами и нормализуют кровяное давление, помогают сжигать лишние жиры и способствуют оздоровлению организма в целом. Больше всего жирных кислот омега-3 содержится в семге. Однако не стоит ее много есть, так как могут возникнуть проблемы с печенью.

  20. VID_20190927_130813[2].3gp Травоядные рыбы из пруда сообщества Келечек-Актектир

  21. Особенности кормления рыб

    График и режим кормления зависит от нескольких факторов. Во-первых – от сезона: летом требуется гораздо больше корма, чем в зимнее время, когда большинство видов впадают в состояние покоя. Во-вторых, интенсивность выдачи кормов и их состав напрямую зависит от выращиваемых видов. Каждому сорту рыбы требуется определенное количество белковых и энергетических продуктов, поэтому этот показатель нужно обязательно принимать в расчет при заготовке кормов.

    Но одним из ключевых показателей кормления является размещение особей. Водные питомцы, проживающие в прудах, требуют совершенно другого графика кормления, чем особи, проживающие в открытых огражденных водоемах или садках. 

    В прудах

    При выращивании рыбы в пруду требования к искусственным кормам менее жесткие, так как в естественных водоемах есть природный корм, который нужно лишь дополнить. Как правило, корма вносят в виде тестообразной массы, гранул или брикетов. Предпочтение стоит отдавать гранулированным кормосмесям или брикетам, так как они обладают высокой влагостойкостью, тогда как тестообразная масса уже через час теряет половину своих питательных свойств. Размер и тип гранулированных кормов следует подбирать в зависимости от вида и возраста особей, так как различные сорта и возрастные группы имеют отдельные требования к питательному составу.

    Например, для выращивания сеголетков карпа используют комбикорма ВБС-РЖ и ВБС-РЖ-81, а при сниженной температуре воды (с приходом осени) их заменяют на комбикорм РЗГК.

    Корма лучше вносить в одно и то же время и в определенном месте водоема. В этом случае у особей выработается условный рефлекс и потребление кормов будет более выгодным экономически из-за высокой поедаемости.

    Кормление зависит от многих факторов:

    • Температуры воды: с июля по август при наличии большой естественной кормовой базы кормление проводят через 2-3 часа после восхода солнца;
    • Возраста: сеголетков карпа кормят дважды в день равными порциями. Двухлетних особей кормят только утром.
    • Поедаемости: определить, достаточно ли питания получают особи, можно по скорости исчезновения корма. Если его быстро съедают, рыбы не получают достаточно еды и норму нужно повысить. Если корм остается несъеденным более трех часов, норму уменьшают.

    Покупать комбикорма лучше в специализированных магазинах, так как питательные смеси промышленного производства являются сбалансированными и приспособленными для определенного вида.


  22. Туура тамактанууга төңкөрүш жасайлы – 2

    Туура тамактануу тууралуу жазган биринчи дилбаянымды көп окурмандардын туура эмес кабылдашы бир чети таң калуу, экинчиден, ой-мүдөөмдү даана түшүндүрүп жазбасам керек деген күмөн саноо жаратты. Анткени менин дүйнө таанымымда туура эмес тамактануу - бул чылым чегүү же ичкиликке берилүү сыяктуу эле олуттуу маселе. Айрыкча, “кыргыздардын пайдалуу, витамини көп тамактарды сатып жегенге акчасы да, шарты да жок” деген пикирлер ойго салып, бул сапар ушул түшүнүктүн тегерегинде талдоо жүргүзүп, өз көз карашымды жазууну эп көрдүм.

    Ооба, тилекке каршы, азыр Кыргызстан оңой эмес күндөрдү баштан кечирип жатат. Жашылча-жемиш эмес, күнүмдүк токочко тыйын таба албаган жарандар да кездешет. Бирок биз өлкөдөгү башаламан саясат менен экономикалык жагдайга акүйдөгүлөрдү күнөөлөп көнгөнбүз... Алар элдин ырыскысын жеп алганы үчүн башкалар ачка олтурат дейбиз... Албетте, бул чырмалышкан татаал жана талкуулап түбүнө жеткис чоң маселе. Анүстүнө мен бүгүн саясатты эмес, жөн гана кантип туура тамактануу керек деген суроого ой калчап, маалымат бөлүшкүм келет.

    Эсимде, биз кичинекей кезде эртең менен тооктун какылыктаганы ушунчалык жагымдуу угулчу. Жанталашып тоокканага чуркап, уяда жаткан жыпжылуу жумуртканы ала коюп, көчө башындагы дүкөндөн сагызга же таягы бар момпосуйга алмаштырып келээр элек. Кийин Жети-Өгүздө сүт азыктарын чыгарган ишкана ачылды. Анда иштегендер чоң унаа менен айылдарды кыдырып, сүт ала баштады. Эл эмчектен жаңы чыккан балдары үчүн эле чактап ак алып калбаса, сааганын бүт сатмайга өттү. Ал эми үйүндө ошол сүттүн акчасына келген кумшекерди карандай чайга чылап ичип олтурушчу. Кийинчерээк кыргыз базарларын ар бири өзүнчө тор баштыкка салынган, Кытайдын "татынакай" алмалары басты. Эл курт жеген же жерге түшүп жанчылып калган алмаларын гана алып калбаса, башкаларын бүт сатып, анын акчасына Кытайдын арзан алмаларын алып коюшчу. Конок келгенде дасторконду ошол "мөлтүрөгөн, көрүнүшү жакшы" алмалар кооздоп турчу.

    Мен жашаган Америкада тамак-аш индустриясы өтө чоң бизнес. Азык-түлүктү көбүрөөк чыгаруу, көбүрөөк сатуу, көбүрөөк пайда табуу үчүн жанталашуу айынан, тамак-аш табигый касиетин жоготуп баратат. Азык-түлүктүн басымдуу бөлүгүнө жогорку технологиялардын жардамы менен аябай иштетилген, тез эскирип кетүүдөн сактоочу гормондор кошулат. Ал эми жер-жемиштер жогорку түшүм берүү үчүн ар кандай химиялык заттардын жардамы менен өстүрүлөт. Адамды өзүнө тартып, кайра-кайра тилете берген таттуунун түрлөрүндө эми чек жок. Бул жакта албетте табигый тамактар да жок эмес, бар. "Органик тамактар" деп коюшат. Бирок алардын баасы кымбат, көбүнчө колунда бар, кирешеси жогору үй-бүлөлөр гана сатып алат. Мисалы органик жумурткалар, жем-чөп жеп, ары-бери басып жүргөн тооктордон туулат. Ал эми органик эместери болсо, бир тордун ичинде камалып, ар кандай антибиотик дарылар сайылып, семиртилген тоокторго таандык. Бирок миң органик болуп, баасы асмандын башын чапчыса да, Америкадагы жумуртканын даамы биздин айылдардагы жер чукуп, сөөлжан жеген тооктун жумурткасына караандабайт. Муну менен айтайын дегеним, Американын эң бай адамы, кыргыз айылындагы жөнөкөй адам жеген табигый тамакты алганга эки көзү төрт. Биздикилер болсо колдо барды баалабай, ынак сүттөрүн, жумурткаларын чогултуп кумшекер, момпосуйга алмашып жатканына ичим күйөт.

    Мындан үч-төрт жыл мурун ишиме байланыштуу Кусейин Карасаевдин ардактуу жубайы Айша апа менен баарлашып калдым. Билесиздер, улуу академик бир кылым жашаган, ал эми мен маектешкен убакта Айша апа, жаңылбасам 96 жашта болчу. “Бутумду эле кокустатып алганым болбосо, эч жерим оорубайт, ден соолугум чың, көзүм курч” деп мактанды эле. Мунун сыры эмнеде деп сураганымда: “Өмүр бою куурумага жолобой, жалаң кайнатма тамак ичип, эртең менен эрте туруп, таза абада сейилдечүбүз”- деп айтканы кулагымда кыт куйгандай калды.

    Тилекке каршы, элибиз акыкы жылдары акталган суу майды кеңири пайдаланып калды. Көбүнчө куурулган тамак жешет. Илимий изилдөөлөр боюнча, биз суу май деп колдонгон өсүмдүк майы ден соолукка абдан зыян. Анткени күнкарама даны бензиндин бир түрү болгон гексан аттуу эритүүчү затты кошуу аркылуу иштетилет. Мындай иштетүүнүн негизинде акталган майда өсүмдүктүн бир да пайдалуу касиети сакталбай, тескерисинче, колдонулган химиялык заттардын уусу гана калат. Суу майсыз кантип тамак жасайбыз десек, колго сыгылган, акталбаган өсүмдүк майын же малдын майын колдонсоңуздар зыяны да жок жана баасы да төмөн.

    Жашылча-жемиш сатып алып жеп, витаминдүү тамактанууга шартыбыз жок дейбиз. Менин 1500 тургун жашаган Тогуз-Булак деген айылымда бир гана адамдын алма багы бар эле. Күз келип алмалар бышканда, көчөдөгү кичине балдар топтолуп, ошол Жолдош атанын багына ууруга кирчүбүз. Ата-энелерибиз урушса кайра өзүлөрүн күнөөлөчүбүз: анан эмнеге биздики жок, эмнеге алма-өрүк олтургузуп койгон жок элеңер?- деп. Аныбызга "биздин айылда алма-өрүк бышпайт"- деп кутулушчу. Жолдош атаныкы бышып атпайбы десек, “аныкы таш алма да” деп коюшчу. Азыр ойлосом, "жалкоонун шылтоосу көп" деген эле кеп экен. Эмнеге биздин айылда бакчылык кылуу, картошкадан башка жер-жемиш айдоо маданияты жок экендигин алигиче түшүнбөйм. Климат шарты катаал дейин десең, жакында "Азаттыктан" Нарында помидор, бадыраң өстүргөн мээнеткеч дыйкан жөнүндө окуп калдым. Ошол эле Ысык-Көлдөгү дунгандар жашаган Жышаан деген айыл коңшу кыргыз айылдарынан жашоо деңгээлинин жогорулугу менен кадимкидей айырмаланып турат. Чарбагынан жашылча-жемиштин түрүн табасың. Демек, “витаминдүү тамактанганга шартыбыз жок” дегенге Кулуп-Текебайыптар же Кыргызстандын мээлүүн климаты эмес, биз өзүбүз гана жооптуу чыгаарбыз?..

    Былтыр жазында Кыргызстанга барганда жүрөк өйүткөн көрүнүшкө туш болгом. Айылдагы эл картошка, беде айдачу жерине, отоо чыкпасын, курт-кумурска жолобосун деп селитра сээп жатышыптыр. Ушинтип, Кыргызстанда да жер-жемиштер Америкадагыдай “химикат” болуп калабы? Селитра жана башка отоо чөп, курт-кумурскадан сактоочу химиялык заттар адамдын ден соолугуна канчалаган оору алып келээрин ким түшүндүрөт элге? Ким токтото алат?

    Ооба, тилекке каршы Кыргызстанда жетишпеген үй-бүлөлөр көп. Бирок, кудайга шүгүр, күнүмдүк тамак-ашка жетээрлик каражат баарында эле бар. Элге болгону туура тамактанууга, ден соолугуна алдын ала кам көрүүгө, табигый тамак-ашты баалоого үндөгөн билим жетишпей турат. Өнүккөн өлкөлөрдө туура тамактануу боюнча балдар жерден боорун көтөргөн кезден баштап үйрөтө баштайт жана буга багыт берген китеп, журнал сыяктуу булактар көп. Менин оюмча, Кыргызстанда бул өтө жаңы маселе, себеби эл негизинен акыркы жыйырма жылда гана кумшекерди (жана ал кошулуп жасалган таттуу азыктарды), апакай унду, акталган күрүч менен суу майды мерчеминен ашыкча колдонууга өттү.

    Башка аймактарды билбейм, союз убагында биздин айылдын дүкөндөрүндө таттуу дефицит болчу ал эми айран-сүттү “молочныйдан” бекер эле таратчу. Азыркы муун, жаш балдар жалаң момпосуй, таттуу йогурт, чипсы, кола менен чоңоюп жатышат. Бул өтө олуттуу маселе, кеч боло электе өзгөрткөнгө аракет кылуу керек. Дагы белгилеп кетем, шекер - уу.

    https://www.azattyk.org/a/kyrgyztsan_blog_healthy_food_guljan_kudabai_gallaher_apr_2013/24964665.html

    1. Балык чарбасы үчүн суу ресурстары

      Балык уулоо жана суу чарбачылыгын жүргүзүү мүмкүн болгон көлдөрдүн, суу сактагычтардын, көлмөлөрдүн жалпы аянты 701 100 гектардан ашат. Кыргызстандын суу объектилери олиготрофтуу, баштапкы өндүрүмдүүлүктүн деңгээли төмөн - органикалык заттар аз.

      Кыргыз Республикасында узундугу 10 кмден ашуун 2000ден ашуун дарыялар бар жана алардын жалпы узундугу дээрлик 35 миң км түзөт, алар рекреациялык балык уулоо үчүн, ошондой эле жаңы балык чарбасынын суу сактагычтарын суу менен камсыз кылуу үчүн пайдаланылышы мүмкүн.

      Суу фондусунун жалпы аянты болжол менен 1020 га,


  23. Саламатсыздарбы, Токтогул районундагы Ак-Тектир айылында көлмөдө балык өстүрүү боюнча:

    0,20 га жердеги көлмөнү жаңы чабак салууга даярдады. 300 м жерден кошумча труба аркылуу суу менен камсыздоону ишке ашырды. Бул видеодо аткарылган иштер менен таанышасыздар.

    1. Ушундай ишкерлерге колдоо болуп тоют,сатуу жагын колго алсак бир топ балык чарбаларды ишке салууга болот.

      Ошондуктан коп ишкерлер оздору жасап колом жагынан чыгаалышпай,биригип иш жургуо алышпай келет

  24. WhatsApp Video 2020-10-22 at 11.36.34 (2).mp4

    Бул видеодо "Келечек" жамааты 0,03 га жерге куноскана курушуп, анда жашылчаларды таза сапатуу ондурууну коздоп бадыран остурууну башташты.

  25. Кыргыз Республикасында балык өстүрүүнү өнүктүрүү үчүн бир топ чоң мүмкүнчүлүктөр бар. Кыргызстанда таза суусу бар көптөгөн суу объекттери бар, бул натыйжалуу иштеген балык чарбаны өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Өндүрүштүн өсүшүнө өбөлгө түзгөн факторлор Евразия экономикалык биримдигинин өлкөлөрүндө балык азыктарын сатуу үчүн жагымдуу мүмкүнчүлүктөр, балыкка жана балык азыктарына ички суроо-талаптын өсүшү негизги фактор болуп саналат

    1. Туура айтасыз Буажар эжеке,

      Мумкунчулуктор жогору бирок,каражаттын жана ушул сферадагы адистердин аздыгы ихтиологдор жок эссе экен.

      Токтогул районундагы балык чарбалар деле оздорун суунун башыбыз деп эсепешет бирок ал жерде чондор мумкундук беришпей,

      Тоют маселесине келсек биз сырттан алып келебиз,бирок ошол кошулмаларды алып келип ушул жерде таза продукциялардан кошуп озубуз жасоого мумкунчулук бар деп ойлойм 

  26. Кыргызстанда балык тоюттарын ири көлөмдө өндүрүү дээрлик жок.
    Адистердин айтымында, балык өстүрүүчүлөр үчүн тоюттун наркы өндүрүштүк чыгымдын
    болжол менен 65-70 пайызына жетет. Мисалы, жогорку сапаттагы балык тоюттарын
    өндүрүү жолго коюлган Европа өлкөлөрүндө тоют компоненти 25-35 пайызды гана түзөт экен.
    Бул ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн төмөндөтөт жана балык чарбасын өнүктүрүүдө
    эң маанилүү. 
  27. Биздин өлкөдө негизинен кандай балыктар өстүрүлгөнүнө кызыктынар беле?

    Негизинен карп түрүндөгү балыктар өстүрүлөт же жалпы өстүрүлгөн балыктардын 86-87% түзөт.

  28. Элибиз кайсы балыкты көп жешет?

    1.  Минтай
    2.  Горбуша
    3.  Сазан
    4.  Форель
    1. Ошондой эле толстолобик,ак амур,жылан баш балыктарын багышууда 

      буларды да тамак-ашка колдонуп калышты десек болот.



      1. Колмодо балык баккандардын саны мурдагы жылдарга салыштырмалуу кобойгондугу кубантат.

  29. Балыкты канча жеген туура?

    Белок жана омега-3 май кычкылдарына бай балыктар менен азыктануу кош бойлуу аялдар үчүн абдан пайдалуу.
    Бирок, илимпоздордун аныктамасы боюнча бардык эле деңиз балыктарын пайдалуу деп айтууга болбойт. АКШнын Азыктар менен дары-дармектердин коопсуздугу боюнча башкармалыгынын(FDA)  расмий сунуштамасына ылайык, кош бойлуу жана бала эмизген аялдар, ошондой эле кичине наристелердин ата-энелери кайсыл балыкты канча өлчөмдө жеш керектигин эске түйүүлөрү шарт.
    Кош бойлуулар жумасына эки-үч порция жесе пайдалуу,

    туруктуу,  туура тамактанууну каалагандар жумасына бир порция жесе жетиштүү


    Балык этинин курамында   сымабы көп коркунучтуу балыктардын катарына:

    • макрель,
    • марлин,
    • атлантикалык чоң көздүү тунец,
    • тайлфиш,
    • акуланын эти
    • кылыч балык                                                                                                                                                                                                       Ал эми сельдь, треска, камбала, лосось, зубатка, сардина, тилапия, деңиз окуну, консерваланган балыктар, ошондой эле краб, устрица жана креветкалар абдан пайдалуу.
    • Аталган балыктардан 100 граммдан бир ашыгыраак порциясы чоңдор үчүн жетиштүү. Ал эми балдарды эки жашынан тарта жумасына бир-эки жолу балык эти менен азыктандыруу алардын мээсин өөрчүтүүгө абдан пайдалуу болот экен.
       
  30. Кызыл балыкты тамактанууга колдонуу кандай жардам берет?

    • ревматоидный артрит муундардагы кемирчектин жешилишине алып келет. Кызыл балыктын курамындагы пептиддер коллагендин синтезделешин жакшыртат, суук тийгенден болгон ооруну басандатат.
    • мээнин иштешин жакшыртууда  (мээнин 60% ти майдан турат) кызыл балыктын курамындагы Омега-3 балык этин дайыма колдонуудан балдардын депрессиядан агрессия болуусунун алдын алат. Чон адамдардагы мээнин функциясынын бузулушунун алдын алат.
    • журоктун иштешин, кан тамырлары учун пайдалуу. Кандын коюлуп кетишинин алдын алат.
    • көздүн көрүүсүн жакшыртат, Жумасына 2-4 порция кызыл балык жеп туруу "кургак көз" синдромунан сактайт.
    • Уйкусуздукта кызыл балыктын курамындагы триптофан уйкунун тез келуусун, канып уктоону камсыз кыла алат
    1. Кызыл балыктын кайсы турун колдонуш керек?

    2. Буажар эже, кызыл балыктан, форельден башка кайсыл турлору бар

    3. Буажар эже, Кыргызстанда кызыл балыктын турлорунон форель ддагы кайсыл турлору бар

  31. Саламатсыздарбы платформанын катышуучулары, мен бул балык чарбасы боюнча ушул бетке кирип коп кызыктуу маалыматтар менен тааныштым.

    1. Биздин уй було быйылкы жаны жылдык дасторконго скумбрия балыгын бышырып даярдадык. 

      Даярдоо жолу да абдан оной. Эл плитанын табагына  фольга кагазына тазаланган балыкты салып, бир нече жеринен кыйгач кесип кесилген жерлерге лимондун кесимдерин жайгаштырдык. Бул балык майлуу болгондуктан тегерегине картошканын кесимдерин, кесилген пиязды жайгаштырдык. Балыктан чыккан май картошка менен пиязга синирилип абдан даамдуу болуп калат экен силер да даярдап коргуло.

      Балыкты жашылча жемиштер менен кошуп жеген абдан пайдалуу.

  32. Балык боюнча көп кызыгып окугандыгымдан жаңы балыкты кантип билүү боюнча маалымат менен болушойун дедим.

    1. Мен балыкты тазалаганда туздуу суу даярдап алып колумду ошол  сууда улам жууп  жууп турам.

      Балыкты туздар керектуу татымалдарды сееп тыныктырууга койгондон кийин балыкты пайдаланган идиш аякты, бычакты жууп тазалап алам.

      Эн акырында колума кадимки тиш пастасын суйкоп бир аздан кийин жууп койсом балыктын жыты калбайт.


  33. Саламатсызбы Акмат аке, балык багып, элди балык эти менен камсыздоо боюнча аткарып жаткан иштеринизге береке берсин.

    Элде сөз бар экен, "Мал баккандан көрө балык баккан жакшы" - деп себеби мал ачка калса мөөрөйт, балык тоют сурабайт.

    Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун берген маалыматына таянсак, адам жылына аз дегенде 20 килограмм балык жеши керек. Ал эми Японияда бул көрсөткүч киши башына 45 килограммга чейин жетет. А биздечи? Жашыра турган эч нерсе жок, кыргыз эли өзгөчө кой, уй, жылкы этин баалап жейбиз. Ал эми балык этинин өзгөчө пайдасы тууралуу көбүбүз билбейбиз.

  34. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен “Кыргыз Республикасынын калкы үчүн негизги тамак-аш азыктарын керектөөнүн орточо физиологиялык ченемдери” бекитилген. Индикатордук корсоткуч катары 9 азыктын туру киргизилген. Бул азыктардын катарында балык жана балык азыктары бар.

    1 адамга балыкты жана балык азыктарын керектөө ченеми:

    • айына 0,76 кг,
    • жылына 9,1 кг
  35. БАЛЫК ЭМНЕСИ МЕНЕН ПАЙДАЛУУ?
    Балыктын бардык түрү ден соолукка пайдалуу. Балык, балык азыктары өзүнүн химиялык курамы, баалуулугу боюнча эт азыктарынан кем калышпайт. Ал эми сиңимдүүлүгү андан да өтөт. Бул азык минералдык заттарга, фосфор, кальций, магний, натрий, калий, йод жана В6, D3 витаминдерине бай.
    Балыктын эти гана эмес, майы да эң пайдалуу. Ал А жана Д витаминдерине бай. Бат эрийт жана жакшы сиңет. Балыктын майы жүрөктүн иштешин жакшыртат. Анда адамга эң керектүү болгон кальций көп болуп, кызыл жүгүрүк оорусунун алдын алат. Балдарга берсе, итий оорусунан сактайт, чоң-кичине дебей көрүүнү жакшыртат. Андыктан адистер жумасына жок дегенде эки жолу балык азыгын пайдаланууну сунушташат.


  36. Горбуша лосось туркумундогу балыктын тобуна кирет, эттин кызыл түсү жана укмуштай даамы менен айырмаланат. Бул салаттардан жана закускадан балык шорпосуна чейин экинчисинен ар кандай тамактарды жасоодо колдонсо болот. Горбушада майдын курамында жетиштүү болгондуктан, аны май кошпостон чокко кактап бышырса, кууруп алса болот. Горбушаны тазалап ичине ар кандай салмалар менен толтурса болот. Бул балык, өзгөчө, козу карындарды, сырды, креветканы жана каймак соус катары кошсо болот.

    Горбушанын озуно таандык жыты бар. Бул балыктын курамында ден-соолукка керектүү заттар көп болгондуктан, андан алынган балык шорпосу укмуштуудай даамдуу гана эмес, пайдалуу. Горбушага- акыркы мезгилдерде суроо-талап көп болуп жаткан дагы бир даамдуу азык. Горбушаны үйдө өз алдынча туздаса болот, анткени ал эки күндө даяр болот. Туздап жатканда горбушага ар кандай татымалдарды кошсо болот, бул тамакты адаттан тышкары даамдуу кылат.

    1. Оох тим эле жакшынакай корунот экен, даамы, пайдасы да жакшы


  37. Радужная форель  

    Жалал-Абад облусунда балык чарбаларда остурулот.


    Узундугу 50-90 см, салмагы 2ге чейин, кеминде 6 кг. Ал кадимки форелден айырмасы узун денеси, каудал сепилинде жана каптал сызыгы боюнча кенен асан-үсөн тилкесинде айырмаланат. Кичинекей, каптал сызык боюнча 136-148  Чоң форелдерде балыктар өзүнүн белгилүү ысымын алгандыктан, каптал сызыгы боюнча асан-үсөн тилкеси, өзгөчө, урук берүү мезгилинде кызгылтым жана кызыл түстөрдө ачык түстө болот. Балыктын денеси жана канаттары көптөгөн кара тактар ​​менен капталган, бирок кадимки  форелде кызыл жана кызгылт сары тактар ​​жок.

    Жыныстык жетилүүсү 3-4 жылы, эркектери бир жыл мурун жетилет.

    Агын суудагы форелден айырмаланып, табигый шарттарда радужная форелинин уруктануусу март-апрель айларында болуп, жумурткалардын өнүгүшү суунун температурасына жараша 1,5-2 айга чейин созулат.

    Тукумдуулугу балыктын 1 кг салмагына болжол менен 1,6-2 миң икраны түзөт.

    Икра чоң түбү, жабышчаак эмес, жумурткалардын диаметри 4-6,5 мм. Жумурткадан чыккандан кийин, сары мөмөнүн курамында болгондуктан, чабактар ​​узак жашайт жана 1-2 жумадан кийин гана кичинекей зоопланктондо өз алдынча азыктанууга өтө башташат.

    Радужный форели көлмөдөгү балык өстүрүү  объектиси катары чоң кызыгууну туудурат.

     Анын эти абдан даамдуу жана бардык жерде жогору бааланат.

     Форель багуу шартына жараша күнүнө дене салмагынын 5-10% бөлүгуно ылайык тоют жейт, аны ашыкча тамактандырбоо керек - өсүш басаңдашы мүмкүн.

    Жаш мезгилинде  күнүнө 6-7 жолу,

    Чоңдорго төрт жолудан көп тамак берилет.


    1. Форель балыгы ак сооктор жечу балык деп эсептелет экен. Башка олколордо баасы да кымбат экен

  38. КЫРГЫЗДАР БАЛЫКТЫ КАЧАН АЗЫК КАТАРЫ КОЛДОНУП БАШТАГАН?

    Кыргыз балыкты «суунун курту» деп  жеген эмес дешет илгерки карыялар.

    Тарых булактарында да ата-бабалардын балык уулаганы боюнча маалымат кездешпейт.

    Бизде бул тармак 1960-жылдардын аягында гана жанданып, ири көлдөрдөн тарта суу сактагыч, көлмөлөргө чейин атайын балык өстүрүүчү жайлар курула баштаган.

    Учурда Тоң, Өзгөн, Талас, Соң-Көл, Токтогул, Орто-Токой, Киров, Базар-Коргон

    балык чарбалары элди балык менен камсыздап келишет

  39. Мен бугун маан платформасына катталдым. Балык остургон Акмат акенин иштерине ийгилик каалайм!

    1. Жамийла бул платформага куш келиптирсин, коптон бери катталбайсынбы деп айтып журдум эле. Эми деле кеч эмес. Сен уй шартында тоок багуу боюнча тажрыйбанды, №1 команданын мал чарбачылыгы боюнча класстеринде тоок багуучулар менен тажрыйбаларынды болушуп турсан болот. Ийгилик каалайм!

  40. менин тоокторум эт жана жумуртка багытында. Жумурткаларын озубуз жана коншуларга  сатып кошумча киреше алабыз. жазга маал жумурткасына кардар кобуроок болот.

     

    1. Бул тоок багуу боюнча маалыматтарды мал чарбачылыгы класстериндеги тоок баккандарга жазгыла сураныч

  41. Cалам платформадагы достор,

    Базар-Коргон районуна караштуу Кызыл-Ункур айылында 2020-жылдан бери таза суусу, таза абасы бар аймакта да чакан колмодо балык оструло баштады. Биздин айыл дениз денгээлинен 1500 м бийиктикте жайгашкан. Тоолуу аймак болгондуктан жашаган калкка иштейин десе жумуш жок, токойду арендага алып аба ырайы суук болуп мезгилсиз кар жаап койгондуктан акыркы 4-5-жылдан бери жангактын тушуму болбой жатат. Кызыл Ункурго келген эс алуучуларга шарт тузуу максатында эс алуучу жайларды ачып, чакан колмолордо балык багууну баштаган жарандарыбыз бар.

    Бул видеодон чакан колмодо балык багуу

    колмодо балык багуу2.mp4


    1. Колмодогу балыктарды кантип азыктандырат экен, канча мезгилде жегенге жарап калат? ушундай маалыматтарга кызыгып сурадынарбы?

    2. салам платформанын каталуучулары. Балык эн керектуу азык, ошондуктан балык баккан жарандарыбызды колдойлу...

  42. Чакан колмодо балык багуу менен чонойгон балыктарды сатып алып тамактанууга пайдаланып жатабыз.

    Бул видеодо колмодон балык тутууну коро аласыздар

    колмодо балык багуу1.mp4

    1. Оо жакшы экен, балыкты тамактануу рационуна  кошконунар улгу ала турган корунуш


    1. Акмат


      Саламатсыздарбы жанырган жаны жылынар менен! Биздин жамаат мучолору жаны жылда дагы жакшы ийгиликтерди силер менен биргеликте ишке ашырырарына ишенишет. Аэыр кыш,кол бош, колмодогу балыктар кышкы эс алууда.Жамаат мучолору убакытты уномдоо максатында арпа,буудай,жугору азыктарды Сансай долбоорунун алкагында алынган тегирмен,гранулятор менен тегирменге тартып майдалоо менен кайра гранул жасоону улантып жатабыз. Даяр жемдерди жайкы мезгилге даярдап жатабыз.


    2. Акмат


      Сансай долбоорунун алкагында тажрыйба алмашуу багытында биздин жамааттын аткарып жаткан долбоору менен жеринен таанышуу максатында Корея мамлекетинен келген делегация коптогон кенештерин берип оз коздору менен ишибизди коруп кетишти.


    3. Акмат


      Саламатсыздарбы урматтуу кесиптештер. Биз Келечек-Актектир жамаатынын мучолору азыркы татаал учурда дагы тыным албай келечек учун аракет жасап жатабыз.2016жылы оз кучубуз менен курган 0.20 га колмобузго сууну арык менен камсыздоо мезгилдеринде ичине ылай толуп калыптыр,азыр ошону жамаат мучолору оз кучу менен тазалап,кайрадан акиташ,селитра жана кара кон таштоо менен жаныдан чабак сатып келип кое берууну пландаштырып жатабыз. Мындан сырткары САНСАЙ долбоорунун алкагында атайын чакан колмого откон жылы карп эне балыктардан кое бердик эле мына бугунку кунго алынган майда  чабактар,эми бул чабактарды кызыктар жашоочуларга балык остуруу максатында бермекчибиз.


    4. Акмат


      Сансай долбоорунун алкагында озубуз курган аянты 0.01 га жердеги колмобузго балык остурууго кызыктар адамдарды арзан баадагы балык чабактары менен камсыздоо максатында эне балыктарды апрель айында кое бердик.


    5. Акмат


      Апрель айында кое берген эне балыктардан алынган чабактар бугунку кундо жазга колмолорго кое берууго жарап калат


      1. Gulzada Kudaiberdieva


        Болсун Акмат аке, ишиниздер илгерилей берсин. Балык остуруудогу, жакшы тажрыйба, кыйынчылыктар, маселелерди кантип женип атасыздар, маалымат болушуп турсаныз. рахмат.


    6. Акмат


      Рахмат Гулзада ! Кыйынчылыктар эми артта кала баштады. Биз жана бага баштаганда жугору (мака) даны коп айдаганыбыздан тегирменден откоруп бере баштаганбыз. Корсо бул жем кучтуу болгондуктан аш кыла албай коп чабактарыбыздан чыгымга учураптырбыз. жаш кезинде арпа жеминен берип кузундо суу 15гр чейин муздай баштаганда эки жума гана жугору жеминен беруу кышкыга май топтогонго жардам берет экен. Бул сунушту кабыл алса болот.


    7. Акмат


      Келечек жамаатынын мучолору учун дагы 2021жылдын жазы келди. Бирок суугураак. Колмодогу балыктар суунун жылуулугу 17гр жогору болгондо гана жем издоого чыгышат, азырынча кыймылга кире элек анткени суунун жылуулугу 10-12гр гана болууда.


    8. Акмат


      Токтогул районундагы Чолпоната айыл аймагынын Чолпоната Кушчусуу айылдарында 14 апрель куну 50 адамдын катышуусу менен Хансс Зайдель Фондусунун колдоосу менен Келечек жамаатынын торагасы Чалов Акматтын демилгеси менен " Органикалык чарба жургузуу" темасында тренинг откорулду.


       Документ


    9. Акмат


      Хансс Зайдель Фондунун колдоосу менен 19 апрель  2021жылы Чолпоната айылынын Мазарсуу , Ултанкамыш айылдарында дагы "Органикалык чарба "жургузуу темасында 50 адамдын катышуусунда "Келечек" жамаатынын торагасы Чалов А. демилгеси менен тренингдер открулду



                                                                                             






  43. 15-16-июнь куну 2021-жылы САНСАЙ " Айыл жеринде азык-түлүктүн ар түрдүүлүгүн жакшыртуу үчүн балык чарбасын кеңейтүү жана жайылтуу” боюнча Чалов Акматтын чарбасында   Жарандык Альянс уюмуна мүчө болгон уюмдар менен тажрыйба алмашуу болуп өттү.

     САНСАЙ “Айыл жеринде азык-түлүктүн ар түрдүүлүгүн жакшыртуу үчүн балык чарбасын кеңейтүү жана жайылтуу” боюнча Жарандык Альянс уюмуна мүчө болгон уюмдар менен тажрыйба алмашуунун П Р О Г Р А М М А С Ы

    К/№АТКАРЫЛУУЧУ ИШТИН МАЗМУНУаткаруу убагыКИМ ЖООПТУУ
    1Жамааттарда көйгөйдү аныктоо боюнча аялдардын 24 саат ичинде тамактануу рациону жана өндүрүү” боюнча иш кагаздары менен тааныштыруу, ролдук оюн, презентация9:00-10:00Раимкулова Б, Жолдошов Б
    2Жарандык Альянстын туура тамактануу боюнча окутуу тажрыйбасы10:00-10:30Аманова К –Азык түлүк коопсуздугу жана тамактануу үчүн коомдук фонду
    3Азыктанууну жакшыртууга багытталган айыл чарбасындагы жакшы агропрактикаларды жайылтуу10:30-11:00Жолдошов Б, Бекжанов А – “Био Сервис” КФ
    4Органикалык аймактар “Өз ара кепилдик берүү системасы”11:00-11:30ФОД “Био кж”Ниязалиева Айгул
    5“Ыссык-Көл облусунда дары чөптөрдүн баа чынжырчасын өнүктүрүү11:30-12:00Жылтырова С- Ыссык-Кол Органика
    6АКК лардын потенциалын өнүктүрүүдө аткарылган иштер12:00-12:30Мурзакулов М, Токтосунов А – СКС Жалал-Абад

    Түштөнүү12:30-13:30
    1Кунөсканада жашылча өстүруу14:00-14:30АКК Жуманазаров М
    2Балык чарбасын көрүү14:30-15:30АКК - Чалов А
    3Күнөсканада жашылча өстүрүү15:30-16:00АКК - Чалов А
    4Органикалык жол менен өстүрүлгөн азыктар16:00- 17:00АКК-Чалов А
    5Сүт азыктарын кайра иштетүү боюнча сыр жасоонун мастер классын көрсөтүү17:00-18:45Мамбетова М –тренер команды № 3
    6Тажрыйба алмашуунун жыйынтыгын талкулоо18:45-19:30Кудайбердиева Г
  44. Тажрыйба алмашууга келген Жарандык Альянска мүчө болгон 52 уюм бар ошол уюмдардын өкүлдөрү келип алгач Тоолуу агро эко системада азыктанууну жакшыртууга багытталган айыл чарбасы долбоору боюнча аткарылып жаткан иштер менен тегерек столдо тааныштырдык.

    1. Республикалык денгээлдеги жакшы иш чара болуптур. 

  45. Тажрыйба алмашууга келген уюмдун өкүлдөрү алгач  Токтогул районундагы Чолпон Ата айыл өкмөтүндөгү АКК Жуманазаров Майрамбектин Күнөсканада жашылча, аш көктөрдү өстүрүү боюнча аткарып жаткан иштери менен жеринде таанышышты

    Күнөсканада азыркы күндө помидор жана бадыраң өстүрүп жаткандагы аткарылган иштерди, кыйынчылыктарды, жетишилген ийгиликтери жонундо айтып берди.

    1. Майрамбек, куносканада жашылчаларды  өстүрүү боюнча тажрыйбаларды башка уюмдарга, аткарган иштерди тушундуруп биздин АККлардын кандай иштерди жасап жаткандыгынды болушконуно сыймыктанабыз.

    2. Майрамбек куносканада жашылча остуруу боюнча коп иштерди жасап жатат.

    3. Жакшы иш чара болгон экен, аткарып жаткан ишибиз элдин тамактануусун жакшыртууга жакшы таасирин тийгизип жатат. Ар бир уй було таза  азык тулук ондурсо, олкодогу азык тулуктун тартыштыгы азаят деп ойлойм. 

    4. АКК Майрамбек жаш да болсон куноскана боюнча бир топ тажрыйба жыйнап койдун, тушумуно береке берсин!

  46. САНСАЙ "Көлмодө балык өстүрүү" боюнча АКК Чалов Акматтын чарбасына барып жеринде көлмөдө балык өстүрүү боюнча таанышышты:

    1. Акмат аке азаматсыз!

      Мен да катышып келгендей эле болдум.

      Көп иштерди жасап бизге окшогон АКК ларга үлгү болуп аман журунуз, иштеринизге ийгилик каалайм.

    2. Биз №  1 команданын АККлары Акмат аке менен сыймыктанабыз! Уйлгу алчу тажрыйбалуу адамсыз!

    3. Акмат аке, жакшы иш чара откоруптурсуз, суротторду коруп аткарылган иштерди, келген коноктордун маанайы жакш таасир калтырды.

    4. Акмат аке чакан колмодо балык багуу жана жайылтуу боюнча тажрыйба алмашуу жакшы денгээлде отуптур, куттуктайм.

  47. Келген коноктор Чалов Акматтын көлмөсүндө остурулгон балыктын этинен жеп, даамы ширин экендигин белгилешти.

    1. Таза сууда остурулгон балыктын даамы башкача болсо керек, Мени да чакырышса  катышат  элем , коп нерсени уйронот элем.

    2. Акмат акенин чарбасына биз да барып келбейлиби, кандай дейсинер АККлар.

    3. Узун Акмат дарыясынын суусунда остурулгон балыктардын даамы да озгочо болсо керек.

      Келген коноктор да оз баасын берет болушу керек!

    4. Акмат акенин балыгы республика боюнча тажрыйба алмашууда келген конокторго жаккан болушу керек

    5. Балыктын эти даамдуу жана жагымдуу болсо керек, менин да ушундай иш чараларга катышкым келди.

  48. Тажрыйба алмашуу мезгилинде Чалов Акматтын чарбасында өстүрүлгөн органикалык азык түлүкторду корушту,

    Алманын органикалык ширесин, сүт азыктарын, оз чарбасында өстүрүлгөн буудайдан жасалган нан, боорсок, жемиштерди жеп корушту, нукура табигый таза даам экендигине ынанышты.

    1. Оо, аябай жакшы иш чара уюштуруптурсуз, сиздин тажрыйбаларынызды жайылтуу эн туура болуптур. Ийгилик каалайм!

    2. Катышкандардын маанайы жакшы экен.

    3. Бул иш чара ким тарабынан уюштурулду.

      Эмне учун АККларды катышууга чакырышпады, мен да коруп келгенге кызыкдар элем.

    4. Жакшы иш чара болуптур, балыктарыныз кобойуп мындан да жакшы ийгиликтерге жетиңиз!

    5. Иш чараны аяябай жакшы уюштурупсунар Био Сервис уюму Сизди Кыргызстандын кыйырына тааныткан турбайбы.

  49. Программа боюнча сүт азыктарын кайра иштетүүдө сыр жасоо боюнча № 3 команданын тренери Мамбетова Максуда 45 мүнөт убакыт аралыгында   сырдын 3 түрүн (диетикалык, аш көк кошулган, лимон кошулган)  мастер класс кылып өз колу менен жасап көрсөтүп берди. Келген меймандар жасалган сырды жеп корушту..

     

    Жасалган сырды жеп коруп даамына, жасалышына ыраазы болушту.

    1. Жазда жана кузундо уйдун суту коп болгон учурда сыр жасап, балдардын суйгон тамагын жасап берсек аялдар жакшы болмок.

    2. Сыр жасоо боюнча мастер класс корсотуу эн туура болуптур, себеби Токтогулдун Чолпон-Ата аймагы мал киндиктуу эл. Жайкысын сут ашыкча болот. Кыз келиндер уйронуп алышса, уй булосун туркундоштуруп тамак жасап бергенге жакшы болот.

    3. Мастер класс аябай жакшы отуптур, катышуучулар аябай конул буруп турганына караганда. Эми Токтогулда сыр жасоо кобойсо керек.

  50. Аябай жакшы иш-чара болуптур,ушундай саамалыктар коп болсо жакшы болмок.

  51. Эн сонун, атайын жазылган рецепт приготовления болсо жонотуп койсо жакшы болот эле,мен да уйдо интернеттен коруп жасаганымда окшото албадым

    1. Мага да сыр жасоонун рецеби керек эле.

  52. Жарандык Альянс "Азык түлүк коопсуздугу жана тамактануу" боюнча 52 уюм менен биргеликте иш жүргузөт. Токтогул шаарчасында 13-17-июньга чейин иш чара уюштуруп, Чалов Акматтын иш тажрыйбасын болушуу учун чакырган. Токтогул районунун мамлекеттик администрациясынын өкүлү ошондой эле Чолпон-Ата айыл өкмөтүнун окүлү Мамбетов Анарбек катышты. Семинарда сөз суйлоп айыл өкмөтүндө  азык түлүк коопсуздугу жана тамактануу боюнча аткарылып жаткан иштерди, Чалов Акматтын демилгелерин кантип колдоп жаткандыгы боюнча айтып берди.

     

    1. Акмат аке АКК лардын Жалал-Абаддагы бетме-бет жолугушуусунда балыкты кантип багып жаткандыгы боюнча кызыктуу кылып бизге да айтып берген эле.  Айыл өкмоттун жооптуу адамдары да катышып койгойлорду чечуудо болуп аткан иштерга кызыккандыгы да жакшы корунуш, бул да болсо Акмат акенин таасири деп ойлойм.


  53. Келечек жамаатынын аткарып жаткан иштери жонундо Чалов Акмат катышуучуларга кенен, кызыктуу айтып берди. Жамааттын багыты,  тамактануу көйгөйлөрү чечүүгө  салымды “Айыл жеринде азык-түлүктүн ар түрдүүлүгүн жакшыртуу үчүн балык чарбасын кеңейтүү жана жайылтуу. 

    • Айыл окмоту,
    • Дыйкан чарба башчылары,
    • «Токтогул балыгы» бирикмеси,
    • Айыл кеңешинин депутаттары,
    • “Бүркүт уя”жайыт комитети

    демилгебизди колдоп, көлмөдө балык багууда материалдык жактан көмөк көрсөткөндүгү, дайыма колдоп турат деп билдирди.

    Тажрыйба алмашууга келген меймандарга жамаат тарабынан өндүрүлгөн органикалык жана экологиялык таза азыктарды дасторконго коюп даам таттырды.

    Айыл башчы Анарбек Мамбетов айылдын ийгилиги менен болушту.

    1. Командалардын тренерлери да катышкан турбайбы. Акмат аке Сиздин тажрыйбаныз бизге багыт берет.

    1. Келечек жамааты азык тулук менен камсыздоо, таза тамак аш прдуктыларын ондуруу боюнча жасап жаткан иштеринен биз АККлар коп нерсе уйронсок болчудай. 

    2. Акмат аке, сиздин жамаат ушунча багытта иш жургузсо мактоого татырлык экен.

    3. Акмат акенин жургузуп жаткан иштерин коруп конулун кубанат, Эмгегиниздин узурун корунуз!

  54. Келечек жамаатынын өкүлдөру кулпунай эгип тушум өстүруп алып жаткандыгын томонку виднодон коро аласыздар.

    Клубника.mp4

    1. Тоолуу амакта деле жер оздоштуруп клубниканын тушумун алуу да коп эмгекти талап кылат. Ийгиликтер болсун!

  55. Келечек жамааты Глобалдык Экологиялык Фонддун комогу аркылуу 0,03 га куноскана куруп жашылча остуруп жатышат.

    теплицада бадыран остуруу.mp4

    Органикалык ыкма менен остурулгон жашылчалардын ден соолукка пайдалуу, витаминдүү.

    Тамчылатып сугаруу системасы орнотулган.

    1. Акмат аке, мынча чон коломдогу куноскананы кантип асырап жатасынар?

      Туйшугу коп болот, тушумду жакшы алсанар кылган мээнет да акталат.

  56. Бул колмодо апрель айында балыктарды видеодон корсонор болот.

    апрель колмо.mp4

    1. Чакан колмодо балык багуу идеясы мага да жагып журот.

      Токойду калыбына келтируу боюнча иштерди бутургондон кийин баштасамбы деп журом, кудай буйруса сизден консультациялык кенештерди сурап турам. Ийгилик!

  57. Бардыгыныздарга каалоо тилек айтканыныздарга чон рахмат. Сиздерге дагы албан албан ийгиликтерди каалаймынБиз жамаат мучолору дагы алга жыла беребиз.Граждандык Альянс "Биосервис" коомдук фонду аркылуу уюштурулган жолугушуу абдан пайдалуу болду.Биздин демибизге дем, шыгыбызга шык кошулду. Куносканабыздагыбышып жаткан помидорлор.


  58. Кун ысый баштагандан баштап колмодогу балыктарга бир кундо 3 маал жем чачып турабыз. Балыктардын алды 700гр-1кг чейин чоное баштады. Кудаа кааласа тюль айларынан баштап айыл элине тамактанууга чыгарууну пландап жатабыз.

    1. Ошентип ар бир жургузгон иштерди суроттор менен тастыктап маанга жуктоп тургула.

      Ошондо аткарылып жаткан иштерди билип турабыз.

    2. Охоо Акмат аке балыктардын тушуму мол болсун!

  59. Быйыл жаз айларында тазалаган колмобузго Карабалта шаарынан оз каражатыбызга сатып алып келген 1500дон ашык карп турундогу чабактар жакшы эле чоное башташты.

    IMG_4612.MOV

  60. Бугун 30 июнь 2021жыл.Бугун дагы колмодогу салган торго 10жакын сазан балыктары тушуптур салмагы 3.850кг. Кудаа кааласа мындан ары торду карап тура турган болдук.

  61. 247417413_4202734443170081_7836803684825623679_n.jpg


    "Оп майда" эко фестивалга Токтогул районундагы Чолпон-Ата айыл окмотуно караштуу Ак-Тектир айылындагы "Келечек" жамаатынын мучосу Батмахан колмодо остурулгон балык, чарбасынан чыккан алмаларын коргозмого  коюп сатты. Алманын даамы , жыты озгочо экен. 

  62.  Акмат  Чаловдун чечим кабыл алуучуларга азыктанууга байланышкан кокойгойлорду чечуу боюнча сунуш берген видеосу

    https://www.youtube.com/watch?v=5eaw7MDQ4rM



  63. Колмобуздогу багып жаткан балыктарыбыздан балдарыбыз кызыгууда.

  64. Балык колмолорубузду  кенейтуу максатында жаны 0.50га жерге колмо казуу иштерин баштадык. Жазында калган жумуштарды буткоруу менен чабактарды кое бермекчибиз

Kyrgyzstan KYR